#Article 1: Тил (142 words)


Тил –  адамдардын байланыш каражаты катары кызмат кылган белгилердин системасы. Тилдин жардамы менен дүйнөнү таанып билүү ишке ашырылат. Тил табигый жана жасалма болушу мүмкүн. Күндөлүк турмушта пайдаланылчу Тил табигый тил деп, ал эми кандайдыр бир өзгөчөлүү маселелерди түшүндүрүүчү, тар чөйрөдө колдонулчу тилди жасалма тил деп аташат.  Мисалы, математикалык символиканын тили, физикалык теориялардын тили ж. б. тил - социалдык кубулуш. Ой-жүгүртүүнүн жашаш формасы катарында көрүнүү менен, тил ошону менен катар аң-сезимдин калыптанышында чоң роль ойнойтил тил топтолгон билимдерди сактоонун жана аларды кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн каражаты болуп кызмат кылатил тилдин жардамы менен конкретүү ой жүгүртүү ишке ашырылат. Кийинки мезгилдерде тил жалаң гана лингвистиканын эмес, ошондой эле логиканын жана семиотиканын да изилдөө объектиси болуп жатат. Ушуга байланыштуу азыркы замандын неопозитивизми философиялык изилдөөлөрдүн бүткүл проблематикасын тилди логикалык талдоо ишине ыйгарып салууну көздөшөт. 

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004




#Article 2: География (682 words)


География - (гео... жана ...графия) — табият жана коомдук илимдердин табигый жана өндүрүштүк аймактык комплекстерди, алардын компоненттерин изилдөөчү системасы. Географиянын илимий изилдөөлөрү табигый чөйрөнүн, анын компоненттеринин өнүгүүсүнүн жана өзгөрүшүнүн аймактык жана мезгилдик мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктоого багытталып, практикалык сунуштары табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, өндүрүштү рационалдуу жайгаштыруу жана адам жашоосу үчүн оңтойлуу чөйрө түзүү максатын көздөйт.

География илимдеринин системасы баштапкы бирдиктүү географиянын өнүгүү жана тармактарга ажыроо процесспнде пайда болгон. Анын башкы тармактары: а) табигый же физикалык географиялык илимдер (физикалык география, жалпы жертаануу, палеогеография, геоморфология, климатология, кургактыктын гпдрологпясы, океанология, гляциология, геокрпология, топурак географиясы жана бпогеография); б) коомдук географиялык илимдер (жалпы жана региондук Экономикалык география, өнөржай, айыл чарба, транспорт, калк географиясы, саясий география жана башка); в) картография жана геодезия. Ар бир географиялык илим экспедициялык жана стацпонардык изилдөөлөрдүн маалыматтарына, ошолордун негизинде түзүлгөн карталарга таянат. Өзүнө таандык усулдардан тышкары, географиялык илимдер изилдөөлөрүндө математика, геофизика, геохимия, бпологпя сыяктуу илимдердин ыкмаларын жана маалыматтарын пайдаланат. Экономиялык география болсо физикалык география жана саясий экономия, демография, социология, өнөржай жана айыл чарба экономпкасы жана башка коомдук илимдер менен тыгыз байланышта. Табиый шарттар менен ресурстарды толук жана сарамжалдуу пайдалануу, өндүргүч күчтөрдүн өсүшү жана өндүрүштү ырааттуу жайгаштыруу, табиятты коргоо, калыбына келтирүү жана кайра куруу жаатында илимий негиздерди иштеп чыгуу географиянын милдети.

География эзелки илимдерден. Алгачкы географиялык маалыматтар кул ээлөөчүлүк доордогу чыгыш элдеринин жазмаларынан кезигет. Географиялык кубулуштарды жана процесстерди табигый-илимий көзкарашта, бирок ой жүгүртүү, жоруу деңгээлинде түшүндүрүү биздин заманга чейинки 6-кылымда башталып, илимде 2 географиялык багыт жалпы жертаануу же физикалык география (негиздөөчү Аристотель) жана өлкө таануу (негиздөөчү Геродот) пайда болот. Ошол убакта Жердин формасы шарга окшош экендиги жана анын бетп 5 жылуулук алкагына бөлүнөрү жөнүндөгү ойлор пайда болгон. Биздин заманга чейинки 3-2-кылымда математикалык география негизделет. Александриялык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, Жер шарынын айланасынын узундугун 1-жолу дээрлик тактыкта аныктаган. Байыркы География Страбон менен Птолемейдин эмгектеринде (биздин замандын 1-2-к.) биротоло негизделген. Страбон өлкөтаануу багытын өөрчүтсө, Птолемей географиянын милдети карта түзүү деп санаган. Феодалдык Чыгышта (Кытай, Араб халпфаты, Орто Азия, Иран) Европага караганда география илиминин өнүгүшү жогорку деңгээлге көтөрүлүп калган: ар-түрлүү аймактар, элдер, жолдор, саякаттар жөнүндө көп сандаган эмгектер жазылган; математикалык география өөрчүп, карталар түзүлгөн. Географиялык улуу ачылыштардан кийин география илим билимдин алдыңкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-кылымдын аягынан тартып атластар түзүлө баштайт. Географиялык ачылыштардын натыйжасында Жердин чондугу жана формасы, Дүйнөлүк океандын биримдиги, деңиздик агымдар, туруктуу шамалдардын алкагы жана башка аныкталып, бирок материктердин табияты алп толук изилденген эмес. Географиялык улуу ачылыштардын илимий корутундулары голландиялык географ Б. Варениустун (1650) «Географпя генералис...» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атмосфера) өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, ал география «жер-суу шары» жөнүндөгү илим деген жыйынтыкка келет.

Дүйнөлүк экономиканын антагонисттик, стихиялык мүнөздө өсүшү, өнүккөн мамлекеттердин дүйнөлүк табигый ресурстарды ысырапкорлук менен пайдаланышы айлана-чөйрөнүн глобалдык масштабдагы булганышына алып келди. Ушунун негизинде коомчулуктун ичинде пайда болгон карама-каршылыктар мамл. бийликтерди жана монополияларды тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылып, АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Япония жана башка айрым өлкөлөрдө өкмөттүк мекемелер жана жеке фирмалар географтарды айрым маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартышат. Географиялык изилдөөлөр аспап-жабдыктар менен өлчөө-ченөө аркылуу алынган маалыматтардын негизинде, көбүнчө колдонмо мүнөздө жана чакан аймактык кызыкчылыкта жүргүзүлөт. Көп өлкөлөрдө (айрыкча АКШда) хорологиялык концепция басымдуулук кылат. Бул багыттын идеологдору (Р. Хартшорн, П. Жеймс, Д. Уиттси жана башка) Географиянын жеке өзү изилдей турган объектиси жок, аны физикалык География жана экономикалык Географияга бөлүү туура болбойт, География тармактарга ажыратылгыс бир бүтүн илим дешет. Экинчи бирөөлөр Географиянын изилдөөчү объектиси Жердин кабыгы, же Геосфера, же ландшафт дейт. Батыш европалык изилдөөчүлөр ландшафттын экологиясына өзгөчө көңүл бурат.
 

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү Эл-аралык География союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл-аралык Географиялык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк жана региондук деңгээлдеги мааниси бар География уюмдары: Орус Географиялык коому, РФ ИАнын География инстититуту, КМШ ИАларынын География пнттары, бөлүмдөрү, унмверситеттердин географиялык факультеттери, Улуу Британия королдугунун География коому, Канаданын королдук География коому, АКШ Улуттук География коому, Париж География коому жана башка.
 

 
Орто Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы жөнүндө Батыш менен Чыгыш элдери биздин замандын башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» жана башка), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей жана башка) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теңир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун жана башка уруулар, алардын жери, кесиби жана башка тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. Орто кылымдарда Кыргызстандын жалпы аймагы жана анын айрым табигый бөлүктөрү (мисалы, Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы жана башка кыска, так баяндалат.




#Article 3: Кыргызстан (3881 words)


Кыргызстан, расмий түрдө Кыргыз Республикасы, — Борбордук Азияда жайгашкан мамлекет. Кыргызстан — басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыгуу жолдору жок өлкө. Ал түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Анын борбору жана эң ири шаары — Бишкек.  

Кыргызстандын катталган тарыхы XXII кылымдан (2200 жыл) ашуун убакыттан бери ар түрдүү маданияттарды жана дөөлөттөрдү камтыйт. Байыркы маданиятын сактоого жардам берип келаткан, анын бийик тоолуу жерде алыста жайгашканына карабастан, өлкө Улуу Жибек жолунда жана башка соода жана маданий каттамдардын алкагында бир нече улуу маданияттардын кесилишинде турган. Жайгашкан чөлкөмүндөгү аймактык ар кандай саясий, социалдык-экономикалык, аскердик жашоодо активдүү катышкан. 

Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп саналат. Ошондой эле өлкө КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, ИКУ, Түрк Кеңешинин, ТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө болуп саналат.

Кыргызстандын территориясында адамзаттын ишкердигинин алгачкы издери баштапкы же төмөнкү палеолит дооруна барып такалат. Бул учур жөнүндө  А. П. Окладников 1953-жылы Борбордук Тянь-Шандан, Он-Арча суусунун сол жээгинен тапкан таш куралы далилдеп турат. Бул таш куралын иштетүү техникасы анын даярдалган убактысын буга чейин 300 миң жыл мурда деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Ушуга окшоп жасалган курал Кыргызстандын түштүгүндө Кожо-Бакырган-Сайда табылган. 

Энеолит доору Саймалы-Таш капчыгайындагы таштарга чегилип тартылган сүрөттөрдүн байыркы бөлүгүнөн көрүнөт. Бул орто кылымдарга чейинки энеолит жана  коло доорунун ыйык саналган зор борбору.

Булактарга ылайык Орто Азиянын мал баккан элдери биздин эрага чейинки I миң жылдыкта “сактар” деп аталган. Алар биздин эрага чейинки I миң жылдыкта Борбор Азиянын саясый окуяларында жигердүү роль ойногон жоокер уруулары болгон.

Биздин эрага чейинки  III кылымда Борбор Азиянын территориясында гунндардын империясы өкүмдарлык кылып турган. Б. э. ч. 201-жылы Модэ (Маодунь) ал кезде Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Гэгунь (Кыргыз) ээлигин баш ийдирген. Маодундун башкаруусу кыргыз элинин тарыхында баштапкы маанилүү окуя болгон: кытай жылнаамасында 201-жылы биринчи жолу “кыргыз” этноними эскертилет.

Сактардын жолун улоочулар усундар болушкан. Жети-Сууну, Жунгарияны жана Борбордук Тянь-Шанды ээлеп, алар мында байыркы мамлекеттердин бирин түптөшкөн. Усундун төбөлү Күнбаг (ккэ бир булактарда Күнбий) б. э. ч. 71-жылы Хан империясы менен бирдикте гунндарга кыйратуучу сокку урган. Ал убакта Кыргызстандын бир бөлүгү Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин курамына кирген. Даван (байыркы перси булактары боюнча – Паркана) калкы жыш жайгашкан өлкө болгон. Өзгөчө Фергана жылкыларынын атагы алыска угулган. Кытай аларды өз атчандар аскери үчүн алганга умтулган. Б. э. ч. 104—99-жылдарда Давань Хан империясы менен күрөштө көз карандысыздыгын сактап калган.

VI кылымдын ортосунда Алтайда Түрк каганаты түзүлгөн (551—744). VI кылымдын 70-жылдарында ал күч-кубатка толуп турган. Ал Хингандан Түндүк Кавказдын түздүктөрүнө чейин, Енисейдин жогору жагынан Аму-Дарыясынын жогору жагына чейин созулуп жаткан аймакты ээлеген. 603-жылы Түрк державасын расмий түрдө Чыгыш жана Батыш каганаттарына бөлүү болгон.

Батыш Түрк каганаты (603—704) Чыгыш Түркстандан, Тянь-Шань тоолорунан жана Жети-Суудан тартып,  Түндүк Кавказга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Администрациялык-саясий жана башкы соода борбору Суяб шаары (Токмок шаарына жакын Ак-Бешимдин урандылары) болгон.

Батыш Түрк каганаты кулагандан кийин Кыргызстандын аймагында Түргөш каганаты (704—746) өмүр сүргөн. 746-жылы ага карлуктар кол салат. Карлуктар мамлекети көчмөн уруулардын күчтүү союзунан турган. VIII– IX кылымдарда Карлук каганаты Жети-Суу менен Тянь-Шанда өкүмдарлык кылган. Ушул учурда Түштүк Сибирде Енисейлик кыргыздардын мамлекети көтөрүлө баштаган. Уйгурлар менен 20 жылдык согуштун натыйжасында (820—841) кыргыздар аларды талкалаган. Уйгур каганатын талкалоо жана Борбор Азиянын кеңири аймактарын жеңип алуу Улуу Кыргыз каганатын түзүүгө алып келген.

Карахан каганатынын түзүлүүсү менен (X кылымдын башы XIII кылымдар) Кыргызстандын аймагында ислам маданияты жайыла баштайт. Бул болсо шаар маданиятынын, жазуунун, адабият менен тарыхтын дүркүрөп өсүүсүн шарттаган. Улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари өздөрүнүн  улуу чыгармаларын жаратышкан.

Орто Азияны Чыңгыз хан жеңип алуусу менен Чагатай улусу түзүлгөн. Алардын артынан Хайду жана Моголистан мамлекеттери пайда болгон. Моголистандын тушунда тарыхый аренага кыргыздар чыгышкан. Моголистандык тарыхчы Мухаммед Хайдар аларды “Моголистандын жапайы арстандары” деп атаган. Бул алардын аталган региондогу саясый артыкчылыгын күбөлөп турат. 

XV—XVI кылымдардын экинчи жарымында кыргыздар өздөрүнүн азыркы этникалык кебетесине келишкен жана негизинен Тянь-Шань менен Памир-Алай аймактарын ээлеп турушкан.

XVII кылымдын ортосунан баштап, XVIII кылымдын ортосуна чейин кыргыздар Жунгар хандыгынын басып кирүүсүнөн өз көз карандысыздыгын коргошкон.   

XVIII кылымдын 60-жылдарында түштүк кыргыздар, андан кийин XIX кылымдын 20-30-жылдары түндүк кыргыздар Кокон хандыгынын таасиринде калат. 

XVIII кылымдын аягында жана XIX кылымдын башында түндүк кыргыз уруулары Россия менен өз алдынча мамиле түзө баштаган. 1785-жылы сарыбагыш бийи Атаке баатыр биринчи өкүлдөрүн Россияга жөнөткөн. 1855-жылы бугу уруусу Россиянын букаралыгын алган. Бул Кыргызстандын Россияга кошулуу процессинин башталышы эле. 1868-жылы Кыргызстандын түндүк бөлүгү Россияга биротоло кошулган, ал эми түштүгү Кокон хандыгына  каршы көтөрүлүштү баскандан кийин 1876-жылы жеңип алынган.

Кошулуу процесси кыргыздардын экономикалык жана чарбалык көнүмүш турмушунун акырындап өзгөрүүсүнө алып келген. Кыргыз элинин географиясын, табиятын, тарыхы менен маданиятын окуп-үйрөнүү башталган. Бул прогрессивдүү көрүнүш эле. Бирок падышалыктын колониялык саясаты 1916-жылкы көтөрүлүшкө алып келгендиги, ал болсо трагедия менен аяктагандыгы белгилүү.

Россиядагы Октябрь революциясы (1917-ж.), социалисттик түзүлүштү орнотуу, элдердин өзүн өзү аныктоо укугу жана СССРдин түзүлүшү Кыргызстандын тарыхындагы тарыхый бурулуш этап болгон.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүүсү менен (1924-жылдын 14-октябры) советтик типтеги кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсү башталган, бул болсо саясый татаалдашуусуз 1991-жылы толук эгемендик алууга мүмкүндүк берди.

Социализм доору Кыргызстанды кайра жаратып, аны индустриалдык-агрардык өлкөгө айландырды. Көп тармактуу өнөр жайы, курулуш индустриясы жана курулуш, транспорт, байланыш, техникалык жабдылган айыл чарбасы, соода-сатык жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү республиканын бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык курамдык бөлүктөрү болуп калды. Эмгек ресурстарын жайгаштыруу көйгөйү жалпысынан ийгиликтүү чечилип, элдин жашоо-турмушунун материалдык деңгээли жогорулаган.    

Өзгөчө отун-энергетика комплекси өнүккөн, 80-жылдарда көмүр өнөр жайынын үлүшүнө Орто Азияда өндүрүлгөн көмүрдүн 40%ына чейини туура келген. Энергетика комплекси, түстүү металлургия ийгиликтүү өнүккөн. Анда негизги орунду сурьма, сымап, чанда кездешүүчү жана башка түстүү металлдар ээлеген. Кадамжай комбинатынын сурьмасы эл аралык базарда сапаттын үлгүсү болгон. Хайдаркан сымап комбинатынын өндүрүмдөрү дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнө жөнөтүлүп турган. Айыл чарбасында жетектөөчү ролду мал чарбасы ойногон. Кыргызстан кой чарбасынын азык-түлүктөрүн өндүрүүнүн абсолюттук көрсөткүчтөрү боюнча СССРде үчүнчү орунда турган, алдыда РСФСР менен Казакстан гана болгон.

Өндүрүлгөн улуттук кирешенин өнүгүү темпи боюнча Кыргызстан Украина, Казакстан, Литва, Молдова, Түркмөнстан жана Эстония сыяктуу союздук республикалардан алдыга кеткен. Шаарлар жана калктуу пункттар пайда болуп жана көрктөндүрүлүп турган, ал эми илимий-техникалык революция индустриалдык өнүгүүнүн гана эмес, ошондой эле социалдык маанидеги да элемент болуп калган.

Улуу Ата мекендик согушта Кыргызстандын эли да өзүнүн татыктуу салымын кошкондугун белгилей кетүү керек, кан майданга 360 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алар баатырларча салгылашкан, 73ү Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болуп, 21и үчүнчү даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Кыргызстан өлкөнүн бирдиктүү аскердик-чарбалык организминин ишенимдүү бастиону болуп калды. Эвакуацияланган ишканалар калыбына гана келтирилбестен, ошондой эле өзүнүн өндүрүштүк кубатын кеңейтишкен.

Маданий курулуштун башкы багыттарынын бири сабатсыздыкты жоюу, билим берүүнүн жаңы системасын түзүү болуп калды, квалификациялуу кадрларды даярдаган жождор жана орто-атайын окуу жайлары ийгиликтүү иштеп жатты. Илимдин калыптануусунда жана өнүгүүсүндө СССР ИАсынын Кыргыз филиалы (1943) чоң роль ойноду, ал 1954-жылдын декабрында республиканын Илимдер академиясы деген статус алган.

Улуттук кесипкөй адабият кыргыз тилинде жазуунун түзүлүшү менен башталган. Улуттук жана дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орун Чыңгыз Айтматовго таандык, анын чыгармалары дүйнө элдеринин 80ден ашык тилдерине которулган. Профессионал кыргыз искусствосу: театр, музыка, көркөм сүрөт жана кинематография да ийгиликтүү өнүктү. 

Талашсыз жакшы жактары менен бирге совет мезгили тоталитардык режимдин көптөгөн адам тагдырларын трагедияга кептеген терс көрүнүштөрү менен да тарыхта калды. 

Коомдук-саясый жагынан республика мамлекеттүүлүктүн бардык атрибуттарына ээ болду, дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү болуп калды. Бирок мурдагы СССРдин чарбалык байланыштарынын үзүлүп калышы республиканын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизди. Инфляциялык процесстин күчөп кеткендигине байланыштуу 1993-жылы улуттук валюта (сом) киргизилген. Бул өлкөгө өз алдынча каржылык жана акча-насыя саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле жылы эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынат. Бирок базар экономикасынын реформаларынын чийкилиги мамлекеттик бюджеттин өтө таңсыктыгына алып келди да, республика агрардык-индустриалдык өлкө болуп калды, ал эми калктын жарымына жакыны өтө жакырданып кетти.

Коррупциянын өтө күчөп кетиши, коомдун тез дифференциялашуусу, криминалдашуу, бийликтин авторитаризми Кыргызстанды иштеп жаткан режимди эки ирет кулатууга (2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде) алып келди. Өткөөл убактылуу өкмөттөн кийин Кыргызстанда парламенттик республика орнотулуп, Жогорку Кеңешке кеңири ыйгарым укуктар берилген.

Татаал социалдык-экономикалык кырдаалдын айынан Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзгөнгө аргасыз. Ал республикага инвестицияларды алып келүү максатында зарыл карым-катыштарды түзүп келет. Ал Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмуна (ЕККУ), ЮНЕСКОго, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ), Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ), Ислам Кызматташуу Уюмуна (ИКУ), Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ), Түрк  тилдүү мамлекеттердин Кызматташтыгынын Кеңешине (ТМКК) мүчө болду, Бажы союзуна, Евразиялык экономикалык коомдоштукка интеграцияланууга кадам таштап, жакынкы эле эмес, алыскы да чет өлкөлөр менен байланыштарды жөнгө салууда.   

Демократиялашуу процессинин аркасында эгемен Кыргызстандын руханий турмушунда да маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Ушуга байланыштуу аны базар мамилелерине ыңгайлаштыруу үчүн билим берүү чөйрөсүндө бир катар мыйзамдар кабыл алынууда. Экономикалык кризистин кесепеттери илимий мекемелердин иштерине да терс таасирин тийгизди. Бирок, алар, анын ичинде Илимдер академиясы да ушул татаал шарттарга ыңгайлашууга жана илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүүгө аракетин аяган жок. Коомдун руханий кайра жаралуусу үчүн маданий мураска, атап айтсак, оозеки эл чыгармачылыгынын шедеври — “Манас” эпосуна аяр мамиле жасоо зор мааниге ээ.    

Бирок терс көрүнүштөр дээрлик эл аралык уюмдардын демөөрчүлүгүнүн эсебинен жансактап жаткан маданият чөйрөсүнө өзгөчө залакасын тийгизгенин белгилебей коюуга болбойт. Бирок белгилүү кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет анын ченемдик-укуктук базасын түзүү боюнча бир катар чараларды көрдү.

Кыргыз Республикасынын деңизге чыга турчу жол жок. Кыргыз Республикасынын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.

Кыргыз Республикасынын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт.

Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метрден жогору бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.

Чыгышта Тянь-Шандын негизги тоо кыркалары басымдуу тоо кыркасын түзүп, Меридиандык тоо кыркасынын районунда жакындашып кетет. Бул жерде Кытай, Казакстан чектешкен жерлерде Жеңиш чокусу (7439) жана Хан-Теңири (6995) көтөрүлөт.

Башкы орографикалык элементтер — Акшыйрак массиви, Какшаал тоо кыркасы, Кунгөй жана Тескей Ала-Тоосу ж. б. Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 925 километрге, ал эми түндүктөн түштүккө карай 454 километрге созулат. Кыргызстандын аянты 199,9 миң квадрат километр.

Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери — 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыз жери — 401 метр (Кулунду өрөөнү). Кыргызстан — тоолуу өлкө. Кыргыз Республикасында тоолор бийик. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен-байлыктар бар. Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы — Нарын). Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек  деген сыяктуусыяктуу кооз көлдөрү бар.

Аба ырайы аймакка жараша ар түрдүү болот.

Паргана өрөөнүндө бир эксклавы жайгашкан, кичнекей Барак айылы (калкы 627). Айыл Өзбекстандын аймагы менен курчалган. Ал Ош — Кожоабад жолунда, Анжыйан багытындагы кыргыз-өзбек чек арасынан болжол менен 4 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Барак административдик жактан Кыргызстандын Ош облусундагы Кара-Суу районунун курамына кирет.

Кыргызжердин Куралдуу Күчтөрү КСРБ тарагандан кийин түзүлгөн жана Жер Күчтөрдөн, Аба Күчтөрдөн, Ички Аскерлерден, Улуттук Уландан жана Мамлекеттик Чек aра Кызматынан турат. Акыркы жылдары, Куралдуу Күчтөр Орусия менен мыкты мамилелерди иштеп чыгып атат, анын ичинде 1,1 млрд доллар турган жогорулатуу иштерине кол коюп  жана орус аскерлери менен окууларга катышып баштады. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аскердик жана анын кеңештик мурдагы-МКК сыяктуу максаттарга кызмат кылат. Ал терроризм менен күрөшүү боюнча Альфа деген тандамал атайын күчтөрдү тейлейт. Полиция чек ара кайтаруу менен бирге ички иштер министрлигинин командачылыгынын алдында турат.

Кыргыз мамлекети жети облустан турат. 

Кыргыз мамлекетинин аймактык бөлүнүшү.

Өзгөчө мамлекеттик маанидеги борбор калаа бишкек болуп саналат, Чүй дубаны. 

Ар бир аймак өкмөт тарабынан дайындалган кызмат адамдарынын (аким) тарабынан башкарылган аймактардын санын камтыйт. 20 чакан калктуу турган айылдык жамааттардын (айыл өкмөтү), ар бир аймактын шайланган мэрлери жана кеңештери бар.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Герби Жогорку Кеңештин 1994-жылдын  Үчтүн айынын  14-числосундагы токттому менен бекитилген. Авторлору — Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.

Гербдин алдыңкы фонунда Ак шумкар эркиндиктин символу болуп эгемен мамлекетибиздин эң башкы белгиси катары түшүнүк берип турат. Андагы Ысык-Көл менен Ала-Тоонун элестери улуттук сыймыгыбыздын куту сыяктуу кабылданып, нурун чачкан күндүн турушу — түбөлүктүүлүк менен бейпилчиликтин белгиси. Ал эми бул ыйык элестерди айланта Кыргыз Республикасы деген алтын түстөгү жазуу жана токчулуктун, мээрмандыктын түшүнүгүн берип, байгерчилик турмуштун жышааны — буудай менен пахтанын сүрөтү орун алган. Жогорудагы белгилер өлкөбүздүн жана андагы жашаган элдердин өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун, биримдигин  айкындап турат. Келечек муундун бактылуу жашоосуна багыт берип турган Гербдеги элестер элибиздин эртеңки жаркын турмушуна болгон чакырыктай мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын Туусу 1992-жылы Жалган Куран айынын 3-числосунда республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген. Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй төгөрөктүн ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган төгөрөктүн диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.

Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.

Кыргыз Республикасынын Гимни — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен 1992-ж. Бештин айынын 18-числосунда бекитилген.

Сөзүн жазгандар: Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев,

Музыкасы: Насыр Давлесов, Калый Молдобасановго тийиштүү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31 Баш Оонада “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12 Тогуз айда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20 Тогуз айда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3 Бештин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8 Бештин айында Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21 Бештин айында Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. 25 Бештин айында М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.

Кыргыз Республикасынын калкы 6,0 миллиондон ашуун (2017-жыл) адам. Анын 72,6% (4,6 млн) кыргыздар, 14,34% (816,2 миң) өзбектер, 6,87% (375,4 миң) орустар жана дунгандар — 64 565, уйгурлар — 52 456, тажиктер — 50 174, түрктөр — 40 953, казактар — 33 701, татарлар — 28 059, азербайжандар — 18 946, корейлер  — 16 807, украиндер — 14 485, немистер  түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 59,0%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар — 8,7% түзөт.

Кыргызстан — таң каларлык тоолуу өлкө. Анын аймагында ар түркүн кооз жерлери арбын.

Ысык-Көл — Кыргызстандагы эң чоң көл. Дүйнөдөгү 25 ири көлдүн катарында жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде 7-орунда турат. Республиканын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шань тоо кыркаларында: Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда, деңиз деңгээлинен 1609 метр бийиктикте жайгашкан. Андан суу кайра агып чыкпайт,  бирок ага салыштырмалуу анча чоң эмес, 80дей өзөн-сайдын суулары келип куюлат. Алардын чоңдору — чыгыш жактан куюлган Түп менен Жыргалаң суулары. Батыш тараптан Чу дайрасы көлгө абдан жакын агып өтөт, Балыкчынын тушунан 6 км аралыкта жазгы суу ташкындары учурунда анча-мынча кошулуп да кетет. Суунун деңгээли Ысык-Көлдө циклдер боюнча өзгөрүп турат (бирде көтөрүлөт, бирде түшөт). Цикл бир нече он жылдын ичинде алмашат. Суусу туздуу (суунун минералдашуусу — 5,90%).  

Суунун көлөмү 1738 км³ түзөт, көлдүн бети — 6236 км², жээгинин айланасы — 688 км, орточо тереңдиги — 278 м, эң терең жери дээрлик 2,5 эсе болуп, 702 метрге барабар. Ысык-Көлдүн узундугу батыштан чыгышка 182 км, ал эми түштүктөн түндүккө — 58 км. Ысык-Көл тунуктугу боюнча дүйнөдө Байкалдан кийинки экинчи орунда турат.

Арсланбаб — бул табияттын уникалдуу туундусу, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан, гүлдөгөн оазис. Арсланбаб — бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири.

Арсланбаб району Фергана жана Чаткал тоолорунун батыш жана түштүк тараптарында, Бабаш-Ата тоо кыркаларынын кокту-колотунан орун алган. Анын атагын алыска чыгарган — бул баарынан мурда анын жалпысынан 608,5 миң гектар жерди ээлеген жемиштүү жаңгак токойлору.

Бирок жемиштүү жаңгак токойлору — Арсланбабдын жападан жалгыз мактанычы эмес. Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте, аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, мөңкүп агып жатат. Кээ бир жерлерде алар тээ асмандан атырылып түшүп, жомоктогудай шаркыратмаларга айланышат. Жергиликтүү калк бул жаңгакка байланыштуу мындай уламышты жакшы билишет. Качандыр бир айтылуу Александр Македонский өзү бул жердин жагып калган жаңгак жемишин алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон экен (ошондон улам жаңгактын бул түрү “грек жаңгагы” аталып калган дешет).

Сулайман-Тоо — батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо. Анын узундугу — 1140 м, туурасы — 560 м. Бул тоону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Бул жөнүндө сакталып калган петроглифтер да күбө болуп турат. Тоонун боорунда анын музейи да курулган. XVI кылымга чейин тоону  Бара-Кух, андан соң дээрлик XX кылымга дейре Тахты-Сулейман («Сулаймандын тактысы») деп аташкан.

Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Тоонун чокусунда «Тахты Сулайман» мечити (1963-жылы жардырылып жиберилген. Кийин сакталып калган материалдарынын негизинде 1991-жылы калыбына келтирилген), ошондой эле XVI кылымга таандык, жакында калыбына келтирилген «Рават-Абдуллахан» мечити — XVIII кылымдын эстелиги жана худжра имараты бар.

Сулайман- Тоодо «Чакка тамар» жана «Тепеүңкүр» үңкүрлөрү бар. Сулайман-Тоону түндүгүнөн жана түштүгүнөн эки канал айланып өтөт. 

Жети-Өгүз Каракол шаарынан батышка карай 28 км аралыкта, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо койнундагы капчыгай.

Жети-Өгүз капчыгайы Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы, Ысык-Көлдү түштүгүнөн айланып өтүүчү аты уйкаш дайранын куймасында жайгашкан. Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен, шамалга тотуккан, тизилген кызыл аскалардан улам ал “Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Бул аскалар босогодон тосуп алып, капчыгайдын таанытма айырмасындай туюлат. Ал эми “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска — жергиликтүүлөр мактанган жай. Арзышкандардын бардыгы дайыма аны жандай сүрөткө түшүшөт.  

Капчыгайда 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан.

Кыргызстан 10-кылымдардын ортосунда Караханиддер мамлекетинин курамына кирген. Бул кол өнөрчүлүктүн, сооданын, курулуштун өнүгүүсүнө жана жаңы шаарлардын пайда болуусуна өбөлгө түзгөн абдан күчтүү мамлекет болгон. Мындай жаңы шаарлардын катарына ал кезде Баласагын да кирген. Бул аталышы Бурана мунарасынан келип чыккан Бурана шаарчасы болгон. Бул атактуу шаарчанын урандылары Токмок шаарынан 12 км жерде жайгашкан. 

Эң ар түрдүү максаттагы курулуштардын калдыктары шаарчанын ар кайсы жерлеринен табылат. Шаарчанын борбордук бөлүгү туура эмес тик бурчтукка окшоп кетет. Борбордук урандылардын чыгыш жагында Бурана мунарасы жайгашкан. Бул бышкан кирпичтен салынган мунара 10-11-кылымдардагы Орто Азиядагы архитектуралык курулмалардын эң мыктыларынын бири болуп саналат. 

Таш-Рабат — бул уникалдуу архитектуралык эстелик Нарын облусунун Кара-Коюн деп аталган эң кооз капчыгайында жайгашкан. Ал Нарын шаарынан 110 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте. Таш-Рабат Кыргызстандын 15-кылымга таандык эң башкы архитектуралык ажайып жайларынан болуп саналат.

Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. Мергенчилер менен малчылар үчүн бул таш сарай адаттан тышкары курулуш болуп, ал жөнүндө ар кандай байыркы уламыштар айтылган.

Таш-Рабатты окумуштуулар 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында гана жакшылап изилдей башташкан. Алар бул комплекстин маданий жагын жана анын эмне үчүн курулгандыгын ар түрдүү жорушат. Айрымдары Таш-Рабаттын курулушу орто кылымдын акырына туура келет дешсе, башкалары муну 10-11-кылымдарда курулган христиандык несториандык монастырдын урандылары деп айтышкан. 

Таш-Рабаттын курулуш тарыхы карама-каршылыктуу. Документтерге ылайык ал жергиликтүү башкаруучу Мухаммед хандын буйругу менен курулган. Бирок көп жашаган карылар башка уламышты айтып, калтырышкан: “Таш-Рабатты атасы менен уулу курган. Курулуш аяктап калган кезде, куполго гана акыркы ташты коёрдо, алыстан кербен көрүнөт. Уулу ишин таштап коюп, ким келе жатканын карап көргөнү жөнөйт. Атасы болсо: “адегенде жумушту бүтүр, балам!” — деп айтат. Уулу укпастан кете берет да, кайра ошол бойдон кайрылып келбей калат. Көрсө, кербен менен кошо айчырайлуу сулуу кыз келе жаткан болот. Таш-Рабат ошол бойдон жабуусу жок турат”.

Нарын облусунда мына ушундай адаттан тыш архитектуралык эстелик бар. Таш-Рабаттан кызыктуу жол жүрүп, ашуу ашып, бийик тоодогу дагы бир кооз көлгө — Чатыр-Көлгө барса болот.

Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта, Сары-Челек коругунда жайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын  ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км, суусунун аянты — 507 гектар.Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан.   

Жайкысын көлдөгү суунун тепмпературасы Цельсия боюнча +19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын Цельсия боюнча +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот жана андан Кожо-Ата дарыясы агып чыгат.

Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар менен пихталардын калың токойуна курчалган. Эгер сиз бул жерге келип калсаңыз, Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле болосуз. Көз мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат. Бул табигый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз.

Көлдүн “Сары-Челек” деген аты ага күзүндө гана жарашат. Бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, көл бал сузган чаканы элестетет. Жылдын калган бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот. Көлдүн атына бир кооз уламышты байланыштырып жүрүшөт. Ал көл жээгинде аарынын уюгун кармаган балчы жөнүндө. Күндөрдүн биринде ал балды челекке куюп жатып, балдын түсү ага ушунчалык жагып калат да, көлдү “Сары-Челек” деп атап коюптур.

Соң-Көл Тянь-Шань тоолорунун кооз көлү болуп саналат. “Соң-Көл” деген сөз “Акыркы көл” деген маанини билдирет. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү “Соң-Көл тоо” менен “Молдо тоонун” кырларында жайгашкан зор өрөөндө, деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 29 км, ал эми туурасы — 18 км, тереңдиги — 22 метрди түзөт. Бул көл Кыргызстандагы эң ири ичүүчү суу топтолгон жай болуп саналат. Көлдүн бетинин аянты — 278 кв. км.  

Соң-Көлдүн суусу тоолордон агып түшкөн чакан дайралардын эсебинен толукталып турат, ал эми көлдөн Соң-Көл дайрасы агып чыгып, оргуштаган Нарын дайрасына кошулат.

Соң-Көл тулаңдуу мейкиндикте жайгашып, кыргыз жайлоолору менен курчалган. Бул жерлерди илгертен бери кыргыздын төрт түлүк малы жайлайт. Жайкысын эл көлдү жээктей көчүп келет да, үй-бүлөлөрү менен жай бою боз үйлөрдө жашашат. Көлгө төрт жол менен барса болот. Бирөөсү Сары-Булак аркылуу түндүк — чыгышынан өтөт, экинчиси түштүк-чыгышта кыйма-чийме (серпантин) жол, үчүнчүсү түштүк-батышында Ак-Тал аркылуу жана төртүнчүсү түндүк-батышта Кара-Кече көмүр шахталарынын жанына өтөт. 

Жаркырап жаткан көлдүн бети алыстан эле көзгө чалдыгат. Бул көл кар баскан Ала-Тоонун койнундагы кымбат баалуу алкакка катылган баа жеткис берметтей сезилет. Көл жээгинин табияты кол тийбеген бойдон болгондуктан ары сырдуу да, ары байыркы жомоктой. Көлдүн кооздугу көз жоосун алып, унутулгус элес калтырат. Аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша көлдүн бети да түсүн өзгөртөт. Ал асмандай көпкөк, же сыя көк, ал тургай кызгылтым же сары да болуп көрүнөт. Ал эми сиз көл жээгинде аны карап олтурган болсоңуз, көл түсүнө жараша маанайын өзгөрткөн сыяктуу сиздин маанайыңыз да нечен түркүн өзгөрүп, не бир  кыялдарга туш болосуз.

Жаңы жылдын Үчтүн айынын 1 күнүн майрамдоодон тышкары, кыргыздар жазгы биримдик күнүндө Кыргыз Жаңы Жылды майрамдайт. Бул жаз майрамы Улак Тартыш ат ойуну менен сыяктуу өткөрүлөт.

Бул Кыргызстандын коомдук майрам тизмеси:

Кошумча эки  мусулман майрамдары — Орозо Айт жана Курман Айт ай жыл санагы боюнча аныкталат.

Кеңештер мезгилинин аягында Кыргызстанда 50гө жакын абабекет жана учуу-конуу тилкелери бар болчу, алардын көпчүлүгү негизинен Кытайга жакын жайгашкан чек ара аймагындагы аскердик максаттар үчүн курулган. Бүгүнкү күндө алардын кызмат бойдон калууда саны аябай эле аз. Кыргызстан Аба Шеркети Кытайга, Оруссияга жана башка жергиликтүү өлкөлөргө аба ташууларын ишке ашырат.

Азийа Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен жакында түндүктү жана түштүк-батышты байланыштырган Бишкектен Ошко маанилүү жол айактап калды. Бул өлкөнүн эки негизги калктуу пункттарынын — түндүктөгү Чүй өрөөнүнүн жана түштүктөгү Баргана өрөөнүнүн ортосундагы байланышты кыйла жеңилдетет. Бул жолдун кесиндиси узундугу 3500 метр болгон ашуудан кийин түндүк-батышта Талас өрөөнүнө бөлүнүп чыгат. Азыркы учурда Ош шаарынан Кытайга турган башкы жолду куруу планы иштелип чыгууда.

Балыкчы, Ысык Көлдө.




#Article 4: Кыргыз тили (733 words)


Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдеринин курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы, Өзбекстан, Тажикстан,   Республикасында Ооганстан, Түркия, Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009 ж. өткөн элди жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3 830 556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган. Бул КРсындагы калктын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам орус тилин дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй билишет дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 6 700 000 адам сүйлөйт.

Кыргыз тилин шарттуу түрдө 

Көпчүлүк окумуштуулардын (Б. Б. Радлов, В. Томсен, С.Е. Малов, М.Е. Массон, И.А. Батманов  ж. б.) пикиринде Хакасиядагы, Тувадагы, Тоолуу Алтайдагы, Моңголиядагы, Таластагы, Кочкордогу жазуу эстеликтеринде сакталып калган жазуулар б. з. ч. 3 к. - б. з. 10-11-кк. чейин кыргыздар колдонуп келген тил болуп эсептелет. Бирок аталган тил андан мурунку доорлордо кезигерин унутпашыбыз керек. Мисалы, кийинки түркологдордун кээ бири (кара: Дроздов Ю.Н. Тюркская этнонимия древнеевропейских народов. М., 2008) сактардын тили дагы түрк (кыргыз) тилине жакын экендигин далилдеп жатат. Бул жерде «түрк» деген сөз жалпылама мааниде колдонулуп жүрүшү мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек (кара: Кононов А.Н. Опыт анализа термина «турк». //СЭ. № I, 1949). Ал эми байыркы кытай маалыматтарында сакталып калган хунндардын 20 чакты сөзүнүн (мисалы, ch’eng-li - «көк» = «асман»; hiep-hō - χiәp-γәu = «йабгу», «жабгу»; eu-ta - wo-lu-to, ao-t’ot = «ордо», «кынгырак» - байыркы түрк. kɨŋrak = эки миздүү ийри бычак) уңгусу түрк тилине келип такалат. Демек, кыргыз тилинде колдонулган жазуулар Орхондогу жазуу эстеликтеринен эрте пайда болуп, кийин архаикалык мааниде айрым фонетикалык, грамматикалык, структуралык өзгөрүүлөргө  ээ болушу мүмкүн. Орхон түрктөрү өз жазуу системасын түзүүдө байыркы кыргыздардын жазуу маданиятындагы тажрыйбаны пайдаланышкан (Шилтеме керек). Бул жазуу системасы ошол учурдагы кыргыздар пайдаланган тил катары мамлекеттик иш-кагаздарынын, дипломатиялык алакалардын талабына толук жооп берген дешке болот.

Айрым изилдѳѳчүлѳрдун тыянагы (Н.А.Баскаков) боюнча кыргыз тили 10-к. тартып кыпчак тилинин таасирин күчтүү ала баштаган. 10-13-кк. тарыхый кырдаалдардын соңунан энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын тилдери ѳз алдынча ѳнүгѳ баштаган.

Эне-Сайдагы кыргыздардын тили 1703-ж. чейин ѳз алдынча өнүгө берген. Бул кыргыздар Жунгарияга сүрүлгөндөн соң, энесайлык кыргыздар ѳз алдынча этностук өнүгүү негизинен ажырап калышкан. Ошол кыргыздардын тили бүгүнкү хакастардын, тувалардын, шорлордун, карагастардын, түштүк алтайлыктардын тилдеринин калыптанышына башкы ролду ойноду, энесайдагы кыргыз тили кийинки жашоосун улантты.

Теңир-Тоодогу кыргыздардын тилинин өнүгүүсү улана берген. 19-к. Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Тоголок Молдо ж.б. араб ариби менен кыргыз тилинде ѳз чыгармаларын жарата алышты. Чагатай жазуу маданиятынын таасирине карабастан, кыргыздарда ѳз жазуу маданияты өнүгө берди. Муну бүгүнкү кытайлык кыргыздардын араб арибине ыңгайлашкан жазуу маданиятынан көрүүгө болот. Араб арибинде Осмоналы Сыдык уулу ѳз эмгектерин жазган, 1917 жылы төңкөрүштүн соңку жылдарындагы гезит-журналдар, алгачкы алиппелер буга мисал боло алаары анык. К.Тыныстан уулу, И.Арабаев, Б.Солтоноев ж.б. илим адамдары ѳз илимий эмгектерин араб ариби, андан соң латын, кийинчерээк кириллицага негизделген жазуу менен даярдашкан. Жаңы кыргыз тили төңкөрүштөн кийинки мезгилде биротоло калыптана баштады. Кыргыздын алгач араб арибине, латынга, андан соң кириллицага негизденген адабий тили, улуттук интеллигенция, окуу-маданий, улуттук искусство борборлору калыптана баштады. Алгачкы илимий басылмалар жарыкка чыкты, мамлекеттик стандарттагы атайын окуу китептери, окуу куралдары, адабий чыгармалар басылып чыга баштады. Учурдагы кыргыз тили өнүгүү жолунда. бүгүнкү илимий-техникалык жана башка керектөөлөрдүн бардык талаптарына жооп берген, өнүгүп жаткан улуттун тили. Азыркы кыргыз тилинин 1928 жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1940 жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1935-жылы кыргыз тилинин ариптерин кириллике өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп, 1940 жылдан тартып кирилликте жазуу системасы колдонулууда. Жазуу системаларынын өзгөрүүсү менен чогуу Кыргыз тилин орфография эрежелери да улам такталып келе жатат. Азыр колдонулуп кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылы 26-июнь кабыл алынган, № 567 токтому менен бекитилген.

Кирилл жазуусу расмий түрдө Кыргызстанда колдонулат.

Араб жазуусу расмий түрдө Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна кирген Кызылсуу-Кыргыз автоном облусу, Или-Казак автоном облусу, Пакистан жана Ооганстанда колдонулат.

Кыргыз Брайль алфавити

Араб ариби 1927-жылы латын арибинин негизинде түзүлгөн алфавитке өткөнгө чейин колдонулган. Учурда араб ариби Кытайда колдонулат. Латын ариби Кирилл арибине алмаштырылганга чейин 1930-жж. Советтер Союзунда колдонулган. Кыргыз кирилл ариби Кыргызстанда колдонулат. 36 тамгадан турат: 33 орус алфавитинен, жана кошумча кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык 3 тамга: Ң, Ү, Ө.

Кыргыз адабий тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар. Анын он төртү (8 кыска, 6 созулма) үндүү, 25 үнсүз тыбыш: (б, в, г, г, д, ж, д, ж (аффриката) з, й, к, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ) 22 тамга менен белгиленет.




#Article 5: Медицина (140 words)


Медицина — адамдын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында соо жана оорулуу адамдын организминдеги өтүп жаткан процесстерди изилдөөгө, ооруларды алдын алууга, дарылоого багытталган илимий жана практикалык иштердин тармагы. Адамзаттын илимий жана практикалык ишинде медицина көрүнүктүү орунду ээлейт. Ар бир адам өзүнүн ден соолугун сактоого, коргоого же кокусунан ооруп калса таза сакаюуга ынтызар. Медицина өзүнүн көп жылдык тарыхында бараандуу жетишкендиктерге жетишти. Азыркы мезгилде диагностикалык, профилактикалык жана дарылоо каражаттары менен адам өмүрү сакталып, мурда айыкпаган ооруларды айыктырууда. Бирок али да болсо медицина түпкү максатына жете элек. Медицинанын өнүгүү деңгээли, мазмуну, абалы турмуштун материалдык шартына, коомдук түзүлүшкө, маданияттын жалпы деңгээлине жараша болот. Медицина өзүнүн өнүгүшүндө биология, физика, химия илимдери менен тыгыз байланышта. Ал өзүнүн басып өткөн көп жылдык тарыхында ооруну дарылоо, алдын алуу, анын пайда болуу себептерин табуу, ден соолукту сактоо жана коргоо чараларын жүргүзүү менен көптөгөн тажрыйбага жана билимге ээ болду.

Медицинанын тармактары:





#Article 7: Философия (495 words)


Философия – (грек.) даанышмандыкты сүйүү.

Философиянын бул аныктамасы анын алгачкы маанисин чагылдырып турат:

Даанышмандык – тактап айтсак, жөн гана билүү эмес, жашоону терең түшүнүү.

Философия чыныгы дүйнөнүн жана андагы адамдын ээлеген оордун эң алгач изилдеген жана аныктаган илимдин бир тармагы катары пайда болгон болмуштун чектерин таануу.
 
Философия - маданияттын кандайдыр бир өсүп жетилген деңгээлинде, адам өзүн дүйнөдөн айрып (мен, мен эмес), аң-сезимдүү жан катары өзүнүн иш-аракеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин таанууга аракет кылып, талдоо жүргүзүп баштаганда алып пайда болот. Бул дүйнөгө болгон аңдап таануу жана теоретикалык мамиле кылуу жолу. Андан сырткары, философияда дүйнөгө, өзүнө, өзүнүн билимине рационалдык - сын көз караштуу мамиле кылуу мүмкүнчүлүгүн дагы каралган.

Адам өзүнүн билими чектелүү экендигин түшүнгөндө, ал ага тартылып баштаганда, даанышмандыкка болгон сүйүү – философия жаралат.
 
Философ – бул өз билим деңгээлине канааттанбаган адам.
 
Бул суроого жооп берерден мурда акылдуу адам менен акылман адамдын ортосундагы айырмачылыкты билишибиз зарыл. Акылдуу адам – көп билим алып, акылың кеңейткен адам, бул процесс төрөлгөндөн тартып өлгөнгө чейинки убакытты камтыйт, башкача айтканда мээ сиңирүү процесси. Акылман адам – бул табияттан же адам төрөлгөндө эле кан менен кошо берүлүүчү сапат. Философ – бул кыргызча акылман адам. Акылдуу адам эч качан акылман адам боло албайт. Философ болуп калыптанбайт – философ болуп жаралат Сократ. 

Философия көнүмүш болуп, кылымдар бою калыптанып калган түшүнүктөргө макул болбой, алардын шексиздигинен күмөн санап, жаңы түшүндүрүү, жаңы билим, издөө керек деген ой жаралгандан башталат. Сократ: “Мен эч нерсе билбестигимди билем, бирок, калгандар аны дагы билишпейт”- деп айткан.
 
Философия өзүнүн болмушундагы эң негизги суроолорго жооп издөө жана табуу катары каралат. Философия даанышмандыкка болгон сүйүү, туура жана акылдуу жашоо катары. 

И. Кантын айтканына ылайык, философия “адам деген эмне” суроосуна жооп бериш үчүн:

Дүйнөтааным жеке турмуштук жагдайлардын шарттары жана маданияттын таасири алдында калыптанат. Философиянын максаттары: дүйнөтаанымды системалаштыруу, б.а. тартипке келтирүү, байланыштарын тактоо, дал келишпөөчүлүктөрдү табуу, башкыны жана кадыресени айырмалоо. Философия, дүйнө тааным катары, адамдын жаратылыш менен эриш-аркак жашоонун ыргагын табууга жана өзүнүн жашоого болгон көз карашын аныктоого жардам берүү.

Философиянын жыйынтыктоочу аныктамасы: Философия – дүйнөнү түшүнүү мамилесинин бүтүн системасы.

Философиялык билимдин кеңири системасы буларды камтыйт:

 
Өзгөчө тармак – бул философиянын тарыхы. Анткени көбүнчө философиялык маселелер аларды чечүүгө болгон мурунку аракеттердин тажрыйбасынын контекстинде каралат. Эреже катары, философтордун эмгектеринде баардык эле бөлүмдөр бирдей тегиз берилген эмес. Андан сырткары, маданияттын тарыхый учурларына байланыштуу тигил же бул бөлүм алдыңкы оорунга чыгып турат.

Философия түшүнүгү дүйнө таанымдын түркүмү катары
Уламыш, дин, философия – дүйнө таанымдын тарыхый түркүмдөрү: алардын жалпылыктары жана өзгөчөлүктөрү.

Уламыш – адамзатынын өзүн таануусунун алгачкы жолу. Уламыш байыркы калктардын аң-сезиминин жалпылуу калыбы. Уламыштарда адамдарга жана жаратылышка өзгөчө касиеттерди энчилөө. Уламыш - адам баласынын жашоо маани-маңызын издөөгө болгон алгачкы кадамы. 
Дин орто кылымдардан тартып бүгүнкү күнгө чейин, философиялык дүйнөтаанымдын негизи катары. Философия – дүйнөнү рационалдык түшүнүү.

Ушуларды жыйынтыктаганда: дүйнөтааным – бул адам баласына аны курчаган дүйнөдө багыт табууга мүмкүнчүлүк түзгөн татаал, карама-каршылыктарынын биримдиги болгон окуулардын, баалуулуктардын, эмоциялардын, эрктин, түшүнүктөрдүн, ишенимдердин жана күмөнчүлүктөрдүн биримдиги. 

Дүйнөтаанымдын өзөгү болуп билим таанылат. Ушул көз караштан алганда, дүйнөтааным кадимки, адистик жана илимий болуп бөлүнөт.

Доорлордун алмашышы жана алардын бири-бирине көргөзгөн өз ара таасирлери төмөнкү жадыбалда берилген.




#Article 8: Тоголок Молдо (768 words)


Байымбет Абдракман уулу/Абдыракманов (Тоголок Молдо) (1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган - 1942) - жазма акын жана манасчы. 

Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да, дал ошол Тыныбек болгон.
Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнөтаанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да жакындан тааныш болгон.

Акын болдум атанып.

Тыныбектен жат алып”  – деген Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган.
Баскан-турганын, уккан билгенин баарын кагазга түшүрүп жүргөн Тоголок Молдо анын баарын 1916-жылкы үркүндө жоготуп жиберген. Анан 1936-жылдан тартып кайра баштан киришкен. “Манастын” өз вариантын да ал өзү кагазга түшүргөн. Башка манасчылардай болуп түш көрүп айтып калуу жөнүндө Тоголок Молдо эскерген эмес.
Тоголок Молдо Ырамандын Ырчы уулунан тартып, өзү менен кошо жашаган замандаш манасчыларга чейинки Улуу жомоктун жүгүн көтөрүнүп, аны кесип кылып аркалаган манасчылардын 31ин ырга салып, санаттап кошкон. Мунун өзү да тарых үчүн зор табылга десек болот.
Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абай сыяктуу чыгыштын улуу акындарынын чыгармалары менен жакшы тааныш болгон жана кыргыздын оозеки чыгармалары менен жана мифтик түшүнүк, ишенимдерден кабардар болот. Эл оозундагы «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Мендирман» сыяктуу дастандарды кагазга түшүрүп, азыркы Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына тапшырган. Ошондой эле эл кыдырып кыргыз тарыхын, санжыраларын жыйнап жазган.

Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер академиясына “Манас” үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган десек болот. Ал эми “Манас” бөлүмүндөгү “Манастын ашы” сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат (Чоюке өмүр уулу, Алмабек Тойчубек уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу, Кубанычбек Алмабековду эске албаганда). Калганы Сагымбайдын варианты менен үндөш. Экөөнүн тең устаты Тыныбек болгондуктан аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот.

Өз дооруунда сейрек кездешкен сабаттуу адамдардын бири, балдар адабияты үчүн кайталангыс чыгармаларды калтырган жазгыч акын, ошону менен эле бирге төкмө, манасчы Тоголок Молдо 1942-жылы өзү туулган Куртка айылында каза болгон.


#Article 9: Антропология (486 words)


 План:

З)Антропологиянын онугуусу

Антропология-(грек тилинен anthropos - адам, logos - илим) - дүйнөнүн ар кайсы жеринде тарых боюнча жана азыркы күндө жашап жаткан адамдардын(адамдардын топторунун) изилдениши. Бул илим тармагы адамдарды айырмалаган жана окшоштурган ар кандай маалыматтарды топтоп,өндүрүүгө аракет кылат. Антропологиянын төрт негизги бутагы бар.1)Физикалык 2)маданий 3)социалдык 4)археологиялык антропология.Физикалык антропология кишинин биологиялык организм катары карайт,бул багытта кишинин эволюциялык өнүгүүсүн колго алат, инсан түрүнүн илгертеден азыркы күнгө чейинки биологиялык өзгөрүүлөрүн изилдейт. Маданий,социалдык антропологдор болсо өткөн мезгилдердеги жана азыркы убактагы адамдардын маданиятын изилдөө менен алек болушат.Ал эми археологдор өткөн маданияттардан калган заттарды,буюмдарды,нерселерди, сөөк жана адамдар,адам топтору жашаган аймактарды буюмдарды изилдеп, өткөн мезгилде жашап, жазылуу маалымат калтырбаган адамдардын маданияттары тууралуу маалымат,билим чогултат. Тилчилер (лингвисттер), маданияттарды сактап, кийинки муунга  өткөрүп берүү үчүн коммуникация системасы болгон тилди изилдешет. Ар бир антропология тармагы ар башка изилдөө ыкмасына ээ болсо дагы, баары биригип бир антропологиялык көз карашты түзүшөт.  

Колдонгон ыкмалары жагынан биологиялык жана социалдык илимдердин катарына кирет.Бирок адамдын  социалдык  өзгөчөлүгү  антропологдорду  тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына кайрылып, тарыхый маселелерди чечүүгө жардам кылат. А-нын тарых м-н байланышкан тармагын тарыхый А. деп аташат. Тарыхый А. айрым аймактардагы адамзаттын байыркы мезгилден  азыркы  учурга  чейинки  өнүгүү  тарыхын,  байыркы  миграциялар,  расалык  типтердин калыптанышын изилдейт. Адамдын баш сөөк-төрү (краниологиялык материал) аркылуу байыркы мезгилдеги калктардын миграциясы аныкталса, ошол маалымат тарыхый жазма булактар аркылуу такталышы мүмкүн. Мисалы:байыркы  түрк  доорундагы  краниологиялык  материалдар  аркылуу  Теңиртоодо  жашаган  адамдардын, Түштүк Сибирь м-н генетикалык байланышта экендиги аныкталган. Мындан тышкары, а-нын маданий а-я,этностук а-я,популяциялык а-я,экологиялык а-я,палеоантропология, физиологиялык а-я деген тармактары да бар.

Антропологиянын өнүгүүсү.
Антпропологиялык тармакта чоң мааниге ээ болгон эмгектер байыркы замандарга барып такалат. Мисал катары, Грек тарыхчысы Геродоттун 2500 жыл, Афкрикалык имимпоз Ибн Халдундун 700 жыл мурда жазган инсан топторунун (жамааттарынын,коомдорунун) маданияттарын салыштырган чыгармаларын алса болот. Ошондой эле Орто Азияда Махмуд Кашгаринин эмгектери дагы антропологиялык мааниге ээ. Бирок, антропологиянын өзүнчө билим катары бөлүнүп чыгышы жана өнүгүп баштоосун салыштырмалуу түрдө жаңы болуп эсептелет. Эгерде инсан өзүн жана башка инсандарга, жана да өздөрүнүн келип чыгышына, ошондой эле башка инсандардын келип чыгышына кызыкса эмне себептен антропология системалык түрдү илимий дисциплинага айлануусу мынча көп убакытты талап кылды?

Себеби, кайсы бир деңгээлде инсандардын технологиялык жактан чектелүү болуусуна байланыштуу. Тарых боюнча узак мөөнөт ичинде инсандардын географиялык кыйыры чектелүү болгон. Узактагы инсандарды жана алардын маданиятын изилдөөгө көптөгөн күч, убакыт талап кылынып, байланыш курал жана каражаттарын өнүктүрүү менен гана мүмкүн болгон.

Антропологиянын өнүгүүсүнө салым кошкон дагы бир фактор, бул Европалыктардын, башка жерлердеги инсандар менен баардык айырмачылыктарына карабастан негизги бир инсандык фактысын кабыл алуу болду. Мурда болсо өз маданий негиздерине (Европалыктардын) окшобогон инсандарга примитивдүү (артта калган/алгачкы доордогу), варвар же жапайы деп атап, убакыт өткөн соң ар түрдүү (инсан) топторду бир түргө (жаныбар түрүнө) тиешелүү экенин кабыл алышты. Инсандардын көп түдүүлүгүнө болгон күндөн күнгө көбөйгөн кызыгуу, өзгөчө жаратылыш мыйзамдарынын илимий тил менен ачыктоого аракет болуп жаткан убакта, ыйык китептердеги салттуу түшүндүрмөлөрдүн жетишсиз экенин көрсөттү. Жыйынтыгында баардык бул жагдайлар антропологиянын төрөлүшүнө даярдык болду. Антропология Европа маданиятынын ичинен келип чыкса дагы бүгүнкү күндө ааламдык деңгээлде таркаган. 

Антропологдор дүйнөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүнөн болуп, дүйнөлүк деңгээлде, ар кандай маданияттар жөнүндө изилдөө жүргүзөт.




#Article 10: Адабият (199 words)


Адабият деген эмне? 
Адабият (илим) (араб - адептүүлүк, ыймандуулук) – искусствонун  сөз өнөрү менен ишке ачуучу, дуйнөнү образдуу чагылдырууга негизделген түрү. Бул түшүнүк кең мааниде бардык эле жазылган  чыгармаларга карата колдонулат. Маселен,илимий адабият, техникалык адабият, медициналык адабият жана башка. Ал эми тар мааниде – көркөм чыгарма дегенди билдирет. Адабият адам жаралгандан бери эле жашап келет. Кыргыздарда термин катары бул  сөз революциядан кийин тилибизге кошулду.  Көркөм адабият – коомдук аң-сезимдин бир формасы. Анын өсүшү, өзгөрүшү ошол коомдук турмуш менен тыгыз байланыштуу. Искусствонун айрым түрлөрүндө, мисалы, сүрөттө – боёк, бийде – кыймыл-аракет, музыкада үн негизги курулуш материал болсо,  адабиятта мындай кызматты сөз аткарат. Ошондуктан анда ар кандай идея, тема сөздүн жардамы аркылуу ачылат.

Адабият оозеки  айтылса, анда ал угууга ылайыкталат, ал эми жазуу формасында болгондо окурмандык кабыл алууга ыңгайлашат. Адабиятта ар түрдүү тектер, жанрлар турмушту чагылдыруунун  өзгөчөлүктөрүнө ылайык аракеттенет. Ал адамдарга таануучулук, тарбиялоочулук, өстүрүп-өнүктүрүүчүлүк, эстетикалык рахат берүүчүлүк кызмат кылат да,  ар түрдүү көркөм методдордо, агымдарда ар кыл өзгөчөлүктөргө ээ болот. “Адабият – элдин аң-сезими, жарыгы, жемиши, алардын жашоо турмушу” (В.Г.Белинский) болуу менен “адамтаануу”  (М.Горький) катары элдин рухий турмушун дайыма коштоп келатат.  Адабият - сөз өнөрү  деп да айтылат.

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004




#Article 11: Алыкул Осмонов (790 words)


Алыкул Осмонов (21-март 1915-ж, Панфилов району, Каптал Арык а., Кыргызстан — 12-декабрь 1950-ж., Фрунзе ш., Кыргызстан) — кыргыз эл акыны.

Кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган.

Эмгек чыйыры «Чабуул» журналынан башталып, ”Ленинчил жаш” гезитинде уланат. 1937–1940-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун коомдук башталыштагы катчысы кызматында иштеген.
Алыкул Осмоновдун «Кызыл жүк» деген алгачкы ыры «Сабаттуу бол» гезитине 1930-жылы жарыяланып, “Таңдагы ырлар” туңгуч жыйнагы 1935-жылы басылып чыккан.

Акын дүйнөлүк жана орус адабиятына кызыгып, алардын бир тобун эне тилине которуу менен бирге чыгармачыл мектептен өтүп, кыргыз фольклору на терең маани берүү менен эл арасынан көптөгөн уламыштарды чогултуп, алардын негизинде ондогон поэмаларды жазган.

А.Осмонов 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. Ошол эле жылы “Ардак белгиси” ордени, 1946-жылы “1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

А.Осмоновго 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын №1 лауреаттык күбөлүгү ыйгарылган. 1986-жылы Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү “Алыкулдун Акбозат” поэзия майрамын уюштурган. 

А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги “Дүйнөлүк акындар” альманахына кирген. 
А.Осмоновдун чыгармалары орто мектепте, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Анын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкултаануу багыты улам кеңири кулач жаюуда.



#Article 13: Педагогика (442 words)


Педагогика  (Байыркы грек тили. παιδαγωγική — чыгамачылык менен тарбиялоо, грек παῖς — бала, ἄγω — алпаруу же жетелөө)

Педагог -  (гр. paidagogos –тарбиялоочу) – жалпы билим берүүчү мектептин мугалими, кесиптик-техникалык, атайын орто же жогорку окуу жайынын окутуучусу, мектепке чейинки мекемелерде, мектеп интернатта, балдар үйүндө, тарбиялоо колонияларында тарбиячы, мектептен тышкаркы жана башка уюмдардын кызматкери, педагог илими боюнча илимий кызматкер жана  башкалар

Педагогика деген сөз ал илимдин өзүнө караганда алда канча мурда пайда болгон.  Байыркы Грецияда педагог деп мугалимди эмес, балдарды мектепке жеткирип, кайра алып келүүчү кулду эсептешкен. Бара-бара маанилик чектери кеңейип, кийинчерээк педагогика термини баланын дене бою менен акыл көрөңгөсүнүн өнүгүшүнө туура багыт берүү, аны турмуштун туура жолуна салуу өнөрү катары колдонула баштаган. Күндөлүк турмуш сабактарынан жана айрым озгун ойчул адамдар тарабынан таалим-тарбия ишине байланыштуу анык ойлордун арбын топтолушу, аларды жалпылоо, ырааттуу, максаттуу өнүктүрүү иштерин аркалаган педагогика илиминин пайда болушу зарылдыгын шарттады. Байыркы грек, рим, византия жана чыгыш философтору Платон, Аристотель, Паутарх, Гераклит, Селена Квинтиллиан, Варлаам, Ионна Демоскина, Авицена, Конфуций, ошондой эле орто кылым ойчулдары Ж. Баласагын, М. Кашгари жана башкалар мурастарынан таалим-тарбия темасындагы баа жеткис акыл кеңештерди табууга болот. 

Педагогика илим статусуна чех элинин улуу педагогу Я. А. Коменскийдин (1592–1670) эмгектери аркылуу ээ болгон. Ал түрдүү өлкөлөрдө тамыр жайып өнүккөн бай тажрыйбаларды жана өзүнүн ишмердүүлүгүн астейдил талдоо аркылуу, окутуу-тарбиялоонун объективдүү мыйзамченемдүүлүктөрүн илимий жактан негиздеп системалаштырууга далалат жасаган. Ушундан улам Коменскийди педагогика илиминин негиздөөчүсү деп аташат. Учурда педагогика предмети, объекти, милдеттери айкын, түптүү түшүнүктөрү, категориялары бар көп тармактуу илим. Ал таалим тарбиялоо процессин долборлоо, божомолдоо, уюштуруу, өркүндөтүү ыкмалары, ошону менен бирдикте аларды өнүктүрүү, турмушка даярдоо жаатындагы атайын билимдердин булагы катары кабылданат.
Педагогиканын тарыхы ар түрдүү доорлордогу педагогикалык ойлордун жана таалим-тарбия мекемелеринин өнүгүшүн, бүгүнкү күн үчүн маанилүү, өнүмдүү жактарын аныктап үйрөтүүчү педагогика илиминин бир тармагы. Педагогика тарыхынын негизги булактары төмөнкүлөр: таалим-тарбия маселелерине таандык расмий документтер; мектептерде колдонулган окуу программалар, окуулуктар, окуу куралдары; маданият, агартуу жана илим ишмерлеринин эмгектери; таалим-тарбия ишине байланыштуу гезиттик, журналдык материалдар; архивдик материалдар, көркөм адабий чыгармалар. Тарыхый педагогикалык фактылар адам коомунун өнүгүшү жаатындагы кабыл алынган жалпы мезгилдештирүү тартибине ылайык изилденет. Ушундан улам педагогика тарыхында байыркы мезгил, орто кылым жана азыркы доор өз өзүнчө бөлүнүп каралат.

Педагог предмети – адам инсанынын өнүгүш маңызын жана мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдөө, анын негизинде атайын уюштурулган процесс катары окутуу тарбиялоонун теориясын жана методикасын иштеп чыгуу. Педагогика төмөнкү милдеттерди чечүүнү аркалайт:

Педагогика илиминин системасы төмөнкүлөрдөн турат: 
 

 
Жалпы педагог адамды өнүктүрүүнүн жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн жана бардык типтеги таалим-тарбия мекемелердеги окутуу тарбиялоо процессинин жаңы негиздерин иштеп чыгуучу илим жана окуу предмети. Мугалимдерди даярдоочу жогорку окуу жайлардын практикасында орун алган салттарга ылайык педагог жалпы негиздери; дидактика (окутуу теориясы), тарбиялоо теориясы; мектеп таануу сыяктуу төрт бөлүккө бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,

Билим берүү




#Article 14: Укук (143 words)


Укук — 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый укук). Укук жазылма (статуттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. Укук тутум катарында, ар биринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: жарандык укук, конституциялык укук, үй бүлө укугу, эмгек укугу, кылмыш-жаза укугу), тармакчаларына (м.: автордук укук., мурастоо укугу ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк укуктары, ишкердик укуктары) ажырымдалат. Укукту салыштырма укук таанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үй бүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-америкалык, мусулмандык, салттык жана социалисттик; 2) субъективдүү маанисинде алганда, адамдын, мамлекеттик органдын, элдин, мамлекеттин жана башка субъекттин мүмкүн болуучу жүрүм-турумунун түрү жана чарасы (юридикалык укук).




#Article 15: Касым Тыныстанов (808 words)


Касым Тыныстанов (1901, азыркы Ысык-Көл району, Чырпыкты кыштагы, - 1938) - кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору (1936).

Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу институтунда окуган.  Эркин Тоо гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген.  1927-30 жж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары.  1928 жылында «Жаңы маданият жолунда» журналды уюштурууга катышып 1931 ж. чейин анын жооптуу редактору болгон.  1931-37 жж. - Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу, ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу.  Касым Тыныстанов 1938 ж. репрессиялар учурда Эл душманы деген наамга коюлуп,  атылып өлтүрүлгөн. 

Касым кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.
Касым адегенде казакча, кийин кыргызча жазган ырлары Алматы жана Ташкентте казакча чыгуучу газета-журналдарга жарыяланып, 1925 жылы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен Москвада жарык көргөн.
Касым - туңгуч көркөм котормочу. Ал «Интернационалды», И.А.Крыловдун тамсилдерин биринчи жолу кыргызчалаткан. Орус революциячыл ырларын Өзгөрүштүн ырлары деген ат менен которуп, кичине китеп кылып чыгарган.
Касым кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, асыресе Манас эпосун жыйноого зор көнүл бөлүп, бул темада атайын макалалар жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Каралаев уулунун айтуусундагы Манас үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. Манас эпосун орусчага которуу ишине катышкан. Касым  Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында 	Ысык-Кѳл районунун Чырпыкты   айылында туулган. Ата-энесинин тек –жайы , турмуштук абалы  жѳнγндѳ  так  маалымат жок . К.Тыныстанов жѳнγндѳ жазылган  макалаларда анын кедей үй-бγлѳдѳн чыккандыгы айтылса, кээ бир  изилдѳѳчγлѳр атасын оокаттуу  адамдардын катарына кошушат. К.Тыныстанов 1909-1912-жылдарда Чырпыктыда мусулман  мектебинде   окуп , андан кийин Сазановка  айылындагы ѳзбек  медресесине   кирет. 1914-1916-жылдары  Караколдогу орус-тузем мектебинде окуган. 1916-жылы  γркγн учурунда эл менен   Кытайга качат. Ал Кытайда  кандай жашоо ѳткѳргѳндγгγ   тууралуу маалымат  жок. 1918-жылы гана кайтып  келип кѳл  башындагы  Тепке  айылында таякелериникинде   туруп калган. Тепке айылында  жγргѳндѳ ыр дагы чыгара баштаган. 1919-жылы  Ташкентге келип, Казак-кыргыз  агартуу институтунун даярдоо   бѳлγмγнѳ алынган. 1920-жылы Кыргыз агартуу институтунун  1-курсуна кабыл алынган.

К.Тыныстановдун ишмердик  жолу  институтта  окуп  жγргѳн  кезинде  эле башталган. Ал 1920-1924-жылдары «Өрис»,              «Ак-Жол»гезиттеринде, «Жас  Кайрат», «Сана»  журналдарында кызматкер  болгон.  1925-жылы Кыргыз Автономиялуу облусунун Академиялык Борборунун  Кыргыз бѳлγмγнγн катчылыгына дайындалат. Ал кызматта 1926-жылга  чейин иштеп , ошол  эле  убакта «Эркин-Тоо» гезитинин  жоопту  редакторунун  милдетин  да аткарган. 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл Агартуу Комиссары болуп  дайындалып, γч  жыл  эмгектенген. Ушул  эле убакта «Жаны маданият» журналынын редактору, 1930-37-жылдарда Кыргыз  маданият курулуш  институтунда илимий  кызматкер, 3 ай анын   жетекчиси кызматын  аркалаган. Кыргыз педагогикалык  институтунда  лекция  окуган.  К.Тыныстанов Кыргыз ССРиндеги  1932-жылы  доценттик,  1936-жылы  профессорлук наамын алган эң биринчи адам.

К.Тыныстанов адегенде араб тамгасын колдоп,     кийин латын тамгасына, андан орус тамгасына   ѳтΥΥгѳ  алгачкылардан болуп ΥндѳгѳнΥн замандаштары эскерет. 

Бул мезгилде жергебизде жаны мектептердин массалык тγрдѳ ачылышы да  анын чыгармачылыгынын гγлдѳп турган учуруна туш келди.   
Ал мектептер γчγн эне тилибизде окуу китептери тγзγлγшγ зарыл эле.

Дал ушул маанилγγ  маселени  чечγγнγ   Касым жарандык-атуулдук    милдетим  деп  эсептеп,  окуулуктарды тγзγп,кураштырууга биротоло отурат.

Ошондой  эле   « Эне тили» , « Жаны  айыл» , « Кыргыз  адабий   тилинин  жаны  долбоору» ,« Жаны  алфавит  тγзγγнγн  жаны  принциптери », «Биздин  тил » ж.б. макала , эмгектерин  жазды. 37-жылдык  ѳмγрγнγн кѳп  бѳлγгγн  мамлеккетик  жумуштарга арнаган К.Тыныстанов  кѳркѳм чыгарма  жазууга   убактысы   аз  болгон . Ошондой  болсо   дагы  Ташкентте  окуп  жγргѳндѳ  « θрис» , «Жаны ѳрис » гезиттеринде  бир  нече  казакча  ырлары  жарык  кѳргѳн . Анын  биринчи  ѳз эне тилинде  жазылган  ыры  « Ала-Тоо»  1922-жылы   жазылган . Ал  поезия  менен   гана  эмес , проза  менен  дагы  алектенип ,  «Жас  кайрат » журналынын тѳрт  санына   « Мариям менен  кѳл боюнда» деген  кѳлѳмдγγ   ангемеси «Келгин»  деген  ат  менен  жарыкка  чыккан. 1925-жылы  Москвадан  чыккан  « Касым ырларынын жыйнагы »акындын 1919-1924-жылдары  жазылган  бардык  ырларынан куралаган.Ага  удаа поэзиялык котормолор  топтому  «θзгѳрγш ырлар »деген  ат  менен  Фрунзеде  жазылды .Анын  бул   жыйнагына  казак  тилиндеги он   эки   , кыргыз  тилиндеги  жыйырма бир  ыры  жана  «Жаныл  Мырза»  поэмасы  кирген. К.Тыныстановдун  жетекчилиги  менен У.Абдукаимов , К.Карасаев , Т. Саманчин «Манастын» «Чон  казат » бѳлγгγн  сапма-сап  которушкан. «Академия  кечелери »пьесалар тγрмѳгγндѳ  «Алмамбет   менен  Чубактын  жол  талашканы »жана  «Yргѳнчтγн  жээгинде  Айчγрѳктγн  кырк  кыз  менен  турушу » деген  эки  кѳрγнγш  жазылган .

Касым  жаш  кезинде  кургак  учук  менен  ооруган ,  бул  оорусу 30-жылдардын  башында  козголгон ,  дарыгерлердин жардамы  менен  айыгып  жаны  эле  иштей  баштаганда  ага  «эл  душманы » деген  жала  жабылып ,  жашоосундагы  оор  кγндѳр  башталган  . «Академиялык кечелер » театрга  коюлуп  башталганда  1933-жылдын 24- февралындагы  жана 6- мартындагы  «Кызыл  Кыргызстан » гезитинин сандарында  А.Токомбаевдин «Академиялык  кечеси  тууралуу» жана  « Академиялык  кеченин тыянагы » деген  эки  макаласы жарык  кѳргѳн.Бул  макалаларда Касымга  карата  сындар  айтылган .К.Тыныстановду  улутчул , панисламизм , пантγркизм  идеяларына сугарылган  деп анын «Касым  ырлар  жыйнагы» , «Академиялык  кечелер» чыгармаларынын мазмунуна карап  гана  кγнѳѳлѳбѳстѳн ,  жаш  кезинде  алаш  ордочулар   менен  идеялаш  болгон  деп  дагы  кγнѳѳ   коюшкан .

θкγм  тез  аткарылып 7-ноябрда  атылган.             




#Article 16: Инженердик геология (240 words)


Инженердик геология – геологиянын имараттарды жана түрдүү курулуштарды (жол, көпүрө, канал, суу сактагыч жана башкалар) куруу иштерин изилдей турган тармагы. Жердин үстүңкү кыртышынын геологиялык шарттарын кыртыштын сапатын, гидрогеологиялык абалын, рельефин, сейсм кыймылдардын таасирин, тоо тектердин курамын, түзүлүшүн, текстурасын жана физикалык-механикалык касиеттерин изилдөө; курулуш менен табияттын бири-бирине тийгизген таасиринен келип чыккан процесстер менен кубулуштарды болжолдоо жана алардын зыяндуулугуна каршы чараларды иштеп чыгуу. Инженердик геология курулуш башталардын алдында имарат жана башкалар тургузулуучу жердин табигый геологиялык шарттарын, курулушту тургузуу жана аларды пайдалануу учурунда тоо тектерде болуучу өзгөрүүлөрдү изилдейт. Азыркы мезгилде бир да курулуш инженердик геологиялык изилдөөсүз башталбайт. Инженердик геология изилдөөлөрдүн натыйжасында курулуштарды жайгаштыруунун эң ыңгайлуу жерин, алардын ишенимдүү конструктивдик материалдарын жана жумуштарды жүргүзүү жолдорун аныктайт. Инженердик геология бир нече атайын тармактарга бөлүнөт: кыртыш таануу (грунтоведение) тоо тектери менен кыртышты, инженердик курулуштарды тургузуучу жайды, табигый курулуш материалын чөйрө катары изилдейт; кыртыш механикасы кыртыштын туруктуулугун, бекемдигин изилдейт; геологиялык процесстерди изилдөө инженердик геодинамика, аймактык инженердик геология; атайын курулуш, жол, аскердик инженердик геология; жер астындагы суулардын курулушка тийгизген таасирин инженердик гидрогеология изилдейт. Кийинки мезгилде тоң таануу, лёсс таануу, деңиз инженердик геологиясы, инженердик сейсмология сыяктуу тармактары чоң мааниге ээ болууда. Инженердик геология гидрогеологиялык, геокриология, нефть геологиясы сыяктуу илимдер менен тыгыз байланыштуу. Инженердик геология өзүнүн изилдөөлөрүндө геологиялык, геофизикалык жана физика менен химиянын ыкмаларын кеңири колдонот. 1968-ж. Прагада болгон Эл аралык геологиялык конгресстин 23-сессиясында инженер-геологдордун Эл аралык ассоциациясы уюштурулган. Кыргызстанда Инженердик геологиялык изилдөөлөрдү КР УИАнын Геология институтундагы гидрогеология жана инженердик геология бөлүмү, ошондой эле КР мамлекеттик долбоорлоо институттары ишке ашырат. 
 




#Article 17: Адабият таануу (514 words)


Адабият таануу - көркөм адабияттын маңызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин жана тарыхый-адабий процесстин мыйзамченемдерин изилдөөчү илим. Үч бөлүктөн турат: адабият теориясы, б. а. рухий жана көркөм ишмердиктин бөтөнчө формасы болгон адабияттын өзгөчөлүгүн, көркөм тексттин структурасын, адабий процесс менен чыгармачылык методдун факторлорун изилдейт; адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын, улуттук адабияттардын өнүгүп-өсүү процессин (анын ичинен метод, стиль, доор, багыттардын алмашуусун), айрым жазуучулардын чыгармачылыгын иликтейт; адабий сын көбүнчө учурдагы чыгармаларды талдайт жана баа берет, адабияттын коомдук турмуштагы эстетикалык маанисин жана ролун аныктайт. Азыркы адабият таануу эстетика, философия, тил илими, тарых, социология, психология менен ажырагыс тыгыз байланышта. Адабият таануунун башатында антикалык доордун философтору жана акындары, Чыгышта байыркы жана орто кылымдагы кытай, инди жана араб ойчулдары турушат. Адабият таануу өз алдынча илим катары 19-кылымда калыптанып, ар түрдүү илимий методдор пайда болгон. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө элдин рухий жаңылануусун кенен жана терең чагылдыруу менен көп кырдуу, көп боёктуу турмушту таанып-билүүнүн эң таасирдүү формасына айланган. Кыргыз адабияты дүйнөлүк көркөм турмуштун, акыл-ойдун катарына ишенимдүү кошулган дешке толук негиз бар. Кыргыз адабият таануу илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзамченемдери, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаңы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы адабий өзгөрүүлөр, анын турмушун көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы ж. у. с. маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат. Кыргыз элинин көркөм сөз чыгармачылыгын, айрыкча фольклорун изилдөөдө М. 0. Ауэзов, В. В. Жирмунский, М. И. Богданова ж. б. окумуштуулар эмгектеништи. Кыргыз адабиятчыларынын бир тобу (К. Асаналиев, А. Садыков, К. Артыкбаев, С. Жигитов, А. Акматалиев ж. б.) илимдин бул тармагында активдүү иштешти.

Б. з. ч. 56-кылымдарда Байыркы Грецияда адабият менен искусствонун чыгармаларын баалоонун карама-каршы эки принциби пайда болуп, ошол кылымдын алгачкы мезгилинде алыскы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндө адабият өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлөт. Иран жана Орто Азиядагы Адабият таануу араб тилинде өнүгө баштайт. Европа өлкөлөрүндө Адабият таануунун тарыхында жаңы этап башталат. А. Н. Радищев (1749–1802) биринчи болуп адабияттын коомдук-тарбиялык милдеттерин элди эзүүчүлөргө каршы боштондук күрөшүнө кызмат кылуу милдети менен байланыштырган. В. Г. Белинский (1811–1848) орустун Адабият таануусунда жаңы доор баштап, материалисттик эстетиканын негизин салды. Адабияттагы жаңы багыт үчүн күрөш А. И. Герцендин (1812– 1870), Н. Г. Чернышевскийдин (1828–1889), Н. А. Добролюбовдун (1836–1861) эмгектеринде улантылды.

Адабият таануу ХХ кылымда өнүгүп, адабиятты коомдук көрүнүш деп, конкреттүү образдар жана сүрөттөр аркылуу чындыкты таануунун өзгөчө түрү катары карашты, тарыхты илимий материалисттик түрдө таанууга таянышып, коомдук аң-сезимдин бардык башка түрлөрү сыяктуу эле адабияттын өсүп-өнүгүшү да коомдук, экономикалык түзүлүштөгү, тап күрөшүндөгү өзгөрүүлөр менен шарттала тургандыгын айтышты, искусствого баа берүүнүн объективдүү чени катары адабий чыгарманын көркөмдүк баасы элдин күрөшүн канчалык даражада чагылткандыгына жараша болорун белгилешти. Кыргыздын адабият илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар менен реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү жана жанрлардагы жаңы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр менен жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү менен бирге адабияттын тематикасындагы өзгөрүүлөр, анын турмушту көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы жана ушул сыяктуу маселелерди кароого жана чечүүгө аракет кылып келе жатат.




#Article 18: Биология (134 words)


Тамак жээрдин алдында эмне үчүн колду жууп,оозду чайкайт?

Биология (грек тилинен bios - өмүр, тиричилик жана logos - илим) - тирүү жаратылыш жөнүндөгү илимдердин жыйындысы.
Ошону менен бирге элебашкача айтканда, функционалдаштыруу, өсүү, келип чыгуу, Эволюция жана Жер бетине тирүү организмдердин таралышын, алардын классификациясын, ошондой эле түрлөрдүн келип чыгышын жана айлана чөйрөдө өз ара аракеттенишүүсүн изилдөөчү илим.

Биология өзүнүн өзгөчөлүгү менен башка [Табийгый илим|табийгый илимдерден)] айырмаланып келет. XIX кылымда, окумуштуулар тарабынан тирүү организмдер бири бирине окшоштуктары бар экенин далилдеп чыгышканда. «Биология» терминин 1802-жылы Ламарк тарабынан киргизилден. Учурдагы биологияда беш фундаменталдык принциптер бар: клеткалык теория, эволюция, генетика, гомеостаз жана энергия. Учурда биология — дүйнө жүзүндө орто жана жогорку окуу жайларында окутулуучу стандарттык предмет болуп саналат. Жыл сайын биология, Медицина, Биомедицина тармактарына тиешелүү миллиондогон макалалар жана китептер жарык көрүшөт.

Биологиянын өнүгүшүнө төмөнкү үч баскыч маанилүү:

Окшош барактар , 




#Article 19: Өзбекстан (749 words)


Өзбекстан ( же ) — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. «Өзбекистан» жана «Өзбекстан Республикасы» деген мамлекеттин аталыштардын мааниси бирдей. Чектеш мамлекеттер: Чыгышта - Кыргызстан, Түндүк-Чыгыш, Түндүк жана Түндүк-Батышта - Казакстан, Түштүк-Батыш жана Түштүктө - Түркмөнстан, Түштүктө - Ооганстан жана Түштүк-Чыгышта - Тажикстан.  Калкы - 33 639 900 адам. Ири шаарлары - Ташкен, Баргана(Фергана), Самаркан, Анжыян, Наманган, Букар, Каршы, Нукус, Кокон, Маргалаң.

Өзбек элинин тарыхы Борбор Азиянын башка түрк элдеринин тарыхы менен тыгыз байланыш жана азыркы Өзбекстандын чегинен ары чыгат. Өзбекстандын аймагында эң алгачкы мамлекеттердин пайда болушу биздин заманга чейинки VIII-VII кылымдарга тийиштүү. Ал кезде Хорезм жана Бактрия сыяктуу мамлекеттер түзүлгөн. Заманбап Өзбекстандын аймагындагы байыркы шаарлар болуп Ташкен, Букар, Самаркан, Хива, Шахрисабз, Карши, Термез жана Маргалаң эсептелет.

Биздин заманга чейинки 329-327 жылдары Александр Македонский Согдиана жана Бактрияны басып алып, Бактриянын жергиликтүү башкаруучунун кызы Роксанага үйлөнгөн. Басып алуучуларга катуу каршылык көрсөтүлүп, Александрдын аскерлерин ушул аймакта кармап калуусун көздөшкөн.

Биздин заманга чейинки IV кылымдан баштап байыркы Хорезмдин гүлдөшү башталат. 305-995-жылдары Хорезмди Афригидтердин хорезмшахтарынын династиясы башкарган.

VI—VII кылымдарда Өзбекстандын аймагынын бөлүгү Түрк Каганаты жана Сасанид Империясынан көз каранды болгон Согдиана жана Бактриянын курамына кирген. Араптар басып алгандан кийин Арап Халифатынын курамына кирген. Улуттук-боштондук кыймылдардан улам Тахириди жана Якубийон сыяктуу династиялар пайда болгон. IX кылымдын экинчи чейрегинен баштап Саманийлер Мовароуннахр жана Хоросондун аймактарын бириктирип, Саманийлер мамлекетин түзүшкөн. Саманийлер башкарган учурда X кылымга чейин сакталган мамлекетти башкаруу негиздери түзүлгөн. Ушул мезгилде региондо илим, маданият, поэзия өнүгүп баштаган.

X кылымдын аягында Саманийлер мамлекети Караханийлер жана Газневилер көчмөн элдеринин кысымынан улам кыйраган.

XII — XIII кылымдын башында азыркы Өзбекстандын аймагы, 1219-1221 жылдары Чыңгызхандын моңголдору басып алган Хорезмшахтар мамлекетинин курамына кирген. Кийин Өзбекстандын аймагы Чыңгызхандын уулдары Жучу Хан менен Чагатайдын улустарынын курамына кирген.

XIV кылымда Аксак Темир башкарган (1336-1405). Согуштук жүрүштөрүндө мамлекетинин аймагын бир кыйла кеңейткен жана көп чектеш аймактарды басып алган. ал аймактардын ичинде: Персия, Кичи Азия, Түндүк Индия, Закавказье, Чыгыш Дашт-и-Кыпчак жана башка. Аксак Темирдин мамлекетинин борбору Самаркан болгон. Тимурийлер доорунда аймактын илими жана маданияты гүлдөйт.

Убакыт өткөн соң Шейбанийлер мамлекети Хива хандыгы жана Букар хандыгы болуп экиге бөлүнүп калган. Хорезмде такка Шейбанийлердин туугандары Арабшахийлер чыгышкан. Букар хандыгында башкарган династия болуп Шейбанийлер болуп турган (1500-1601). Андан соң Аштарханийлер бийликке келген. Аштарханийлерден кийин такка Маңгыттар чыгып, хандыкты Букар эмирлигине айлантышкан.

XVIII кылымдын башында Хива хандыгындагы бийлик Арабшахийлерден казак чингизидтерине өткөн, кийин 1770 жылдан 1920 жылга чейин коңурат уруусунун династиясынын колунда болгон.

Орусыя империясы Өзбекстандын аймагын басып алуу аракетинин башында, бул аймакта үч мамлекеттик түзүлүш бар болчу, алар: Бухара эмирлиги, Кокон хандыгы жана Хива хандыгы. 1876-жылы Орусыя империясы Кокон хандыгын талкалаган, хандык жоюулуп, борбордук аймактары Фергана облусунун курамына кирген.

XX кылымдын башында Борбор Азия Орусия империясынын курамында болот. Советтик бийлик орноп баштаганда, бүткүл Борбор Азия Советтик Союздун бөлүгү болот. 1924-жылдын 27-октябрында Өзбек Советтик Социалисттик Республикасы түзүлөт, борбор шаары - Самаркан.

Өзбекстандын Конституциясы 1992-жылдын 8-декабрында кабыл алынган.

Чек аранын узундугу — 6221 чакырым.

Деңиз деңгээлинен эң жогорку бийиктиги: Азирет-Султан чокусу, бийиктиги — 4643,3 м (Ысар тоо кыркасы). Деңиз деңгээлинен эң төмөнкү бийиктиги: Миңбулак чуңкурундагы Кулатай шордуу жери — −12,7 м (Кызыл-Кум чөлү).

Климаты чукул континенталдык. Январдын орто температуралары — +4 °Cдан −10 °Cга чейин, Июль айынын орто температурасы  +22 °Cдан +32 °Cга чейин. Эң төмөнкү температура — -38°С.

Өзбекстандын аймагы ар түрдүү, бирок бул өлкөнүн чоң мейкиндиктери жашоого жарактуулугу начар, булар: чөлдөр, талаалар жана тоолор. Өзбекстандын эли жашаган шаарлардын көпчүлүгү өзөндөрдө жайгашкан.

Өзбекстан Республикасы Каракалпакстан Республикасынан(картада - 14), облустардан (), айыл тибиндеги райондордон (), шаар тибиндеги райондордон, облус карамагындагы шаарлардан, район карамагындагы шаарлардан, айылдардан турат. Өзбекстандын борбору- Ташкен(картада - 1), борбордук кармагындагы шаардын статусуна ээ.

Өзбекстан Республикасынын облустары:

Калктын орто жыштыгы 1 чарчы чакырымга 65,8 адам. Калкынын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында Орусыя жана Украинадан кийин үчүнчү орунда турат.

Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик тили - өзбек тили. Маанилүүлүгү боюнча орус тили экинчи орунда турат. Орус тилин калктын чоң бөлүгү колдонот. Англис тилин үйрөнүү мамлекет үчүн абдан маанилүү. 2013/2014-окуу жылынан баштап мектепте 1-класстан баштап англис тилин сөзсүз үйрөнүү киргизилген.

Өзбек тилинен тышкары, бир катар аймакта башка тилдер да колдонулат. Каракалпакстан автономиялуу республикасында каракалпак тили да ырасмий тил болуп саналат. 

Жалпысынан Өзбекстанда өзбек мектептеринен тышкары 848 орус, 417 казак, 377 каракалпак, 256 тажик, 60 кыргыз, 43 туркмөн мектептери бар.

Өзбекстанда маданият жана коомдук мамиле көп кылымдуу тарыхка ээ. Массалык маалымат каражаттарынан (1300дөн жогору) Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясын, аймактык теле- жана радиокомпанияларын, FM-радиостанцияларын, өкмөттүк гезиттерди жана интернет-каражаттарды белгилесе болот. Санариптик технологияга өтүүнүн натыйжасында Өзбекстандын теле- жана радиоиндустриясынын өнүгүүсү күчөдү.

Өзбекстанда гезиттер өзбек, каракалпак, тажик, казак, орус жана башка тилдеринде басып чыгарылат.

Республикада 40ка жакын театр иштейт, алардын ичинде — Алишер Навои атындагы Мамлекеттик Академиялык Чоң Театр, Илхом театры. Искусствого Өзбекстан Улуттук симфониялык оркестри чоң салымын кошот.

Мекенди коргоо күнүнөн тышкары, баардыгы иш күнү эмес деп эсептелинет.




#Article 20: Баткен облусу (2551 words)


Баткен дубаны – Кыргыз Руспубликасынын түштүк-батышында жайгашкан дубан. Ал 1999 ж. Чын Курандын 12-синде Ош дубанынан Баткен, Кадамжай, Лейлек аймактарын жана Кызыл Кыя, Сүлүктү шаарларын бөлүп, облус уйуштурулган. 2000 ж. аймактын борбору Баткен жана 2001 ж. Исфана кыштактары шаар макамын алган. 2012 ж. Кадамжай жана Айдаркен шаарчалары шаар макамын алган. Облустун курамында 3 район, 6 шаар, 3 шаарча (Чыгыш, Кеңеш, Чабай) жана 189 кыштак, 30 айыл өкмөтү бар. Облустун борбору – Баткен шаары.

Дубандын түштүк-батыш жана түндүк-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Анын аймагында башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече аңкылаптар бар. Ушуга байланыштуу транспорттук катнашы көп чек аралар жана аңкылаптар аркылуу өтөт. Аянты 17,0 миң км² же республиканын айантынын 8,5%ын түзөт. Калкы 538,2 миң (2020) же республиканын калкынын 8,2%ын түзөт.

Баткен облусу Фергана өрөөнүнүн түштүк өндүрүн, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түндүк капталдарын, этек тоолорун, адыр тилкесин ээлейт. Бул кырка тоолордун кырлары деңиз деңгээлинен 4000—5000 м бийиктиктен ашык көтөрүлөт; дубандын эң бийик жерлери Түркстан кырка тоосунда (Кожобакырган суусунун башатында) 5580 м, Алай кырка тоосунда (Cохтун алабында — Тилбеде) 5880 м. Дубандын аймагында, Кулунду өрөөнүндө Кыргзжердин эң жапыз жери жайгашкан; ал деңиз деңгээлинен 401 м бийиктикте. Жеринин бетинин түзүлүшү бойунча дубандын аймагы төмөнкү геоморпологиалык зоналарга бөлүнөт: тоо этектериндеги түздүктөр зонасы, тоо арасындагы ойдуңдар зонасы, орто бийиктиктеги тоолор зонасы, бийик тоо зонасы. Тоо этектериндеги бир аз жантайыңкы түздүктөр дубандын эң жапыз жайгашкан бөлүгү. Баргана өрөөнүнүн четжакасын (өндүрүн) түзөт. Түздүктөр негизинен антропогендик чөкмө тектерден (шагыл таштардан) түзүлүп, үстүн түрдүү калыңдыктагы лөс сымал кумай топурактар жаап жатат. Бул зонага Кастакөз-Кулунду, Төө Мойун, Кызыл Жар ж. б. түздүктөр кирет. Андан жогору адырлар зонасы жатат. Адырлар Баргана өрөөнү менен орто бийиктиктеги тоолор зонасынын аралыгында жайгашып, абсолүттук бийиктиги 1000—1300 мге жетет. Адырлар бийик тоолордун кырынын жана капталдарынын жайпагыраак түзүлүштөгү релеби менен айырмаланат. Адырлар Түркстан жана Алай кырка тоолорунун этектеринде — Шаймерден-Cох суу бөлгүчтүрүндө, Кожобакырган-Ак суу бөлгүчүнүн батыш бөлүгүндө, Ак Суунун алабында зор айанттарды ээлейт. Адырлардын эң бийиги жана өзгөчөсү Белисынык жалдары болуп саналат. Анын түндүк капталы узун жана жазы, Кастакөз өрөөнүн карай жантайып түшөт; түштүк капталы кыска жана аскалуу, узатасынан созулган жазы Таш Рабат ойдуңуна тик түшөт. Белисынык жана Чимион адырлуу жалдары жайпак-ийилген, кургак колоттор-сайлар менен тилмеленген чөлдүү жалдар болуп саналат; алар шагыл-таш басымдуулук кылган борпоң чөкмө тектерден турат. Чимион жалы жаңы тектоникалык кыймылда көтөрүлгөн антиклиналдык түзүлүш. Бул аймактын адыларынын төмөнкү бөлүктөрүн палеоген-неогенде пайда болгон конгломерат, жогорку бөлүктөрүн дислокасиага дуушарланган байыркы антропогендик конгломерат тектери түзөт. Неоген конгломераттуу катмарларынын айрым жерлерин андан мурдараак пайда болгон түрдүү түстөгү мергел, кумдук жана чопо тектери жиреп чыгып, ал аймактарда өтө тилмеленген, жыбыттуу, чөлдүү жерлерди — чаптарды («бедленддерди») пайда кылат. Тоо арасындагы ойдуңдар адырлар, этек тоо кыркалары, ошондой эле негизги кырка тоолордун аралыктарынан орун алган. Алар релептин төмөн ийилген пормасын пайда кылып, кеңдик бойунча созулган эки тилкени түзүп жатат. Анын түндүк тилкеси түштүк тилкесине караганда гипсометриалык деңгээли төмөн (900—1000 м абсолүттук бийиктикте) жайгашкан (мисалы, Кожобакырган суусунун алабындагы Таш Рабат ойдуңу). Ички ойдуңдардын түштүк тилкеси этек тоолорду Түркстан, Алай бийик кырка тоолорунан бөлүп турган дээрлик туташ депрессианы пайда кылат, абсолүттук бийиктиги 1500—1800 мге жетет. Бул тилкеге Испана, Чарку-Лейлек, Баткен, Айдаркен, Охна ж. б. ойдуңдар кирет. Ички ойдуңдардын релепин бир аз жантайыңкы күдүрлүү түздүктөр, аларды тилмелеген кургак сайлар түзөт. Ойдуңдар негизинен антропогендик конгломерат, шагыл таш ж. б. тектерден түзүлүп, үстүн топурак каптап жатат. Тоо аралык ойдуңдардан жогору орто бийиктиктеги тоолор зонасы жатат. Ал бийик этек тоолорду, Түркстан, Алай кырка тоолорунун алдыңкы жалдарын камтыйыт. Бийиктиги 2000—2500 м жана 3000 мге чейин. Түркстан жана Алай кырка тоолорунун курамына кирген бийик этек тоолор өтө жана терең тилмеленген айрым токол тоолордон турат. Бул токол тоолор менен адырларды кеңдик багытта узатасынан (40°- параллел бойунча) созулуп жаткан тоо аралык ойдуңдар бөлүп турат. Бийик тоолуу зонага ири Түркстан жана Алай кырка тоолору кирет. Түркстан кырка тоосу айрым кырка тоолордон жана жалдардан турат. Алар негизинен кеңдик багытта жайгашып түндүктү (Баргана өрөөнүн) жана батышты карай акырындап жантайат. Жалдар өрөөндөр менен бөлүнгөн, ал эми өрөөндөр – туурасынан кеткен кууш капчыгайлар менен тилмеленген. Дубандын аймагында Түркстан кырка тоосунун чокулары 5000 м бийиктикке чейин жетет. Мөңгүлөр, көп жылдык карлар бар. Кар чеги негизинен 4000—4500 м бийиктиктен өтөт. Кыры аска-зоокалуу. Бийик тоолуу бөлүгү өтө тилмеленгендиги, капталдары тик, терең жана кууш өрөөндөрдүн жыштыгы, аскалардын, корум таштардын, куюлма шагылдардын көптүгү менен өзгөчөлөнөт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш уландысын Алай кырка тоосу түзөт. Ал узатасынан созулган жазы өрөөндөр менен бөлүнгөн, туурасынан кеткен терең капчыгайлар менен тилмеленген кырка тоолуу аймакты түзөт. Кырка тоонун көп бөлүгүнүн башкы кар сызыгын жана негизги багытын так аныктоо өтө кыйын. Алай кырка тоосунун негизги суу бөлгүч кырынан түндүктү карай Кичи Алай (же Кыргыз Ата) тоо массиби бөлүнүп чыгат. Анын батыш бөлүгү дубандын аймагында. Кичи Алай кырка тоосунун абсолүттук бийиктиги Алай кырка тоосунукуна тең чамалашат. Алай кырка тоосунун капталдары Түркстандыкындай эле асимметриалык түзүлүштө. Түндүк капталдары туурасы 80—100 кмге жеткен жазы аймакты түзөт, түштүгү кыйла кыска. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарында азыркы мөңгүлөр жана байыркы мөңгүлөрдүн издери кеңири таралган. Мөңгүлөр Түркстан кырка тоосунун бийик (5400 м) чыгыш бөлүгүндө да кездешет. Түркстан жана Алай кырка тоолорунун бийик тоолуу зонасында эрозианын аракетинен терең жана татаал тилмеленген релеп түзүлгөн. Сай өрөөндөрүнүн — капчыгайлардын төр тарабында байыркы жана азыркы мөңгүлөрдүн аракетинен тепши сымал релептин формалары пайда болгон. Тепши сымал өрөөндөрдү курчап турган тоолордун чокуларынын бийиктиги ал өрөөндөрдүн таманынан 1000 мге чейин гана көтөрүлүп, өрөөндөрдөн төмөн капчыгайлар кууштап, тепши сымал өрөөндөрдүн, капчыгайлардын капталдарында корум шагыл-таштардын зор айанттары кездешет. Геоструктуралык жактан дубандын аймагы герсин бүктөлүү структурасына байланыштуу Түштүк Теңир тоо тектоникалык аймагына кирет.

Дубандын климаты негизинен континенттик, кургакчыл континеттик белгилери бар жер ортолук деңиздик климатка окшош. Жайкы нымы жетишсиз, мелүүн жылуу, кышы мелүүн-суук. Дубандын 2500 мге чейинки бийиктикте жайгашкан аймагында Үчтүн айынын көп жылдык орточо температурасы –3,3°Cдан –6,9°C, Текеники 25,3 – 15°C. Деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкан Теминген стансиасында Үчтүн айынын орточо температурасы –8,9°C (абсолүттук минимуму –30°C), Текеники 10°C (абсолүттук максимуму 38,7°C). Алай кырка тоосунун «орограпиалык ыктоодо» жайгашкан түндүк капталында Баргана тоо тизмегинин түштүк- батыш капталына караганда жыл ичинде жаан-чачын 2,5 эсе аз жаайт. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталына 1200—1500 м бийиктикте туран тибиндеги чөл климаттуу Баргана өрөөнүнүн таманындагыдай эле жылына 120—140 мм гана жаан-чачын жаайт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталдарында, Испара суусунун алабында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200—600 ммден Кожобакырган жана Ак сууларынын алаптарында 300—800 ммге чейин көбөйөт. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарында, орто бийик жана бийик тоолуу зоналарда жылдык жаан-чачындын өлчөмү 600— 800 ммге, чанда 900 ммге чейин жетет, ал эми жаан-чачындан ыктоо жайгашкан жерлерде тоолор менен курчалган туйук чуңкурчактарда жаан-чачындын өлчөмү 300—400 ммге чейин төмөндөйт. Алай кырка тоосунун эң батыш бөлүгүндө, Cох суусунун алабында, тоо кыры 5000 мден ашык көтөрүлүп, түштүктү карай бир аз ийилген жеринде гана жогорку зонада жаан-чачын жылына 1000—1200 ммге чейин жаайт. 

Дубандын суулары Cырдарыйанын алабына кирет. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталган ири сууларга — Испайрамсай, Шаймерден, Cох ж.б., Түркстан кырка тоосунан башталгандарга — Исфара, Исфана, Кожобакырган, Ак ж. б. кирет. Бул суулардын бардыгы Cырдарыйанын сол куймалары, бирок алар тоодон чыга беришинде сугатка таралып же өзүнүн шиленди конустарында жана кургак сайларында жерге сиңип кетет. Бул суулар негизинен эриген кар жана мөңгү сууларынан куралат. Алай жана Түркстан кырка тоолорунун капталдарында тоо көлдөрү да арбын, алардын ирилери: Тегермеч (же Зоркөл), Кезарт, Түзашуу ж. б. (Испайрамсайдын алабында), Курманкөл (Көк суунун алабында), Аугул (Cохтун алабында), Каракөл-Катта (Испананын алабында) ж. б. Облустун аймагында жалпы аянты 720 км²ден ашкан 530дай мөңгү бар. Алардын бардыгы Алай (568,1 км² ) ж-а Түркстан (151 км² ) кырка тоолорунун түндү капталдарында.

Облустун аймагынын топурак өсүмдүктөрүнүн таралышы ж-а алардын жалпы арид-дик мүнөздө болушу жылуулукка ж-а нымдалуу шарттарына түздөн-түз байланыштуу. Орто бийиктиктеги ж-а бийик тоонун төмөнкү бөлүгүндөгү күрөң, куба күрөң, тоо-шалбаалуу талаа топурактуу жерлерде арча токою, сейрек токой, талаа ж-а шалбаа-луу талаанын ар кандай типтери басымдуу. Арчалуу токой тилкесинин нымды, топурак кыртышын сактоодо, селге каршы ж-а санитария-гигиеналык мааниси зор. 

Дубандын калкы көп улуттуу. Негизинен кыргыздар (дубандын жалпы калкынын 74,3%), өзбек (14,4%), тажик (6,9%), орус (2,2%), түрк (0,3%) ж. б. улуттун өкүлдөрү жашайт.

Дубандын калкынын табигый өсүшү салыштырмалуу жогору (2000 ж. республикада 19,7 ‰ болсо, дубанда 23,4‰ болгон), өлүм-житимдин коэпписиенти (респуюликада 7,0‰, дубанда 5,7‰) төмөн. Бул болсо жергиликтүү улуттун басымдуулук (74,3%) кылышы менен түшүндүрүлөт. Дубандын калкынын көбөйүшү негизинен табигый өсүшкө байланыштуу. 2000 ж. өсүш ар 1000 кишиге 17,7 (республикада 12,8) адамды түзгөн.

Дубандын калкынын өзгөчөлүгү мында айалдарга караганда эркектердин санынын көптүгүндө. 1000 айалга 1002 эркек (республика бойунча 975) туура келет. Дубандын эмгекке жарамдуу жалпы калкынын ичинен өспүрүмдөр (0—15 жаш) 43,3%ды (республикада 38,1%), ал эми эмгек курагынан өткөндөр 7,7%ды (республикада 9,2%) жана эмгекке жарамдуулар 50,0%ды (52,7%) түзөт. Эмгекке жарамдуу калктын санынын азайышы республикадагы базар экономикасына өтүүдөгү өткөөл мезгилдеги сосиал-экономикалык репормага байланыштуу өндүрүштүн деңгээлинин төмөндөшү жана өнөр жай ишканаларынын иштебей калышы себеп болууда. Натыйжада шаарлар менен шаарчаларда иштебей калгандардын саны көбөйүп, миграсиа өскөн. Айрыкча эмгекке жарамдуу калктын ичинен, мигранттар көбүнчө Бишкек шаарына жана Чүй дубанына келишкен. Мына ушуга байланыштуу Кызыл Кыя шаарынын калкы 1989 ж. 36,8 миң болсо, 1999 ж. 31,8 миңге азайган, Cүлүктүдө 14,8 миңден 13,6 миңге, Айдаркенде 11,1 миңден 9,1 миңге, Чабайда 2,1 миңден 1,6 миңге кыскарган.

Жумушсуздардын санынын жогорку деңгээлде болушу орчундуу көйгөй бойдон калууда. Каттоодо турган жумушсуздардын саны 2001 жылдын Үчтүн айынын 1-не карата дубан байунча 8,2 миң киши болгон. Бир жумушчу ордуна мында 186 киши туура келүүдө. Мындан тышкары дубанда катталбаган «көмүскө» жумушсуздар да бар.

Республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлейт.Облустагы калктын эмгекчилдиги экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт.Өнөр жайы облустун экономикасында гана эмес, респ-да да маанилүү орунду ээлейт. Бул региондо сурьманын , сымаптын  бүт көлөмү, көмүрдүн 20,4% , ферменттелген тамекинин 19,6%и , улуттук килем буюмда-рынын 35,5%и өндүрүлөт.Cурьма ж-а сымап өндүрүү б-ча Кырг-н дүйнөлүк өндүрүүчөлөрдүн катарында турат. Облус дүйнөлүк керектөөчүлөрдү сурь ма  м-н  20,0%, сымап м-н 15,0% камсыз кыла алат. Кадамжайда алынган сурьма 1958-жылдан сапаты жагынан дүйнөлүк ры-нокто эталон катары бааланып көп өлкөлөргө экспорттолот. Натыйжада облус товар-ларды жогорку экспорттоочу болуп калат. Экспорттук продукциянын суммасы 2001-ж. 17,7 млн долларды түзүп, импорттон  бир кыйла же 6,3 эсе ашкан.Облустун ө. ж. тармактык структурасында түстүү металлургия, тамак-аш, ун тартуу-акшак ж-а аралаш тоют, курулуш материалдар  ө. ж. тармактары жалпы облустун ө. ж. продукция-сынын 95,0%ин өндүрөт. Облустун башка ө. ж. тармагы отун ө. ж. анча чоң эмес үлүштүээлейт. Ага карабастан ал өнөр жайдын район аралык мааниси бар. Үч ишканасы: «Кызылкыя көмүр» акционердик  коому (АК), «Кызылкыя шахта курулуш» ж-а «Cүлүктү көмүр» мамл. акционердик коому иштейт. Мында 2001-ж. респ-да казып алынган көмүрдүн 20,4%ы же 97,0 миң  ткөмүр өндүрүлгөн. Облустун отун ө. ж-да акыркы жылдарда мунайзат ж-а газ өндүрүү тармагы пайда болду. Анын базасын көп жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келет, жаңыдан облуска өткөн Арка ж-а Бүргөндү массивдериндеги кендер түзөт.Облустун ири өнөржай  ишканалары: «Кызылкыя тамекиси» акционердик коому, «Айдаркен сымап комбинат» мамл. акционердик коому, «Кадамжай сурьма комбинаты» акционердик коому, «Нур» акционердик коому, «Кызылкыя шахта курулуш», «Cүлүктү көмүр» мамл. акционердик коому, «Кызылкыя көмүр» акционердик коому, «Кызылкыя дан азыктары»акционердик коому, «Кызылкыя машза-вод»ж. б.

Облустун азыркы транспорт тармагы: автомобиль, темир жол, аба ж-а куур (трубопровод) транспорту. Аймагындагы тоолуу рельеф автомобиль транспортунун өнүгүшүнө шарт түзөт. Негизги автомобиль жолдору: Ош—Кызылкыя—Пүлгөн—Ай-даркен—Баткен—Исфана—Cүлүктү; Кызылкыя—Дарооткоргон; Кызылкыя—Кувасай (Өзбекстан); Баткен—Исфара (Тажикстан); Кызылкыя—Маркамат (Өзбекстан)—Ош. Бул жолдор (айрыкча биринчиси) «анклавдарды» бир нече жолу кесип өткөндүктөн, транспорт каражаттарынын облустун аймагы б-ча нормалдуу, эркин жүрүшүнө тоскоол-дук (бажы тосмосу, чек ара иш-аракеттери, паспорт ж-а документтерди текшерүү ж. б.) кылууда. Бирок ушундай шарттарга карабастан бул жолдор облустун ыраак жайгаш-кан калктуу пункттарын райондун борбору, о. эле Ош шаары м-н транспорттук-экон. жактан байланыштырып турат.Облустун аймагындагы автомобиль жолунун уз. 1,2 миң  км, анын 414  кми асфальт-танган, 466  кмташ төшөлгөн жол. Бул жолдордун басымдуу бөлүгү айылдык жерлерде жайгашкан. Каржылоо каражатынын жетишсиздигинен жолдорду реконструкциялоо ж-а капиталдык ремонт жүргүзүү кыйынга турууда. Буга байланыштуу коңшулаш мамле-кеттердин «анклавдарынан» айланып өтүүчү жолдорду куруу облустун гана эмес  респ-нын да маанилүү экон. ж-а саясий проблемасы болуп калууда.Автомобиль транспорту жүк ж-а жүргүнчүлөрдү ташууда маанилүү орунду ээлейт. 2001-ж. 1,8 миң  т жүк , 13,8 миң жүргүнчү ташылган. Алар-дын ичинен 383,5 миң  т же 16,4% жүк, 433,3 миң же 31,4% жүргүнчү ж-а менчик авто-транспорттор м-н ташылган.Облустун темир жол транспорту туюк эки темир жол тармагынан турат. Биринчи 1907-ж. Cүлүктүдөгү көмүр кенине Драгомиров бекетинен 37  км аралыкка курулган. Бул тармак 30-жылдардын башында рекон-струкцияланган. Экинчиси 1928-ж. курулуп, Кызылкыя шаарын Өзбекстандын темир жол системасы м-н туташтыруучу Фергана—Кувасай (Өзбекстан)—Кызылкыя темир жол тармагы. Уз. 42  км.Бул темир жолдор неги зинен көмүр ташуу үчүн курулган. Алар тоолуу жерлер м-н өтөт, айрыкча Драгомиров—Cүлүктү кууш темир жолун эки капта-лынан тоонун тик капталдары тосот. Анын уз. облустун аймгында 30 километрдей. Ушуга карабастан бул жолдордун облустун аймагында чоң жүктөрдү ташууда айрыкча тоо-кен өнөр жайы үчүн мааниси чоң. Аба транспорту жүргүнчүлөрдү ташыйт да көбүнчө жергиликтүү мааниге ээ. Аэро-порттор Баткенде (1950-ж. курулган), Исфанада, Кызылкыя, Айдаркенде бар. Алардын ичинен биринчи үчөө иштеп жатат. «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коому улуттук авиакомпаниясынын курамына кирет. Бул аэропорттордон Ош шаарына күнүгө, Бишкек ш-на 2—3 авиарейстери болуп турат. Жайында Чолпоната шаарына (Ысыккөл) каттайт.

Маданият тармагында 2000-ж. 1 млн нуска китеби болгон китепканалар, облус-тук драма театры, 2 райондук элдик театр иштеген. Облустук радиоуктуруу ж-а телекөрсөтүүлөр кыргыз, орус, тилиндеринде жүргүзүлөт. Облустук Баткен таңы гезити ж-а 3 райондук (Кызыл Туу, Эл жарчысы, Ата-журт) гезиттери чыгарылат.

Облустун аймагында көптөгөн тарыхый-маданий объектилер бар. Биздин замандын 1—6-к-дарына таандык Аирбаз, Баткен, Кайрагач, Каракамар, Кожо-бакырган, Обишир тургун жайларынын калдыктары, 9—16-к-дардагы Булакбашы, Ис-фана, Карабулак шаар чалдыбарлары, Кокон мезгилиндеги чептердин калдыктары — Кан, Кыштут ж-а Кайрагач айылында архитектуралык эстелик-мечит бар. Рабат айы-лынан түштүгүрөөк тарапта аты уйкаш байыркы кен казуучулардын тургун жайы, Cамаркандык айылында тарыхый рудник, Канигут үңкүрү сакталган.

Билим берүү облустун аймагында 5 негизги стадияга бөлүнөт: мектепке чейинки, башталгыч, орто , атайын орто ж-а жогорку билим берүү. Облуста 18 (2353 орундуу) мектепке чейинки мекеме (2001-ж. 2454 бала тарбияланып, 135 тарбиячы иште-ген) иштейт. 2001/02-окуу жылында 188 жалпы билим берүүчү мектеп (103,0 миң окуу-чу), а. и. 14 башталгыч мектеп (2,0 миң), 16 негизги мектеп (3,7 миң), 156 (95,6 миң) орто мектеп, 2 (232) акылы кем балдарды окутуучу мектеп иштеген. Мектептердин бардыгын мамлекет каржылайт. 101,3 миң окуучудан (акылы кем балдардан башкасы) 75,4 миңи (74,3%) кыргыз тилинде, 15,4 миңи өзбек, 7,3 (7,2%) миңи орус тилинде, 3,1 миңи (3,1%) тажик тилинде окушат. Мектептерде иштеген мугалимдердин саны 7474 болгон, а. и. 4687 (62,7%) жогорку билимдүү, 425 (5,8%) толук эмес жогорку, 1517 (20,3%) атайын орто ж-а 835 (11,2%) орто билимдүү. Бир мугалимге 13 окуучу (респ-ка б-ча 15) туура келет.  Облуста 2001-ж. 10 кесиптик-тех. окуу жайы (2,5 миң окуучу), 3 атайын орто (1,3 миң студент) окуу жайы болуп, анда 114 окутуучу (а.и. 108 жогорку билимдүү) иштеген. 2001/02-окуу жылында облуста жалгыз жогорку окуу жайы болуп (13,3 миң студент), анын күндүзгү бөлүмүндө 2,5 миң, кечки бөлүмүндө 0,3 миң, сырттан окуу бөлүмүндө 6,0 миң студент окуган. Анда 286 профессор-окутуучулар (а. и. 10 илимдин доктору, 34 илимдин кандидаты) иштейт.

Облустун саламаттык сактоо тармагында 2001-ж. 810 койкалуу 3 борборлоштурулган оорукана, 66 койкалуу 2 шаардык оорукана, 963 койкалуу 19 участ-калык оорукана, 21 врачтык амбулатория, 72 фельдшер акушердик пункт болгон. Алар-да 616 врач, 3003 медициналык кызматкер иштеген. Мындан тышкары 43 үй-бүлөлүк врачтар тобу (Кадамжай р-нунда - 21, Лейлекте -8, Кызылкыя ш-нда - 8, Баткенде - 3 ж-а Сүлүктүдө -3) уюштурулган.

Баткен району 1933-ж. уюшулган. Облустун борб. бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн ж-а түштүгүнөн Тажикстан, батышынан Лейлек, чыгышынан Кадамжай р-ндору, түш.- чыгышынан Ош облусунун Чоң Алай р-ну м-н чектешет. Райондун чыгышында Сох (Өзбекстан), борб. бөлүгүндө Ворух (Тажикстан) анклавдары бар. Аянты 6,2 миң чарчы км (Баткен облусунун аймагынын 36,2% түзөт). Кал-кы 64,6 миң (2002). Район 9 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Борбору — Баткен шаары.                  Ал эми Кадамжай району 1938-ж. 2-мартта уюшулган (1999-ж. чейин Фрунзе району). Облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен р-ну, түштүгүнөн Ош облусунун Чоң Алай, Ноокат р-ндору, түндүгүнөн Өзбекстан м-н чектешет. Аян-ты 6,1 миң чарчы км. Калкы 151,0 миң (2002). Борбору – Пүлгөн кышталат.                                                                                                              Лейлек району Баткен облусундагы адм. район. Район 1928-ж. уюшулган. Түн.-батышынан ж-а түштүгүнөн Тажик-стан, чыгышынан Баткен р-ну м-н чекте-шет. Аянты 4,7 миң чарчы км (Баткен облусунун аймагынын 27,4%и түзөт). Калкы 105,5 миң (2002). Райондо 2 шаар (Исфана, Сүлүктү), Восточный (Кошбулак) шаар-часы ж-а 8 айыл өкмөтү бар. Борбору - Исфана ш.




#Article 21: Ош облусу (2065 words)


Ош облусу – Кыргызстандагы ири административдик-аймактык бирдик. Кыргыз Республикасынын түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Жалал-Абад Сузак р-ну, түн.-батышынан Өзбекстан, батышынан Баткен облусу, түштүгүнөн Тажикстан, түнд-чыгышынан жана чыгышынан Нарын облусу, Кытай менен чектешет. Ош облусу 1939-ж. 21-ноябрда уюшулган.1959-ж. 27-январда Жалалабат облусу менен биригип, 1990-ж. 14-декабрда кайра эки облуска – Ош жана Жалалабат облустарына ажыраган. 1999-ж. Ош облусунун курамынан Баткен облусу бөлүнгөн. Облус 7 районго (Алай, Араван, Каракулжа, Карасуу, Ноокат, Өзгөн, Чоң Алай), 3 шаарга (а. и. Ош шаары облуска, Карасуу, Өзгөн районго баш ийет), 2 шаарчага (Найман, Сарыташ), 82 айыл өкмөтүнө, 469 айылга бөлүнөт. Аянты 29,2 миң км2. Калкы 1247,3 миң (2003).

Борбору – Ош шаары.

Ош облусу Памир–Алай жана Батыш Теңир-Тоо аймагында, Амударыя менен Сырдарыянын алаптарында жайгашкан. Тоолуу рельеф мүнөздүү, деңиз деңг. бийиктиги түндүгүндө 500 мден түштүгүндө 7000 м бийиктикке чейин өзгөрөт; тоо аралык өрөөндөрү жана ойдуңдары 900 мден 3000 мге чейинки бийиктиктерде жайгашкан. Түрдүү абс. бийиктиктерде жайгашкан бийик тоолор менен адырлардын, тоо аралык ойдуңдардын татаал айкалышы аймактын рельефинин өзгөчөлүгүн түзөт. Ош облусунун түш.бөлүгүн Памир-Алай тоо системасына кирген Алай, Чоң Алай кырка тоолору, түн.-чыгышын Батыш Теңир-Тоо системасындагы Фергана тоо тизмеги, түндүгүн Фергана ойдуңунун түш. чет жакасы жана аны чектеп турган кырка тоолорду этек тоолору ээлейт. Алай кырка тоосунун (бийикт. 6000 мге чейин) Фергана өрөөнүн караган түн.капталы жантайыңкы келип, узатасынан созулган бир нече тоолор менен татаалданган. Аны түштүктө Алай өрөөнү (деңиз деңг. орт. бийиктиги 3000 м) Чоң Алай кырка тоосунан бөлүп турат. Чоң Алай кырка тоосунун эң бийик чокусу – Ленин – 7134 мге чейин көтөрүлөт; түн. капталы Ош облусуна, түш. капталы Тоолуу Бадакшанга карайт. Бул кырка тоолор негизинен кумдук-чопо, акиташ тектери жана аларды жиреп чыккан магма тоо тектеринен түзүлүп, альп тибиндеги рельеф мүнөздүү; алардын капталдары дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген, бийик кыркаларын түбөлүк кар, мөңгүлөр ээлейт. Облустун түн.-чыгыш чегин Фергана тоо тизмеги түзүп (эң бийик жери Тар суусунун алабындагы Үчсейит массивинде, 4948 м), анын структурасында кристаллдык тектер басымдуулук кылат. Анын жазы, жантайыңкы түш.-батыш капталы дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген. Фергана тоо тизмегинен түш.-чыгышты карай Алайкуу (эң бийик жери 4733 м) жана Академик Адышев (4745 м) кырка тоолору созулуп жатат.Облустун эң түн. бөлүгүн, Фергана өрөөнүнун чет-жакасын адырлар тилкеси ээлейт; адырлардын негизин конгломерат тектери түзүп, үстү лёсс жана лёсс сымал тектер менен капталып, Алай кырка тоосунан агып түшкөн суулар менен тилмеленген; облустун аймагынан күрөң жана таш көмүр (Алмалык, Өзгөн ж. б.), ысык жана минералдуу суулар(Өзгөн, Карашоро ж. б.), курулуш материалдары ж. б. кендер чыгат.

Облустун климаты негизинен мелүүн жана тропик кеңдиктеринин аба массаларынын таасиринен түзүлгөн; мелүүн алкактын аба массалары негизинен кыш, тропиктик аба массалары жай мезгилдеринде үстөмдүк кылат. Аймактын климатына батыштан соккон аба агымынын мааниси зор, ал 3000 м жана андан жогорку бийиктиктерде үстөмдүк кылып, тоолордун шамал агымын караган батыш жана түш.-батыш капталдарына жаан-чачынды мол алып келет (мис., Фергана тоо тизмегине ж. б.). Климатынын негизги өзгөчөлүгүн анын бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрүүсү түзөт. Деңиз деңг. 600–1000 м бийиктикте жайгашкан жерлердин климаты жылуу, жарым чөлдүү; кышы мелүүн, жылуу (январдын орт. темп-расы –3... –4°С), кыска. Жайы ысык (июлдуку 24–25°С),кургакчыл. Аптап ысыкта 40°Сге чейин көтөрүлөт. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ммдей; көбүнчө кышында жаайт. Вегетация мезгили 210–215 күн. 1100–2000 м бийиктикте мелүүн, жылуу климат өкүм сүрөт. Кышы мелүүн суук ( январдын орт.темп-расы –3... –7°С), жайы жылуу (июлдуку 20°С). Жылдык жаан-чачыны 400–600 мм,басымдуу бөлүгү жазында жаайт. Вегетация мезгили 142–195 күн. 2000 м бийиктиктен жогору жана 3000 мге чейин климаты мелүүн. Кышы салыштырмаалуу суук келип, узакка созулат. Жайы салкын (июлдун орт. темп-расы 18–11°С). Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 600 ммден ашат. Вегетация мезгили 95–110 күн. Тоолордун кыр бөлүктөрүндө (3000 мден жогору) климаты катаал, суук (июлдун орт. температурасы 10°Сден төмөн).

Облустун эң ири дарыясы – Карадарыя; ал Фергана тоо тизмегинен башталган Кара-Кулжа жана Тар сууларынын кошулушунан пайда болуп, Өзбекстандын аймагында Нарынга куюп, Сырдарыяны түзөт. Анын ири куймалары: Жазы, Куршаб, Карадарыя ж. б. Фергана тоо тизмегинен башталган дарыялар негизинен кардын эриген сууларынан куралат. Ал эми Сырдарыянын алабына кирген Алай, Кичи Алай кырка тоолорунан башталган башкы суулары (Акбуура, Аравансай ж. б.) негизинен мөңгү сууларынан куралып, суусу июнь-июль айларында кирет. Алар Сырдарыяга жетпей Фергана өрөөнүнө чыга бериште Өзбекстан, Тажикстандын жерлерин сугаруу үчүн сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Алай өрөөнү аркылуу батышты (Батыш Кызылсуу) жана чыгышты (Чыгыш Кызылсуу) карай аккан ири суулар Амударыянын жана Таримдин алабына кирет.

Облустун аймагында жайгашкан тоолордо жалпы аянты 1546,3 км2 болгон 1,5 миңден ашык мөңгү бар. Алардын көбү Алай кырка тоосунун түн. (жалпы аянты 538,1 км2)жана түш. (138,3 км2) капталдарында жайгашкан. Ири мөңгүлөрү Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталынан орун алган; мында жалпы аянты 693,3 км2 жеткен 215 мөңгү бар; ирилери: Корженевский, Ленин, Корумду ж. б. Облустун оёң бөлүктөрүндөгү лёсс сымал кумай топурактарда деңиз деңг. 1500 м бийиктикке чейин боз (ачык боз, күңүрт, боз) жана кадимки боз топурактары тараган.

Облустун калкы (1247,3 миң) респ-нын калкынын 25,0%ин түзөт, а. и. 288,5 миңи (облустун калкынын 23,1%и) шаар калкы, 958,8 миңи (76,9%и) айыл калкы.

Төрөлүүнүн жалпы коэффициенти 21,7‰, өлүм-житими – 5,0‰, табигый өсүшү – 16,7‰ (2001). Калкынын 40,7%и эмгек жашына чейинкилер, 52,5%и – эмгек жашындагылар, 6,8% – эмгек жашынан өткөндөр (2002). 1000 аялга 988 эркек (шаарларда – 931, айылдарда – 1006) туура келет. Калктын орточо жашы 24,0 (эркектердики – 23,5, аялдардыкы – 24,6). Калкы көп улуттуу: кыргыздар 64,2%, өзбектер 31,1%, орустар 1,1%, түрктөр 0,9%, уйгурлар 0,9%, башка улуттар – 2,9%ти түзөт (2002). 1990–2001-ж. облустан 98,2 миң киши көчүп кеткен (миграциялык сальдо – 64,8 миң киши), алардын 98,8%ти КМШ өлкөлөрүнө (алардын 54,5% Орусияга, 32,7% Өзбекстанга), 1,2%и алыскы чет өлкөлөргө кетишкен. Ошол эле мезгилде ички миграция да күчөп Кыргызстандын башка облустарына (айрыкча Чүй облусу менен Бишкекке) 32,2 миң киши кеткен (миграциялык сальдо – 24,5 миң киши). Облустун эмгек ресурстары 624,4 миң киши (облустун калкынын 51,5%ин, респ-нын – 23,2%ин түзөт). 479,3 миң экономикалык активдүү калктын 456,6 миңи облустун чарбасынын ар түрдүү тармактарында иштейт. Иштегендердин 17,0%и мамл., 83,0%и мамл. эмес мекемелерде эмгектенет. Алардын 84,5% – материалдык өндүрүштө (а. и. 5,0% – ө. ж-да, 66,8% – а. ч-да, 2,5% – транспорт менен байланышта, 7,3% – соода, коомдук тамактануу, материалдык-тех. жабдуу, товар өткөрүү жана даярдоо, 1,7% – материалдык өндүрүштүн башка тармактарында), 15,5% – тейлөө чөйрөсүндө (а. и. 7,8% – билим, маданият жана илимде, 3,8% – ден соолукту чыңдоо тармагында, 2,4% – башкаруу органдарында, 0,7% – турак-жай, коммуналык чарбасында, 0,8% – тейлөө чөйрөсүнүн башка тармактарында) иштейт (2000). Облустун калкынын 25,0% – Кара-суу, 16,8% – Ноокат, 16,5% – Өзгөн, 7,8% – Араван, 6,8% – Каракулжа, 5,6% – Алай, 1,9%и – Чоң Алай р-нда, 19,6% – Ош ш-нда (шаардык кеңешинде) (2002).

Калктын 51,7% – деңиз деңг. 1000 мге чейинки бийиктикте, 33,7% – 1001–1500 мде, 9,3% – 1501–2000 мде, 4,1% – 2001–2500 мде, 1,2% – 2501–3000 м бийиктикте отурукташкан (1999).

Калктын орт. жыштыгы: 1 км2ге 42,7 киши. Шаарлары: Ош (калкынын саны 216,8 миң), Өзгөн (43,5 миң), Ноокат (13,3 миң), Карасуу (20,8 миң); шаарчалары: Найман (1,9 миң), Сарыташ (1,6 миң); ири кыштактары: Араван ( 23,2 миң), Жаңы Ноокат (19,4 миң), Куршаб (15,3 миң), Гүлчө (13,0 миң), Мырзаке (14,5 миң), Таштак (10,8 миң), Кашкаркыштак (15,0 миң), Кызылкыштак (8,4 миң), Дыйканкыштак (8,0 миң), Ылай-
талаа (7,2 миң), Эски Ноокат ( 5,9 миң), Отузадыр (5,5 миң), Жаңарык (5,8 миң), Дарооткоргон (4,4 миң) ж. б. (2002).

Айыл чарбасы облустун экон-нын негизги тармагы. 2001-ж. а. ч-нын дүң продукциясы 8591,6 млн сомду (респ-нын 18,0%ин), а. и. дыйканчылык – 4551,7 млн сомду (17%), мал чарбасы – 3959,5 млн сомду (19,1%) түзгөн. Облус а. ч. продукциясын өндүрүү боюнча республикада экинчи (Чүй облусунан кийин) орунда турат. 2001-ж. айыл чарбасында катталган 20578 субъектинин 13 мамл., 1 агрофирма, 2 акционердин коом, 10 коллективдик дыйкан чарбасы, 165 а. ч. кооперативи, 20387 дыйкан (фермер) чарбасы. Калктын жеке менчик чарбаларынын саны 39,0 миң. Облустун а. ч-га жарактуу жери 1635,6 миң ганы (жалпы аянтынын 56,0%) түзөт. Анын 182,7 миң гасы айдоо, 73,4 миң гасы чабынды, 7,8 миң гасы көп жылдык өсүмдүк, 2,8 миң гасы айдалбаган жер, 1368,9 миң гасы жайыт. Тармактын структурасында дыйканчылык басымдуу орунду ээлейт (53,0%). Айдоо аянты 174,4 миң га, а. и. дан эгиндери 104,6 миң га (буудай 84,3 миң га, жүгөрү – 13,7 миң га), тех. өсүмдүктөр 17,9 миң га (пахта – 11,7 миң га, тамеки – 6,2 миң га), картошка жана жашылча 15,5 миң га, тоют өсүмдүктөрү 17,9 миң ганы түзөт (2001).

Мындан сырткары мөмө-жемиш бактары 7,6 миң га, жүзүм 0,7 миң гага эгилген. 2001-ж. облуста 32,6 миң т пахта (Карасуу р-ну 66,0%ин, Араван – 34,0%; респ-дагы үлүшү 33,0%), 7,5 миң т тамеки (57,0%), 294 миң т дан (16,1%), 100,2 миң т картошка (8,6%), 136,0 миң т жашылча (16,7%) өндүрүлгөн. Мал чарбасында айыл чарбанын дүң продукциясынын 46,0%и өндүрүлөт. 2002-ж. облустун бардык чарба субъектилеринде 234,1 миң бодо мал (а. и. саан уй – 125,1 миң), 847,2 миң кой, эчки, 73,5 миң жылкы, 440,1 миң үй канаттуулары болгон. Бодо малдын жалпы санынын 55,1%и, кой-эчкинин 62,4%и калктын жеке чарбаларына тиешелүү. 2001-ж. облуста 75,3 миң т эт (тирүүлөй салмакта; респ-дагы үлүшү 37,7%), 228,6 миң т сүт (20,0%), 33,3 миң даана жумуртка (14,6%), 2,6 миң т жүн (22,2%) өндүрүлгөн.

Облуста автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорттору өнүккөн. Эң маанилүүсү автомобиль транспорту. Автомобиль жолдорунун жалпы уз. 2345 км, анын 781 кми эл аралык, 402 кми мамл., 1162 кми жергиликтүү маанидеги жолдор. Эл аралык маанидеги жолдору: Ош–Сарыташ–Эркечтам–Кашкар (Кытай), Ош–Сарыташ–Хорог (Тажикстан); мамлекеттик маанидегилери: Бишкек-Ош (анын 100 км облустун аймагында), Жалалабат–Өзгөн–Ош; жергиликтүү маанидегилери: Ош–Өзгөн–Каракулжа–Алайкуу, Ош–Сарыташ–Дарооткоргон–Карамык, Ош–Карасуу–Жалалабат, Ош–Ноокат–Кызылкыя ж. б. Автомобиль жолдорунун 31,5% – асфальт-бетондолгон, 61,0% – таш төшөлгөн, 7,5% – таш төшөлбөгөн. Автомобиль транспортунда 200 чарбалык субъект иштейт. 2001-ж автомобиль транспорту менен 5522,5 миң т жүк, 31768,4 миң жүргүнчү ташылган (2001). Ош-Карасуу темир жолу (уз. 30 км) Өзбекстандын темир жолу менен жалгашкан. Темир жол менен чоң габариттүү жүк (айрыкча Ош ЖЭБна) жана Бишкек, Жалалабат, Хожент (Тажикстан), Ташкен (Өзбекстан), Арыс (Казакстан) бекеттерине жүргүнчү ташылат. Аба трансп. «Кыргызстан Аба жолдору» улуттук авиакомпаниясына кирген Ош авиаишканасы жана аэропорттон турат. Ош аэропорту аркылуу Бишкек, Чолпоната, Каракол шаарларына жана Алматы (Казакстан), Омск, Москва, Новосибирск (Орусия), Пекин (Кытай), Дели (Индия), Пакистан, Сауд Арабстаны, Бириккен Араб Эмирликтерине жүргүнчүлөр ташылат. 2001-ж. аба транспорту менен 62,2 миң жүргүнчү ташылган. Куур транспорту аркылуу облустун калкы газ менен камсыз кылынат (Өзбекстандын Анжиян облусунан алып келинет). Электр трансп. (троллейбус) менен 3207,0 миң жүргүнчү ташылган (2001).

Облустун билимберүү системасы мектепке чейинки, жалпы билим берүү, башталгыч, орто, кесиптик-тех., атайын орто жана жогорку окуу жайларынан турат. 2001/02-окуу жылында облуста 65 мектепке чейинки мекеме (8,2 миң бала тарбияланат), 544 жалпы билим берүүчү мектеп (310,7 миң окуучу окуйт), 15 кесиптиктех. окуу жайы (2,7 миң), 7 атайын орто окуу жайы (3,3 миң студент), 4 жогорку окуу жайы (58,6 миң) бар. Жалпы билим берүүчү орто мектептердеги окуучулардын 63,8% – кыргыз, 28,7% – өзбек, 7,4% – орус, 0,1% – тажик тилдеринде окуйт. Облуста Ош соода колледжи, Ош курулуш колледжи, Ош айыл-чарба техникуму, Ош, Өзгөн мед. окуу жайлары (атайын орто билим берүүчү), Ош мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети, Кыргыз–Өзбек университети, Гуманитардык-педагогикалык ин-ту, Москва мамлекеттик социалдык университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, жана Кыргыз эл аралык университетинин филиалдары иштейт.

Саламаттык сактоо тармагында облустук ул. госпиталь, 4 шаардык, 1 шаардык балдар, 3 учук, инфекциялык, 7 райондук, 4 номердик, 39 участкалык оорукана, төрөт үйү, 7 учук, 3 тери-венерологиялык, онкологиялык, психоневрологиялык, наркологиялык диспансерлер, 11 поликлиника, 6 тиш поликлиникасы, 233 фельдшер-акушердик пункт, 173 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ж. б. иштейт (2001). Аталган мекемелерде 2330 врач, 9168 мед. орто билимдүү кызматкерлер эмгектенет (2000).

Облуста улуттук мааниге ээ театрлар, музейлер, көркөм-сүрөт мастерскойлору бар. Ош облустук маданий башкармасына караштуу 13 райондук жана шаардык бөлүмдөр, 8 облустук маданий мекемелер, 222 китепкана, 157 маданият үйү, 3 театр, 7 эс алуу паркы, 24 муз. мектеп, мамл. муз. окуу жайы иштейт (2001).

Облустун аймагындагы байыркы тарыхый-архитектуралык эстеликтер: байыркы аңчылардын тургун жайлары, шаар чалдыбарлары, байыркы мүрзөлөр, мавзолейлер, мечиттер, кербен-сарайлар, чептер ж. б. Байыркы Ош шаары (б. з. ч. 4-к., б. з. 5-к.) жана ага жакын жаткан аймактарда Жибек жолундагы маанилүү пункттар – Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр, Мады, Коргошундөбө, Акбуура, Шалтакдөбө, Шоробашат Куршаб ж.б. чептер жайгашкан. Ош ш-нын аймагындагы «Сулаймантоо» (Тахт-и-Сулайман) эстелиги, Рават Абдуллахандын мечити (16–17 к.), Асаф ибн Бурхия мавзолейи (17–18-к.), Алымбек датканын (19-к.) жана Мухамад Юсуп Байкожо уулунун мечиттери (20-к.), орто кылымдарга таандык архит. эстеликтердин бири Өзгөн архит. комплексинини (3 мавзолей жана минареттен турат) ж. б-дын мааниси зор. Кокон хандыгынын тушундагы эстеликтерге – Дарооткоргон, Соголон кербен-сарайы (чептердин калдыктары) таандык.

Облустун табигый объектилери туризм менен альпинизмди өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Карашоро минералдуу суулары, Саламалик жаңгак-мөмө токою, Абшырсай шаркыратмасы, Ажыдаарүңкүр, Баритүү, Ферсман үңкүрлөрү ж.б. рекреациялык мааниге ээ.

Алай жана Чоң Алай тоолорунун бийик бөлүктөрү туризм жана алпинизмди өнүктүрүүгө өтө ыңгайлуу. Алай өрөөнүндө жана Чоң Алай кырка тоосунда 4 туристтик маршрут иштейт. Чоң Алай кырка тоосунун эң бийик – Ленин атн. чокусунун этегинде Ачыкташ альплагери орун алган. 2001-ж. Алай жана Чоң Алай райондоруна келген туристерден 112,8 миң сом киреше түшкөн. Жалпысынан алганда облустагы 83 туристтик объектинин: 16сы – табигый, 17си – тарыхый-маданий, 8и – аңчылык, 7си – дарылоо-бальнеологиялык, 4өө – курорттук, 15и – рекреациялык, 4өө - интераңчылык, 12си – археологиялык объектилер.




#Article 22: Ташкен (328 words)


Ташкен () - Өзбекстандын борбору. Ташкен областынын административдик борбору. Республикасынын түндүк-чыгышында, Чыйырчык дарыясынын өрөөнүндө (Сыр- Дарыянын алабы), деңиз деңгээлинен 455 м бийиктикте жайгашкан. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –6°С, июлдуку 32°Ска жетет. Жылдык жаан-чачыны 360–390 мм. Орто Азиядагы калкы көп шаарлардын бири. Калкы 2,3 млн (2013, агломерациясы менен 3,2 млн; калкынын саны боюнча КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн ичинен 4-орунда). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий жана илимий ири борбору. Өнөр жайынын башкы тармагы – машина куруу [айыл чарба машиналарынын чыгаруучу негизги ишканалары: «Ташсельмаш», «Узбексельмаш» жана Ташкент трактор заводу, жеңил ж. б. өнөр жай үчүн жабдуу, электроника техникалары («Фотон», «Спутник», «Миконд» заводдору), авиа куруу («ИА-76»; КМШдагы аскерий-транспорт самолётун чогултуучу жалгыз завод ж. б.], жеңил (кебез, кездеме, трикотаж, бут кийим), химиялык, химиялык-фармацевтика, тамак-аш. Ошондой эле «Зенит» заводу, 1991-жылдан Түштүк Кореянын «Goldstar» фирмасы менен бирдикте видеомагнитофон жана видеоплейерлерди чыгарат. Шаарда чет өлкөлүк компаниялардын офиси, бизнес жана ишкер борборлор, автосалондор, нефть-газ компаниялары жайгашкан. Өзбекстан Илимдер академиясы, 21 жогорку окуу жайы (анын ичинде улуттук университет, консерватория, медициналык академия, театр-көркөм институту, информациялык технология, Эл аралык Вест-минтсерский университет, диний семинария, ислам ж. б.), ошондой эле Мирзо Улукбек атындагы астроном. институт, Орто Азия токой Илим-изилдөө институту иштейт. Үй-музейлер (анын ичинде Гафур Гулям, Айбек Муса Ташмухамедов, Мухтар Ашрафи, Юнус Ражаби), Тамара ханумдун мемориалдык музейи, Анна Ахматованын мемориалдык клубу (1986) ачылган. Навои атындагы Чоң Өзбек опера жана балет, орус драма жана «Ильхом» театрлары, музейлер (анын ичинде искусство, прикладдык, тарых, тимуриддер тарыхы ж. б.), китепкана ж. б. бар. Шаарда кооз тарыхый архитектуралык эстеликтер кездешет. Шейхантаур (14-кылым), Каффаль Шаши мавзолейлери, Барак-хан, Кукелташ медреселери (экөө тең 16-кылымда курулган), Жунус-хан (15-кылым) күмбөзү, католик собору, лютеран чиркөөсү сакталган. Зоопарк, ботан. жана япон бактары уюштурулган. «Ташкент-Ланд» оюн-зоок өткөрүлүүчү парк, аквапарк курулган. Ташкентте 1966-жылы 26-апрелде катуу жер титирөө, 1999-жылы 22-ноябрда терракт болгон. Ташкенттеги телемунара Борбордук Азиядагы эң бийик (бийиктиги 375 м, дүйнөдөгү Ючу) мунара. Ташкентте 1968-жылдан 1988-жылга чейин Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттеринин эл аралык кинофестивалы эки жылда бир өткөрүлүп келген. Аны 2011-жылдан кайрадан калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө. 




#Article 23: Чыңгыз Айтматов (658 words)


Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) — кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы ССРСдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Чоң атасы Айтмат кыргыздын кытай уруусунан чыккан бай кишининуулу болгон. 

Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң  Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден пантүркист катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча татар. Чыңгыздын таятасы Хамза - караколдук бай жана айдың татар соодагери болгон. Азыр да Каракол шаарында Хамзанын эки кабат үйү сакталып турат.   Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. 

Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды..

Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.

Коомдук иштерди да аткарган.

Чыңгыз Айтматовдун алгачкы жубайы - сүйүп алган жары Керез Шамшыбаева болгон. Керез 1930-жылы 10-августта Чүй облусундагы Он-Бир-Жылга кыштагында туулган. Атасы Шамшыбай Жакыпбай уулу Экинчи дүйнөлүк согушта набыт болгон. Керез Бишкектеги Медицина институтун, анын ординатурасын аяктап, кулак, тамак, мурун кенселдерин айыктыруу жаатындагы адис болгон. Чыңгыздан 1954-жылы Санжар, 1959-жылы Аскар деген уулдарды төрөгөн. 1980-жылдардын ортосунда Чыңгыз экөө тынч ажырашкан. Өмүрүрүн соңуна чейин Чыңгызга каршы пикир айтпастан, инсандын аруулугун, улуулугун көрсөткөн. Керез апа 1999-жылы 6-мартта бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сөөгү Байтик айылына жакын көрүстөнгө коюлган. 

Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларында махабат баяндалат. Чындыгында, окурмандарынын жүрөгүнө жеткен ал махабаттар ой-кыялдан гана жарала калган эмес. “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу китебинде Чыңгыз Айтматов: “Жашырганда не? Студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон. Ошолордун ичинен өзүнүн жан сезими менен да, келбети менен да бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу...”- деп жазат.

Ч. Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын махабаты тууралуу драматург жана режиссер Ж. Кулмамбетов Чыңгыз менен Бүбүсайра аттуу драма жазып, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы ТЮЗда коюлган. Ал эми 2008-жылы ушул эле драманын негизинде Ж. Кулмамбетов Чыңгыз менен  Бүбүсайра деген фильм тарткан.

Журналист Жаныбек Жанызак “Айтматовдун айымдары” аттуу китепче жазып, ал китепче калкка кеңири тарап кеткен. Жазуучу буга жооп кылып  жогоруда аты аталган китебинде: “Уруксатсыз бирөөнүн жандүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. Мейли, өзүнө ылайык көрсө, жаза берсин. Кайсы жазмакердин каламына тоскоол болмок элек”- дейт да, кебин улай: “Керез – алгачкы жубайым. Жаштык, студенттик кездин алоолонгон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам Нагима маркум экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки уул көрдүм. Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду”.

Чыңгыз Айтматов Мариядан Ширин аттуу кыз жана Элдар аттуу уул көргөн.

Прозада биринчи кезекте Ч. Айтматовдун эстетикалык ишмердүүлүгү өзгөчөлөнүп турат. Атактуу жазуучу улуу эпосту изилдеп, пропагандалап гана тим болбостон, анын сюжетин, идеяларын, көркөм каражаттарын чыгармаларында өтө билгичтик, чеберчилик менен пайдаланды.

К. Асаналиев мындай дейт: «Манас» Айтматовдун «көркөм акыл-зээнинде кандайдыр бир айрым үзүндүлөрү, кээ бир белгилери менен эмес, башайт».

Анын ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган өлкө жетекчилери, Орусиянын президентининин администрациясынын класс жетекчиси Сергей Сарышкин, элчилер, коомчулук өкүлдөрү катышты.

Колодон жасалган, бийиктиги 3 метр болгон айкел Орусияда жасалган.

Бул аңгеме Ч. Айтматовдун адабият дүйнөсүнө жаңыдан аяк салып, өз жолун, өз темасын издеп жүргөн жылдардагы алгачкы аңгемелеринен. Буга чейин орусча Кыргызстан альманахына(Номер2) эки аңгемеси: Газетчик Дзюйо жана Ашым 1952-жылы жарыяланган.

Кыргыз элинин залкар акындарынын бири Асан Жакшылыков Айтматовду эскерип, Чыңгыз Айтматовго аза баллада деген балладасын жараткан.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн отличниги Айым Талгатбек кызы Жылдыз өчпөйт эскерүү ырын жазган. 2009-жыл.

Ушул тапта Чыңгыз Айтматов энциклопедиясын түзүү камылгалары жасалууда (Кыргызстан).




#Article 24: Психология (247 words)


Психология -  (гр. «психе»-«жан», «логос»-«илим») – адамдардын, айбанаттардын обьективдүү дүйнөнү активдүү чагылдыруу процессин үйрөнүүчү илим. 

Психологиянын башкы изилдөө предмети – психика, аң-сезим. Психология инсандын ички дүйнөсүндө өтүүчү психикалык процесстердин тегин, түзүлүшүн, өсүп - өнүгүшүн, абалын иликтейт.

Психологияда көңүл буруу, туюм, кабылдоо, эс, ойлом, кыялдануу сыяктуу таанып-билүү процесстери изилденет. Психологиянын башкы милдети ушул процесстердин закондорун, маңызын жана табиятын ачуу. Бул закондорду билүү психиканы максатка багыттап өзгөртүүгө, тарбиялоого, анын калыптанышына таасир тийгизүүчү факторлорду башкарууга өбөлгө түзөт.

Психология илими инсанга айрыкча көңүл буруп, аны изилдөөнү дифференциялдык (индивид өзгөчөлүктөрүн изилдөө), онтогенездик (жеке адамдын балалык, тестиер жана өспүрүм курагында калыптанышын изилдөө), адам психологиясы (жеке адамды бүтүндөй, толук бойдон мүнөздөө) боюнча - үч багытта жүргүзөт.

Психология – эксперименталдык илим. Ал өзүнүн изилдөөлөрүндө эксперименттен тышкары байкоо, иш-аракеттин туундуларын талдоо, салыштырма генезис методу, психологиялык тесттер (сыноолор), анкета, маек жана башка методикалык ыкмаларды кеңири колдонот.
Азыркы психология өз алдынча илим катарында өнүгүп отуруп, бир нече тарамдарга ажырап кетти. Андан зоологиялык психология, медициналык психология , балдар психологиясы, педагогикалык психология, курак психологиясы, эмгек психологиясы, спорт психологиясы, социалдык психология, этнопсихология, аскер психологиясы, инженердик психология, космос психология  жана  башкалар  өсүп чыкты.

Психологияга иш-аракет  түшүнүгүнүн кириши менен адам психикасынын өнүгүшүндөгү биологиялык жана социалдык фактордун өз ара катышы жөнүндөгү маселе калетсиз чечилди.

Психология илиминин өнүгүшүнө батыш өлкөлөрүнүн жана орус илимпоздорунун салымы чоң. XIX–XX кылымдарда Россияда психология илими болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишсе (Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, Б. Г. Ананьев жана башкалар), ал эми австриялык врач З. Фрейд психоанализ теориясын негиздеген, Америкада бихевиоризм, Батыш Европада Гештальт-Психология агымдары пайда болгон.




#Article 25: Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу (1304 words)


Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу (, , ) — КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районунун батышындагы автономдук облус (округ). Борбору Артыш. Облус бул жерден агып өтүүчү Кызылсуу дарыясынын атынан аталган.

Чыгыш Түркстан (Батыш Кытай, Ички Азия) деп аталган аймакты, ага чектеш жерлерди кыргыздар эзелтеден мекендеп келишет. Учурда Чыгыш Түркстан аймагы түндүгүнөн Теңир-Тоо, түштүгүнөн Куэн-Лун, батышынан Алай тоолору, Афганистан, Памир тоолору менен чектешет. 1949-ж. 1-октябрда Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгү жарыялангандан соң, бул жерлер аталган өлкөнүн юрисдикциясына өткөн. Кошуна өлкөнүн кыргыздары - «кытай кыргыздары» же «кытайлык кыргыздар» деп аталат. Аталган кенен аймактарда кыргыздардын эл болуп калыптануусунун негизги, өзөккү этаптары жүргөн. Бул өлкөдөгү кыргыздар жалпысынан компакттуу жашашат. Чыгыш Түркстандын кыргыздары аймактагы жашаган 13 тилде сүйлөгөн калктардын эң ирилеринин бири. Кыргыздар өз алдынча Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу району статусуна ээ. Эне тилде жарык көргөн гезит-журналдар, илимий басылмалар, китептер, мектептер жана башка маданий-агартуу очоктору кытайлык кыргыз калкынын муктаждыктарын камсыз кылып турат. Бул багытта кытай өкмөтүнүн улуттук азчылыктар боюнча жүргүзгөн саясаты, кам көрүүсүн белгилөөгө татыырлык. Учурда Кытай Эл Республикасында 170 000 кыргыз болсо, алардын 150 000 Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу районунда жашашат. Мындан сырткары, Түндүк Шинжаңда (Синцзян - «Жаңы чек, ээлик»), Иле Казак областынын Текес районунун Көк-Терек айылында миңдей, Шаты - айылында 2 миңдей, Жаман-Суу айылында Миндей, Таш-Коргон Тажик автономиялуу районунун Көк- Жар, Уйгурлардын Гума районунун Кең-Кыр айылдарында да кыргыздар бар. Кыргыздардын айрым бөлүктөрү Үрүмчү жана башка шаарларда, райондордо жашашат.

Кыргыздардын географиялык жайгашуусу түндүктөгү Куча шаарынан түштүктөгү Каралаш дарыясынын өрөөндөрүн кучагына камтыйт. 20-к. баш чендеринде Куэн-Лун тоолорунун ичинде кыргыздардын негизги бөлүгүнөн ыраак жайгашкан, өздөрүн кыргыз-кыпчактар же кыргыздын кыпчак уруусуна таандыкпыз деген көчмөндөрдүн тобу катталган. Айрым информаторлор Тибет аймагында да кыргыздар бар экендигин белгилешет. Бул маалыматтар А.В.Станишевскийдин Ладакта (Тибетте) 1000 чамалуу (20-к 50-ж.) кыргыздар жашайт деген фактысы менен бекемделет. Тибетке ыктаган сары уйгурлардын, Лоп көлүнүн (Лоб-Нор) айланасын байырлаган лоптуктардын байыркы кыргыздардын бир бөлүгү экендиги да соңку иликтөөлөрдө далилденүүдө. Мындан сырткары, Ички Азия аймагында кыргыздар эзелтеден байырлап келишкендигин көптөгөн илимий тыянактар да ырастаары анык. 

Изилдөөчүлөр кыргыздар этностук составы боюнча бүгүнкү күнү да өткөн кездеги уруулук бөлүнүү тартиби менен жайгашып, аларда уруу-уруу же «бир атанын балдары» деген ата салты толук өкүм сүрөрүн белгилешет. Чыгыш Түркстандагы кыргыздардын уруулук курамы теңиртоолук кыргыз урууларынын генеалогиялык түзүлүшү менен толук дал келет. «Эгерде Чыгыш Түркстанда жашаган кыргыздарды этностук составы боюнча бөлөк жердеги жашаган кыргыздар менен салыштырсак, анда алар эки чоң топко бөлүнгөндүгүн байкайбыз. 

Бул топко Ак-Суу өрөөнүндөгү жашаган кыргыздар, Текестеги кыргыздар жана Кашкар округундагы чоң багыш менен кушчулар (кутчулар) кирип, алар Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө жашаган кыргыздар менен бир этностук уруу бөлүктөрүн түзгөндүгүн көрөбүз. 

Экинчисине Кашкар, Хотан округундагы кыргыздар, негизинен, Тажикстандагы Тоолуу Бадакшан аймагындагы (Чыгыш Памир) кыргыздар, Түндүк Афганистан жана Кыргызстандын түштүгүндөгү айрым уруулар менен этностук биримдикти түзгөн. Бул аймактарда кыргыздардын оң, сол, ичкилик (Булгачы) же кыргыздын үч канатына тең таандык уруулардын өкүлдөрү жашашат. 

Оң канат: адыгине, бугу, мунгуш, черик, сары багыш, солто; 

Сол канат: басыз, кушчу, саруу, мундуз, чоң багыш; ичкиликтер (булгачылар): найман, кыпчак, тейит, кесек, бостон. Мындан сырткары, кыргыздар менен этностук жалпылыгы илимде далилденип келе жаткан лобнорлуктар, Долондор, калмак-кыргыздар, катагандар, уйгурлашкан кыргыздардын топтору, алардын этностук башаты, теги өз алдынча иликтөөлөргө арзыйт.

Кытай

Кыргыздын сол канатына кирген чоң багыштардын салыштырмалуу саны башка урууларга караганда бир кыйла көптүк кылат. Чоң багыштар Теңир-Тоонун түштүк тоо кыркалары тарабында, Тоюн дарыясына туташ өрөөндөрдө, Чакмак, Терек, Майдаң капчыгайларында, Кашкар шаарынан түндүк-батыш тараптагы Кызыл-ой, Канжуган, Жыгач-Арт, Кавагатты Оксалыр деген жерлерди мекендешет. Чоң багыштар менен мундуз, сары багыш, дөөлөс, чериктер аралаш турушары малым. Кыргыз уруулары жайгашкан жана ага чектеш аймактарда кыргыз тилиндеги жер-суу аттарынын жыш учурашы кыргыздардын бул чөлкөмдөгү түптүү эл экендигин дагы бир ирет чагылдырары бышык. Чагатай урпактарынын дооруна таандык маалыматтарга караганда, Кашкар, Жаңысар, азыркы Ак-Тоо району жана Жаркен тараптарда тогуз кыпчак, сарт калмак, найман, чоң багыш, балыкчы, итарчы, мунгуш, сары багыш, кесек, тейит уруулары; Ак-Суу, Үчтүрпан, Акчий тараптарда - сары багыш, төөлөс, черик, бугу, мундуз, кушчу, Иле өзөнүнүн баш агымындагы райондордо - бугу, мундуз, адыгине, сары багыш уруулары жашашат.

Кашкар округундагы кыргыздардын бир кыйла бөлүгүн кушчу уруусу түзөт. Кушчулар Жай-Дөбө, Бычан, Инген, Шейит, Жейрен-Булак ж.б. жерлерде турушат. Кыргызстандын чек арасын туташ чөлкөмдөрдөгү Кызыл-Суу дарыясына туташ өрөөндөрдө, капчыгайларда, аталган дарыялардын куймаларында (Сымкана, Сары- Булак, Токой-Башы, Эттик, Сакал, Жыгын, Жойулган-Суу, Улуу- Чат деген жерлерде) Мунгуш уруусунун курамына кирген жоош уруктарынын өкүлдөрү байырлашат. Жооштордун негизги бөлүгү Ош облусунун Карасуу районунун аймагында турушары маалым. Кара-Терек (Чыгыш Түркстан) дарыясынын өрөөндөрүндө адыгене уруулук тобуна кирген Жору уруусунун өкүлдөрү жашашат. Жору уруусунун өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү Каракулжа, Алай, Өзгөн райондорунда жашашат. Ак-Суу округунда Черик жана Кушчу уруу- ларынын өкүлдөрү байырлап келишет. Чериктер Акчий, Кара-Чий, Жалаң-Чий, Кара-Булак, Сары-Булак, Кызыл Күмбөз, Ак-Бейит, Кызыл-Аң, Кулан-Сарык, Үч, Ак-Өтөк, Жаман-Суу деген жерлерде турушат. Кушчулардын басымдуу бөлүгү чериктер менен, айрымдары Баш-Чакма, Сапарбай, Кара-Теке капчыгайларын байырлашат. Боз-Дөң деген жерде бугулар, дөөлөс, саяк урууларынын өкүлдөрү жашашат. Кушчулардын негизги бөлүгү Талас, Жалалабаддын Ноокен, Базаркоргон, Сузак райондорун байырлашары маалым. Дөөлөстөр Ноокат, Жетиөгүз райондорун, саяктар Тогузторо, Нарын, Кочкор, Суусамыр жана башка. аймактарда турушат.

Кара-Теке деген жерде мундуздар турушат. Мундуздардын негизги бөлүгү Сузак, Базаркоргон, Жалалкудук (Өзбекстан), Нарындын айрым жерлеринде, Ысык-Көлдү байырлашат. Ушул эле Ак-Суу округунда сары багыш, чоң багыш, кара багыш, кыпчак урууларынын өкүлдөрү жашашат. Бая тоосунан түндүккө карай сары багыштардын «калмак» уруусу турат. Чоң багыштар Карашаар, кыпчактар Карабак жана Жаңы-Арыкты мекен кылышат. Сол канатка кирген чоң багыштардын көпчүлүк бөлүгү Кытайда, ал эми кыпчактардын негизги бөлүгү, тескерисинче Кыргызстан (Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй), Өзбекстан (Анжиян, Наманган, Фергана), Тажикстан (Жергетал, Мургаб), Афганистанды (Чоң Памир, Кичи Памир) мекендеп келишери маалым. Или округунда кыргыздар басымдуу бөлүгү Текес дарыясынын жана ага куйган суулардын өрөөндөрүндө турушат. Бугулар көпчүлүктү түзүшөт, мындан сырткары, солто, сарыбагыш урууларын өкүлдөрү да байкалган. Бугулар Көк-Суу, Ак-Ыяз, Көк-Терек, Ак-Терек, ж.б. жерлерде турушат. Айрым маалыматтарда Чоң жана Кичи Жылдыз өрөөндөрүндө (Күнөс-Суу) да кыргыздар жашашат, бирок алар дээрлик уйгурлашып калышкан. Хотан округуна караштуу Куэн-Лундун тоо этектериндеги Кулан-Арык, Санжу жана башка жерлерде найман, тейит, кесек, бостондор бир аздап жашашат.

Чыгыштан батышка карай узундугу 500, түндүктөн түштүккө карай 140 чакырым келген Шинжаң аймагы кыргыз этносунун калыптануусунун негизги этаптары жүргөн этностук аймак. Мисалы, атактуу эпикалык баатыр Жаңыл Мырза чыккан нойгут уруусу XIX к. чейин эле Лоб-Нор аймагында көчүп- конуп жүрүшкөн. Жазма маалыматтар, фольклор, топонимикалык ж.б. этнографиялык материалдар кыргыздардын Батыш Кытайдагы ээлеген ареалы бүгүнкү жашап жаткан аймактан алда канча кенен болгондугун чагылдырат. Кыргыздардын байыркы Ата Журту болгон Үч Куштай, Жылдыз, Күнөс, Манас шаары ж.б. жерлерде учурда кыргыздар жашабайт. Бирок аймактагы отурукташкан калктын олуттуу бөлүгү өздөрүнүн тегинин кыргыз болгондугун эскеришет. Бүгүнкү күндөгү Ават, Кула, Меркит, Актачы, Бостон, Терек, Оргу, Кызыл Аң, Кулан Сарык, Кара-Теке, Сакал, Сарай, Сөгөт, Гыджек, Кароол, Товур жана башка топонимдер теңиртоолук кыргыздарда уруу (урук) аттары катары маалым. Каңды уруусунун курамында «алашан» аттуу ири урук бар. Этностук аталыш Батыш Кытайдагы жердин аталышына байланыштуу келип чыккан. Алашан - батыш Кытайдагы тоо кыркаларынын аталышы катары белгилүү». Кагазды кушчу уруусундагы ири уруктардын биринин аталышы катары маалым. Этноним бир эле учурда Чыгыш Түркстандагы, Жалал-Абаддагы (Ноокен, Сузак) жана Таластагы кушчулардын курамында эскерилиши аталган уруунун өткөн доорлордогу өтө кенен аймактагы миграциясын чагылдырат. Кушчулар (кытайча - «гэшу») жана азыктар (кытайча - «ассиги») 7-к. Батыш Түрк каганатынын Нушиби аймагына киргендигин кытай жыл баяндары тастыктайт. Чыгыш Түркстан Батыш Түрк каганатынын курамында болгондугу белгилүү. Адигине уруулук тобуна кирген жору уруусунда сөгөттүк жору, шарттык жору деп аталган уруктар бар. Топонимикалык аталыштар Лоб-Норго жакын аймактардан кездешет.

Сол канат кыргыз урууларынын аскердик урааны «Каратал» деп чакырылганы маалым. Чыгыш Түркстанда сол канат кыргыз уруулары байырлаган аймакта Каратал (Кытайча - Ха-ла-та-лэ) топонимии белгилүү. Изилдөөчүлөр байыркы доорлордон туруктуу сакталып келе жаткан аскердик ураандар негизинен ата-бабалардын эрдиктерин даңазалап, уруулук символдорду, сыйынуучу ыйык жерлерди чагылдырарын белгилешет. Эзелки кыргыз жана башка. түрк- монгол элдеринде ыйык туткан (тотем) жаныбары, канаттуу кушу, сыйынган тоосу, жер менен Көк Теңирди байланыштырган дүйнөлүк дарак жөнүндөгү шамандык түшүнүк кенен таралганы маалым. Каракалпактардын ичинде «караталшы» аттуу ири урук бар. Каратал топоними байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз урууларынын (уруулук бирикмелеринин) жалпы курултайдан соң бириктирүүчү маанисин туюнткан, ыйык деп эсептелген, шамандык ритуал өткөрүүчү тоо, чоку, ашуу же бийик тоонун бели болуусу толук ыктымал. Тал (Каратал), Терек (бай терек) дүйнөлүк дарак жөнүндөгү шамандык идеяны чагылдырат.

Кызыл-Суу Кыргыз aвтоном oблусу 1954-жылдын 14-июлунда негизделген.

Кызыл-Суу Кыргыз aвтономиялуу oблусунда жалпы кытайдын эл каттоосу боюнча 2000-жылы төмөнкү этникалык топтор жашаганы маалым:

Облус 1 шаардык ооданга жана 3 ооданга бөлүнөт:




#Article 26: Түркмөнстан (251 words)


Түркмөнстан Республикасы () — Орто Азияда жайгашкан түрк мамлекеттердин бири. 1991 жылга чейин Советтер Союзунун мүчөсү болгон жана Түркмөн Советтик Социалистик Республикасы деп аталып жүргөн. Ал түштүк-чыгыш тарабында Ооганстан менен чектешет, түштүк жана түштүк-батыш тарабында Иран менен, Өзбекстан менен чыгышта жана түндүк-чыгышта, Казакстан менен түндүктө жана түндүк-батышта жана батышта Каспий деңиз менен. Деңизде ал Азербайжан, Армения, Грузия жана Орусия менен чектешет.

Совет доорунан кийин көп убакыттан бери – 15 жыл – мамлекетте бир партиялык система болду жана анын өзгөрбөгөн башчысы Сапармурат Ниязов болду. Ал өзүн өмүргө калган президент кылып, Сапармурат Түркмөнбашы (түркмөндөрдүн атасы) деп атап койгон. Сапармурат Ниязов 21 декабрьдын 2006 жылында кызыктай бир себептерден каза болгон. Расмий түрдө ал жүрөктүн жетишсиздигинен өлдү деген маалымат таратылган. 

Ал өлгөндөн кийин, президенттин милдетин аткаруучусу вице-премьер-министр, Сапармурат Ниязовдун тиш доктуру Гурбангулы Бердымухамедов болду.

Түркмөнстан — динден тышкары мамлекет. Башкаруу формасы — президенттик республика. Өлкө башчысы — президент.

Совет доорунан кийин көп убакыттан бери – 15 жыл – мамлекетте бир партиялык система болду жана анын өзгөрбөгөн башчысы Сапармурат Ниязов болду. Ал өзүн өмүргө калган президент кылып, Сапармурат Түркмөнбашы (түркмөндөрдүн атасы) деп атап койгон. Сапармурат Ниязов 21-декабрьдын 2006-жылында кызыктай бир себептерден каза болгон. Расмий түрдө ал жүрөктүн жетишсиздигинен өлдү деген маалымат таратылган.

Ал өлгөндөн кийин, президенттин милдетин аткаруучусу вице-премьер-министр, Сапармурат Ниязовдун тиш доктуру Гурбангулы Бердымухамедов болду.

Закон чыгара турган орган — Межлис (125 мүчө). Депутаттар бир мандаттык аймактардан беш жылга шайланат. Межлистин иш-билгилиги — закондорду кабыл алуу, Конституцияны кабыл алуу жана өзгөртүү. 2013-жылга чейин  өлкөдөгү бир эле легалдуу саясий партия Межлисте көрсөтүлгөн — Түркмөнстан демократиялык партиясы.




#Article 27: Мажарстан (3408 words)


Мажарстан —  (мажарча -Magyarország)  толук аталышы Мажар Республикасы (Magyar Koztfrsasfg)

аялдарда - 74 жаш.

Борбордук Европадагы мамлекет, Дунай дарыясынын алабынын борбордук бөлүгүндө. Түндүгүнөн Словакия, чыгышынан Украина жана Румыния, түштүгүнөн Сербия менен Черногориянын, ошондой эле Хорватия менен Словениянын мамлекеттик биримдиктери, батышынан Австрия менен чектешет. Аянты 93,0 миң км2. Калкы 10,06 млн (2006). Борбору Будапешт шаары. Мамлекеттик тили мадяр тили. Акча бирдиги форинт. Административдик аймагы жактан 19 облустан (медье), республикага баш ийген 1 шаардан (Будапешт) турат.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Мадярстан унитардык мамлекет. Конституциясы 1949-ж. кабыл алынган (1989, 1997, 2003-ж. өзгөртүүлөр киргизилген). Башкаруу формасы парламенттпк республика. Мамлекет башчысы президент, парламент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат (экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу). Мыйзам чыгаруу бийлигининин жогорку органы бир палаталуу Мамлекеттик чогулуш (386 депутаттан турат, 4 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр президенттин сунушу менен парламент тарабынан шайланат. Саясий партиялары: Мадярстан демократиялык форуму, Христиан-демократиялык элдик партия, Эркин демократтар союзу, Мадярстан социалистик партиясы ж. б.

Мелүүн континенттик климат өкүм сүрөт. Кышы салыштырмалуу жумшак (январдын орточо температурасы -2°Сден -4°Сге чейин), жайы узак жана ысык (июлдуку 20-22°С). Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү тоолордо жана өлкөнүн Түштүк-батышында 800-900 ммден, борбордук бөлүгүндө жана Альфёльд ойдуңунун чыгышында 450500 ммге чейин; мында өтө кургакчыл мезгилдер да болот. Жаан-чачын жайдын башында жана күздө мол жаайт. Мадярстандын аймагы Дунайдын алабына кирет (өлкөнүн аймагындагы узундугу 410 км). Дунайга Мадярстандын чегинде Драва, Раба, Шио дарыялары оң тараптан куят. Өлкөнүн чыгыш бөлүгү Дунайдын ири сол куймасы Тисанын (Мадярстандын чегиндеги узундугу 600 км, анын 444 кминде кеме жүрөт) алабына кирет. Дарыяларынын агымы, деңгээли кескин өзгөрүп тургандыктан, ташкын көп болот; ташкындан сактануу жана суу агымын жөнгө салуу үчүн каналдар, жээктерине жалпы узундугу 4000 кмден ашкан дамбалар курулган. Көптөгөн суусактагычтарынын суу ташкынынан сактоодо жана ирригацияда мааниси зор. Өлкөдө 1 миңден ашык көл бар; алардын ирилери: Балатон, Нойзидлер-Зе (Мадярстандын чегиндеги аянты 80 км2), Веленцеи-То (26 км2). Балатон көлүнүн Түштүк-батыш четжакасына жакын Европадагы эң ири жылуу көл Хевиз (0,5 км2) жайгашкан, анда баткак менен дарылоочу Хевиз курорту бар.

Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Орто Дунай ойдуңу ээлейт. Дунай дарыясынан чыгышты карай жайык зор түздүк Альфёльд, батышты карай дөңсөөлүү (бийиктиги 300 мге чейин) Дунантуль түздүгү созулуп жатат. Дунантулда жапыз бөксө тоолор Баконь, Вертеш, Мечек ж. б. массивдер жайгашкан. Түндүк-батышындагы Кишальфёльд түздүгүнүн бир бөлүгү батышынан Альп тоолорунун тармактары (500800 м) менен чектешет. Түндүгүндөгү Карпаттын тармактарынын чет-жакалары аркылуу орто бийиктиктеги жанар тоо массивдери (Матра, мында өлкөнүн эң бийик жери Кекеш чокусу орун алган, бийиктиги 1015 м), Бюкк ж. б. платолор созулуп жатат. Карпаттын тармактарына рельефтпн карсттык формалары (анын ичинде Агтелек үңкүрү), жер астынан аккан суулар ж. б. мүнөздүү. Маанилүү кен байлыктардан боксит (ортоңку Мадяр тоолорунда), нефть жана газ (өлкөнүн түштүгүндө, Түштүк-чыгышында, батышында, Будапешттин Түндүк-чыгышында), күрөң көмүр (Баконь, Вертеш, Герече массивдеринде, Батыш Карпаттын тармактарында), лигнит (батыш чек арасында), темир (Түндүк-чыгышында), марганец (Баконь), коргошун-цинк (Матра), жез (Батыш Карпат) кендери, ошондой эле металл эмес кен байлыктары бар. Геотерм энергиясынын запасы негизинен өлкөнүн борбордук жана Түштүк, минералдуу суу булактары батыш, Түштүк, чыгыш жана борбордук райондорунда жайгашкан.

Түздүктөрдө кара топурак үстөмдүк кылат; Альфёльд түздүгүндө шорлошкон кара топурак, шор топурактар кездешет. Тиса менен Дунайдын жээктерине аллювий топурактары мүнөздүү. Тоолорунда жана дөбө-дөңсөөлөрүндө коңур топурак жана рендзиндер өөрчүгөн. Топурак кыртышынын кыйла бөлүгү дефляцияга, эрозияга жана экинчи жолу шорлонууга дуушарланган. Табигый өсүмдүктөрү чарбалык аракеттен кыйла өзгөрүп кеткен; маданий ландшафт (айдоо жер, бак-дарак, жүзүмзар ж. б.) басымдуу. Токой Мадярстандын аймагынын 19,9% ин ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (эмен, граб, бук) Орто Мадяр тоолорунда 300-400 м бийиктиктен өйдө таралган. Бёржёнь, Бюкк, Матра тоолорунда 800-1000 м бийиктикте кызыл карагайлуу жана карагай-көк карагайлуу токойлор кездешет. Отургузулган терек, ак акация ж. б. дарактардын көчөттөрүнүн (токой аянтынын 7,3% ин түзөт) сууну, топурак-кыртышты эрозиядан сактоодо мааниси зор. Мадярстандын токоюнун ¼ бөлүгү к-талуу жамгырдан жабыркайт. Өлкөнүн чыгышында (Хортобадь) кылкандуу, негизинен аккылкандуу дүйүм чөптөрдөн, эмен, кайың, ошондой эле арча, терек токойлору айкалышып өскөн талаа өсүмдүктөрүнөн турган пушта кездешет. Өлкөдө жалпы аянты 8,3 миң км2 болгон коргоого алынган 236 аймак бар, анын ичинде Хортобадь, Агтелек улуттук парктары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Негизинен мадярлар (92,3%, 2001), ошондой эле цыган, немис, словак, хорват, румын ж. б. жашайт. 1980-жылдан баштап элдин саны азаюуда. Негизги демографиялык проблема балдардын аз төрөлүшү жана өлүмдүн көптүгү. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 68,2, аялдарыныкы 76,9. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 108,4 киши туура келет. Шаар калкы 60%. Ири шаарлары: Будапешт, Дебрецен, Мишкольц, Сегед, Печ, Эгер ж. б. Калктын 66,7% тейлөө чөйрөсүндө, өнөржайы менен курулушта 27,1%, айыл жана токой чарбасында 6,2% эмгектенет.

Мадярстандын аймагын адам баласы палеолит доорунан баштап мекендеген. Б. з. ч. 1-миң жылдыктан азыркы Мадярстандын аймагын сактар (скифтер) жана кельттер, индиевропалык уруулар иллириялыктар, фракиялыктар мекендеген. Кийинчерээк герман, хунн, авар уруулары журт которуп келип, ушул жерден Батыш Рим империясына кол салып турушкан. Б. з. ч. 1-кылымдын аягында азыркы Мадярстандын аймагы Паннония деп аталган Рим провинциясына айланат. Рим империясы кыйрагандан кийин, Паннония 5-9-кылымда хунндардын, вестготтордун, аварлардын кол салуусуна дуушарланып турган. Бул аймакта 430-ж. Аттилла баштаган Батыш хунн мамлекети курулуп, ал ыдырагандан кийин Баян хан баштаган аварлар мамлекети түптөлгөн. 796-ж. Авар кагандыгы Улуу Карл I тарабынан талкаланган. 895-896-ж. азыркы Мадярстандын аймагында, Тиса менен Дунайдын ортосунда жана Дунайдын аркы тарабындагы жерге Арпад падыша баштаган мадярлардын  7 уруусу келип отурукташат. Иштван 1нин тушунда (997-1038-ж. башкарган) мадяр мамлекети калыптанат. 1001-ж. ченде Мадярстан өзүнчө королдук болот. Мадярстанга католик үлгүсүндөгү машаякчылык дини кирет. Мадярстандын аймагын татар-монголдордун басып кириши (1240-41) жана ич ара согуштары өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Бирок 14-кылымда өндүргүч күчтүн деңгээли көтөрүлүп, товар өндүрүү жана товар-акча мамилеси өөрчүйт. 1301-ж. Арпаддар династиясы бийликтен кетип, анын ордуна Анжу династиясынын өкүлдөрү келет. Алар 1335-ж. чех, поляк королдору менен биригип, саясий-соода союзун түзүшөт. 1372-ж. Пешт университети ачылат. 16-кылымда Мадярстанды түрктөр басып ала баштайт. 1526-ж. султан Сулайман I мадяр жерин басып кирип, Мохачтын жанындагы салгылашууда мадярлардын аскерлери жеңилүүгө учурайт. Мадярстандын ортоңку бөлүгүн түрктөр, батыш жана Түндүк жагын Австрияны сурап турган Габсбургдар ээлейт, чыгышында Осмон империясына көз каранды Трансильвания княздыгы түзүлөт. 16-17-кылымда мадярлар түрк баскынчыларына, Габсбургдарга каршы күрөшөт. 1686-ж. австриялык жана мадяр аскерлери түрктөрдү адегенде Будадан, анан бүткүл Мадярстандын кууп чыгат. 1697-ж. В. королдугунун түндүк бөлүгүн дыйкандар көтөрүлүшү каптайт. 1703-ж. дыйкандар көтөрүлүш чыгарып, ошону менен Габсбургдар эзүүсүнө каршы улуттук-боштондук кыймыл башталат. Күрөшкө ири мадяр феодалы Ференц II Ракоци жетекчилик кылат. Бирок көтөрүлүш жеңилип калат. 19-кылымдын 30-40-жылдарында Мадярстанда капиталдык мамилелер өнүгө баштайт. Капитализмдин тез өнүгүшүн жактаган дворяндардын бир даары улуттук экономиканын жана маданияттын өсүшүнө кедерги болгон Габсбургдар эзүүсүн жок кылууга умтулат. 1848-49-ж. Мадярстандагы буржуазиялык революцияны (көрүнүктүү жетекчилери Л. Кошут, Ш. Петёфп, М. Таячпч) Габсбургдар орус падышасынын жардамы менен басат. Жеңилгенине карабастан, ал революция феодалдык-крепостной мамилелерди жоюуга жана капитализмдин өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет. Габсбургдар менен Мадярстанды үстөмдүк кылган табы 1867-ж. ич ара бүтүм жасап, Австрия-Мадяр монархиясын түзөт. Мадярстан көз каранды эмес өкмөт жана парламентке ээ болот. 1-дүйнөлүк согушка В. Үчтүктөр Союзу тарабында катышып, согуштун аягында Мадярстанда революция башталат жана анын натыйжасында Мадярстан көз каранды эмес республика деп жарыяланат. 1919-ж. 21-мартта бийлик Бела Кун жетектеген Мадярстандын социалистик партиясынын колуна өтүп, ал Мадяр Советтик республикасынын түзүлгөндүгүн жарыялайт. Бирок, 1919-ж. августа румын аскерлери Пештти окуппациялап, 1920-ж. адмирал Хортинин диктатурасы орнотулат. Трианон тынчтык келишиминин (1920) шарттарына ылайык Мадярстан аймагынын 1/3 бөлүгүнөн ажырайт. 1930-жылдардан Мадярстан гитлердик Германия жана Италия менен жакындашып, 1940-ж. ал Антикоминтерндик жана Берлин пактыларына кол коюу менен, 1941-ж. 2дүйнөлүк согушка Германиянын союздашы катарында кирет. Мадярстан аймагы советтик аскерлер тарабынан бошотулгандан кийин, 1945-ж. апрелде Хортинин режими кулатылып, 1946-ж. 1-февралда Мадярстан республика деп жарыяланат. Мадярстандын азыркы чек арасы 1947-жылдагы Париж тынчтык келишими тарабынан аныкталган. 1949-ж. Мадярстан жаңы конституция кабыл алып, Мадяр Эл республикасы деп аталган. 1955-ж. В. Варшава келишиминин (1955) мүчөсү болуп кирген. Советтик үлгүдө социализмди куруу аракети өлкөдө М. Ракошинин керт башына сыйынуучулуктун калыптанышына, өлкөнүн саясатына каршы нааразычылыктарга алып келген. 1956-ж. Мадярстанда Ракошинин коммунисттик режимине каршы козголоң башталган. Козголоң советтик аскерлердин жардамы менен басылган, 200 миңге жакын адам чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. Бийликке Я. Кадар баштаган жаңы өкмөт келет. Чыгыш Европадагы саясий өзгөрүүлөргө байланыштуу 1989-ж. аягында коммунисттер бийликтен кетип, коомдо демократиялык процесстер башталган. 1989-ж. 23-октябрда Мадярстан Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Көп партиялуу саясий система калыптанып, рыноктук жана демократиялык реформалар жүргүзүлө баштаган. 1991-ж. өлкөдөн советтик аскерлер чыгарылган жана Мадярстандын алгачкы президенти болуп Арпад Гёнц шайланган (1990-2000-ж. башкарган). 2000жылдан мамлекетти Ференц Мадл жетектеп келет. 1999-ж. Мадярстан НАТОго, 2004-ж. Европа Союзуна мүчө болуп кирген.

Мадярстан экономикасы орточо өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүң продукциясы 149,3 млрд долларды (2004) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 14,9 миң доллардан туура келет. 1999-ж. чарба тармактарын приватташтыруу негизинен аяктаган. 2005-ж. ички дүң продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 65,3%, өнөр жай жана курулушунуку 31,4%, айыл чарба жана токой чарбасыныкы 3,3%ти түзгөн (2004). 2002-жылдан өнөр жайы туруктуу өсө баштаган. Өнөр жай продукциясынын 1/2нин ашыгы (53% , 2005) экспортко чыгарылат. Анын башкы тармактары: машина куруу (анын ичинде электр-техникалык, электрондук өнөр жайы, транспорттук машина куруу), химия (анын ичинде нефть-химия, химиялык-фармацевтика), тамак-аш. Мадярстандын отун-энергетикасына нефть жана нефть продукциялары (33,2%), табигый газ (37,1%), көмүр жана лигнит (14,3%), атом энергиясы (12,6%), гидроэнергия ж. б. булактар (2,8%) кирет. Энергия ресурстарынын 70%тен ашыгы сырттан, негизинен Орусыядан (нефть, газ, таш көмүр, ядролук отун) алынат. Нефтини жана табигый газды казып алуу эки эседен ашык кыскарган. Мунайды кайра иштетүүчү эки заводунда жылына 10 млн т. продукция чыгарат. Электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 7530 МВт (2003). 2003-ж. 34,3 млрд кВт/с. электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 66,5% ке жакыны ЖЭСке, 32,1% АЭСке (Пакш шаарына жакын жайгашкан «Пакш» АЭСи, кубаттуулугу 3,0 МВт), 0,6% ГЭСке, 0,8% ж. б-га туура келет. 90-жылдардын аягында кара металлургияны өндүрүү акырындык менен калыбына келе баштаган (негизинен сырттан келген сырьё менен). 2004-ж. 2,0 млн т. болот прокаты өндүрүлгөн. Негизги металлургия комбинаттары Дунауйварош, Диошдьёр (Мишкольцко жакын), Озд шаарында жайгашкан. 2005-ж. 43 миң т. алюминий (Айке, Инот) өндүрүлгөн. Жез жана жез куймасы Чепель комбинатында (Будапешт шаары) өндүрүлөт. Машин куруунун эң маанилүү жана тез темп менен өнүккөн тармагы электр-техникалык жана электроника өнөр жайлары (мобилдүү телефон, үн жазуу жана кайра угузуу приборлору, тиричилик электр приборлору, жарык берүүчү булактар ж. б.). Анын негизги борборлору: Будапешттин борбордук бөлүгү, Дьёр, Мишкольц, Дебрецен, Секешфехервар шаары. Транспорттук машина куруу өнөр жайынын тез темп менен өнүгүүсү Мадярстанда чет өлкөлүк ири автомобиль компанияларынын түзүлүшү менен байланыштуу. Жеңил автомобилдерди кураштыруу («Volkswagen», «Opel» ж. б.) заводдору иштейт. 1999-ж. «Opel» автомобилин чыгаруу токтотулуп, завод кыймыл бергич мотор блокторун даярдайт. Мадяр «RABA» автокомпаниясы дизель кыймылдаткычтарын, жүк ташуучу автомобилдерди, шассилерди, ошондой эле «Ikarus» автобусун, Будапешттеги заводдор темир жол техникасын (локомотив, вагондор ж. б.) чыгарат. Химия өнөр жайынын негизги тармагы фармацевтикалык, дары-дармек өндүрүү; нефтьхимиялык өнөр жайы (негизинен пластмасса) өнүккөн. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, жеңил жана тамак-аш өнөржай тармактары мурдагы рыногунун жоктугуна, европалык союздун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коюлган катуу талапка электр-энергиясынын кымбаттап кетишине ж. б. себептерге байланыштуу өнүгө албай жатат.

Экономикасынын ири сектору тейлөө чөйрөсү; анын маанилүү тармактары: банккредит системасы жана камсыздоо тейлөөсү (2003-ж. ички дүң продукциясынын 21,7%ин түзгөн), соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө (12,8%), транспорт жана байланыш (9,1%), билим берүү, саламаттыкты сактоо (5,4%), административдик жактан тейлөө (коргоону кошо; 5,2%) ж. б. Туризм экономиканын өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Ал ички дүң продукциясынын 10% ке жакынын түзөт; анда экономикалык активдүү калктын 7%ке жакыны же 300 миңдей адам иштейт. Жыл сайын 15 млндон ашык чет элдик туристтер келет. Мадярстан Европанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан транспорттук-географиялык ыңгайлуу абалы жана өнүккөн транспорттук коммуникация тармагы менен өзгөчөлөнөт. Ички жүк ташуунун жалпы көлөмүнүн (36,4 млрд т. км) 56,6% и автомобиль транспортуна, 24,4% темир жолго, 14,9% куур транспортуна, 3,9% дарыя транспортуна, 0,2% башкаларга таандык. Эл аралык жана транзиттик (Мадярстандын аймагы аркылуу өткөн) жолдорго ташылган бардык жүктүн 62,3% и таандык. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 159,6 миң км (анын ичинде асфальтталганы 70,1 миң км); темиржолунуку 7937 миң км (анын ичинде 7682 кми европ. стандартка ылайык, 2628 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 1622 км (негизинен Дунай аркылуу). Негизги дарыя порттору Дунайда: Будапешт, Дунауйварош, Байя, Мохач ж. б. Куур магистралдарынын узундугу 5722 км (2004), анын ичинде газ куурунуку 4397 км, нефть куурунуку 990 км, нефть продуктулар куурунуку 335 км. Мадярстандын аймагы аркылуу магистралдык газ куурлары «Братство» (Орусыядан Украйна аркылуу) жана «Баумгартнер-Дьёр» (Австриядан); нефть куурлары «Достук-I» (Россиядан Украйна аркылуу) «Достук-II» (Россиядан Украина жана Словакия аркылуу) жана «Адрия» (Хорватиядан) өтөт. Будапештке жакын «Ферихедь» эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн экспортунда машиналар жана жабдуулар (байланыш каражаттары, үн жазып, кайра угузуучу жабдуулар, автоматташтырылган маалымат системасы, тиричилик жана өнөржайлык маанидеги электр приборлору ж. б.) басымдуу; ошондой эле башка өнөржай буюмдарын, азык-түлүк товарларын, ичимдиктерди, сырьё, электр-энергиясын, отунду негизинен Германияга, Австрияга, Италияга, Францияга, Улуу Британияга чыгарат. Төмөнкү импорттук товарлар машина жана жабдууларды, башка өнөр жай буюмдары, отун жана электр-энергиясы, түрдүү сырьёлор Германиядан, Россиядан, Австриядан, Кытайдан, Италиядан, Франциядан алынат.

Мал чарбасы айыл чарба продукциясынын 60%тен ашыгын берет. Анын негизги тармагы чочкочулук (2004-ж. 4 млн баш). Ортоңку Мадяр тоолорунда жана Дунантулда, ошондой эле Будапешттин тегерегинде бодо мал (2004-ж. 0,7 млн баш) асыралат. Үйкуш чарбасы (2004-ж. 52 млн баш) өнүккөн.

Агартуу иши 12-13-кылымда өнүгө баштаган. 1844-ж. башталгыч жана орто мектептерде мадяр тилинде окутуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Агартуу системасы өзгөрүп, 1948-ж. бардык мектеп мамлекеттин карамагына өткөн. Мектеп жашына чейинки курактагы балдар үчүн (3-6 жаш) балабакчалары, 8 жылдык мектеп, жалпы бплпм берүүчү орто мектеп гимназиялары бар. 1990-жылдардын аягынан окуу жайлардын жетектөө жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн. 1998-ж. билим берүүнүн улуттук программасы кабыл алынган. Билим берүү системасы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерден турат. 6-18 жашка чейин окутуу милдеттүү жана акысыз. 2003/04-окуу жылында балдардын 80% и мектепке чейинки мекемеге барган, 99% и башталгыч мектепте, 92% и орто окуу жайларында окуган. Негизинен калктын билимдүүлүгү (15 жаштан жогору, 2004) 99,3% ти түзөт. Жогорку билим берүү системасы өнүккөн. 18 мамлекеттик университет, 5 диний университет, 1 менчик университет жана 12 мамлекеттик, 21 диний, 9 менчик коллеждери иштейт. Будапештте Э. Лоранда атындагы университети (1635), И. Ф. Земмельвейс атындагы медицина университети (1769), ошондой эле Мадярстан ИА, Сеченьи атындагы мамлекеттик китепкана, Улуттук музей (1802), Улуттук галерея (1957), Табият таануу тарыхынын улуттук музейи (1802), Сүрөт өнөр музейи (1896) бар. Мезгилдүү басма сөзү 18-кылымдын башында пайда болгон. 1918-ж. «Вёрёш уйшаг» гезитинин 1-саны чыккан. Учурда 10 улуттук жана 24 жергиликтүү гезиттер чыгарылат (2005). Өлкөнүн ичине жана чет өлкөлөргө информация таратуу ишин Мадярстан телеграф агентчилиги (1880-ж. негизделген) жүргүзөт. 1925-жылдан радпоуктуруу, 1958-жылдан туруктуу телекөрсөтүү башталган. «Maguar TV» мамлекеттик телекомпаниясы 2 каналды башкарат.Мадяр жазмасы Мадяр мамлекети (9-к.) жаралганда эле пайда болгон. Бир топ убакыт адабият мадяр тилинде эмес, латын тилинде өнүккөн. Мадяр жазма адабиятынын башаты фольклор (11-12-кылымга таандык). 13-14-кылымда мадяр адабияты диний багытта өнүккөн. Кийинчерээк Я. Витез (140872) менен Я. Паннонпус (1434-72) алгачкылардан болуп адабиятты гуманисттик багытка бурган. 16-кылымдын 2-жарымында мадяр адабиятында ренессанстык проза пайда болуп, байыркы мадяр аңыздарына негизделген аңгемелер, тамсилдер, памфлеттер жазылган (Г. Хельтап, 1574-ж. өлгөн, П. Борнемисса, 1535-84). Кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү өкүлү Б. Балашши (1554-94). Анын лирикалары Мадярстан адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. 17-18-кылымда мадяр адабиятында барокко агымы пайда болгон (П. Пазмань, 1570-1637; М. Зриньи, 1620-64). Алардын поэзиясында аксөөктөрдүн жашоо-турмушу чагылдырылган. 18-кылымдын аягынан Мадярстан адабияты агартуучулук багытта өнүктү (М. Бетлен, К. Микеш, Ф. Ракоци). 19-кылымда мадяр адабиятында ар кыл багыттар пайда болду, негизинен романтизм багытында өнүктү. Ш. Кишфалуди лирикалык поэзияны, Я. Бачаньи граждандык лириканы, Ф. Казинци мадяр адабий тилин, М. Чоконаи-Витез поэзияны, Й. Катона драманы, М. Фазекаш фольклордук багыттагы поэзияны өнүктүрүүгө салым кошушту. Романтизм элдик поэзияга жана элдин өткөн турмушун сүрөттөөгө көңүл бөлдү (Мисалы Ф. Кёльчеинин лирикалары, (1790-1838); М. Йошиктин романдары, (1797-1865); М. Вёрёшмтартинин ырлары менен поэмалары (1800-55)]. Реализмдин өнүгүүсүндө Вёрёшмартинин тарыхый драмалары, Й. Этвёштун (1813-71) прозалары чоң роль ойногон. Ш. Петёфинин (1823-49) поэзиясы мадяр адабиятына чоң бурулуш алып келди. Анын ырларынын мазмуну революциялык-демократиялык негизде болуп, элдин аң-сезимин ойготкон. Ошондой эле поэзияда Э. Ади, М. Бабич, Д. Костоланьи, Д. Юхас, прозада Ж. Морица, М. Кафка, Д. Круди сыяктуу акын-жазуучулар өзгөчөлөнгөн. Көпчүлүгү экспресспонизм, сюрреализм багытында чыгармаларды жаратышкан. СССРде эмиграцияда жүргөн Мате Залка (1896-1937), А. Комят (18911937) өңдүү жазуучулар социалистик реализмге ыкташкан. Мадярстан Эл Республикасы түзүлгөндөн кийин адабият социалистик реализмдин жолу менен өнүккөн. Й. Фодор, А. Гидаш, Д. Ийеш, И. Ваш, Ш. Вереш, Л. Беньямпна, М. Ваци, Л. Надь, И. Шимона, Ф. Юхаса, Маргит Сеч, Л. Мештерхази, И. Шаркади, Д. Фекете, Ш. Шамоди Тота, Ф. Шанта, Л. Галамбоша, Э. Галгоци, К. Сакони ж. б. акындар, жазуучулар жана драматургдар кыйла чыгармаларды жаратышты. 20-кылымдын 60-жылдарында Ийештин, Шимондун, Вацинин, Гараинин ырлары жана Дарваштын «Нөшөрлүү жамгыр» (1963) романы, Фекеттин «Дарыгердин өлүмү» повести (1963), Шанттын «Жыйырма саат» (1964), Эркендин «Тотовдун үй-бүлөсү» (1966) сыяктуу чыгармалар жарыяланган. 1970-жылдары модернизм багытында жаш акын-жазуучулар чыгышкан (П. Эстерхазп, П. Надаш Д. Шпиро, Л. Краснохоркаи, Д. Тандори ж. б.). 1980-90-ж. адабият постмодернизм багытында өнүктү (Ш. Тар ж. б.). Мадярстан адабиятында 1990-ж. жазуучулар Д. Конрад, Б. Хамваш жана акын Д. Петринин чыгармачылык өзгөчөлөнгөн. Мадярстанда дүйнөлүк адабияттын 9 томдук энциклопедиясы жарык көргөн. «Мадярстандын эл жомоктору» (1959), Ш. Петёфинин «Ырлар жана поэмалар» (1957), Ш. Наддын «Элдешүү» (1953), М. Кальмандын «Аргасыз нике» (1962) деген китептери кыргыз тилинде жарыкка чыккан.

Мадярстан жеринде неолит мезгилиндеги скиф, кельт искусствосунун эстеликтери, чопо скульптуралар сакталган. Орто кылымда роман стилиндеги чиркөөлөр курулган. 11-кылымдагы өнөр искусствосунун эстеликтерине византиялыктардын таасири болгон (король Иштван 1нин таш күмбөзү, Фельдебрёдогу «төмөнкү храмда» сүрөттөрдөн фрагменттер). Готика стилиндеги турак жайлар, бийик дубал менен курчалган жана мунаралуу сепилдер (Диошдьёр, Вишеград) курулган. 14-15-кылымда Европада станоктук живопись өнүккөн. Бир туугандар Мартон жана Дьерд Коложвари (14-кылымдын 2-жарымы) ошол замандагы мадяр королдору жана касиеттүүлөрдүн коло статуяларын жасашкан. 16-кылымда Кайра жаралуу доорунун архитектурасы, 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында барокко, 19-кылымдын 1-жарымында классицизм стили өкүм сүргөн (Пешттеги улуттук музей, 1837-47, арх. М. Поллак; И. Ференцинин портреттик жана статуялык чыгармалары). Живописте 1830-40-ж. классицизмдин белгилери романтизм тенденциялары менен айкалышып, бидермейердин таасиринде болгон (К. Марко Улуусунун пейзаждары; М. Барабаштын портреттери, пейзаждары жана жанрдык сценалары). 19-кылымда графика, скульптура жана архитектура кеңири өнүгөт. 1860-жылдардын аягында коомдогу социалдык карама-каршылыктар реалисттик жанрдагы живопистин негизделишине алып келген. Белгилүү мадяр сүрөтчү-демократ М. Мункачинин чыгармалары түстөрдүн таасирдүү гаммасы менен айырмаланган. 19-20-кылымдын аралыгында Мадярстан искусствосунда «модерн» багыты пайда болгон (Будапешттеги искусство музейи, 1891-96, арх.Э. Лехпер). Будапешттин аянттарында жана гүлбактарында параддык монументтер курулган (Мадярстандын 1000 жылдыгына арналган эстелик, 1894-1929, скульптору Д. 3ал ж. б.). Фашисттик диктатуранын мезгилинде көпчүлүк мадяр сүрөтчүлөрү чет өлкөлөрдө иштешкен (Б. Уиц, Ш. Бортник, Ш. Эк, Л. Мохой-Надь ж. б.). 1945-жылдан кийин өлкөдө имараттарды жасалгалоо фреска, мозаика, дубал живописи, сграффито, майда скульптуралык формалар колдонулган (Элдик стадион, 1948-53; Будапешттеги Эржебет көпүрөсү, 1945; Дебрецен менен Кечкеметтеги мейманканалар ж. б.). Мадяр сүрөт искусствосун өнүктүрүүдө улуттук реалисттик салттардын мурасчылары (живописчилер И. Сеньи, А. Бернат, скульпторлор Ф. Меддьеши, Ш. Микуш ж. б.) зор эмгек сиңиришкен. 1960-жылдардын искусствосуна көркөм изденүүлөрдүн көп жактуулугу мүнөздүү. 70-жылдардын искусствосуна эмоциялуу-экспрессиялуу чечмелөө, кээде символизм менен сюрреализмдин татаал белгилерин киргизүүгө (Т. Чернуштун живописи, И. Варганын скульптурасы, А. Граштын графикасы ж. б.) кызыгуу сезилет. Балет спектаклдерин 1839-ж. чет өлкөлүктөр коюп баштаган. Алгачкы мадяр балет артисти Э. Араньвари болгон. 19-кылымдын 90-жылдарында улуттук сюжеттеги балеттер аткарылган. 20-кылымдын башталышында балетмейстер Н. Гуэрра бийчилерди тарбиялап, бир топ балеттерди койгон. 1920-30-ж. композиторлор Б. Барток, 3. Кодай балеттик музыка жаза баштаган. Ошол кезде балетмейстер Д. Харангозойгон алгачкы спектаклин койгон. 1945-жылдан классикалык жана заманбап балеттер коюлган. Белгилүү улуттук балеттер, анын ичинде көп актылуу «Колуктунун бетаарчысы» (1951, Е. Кенешшей) балети жаралган. Бартоктун балеттери кеңири белгилүү болгон. Элдик бийдин өнүгүшүнө көңүл бурулган. Эң чоң балет труппасы Будапешттеги опера театрында. 1950-ж. Будапештте Балет искусство институту ачылган. 1960-жылдан Печеде И. Экктин жетекчилиги менен ошол кездеги композиторлордун балеттери коюлган. 1979-ж. Дьёр шаарында И. Марконун жетекчилиги менен балет труппасы уюшулган, 1992-жылдан азыркы замандын бийлеринин фестивалы өткөрүлөт.

Мадярстанда профессионал музыкалык маданият 13-кылымда өнүгө баштаган. 15-кылымда Буда шаарында король сарайынын капелласы уюштурулат. Мадярстан музыкасынын өнүгүшүнө 18-кылымдын аягындагы вербункош деп аталуучу аспаптык музыка өзгөчө таасир тийгизген. Вербункошко жаңы музыкалык элементтерди кошуп жана аны өөрчүтүп, композитор И. Ружичка «Беланын качышы» (1822) туңгуч мадяр операсын жазган. Вербункош Батыш Европа музыкасына чоң таасир тийгизген, композиторлор Гайдн, Моцарт, Бетховен, Вебер, кийинчерээк Г. Берлиоз, Й. Брамс, Ф. Лист аны чыгармачылыгына колдонушкан. Ф. Эркель улуттук-романтикалык мадяр операсына негиз салуучу катары баатырдык-патриоттук сюжеттеги («Банк бан», «Дьердь Дожа» ж. б.) операларды жазган. 1837-ж. Пешт шаарында опера театры, 1840-ж. улуттук консерватория, 1853-ж. Филармония коому ачылган. 19-кылымдагы мадяр улуттук музыка маданиятынын өнүгүшүнө көрүнүктүү композитор жана пианист Ф. Лист зор таасир тийгизген. 20-кылымда Мадярстан музыкасынын өнүгүш жолу композитор З. Кодай менен Б. Бартоктун композиторлук жана этнографиялык эмгектерине байланыштуу. Өлкөдөгү музыкалык маданияттын борбору Будапешт. Бул жерде Ф. Лист атындагы Улуттук музыкалык академия, Б. Барток атындагы консерватория, Мадяр опера театры, Борбордук опера театры, Будапешттеги симфониялык оркестр, Мадярстан мамлекеттик симфониялык оркестри, Мадярстан филармониясынын оркестри ж. б. бар. Мамлекеттик эл-бий ансамбли, «Будапешт» бий ансамбли ж. б. көркөм чыгармачылык коллективдер белгилүү. Көрүнүктүү мадяр аткаруучулары дирижёр Я. Ференчик, пианистка А. Фишер, скрипачтар Д. Ковач жана В. Татраи ж. б., опера ырчылары А. Фараго, Р. Илошфальви, Д. Мелиш, Й. Рети, Э. Хази, М. Ласло, Ю. Орос, О. Сени; музыка изилдөөчүлөр жана музыка сынчылар Б. Сабольчи, А. Мольнар, И. Уйфалушши ж. б.

Мадярстанда туңгуч театр труппасы театр ишмери Л. Келемендин жетекчилиги менен 1790-ж. уюшулат. 1796-ж. мещандык немис драмалары (А. Коцебу, Ф. Шрёдер ж. б.), классикалык (Г. Э. Лессинг, У. Шекспир, Мольер) жана мадяр драматургдарынын (Ф. Бешшеньей) пьесалары көрсөтүлгөн. 1792-ж. бир тууган Фейерлердин жетекчилигинде Клужда (Трансильвания) театр өз чыг-лыгын баштаган. Алгачкы мадяр профессионал актёрлору улуттук театр мектептерин түзүшкөн. 19-кылымдын башында Мадярстан «кыдырма» театрлары шаар, кыштактарда оюн көрсөтүшкөн. Ошол кездеги Г. Дерине-Сеппатаки, Ж. Сентпетери, К. Медьери сыяктуу белгилүү сахна чеберлери чыккан. 1837-ж. Пешт шаарында «Мадьяр сингаз» театры ачылып, 1870-жылдан Мадярстан улуттук театры негизделген. У. Шекспир, Н. В. Гоголь, («Текшерүүчү») Г. Ибсен («Нора») ж. б. драматургдардын пьесалары, опералык спектаклдер көрсөтүлгөн. 19-кылымдын аягында Будада «Непсинхаз», Пештте «Вигсинхаз» (1896) элдик театрлары ачылган. 1958-ж. Будапештте театр институту, театр, кино институту уюшулат. Мадярстанда 30дан ашык театр иштейт (1970).




#Article 28: Тажикстан (2258 words)


Тажикстан, Тажик Республикасы – Орто Азиянын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан жана түндүгүнөн Өзбекстан, Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Афганстан менен чектешет. Аянты 143,1 миң км2. Калкы 8,0 млн (2013). Борбору- Душанбе шаары (өзгөчө административдик бирдик). Административдик-аймактык жактан бир автономия областына (Тоолуу-Бадакшан), 2 областка (Согд, Хатлон), 13 районго, 17 шаарга бөлүнөт. Акча бирдиги – сомони.
Административдик-аймактык бөлүнүшү (2010)
Тажикстан – КМШ өлкөлөрүнүн (1991), Коллективдүү коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ, 1992), БУУнун (1992; 1991-жылга чейин СССРдин курамында), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1993), Евразия экономика коомунун (ЕврАзЭС, 2001), Шериктеш өлкөлөрдүн саммитинин (ШКУ, 2001) ИНТЕРПОЛдун (2004) мүчөсү.

Тажикстан унитардык мамлекет. Конституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы президент (1994-жылдан Эмомали Рахмон). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент (Мажлис Оли). Тажикстанда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары – Тажикстан элдик-демократиялык партиясы, Тажикстан коммунисттик партиясы, Тажикстан. социалисттик партиясы, Тажикстан демократиялык партиясы, Тажикстан социал-демократиялык партиясы ж. б.

Тажикстан – тоолуу өлкө. Аймагынын 93%ин Теңир-Тоо чокусу, Ысар-Алай, Памир системасына кирген тоолор ээлейт. Түндүгүндөгү курама кырка тоосу, Могол-Тоо менен Түркстан кырка тоосунун ортосунда Фергана өрөөнүнүн батыш чети жатат. Борбордук бөлүгүн Алай кырка тоосунун батышы, түндүк-батышын Түркстан (бийиктиги 5509 мге чейин, Пирамидальный чокусу), Заравшан (5489 м, Чимжарга чокусу), Ысар (4881) кырка тоолору ээлейт. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Памир бийик тоо системасында О. Азиядагы эн бийик жер [бийиктиги 7495 м, Коммунизм (учурда Исмаил Самани) чокусу] жайгашкан. Түштүк-батышы жапыз (Вахш, Ысар ж. б. өрөөндөр). Климаты кескин континенттик. Өрөөндөр менен түздүктөрдөгү (500 м бийиктикке чейин) январдын орточо температурасы –1... –3°С (түштүгүндө), –20°С түндүгүндө, июлдуку түндүгүндө 27°С, түштүк-батышында 10–12°С, түштүгүндө 30°С. Жылдык жаан-чачыны 150–300 мм, түштүк-батышында 1200–2000 мм (500–1500 м бийиктикте). Негизги дарыялары: Сыр-Дарыя (куймалары Вахш, Пянж, Кафирниган), Исфара, Козу-Баглан, Аму-Дарыя, Кара-Суу, Ак-Суу, Заравшан. Ири көлдөрү: Кара-Көл, Сарез, Искендер-Көл, Жашыл-Көл. Суу сактагычтары: Кайрак-Кум («Тажик көлү»), Нурек, Фархад. Каналдары – Ысар, Дальверзин, Чоң Фергана, Түндүк Фергана (тажик жак бөлүгү). Топурак менен өсүмдүктөрү бийиктик алкактуулук боюнча таралат. Өрөөндөрү менен адырлары боз топурактуу келип, эфемер-шыбактуу (түндүк) жана эфемер өсүмдүктөрү (түштүк) өсөт. Адырлардын бийик бөлүгү жана тоо капталдары (2000–2500 м) түндүгүндө (күңүрт-боз топурактуу) буудайыктуу талаа, түштүгүндө (күрөн топурактуу) шыбактуу чөл өсүмдүктөрү менен капталган. Ушул эле алкакта ачык-күрөң топуракта арча, мисте жана жазы жалбырактуу токой өсөт. 2500–3500 м бийиктикте дандуу жана шалбалуу талаа өсүмдүктөрү, 3000–3500 мден жогору альп шалбаасы таралган. Чыгыш Памирде суйдаң чөл өсүмдүктөрү, Батыш Памирде (3800 мге чейин) чөл жана жарым чөл, 4200 мге чейин шыбак-дан өсүмдүктүү талаа, андан жогору чөп өсүмдүктөрү басымдуу. Коруктар (Балка, Рамит, Жолборстуу Коо жана Даштижум) уюштурулган.

Элинин негизин тажиктер (79%) түзөт. Ошондой эле кыргыздар (19%тен ашык), памирлик кыргыздар, өзбектер, орустар, татарлар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Расмий тили – тажик тили. Мусулман динин (сүнөттөр) тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 56,3 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики – 66 жаш, аялдардыкы – 72. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 34,6), өлүм-житим төмөн (1000ге 6,6, ымыркайлардыкы жогору 1000ге 60,4). Шаар калкы 26,3%. Ири шаарлары: Дүйшөмбү, Кожент (Худжанд).

Археологиялык табылгаларга караганда Тажикстан аймагын адам төмөнкү палеолиттен баштап мекендеген. Тажикстанда биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымында согдулуктар, бактриялыктар ж. б. уруулар жашаган. Тажикстандын аймагы Орто Азиядагы байыркы кул ээлик мамлекеттер – Бактрия менен Согдуга караган. Биздин заманга чейинки 6-4-кылымда персия бийлигинде болгон. Биздин заманга чейинки 329-жылы А. Македонский басып алган. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын ортосунда Грек-Бактрия падышалыгына, ал кулаган соң Кушан падышалыгына караган. Ушул мезгилде алардын айыл чарбасы, кол өнөрчүлүгү менен соодасы өнүгүп, шаарлары өскөн. Биздин замандын 4-кылымында Кушан падышалыгы кулаган соң, Тажикстан аймагында Эфталиттер мамлекетинин курамына кирген бир катар княздыктар болгон. 6-кылымдын ортосунда эфталиттерди Түрк кагандыгы караткан. 4–6-кылымда Тажикстанда феодалдык мамилелер өнүгө баштаган. 7–8-кылымда арабдар басып алып, 9–10-кылымда Тажикстан Тахириддер жана Саманиддер мамлекеттеринин курамына кирген. Саманиддердин мезгилинде тажик эли калыптанып бүтүп, Тажикстандын азыркы тарыхы башталган. Экономиканын өнүгүшү менен маданияты да гүлдөп, 10–11-кылымда атактуу окумуштуулар Ибн Сина, Бируни, акындар Рудаки, Фирдоуси ж. б. өз чыгармаларын жараткан. Феодалдык ич ара согуштардын натыйжасында Саманиддер мамлекети начарлап, анын ээлигин 999-жылы Караханиддер басып алган. Аларды 12-кылымда кидандар талкалаган. Тажикстанды 1219–21-жылдары моңголдор каратып, Чагатай улусуна бириктирген. 14-кылымдын 2-жарымында Тажикстандын басымдуу бөлүгү Тимурдун мамлекетине, ал кулаган соң Бухара хандыгына караган. 1860-жылы Тажикстандын түндүк бөлүгү Россия империясынын курамына кошулган. Улуу Октябрь социалисттик революциясы жеңген соң (1917), Тажикстан аймагында Совет бийлиги орногон. 1918-жылы апрелде Түркстан АССРи түзүлүп, Тажикстандын тең бөлүгү анын курамына кирген. 1918–23-жылдары Тажикстанда жарандык согуш болгон. 1920-жылы Бухара хандыгында (Тажикстандын көпчүлүк аймагы караган) элдик революция башталып, 1920-жылы октябрда Бухара Советтик Эл Республикасы жарыяланган. Кызыл Армиянын бөлүктөрүнөн түзүлгөн Гисар экспедициялык отряды 1921-жылы февралда Дүйшөмбүнү, мартта Кулябды бошоткон. 1921-жылдын күз айынан 1923- жылдын жай мезгилине чейин Тажикстанда басмачылардын отряддары күч алган. О. Азиянын улуттук мамлекеттик бөлүнүшүнүн натыйжасында 1924-жылы 14-октябрда ББАКтын сессиясы Өзбек ССРинин курамында Тажик АССРинин түзүлүшүн бекиткен. СССР БАКтын Президиумунун чечими боюнча Түндүк Памир 1925-жылы январда Тажик АССРинин курамына Тоолуу-Бадахшан АОсу болуп кошулган. 1929-жылы декабрда Тажик АССРи Тажик ССРи болуп кайра түзүлүп, СССРдин курамына кабыл алынган. 20-кылымдын 90-жылдарынын башындагы саясий окуялар СССРдин кулашына алып келип, жаны мамлекеттик түзүүлөр негизделген. 1991-жылы 9-сентябрда Тажикстан Республикасынын көз каранды эместиги жарыяланып, 21-декабрда КМШнын курамына кирген. 1992-жылы 5-майдан 1997-жылдын 27-июнуна чейин Тажикстанда жарандык согуш (өлкөнүн мурдагы президенти Р. Набиев жана анын жактоочулары менен оппозициянын ортосундагы карама-каршылык согушка алып келген) болгон. Согуш жылдарында өлкөнүн эл чарбасынын тарткан зыяны 10 млрд долларды түзүп, жүздөгөн адам жоготууларына алып келген. 1 млн адам жер которууга аргасыз болгон (анын ичинде 60 миңи Афганстанга өтүп кеткен). 1992-жылы Р. Набиев президенттиктен баш тартып, өлкө башчылыгына – Шурои Олинин төрагалыгына Э. Ш. Рахмонов (1994-жылы 6-ноябрдан өлкө президенти) шайланган. 1997-жылы 27-июнда бийлик менен оппозиция бир пикирге келип, республикада бул күн – «Улуттук биримдик күнү» мамлекеттик майрам деп белгиленген. 2000-жылы Тажикстандын улуттук акчасы – «сомони» киргизилген. 2009-жылы 5-октябрда «Тажикстан Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө » жаңы мыйзам кабыл алынып, республикада 5-октябрь – «Мамлекеттик тил күнү» деп жарыяланган.

Тажикстан – экономикасы жакыр өлкө. Чарбасын рыноктук ыкма менен жүргүзүүгө ыңгайлашууда. Экономикасында маанилүү орунду эмгек мигранттарынын которгон акчасы (негизинен Россиядан) ээлейт. ИДПнин көлөмү 13,8 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 950 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 59,2, өнөр жайдыкы 21,9, айыл чарбаныкы 18,9. Ири өнөр жай тармактарын мамлекет көзөмөлдөйт. Коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү металлдар, сымап, уран, алтын жана аз өлчөмдө күрөн көмүр, нефть, жаратылыш газы казылып алынат. Электр энергетика өнөр жайы өнүккөн. Вахш дарыясында жана каналында, Сыр-Дарыяда ГЭСтер курулган. Гидроэнергетика ресурстары боюнча дүйнөдө 8-, КМШда 2-орунда (Россиядан кийин). 2009-жылы 16,1 млрд кВт∙с электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен ГЭСтен). Ири өнөр жай тармактары: Тажик алюминий заводу (Турсунзаде шаарында), жылына 500 миң тонна өндүрөт; негизинен сырттан алынып келинген продукциянын негизинде, жеңил (пахта тазалоо, кебез жана жибек кездеме, тигүү), тамак-аш, химиялык (жер семирткич). Кол өнөрчүлүк (анын ичинде килем токуу), сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Пахта, дан эгиндери, жашылча-жемиш, тамеки өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, бакчачылык (дарбыз, коон), жибекчилик өнүккөн. Мал чарбачылыгы эт-жүн, эт-сүт багытында. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 27,8, темир жолунуку 0,68. Экспортко алюминий, электр энергиясы, пахта, жемиш (анын ичинде кургатылганы), суу май (негизинен пахта майы), текстиль буюмдары чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Россия, Нидерланд, Түркия, Кытай, Казакстан.

Мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, атайын орто, жалпы жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Тажикстанда 3,5 миң жалпы билим берүүчү мектеп бар. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 89%ти түзөт (2013). Жогорку окуу жайларынын көбү Душанбе шаарында жайгашкан. С. Айни атындагы мамлекеттик университети (1931), Абу Али ибн Сина атындагы мамлекеттик медициналык университети (1939), Тажикистан технологиялык университети (1990), ошондой эле ири музейлери, китепканалары иштейт. «Жумхурият», «Садои мардум», «Народная газета», «Халк овози», «Оила» ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруу 1958-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан, маалымат агенствосу 1974-жылдан иштейт.

Тажикстан адабияты элдик оозеки чыгармалардын таасиринде иран тилинин негизинде өнүккөн. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымынан диний-тарыхый жазма эстелик «Авеста», биздин заманга чейинки 4-кылымдан согд тилиндеги каттар, парфия тилиндеги дастандар, манихей динине байланыштуу тексттер кирет. Тажик адабий тили (фарси-дари) 7–10-кылымда калыптанган. Тажик поэзиясынын туңгуч классиги – Рудаки. 10-кылымдын 2-жарымында Абу Мансур Дакики классикалык казалдарын жана касыйдаларын жараткан. А. Фирдоусинин «Шах-намеси» – тажик жана иран поэзиясынын туу чокусу. 11-кылымдан Абу Али иби Сина, Омар Хайям ж. б. поэзияда философиялык лириканын өнүгүшүндө зор салым кошкон. Насир Хосров заманга ылайык прогрессчил идеяларды колдогон чыгармаларды жараткан. 11–12-кылымда тажик адабиятында суфизм мотивдери байкалып, ашкере шаңдуу сарай поэзиясы өнүккөн. Ошол эле учурда көркөм проза («Кабуснаме», «Калила менен Димнанын» котормосу, «Синдбада-наме» ж. б.) да пайда болгон. Моңгол жапырыгы тажик маданиятына чоң зыян келтирген. Белгилүү маданият ишмерлери чет мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болушкан. Индияда Хосров Дехлеви классикалык ырларын, Амир Хирав «Хамса» («Бешилтик») поэмалар циклин, Кичи Азияда Жалаледдин Руми «Маснавин манави» («Насыят саптары») жана «Диван» («Ыр жыйнагы») чыгармаларын жараткан. Азербайжан акыны Низами да чыгармаларын негизинен фарсы тилинде жазып, тажик, иран адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Белгилүү перс акындары Саади, Хафиз, К. Хужанди, У. Зокони да тажик адабиятынын тарыхына закондуу түрдө кирген. 15-кылымда тажик маданиятынын О. Азиядагы жана Хорасандагы борборлору кайра жандана баштаган. Бул учурда А. Жами Герат шаарында жашап, адабий мектепке негиз салган. 16–19-кылымда тажик адабиятын негизинен герат адабий мектебинин салттарын өөрчүткөн. Алардын эң ирилери: Бинои жана Хилохи, Мушфики, С. Насафи, Бедиль. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында тажик тилиндеги адабияттын кедери кеткен. О. Азия Россияга кошулгандан кийин тажик адабиятында А. Доништин ысмы менен байланышкан агартуучулук агым пайда болуп, 20-кылымдын башында жадидизм агымын жолдогон жазуучулар чыккан. Октябрь революциясынан кийин тажик совет адабиятынын жаңыча өнүгүш доору башталган. Бул адабияттын төл башы – С. Айнинин «Азат маршы» (1918). 20-жылдары адабият майданына П. Сулаймони, Ж. Икрами, С. Жавхаризаде, М. Аминзаде, иран акыны акыны А. Лахути келген. С. Айнинин «Одина» (1924) повести жана «Дохунда» (1930) романы жазылган. 1930-жылдары тажик жазуучуларынын катарына М. Турсунзаде, М. Миршакар, С. Улугзаде, А. Дехоти, X. Рахими ж. б. кошулган. Согуштан кийин М. Турсунзаденин «Индия балладасы» жана «Хасан арабакеч», М. Миршакардын «Багынбас Пянж» поэмалары, Улугзаденин «Жаңырган жер», Ф. Ниязинин «Айныбастык», Р. Жалилдин «Шураб» романдары, С. Айнинин «Эскермелери» (1–4-бөлүк, 1949–54) жаралган. 1960–70-жылдары М. Турсунзаденин «Гангдан Кремлге чейин», М. Каноаттын «Сталинград үндөрү» поэмалары, Ж. Икраминин «Бухаранын он эки капкасы», С. Улугзаденин «Восе» романдары жарык көргөн. Белгилүү жазуучулары: А. Шукухи, Ф. Ансори, Ф. Мухаммадиев, Лонк Шерали, К. Карам ж. б. Адабият илими жана сыны боюнча Н. Масуми, И. С. Брагинский, А. Мирзоев, Ш. Хусайнзаде, А. Сайфуллаев сыяктуу адабиятчылары эмгектенет. Тажик жана кыргыз адабияттарынын өз ара байланышы абдан жакшы өөрчүгөн. С. Айни, A.JIaxyти, М. Турсунзаде, С. Улугзаде, М. Миршакар ж. б. акын-жазуучулардын чыгармалары кыргызчаланган. Тажик акын-жазуучуларынын айрым чыгармаларынан куралган «Памир жылдыздары» (1962); «Памир абасы» (1975) ж. б. антологиялык типтеги жыйнактар жарык көргөн. 1960–70-жылдары Кыргызстанда тажик адабиятынын, Тажикстанда эки сапар кыргыз адабиятынын күндөрү өткөрүлгөн.

Тажикстан аймагында байыркы Орто Азиянын жергиликтүү жана көчмөн урууларынын маданий эстеликтери сакталган. Байыркы жана орто кылымдагы искусствонун өнүгүшүнө Тажикстандын Батыш жана Чыгыш соода жолдорунда жайгашып, Иран, Индия, Чыгыш Түркстан, Кытай ж. б. өлкөлөр менен маданий-экономикалык карым-катнашта болушу чоң таасир тийгизген. Тажикстанда биздин заманга чейинки 15–10-миң жылдыктагы аска беттериндеги жазуулар (Мургаб кыштагынан 40 км түштүк-батышта, Чыгыш Памир), коло доорундагы (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык) турак жай калдыктары, геометриялык оймо-чиймелүү одуракай карапа, жөнөкөй формадагы асем буюмдар, түштүгүндө, Вахш, Бешкент өрөөндөрүндө көчмөн уруулардын мүрзөлөрүнөн түрдүү карапалар (мискей, цилиндр формасындагы идиштер), коло бычак, шамшар, күзгү, төөнөгүчтөр табылган. Биздин замандын 5–8-кылымында Тажикстанда негизин мунаралуу дубалдар түзгөн турак жайлуу (Пенжикент) шаарлар, арабдар басып алгандан кийин Тажикстан архитектурасында мечит, мунара (минарет), медресе, күмбөз ж. б. мусулман салтына ылайык курулуштар пайда болгон. Мисалы, Исфаранын жанындагы Калай-Боло коргону, Хулбук сарайы (10–12-кылым), жогорку Заравшандагы Айни, Рарз, Фатмев минареттери, Регардын жанындагы Хожа-Нахшран (11–12-кылым), Хожа-Машад күмбөздөрү ж. б. 14-кылымдын аягы – 15-кылымдын башындагы тажик монументтүү зодчествосунун ири жетишкендиктерине; Мухаммед Башшар күмбөзү, Самаркан, Шахрисабз ж. б. шаарлардагы дүйнөгө белгилүү темурилер архитектуралары, Кулябдагы Мир-Сеид-Хамадинин күмбөзү, Наугилемдеги Абдулла-хандын мечити, Ленинабаддагы шейх Муслехеддиндин мечит-күмбөзү, Көк-Күмбөз мечити, Баба-Тага жана Ажинахан күмбөздөрү кирет. Тажикстанда Совет өкмөтү орногондон кийин шаарлар боюнча курула баштаган. 30-40-жылдары коомдук жайларды курууда орто кылымдагы Орто Азия сүрөт өнөрүнүн элементтери камтылган классикалык формалар колдонулган. 30-жылдардан эски материалдардын – кирпич, чопо, жыгач ордуна бышкан кирпич, бетон жана темир-бетон колдонула баштаган. Сүрөт искусствосу заманга жараша өнүгүүдө. Белгилүү сүрөтчүлөрү: A. М. Орлов, С. А. Хошмухамедов, А. Ашуров, С. Е. Захаров, В. И. Серебрянский, A. Т. Аминжанов, О. А. Ахунов, К. Жумагазин ж. б.

Тажикстан эл музыкасына диатоникалык жана табигый лад мүнөздүү. Аткарууда мелизм ыкмасы көп колдонулат. Эл аспаптары: дутар, думбрак, кашкар рубабы, гижак, най, керней, сурнай, чанг, таблак, нагора, дойра, занг, кайрок, сетор, даф. Совет бийлигинин орношу менен Тажикстан музыкалык маданиятында жаны доор башталган. Улуттук салттардын негизинде көп үндүү музыка, музыкалык драма, опера, балет жанрлары жана симфониялык оркестрге жазылган чыгармалар жаралган, 1929-жылы музыкалык техникум (Ленинабад), сүрөтчү, музыкант, бийчилерди даярдоочу Көркөм комбинат (Дүйшөмбүдө), 1929-жылы Дүйшөмбүдө драма театры (1934-жылы андан музыкалык драма труппасы бөлүнүп чыккан), 1938-жылы филармония ачылган. Туңгуч улуттук опера («Восе көтөрүлүшү») 1939-жылы коюлган. Көрүнүктүү композиторлору: С. Баласанян, Я. Сабзанов, Ш. Сайфиддинов, Д. Дустмухаммедов, 3. Шахиди, С. Хамраев, А. Одинаев, А. Ядгаров, А. Салиев, Ф. Бахор ж. б. Республикада (1976) Тажик опера жана балет театры, A. С. Пушкин атындагы Республикалык музыкалык комедия театры, А. Рудаки атындагы Областтык музыкалык комедия театры, музыкалык драма театры, Өзбек музыкалык драма театры, филармония, рубабчылар ансамбли, эл аспаптар жана шашмакомистер ансамбли, искусство институту, музыкалык окуу жайы, Республикалык атайын орто музыкалык окуу жайы, музыкалык мектеп-интернат, 52 балдар музыкалык мектеби, Тажик композиторлор союзу иштейт.

Тажикстанда 1929-жылдан фильмдер кыска метраждуу документ жана хроника фильмдери тартылып, «Советтик Тажикстан» мезгилдүү киножурналы чыга баштаган. 1930-жылы «Тажиккино» трести уюшулган. Алгачкы тажик көркөм фильмдери «Эмирлер көр оозунда» (1932), «Эмигрант» (1934, режиссёр К. Я. Ярматов). Биринчи үндүү көркөм фильми «Бак» (режиссёр Н. В. Досталь) жана «Достор кайрадан жолугушат» (режиссёр Ярматов; экөө тең – 1939). Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Дүйшөмбүдө Москванын «Союздетфильм» студиясы иштеген. Дүйшөмбү бириккен киностудиясы көркөм жана документ тасмаларын чыгарып турган. 1950–60-жылдары жаңы темадагы фильмдер тартылып, улуттук кинодраматургия жана режиссура жаралган, башкача айтканда Кимягаров «Дохунда» (1956, С. Айнинин романы боюнча) фильмин тарткан. Кийин «Менин досум Наврузов» (1957), «Жогорку кызмат» (1958) ж. б. фильмдер тартылган. 1960–70-жылдары улуттук жаш кинорежиссура калыптанып, М. С. Ариповдун («Ниссо», 1966), М. К. Касымовдун («Жура-Саркор», 1970), С. М. Хамидовдун («Эски мечиттеги кезигүү», 1969) ж. б. фильмдери коюлган. Документ кинолору да бир кыйла ийгиликке жетишкен («Саламатсыңбы, Тажикстан», 1960; «Тажикстан жөнүндө төрт ыр», 1964 ж. б.). «Тоо ыры» (1969), «Ак көңүл Насым» (1970) сыяктуу мультипликациялык фильмдер тартылган. Тажик кинематографистер союзу 1962-жылы уюшулган. 




#Article 29: Жалал-Абад облусу (3183 words)


Жалал-Абад облусу – Кыргыз Республиканың облусу.

Облустун аймагынын басымдуу бөлүгү Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү (Тогуз-Торо ойдуңу) Ички Теңир-Тоонун аймактарынан орун алган. Алар негизинен Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто бийик жана жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр жана тоо аралык өрөөндөр болуп саналат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери 4503 м (Чаткал кырка тоосундагы Авлетим чокусу), эң жапыз жери 600 м (Базар-Коргон районунун аймагында). Облустун түн.-батыш, түн. жана чыгыш чет жакалары боюнча Батыш жана Ички Теңир-Тоо системаларына кирген бийик кырка тоолор Чаткал (бийиктиги 4503 м), Суусамыр-Тоо, Молдо-Тоо (түштүк капталдары) созулуп жатат. Облустун борбордук бөлүгүн Фергана (түн.-батышын), Кочкор-Төбө, Ат-Ойнок, Исфан-Жайлоо, Чаак-Тоо, Бабаш-Ата кырка тоолору ээлеп, түштүк-батышты карай жайпаң рельефтүү этек тоолорго өтөт. Фергана өрөөнүн түндүктөн торогон тоолордо дарыя өрөөндөрү жана салыштырмалуу бийикт. 100-400 мге жеткен адыр-дөңсөөлөр кезектешип жайгашат. Дарыя алаптарын Көкарт (мында облустун борбору Жалал-Абад шаары жайгашкан), Кара-Үңкүр, Нанай (Пачатанын алабы), Ала-Бука өрөөндөрү ээлейт. Облустун курамына о. Эле обочороок жайгашкан тоо аралык ири өрөөндөр Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо жана Чаткал ойдундары да кирет. Кетмен-Төбө жана Тогуз-Торо ойдуңдары облустун Фергана өрөөнүнө караган негизги бөлүгүнөн Фергана жана Ат-Ойнок, Чаткал өрөөнү Чаткал кырка тоолору аркылуу бөлүнүп турат.

Кырка тоолору байыркы кристаллдык тоо тектерден (гранит, порфир), ал эми тоо капталдары жана тоо аралык ойдуңдары карбон, девон жана палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектерден түзүлгөн. Кен байлыктарынын ичинен облус отун-энергетика ресурстарына бай. Нарын дарыясында ГЭС каскады (Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон) бар; Камбар-Ата I, II ГЭСтери курулууда. Таш көмүр Көк-Жаңгак, Таш-Көмүрдөн казылып алынат. Мунай менен табигый газ кендери Чаңгыр-Таш, Майлы-Суу, Избаскен, Кочкор-Атадан чыгат. Андан сырткары сурьма (Терек кени), полиметалл (Сумсар кени), марганец кенташы (Кара-Алма суусунун төмөнкү агымында) жана башка кендер да бар. Металл эмес кен байлыктардан озокерит (Майлы-Сай), гипс (Сузак районунда) жана башка кендер чыгат. Ысык жана минералдуу булактар чыккан жерлер да арбын (Жалал-Абад, Майлы-Суу жана башка). Облустун аймагы рекреациялык ресурстарга бай; мында туристтерди кызыктыруучу Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма, Сары-Челек, Пачата сыяктуу кооз жерлер бар.

Тоолордун орографиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү арктикалык суук жана континенттик аба массаларынын аймактын климатына тийгизген таасирин кыйла басаңдатат. Жай мезгилинде бийик кырка тоолор Орто жана Борбордук Азия чөлдөрүнүн аптабын кыйла серүүндөтөт. Бирок, батыштан соккон аба агымы жана анын түн.-батыш, түштүкбатыш салаалары Түн. жана Чыгыш Ферганага тоскоолсуз кирип, облустун аймагына жана анын түрдүү ландшафттык зоналарына жагымдуу аба ырайын түзөт. Ички Теңир-Тоодо жайгашкан Кетмен-Төбө жана Тогуз-Торо өрөөндөрүнүн климаты облустун Фергана өндүрү жак бөлүгүнө караганда кыйла башкачараак. Бул өрөөндөрдө муздак тоо абасы туруп калат; декабрдан мартка чейинки темп-расынын орточо максимуму Түштүк Кыргызстандын башка метеорологиялык станцияларыныкына караганда 10°Сге төмөн болот. Жаан-чачын режими окшош болгондугуна карабастан, жааган жаан-чачындын өлчөмү менен абанын темпрасынын ортосунда айырмачылык сөзсүз болот. Аймактын деңиз деңгээлинен бийиктигине, тоо капталдарынын экспозицияларына жана рельефинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жайы ысык, жылуу, серүүн же суук болушу мүмкүн. Июлдун орточо температурасы этек тоо-адырлуу зонада 2522°С, жапыз тоолуу зонада 22-15°С, орто бийик тоолуу зонада 15-10°С, бийик тоолуу зонада 105°С, нивалдык-гляциалдык зонада 5-0°С. Жайдын биринчи жарымы жаанчыл, экинчи жарымы жана күз маалы өтө кургакчыл. Кышы жалпысынан мелүүн-суук, январдын орточо температурасы -3°Сден -15°Сге чейин. Эң төмөнкү темп-ра бийик тоолуу ойдуңдарда адатта Кызыл-Жарда (Тар ойдуңу) абсолюттук минимум -40,9°С, Чаткалда 39,8°С, ал эми ушул эле мезгилде муздак аба туруп калган ойдуңдарда Ошто -25,9°С, Кербенде(1280 м бийиктикте) -26,1°С гана болот. Ушундай эле кубулуш кышында Фергана өрөөнүндө да температуралык инверсияга байланыштуу пайда болот; тоолордо ойдуңдарга караганда жылуураак келет. Атмосфералык жаан-чачын бийиктик зоналуулук боюнча өзгөрөт жана ал ным алып келүүчү аба агымдарына карата жайгашуу экспозициясына байланыштуу. Фергана, Ат-Ойнок, Талас Ала-Тоолорунун түштүк-батыш капталдарында жаан-чачын 500-900 мм жана андан да мол жаайт. Токой-шалбаалуу талаа алкагында мелүүн-жылуу жана нымдуу жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачындын жылдык өлчөмү 500 ммден 900 ммге чейин, анын 50%и вегетация мезгилине туура келет. Чаткал системасына кирген тоолор орографиялык жактан ыктоодо жайгашкандыктан, жаан-чачынга салыштырмалуу жарды (400-500 мм), ал эми Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш капталына тоо аралык ички ойдуңдарындагыдай эле 300400 мм гана жаан-чачын жаайт. Жаан-чачын эң мол жааган мезгили жаз маалы, анын жылдык өлчөмүнүн 60%тен ашыгы кыш-жаз мезгилине туура келет, август-сентябрь эң аз жааган мезгил. Жаан-чачын көбүнчө жамгыр түрүндө жаайт. Тоолордо 2500-3000 мден жогору кардын өлчөмү кыйла зор (жылдык жаан-чачындын 30-50%). Кар катмарынын калыңдыгы тоо этеги-адырлуу зонада 20-25 смден, бийик тоолордо 90-100 смге чейин жетет. Фергана тоо тизмегинин кыр бөлүгүнө жакын кардын калыңдыгы 150 смдей болот.

Облустун аймагы, айрыкча Фергана тоо тизмегинин капталдары агын суу тармагынын жыштыгы жана алардын суусунун молдуулугу менен айырмаланат. Ири дарыялары: Нарын, Чаткал, Кара-Дарыя. Нарын дарыясы Фергана тоо тизмегинин тармактарын жана Чаак-Тоону кесип агат. Облустун чегинде Нарынга сол тараптан Көк-Ирим, Кемпир-Ата, Ничке-Сай жана башка, оң тараптан Толук, Торкен, Чычкан, Узун-Акмат, Кара-Суу жана башка суулар куят. Бул суулар терең өрөөндөр менен шар агып, нуктарында босоголор көп. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан агып түшкөн суулардын бардыгы Кара-Дарыянын оң куймалары Чаңгет, Көгарт, КараҮңкүр, Майлы-Суу жана башка Ал эми облустун батышындагы Пачата, Чанач, Касан-Сай, Сумсар суулары Сыр-Дарыяга оң тараптан куят. Чаткал дарыясы Талас Ала-Тоосунун түштүк-батыш капталынан башталып, төмөнкү агымында кууш жана терең шаңшаардан чыга беришинде Пскем суусу менен кошулуп, Чырчык дарыясын түзөт. Анын ири куймалары: Чандалаш, Терс, Кара-Корум, Теректи-Сай жана башка Облустун дарыялары суу энергиясына өтө бай; Нарын дарыясына ГЭС каскады суу сактагычтары менен курулган. Дарыя суулары дээрлик сугатка пайдаланылат. Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгышындагы этек тоолорунда Сары-Челек, Көгала, Кара-Суу жана башка, Чаак-Тоонун түштүк капталдарында Кара-Көл жана башка көлдөрүнүн, дарыя өрөөндөрүн көчкү бөгөп калышынан пайда болгон тоо көлдөрү бар.

Аймактын топурак-өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү келип, таралышына бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Облустун аймагынын эң жапыз бөлүгүн (деңиз деңгээлинен 500-900 м бийиктикте) шыбак-эфемердүү чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү (ак шыбак, ыраң, баялыш жана башка) ээлеп, анда ачык боз жана кадимки боз топурактар өөрчүйт. Бул топурактарга аз кесекчелүү борпоң структура мүнөздүү, чириндиси салыштырмалуу аз, ал эми минералдык сиңимдүү заттары арбын. Сугарганда түрдүү маданий өсүмдүктөр жакшы өсөт. Талаа өсүмдүктөрү бийик адырларды, айрым жерлерде жапыз тоолорду ээлеп, деңиз деңгээлинен 900-1300 м бийиктиктеги кеңири тилкени камтыйт. Чириндиси салыштырмалуу мол күңүрт боз топурак басымдуу. Өсүмдүктөрдөн пияз, түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, о. эле шыбак, сарындыз өсөт. Ушул эле зонада талаа жана шалбаа өсүмдүктөрүнүн арасында ксерофиттик сейрек токой, жыгач мистенин массивдери, сейрек долоно кездешет.

Деңиз деңгээлинен 1000-2200 м бийиктикте токойлуу талаа зонасы жайгашкан. Мында жаңгакмөмө жемиш токою талаалашкан шалбаалуу, бадалдуу, сейрек алмалуу жерлер менен кезектешип жатат. Токой астында кара коңур токой, бадалдар, шалбаа жана талаа өсүмдүктөрүнүн астында күңүрт боз тоо-талаа топурактары өөрчүйт. Жаңгак токоюнун астында өөрчүгөн топурак өзгөчө касиетке ээ: чириндиге бай, ал топуракка каралжын өң берип турат, жаңгак сымал структуралуу, ным сыйымдуулугу өтө зор жана башка Ошого байланыштуу, капталдардын кыйла эңкейиштигине карабай агын суулар жокко эсе, кар жана жамгыр суулары бүт кыртышка сиңип кетет. Облустун аймагынын зор аянтын (700 миң га) ээлеген жаңгак-мөмө-жемиш токоюнун чарбалык мааниси өтө зор. Ал токойлор Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун Фергана өрөөнүн караган этек тоолорун ээлейт. Айрым жаңгак дарактары бириндеп 800 м бийиктиктен эле кездеше баштайт. Жаңгак токою деңиз деңгээлинен 1000-1200 мден 1800-1900 м бийиктикке чейин эң кеңири таралган. Жаңгак токоюнун арасында алма, алча, айвансары, карагат, итмурун, изирик жана башка дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Андан жогору 2200 м бийиктикке чейин да бирин-серин жаңгак дарактары кездешет. Жаңгак токоюнун чет жакаларында жапайы мөмө-жемиш дарактары алмурут, алча, бадам, жүзүм жана башка өсөт. Токой өсүмдүктөрү тоо капталдарынын түштүк, о. эле чыгыш экспозицияларынан башка бүт беттеринде өсүп, алар негизинен жаңгак жана жапайы мөмө-жемиш дарактарынан турат. Токойлуу талаа зонасынын ачык түштүк жана бир аз чыгыш капталдары эфемероиддүү шалбаа жана талаа менен капталган; аюу чач, пияз түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ак сокто, кылкансыз түбү бош жана башка үстөмдүк кылат. Түрдүү чөп өсүмдүктөрүнөн бийик чатыр гүлдүүлөр аюу чач, шашыр өсөт. Кеңири аймакты ээлеген шалбаалуу талаанын бул бөлүктөрү негизинен кеч жаздагы жайкы жайыт катары пайдаланылат. Бул зонанын жантайыңкы капталдарында жана жайык кырларында кайрак эгин эгилет.
Субальп зонасы 2000-3000 м бийиктикти ээлейт. Мында субальп шалбаасы жана карагай, көк карагай, арча, кайың ж. б-дан турган токой өсүмдүктөрү кеңири таралган. Субальп зонасында күңүрт түстөгү тоо-токой жана тоо-шалбаа-талаанын күрөң, чанда кара топурак сымал топурак типтери өөрчүйт. Чөп өсүмдүктөрдөн флёмис, крестовник, шимүүр, түлкү куйрук, ак сокто жана башка өсөт. Субальп шалбаасы жайкы жайыт катары кеңири пайдаланылат. Альп зонасы кырка тоолордун бийик (3000 мден жогору) бөлүгүн ээлейт. Анда чымдак-чала чымдашкан тоо-шалбаа альп топурактары өөрчүйт. Зонанын басымдуу бөлүгүн аска, корум таш-шагылдар, чакан бөлүгүн альп шалбаасы ээлейт. Альп өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы көбүргөн басымдуулук кылган фитоценоздор болуп саналат. Көбүргөн менен кошо каз таман, козу кулак, таран жана башка да өсөт. Альп шалбаа зонасы кыска мезгилге жайыт катары пайдаланылат.

Облустун калкы республиканын калкынын 18,7%ын (2009; 993,8 миң) түзөт. Анын 23,0%ы (228,3 миң) шаарларда, калган 76,0%ы (765,5 миң) айыл-кыштактарда турат. Калкынын саны боюнча республикада Ош облусунан кийин 2-орунда. Көп улуттуу; басымдуу бөлүгү кыргыздар (2006; 71,0%), ошондой эле өзбек (24,6%), орус (1,2%), тажик (0,6%), түрк (0,6%), татар (0,5%), украин (0,1%) жана башка улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орточо жыштыгы жалпы республиканыкына караганда бир аз жогору: 1 км2 жерге 29 адам (республикада 26) туура келет. Шаарлары: Жалал-Абад (облустун борбору, 97,2 миң), Таш-Көмүр (31,7 миң), Кара-Көл (20,8 миң), Майлы-Суу (22,8 миң), Кочкор-Ата (14,8 миң), Кербен (13,2 миң), Көк-Жаңгак (9,3 миң); шаарчалары: Кызыл-Жар (2,6), Кетмен-Төбө (1,9 миң), Көк-Таш (2,7 миң), Сумсар (6,0 миң), Терек-Сай (2,4 миң), Токтогул (16,4 миң), Шамалды-Сай (9,5 миң). Облустун калк көп жашаган айылдары (2009-жылы эл каттоо): Базар-Коргон (33,4 миң киши), Сузак (24,0 миң), Масы (13,9 миң), Казарман (9,5 миң), АлаБука (10,8 миң), Каныш-Кыя (2,4 миң).

Облустун жалпы калкынын жаш курактары боюнча бөлүнүшү: 16 жашка чейинки жаштардын саны 2006-жылы 388,1 миң адам (жалпы калктын 40,1%), эмгекке жарактуулары 510,4 миң
(53,1%), эмгек жашынан өткөндөр 62,3 миң (6,5%).

Жалал-Абад облусу экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада Чүй облусунан кийинки 2-регион. Анын өнүгүшүн өнөр жай, айыл чарба, курулуш, транспорт жана байланыш, соода жана коомдук тамактануу тармактары, ал эми социалдык өсүшүн тейлөө кызмат, билим жана илим, саламаттык сактоо, маданият жана башка тармактарынын деңгээли аныктайт. Бул тармактар базар экономикасынын шартына ылайык ар түрлүү менчикке тиешелүү өндүрүштүк же тейлөөчү ишкана жана мекемелерден (өнөр жайчакан жана өнөктөш ишканалар, кооперациялар, акционердик коомдор, биржа жана фирмалар, дыйкан жана фермер чарбалары, ошондой эле жеке дыйкан чарбалары) жана башка өзүнчө ээлик кылуучу субъектилерден турат. Облуста 2009-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 110202 болгон. Алардын 2,2%и мамлекеттик менчиктеги, 2,1%и коммуналык жана 95,7%и жеке менчиктеги ишканалар. Ишканалар түрлөрү боюнча ири (0,3%), орто (0,5%) жана чакан (1,8%), дыйкан (фермер) чарбалары (78,7%), жеке ишкерлер (18,1%) жана башка обочолонгон бөлүмчөлөр (0,6%) болуп бөлүнөт.

Өнөр жай тармагында бардыгы 135 ишкана иштейт, алардын ичинен 102си өзүнчө баланста турган өнөр жайишканалары болгон (2005). Аларда 17,4 миңден ашык жумушчу иштеп, 2006-жылы 7007,8 млн сомдук (республиканын 19,5%) продукция өндүргөн. Ө. ж-дын негизги тармактары: электрэнергетика (өнөр жайпродукциясынын 54,0%ин түзөт), машина куруу (19,2%), отун (10,1%), түстүү металлургия (6,3%), жеңил (6,2%), тамак-аш (2,8%) жана башка өнөр жайтармактары. Облустун өнөр жайтармактарынан электр-энергетика, машина куруу, отун жана түстүү металлургиянын респ-дагы орду кыйла жогору.

Облустун өнөр жайынын 54,0% продукциясын өндүрүп (республиканын электр-энергетикасынын 83,3%), 4 ишкананы камтыйт: Токтогул ГЭС каскадынын «Электрстанция» ААК (2007-жылы 1,9 млрд сомдук продукция өндүргөн), «Электрстанция» ААКтын ПСГЭСи (851,2 млн сом), «Улуттук электр» ААК (95,0 млн сом) жана «Жалал-Абад электро» АК (446,0 млн сом). Бул тармакта облустун жалпы өнөр жайында иштеген калктын 21,8%и эмгектенип, өнөр жайындагы негизги өндүрүш каражатынын (фондунун) 43,7%и топтолгон. Облуста 2008-жылы 10,5 млрд кВт-с электр энергиясы (республикадагы электр энергиясынын 89,4%и) өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн электр энергиясынын басымдуу бөлүгү республиканын башка региондорунда пайдаланылат, чет өлкөлөргө экспорттолот.

Облустун үчүнчү маанилүү өнөр жай тармагы. Бул тармакта 2007-жылы өнөр жай продукциясынын 10,1%и өндүрүлгөн. Отун өнөр жай структурасына көмүр казып алуу, нефть жана жаратылыш газын өндүрүү, нефтини кайра иштетүү тармактары кирет. Көмүр казып алуу тармагында 4 ишкана иштеп, аларда 219 адам эмгектенген. 2008-жылы 44,7 миң т көмүр казылып алынган (респ-да казылып алынган көмүрдүн 9,1%и), 2005-жылы «Тегене» ЖЧКнын кубаттуулугунун 44,0%и, «Көк-Жаңгак шахтасы» МАКтын 25,8%и, «Таш-Көмүр» МАКтын 27,4%и гана пайдаланылган болсо, «Коргон-Таш» АК иштебей турган. Көмүр казып алуудагы мындай акыбалга биринчиден өндүрүлгөн көмүрдүн өздүк наркынын кымбаттыгы, экинчиден алардын сапатынын начардыгы, үчүнчүдөн аларды сатуудагы рыноктун тардыгы же жоктугу себеп болууда.

Облустагы «Кыргызмунайгаз» АКсы, «Ань-Банг» ЖАК иштешкен. Алар 2008-жылы 55,0 миң т нефть (республика боюнча өндүрүүнүн 77,0%и) жана 17,3 млн м3 табигый газ (100%) өндүргөн. Облуста өндүрүлгөн жаратылыш газы Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарына берилип, азыраак бөлүгү Тажикстанга экспорттолот. Отун өнөр жайынын маанилүү тармактарынын бири нефтини кайра иштетүү. «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) биргелешкен ишканасы облуста өндүрүлгөн жана бөлөк өлкөлөрдөн ташылып келинген нефтини кайра иштетип, бензин (2007-жылы 35,0 миң т же респ-дагынын 46,7%и), дизелдик күйүүчү май (136,2 миң т же 95,8%и), мазут (220,0 миң тже 98,6%и) өндүргөн. Ишкана чыгарган нефть продуктулары республиканын түштүк райондорун толук камсыздай алат.

Жалпы өнөр жай продукциясынын 6,3%ын түстүү металлургия өндүрүп, өнөр жай тармактарынын ичинен 4-орунда турат. Бул тармактын 3 ишканасы бар, алар: Макмал алтын кен комбинаты (2005-жылы 389,6 млн сомдук продукция өндүргөн; 1143 адам иштеген); «Кыргызалтын» ААКтын филиалы «Терек-Сай кени» (24,2 млн сом өндүрүп, 464 адам иштеген); «Кристалл» МАК (жарым өткөргүчтүү кристаллдык кремний жана башка түрлөрүн чыгаруучу КМШ өлкөлөрүндөгү жалгыз ишкана).

Өнөр жай тармактарынын ичинде 19,2% продукция өндүрүп, электр-энергетика ө. ж-нан кийинки 2-орунду ээлейт. Тармактын 19 ишканасы бар; ирилери: «Майлы-Суу электр лампа заводу» АК, «Нур» АК, ТТО з-ду, «Достук» АК, «Гидросталь-конструкция» АК, «Кыргызэлектроизолит» з-ду, ОП-36/10 ишканасы, «Жетиген» АК, «Анар» з-ду, «Ротор» чакан ишканасы жана башка Облустун машина куруу өнөр жайреспубликанын масштабында ушул тармактын 46,1% продукциясын өндүрүп, облустардын ичинен 1-орунда турат. Негизги продукциялары: электр лампалары (2007-жылы 171,2 млн даана), электр өткөрбөөчү (изоляциялоочу) материалдар (тасмалар) жана түтүкчөлөр, электр жылыткычтар, насос, автомобиль тетиктери. Бул тармакта өндүрүлгөн продукциянын көп түрү экспортко чыгарылат. «Майлы-Суу электр лампа заводу» АКтын продукциясынын 80,0%ке жакыны, «Нур» АКтын 60,0%тен ашык продукциясы экспорттолот. Негизги ишканалары Жалал-Абад, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата ш-нда, Сумсар шаарчасында жайгашкан.

Жеңил өнөр жай тармагы өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча облустун өнөр жай структурасында 6,2%ти түзүп, 5-орунду ээлейт. Иштеген адамдардын саны боюнча тармактын респ-дагы үлүшү 17,3%, өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча 49,0%ти түзгөн. 2005-жылы жеңил өнөр жайтармагында 28 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Кыргыз пахтасы» жабык АК, «Мата» ААК, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Юнисеп Каттон-Рефинери», «Глейзер-Дунай-Нарын», «Актилек-А» ЖЧКлары жана башка Жеңил өнөр жайишканалары негизинен Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Майлы-Суу ш-нда, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул р-ндорунда жайгашкан. Алардын чыгарган негизги продукциялары: чигитинен тазаланып таңылган пахта буласы, токулбаган кездеме, о. эле көйнөк, шым, төшөк, бут кийим жана башка Пахта буласы экспортко (негизинен Россияга) чыгарылат.

Облустун айыл чарбасында өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетип, эл керектөөчү товарларды, айрыкча азык-түлүктү өндүрүп, калктын муктаждыгын камсыз кылып туруучу маанилүү тармак. Анда 2006-жылы 54 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Келечек» АК (колбаса азыктары), «Сары алтын» (Таш-Көмүр ш-нда, ферменттелген тамеки), «Арак заводу» (41,5 млн сом), «Таттуу суу» (кондитер азыктары) АКтары, «Азиз тамеки» (ферменттелген тамеки). Ири ишканалары негизинен Жалал-Абад, Таш-Көмүр ш-нда жана Ала-Бука районунда жайгашкан. Облустун тамак-аш өнөр жай ишканалары 2008-жылы респ-да чыгарылган өсүмдүк майынын 69,6%, кондитер азыктарынын 13,5%, спирт ичимдигинин 4,8%, минералдуу суунун 20,8%, ферменттелген тамекинин 10,3%ин жана башка өндүргөн.

Ун-акшак жана аралаш тоют чыгаруу өнөр жайында 2008-жылы 6 ишкана иштеп, аларда жалпы өнөр жайында иштегендердин 0,6%и эмгектенген. Негизги ишканалары Жалал-Абад шаарында жайгашкан; ири ишканалары: «Дан-ЮГ», «Марьям и Ко» ЖЧКлары, «Азретайып», Таш-Көмүр шаарындагы «Техник» АКтары жана башка Облустун башка ишканалары да бул тармактын кошумча продукцияларын чыгарат; ошондой эле облустун шаарларында, райондорунда, айыл-кыштактарында жеке менчик тегирмендер ун-акшак тартышат. 2008-жылы облуста 70,5 миң т ун чыгарылып, ал республикада өндүрүлгөн ундун 22,4%ин түзгөн.
Полиграфия өнөр жайынын 5 ишканасы иштейт; алар Жалал-Абад, Таш-Көмүр ш-ндагы басмаканалар жана чакан ишкана. Негизги продукциялары: китеп, гезит, бланк, этикетка жана башка ИДПнин 49,9%и а. ч-га туура келет. 2008-жылы 46 а. ч. кооперациясы, 2 орток дыйкан чарбасы, 4 АК, 8,2 миң жеке дыйкан (фермер) субъектилери катталып, алар 18467,5 млн сомдук продукция өндүргөн (республиканын жалпы продукциясынын 16,4%). А. ч-нда өндүрүлгөн продукциянын 62,4%и дыйканчылыкка туура келет, ал пахта, тамеки жана жашылча өстүрүүгө адистешкен. Кийинки жылдарда облустун жеринде кант кызылча жана май алынуучу өсүмдүктөр өстүрүлө баштады.

Айыл чарбага жарактуу жери 1857,3 миң га, анын 9,0%и (167,1 миң га) айдоо, 0,5%и (9,2 миң га) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, 2,1%и (39,0 миң га) чабынды жана 88,4%и (1642,1 миң га) жайыт (2008). Эгин аянты 875,5 миң га болуп (респ-дагы эгин аянтынын 14,6%и), анда 72,9 миң га дан (12,4%), 22,9 миң га пахта (67,5%), 4,5 миң га тамеки (31,0%), 5,6 миң га картөшкө (8,1%), 7,2 миң га жашылча (15,3%), 13,5 миң га тоют (8,0%), 19,9 миң га май алынчу өсүмдүктөр (34,8%), калган 1,1 миң га жерге бакча өсүмдүктөрү эгилген. Булардан башка облустун жеринде 6,8 миң га мөмө-жемиш бактары (14,0%), 1,3 миң га жүзүм (16,7%) аянты болгон. 2008-жылы 234,9 миң т дан (респ-кадагынын жалпы 15,5%), 63,2 миң т пахта (66,6%), 1,1 миң т тамеки (8,1%), 96,6 миң т картөшкө (7,2%), 153,1 миң т жашылча (18,6%), 18,9 миң т бакча өсүмдүктөрү (28,8%), 39,5 миң т мөмө-жемиш (21,3%) жана 6,2 миң т жүзүм (23,4%) алынган.

Айыл чарба продукциясынын 37,1%ин өндүрөт. Облустун бардык чарбаларында 2009-жылдын 1-январында малдын саны миң баш менен эсептегенде: уй 241,3 (республиканын 19,7%), кой менен эчки 855,3 (19,0%), жылкы 51,6 (16,0%), чочко 0,9 (1,4%), үй куштары 756,4 (14,2%) болгон. Облустун мал чарбасынан 2008-жылы тирүү салмакта эсептегенде 46,8 миң т эт (республикада өндүрүлгөн эттин 14,1%и), 234,5 миң т чийки сүт (17,4%), 1,7 миң т жүн (14,5% ) жана 37,8 млн даана жумуртка (10,2%) өндүрүлгөн.

Жалал-Абад облусунда автомобиль, темир жана аба жолдор жана куур транспорту бар. Алардын ичинен негизги орунду автомобиль транспорту ээлейт. 2000-жылы автомобиль транспорту менен 4971,9 миң т жүк (респ-дагы жүктүн 13,6%и), 461,6 млн жүргүнчү (10,6%) ташылган. Автомобиль жолунун негизин Бишкек Ош жолу түзөт. Андан башка Жалал-Абад Казарман, Үч-Коргон Кербен Ала-Бука Каныш-Кыя жана башка автомобиль жолдору жана Кара-Суу Жалал-Абад Көк-Жаңгак жана Наманган (Өзбекстан) Үч-Коргон Таш-Көмүр темир жол тармактары өтөт. Алардын узундугу чектелүү болгону менен башка өлкөлөр менен экономикалык байланыш түзүүдө мааниси чоң. Кочкор-Ата шаарчасынан ЖалалАбад ш-на чейин газ кууру жеткирилген. Жалал-Абад шаарында, Казарман, Кербен, Каныш-Кыя кыштагында аэропорттор иштеп, алардын Бишкек менен аба жол каттамы бар. Жалал-Абад  шаары Каракол, Чолпон-Ата шаары жана Казарман кыштагы менен жалпы аба жолдору аркылуу байланышат. Облустагы бардык шаарлар жана райондун борборлору облустун борбору Жалал-Абад шаары менен аба, кабель жана радиореле линиясы аркылуу байланышат. Облуста калкка кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү 2008-жылы 1199,6 млн сомду түзүп, республиканыкынын 7,1%ине барабар болгон.

Облуста 13 ЖОЖ бар; анда 22,3 миң студент билим алып, аларда 970 окутуучу (анын ичинен 9 илимдин доктору, 67 илимдин кандидаты) иштеген. Ошондой эле 8 атайын орто (3,5 миң студент; 292 окутуучу), 22 кесиптик-техниктик (5,0 миң окуучу) окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү 416 мектеп (221,3 миң окуучу; 14,1 миң мугалим) бар. Облус боюнча 293 мектепте кыргыз, 6 мектепте орус жана 38инде өзбек тилдеринде, ал эми 74 мектепте сабактар кыргыз, орус, өзбек тилдеринде окутулат.
Облус боюнча 92 клуб тибиндеги мекемелер, 3 автоклуб, 189 массалык китепканалар (2,0 млн нуска китеп жана журналдары менен), 11 ар түрдүү музейлер, а. и. Аксыдагы жана Тогуз-Тородогу тарых-мекен таануу музейлери, Сузак районунда Барпынын үй-музейи жана башка бар. Алардан башка балдардын 14 муз., 4 көркөм өнөр, 1 көркөм сүрөт мектептери, Жалал-Абад ш-ндагы Барпы атындагы кыргыз драма театры, Т. Тыныбеков атындагы филармония жана башка бар. Облусунун радио уктуруу жана телекөрсөтүү студиясы иштейт. 2006-жылы облуста 309 мед. дарылоо мекемеси болгон, анын 261и айылдык амбулаториялар, ооруканалар, фельдшердик-акушердик пункттар. Бардык мед. мекемелеринде 1664 врач (10 миң адамга 19 врач), 7066 мед. орто билимдүү кызматкер (81), 7700 орундуу койка (10 миң адамга 89 койка) болгон. Кийинки жылдарда ири ооруканаларда акы төлөп дарылануучулар үчүн атайын палаталар иштей баштады.

Жалал-Абад ш-нын жанында дарылык касиети жогору болгон минералдуу суунун базасында Жалал-Абад курорту иштейт. Облустун аймагы жаратылыш шартынын кооздугу, кен байлыктарынын ар түрдүүлүгү жана тарыхый эстеликтеринин сакталышы менен белгилүү. Дүйнө жүзүндөгү жаңгак токойлордун ичинен эң зор аянтты ээлеген белгилүү Түштүк Кырг-н жаңгак жана жемиш токоюнун 90%и облустун аймагында. Сары-Челек көлүнүн айланасы, Аркыт, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма жана башка жерлердин кооздугун айрыкча белгилөөгө болот. Облустун аймагында таш доорунда адам жашаган Кара-Суу тургун жайы, Саймалы-Таш (б. з. ч. 2-к. б. з. 8-к.) жана Чаар-Таштагы таш бетине чегилген сүрөт-эстеликтер, Торкен көрүстөнүнүн (1-5-к.) калдыктары, 10-12-кылымдагы Күлбөс-Хан, Чанчар-Хан жана Тогуз-Торо шаар-чептеринин чалдыбарлары, Шах-Фазил (12-к.), Арстан бабанын (16-к.) кабырлары, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү (19-к-дын башы) жана акыркы жылдарда калыбына келтирилип, кайра курулган Курманбек баатырдын күмбөзү бар.




#Article 30: Спорт (312 words)


Спорт - ар кандай дене тарбиялык көнүгүүлөр боюнча окуу-машыгууну жана мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү системасы. С. адамдын ден соолугун чыңдоо , мелдеште жогорку көрсөткүчкө жана жеңишке жетүү максатын көздөйт; дене тарбиянын негизги бөлүгү. Спорттун ар кандай түрлөрү, оюндары, коомдору, комитеттери бар.
Спорт — атайын дене тарбиялык көнүгүүлөр боюнча окуу-машыгууну жана мелдештерди уюштуруу, өткөрүү системасы. Спорт мелдешүү, жеңүү, эң жогорку спорттук жетишкендиктер — рекорддорго жетишүү максатын көздөйт. Советтик спорт ар бир кишинин ар тараптан өнүгүүсүн, ден соолукту чыңдоону камсыз кылат жана өзүнүн массалуулугу менен мүнөздөлөт. Спорттук мелдештерге жана машыгууларга катышуу ден соолукту чыңдоо, бош убакытты максаттуу пайдалануунун эң мыкты шарттарынын бири. Спорт чечкиндүүлүк, туруктуулук, тартиптүүлүк, коллективди сүйүү, жеңишке умтула билүү жана башкалар баалуу сапаттарды өнүктүрөт.

Спорт менен машыгуу нерв-психикалык, оор күч келүү менен байланыштуу болгондуктан ага ден соолугу чың, медициналык кароодон өткөн адамдар катыша алат. Такай машыккан кишилердин келбети сымбаттуу болуп, органдар менен системаларынын түзүлүшү, функциясы жакшырат. Машыгуулардын натыйжасында сөөктөр бышык болуп, булчуңдар чоңоёт, кыймыл-аракет жакшырат, сергек болот, түрдүү ооруларга туруктуулугу жогорулайт. Спорт менен машыгууда ага жумшалуучу күч машыгуучулардын күчүнө, жашына жана жынысына ылайык келүүгө тийиш. Узак убакыт, үзгүлтүксүз спорт менен машыгуу ден соолукка жакшы таасир берип, мезгилсиз картаюунун алдын алат. Бирок, жаш өткөн сайын оор күч менен байланыштуу машыгууларды азайтуу талапка ылайык. Күрөш, футбол, оордуктарды көтөрүү сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгуу пайдасыз. Ал эми сууда сүзүү, жай чуркоо, лыжа тебүү, бадминтон, теннис, волейбол ойноо орто жаштагы жана улгайып калган кишилер үчүн жеңил болот. Аялдар спорттун көпчүлүк түрү менен машыгышат. Бирок аял организминин анатомия-физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу аларга спорттун айрым түрлөррү (оор атлетика, бокс жана башкалар) менен машыгуу зыян.

Спорттун бардык түрлөрү боюнча машыгуу жана атайын мелдештер өткөрүлөт. Спорттук мелдештер адегенде ишканалардын арасында, андан кийин райондук, областтык, республикалык жана союздук масштабда уюштурулат. Ар бир спортсменге спорттук мелдештерде көрсөткөн жетишкендиктеринин негизинде атайын спорттук разряддар жана наамдар ыйгарылат. 

Б

К

Ф

Ш

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8




#Article 31: Астрономия (307 words)


Астрономия (астро... ж-а гр. nomos - закон) - ааламда болуп жаткан физикалык процесстер м-н кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын ж-а алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле Аалам жөнүндөгү илим. Астрономия сфералык астрономия, практикалык астрономия, астрофизика, асман механикасы, жылдыз астрономиясы, галактикадан тышкары астрономия, космогония, космология ж. б. бөлүмдөрдү камтыйт. Астрономия адамдын практикалык муктаждыгынан, б. а. мезгилдик кубулуштарды алдын-ала айтуу, убакытты эсептөө ж. б-дан келип чыккан байыркы илим. Биринчи Жердин жасалма жандоочусун учуруу м-н (1937, СССР) астрономиянын жаңы доору башталган. Космостогу эң чоң (диаметри 2,4 м) Э. Хаббл телескобу 1990 ж-а 2005-ж. Жердин орбитасына чыгарылып, Күн системасындагы телолорду ж-а планета аралык чөйрөнү изилдөөнүн жаңы ыкмалары пайдаланылган. Азыркы астрономиянын калыптанышы дүйнөнүн геоборбору системасынан баш тартуу ж-а аны дүйнөнүн гелиоборбору системасы м-н алмаштыруу, асман нерселеринин (телолорун) телескоп м-н изилдөөнүн башталышы ж-а бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун ачылышына байланыштуу. Б. з. ч. 2000-ж. Кытайдагы астрономия мектеби кытай астрономиясынын өнүгүшүнө салым кошкон. Астрономия ошондой эле Египетте, Индияда ж-а Грекияда өнүккөн. Байыркы Грекия астрономдору эч кандай аспапсыз эле көз м-н байкоонун негизинде чоң ачылыштарды жасашкан. Арисстарх Самосский бардык планеталар ж-а Жер кыймылсыз турган Күндү айланат деп далилдеп, дүйнөнүн гелиоборбору идеясын сунуш кылган. Шумер-аккад цивилизациясынын жрец астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күн, Ай ж. б. планеталардын кыймылдарын жылдыз фонунда катташкан. Астрономиянын көп терминдери арабчадан келип чыккан, мисалы, зенит, надир, альманах. Птоломей б. з. 140-жылдарында «Альмагест» деген эмгегинде астрономия б-ча бүт билимди чогулткан. Ал ошол кылымдын аралыгында негизги жетектөөчү эмгек болуп, 17-кылымга чейин астрономиялык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1543-ж. поляк окумуштуусу Н. Коперниктин «Асман сфераларынын байланышы жөнүндө» деген эмгеги чыккан. Кийин Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ж-а кыймылдын үч законун Ай ж-а планеталардын кыймылына пайдалануу Коперник, Кеплер ж-а Галилейдин иштерин бириктирген. Кийинки эки жүз жылдыкта астрономия эки багытта өнүккөн. Биринчисинде чоң ж-а кубаттуу телескоптун жардамы м-н Ааламдын көптөгөн аймактары изилденген. Экинчисинде - планеталарды, анын жандоочуларын, кометаларды, астероиддерди изилдөөдө Ньютондун динамика закону ж-а кош жылдыздарды аныктоочу өсүү саны пайдаланылат.




#Article 32: Экология (478 words)


Экология (грек тилинен oikos - үй, мекен,жашаган жер жана logos - илим,окуу. Түздөн түз которгондо: үй жөнүндө илим, ал эми адамзат үчүн үй бул Жер планетасы.)- организмдердин өз ара жана айлана чөйрө менен болгон байланышын изилдөөчү илим. Тирүү организмдин жашоо шартын жана организмдердин жашоо чөйрөсү менен өз ара байланышын изилдөөчү илим.

Экологиянын өтө көп аныктамалары бар, бирок көпчүлүк окумуштуулар, “Экология – тирүү организмдердин тиричилигинин шартын изилдөөчү жана организмдер менен чөйрөнүн ортосундагы өз ара байланышын изилдеген илим”, дешет. 

Белгилүү окумуштуу америкалык эколог Ю.Одум мындай жалпы аныктама берет: “Экология – бул илим аралык билим тармагы, көп денгээлдик системалардын жаратылышта, коомдо жайгашуу жана алардын өз ара байланышы жөнүндөгү илим”.

Адамдын өндүрүштүк активдүүлүгүнөн атмосфера, океан, көл, дарыя-суулардын булганышы, өсүмдүктөрдүн жок кылынышы, жаныбарлардын көп түрүнүн тукум курут болушу айлана-чөйрөнү коргоо маселесине чоң көңүл бурууга жана Экологиялык изилдөөлөрдүн кеңейишине түрткү берди. Экологиянын алдында биологиялык ресурстарды үнөмдүү пайдалануунун илимий негизин түзүү, адамдын иш-аракетинин таасиринен табияттын өзгөрүшүн изилдөө, мындай өзгөрүүлөрдүн масштабын, мүмкүндүгүн алдын ала прогноздоо, ошондой эле биосферада өтүүчү процесстерди башкаруу методдорун иштеп чыгуу милдети турат. Экологиянын көйгөйлөрү медицина менен тыгыз байланышта болуп, социалдык-гигиеналык мүнөзгө ээ. Өндүрүштүк чарбанын улам тез темп менен тийгизген таасиринен чөйрөнүн ылдам өзгөрүшү адам жана ал жашаган чөйрөнүн ортосундагы Экологиялык тең салмактын бузулушуна алып келиши ыктымал, кээде анын бузулган учурлары да болуп жатат. Ошондуктан калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу 7875максатында адамзаттын өндүрүштүк иш-аракетин жаңы негизде өркүндөтүү максатка ылайыктуу.

Заманбап экология татаал жана бутактанган структурага ээ. 90 жакын багыттар акыркы жылдарда калыптанып, экологизация процесстери жүрүп жаткан адамзаттын ишкердүүлүгүнүн тармактары болуп эсептелет.

Айлана чөйрө жөнүндөгү илим: теоретикалык (классикалык), прикладдык (колдонмо), глобалдык экология.

Экология өз алдынча дисциплина болуп XIX к. ортосунда калыптана баштады. Бирок экологиялык изилдөөлөр адамзаттын өнүгүүсү менен бирге эле жүрүп келген. Ар кыл окумуштуулардын экологиялык билимдин калыптанышына, экологиянын өнүгүү тарыхына салымын суммалап окумуштуулар 3 негизги этапка бөлүп жүрүшөт.

Бул этап экологиянын илим катары жаралып жана калыптануу этабы (байыркы доордон XIX к. 60ж чейин). Бул этаптагы окумуштуулар грек философтору (Анаксимандр, Демокрит, Фалес, Гиппократ, Архимед, Платон), Аристотель (384-322 б.э.ч.), кайра жаралуу доорунун окумуштуулары Н.Коперник, Дж.Бруно, Г.Галилео, Л.да Винчи – булар жаратылыш жөнүндө илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Роберт Бойль (1627-1691) биринчилерден болуп төмөнкү басымдарда жаныбардардын чыдамдуулугун изилдеген, б.а. абиотикалык шарттардын тирүү жандыктарга болгон таасирин изилдеп көргөн. 1650-1700 ж. Антони ван Левенгук бактерияларды байкаган.

Бул этапта (XIX к. 60-ж ХХк. 50-ж. чейин) экологиянын өз алдынча тармакка калыптануу этабы. А.Гумбольдт, Н.Северцов, Ч.Дарвин, Э.Геккель, К.Мебиус, В.Докучаев, К.Шретер, В. Вернадский, Э.Леруа, Г.Гаузе, А.Тенсли, В.Сукачев аттуу окумуштуулардын ачылыштары менен байланыштуу. ХХк. экинчи жарымынан баштап айлана чөйрөнүн кирденүүсү жогорулап жана адамдын жаратылышка таасиринин кескин жогорулашынан улам экология өзгөчө мааниге ээ болду.

Экологиянын өнүгүүсүнүн 3-этабы ХХк. 50ж. – азыркы убакытка чейин. Экология өзүнө жаратылышты жана айлана чөйрөнү коргоону камтыган комплекстүү илимге айланды. Экологиянын заманбап өнүгүү мезгили Ю.Одум, Б.Коммонер, Р.Дажо, Н.Реймерс, И.Шилов, Ю.Израэл ж.б. окумуштуулар менен байланыштуу.

Заманбап экологиянын максаты цивилизациянын туруктуу өнүгүүсүн экологиянын мыйзамдарына ылайык келтирүү менен жаратылыш жана антропогендик системаларды, адамзаттын коомун жана бүтүн биосфераны башкаруу ыкмаларын иштеп чыгуу.

 




#Article 33: Социология (4906 words)


Социология (латын тилинен societas- коом жана logos- илим, билим) - коом бир бүтүн система катары жана айрым коомдук институттар, процесстер, топтор, инсан менен коом мамилелери, адамдардын массалык жүрүш-турушунун закон ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим.

Социология деген эмне?

Социология адам коому жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелер тууралуу системалар жана объективдуу илим болуп саналат. Социология предмети дүйнөну жана коомду бирдикте-айрым адамдар, адамдардын тобу жана мекемелер жараткан баалуулуктарды жана көз караштарды, ошондой эле аларды озгортуучу кучторду кеңири кароого мүмкүндук берет.

Коомду жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерди изилдөөнүн көп сандаган жолдору бар. Социология менен таанышууну бул илимде колдонулуучу ыкма-социология предметин изилдөөнун озгочо методикаларын кароодон кийин баштаган туура.

Коомду жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерди изилдөөчү өзүнүн ыкмаларында социология илимий мүнөздөгү методдорду колдонууга аракеттенет. Бул социологдор интуицияга, ишенимдерге же уккандарга таянбай дегенди билдирет. Алдын ала коро билген окумуштуу изилдөөчүлөр адамзаттын бүткүл тарыхында адамдардын бири-бири жана аларды курчап турган коом менен өз ара мамилелерин жазып келишкен. Шекспирдин пьесаларында Вольтердин эссесинде, Дикенстин романдарында мына ушулардын баарында адамзаттын өз ара карым-катнаштарында жана коомдук системаларга даанышмандык менен талдоо жүргүзүлгөн. «Озун озуно сак бол, бирок кошунанды ууру тутпа», «Өзүңдөн чыккан жат жаман» деген элдик макалалардын коомдук мааниси өтө терең. Ошондой болсо да, социологдор мындай көз караштарга макул болбосо жана анча ишенбесе да ал көрүнүшторду түшүндүрүү жана далилдөө үчүн аларды негиз кылып алууга мажбур болушат. Ал эми алар адам коомунун тиричилигин изилдөө жолу менен алынган илимий маалыматтарга таянышат.

Социологдор мүмкүн болгон бардык учурларда биология жана физика ондонгон табигый илимдер колдонуучу изилдөө ыкмаларын пайдаланышат. Алар көбүнчө илимий ыкмаларды пайдалануу менен изилдөө жургузушот, башкача айтканда текшерүүгө мүмкүн болгон гипотезаларды жаратат жана ал гипотезаны кабыл алуу же четке кагуу кандай натыйжалардын негизинде болорун алдын ала билишет. Башка окумуштуулардай эле, социологдор объективдуу мүнөздөгү эмоциялардын, же кандайдыр бир артыкчылыктардын эсебинен бурмаланбаган корутундуларды жасоого натыйжаларга ээ болууга аракеттенишет. Илимий методдордун жардамы менен мына ушундайча изилдөөнун натыйжасында социология адабият, дин жана философия сыяктуу илимий негиздеги эмес гуманитардык тармактардан айырмаланып турат. Социолгоиянын акыркы максаты коомдук көрүнүшторду түшүндүрүүчу жана айрым учурларда алдын ала айтуучу так илимий билимди жаратуу болуп саналат.

Ал эми адамдарды изилдөөдо толук объективдуу болуу өтө кыйын жана социологияда илимий методдорду колдонуу көп проблемаларга коз каранды. Адам таштан, жылдыздан же газдын молекуласынан айырмаланып, сезимге, ой жугуртууго ээ болгон жана жеке кызыкчылыктары бар өтө татаал тируу организм болуп саналат. Оздору изилдей турган предметтер сыяктуу эле, социологдор, моралдык касиетке ээ болгон татаал тируу организм экендиги тууралуу факт, изилденуучүлөрго жана ал методдор үчүн пайдалануучуларга белгилуу бир кескин чек коёт. Мисалга алсак социологдор балдарды суйуусуно же оорчуп осушуно тыюу сала албайт. Ошондой эле, адамдардын согуш мезгилиндеги мамилелерин байкоо жана алардын согушта чыдоо жондомдуулугун изилдөө максатында алар согуш баштай албайт жана согуштун мындай шарттарын түзө албайт.

Адам табигый илимдер изилдей турган объекттерден өтө айырмалангандыктан көп социологдор бул илимдерде колдонулуучу методдорду өзгөртүшөт жана толукташат. Социологдор, социологиялык чындыкка ээ болуу кыйла даражада изилдөөчунун жеке билимине байланыштуу деп эсептешет. Мындай позицияны немец социологу Макс Вебер пропогандалаган, ал адамдын жүрүм-турумун түшүнүүнун эн жакшы жолу-изилденуучу объекттин аң сезиминде болуп жаткандарды түздөн-түз симпатиялык түшүнүү деп болжолдогон.

Көп социологдор адамзат тажрыйбасын толук түшүнүү үчүн табигый илимдерде колдонулучу методдор жетишсиз деп эсептешет. Социология жаатында жургузулуучу көп иштерди гуманитардык илимдер, озгочо философия менен окшоштугу бар. Изилдөө ыкмаларынын мындай айкалышуусу, так жана гуманитардык илимдердин байланышы социологияны азыркы учурдагыдай кызыктуу жана озуно конул бурдура тургандай илимдин тармагына айландырды.

Чындыгында ар бир адам тигил же бул даражада жалпы дүйнөнун жана адамзаттын жаратылышын түшүндүрүүчу озуно жаккан теориясы бар социологияга кызыккан изилдөөчу болуп саналат. Ал эми тескерисинче, табигый илимдер изилдей турган предметтер адамдарга жургузулуучу адаттагы тажрыйбалардын чегинен чыгып кеткен учурлар көп кездешет. Табигый илимдер изилдөөчү маселелердин жооптору көп учурларда адаттагы адамдар түшүнүүгө кыйын тилде жана символдордо баяндалат жана жазылат. Мына ошондуктан баарыбызга социология предмети өтө жакшы тааныш болгондуктан, социологиялык материалдар менен иштөөдө өтө кылдат болуу зарыл. Туура ой жүгүртүүлөрдөн келип чыккан жыйынтыктар жана аларды далилдөөчу аргументтер ката болуп калышы мүмкүн, чындыгында көбүнчө ошондой да болуп чыгат. 

Көнүгүү:

Адамдын өзүн-өзү өлтүрүү жагдайларын карап королу. Өзүн өзү өлтүрүү жана анын себептери тууралуу томондо келтирилгендердин кайсынысы туура экендигин жуйолуу ой жугуртуу менен жооп бергиле.

Социологиянын негиздоочүлөрдун бири Эмиль Дюркгейм (1858-1917) алгачкылардан болуп системалык изилдөөлорду жургузгон жана коом жогорку онуккон денгээлге жетишкен учурда өзүн өзү өлтүрүү учурлары кескин кобойуп кеткендиги тууралуу маалыматтарды топтогон. Анын «Өзүн өзү өлтүрүү»  деген китеби социология жаатындагы алгачкы илимий изилдөөлордон болуп калды. Мына ушундан кийинки илимий изилдөөлөрдүн маанилуу тармагы болуп калган өзүн өзү өлтүрүү проблемаларын изилдөө Дюркгеймдин эмгегиндеги маалыматтардай эле танкалаарлык натыйжаларды беруудо таблицаны кара.

Өзүн өзү өлтүрүү проблемалары бюнча жогорку далилдөөлордон биз эмнелерди биле алабыз? Туура ой жугуртуунун жана аларды далилдөөчу аргументтердин натыйжасында алынган маалыматтар ката болуп калышы мүмкүн жана негизинен көбүнчө туура эмес болуп чыгат. Биздин коомго жана адамдардын өз ара мамилелерине тийиштуу суроолордун туура жоопторун өтө дыккаттык менен объективдуу изилдөөлөрдүн натыйжасында алууга болот.

Өзүн өзү өлтүрүү кокусунан, эч себепсиз эле, өтө ачуулангандыктан бoло бербейт. Өзүнө кол салуу жагдайы адамдардын белгилуу бир тобуна, жашаган жерлерине жана мезгилге өтө байланыштуу боло тургандыгын өзүн өзү өлтүрүүлордун саны көрсөттү. Ар бир социалдык категорияларагы өзун өзү өлүмгө кыюу учурларынын белгилуу бир санын «алдын ала айтууга болот». Кайсы бир категорияларда ким өзүн өзү өлтүрө тургандыгын эч ким алдын ала айта албайт, ал эми кайсы категорияда өзүн өзү өлтүрүү өтө көп өлтүрө тургандыгын алдын ала так айтууга болот. Мисалы алсак, негрлерге караганда ак түстөгү адамдардын ичинде, аялдарга караганда эркектердн арасында уйлонгондорго караганда уйлонбогондордун арасында жана кедей жашагандарга салыштырганда жакшы жашагандардын ичинде өзүн өзү өлтүрүү көптөгөн жылдардан бери осуудо. Жогорудагы айтылып кеткен «социалдык жагдайды» өзүн өзү өлтүрүүлөрдүн негизинде кандай жыйынтык чыгарууга болот? Албетте өзүн өзү өлтүрүү-бул жашоодон кескен жеке адамдын өзүнүн гана жасаган иши деп ойлойсун. Тилекке каршы, адам көбүнчө белгилүү бир соиалдык кырдаалдардын таасиринен мындай чечимге келет. Ал эми бул факт өзүн өлтүрүү жеке адамдын өзүнүн гана эмес, коомдун таасиринен, б.а.адамдын жүрүм-туруму анын социалдык чойро көп таасир эткендигинен боло тургандыгын көрсөтөт. Өзүн өзү өлтүрүүнүн мындай социалдык жагдайларынын негизинде адамдын жүрүм-туруму анын социалдык айлана чөйрөлөрүнүн, үй-бүлөнүн, общинанын, этникалык топтордун, уюмдардын жана тарыжый доорлордун натыйжсында калыптанат деген жыйынтыкка келүүгө болот. Мына ушундай жыйынтык адамдын жүрүм-турумунун бардык түрлөрү үчүн социологиядагы негизги жобо болуп саналат, б.а.адамдын жүрүм-туруму коом жана социалдык кырдаалдар тарабынан калыптанат. 

Ар бир илимдин озуно берилген эн негизги суроосу «эмне үчүн?» болуп саналат. Жонокой суроодой болуп көрүнгөнү менен «эмне үчүн?» деген суроо кыйла жалпылоочу жана көп нерсени ичине камтыган, ошондой эле көптөгөн суроолордон жаралган суроо: Белгилуу бир жагдай кандайча пайда болду? Кандай өзгөчө кырдаалдарда? Кандай процесстердин таасири жана кайсы механизмдердин катышы менен? Башкача соз менен айтканда кайсы көрүнүштөр экендигин жана күчүндо сакталып калышын толук же бир аз денгээлде кандайча түшүндүрүүго болот? Бардык бул суроолор «эмне үчүн?» деген кыйла жалпы суроого жооп берүүгө жардам берет. Ал бизди эмне үчүн адам өзүн өзү өлтүрүүгө барат деген суроо социология кандай жооп бере тургандыгы кызыктырат. Бул суроонун жообун толук түшүнүү дегендик коомдук илимдердин арасынан социологиянын ээлеген ролун жана билимди өнүктүрүү жаатында бул илимдин потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү дегендик. «Эмне үчүн?» деген социологиялык суроону талкуулоодон мурун эмне үчүн өзүн-өзү өлтүрүрүшөт деген суроого башка илимдин тармактарынан алынганүч жоопту карап көрөбүз.

Адамдын биологиялык факторлорун, биографиясын жана жеке инсандык өзгөчөлүтөрүн билуу өзүн өзү өлтүрүүнун себебин туура тушундурушу мүмкүн. Биологдор, жеке иш алып баруучу детективдер жана психологдор мына ушул багытта билим алышат. Ал эми социологдор кандай негизде иштешет? Социологдор болсо өзүн өзү өлтүрүүну биологиялык факторлор, биографиялык фактылар же жеке инсандык касиеттери менен байланышта карабастан, коомго байланышта карайт. Болгон ар бир озун олтурууну социолог социалдык жагдайлардын жана кырдаалдардын негизинде тушундурушот.

Бирок социология жалпысынан алганда негизинен конкреттуу индивидиуумдун өзүн өзү эмне үчүн өлтүргөндүгүнө (кылмыш иш жасадыбы же жумушсуз калдыбы) конул бурбай тургандыгын кошумчалап айта кетуу маанилуу. Социология адамдын өз жанынан кечүүгө жасаган аракетине эмес, ошол кырсык болгон жердеги социалдык чөйрөгө же шарттарга негизинен көңүл бурат.

Социологдор өзүн өзү өлтүрүүну көбүнчө адамдын жалгыз өзүнүн гана иши эмес, «социалдык факт» же социалдык көрүнүш катары карайт. Социолог эмне үчүн айрым адамдар өзүн өзү өлтүргөнүн эмес, эмне үчүн өзүн өзү өлтүрүү бир чойрого караганда башка бир чойродо көп же аз экенин аныктоого умтулушат. Алар томонкудой суроолорго жооп издешет: эмне үчүн шаарларга караганда айыл жерлеринде (батыш олколоруно карата алганда) өзүн өзү өлтүрүүнун пайызы томон же италиялыктарга салыштырганда австралиялыктар эмне үчүн өзүн өзү өлтүрушот? (Жогорку таблицаны кара) Мисалга алсак, айыл жерлери жана Италия үчүн кандай муноздомолор окшош болуп саналат жана ал окшош муноздомолор кандай даражада өзүн өзү өлтүрүүгө байланыштуу? Бул суроолордун жооптору ал көрүнүшторго толук түшүнүк бере албайт жана айрым бир жеке учурлардагы озун олтуруулорду алдын ала айтууга кээде гана мүмкүн берет, бирок ал жооптор өзүн өзү өлтүрүү жөнүндөгү кеңири маалыматтын булагы гана болуп саналбастан, адамдын социалдык жашоосунун фундаменталдуу мунозу тууралуу да түшүнүк берет.

Ал эми социология жалгыз кишини изилдебестен коомго гана көп конул бурат деп айтуу да туура эмес. Адамдын журуум-турумун толук изилдөө социологиянын негизги милдети болбосо да, «коом» деп аталган абстрактуу түшүнүкту адамдар тузорун жакшы билишет; ал эми коом жеке адамдардын бири бири менен өз ара карым катнаштарынын натыйжасында тузулот. Мына ушундайча тузулгон коом жана өзүнүн ар бир мучосуно өзүнүн таасири (жогоруда келтирилген өзүн өзү өлтүрүүнун мисалынын учурундагыдай) социологдордун көпчүлүгү үчүн негизги кызыгууну туудурат, ошондой эле көп социологдорду коомдогу адамдардын ортосундагы өз ара карым-катнаш процесстери озунчо да кызыктырат. Адамдардын өз ара мамилелеринин натыйжасында коом кандайча тузулот жана кун сайын кандайча озгорулуп турат?.. Социологиянын негизинен коомду жана коомдогу адамдардын өз ара ммилелерин кароочу болуму кийинки главада берилет.

Озун олтуруунун пайызы томон болгон эм топторунда, общиналарда жана коомдордо эмне үчүн алардын мучолору өз жанынан кечууго аз барат? Бул социологиялык топтор башкаларга караганда кыйла биримдиктуу, чогуу же «тыгыз байланышта» экендиги алынган социологиялык жооптордон корунуп турат. Бул топтордогу айрым адамдар алдына чон максат, умут коюп жашагандар; алар белгилуу бир статуска ээ; алар озун озу алып журушу кыйла ачык корунот; алар оздорун жеке мүмкүнчулукторунун чегинен тышкары жогорку денгээлдеги инсан же социалдык топтор оздорнун айрым мучолорун көп контролдошот жана жеке журуш-турушуна өтө катуу тышкы тыюууларды салышат.

Бул социалдык муноздомолор бүткүл дүйнө жузундогу туруктуу, каада-салттуу жана динди катуу туткан топтордо, общиналарда жана коомдордо өтө кеңири таралган. Мына ушундай гана топтордо өзүн өзү өлтүргөндөрдүн пайызы өтө томон. Жеке адам менен адамдын топторунун ортосундагы байланыш ушунчалык өтө күчтүү болгондуктан, ал топ адамдын омурун кыюуга жол бербейт, ал тургай ал жонундо ойлоого да мүмкүндук бербейт. Бул жерде адамдын омуру же адамдын өзүнүн гана кызыкчылыгы менен олчонбостон, жалпы адамдардын ой-максаттарына тыгыз байланышта болот. 

Тескерисинче, өзүн өзү өлтүргөндөрдүн эн чон пайызы озумчулдук негизги орунду ээлеген топтордо, байланышы начар топтордо, кызыкчылыктары шектенуулорду туудурган топтордо, эркиндикке ээ болгон жеке адам өзүнүн жашоосунун каалагандай жургузгон жана социалдык болунуу байкалган жерлерде кездешет. Социалдык жактан озунчо жашаган адамдардын жашоосу көбүнчө адамдардын топторунун күчтүү ой-максаттарынын ордуна жеке кызыкчылыкка баш иет. Эгерде адамдардын тобунун күчтүү ой-максаттары жок болсо, мындай жеке кызыкчылыктар адам өз жашоосунда күчтүү эркке ээ болуш үчүн көбүнчө жетишсиз болуп саналат. Мына ошентип, жогоркулардан тышкары, өзүн өзү өлтүрүү жеке башынын эркиндиги үчүн озун курмандыкка чалышы деп айтсак да болот.
Социолог жогоруда айтылгандарга эч кандай моралдык баа бербейт; өзүн өзү өлтүрүүлордун пайызы томон же жеке эркиндиги жогорку даражада болгондуктан, бир коом башка коомга караганда жакшы деген болжолдоолорду келтируу социологиянын милдетине кирбейт, мындай моралдык же саясый ой-толгоолор коомдук илимдердин чегинен тышкары иштер. Ал эми социология мындай ой-толгоолордун негизин тузуучу баалуу так маалыматтарды бере алат.

Озун олтуруунун мындай туру, б.а.топтун кызыкчылыгы жеке адамдын омурунун жогору коюулгандыгынын натыйжасында адам озун олтурушу келип чыкса, альтруисттик өзүн өзү өлтүрүү деп аталат. Ошондой эле альтруисттик өзүн өзү өлтүрүү же адамдын жеке кызыкчылыктарынан келип чыккан озун олтурууго караганда моралдык жактан башкача бааланат. Альтруисттик өзүн өзү өлтүрүү Дюркгеймдин классификациясы боюнча озун олтурунун торт турунун бири болуп саналат. Өзүн өзү өлтүрүүнун эгоисттик, аномикалык жана фаталисттик деген негизги уч туру бар, алар томонку таблицада кыскача баяндалып жазылган.

Социологиялык түшүнүктун акыркы бир аспектисин айта кетуу зарыл. Эгерде озун олтуруу топтогу адамдардын байланышынын күчтүү экендигинен болсо, анда эмне үчүн адамдардын кээ бир тобу чогуу же тыгыз байланышта болот, ал эми башка бир топтору ыркы жок жана бири-бири менен байланышта эмес? Айыл жерлерине караганда адатта шаарлардагы адамдын ортосундагы карым-катнаш эмне үчүн начар болот? Бул суроонун жообу биологиянын же психологиянын негизинде берилиши ыктымал. Шаарларда жашаган адамдардын биологиялык жана психологиялык шарттары айырмалана турганын айтууга болот. Бирок, шаарда жашаган адамдардын айылда жашагандардан биологиялык айырмалуу ыктымалдуулугу өтө аз, ал эми шаар жана айыл жерлериндеги адамдардын психологиясынын ортосундагы айырмачылыктарынын баары алардын тубаса озгочолукторунон эмес, алардын социалдык шарттарынын ар турдуу экендигинен келип чыгышы ыктымал.
Ал эми адамдардын топторунун ортосундагы айырмачылыктарынын себептери эмнеде? Өзүн өзү өлтүрүү учурундагы адамдардын журуш турушунун жеке озгочолукторун тушундургондой эле социологдор социалдык кубулуштардын себептерин же «топ болуп жашаган адамдардын жүрүм-турумун» социалдык башка көрүнүштордон табууга аракеттенишет. Община жана коом, мисалга алсак, негизинен социалдык институттардын өз ара таасир этуу жолу аркылуу калыптанат. Үй-бүлө экономика аркылуу калыптанат, экономика Окмот аркылуу калыптанат, окмот мыйзам аркылуу калыптанат, мыйзам болсо мораль аркылуу калыптанат., дагы ушул сыяктуу. Мына ошентип кайсы гана социалдык чойро болсо да бири-бири менен өз ара таасир этуучу коомдук кучтордун татаал чырмалышуусу болуп эсептелет. Мына ушул себептен ар кайсы олколордо жашагандарды же жада калса адамдардын ар турдуу топторун ар тараптан жалпылоодо өтө этияттыкты сактоо зарыл. Адатта көп олколордо улгайган адамдардын арасында өзүн өзү өлтүрүү пайызы жогору деп айта алабыз, ал эми озун олтуруу айыл же шаар жерлеринде ар дайым өтө коп деп айта алабыз. Мисалга алсак өзүн өзү өлтүрүү учурлары шаарларда көп кездешкен. Америкадан айырмаланып, Японияда озун олтуруу пайызы айыл жерлеринде жогору. Улгайган адамдар Японияда көбүнчө кирешеси аз жана социалдык камсыздоо системасы начар айыл жерлеринде жашашат (22). Социология деп аталган илимдин милдети өз тармагындагы жана башка чойролордо социалдык чындыктын татаал айкалыштарын изилдөө болуп саналат. 

Көнүгүү: 
Автор жогорудагы текстте өзүн өзү өлтүруну олумго учуроонун себептеринин эн башкысы катары баяндайт. Силердин оюнар боюнча озунордун олконордо олумго учуроонун жана ооруга чалдыгуунун башкы себептери кайсылар? Бул тууралуу маалыматты кайдан табарынарды жазгыла.
Керектуу маалыматтарды тапкандан кийин томондогулорду жазгыла:

Табиятты жана физикалык дүйнөну системалык турдо изилдөөчу табигый илимдерден айырмаланып коомдук илимдер илимий ыкмаларды колдонуу менен коомду жана адамдын жүрүм-турумун изилдейт. Социология озу пайдалануучу методдордун натыйжасында табигый илимдер менен тыгыз байланышкан. Ал ошондой эле башка коомдук илимдер менен тыгыз байланышта, анткени алар изилдөөнун жалпы предмети бириктирип турат. Социологиянын, экономиканын, психологиянын, антропологиянын жана тарыхтын ортолорундагы чектер көбүнчө жоюулуп кетет. Мисалга алсак, кирешеси жакырчылыктын денгээлинен томон болгон шаарларда жашагандардын проблемаларын изилдөө да урбанисттик социология, үй-бүлө экономикасы же урбанисттик социология үй-бүлө экономикасы менен урбанисттик политология сыяктуу илимдерин изилдөөчу предмети боло алат. Ал эми чыкдыгында алардын ортосунда чек бар жана так социологиялык көрүнүшту тузуу үчүн бардык коомдук илимдерди түшүнүү зарыл.

Экономика товарларды ондуру, болуштуруу, пайдалануу жана тейлоо тармактарын изилдей турган илим. Экономика менен социологиянын экоонун ортосундагы эн маанилуу байланыштыруучу муун экономикалык тармактагы социалдык негиз болуп саналат. Банкка акчалар озу эле келип тушпойт же счеттон озу эле алынбайт же кандайдыр бир кучтун таасири менен иштелбейт. Алардын жумушка орношуу жана балдарын окутууга каражат топтоо же уй сатып алуу максатында кайсы бир социалдык чечимге келген адамдар гана банкка салат. Начальнигинин кол алдында иштегиси келбей озунчо иш баштагысы келгендер же кошунасыныкындай кийим кийгиси келгендер, же жумушсуз жургон адамдар счеттон акча алышат. Ал эми башка бир байланыштыруучу муун коомдогукарым-катнаштардын көп түрлөрүнун экономикалык негизи болуп саналат. Коомдун жашоо тиричилиги үчүн экономикалык жана материалдык кызыкчылыктар чон таасир тийгизет.

Политологиянын конулунун борборунда окмот жана саясый бийликти пайдалануу турат. Окумуштуу политологдор башкаруу системасынын тузулуш лпринциптерин жана саясый процесстердин орчушун изилдешет. Социрлогодор ошондой эле саясый багыттагы суроолорго-эмне үчүн адамдар саясый кыймылдарга бириге тургандыгын же кайсы бир саясый көз караштарды колдой тургандыгынынын себептерин, саясый жана башка коомдук институттардын ортосундагы өз ара байланыштарды билууго кобуроок кызыгышат. Кийинки жлдары политология менен социология пайдалануучу ыкмалары, изилдөөчу предметтери жана түшүнүктору боюнча жакындашып кетишти, мына ушуга байланыштуу аларды ортосунда болуп чек жургузуу мүмкүн болбой калды. 

Көнүгүү:
Бир барак кагаз алгыла да томонку тармактарда:

Бул адистегилер социалдык контролдоо маселелери менен канчалык тыгыз байланышта экендиги жонундо ойлонгоула. Бул эки кесипти озунчо эки болуп кароого болобу.

Откон окуялардын себептерин, алардын иретин жана маанисин аныктоого аракеттенип откон мезгилдерге серп салып королу. Тарыхый изилдөөлор адамдардын жонокой баяндап жазууларын жана мезгилдер аралыгындагы жалпы социалдык багыттарга байкоо жургузуулорду басып отту. Социологдор өз кезегинде тарыхый изилдөөлордон көп маалыматтарды алды. Мисалга алсак, социологдор тарыхка XIX кылымда батыш олколорундо жана бугунку куну Африка менен Азиянын онугуп келе жаткан олколорундо индустриалдаштыруунун социалдык натыйжаларын салыштыруу үчүн кайрылышкан. Биздин текстте да азыркы кездеги көптөгөн социалдык көрүнүшторду чагылдырууга мүмкүндук беруучу тарыхый шилтемелер көп келтрилет.

Психология негизинен адамдын мээсинде журо турган процесстерди изилдейт. Психологдор логикалык ой жугуртуу, эс акыл, кабыл алуу, коруу жана чыгармачылык жондомдуулук, ошондой эле невроз, ички психикалык конфликттер жана ар кандай эмоциялык абал сыяктуу мээнин иш аракетин изилдешет. Пихология негзинен социологиядан адамдардын социалдык тобуна эмес жеке тажрыйбага көп көңүл боло тургандыгы менен айырмаланат. Ал эми социалдык психология-ар бир адамды курчап туруучу социалдык чойро инсанга жана жүрүм-турумга кандайча таасир этерин изилдөөчу илим-социология менен тыгыз байланышта жана экоонун тен изилдөөлорун жана ыкмаларын колдонот. Макалдарга карата жакында эле социалдык психологдор тарабынан жүргүзүлгөн иштердин мисалдары «Акылдулук же илимий даанышмандык» деген болумдо келтирилген.

Антропология бул адамдын бологиясын жана маданиятын бардык мезгилдерде жана дүйнө жузунун бут бардык болукторундо изилдөөчу илим. Физикалык антропология негизинен адамдын биологилык эволюциясын, ошондой эле азыркы учурда жашаган адамдардын бири-биринен дене жагынан айырмачылыгын изилдейт. Маданий антропология негизинен маданият маселелерин жана азыркы кездеги коомдон мурун (айрым учурларда «индустрияга чейинки» же «эн жонокой» коом деп аталат) мезгилдин онугушн изилдейт. Ал эми тескерисинче, социологиянын негизги прдмти онуккон жана азыркы мезглдеги коомду изилдөө блуп саналат. Ошону менен бирге социологдор оздору үчүн көптөгөн антропологиялык тшунукторду жана ыкмаларды пайдланышат жана колледждер менен университеттердин көпчүлүгүндө бул эки илим бир факультетке бириктирилген.

Антропология ички чектуу муноздуу келет. Дуйнодо изилдей турган индустрияга чейинки коом аз калды жана негизинен азыркы цивилизация таасир этпеген бир да коом калган жок. Бул, антропологдор Х кылымда азыркы общиналар менен коомдорду кошо киргизип, өзүнүн изилдөө чоролорун кенейтишинин бир себеби. Изилдоо предмети жагынан алып караганда алар социологи жакндашып кетет. Этнография адамдын жүрүм-турумунун белгилуу бр аспектин же анын жашоо-тиричилигин айкындоочу антропологиялык блдируу болуп саналат.

Мумкун силердин көпчүлүгүңөр социологиянын киришуу курсу «айкын» түшүнүкторду далилдейт деп ойлогондурсунар. Ал эми социологдун ой жугуртуу логикасы боюнча алсак силер жон эле «акылга сыярлыктай» корунгон түшүнүкторго илимий колдоно аласынар. Элдик даанышмандыктын туу чокусу болуп саналган макалдарды карап королу. Кийинки жылдары коомдук илим жаатындагы адистер жалпыга маалым болгон бул макалдарда ар канда даражада чындык бар экенин далилдешти. Томондо айрым макалдар келтирилди. 

каалагандарыбыздын баары эле ишке аша бербей тургандыгын биз жакшы билебиз, ал эми көпчүлүк адамдарга караганда айрым адамдар талап кылуунун натыйжасында көп нерсеге жетишишет. Эмгек акыны эле мисалга алып королу. Нью-Йорк мамлекеттик университетинин психологу Brende Madjor жана анын коллегалары Буфало шаарындагы менеджмент факультетинин көпчүлүк тажрыйбалуу студенттери дур дүйнө дуконундо кадрлар болумунун инспекторунун ролун ойноону сунуш кылышкан. Арыз бергендер (атайын адамдар) документтеринде кандай эмгек акы алууну каалагандарын жазышкан. Айрымдары ваканция тууралуу кулактандырууда корсотулгон эмгек акыдан томон, кээ бир көп эмгек акы алууну каалагандарын жазышкан. 
Жыйынтыгы томонкудой:
Жумушка кабыл алуу туралуу чечимге эмгек акынын денгээли боюнча берилген суроо таасирин тийгизген жок. Ал эми ошондой болсо да, арыз бергендердин ичинен көп эмгек акы алууну каалагандарга жумушка кабыл алганда көп эмгек акы беришти. Туура, алар оздору корсотуп жазгандай эмгек акы берилбесе да канчалык көп эмгек акыны корсотсо, аларга ошончолук көп эмгек сунуш кылганын изилдөөчүлөр айтышты. 

Бажа-бажанын корбосо башы кычышат.
Чатакташкан туугандар бири-бирин коргондо кучакташып корушот.

Адамдар магнитке караганда кушка көп окшошот. Делмаре атындагы психиатриялык клиниканын психологу Ричард У.Льюактын жана Колифорниядагы анын коллегасынын жургузгон изилдөөлору бири-бирине карама-каршы нерселер окшош болот деген ойлор эксперименттик маалыматтар аркылуу далилденбей тургандыгын аныкташты. Көп изилдөөлор жалпы рассалык, диний жана экономикалык байланыш аркылуу бириккен, ошондой эле жалпы саясый көз карашка ээ болгон адамдар чогуу жшай тургандыгын көрсөттү. Аял менен эркектин ортосунда тузулгон өтө жакын мамлелердин натыйжасында уйлонуу учурлары келип чыгат, ал эми изилдөөчүлөрдун далилдери боюнча аялы менен куйоосу көп жагынан бири-бирине өтө окшош болушат. Льюак өзүнүн эмгектеринде, адамдар акыл-эси жагынан озу сыяктуулар менен үй-бүлө курарын корсотот. Коннектикут колледжинин психологу Бернард Мюнстейн жана башка изилдөөчүлөр: «Эн корунуктуу адамдар менен үй-бүлө курууга кылган аракетибизге карабай, баары бир биз озубуздун денгээлдеги адам менен үй-бүлө курабыз»-деп айткан. Мичиган университетинин психологу Дэвид М.Бусстун ою боюнча адамдардын озуо окшошторго баш кошо тургндыгынын принциби үй-бүлө жаатында психологиялык жана биологиялык изилдөөлөрдүн жалпыга белгилуу кайта кайталануу натыйжасы болуп эсептелет.

Психологдор Карен Дион, Эллен Бершид жана Элейн Хэтвилд 1972-жылы адамдын сырткы көрүнүшу жакшы болсо, көп жакшы сапаттары бар деп ойлой тургандыгыбызды аныкташкан. Биз изилдөөчүлөр 60 студентке адамдардын суротторун таратып берип, ошол суроттор аркылуу алардын мунозун жазып берууну отунушкон. Ондуу-тустуу адамдар анча ондуу эмес адамдарга карганда социалдык планда жогору бааланып, жакшы жумушта иштоого жана бактылуу үй-бүлө курууга көп мүмкүнчулуктору бар экендиги айтылган. «Корктуулук деген сонун нерсе» (23) деп аталган бул эмгек корктуулук тууралуу социалдык-психологиялык изилдөөлөрдүн бутундой бир агымын жаратты. 
Мунун натыйжасында көп окумуштуулар оздору үчүн озу эле ишке ашуучу эн маанилуу ыктымалдуулукту ачышты: адамдар суйкумдуу адамдардан көп жакшы нерселерди кутушот жана алар да биздин жакшы умутту аныктоого аракеттенишет. Ал эми корксуз адамдар биз ойлогондой болбой, көп ийгиликтерге ээ болушат.
Корктулук менен инсандын озгочолукторунун ортосундагы өз ара байланышын изилдөөлор корктуу эмес адамдарга караганда корктуу адамдар озун башкалардан ойдо коруп, бактылуу сезе тургандыгын, токтоо жана курбалдаштарынын таасирине туруктуу келе тургандыгын көрсөттү. Мындай мисалдарды көп эле келтирууго болот, соттун чечими да аларга жумшагыраак, студнттер аларды жакшы педагогдор деп эсептешет жана жолдош, коллега, суюуктуу адам катары жогору бааланат. Мындай жалпы муноздомолор эркектерге жана аялдарга тийешелуу. 

Социология өзүнүн азыркы кездеги формасына мындан 100 жыл мурда эле ээ болду. Ошондой болсо да, бул илимдин тамыры XVIII кылымдан башталат. Европа тарыхынын бул мезгили Агартуу мезгили деп аталат, анткени бул мезгилде ойчулдар адамдын оорчуп жетилиши анын акыл-эсине жана жондомдуулугуно жараша экендигине ишенишкен. Пастуллаттардын биринде табигый дүйнөну изилдөөчу окумуштуулар сыяктуу эле акыл-эсти физиканын мыйзамын жана планетанын кыймылын ачуудан пайдаланса болот, ал эми коомдук дүйнөну изилдөөчу окумуштуулар акыл-эсти адамдын жүрүм-турумунун мыйзамдарын изилдөөдо колдоно алат. Адамдын жүрүм-турумун изилдөө адамдын журуш-туруш мыйзамы аныкталгандан сон коомдун оорчушу үчүн пайдаланса болот деп болжолдошот. Ал эми XIX кылымдагы онор жайлык революция коомдун жашоо-тиричилигине тез жана кеңири таралган бир катар озгоруулорду алып келгендиктен Агартуу доордун отимисттик идеяларына кумондуулукту туудурду. 
Онор жайлык революция Англияда башталды, бул жердеги ойлоп табуучулар жип ийруучу «Дженни» машинасын жана кездеме токуучу механикалык станокту жаратышкан, бул болсо көп сандаган кездемелерди тез жана арзан ондурууго мүмкүндук брген. Текстиль онор жайынын, металлургия жана онор жайлардын башка тармактарынын онугушуно байланышту көп адамдар фабрикаларда иштоо үчүн жаны осуп жаткан шаарларга кетип жатшты. Алардан онор жай жумушчуларынын жаны коомдук табы тузулду, ал эми аларды жалдап иштеткендер жаны коомдук күчтүү тапка айланды. Ошондой эле үй-бүлөдө саясаттын багытында жана адамдын жашоо тиричилигиндеги диндин ролунда кескин озгоруулор болду. 
Жумушчулардын эмгек акы көп учурларда өтө томон болгондуктан, үй-бүлөнүн бардык муолору-ата-энеси жана балдары эптеп кун коруу үчүн иштоого мажбур болушкан. Айрым адамдар кунуно 19 саат, ал эми жумасына 6 же 7 кун иштешкен. Мына ушинтип эртеден кечке иштегени менен алардын иштеген жумушу туруктуу эмес болгон. Жумуш жок мезгилдерде жумушчулар жумушсуз калышкан. Келечектен эч кандай ишеним болбосо дагы, эртеден кечке чейин иштоого туура келген жан алардын жашоо шарттары өтө наар болгон, мына ошондой оор шарттардын себебинен шаарлардагы начар жашаган жаны жумушчулардын омуру кыска болгон жана алар ар кандай кылмыштуулукка барган. Мына ушундай өтө кейиштуу проблемаларды XIX кылымдын башында коомдук илимдерди изилдеген ойчулдар түшүнүүгө жана жойууга аракеттенишкен. 

Бүгүнкү кундогу социология

Социология бугунку кундогу онуккон бардык олколордо жана онугуп келе жаткан көп олколордо туруктуу илим болуп саналат. Ал АКШда жакшы онуккон ал жерде социология чон университеттердин бардыгында окутулат (1988-жыл боюнча алганда 12 мин адам социологдордун Америкалык Ассоиациясынын кесиптик социологиялык уюмдардын мучолору болуп саналат). Социология ошондой эле Англияда, Франция, Германияда жана башка батыш олколорундо күчтүү онуккон. 
Социологиянын ролу чыгыш Европа олколорундо анча чон эмес. Мисалы, мурунку СССРди алып королу. Брежневдин учурунда оциология предмети университеттерде тыюу салынып, Москвадан алыс турган анча белгилуу эмес интитуттарда гана окутулган. Советтик социологдор көп жылдар бою коомдук илимдик жаатында изилдөөлөрдү жургузгонуно карабастан, социология предмети универитеттердин окутуу программасына официалдуу турдо жакында гана киргизилди. Ал эми мурда болсо көп советтик социологдорго философ, экономист же историк деген наамдагы илимий даражалар берилип келген.
Мурунку СССРде кийинки жылдары социологиянын оорчуп онугушу Горбачевдун бийлигине жана анын кайра куруу жана айкындуулук саясатына байланыштуу. 1989-жылы аял социолог социологдордун Советтик Ассоциациясына башчы гана болбостон ал Горбачевдун өтө жакын кенешчиси, Советтик Конституцияны кайра карап чыгуу боюнча комиссиянын мучосу да болгон. 

Социология туруктуу илим болуп саналат, бирок бул дүйнөго бирдиктуу көз карашы бар так аныкталган илим дегендик эмес. Социологдордун көз караштары чындыгында көп негизги принциптери боюнча окшош болот. Бирок учурдагы социологиядагы бирдиктуу көз караштар жок. Мисалы, алып карай турган болсок, көз караштары дал келген академиялык илимдер өтө аз жана социлогия сыяктуу жаны илим жонундо да ушуну эле айтууга болот. Социология өзүнүн изилдөө предмети, ыкмалары жана билимдеринен пайдаланышы боюнча озун дагы болсо изилдөө процессинде. 
Силер оциология камтый турган маселелердин кендиги тууралуу бир аз түшүнүк алдынар. Жогоруда социологиялык ыкманы талкуулоодо биз, көп оциологдор социологияны мүмкүн болушунча илимий муноздо кароого аракеттенишерин, ал эми кээ бирлери кыла гуманитардык ыкманы колдонуштарын айтып кеттик. Социологиянын «Эмне үчүн?» деген суроосун талкуулоо менен биз, көпчүлүк социологдор коомго көп конул боло тургандыгын, ал эми айрымдарын негизинен коомдогу адамдардын өз ара карым катнаш проблемаларына конул бурарын белгилеп кеттик. Бул маселелер боюнча социологдор кандай позицияда болсо, кыйла даражадагы алардын көз караштары да бул илимдин коомдогу ролуна, ал пайдаланган ыкмаларга жана анын коюлган маселелерине байланыштуу болот. 
Коом кандайча аракеттенип жашай тргандыгын түшүндүрүү үчүн социологдор коомдун табияты тууралуу бир катар гипотезалардан башташы керек. Мындай болжолдоолор социологиянын теориялык перспективасын аныктайт. Теориялык перспектива – бул коомдун потретинин соз жузундо айтылышы. Анын конулунун борборунда социологдор тарабынан берилуучу суроолор жана алардын жоопторун издоо жолдору турат. Ал социологдор үчүн коомду жана анда жашаган адамдардын жүрүм-турумун түшүндүрүүго жардам беруучу суроолорду аныктайт. Бүгүнкү кундо соиологдор колдонуучу кыйла кеңири таралган перспективалар томондогулор: функционалдык перспектива, 

Конфликттер перспективасы

Интерактивдуу перспектива.

Функционалдык (милдеттик) перспектива

Функционалдык перспектива коомдогу стабилдуулукту сактоо үчүн бирдиктуу элемент катары коомдун ар бир мучосу кандайча салым кошорун озгочо болуп корсотот. Бул перспективага ылайык коом адамдын организми же башка бир тируу организм катары каралат. Дененин болуктору сымал (кол бут, журок жана мээ), коомдун мучолору да (мисалы, үй-бүлө, коммерциялык ишканалар жана окмот) бүткүл системада жалпы жакшы болгудай чогуу аракеттенишет. Ар бир мучо системанын жолтоосуз аракеттениши үчүн зарыл болгон тен салмактуулукту сактап турууга жардам берет. Функционализмдин башаты (айрым учурларда «структуралык функционализм» деп аталат) Огюст Комте, Герберт Спенсер жана Эмиль Дюркгейм сыяктуу алгачкы социолог-теоретиктердин эмгектеринде эле башталган.
Социалдык структуранын элементинин функциясы ачык айкын корунгон (алдын ала билген жана белгилуу болгон) же комускодо (алдын ала билген эмес же белгилуу эмес) болушу мүмкүн. Мисалы алсак, классикалык орто мектептин алдын ала белгилуу функцияснын бири, окуучуларды китеп окуу жана математика сыяктуу академиялык илим боюнча терең ыкмаларга уйротуу болуп саналат. Ошол эле мезгилде орто мектептин комуско функциясы окуучуларда бири-бири менен мамиле тузуунун жана уюшкандык сыяктуу маанилуу социалдык ыкмалардын жаралышы болуп саналат. Социалдык структуранын элементтеринин коомго туура келбеген жүрүм-турумдардын жаратышын анын дисфункционалдуулугу болуп эсептелет. Эгерде окуучулар озу менен бирге окуган окуучулардан жүрүм-турумдун социалдык тескери жактарын уйроно турган болсо, анда мектеп дисфункционалдуу болот. Маданий антропологиянын жана социологиянын тармактарында маанилуу перспективалуу болуп эсептелген функционализм Тынч океандын аралдарында же АКШнын Ортонку батышынын анча чон эмес шаарларындагы озунчо болунуп жашаган общиналар сыяктуу анчачон эмес стабилдуу коомдорду изилдөө үчүн озгочо зарыл болуп эсептелет. Ал бири-бири менен карым катнашы өтө жакын жана өтө биримдуулукто, ынтымактуулугу өтө күчтүү мындай общиналардагы адамдарды түшүнүүгө жардам берет. Эгерде кимдир бироолор гана ич ара тен салмактуулук абалын бузуп жибербесе эле, мындай чойролордун иши уламдан улам ошондой болуп ар дайым илгерилей бере тургандыгы шексиз. Функционалдык перспективанын озу да социалдык озгоруулор-бул, и ч ара келип чыккан жана системанын шайкеш иш аракетин бузуучу куч экенин корсотот.
Ал эми чындыгында социалдык жашоо тиричилик ар дайым эле тынч жана бир калыпта боло бербейт. Дүйнөнүн көпчулук болукторундо согуш журуп, которулуштор жана революциялар болуп турат. Функционализмдин сынчылары функционализм багыты бул көрүнүшторду тушундуро албайт деп айтышат. Социологиядагы дагы бир теориялык перспектива-бул тескери мүнөздөгү конфликттер перспективасы.

Конфликттер перспективасы

Конфликттер перспективасы кофликтти бардык эле коомдун милдеттуу аспектиси жана социалдык озгоруулуордун негизги булагы катары эсептейт. Бул перспектива коомдун элементтери бутундой нерсе катары жакшы аракеттенишпестен бири-бири менен кофликттешип туруучу болукчо деген болжолдоолорго негизделген. Ал эми бул, уюшкан ынтымактуу шайкеш коомдо болбойт дегендик эмес. Конфликттер теориясы жатындагы окумуштуулар (изилдөөчүлөр) дүйнөдо тартип устомдук кылаарын танышпайт, ал эми чындыгында тартип коомдогу элементтердин ортосунда ар дайым болуп туруучу кофликттердин натыйжасы болуп саналат жана бардык чурларда эле табигый көрүнүш болуп саналбайт.
Конфликттер теориясын жактоочулар өз көз караштарын Маркс менен Симмелдин эмгектерине таянып негиздешет. Алар коомдук динамикалык жана ар дайым озгоруп туручу мунозун ботончо баса белгилешет. Алар коом ар дайым морт тен салмактуулукта дешет. Көпчүлүк учурларда социалдык тартип (көбүнчө өтө убактылуу) элементтердин табигый өз таасирлеринин натыйжасында эмес, коомдогу бир элементтин башкалардын устунон устомдук кылышынын натыйжасында тузулот. Тартип-бул күчтүн жана чек коюулардын таасиринин натыйжасы, башкача айтканда, күчтүүлордун алсыздардын жана байлардын кедейлердин устунон устомдук кылышы.

Социолог карама-каршы перспективалардын ар бирин пайдалануу менен университет шаарчасынын уюштурулушуна кандайча баа бере тургандыгынын негизинде талкуулоо менен мындай карама-каршы перспективаларды биз баяндай алабыз. Бул эки перспектива бири биринен өтө айырмаланса да, алардын бири бирине туура келиши милдеттуу эмес. Алардын ар бири социалдык чындыкты ар турдуу көз карашта карашат. Функионалисттер университет шаарчасын студенттерден, окутуучулардан, админитраторлордон, ошондой эле тейлоочу адамдардан, илимий кызматкерлерден, ашкана кызматчыларынан ж.б..у.с.ар кандай «органикалык» элементтерден турат деп карашат. Бул элементтердин баары бири менен бири өз ара байланышта болуп, университет шаарчасын ынтымактуу иш аракеттерин жузого ашырууда өз улушторун кошушат. Мунун элементтеринин биринин эле иш аракеттеринин бузулушу ал тен салмактуулуктун убактысынча бузулушуна алып келет. Окутуунун сапаты же ашканадагы тамак-аш туурасындагы же башка оорчундуу саясый себептер боюнча студенттердин забастовкасы кутулбогон жерден университет шаарчасын тен салмактуулук абалын чыгарып жибериши мүмкүн. Ал эми коомдук келишимдердин жана кызматташунун негизинде тузулгондуктон, тең салмактуулуктун мындай убактылуу бузулушу бүткүл коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн тез эле калыбына келтирилет. 

Конфликттер теориясын жактоочулар университет шаарчасынын тышынан караганда бейпил керонгон коомунун ар турдуу топторунун эгоисттик кызыкчылыктарын жана алардын ортосундагы атаандашуу мамилелерин карап корууго аракет кылышат. Мисалга алсак, профессорлор жана окутуучулар педагогикалык оор жукторду женилдетүүгө аракет кылышат. Ал эми 2-курстун студенттери факультетивдик сабактардын кыскартылышына каршы болушу мүмкүн. Медицина лабораториясынын кызматкерлери университет шаарчасынан башка жерлердеги айлык акынын денгээлине чейин өзөрүнүн айдык акысын жогорулатууну талап кылышып эмгек союзун тузушу мүмкүн. Администраторлор болсо, өкмөттүн каржылоону кыскартуу шарттарында университеттеги иштерди алып баруу үчүн өздөрүнүн жасаган иштеринин башкалар баалабай турганына нааразылык билдиришет. Бул теориянын жактоочулар университет шаарчасындагы тартипти атаандашуунун жана ар кандай топтордун камкордугунун убактылуу начар натыйжасы катары эсептешет. 

Теориялык эки перспективанын бир жалпылыгы бар: биринчиден, аларды коомдун макроденгээли, ийри социалдык структуралар жана алардын бири-бири менен байланышы кызыктырат. Бул перспективаларды пайдалануучу изилдөөчүлөр же айрым учурларда макросоциологдор деп аталгандар, адатта уюмдар, мекемелер, общиналар жана эл, коомдук процесстер, урбанизация, социалдык мобильдуулук жана көз караштардын системалары, капитализм жана социализм сыяктуу коомдогу негизги элементтерге конул бурулат.

Бул эки теориялык перспективалар жалпы «структуралык» көз караштар адам жашаган коомго жана жүрүм-турумга болушот. Структуралык көз караштардын постуллаттары томонкучо:




#Article 34: Балык Ооз (549 words)


Балык (Балык Ооз), (Балыкооз) Бекмурат Кумар уулу (1793(99), Кетментөбө, Коңурөгүз кыштагы - 1873(87),Чүй өрөөнү, Арчалы айылы) - манасчы, ырчы.

Өз аты Бекмурат. Балык - эл тарабынан коюлган ылакап аты.

Атасы Кумар сарыбагыш уруусунун ичинен чоңарык деген уруктан чыккан. Кумар туугандары менен Чүй өөрөнүнөн Таласка көчүп кетишет. Бекмурат Таласта төрөлөт. Атасынан эрте ажыраган Бекмурат күндөлүк оокат үчүн жергиликтүү байларга жалданып күн көрөт. Бекмурат эл жомокторун, ырларды жана «Манасты» 13-14 жашынан баштап айыл арасында айта баштаган. 20 жашка чыкканда кадимкидей жамактап чоң топко ырдап чыккан.

Ал да салт боюнча «Манас» айтып калуусун түш көрүүгө байланыштырган. Бекмурат жаш кезинде Намангенге мал айдап баратканда жаанда калат. Жаандан коргологон Бекмурат Манастын күмбөзүнө баш калкалап, чарчаган неме уктап кетип, түш көрөт. Бекмуратка түшүндө Манас баатыр кырк чоросу менен келип, өздөрү жөнүндө айтып жүрүүгө, ал түгүл Намангенге чейин минип барууга атайын ага «тору кунан арнап берет». Манас берген мингичти Бекмурат мал айдап кетип бараткан жолунда Кабак деген жерден таап алат. Бекмурат кийин «Манасты» айтып калган себебинин эң негиздүүсү катары ошол күмбөзгө түнөгөнөн себеп кылып, көп эскерип жүргөн.

Б-тын «Манасты» кимден үйрөнгөндүгүн далилдөөчү так материал жок. Б. «Манасты» өзүнөн мурункулардан укканын жокко чыгарууга болбойт. Ага түрдүү жерден жыйналган «Манастын» варианттарынын ортосундагы жалпылык Б-тын вариантында да бардыгы далил болуп турат. Экинчиден, жазгыч акын, манасчы бир чети эл оозеки чыгармасын эң сонун билген Тоголок Молдонун маалыматына караганда Б. «Манасты» Ноорустан уккан сыяктуу.

Биринчи жолу Б. «Манасты» Наманген шаарынын Кушбегинин астында айтат. Ал «Манасты» ушунчалык берилип айтканын жогору баалаган Кушбеги баалуу сыйлыктар менен сыйлап, таластык манаптарга жакшылап көз салып, урматтагыла деп кат жазып берет. Ошондон тартып ал урмат-сыйга бөлөнүп, эл астында «Манасты» айтып жүрөт. Б-тын манасчылык даңкы элге кеңири жайыла баштаганда, солтонун белгилүү манабы Байтиктин чакыруусу менен Чүйгө көчүп келет. Б. 75 жаш курагына келгенде Байтик дүйнөдөн кайтат. Улгайып калган Б. Кочкорго туугандарына көчүп барып, үч жылга жашап калат. Б. Кочкордо турганда он жаштагы Шапак Рысменде уулу менен кездешет. Балыктын улуу мурасын, айтуу чеберчилигин үйрөнө баштайт. 75 жаш курагында да Б-тын бетине бырыш түшпөгөн, кыпкызыл болуп, үнү жаш кезиндегидей шаңкылдап бийик чыга тургандыгын Шапак эскерет. Үч жылдан кийин ал Кочкордон кайра Чүй өрөөнүнө көчүп келет да 80 жаш курагында кайтыш болот. Анын сөөгү Байтиктин жанына, Бозбөлтөктүн этегине коюлат.

Б-тын чыгармачылыгы үч түрдүү багытта өнүккөндүгү байкалат. Б-тын биринчи негизги кесиби - «Манас» айтуу болгон. Экинчи орунда жамактап ырдоо, ырчылык кесиби турган. Ал эми аксакалдар менен отурганда же тар чөйрөдө санжыра айткан. «А дегенде үч чай кайнам айтсам, кийин үч айга чейин айтсам түгөнбөдүбү» деп чыгармачылыгы күчөп, атагы алыска кеткен мезгилди айткан экен. Б. «Манас» айтканда аккан суудай шар кетип күнү-түнү айта берчү, - деген эл сөзү чың сезилет.

Ал эми Б-тын өзүнүн сөзүнө караганда «Манас» эпосу эки бөлүмдөн турган: биринчи бөлүмүнүдө «Манастан» мурдагы кыргыз тарыхы, ал бөлүм «Оторкан» аталат, экинчи бөлүмү - Манастын окуялары. «Манас» бөлүмүндө катагандын кан Кошой, Бокмурун кан, Коеш кан, Жүгөрү кан, Үрпү кан, Музбурчак, Жамгырчы, Айдаркан, Көкчөкан, Буудайыккан ж.б. баяндалган.

Анын айткан «Манасындагы» байыркы замандан бери келе жаткан салттык өзөк окуяларды сактап, жолун жолдоп, чыгармачылык үлгүсүн уланткан шакирттери Шапак Рысменде уулу менен Сагымбай Орозбак уулу болгон. Уулу Найманбай да атасынан манасчылык кесипти үйрөнүп, эл арасына манасчы катары таанылган Найманбайдын айтуусунда Б-тын варианты боюнча айрым эпизоддордон үзүндү биздин күнгө жеткендигин айтууга болот. Мисалы, «Таласты мактоо», «Манастын кээ бир кийимдери», «Манастын күмбөзү» ж.б. Б-тын вариантына таандык үзүндүлөрдү Каюм Мифтаков Сулайман Рыскулбек уулунун аткаруусунда жазып алган.

Пайдаланылган адабияттар:

ISBN 5-89750-028-2




#Article 35: Тыныбек Жапы уулу (456 words)


 
Тыныбек Жапы уулу, Тыныбек Жапый уулу - кыргыздын улуу даңазалуу  манасчысы. 

Ысык-Көлдүн тескейиндеги Кайнар деген жерде туулган.
Бугу уруусунун Тынымсейитинен.
Атасы Жапый аргымактарды таптаган саяпкер адам балгон. Тили тантыгыраак болгон экен, атасынын.
Апасы Бопуй.
Он төрт жашында, Тянь-Шандан эжесиникине, көлгө бараткан жолдо, Тосордун тушундагы мазарга түнөп калганда, кадимкидей даарып, көзүнө айкөл Манастын өзү көрүнүп, ошондон тартып жолду карата тынбай Манас айтып жүрүп олтурган.
Ошондон тартып Манас айтып калган. 
Уламадан калган кептерге караганда Тыныбек манасчы Манастын Чоң  Казат бөлүгүнүн жаратуучусу жана аны алты ай айтса талбаган улуу жомокчу. 
Тыныбектин үнү ушунчалык күчтүү анан тунук болгон экен Туюктан туруп Манас айтканда Оттук айылынын оозуна чейин угулчу дешет.
Тыныбек манасчы катары өтө кубаттуу гипнотизердук кудуретке ээ болгон манасчы. 
Күбө замандаштарынын айтууларына караганда жайдын саратанында кыламык кар жаадырып, ал кардын үстүндө алп Манас баш болгон баатырлардын тулпарларынын чарадай-чарадай болгон издери түшүп калчу экен. 
Тыныбек манасчылыгы менен Тянь-Шанда ушунчалык кадыр-баркка жеткен, аны отуз жашында бий кылып шайлашкан.    
Кадимки Манас жыйноочу В.Радлов 1898-жылы Тыныбектин айтуусунда дастандын Семетей бөлүгүнүн айрым үзүндүлөрү жазылып алган деп айтылат. 
Тыныбектин Семетейи Казань шаарында жарык көргөн.
Улуу манасчы Тыныбек 1902-жылы Нарындагы Байдулу жайлоосунун Туюк төрүндө каза болгон.
Ал Манастын баардык бөлүмдөрүн толугу менен эң жогорку көркөмдүктө айта билген.

Анын Манасты айтуудагы өзгөчөлүгү айтуучулук чеберчилигинин абдан жогору болгондугунда. 
Тыныбек ХIХ кылымдагы манасчылардын көпчүлүгүнө таасир берүү менен бул өнөрдүн өзүнчө мектебин түзүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет. 
Мисалы, Тыныбек өзү окуучуларым деп эсептеген Тоголок Молдо, Калыгулдан Молдобасан Мусулманкул уулу, Байбагыштан Багыш Сазан уулу, Дөңүзбайдан Мамбет Чокмор уулу таалим алышкан. Демек, кийин белгилүү манасчы, семетейчи болуп чыга келишкен Молдобасан, Багыш, Мамбеттер да өз устаттары аркылуу кыйыр түрдө Тыныбектен таасир алышкан. 
Колдо бар материалдарды салыштыра келгенде аталган манасчылардын варианттары да көп жагынан бири-бирине жакындык кылып, өзүнчө мектепти түзүшөт да, «анын негиздөөчүсү же эң эле бери болгондо» аны толуктап, өркүндөтүп өзүнөн кийинкилерге өткөрүп берген «эң көрүнүктүү өкүлү» деп Тыныбек Жапый уулун атоого мүмкүнчүлүк берет (С. Мусаев. Эпос «Манас», Фр. 1979, 83-б.).

Ал өзгөчө Семетей бөлүмүн зор эргүү менен айткандыгын эскерүүлөр далилдеп турат. Анын айтуусундагы Семетейдин бөлүмүнөн үзүндү кийин 1925-жылы араб алфавитинде Москва шаарынан басылып чыккан.
Тыныбектин аты манасчылык өнөрдүн тарыхында сыймык менен айтылат.
Анын айтуусундагы эпизоддор Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Сатар Алмамбетов тарабынан Германияда жарыяланган.

Тыныбек манасчы туурасында драматург Жаныш Кулмамбетов 1992-жылы Кагылайын, Манасым! (Тыныбек) аттуу драма жазып, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында режиссер Искендер Рыскулов койгон.
Бул драма менен оюнду койгон чыгармачылык топ мезгилдин образын метафоралык маанайда таасын чагылдырышкан.

С. Мусаев. Эпос «Манас», Фрунзе. 1979, 83-б. 

Жаныш Кулмамбетов. Манас -кыргыз элинин эпикалык театры. Ала-Тоо журналы. Бишкек, 1995, 216-бет.
Алтынай Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү. Бишкек, Бийиктик, 2009. - ISBN 978-9967-13-540-6.

U.A.Asanov, A.Z.Jumanazarova, T.Chorotegin.   Kyrgyzskaia nauka v litsah: Kratkiy istoricheskiy I bio- bibliograficheskiy svod / Otv. Red. U.A.Asanov. – Bishkek: Tsentr gosyazyka I entsiklopedii. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)




#Article 36: Этнография (848 words)


Этнография - эл жана башка этностук жалпылыктарды, алардын этногенезин, турмуш тиричилигин жана маданий-тарыхый байланыштарын изилдөөчү илим.
Бул илимий тармактын ар кыл өңүттөрүн изилдеген окумуштууларды этнограф деп аташат.
Этнография (байыркы гр. этнос — эл жана графия — жазам) — элдердин этностук өнүгүшүн, алардын келип чыгышын, каада-салтын, турмуш-тиричилигиндеги жана тарыхый-маданияттарындагы мамилелерин изилдей турган коомдук илим.

Э. илиминин изилдөө предметинин негизин — ар бир элге, өзүнө гана тиешелүү мүнөз бере турган, күнүмдүк турмушундагы салттык маданияты түзөт. Э-лык изилдөөлөрдүн башкы булагы — элдердин жашоо-тиричилигин түздөн-түз байкоо (стационардык жана экспедициялык жолу менен алынган маалыматтар) болуп саналат. Э. тарых жана археология илимдери менен байланышта элдердин этникалык тарыхын, алгачкы жамааттык коомун (азыркы элдердин арасында сакталып калган калдыктарды изилдөө боюнча) изилдейт. 

Экономикалык илимдер жана социология менен бирдикте элдердин чарбалык турмушун, социалдык түзүлүшүн, ал эми тил илими менен бирдикте тилдик байланыштарын, окшоштуктарын, карым-катнаштарын жана башкалар иликтейт. Э-нын дагы бир маанилүү булагы катары, элдердин байыркы мезгилдердеги турмуш-тиричиликтерин, маданияттарынын келип чыгуулары тууралуу материалдарды чагылдырган элдик оозеки чыгармачылык эсептелинет.

Этнография (англисче Ethnography)- тарых илиминин бир бучкагын түзгөн илимий тармактын аталышы.

Бул термин этнос ( ἔθνος - эл) жана графо (γράφω — жазуу) деген байыркы грек сөздөрүнөн куралган.

Жалпы дүйнө жүзүнө этнографиялык эмгектери менен таанылган окумшутуулардын арасында Итс, Рудольф Фердинандович; Гадло, Александр Вильямович; Токарев, Сергей Александрович; Бромлей, Юлиан Владимирович; Фрэзер, Джеймс Джордж; Леви-Стросс, Клод; Боас, Франц; Малиновский, Бронислав Каспар; Миклухо-Маклай, Николай Николаевич; Тайлор, Эдуард Бернетт; Морган, Льюис; Дюркгейм, Эмиль; Мид, Маргарет; Пропп, Владимир Яковлевич; Бенедикт, Рут; Гиренко, Николай Михайлович ж.б. бар.

Кыргыз этнографиясын жана этнологиялык маселелерин иликтөөгө айрыкча салым кошкон илимпоздордун арасында Белек Солтоноев, А.Аристов, С.М.Абрамзон, Какен Мамбеталиева, Ө.Караев, Ю.С.Худяков, И.Б.Молдобаев, А.Баялиева, А.Асанканов, Реми Дор, Ху Чженхуа, Анвар Байтур, Астай Бутанаев, О.К.Каратаев, С.Кайыпов, Амантур Акматалиев, Т.Чоротегин, С.К.Алымкулова, А.Көчкүнов, Ч.Өмүрбеков, А.Жапаров, Б.Чыныбаев, Б.Акмолдоева, Г.Жумакунова, А.Ботобекова, Гундула Салк жана башка ар кыл илимий адистиктерде эмгектенген окумуштуулар бар. 

Э-лык илимий көз карашта кыргыз элинин улуу чыгармасы «Манас» эпосу баа жеткис Э-лык булак катары кызмат кылат. «Манас» эпосунун баалуу Э-лык булактыгынын мааниси баарынан мурда андагы кыргыз маданиятынын ар түрдүү мезгилдериндеги өнүгүшү жөнүндөгү маалыматтардын болушунда турат. Албетте, этнограф-тарыхчылар, фольклорчулар же адабиятчылар сыяктуу эле эпостогу бардык окуялар же Э-лык маалыматтар чыгармачылык менен кайра иштелип чыккандыгын, көркөмдөлүп ырга кошулгандыгын, кээде башка бир формага өтүп кеткендигин эске алышы керек. Бирок, ушул жагдайды эске алуу менен бирдикте эпостогу маалыматтар жалаң эле кыргыз элинин маданиятынын тарыхындагы жаңы барактарды ачып бербестен, ошону менен катар этнографтар үчүн жалпы адамзаттын маданиятындагы байыркы элементтерди түшүндүрүүчү өзгөчө маанилүү материалдарды берет» (Абрамзон С. М. Киргизы...).
Кыргыз элинин башка элдер менен жүргүзгөн карым-катнаштары, этникалык байланыштары жөнүндө эпосто көптөгөн материалдар берилет. Мында байыркы Орто Азия, Волга-Урал боюндагы жана Түштүк Сибирь элдери менен болгон карым-катнаштары тууралуу айрым даректер чагылдырылат. Мисалы, эпосто төмөнкүдөй ыр саптары кезигет:

Бул жерде кыргыздардын негизинен түрк урууларына кирген элдер менен (казак, кыпчак, ногой жана башкалар) болгон байланыштары сүрөттөлүп жатат жана алардын негизинен этногенездик жакындыктары жөнүндө айтылат: «Казак, кыргыз, катаган, Жедигер, нойгут, думара — Баарыбыз бир атадан» (Сагымбай Орозбаков, 3. 14).
Байыркы кыргыздардын өздөрүнө кошуна жашаган элдер жөнүндө жана алар менен болгон байланыштары тууралуу мындайча айтылат:

Эпостогу Э-лык маанилүү маалыматтардын бири — байыркы кыргыз элинин дүйнөгө болгон көз караштарын, түшүнүктөрүн, жаныбарлар дүйнөсү, адам коому, аалам жана башкалар жөнүндөгү ой-толгоолорун чагылдырып турган мифтик түшүнүктөр арбын кездешет (к. Миф, Мифология).

Бул ыр саптарында кыргыздардын «кырк чилтенге» байланышкан байыркы диндик түшүнүктөрү көрүнүп турат. «Манас» эпосунда тотемизмдин калдыктары ачык байкалат. Аларга «Манастагы» жаныбарлардын колдоочулары Ойсул-Ата (Желмаян), Камбар-Ата (Камбар боз) же болбосо баатырларды колдоп жургөн кабылан, шер, алп кара куш жана башкалар ушундай сыяктуу кирет. Ушундай эле эпостогу тотемдик түшүнүктөрдүн бири — жапайы жаныбарлардын ээси — кайберен:

Кыргыздардын ислам динине чейинки диний ишенимдеринде ата-бабаларынын арбагына сыйынуу (анимизм) дагы өтө күчтүү болгондугун «Манас» эпосу далилдеп турат. Мындан арбакка ишенүү жөрөлгөлөрү эпосто кеңири кездешет. Манастын  төрөлүшүндө, анын ата-энесинин түшүндө, алар уулдуу болорун жана аны арбак колдоп жүрө тургандыгы жөнүндө аян берилиши же Каныкейдин Тайторуну чапканда, атты Манастын  өзүнүн жана анын чоролорунун арбактары сүрөгөндүгү жана башка ушундай сыяктуу көптөгөн мисалдарды көрсөтсө болот.
Мындан тышкары алгачкы жамааттык коомго тиешелүү диний ишенимдердин дагы бир формасы сыйкырчылыкка, кереметтүүлүккө ишенүү (магия) да эпостун ыр саптарында бар. Мисалы, эпостогу кээ бир согуштук эпизоддордо Аяш, Күйөш аярлардын (сыйкырчылардын) ар түрдүү айла-амалдар менен кубулуп кетиши же Айчүрөктүн перинин кызы болушу же эпостогу негизги каармандардын бири Алмамбет баатырдын күндү жайлашы сыяктуу окуялар буга мисал боло алат. «Манас» эпосунда Алмамбеттин күн жайлашы мындайча сүрөттөлөт:

Эпос кыргыз элинин байыркы кездердеги каада-салттарын изилдөөдө да көрүнүктүү орунда турат. Манастын  төрөлүшү, Манастын  Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы сыяктуу эпизоддордо кыргыз элинин каада-салттарын даана жана так чагылдырат. «Манас» эпосунда кыргыздарда байыртадан эле «сүйүнчүлөө» салты болгондугу кездешет. Манастын  төрөлүшүнө байланыштуу «бала тою» кеңири чагылдырылат. Каныкейге үйлөнүүдө кудалашуу, калың берүү, үйлөнүү тою сыяктуу байыркы каада-салттардын элементтери кездешет. «Манас» эпосунда өлүк коюу, аш берүү же болбосо кан көтөрүү салттары да бар. Кыргыз элине таандык эски салттардын бири «эмчектеш тууган» болуу эпосто мындайча берилет:

Эпос элдик оюндар жөнүндөгү Э. үчүн эң маанилүү көптөгөн материалдарды камтыйт. Андагы кездешкен оюндардын көпчүлүгү азыркы мезгилде да сакталып калган. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунда байыркы мезгилдерде эле кыргыз эли «ат чабыш», «найза сайыш», «күрөш», «жамбы атыш» сыяктуу элдик оюндарды өткөргөндүгү белгиленет. Мындан сырткары эпосто кеңири кездешкен элдик оюндун бир түрү — ордо болуп эсептелинет:

Кыргыз элинин тарыхын изилдөөдө «Манас» эпосу этнографиялык булак катары маанилүү орунда турат. 

Улуттар: - Түрк, Моңгол




#Article 37: Альфред Нобель (127 words)


Алфред Бернхард Нобель (швед. Alfred Bernhard Nobel; 1833-жыл 23-октябрь, Стокгольм, Швеция - 1896-жыл 10-декабрь, Сан Ремо, Италия) - швециялык химик, инженер, ойлоп табуучу, бизнесмен жана филантроп болгон; эл аралык Нобель сыйлыгын негиздөөчүсү.

Динамитти ойлоп табуу менен белгилүү болгон Нобель Бофорско дагы ээлик кылган. Негизинен темир, болот өндүрүүчүдөн башкы оор артилериялык жана башка курал-жарактарды иштеп чыгаруучуга айланган. Нобель 355 ар кандай патентке ээ болгон, анын ичинде эң атактуусу - динамит. Мөөнөтүнөн мурдагы некрологду окуган соң ал өзүнүн байлыгын Нобель сыйлыгын түптөөгө тапшырган. Некрологдо курал сатуудан пайда тапканы үчүн аны айыпташкан. Синтетикалык нобелий элементине анын ысымы ыйгарылган. Анын ысымы бүгүнкү күндө да Dynamit Nobel жана AkzoNobel сыяктуу компаниялар менен жашап келет. Алар Нобель өзү негиздеген уюмдардын бириктирилген мураскорлору болуп саналат.

Ал Лондон король коому менен Швеция Илимдер Академиясынын мүчөсү.




#Article 38: Байланыш (202 words)


Байланыш – мейкиндикте жана мезгилде бөлүнүп жашаган көрүнүштөрдүн өз ара шарттуулугу. 

Байланыш түшүнүгү-илимдеги эң маанилүү түшүнүктөрдүн бири: адамдын таанып-билүүсү нерселерге тикеден-тике тиешелүү болгон туруктуу байланыштарды ачып көрсөтүүдөн башталат. Ал эми илимдин негизи Байланыштын себеп, натыйжаларын талдоодон башталат да, ал аркылуу илимдеги мыйзам-ченемдүүлүктөрдү ачып берүүгө мүмкүн болот. 

Таанып-билүүнүн тарыхында нерселердин жана көрүнүштөрдүн өз ара жалпы Байланыш принциби диалектиканын негизги жоболорунун биринен болуп келген. Бирок 20-кылымга чейин талкуунун негизги өзөгү өз алдынча Байланыш түшүнүгү же анын логикалык түзүлүшү тууралуу эмес, дал ошол өз ара жалпы байланыш принциби тууралуу болуп келген. Илим ички жана тышкы көрүнүш, зарылчылык жана кокустук, негизги жана негизги эмес деген өңдүү Байланыштын тар чөйрөсү менен гана иш жүргүзүп келген. 

TTL - бул онлайн бара жөндөмүнө ээ болгон ар бир түзмөк бар көрсөткүчү болуп саналат. TTL- кыскартылган түзмө-түз өмүр которуп жашап, дегенди билдирет. Маалымат тескерисинче пайдалануучу жана басары борбордук жүрүш өткөрүлөт пайда болгон түзүлгөн маалыматтар топтому, - ушул учурда ал IP-пакетин өмүр жөнүндө болуп жатат.

Акы төлөтүп байланыш кызматын көрсөтүү боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин иши байланыш кызматын көрсөтүү жагында ишти жүзөгө ашырган лицензиянын (мындан ары – лицензия) негизинде гана жүргүзүлөт. Лицензияга киргизилүүчү байланыш кызматтарынын аталыштарынын тизмеси жана лицензиялык шарттардын тиешелүү тизмеси Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана жыл сайын такталат.




#Article 39: Калпак (815 words)


Калпак - кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак - кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан  асыл мүлк. Кыргыз эли эл болуп тузүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу, ыйык белгиси катары кастарлап, сүр тутуп, сөөлөт санап, көрк катары маанилүү шаң -салтанатка кийип жүргөндүгү жалпы дүйнө элине белгилүү. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.    

Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт.. Калпакты жерге койбо.. Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң.. Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың. Калпакчан жүрсөң оорубайсың; калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет. Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун. 

Калпакты ак кийизден жасайт. Формасы да ар урууду  ар башкача жасалган. Калпактын кийизине уяң ак жүндү жууп-тазалап, тытып, андан соң гана пайдаланган. Кийиз даяр  болгондон кийин көркөмдөлүп бычылып, кийин кыркылып алынат. Бычымдарды бири-бирине беттеп тиккен. Оюлуп алынган кийиздин  кырларын ак, кара, көк, жашыл  тукабадан, чийбаркыттан, сатинден, макмалдан, баркыттан,  кыжымдан  кыюу коюп тигип чыккан. Калпактын кырына коюлган түстүү кыюулар адамдын жаш өзгөчөлүгүнө  болгон: Балдардын  калпагынын кыюусу кызыл, жашыл кездемеден; Жигиттердин калпагынын кыюусу – көк кездемеден; Азаматтардын, орто жашка  чейинкилердин калпагынын кыюусу – күрөң, кара кездемеден; улгайып калган карыялардын, аксакалдардын  калпагынын кыюусу – ак же ала кездемеден жасалган. Кийинчерээк калпактын турдүү формасы бычылып, бооруна оймо, түр салынып, өзгөчө кооздоп тигиле баштады. Азыркы күндө калпакты синтепондон да жасашат. Бул материалдан жасалган калпактын баасы кийизден жасалган  калпакка салыштырмалуу бир топ арзан. Бирок  сапаты жана пайдалуугу жагынан табигый жүндөн жасалган калпакка жетпейт. 

А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ): 

Б) Төбөсүндөгү топ чачы:

Ал эми калпактын төбөсүн басып же түшүрүп кийүүнүн  тарыхы уламышка  барып такалат. Чынгыз хандын тун уулу Жөчүнүн аскерлеринин өзөгүнкыргыздар түзгөн. Жөчү да  кыргызга таянып, атасынын айрым  буйруктарынан баш тарткан. Согушта дайыма чон чабуулдун учунда, алгы сапта болгон. Ошол себептүү  Жөчү ар дайым женишке жетишип турган. Жеңишке текеберсинген Жөчү каяша айта  баштаганда Чыңгыз хандын жашыруун  буйругу менен Жөчү хан кан чыгарылбай өлтүрүлгөн. Жөчүнун оң колу болуп турган кыргыз жоокерлери туш тарапка тараган.  Чыңгыз хан бул баш тартууну угуп, бүтүндөй кыргыздарды чаап талкалап, тирүүсүнө салык салып басынткан. Менден бир белги болуп калсын деген Чыңгыз хандын буйругу менен анын жоокерлери  кыргыздардын  калпагынын  төбөсүн  басып, ичине капшыртып койгон: Дал ошондон бери кыргыз калпагынын төбөсүн түшүрүп,  ичине  капшырып, басып кийип калган делет.
Төбөсү түшкөн белги:	

Элдеги  “Төбөңдөн ургур!”, “Төбөң түшүп калгыр!”,  “Төбөң түшкүр!”,  “Төбөң түшкүрдүкү” – деген сыяктуу каргыш сөздөр да ошондон калган.

Биздин эранын 5-кылымдарында Алтайдан тартып, Грек, Рим мамлекеттерин багындырган Атилла (Бизде Адил) баатырдын жоокерлери бүтүндөй ак калпакчан жүргөндүгүн тарыхый булактардан көрөбүз. Анын далилдүү күбөсү катары 15-кылымда жарык көргөн Француз энциклопедиясында Атилланын атчан чабуул коюп бара жаткан калпакчан жоокерлеринин сүрөтү бар.

Калпак тууралуу дагы бир маалымат Искендер Зулхайнайын (Александр Македонский) жөнүндөгү уламышта кездешет. Күндөрдүн бир күнүндө түн ичинде Искендер Зулхарнайын жаткан чатырга эки жоокер кыз келип, күзөтчүсүнө кош миздүү бир кылыч, бир калпак жана адамдын куу мүсөн баш сөөгүн тапшырат. Тан агарганча бизге жообун бергиле, деп талап коюшат. Ошондо Искендер Зулхарнайын өзүнүн акылгөй аярларын чакырып бул эмненин жышааны экендигин чечкиле дейт. Аярларынан жөндүү жооп болбогон соң, кыздарды алдырып,оң тарабына отурган аярларынын биринен суратат: ”Айткылачы, силер кайсы элденсинер? Мобуреки алып келген куу баш, калпак, кылычтын мааниси эмнени туюнтат? Өзүңөр чечмелеп бергиле”, деп аларга жайдары жүз көрсөтөт. Эл кыйырын сактап, ат жалында шамал менен жарышып өскөн жоокер кыздар Искендерди теше тиктеп, түз качыра жообун айтат: ”Биз кыргыз деген элденбиз, ушул улуу тоону мекендеп өмүр кечиребиз. Бизге катылган душмандын башы, алдагы куу мүсөн баштай алынып, ач бел, куу жондо куурап жок болот, бу куу башты мобуреки кош миздүү кылыч алган, ал эми бул баш кийим – Кыргыз калпагы. Анын төбөсүндөгү кайчылашкан кош сызык – Күндүн аян белгиси, кыргыз урпагы күндүн тукуму болуп саналат. Биз күндөн тараганбыз. Жүйөө билген кас- душман ыкка көнсө биз күн нурундай мээрим төгөбүз, жок, кыл чайнашып, бет буруп жоолашам деген душманга биздин эл бул кош миздүү кылычтай чабылат. Калпак биздин кыргыз ажобуздун сүр- сөөлөтү, сыймыгы, абийири, кадыр сыйы, душманына сес берээр опол тоодой олбур сүрү, биздин силерге алып келген жышааныбыз ушул! Буга эмне деп жооп айтасыңар?”

Сөзгө кулак төшөп турган Искендер Зулхарнайын башын силке отурган акылгөйлөрүнө карады. Акылгөйлөрү кыздарга жооп таппай отуруп калышты. Күзөтчүлөр жоокер кыздарды сыртка алып чыгып кетти. Көп өтпөй Искендердин бир жигити жоокер кыздарга калпак менен кылычты алып келип берди дагы: “Ажоңорго айта баргыла, ойлонууга азыраак убакыт берсин, үч төбөлүк бурсаттан соң жообун айтабыз”, - деп кыздарды узатып койду.

Көп өтпөй Искендер Зулхарнайын өз черүүлөрүн түн жамына көчүрүп, Чүй аймагынан чыгып кетти. Ошол күндөн биякка кыргыз калпагынын өмүрнаамасы, анын кадыр-сыйы, сүр сөөлөтү мурдагыдан да артты.




#Article 40: Театр (508 words)


Тeaтp (грекче theatron – оюн коюлчу жай; оюнтамаша) – искусствонун бир түрү, анын туюнтуу каражаты – актёрдун эл алдында оюн көрсөтүү процессинде келип чыгуучу сахна окуясы. Тeaтpдын башаты айыл чарбасына, мергенчиликке байланышкан байыркы үрп-адат, көпчүлүк катышкан элдик салтанаттардан башталат. Байыркы Грекияда өзүнчө салттары, сахнада ойноо ыкмалары бар түрлүү Тeaтpлар болгон. Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө, Индия, Кытай, Индонезия, Япония ж. б. өлкөлөрдө оюн-зооктордун кызыктуу жана ар кыл формалары түзүлгөн. О. кылымда Батыш европ. кыдырма актёрлор, скоморохтор элдик Тeaтp чыгармачылыгынын өкүлдөрү болушкан. Кайра жаралуу доорунда Европадагы алгачкы профессионал Тeaтp – итал. элдик бет кеп комедиясы (дель арте комедия, 16–17-кылымдар) пайда болгон. Кайра жаралуу доорунан Тeaтpдын адабий мүнөзү артып, көчмөлүктөн шаардагы маданий борборлордо турук алууга өтө баштайт. Тeaтp искусствосунун чыгармасы – спектакль драмалык же музыкалык- сахна чыгармаларынын негизинде режиссёрдун (балетте – балетмейстер менен дирижёрдун, onepa, опереттада – режиссёр менен дирижёрдун) чыгармачыл оюна ылайык жана анын жетекчилиги менен актёрлордун, ошондой эле сүрөтчүнүн биргелешкен аракетинде жаралат.

Музыкалык театрда (опера, балет, оперетта, мюзикл) кыймыл-аракет музыкалык драматургиянын каражаттары менен толукталып, ар бир түрүнүн көркөм образды туюндургуч (операда – ыр, балетте – бий ж. б.) өзгөчөлүгүнө багындырылат. Тeaтp өнөрүнүн башаты байыртан, элдик үрп-адат, салтанаттардан башталат. Алгачкы трагедиялык, комедиялык салт оюндарында (мистерия ж. б.) драманын элементтери, ыр, бий, маска, хор аралаш колдонулган. Акырындап ырымжырым, салттан бөлүнүп, өзүнчө оюн катары уюшулган. Актёр менен көрөрман болуп бөлүнүшү Тeaтpдын коомдук милдетин аныктаган. Бул процесс айрыкча Байыркы Грекияда даана байкалат. Анда б. з. ч. 5-кылымда эле Тeaтp элдик жыйындын очогуна айланган. Тeaтp өнөрүнүн адепки формаларында адамдын жеке өзгөчөлүгү эмес, типтүү мүнөздөрү сакталган. Андай өзгөчөлүк Батыш европалык кыдырма актёрлорго (гистрион, жон- глёр, орус скоморохтору ж. б.) мүнөздүү болгон. 14–16-кылымдарда бир катар өлкөдө (Италия, Франция, Германия ж. б.) Тeaтpдын аянтта ойнолчу формасы фарс өнүгүп, ал Кайра жаралуу доорунда туңгуч профессионал Тeaтpдын (16–17-кылымдарда Италияда Комедия дель арте) пайда болушуна алып келген. Чыгармачылык милдеттин кеңиши, тереңдеши Тeaтp өнөрүнүн жиктелишин шарттаган (16–17-кылымдарда – опера, 18-кылымдын ортосунда – балет, 19-кылымдын ортосунда – оперетта ж. б.).

Кайра жаралуу доорунда гумандуу маданият антикалык Тeaтpдын салтын уласа (У. Шекспир, М. Сервантес ж. б.), классицизмдин таралышы менен ички жана тышкы карама-каршылыкты, кыйынчылыкты жеңе билген каармандардын образдары жаралган. Россияда реализмдин өнүгүшүнө актёрлор – М. Щепкин, А. Ленский; драматургдар – Н. Гоголь, А. Островский; сынчылар – В. Белинский, Н. Добролюбов кыйла салым кошушкан. Реализм үлгүсүн өздөштүргөн Москва академиялык көркөм театры, анын режиссёрлору – К. Станиславский, В. Немирович-Данченко оюн коюунун жаңы көркөм каражаттары менен Тeaтp искусствосун байытты. Октябрь революциясы Тeaтpдын өнүгүшүнө кенири жол ачты. Тeaтpдын классикалык салты социалисттик революциянын идеялык, агартуучулук милдети үчүн кызмат өтөөгө багындырылды. Улуттук Тeaтp искусствосунда социалисттик реализми өрүш алды.

Тeaтp имараты адегенде Байыркы Грекияда (б. з. ч. 6-кылым) пайда болгон. Алар ачык курулуп, үч бөлүктөн турган. Б. з. ч. 4-кылымга чейин жыгачтан, кийин таштан курулган (Римдеги Помпей Театры, б. з. ч. 55–52-жылдары). Туңгуч жабык Театр Римде (б. з. ч. 3–1-к.) тургузулган. Опера өрүш алган кезде (17-кылымдын 1-жарымы) Тeaтpга көрүүчүлөр залы кошулган (мисалы, Венециядагы «Сан-Кассино», 1630). Италиядагы Тeaтp имаратынын мыкты үлгүсү «Ла Скала» (1778). 18–19-кылымдарда Россияда Тeaтp имаратынын италиялык тиби [Чоң театр (Москва), Александр театры (Санкт-Петербург)] тараган, орус, италян архитектурасынын үлгүсүндө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры да салынган.




#Article 41: Оюн (500 words)


Оюн – мотиви натыйжасынан эмес, жүрүшүнөн көрүнгөн жемишсиз иш-аракеттин бир түрү.
Оюндун чыгышы - магиялык–культтук мүдөөлөргө же организмдин тубаса биологиялык муктаждыктарына, эмгек процессине байланыштырылат.
Оюн- бул адамдардын жана жаныбарлардын ишмердүүлүктөрүнүн бир түрү. Жаныбарлар дүйнөсүндө оюн – бул жаш жаныбарлардын эволюциялык өнүгүшүнүн айрым бир баскычында пайда болуучу жашоо тиричилигинин бир формасы.

Балдардын оюну – бул тарыхый өнүгүүдө пайда болуучу балдардын ишмердүүлүктөрүнүн бир түрү, улуулардын аракеттерин жана өз ара мамилелеринин чагылдырууга, буюм жана социалдык чындыкты таанып билүүгө багытталган, балдардын дене-тарбиясы, акыл жана адеп-ахлак тарбия каражаттарынын бири. Оюн– бул маданияттын жана этнографиянын тарыхы, педагогика, психология жана башка. ар кандай илимдердин изилдеп үйрөнүүсүнүн предмети болуп эсептелет. 

Оюндун пайда болуусунун социалдык, жаратылышы, ички түзүлүшү жана баланын өсүп өнүгүшүндөгү мааниси жөнүндөгү теориялык изилдөөлөрдүн үстүндө Л. С. Выготский, А. Н. Леонтьев, Д. Б. Эльконин жана башка. чоң эмгектенишкен. Саякатчы жана этнографтардын изилдөөлөрүндө коомдогу балдардын абалы жөнүндө бай материалдар топтолгон. Коомдун өнүгүүсүн алгачкы баскычтарында адамдар таякчалардын жардамы менен мөмө-жемиштерди кагып жана казып жеп күн көргөн мезгилдерде оюн болгон эмгек. Балдар уюмдардын жашоо-тиричилигине эрте аралашып, тамак аш табуунун жана каражаттарды пайдаланууну улуулардан үйрөнүшкөн. Мергенчилик, мал чарбачылык, жерди иштетүүгө өтүү курал-жарактардын татаалданышы алгачкы адамдардын коомунун пайда болушуна, коомдогу балдардын абалынын өзгөрүшүнө алып келген.

Улуулар балдарга чоң адамдардай эле мамиле жасашкандыктан балдар эрте эле өз алдынча аракеттенишкен. Ошондуктан улуулар чоң адамдар пайдаланган каражаттардын кичиртилген түрлөрүн даярдашкан (бычак, жаа, чокмор, аркан жана башка.). Ошентип оюн көнүгүүлөр пайда болгон. Балдардын колдонгон каражаттары алардын өсүшү менен бирге чоңойгон. Адамдардын коомунда өнүгүшү, өндүрүштүн өркүндөшүнө байланыш эмгек каражаттарынын татаалданышы коомдогу эмгектин бөлүнүшүндө, балдардын жашоо-турмуштагы абалына чоң таасир эткен. Балдардын татаал өндүрүшкө катыша албагандыгы бара-бара айлана-чөйрөдөгү жашоо-тиричиликти, эмгек каражаттарын чагылдыруучу оюнчуктардын пайда болушуна алып келген. Баланын жекече өнүгүшүндө оюн чоң мааниге ээ. ОЮНаркылуу баланын айлана-чөйрөгө болгон мамилени, аракети, акыл-сезими, моралдык, эрк жана башка жалпы инсандык сапаттары калыптанат. Ошондуктан, ОЮНбаланын өсүп-өнүгүшүндө эң негизги ишмердүүлүк болуп эсептелет. 

Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн (дидактикалык кыймылдуу), улуулар атайы түзгөн же сюжеттик-ролдук бир муундан экинчи муунга калтырылган Оюндар пайда болгон. ОЮНаркылуу балдар улуулардын жардамы менен байкабастан керектүү билимге, көнүгүүлөргө ээ болот. Башталгыч мектепте сюжеттүү-ролдуу Оюн экинчи планга жылып, баланын негизги ишмердүүлүгү окуу болуп калат.
Оюндарда кенже класстагы балдар күчтүүлүктү, эрктүүлүктү, шамдагайлуулукту жана башка. сапаттарды чагылдырган баатырдык мазмундагы сүйүктүү ролдорду аткарышат, Мисалы, космонавт, саякатчы, альпинист, манастын чоролору жана башка. Бара-бара балдардын жашоо-турмушунда интеллектуалдуулук жана спорт Оюндары маанилүү орунду ээлеп, күчтүү, шамдагай, чыдамкай, эрктүүлүгү жана башка. сапаттары өркүндөйт.

Балдарды тарбиялоодо элдик мурасты туура пайдалануу өсүп келе жаткан муундардын денесин чыңдоого, аларды адептүүлүккө тарбиялоого, турмушка көнүктүрүүгө, улуттук маданияттарды жакындаштырууга жана байытууга чоң көмөк берет.Элдик Оюндар элдик тарбиянын ажырагыс бөлүгү. Оюндар кенже курактан баштап балдарды элди, жерди, мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, акыл-эстүүлүккө, баатырдыкка,чечкиндүүлүккө, эрктүүлүккө тарбиялоодо элдик педагогиканын кылымдан бери адатка айланган талабы болгон.

Азыркы кезде да элдик Оюндар жаш муундардын турмушка алгачкы даярдоо процессинин негизги фактору бойдон калууда. Оюндар Оюнга катышуучулардын кеңири ой жүгүртүүгө эске тутуп билүүгө, чыгармачылык менен элестете билүүгө, байкагыч - баамдагычтыкка, туруктуулукка, чечкиндүүлүккө, кыраакылыкка, тапкычтыкка, айлакердикке, эпчилдикке, ийкемдүүлүккө, шамдагай-шайырлыкка, шайдооттукка, ар кандай шартта токтоолукка, эрктүүлүккө, эр жүрөктүүлүккө, тыкандыкка, тез тыянак чыгара билүүгө жана башка. бардык Оюндар тарбия берүүнүн комплектүү каражаттарынын бири болуп эсептелет.




#Article 42: Тарых (289 words)


Тарых

Тарых арабча “та’рих” – “сыпаттап айтуу”) – адамзаттын ишмердигин, акыбалын, көз карашын, коомдук алакаларын жана уюмдарын, руханий, чарбалык, социалдык-саясий өнүгүүсүн тээ өтмүштөн бери иликтеген гуманитардык билим тармагы. Адамзат тарыхын изилдөөчүлөр (тарыхчылар) заттык жана руханий булактарга (археологиялык, этнографиялык, жазма, сүрөт, видео, үн, ж.б.) таянышат.
Жана ошондой элетарых (латын сөзүнөн hisтoria – тарых; өткөндөр тууралуу баян)
 

 

(тарых илимдери). Бул илимдердин чегинде далилдер, окуялар жана процесстер тарыхый булактардын негизинде изилденет. Тарых жалпы тарыхтан жана айрым өлкөлөр менен элдердин тарыхынан турат; 

Тарыхтын негизги тармактары болуп экономикалык тарых, аскердик тарых, тарыхый география, ж. б. болуп эсептелишет. Комплекстүү илим болуп саналган тарыхтын органикалык составы болуп адистештирилген Тарых илимдери, археология жана этнография саналышат. Маданияттын, илимдин жана техниканын ар тараптуу тарыхы аталган илимдердин (математиканын тарыхы, физиканын тарыхы, философиянын тарыхы ж. б.) жана искусство түрлөрүнүн (музыканын тарыхы, театрдын тарыхы ж. б.) таарыхый бөлүмдөрү тарабынан изилденет. Тарых тигил же бул чөлкөмдү (африканистика, балканистика), элди (синология, тюркология ж. б.) же элдер түркүмүн (славян таануу) изилдеген гуманитардык илимдердин тобуна кирет. 

Тарыхты терең иликтөө аркылуу адамзаттын өнүгүү баскычтары, багыттары, цивилизациялык жетишкендиктери, жалпы адамзаттын өнүгүүсү үчүн тигил же бул этностун же инсандын салымдары, адамзат тарыхындагы бурулуш учурга жетелеген окуялар, кайгылуу, алааматтуу жана жеңиштүү, ийгиликтүү учурлар, өткөндүн оң жана терс сабактары таразаланат.

Тарыхты комплекстүү үйрөнүү аркылуу гана тигил же бул элдин, улуттун, этностун, социалдык топтун, диндин, расанын өзгөчө тарыхый барактарын калыс таразалоого болот. 

Тарыхты иликтөөнүн да ар кыл усулдары бар.

Тарыхый жазма булактарды иликтөө – булак таануу менен байланыштуу.

Археологиялык эстеликтерди жана жайларды иликтөө менен археология илим тармагы алектенет.

Тарыхты изилдегендердин ар кыл мектебин, ар тарыхчынын тарыхый саамалыктарын, өзгөчөлүктөрүн, жетишкендигин жана кемчилигин иликтөө – тарыхнаама илимий тармагы аркылуу жүргүзүлөт. 

Тарыхты илимий иликтөө тарыхый далилдерге гана таянат, ушул жагынан ал тарыхый окуяларды пенде катары айтып берүүдөн, өз жоромолун бир беткей таңуулап сунуштоодон кескин айырмаланат.




#Article 43: Билим берүү (157 words)


Билим берүү -  – системалуу илим билимдерди берүү жана алуу процесси. 

Билим берүү мазмуну боюнча эң татаал түшүнүктөрдүн катарына кирет. Биринчиден, билим алуу кандайдыр бир көлөмдөгү жана сапаттагы билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү; экинчиден, билим берүү – белгилүү бир тартипте уюштурулган окутуу процесси жана инсандын калыптанышы, өнүгүшү; үчүнчүдөн, билим берүү – билимдерди алууга жана берүүгө багытталган адамдардын аракеттеринин системасы катары каралат. Күндөлүк турмуштан байкалгандай, «билим берүү» термини биз элестеткен кеңири мазмунду толук чагылдыра албайт. Анткени, бул термин адатта мугалимдин аракетин же билим берүүчү мекемелердин гана ишин мүнөздөп калгандай көрүнөт. 

Чындыгында, бул термин аркылуу аныкталуучу түшүнүктүн мазмуну адамдын билимге ээ болуу процессин, ага жетекчиликти жана уюштурууну, акырында келип анын жыйынтыгын мүнөздөйт. Ошондуктан «билим берүү» түшүнүгүн өтө кеңири мааниде: окуучунун билим алуу, билгичтиктерге жана көндүмүдөргө ээ болуу ишмердигин; окуучунун инсан катары калыптануу процессин; таалим-тарбия берүү процессинин жана аны ишке ашырууга түзүлгөн шарттардын жалпы комплексин, ошондой эле таалимчилердин иш-аракетин; акыры келип инсандын гармониялуу мүнөздөгү өнүгүшүн түшүнүү ылайык болот.

Кыргызстан:
ЖОЖ:

ж.б.




#Article 44: Айыл чарба (651 words)


Айыл чарба - мал чарба жана дыйканчылык азык-түлүгүн алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мал асыроо. Айыл чарбасы калкты тамак-аш, азыктүлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылуу максатын көздөйт.

Кыргызстандын калкынын кылымдар бою калыптанган мал чарбачылыгы, дыйканчылыгы, жалпы калкынын 65%и айыл жеринде жашашы аграномиялык өлкө болушуна жана айыл чарбанын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүүсүн тарыхый үч мезгилге, башкача айтканда Улуу Октябрь социалистик революциясына чейинки, СССР убагындагы жана эгемендүү мамлекет учурундагы мезгилге бөлүп кароого болот. Алгачкы мезгилде социалистик-экономикалык шарттарга ылайык керектөөлөрдү гана канааттандыруу максаты болгон. Совет бийлигинин мезгилинде айыл чарбасында негизги өндүрүш каражаттарына коомдук менчик болгондуктан, ири чарбалар - колхоз, совхоздордо өндүрүштү пландуу түрдө өнүктүрүү менен анын илимий техникалык прогресске таянган жаңы материалдык-техникалык базасы түзүлгөн. Капиталдык салымдарды ургаалдуу колдонууга, алардын кайрымдуулугуна, интенсивдүү технологияны өндүрүшкө киргизүүгө зор көңүл бурулган. Чарбанын социалдык формасы, айыл чарба техникасын пайдалануу, квалификациялуу кадрлардын көбөйүшү, илимдин жана алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин өндүрүшкө системалуу жайылтуу айыл чарбанын экономикасында жогорку натыйжалуулукту камсыз кылган. Айыл чарба ички дүң продукциянын 36-40%ин түзөт, өз ара тыгыз байланыштуу эки ири тармакка (дыйканчылык жана мал чарбасы) бөлүнөт. Дыйканчылык тармагына эгилме өсүмдүктөрдү өстүрүү, башкача айтканда, дан, жашылча, жемиш, картошка, техникалык жана май алынуучу өсүмдүктөр, тоют өсүмдүктөр жана тамеки өстүрүү кирет. Айыл чарба өсүмдүктөрү коомдун өндүргүч күчтөрүн өркүндөтүүдө зор роль ойнойт, себеби аларды өстүрүү айыл чарбаны техникалык жактан жабдуу деңгээлин көтөрүү менен азык-түлүктү кайра иштетүүнү шарттайт. Мал чарбасына кой, бодомал, жылкы, чочко, топоз ж. б. чарбалары кирет. Бул эки тармакты айкалыштыра өнүктүрүү материалдык, акча жана эмгек ресурстарын ургаалдуу пайдаланууну камсыз кылат. Дыйканчылыксыз туруктуу тоют базасын түзүү, мал чарбасын илгерилетип өстүрүү мүмкүн эмес, ал эми мал чарбасы өз кезегинде дыйканчылыкка эң баалуу органикалык жер семирткич (кык) берет. Айыл чарбасында негизги өндүрүштүк каражат жер болуп эсептелет. Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү жана жайгаштыруу жердин өзгөчөлүгүнө, базардан алыс же жакын орун алышына жана табигый-климаттык шарттарга жараша болот. Бул өзгөчөлүк кыртыштын кунардуулугун жакшыртууда илимий жактан негизделген дыйканчылык системасын, айыл чарбаны жүргүзүү системасын иштеп чыгып, колдонуу зарылчылыгын туудурат. Кыргызстанда 19,95 млн га, жалпы жер аянтынын 54%и (10,797 млн га), айыл чарбасында пайдаланылат. Анын 1,237 млн гасы айдоо жер, 9,2 млн гасы жайыт жана 0,17 млн гасы табигый чөп чабынды. 1991-жылдан кийин айыл чарбаны реформалоонун натыйжасында ири колхоз-совхоздордун базасында жеке менчикке негизделген жаңы өндүрүштүк система дыйкан жана фермердик чарбалар уюштурулган. Натыйжада 2004-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 267,8 миңди түзүп, анын ичинде 266,0 миң дыйкан жана фермер (99,3%), 1830 мамл. чарбалар жана ар кандай кооперативдер (0,7%) болгон. Эгерде Советтер Союзунун убагында айыл чарба азык-түлүктөрүн негизинен колхоз-совхоздор өндүрсө, реформанын натыйжасында айыл чарба продукцияларынын 5%и гана мамлекеттик жана коллективдик, 32%и калктын көмөкчү жана 63%и дыйкан-фермердик чарбаларда өндүрүлүүдө. 2003-ж. айыл чарбанын дүң продукциясы 53565,2 млн. сомду түзүп, анын ичинде дыйканчылыктын үлүшү 55,5%, мал чарбачылыгы 44,5% болгон.

Айыл чарбасынын дүң продукциясынын динамикасы, % м-н (1990 — 2003-ж.):

Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү ар гектарынан 27,3 ц, кант кызылчасыныкы - 260,3 ц; пахтаныкы - 26,1 ц; тамекиники - 24,1 ц; картошконыкы - 155,0 ц жана жашылчалардыкы - 178 цди түзөт.
Үрөнчүлүк - дыйканчылыкты өнүктүрү үчүн негизи. 1991-93-жылдарда объективдүү жана субъективдүү себептерден үрөнчүлүк чарбалар жоюла баштаган, ал эми 1995-ж. кайра жанданып 46, ал эми 2004-ж. республикада үрөнчүлүк чарбалардын саны 223кө жеткен. Сокулук районундагы кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясы, «Жаңы пахта» эксперименттик чарба, Кара-Суу районундагы пахтачылык тажрыйба, Ак-Суу районундагы Ысык-Көл тажрыйба, Өзгөндөгү «Тамеки» илимий өндүрүштүк станциялары жогорку категориядагы үрөнчүлүк чарбалар, буларда жаңы сорттор чыгарылып, райондоштуруу боюнча селекциялык иштер жүргүзүлөт. 2004-жылдын 1-январына карата республикада 1003,4 миң мал, анын ичинде 538,5 миңи уй, 3677,3 миңи кой-эчки, 340,2 миңи жылкы, 82,8 миңи чочко жана 4332,2 миңи үй канаттуулары болгон.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымынын динамикасы (1990 - 2003-ж.), миң: 

Мал чарба продукцпяларын өндүрүүнүн дпнамикасы (1990-2003-жж.), миң: 

Асыл тукум мал чарбасын 228 чарба жүргүзүүчү субъект түзөт. Айыл чарбаны пландоо жана кеңеш берүү жактан камсыз кылуу үчүн агрардык илим жана консулътациялык кызмат борбору, анын карамагындагы төрт илимий-изилдөө институттары, айылдык кеңеш берүү кызматы окутуу-кеңеш берүү борбору менен тыгыз байланышта иш жүргүзүшөт. Кыргыз агрардык университети жана техникумдар агро-өнөр жай комплекси үчүн жогорку жана атайын орто билимдүү адистерди даярдашат.




#Article 45: Арстанбек Бойлош уулу (343 words)


Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878) - он тогузунчу кылымдагы кыргыздын ч
ыгаан акыны, комузчусу жана ойчулу.

Түндүк Кыргызстандагы Ысык-Көл өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген. Тынымсейит уруусунан. 

Атасы Кокон ханы тарабынан Анжыянда тутулуп калганда, Анжыянга чейин барган. 

А.Буйлаш уулунун Тар заман ыры терең философиялык ойлорду камтып, кыргыз поэзиясындагы сопулук (суфий) салтты өнүктүрүүдөгү маанилүү баскычтан болгон. 

Арстанбектин чыгармалары Совет доорунда цензуралык тоскоолдуктун айынан эл арасында жашыруун аткарылган.

Эгемендик жылдары анын ырларын ээн-эркин жарыялап калышты.

Арстанбек Буйлаш уулу 1824-жылы Ысык-Көл облусунун Сырты аттуу жеринде туулган, 1878-жылы Нарын облусунда каза болуп, Ысык-көлдүн тескейи, Чычкан конушундагы Ташкыя бейитине коюлган. Ойчул, философ, виртуоз комузчу, төкмө акын. «Замана» агымынын эң ири адамдарынын бири. Эл ага «булбул» аттуу атак берген. 

Ал бугу уруусунун тынымсейит уругунан болот. Атасы Буйлаш бийдин токолу Төрөкандан төрөлүп, кой-козу кайтарып өсөт. Ушундан улам анын чыгармаларында турмуш-тиричилик жагдайлары жонокой адамдардын көз-карашынан чагылдырылган. 

Арстанбек ырчы катары 16га чыкканда элге тааныла баштаган. Ал Фергана тарапта бир жылга жакын убакыт жүрүп, Наманган жана Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, акындык өнөрүнүн артыкчылыгын даңазалап, туулган жерине чоң ырчы атыгып кайткан. Акындын чыгармаларын жыйноо маселесине 1920-жылы көңүл бурулуп, 1922-жылы Каюм Мифтаков Каракол жана Нарын уездинен жыйнап келип, ИАнын Колжазмалар фондуна өткөргөн, азыр да сакталып турат. 

Арстанбектин чыгармачылыгында олуттуу теманы заман ырлары түзгөн. Чыгармаларынын чордону деп эсептелген «Тар заман» да үзүндү түрүндө колго тийген, көптөгөн, санат термелери белгисиз бойдон калган. «Тар заман» акындын турмуштук, социалдык жана коомдук көз карашынын натыйжасы болуп саналат. Айтылган чыгарма бир учурда эмес, болжол менен 1852-1870-жылдары түзүлүп, калыптанган. 

Арстанбектин чыгармачылыгынын күрдөөлдүү, көркөм өнөрдүн эң бийиктикке көтөрүлгөн учурун падыша өкмөтүнүн бийлиги кыргыз жергесине орногон мезгилде жараткан чыгармалары түзөт. Алсак, «Тар заман» - акындын турмуштук жана социалдык көз-карашынын жыйындысы, автордун өз позициясы. Арстанбектин чыгармачылык мүмкүнчүлүгү зор, мазмун-жанрдык жагынан ар тармактуу. Ал арман, кошок, терме, санат, керээз сыяктуу ар кыл тармактагы ырларды, поэмалардын автору болгон. 

Анын улуулугу - өз мезгилинин курч маселелерин козгоп, элдин тагдырын, келечек турмушун, коомдун социалдык абалы жөнүндө терең ой жүгүртүүсүндө болгон. Тилекке каршы, залкар адамдын чыгармачылыгы эскичил ырчы катары сындалып, изилдөө алкагынан четке кагылып, чыгармалары жыйналбай, акын туура баасын албай келди. Залкар ырчынын мурасына кайрылуу 1990-жылы гана колго алына баштаган.




#Article 46: Молдо Кылыч (161 words)


Молдо Кылыч Шамыкан (Шамыркан) уулу (1866- 1917)- кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири. Кочкор өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан — атактуу баатыр Төрөкелдинин тун уулу.Кылыч беш жашка чыкканда  анын атасы Шамыркан дуйнодон кайтат. Ал атасындай жаш кезинен чыйрак, зирек бала болуп чоноёт. 
Анын “Зилзала” деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казан шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. Бул жагдай кыргыз элинин тарыхында басмага жарыланган алгачкы чыгармалардан болгондугун айгинелейт.
Чыгармалары:

Сатиралары:

Санаттары:

Кошоктору: “Байтайлак” ж.б.
Чыгармалары адам баласынын жүрүм-туруму жөнүндөгү этикалык ойлорго, накыл сөздөргө, тарбия-таалим идеяларына бай. «Чүй баяны», «Буудайык» чыгармасы табиятка каршы баруу адам баласы үчүн трагедия менен аякташы мүмкүн деген философиялык  ойду билдирип турат.
Молдо Кылычтын чыгармалары тоталитардык идеология узак мезгил бою саясий кодулоодо болуп, «кара сандыкка» жабылган. Анын чыгармачылыгы жөнүндө 40-жылдары илимий эмгек жазган окумуштуу Тазабек Саманчин «Улутчул», «Космополит» катары куугунтукка алынган. Молдо Кылычтын адабий мурастары демократиялык жаңылануу жылдарында элге кайрылып келди, апасынын атын билбейбиз.

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004




#Article 47: Манасчы (732 words)


Манасчы – кыргызда «Манас» айтуу өнөрүн атайын кесип кылган ырчы (акын).

Эң биринчи манасчы жөнүндө такталган маалымат жок. Манасчылык кесип качантан бери келе жатканын так айтуу кыйын.

Элдик айрым аңыздарда Манас өлгөндө Каныкей айткан кошокту кийин жомокчу-акындар улам өнүктүрүп, улам молуктуруп зор көлөмдүү чыгармага айландырганы айтылат.

Дастанда чагылдырылган тарыхый окуяларды өз көзү менен көргөн, иштерине аралашып жүргөн адамдар тарабынан алгач баяндалганы, аңызга айланганы талашсыз.

Мисалы, Манаска турмушка чыккандан тартыпөзү көбү болгон окуяларды Каныкей баласы Семетейге эскерүү монолог түрүндө баштан аяк узун жомок кылып айтып берет, Алмамбет Манаска келгенге чейинки өмүр жолун өзү айтса, көпчүлүк варианттарда Көкөтөйдүн ашы Толтой бала кезинде Багышты ээрчип жүрүп өз көзү менен көргөн окуя катары баяндалат. Демек, Каныкей Манастын эрдик иштерин кошок түрүндө да, жомок-аңыз түрүндө да даңазалап, ал жөнүндөгү эпопеянын жаралыш башатында турат деп айтууга негиз бар.

Ошондой эле кыргыздарда кеңири таралган уламыш боюнча «Манасты» биринчи баштап айткан адам кырк чоронун бири - Ырчыуул.
Ырчыуул чоң ырчы катары эл көп чогулган жыйындарда, тойлордо жарчылык милдет аткарат
Манас баатыр каза болгондо анын каармандык иштерин, эрдиктерин ырчы чоросу Ырчыуул кошок кошкон экен.

Кийин ошол кошок түрүндө эл оозунда айтылып жүргөн ырларды Токтогул ырчы бириктирип, Манас баатыр жөнүндө бир бүтүн чыгарма түзгөн делип айтылат.

Биринчи манасчы ким болгон деген суроого изилдөөчү Мухтар Ауэзов дагы бир пикир айткан.
Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы деген адам кезигерин эскерип «Манастын» алгачкы ырларын ушул акын түзүшү мүмкүн деген.

Айдар Жаныбек уулу - Айтыке - Акылбек - Балык Ооз - Дыйканбай Тойчубек уулу - Жусубакун - Келдибек Карбоз уулу - Мурат Калбай уулу - Назаркул Эшенкул уулу Сейдиракманов - Назар Болот уулу - Найманбай Балык уулу - Тагай Бекмурат уулу - Токтогул Калмамбет уулу - Турдумамбет Акматалы уулу - Чапырашты - Чомо Асыран уулу - Чоодан - Чоюке Өмүр уулу - Ынаш Кумаш уулу - Эркебай Бердибай уулу

Абдыкерим Беки уулу, Абылгазы Жумабай уулу, Акмат Рысменде уулу, Акмат Токтогул уулу, Актан Тыныбек уулу, Акун Таш уулу, Акын Шадыканов, Алазбек Тойчубеков, Алимжан Сырдыбаев, Анаргүл Тажибаева, Асанкан Жуманалиев, Багыш Сазанов, Бейшерик Албанов, Бөрүбай Султанов, Дөөлөталы Касымбай уулу, Дүйшөнаалы Жанаев, Дункана Кочукеев, Жакшылык Сарыков, Жаныбай Кожеков, Жаркынбаев Б, Жетиген Бакиров, Жолборсалы Турдалиев, Жоробек Мамаев, Жумабаев Ч, Жусуп Мамай уулу, Имангазы Исагулов, Каба Атабеков, Калбү Сүйүнбаева, Калыбек Жумагулов, Касымаалы Алымбеков, Кубанычбек Маликов, Кудайберген Өмүрзаков, Лапаз Көккөзов,Малдыбай Борзу уулу, Маматкул Мураталиев, Мамбет Чокморов, Мамбеталы Ашымбай уулу, Мамыт Алдаяров, Мамыт Алдозов, Матисак Акбаев, Маша Кадыров, Медер Суранчиев, Молдобасан Мусулманкулов, Момуш Шапаков, Мурат Калбаев, Өмүрша Кененбаев, Насыр Искендеров, Ныяз Мамырбаев, Саалы Жолдошев, Сагымбай Орозбак уулу, Сапарбек Касмамбетов, Саринжи Кожомбердиев, Саякбай Каралаев, Сейдана, Өсөр Жолдошев, Төрө Мамытов, Тагай Бекмуратов, Таш Сейитбаев, Тоголок Молдо, Токон Мамытбекова, Токтосун Байбураев, Төрөкул Раззаков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Турдубай Мадиев, Турдумамбет Акматалиев, Тыныбек Жапы уулу, Уркаш Мамбеталиев, Урмамбетов О, Чал Садыков (Садыров), Чокан Валиханов, Шаабай Азизов, Шапак Рысмендеев, Ыбрай Абдыракман уулу, Ыса Жумабеков, Эргеш Ташимбетов, Эргеш Ташматов - дан жаздырылып алынган «Манас» дастанынын варианттары Кыргызстандын Илимдер Улуттук Академиясынын Тил, адабият, искусство институтунун алдындагы кол жазмалар фондунда сакталууда.

Манасчылар — Кыргыздын биринчи фольклордук изилдөөчүсү К. Рахматуллиндин эмгеги (Фр., 1942) Кыргыз тил адабият жана тарых илим изилдөө институту даярдаган, кыргыз тилинде. Китеп «Манасчылардын чыгармачылык эмгеги» деген бөлүм менен башталып, мында манасчылар менен эл акындарынын өзгөчө түркүмү катары карайт жана аны Тыныбек Жыпай уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Акмат Рысменде уулу, Жаңыбай Кожек уулу өңдүү манасчылардын чыгармачылык үлгүсүндө көргөзөт. Манасчылар эч качан «Манасты» жаттoо аркылуу эмес, алар үйрөнүү жолу аркылуу манасчы болуп чыгышат – деген ойду айтат жана негизинен бардык манасчыларда сюжет бир багытта өнүгөpүн белгилейт. Эмгекте манасчылардын айткан cюжеттеринин айырмачылыктары каралат. Биринчиден, идея жана сюжет жагынан бири бирине карама каршы турган вариант жок экенин, бардык варианттарда кыргыз элинин боштондугу үчүн күрөш экенин көрсөтөт. Ошондой эле, манасчылар арасындагы стилдик жактан айырмачылыктарды эпостогу бир эле эпизодду бир нече манасчылар айткан үзүндүлөрдү салыштырат да, алардын стилдик окшоштуктары жана айырмачылыктары белгиленет.

Манасчылардын чыгармачылык ролу боюнча «Манасты» толук айтуучулар жана үзүндүлөрүн гана айтуучулар деп экиге бөлөт. Эмгекте манасчылардын кереметтүү түш көрүү маселесине токтолуп,  түш көрүүнү манасчылардын «Манас» айтып калуусундагы  башкы фактор катары карабайт, аны жокко чыгарбайт дагы. Ал манас айтууга болгон ынтызарлыктын натыйжасы деп эсептейт. «Манасты жазып алуу тарыхы» деге бөлүктө өткөн кылымда Ч. Валиханов, В. Родловдун эпосту кагазга жазып алуу тарыхына кыскача токтолот, жана октябрь революциясынан кийин эпосту жазып алуу ишинин жүрүшү тууралуу маалымат берет. Китепте Келдибек Кумар уулу, Балык Карббоз уулу, Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысменде уулу өңдүү кыргыз элинин белгилүү Манасчыларынын өмүрү, манасчылык өнөрү тууралуу баяндама берилет.




#Article 48: Ысык-Көл (543 words)


 

Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Кыргыздар бул көлдү Кыргызстандын бермети деп аташат. Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты - 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу - 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 кмге, ал эми батыштан чыгышка 182 кмге созулат.

Ысык-Көлдүн түбү чоң табышмак боюнча калууда. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги Көпчүлүккө кеңири маалым. Келечекте көгүлтүр берметибиздин түпкүрүн изилдеген Кусто чыгаарына ишеним чоң.

Каталан картасы катары кеңири белгилүү болгон картада Ысык-Көлдүн түндүк чыгыш жээгинде крест салынган храм түрүндөгү белги коюлган, анын жанында түшүндүрмө текст жазылган: “Апостол Матвейдин кудурети сакталган деп айтылган армян бир туугандардын монастыры”. Азырынча урандылырды изилдөө иштери эч натыйжа бере элек. Балким, биздин окумуштуулар байыркы жашоочулардын изин таап алышы эч ажеп эмес. Көптөгөн чет элдик компаниялар жана жеке адамдар буга абдан кызыгып, изилдөө иштерин, казууларды жүргүзүүгө даярдыгын билдирүүдө. Бул эстеликти издөө иши археологиялык туризмди өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы болушу толук ыктымал.

Кыргыз элинин бермети – Ысык-Көл. Ал тоо арасында жайгашкан. Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз – Көл деген да аты болгон. Андан кийин Тимур – ту – Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген. Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес. Ысык-Көл деңиз денгээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Эң терең жери 700 метрден да ашыгыраак. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет. 

Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот. Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу! Ал эми көз талдырган канат сермеген көк кытандарчы! Баардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Көлдө балык өстүрүүчү жана кармоочу чарбалар бар. Алар чабак, осман, маринка жана сазан сыяктуу көп балыктардын түрүн кармашат. Көл жээги жай мезгилинде өтө жандуу жана өтө кооз. Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор – Ысык-Көлдө. Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышты. Жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышты. Таланттуу акын Алыкул үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса, толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун

Ысык-Көл — «Манас» эпосундагы топоним. «Манас» эпосунда кыргыздардын байыртадан мекендеген жерлеринин бири катары көп эскерилет. Манас Ата журтун баскынчы жоодон бошотмок болуп Алтайдан аттанып чыгып, Кошойго жолукканы келе жатып, Ысык-Көлгө туш келип, суктанат:

Геграфиялык реалияда көл жана жер катары республиканын түндүк-чыгышында жайгашкан. Күңгөй жана Тескей Ала-Тоолору менен курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп жатат. Көлдүн азыркы аты байыркы түрк тилиндеги ысык //ызык сөзүнө байланыштырып, ал ыйык, керемет, азиз, курман фетиш деген маанини берет. (Саякбай Каралаев, 1. 110).




#Article 49: Казакстан (6299 words)


Казакстан Республикасы (каз. Қазақстан Республикасы) – Борбор Азия менен Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет.

Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²). Жайгашканы: батыштагы Эдил дарыянын дельтасынын чыгыш жагынан чыгыштагы Алтай тоолоруна чейин, түндүктөгү Батыш-Сибирь өрөөнүнөн өлкөнүн түштүгүндөгү Тянь-Шань тоо системасына чейин.

Түндүк жана Батыш тараптан Орусия, Чыгыштан Кытай менен, Түштүктөн Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан малекеттери менен чектешет.

Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 14 облуска жана 3 республикалык маанидеги шаарга бөлүнөт. Экономика-географиялык жактан Борбордук, Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк региондоруна бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Казакстан 1991-жылдан КМТТТга, Бириккен Улуттар Уюмуна (1992), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (1992), ЭВФке (1992), Ислам конференциясы уюмуна (1995), ШКУга (2001) мүчө.

Казакстан унитардык мамлекет. Казакстандын Конституциясы 1995-ж. 30-августта референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет башчысы бүткүл эл тарабынан 5 (2007-жылга чейин 7) жылдык мөөнөткө шайланган президент (бул биринчи президентке тийиштүү эмес). Мыйзам чыгаруучу жогорку органы Мажилис жана Сенат (эки палаталуу парламент; Мажилисте 5, Сенатта 6 жылдык мөөнөткө шайланып, 107 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы премьер-министр жетектеген өкмөт. Премьер-министр межилистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат. Казакстанда көп партиялуу система орун алган. Ири партиялары: Улуттук-демократиялыкпартия «Нур Отан», Коомдук социал-демократиялык партия, Казакстан демократиялык партиясы «Ак-Жол», Казакстан социал-демократиялык партиясы «Ауыл», Казакстан коммунисттик элдик партиясы.

Казакстандын аймагында көтөрүңкү түздүктөр жана сары-аркалар (бийиктиги 500-600 м) басымдуу; алар өлкөнүн аймагынын 50%ке жакынын, ойдуңдуу түздүктөр (100-250 м) 30%ин, тоолор (1000-4000 м) 20%тейин ээлейт. Бийиктик амплитудасы -132 мден (Маңкыштактагы Карагие ойдуңу) 6995 мге чейин. Өлкөнүн батыш бөлүгүн кум жана шор массивдүү Каспий бою ойдуңу ээлейт. Анын чыгышында эрозиялык Мугожар жапыз тоосу (бийиктиги 657 мге чейин, Чоң Боктыбай чокусу) көтөрүлөт. Казакстандын түштүк-батыш четинде Маңкыштак ж. а. жана чөлдүү Үстүрт платосу жайгашкан. Андан чыгыштагы Туран ойдуңунда Арал бою, кум массивдүү Кара-Кум жана Кызыл-Кум чөлдөрү орун алган. Түндүктөн Казакстандын аймагына Батыш Сибирь түздүгүнүн түштүк чет жакасы (бийиктиги 100-150 м) кирип турат. Аны түштүк-батыштан Торгой платосу улап кетет. Өлкөнүн борбордук бөлүгүн ээлеген Казак СарыАркасында бийиктиги 1565 мге жеткен (Аксоран чокусу) калдык жапыз тоолор орун алган. Казак Сары-Аркасы түштүктө чөлдүү Бетпак-Талаа платосуна (деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги300350 м) өтөт. Өлкөнүн чыгыш, түштүк-чыгыш бөлүктөрүндө тоолуу рельеф басымдуулук кылат; мында негизинен Алтайдын түштүк бөлүгүнүн, Тарбагатайдын, Саурдун, Жети-Суу Ала-Тоосунун, Түндүк жана Батыш Теңир-Тоонун орто бийик жана бийик кырка тоолору ички жана тоо аралык ойдуңдары менен кезектешип жатат. Өзгөчө геоморфол. объектилерге Үстүрт платосунун тик кашаттары (жарлары) чинкалар; Алматыдан 200 км түндүк-чыгыштагы Чарын (Шарын) дарыясынын шаңшаары (каньону); өлкөнүн түндүгүндөгү Боровой курортуна жакын жайгашкан Көкчө-Тоо аскалары жана көлдөрү ж. б. кирет.

Казакстандын аймагы негизинен Урал-Охота кыймылдуу алкагында жайгашкан, анын бүктөлүү структурасынын айрым жерлери жаш платформанын жабындысы менен капталган. Борбордук Казакстан бүктөлүү облусу негизинен Казак Сары-Аркасына дал келип, догоо сымал 2 бүктөлүү системасына бөлүнөт: каледондук Түндүк Казакстан (түндүгүндө) жана герциндик Жуңгар-Балкаш (түштүгүндө). Бул бүктөлүү облусунун чегинде архей-протерозой массивдери Көкчө-Тоо, Арганат, Түндүк жана Түштүк Улуу-Тоо, Ак-Тоо-Моюн-Тоо, Макбал жайгашкан. Кңдын түндүгүнө Түштүк Уралдын герциндик структурасы кирип турат. Өлкөнүн батышын анын эң чуңкур бөлүгүн Орус платформасынын Каспий бою синеклизасы ээлейт. Түштүк-батышына Жер ортолук деңиздик кыймылдуу алкагынын Түштүк Туран плитасы кирет. Кен байлыктарга бай: кара жана түстүү металлдар, уран, алтын, нефть (запасы боюнча дүйнөдө 7-орунда), газ (13-орунда), агрардык-техникалык, химиялыкжана индустриялык сырьёлор.

Казакстандын аймагы мелүүн климаттык алкакта жайгашкан. Казакстан Евразиянын борбордук бөлүгүнөн орун алгандыктан, климаты кургакчыл жана кыйла континеттик. Жайында Азор, кышында Сибирь антициклондорунун таасири астында турат. Жыл бою кез-кезде батыштан, түндүк-батыштан жана түндүктөн муздак аба массасы согуп турат. Январдын орточо температурасы түндүгүндө жана чыгышында -18°Сден түздүктүү аймагынын эң түштүгүндө -3°Сге чейин; июлдуку түндүгүндө 19°Сден түштүгүндө 28-30°Сге чейин. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. К. жаанчачынга жалпысынан жарды, аймак боюнча бирдей жаабайт. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, токойлуу талаа зонасында жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 300-400 мм, андан түштүктө, талаа зонасында 250 мм, жарым чөл жана чөл зоналарындагы түздүктөрдө 100-200 мм, түштүктөгү жана түштүк-чыгыштагы тоолордо 500-1000 мм, Алтайдын батыш капталдарында 1600 ммге чейин. Казакстанда жалпы аянты 1090 км2 болгон 1450 мөңгү бар, алардын көбү Жети-Суу Ала-Тоосунда, Теңир-Тоодо, Тарбагатайда, Алтайда жайгашкан.
Казакстан дүйнөдө суу менен аз камсыз болгон регионго кирет. Казакстандын аймагында 39 миңдей дарыя жана сай бар, алардын 8 миңдейинин узундугу 10 кмден ашат. Ири дарыялары (Казакстандын чегиндеги узундугу): Иртыш (Ертис; 1700 км), Ишим (Есиль; 1400 км), Сыр-Дарыя (1400 км), Урал (Жайык; 1082 км). Өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүндөгү дарыялар (Иртыш жана анын куймалары Ишим, Тобол) Түндүк Муз океандын, көп дарыялары ички Каспий деңизинин (Урал, Эмба), Арал деңизинин (Сыр-Дарыя), Балкаш көлүнүн (Иле), Тенгиз көлүнүн (Нура) алаптарына кирет. Казакстандын аймагында жалпы аянты 45 миң км2ден ашык 48 миңден ашуун көл бар, алардын көбү аянты 1 км2ден ашпаган чакан көлдөр. Ири көлдөрү: өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Балкаш, Тенгиз, Жонгор капкасындагы Ала-Көл, Сасык-Көл, чыгыштагы Зайсан, Маркакөл. Дүйнөдөгү ири көлдөрдүн Каспий жана Арал деңиздеринин акваторияларынын айрым бөлүктөрү да Казакстанга таандык. Жалпы көлөмү 95,5 км3ден ашкан 200дөн ашкан суу сактагыч бар; аларга Сыр-Дарыядагы (5,5 км3) Буктурма, Капчыгай, Чардарыя (Шардара), Тобол дарыясындагы Жогорку Тобол (0,82 км3), Каратомар (0,59 км3), Ишим дарыясындагы Сергеев (0,7 км3) суу сактагычтары кирет. Агын суулардын жалпы жылдык орточо ресурсу 100,5 км3, анын 56,5 км3и гана К-дын аймагында түзүлүп, 44 км3и чектеш өлкөлөрдөн Кытай, Өзбекстан, Кыргызстан, Россиянын аймактарынан агып түшөт. Жер астындагы суунун жылдык жалпы запасы 15,83 км3 болгон 626 кени жана участогу чалгындалган; анын 50%ке жакыны өлкөнүн түштүк, 20%и батыш аймактарында.
Казакстан аймагынын континенттин ички бөлүгүндө жайгашкандыгы, аймактын кеңдик жана узундук боюнча зор аралыкка созулушу, тоо жана түздүк рельефинин кезектешип жатышы ландшафттык жана биол. ар түрдүүлүккө өбөлгө түзөт. Түздүктөрдө кеңдик, тоолордо бийиктик алкактуулук даана байкалат. Өлкөнүн түндүгүндөгү токойлуу талаа зонасынын жегичтүү кара топурагы түштүктү карай мелүүн кургакчыл талаанын кадимки кара, мелүүн кургак талаанын каралжын каштан, кургак талаанын кадимки каштан, жарым чөлдүн ачык каштан топурактары менен алмашат. Түздүк топурактуу аймактын аянтынын 1/2ин коңур чөл-талаа жана ачык-коңур чөл топурактары ээлеп, кумдуу жана такыр сымал топурактардын зор массивдери менен кезектешип жатат. Батыш жана Түндүк Теңир-Тоонун этектериндеги түздүктөрдө жана этек тоолордо боз жана ачык каштан топурактары басымдуулук кылат. Түндүк Теңир-Тоонун, Саурдун, Тарбагатайдын, Батыш Алтайдын жапыз тоолоруна мүнөздүү тоонун каштан жана тоонун кара топурактары өйдөлөгөн сайын тоо токоюнун боз жана токойдун каралжын топурактары менен алмашат. Токойдун жогорку чегинен өйдө тоо-шалбаа топурактары өрчүгөн. Дыйканчылыкка жараксыз же аз пайдаланылган топурактуу жерлер да арбын; мисалы, кумдуу массивдер 27 млн га, шор жерлер 20 млн га аянтты ээлейт. Жалпысынан топурак кыртышынын табигый күрдүүлүгү төмөн, эрозияга, дефляцияга, шордонууга ж. б. жагымсыз процесстерге кыйла дуушарланган. 1950-80-жылдары ургаалдуу пайдаланылган 11 млн га дың жер кийин аңызга айланып, чириндиси азайып арыктап кеткен.
Өлкөнүн түндүгүндө, токойлуу талаа зонасында жана талаа зонасынын түндүк бөлүгүндө дүйүм чөптүү-кылкан өсүмдүктүү талаа (ак кылкан, бетеге, коңур баш, тоо сулусу, кыяк, шыбак), суу жайылмаларында түбү боштуу жана буудайытуу шалбаа таралган. Байтерек-кайыңдуу токой массивдери, кызыл карагайлуу токойчолор кездешет. Кургак талаага бетеге-ак кылкандуу өсүмдүк жамаатташтыгы мүнөздүү. Жарым чөлдөрдө шыбак-кылкандуу өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Чополуу жана шагылдуу чөлдөрдө ксерофиттик бадалдар жана бадалчалар, анын ичиндегалофиттер (прутняк, сарсазан, бүргөн, кокпек, солерос, ак жана кара шыбак, түлкү машак, жантак, терскен, тамариск ж. б.) да өсөт. Кумдуу чөлдөргө псаммофиттер (кум шыбагы, кум сулуусу, жузгун, кум акациясы, ак сөксөөл ж. б.) мүнөздүү. Кызыл-Кум кумдарында кара сөксөөлдөр кездешет. Кырка тоолордун капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүнө жана этек тоолорго талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Андан өйдө бадалдар ит мурун, шилби, бөрү карагат өсөт; Иле Ала-Тоосунун түндүк капталдарында жапайы жана экме алма токойлору, долоно кездешет. Алтай жана Жети-Суу Ала-Тоолорунун орто бийик тоолорундагы ийне жалбырактуу токойлорго Сибирь кара карагайы, карагай, кызыл карагай, көк карагай, кедр (бал карагай) ж. б., Теңир-Тоого карагай мүнөздүү. Токойдон жогору жаткан субальп жана альп шалбаасы баалуу жайыт болуп саналат. Теңир-Тоонун кырка тоолорунун кырларына жакын арча (өрөк арча) токойлору кездешет.
Казакстанда өзгөчө коргоого алынган 109 табигый аймак бөлүнгөн, ал өлкөнүн аймагынын 5,4%ин ээлейт. Ага 10 корук (Ак-Суу-Жабаглы, Алма-Ата, Ала-Көл, Барса-Келбес, Батыш Алтай, КараТоо, Коргалжын, Наурзум, Маркакөл, Үстүрт), 10 улуттук парк (Алтын-Эмел, Баянаул, Бурабай, Иле-Ала-Тоо, Каркаралы, Катон-Карагай, Көкчө-Тоо, Чарын, Сайрам-Угам, Көл-Сай), 50 табигый корукча (заказник; геол., ботан., зоол., көл, саз, ландшафттык ж. б.), 26 табият эстелиги, 5 ботан. бак ж. б., 2 табият резерваты (Ертис орманы, Семей орманы) кирет. Коргоого алынган бул аймактар негизинен жер бетинин экосистемасын жана өсүмдүк жамаатташтыгын камтыйт. Республиканын аймагы аркылуу суу-сазда жашоочу куштардын 140 түрү учуп өтөт; анын 11 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Бул сейрек жана эндемик куштардын популяциясын сактоо максатында жалпы аянты 17 миң км2 болгон глобалдуу маанидеги жер коргоого алынган. Алар негизинен Казакстандын борбордук, түштүкчыгыш жана чыгыш бөлүктөрүндө жайгашкан. Коргалжын жана Иргиз-Торгой көлдөр системасы Рамсар конвенциясы тарабынан коргоого алынган.

Калкынын саны 2014-жылдын 1-июлуна карата берилген.

Бул датага карата Казакстанда 100 миң адамдан ашык 22 шаар катталган, бул шаарларда өлкөнүн 43% жашайт.

Калкынын басымдуу бөлүгүн (68,51%) казактар түзөт (2019-жылкы эл каттоо боюнча). Орус (18,8%), өзбек (3,21), украин (1,42) улуттары негизинен өлкөнүн түндүк жана чыгыш бөлүктөрүндө жашайт. Калгандарын уйгур (1,47), татар (1,10%), корей, азербайжан, түрк, дунган, күрд, башкырт, ж. б. улуттар түзөт.

Калкынын жылдык орточо табигый өсүү темпи жогору: 2005-ж. 1000 тургунга 8,0 адам, 1999-ж. 4,6 адам туура келген. Төрөлүү 1000 тургунга 18,4 бала, өлүмжитим 1000 тургунга 10,4 адам туура келет (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын 26,2%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар 63,4%ин, карыгандар 10,4%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 65,9 жыл (эркектердики 60,3, аялдардыкы 71,8 жыл). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 5,6 адам туура келет (2006; Евразиядагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калк өлкөнүн түштүк, түндүкжана чыгыш облусунда жыш, батыш жана түштүк-батыш облусунда салыштырмалуу сейрек отурукташкан. Динге ишенгендери негизинен мусулман-сунниттер. Шаар калкы 43, 1% (2014). Ири шаарлары: Алма-Ата (калкы 1 522 596 миң), Нурсултан (Астана, 835,153 миң)), Чымкент (858,1 миң), Караганды (486,9 миң), Тараз (354, 6 миң), Павлодар (331, 4 миң), Усть-Каменогорск (314, 5 миң), Семипалатинск (Семей; 312, 7 миң), Ак-Төбө (382, 9 миң), Костанай (223, 8), Уральск (229, 3 миң).

Археологиялык изилдөөлөр Казакстандын аймагында евразиялык микроиндустриялык Ашель (болжол менен 1 млн 200 миң жыл мурда) доорунда эле адам жашаганын далилдейт. Кара-Тоо тоо кыркасынын түштүк-батыш бетинин тоо этеги менен Сыр-Дарыя өрөөнүнүн (Кош-Коргон, Чок-Таш) ортосундагы аймактарда алгачкы адамдар жашаган. Ортоңку палеолитке (Мустъе доору) Кара-Суу (3 баскычтан турат), Кара-Тоо тургун жайлары, жогорку палеолитке Вишнёвка, Кудайкөл, Ч. Валиханов атындагы, Шульбинка эстеликтери таандык. Мезолит доору Казакстандын түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарында (чакан топтордун устаканалары, тургун жайлары) жакшы изилденген. Неолит Казакстандын түндүкжана түндүк-батышында келътеминар маданиятынын (б. з. ч. 6-миң жылдыктын аягы 5-миң жылдык) варианты менен көрсөтүлгөн. Волга-Урал, орёл, маханжар, атбасар, сероглаз маданияттарына таандык эстеликтер Казакстандын батыш, түндүк-батыш жана түндүгүнөн, Усть-нарымск маданиятына таандык эстеликтер (дарыянын боюнда кайыктын формасындай Шидерты-3 көрүстөнү, Железинка кыштагына жакын жердеги мүрзөлөр) Казакстандын чыгышынан табылган.
Алгачкы металл доорунун башталышында (б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягы 3-миң жылдык) Казакстан аймагынын көбүндө терсек, ботай, Иртыш боюнда шидерты жана усть-нарым тибиндеги, Волга-Урал аралыгында каспий бою жана хвалын-ортотог ж. б. маданияттар өкүм сүрүп, мал чарбачылык жана металл иштетүүнүн белгилери байкалат. Урал-казак талааларында ямный жана афанасьев маданияттарына Карагаш ж. б. көрүстөндөр таандык. Кечки коло дооруна (б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы 1-миң жылдыктын башы) андрон маданияты жана аны алмаштырган валик карапа маданияты тиешелүү. Иртыш бою аймагында елунин маданияты, кийин армен маданияты өкүм сүргөн. Коло доорунда таш бетинде петроглифтер пайда боло баштаган. Алгачкы темир доору (б. з. ч. 8-7-кылымдарда) сак-массагет, савромат, сармат, саргат археологиялык маданияттарынын эстеликтери менен көрсөтүлгөн. Бул маданияттарга Бесшатыр, Ысык, Тагискен, Уйгарак, Чиликти, Берел, Байкара ж. б. комплекстери таандык. Казакстандын түндүк аймагында б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы б. з. 1-миң жылдыктын ортосунда Сыр-Дарыянын ортоңку агымында отрар-каратоо менен куаунчин маданияттары өнүккөн. Мурда бул жерлер Кангүй мамлекетинин курамында болгон. Жети-Суу аймагында табылган эстеликтердин көбү усундар менен байланышкан. Казакстандын батыш аймактарындагы эстеликтер (Лебедевка жана Кырык-Оба көрүстөндөрү) сармат археологиялык маданиятына, Тобол жана Ишим дарыялар аралыгындагылар саргат маданиятына таандык (4-кылымга чейинки мезгил). Элдердин улуу көчүү доорунда хунндардын таасиринен алгачкы темир доорунун маданияттарынын кээ бирлери жоголуп кеткен. Казакстан аймактарындагы маданияттардын өнүгүшүнө Улуу Жибек жолу чоң таасирин тийгизген. Б. з. ч. 7-4-кылымда Казакстандын аймагын уруу союздары мекендеген, алардын ириси сактар болгон. Б. з. ч. 4-2-кылымдарда Казакстанда усундардын (Жети-Сууда), каңлылардын (Кара-Тоо жана Сыр-Дарыя району), аландардын (Арал жана Каспий деңиздер аралыгы) уруу союздары куралган. Калк көчмөн мал чарбасы жана дыйканчылык менен кесиптенген. 6-кылымдын 2-жарымында Казакстандын аймагы Түрк кагандыгынын (кийин Батыш түрк кагандыгы) курамына кирген. Щучье көлүнө (Боровое) жакын жерде түрк эстеликтерине тиешелүү канжар, анын катарындагы эстеликтерден 1-миң жылдыктын 2-жарымына таандык көрүстөндөрдө аты менен кошо көмүлгөн маркумдун сөөгү табылган (6-кылым). 6-8-кылымдарда соода өнүгүп, жаңы мамлекеттик бирикмелер пайда болгон. Казакстандын түндүк жана борбордук аймактарында шаарлар [Тараз, Исфижаб (Сайрам), Усбаникент, Отрар, Шавгар (Түркстан шаары), Сауран, Сыгнак, Кулан, Кайлык, Талгар] өсө баштаган. 11-12-кылымдарда негизинен Казакстандын түндүк аймактарында чоң жана кичине шаарлардын саны 200гө жеткен. Казакстанда 8-кылымдын башында Түргөш кагандыгы, 8-кылымдын 2-жарымында Карлук кагандыгы өкүм сүргөн (766-ж.). 8-10-кылымдарда Казакстандын түштүгүндө суннит багытындагы ислам дини жайылган. Казак эли көчмөн эл болгондуктан, исламды баары бирдей кабыл алган эмес. Ислам дининен тышкары зороастризм, буддизм, христиан диндери да болгон. 9-11-кылымдарда Казакстандын батыш жана түштүк-батыш аймагы Огуздар мамлекетине кирген; түндүк-чыгыш жана борбордук бөлүктөрүн кимактар менен кыпчактар мекендеген. Ошол кезде Казакстандын аймагы Дешт-и-Кыпчак деп аталган. 10-кылымдын 1-жарымында Жети-Сууга Чыгыш Түркстандан келген ягма түрк уруусу Карлук кагандыгын кулатып, Караханиддер мамлекетин түзүшкөн. 10-кылымдын аягында 11-кылымдын 1-жарымында Караханиддер Кашкар, Жети-Суу, Мавераннахрды каратып алышкан. 11-кылымдын 2-жарымында Караханиддердин арасында ич ара талаш-тартыштар башталып, сельжуктар Мавераннахрды басып алышкан. 1130-ж. Жети-Сууну басып алган кара кытайлар Караханиддер мамлекетин кулатып, Борбордук Азияда өз мамлекетин түзгөн. 12-кылымдын ортосунда Кара кытай мамлекетинин начарлашынан улам, андан Хорезм бөлүнүп чыккан. 1219-21-жылдары Казакстан аймагына моңголдор басып кирип, көптөгөн шаарлар талкаланган. Моңголдордун тушунда Казакстандын көпчүлүк аймагы Алтын Ордого, ал жоюлган соң Ак Ордо, Көк Ордо, Моголстан, Сибирь, 14-кылымдын аягы 15-кылымдын башында Ногой Ордо жана Өзбек хандыктарынын курамына кирген. Ногой Ордо Жайык (Урал) жана Волга дарыясынын аралыгындагы аймакты, Өзбек хандыгы Арал деңизинен батышты көздөй Урал дарыясына, түштүгү Тобол дарыясына, чыгышы Иртыш дарыясына чейинки аймактарды ээлеген. Өзбек хандыгынын эли «өзбек-казактар» деп аталган (орус тарыхый булактарда «киргизы»). Феодалдык ич ара чыр-чатактын, эзүүнүн айынан казак уруулары Өзбек хандыгынын аймагынан Жети-Сууга (Чүй, Талас) оогон. 15-кылымдын 2-жарымы 16-кылымдын башында Жети-Сууда Казак хандыгы түзүлгөн. 16-кылымдын ортосунда Ногой Ордо, кийин Моголстан, Сибирь хандыктары кулап, алардын курамындагы казак уруулары Казак хандыгына кошулган. Казак хандыгы Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз деп бөлүнүп, казак элинин калыптануу процесси аяктаган. 19-кылымдын башында Казак хандыгы жоюлуп (1847), аталган жүздөрдүн аймактарында өз алдынча хандыктар пайда болгон. 18-кылымдын 1-жарымында казактар Жуңгар хандыгынын (ойроттор) тынымсыз чабуулуна дуушар болгон. Казактар кол жыйнап, бир нече жолу (1710, 1728, 1729) жуңгарларга каршы сокку урган, бирок жуңгарларды жеңүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Россиянын курамына кирүүнү көздөшкөн. 1731-ж. Кичүү Жүз (Абулхайрдын демилгеси менен), 1740-ж. Орто жүз (Абылай хандын күчү менен) Россиянын курамына кошулган. 18-кылымдын аягында Казакстандын түштүк аймактарын Кокон хандыгы каратып алган.18-кылымдын 2-жарымынан Казакстандын Россия менен экономикалык жана саясий мамилелери бекемделген. 1820-жылдардын аягында Бөкөй хан жана Вали каган каза болгондон кийин, Россия Орто жүздөгү хандык бийликти жоюп, 1822-ж. жаңы башкаруу системасын киргизген. М. М. Сперанский иштеп чыккан «Сибирдик кыргыздар жөнүндө устав» боюнча 8 округ түзүлүп, округдар болуштуктарга (волост) бөлүнүп, султандар (Чынгыз-хан тукуму) башкарган. Аларга орус армиясынын офицер наамдары ыйгарылган. 1824-ж. Кичүү жүздө хандык бийлик жоюлуп, анын үчкө бөлүнгөн аймагына да султандар бийлик жүргүзгөн. Россиянын курамына киргенден кийин казак ак сөөктөрүнүн укуктары чектелген. Натыйжада 19-кылымдын 1-жарымында Россия империясына, ошондой эле Кокон бийлигине каршы (1809, 1821) Казакстан аймактарында элдик көтөрүлүштөр болгон. 1840-жылдары султан Кенесары Касымов өзүн хан деп жарыялап, казактарды бириктирип, өзүнчө башкаруу үчүн орустарга каршы күрөшкөн. 19-кылымдын ортосунда Урал жана Волга дарыясынын аралыгындагы аймакта Бөкөй Ордосу түзүлгөн (1876-жылга чейин). 19-кылымдын 2-жарымында Россиянын курамындагы казак жерлерине кокондуктар менен хивалыктар кол салып турган. Алардан коргонуу үчүн Сыр-Дарыя, Иргиз жана Торгой дарыясынын жээктерин чыңдашкан. 1853-ж. орустар кокондуктардын Ак-Мечит (кийин Перовск, азыркы Кызыл-Ордо) чебин басып алган. Ак-Мечит чеби аркылуу орустар аскерин Казакстандын түштүк аймактарына жиберүүгө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. 1846-ж. Иле дарыясына чейинки Жети-Суунун бир бөлүгү Россия империясынын курамына кирген. 1854-ж. Верный чеби курулуп, Батыш Сибирден Жети-Сууга көптөгөн орус дыйкандары менен казактар көчүп келе баштаган. Улуу жүздүн аймагына Россиянын таасирин төмөндөтүүгө Кокон хандыгы көп аракеттенген. 1860-ж. Кокон аскерлери орустардан жеңилип, Россия империясы толугу менен Жети-Суунун аймагын өзүнө караткан. Падышалык өкмөт административдик башкаруу реформасын жүргүзгөн. Үч жүз тең жоюлган. 1867-ж. Жети-Суу жана СырДарыя облусу түзүлүп, Түркстан генерал-губернаторлугуна караган. 1868-ж. Урал жана Торгой облусу Оренбург генерал-губернаторлугунун, Акмоломенен Семипалатинск облусу Батыш-Сибирь генералгубернаторлугунун курамына кирген. Облус уездге, уезд болуштукка, болуштук айылга (100- 200 түтүн) бөлүнгөн. Жердин баары мамлекеттештирилип, облустарда россиялык мыйзамдар боюнча иш жүргүзгөн соттор, бий соттору негпзделген. 19-кылымдын 2-жарымынан Казакстандын чарбасына орус дыйкандарынын чарбасы (жер иштетүү ж. б.) таасирин тийгизген. Верный, Семппалатинск сыяктуу шаарлар көбөйө баштаган. Транссибирь магистралы жана Оренбург-Ташкент темир жол (1901-05) курулган. 20-кылымдын башында нефть алуу өнүгө баштаган. Россия губернияларында жер тартыш болгондуктан, падышалык өкмөт Столыпиндик агрардык реформа боюнча орус дыйкандарын Чыгышты көздөй көчүргөн. Натыйжада Акмоло, Торгой, Урал жана Семипалатинск облусуна 1906-12-жылдары 438 миңден ашык дыйкан көчүп келген. Социалдык жана колонпялык эзүү казак элинин нааразылыгын туудурган. 18-19-кылымдарда С. Датовдун, И. Таймановдун жана М. Өтөмисевдин жетекчилиги менен козголоңдор чыккан. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде салыктын көбөйүшү, элдин экономикалык абалынын начарлашы жана казактардын тылдагы жумуштарга алынышынын натыйжасында падышалык бийликке каршы элдин нааразылыгынын күч алышынан улам чыккан дыйкандар козголоңу улуттук-боштондук көтөрүлүшкө (1916) айланган. Көтөрүлүш басылып, ага катышкандардын көбү атылып, сүргүнгө айдалып, калгандары Кытайга качкан. Февраль революциясынан (1917) кпйин Казакстанда кош бийлик [Убактылуу өкмөт (Ташкенттеги Түркстан комитети, облусу, уезддик комитеттер, шаарларда жана болуштуктарда комиссариаттар) жана Советтер (эсерлер, меньшевиктер, большевиктер)] өкүм сүргөн. 1917-ж. июнда А. Бөкейханов жетектеген казактардын улуттук «Алаш» партиясы, декабрда «Алаш Ордо» өкмөтү түзүлгөн. Бул өкмөт улуттук автономия түзүү максатында Совет бийлигине каршы күрөшүп, жарандык согушта ак гвардиячыларды (Колчак), ак казактарды (Дутов), падышалык генералдарды колдогон. К-дын көп бөлүгүн ак гвардиячылар басып алган. Ак гвардиячылардын тылында жашыруун большевиктик уюмдар жетектеген партизандык кыймыл кеңири кулач жайган. Оренбург, Жети-Суу, Урал фронттору түзүлгөн. Казакстанда Совет бийлиги 1917-ж. ноябрь 1918-ж. март аралыгында орногон. Бирок 1918-ж. жайында түндүк-чыгышы жана батышы ак гвардпячылардын колунда калган. Ал аймактар 1919-жылдын 2-жарымында 1920-жылдын башында М. В. Фрунзе жетектеген Кызыл Армиянын бөлүктөрү тарабынан толук бошотулуп, -дын бүт аймагында Совет бийлиги орногон. РСФСР ББАК жана ЭКСтин 1920-ж. 26-августтагы декрети боюнча РСФСРдин карамагына кирген Кыргыз АССРи (борбору Оренбург) түзүлгөн. Кыргыз АССРинин курамына Акмоло, Семппалатинск, Урал, Торгой облусу, ошондой эле Закаспий облнун бир бөлүгү жана Астрахань губерниясы кпрген. 1921-22-жылдар жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын негизинде Россиядан көчүп келген орус дыйкандарынын мурда казактардан тартып алган жерлеринин көбү кайра жергиликтүү элге кайтарылган. 1924-25-жылдары Орто Азияда улуттук-мамлекеттик бөлүнүү башталып, Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облусунун түндүк аймактары Кыргыз АССРинин курамына кирген. 1925-ж. апрелде Казак АССРи деп аталып, борбору Оренбургдан Кызыл-Ордо шаарына көчүрүлгөн. 1926-29-жылдары казак айылдарында «советтештирүү» саясаты жүргүзүлүп, өлкөдө агартуу иши өнүгө баштаган. 1929-ж. Казакстандын борбору Алматы шаары болуп калган. 1936-ж. Казак АССРи Казак ССРине айланган. 1941-жылдары индустриялаштыруу мезгилинде Казакстанда 200дөй ири өнөр-жай ишканалары (анын ичинде Чымкент коргошун ишканасы, Балкаш жез эритүү заводу, Караганды көмүр базасы, Түрксиб темир жол ж. б.) курулган. 1937-ж. коллективдештирүү саясатынын жүргүзүлүшү менен дыйкан чарбасынын 97,5%и колхоздорго кирген. Бирок айыл-чарбасындагы социалдык өзгөрүүлөр дыйкандар менен малчыларга чоң зыян алып келген. Малдын саны азайып, ачкачылык башталып, казактардын көбү Кыргызстанга, Кытайга ж. б. көчүп кетишкен. Натыйжада 1931-33-ж. Казакстандын калкы 1,8 млнго кыскарган. 1920-30-жылдары Казакстанда илим тез өнүгүп, жогорку окуу жайлар, илимий мекемелер ачылган. 1932-ж. СССР Илимдер Академиясынын Казакстандагы базасы уюштурулуп, айрым илимдер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, улуттук илимпоздорду даярдаган. Ал база 1938-ж. СССР Илимдер Академиясынын филиалына айланып, Казакстандан көрүнүктүү окумуштуулар чыга баштаган: геолог К. И. Сатпаев, тилчи Н. Т. Сауранбаев, укук таануучу С. В. Юшков, микробиолог И. Г. Галузо, астрофизик Г. А. Тихов, химик А. Б. Бектуров, жазуучу М. Ауэзов, музыкант А. К. Жубанов ж. б. 1945-ж. Казак ССР Илимдер Академиясы (туңгуч президенти К. И. Сатпаев) ачылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында К. өлкөнүн күчтүү согуштук арсеналына айланган. Мында эвакуацияланган 140тан ашык ишкана жайгаштырылып, иштей баштаган. Казакстан коло, молибден, коргошун, көмүр, эт, булгаары, жүн ж. б. родукцияларды берүү боюнча союздук республикалардын ичинен биринчи орунда турган. Улуу Ата Мекендик согушка Казакстандан 100 миң адам жөнөп, а. и. 512 жоокер Сов. Союз. Баатыры (төртөө эки жолу), 60 миңден ашык жоокер орден жана медалдар менен сыйланган. Согуш жылдарында Казакстанга Волга боюндагы немистер, крым татарлары, ингуштар, балкарлар, карачайлар, калмактар, чечендер (1937-38-ж. корейлер, ирандыктар, курддар) депортацияланган. 1957-ж. чечен, ингуш, балкар, карачай жана калмактар реабилитацияланып, кайра өз мекендерине кайтууга уруксат берилген. Казакстандын аймагы (Семипалатинск ядролук полигону) ядролук сыноолорду жүргүзүүгө ыңгайлуу болгондуктан, согуштан кийин Борбордук Казакстанда Байкоңур космодрому курулган. 1954-ж. СССР жетекчилигинин дың жерлерди өздөштүрүү жөнүндө кабыл алган чечиминин негизинде 1956-ж. Түндүк Казакстандагы көптөгөн дың жерлер иштетилип, дан өсүмдүктөрү көп түшүм берген, бирок кийин табигый себептерден дың жерлер түшүм бербей, 1960-жылдары жер иштетүү абдан начар абалга келген. 1960-62-, 1964-86-ж. Казакстан КП БКны Д. А. Кунаев жетектеген. 1980-жылдары советтик коомдун терс жактары бюрократизм, паракорчулук көбөйүп, элдин нааразычылыгына алып келген, ошондой эле казактардын Улуу, Орто, Кичүү жүздөргө бөлүнүшү улуттар аралык мамилени начарлаткан. 1986-ж. кайра куруу саясатынын башталышында улуттар ортосунда тирешүүлөр күч алган. Казакстандын жергиликтүү калкынын кызыкчылыктарын эске албай, Д. А. Кунаевди кызматтан алып, ордуна Г. В. Колбиндин коюлушу 1986-ж. 17-18-декабрда Алматы шаарында казак жаштарынын демилгеси менен чыккан Желтоксан (Декабрь) окуясына алып келген. 1980-жылдардын 2-жарымынан Казакстанда коммунисттик партиянын кадыр-баркы төмөндөп, коомдо ар кандай кыймылдар (мисалы, Семипалатинск полигонундагы ядролук сыноолорго каршы экологиялык кыймыл) күч ала баштаган. 1989-ж. Казакстан КП БКнын 1-секретары болуп Н. Назарбаев дайындалган. 1990-ж. апрель айында Казак ССР Жогорку Советинин депутаттары Н. Назарбаевди президент кылып шайлаган. СССР кулагандан кийин 1991-ж. 16-декабрда мамлекеттин эгемендүүлүгү жарыяланып, Казакстан Республикасы деп аталды. 1993-ж. январда өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган. Казакстан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (1991), Бириккен Улуттар Уюму (1992), Европа Коопсуздугу боюнча кызматташтык уюму (1992), Шанхай кызматташтык уюму (2001), Бажы союзунун (2010) мүчөсү. Экономикалык реформалар жүргүзүлүп, улуттук валюта теңге киргизилген. 1994-ж. 50 ири мамлекеттик ишкана менчиктештирилген. 1998-ж. октябрда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, Казакстандын президенттик ыйгарым укугу 7 жылга узартылган. 1999-ж., 2006-ж. бүткүл элдик референдумда Н. Назарбаев Казакстандын президенти болуп кайрадан шайланып, президенттик ыйгарым укугу узартылган. Казакстанда ири партиялардын бири президенттик «Нур Отан» болуп саналат. 1990-жылдардын 2-жарымынан Казакстандын экономикасы капиталисттик жол менен өнүгүүдө. 1995-96-жылдары Казакстандын батыш аймактарындагы мунай чыккан жерлерди иштетүү жана Кара деңизге нефть куурун куруу боюнча Россия, Оман ж. б. эл аралык мунай иштетүүчү компаниялар менен келишимдерди түзгөн. АКШ, Кытай, Европа Союзу, Көз карандысыз мамлекеттердин мамлекеттери менен соода-экономикалык жана саясий байланыштарын өнүктүрүүдө. Казакстандын негизги өнөктөрүнүн бири Кыргызстан менен дипломатиялык мамилелер 1992-ж. түзүлгөн.
Эки мамлекеттин ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүү боюнча 150дөн ашык документке кол коюлган. Алардын ичинен эң негизгилери Достук (8. 4. 1997) жана Союздук (25. 12. 2003) болуп саналат. Товар жүгүртүү 2009-жылга карата 387,4 млн долларды түзгөн. 1998-жылдан өлкөнүн борбору Астана шаары.

Казакстан өтмө экономикалык деңгээлдеги өлкөлөрдүн тобуна кирген, чарба жүргүзүүдө рыноктук мамиленин негизинде өнүккөн өлкө. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 143,4 млрд доллар (2006); аны киши башына бөлүштүргөндө 9,4 доллардан туура келет. Экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү отун-энергетикалык жана минералдык сырьё ресурстары, ири өнөр-жай потенциалы жана агрардык өндүрүшү. Нефть казып алуудан жана аны экспорттоодон түшкөн киреше бюджеттин негизги булагы болуп саналат. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 54,2% , өнөр жайныкы 31,4% , курулуштуку 7,7%, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 6,7%. Мамлекеттик сектордогу ишканалардын ИДПдеги үлүшү 20% .

Өнөр жайынын башкы тармагы тоо-кен казып алуу (2006-ж. өнөр-жай продукциясынын жалпы наркынын 60%ке жакынын түзгөн, анын 9/10унан ашыгы нефть, газ конденсаты). Өнөр-жай продукциясынын наркынын 37%и иштеп чыгаруу өнөр жайына, 3%и электр-энергетика, суу жана жылуулук менен камсыз кылууга туура келет. Иштеп чыгаруу өнөр жайынын эң маанилүү тармактары: кара жана түстүү металлургия (продукциянын наркынын 39,6%и; 2006), тамак-аш өнөр-жай (25,0%), машина куруу (9,7%), кокс, нефть продуктулары, ядролук материалдар өндүрүштөрү (9,0%). Энергияны пайдалануу структурасында 52% ти көмүр (таш жана күрөң көмүр), 25%ти табигый газ, 19%и нефть, 4%ти суу энергиясы түзөт. 2006-ж. 64,8 млн т нефть жана газ конденсаты өндүрүлгөн. Нефть негизинен республиканын батыш бөлүгүнөн (Маңгыстоо, Атрау, Батыш Казакстан, Ак-Төбө облусу), ошондой эле түштүктө Кызыл-Ордо облусунан казылып алынат. Казылып алынган нефтинин 90% ке жакыны экспорттолот. Экспорттолчу нефтинин 3/4ү нефть куурлары аркылуу ташылат; анын 43%и Атрау – Новороссийск (узундугу 1510 км), 27%и Атрау – Самара нефть трубаларына туура келет. Ата-Суу (Караганды облусу) Алашань (Кытай) нефть трубаларынын экспорттук мааниси жогорулоодо. Экспорттук нефтинин 17%ке жакыны Атырау, Ак-Тоо деңиз порттору жана Курык бухтасындагы (Маңгыстоо облусу) терминал аркылуу жөнөтүлөт. Нефть ошондой эле темир жол транспорту аркылуу да (негизинен Кытайга) ташылат. Казак нефтисин негизинен Европа өлкөлөрү алат. 2006-ж. 12 млн тга жакын нефть ылганган. Үч нефть ылгоочу заводу (Атрау, Павлодар, Чымкент шаарында) иштейт; жылына 2,5 млн т бензин, 3,7 млн т дизель майын, 3,5 млн т мазут чыгарат. Өлкө 2006-ж. 27 млрд м3 газ өндүргөн. Казакстан табигый газ боюнча нетто-импортер, ал газга болгон муктаждыгынын 1/4 бөлүгүн Россия, Өзбекстан жана Түркмөнстандан алат. Газдын көбү Батыш Казакстандан казылып алынат; табигый жана нефть менен кошо алынган күйүүчү газ ошондой эле Атырау, Маңгыстоо, Ак-Төбө облусунан өндүрүлөт. Жылдык жалпы кубаттуулугу 8 млрд м3 болгон нефть ылгоочу 4 завод иштейт; алар Жаңы-Өзөн, Теңгиз, Жаңы-Жол, Карачаганак шаарында жайгашкан. Өткөрүмдүүлүгү жылына 150 млрд м3 болгон магистралдык газ трубалар системасы, жер алдындагы газ сактоочу 3 жай (жалпы сыйымдуулугу 4 млрд м3) иштейт. Казакстандын аймагы аркылуу Өзбекстандан, Россиядан транзиттик магистралдык газ куурлары (Орто Азия Борбор жана Бухара Урал) өтөт. 2007-ж. Россиянын, Казакстандын жана Түркмөнстандын өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн келишим боюнча Түркмөнстандын газы Казакстандын аймагы аркылуу Россияга жана Европа өлкөлөрүнө берилмекчи. 2006-ж. 94,3 млн т көмүр казылып алынып, 23-24 млн т экспорттолгон (негизинен Россияга). Казылып жаткан негизги кендери: Караганды, Экибастуз көмүр бассейндери, Шубаркол, Борлы (Караганды облусунда), Каражыра (Чыгыш Казакстан облусунда) таш көмүр кендери; күрөң көмүр Павлодар облусундагы Майкүбө бассейнинен казылып алынат. Жалпы казылып алынган көмүрдүн 2/3си Павлодар, 1/3и Караганды облусуна туура келет. Электр станциялардын аныкталган кубаттуулугу 18,3 миң МВт (2006). 2006-ж. 71,7 млрд кВт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 85%и ЖЭСке таандык. Ири ЖЭСтери: Экибастуз 1 (4000 МВт) жана 2 (1000 МВт), Ак-Суу (2400 МВт), Жамбыл (1200 МВт) ж. б. ГЭСтери: Иртыш дарыясындагы ГЭС каскады Шульба (702 МВт), Буктурма (675 МВт), Усть-Каменогорск (334 МВт); Иле дарыясындагы Капчыгай ГЭСи (434 МВт), Сыр-Дарыядагы Чардара ГЭСи (100 МВт). Ак-Тоо шаарында АЭС курулууда (2009). Темир (2005-ж. 19,5 млн т казылып алынган; 3 тоо-кен комбинатында Соколов-Сарбай, Лисаковский, Каражалда байытылат), хром (3,6 млн т Ак-Төбө облусу), марганец (2,2 млн т Караганды облусу) кен таштары казылып алынат. 2005-ж. 3,6 млн т чоюн, 4,6 млн т болот, 3,3 млн т кара металл прокаты, 1,5 млн т темир куймасы өндүрүлгөн. Түстүү металлургия өлкөнүн экономикасынын маанилүү экспорттук тармагы. 2005-ж. 34 млн т жез кен ташы казылып алынган, 418 миң т чакмакталган жез өндүрүлгөн. 2005-ж. 6,6 млн т коргошун-цинк кен ташы казылып алынып, 135,4 миң т коргошун, 357,1 миң т цинк өндүрүлгөн. Коргошун жана цинк кендеринен ошондой эле 20дан ашык түрдүү компоненттер, анын ичинде алтын, күмүш, жез, сымап, кадмий, сейрек металлдар (теллур ж. б.) бөлүп алынат. 2005-ж. 9,8 миң т алтын (өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү алтын кендерин кошкондо), 812,1 миң т күмүш (негизинен полиметалл жана жез кен таштарын кайра иштетүүдөн) байытылып алынган. 4,8 млн т боксит казылып алынган (2005); Павлодар алюминий заводунда глинозём өндүрүлөт. Казакстанда титан рудасынын запасы мол (2006-ж. 25 миң т титан концентраты өндүрүлгөн). Уран рудасын казып алуу боюнча (2007-ж. 6637 т ) Казакстан Канада жана Австралиядан кийинки 3-орунда.

Машина куруу өнөр-жай ички рынокко ылайыкташкан. Алардын көбү чет өлкөлүк ишканалар менен шериктеш иштейт. Машина куруунун башкы тармактарынын бири нефть-газ өнөр-жай үчүн жабдууларды жана куур транспортун чыгарууга ылайыкташкан. Заводдору: «Казнефтегазмаш» (Петропавловск), арматура (Усть-Каменогорск), металл-прокат (Атырау), айнек-була, «Каскор Машзавод» (Ак-Тоо), насос-компрессор трубасы (Жаңы-Өзөн), нефть-газ жабдуулары (Уральск, Алматы, Ак-Төбө), оор машиналарын куруу (Семипалатинск, Алматы). «Азия-Авто» заводу (Усть-Каменогорск) «ВАЗ», «Skoda», «Chevrolet» жеңил автомобилдерин чогултат; Семипалатинск автомобиль жыйноочу заводу кореялык «Daewoo» жана россиялык «ПАЗ» автобустарын чыгарат. Астана жана Алматы шаарында вагон ремонттоочу жана жыйноочу заводдору иштейт; локомотив куруучу завод курулууда (2008). «Беларусь» тракторун жыйноочу (Павлодарда), дизелдик кыймылдаткыч жана айыл чарба машиналарын чыгаруучу, эгин жыйнагыч «Енисей» комбайнын чогултуучу заводдор (Костанай) иштейт. Электр-техникалык жана электрондук өнөр-жай телевизор, кир жуугуч машина, конденсатор, аккумулятор батереясын, трансформатор, прибор куруу заводдору рентген аппаратура (Ак-Төбө), көзөмөлдөп-ченөөчү приборлор (Көкчө-Тоо) чыгарат. Курулуш техникалары (кран, грейфер; Павлодар), подшипник (Ак-Моло облусу) даярдайт. Химия өнөр жайынан Тараз шаарындагы ири «Казфосфат» заводу Кара-Тоо, Чилисай фосфорит кендерин пайдаланып, фосфор жер семирткичин чыгарат. 2007-ж. 4,6 млн т цемент даярдалган. Жеңил өнөр-жай продукциясы 1991-2005-ж. 15 эсеге кыскарган; кездеме чыгаруу (2005-ж. 35,5 млн м3) 1980-жылдарга салыштырмалуу 8 эсе, бут кийим 28 эсе азайган. Түштүк Казакстан облусунда пахта тазалоочу заводдор иштейт. Ийрилген жип жана кездеме чыгаруучу башкы компаниялар: «Нимэкс» (негизги ишканасы Усть-Каменогорск текстиль фабрикасы), «Resmi» (Алматы кебез кездеме комбинаты). Семипалатинск, Петропавловск, Тараз, Рудный шаарында тери жана жүн иштетилет. Кийим тигүүчү жана булгаары (Алматы), бут кийим чыгаруучу (Костанай ж. б.) ишканалар иштейт.

Айыл чарба өндүрүшү Казакстандын азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 80% ин камсыз кылат. Айыл чарбага жарактуу жеринин аянты 222,6 млн га, анын11,4 млн гасы же өлкөнүн аянтынын 42%тен ашыгы пайдаланылат (2007). Айдоо жеринин аянты 24 млн га (1991-ж. 35,3 млн га болгон), чөп чабындысы 5 млн га, табигый тоют өсүмдүктүү аймагы 86 млн га чамасында (2007). Сугат жеринин аянты 2,6 млн га (2006). Жерди пайдалануу структурасында а. ч. ишканалары (мурдагы колхоз, совхоздор) басымдуу, алардын үлүшүнө айыл-чарбасында пайдаланылган жердин 1/3инен ашыгы, дыйкан (фермер) чарбаларына 1/2и туура келет. Элдин жеке менчик көмөкчү чарбаларындагы жердин аянты салыштырмалуу туруктуу, 0,3%тен азыраак же 308 миң га (2007). Агрардык продукциянын 1/2и жеке менчик көмөкчү чарбаларда өндүрүлөт. Эгин өстүрүүчүлүктүн башкы тармагы дан чарбасы (айдоо аянты 18,0 млн га). 2007-ж. 20,1 млн т дан жыйналган, аны киши башына бөлүштүргөндө 1300 кг дан ашык туура келет. Дан эгиндеринин басымдуу бөлүгү өлкөнүн түндүк бөлүгүндө (Акмоло, Костанай, Түндүк Казакстан облусунда). Негизги дан эгини жаздык буудай. Бардык жеринде арпа, өлкөнүн түштүк бөлүгүндө күздүк буудай жана жүгөрү, чыгышында сулу, кара буудай, түндүгүндө жана чыгышында кара күрүч өстүрүлөт. Кызыл-Ордо, Алматы облусунда күрүч эгилет. Казакстан дан экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; жыл сайын түшүмдүн 1/2и (дан жана анын продукциялары) чет өлкөлөргө (1/2и КМШ, калганы Европа, Азия өлкөлөрүнө) жөнөтүлөт. Техникалык өсүмдүктөрдөн пахта (Түштүк Казакстан облусунда; 2007-ж. 455 миң т жыйналган), кант кызылча (Алматы, Жамбыл облусунда; 400 миң т), күн карама (Чыгыш Казакстан ж. б. облустарда; 280 миң т), ошондой эле рапс, соя, картөшкө, жашылча, бакча, мөмө-жемиш бактары, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 2007-ж. 5,9 млн кара мал, 1,4 млн чочко, 16,2 млн кой-эчки, 1,3 млн жылкы, 145 миң төө (негизинен жарым чөлдүү аймактарда) асыралат. Алтай тоолорунун этектеринде марал чарбасы, аарычылык, түштүгүндө жибекчилик өнүккөн.

Тейлөө чөйрөсү экономиканын тез өнүгүп жаткан сектору. Анын маанилүү тармактары: дүң жана чекене соода, социалдык чөйрөдөгү тейлөө (билим берүү жана саламаттыкты сактоо кошо), мамлекеттик башкаруу, кыймылсыз мүлккө байланыштуу (турак жай-коммуналык жактан тейлөө кошо) тейлөө, рекреациялык жактан тейлөө. Банк-кредиттик система жана камсыздандыруу чөйрөсүн тейлөө, информ. инфраструктура, телекоммуникация жана байланыш чөйрөлөрү өнүгүүдө.

Темир жолунун жалпы узундугу 13,7 миң км, анын 3,7 миң кмден ашыгы электрлештирилген (2006). Меридиан багытындагы негизги темир жолдору: Оренбург – Ташкен, Петропавловск – Караганды – Чу, Семипалатинск – Алматы; субкеңдик багытында созулган магистралдары: Транссибирь (Петропавловск аркылуу), Ортоңку Сибирь (Челябинск – Костанай – Көкчө-Тоо – Карасук), Түштүк Сибирь (Карталы – Астана м Кулунду – Барнаул), Түштүк Казакстан (Алматы – Чу – Луговой – Тараз – Чымкент – Арыс). Достук – Алашанькоу (Кытай). Кытайды Закавказье өлкөлөрү жана Түркия менен (Каспийде паром аркылуу) байланыштырган Трансказакстан темир жол магистралы курулууда (2008). Автомобиль жолунун узундугу 90,0 миң км (2004); анын жыштыгы: 1000 км2 жерге 33 км жол туура келет. Труба транспортунун мааниси өсүүдө. Магистралдык трубалардын жалпы узундугу 23,1 миң км (2006); анын ичинде газ трубалары 11,0 миң км, нефть трубалары 10,3 миң км, продукт трубалары 1,1 миң км, газ конденсатын ташуучу трубалар 658 км. Нефтини Каспий деңизи аркылуу ташуу үчүн атайын кеме флоту түзүлгөн. Ак-Тоо – Баку (Азербайжан), Ак-Тоо – Оля (Россия) паромдук байланышы бар. Иртыш, Урал, Сыр-Дарыя аркылуу кеме каттайт. Башкы дарыя порттору: Усть-Каменогорск, Павлодар, Семипалатинск. Казакстанда жалпы 67 аэропорт бар. Негизги эл аралык аэропорттору Алматы, Астана, Ак-Тоо, Ак-Төбө шаарында жайгашкан. Байкоңур шаарына жакын самолёттун бардык түрүн кабыл алууга ыңгайлуу «Юбилейный» аэропорту жайгашкан (Байкоңур космодромун тейлейт).

Сырткы соодасынын көлөмү 62,9 млрд доллар (2006), анын ичиндеэкспорту 38,8 млрд доллар, импорту 24,1 млрд доллар. Экспорт наркынын 70%тен ашыгы нефтиге, кара металл прокатына, жезге, темир куймаларына жана дан эгинине (60%и нефтиге) туура келет. Казакстан товарларын (экспорт наркы % менен) негизинен Германияга (12,4), Россияга (11,6), Кытайга (11,0), Италияга (10,5), Францияга (7,5), Румынияга (5,0) сатат. Маанилүү импорттук товарлары: машина куруу өнөр-жайынын продукциялары (машина жана жабдуулар, автомобиль, тиричилик техникасы ж. б.), болот трубалары, химикаттар, жаратылыш газы ж. б. Казакстан бул товарларды негизинен Россиядан (36,4%), Кытайдан (19,3%), Германиядан (7,4%) сатып алат.

Казакстандын билим берүү мекемелерине Илим жана билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүү «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам (2007) менен жөнгө салынат. Казакстандын билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия жана билим берүү, баштапкы, негизги орто, толук орто (жалпы орто, техникалык жана кесиптик), ортодон кийинки, жогорку, Жогорку окуу жайларынан кийинки билим берүүнү камтыйт. Мектепке чейинки мекемелерде (ясли, бала бакча, мини-борборлор ж. б.) 1ден 5 жашка чейинки балдар тарбияланат. Жалпы орто билим берүү (мектеп, гимназия, лицей, тармактык мектептер) 6 жаштан башталып, үч баскычтан турат: башталгыч (4 жыл), негизги орто (5-10-класс), толук орто (10-12-класс) билим берүү. Техникалык жана кесиптик билим берүү (кесиптик лицей, орто окуу жай, коллеж жана жогорку техникалык мектептерде) негизги жана толук орто мектептин базасында ишке ашат, окуу мөөнөтү 2-3 жыл. Кесиптик орто билим деңгээлинде (коллежге) толук орто мектептин базасында кабыл алынып, бүткөндөн кийин кыскартылган программа боюнча жогорку билимге ээ боло алат, окуу мөөнөтү 1-2 жыл. Казакстанда 176 Жогорку окуу жайлары (университет, академия, институт, ошондой эле консерватория, жогорку мектеп, орто окуу жайлар) бар, анда 770 миңдей студент билим алат (2007). Белгилүү окуу жайлары: Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети (1928), С. Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университети (1931), аль Фараби атындагы Казак улуттук университети (1934), Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясы (1944), Л. Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети (1996), Е. А. Букетов атындагы Караганды мамлекеттик университети (1938) ж. б. Башкы илимий борбору Казакстан улуттук Илимдер Академиясы (1946). 40тан ашуун Илимий изилдөө институттарын камтыйт. Илимий изилдөөнү ошондой эле Курчатовдогу улуттук ядролук борбор (1992), Алматыдагы Ы. Алтынсарин атындагы Билим берүү академиясы (1998) ж. б. жүргүзөт. Казакстанда 3,7 миң китепкана жана 150дөй музей иштейт.
Казакстанда 1,8 миңден ашык басма жана электрондук ММК иштейт (2007). Эң көп нускалуу гезиттерге: «Егемендүү Казакстан» (1919), «Казакстан правдасы» (1920), «Панорама», «Деловая неделя» ж. б., көп тираждуу журналдарга «Континент», «Мир Евразии» ж. б. кирет. ММКнын көбү мамлекетке карайт. Казакстанда радио уктуруулар 1923жылдан иштейт. 21-к-дын башында борбордукжана региондук 80ден ашык радиостанция иш алып барган. Радио уктуруулар казак, орус, немис, корей жана уйгур тилдеринде жүзөгө ашат. 1958-жылдан телекөрсөтүүлөр иштеп, казак жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. 1996-жылдан Казакстанда жаңы типтеги спутник байланыш станциясы курулган. 2006-ж. 18 телекөрсөтүү станциясы иштеген. Негизги телерадио компаниясы «Хабар» (1995-жылдан), ошондой эле «Казахстан» ж. б. Мамлекеттик маалымат агенттиги Казак маалымат агенттиги (КАЗИНФОРМ, 1920-ж. негизделген).
Казакстандын адабияты казак жана орус тилинде өнүккөн. Казак эли байыртадан оозеки-поэзиялык чыгармаларга бай. Алгачкы жазма чыгармасы Кадырали-бий Жалаирдин казак хандарынын генеологиясы жөнүндө жазган «Жылнаамалар жыйнагы» (17-кылымдын башы). Азыркы казак адабияты 19-кылымда калыптана баштаган. Бул учурда элдик поэзия оозекиден жазуу түрүнө өткөн (Д. Бабатайулы). 1870-ж. казак тилинде алгачкы гезит, 1911-ж. «Айкап» журналы жарык көргөн. 1912-ж. Семипалатинскиде алгачкы басмакана пайда болуп, казак тилинде китептер чыккан. Жаңы казак адабияты көптөгөн жанрларды, котормолорду жараткан Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгынан башталат. 20-кылымдын 1-жарымында казак совет адабиятын баштоочулар: А. Байтурсынов, Ш. Кудайбердиев, М. Жумабаев, Ж. Аймаутов, С. Сейфуллин, Б. Майлин, фольклордук салтты улантуучу, акын Жамбыл Жабаев ж. б. 1920-30-ж. драматургия, прозалык жанрлар повесттер, романдар ж. б. өнүккөн. 1950-60-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуш, 20-кылымдагы тарыхый окуялар жөнүндө чыгармалар (Б. Момуш уулу, «Бир түндүн тарыхы», 1954; «Аркабызда Москва», 1959; Г. Мусрепов, «Казакстандык солдат», 1949; А. Нурпеисов, «Кан жана тер», 1961-70) жазылган. Совет казак адабиятынын туу чокусу М. Ауэзовдун чыгармачылыгы болду («Абай жолу» роман-эпопеясы, 1-4-бөлүк, 1942-56, повесттери). С. Муканов, А. Алимжанов, О. Сүлейменов, М. Шаханов, К. Мухамеджанов ж. б. акын-жазуучулар казак адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошушту.
Казакстан аймагындагы бизге чейин жеткен петроглифтер, карапа, коло жасалгалары ж. б. неолит жана коло дооруна таандык. Каргалы кенинен (б. з. ч. 2-б. з. 2-кылым) табылган усундарга тиешелүү алтын таажы «айбанат стилинде» жасалган. Түрк, түргөш, карлук кагандыктарынын тушунда (8-10-кылымдар) Казакстан аймагында Исфижаб (11-кылымдан Сайрам), Тараз, Отрар шаары өнүгүп, чептер, шаарчалар курулган. Караханиддердин мезгилинде Түштүк Казакстанда шаарлар көбөйгөн. Ислам дининин жайылышы менен мечиттер, кербен сарайлар, медреселер салынган (Бабажы катын, 10-11-кылымдар, Айшабүбү, 11-12-кылымдар, Байтак, 13-кылымдын 1-жарымы). Моңгол жортуулдарынан көптөгөн шаарлар кыйраган. 13-кылымдын 2-жарымынан жаңы шаарлар (1370-ж. Ак Ордонун борбору Сыгнак, Тараз, Сайрам) өсө баштаган. Экономикасы жана маданияты көтөрүлүп, монументтик курулуштар (азыр Карагандыдагы Алача хандын комплекстүү музейинин имараты) тургузулган.

Казакстан музыкалык маданияты казак, орус, өзбек, украин ж. б. элдердин салттарын бириктирген. Калк арасында акындардын айтыштары бөтөнчө кадыр-баркка ээ. Казакта лирикалык обондуу ырлар, ошондой эле күүлөр өзгөчө өнүккөн. Элдик аспаптары: домбура, кобыз (кыяк), сыбызгы, добулбас, 19-кылымдын аягынан сурнай таркаган. Казак оозеки музыкалык өнөрүнө Абай Кунанбаев, Мухит Мералиев, Биржан Кожагулов, Курмангазы Сагырбаев, Дина Нурпеисова ж. б. чоң салым кошкон. 20-кылымдын 20-жылдарында казактын улуттук музыкалык маданияты жаңыча өнүгүү жолуна түштү. Ал өзүнүн калыптануу жана өсүү жолунда элдик музыканын салттарына, орус жана чет өлкөлөрдүн классикасына, музыкалык тажрыйбаларга таянды. Казак музыкасын изилдөө колго алынып, биринчи жолу А. В. Затаевич казак эл ырлар жыйнагын түздү. 1934-ж. Казак эл аспаптар мамлекеттик оркестри, 1935-ж. Жамбул атындагы Казакстан мамлекеттик филармониясы уюшулган. 1933-ж. Алматыда Уйгур музыкалык комедия театры, 1934-ж. Казак музыкалык театры (1937-жылдан К. опера жана балет театры) негизделген. 1934-ж. казактын туңгуч операсы «Кыз-Жибек», 1935-ж. «Жалбыр», 1936-ж. «Ер-Таргын» опералары (үчөө тең Е. Г. Брусиловскийдики) көрүүчүлөргө тартууланган. В. В. Великановдун «Калкаман жана Мамыр» (1938), И. Надировдун «Жаз» (1940) аттуу алгачкы улуттук балеттери пайда болгон. 1939-ж. Казак ССР композиторлор союзу уюшулган. Согуш жылдарында жазылган А. Жубанов жана Л. Хамидинин «Абай» операсы, Е. Брусиловскийдин «Алтын талаа» 3-симфониясы менен казак музыкасынын жаңы этабы башталган. 1944-ж. Алматыда казак консерваториясы (1963-72-ж. Курмангазы атындагы Искусство институту), 1945-ж. Казак ССР Илимдер Академиясында искусство таануу сектору ачылган. Согуштан кийин Е. Брусиловскийдин «Амангелди», М. Төлөбаевдин «Биржан менен Сара», К. Кожомияровдун «Назугум» опералары жана «Чынтемир» балети ж. б. жазылган. В. А. Великановдун «Казак симфониясы», М. Төлөбаевдин «Казакстан» поэмасы, Г. Жубанованын «Жигер» симфониясы ж. б. белгилүү симфониялык чыгармалар жазылган. Эл аспаптар оркестри үчүн жоон топ музыкалык чыгармалар жазылган. Казакстан музыкалык маданиятында кантата-ораториялык жанр жакшы өнүккөн. Калк арасында Ш. Калдаяков, А. Еспаев, Н. Тилендиевдин ырлары зор сүймөнчүлүккө ээ. Казак музыкасын өнүктүрүүдө Е. Г. Брусиловский, В. В. Великанов, С. И. Шабельский, музыка изилдөөчү-этнограф А. В. Затаевич, Д. Д. Мацуцин, дирижёрлор Г. А. Столяров, В. И. Пирадов ж. б. композиторлордун тийгизген таасири чоң. Казак музыка өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү: ырчылар Р. жана М. Абдуллиндер, Р. Багланова, Р. Жаманова, Е. Серкебаев, Б. Төлөгөнова, А. Днишев; пианисттер К. Жантилеуов, Р. Омаров; дирижёрлор Г. Догашев, Ш. Кажыгалиев; музыка таануучулар А. Жубанова, А. Мухамбетова ж. б. К. эгемендүүлүк алгандан кийин «Ак-Орда», «Мурагер», «Форманта-Кюй» ансамблдери, Курмангазы атындагы «Отрар сазы» оркестрлери салттуу музыканы өнүктүрүүдө. Анын спектаклдеринде биринчи жолу К. Байсеитова, К. Жандарбеков, М. Ержанов ж. б. ойношкон. 1998-ж. Алматыда бийчилердин «Самрук» театр-студиясы, 2000-ж. Астанада К. Байсеитова атындагы Улуттук опера жана балет театры түзүлгөн. Бий өнөрүнүн өнүгүшүнө М. Арцибашева, Д. Абиров, Б. Аюханов, М. Ф. Моисеев, З. Райбаев, Р. Байсеитова ж. б. чоң салым кошкон. 19-кылымдын ортосунда Акмолодо (азыркы Астана) театр ышкыбоздору койгон оюндар көрүүчүлөргө тартууланган. 1899-ж. театр имараты салынып, П. С. Фёдоровдун «Коломтодогу жарык» пьесасы коюлган. Кызыл-Ордодо алгачкы казак театры 1926-ж. 13-январда М. Ауэзовдун «Енлик-Кебек» спектакли менен ачылган. 1928-жылдан бул театр Алматыда иштеп, 1961жылдан М. Ауэзов атындагы Казак драм театры деп аталган. Учурда Казакстанда орус, уйгур, немис, корей ж. б. театрлары, обл. борборлордо жана шаарларда казак музыкалык-драмалык, куурчак ж. б. театрлар бар.

Казакстанда элдик куудул-акындар, балбандар, акробаттар болгон. 20-кылымдын башында балбан X. Муңайтбасов менен акробатчы Ш. Кошкарбаевдин өнөрлөрү элдин купулуна толгон. 1919-ж. Верныйда (1921-жылдан Алма-Ата) А. И. Сосин жетектеген цирк коллективи өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулаган. 1970-ж. Казак цирк коллективи түзүлүп, Алматыда (1972), Карагандыда (1983), Астанада (2005) жаңы цирктер ачылган. К-дын белгилүү цирк өнөрпоздору: Ш. Алиев, К. Кунгужинов, К. Чалабаев, гимнасттар Досбатыровдор, клоундор Е. жана М. Жумагалиевдер ж. б.




#Article 50: Интернет (1112 words)


Интернет (, МФА: ) — Бүткүл дүйнөлүк телекоммуникация тармагы. Анын жардамы менен ар кандай форматтагы билдирүүлөрдү, маалыматты сактоону жана алмашууну ишке ашырса болот. Ошондой эле түрдүү кызыкчылыктар менен бириккен адамдардын виртуалдуу байланыш айдыңы. Бул максатты ишке ашыруу үчүн социалдык тармактар, тиркемелер, сайттар кызмат кылышат.Интернетти бүткүл дүйнөлүк желе деп атап коюшат интернеттен ар кандай маалыматтарды билип алса болот

Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болуу тарыхы XX кылымдын экинчи жарымына барып такалат.АКШнын Коргоо министрлиги согуш болгон учурда ишенимдүү маалымат алмашуунун бирдиктүү системин иштеп чыгууну чечип, Американын бир нече институттарына тапшырма берген.1957-жылы АКШнын коргоо министрлигинин алдында уюшулган Алдыңкы Изилдөө Долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат.Биринчи компьютердик тармак ARPANET деп аталып, АКШнын төрт илимий мекемесин бириктирген. Бул мекемелер Коргоо министрликке алдыңкы катардагы технологияларды иштеп чыгышкан. Алгачкы билдирүү ARPANET түйүнүнө LO деген тамганы жиберүүдөн башталат. Чындыгында LOGIN деген сөздү жөнөтүү пландалган. Бирок эки тамгадан кийин түйүн менен компьютердин ортосундагы байланыш үзүлүп кеткен.Ал эми 1971-жылы Bolt Beranek and Newman аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @-электрондук белгини иштеп чыгат.1973-жылы маалымат алмашуу тармагына Норвегия жана Улуу Британиянын ири уюмдары кошулуп, тармак эл аралык деп аталып калган.1982-жылы Арпанет TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан.1983-жылы ARPANET маалымат берүүдө жалпы протоколду (TCPIP) түзгөндөн кийин Интернет деп аталат. 1988-жылы кыскача тексттик билдирүүлөр (чат) менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон. 1990-жылы интернет Дүйнөлүк желе деп аталат. Анткени бир эле компьютерден дүйнөнүн булуң-бурчундагы маалыматтар менен таанышууга жол ачылган.Кыргызстанга болсо интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган.
Алгач болуп интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган. Бул жылдардан тартып, Кытайда, Сауд Арабиясында, Иран, Египет диний жана саясий көз караштарга туура келбеген сайттарга чектөөлөр киргизилген. 

Алгач пайда болгондо коммуникациялык технологиялардын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дүйнө боюнча 50 миллион угарман жана көрөрман топтосо, интернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде гана 50 миллион колдонуучусун топтой алган. Натыйжада интернет дүйнөдөгү эң бат жайылган жана эң оперативдүү маалымат булагына айланган.

Интернетке туташуу зымдуу жана зымсыз (спутник) болуп бөлүнөт. Дүйнөлүк интернет тармагынын каркасы – кубаттуулугу күчтүү хост-компьютерлерден турат. Алар күнү-түнү тынымсыз маалымат алмашууну камсыздайт. Хост-компьютерлер телефон, оптикалык була, кабель жана зымсыз (спутник) каналдар менен өз ара байланышта болот. Компьютерде, ноутбукта, планшетте жана уюлдук телефондо атайын браузерлер бар. Каалаган браузерге кирип, издеп жаткан маалыматтын дареги жазылат. Жазылган шилтеме провайдерге (интернет кызматын көрсөтүүчү) барат. Ал эми провайдер суралган маалыматтын дарегин серверге жөнөтөт. Сервер сакталган файлдардан изделген маалыматты алып, кайрадан провайдерге жөнөтөт. Провайдер браузерге жиберет. Ошентип браузер биз издеген маалыматты текст, видео жана фото түрүндө берет. Демек, бир же бир нече маалыматтардын компьютерде сакталып, провайдер жана браузер аркылуу берилиши интернет.

Кардарларга керектүү маалыматты форматына карабай берүү үчүн атайын браузерлер (интернет барактарын иликтөөчү программа) иштелип чыккан. Эң популярдуу браузерлер Google Chrome, Microsoft Edge, Mozilla Firefox, Safari жана Opera.

Бул браузерлердин жөнөкөй аталышы. Негизи браузерлердин, интернет баракчалардын аталышы бир нече сандан турат. Колдонуучуларга санга караганда тамга менен издөө жеңил болгондуктан домен аталыштар ойлонуп табылган. Издөө системине аталышты жазганда ал дароо эле компьютердин тилине, башкача айтканда, автоматтык түрдө сандарга алмашат да, серверге же хост-компьютерге (ар кандай көлөмдөгү папкаларды сактаган компьютер) жөнөтүлөт. Ал эми сандык аталыш IP дарек деп аталат

Бүгүнкү күндө жер планетасынын 3 миллиарддан ашуун жашоочулары интернет кызматын пайдаланат. Алардын 2,4 миллиарды уюлдук телефон аркылуу интернетке туташкан. 
Дүйнө жүзү боюнча «Интернет ачкычы» 7 гана адамда бар. Бул сыр тамгалары бар электрондук карта. Глобалдык хакерлердин кол салуусуна дуушар болгондо АКШнын аскердик базасына билдирүү келет. Ал жерден ачкыч ишке кирип, бүткүл дүйнөлүк интернет тармагы өчүрүлөт. 
Интернет пайда болгон күндөн тартып 5 жыл ичинде 50 миллион адам колдонгон. Мындай аудиторияга жетүү үчүн телефондор – 75 жыл, радио – 38 жыл, телевидение – 13 жылда, ал эми Angry Birds оюну 35 күндө популярдуу болууга жетишкен.

Кыргызстанга интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Интернеттин 90 пайызын казакстандык 4 ири провайдерлер Орусиядан Кыргызстанга түз алып берет.Ошондой эле кыргызстандык интернет колдонуучулардын 32 пайызы жумасына 3-4 саат интернетте отурушса, 22 пайызы бир жумада 5-6 саат, 8 пайызы бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын барактоо менен өткөрүшөт. 

Бүткүл дүйнөнү кучагына алган интернет тармагына кошулууну оңойлоткон технологиялардын катарына уюлдук телефондор да кирет.«Промотанк» компаниясы жана «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондусунун интернет тармагын талдоо максатында жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын 51% иш жеринен гана интернетке кошулат. Ал эми 21% так ушул уюлдук телефондордун жардамы менен интернетке киришет. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык өлкөдөгү интернет колдонуучулардын 8% болсо интернет кафелерден интернетти пайдаланышат. 

Статистикага караганда Кыргызстанда интернет колдонуучулардын 75% 10 жаштан 30 жашка чейинкилер түзөт. 

Дүйнө жүзүнүн ар башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да маалымат порталдарынын ичинен эң көп колдонулганы GOOGLE порталы болуп саналат. Сурамжылоо жүргүзүлгөн дээрлик бардык интернет кафелердин администраторлору жана интернет колдонуучулар белгилегендей google.com, gooogle,kg сайттары аркылуу алар өздөрүнө керектүү нерселерди интернеттен таап алышат.
Мындан сырткары Бишкекте маалымат издөө булагы катары yandex.ru, yahoo.com, rambler.ru сайты дагы көп кодонулуп келет. Ал эми интернет аркылуу маалымат алган кээ бир замандаштар «дүйнөлүк желедеги» эң негизги маалыматтын булагы катары Wikipedia.org сайтын эсептешет.

Кыргызстандык интернет колдонуучулар да интернет үчүн бир кыйла акчаны коротушат экен. Жогоруда айтылган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй бир айда өлкөдөгү 760 664 колдонуучунун 45% интернет үчүн 101 сомдон 500 сомго чейин, 25% 501 сомдон 1000 сомго чейин, 15% 1001 сомдон 3000 сомго чейин акча сарпташат. Ал эми өлкө боюнча колдонуучулардын 15% гана иш жерлеринде бекер интернет колдонушары аныкталган.
Ошондой эле Кыргызстандык интернет колдонуучулардын 32% жумасына 3-4 саат интернете отурушса, 22% бир жумада 5-6 саат, 8% бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын «барактоо» менен өткөрүшөт. 

GOOGLE X компаниясынын масштабдуу долбоорлорунун бири – жер планетасын аба шарлары менен курчап, интернетке жеткиликтүү туташууну камсыз кылуу. Аба шарлары жерден 20 чакырым бийиктикте учуп, күндүн нурунан кубат алышат. Жыйынтыгында интернетти ошол шарлар аркылуу алууга болот. Ал эми 2013-жылы компания Project Loon деп аталган гиганттык шарларды абага учурган. Аба шарлары атмосферада 80 күнгө чейин калкып, интернетти берүү жөндөмдүүлүгү секундасына 25 мегабитти түзгөн.
Учурда компания SkyBender долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Максаты – миллиметрдик диапазондогу радиотолкунду колдонуу менен жер планетасына секундасына бир нече гигабитке жеткен интернетти таркатуу. Бул долбоор АКШнын Федералдык комиссиясынан 2016-жылы эксперимент жүргүзүүгө уруксат алган. Азырынча компания зымсыз интернет менен канчанчы жылы камсыз кылары белгисиз. Интернет туюк киреше же алуу үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Интернет салымдар - дүйнөнүн каалаган кызыктуу долбоорлорго каражат жана жумушчу туруп, акча табуу мүмкүнчүлүгү.

Дүйнө жүзүндөгү кээ бир психологдордун билдирүүлөрүнө караганда интернетти туруктуу жана көп колдонгон адамдарда интернетке болгон көз карандылык пайда болушу мүмкүн. Бул көз карандылыктын алгачкы белгилери интернеттеги убакытты көзөмөлдөй албоо менен башталат. Интернет баракчаларына ашыкча кызыгып андан мына чыгам, ана чыгам деп башка ишин таштап интернетке сүңгүп кирип кетүү, ага болгон көз карандылыктын анык мисалы. Психологдордун айтымында интернетке көп кызыгуунун натыйжасында, адам чыныгы жашоодон алыстап виртуалдык жашоого кирип кетиши мүмкүн. Мындай учурда интернет колдонуучуну финансылык жактан чоң коротууларга дуушар кылышы ыктымал. 
Кээ бир маалыматтарга караганда учурда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулардын 10% интернет көз карандыларынын катарына кирет.




#Article 51: Кыргыз тилинин жазуу эрежелери, 2002 ж. редакциясы (399 words)


Кыргыз тилинин жазуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы № 567 токтомунун негизиндеги редакцияга ылайык жүргүзүлөт. Ошондуктан төмөнкү редакция колдонууга жараксыз. Редакциялардын айырмачылыктарын салыштырып изилдөө максатында гана колдонулушу мүмкүн.-- () 10:24, 3 Декабрь (Бештин айы) 2012 (UTC)  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 28-июнундагы З № 830-11 токтомунун негизинде

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ (ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ)

Эскертүү: булардын ичинен Ц, Щ тамгалары жапа Ъ, Ь белгилери Кыргыз Республикасынын расмий тили - орус тилинен жана башка тилдерден кирген сөздөрдү жазууда колдонулат.

Эскертүү: араб, фарс, орус ж.б. тилдерден кирген кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат: рамазан, раис, рубаи, рабат, расмий, райкан, руханий.

Эскертүү: бул өңдүү сөздөрдүн толук тизмесин орфографиялык сөздүк камтыйт.

Эскертүү: этиш создордүн -ычу, -учу, -үчү формасында жазылышына жол берилбейт: барычумун эмес, барчумун, келүчүмүн эмес, келчүмүн ж.б.

Эскертүү: тууранды сөздөрдө бул тыбыштар жумшарбайт: такылда, чакылда, бапылда, тапылда ж. б.

Эскертүү: -ы, -и үндүүлөрү менен аяктаган сөздөргө -ар//-ыр мүчөлөрү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок жазууда буга жол берилбейт: ири+ир=ирир, чири+ир=чирир, байы+ыр=байыр, жиби+ир=жибир, ысы+ыр=ысыр, ээрчи+ир=ээрчир.

Эскертүү: биринчи сөзү кыскарып бир мууну гана сакталса, алар бирге жазылат: райкеңеш, облкеңеш ж.б.

Эскертүү: 1) «жат» деген жардамчы этиш кыскарып «ат» болуп айтылса, ал негизги этишке уланып, угулушунча бирге жазылат: иштебатат, баратат, келатат, алпаратат, апкелатат ж.б.

Эскертүү: эчтеке, эчтеме, бирдеңке, бирдеме сыяктуу сөздөр бирге жазылат.

Эскертүү: адамга гана тиешелүү өзгөчөлүктү билдирген ылакап аттар Кыз Сайкал, Жайыл Мырза, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Бала Курман, Акыл Карачач сыяктуу ысымдардын ар бири баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылышына да жол берилет.

Эскертүү: атасынын же чоң атасынын ж.б. атынан кийин тегин деген сөз колдонулса, ал сөз бирге жазылат (Тынчтыкбек Чоротегин, Кожогелди Култегин).

Эскертүү: орус тилинде дж аркылуу белгиленип жүргөн Джек, Джонсон, Кембридж, Джеймс, Джордж Сорос, Джолдош, Джаныбек сыяктуу сөздөр кыргыз тилиндеги ж аркылуу гана Жек, Жонсон, Кембриж, Жеймс, Жорж Сорос, Жолдош, Жаныбек түрүндө жазылат.

Эскертүү: 1) арал, жарым арал, кырка тоо, жер, деңиз, океан, кысык, дарыя, канал, булуң, көчө, аянт, айыл ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Балкаш көлү, Суусамыр өрөөнү, Жазы дарыясы, Курил аралдары, Чоң музтөр жайлоосу, Алай тоо кыркасы, Чоңсарой айылы ж.б.;

Эскертуу: майрамдыи аты сап менен башталса, сандан кийинки сөз баш тамга менен жазылат: 1-Май, 9-Май ж.б.

Эскертуу: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Баатыры өңдуу аталыштардын бардык сөзу баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.

Жалпы эскертүү: жазуу эрежелеринде келтирилген мисалдарга окшош сөздөрдүн жалпы тизмеси ушул эреженин негизинде түзүлүүчү практикалык колдонмодо жана орфографиялык сөздүктө берилет.




#Article 52: Мьянма (792 words)


Мьянма Союз Республикасы ( «Пьидаунзу Мьянма Найнгандо»), кыскача  — Мьянма (),  (1989-жылы чейин Бирма) — Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Индикытай жарым аралынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан Индия жана Бангладеш, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Лаос, Түштүк-чыгышынан Тайланд менен чектешет. Түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Бенгал булуңу, Андаман деңизи менен чулганат. Аянты 678,5 миң км2. Калкы 58,8 млн (2009); калкынын саны боюнча дүйнөдө 26-орунда. Борбору – Нейпьидо (2006-жылдан; башкы экономикалык борбору – Янгон). мененын курамында 7 улуттук жана 7 административдик облусу бар. Акча бирдиги – мьянма кьяты. Мьянма – БУУнун (1948), ЭВФтин (1952), Азия өнүктүрүү банкынын (1973), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1952), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), АСЕАНдын (1997) мүчөсү.

Мьянма – федерациялык мамлекет. Конституциясы 2008-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Эл өкүлдөр чогулушу, улуттук чогулуш). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – Бүткүл союздук өкмөт. Мьянмада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Улуттук биримдик партиясы, Демократия үчүн улуттук партия.

Өлкөнүн аймагынын көп бөлүгүн тоо ээлейт. Батышын Ракхайн тоолору (бийиктиги 1500–3000 м) жана анын түндүкуландысы – Паткай, Кумун кырка тоолору (эң бийик жери – Кхакаборази чокусу, Бийиктиги 5881 м), чыгышын Шан бөксө тоосу, Борбордук бөлүгүн жана түштүгүн Иравади түздүгү ээлейт. Климаты тропиктик муссондук. Март – апрелдин (эң ысык айы) орт. температурасы 30–32˚С, январдыкы түндүгүндө 13˚С, түштүгүндө 20–25˚С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммден (түздүктө) 3500 ммге (тоолордо) жетет. Ири дарыясы – Иривади. Тоолуу жерлеринин топурагы кунарсыз сары күрөң, түздүктөрүнүкү кызыл күрөң жана күрөң. Тропиктик жана муссондук токойлор өсөт (жеринин 60%и). мененын аймагында Пидуан, Шуэдаун жана башкалар. резерваттары бар.

Мьянмада 135ке жакын эл жана уруу жашайт. Негизги калкы – мьянмалыктар, о. эле карендер, шандар жана башкалар. улуттар да жашайт. Динге ишенгендери буддистер (тхеравада мектеби). Христиандар менен мусулмандар да бар. Расмий тили – бирма тили (кытай, англис, жерг. карен, мон, шон тилдери да кеңири таралган). Орт. жыштыгы 1 км2ге 81 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники – 58 жаш, аялдарыныкы – 63. Төрөлүүнүн деңгээли орт. (1000 кишиге 28), өлүм-житим 1000ге 10 киши (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, 1000ге 68). Шаар калкы 34% (2010). Ири шаарлары: Рангун, Мандалай, Моламьяйн.

Мьянма аймагын – Иравади жана Ситаун дарыясынын бойлорун адамдар мындан 11 миң жыл мурда мекендеген. Биздин заманга чейинки 3 миң жыл мурда Татон портуна жакын жерде Суварнабхум королдугу, биздин заманга чейинки 2-кылымда мененын Түштүк жээктеринде мондордун шаар-мамлекети, Кытай-Индия соода жолдорунда пьюлардын бир нече королдугу пайда болгон. 9-кылымдын ортосунда Кытайдын Түндүк- Батыш жана Түштүк-Батышынан Мьянма аймагына бирмалыктар, шандар, карендер жана качиндер (мьянмалыктардын түпкү теги) жана башка элдер жер которуп келип, жерг. калк менен аралашып кеткен. 11-кылымдын башында Жогорку Бирмада алгачкы Паган мамлекети негизделип (королдук такка Аноратха отурган), Тхеравадандын (буддизм мектеби) дүйнөлүк борборуна айланган. 1287-жылы Паган королдугу моңголдордун чабуулуна учурап, моңгол баскынчысы Хубилайга баш ийгенетикалык 16–18-кылымда Мьянма Тонгу княздыгына кошулган. 18-кылымдын орто ченинде борбордошкон күчтүү Мьянма мамлекети түзүлүп, ага мененын бардык аймактары караган. 19-кылымда Мьянма баскынчылык (1824–26, 1852–53 жана 1885-жылы Англия жана Франция) согуштардын натыйжасында Бирма деген ат менен Улуу Британиянын колониясына, 1886-жылы Британ Индиясынын провинциясына айланган. 1937-жылы ич ара өзүн өзү башкаруу укугуна ээ болгон. 2-дүйнөлүк согуштун мезгилинде менены Япония аскерлери басып алган (1942– 45). мененын көз каранды эместиги үчүн англис тилинде империалисттерге каршы күрөш жүрүп, 1948-жылы 4январда көз каранды эмес федерациялык республика – Бирма союзу жарыяланган. Башкаруучу чөйрөдө бийлик үчүн айыгышкан күрөш жүргөн. 2-дүйнөлүк согуш менен жарандык согуштун залакалары экономиканы өтө оор абалга дуушар кылган. Ушундай кырдаалда 1962-жылы мартта генерал Не Вин башчылык кылган революциячыл маанайдагы офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти өз колуна алып, Революциячыл совет уюштурган. Бул өкмөт «Социализмге өтүүнүн бирмалык жолу» программасын түзүп, 1962-жылы Бирма Социалисттикпрограммасы партиясын негиздеген. Кыска мөөнөт ичинде мурунку мамлекеттикаппаратты жоюп, чет элдик жана жергиликтүү жеке менчиктер улутташтырылган, тышкы соода менен мамлекеттиксектор Социалисттикэкономиканын негизи деп жарыяланган. Ички саясий абалды жөнгө салуу жана жарандык согушту токтотуу боюнча чаралар кабыл алынган. 1964-жылы бир партиялуу система киргизилгенетикалык 1974-жылы 1-январда жаңы Конституциясы күчүнө киргенден кийин Бирма Союзу Социалисттик Республика деп аталган. Өлкөдө социализмди куруу өтө татаал экономикалык кыйынчылыктар менен коштолгон. Ушул шартта Мьянмага көмөк көрсөтө турган Кытай өзүнүн маданий рев-ясы менен алектенип, Советтер Союзу Бирманы Социалисттиклагердин катарына кошкон эмес. 1987-жылы Мьянмада акча жүгүртүүдөн айрым банкнотторду (25, 35 жана 75 кьят) алып салуу, өлкөдө толкундоолорду күчөткөн. Янгондун көчөлөрүндө нааразылык акциясына чыккан студенттер машиналарды өрттөп, чиновниктердин виллаларын талкалаган. ЖОЖдор жабылган. Өкмөт аскерлери демонстрацияны ырайымсыздык менен баскан. 1988-жылы сентябрда өлкөдө бийлик негизинен генералдардан түзүлгөн SLORC комитетине (Мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик кеңешке) өткөрүлүп, диктатура орногон. 1989-жылы өкмөт колониялык доордогу географиялык аталыштарды өзгөртүп, өлкө расмий түрдө Мьянма аталган. Генералдар башкарган Мамлекеттиккеңеш өлкөнү буддизмдин моралдык нормаларына таянуу менен тартипке салган: порноиндустрияга жана башкалар. тыюу салынып, баңги зат саткандар жана колдонгондор өлүм жазасына тартылган. 2007-жылы август-сентябрда Янгондо чыккан массалык башаламандыкта 3 миңден ашык адам курман болгон. 2011-жылдан мененын батыш өлкөлөрү менен болгон байланышы жакшырган. 2012-жылы 1-апрелде парламентке эркин шайлоо өткөрүлүп, 50 орундун басымдуу бөлүгүн демократиялык оппозиция ээлеген.




#Article 53: Амур (174 words)


Амур (тунгус-манжур тилдеринде амар – дарыя чаты; монголчо Xара–Мурэн – «кара дарыя»; кытайча Xэйлунцзян – «кара ажыдаар дарыясы») – Чыгыш Азиядагы дарыя. Шилка жана Аргунь дарыянын кошулушунан пайда болгон. Охот деңизинин Амур лиманына куят. Узундугу 2824 км (Аргундун башатынан 4440 км), алабынын аянты 1855 миң км2, анын көбү Россияда. Жогор жагы негизинен кууш, Зея дарыянын чатынан тартып кенен өрөөн аркылуу агат. Кичи Хинган тоолору аркылуу акканда өрөөнү кууштап, төмөнкү агымында кайтадан кеңейет; мында А. салааларга бөлүнүп агат. Негизги куймалары: Зея, Бурея, Амгунь (сол), Сунгари, Уссури (оң). Орточо чыгымы 10900 м3/сек, эң көп чыгымы Хабаровск ш. тушта 40 000 м3/сек. (жайында кирет), эң аз чыгымы 345 м3/сек. Суунун жазгы киришине кар суулары анча таасир кылбайт (кышкысын кар аз болгондуктан). Жазында ташкындайт. Амурдан 1 суткада 41 миң тонна агынды агып өтөт. Жогорку агымы ноябрдын башталышынан майдын башталышына чейин, төмөн жагы ноябрдын аягынан апрелдин аягына чейин тоңот. Балык (кета, горбуша, калуга жана башка) кармалат, Амер – Ыраакы Чыгыштын маанилүү суу жолу (бардык жеринде кеме жүрөт). Боюнда Благовещенск, Хабаровск, Амурск, Комсомольск-на-Амуре, Николаевск-на-Амуре (Россия), Айхой (Хэйхэ; Кытай) шаары жайгашкан.




#Article 54: Орусия (5695 words)


Орусия же Россия () расмий аты Орусия Федерациясы же Россия Федерациясы () – Азия жана Европа континеттеринде жайгашкан өлкө. Калкынын саны 146 267 288 адам (2015), аянты - 17 125 407 км². бул көлөмү жана көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң чоң мамлекет биринчи орунда жана калкынын саны боюнча тогузунчу орунда турат, Бириккен Улуттар Уюмунун (1945; 1991-ж. чейин СССРдин курамында), Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү (1991-жылдан), КМШнын (1991), Европа Кеңешинин (1996), АТЭС (1998), БРИКС (2006), Евразия экономика союзунун (ЕврАзЭС; 2001), Шанхай кызматташтык Уюмунун (2001), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2012) ж. б. мүчөсү.

Борбор шаары - Москва. Мамлекеттик тили - орус тили. 

Федеративдик түзүлүштөгү аралаш республика. 2012-жылдын май айында  президенттин кызматын Владимир Путин ээлеген, өкмөт башчынын кызматын - Михаил Мишустин. 

Россия Федерациясынын курамына 85 субъект кирет: 46 облус, 22 республика, 9 край, 3 федералдык маанидеги шаар, 4 автономиялуу округ жана 1 автономиялуу облус. 

Россия он сегиз өлкө менен чектешет (дүйнөдөгү эң чоң көрсөткүч), алардын ичинен кургактык менен төмөнкү мамлекеттер менен: Норвегия, Финляндия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Беларусия, Украина, Абхазия, Грузия, Түштүк Осетия, Азербайжан, Казакстан, Кытай, КЭДР, Монголия, деңиз менен Жапония жана АКШ менен. 

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча ИДПнын СКПга карата көлөмү 2014-жылга карата $3,745 трлн түзгөн (бир адамга $25 636). Акча бирдиги - россиялык рубль. Россия бир нече эл аралык уюмдарда мүчө - БУУ, ЕККУ, Европа Кеңеши, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ИМБДУ, ЭДУ, БСУ, БТУ, ШКУ, БРИКС, АТЭК, КООМЕТ, ЭОК, ЭЭК, ISO, EUREKA, G20 жана башка.

Орусияда Славян өлкөлөрүндө жана мурдагы Советтер Союзунун айрым өлкөлөрүндө административдик бөлүнүүнүн бир түрү болгон облустар бар. Облус сөзү англис тилинде да колдонулат, бирок көбүнчө аймак, зона, облус же аймак деп которулат. Акыркы котормо башаламандыкка алып келиши мүмкүн, анткени облустун бөлүмчөсү райондук деп аталып, аны чөлкөм же район деп которсо болот. Россиянын жалпысынан 46 облусу бар.
Крым - Орусияга киришпейт, ал талаштуу аймак Украинадан 2014-жылы аннексия болгон. Россиянын алыскы чыгышында аймак Азия континентиндеги Сибир деп аталат.

Россия – федеративдик мамлекет. Конституциясы 1993-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Федералдык чогулуш (парламент). Федералдык чогулуш эки палатадан турат: Федерация Кеңеши жана Мамлекеттик дума. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – өкмөт. Россияда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Россия либералдык-демократиялык партиясы, РФ коммунисттик партиясы, «Единая Россия», «Справедливая Россия» ж. б. Тышкы саясатта Россия – СССРдин мурасчысы, дүйнөлүк 5 улуу державанын бири. Россиянын 191 мамлекет менен дипломатиялык байланышы, 144 мамлекетте дипломатиялык өкүлчүлүгү бар.
Россия - азыркы президент катары Владимир Путин турган президенттик республика. Президент москвалык кремлинде отурат.

Россия Түндүк жарым шарда, Евразия материгинин түндүгүндө жайгашкан. Урал тоосу менен Кума-Маныч ойдуңу Россияны экиге (Азия жана Европага) бөлөт. Аймагы батыштан чыгышка карай 10 миң км, түндүктөн түштүккө 4 миң кмге созулат. Россиянын 70% тен ашык аймагын ойдуңдар менен түздүктөр ээлейт. Россиянын Европа бөлүгүнүн көпчүлүгүн Чыгыш Европа туздугу, түштүгүндө Чоң Кавказ кырка тоосунун түндүк капталы (Россиянын эң бийик жери – Эльбрус чокусу жайгашкан, бийиктиги 5642 м), түндүк-батышында Хибин тоолору созулуп жатат. Орто Сибирь бөксө тоосу акырындап Борбордук Якутия ойдуну менен алмашат. Сибирдин түштүгүндө Алтай, Батыш жана Чыгыш Саян, Становой бөксө тоолору созулуп жатат. Енисей менен Лена дарыясынын аралыгында Орто Сибирь бөксө тоосу, Лена менен Тынч океандын ортосун Түндүк-Чыгыш Азиянын кырка тоолору менен бөксө тоолору ээлейт. Ы. Чыгышта жана Сибирдин түндүк-чыгышында орто бийиктиктеги тоолор (Сихотэ-Алинь, Верхояна, Черский ж. б.) басымдуу. Камчатка жарым аралында Евразиядагы эң бийик жанар тоо Ключи жанар тоосу орун алган. Эң четки чыгыштагы Курил аралында 200дөн ашык жанар тоо (анын ичинде 10дойу аракеттеги) кездешет. Климаты деңиздиктен (эң четки түндүк-батышта) кескин континенттикке (Сибирде) өтмө. Ыраакы Чыгыштын түштүгүндө мелүүн муссондук. Федерациянын аймагынын көп бөлүгү мелүүн, Түндүк Муз океандын аралдары жана материктин түндүк четтери арктика жана субарктика, Кавказдын Кара деңиз бою субтропика алкактарында жатат.
Россия Федерациясынын администрациялык-аймактык бөлүнүшү:
Январдын орточо температурасы 0°...-5°Сден (Европа бөлүгүнүн батышында жана Кавказ өндүрүндө) -50°Сге (Якутияда); июлдуку -1°Сден (Сибирдин түндүгүндөгү деңиз бойлорунда) 26°Сге (Каспий бою ойдуңунда) чейин. Жылдык жаан-чачыны Каспий бою ойдуңундагы жарым чөлдүү аймактарда 170 мм, Чыгыш Европа түздүгүнүн токой зонасында 700 мм, Ыраакы Чыгыштын түштүгүндө 1000 мм, Кавказ жана Алтай тоолорунда 3200 ммге чейин. 
Суулары. Россия – дүйнөдөгү суу менен толук камсыз болгон өлкөлөрдүн бири. Таза суунун запасы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Россиянын аймагынын 12,4% ин суу ээлейт. Россияда 120 миңдей дарыя (узундугу 10 кмден ашык) бар, алардын жалпы узундугу 2,3 млн кмди түзөт. Дарыяларынын көбү Түндүк Муз океандын (Түндүк Двина, Печора, Обь, Иртыш, Енисей, Лена, Индигирка, Колыма ж. б.), Тынч океандын (Амур, Анадырь, Пенжина ж. б.), Атлантика океанынын (Дон, Кубань, Нева) алаптарына кирет. Волга Каспий деңизине куят. Ири дарыялары: Лена, Иртыш, Енисей, Обь, Волга, Амур; Чыгыш Сибирдин түштүгүндө Байкал көлү (суусу таза, тузсуз суулардын дүйнөлүк запасынын 1/5ине жакыны; тереңдиги 1620 м; дүйнөдөгү эң терең) орун алган. Эки млндой тузсуз жана туздуу көлдөр кездешет. Андан сырткары ири көлдөрү: Каспий, Ладога, Онега. Түбөлүк тоң Сибирь менен Ыраакы Чыгыштын көптөгөн жеринде жатат. 
Топурак жана өсүмдүктөрү. Түздүктөрүндөгү топурак менен өсүмдүктөрү кеңдик зонага жараша түштүгүндөгү аралаш токойдо манжурия флорасынын элементтери (кара жыгач, амур кепкек дарагы, корей бал карагайы, лиана) бар. Токойлуу талаа зонасына боз-токой топурагындагы чакан аянтты ээлеген эмен (батышында) же кайын, байтеректүү (чыгышында) токойлор шакарсыз же кадимки кара топурактуу жердеги шалбаалуу талаа менен кезектешип жатат. Талаа зонасы кара топурактуу жана күрөң каштан топурактуу келип, түрдүү чөптүү-дан жана дан-өсүмдүктүү талаа (көп бөлүгү айдоо) басымдуу. Жарым чөл зонасы ачык-каштан жана күрөң топурактуу келип, шыбак, баялыш, дан өсүмдүктөрү сейрек өсөт. Тоолуу аймактарынын тоо этектерин талаа, капталдарын (600–800 м бийиктикте) эмен жана бук токойлору, 2000 мден жогору субальп жана альп шалбаасы ээлейт. Флорасы ар түрдүү. Фаунасында Кызыл китепке кирген көптөгөн жаныбарлар (ак аюу, кабылан, жолборс, морж) кездешет. 
Кен байлыктары ар түрдүү. Россияда минералдык отундун бардык түрү кездешет. Нефть, газ, апатит, калий тузу, фосфорит, түстүү, сейрек кездешүүчү жана баалуу металлдар, алмаз ж. б. казылып алынат. Табиятты коргоо жана табигый байлыктар – (түндүктөн түштүктү карай) өзгөрөт. Арктикалык чөл өсүмдүктөрү мамык чөп-эңилчектүү жана бадалдуу (кидик кайын, тал) тундрага (кычкыл, көбүнчө илээшкек топурактуу) өтөт. Аймагынын 70% и токой. Токойлуу тундра зонасында тундра менен кайың, карагай, кызыл карагайлуу сейрек токойлор (тундра, глей, чала күлдүү жана глей-тайга-тоң топурактуу) кезектешип жатат. Токой зонасында (аймагынын 1/2инен көбү) тайга (түндүгүндө) жана аралаш токой (түштүгүндө) басымдуу. Күл топурактуу жерлеринде ийне жалбырактуу тайга (карагай, көк жана бал карагайлар) жана мырза карагайлуу токой өсөт. Ениеейден чыгышты карай кызыл карагайдан турган ийне жалбырактуу тайга, Ыраакы Чыгышты аян карагайы жана көк карагайлуу (ак кабыктуу) тайга ээлейт. Тайга-тоң кыртыштуу чымдак күл топурактуу аралаш токой зонасында ийне жалбырактуу токойго адатта кайың, байтерек, зараң ж. б. аралаш өсөт. Ыраакы Чыгышты рационалдуу пайдаланууга чоң маани берилип келет. Табигый ландшафттарды сактоо жана коргоо үчүн 101 корук жана 35 табигый улуттук парк (анын ичинде 8и Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) уюштурулган.

Элинин негизин орустар (80%) түзөт; ошондой эле татар (3,8), украин (2), андан тышкары

РФтин Сибирь, Түндүк Кавказ жана Кубань аймактарында алгачкы адамдар Шель дооруна чейин 3–2 млн жыл мурда эле жашаган. Воронеж, Калуга жана Туладан табылган (730–350 миң жыл мурда) адам сөөктөрү турпаты боюнча архантроп, палеантроп (неандерталга жакын) болгон. Бул археологиялык табылгалар – Костёнко-Стрелецкая (б. з. ч. 50–30 миң жыл мурда), Сунгирь (б. з .ч. 28–20 миң жыл) ж. б. маданияттарга таандык адамдардын генетикалык урпактары. Кийин алар мезолит доорунда Костенко-Авдеев маданиятын түзгөн. Липецк (б. з. ч. 22–21-миң жылдык), Москва (б. з. ч. 22–21-миң жылдык) жана Курск облусунан (б. з. ч. 14–13-миң жылдык) табылган адамдар антропологиялык түрү боюнча европеоиддер болгон. Б. з. ч. 6–4-кылымдарда Кара деңиз жээктеринде грек колонияларынан Скиф жана Боспор падышалыгы түзүлгөн. 552–747-жылдары Россиянын кыйла аймагын Кыргыз кагандыгы ээлеген. 7-кылымдын орто чени – 10-кылымда төмөнкү Волга бою жана Түндүк Кавказда Хазар кагандыгы жайгашкан. 9-кылымдын ортосунда Европа түндүгүндө Рюриковичтер династиясы түзүлүп, өзүнө чыгыш славян, финн-угор жана балтика урууларын багынткан. 882-ж. Новгород князы Олег Киевди басып алып, түндүк жана түштүк славяндарды кошуп, Байыркы орус мамлекети – Киев Русун (9–12-кылымдар) түзгөн. Киев Русу күч-кубаты боюнча Чыгыш Европа менен Кара деңиз боюнда Византия империясына теңтайлашып турган. 988-ж. Князь Владимирдин тушунда орустар христиан динин кабылдап, Ярослав Мудрый 1-орус мыйзамдар жыйнагын – «Русская правданы» чыгарган. 1132-ж. Киев князы Мономах Владимирович өлгөн соң, Рус мамлекети ыдырап, майда княздыктарга бөлүнүп кеткен. 13–15-кылымдарда орус, украин жана беларус эли калыптанып, Россия аймагында Владимир-Суздаль княздыгы, Новгород республикасы түзүлгөн. 13-кылымдын 40-жылдары орус жеринин көпчүлүгү Батыйдын чабуулуна туш болуп, моңгол-татарларга караган. Түндүк-Батыш Руска шведдер жана тевтон рыцарлары басып кирип, князь Александр Ярославович Невскийден жеңилген. 14-кылымдын ортосунда Рустун батыш жана түштүк жери Улуу Литва княздыгына, Галиция Польшага караган. 13-кылымдын аягы – 14-кылымдын башында Орус мамлекетинде чарба калыбына келип, 1362-жылдан Москва княздыгы чыңдала баштаган, өзгөчө Куликов салгылашынан кийин күчөгөн. Алтын Ордо акырындап ыдырап, 15-кылымдын орто ченинде Крым, Астрахань, Казан жана Сибирь (Кыргыз) хандыктарына бөлүнгөн. Иван IIIнүн тушунда 1480-ж. моңгол бийлиги биротоло кулап, 15-кылымдын аягы – 16-кылымдын башында бирдиктүү орус мамлекети түзүлгөн. 1497-ж. орус мамлекетинде дыйкандардын помещикке таандыктыгын далилдеген мыйзамдар жыйнагы (Судебник) чыгарылган. Орус жери үчүн Литва княздыгы жана Казан хандыгы менен согуш уланып, өлкө «Россия» атала баштаган. 1-орус падышасы Иван IV Грозныйдын тушунда мамлекетти борбордоштуруу реформасы жүрүп, Казан, Астрахань жана Сибирь (Кыргыз) хандыктары каратылган. Боярлар жери – поместьеси үчүн аскерде кызмат өтөөгө милдеттендирилген. Мылтык менен куралданган жөө аткычтар аскери түзүлгөн. Өзгөчө кырдаалда мамлекеттик маселелерди чечүү үчүн боярлар сословиеси катышкан Земский собор уюштурулган. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын орто ченинде крепостнойлук укук киргизилген. 1570-ж. Дон, 1571-ж. Урал, 1577-ж. Терек казак-орус аскер кошуундары түзүлгөн. 1581-ж. атаман Ермактын аскер кошууну Сибирди багынткан. 1571-ж. Крым ханы Девлет Грей түмөн аскери менен Москваны басып алып, өрттөп, калкын кырып, туткундап кеткен. 1572-ж. орус аскерлери Молодияхтын жанында (Москвадан 30–40 км алыс) Крым-түрк аскерин (120 миң) талкалап, Крымды биротоло алсыраткан соң, Россиянын түштүк чеги 100дөгөн кмге түштүккө жылган. Россияда 17-кылымдын башындагы баш аламандыктан элдик ополчение түзүлүп, поляк баскынчыларын талкалаган соң, 1613-ж. 21-февралда Михаил Фёдорович падыша шайланып, Романовдор династиясы орногон. Казак-орустар Чыгыш Сибирден Тынч океанга чейин тараган. 17-кылымдын орто ченинде Амур дарыясынын, Охота деңизинин боюнда, Чукоткада орус кыштактары пайда болгон. 1654-ж. Украина өз ыктыяры менен Россияга кошулган. Бирок Россия Европадан артта калып, деңиз жолуна, ийкемдүү башкаруу системасына, жаңы армияга муктаж болгон. Пётр 1нин бийликке келиши менен ички жана тышкы саясатта радикалдык өзгөрүү болуп, натыйжада Түндүк согушунда (1700–21) эң күчтүү швед армиясын талкалап, 16-кылымда шведдер басып алган орус жерлерин кайтарган. Невада Санкт-Петербург шаары курулуп, 1712-ж. ага Россиянын борбору Москвадан көчүрүлгөн. Мамлекеттик аппарат, билим берүү, армия кайрадан түзүлүп, Россияда император башкарган абсолюттук монархия орногон. Боярлар өз алдынчалыгын жоготуп, дворянга айланган. Екатерина II Кара деңиз үчүн Түркия менен бир нече жолу согушуп, ийгиликке жетишкен. 1812-ж. Россия Франция менен болгон согушта (1812-жылдагы Ата Мекендик согуш) жеңип, 1813-ж. орус армиясы Германияны француз оккупациядан бошотуп, 1814-ж. Парижди ээлеген. Согуштан кийин Россияда революциячыл идея таркап, 1825-ж. Декабристтер көтөрүлүшү чыккан. 19-кылымдын орто ченинде Россияга Түндүк Кавказ каратылып, Казак жүздөрү, кийин Түндүк Кыргызстан кошулуп, 1876-жылдан кийин Бухара жана Хива хандыктары караган. 19-кылымдын 2-жарымында Александр II тарабынан бир катар либералдык реформалар жүргүзүлүп, крепостнойлук укук жоюлган (1861). 1877–78-жылдары орус-түрк согушунда Балкан славяндары (Болгария, Сербия, Черногория) түрк башкаруусунан бошонгон. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Россиянын экономикасы өсүп, өлкөдө реформачыл (кадеттер ж. б.) жана революциячыл саясий партиялар пайда болгон. 1904–05-жылдары Россия орус-япон согушунда жеңилип, Портсмут тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. 1914-ж. Россия Антанта тарапта 1-дүйнөлүк согушка катышкан. 1917-ж. Февраль революциясынын таасири менен Россияда монархия кулап, Николай II тактысын иниси Михаилге өткөргөн. Башында А. Керенский турган Убактылуу өкмөт түзүлүп, Россия империясы Республика деп жарыяланган. 1917-ж. 25-октябрда (7-ноябрь) В. И. Ленин жетектеген социалисттик революция ишке ашып, Советтердин Бүткүл Россиялык 2-съездинде Россия Советтик Республикасы же Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасы (РСФСР) жарыяланып, бийликтин жогорку органы – Жумушчу жана солдат депутаттарынын совети түзүлгөн. Аткаруу бийлигин Эл комиссарлар совети (ЭКС) башкарган. Совет өкмөтүнүн «Тынчтык жөнүндө декрети» жана «Жер жөнүндө декрети» жарыяланган, жеке менчик жоюлуп, жер-суу, завод-фабрика мамлекеттик менчикке өткөн. Республикасынын борбордук Петрограддан Москвага көчүрүлгөн. 1918–22-жылдары Жарандык согуш учурунда Польша Россиядан бөлүнүп, Батыш Украина менен Батыш Беларуссияны, Румыния Бессарабияны басып алган. Прибалтика (Литва, Латвия, Эстония) жана Финляндия өз алдынча бөлүнгөн. 1922-ж. 30-декабрда СССР түзүлүп, жаңы экономикалык саясат (НЭП) ишке аша баштаган. Пролетариат диктатурасы орноп, бийликке И. Ф. Сталин келген. 1929–39-жылдары өлкөдө индустриалаштыруу жүрүп, өнөр-жай өнүгүп, техникалык кубаты кыйла өскөн. Айыл чарбасы коллективдештиришип, колхоз, совхоздор түзүлгөн. Маданият, билим берүү өнүккөн. 1930-ж. И. Ф. Сталиндин партиялык аппаратты тазалоо саясатынан улам өлкөдө массалык репрессия башталып, түзөтүү эмгек лагерлери (ГУЛАГ) түзүлгөн. 1939–40-жылдары аскердик-саясий акциянын натыйжасында Батыш Украина, Батыш Беларуссия, Молдавия, Батыш Карелия жана Прибалтика республикалары СССРге кошулган. 1941-ж. 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Германия көп аймакты басып алганы менен Ленинградды жана Москваны ала албай, Сталинград жана Курск салгылашында жеңилген соң, Советтик Армия стратегиялык чабуулга өтүп, немец армиясын талкалап, 1945-ж. майда Берлинди жана Праганы ээлеп, согушту жеңиш менен аяктаган. Японияга каршы согуштун натыйжасында Түштүк Сахалин жана Курил аралдары СССРге өткөн. Согушта СССР 26 млнго жакын адамынан ажыраган. Согуштан кийин СССР (социалисттик лагерь) менен АКШнын (Батыш Европа) ортосундагы тирешүү, 1950–53-жылдары Корея согушу бул эки державаны жарыша куралданууга түрткөн. 1962-ж. Кариб жаңжалы чыккан. Л. И. Брежнев башкарган учур «сенек мезгил» аталган менен 1970-ж. тышкы саясатта кыйла жылыш болуп, стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндө советтик-америкалык келишимге кол коюлган. Бирок 1979-ж. советтик аскерлердин Афганстанга кириши менен советтик-америкалык мамиле кайрадан бузулган. 1985-ж. бийликке М. С. Горбачёв келип, кайра куруу саясатын алкоголго каршы кампания менен баштап, кризис күчөп, өлкөнүн кыйрашына алып келген. 1988–91-жылдары өлкөдөгү товардык дефициттен улам карточка системасы киргизилген (1947-жылдан кийин 1-жолу). СССР аймагында улут аралык чыр-чатак күчөгөн. 1990-ж. 12-июнунда РСФСР депутаттар съезди «Советтик Россия мамлекетинин өз алдынчалыгы жөнүндө» декларациясын кабыл алган. 1991-ж. 18-августта СССР жетекчилеринин бир тобу мамлекетти сактап калуу максатында Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик комитет (тарыхта Август путчу аталат) түзүп, М. С. Горбачёвду кызматтан алып, өлкөнү кыйроодон сактоону көздөгөн. Бирок алардын аракети ишке ашпай, союздук республикалар өз алдынча бөлүнүүнү көздөй баштаган. 1991-ж. 8-декабрда РСФСР, Украина жана Белоруссия көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюп, СССР жоюлган. Россияда 1993-ж. 25-декабрга чейин СССР конституциясы колдонулганы менен ал жаңы мамлекеттик түзүлүшкө карама-каршы келген. 1992-ж. 1-январынан баштап Е. Гайдардын өкмөтүнүн баага карата мамлекеттик чектөөнү алып салуу менен коштолгон радикалдык экономикалык реформасынан өлкө гиперинфляцияга туш болуп, экономикалык өсүш кескин токтоп, калктын массалык жакырдануусу башталган. 1993-ж. 3-4-октябрда Москвада Ельциндин өкмөтү менен Жогорку Советтин ортосунда конституция боюнча келип чыккан карама-каршылыктан улам 9-октябрда Жогорку Совет таркатылып, декабрдан жаңы конституция күчүнө кирген. Россия жаңы саясий коомдук түзүлүшкө биротоло багыт алган. 1990-жылдардын 1-жарымында көпчүлүк ишканалар ваучердик менчиктештирүү жолу менен, ошондой эле мүлктү аукционго күрөөгө коюу аркылуу менчикке өткөн. Бирок, бул эбегейсиз мамлекеттик карызды жаба алган эмес. 1998-ж. августта рублдин курсунун дүйнөлүк валютага салыштырмалуу кескин төмөндөшү Россиянын экономикасынын конкуренцияга туруктуулугун күчөткөн. 1999-жылдан Россияда экономикалык өсүш байкалган. 2000-ж. марттан В. Путиндин бийликке келиши менен бир катар социалдык-экономикалык багыттагы салык, жер, пенсия, банк, электр энергетика жана темир жол, транспорт ж. б. тармактарды реформалоо жүргүзүлгөн. 2005-ж. сентябрда Россияда саламаттык сактоо, билим берүү, турак жай жана айыл-чарбаны өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлор иштелип чыккан. Бул программага 2006-ж. 161 млрд, 2007-ж. 206 млрд рубль жумшалган. 2000–08-жылдары Россияда экономикалык жогорулоо байкалып, калктын кирешеси өскөн, өлкөдө саясий туруктуулук орногон. 2000-жылдан өлкөдө борбордук (федералдык) бийлик чыңдалып, региондук бийликти бошоңдотуу жолу менен жогорку аткаруу бийлигин күчөтүү максатында айрым ишканалар улутташтырылып, федералдык бийликтин таасири арткан.
Россиянын демилгеси менен КМШ, Евразия экономикалык шериктештиги (ЕврАзЭс), Жаматтык коопсуздук келишим уюму (ОДКБ), ШКУ түзүлгөн. Россия Беларуссия менен союздук мамиледе. Россия, Беларуссия жана Казакстан менен бирге бажы союзун түзгөн. Россия менен Кыргызстандын достук, кызматташтык мамилелери динамикалуу өнүгүүдө. 2013–14-жылдары Россия менен Кыргызстандын өкмөтү коопсуздук миграция, энергетика ж. б. тармактар боюнча бир катар маанилүү келишимдерге кол койгон.

Физико-географиялык мүнөздөмө

Россия – экономикасы өтмө, чарбасы рыноктун негизинде өнүгүп жаткан өлкө. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2 млрд 229 млн АКШ доллары [2010, дүйнөдө 6-орунда (АКШ, Кытай, Япония, Индия, Германиядан кийин)]. Аны киши башына бөлүштүргөндө 15,1 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 57,8, өнөр-жай менен курулуштуку 37,0, айыл-чарбасыныкы 5,2. Экономикасынын башкы тармагы – нефть жана газ өнөр-жайы. Жаратылыш газы 2009-ж. 583 млрд м3 (2-орунда, АКШдан кийин), 2008-ж. нефть (газ конденсаты менен) 488 млн г(2-орунда, Сауд Арабиясынан кийин), таш көмүр (5-орунда), темир кен ташы 2008-ж. 100 млн т (5-орунда) казып алынган. 2008-ж. 1040,4 млрд кВпг-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 68% и ЖЭБке, 16сы ГЭСке жана 16% ке жакыны АЭСке туура келет. Кайра иштетүүчү өнөр-жай жогорку технология менен алмашып өнүгүүдө. Кара жана түстүү металлургия (болот өндүрүү боюнча дүйнөдө 4-орунда; алюминий 2-орунда; жез, коргошун, цинк), оор машина куруу [тоо-шахта, металлургия, энергетика (атом жана ядро) өндүрүшү үчүн жабдуулар], транспорт, айыл-чарба машиналары, прибор куруу, электр-техникалык, электроника өнөр-жай өнүккөн. Химиялык (жер семирткичтер, дүйнөдө 3-орунда), фармацевтика, пластмасса, химиялык була, жасалма каучук, шина, боёчу каражаттар, дары-дармек, токой, жыгаччылык, тамак-аш, курулуш материалдар, жеңил (анын ичинде текстиль; импортко туруштук бере албай келүүдө) өнөр-жай ишканалары иштейт. 

Агрардык продукциялар өндүрүшүндө негизги орунду айыл-чарба (49,3%) жана элдин өздүк чарбасы (41,6%) ээлейт. Фермер чарбалары 9,1%ти түзөт. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк өнүккөн. Айдоо аянты 1992–2000-жылдардын аралыгында 1/3 эсеге (114,6 млн гадан 76,9 млн гага чейин) кыскарган. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү, сулу, кара буудай, таруу, кара күрүч, күрүч), кант кызылчасы, күн карама, картөшкө, буурчак, кендир, paпс жана жашылча айдалат. Жүзүм жана жемиш өстүрүлөт. Малдан өндүрүлгөн продукция өлкөнүн ички керектөөсүнүн 70% ин камсыздайт. Бодо мал (21,1 млн; анын ичинде 9 млну уй), чочко (16,3), кой, эчки (21,6) асыралат. Үй куштары багылат. Жыгач даярдалат. Деңиз жана дарыя балыкчылыгы өнүккөн. Балык өстүрүлөт. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 963 (анын ичинде 771и асфальтталган), темир жолунуку 86, труба транспортунуку 228 (анын ичинде газдыкы 163, нефтиники 47), ички суу жолунуку 102. Деңиздеги маанилүү порттору: Санкт-Петербург, Новороссийск, Ванино, Мурманск, Калининград, Находка. Сыртка нефть, нефть продукциялары, жаратылыш газы, металл, буудай (дүйнөдө кайрадан ири экспорттоочу болуп келүүдө), химикаттар, тактай материалдар, машина жана анын жабдууларын ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр, Кытай, Украина, Япония, Түркия. Россияда 100дөн ашык курорт [Кара деңиздин жээгинде (Сочи ж. б.), Кавказдагы Минералдуу суулар курорттор тобу, Санкт-Петербургдун курорттуу зонасы (Финн булуңунун боюнда] иштейт. Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө.
Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү толук жана атайын орто, ошондой эле жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 93% ти түзөт (2014). Билим берүү 53 тилде жүргүзүлөт (2014). Окуу жайлардын көпчүлүгү Москва, Санкт-Петербург шаарында, Краснодар крайында жайгашкан. М. В. Ломоносов атындагы ММУ (1906), Архитектура (1907), Медицина мамлекеттик (1906), Д. Менделеев атындагы Химиялык-техникалык (1920), А. Герцен атындагы Педагогика (1918), Санкт-Петербург мамлекеттик (1908), Новосибирск мамлекеттик (1918), Урал мамлекеттик (1916), Саратов мамлекеттик (1921), Патрис Лумумба атындагы Россия Элдердин достугу (1960) ж. б. көптөгөн ири университеттери, ошондой эле Москва Кремли мамлекеттик Маданий тарых музейи, М. Е. Салтыков-Щедрин атындагы мамлекеттик музейи, И. Е. Репин атындагы Көркөм-мемориалдык музейи, «Арсенал» музейи, Алтай край таануу музейи, Археология жана адабият ж. б. көптөгөн музейлери жана тармактык илимий ири китепканалары бар.

Орус элинин оозеки адабияты макал, ылакап, миф, уламыш, жомок, аңгеме, лирикалык, тарыхый ырларга бай. Булар идеялык-көркөмдүк бийиктиги, эл турмушун таасын сүрөттөлүшү менен өзгөчөлөнөт. 11–13-кылымдарда жаралган жазма эстеликтеринин бири «Жылдар баянында» (11-кылым) орус элинин тарыхый ролу, орус мамлекетинин түзүлүшү жөнүндө сөз болот. Орус элин биримдикке үндөөдө, патриоттук духта тарбиялоодо «Игордун кошууну жөнүндө сөздүн» (12-кылым) мааниси чоң. 13–14-кылымдардагы жыл баяндары менен тарыхый дастандарда орус турмушу сүрөттөлөт. 15–17-кылымдарда аңгеме түрүндөгү чыгармалар жаралган. Жаңы орус адабияты 18-кылымда пайда болгон. Адабияттагы багыттар идеялык-эстет. касиеттер менен жуурулушуп, калыптанып калган улуттук маданий белгилерди (салттарды) боюна сиңирген. А. Д. Кантемир, В. К. Тредиаковский, М. В. Ломоносов, А. П. Сумароков ж. б. акын-жазуучулардын чыгармалары менен орус адабияты жаңы белеске чыккан. A. Н. Радищевдин «Петербургдан Москвага саякаты» (1790), В. А. Жуковский менен К. Н. Батюшковдун эллегиялары жарык көргөн. Азаттык идеялары В. Ф. Раевский, К. Ф. Рылеев, В. К. Кюхельбекерлердин чыгармаларында чагылдырылат. И. А. Крылов A. С. Грибоедовдун чыгармалары сатиралык жана драмалык багытты чыйралткан. A.С. Пушкин нукура элдик, реалисттик адабиятты негиздеп, орус адабиятында жаңы доорду ачып, аны дүйнөлүк адабияттардын деңгээлине көтөргөн. Пушкиндин жолун М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь ж. б. тереңдетишкен. Сынчыл эстетикалык ой В. Г. Белинскийдин чыгармалары менен бой көтөрдү. И. А. Гончаров, И. С. Тургенев, Ф. М. Достоевский, М. Е. Салтыков-Шедрин, А.И. Герцен сыяктуу жазуучулардын чыгармаларында коом турмушу, чындык көркөмдүк менен сүрөттөлөт. Бул салттар A. Н. Островский, Н. А. Некрасовдор тарабынан улантылды. 19-кылымдын 2-жарымынан орус адабияты идеялык өнүгүүнүн жаны жолуна түштү. «Современник» журналы революциячыл демократтардын куралына айланды. Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов өздөрүнүн революциячыл материалисттик эстетикасы менен падышалык тартипке аёосуз күрөш ачты. Л. Н. Толстойдун «Анна Каренина», «Согуш жана Тынчтык» романдары, А. П. Чеховдун аңгемелери менен орус адабиятынын арымы кеңиди. 20-кылымдын башында М. Горький, A. А. Блок, А.И. Куприн, И. А. Бунин, В. В. Маяковский ж. б. чыгармалары жаралды. Социалисттик реализмдин принциптерин нуска туткан орус совет адабияты – дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнүн жаңы этабы болду. Орус совет адабияты коммунисттик идеялар менен сугарылып, советтик адамдын мүнөзүнүн жетилишинде чоң идеялык-тарбиялык роль ойногон. Бул адабияттын өнүгүшүндөгү башкы багыт – эл турмушу менен байланышты чыңдап, социалисттик турмуштун ар кыл жактарын туура жана жогорку көркөмдүктө чагылдыруу эсептелген. Орус совет адабиятынын негиздөөчүлөрү – М. Горький, Д. Бедный, А. Серафимович, В. Маяковский ж. б. акын-жазуучулар болгон. Алардын катарын A. Блоктун, В. Брюсовдун, С. Есениндин, А. Ахматованын, М. Пришвиндин, В. Вересаевдин акындык жана жазуучулук ысымдары толуктап турат. Социалисттик реализм адабиятынын түзүлүшүндө М. Горькийдин чыгармалары, В. Маяковскийдин «Владимир Ильич Ленин» (1924) поэмасы, Д. Фурмановдун «Чапаев» (1923), А. Серафимовичтин «Темир сел» (1924) жана А. Фадеевдин «Талкалоо» (1927) романдары чоң роль ойногон. Революциянын романтикасы, тап күрөшүнүн катаал мезгили, Жаңы экономикалык саясат (НЭП) учурундагы өлкө турмушу жана адамдын ички дүйнөсү 20-жылдардагы чыгармаларда ар тарабынан чагылдырылган (В. Маяковский, С. Есенин, Б. Пастернак, Э. Багрицкий, А. Жаров, И. Уткиндердин лирикасы; В. Иванов, Л. Леонов, Ю. Лебединский, Б. Лавренёв, А. Неверов, Ю. Олеша, И. Бабель, Ф. Гладков ж. б. жазуучулардын роман, повесттери; А. Безыменский, B.Билль-Белоцерковский, К. Тренёв, М. Булгаков ж. б. пьесалары). 30-жылдардагы көрүнүктүү чыгармаларга М. Шолоховдун «Көтөрүлгөн дың» (1-китеп, 1932) романы кирет. Мында дыйкандардын эскиче жашоо ыңгайынын кыйрашынын драмалык учуру көрсөтүлөт. Бул жылдары совет адабияты революциялык күрөш учурундагы совет адамынын жетилүү процессин өлкөнүн турмушу менен тыгыз байланышта чагылдырган. Орус адабияты Н. Островскийдин «Болот кантип курчуду» (1935) романы, А. Макаренко, А. Малышкин, Ю. Крымов ж. б. жазуучулардын мыкты көркөм сөз туундулары менен байыды. 30-жылдары орус совет прозасында дүйнөгө таанымал чыгармалар: М. Горькийдин «Клим Самгиндин өмүрү» (1925–36), М. Шолоховдун «Тынч Дон» (1928–40), А. Толстойдун «Кыйын кезең» (1920–41) эпопеялары жаралган. Аларда Октябрь революциясынын тарыхый жана идеялык-саясий өбөлгөлөрү, орус элинин революциядагы жана жарандык согуштагы тарыхый жолу баяндалат. 30-жылдардагы поэзия романтикалык маанайдын басымдуулугу (Б. Корнилов, В. Саянов ж. б.), элдик ырлардын өнүктүрүлүшү менен (мисалы, М. Исаковский) мүнөздөлөт, ал эми прозада лирикалык тенденция (М. Пришвин, К. Паустовский, И. Соколов-Микитов ж. б.), драматургияда баатырдык романтика (Л. Славин, В. Вишневский, Н. Погодин) алга чыккан. А. Толстой («Пётр I», 1929–45), А. Чапыгин, О. Форш, Ю. Тынянов, С. Злобин, В. Шишков ж. б. тарыхый темадагы романдары жарык көргөн. 20–30-жылдары совет балдар адабияты заман талабына шайкеш өнүккөн (К. Чуковский, С. Маршак, С. Михалков, А. Барто, А. Гайдар, В. Каверин ж. б.). Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи күндөрүнөн эле советтик жазуучулар орус тарыхынын даңазалуу барактары менен орус элинин революциячыл барактарына кайрылышып, калкты эл жерди коргоого үндөгөн чыгармалар жазышкан (И. Эренбург, А. Толстой ж. б. калемгерлердин публицистикасы, В. Лебедев-Кумач, К. Симонов, А. Сурков, М. Алигер, М. Дудин, А. Тихонов, А. Прокофьев ж. б. акындардын ырлары менен поэмалары, А. Бек, В. Гроссман, Б. Горбатов ж. б. жазуучулардын прозалык чыгармалары). A. Твардовскийдин «Василий Тёркин» (1942–45) поэмасында элдин согушка карата мамилеси, ар кыл ой-пикирлери кеңири планда көрсөтүлөт. 40-жылдардын аягы – 50-жылдардын башындагы адабият согушту жана совет элинин фашизмди жеңишин көркөм аңдап билүүнү улантты: А. Фадеев («Жаш Гвардия» 1945; жаңы редакциясы - 1951), Б. Полевой, Э. Казакевич, В. Панова. Согушта кыйраган эл чарбасын калыбына келтирүү, элдин каарман эмгеги П. Павленко, B. Ажаев, В. Кочетков, Н. Грибачёв ж. б. жазуучулардын чыгармаларынын өзөк темасын түздү. Л. Леоновдун «Орус токою» (1953), К. Фединдин «Алгачкы кубанычтар» (1945), «Бөтөнчө жай» (1947–48), Ф. Гладковдун «Бала чак жөнүндө повесть» (1949) жана Г. Марков, С. Сартаков, В. Кожевников сыяктуу жазуучулардын чыгармалары согуштан кийинки адабиятта көрүнүктүү орунда турат. Айыл-кыштактын орчундуу маселелери, адамдардын көп кырдуу мамилелери, гуманизмдин милдети жөнүндөгү проблемалар B. Овечкин, В. Тендряков, П. Нилин, Ю. Герман, Д. Гранин, Г. Николаева ж. б. прозачылардын чыгармаларында чагылдырылган. 50–60-жылдардын поэзиясынын ийгиликтери C. Наровчатов, А. Межиров, К. Ваншенкин, Е. Винокуров, Д. Самойлов, Б. Слуцкий, В. Шефнер, С. Орлов, Я. Смеляков, Н. Рыленков, Л. Мартынов, В. Луговский ж. б. акындардын ысымдары менен байланыштуу. Драматургияда В. Розов, А. Штейн ж. б. чыгармаларын жаратты. Е. Евтушенко, А. Вознесенский, Б. Ахмадулина, Р. Рождественский, В. Цыбин, В. Аксёнов, Ю. Казаков ж. б. акын-жазуучулар кошулду. 60-жылдардын адабиятында «согуш прозасы» чоң орун ээледи (Г. Бакланов, Ю. Бондарев, Б. Васильев, В. Астафьев, В. Богомолов, А. Чаковский ж. б.). Адабиятка К. Симоновдун «Өмүр жана өлүм» (1959–71) үчилтиги чоң окуя катары кирди. Е. Дорош, Ф. Абрамов, В. Распутин, В. Белов, В. Шукшин, П. Проскурин ж. б. калемгерлердик прозалары айыл-кыштак турмушун, андагы адамдардын өз ара мамилесин, мүнөздөрүн таамай сүрөттөгөнү, көркөм анализдеп бергени менен баалуу. Драматургия жана поэзия жанры М. Шагинян, Н. Погодин, М. Шатров, Е. Евтушенко, А. Вознесенский, А. Ахматова ж. б. көркөм сөз чеберлеринин чыгармалары менен толукталды. И. Эренбург, К. Паустовский, Чуковский, С. Маршак, М. Исаковский, В. Каверин, B. Катаев, В. Шкловский ж. б. көркөм мемуардык чыгармаларына адабий процессте өзгөчө орун таандык. 70-жылдардагы орус совет адабияты дүйнөлүк проблемаларды улам терең чагылтуу жана көркөм каражаттарды өздөштүрүү багытында өнүгүүдө (И. Дворецкий, Г. Бокарев, А. Гельман, А. Вампилов – драматургия; А. Битов, Ж. Трифонов, О. Куваев ж. б. проза; Н. Рубцов, C. Куняев, А. Кушнер, О. Чуконцев ж. б. поэзия). 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында Россия адабиятында «постмодернизм» аталган «идеологиялык вакуум доору» баштады. Биринчи планга СССР менен Россиянын ортосундагы байланышты жок кылууну, адабияттын өзөгүндө эл тагдырынын феномендүүлүгүн, өзүнүн орустук улуттугун аңдоону коюуну максат кылган жазуучулар чыгышты (А. Солженицын, В. Галактионова, В. Дёгтев, Б. Евсеев, Ю. Козлов, В. Личутин, Ю. Поляков, 3. Прилепин ж. б.). В. Личутиндин улуттук тарых концепцияларын камтыган «Жик салуу» үчилтик романында (2008) «жоготулган бейиш - табылган бейиш» идеялары орун алат. Поэзияда Ю. Кузнецов, Н. Тряпкин, Г. Горбовский, О. Чухонцев, В. Казанцев, Е. Рейн, И. Шкляревский ж. б. акындар ар түрдүү тематикалык жана стилистикалык багыттагы чыгармаларды жаратышты. Заманбап орус адабиятында алдынкы орунга проза менен публицистика чыкты (С. Кекова, И. Семёнова, В. Емелин, Н. Зиновьев, Е. Семичев, Г. Иванов, В. Бояринов, В. Берязев, С. Сырнева, С. Соколкин, В. Нежданов). В. Галактионованын «Чоң крест» (2001), «Убайымдан уктагандар» (2010) повесттери менен «Буян аралында» (2003), «5/4 жым-жырттыктын алдынкы күнү» (2004), 3. Прилепиндин «Патология» (2004), «Санька» (2006) романдары, «Күчөө» аңгемелер (2007) цикли жарык көрдү. Орус адабиятынын нускалуу салттары кыргыз адабиятына зор таасир тийгизди. Кыргыз адабият таануусунда орустун A. С. Пушкин, Л. Н. Толстой, A. М. Горький, В. В. Маяковский, М. А. Шолохов өңдүү көркөм сөз сүрөткерлеринин нускалуу салттарын кыргыз акын-жазуучуларынын өздөштүрүүсүн ар тараптан изилдеген эмгектер жаралды.

Россиянын аймагында неолит жана коло дооруна таандык көптөгөн эстеликтер сакталган. Уруулар биригип, мамлекеттин пайда болушу байыркы маданияттан орто кылым маданиятына өтүү учуру (б. з. 1-миң жылдыгында) көркөм чыгармалардын өнүгүшүнө шарт түзгөн. 9–10-кылымдарда Байыркы Русь маданияты калыптанган. 10-кылым – 13-кылымдын орто чени - Байыркы Русь маданиятынын гүлдөгөн доору. Таштан курулган кооз, бийик имараттар (чиркөө, монастырь, сарай), фреска, мозаика менен кооздолуп, икона искусствосу, китеп миниатюрасы жогорку деңгээлге жеткен. 13-кылымдын аягы – 17-кылымда Русь мамлекетинин маданияты жаңы баскычка көтөрүлгөн. 13- кылымдагы моңгол-татар согушунун кесепетинен сүрөт искусствосу начарлап, 13-кылымдын аягында гана ал кайрадан өнүгүү жолуна түшкөн. Новгороддо, Псковдо архитектуралык, Ростовдо, Ярославлда сүрөт мектептери ачылган. Москва Кремли эменден (1339), кийин ак таштан (1367) курулат. 15- кылымдын 2-жарымында борбордошкон Русь мамлекетинин түзүлүшү менен Москва маданий борборго айланган. 16-кылымда Москвада чиркөөлөр (Коломенскидеги Вознесения чиркөөсү, Василий Блаженный храмы) курулган. Русь мамлекетинин ири борборлорунда (Новгород, Тула, Коломна, Зарайск, Смоленск, Серпухов) кремлдер салынып, турак жайлар негизинен жыгачтан тургузулган. 14-кылымдын аягы - 15-кылымдын башында орус сүрөтчүлөрү Феофан Грек, Андрей Рублёвдор атактуу чыгармаларын жараткан. 18-кылым – 19-кылымдын 1-жарымы орто кылым маданиятынан жаны доор маданиятына өтүү мезгили болгон. Чыгыш Европа менен байланыш кеңейип, көптөгөн белгилүү кыл калем чеберлеринин сүрөттөр Россияга алынып келинген. Россия сүрөтчүлөрү чыгыштан таалим алган. 1757-ж. Петербургда Европа тибиндеги көркөм академия негизделип, агартуу идеясы кеңири кулач жайган. 17-кылымдын акырында жаны доордун талабына шайкеш шаарлар пландуу курула баштаган. Россия архитектурасы жалпы европалык көркөм стиль системасында өнүгүп, 18-кылымда барокко, классицизм пайда болгон. 19- кылымдын ортосунда өкүм сүргөн классицизм архитектуранын бүт түрүнө жайылган. Шаарлардын 400дөн ашык планы иштелип чыккан. Бул мезгилде М. Ф. Казаков, А. Д. Захаров, К. И. Росси ж. б. атактуу архитекторлор активдүү эмгектенген. Ушул эле мезгилде сүрөт искусствосунда айрыкча портрет жанры калыптанган (И. Н. Никитин, A. М. Матвеев ж. б.). 18-кылымдын 2-жарымында Д. Г. Левицкий, В. Л. Боровиковский, Ф. И. Шубиндердин чыгармачылыгы орус сүрөт искусствосунда чоң мааниге ээ болгон. О. А. Кипренский, В. А. Тропинин, К. П. Брюллов сыяктуу сүрөтчүлөр өз чыгармаларында замандаштарынын психологиясын, мүнөзүн зор чеберчилик менен ачып берген. 19-кылымдын ортосунан, айрыкча, турмуш-тиричилик жанры өнүккөн. Кол өнөрчүлүктүн көркөм таасири астында архитектура менен скульптура өрчүгөн. 19-кылымдын 2-жарымында Россияда капитализмдин өнүгүшү, революциячыл кыймылдын жогорулашы архитектура менен сүрөт искусствосуна чоң таасир көрсөтүп, жаны курулуш материалдары (металл конструкциясы) өздөштүрүлгөн. 20-кылымдын башында кол өнөрчүлүктө «модерн» стили тарайт. 19-кылымдын 2-жарымында сүрөт искусствосунда демократиялык реализм күчөп, айрыкча көчмө сүрөтчүлөр реализми сүрөт искусствосунда негизги ролду ойногон. И. Е. Репин, И. Н. Крамской, Н. А. Ярощенко, С. В. Иванов сыяктуу сүрөтчүлөр эмгекчилерди даңазалаган чыгармаларды жараткан. 1932-ж. СССР арх. союзу уюшулган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фашисттер кыйраткан шаарлар, айыл-кыштактар, архитектура эстеликтери кийин калыбына келтирилип, жаңы шаарлар курулган. 60–70-жылдары курулган Москвадагы шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык двореци (архитектор И. А. Покровский ж. б.), В. И. Ленин атындагы стадиондун комплекси (архитектор A. В. Власов), Мамлекеттик Кремль двореци (архитектор М. В. Посохин, A. А. Мндоянц ж. б.) ж. б. курулуштар советтик архитектуранын мыкты үлгүсү деп эсептелген.

Орус музыкасынын башаты чыгыш-славян урууларынын маданиятына жана турмуш-тиричилигине барып такалат. Христиан динин кабыл алгандан кийин бир нече кылым бою бир үндүү чиркөө ыры өнүгүп, 17–18-кылымдарда көп үндүү партесттүү ырдоо жана кант, псалма таралган. 18-кылымда профессионал музыкалык искусствосунун театр, камералык жана симфониялык концерт өңдүү жаны формалары кирген. 19-кылымда орус классикалык музыкасынын негиздөөчүсү М. И. Глинка, сьюреализминин өкүлү A. С. Даргомыжскийдин чыгармачылыгы менен орус музыкасы ийгиликтүү өнүккөн. А. Г. Рубинштейн негиздеген орус музыкалык коому (1859) көптөгөн угуучулардын көңүлүн олуттуу музыкага буруп, Петербургда (1862) жана Москвада профессионал музыкалык кадрлардын өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Сынчы, композитор A. Н. Серов жана 60-жылдардагы композиторлордун «Кубаттуу топ» уюму музыкалык чыгармачылыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн. 30–40-жылдарда М. И. Глинканын чыгармачылыгы классикалык орус музыкасынын гүлдөшүнө жол ачып, орус музыкалык мектеби европалык улуттук музыка мектептеринин эң алдынкыларынын катарына кошулган. Анын «Иван Сусанин» (1836), «Руслан жана Людмила» (1842) ж. б. опералары орус музыкасына жаны из салган. Анын «Камаринская» (1848), «Испан увертюралары», «Арагон хотасы» (1845) жана «Мадриддеги түн» (1851) ж. б. оркестрдик чыгармалары орустун улуттук симфонизминин негизи болуп калды. Орус жана дүйнөлүк музыкада реализмдин эң жогорку чеги – П. И. Чайковскийдин чыгармачылыгы. 19–20-кылымдарда С. Танеев, А. Глазунов, А. Лядов, В. Калинников ж. б. классикалык орус музыкасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүшсө, Октябрь социалисттик революциясынан кийин орус музыкасынын өнүгүшүндө жаны этап башталган. Советтик композиторлор: А. Александров, М. Блантер, А. Давиденко, И. Дунаевский, В. Захаров, Э. Колмановский, Б. Мокроусов, В. Мурадели, А. Новиков, А. Островский, А. Пахмутова, А. Петров, В. Соловьёв-Седой, С. Туликов, М. Фрадкин, Я. Френкель, Т. Хренников, А. Эшпай ж. б. жемиштүү эмгектенишкен. Камералык, вокалдык жана аспаптык музыканы өнүктүрүүдө A. Н. Александров, Н. Мясковский, С. Прокофъев, Г. Свиридов, Ю. Шапорин, В. Шебалин, Д. Шостакович ж. б. салымы зор.
Симфониялык музыкага 20-кылымдын аягында Э. В. Денисов, С. А. Губайдулина, Р. К. Щедрин, A. Г. Шнитке ж. б. чыгармалары менен Россиянын музыкалык маданиятына чоң салым кошкон. 1970-жылдардан эстрадада белгилүү ырчылар А. Б. Пугачева, М. М. Магомаев, С. М. Ротару, Э. С. Пьеха, И. Д. Кобзон, В. Я. Леонтьев, Л. В. Лещенко, B. В. Толкунова ж. б. ийгиликтүү иштешти. Кийин Ф. Б. Киркоров, Л. С. Вайкуле, Д. Н. Билан ж. б. өз орду бар. «Машина времени», «Аквариум», «Кино», «Алиса», «Агата Кристи», «ДДТ» ж. б. топторунун Россиянын заманбап маданиятынын өнүгүшүнө салымы чоң.

Орус театр искусствосунун алгачкы өкүлдөрү-скоморохтор болгон. Алар эмгек процессине, ырым-жырымдарга байланыштуу келип чыккан. 16–17-кылымдардын 1-жарымы скоморохтордун өнөрүнүн гүлдөгөн мезгили. 18-кылымда алгач ышкыбоздор театры пайда болуп, биринчи орус мамлекеттик профессионал театры (1756-ж. Петербург) Ярославлдагы Ф. Г. Волков труппасынын негизинде түзүлгөн. Орус сахна мектебин калыптандырууда И. А. Дмитриевский менен М. С. Щепкин зор эмгек сиңирген. 19-кылымда орус театрында революциялык романтизмдин өкүлү П. С. Мочалов көрүнүктүү актёрлор И. И. Сосницкий, A. Е. Мартынов ж. б. эмгектенишкен. 1824-ж. Москва Кичи театры, 1832-ж. Петербургда Александрия ж. б. театрлар ачылган. 19-кылымдын ортосунда орус театры A. Н. Островскийдин чыгармалары менен байыган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башындагы орус театрынын белгилүү өкүлдөрүнөн болуп Г. Н. Федотова, М. Н. Ермолова, актёр жана режиссёр A. Н. Ленский ж. б. саналышат. 1898-ж. Москва көркөм театры (МХАТ) түзүлүп, анда А. П. Чехов, М. Горькийдин пьесалары коюлган. 20-кылымдын башында МХАТтын негиздөөчүлөрү жана жетекчилери К. С. Станиславский менен В. И. Немирович-Данченко орус сахна искусствосуна реализм принциптерин киргизген. Октябрь революциясынан кийин совет драматургиясы өнүгүү жолуна түшкөн («Мистерия Буфф», В. В. Маяковский, 1918-ж. коюлган). Жарандык согуш жылдарында К. А. Тренёвдун «Любовь Яровая», В. С. Ивановдун «Бронепоезд 14-69», В. Билль Белоцерковскийдин «Шторм» ж. б. спектаклдери коюлган. 30-жылдары социалисттик реализм методунун бекемделишине М. Горькийдин («Егор Вулычёв жана башкалар», «Душмандар» ж. б.) чыгармачылыгы зор роль ойногон. Социализм үчүн совет элинин күрөшү советтик драматургияда кеңири чагылдырылган. Бул жылдары сахнада В. И. Лениндин образын түзүү (Н. Ф. Погодин «Мылтыкчан адам» ж. б.), классикалык чыгармаларды (У. Шекспир «Отелло», A. П. Чехов «Үч эже-сиңди») коюу чоң ийгиликтерди жараткан. Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде театрдын эл менен терең байланышы айрыкча күч алып, фашисттик басып алуучуларга каршы совет элинин баатырдык күрөшүн баяндаган пьесалар коюлат: A. Е. Корнейчуктун «Фронт», К. М. Симоновдун «Орус адамы» ж. б. 40-жылдардын аягы – 50-жылдарда Россия театры совет элинин турмушу менен байланышкан маанилүү темалардын үстүндө иштеп, 50- 70-жылдары чыгармачылык зор ийгиликтерге жетишти (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»; У. Шекспир, «Гамлет»; Н. Ф. Погодин, «Кремль куранттары»; А. П. Штейн, «Океан»; Г. К. Бокарёв «Болот эритүүчүлөр» ж. б.). 50-жылдардын аягы – 60-жылдары театрды өнүктүрүүгө Г. А. Товстоногов, Б. И. Равенских, B. Н. Плучек, О. Н. Ефремов, A. В. Эфрос сыяктуу режиссёрлор, Ю. К. Борисова, И. М. Смоктуновский, М. А. Ульянов, К. Ю. Лавров өңдүү актёрлор олуттуу салым кошушту. Россиянын көптөгөн театр труппалары Кыргызстанда болуп, көрүүчүлөргө оюндарын көрсөтүшкөн. Россия Федерациясынын театр ишмерлеринин союзу (1883) иштейт.

Россияда биринчи хроникалык фильм 1896-ж. тартылган. 1908-ж. менчик кино ишканалар көркөм кино тасмаларды чыгара баштаган. Орус искусствосунун реалисттик салтын режиссёр Я. А. Протезанов, В. Р. Гардин, О. И. Преображенская ж. б. өнүктүргөн. Октябрь революциясынан кийин кинематография советтик маданияттын маанилүү тармактарынын бири болуп калды. 20-жылдары С. М. Эйзенштейндин «Броненосец Потёмкин», В. И. Пудовкиндин «Эне» көркөм фильмдери коюлуп, оператордук искусствосундагы советтик мектепке Э. К. Тиссэ, А. Д. Головня ж. б. негиз салышты. 1934-ж. Г. Н. жана С. Д. Васильевдердин белгилүү «Чапаев» фильми экранга чыкты. Октябрь революциясы жана жарандык согушка арналган фильмдер («Ленин Октябрда»), «Ленин 1918- жылы», режиссёр М. И. Ромм; «Мылтыкчан киши», режиссёр С. И. Юткевич; «Биз Кронштадтанбыз», режиссёр Е. Л. Дзигал) тартылган. Кинокомедия («Шайыр балдар», режиссёр Г. В. Александров; «Трактористтер», режиссёр Пырьев ж. б.); тарыхый жана таржымал фильм жанрлары да («Александр Невский», режиссёр С. М. Эйзенштейн; «Пётр I», режиссёр В. М. Петров ж. б.) жаралды. Согуштан кийин алдынкы совет адамдары, коммунизм үчүн күрөш, орус маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери жөнүндө («Жаш гвардия», режиссёр С. Герасимов; «Айылдык мугалим», режиссёр М. С. Донской; «Мусоргский», режиссёр Рошаль ж. б.) фильмдер тартууланган. 50-жылдарда кең форматтуу фильмдер тартыла баштады. «Чоң үй-бүлө» (1954, режиссёр И. Е. Хейфиц), «Коммунист» (1959, режиссёр Ю. Я. Ройзман), «Адам тагдыры», (режиссёр С. Бондарчук), «Бошотуу» (1970-71, режиссёр Ю. Озеров) сыяктуу түрдүү жанрдагы фильмдер тартылды.

Кыргыз кино искусствосунун калыптанышына Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) режиссёрлору менен операторлору чоң салым кошту. Кыргыздын «Салтанат», «Биринчи мугалим», «Мен Тян-Шан», «Эрте келген турналар» фильмдери орус кино ишмерлеринин көмөгү менен тартылган.




#Article 55: Кыргыздарда психология түшүнүгүнүн жаралышы (275 words)


Психологиянын ошондой эле кичине балдар эмес, чоң кишилердин ортосундагы мамилелерге тийгизген таасири жөнүндө да айта кетели. Мисалы, медиктер организмдин кайсы жерин дарылабасын, эң биринчи менимче психолог болушу керек, болгондо да өтө чебер. Себеби сыркоо адамдын ооруган жеринен мурун анын көүүлүн сакайтуу ишти оңунан чыгарат. Көңүл тазармайын, ооруган жер айыкпашы да мүмкүн. Психолог врач оорулуунун ички түкшүмөлүн сезиши керек. Анын кооптонуусун, коркуусун четке каккыдай ишеничтүү тирек болуп берүүгө жараганда гана врач оорууну жеңе алат. Ооруулууга врач менен сүйлөшкөндөн кийин жеңилдик сезилбесе, ал начар врач деген таамай айтылган кеп бар.

Психологиянын коомдогу маани-маңызына баа берүүгө кыскача гана кайрыла кетүү бери болгондо коомайыраак болуп калар. Бирок, ошентсе да анын эмне экенин, коомдо зарылчылыгы канчалык экенин жогорудагыдай мисалдардан эле айкын боло түштү. Деги эле психология кайсы тармакта болбосун адамзаттын ийгиликке жетиши үчүн колдоно турган эң күчтүү алмаштыргыс куралы болуп эсептелинет. 

Кыргыздар психологияны совет бийлиги келгенден кийин гана билген деген да сөз болушу мүмкүн. Бул туура эмес. «Психология» деген терминди кыргыздар билмек турсун, укпашы да чын, бирок анын нукура өзү бул элде болгон эмес деп айтуу мүмкүн эмес. Кыргыз эли «психолог» кишини «кыраакы» деп эң сонун атаган. Ошондо «психология» «кыраакылык» болуп эсептелип калат эмеспи. Бирок, албетте «психология» деген сөздүн мааниси «кыраакылыктан» терең да, кеңири да. Менин айтайын дегеним, кыргыз элинин илгертен эле күчтүү психолог болуп келгенин анын оозеки чыгармачылык өнөрү, ыр -күүлөрү тастыктап келет. Демек, терминдин өзү гана бизге кийинчерээк белгилүү болбосо,анын мааниси небак эле элибиздин канында жашап келген. Толубай сынчы, Кет Бука, Жайсаң ырчы, Санчы сынчы деген тарыхтагы даанышмандарыбызды психологиядан (анын маанисинен) кабары болгон эмес деп ким айта алат.

Демек, психология мурун да, азыр да, кийин да жашаган, жана жашай бере турган илим катары биздин коомдо ойногон ролу ченемсиз.




#Article 56: Аралыктан (дистанттык) окутуу (671 words)


Заманбап глобалдуу аудиториянын жаны мүмкүнчүлүктөрүнө кирүүгө дүйнөлүк желе же интернет чоң жол ачууда. Интернет бул академиктер, илим изилдөөчүлөр, студенттер, үчүн лабораторияларда, офистерде, класстарда калаберсе жеке үйлөрдө да колдонууга мүмкүн болгон билимдин жана илимдин булагы болууда.

Кыргызстанга интернеттин келгенине аз эле убакыт болсо да, Орто Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул багытта чон жетишкендиктерге жетише алды. Кыргызстанга салыштырмалуу кошуна республикаларыбыз болгон Өзбекстан, Казакстан жана Түркменстанда интернет колдонуучуларга бир аз чектөөлөр коюлган. Интернетке кеңири жол ачуу бул Кыргызстан үчүн биринчи кезекте дүйнөдө тездик менен өнүгүп келе жаткан илимий-техникалык жетишкендиктерге прогрессивдүү кадам деп айтууга болот.

Азыркы учурда интернеттен ар тараптуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Илим, техника, экономика, медицина, билим берүү жана башка толуп жаткан тармактар боюнча маалыматтарды алууга болот. Булардын ичинен интернеттин билим берүү тармагында канчалык орду бар ошону карап көрөлү. Учурда интернеттен билим берүү тармгында көптөгөн интернет баракчаларды табууга болот. Алар негизинен электрондук почта менен же болбосо атайын шарты бар каттоодон өтүп андан кийин керектүү маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүндө. Мындай маалымат алмашуу да белгилүү бир өлчөмдө жакшы жыйынтыктарды берет. Ал эми экономикалык жактан жетишкен өлкөлөрдө билим берүүнүн бул түрү алда канча алдыда. Алар видео лекциялар, реалдуу убакытта (бир мезгилде) окутуучу менен окуучу бири бирин көрүп да, сүйлөшүп да маалымат алмаша алышат. 

Бул деген текст түрүндө маалымат алмашууга караганда (виртуалдык окутуучу менен окуучунун) байланышын реалдуулукка абдан эле жакындатат. Америкада чоң-чоң илим изилдөө уюмдары интернеттин мындай мүмкүнчүлүгүн мурдатан эле колдонуп келет. Чакан аймактуу Кыргызстан үчүн интернеттин мындай түрү болгон корпоративдик түйүн же кыскача Intranet тармагын түзүү анчалык деле кымбатка турбайт. Мындай түйүндү азырынча Кыргызстандын алты областындагы окуу жайларда бирден интернет класс ачып андагы компьютерлерди жалпы бир түйүнгө бириктирүү менен баштаса болот.
Интернет бул эмне? Интернет - бул миллиондогон компьютер колдонуучулардын бири бири менен байланышы жана дүйнөлүк ресурстардан маалымат алууга мүмкүн болгон глобалдуу «Түйүндүн Түйүнү». 

Мугалимдер жана студенттер дүйнөлүк эң чоң архивдерге, космостук борборлорго, спутниктик метеостанцияларына жана башка миңдеген  билим берүү жана илим изилдөө булактарына кирүүгө мүмкүндүк ала алышыт, Интернет - жогорку окуу жайлар, колледждер, мектептер керектөөчү инфраструктура, себеби компьютер аркандай тексттерди, үндөрдү схемаларды, сүрөттөрдү камтыган тоталдык технологиялык машина болуп калды. Эми бир жактуу болгон телевизиондук системаларга же башка кымбат технологиялара жана студенттин атайын даярдалган окуу лабораториясына келип маалымат алуусунун зарылдыгы жок.
Интернет билим берүү тармагында: Дистанттык окуу интернеттин дагы бир кызматы, бул билим алуу жана үйрөнүүнүн инструменти десек болот. Дистанттык окуу, интерактивдүү режимде эки же андан көп адамдын, эки же андан көп жерден бири бири менен байланышы. Дистанттык окуу билим берүүнүн эффективдүү жана сапаттуу чөйрөсү. Интернет дистанттык окууда эң керек болгон абдан көлөмдүү болгон ресурс.

Маалымат супермагистралы мугалимдер менен студенттерди өз класстык бөлмөлөрүнүн башка жерлердеги билим булактарына жана башка адамдар менен маалымат алуусуна көмөкчү болот. ISTE   коому кибермейкиндик болгон интернеттин чексиз ресурстарын мугалимдер менен студенттер үчүн керектүү китептердин тизмесин чогултту. Бул түйүн жер шарынын окуучуларын бириктирет. Бирок бардык эле өлкө бул түйүнгө кирген эмес. Ошондой болсо да көптөгөн өнккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө түйүндүн табууга болот. Бул деген ар түрдүү студенттердин чектөөсүз билим алуусунун тенденциясын бере алат дегендик. Эл аралык Telecomputing Консорциум коому «Калыбына келип жаткан энергияны колдонуу» деген темадагы дүйнөлүк класс-проекти 1997-желы өткөрдү. Бул жөнүндө дарегиндеги архивден маалымат алса болот.
Дистанттык окуудагы негизги керектелүүчү нерсени айтсак ал компьютердик үйрөтүүчү программалар. Азыркы тез чабытта өнүгүп келе жаткан билим технологияларынын арасында  компьютердик телекоммуникациалык түйүндөр келечектин талабына ылайыктуураак болууда.

Компьютердик телекоммуникациялар күндөн күнгө өнүгүп жашообуздун бардык тармактарына кирүүдө. Кыргызстандагы персоналдык ЭЭМ колдонуучулары интернет тармагына республикабыздын «дүйнөнү телефондоштуруу» жагында төмөнкү орундарда турганына карабастан акыркы 1-2 жылда кээ бир башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир канча алга карай жол алды. Телекоммуникация (грек сөзү, tele - алыс, аралык, латын. communicatio -сүйлөшүү) башкача айтканда бардык маалыматтарды аралыкка берүүчү тармактар: радио, телевидение, телефон, телеграф, телетайп, телекс, телефакс, жана биз сөз кылып жаткан компьютердик телекоммуникациялык байланыш.
Маалыматтарды төмөнкү даректерден карап көрүңүз:

a. Global School House Foundation - 
b. The Well Connected Educator - 
c. Glossary of Terms Used in Internet and Distance Education: 
d. About Distance Education - 
e. Educational Development Center: - 
f. Teachers on the Internet - 
g. Internet Technical Academy Newsletter for Education Network, Administrators- newsletter
h. American School Directory - 
i. The Young Adult Library Services Association - 
j. Education Development Center - 




#Article 57: Кыргыз кара сөзүнүн тарыхы (483 words)


Кыргыз кара сөзүнүн тарыхы. В. Гумбольдттун жолун улантуучулардын бири А. Потебнянын минтип жазган: “Баланын жигит болгон мезгилин баланча сааттан башталды деп айтыш кыйын болгондой эле прозанын башталышын да так көрсөтө коюу өтө татаал. Прозанын эң алгачкы ирет кагаз бетине түшүрүлүшүн анын пайда болуп, жаралган учуру деп эсептөөгө болбойт, ал алда канча мурда эле оозеки түрүндө жашап келген”.
Чыгыш жана Батыш адабияттарына таандык көптөгөн материалдарынын негизинде кара сөздүн жаралышына уютку болуп бере ала турган прозалык жанрлар элдик оозеки чыгармачылыкта өтө эле көп жашап келгендигин XX кылымдын экинчи жарымында ондогон фольклорчу жана адабиятчылар тарыхый-теориялык пландагы эмгектеринде аныкташтылар. Бул прозалык жанрлар кыргыз фольклорунда мифтер, кереметтүү жомоктор, байлоо, дарымдар жана башка ушундай сыяктуу Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгында дарымдардын бир нече түрлөрү сакталып калган. Алардын айрымдары чарбалык иш мүнөздө болсо (тели, тилек), кээ бирлери элдик дарылоо, эмдөө мүнөзүндө (байлоо, дарымдоо, бакшылардын зикири). Булар алгачкы доордон тартып мусулман динин кабыл алган мезгилге чейин адамдарынын турмушунда сөз тутуму ыр, ыргак формасында да, кара сөз түрүндө да колдонула берген. Дарымдар, байлоо, бакшылардын зикири гносеологиялык табияты боюнча мифтерге жакын турат. Балким ушул себептен, алар ушул күнгө чейин фольклористтик аспекте эмес, философиялык, атеисттик, этнографиялык көз караштан изилденип келет. Эми кыргыз кара сөзүнүн башатын иликтеп жатканда оозеки чыгармачылыктагы мифтерди өзгөчө көңүлгө алуу керек. Грек тилинен которгондо “миф”- “сөз, сүйлөө, баян, тамсил, аңыз ” дегенди билдирет. Ал эми кыргыз фольклорунда мифологиялык катмардын кенендигин XIX кылымдын орто чениндеги белгилүү изилдөөчүлөр Ч. Валиханов, В. Радлов, Ф. Поярковдордун алгачкы изилдөө, жыйноолорунан эле билебиз. Арийне, кыргыз мифтери тарыхый, социалдык-маданий шарттардын айынан Чыгыш жана Батыштын байыркы элдердин мифологиясынын классикалык стадиясына өсүп жете алган эмес. Сан жагынан да алып караганда азыраак, түзүлүшү жагынан да анчалык деле татаал эмес болгон. Кыргыздын мифтерине мисал келтире турган болсок, ата-бабалардын тотемдери (Мүйүздүү Бугу Эне, Кайып же Кайберен, Жагалмай, Бөрү, Кызыл ит, Сары ит жана башка), табият культу (Жер, Суу), космогониялык (Күн, Ай, Үркөрдүн кызы, Үч аркар, Жетиген, Алтын казык, Саманчынын жолу жана башка) жана календарлык (элдик календарь боюнча жылдын он эки айы тең жан-жаныбарлардын аттары тууралуу) мифтер. Ошондой эле кыргыздардын өздөрүнүн келип чыгышы, уруу, уруктарынын түпкү тектери тууралуу мифтер. Бул жерде мифтерге атайын токтолуунун кереги жок, бул сапар болгону мифти - өз алдынча баяндагыч жанр катары карадык. Ошентип, миф, болумуш, уламыш, легенда, санжыра – баары тең же байыркы же берээктеги окуялар жөнүндөгү оозеки баяндамалар. Демек, бул жанрларды бириктирип турган жалпы касиет – алардын аткарылуу ыкмасы – кара сөз түрүндө оозеки баяндалышы. Макаланын башында А. Потебнянын сөздөрүн эске салуу менен бирге кыргыздарда кара сөз болгон деп өкүмдүү түрдө айта алабыз. Анын үстүнө, Октябрь революциясына чейин кыргыздардын оозеки прозасы жогоруда сөз болгон жанрлар менен эле чектелбейт. Прозанын бул жерде сөзгө алынбаган дагы эң бай катмарлары, топтору бар. Аларга биринчи кезекте жомоктор (алардын өзүнчө жанрлары жана түрлөрү бар эмеспи) жана башатында таздарга, Апенди, Алдар көсө, Жеренчечеченге байланыштуу пайда болуп, кийин соңунда Жоошбай, Куйручук, Бекназар, Көкөтөй сыяктуу таланттардын аракети менен өзүнчө чоң өнөрдүн деңгээлине өсүп жеткен күлкүлүү аңгемелер жана чечен сөздөр кирет. Бул жанрлар, албетте, өзүнчө сөз кылууга арзыйт.




#Article 58: Казак тили (166 words)


Казак тили – казактардын тили. Казакстан Республикасынын мамлекеттик тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Адабий казак тили түндүк-чыгыш диалектинин негизинде калыптанган. Жазма эстеликтери 19-кылымдан башталган. Казак тилинин негизги өзгөчөлүктөрү: жалпы түрк тилдеринен «ч» тыбышынын ордуна «ш» тыбышы (мисалы, кач-каш), «ш» тыбыштын ордуна «с» тыбышы (мисалы, кыш-кыс ж. б.); «й», «дж», «с», «ч» тыбыштарынын ордуна «ж» тыбышы (йок - жок) колдонулганы менен айырмаланат. Казак тили адегенде араб, кийин латын алфавитинде болгон. 1940-жылдан орус графикасындагы алфавитке өткөн. Казак тили Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россия мамлекеттеринин айрым аймактарына жана Кытай, Моңголия, Иран, Афганстан, Пакистан, Түркия сыяктуу чет өлкөлөргө тараган. Казак тилинде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 23 млнго жакын. Морфологиялык жагынан кыргыз тилине окшош. Синтаксистик өзгөчөлүгү боюнча Казак тилинде атоочтук жана чакчыл түрмөктөрдүн негизинде уюшулган сүйлөм конструкциялары кеңири колдонулат. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдүн компоненттеринин ортосундагы байланыш чектелген. Казак тилинин лексикалык тутумун жалпы түрк сөздөрүнүн катмары жана аз сандагы араб тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр түзөт. Советтик мезгилде орус жана европалык тилдерден көп сөз кирген. Адабий тили 15-19-кылымда калыптанып, адабий тилинин негиздөөчүсү Абай Кунанбаев болгон. 




#Article 59: Кытай (10138 words)


Кытай (кытайча 中国 Zhōngguó — Ортодогу мамлекет, кызыл-суулук кыргыздар Жуңго дешет), Кытай Эл Республикасы (КЭР; кытайча: 中华人民共和国; пиньинь: Zhōnghuá Rénmín Gònghéguó) — Борбордук жана Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын узундугу 18 миң кмден ашуун) менен чулганат; жээктей көптөгөн аралдар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык менен өткөн чек арасынын узундугу 22,8 миң км. түндүк-чыгышынан КЭДР жана Орусия, түндүгүнөн Моңголия, түндүк-батышынан Орусия, Казакстан жана Кыргызстан, батышынан Тажикстан, Ооганстан, ошондой эле Пакистан, түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Индия, Непал жана Бутан, түштүк-чыгышынан Мьянма, Лаос, Вьетнам менен чектешет. Аянты 9,6 млн км2 (дүйнөдө Орусия жана Канададан кийинки 3-орунда). Калкы 1,3 млрддан ашык (2014, дүйнөдө 1-орунда). Борбору — Пекин. Расмий тили — кытай тили. Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономия районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт), 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт.

Кытай — БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Азия-Тынч океан экономикалык шериктештигинин (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2001), Шаңхай кызматташтык уюмунун (2001) мүчөсү
Администрациялык-аймактык бирдиктери (2007:

Кытай — унитардык мамлекет. Конституциясы 1982-жылы 4-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы советтик типтеги республикалык Мамлекеттик бийликтин жогорку органы Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушу (ЭӨБКЧ), 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Чогулуштун сессиялары жылына бир жолу чакырылат, сессиялардын аралыгында мыйзам чыгаруу укугуна ээ болгон туруктуу комитет (155 депутат) иштейт. ЭӨБКЧ мыйзам чыгаруучу жогорку орган, мамлекеттик бюджет жана экономикалык өнүгүү пландарын ишке ашырат. ЭӨБКЧ мамлекет башчысын КЭРдин төрагасын (ыйгарым укугу 5 жыл, дагы бир мөөнөткө кайра шайланууга укуктуу) жана анын орун басарларын ж. б. дайындап, КЭРдин аткаруучу жогорку органы Мамлекеттик кеңештин (өкмөт) курамын бекитет. Мамлекеттик кеңеш ЭӨБКЧнын аткаруучу жана мамлекеттик жогорку администрациялык органы, ага бардык мамлекеттик башкаруу органдары баш иет. КЭРдин Мамлекеттик кеңеши мыйзам чегинде нормативдүү актыларды кабыл алуу укугуна ээ. КЭРдин бийлик органдарына Кытай Коммунисттик партиясы (ККП) жетекчилик кылат. ККП өкүлдүк органдары аркылуу мыйзам чыгаруу ж. б. чөйрөлөрдө өзүнүн саясатын жүргүзөт. КЭРде көп партиялуу система орун алган. ККПден тышкары 8 саясий партия (жалпы саны 600 миңдей) бар.

Жээги булуң-буйткалуу; чыгыш жээгинде Ляодун, Шандуң, түштүгүндө Лэйчжоубаньдао сыяктуу жарым аралдар бар. Түштүгүнө жана түштүк-чыгышына түздүктүү жана дельталуу жээктер мүнөздүү. Бийиктик амплитудасы -155 мден (Турпан ойдуңу) 8848 мге чейин (Непал менен чек арасындагы Жомолунгма чокусу Жер шарынын эң бийик жери). Кытайда субмеридиан багытында жаткан бир нече ири аймак өзгөчөлөнүп турат: Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкөсү; Чыгыш Кытай тоолуу өлкөсү; Чинлиң Юннан тоолуу өлкөсү; Түндүк Кытай платолору жана тоолору; Түндүк-Батыш тоолуу өлкөсү жана Тибет тайпак тоосу. Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкөсү Чоң жана Кичи Хинган кырка тоолорун, Ляоси тайпак тоосун, Манжур-Корей тоолорун камтыйт. Кытайдын түндүк-чыгыш четинде Ортонку Амур ойдуңу, анын түштүк-батышында тоо аралык ири түздүк Сунляо жайгашкан. Чыгыш Кытай аккумуляциялык түздүктөр облусу Улуу Кытай түздүгүн жана анын түштүгүндөгү Янцзынын ортонку жана төмөнкү агымдарын ээлеген ойдуңдарды (бийиктиги 200 мге чейин) камтыйт. Түштүк-Чыгыш тоолуу өлкөсүнө Кытайдын түштүк-чыгыш бөлүгүндө Янцзы дарыясынын төмөнкү агымынан Бакбо (Тонкин) булуңуна чейин жээктей созулуп жаткан Нанлиң, Уишан ж. б. тоолор кирет. Мында жапыз жана орто бийик тоо массивдери тоо аралык ойдуңдар менен кезектешип жатат; эрозиялык тилмеленүү, батыш бөлүгүнө рельефтин карсттык формалары мүнөздүү; кырка тоолору бири-биринен тектирленген жазы өрөөндөр менен бөлүнгөн. Өлкөнүн түштүк четинде Сидзяң, Бейдзяң яжана Дуңдзяң дарыясынын дельталары пайда кылган түздүктөр жайгашкан. Чинлиң-Юннан тоолуу өлкөсү Тибет тайпак тоосунун чыгыш чети менен Кытайдын түштүк чек арасына чейин жазы тилке болуп созулуп жатат. Ага Чинлиң, Юннан-Гуйджоу тайпак тоосу, Сычуан ойдуңу кирет. түндүк Кытайдын платолору жана тоолору (бийиктиги 500—2000 м) Шаньси тайпак тоосун жана анын чыгыш уландысы Тайханшань кырка тоосун, Лёсстуу платону, Ордос платосун, Йиншан тоолорун камтыйт. Ордос, Лёсстуу платолорунан батышта, Куньлунь, Наньшань тоолорунан түндүктө Түндүк-Батыш тоолуу өлкөсү жайгашып, рельефинде бийиктиги 3000—5000 м болгон кырка тоолор (Моңгол Алтайы, Чыгыш Теңир-Тоо тармактары) тоо аралык ири ойдуңдар (орточо бийиктиги 900—1300 м; Жонгор түздүгү, Тарим ойдуңу, Турпан ойдуңу) менен кезектешип жатат. Кытайдын түштүк-батышында зор Тибет тайпак тоосу жайгашкан; анын чет-жакаларында бийик (600 мден жогору) жана узун тоо тармактары (Гималай, Кара-Корум, Кунлун, Нангшанг, Сина-Тибет тоолору) созулуп жатат.

Кытайдын аймагы тектоникалык жактан кембрийге чейинки платформа блокторунан (Кытай-Корей, түштүк Кытай, Тарим платформалары) жана аларды бөлүп турган бүктөлүү структураларынан турат. Бүктөлүү структуралары Урал Охота, Альп Гималай жана Батыш Тынч океан кыймылдуу зоналарына кирет. Магнитудасы 8,6га чейинки жер титирөөлөр болуп турат; акыркы (магнитудасы 7,9га жеткен) катуу жер титирөө 2008-жылы 12-майда Сычуань ойдуңунун түндүк-батыш чет жакасында болуп, анда 68 миң адам өлгөн. Кытайдын аймагы түрдүү кендерге бай; таш көмүрдүн, вольфрамдын, молибден-калайдын, сурьманын, сейрек жер элементтеринин, бариттин запасы боюнча Кытай дүйнөдө 1-орунду ээлейт. ошондой эле темир, марганец, алюминий, жез, никель, цинк, коргошун, сымап, алтын, платина, фосфорит, күрөң көмүрдүн да запасы мол. Кытайдын аймагында (ошондой эле шельфтеринде да) нефтинин дүйнөлүк запасынын 2%и, табигый күйүүчү газдын 0,8%и топтолгон.

Кытайдын аймагы климаттык 3 алкакта мелүүн (Хуайхэ дарыясы, Чинлинг кырка тоосу сызыгынан түндүктү карай), суптропиктик жана тропиктик (Сидзянг дарыясынан түштүктү карай) алкактарда жайгашкан. Кышында Кытайдын климатына Азия антициклону да таасирин тийгизет. Мелүүн алкакта континенттик (Түндүк Кытайдын тоолору жана платолору; түндүк-Батыш Кытай) жана муссондук (Түндүк-Чыгыш тоолуу өлкө, Улуу Кытай түздүгүнүн түндүк бөлүгү) климат өзгөчөлөнүп турат; анда жылдык орточо температура —5°Сден (Үрүмчүдө) 14°Сге чейин (Шандунг жарым аралында). Жылдык температуралык амплитуда өтө жогору (Турпан ойдуңунда 70°Сге чейин). Кышы узакка созулат, катуу суук жана шамал болуп турат, кар аз жаайт (түндүгүндө жана түндүк-батышында кар дээрлик түшпөйт); январдын орточо температурасы түндүк-чыгышында 16°Сден 25°Сге чейин, Чыгыш Кытайда 6°Сден 4°Сге чейин. Эң суук жери —40°С, өлкөнүн түндүк-чыгышында катталган. Жайы ысык, июлдун орточо температурасы 20-26°С, Турпан ойдуңунда 37°Сге чейин. Жайында циклондук аракеттер үстөмдүк кылып, түндүк-чыгышына жаан-чачынды мол алып келет, батышында жаан-чачын дээрлик жаабайт; жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү Тарим ойдуңунда 90 ммден аз; анын өлчөмү улам чыгышты карай акырындап көбөйүп, Ички Моңголиянын чыгышында 400—500 ммден жээк аймактарында 850 ммге чейин жетет. Субтропиктик алкакка муссондук жана бийик тоо климаты мүнөздүү. Муссондук климатта сезондуулук даана байкалат; кышы кургакчыл суук, жайы ысык, нымдуу, жаз жана күз мезгилдери узагыраак созулат. Январдын орточо температурасы нөлдөн 8°Сге чейин, июлдуку 26—31°С. Жайында жаан-чачын арбын түшөт. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү жээк аймактарында 1500 мм, Юннан-Гуйджоу тайпак тоосунда 850 мм. Климаттын зоналуулугун Тибет тайпак тоосу кыйла бузат. Тайпак тоонун түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө январдын орточо температурасы —20°Сден -25°Сге чейин, июлдуку 6-7°С, чыгыш бөлүгүндө жогорку тартипте —8°С жана 12—14°С. Температуранын суткалык өзгөрүүсү өтө жогору (30°Сден ашык). Жылдык орточо жаан-чачыны чыгыш бөлүгүндө 250—750 мм, батыш бөлүгүндө 100—200 мм жана андан аз. Тропиктик климаттык алкак Сидзянг дарыясынан түштүктү, түндүк Кытай деңизинин жээгин 25° түндүк кеңдикке чейин, ошондой эле Тайвань, Хайнань аралын камтыйт. Январдын орточо температурасы 2022°С, июлдуку 32°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү Тайвань аралында 2460 мм, Түштүк Кытайдын материктик бөлүгүндө 1680 мм. Өтмө сезондо тайфун болуп турат.

Кар чегинин бийиктиги 4460—4600 мден (Тибеттик батыш жана чыгыш чет жакаларында) 6200 м бийиктикке чейин (Тибеттин борбордук бөлүгүндө). Азыркы мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 84 миң км2 чамасында. Ири мөңгүлөрү КараКорум, Куньлунь, Наньшань, Чыгыш ТеңирТоо, Моңгол Алтайы тоолорунда.
Өлкө суу ресурстарына бай; аймагынын басымдуу бөлүгү Тынч океандын (негизгилери: Янцзы, Хуанхэ, Хуайхэ, Сидзян, Ляохэ, Амур), 1/3инен ашыгы ички алапка (Тарим, Кашкар, Яркен), Тибет тайпак тоосунун түштүгүнөн башталгандар (Меконг, Инд, Брахмапутра, Салуин) Инди океанынын, түн-батыш чет-жакасыныкы түндүк Муз океандын алаптарына кирет. Бетинин аянты 1 км2ден ашкан 2800дөн ашык көлү бар. Тузсуз көлдөрдүн ичинен эң чоңдору жайылма тибиндеги көлдөр (Дунтинху, Поянху, Тайху), эң терең көлү Тяньчи (373 м; жанар тоодон пайда болгон). Туздуу ири көлдөрү: Кукунор, Лобнор, Нам-Цо. Муссондук мол жаан-чачындан кийин дарыялардын суусу кирип, алаамат ташкындагандыктан, алардын суу агымын жөнгө салып туруу үчүн көбүнүн нугуна дамба, гидротехникалык курулмалар жана суу сактагычтар (Хуанхэ, Хуайхэ, Янцзы дарыясынын алаптарына) курулган (мисалы, Улуу канал). Жер астындагы суунун запасы 900 млрд м3 чамасында.

Лёстуу платолору жана аллювий түздүктөрү 5 миң жылдан ашуун дыйканчылыкта пайдаланылгандыктан, табигый топурак кыртышы дээрлик калган эмес, аларда азыр маданий топурактар басымдуулук кылат. Табигый топурак кыртышынын таралуусуна кеңдик-зоналуулук, ошондой эле бийиктик алкактуулук закон ченеми мүнөздүү. Кытайдын аймагынын мелүүн алкагында кеңири таралган топурак типтери: токойдун коңур (анын ичинде күлдөшкөнү да бар), иллювийтемирлүү, сары-коңур, кара сымал шалбаа (хету), жегичтүү кара жана күрөң, мелүүн жана субтропик алкактарынын чегинде шалбаалуу күрөң, субтропиктерде аллювий жана күрүч топурактары, бозомук-күрөң, боз, чөл-талааларда коңур, каштан, тропиктерде кызыл жана сары топурактар ж. б.

Кытайдын өсүмдүктөрү жалпы эки бөлүккө кургакчыл батышка жана нымдуу чыгышка бөлүнөт. Алардын ортосундагы чек болжол менен Тайханшань Циньлин Сина-Тибет кырка тоолору аркылуу өтөт. Нымдуулук жетишпеген батыш бөлүгүндө чөл, жарым чөл жана талаа, нымдуу чыгыш бөлүгүндө, жергиликтүү өсүмдүк курамында токой, токойлуу талаа жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү басымдуулук кылат. Кытайдын чөлдөрү өсүмдүктөрүнүн өтө суйдаңдыгы менен өзгөчөлөнөт; ага бадалча (шыбак) жана бадал (караган) жамаатташтыктары мүнөздүү. Кумдуу чөлдөрүндө сөксөөл, дарак сымал баялыш, чекенде өсөт. Тарим ойдуңунун кыйла бөлүгүндө, Алашань чөлүндө жана Тибет тайпак тоосунун түндүгүндө өсүмдүк дээрлик өспөйт. Гобинин бийик түздүктөрүндө жана Ички Моңголияда чөл өсүмдүктөрү кургак талаанын жана жарым чөлдүн кылкандуу өсүмдүк-бадалчалуу жана бадалдуу жамааттыктары менен алмашат. Алашан чөлүнүн чыгыш бөлүгүнөн Ордос платосунун батыш бөлүгүнө чейин чөлдөшкөн талаа созулуп жатат. Шор баскан оёң жерлерди галофит өсүмдүктүү жана баялыштуу чөлдөр ээлейт. Бир аз нымдуураак жерлеринде (Лёсс платосунун түндүгүндө, Ички Моңголияда, өлкөнүн түндүк-батышындагы тоо этектеринде) чымдуу-кылкан өсүмдүктөрү таралган. Тибет тайпак тоосуна бийик тоонун кылкандуу-өсүмдүк-бадалчалуу чөл жана суук талаасы мүнөздүү (анда альп шалбаасы, жаздык сымал жана бадал өсүмдүктөрү да кездешет); тайпак тоонун (5атыш бөлүгүндө бадалчалуу жана суйдаң чөп өсүмдүктүү бийик тоо муздак чөлү басымдуу. СинаТибет тоолорунун бийик бөлүгүнө альп шалбаасы кездешкен жапыз өскөн кылкан өсүмдүктүү талаа, суу өрөөндөрүнө арча, табылгы өсөт.
Токой өсүмдүктөрү (жалбырагын күбүүчү-дайыма жашыл аралаш токой зонасы) мурда Чыгыш жана Түндүк-Чыгыш Кытайды дээрлик каптаган, бирок азыр табигый өсүмдүктөр бул аймактарда негизинен орто бийик тоолордо гана кездешет. Чоң жана Кичи Хинган тоолорунун этектерине ачык ийне жалбырактуу токой мүнөздүү, ал 1800-2000 м бийиктиктерде жалбырагын күбүүчү-кедр токойлору менен алмашат. 2500 м бийиктиктен жогору кездешкен кылкандуу же ыраңдуу өсүмдүктөр жогорулаган сайын тоо бадалдарына жана мамык чөп-эңилчектүү тундрага өтөт. Ийне-жазы жалбырактуу аралаш токой Чоң Хингандын чыгыш капталдарына мүнөздүү. Мелүүн алкактын жылуураак аймактарында жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу жана карагай-кызыл карагайлуу ийне жалбырактуу токой өсөт. Түштүк-чыгыш муссонго карата ылымта жаткан Түндүк-Чыгыш Кытайдын түздүктөрүн шалбаалуу талаа жана токойлуу талаа ээлейт. Чинлинг жана Наньлин кырка тоолорунун аралыгында, Янцзы дарыясынын ортонку жана төмөнкү агымдарында сезондуу нымдуу жазы жалбырак-ийне жалбырактуу субтропик токою таралган; анда лиана, бамбук ж. б. арбын кездешет. Токойдон жогору альп шалбаасы жатат. Юннан-Гуйджоу тайпак тоосунун түштүк-батыш бөлүгүнө, Лэйджоубандао жарым аралына, Тайвань, Хайнань аралына дайыма жашыл тропик токою, жалбырагын чала күбүүчү кургакчыл токой жана саванна мун өздүү. Сидзян дарыясынан түштүктү карай, деңиз жээктей мангр токоюнун кууш тилкеси созулуп жатат.

Кытайдын табигый ландшафты миңдеген жылдары ургаалдуу пайдаланылгандыктан, көп өзгөрүүлөргө дуушарланган. Жери түздөлүп, эгин эгилген, тоо капталдары тектирленген, канал, суу сактагыч, жолдор курулган, натыйжада аң, жарлар пайда болгон, кыртышы чөккөн, саздашкан, жемирилип эрозияга учураган. Кытайдын азыркы ландшафтын негизинен (өлкөнүн аянтынын 840/ои) табигый-антропогендик комплекстер түзүп, анда экинчи жолку ландшафттар басымдуулук кылат (61%); ландшафттардын антропогендик модификациясы аймактын 23% аянтын ээлеп, негизинен түздүктөрду жана жапыз тоолорду камтыйт. Шарттуу-жергиликтуу ландшафты (16°%) жетуугө татаал, чарбада пайдаланылбаган жерлерде гана сакталган. Экологиялык эң татаал кырдаал өлкөнүн калкынын 60°/ои жашаган, ири шаарлары жана өнөр жай борборлору жайгашкан Чыгыш Кытайда жана Сычуан ойдуңунда түзүлгөн. Мындагы эң актуалдуу проблемаларга атмосферанын, суунун жана топурактын булгануусу, анын ичинде кислоталуу жаан-чачындын натыйжасы кирет. Азыр токой аянты кеңейтилүүдө (токой 175 млн гадан ашык аянтты ээлейт же өлкөнүн аянтынын 18°%и; 2008), жыл сайын 6 млн га жерге дарак отургузулат. Коргоого алынган 2350 табигый аймак уюшулган (анын 350су мамлекеттик корук; өлкөнүн аянтынын 15°%и). ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарынын тармагына коргоого алынган 26 табигый аймак (жалпы аянты 33,16 миң км2), суу-саздак жерге коргоого алынган 30 аймак кирет; 33 корук Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган: алар Тайшань, Хуаңшан тоолору, Сычуан провинциясындагы Чоң панда резерваты, Түштүк Кытай карсты ж. б.

Кытайда 56 этностук топ расмий катталган. Сина-тибет тилдеринде сүйлөгөндөр өлкөнүн калкынын 94,3/ин түзөт, анын 91,5°%и кытайлар (хань), 0,8%и хуэйлер, 0,2%и байлар; тибет-бирма элдери 1,8%ти түзүп, негизинен Түштүк-Батыш Кытайда жашайт. Тай-кадай тилиндегилер (негизинен Түштүк Кытайда) 2,3%ти, мяо-яо тилиндегилер (Түштүк Кытайда) 0,9%ти, алтай тилиндегилер (негизинен түндүк жана Түндүк-Батыш Кытайда) 2,2%ти, түрк элдери (уйгур, казак, кыргыз, салар, юйгу, өзбек, татар) 0,8%ти, моңгол элдери 0,5%ти, корейлер (Кытайдын түндүк-чыгышында) 0,2% ти түзөт. ошондой эле Кытайдын түндүк-батыш чет-жакаларында памирликтер (сарыколдуктар, вахандыктар), Түштүк Кытайда австралия-азия тилинде сүйлөгөндөр, мон-кхемерлер, вьеттер (цзин), Тайванда австронезиялык-гаошандар жашайт. Кытайдын калкы дүйнөнүн калкынын 1/5 бөлүгүн түзөт.

Кытайдын калкынын санынын тез темп менен өсүшүнө байланыштуу (1953-жылы 594,4 млн; 1964-жылы 694,6 млн; 1982-жылы 1008,2 млн; 1990-жылы 1133,7 млн; 2000-жылы 1265,8 млн) өлкөдө төрөлүүчү чектөө боюнча ырааттуу демографиялык саясат жүргүзүүгө туура келет. 1980-жылдардан бир балалуу үй-бүлөнү колдоо максатында төмөнкү комплекстүү иш-чаралар ишке ашырылууда: ай сайын жөлөк пул төлөө, квартираны кезексиз алуу, баланы бала бакчада акысыз тарбиялоо, жогорку окуу жайларга кирүүгө, жумушка орноштурууда артыкчылыктарды берүү ж. б. Экинчи бала төрөлгөндө жогорудагы жеңилдиктер бүт алынып, ал үй-бүлөгө айып пул салынат. Кытайдын көп региондорунда кары курактагылардын көбөйө баштагандыгына байланыштуу 2007-жылы айрым үй-бүлөлөргө 2 балалуу болууга уруксат берилген. 1987-жылдан төрөлүүнүн саны кыскара башгаган (2007-жылы 1000 адамга 12,1 бала), өлүм-житим дээрлик туруктуу (2007-жылы 6,9). Калктын табигый өсүү темпи кыйла басаңдап, 2007-жылы 5,3тү түзгөн, бул көрсөткүч дүйнөлүк орточо деңгээлден 2 эсе төмөн. Өлкөнүн демогр. саясатынын стратегиялык максаты 2040-жылы калктын санынын өсүшүн нөлгө жеткирүү (кытай демографтарынын эсеби боюнча Кытайдын калкынын саны 21-кылымдын орто ченинде 1,5—1,6 млрдга жетет). Расмий маалыматтар боюнча сырткы миграция сальдосу терс мааниде (1000 адамга 0,39); чет өлкөлөрдө 475 миң кытай жарандары убактылуу жашап (негизинен Япония, Сингапур, түштүк Корея ж. б. Азия өлкөлөрүндө контракт менен иштейт), 134 миң студент окуйт. Жашыруун эмиграциянын масштабы да зор.

Кытайда 100 аялга 103 эркек туура келет. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 17,9%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15-59 жаш) 67,8%ти, 60 жаштан өткөндөр 14,3%ти түзөт (2007). Адам өмүрүнүн орточо узактыгы 72,9 жыл (эркектердики 71,1, аялдардыкы 74,8 жыл). Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 137 адам. Калк өлкөнүн чыгыш аймактарына, айрыкча Хуанхэ, Янцзы дарыясынын өрөөндөрүнө жана дельталарына жыш отурукташкан. Шанхайда калктын жыштыгы 1 км2 жерге 2880, Цзянсу провинциясында 740 адам туура келет. Өлкөнүн батышындагы тоолуу жана чөлдүү аймактарда калк салыштырмалуу сейрек отурукташкан (эң сейрек отурукташкан аймак Тибет автономия району, 1 км2 жерге 2,3 адам туура келет).

Шаар калкынын үлүшү (2007-жылы 44,9%) айыл калкынын шаарга миграциясынын жана шаарлардын чегинин кеңейишинин (ошондой эле айыл-кыштактарга шаар статусун берүүнүн) эсебинен туруктуу өсүүдө. 2020-жылы шаар калкынын үлүшү 57%ке жетээри божомолдонууда. Кытайда 656 шаар, 20 миңге жакын шаарча бар (2007). Шаар калкынын 1/2нен ашыгы борборго баш ийген шаарларда, Түндүк-Чыгыш Кытайдын жана айрым жээк провинцияларынын шаарларында жашайт. Кытайдын эң ири шаарлары (2009; шаар айланасы менен, миң адам): Шанхай (17 783), Пекин (12 230), Сянган (Гонконг; 9102), Чунцин (7707), Шэньян (Мукден; 6580), Тяньцзинь (6389), Гуанчжоу (Кантон; 5711), Сиань (5132), Ханчжоу (4917), Харбин (4885), Шаньтоу (4747), Ухань (4696), Чэнду (4636), Нанкин (4313), Цзинань (3405), Чанчунь (3052), Шицзячжуан (3022), Тайюань (2787), Таншань (2756), Цзыбо (2736), Далянь (2709), Куньмин (2459), Циндао (2452), Гуйян (2420), Аньшань (2295), Чанша (2267), Уси (2226), Чжэнчжоу (2216), Наньчан (2188), Гирин (Цзилинь; 1956), Синьян (1904), Ланьчжоу (1865), Даньдун (1711), Чжаньцзян (1635), Сюйчжоу (1611), Үрүмчү (1601) ж. б.
Тайвандын калкынын санынын өсүү темпи бара-бара басаңдоодо (1952-жылы 8,1 млн; 1980-жылы 17,8 млн; 1990-жылы 20,4 млн; 2000-жылы 22,3 млн; 2008-жылы 23,1 млн). 21-кылымдын башында калктын өсүү темпи 0,24%ке чейин төмөндөгөн (2008). Калкынын демогр. негизги өзгөчөлүгү — төрөлүүнүн төмөндүгү (2008-жылы 1000 адамдан 9,0 бала төрөлгөн). Өлүм-житимдин аздыгы — мурда калктын табигый өсүү темпи, ошондой эле жашоо шартынын сапатынын жогору болгондугун айгинелейт. Тайвандын калкынын курамында 15 жашка чейинки өспүрүмдөр 17,3%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15—64 жаштагылар) 72,2%ти, 65тен өткөндөр 10,5%ти түзөт. Орто эсеп менен 100 аялга 102 эркек туура келет. Калкынын жашынын орточо узактыгы 77,8 жыл (эркектердики 74,9, аялдардыкы 80,9 жыл). Сырткы миграциясы анча көп эмес; миграция сальдосу оң мааниде — 1000 адамга 0,04. Тайванга жумуш издеп келгендердин саны көбөйүүдө. Тайвань — калк жыш отурукташкан провинция; калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 637,9 адам туура келет. Урбанизация жана субурбанизация процесстери ургаалдуу өнүгүүдө. Шаар калкы 90%тей. Негизги шаар агломерациялары (2008; миң адам): Тайбэй (калкы 8325,2 — Тайвандын калкынын 36%тен ашыгы), Гаосюн (2686,5), Тайчжун (2224,5), Тайнань (831,4).

Кытайдын калкынын басымдуу бөлүгүнө синкретизм религиясы мүнөздүү: конфуцийчилик, даосизм, буддизм. Ислам динин Кытайда 20 млндой адам тутат; миңден ашык мечит бар.

Кытай аймагын адамдар байыркы таш доорунда эле мекендеген. Кытай тарыхында алгач Ся династиясы (2205—1767), кийин Инь (азыркы Хенань, Хэбэй жана Шаньдун провинциялары) династиясы (1766—1112 же 1600—1027) пайда болгон. биздин заманга чейинки 11-кылымда Инь мамлекетин анын батышында жашаган чжоу уруусу караткан. Чжоу доорунда өндүргүч күчтөр өсүп, адистешкен кол өнөрчүлүк пайда болуп, шаарлар курулуп, маданият өнүккөн. биздин заманга чейинки 7—6-кылымдарда Кытай аймагында бир нече падышалыктар (Ци, Янь, Цинь, Чу, Хань, Вэй жана Чжао) түзүлүп, бири-бири менен согушуп турган. 200 жылга созулган тынымсыз согуштардан кийин Кытайда 1-жолу борбордошкон Цинь империясы (биздин заманга чейинки 221—207) негизделген. Анын негиздөөчүсү жана 1императору Цинь Шихуандинин убагында түндүктөгү көчмөндөрдөн коргонуу үчүн Улуу Кытай дубалы 2006-жылдагы сүрөт курула баштаган. Өлкө борбордоштурулуп, майда падышалыктар жоюлуп, башкаруу системасы өзгөргөн. Өлкө 36 областка бөлүнүп, башкаруу аппараты түзүлүп, императордун бийлиги бекемделген, жаңы мыйзамдар, чен бирдиктер, жазуу жана акча киргизилип, билим берүү системасы мамлекеттин карамагына өткөн. биздин заманга чейинки 3-кылымдын — биздин замандын 3-кылымында бийликке Хань империясы келген. Борбордук бийлик күч алып, Чаньань, Лоян, Ханьдань, Линьцзы, Чэнду ж. б. ш. соода-кол өнөрчүлүк борборлоруна айланып, чек аралар кеңейип, Улуу Жибек жолу ачылган. Хань империясы Борбордук Азия элдери жана өлкөлөрү (Фергана, Согд, Бактирия, Парфия) менен мамилелешип, көптөн бери тынчын алып келген хунну ж. б. урууларга сокку урган. У-динин тушунда (154—108) конфуцийчилик Кытайдын мамлекеттик идеологиясына айланган. Хань мезгилинде байыркы кытай эли калыптанып, өздөрүн ханьдар деп атаган. биздин замандын 184-жылы узак убакытка созулган Чжан Цзяо жетектеген дыйкандардын «сары байламчандар» көтөрүлүшүнөн Хань империясы кулап, үч падышалык (Вэй, Шу жана У) түзүлгөн. Бул мезгилде феодалдык доор башталган. 316-жылы Кытайдын түндүгүн көчмөн уруулар басып алган. 4-кылымдын ортосу — 5-кылымдын башында Түндүк Кытайда кытайлык эмес элдердин 19 мамлекети пайда болгон. 589-жылы кытай эли Суй империясына кайра бириккен. Император Вэнь-ди (Ян Цзянь) аскер күчүнө таянып, борбордук бийликти чыңдоого багытталган реформаны ишке ашырган. Суй империясы түндүк Кореядагы Когурё мамлекетине, вьетнам мамлекети — Вансуанга, түрк жана тугухундарга каршы баскынчы согуштарын жүргүзгөн. Өлкөдөгү чексиз бийлик жана оор салыктар элдик толкундоолорго алып келип, Суй империясы кулаган. 618-жылы анын ордуна Тан империясы бийликке келген. Кытай администрациялык аймактарга (район, округ, уезд) бөлүнүп, маданияты (китеп басып чыгаруу ойлоп табылып, өткөн доордун 8 расмий династиялык тарыхы түзүлгөн ж. б.) өскөн. Империя түрлүү багытта баскынчы согуштарын күчөтүп, 668-жылы Кореяга (Когурё) кол салып, 7-кылымдын ортосунда Чыгыш жана Батыш түрк кагандыктарын талкалаган, бирок алардын андан ары батышты көздөй жылышын арабдар токтоткон. 751-жылы Талас дарыясынын боюндагы арабдар менен болгон салгылашууда кытайлар жеңилип калган. Кыргыздар 7-кылымдан Тан империясынын ишенимдүү, күч-кубаттуу, аскердик-саясий союздашы болгон. 632-жылы Тан императору Тайцзунь кыргыз каганына Ван И-Хун башында турган мамлекеттик расмий элчилик жөнөткөн. Бул элчиликке жооп иретинде алгачкы жолу 643-жылы кыргыздар Кытайга барган. Кытай жыл наамаларында Кытайга кыргыз элчилери бир нече жолу (650—83-, 706—11-, 713—55-жылдары) каттагандыгы жөнүндө маалыматтар кездешет. 907-жылы Тан империясы кулап, Сун династиясынын (960—1279) бийлигине бириккен (түндүк жана түндүк-батыш аймактарынан башкасы). 13-кылымдын 2-жарымында Кытайды Чыңгыз хандын аскерлери басып ала баштаган. 1271-жылы Чыңгыз хандын небереси Хубилай бүткүл Кытайды өзүнө багындырып, Юань империясынын негизин түзгөн. 1368-жылы Юань империясы бийликтен кетип, ордуна кытайлык Мин империясы келген. Мин доорунда мамлекеттик башкаруу системасы реформаланган. Шаарлар өсүп, өнөр жай, айыл чарба жана маданияты (Кытайда 1420-жылдары Живопись академиясы пайда болгон. Китеп басып чыгаруу иштери кеңейип, көп томдуу энциклопедия, атлас ж. б. түзүлгөн) өнүккөн. Мин империясы тышкы саясатты да активдүү жүргүзгөн. Вьетнамды каратып (1407—27), Түштүк-Чыгыш жана түштүк Азия өлкөлөрүнө бир нече жолу экспедиция уюштуруп, түндүк жана түндүк-батыштагы көчмөндөргө каршы күрөшкөн. 16-кылымдан Кытай аймагына европалыктар келе баштаган. 1557-жылы Португалия Аомынды (Макао) «арендалоого» укук алган. 1618-жылы эки өлкөнүн ортосунда соода жана дипломатиялык байланыштарды жөнгө салуу иштери менен Тобольск аскер башчысы И. Петлин жетектеген биринчи орус дипломатиялык делегациясы Пекинге келген. 17-кылымда Кытайдын түндүгүнөн чыккан көчмөн уруулардын көтөрүлүштөрү Мин империясын кулаткан. Кытай феодалдары көтөрүлүштөрдү басуу үчүн манжур феодалдарынан жардам суроого мажбур болгон. Бул Кытайда манжурлардын Цинь династиясынын (1644—1911) орношуна алып келген. Дыйкандар согушу жана манжур каратууларынан Кытайда экономикалык кризистер башталып, калктын саны кыскарган. 18-кылымдын аягынан гана Кытайдын экономикасы калыбына келип, элдин саны 300 млнго жеткен. Империяда күчтүү армияга жана бюрократтык аппаратка таянган деспоттук режим түзүлгөн. Жогорку бийлик органдары жана армияны жетектөө манжурлардын колунда болгон. Түндүк Кытайга бийлигин орноткон соң, Цин Кытайдын коңшу мамлекеттерине кол сала баштаган. Россия Цин империясы менен болгон мамилелерин жөнгө салуу максатында 1689-жылы Аргунь дарыясынын оң жээгин жана Амур дарыясынын оңсол жээгинин бир бөлүгүн берген). 1727-жылы Кяхта келишими Цинь империясы менен Россиянын ортосундагы Моңголия боюнча өтүүчү чек араны тактап, 17-кылымдын аягында Цинь династиясы түндүк Моңголияны (түштүгүн 1636-жылы), 1728-жылы Тибетти, 1755—57-жылы Жунгар хандыгын, 1757—59-жылдары Чыгыш Түркстанды (Кашкар) басып алып, Синьцзян деген ат менен Цинь империясына кошкон. Ошол учурда Чыгыш Түркстанда Цин империясынын басып алуучулук саясатына каршы кыймыл (5 миңден ашык ойрот, бурут же кыргыз, илелик уйгурлардан турган кол жыйналган) башталган. Мындан чочулаган Цин империясы түндүктөгү коңшусу кыргыздар менен расмий мамиле түзгөн. 18-кылымдын аягында Цин империясынын ички абалы начарлай баштаган. 19-кылымдын 1-жарымында европалыктардын, айрыкча Улуу Британиянын Кытайга экспансиясы күчөгөн. 1840—42, 1850—60-жылдары Улуу Британия жана Франция менен «апийим» согуштары болуп, Кытай жеңилип калган. Нанкин келишими (1842) боюнча Кытай Англия үчүн 5 порт ачып, Сянган (Гонконг) а-н берген. Португалия 1851-жылы Аомынь жарым аралын, Данцзыдао (Тайпа) аралын, 1864-жылы Цзюаодао (Колоане) аралын басып алган. 1844-жылы Кытай Франция жана АКШ менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жарым колониялык өлкөгө айлана баштаган. Россиякытайлык Пекин трактаты (1860) Ыраакы Чыгыштагы эки мамлекеттин ортосундагы чек ара (Амур, Уссури дарыясы, Ханка көлү жана кырка тоолор аркылуу өтүп, Тумыньцзян дарыясынана чейин жеткен) маселесин чечкен. Кытай калкынын социалдык-экономикалык абалы оордоп, манжурларга жана жогорку бийликтегилерге каршы дыйкандардын Тайпын (1850—64) жана Няньдан (1959—68), ошондой эле 1862—77-жылдары дунгандар менен уйгурлардын көтөрүлүштөрү болуп, англ., француз жана америкалыктардын колдоосу менен басылган. 19-кылымдын аягында Кытайда капиталисттик өнөр жай өндүрүшү пайда болуп, улуттук буржуазия менен жумушчу табы калыптана баштаган. 1870—80-жылдары батыш державалар Цин империясына кысым көрсөтүүнү күчөткөн. Бир катар согуштардан [Кытай-француз согушу (1884—85), Кытай-япон согушу (1894—95] соң, Кытайды көз каранды кылуучу келишимдер таңууланган. 1897—98-жылдары ири державалар Цин империясын бөлүштүрүүгө киришкен. Цин өкмөтүнүн багынуучулук саясаты өлкөдөгү прогрессчил күчтөрдү кыжырланткан. Өлкөнү сактап калу үчүн Кытайда Сунь Ятсен жетектеген революциялык-демократиялык кыймыл пайда болуп, 1894-жылы Синчжунхой уюмун уюштуруп, радикалдуу реформаларды жүргүзүү аракеттерин жасаган. 1898-жылы Шаньдун, Чжили ж. б. провинцияларда Цин династиясын колдогон жана чет өлкөлөргө каршы багытталган Ихэтуань кыймылы күч алган. Чжу Хундэн, Чжан Дэчэн, Цао Футянь жана Ли Лайчжун жетектеген ихэтуандар маньчжурлар менен биригип, темир жолдорду, заводдорду, христиан чиркөөлөрүн талкалап, европалык товарларды жана китептерди өрттөп, чет элдик өкүлдөргө кол салып, Пекиндеги дипломаттар кварталын курчоого алышкан. 1901-жылы Улуу Британия, Франция, Германия, АКШ, Россия, Япония, Италия жана Австро-Венгрия өлкөлөрү Ихэтуань кыймылын басып, өз таасирин чыңдоо үчүн Кытайга интервенция жасашкан. Анын натыйжасында бул державалар менен Цин империясынын ортосунда «Корутундулоо токтомуна» (1901) кол коюлуп, ал Цин империясынын жарым колониялык абалын бекемдеген. 1911-жылы октябрь — 1912-жылы мартта Кытайда Синьхай революциясы болгон. Цин династиясы тактыдан кулап (1912-жылы 12февралда), монархия жоюлган. Бийликке аскер чөйрөсүнүн жетекчиси Юань Шикай келип, аскердик диктатура орноткон. 1-дүйнөлүк согуш убагында (1914—18) Япония Кытайга экспансиясын күчөтүп, 1915-жылы январда Кытайды өзүнө көз каранды кылуу үчүн жаңы талаптарды койгон. Юань Шикайдын өкмөтү ал талаптардын көбүн орундаткан, бирок Япония өкмөтүнө каршы нааразылыктарын билдирген.

Орус революциясынын (1917) жеңиши Кытайга зор таасир тийгизген. Кытайда жумушчу кыймылы күчөп, 1921-жылы Кытай Коммунисттик партиясы негизделген (ККП). 1921-жылы апрелде Кытай Республикасынын убактылуу президенттигине Сунь Ятсен шайланган. Анын «империалисттерге» каршы биргелешип күрөшүү өтүнүчү боюнча 1923-жылы Советтер Союзунан Гуанчжоуга саясий жана аскер кеңешчилери (М. М. Бородин, В. К. Блюхер ж. б.) келип, Улуттук-революциялык армиясын (УРА) түзүүгө жана курал-жарак жагынан ж. б. жардам беришкен. Кытайлыктардын империалисттерге каршы массалык күрөшү бурж.демокр. революцияга (1925—27) айланган. 1925-жылы 1-июлда Гуанчжоу өкмөтү өзүн Улуттук Кытай өкмөтү деп жарыялаган. 1926—27-жылдары УРА Гуанси, Гуйчжоу провинцияларына жана Хунань провинциясынын түштүк бөлүгүнө ревялык бийлик орнотуп, Хунань, Хубэй, Цзянси, Фуцзянь провинцияларын, Шанхай, Нанкин шаарын бошоткон. Революциялык кыймылдын кулач жайышынан жана батыш мамлекеттеринин интервенциясынан чочулаган Кытай улуттук буржуазиясы революциядан баш тарта баштаган. 1927-жылы 12-апрелде УРАнын башкы командачысы Чан Кайши башында турган Гоминьдандын оң канаты Шанхай, Нанкин, Гуанчжоу, кийинчерээк Уханга контрреволюциячыл (Ухандагы солчул гоминьданчылардын өкмөтүнө каршы) төңкөрүш уюштуруп, Улуттук өкмөт түзгөн. ККПны мыйзамсыз деп жарыялап, профсоюз жана дыйкан уюмдарын таркатып, өлкөдө «ак террор» (1927-жылдын апрелинен 1928-жылдын июль айына чейин Кытайда 337 миң революционер репрессияланган) өкүм сүргөн. 1927-жылы Кытайда Кызыл Армия жана революциялык-демократиялык бийликтин жергиликтүү органдары — Советтер түзүлгөн. ККП Кызыл Армияга таянып, Чан Кайшинин өкмөтүнө же гоминьдан режимине каршы куралдуу күрөш баштаган. 1927—37-жылдары Кытайда жарандык согуш башталган.

Япония 1931-жылы 18-сентябрда Кытайдын түндүк-чыгышын (Маньчжурияны) басып алып, Маньчжоуго мамлекетин негиздеген. 1935-жылы япондук башкаруу топторунун Нанкин өкмөтүнө таңуулаган жашыруун макулдашуусунун негизинде Гоминьдан түндүк Кытайдагы Япониянын басып алган аймактарын тааныган. Бирок ушундай шарттарда да Чан Кайшинин өкмөтү Кызыл Армияга каршы жортуулун уланта берген. Чан Кайшинин капитулянттык позициясы элдик толкундоолорго алып келип, Пекинде өкмөткө жана япондуктарга каршы патриоттук демонстрациялар өткөрүлгөн. 1936-жылы Гоминьдан Кытай Кызыл армиясына каршы согуш аракеттерин токтотууга мажбур болгон. 1937-жылы Япония Кытайды толугу менен каратып алуу үчүн кайрадан кол салып, түндүк, Борбордук жана Түштүк Кытайдын маанилүү райондорун жана Пекин, Тяньцзинь, Шанхай, Нанкин ж. б. шаарын басып алган. 1937-жылы 23-сентябрда Гоминьдан жетекчилиги ККП менен кызматташуусун билдирген. 1937—45-жылдары япон баскынчыларына каршы Кытайда улуттук-боштондук согуш башталган. 1937-жылы 21-августта кол салышпоо жөнүндө советтик-кытайлык келишим түзүлүп, СССР Кытайга 250 млн доллар заём берип (курал-жарак ж. б. сатып алууга), 3,5 миң аскер адистерин (анын ичинде ыктыярдуу учкучтарды) жиберген (шаарларын коргоо үчүн), ошондой эле Ы. Чыгышта топтолгон куралдуу күчтөр менен япондуктардын Квантун армиясын талкалап, япондук оккупанттык режимди кулатууга көмөктөшкөн. 1945-жылы 2-сентябрда Япония өзүнүн капитуляциясы жөнүндө актыга кол койгон. 1946-жылы 10-январдагы согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө Гоминьдан менен ККП өкүлдөрүнүн түзгөн келишимине карабастан, Кытайда улуттук-боштондук согуш башталган. АКШнын колдоосуна (Гоминьданга 6 млрд доллар өлчөмүндө согуштук жардам берип, Кытайдын саясий турмушун, финансы жана экономикасын көзөмөлдөгөн) таянган Гоминьдан аскерлери япондуктардан бошотулган аймактарды басып алуу аракетин жасашкан. Кытай армиясынын күчү менен 1949-жылы Кытайдын бардык аймагы бошотулуп, Чан Кайши 2 млнго жакын талапташтары менен Тайванга качып кеткен. Кытай элинин улуттук-боштондук согушу (1946—49) элдик-демократиялык революциянын жеңиши менен аяктаган.

КЭР өкмөтү ядролук куралдарды таратпоо жөнүндө келишимди (1991-жылы 29-декабрда) колдоп, 1996-жылы 29-июлда ядролук куралдарга сынак жүргүзүүнү токтоткондугун билдирген. КЭР «модернизация, реформа жана ачыктык» саясатын жүргүзүү менен дүйнөдөгү глобалдуу экономика жана соода лидерине айланып, «дүйнөлүк фабрика» статусуна ээ болду. 2001-жылы КЭР Дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Кытай түстүү металл, көмүр, цемент, кездеме, телевизор, мотоцикл, велосипед ж. б. продукция чыгаруу боюнча дүйнөдө 1-орунда, кант чыгаруу боюнча 2-орунда, автомобиль чыгаруу боюнча 3-орунда, электр энергиясын иштетүү боюнча 4-орунда, нефть өндүрүү боюнча 5-орунда (2007). Кытайдын «PetroChina» нефть химиялык корпорациясы жана Соода-өнөр жай банкы 2008-жылы дүйнөдөгү ири компаниялардын катарына кирген. 1990-жылдардан КЭР кылмыштуулуктун өсүшү жана коррупция менен катар наркомания, ошондой эле диний кыймылдардын (Фалуньгун сектасы) таасиринин күчөшүнө каршы күрөш жүргүзөт. КЭР 1996-жылы апрелде Шанхайда, 1997-жылы апрелде Москвада РФ, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттери менен мурдагы советтик-кытайлык чек араларда куралдуу күчтөрдү кыскартуу, коопсуздук жана достук мамилелерди түзүү жөнүндө келишимдерге кол койгон. 2001-жылы Кытай «Шанхай бешилтигинин» негизинде «Шанхай кызматташтык уюмун» (ШКУ) түзүү идеясын колдогон. 2003-жылдан ККП БКнын генералдык секретары Ху Цзиньтао (2003-жылы 15-мартта КЭРдин төрагасы, 2004-жылы сентябрда ККП БКнын Аскер кеңешинин төрагасы).

Кытай — дүйнөдөгү эң ири жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү (б991млрд доллар) боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки 2орунду ээлейт (дүйнөлүк ИДПнин 10,8%и). Аны киши башына бөлүштүргөндө 5292 доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,777 (дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 81-орунду ээлейт). ИДПнин структурасында өнөр жай менен курулуштун үлүшү 49,2%ти, тейлөө чөйрөсү 39,1%ти, айыл чарбасы 11,7%ти түзөт. Кытайдын экономикасынын маанилүү жана өнүгүп жаткан сектору — өнөр жайы өнөр жай продукциясынын наркынын 86,7%ин иштеп чыгуучу, 6,1 %ин тоо кен, 7,2%ин электр-энергетика, жылуулук, газ жана суу менен камсыз кылуучу тармактары түзөт (2006). Иштеп чыгуучу өнөр жайынын маанилүү тармактары: машина куруу жана металл иштетүү, химия (нефть-химия, химияфармацевтика), кара жана түстүү металлургия, жеңил жана тамак-аш. Негизги өнөр жай тармактарында маанилүү орунду көп профилдүү мамлекеттик ири корпорациялар түзөт.

Керектелген энергиянын 70,2%и көмүргө (күрөң жана таш көмүр), 20,6%и нефтиге, 3,0%и табигый газга, 5,5%и гидроэнергияга, 0,7%и атом энергиясына туура келет. 2007-жылы 186,7 млн тонна нефть өндүрүлгөн. Нефтинин 2/ си өлкөнүн түндүк-чыгыш жана түндүк-батыш бөлүктөрүндө, 15%тейи Сары деңиздин Бохай булуңундагы, ошондой эле Түштүк Кытай деңизиндеги шельфттерден өндүрүлөт. Синьцзян-Уйгур автономия районундагы Кара-Май кенинде эзелтен эле нефть (2007-жылы 12 млн тонна ) өндүрүлгөн. Ө. ж-нын тез өнүгүп жаткан тармагы — нефтини кайра иштетүү өнөр жай; нефть ылгоочу здорунун кубаттуулугу 7029 миң баррель. суткасына; 2006-жылы 195 млн тонна нефть продукциялары, 2007-жылы 69,3 млрд м3 күйүүчү табигый газ өндүрүлгөн; газ өндүрүлүүчү негизги региондор: СиньцзянУйгур автономия району (Тарим нефть-газ бассейни ж. б.), Сычуань, Шэньси провинциялары ж. б.; табигый газ, ошондой эле түштүк Кытай деңизинин шельфинен да өндүрүлөт. Кытай көмүр казып алуунун көлөмү (2007-жылы 2536 млн тонна; дүйнөлүк казып алынган көмүрдүн 40%ке жакыны) боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт. Көмүрдүн басымдуу бөлүгү жер астынан казылып алынат. Көмүр кенинин көбү өлкөнүн түндүгүндө жана түндүк-чыгышында жайгашкан. Атом өнөр жай ургаалдуу өнүгүүдө. Өндүрүлгөн уран рудасы (2006-жылы 840 тонна) өлкөнүн атом энергиясына болгон муктаждыгынын 1/2ин камсыз кылат (уран концентратын Казакстан, Канада, Россия, Намибия ж. б. өлкөлөрдөн алат). Төрт АЭСте 11 атомдук реактор иштейт (2008). Электр энергетикасынын үлүшүнө өнөр жай продукциясынын наркынын 6,8%и туура келет. Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 700 миң МВтдан ашык (2007). 2007-жылы 3256 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн (АКШдан кийнки 2-орунда); анын 83%и ЖЭСке, 14%и ГЭСке, 2%и АЭСке, 0,1%и шамал курулмаларына, 0,9%и энергиянын башка булактарына таандык. Дүйнөдөгү эң ири ГЭС — «Санься» («Үч капчыгай») Янцзы дарыясында курулган (2009). ГЭСтин 26 энергия блогунун жалпы аныкталган кубаттуулугу 18,2 миң МВт. ГЭСтин суу сактагычын (узундугу 660 км, орточо жазылыгы 1,1 км) курууда 27,8 миң гадан ашкан жер суу астында калган, 1,5 млндой адам башка жакка көчүрүлгөн. Башка ири ГЭСтери: «Лунтань» (4,9 миң МВт), «Эртань» (3,3 МВт), «Гэчжоуба» (2,7 МВт) ж. б. Хуанхэ дарыясында 18 гидротүйүн иштейт; ошол эле дарыяда 7 плотина курулууда (2009). Кытай чакан ГЭСтердин жалпы саны (аныкталган жалпы кубаттуулугу 40 миң МВтдан ашкан 40 миң чакан ГЭС) боюнча дүйнөдө алдынкы орунда; алар негизинен айыл калкын электр энергиясы менен камсыз кылат. Кытайдын 6 энергия системасы (Чыгыш, Түндүк, Түндүк-Чыгыш, Борбордук, Түндүк-Батыш, Түштүк Кытай) бириктирилген. Электр өткөргүч линиясынын (чыңалуусу 220 КВ жана андан ашкан) жалпы узундугу 291,4 миң кмден ашуун (2007).

Кара металлургия өлкөнүн өнөр жайынын негизги тармактарынын бири; анын продукциясынын негизги түрлөрүнүн өлчөмү боюнча Кытай — дүйнөдөгү эң алдынкы өлкө. Ишканалары негизинен жергиликтүү сырьёлорду жана отунду пайдаланат. Темир (292 млн тонна; казып алуучу негизги райондору: Хэбэй, Ляонин, Сычуань, Шаньдунь провинциялары, Ички Моңголия; Аньшань темир кен таш бассейни ж. б.) марганец (11 млн тонна; дүйнөдө алдынкы орунда), хромит (ички керектөөнүн 12—15%ин гана канааттандырат), ванадий (дүйнөдө 2-орунда; Сычуань провинциясы ж. б.) казылып алынат. 2007-жылы 328 млн тонна кокс өндүрүлгөн (дүйнөлүк өндүрүштүн 60%и). Чоюн (2007; 469,5 млн тонна), болот (дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3 инен ашыгы), болот прокаты (468,4 млн тонна; 2006) өндүрүлөт. Өлкөнүн чыгышы кара металлургиянын эң ири борбору; эң ири металлургия комбинаттары Шанхай, Баошань, Мааньшань, Хуайнань, Нанкин ж. б. шаарларда жайгашкан. Кара металлургиянын 2-борбору — өлкөнүн түндүк-батышы (1450-жылдары Кытайдын кара металлургияга болгон муктаждыгынын 60%тен ашыгын камсыз кылган); түндүгүндөгү эң ири борбору — Пекин. 
Түстүү металлургия — Кытайдын дүйнөлүк рыноктогу абалын аныктаган негизги өнөр жай тармактарынын бири. Түстүү металлургиянын маанилүү тармагы — алюминий өнөр жай; анын негизги сырьёсу — боксит (2006-жылы 20 млн тонна өндүрүлгөн; дүйнөдө Австралия, Бразилиядан кийинки 3-орунду ээлейт; 12%и); глинозём (19,5 млн тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 20%и, Австралиядан кийинки 2-орунда), жез (873 миң тоннадай), полиметалл кенташтарынан коргошун концентраты (1330 миң тонна), цинк (2840 миң тонна ; дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ 4нен ашыгы), күмүш (2,7 миң тонна; дүйнөдө 3-орунда), калай (149 миң тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 40%тейи), вольфрам (72 миң тонна кенташ; дүйнөдө өндүрүлгөн вольфрам кенташынын 80%и), молибден (41 миң тонна; дүйнөлүктүн 23%и), никель (82,1 миң тонна;), кобальт, титан, сурьма (153 миң т; дүйнөлүк экспортун 80%и), висмут (дүйнөлүк өндүрүштүн 50%тейи ), сымап (75%тейи), сейрек жер элементтери (2007-жылы 120,8 миң тонна; экспорко 49 миң тонна; негизинен Ички Моңголияда) өндүрүлөт.

Машина куруунун негизги тармактары — электрондук өнөр жай, оор жана транспорттук машина куруу. Кытай машина куруунун татаал технологиялык продукцияларын (компьютер жана ага манитор, принтер ж. б., коммуникациялык жабдуулардын айрым түрлөрү, прибор ж.б.) экспорттоо көлөмү боюнча дүйнөдө 1-орунда. Оор машина куруу өнөр жай — энергетикалык машина курууну жана электр-техникалык өнөр жайын, тоо-кен, металлургия жана нефтьхимия, нефть өндүрүүчү, нефтини кайра иштетүүчү ж. б. өнөр жай тармактары үчүн жабдууларды, жол куруу машиналарын чыгарат. Метталл иштетүүчү станокторду чыгаруу (2006-жылы 573 миң станок дүйнөдө Япония, Германиядан кийин 3-, ички рынокто сатуу боюнча 1-орунда турат. Энергетикалык машина куруу жана электр-техникалык өнөр жай — маанилүү тармактардан; өндүрүлгөн электр-энергетикалык жабдуулардын жалпы кубаттуулугу 129,9 (2007). Бул тармактын ишканалары — ГЭС, ЖЭС жана АЭС үчүн энергия блокторун, ЖЭС үчүн буу казан, газ турбинасын, шамал энергиясы курулмасын, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу ток кыймылдаткычтарын, трансформатор, жогорку вольттуу электр приборлорун, атом энергетикасы үчүн жабдууларды ж. б. чыгарат.

Кытай — электрондук приборлорду, коммуникациялык жабдуулардын айрым түрлөрүн көп чыгаруучу дүйнөдөгү бирден-бир өлкө; персоналдык жана кол компьютерлер (ноутбук), плазма жана суюк кристаллдык телевизор, түстүү телевизор, DVD, плеер, уюлдук телефон (дүйнөдө чыгарылгандын 40%тейи), интегралдык микросхема, микропроцессор, санарип сүрөт жана көрмөкамера ж. б. чыгарат.
Транспорттук машина куруунун негизги тармагы — автомобиль өнөр жай; ал автомобиль техникасынын дээрлик бардык түрүн, ошондой эле анын тетиктерин, агрегаттарын чыгарат. Автомобиль чыгаруу боюнча (2007-жылы 8887 миң; анын 4798 миңи жеңил машина) АКШ Япониядан кийинки 3-орунда. Автомобиль жана мототехниканын негизги бөлүгү өлкөнүн ички рыногуна (8,8 миң) сатылат (АКШдан кийинки 2-орунда). Экспорттун өлчөмү (2007-жылы 600 миң) тез көбөйүүдө. Автомобиль өнөр жайынын өнүгүүсү чет элдик компаниялар менен биргелешкен ишканаларга байланыштуу автомобилдердин 2/3 бөлүгүнө жакыны (негизинен чет өлкөлүк моделдер) биргелешкен ишканалардан чыгат. Жылына 25,5 млн мотоцикл жана скутерлерди даярдап (дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ 2ине жакыны), 8,2 млну экспортко чыгарылат.

Авиаракета-космостук өнөр жай — ургаалдуу өнүгүп жаткан жогорку технол. тармак. Авиация өнөр жай аскердик жана жарандык продукцияларды (самолёт, вертолёт, ракета, истребитель ж. б.) чыгарат. Кытай космостук ракеталарды учуруу боюнча дүйнөдө АКШ, Россиядан кийинки Э-орунду ээлейт. Темир жол транспортун (электровоз, тепловоз, жүргүнчү жана жүк ташуучу вагон, метрополитен вагону ж. б.) чыгаруу өнүккөн, ага болгон өлкөнүн муктаждыгын толук камсыз кылат. Кеме куруу — өлкөнүн экономикасындагы эң маанилүү жана тез өнүгүп жаткан тармак. Курулган деңиз кемелеринин тоннажынын көлөмү (2007-жылы 18,9Э млн тонна дедвейт) боюнча дүйнөдө Корея Япониядан кийинки 3-орунду ээлейт (дүйнөлүк өндүрүштүн 23%и); заказ алынган кемелердин саны (2975 кеме) боюнча дүйнөдө 1-орунга чыкты (2008). Үч миңге жакын кеме куруучу жана ремонттоочу ишкана иштейт. Айыл чарба машиналарын куруу ишканалары — төрт дөңгөлөктүү мини-трактор (2007-жылы 2 миңден ашык), дөңгөлөктүү жана каз таман (200 миңден ашык) трактор, өзү жүрүүчү комбайн, насос, дары чачуучу курулма, газон чөбүн чабуучу мотоблок, төмөнкү кубаттуулуктагы дизель кыймылдаткычын ж. б. чыгарат.

Химия өнөр жай продукциясынын дүң баасы боюнча машина куруу жана металлургия өнөр жайынан гана кийин турат. Кытай барит (4,2 млн тонна), флюовит (2,7 млн тонна), сал туз (45 млн тонна ), фосфорит (32 млн тонна ) өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда; химикаттарды пайдалануу боюнча АКШ,Япония сыяктуу эле дүйнөдө алдынкы орундардын бирин ээлейт. Кытай — массалык химиялык продукцияларды чыгаруу боюнча дүйнөдөгү бирден-бир өлкө; аларга күкүрт кислотасы, кальцийлешкен сода, каустика соодасы, ошондой эле синтезделген аммиак, минералдык жер семирткич кирет. Нефть-химия өнөр жайы — этилен, поливинихлорид, метанол, бензол, пластмасса, синтездик чайыр, синтездик каучук (АШШдан кийинки 2-орунда) жана накта каучук, автомобиль жана трактор шиналарын чыгарат. Дүйнөдө өндүрүлгөн химиялык буланын 1/2и Кытайга таандык, ал өлкөнүн текстиль ө. ж-нын маанилүү сырьёсу болуп саналат; анда синтездик була (полиэфир, полиамид, полиакрил ж. б.) чыгаруу басымдуулук кылат.

Фармацевтика өнөр жай — салттуу кытай медицинасынын дары-дармектери, химиялык дары каражаттары, негизинен женерик чыгаруу өнүккөн. Антибиотиктерди, витаминдин көп түрлөрүн, ооруну басаңдатуучу каражаттарды ж. б. чыгаруучу түрдүү дары сырьёлорун даярдоочу жана экспорттоочу дүйнөдөгү бирден-бир өлкө. Биофармацевтика дары-дармектерин чыгаруу өнүгүүдө. Фармацевтика өнөр жай продукциясынын экспорттук баасы 3,8 млрд доллар.

Жеңил өнөр жай (кездеме, даяр кийим, бут кийим, териден, мехтен жана тыбыттан жасалган буюмдар кошо) Кытайдын өнөр жай дүң продукциясынын 8%ин өндүрөт. Текстиль жана тигүү өнөр жай продукциясынын үлүшү экспорттук нарктын 13%ин түзөт. Салттуу жана эң өнүккөн тармагы — текстиль өнөр жай, ал ийрилген жип, пахта, жибек, жүн, жут, кендир, кенеп, рами, химиялык булардан токулган кездеме ж. б. өндүрүштөрдү камтыйт. Кытай текстилди өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер (2007-жылы 66 млрд м кездеме чыгарган); анын үлүшүнө дүйнөлүк экспорттук продукциянын 1/4и туура келет. Кебез кездемеден ийрилген жип (20 млн тонна ) жана токулган кездеме (23,6 млрд м) ата мекендик жана импорттук (Индия, АКШ жана Өзбекстандан алынып келинген) пахтадан даярдалат. Накта жибек кездеме чыгаруу Кытайда эзелтен өнүккөн. Тигүү өнөр жай дөйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн калкын арзан кийим-кече менен камсыз кылат. Булгаары-бут кийим өнөр жай ашатылган тери, булгаары кийим, бут кийим, сумка, кол кап ж. б. чыгарат. Кытай — бут кийимди көп чыгарган (2006-жылы 10 млрд жуп бут кийим) жана экспорттогон (7,7 млрд жуп) өлкө. Экспорттун товардык структурасында пластика жана резина бут кийимдер (4,4 млрд жуп), ошондой эле үстүн текстиль каптаган бут кийимдер басымдуу. Мехтен жасалган буюмдарды чыгаруу жана экспорттоо боюнча (дүйнөлүк экспорттун 1/ ине жакыны) дүйнөдө алдынкы өлкөлөрдүн катарында (суу суусарынын териси жана андан тон тигүү, түлкү жана жанат сымал иттин териси ж. б.). Кытай ошондой эле оюнчуктарды, карапа буюмдарын (фарфор, фаянс) чыгаруу жана экспорттоо боюнча дүйнөгө белгилүү.

Тамак-аш өнөр жай (даяр азык-түлүк товарлары, суусундуктар, тамеки кошо) ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылууга багытталган; негизги тармактары: ун тартуу, күрүч актоо, май, кант ж. б. өндүрүштөрү. Кытай тамеки продукцияларын чыгаруу жана пайдалануу боюнча дүйнөдө алдынкы орунда: кытай сигареталары адатта сапаты боюнча анча жогору эмес.

Кытай — агрардык продукцияны өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкө; азык-түлүк жана айыл чарба сырьёлорун экспорттоо тез өсүп жаткан бирден бир өлкө. Азык-түлүк проблемасы негизинен 1980-жылдардын ортосунан чечилген, бирок ички рыноктогу азык-түлүккө болгон сурам менен сунуштардын ортосундагы тең салмактуулук дагы да болсо сакталууда. Тармактын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган маанилүү проблемалардын бири — айдоо жердин жетишсиздиги. Кытайда дүйнө жүзүнүн калкынын 22%и жашаса, ал эми айдоо жердин 10%и эле жайгашкан. Айдоо аянты 121,8 млн га (Сянган, Аомынь өзгөчө администрациялык-аймактык райондорун, ошондой эле. Тайвань аралын кошпогондо). Айдоо жердин 55%тен ашык аянты кургак, 26%и суу каптачу, 19%тен ашыгы сугат жер. Эгин аянтынын (153,6 млн га) айдоо жердин жалпы аянтынан ашып кетет, анткени өлкөнүн айрым райондорунда жылына бир нече жолу түшүм алат. Айыл чарбасында 348,7 млн адам иштейт (2006) же өлкөдөгү жалпы иштегендердин 39,5%и; өлкөдө 200,2 млн үй-бүлөлүк (дыйкан) чарбасы жана андан ири чарбалык бирдиктер (кооперация, компаниялар ж. б.) бар. Айыл чарбасын модернизациялоо боюнча мамлекет тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө (а. и. финансылык жардам да бар). 2006-жылдан айыл чарба салыгы төлөнбөйт. Дан эгиндерин өстүргөн дыйкандар жогорку сапаттагы урук, техника, жер семирткич алууга дотация алат. Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик айрым программалар, ошондой эле айыл экономикасын модернизациялоо боюнча 6 чакан долбоор ишке ашырылууда, алар: айыл чарба жерлерин үнөмдүү сугаруу; элди жана малды ичүүгө жарамдуу таза суу менен камсыз кылуу; айыл жолдорун куруу; саз газын (метанды) тиричиликте пайдалануу; чакан айыл ГЭСтерин куруу; жайыттарды малга ыңгайлаштыруу. Айдоо жердин 26,6% аянты электрлештирилип сугарылат; жерди үнөмдүү сугаруу боюнча жаңы технологияны кеңири пайдалануу, түштүктөгү дарыялардын бир бөлүгүн өлкөнүн түндүк аймактарына жеткирүү долбоорлору каралууда. Кытай дан эгиндин дүң жыйымы (2007-жылы 501,5 млн тонна; киши башына бөлүштүргөндө 384 кгдан туура келет) боюнча дүйнөдө 1-орунда турат; дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү бир гадан 53 цден ашык. Айыл чарба өлкөнүн азык-түлүккө жана жемге болгон ички муктаждыгын негизинен (күрүчкө 99,6%, буудайга 99,3%, жүгөрүгө 100%) канааттандыра алат.

Кытайдын негизги азыгы — күрүч. Дүйнөдөгү шалы аянтынын 1/3и Кытайга таандык; жогорку сапаттуу элита сортунун аянты кеңейүүдө. Күрүч жыйноо боюнча (185,5 млн тонна; дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3) дүйнөдө 1-орунда. Күрүчтүн 65%ке жакыны Янцзы дарыясынын алабынан, 17%и Кытайдын түштүк бөлүгүнөн, 12%и өлкөнүн шалы өстүргөн түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүнөн (Хуанхэ, Ляохэ дарыясынын алаптарынын), 6%и түштүк-Батыш Кытайдан жыйналат. Экинчи маанилүү азык-түлүк өсүмдүгү — буудай (анын аянты 23 млн га); түшүмү боюнча дүйнөдө 1-орунда (104,5 млн т ). Маанилүү азык-түлүк жана тоют өсүмдүгү — жүгөрү (түшүмү 145,5 млн т ; АКШдан кийинки 2-орунда). ошондой эле гаолян, таруу, чумиза, арпа, кара күрүч, картөшкө (дүң жыйымы боюнча дүйнөдө 1-орунда), буурчак (негизинен АКШ, Бразилия, Аргентинага чыгарат) ж. б. Май алынчу өсүмдүктөрдөн — жер жаңгак (дүйнөдө 1-орунда), рапс, кунжут, күн карама ж. б. өстүрүлөт. Кант алынчу өсүмдүктөр (бал камыш, кант кызылча) өстүрүлүүчү аянт 1,8 млн га (2006). Жашылча жана мөмө-жемиши (алма, цитрус өсүмдүктөрү, жүзүм, шабдаалы, банан, манго, ананас ж. б.), ошондой эле гүл өстүрүү өнүккөн. Чай өстүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда; 2007-жылы 1170 миң тонна чай жалбырагы жыйналган (дүйнөлүк жыйымдын 80%ке жакыны). Пахта жыйноо боюнча АКШ, Индиядан кийинки 3-орунду ээлейт (2007-жылы 7,6 млн тонна ). Кытай пахтага болгон ички муктаждыгын камсыз кыла албайт.

Кытай — мал чарбасынын негизги түрлөрүн (эт, сүт, жумуртка, бал, жибек буласы ж. б.) даярдоочу дүйнөдөгү бирден бир өлкө; негизинен ички рыногунун муктаждыгын камсыз кылат. Мал чарбасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалар — тоют базасын жакшыртуу, малды сугаруучу таза суу менен камсыз кылуу ж. б. 2007-жылы Кытайда 139,6 млн чочко, 197,3 млн эчки, 172,0 млн кой, 7,2 млн жылкы жана качыр, 270 миң төө болгон. ошондой эле бардык жеринде үй куштары (тоок, өрдөк, цесарка, күрп ж. б.) асыралат. Калктын тамак-ашында балык жана деңиз продуктулары (моллюска, краб ж. б.) кеңири пайдаланылат.
Кытайдын экономикасынын алдынкы тармактарынын бири — тейлөө чөйрөсү. Ага дүң жана чекене соода, транспортту, байланышты жана кампа чарбасын тейлөө, кыймылсыз мүлк операциясы, финансы жактан тейлөө, далдалчылык, мейманкана бизнеси, коомдук тамактануу, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, администрациялык тейлөө, туристтерди тейлөө ж. б. кирет. Кытай улуттук банкы (алтын валютасынын резерви боюнча Кытай борбордук банкы — дүйнөдө 1орунда), саясий банктар (башкача айтканда өнүгүү, Айыл чарбасын өнүктүрүү, Экспорт-импорт, Соода, өнөр жай, Курулуш, ошондой эле көптөгөн коммерциялык жана кредиттик банктар, ж. б. камсыздандырууну тейлөөчү компаниялар, фонд биржалары (Шанхай, Шэньчженде), туристтерди тейлөөчү рынок ж. б. иштейт. Өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны боюнча (2006-жылы 22,2 млн турист) Кытай дүйнөдө 4-орунду (Франция, Испания, АКШдан кийин) ээлейт. Ички туристтердин саны 2006-жылы 1394 млнго жеткен (көбү — айыл жеринен келгендер), алардан түшкөн киреше 623,0 млрд юанды түзөт. Туризмдин негизги түрлөрү: маданий-таанып билүү (негизги борборлору: Пекин, Сиань, Шанхай, Гуанчжоу, Сянган, Ханчжоу), «кызыл» (элдик көтөрүлүшкө, революциялык окуяларга, ККПнин жетекчилеринин өмүр баянына жана ишмердигине байланыштуу жерлерге баруу); диний жана зыяратчылык; экол.; дарылоо-ден соолукту чыңдоо; этнографиялык; оюн-зоок; шопинг-турларга катышуу. 18,5 миң туристтик агентчилик иштейт.

Транспорт тармагы аймактар боюнча бирдей жайгашкан эмес; негизги транспорт коридорлору (меридиан жана кеңдик багытта кесилишкен магистралдары) өлкөнүн чыгышындагы жана түштүк-чыгышындагы экономикалык жактан өздөштүрүлгөн аймактарды камтыйт; ага негизги жол тоом тармактары жана негизги транспорт агымдары туташтырылган. Автомобиль, авиация жана куур транспорттору өнүккөн. Темир жолунун жалпы узундугу 72,1 миң км (2006; анын 24,4 миң кми электрлештирилген). Темир жол тармагынын меридиан боюнча кеткен негизги 6, кеңдик боюнча созулган 5 мегистралы бар; ошондой эле жээк аралдарын кургактык менен туташтыруучу паромдук катнаштар да арбын. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 3573 миң км (2007; жогорку ылдамдыктагы автомагистралдардыкы 53,6 миң км; эң жыш автомобиль жолдору өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө). Суу транспорту өнүккөн. Кытайдын деңиздик коммерциялык флоту 1822 кемени (анын ичинде жүк, нефть, контейнер, автомобиль, жүргүнчү ташуучу кемелери, танкерлер, круиздик лайнерлер ж. б.) камтыйт. Универсалдык (жүк жана жүргүнчү ташуучу) ири порттору: Шанхай (дүйнөдөгү ири деңиз порту жана Кытайдагы жүк ташуучу негизги порт), Нинбо, Сянган, Тяньцзинь (Пекиндин аванпорту), Циндзо, Дальянь, Циньхуандао ж. б. Ички суу жолунун жалпы узундугу 123,4 Гуандун провинциясындагы автомагистраль түйүнү. миң км. Янцзы дарыясынын алабында кеме каттоочу каналдар көп, анда 1400дөн ашык дарыя порту бар. Кытайда 467 аэропорт бар (анын 147си жарандык; 2008). Эл аралык ири аэропорттору: Пекин-Шоуду, Сянган (Гонконг), Гуанчжоу, Шанхай-Пудун, Шанхай-Хунцяо, Шэньчжень ж. б. Магистралдык нефть куурларынын жалпы узундугу 15256 км. Магистралдык газ куурлары да бар. Пекин, Шанхай, Тяньцзинь, Гуанчжоу, Ухань, Сянган ж. б. шаарларында метрополитен иштейт. Экспортко чыгарган негизги продукциялары: машина куруу (анын ичинде электроника — компьютер, телекоммуникация жабдуулары жана приборлору, телевизор, уюлдук телефон ж. б.) жана электртехника (электр-тиричилик приборлору ж. б.) өнөр жайынын продукциялары, транспорт каражаттары (деңиз кемеси, автомобиль), жол куруу машиналары, даяр кийимдер, текстиль буюмдары, кара жана түстүү металлдар ж. б. Экспорттук соода шериктери: АКШ, Япония, Корей Республикасы, Германия. Негизги импорттук товарлары: машина куруу продукциялары (машина, жабдуулар жана приборлор, анын ичинде аларды комплекттөөчү тетиктер, агрегаттар, ошондой эле эсептөөчү техника каражаттары, оптика приборлору, мед. жабдуулар ж. б.), нефть жана күйүүчү-майлоочу материалдар, пластмасса ж. б. органикалык химия продукциялары, кара металл продуктулары, жез ж. б. Импорттук соода шериктери: Япония, Корей Республикасы, АКШ, Германия.

Тайвань экономикасы өнүккөн региондорго кирет. Региондук дүң продукциясынын (РДП) көлөмү 757,2 млрд доллар (2008); аны киши башына бөлүштүргөндө 33 миң доллардан туура келет. РДПнин өсүү темпи 1,7% (2008). РДПнин структурасындагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 71,1%, өнөр жай менен курулуштуку 27,4%, айыл, токой чабаларыныкы жана токой промыселдериники 1,5%. Иштеп чыгуучу өнөр жай алдынкы орунда (өнөр жай продукциясынын дүң наркынын 94,8%и); негизги тармактары: машина куруу, химия, металлургия. Жогорку технологиядагы тармактар өтө тез өнүгүүдө, ага өнөр жай продукциясынын наркынын 60%ке жакыны туура келет, ошондой эле оптика-электрондук жана микро биология продукциялары да кирет. Көмүртектүү суутек энергетикалык ресурстарына болгон муктаждыктын 98%и сырттан алынып келинет. Континенттик шельфтен суткасына 10,6 миң баррель нефть өндүрүлөт, ал эми ички керектөөгө суткасына 950,5 миң баррель жумшалат. Керектелчү нефтинин негизги бөлүгүн Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн алат. 2007-жылы континенттик шельфтен 400 млн м3 табигый газ өндүрүп алган. 62 млн тонна көмүр сырттан, негизинен Австралиядан, Кытайдын башка региондорунан, ошондой эле Индонезиядан алат. Электр-станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 45,1 миң МВт (2006). Өндүрүлгөн электр-энергиясынын (235,3 млрд кВт.с) 78,2%и ЖЭСке, 18,1%и АЭСке, 3,7%и ГЭСке таандык; 3 АЭС иштейт. Кара металлургиясы сырттан алынып келинген коксталуучу көмүр жана темир рудалары менен иштейт. Болот, жез, алюминий, коргошун, цинк өндүрөт. Машина куруунун негизги тармагы — электроника өнөр жай Жабдуу, анын ичинде микросхеманын бүт түрүн, ошондой эле компьютердик, оптика-электрондук жана телекоммуникациялык жабдууларды, ноутбук (дүйнөлүк рыноктун 1/3ине жакыны), мобилдик телефон ж. б. чыгарат. Электр-техника өнөр жайынын эң негизги продукцияларыору (анын ичинде муздаткыч, кир жуугуч машина). 2007-жылы 283 миң автомобиль (анын 96%и жеңил автомобиль) чыгарган. Алар негизинен чет өлкөлүк фирмалар менен бирдикте же алардын линцензиясы менен чет элдик автомобиль маркаларын ( мисалы, «Nissan», «Buick», «Hyundai», «Toyota» ж. б.) чыгарат. ошондой эле мотоцикл, скутер, автомобиль жана мотоцикпге тетиктерди, велосипед ж. б. экспорттойт. Химия өнөр жайынын башкы тармагы — нефть-химия; пластика, этилен, синтездик була, дары дармек, биотехнол. продукцияларды чыгарат. Жеңил өнөр жайынын текстиль тармагы өнүккөн. Текстилди Кытайдын башка региондоруна, ошондой эле АКШ, Вьетнам ж. б. өлкөлөргө сатат.

Тайвандын жеринин 1/4и айыл чарбасында пайдаланууга жарактуу. Күрдүү топурагы, жетиштүү нымы анда түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө ыңгайлуу шарт түзөт. Дан эгиндеринин эң негизгиси — күрүч (шалы). Шалы эгилген жердин аянты 256 миң га, түшүмү 1,41 млн тонна (2007); экспортко чыгарат. Андан сырткары бал камыш, чай, мөмө-жемиш, жашылча, гүл өстүрүп, продукцияларын экспорттойт. Мал чарба продукциясы (негизинен чочко жана куш эти, жумуртка) ички муктаждыкты канааттандыра албагандыктан, аны негизинен импорттоп алат. Айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында жаңы технологияны колдонуу, фермерлерди колдоо, жаштарды айыл жерине тартуу (элет туризмин өнүктүрүү) боюнча ж. б. иш-чараларды жүргүзүүдө. Кармалган балыктын жана деңиз продукцияларынын 1/3и экспортко кетет.
Тейлөө наркынын структурасында чекене жана дүң соода 26,2%, администрациялык тейлөө 14,4%, финансылык тейлөө жана камсыздандыруу 14,1%, кыймылсыз мүлк операциясы 11,4%, транспорт жана кампа чарбасы 8,4%, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздандыруу 4,2%, илимий-техникалык тейлөө 3,8%, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу 3,0%, билим берүү 2,5%, калган тейлөөлөр 12,0%ти түзөт. жергиликтүү коммерциялык 39 банк (3313 филиалы менен), 32 кытай жана чет элдик банк (бөлүмдөрү менен), кредиттик кооперативдер ж. б. иштейт. Тайванда транспорт тармагы өнүккөн. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 40,3 миң км, темир жолунуку 1438 км. Тайбэйде, Гаосюнде метрополитен иштейт. Эл аралык 7 деңиз порту бар. Деңиз соода флоту 635 кемени камтыйт, анын 11и Сянгандын, 525и Панама, Либерия, Сингапур ж. б. өлкөлөрдүн желектери менен жүрөт. 18 аэропорту бар; анын экөө эл аралык мааниде.

Экспортко негизинен электрондук өнөр жай продукцияларынын, автомобиль тетиктерин жана запастык бөлүктөрүн, тиричилик-электр приборлорун, химикат, пластика, дары-дармек, текстиль продукциясын чыгарып, сырттан негизинен электрондук приборлордун тетиктерин, машина жана жабдууларды, нефть, органикалык химия продуктуларын, металл алат. Негизги соода шериктери: Япония, Кытайдын башка региондору (Сянган, Аомынь кошо), Түштүк-Чыгыш өлкөлөрү (Тайланд, Малайзия, Индонезия, Филиппин, Сингапур, Вьетнам), АКШ, Европа кызматташтыгына кирген өлкөлөр, Корей Республикасы. 

Элдик революция жеңгенге чейин калктын 90%и сабатсыз болгон. 1949-жылдан баштап билим берүү системасы кайра түзүлгөн. 1956-жылы «маданий революция» учурунда билим берүү кризиске учураган. 1966—68-жылдары бардык окуу жайлары иштебей калган. Окутуу 1968—69-окуу жылында гана кайра башталган. 1970-жылдары билим берүүнүн жаңы системасы түзүлө баштаган. Мектептер ачылып, жогорку окуу жайлары калыбына келтириле баштаган. Мурдагы 12 жылдыктын ордуна, жалпы билим берүүчү 9 жылдык мектеп киргизилген. 7 жашка чейинки балдар мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган. Башталгыч мектепке 7 жаштан кабыл алынат. Кытайдын жогорку окуу жайлары Пекин, Цинхуа, Фудань, Ухань, Нанкай, Нанкин ж. б. шаарларында жайгашкан. Учурда акысыз милдеттүү билим берүү каралган. Билим берүү боюнча 1986-жылдагы мыйзамы 2006-жылы кайрадан каралып жаңыланган. Жалпы билим берүү системасы мектепке чейинки, базалык, толук эмес жана толук орто билим берүү болуп бөлүнөт. Кесиптик билим берүү үч баскычтуу — башталгыч, орто атайын адистик жана жогорку. Жогорку окуу жайларда бакалавриат (4 жыл), аспирантура, магистратура (2—3 жыл), докторантура (3 жыл) ошондой эле адистешкен 2—3 жылдык жогорку окуу жайлары иштейт. КЭРде 2 миңден ашык жогорку окуу жайлар бар. Кытайда академиялардын, университеттердин, элдик жана адистешкен китепканалар иштейт. Улуттук китепканалары: (1810, фонду 18 млн нуска, базасында 1999-жылы Улуттук электрондук китепкана түзүлгөн), Нанкиндеги (1907), Шанхайдагы (1952), Пекиндеги КЭР Илимдер академиясынын борбордук китепканасы ж. б. Кытайда 2300дөн ашык музей, анын ичинде Улуттук музейлери: Пекиндеги Гугун ак сарай комплекси (1420, 1914-жылдан музей), Шанхай байыркы искусство, Улуттук музей, Көркөм-сүрөт галереясы, Геология музейи ж. б. иштейт.

Жаңы стилдеги газета-журналдар 19-кылымдын башында чыгарыла баштаган. Кытайда 2 миңден ашуун аталыштагы мезгилдүү басылмалар 35 млрд нуска менен чыгат (2008). Жалпы элдик гезиттер: «Жэнминь жибао», «Гунжэнь жибао», «Цзефанцзюнь бао», «Чжунго циннянь бао», билим берүү, илим маселелерин: «Гуанмин жибао» гезити чагылдырат. Региондук ири гезиттери: «Сицзан жибао», «Синьцзян жибао», «Нанфань жибао», «Гуанси жибао». Негизги журналдары: «Цюши», «Женминь хуабао» ж. б. Радиоуктуруу 1927-жылдан иштейт. 1200гө жакын адиостанция бар (2008). Кытай эл аралык радиосу (1941) уктурууларды 38 тилде алып барат. Телекөрсөтүү 1958-жылдан жүргүзүлөт. 450дөн ашык телестудия (2008), Синьхуа (1931), Чжунго (1952) маалымат агенттиктери бар. 42 мамлекеттик, 90 менчик телерадио станциялары иштейт.

Кытай тилиндеги адабият — дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Башаты диний жөрөлгөлөргө байланышкан, болжолу биздин заманга чейинки 6—5-миң жылдыкта неолит доорунун ырым-жырымдарында музыка жана бий өнөрү менен кошо поэтикалык ыр чыгармачылыгы пайда болгон. Кытай тилиндеги алгачкы жазуулар төлгө сөөктөрүндөгү тексттер (биздин заманга чейинки 14—11-кылым), кийин коло эпиграфикасы (биздин заманга чейинки 10—8-кылым), алгачкы жазуу эстеликтери — Чжоу доорундагы конфуцийчилик жана даостук канондук чыгармалар болуп саналат. Бул мезгилде пайда болгон «вэнь» (жазуулар, жазуу) жана «ши» терминдери биздин замандын 1-кылымына чейин ар кандай жазуу жана поэтикалык тексттерди түшүргөн. Кийин конфуцийчиликте жазуу сабаттуулук менен маданияттуулук сыяктуу эле мамлекеттин баштапкы негизи катары каралган; жазуу тексти агартуу, билим, тарбия берүү, насаат айтуу сыяктуу коомдук маанилүү иштерди аткарууга багытталган. Конфуцийчиликте поэзия өзгөчө мааниге ээ болгон. «Ыр китеби» антологиясы («Ши цзин», биздин заманга чейинки 11—7-кылым), Кытай тарыхындагы биринчи адабий-поэтикалык эстелик. «Беш канон» («У цзин») жыйнагынын конфуцийлик канондук китептердин бири болуп саналат жана түзүүчүсү Конфуций деп эсептелет. «Ши цзин» байыркы кытай поэтикалык чыглыгынын жанрдык жана тематикалык көп түрдүүлүгүн көрсөтүп турат. Анда көлөмү алты саптан 50чө, жана андан көп саптуу поэмаларга чейинки ар кандай жанрлардагы 305 чыгарма топтолгон. Байыркы Кытай адабиятынын башка эстелигинде — «Чу ырларында» Кытай түштүгүнүн поэтикалык салттары (кытайдын биринчи акыны катары эсептелген Цюй Юандын, ошондой эле Сун Юяндын чыгармачылыгы) көрсөтүлгөн. Чу поэзиясына жергиликтүү диндик-мифол. сюжеттер менен образдарды пайдалануу мүнөздүү.

Батыш Хань жана Чыгыш Хань мезгилинде бекемделген. Автордук поэзияда башкы орунду фу одалары — ыр жана кара сөз кезмектешкен көлөмдүү чыгармалар (бир нече жүз сапка чейинки) ээлейт. Хань доорунун белгилүү акындары: Мэй Шэн, Цзя И, Сыма Сянжу, Ян Сюн, Чжан Хэн. Хань доорунун лирикалык мурасы ошондой эле элдик лирика жана сатира ырлары — юэфуда сакталган. Кытай баяндама прозасынын байыркы үлгүлөрү болуп саналат.

Биздин заманга чейинки 4—3-кылымда ( мисалы, «Көктүн уулу Мунун өмүр баяны» ж. б.), ошондой эле түздөн-түз Хань дооруна («Учуп жүргөн чабалакей Чжаонун расмий эмес өмүр баяны» ж. б.) таандык деп эсептелет. Биздин заманга чейинки 6—3-кылымында Кытай поэзиясында негизги ролду ши жана юэфу сыяктуу лирикалык жанрлар ойной баштайт. Чыгыш Хандын кыйрашы, өлкөнүн майдаланышы кытай коомунун руханий дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөргө алып келет: инсандык баалуулуктар, адамдын ички эркиндикке болгон укугу алдынкы орунга чыгат. Сүйүү лирикасы өзгөчө гүлдөгөн, сарай турмушун, аял сулуулугун жана сүйүү ырахатын даңктаган («Нефрит мунарасынын жаңы ыргактары» жыйнагы) «сарайлык стиль поэзиясы» (гун ти ши, 6-кылымдын 1-жарымы) пайда болгон. Бул мезгилдин ири акындары: Цао Чжи, Цзи Кан, Жуань Цзи (3-кылым), Тао Юаньмин, Се Линъюнь, Бао Чжао, Юй Синь (6-кылым).

КЭР (1949) түзүлгөндөн кийин айрым адабиятчылар (Лао Шэ, Ба Цзинь, Цао Юй) чыгармачылык эркиндиктен ыктыярдуу баш тартышып, адабияттагы партиялуулук принцибин кабыл алышат; айрымдары (Шэнь Цунвэнь, ЦяньЧжуншу) жазбай калышат. Совет адабияты кытай адабиятына зор таасир тийгизген. 1950-жылдары темалар менен сюжеттер негизинен үч маселе: социалисттик өзгөртүүлөрдү даңктоо (Чжао Шулинин, Ма Фэндин, Ли Чжундун, Цао Миндин, Чжоу Либонун, Лэй Цзянын прозасы, Ли Цзи менен Жуань Чжанцзинин ж.б.), Кытай Коммунистик партиясынын революциялык тарыхын даңазалоо (Лю Байюнун, Сунь Линин, Ду Пэнчэндин, Чэнь Дэнкэнин, Кун Цзюэнин жана Юань Цзиндин романдары, Кэ Чжунпиндин ж.б. поэзиясы), америкалык агрессияга каршы корей элине жардамга барган Кытай аскерлеринин эрдиктерин баяндоо (Вэй Вэйдин, Лу Линдин, Лао Шэнин прозасы, Тянь Цзяндын поэзиясы ж. б.) менен чектелген. Өзгөчө орунду Кытай жана совет элдеринин достук темасы (Го Можо, Ай Цин, Цзан Кэцзя, Цзоу Дифан ж. бдын поэзиясы) ээлеген. 1950-жылдардын акырында адабиятты саясатка багындыруу биротоло ишке ашкан, соц. реализмдин ордуна «революциялык реализм менен революциялык романтизмдин бириккен» методу келген.

Неолит доорунан ушул күнгө чейин Кытай искусствосу тынымсыз өнүгүп келген. 5 миң жыл ичинде көркөм салттын эволюциясынын туруктуулугун этностук жана структуралык биримдик камсыз кылган. Кытай искусствосунун тарыхын династиялык мезгилдерге бөлүп карашат. Кытай искусствосунун өнүгүүсүнүн ар бир этабында жетишкен техникалык жеткилеңдиги, көркөм чагылдыруунун толуктугу, эстетикалык ой толгоолордун жетилгендиги болуу катуу тарыхый формациялардын алмашуусунда кризистердин салакасынан сактап калган. 20-кылымдагы археологиялык изилдөөлөрдө табылган карапа жана нефрит буюмдары Хуанхэ жана Янцзы дарыяларынын бассейндеринде биздин заманга чейинки 10-кылымдын аягында неолит маданиятынын болгондугун тастыктайт. Чжоу доорунда искусство өнүгө баштаган. Каллиграфия өзүнчө искусство катары эң жогорку баскычка жеткен. Археол. табылгалар монументалдык жана жибекке тартылган живопись өнүккөндүгүн айгинелейт. Архитектурада жыгач курулуштар басымдуулук кылган: павильондор жана көп кабаттуу мунаралар курулган. Биздин заманга чейинки 9—8-кылымда курулушта черепица, кыш колдонула баштаган. Коло менен иштөөдө мом калыпка куюу, гравирлөө, асыл таштар жана асыл баалуу металл менен инкрустациялоо өздөштүрүлгөн. Ырым-жырым буюмдарынын түрлөрү кеңейген (музыкалык аспаптар, нао, чжун коңгуроолору, гу барабаны, күзгү, тыйын, курал-жарак ж. б.). Цин жана Хан доорунда 2—3 кабат үйлөр, көп ярустуу мунаралар салынган. Улуу кытай дубалынын көп бөлүгү (биздин заманга чейинки 221—207-жылдары) курулган. Коло күзгүлөр, лак жана нефриттен буюмдарды жасоо өркүндөгөн. Жибек кездеменин ар кандай түрлөрү колдонула баштаган (бир өңчөйү, креп, газ, полихром). Индиядан буддизмдин келиши менен (4— 6-кылым) Кытай архитектурасында, живописте, скульптурада монументтүү формалардын пайда болушун, жаңы типтеги аска монастырларынын салынышын шарттаган (Юнгань, Майцзишань). 7— 3-кылымда (Тан жана Сун доору) маданияттын бардык тармагы гүлдөгөн. Тан доорунда шаарлар кеңип, монументалдуу имараттар пландуу курула баштаган. Мин (1368—1644) жана Цин (1644—1911) доорлорунда архитектура менен жасалга-колдонмо искусствосу (Пекиндеги Юнхегун храмы ж. б.), эң жогорку деңгээлде өнүккөн. Бул доордо гектарлаган императорлук парктар (Пекиндеги парк комплекси, Ихэюань шаар жанындагы парк ж. б.), көп чоң эмес, шаар четиндеги бакчалар, храмдык парктар (Чжо чжэнъюань жана Сучжоудагы Лююань, Сиюань жана Шицзылинь паркы, Уси шаарындагы Юньтайюань паркы ж. б.) пайда болгон. Таш дөңчөлөр менен агынды көлмөлөрдүн, идишке өстүрүлгөн гүлдөрдүн жайгашуусу (ички жана тышкы дубалдар, павильондор, беседкалар, галереялар, кеңейтилген аянттар жана жолчолор) Кытай бакчаларынын кенен архитектуралык формаларын айгинелейт. Фарфор өндүрүшүнүн борбору Цзиндэчжэнде (Цзянси провинциясы) жаңы формадагы буюмдар, алтын менен кооздолгон феньцин техникасы пайда болгон. 19—21-кылымдын башында архитектурада, шаар курулушунда, парктарды долбоорлоодо байыркы салттарды колдонушкан. Театр имараттарынын комплекси Дэхэюань (1882) жана Пекиндеги Ихэюань император паркынын ансамбли (1888) 19-кылымдын 2-жарымында белгилүү курулуштардан болгон. Жаңы технологияны жана материалдарды (чоюн, цемент, бетон) колдонуу менен 19—20-кылымда Пекинде европалык стилде: Бейтан кафедралдык собору (Сишику, 1887—1889), Шанхайда Касиеттүү үчилтик собору, Шанхай клубунун имараттары курулган. Батыш архитектурасынын жетишкендиктерин өздөштүрүшкөн жана чет мамлекеттик архитекторлор (Г. К. Мерфи, Л. Э. Худек) менен жаш кытай адистери (Лу Яньчжи, Ян Тинбао) иштешкен. 1912-жылы император бийлиги кулагандан кийин өнөр жайынын өнүгүшү менен шаарлар өсө баштаган. Шанхайда ири курулуштар темир-бетон конструкцияларын колдонуп, чикаго мектебинин духунда, ар деко жана тарыхый стилдеги имараттар салынган. Орус-Азия банкы (1901, архитектор Х. Беккер), Шанхай-Гонконг банкы (1923) Кытайдагы биринчи темирбетон жана чоюн каркас конструкциялары колдонулган. 1949-жылы КЭРдин түзүлүшү менен курулуштарда СССР архитектурасынын тажрыйбасын эске алышкан. 1950—59-жылдары микрорайондор, жасалга элементтерин азыркы архитектура менен айкалыштырган имараттар курулган: мисалы, «Пекин», «Достук» мейманканасы, Элдик өкүлдөрдүн бүткүл кытайлык чогулушунун имараты (архитектор Чжао Дунжи), Кытай революциясынын музейи жана Кытай тарыхынын музейи (архитектор Чжан Бо). КЭРде 1966-жылы «Маданий революциянын» башталышы менен курулуш токтогон. Экономиканы либералдаштыруу тууралуу өкмөттүн чечими (1978) архитектуранын өнүгүшүнүн жаңы этаптын башталышы болгон. Кытай архитекторлору постмодернизм (Пекиндеги Цинхуа университетинин китепканасы, 1991, архитектор Гуань Чжаое; Шанхай музейи, 1992—96, архитектор Син Тунхэ) жана неомодернизм (Нанкиндеги япон баскынчыларына курман болгондорго мемориал, 1985, архитектор Ци Кан; Пекинге жакын, «Улуу Кытай дубалы коммунасы», 2002, архитекторлор Ян Хочан, Гари Чан, К. Кума, С. Бан ж. б.) стилиндеги долбоорлошкон. 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадалык стадион, 2002—08; «Цифралык Пекин» маалымат борбору, 2005—08, архитекторлор Чжу Пэй жана У Тун). Орто кылымда көркөм сүрөт искусствосу жакшы өнүгүп, анын туундуларында гумандуулук идеясы чагылдырылган (У. Дао-цзы, Янь Ли-бэнь). Сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө «гүл чымчык» (Бянь Луань, Сюй Си, Хуан Цюань),«окумуштуулар живописи» (Су Ши, Вень Тун, Ми Фэй) жанрларында иштегендер кыйла салым кошушкан. Мин жана Цин доорлорунда кездемеге сүрөт тартуу — «кэ-сы» жогору өнүккөн. 20-кылымдын биринчи жарымында көптөгөн каллиграфия мектептери кеңири багытта иштешкен. У Чанши, Кан Ювэй, Ли Жуйцин, Лян Цичао ж. б. Каллиграфтар белгилүү Кытай живописи үчүн салт болуп калган «гохуа» багытында көптөгөн чеберлер өсүп чыгышкан: Пань Тяньшоу, У Чанши, Ци Байши жана Хуан Биньхун ж. б. Заманбап Кытай живописине ар түрлүү живопись мектептери жана стилдер мүнөздүү. Өзгөчө гохуа өнүгүүдө.

Кытайдын салттык музыкасы 50дөн ашык улутту бириктирет: тай (жуандар, мяояо), түрк (уйгур, казак, кыргыз) элдери, тибеттиктер, моңголдор ж. б. Кытай музыкасынын тарыхы (б. з. ч. 6—5-кылым) Инь (Шан) доорунан башталат (Хэнань провинциясынан табылган сөөк чоор ж. б.). Байыркы Кытайда колдонулган «юэ» «музыка» (юэ, бул сөз 12-кылымдан белгилүү) түшүнүгү поэзия, бий, көркөм сүрөт деген түшүнүктөрдү туюндурган. 3000 элдик ырларды, ырым-жырым гимндерин камтыган «Шицзинь» («Ыр китеп», биздин заманга чейинки 11—6-кылым) — элдик ыр өнөрүнүн көөнөрбөс эстелиги. Ктайдын салттуу оркестринде 100дөй аспап болот: сэ, цин, пипа (чертме), ху, эрху, сыху, баньху (жаалуу), сяо, пайсяо, шен (үйлөмө), барабан, коңгуроо ж. б. Нота менен бизге жеткен туңгуч музыкалык чыгарма — Цю Мин (6-кылым) жазган «Юланьпу» пьесасы. Тан доорунда (7—10-кылым) 5 атайын музыкалык мектеп, актёр труппалары уюшулган. 10-кылымда Дуань Ань-Цзенин «Музыка жөнүндө жазуулар» деген музыкалык-теориялык трактаты жазылган. Сун доорунда актёр жана композитор Вэй ЛянФу, Мин доорунда Чжу Цзай-юй (12 баскычтуу үн катарынын системасын өркүндөткөн) музыкалык искусствону өнүктүрүүгө салым кошкон. 1919-жылы «4-майдагы» кыймылдан кийин революциячыл маанайдагы музыканттар патриоттук ырларды жаратышкан. «Маданий революция» музыка искусствосуна зор зыян алып келген. Окуу жайлар жабылып, көп музыканттар репрессияланган айыл жерлерине айдалган. КЭРдин түзүлүшү музыкалык маданиятын өнүгүшүнө зор түрткү болгон. музыкалык коллективдер түзүлүп, опера жаратууга аракет жасалган. 1980-жылдары музыка маданияты мамлекеттик реформанын негизинде батыш маданияты менен бирдикте өнүккөн. Жаңы музыкалык окуу жайлар, жогорку музыкалык окуу жайлары калыбына келтирилген. Кытайдын музыкалык жогорку окуу жайлары батыш композиторлорунун техникасынын таасиринде «жаңы толкундагы» бир катар композиторлорд у даярдашкан: Тан Дун (АКШда жашайт), Чэнь Циган (Францияда жашайт), Цзо Чжэньгуань (Россияда жашайт), Е Сяоган, Хэ Сюньтянь ж. б. Цзин Сяндын «Талаа» (1987), Го Вэнцзиндин «Жиндинин каты» (1994) опералары; Чень Цигананын «Кызыл чырактар» (2001) балети; симфониялык жана камералык музыкалык чыгармалар жаралган. Жаңы кытай музыкасына гонконгдун жана тайвандын ырлары таасир берген. Пекинде, Шанхайда эл аралык жана улуттук музыкалык фестивалдар өтүп турат. Кытайда 10 опера театры, 25 симфониялык оркестр, 25 музыкалык жогорку окуу жайлары, консерваториялар бар (2008).

Кытай театрынын башаты — элдик ырбий өнөрүн, ошондой эле акробатика, кылыч чабышууну өзүнө камтыган бай си («жүз оюн») оюндары. 14—17-кылымдарда Кытай театрынын биринчи чакан иян жана куньцуй жанрлары пайда болуп, анын негизинде 17—18-кылымда банцзы, юэцзюй, циньцян ж. б. жанрдагы жергиликтүү театрлар калыптанган. 19-кылымда жергиликтүү театрлардан Кытай театрынын жаңы жанры — пекиндик музыкалык драма (цзинси) түзүлгөн. Анда Кытай салттуу театрынын негизги белгилери топтолуп, актёр оюну сөз, ыр, бий менен эришаркак көрсөтүлгөн. Грим менен костюмда гүл жана оюм-чийим колдонулган. Репертуарына тарыхый мазмундагы пьесалар жана белгилүү романэпопеялар кирген. 20-кылымдын 60-жылдарына чейин театр улуттук искусствонун мыкты салттарын өркүндөткөн. Кытай театры 3 топко бөлүнөт: салттык, куурчак жана драмалык. Кытай салттык театры — музыканы, ырды, бийди, сценалык сүйлөөнү жана кыймылды бириктирген цирк жанрынын жана шамдагайлык техникасын өздөштүргөн театр искусствосу. Сун доору куурчак театрынын алтын кылымы болгон. Репертуары кеңири, цзацзюй пьесалары, тарыхый пьесалар коюлган. Куурчак жасоонун чеберлери өсүп чыккан. 1898—1905-жылдары «сүйлөшүү драмасы» (хуацзюй) пайда болгондон драма театры өнүгө баштаган. 1910-жылы Ван Чжуншен жана Жень Тяньчжи Шанхайда драмалык актёрлорду даярдоочу «Гунцзян» театр мектебин ачышкан. 1920-жылы Пекинде театр окуу жайы, ошондой эле «Жаңы Кытай» театр коому түзүлгөн («Синь Чжунхуа»). Биринчи эркектер жана аялдар труппасы пайда болгон. 1930-жылы Шанхайда театр коллективдеринин солчул лигасы түзүлгөн (1931-жылдан — театр ишмерлеринин «Наньго шэ» солчул лигасы). Бир нече ишканаларда «көк блуза» труппасы түзүлүп, окуу жайларында көптөгөн ийримдер, үгүт бригадалары пайда болгон. Н. В. Гоголь («Текшерүүчү»), A. Н. Островский («Добул»), М. Горький («Түпкүрдө»), Г. Ибсен («Ийин») пьесаларын коюшкан. Ошол жылдары орус драмалары которулуп, Станиславскийдин системасы менен таанышышкан. 1950-жылдардын башында М. Горькийдин, A. П. Чеховдун ошондой эле У. Шекспирдин, К. Гольдонинин пьесалары коюла баштаган. «Маданий революцияда» көп труппалар таратылып, театрлар жабылган. 1970—90-жылдарда борборлордо драма театрлары кайрадан жанданган. Пекин элдик искусство театры, Шанхай драма искусствосу борбору, Шэньси провинциясынын элдик искусство театры, Сиань шаарынын драма театры репертуарын кеңейткен, Тайванда авангарддык труппалар бар. Кытай Пекин элдик көркөм театрында белгилүү театр ишмери, режиссёр жана искусство таануучу Цзяо Цзюйинь бир нече спектаклдерди койгон («Чайкана» спектакли ГФР, Франция, Япония, Канадада көрсөтүлгөн).

Кытайда сырттан алынып келген кино тасмалары алгач 1896-жылы Шанхайда көрсөтүлгөн. Биринчи улуттук фильм 1905-жылы Пекинде тартылган («Динцзюнь тоосу» — классикалык баталдык спектаклден көрүнүш). Көркөм фильм 1913-жылдан чыга баштаганы менен кинематография чет элдиктердин колунда болгон. Кытай фирмасы кино тартууну 1917-жылдан баштаган. 20-жылдардан киностудияларда патриоттук сезим ойготор фильмдерди коюшкан. Юань Линь-юй, Цзинь Янь, Юань Му-чжи сыяктуу таланттуу актёрлор өсүп чыккан. «Балыкчынын ыры» фильми (1935, режиссёр Цай Чушен) эл аралык баага арзыган. Японияга каршы согуштун мезгилинде (1937-45) кино өтө аз чыгарылып, 1945-жылдан кийин көбүнчө Голливуддун (АКШ) фильмдери көрсөтүлгөн. КЭР түзүлгөндөн кийин (1949) жумушчулар жөнүндө туңгуч «Көпүрө» (режиссёр Ван Бинь) фильми тартылган. Кино ишканалары мамлекетке өткөндөн кийин «Кытай кыздары» (режиссёр Линь Цзы-фэн менен Чжай Цян), «Болот солдат» (режиссёр Чень Инь), «Партия кызы» (режиссёр Линь Нун), «Ак чач кыз» (режиссёр Ван Бинь менен Чжан Шуй-хуа) сыяктуу көркөм фильмдер чыгарылган. 1950-жылы Пекинде кинематографисттер институту түзүлгөн. «Маданий революция» учурунда (60-жылдардын 2-жарымы), жалаң даректүү кино коюлуп, 1969-жылдан өкмөт мүдөөсүнө ылайык гана «үлгүлүү» фильмдер тартылган. 1976-жылдан кийин тыюу салынган фильмдер кайрадан коюла баштаган. 1979-жылы «Дяньин ишу» («Кино искусствосу»), «Дачжун дяньин» («Массалык кино») журналдары чыккан. Көркөм фильмдер тартыла баштаган (1981 — 105 фильм, 1984 — 144). Алардын ичинен: «Мээнеткечтин күлкүсү» (1979, режиссёр Янь Яньцзин, Ден Иминь), «Башань тоосундагы түнкү жаан» (1980, режиссёр У. Юнган, У Игун), «Дары» (1981, режиссёр Люй Шаолянь), «Баткан күндүн көчөсү» (1983, режиссёр Ван Хаовэй) ж. б. Тайванда психол. сюжеттердин жактоочусу, режиссёр Хоу Сяосянь — «Уулумдун чоң куурчагы» (1983), «Кайгыдагы шаар» (1989) жана костюм боевигинин жанрында иштеген режиссёр Ли Ань «Аңдыган жолборс, жашырынган ажыдаар» (2000, «Оскар» сыйл.) фильмдерин тартышкан. Чжан Имоунун биринчи фильми «Кызыл гаолян» (1987) — жеке чыглыгы менен белгилүү болгон жаңы муундагы кинематографисттердин эркиндигин ачык көрсөткөн. «Баатыр» (2002), «Учуучу канжарлардын үйү» (2004), «Алтын гүлдүн каргышы» (2006) Чжан Имоунун акыркы иштеринен болгон. Кытай кинематографисттеринин фильмдери дүйнөлүк деңгээлге чыккан: Ван Цюаньандын «Айдын тутулушу» (1999, Экф сыйлыгы, Москва) жана «Туя күйөөгө чыгат» (2007, Берлин, ЭКФтин башкы сыйл.); Цзя Чжанкэнин «Саньсяндан келген боорукер адам» (2006, прокатта «Натюрморт», Венециядагы ЭКФтин башкы сыйлыгы) ж. б. Сянган (1978-жылдан), Шанхай (1993-жылдан), Чанчунь (1995-жылдан) эл аралык кинофестивалдары өткөрүлүп турат. 

XXI кылымда, коомдук тармактар заманбап жашоосуна жана мал менен кызматтарын алдыга жылдыруу үчүн жаңы куралы ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бизнестин жана өзүнүн кардарларына азайтуу ортосундагы коомдук тармакташуу алыстан жардамы менен - эки партиянын бирине түздөн-түз кайрылууга укуктуу.




#Article 60: Конфуций (366 words)


Конфуций (кытайлык кырг. Куңзы, кыт. 孔子 Кун-Зы, жай кыт. 孔夫子 Кун Фу-Зы, лат. Confucius) - Кун фу зы (б.з.ч.551-479)- байыркы Kытай ойчулу, кытай философиясында конфуцийчилик багытына негиз салган.

Куңзы тектүү, бирок кедейленип калган үй бүлөдө туулган. Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыганда өткөргөн. Жаш кезинде чиновник болгон, кийин Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда Куңзынын санат сөздөрү , аңгемелери окутулган, жакын шакирттери топтолгон.

Куңзыди ар түрдүү эмгектердин (Өзгөрүштөрдүн китеби, Ырлар китеби) автору деп эсептешет, бирок анын көз караштарынын бир кыйла тагыраак булагы - Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр (Лунь Юй) деген эмгеги болуп саналат, мында Куңзынын жана анын шакирттеринин санат сөздөрү жазылган. 

Куңзыдин философиялык системасынын борборунда адеп-ахлак жана тарбия маселелери турат. Куңзыдин окуусундагы башкы жобо- жень (гумандуулук). 
Жень - адамдардын социалдык жана этикалык өз ара мамилелерин аныктай турган мыйзам. Бул мыйзамды Куңзы мындайча аныктамалайт: Өзүнө эмнени каалабасаң, аны башкаларга жасаба. Ошондой эле анын философиясында ли түшүнугү чоң роль ойнойт, бул түшүнүк коомдук жашоо- турмуш нормалары дегенди билдирет жана жэнь этикалык мыйзамынын практикалык ишке ашырылышын көрсөтөт. 
Ли түшүнүгү коомдун бүткүл социалдык турмушун өзүнө камтыйт, бирок бул түшүнүктүн таасир-аракети адамдардын социалдык абалына байланыштуу ар түрдүү келет. 

Куңзыдин системасында башка этикалык категориялар да орун алган: и - парыз, адилеттүүлүк сезими, синь - берилгендик, ак ниеттүүлүк. Куңзыдин этикалык концепциясынын бардык категориялары нормативдүү инсанды мүнөздөө үчүн кызмат кылат, бул инсан эң жогорку моралдык сапаттарга ээ жана эң бийик социалдык абалды ээлейт. Мындай инсанды ал асылзаада адам деп атаган. Асылзаада адамга, Куңзыдин пикири боюнча, өзүнүн жеке керт башынын мүдөөсүнө жетеленген жана төмөнкү социалдык абалды ээлеген кичиникей адам карама каршы турат. Ошол эле убакта Куңзы жаратылышы боюнча бардык адамдар бирдей, бирок алар көнүмүш адат-жоруктарынан айырмаланышат. Мына ошондуктан өзүн өзү өркүндөтүү үчүн адам өз кемчиликтерин женип чыгып, изги жүрүш-турушка келиши керек.

Куңзыдин айткандарында мамлекеттик бийлик көйгөйү чоң орунду ээлейт. Анын пикири боюнча башкаруучулар элдин ишенемине ээ болууга жана аны өзүлөрүнүн жеке жүрүш-турушу менен тарбиялоого тийиш, анткени мамлекетти башкаруу ишке ашырылып жаткан формалар адамдардын жана жалпы эле коомдун адеп-ахлагына таасир берет. 

Куңзыдин саясий программасы коомдун бардык мүчөлөрүнүн тийиштүү милдеттерин аныктоо менен чектелет. Ар бир адам коомдогу өзүнүн ордун билиши керек: Падыша-падыша, букара-букара, ата-ата, уул-уул болууга тийиш.Куңзы бардык чачыранды аймактарды бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүүнү жактаган.

Конфуцийчиликтин идеялары Кытайдын тарыхында андан ары өнүктүрүлүп, кийин ал мамлекеттик дин катарында таанылган.




#Article 61: Кыргызстандын түштүгүндөгү 1871-1876 жылдардагы элдик көтөрүлүштөр (7250 words)


Кыргызстандын түштүгүндөгү 1871-76-жж. элдик көтөрүлүштөр -  Кокон хандыгынын өкүмдарларынын зулумдугуна жана Орусия империясы менен соодалашуу саясатына каршы ири элдик кыймыл. Бул кыймылды Орусия падышалыгы айоосуз жазалап, акыры Кокон хандыгы биротоло жоюлуп, аймак толугу менен Орусиянын курамына каратылган. Кыймылдын жолбашчысы, ферганалык кыргыз Молдо Исак Асан уулу (Пулат хан) падышалык оторчул бийлик тарабынан 1876-жылы дарга асылган. 

Кириш сөз.

Корутунду.

Элдик көтөрүлүштөр Фергана өрөөнүндө 1871-72-жылдардагы Чаржайыт көтөрүлүштөрдү эске албаганда 1873-жылы нукура көтөрүлүш башталган. Ал кыймыл үч жылга созулуп Фергана өрөөнүн албырттаган жалын каптаганын, акыры келип Кокон хандыгынын кулашы менен аяктаганына алып келген. Бул көтөрүлүш тарыхта Кокон көтөрүлүшү жана Полот хандын көтөрүлүшү деген ат менен тарыхтан орун алган. Көтөрүлүштөрдү 1873-76-жылдардагы элдик кыймылды мезгилге бөлүштүрүү аракети 1930-50-жылдарда эле жасалгандыгын айтсак болот. Кыргыздын көрүнүктүү тарыхчысы Кушбек Усенбаевдин китебинде жалпы көтөрүлүш жөнүндө жана Кокон хандыгынын саясий экономикалык абалын, салыктын түрлөрү туурасында кеңири берилген. Белгилүү окумуштуу Анвар Хасанов бул кыймылдарды 1959-жылы чыккан эмгегинде 1873-76-жылдардагы кыймылдарды бири-бирине эволюциялуу жолу менен өнүккөн эки этап катары карап, бирок биринчи этапты прогресивдүү дегени менен экинчи 1875-76-жылдардагы камтыган этапты прогрессивдүү боштондук да, ошол эле учурда реакциячыл феодалдык монархиялык да элементтери бар кыймыл болгон деп эсептеген. Биз муну менен окумуштуулар алигиче 1873-76-жылдардагы элдик кыймылды мезгилге бөлүү анын мүнөзү максаты, кыймылдаткыч күчтөрү жана тарыхый мааниси жөнүндө толук бир пикирге келише электигин билсек болот. Ошондуктан маселени тарыхый жылнаамаларын тактап мезгилдештирүү ыкмасы менен карап, кыймылдын максатын мүнөзүн кыймылдаткыч күчтөрүн жана этносаясий курамын эволюцияланышына көбүрөөк көңүл буруну туура көрдүм. 1873-76-жылдардагы элдик кыймылдын эволюциялуу өнүгүшүнө байланыштуу аны эки чоң мезгилге бөлдүм. Биринчи мезгил 1873-жылдын жазынан 1874-жылдын күзүнө чейин; экинчи мезгили 1875-жылдын жазынан 1876-жылдын аягына чейин. Бул бөлүштүрүү кыймылдын мүнөзү, максаты, социалдык улуттук курамы жана уюштуруу деңгээли сыяктуу өзгөчөлүктөрдүн негизинде жүргүзүлгөнүн карадым. Бул мезгилдерде кыргыз эли жана анын билермандары Кокон хандыгына активдүү аралашып турганын тарых барактары аныктап келет. Негизинен эле Кокон хандыгынын хан тактысына отурган хандарынын баары десек да болот кыргыз билермандары менен тил табышып мүмкүн болсо аларды өзүлөрүнүн кызматтарына аракет кылгандыгын тарых барактарынан аныктай алдык. Көтөрүлүштүн негизги каармандары болуп Шер даткадан баштап Полот хан атын жамынган Исхак Асан уулунун жалпы Фергана элинин жашоо турмушу үчүн өз баштарын өлүмгө сайып кызмат кылгандыгын билсек болот.

Фергана элетинде 1871-72-жылдары болуп көп чар жайыт толкундоолордон айырмаланган нукура элдик көтөрүлүш 1873-жылы жазында башталды. Ал кыймыл үч жыл созулуп, Фергана өрөөнүн  албырттаган каптады жана мамлекет катары Кокон хандыгынын жоюлушуна алып келди. Фергана тургундарынын 1873-76-жылдардагы бул зор кыймылды тарыхта элдик кыймыл, Кокон көтөрүлүшү, Полот хандын көтөрүлүшү деген аттар менен белгилщщ. 1873-76-жылдардагы көтөрүлүшкө байланышкан бир топ изилдөөлөр, а түгүл ал жөнүндө атайын эмгектер да бар. Тарых наамалык таризде аларды китептин киришүүсүндө карап чыкканбыз. Бул жерде айта кетчү нерсе - окумуштуулар алигиче 1873-76-жьшдардагы элдик кыймылды мезгилге бөлүү,  анын мүнөзү, максаты, кыймылдаткыч күчтөрү жана тарыхый мааниси жёнщндё толук бир пикирге келише электиги. Ошондуктан маселени тарыхый жышнаамалык жактан мезгилдештирщщ ыкмасы менен карап, кыймылдын максатынын, мщнёзщнщн, кыймьшдаткыч кщчтёрщнщн жана этносаясий курамынын эволюцияланышына кёбщрёёк кёъщл бурууну туура кёрдщк. 

Асан уулу 1873-76-жылдардагы элдик кыймылдын тарыхын иридеги совет окумуштууларынын басымдуу кёпчщлщгщ кётёрщлщштщн башталышын, жщрщшщн, максатын жана негизги окуяларын Искак Асан уулунун ысмына байланыштырышат. Кётёрщлщштщн алгачкы мезгилинде Искак жзлпы жетекчиликти колго албаганы менен кыймылдын башынан аягына чейин ёмщрщн ёз эли щчщн арнаган тщпкщ ыйык максатынан кайткан эмес. Ошондуктан кыймылдын башталышы жёнщндё кёп кылуунун алдында Искак жёнщндё кыскача маалымат берщщбщз максатка ылайыктуу.
Искак-Полот хан жёнщндё алгачкы маcтымат кагаз бетине келтирщщ кезинде эле орус колонизаторлорунун 1873-76-жылдардагы кётёрщлщштщ басуу мезгилинде берилген отчеттордо айтылган. Бирок ал маалыматтар белгилщщ гана адамдардын колунда болуп, окурмандарга жеткен эмес. Искак жёнщндё бирденбир даректщщ жазма Н.П. Корытовдун Самозванец Пулат хан деген макаласы эсептелет. Полот хандын кётёрулщшщ жёнщндё азыраак маалымат I сенатор Ф. Гирстин Туркстан чёлкёмщн изилдёёгё ариалган китебинде, В. Наливкиндин Кщшн хандыгынын кыскачa тарыхында», М.А Терентьевдин Орто Азияны каратуунун тарыхында учурайт.
Асан молдонун уулу жёнщндё XIX кылмдын изилдёёгё алган кыргыз жана ёзбек тарыхчыларынын жарык кёргён эмгектеринде эскерилет. (А Хасанов, К.У сенбаев, В. Плоских, Р. Бабабеков, Р. Набиев, Х. Иноятов, С. Павлов жана М. Рабинович). Бирок тилекке каршы, ушул кщнгё чейин Исхак-Полот хандын кыргыз элинин улуу тарыхый инсаны жана баатыры катары тарыхыйтаржымалы, ишмердиги толук ачылып кёрсётщлё элек. Учурдун талабына ылйык кёрщнщктщщ тарыхчы Кушбек Усенбаев кийинки кездердеги макалаларында Исхак Асан уулун азыркы кез карап менен сёз кылып келатат. Искак-Полот хандын ёмщрщ жана ишмердщщлщгщнё байланыштуу фактылык материалдарды архивдик документтердин негизинде жаъы доордогу маалыматчы. Корытовдон кийин эле окурмандарга жат тарыхчы Кыяс Молдокасым уулу жеткирди. Аталган азыноолак изилдёёлёрдщн болушуна карабай биз искактаануу маселесин кыргыз тарых наамасынын эртеъи деп эсептейбиз.
Азырынча колдо бар булактар жана аздыр-кёптщр изилдёёлёргё таянып, Искак Асан уулунун ёмщрщ жёнщндё кыскачa тёмёнкщлёрдщ айтууга болот. Искак 1844-жылы Маргалаъ вилайетине караштуу Охна кыштагында (азыркы Кадамжай районунун Орозбеков айылы) ичкиликтердин бостон уруусунан чыккан Асан молдонун щйщндё жарыкка келди. Бул мезгилде Кокон ордосунда Нщзщп бий баштаган кыргыз тёбёлдёрщ кщч алып турган кези эле. Искактын атасы Асан чоъ молдо болчу. Ал Маргалацдагы Ак Медреседе мударис болуп иштеген, кийинчерээк Кокондогу Тумкатар медресесине кётёрщлщп, айылдык мектептен сабатын ачкануулу Искакты ала кетти. Искак медреседе жакшы билималды, бирок диний жолго кызкпады. Кокондогу анын ёспщрщм кези ордодогу так-талашууларга, кыпчактардын кыргынына, Мусулманкулдун ёлщмщнё, Алымбек датка менен Алымкул аталыктын ооматы жщрщп турган учурларга туш келди. Дээринен зирек Искак баарын кёрщп, баарын талдап, эсте тутуп жщрдщ. 60-жылардын башында кайрадан атасы менен кошо Маргалаъдын Ак медресесине келди да, окуусунулантып, чоъ молдо болуп чыкты. Бирок, атасынын бул жерде калгын деген кеъешине кёнбёй, 1867-жылы Искак айлына келип эки жылаa кыргыздардын арасында туруп калды. 1869-жылы 25 жашында ёз айылы Охнада мечитке имам болуп да иштеди. Элеттеги улам кщчёп бара жаткан саясий опур-топур Искакты жээликтирип, ал туулуп-ёскён жериндекепке турбай, эл кыдрып кетти. Бир аздан соъ Искак Анжыян шаарына токтоду. Шаарда бир аз молдолук кылып, турмуштун айынан насвай сатып да кёрдщ. Анжыядаa жщргёндё Искак кезегинде кадимки Алымкул аталыктын жан-жёкёрщ болуп жщргён, теги чаткалдык кыргыз Абдымомун менен таанышып калды. Диний кызматты биротоло таштоону чечкен Искак аны менен кошо Ташкентке жол тартты. Абдымомун Кокон ордосуна таанымал, кадырлуу киши эле. Ёз мезгилинде Алымкулдун жардамы менен аталык даражасына жеткен. 1865-жылы Ташкент Орусияга каратылгандан кийин ал Кудаярдын кызматына кирщщдён баш тартып, курам а элинде (Ташкенттин тщштщк-чыгыш тарабындагы чёлкём) колунда бар адам катары жашап турган. Искактын тирикарактыгын байкаган Абдымомун аны ёзщнё жигит кылып алды. Бул мезгил 1870- жылдардын башы болучу.
Н.Л. Корытовдун жазганына караганда, Абдымомундун Кокон мамлекети, анын хандары жана хан тактысын каалагандай калчаган кыргыз, кыпак бийлеринин ишмердиги жёнщндё айтып берген аъгемелери жаш Искактын ац-сезимине катуу таасир тийгизип, кез карашын калыптандырды. Жер кыдрыы, эл аралапкерген турмуштун татаалдыгы, жалпы журттун зар-муцу, Кудаяржана анын жан-жекерлурунун зордук-зомбулугу Искактын ёз ёмщрщн элинин кызыкчылгыы учун арнап, мумкун болсо жаман ханды адилет хан менен алмаштыруу жёнщндё бир дал ай ойлондурган чыгаар? Кантсе да зор кётёрщлщшкё башын сайып койгон Искактын аъ-сезими Абдымомундукунда жщргёндё калыптангандай.
Искактын кётёрщлщшкё качан жана кандайча жетекчи болуп калгандыгы жёнщндё булактарда, изилдёёлёрдё тёмёнкщдёй баяндалат. Кокон ханы Кудаярдын эсирип кеткендиги жана кыргыз, кыпчак жамаатынын ёкщлдёрщн суруп чыгып, ордодогу кадимден келаткан этносаясий теъ салмактуулукту бузушу кыргыз бийлеринин кыжырын келтирип жщргён. Бул саясий нааразылык 1865-жылы Кудаярдын щчщнчщ жолу такка отургандан кийинки беш жылдыкта активдщщ аракеттерге алып келбесе да, 1870-жылдардын башындагы толкундоолор, айрыкча 1871-жьшкы Сох кыргыздарынын кётёрщлщшщ, кыргыз бийлерин убакыт жетти, эми аракеттенщщ керек деген чечимге алып келип, алар эми кандай гана болбосун ... хан тукумунан бир ханзаада таап, Кудаярдын ордуна отургузууну кёздёп калышты.
Салтка ьшайык хан мураскору хан тукумунан гана кётёрщлщщсщ зарыл эле. Ошондуктан 1872-жьшы кутлук-сейит уруусунун бийи Шер датка (азыркы Ала-Бука районунда жашаган кутлук-сейит уруусунун бийи) баштаган кыргыз тёбёлдёрщ кеъешип, андай талапкерликке Самаркандагы бир медреседе имамдык кылып жщргён кадимки Алим хандын (1800-1809) уулу Ибрагим бектин баласы Пулат бекти тандашат да, аны кыргыздардын арасында хан кётёрщщ менен Кудаяр ханга каршы кщрёшщщгё чечим чыгарышат. Кеч кщздё Самаркандга келгентер датканын ёкщлчщлщгщнё тынч турмушту сщйгён мажире Пулатбек макулдугун берщщгё эрки жетпейт. Самаркандтан кайткан кутлук-сейит Шер датка, кыргыз-кыпчак Мусулманкулбий жана найман Мусабек, бий курамалык Абдымомун менен кеъешмекке Ташкентке кайрылып, анын щйщндё конуп калышат. Булактарга караганда Самаркандга барып, ой-максаттары ишке ашпай калганын айтып олтурушкан коноктор самаркандцык Пулат бекке куюп койгондой окшош Искакка ётё кёъщл буруп калышат. Шер датка менен Мусулманкул бийдин сёздёрщн баамдаполтурган Искак ёмщрщн тобокелге салууну чечип, Абдымомун эшикке чыкканда кётёрщлщшкё мен жетекчи болуп берер элем деген оюн билдирет. Муну уккан коноктор сщйщнщп кетишет да, Искак кеп узабай Полотхан деген ат менен Наманган тарапка жёнёп кетет. Ошентип, Искак Асан уулунун Аксыдагы кётёрщлщшкё жетекчилик кылышы 1873-жылы жаз айларында башталды. Искактын саясий окуяларга аралашып, кётёрщлщшкё жетекчилик кыла баштаган мёёнётщн изилдёёчщлёр ар тщрдщщ беришет. Мисалы, Туркстан генерал-губернатору К.П. Кауфман ёзщнщн отчетторунда Искак кётёрщлщшкё 1874-жылы июндан баштап жетекчилик кылган деп айткан билдирщщсщ К. Молдокасымовго туура сезилип, ал Искак Курама уездинен Чаткал чёлкёмщнё 1874-жылы жазында келген деген пикирди жактайт. Биздин оюбузча, генерал К.П. Кауфман Искактын кётёрщлщшкё жетекчилик ролго ээ болгон мезгилин айтса керек, себеби 1873-жылы жаз-жайдагы кётёрщлщштщн Аксы очогунда Абдымомун менен Мусулманкул жетекчилик ролду ээлеп, Искак болсо Полот хан аты менен жаъы мурасчы катары негизинен кёмщскёдё калган. Булактарда жана изилдёёлёрдщн басымдуу кёпчщлщгщндё 1873жылкы. Аксыдагы кётёрщлщштщ Искак Асан уулу жетектеген деп берилет. Чынында, Искак Аксыга жаъы эле келгендиктен кётёрщлщшкё тщздён-тщз жетекчилик кылбаса да, аны Ташкенттен коштоп келишкен жогорку адамдардын аракеттерине ханкатары таасирин тийгизип турган. Эгер Искак Шер датка, Мусулманкулдар менен Аксыга 1874-жылы келген болсо, анда 1873-жылы эле жайында Абдрахман аптабачынын ётщнщчщ менен Шер датка баштаган кыргыз, кыпчактардан 40 бийи ордого чакырылып, Кудаяр хандын буйругу менен ёлтщрщлщшщнё байланыштуу окуяга туура келбей калмак. Себеби, 1873-жьшы эле кез жумган Шер датка 1874-жьшы Искак менен кошо Аксыга келиши мщмкщн эмес. 1873-жылы жаъы бунт чыкты, - деп жазат орус тарыхчысы М.А Терентьев,  кайсы бир эч кимге белгисиз Пулат хан деген неме ёзщн Алим хандын кичщщ уулумун деп ишендирип, каалоочуларды талап-тоноого чакырa баштады. Намангандык кыргыздар буга заматта жооп кьшышты. Чынында, Самарканд кара башын эптеп багып жаткан Пулат бекти эл таанычуда эмес. Анын атасы Ибрагимди ферганалыктар таптакыIp унутуп коюшкан. Бирок, керек кыргыз тёбёлдёрщнщн айрымдарынынандан кабары бар экен. Ал эми Искактын ким экенин алгачкы кщндёрщ эки-щч гана киши билбесе, эч ким билген эмее. Орус тарыхчысынын Асан уулу жёнщндё эч кимге белгисиз дегени даошондон. Бирок Искактын чыйрак жана чечкиндщщ мщнёзщ, табийгатынан баатырга тете тышкы турпаты менен акьшы, жадагалса замандын шарданына жараша. Молдолугу кётёрщлщштщн идеяларына тёп келип турду.

Кётёрщлщштщн биринчи мезгили, ошентип, Фергана элетинде чаржайыт чыгуулар менен башталды. Колдо бар булактардын жана изилдёёлёрдщн маалыматтарына таянып, 1873-74-жылдардагы кыймылдардын Аксы чёлкёмщндёгщ очогунан башка дагы щч очогун белгилёёгё болот. Алардын эъ алгачкысы Кокондун тщштщк-чыгышындагы элеттик кыргыздардын (азыркы кадамжай, Ноокат, Алай райондорунун чёлкёмдёрщ) айылдарында башталды. 1873-жылдын мартайынын аяк ченинде бул чёлкёмдёргё келишкен кокондук зекетчилер мурункудан щч эсе ашык салык талап кылышы куралдуу кётёрщлщштщн шылтоосу болду. 3екетчилерден алгач элеттиктереалыкты даярдоо щчщн щч кщндщк мёёнёт бергиле деп суранышты. Бирок зекетчилер ага кёнщшпёстён, элден салыкты кечиктирбей толугу менен берщщсщн талап кыла беришти. Ал тщгщл зекетчилерди коштоп жщргён хан сарбаздары бир нече кишини туткундап, аларды Коконго алып барьш, мисал катары. эл кёзщне кёрсётщп, жазалап коюуга ниеттене баштаганда, кокондуктардын пейилин тщшщнгён кыргыздаp туткундарга жардамга келишти да, зекетчилердин башчысын жана алардын тёрт жардамчысын ёлтщрщшщп, чогултулган зекетти кайтарып алышты. Кармашта ёздёрщнён да алты киши мерт болду. Тилекке каршы, бул окуянын болуп ёткён жери булактарда так кёрсётщлбёй, Ош, Анжыядын тщштщгщндёгщ кыргыздардын арасында болгондугу гана кабарланат. Ошол жылы кщзщндё козголоъчулардын Кожент уездинин начальнигине жазган кайрылуусунда кётёрщлщштщн башталышы ушул жьшы жазында кыргыз айьшдарына келишкен хандын зекетчилери шариятты бузуп, 100 койдон 1 кой эсебинде салык алуунун ордуна зордук менен 3 койдон ала баштагандыктан, мындай адилетсиздикти кётёрё албай, биз зекетчилерди сабай баштады, - деп тщшщндщрщлёт.
Ушундай эле маалыматты Америка элчисинин катчысы Скайлер да берет. Ал, 1873-жылы жазда Ош, Анжыядын тщштщк тарабындагы xaндын аскерлери жана зекетчилер кыргыздардан арбир тщтщндён  койдон кошумча зекет жана тоолордогу иштетил, ген айдоолорго да жер салыгын тёлёёнщ талап кылышты, - деп жазат.
Толкундоо тез эле Баткенден тартып Алай тоо этектерине чейинки чёлкёмдёргё тарады. Кётёрщлщшкё кыпчак уруулары да аралашып, зор толкундоого айланып кетщщ коркyнуч туулду. Кётёрщлщштщн жетекчилери жёнщндё булактарда маалымат жок. Ошол кездеги Алай чёлкёмщнщн эъ абройлуу инсаны Курманжан датка жана анын балдары кётёрщлщш башталган алгачкы мезгилде бейтарап абалда турушкан. Анткени, 1867-жылы эле Курманжан Коконго барып, кыргызга жээн Кудаяр ханга салам берипкелген болчу. 1868-жьшы саруу уруусунун кызы болгон энеси Жаркынайым ёлгёндён кийин, Кудаяр хан тагаларынын туугандыгын эсепке албай, ёзщнщн гана жыргалчылыгын ойлоп калсада, Курманжан датка Кудаярга каршы кётёрщлщшкё аралашпай, «адилеттщщлщк менен» четте турду. Бирок, Оштун беги болуп кызматта турган Абдылдабек, кыймылдын башында эле кётёрщлщшкё кошулуп кеткен болчу. Кудаяр хан кётёрщлщштщ басууга атчан сыпайлардан турган ири жазалоо отрядын жиберип, кыргыздар менен кыпчактарды жщздёп эмес, миъдеп кырууга буйрук берди. Хандын жазалоочу отрядынын келе жатканын уккан кыргыздар кара-келтек кошуун жыйышып, сыпайлардын алдын тосушту да, аларды талкалап салышты. Бирок кооптонгон калк дщрбёп, натыйжада 20 миъ кыргыз, 10 миъ кыпчак щй-бщлёсу менен Кашкар Давандын Кырлык, Азирети деген жерлерине кече качууга мажбур болушту. Толкундоолор жана элдин кыжырдануусу басаъдабагандыктан, хан 1873-жылдын май айында кётёрщлщшчщлёргё каршы Абдырахман аптабачы баштаган 1000 сарбаздан турган экинчи жазалоо отрядын жиберди.
Абдырахман аптабачы кётёрщлщш башталар алдында эле Мекеге барып, ажы болуп, андан Стамбул аркылуу Коконго кайткан болучу. Туркияда ал тщрк султаны Абду-Азизден Орусиядан коконшаарларын кайтарып алууга жардам берщщсщн суранган.
Абдырахман аптабачынын кёчмён кыргыз, кыпчак урууларына, жадагалса отурукташкан калкка да кадыры чоъ эле. Ал зордук зомбулук, алдым-жуттум менен аралашкан эмес. Ёзщн аябай саккармап, ажылык такыбалыгын так аткарган киши болгон. Ошондуктан кётёрщлщштщ басууга кыргыздардын тууганы Абдрахмандын гана тиши ётмёк.
Кыйды Аптабачы кётёрщлщшчщлёрдщн таламын тщшщнгёндщгщн билдиримиш болуп, аларды кан тёгщщнщн ордуна хан менен ымалага келщщгё кёндщрдщ. Кётёрщлщштщн башка очокторунан да ёкщлдёрдщ алып, Шер датка баштаган кыргыз, кыпчак урууларынын 40 бийин элчи катары ордого жиберщщгё макул кылды. Бирок Кудаяр хан ёкщлдёрдщн таламын уккан да жок, тескерисинче алардын баарынын башын алдырды. Абдрахман аптабачы айылда бир аз туруп ордого кайтып келди. Жырткычтык менен ёлтщрщлгён элчилердин каны элетти ого бетер дщрбёттщ. Жаъы кщчтёр менен толукталган Миъдеген кыргыз, кыпчак кётёрщлщшчщлёрщ 1873-жылдын июль айында Фергана ёрёёнщнщн тщздщгщн кёздёй басып кирди. Ёзгён жана бир топ элдщщ пункттар кётёрщлщшчщлёрдщн колуна ёттщ. Отурукташкан ёзбек, тажик тургундары кётёрщлщштщ колдошту, бирок кыймылдын активдщщ катышуучулары боло алышкан жок.
Кётёрщлщшчщлёрдщн бир отряды Фергана ёрёёнщнщн тщштщгщндёгщ Сох чебин талкалап, чептин кол, башчысы Алим кичикти (кыпчакты) ёлтщрщп салды. Айрым маалыматтарга Караганда Сох чебинде Кудаяр хандын казынасы катыган делет. Шаштысы кеткен Кудаяр хан кётёрщлщштщ басуу щчщн жардам сурап, Ташкентке кайрылды. Кайрылууда Кокондогу коркунучтуу козголоъдун себебин орус ээликтеринен качып ётщп келип жаткан кыргыздар тщзщп жатат деген жалган доомат айтылган. Орус бийликтери хандыктын ички иштерине кийлигишпёёнщ туура табышты. Ошондой болсо да Петербургга эгер кокон тополоъдору токтобосо хандыкты басып алууга падышанын уруксат берщщсщн суранган телеграмма жёнётщлдщ. Бирок император тарабынан мындай кадамга барууга жол берилбеди. Ташкенттин оъдуу жооп келбеген соъ, Кудаяр хан хандыктын ички кщчтёрщнё гана таянууга мажбур болду.
Карбаластаганхан, кётёрщлщшчщлёргё каршы ёзщнщн бир тууганы, Маргалацдын беги Султан Муратты жиберди, бирок анын колу козголоъчулардан жеъилип калды. 5 миъдей сарбаз кётёрщлщшчщлёргё кошулуп кетишти, 300 сарбаз колго тщштщ. Султан Мурат ёзщ зорго качып кутулду. Жеъишке шыктанышкан кётёрщлщшчщлёр тез эле Ош шаарын, Араванды, Щч-Коргонду, Булак-Башыны ээлешти. Ал кыштактардын тургундары кётёрщлщшчщлёргё кошулуп, бектери качып кетти. Булак-Башынын бегикармалып, оозуна шиш кагылып ёлтщрщлдщ.
Ошол кезде орус ээлигине ётщп калган. Кожент уездинин башчысынын 1873-жылдын 3-августта жазган билдирщщсщндё: Кокондо кётёрщлщш кайрадан башталды. Кыпчактар менен кыргыздар хандын зомбулугуна каршы бардык жерде козголушту. Анжыян шаарын Кокон армиясы таштап кетти, Кудаяр кай жерде бекинип жаткандыгы белгисиз, - деп айтылат. Кётёрщлщш кеъири жайытып кеткендиктен, ошол эле караламан элдин уулдары болгон хан кошууну да бёлщнщп-жарыла баштады, Анжыяда 3 миъге жакын кыргыз, кыпчак сыпай, сарбаздар кётёрщлщшчщлёргё кошулуп кетти. Щрёйщ учкан Кудаяр Абдрахман аптабачы менен Шахрихан беги Иса Олуяны ири жазалоочу аскер менен кайрадан кётёрщлщшчщлёргё каршы жиберди. Бирок алар да кётёрщлщштщ баса албады. Аптабачы жоон топ кыргызды колготушуруп, аларды суракка алганда Кокон ханы Кудаярга каршы козголоъго бут эл каршы чыгып жатат, ал тщгщл 20дай коконакимдери, бектери козголоъдун ичинде деген жооптуу угуп, кётёрщлщштщ басуунун ётё кыйын экендигин сезген Аптабачы тарапкеткен кошуунун чогулта албай, Тере-Коргондо жашырынууга аргасыз болду. Ошол эле мезгилде шаар калкы, айрыкча, Коконменен Анжыядын тургундары кыргыздардын гана келишин кутуп, жек кёрщндщ Кудаярдын бийлигин кулатууга даяр турушту. Кудаяр хан жан далбастап сентябрь айында кайрадан иниси Султан Мурат бекти кётёрщлщштщ басууга аттандырды. Султан Мурат бек тандалма аскер менен кётёрщлщштщн Ош, Анжыядан тщштщк тарабын гана баса алды. Кёптёгён кётёрщшчщлёр колго тщшщп дарга асылды. Оморбек, Бердибек, Каратай сыяктуу кётёрщлщштщн бир нече жетекчилери сыртынан ёлщм жазасына буюрулду. Натыйжада кётёрщлщшчщлёр бир нече жеъиштерге жетишип, Анжыяншаарын ээлешсе да, 1873-жылдын кщз aйларында акырындап тоо таяна чегинип кетщщге аргасыз болушту. 
Кудаяр хан Ош-Анжыяндын тщштщгщндёгщ Баткен, Алайга чейинки чёлкёмдёрдщ алоолонткон козголоъдун негизги уюткусу алайлык, кыргыздар деп тщшщнщп, 1873-жылы кщзщндё Алайдагы сепилдерди бекемдёёнщ ылайык кёрдщ. Натыйжада Дapooт-Коргон чебинин коменданты Ысмайыл Токсобого Кокондон жакшы куралданган атчан аскер жиберилген. Документтерде аскер башчыларынан датка, Саркер баштаган жщз башы, элщщ башы, он башы кароолбеги, мерген жана башка чиндер аталат. Кётёрщлщштщн 1873-жылдын жазында башталган дагы бир орчундуу очогу Кёк-Арт ёрёёнщндё эле. Мундуз уруусунан чыккан 35 жаштагы Мамыр мерген уулунун жетекчилиги астындагы кыймыл Жалал-Абад, Сузак, Ханабад кыштактарын каптады. Мамыр жетектеген кётёрщлщш бир топ деъгелде кубаттуу жана мамлекетке коркунучтуу болгондуктан аны басууга Кудаярхан ёзщ аттанды. Ал Анжыян шаарына келип, кётёрщлщшчщлёрдщ талкалоого кщчтщщ жазалоочу отряд жиберди. Бирок кётёрщлщшчщлёр качып кетщщгё щлгщрдщ. Июлда Мамырдын отряды Ёзгён шаарын алуу менен жацы кыймыл баштады. Аны талкалоого эми Шахрихандын беги Иса Олуя менен Халназар тщрк жиберилди.

Кыш мезгилинде Кара-Кулжадагы жана Алайдагы кыргыздады кётёрщлщшкё чакырып, Мамыр Мерген уулу ишеничтщщ жигиттери менен эрте жазда Тогуз-Торого ёттщ. Ал Кокон хандыгына каршы кщрёшщщгё аркалык туугандарын тартууга аракеттенди. Орус бийликтеринен колдоо издеп, аларга букара болууга макулдугун билгизип, кат жазып да кёрдщ. Бирок анын 1868-жылкы орус-кокон келишими жёнщндё кабары жок эле. Албетте, орус бийликтеринен жооп келген жок. Щмщтщн щзгён Мамыр Фергана чёлкёмщнё кайтты.

Жазалоочулар кетери менен кайрадан жанданган кётёрщлщшкё Чаткалдан жаъы эле кайткан Абдрахман аптабачы жёнётщлдщ, Ал алгач жан эриткен сщйлёшщщлёрдщ жщргщзщп, кётёрщлщшчщлёр менен бирге экендигин, алардын турмушун жана абалын тщшщнёрщн саймедиреп, тынч тарап кетщщлёрщн ётщндщ. Мындай сёзгё ынанган кётёрщлщшчщлёр тарай баштаганда Аптабачы капыстан чабуул коюп, аларды талкалап салды. 400дёй киши туткундалып, Кокондо дарга асылды. Бирок Мамырбай кармалган жок. Лейлек кётёрщлщшщнё байланыштуу булардан башка конкреттщщ аракеттер жёнщндё маалыматтаp жок. Бирок Кожент кыргыздарынын (Лейлек ёлкёмщнщн батыш атрабында жашаган кыргыздар) Токмок уездинин кыргыздары мeнeн байланышы болгондугу жана алар Шабдан Жантай уулу менен кат алышкандыгы жёнщндё булактар маалымдайт.
Ошентип, кётёрщлщштщн биринчи мезгилинин (1873-1874), биринчи жылы аяктады. Албетте, мурунтан ойлонулган планы, ачык максаты, бекем уюму жана башкы командачысы жок чар жайыт аракеттенген кётёрщлщшчщлёр жакшы куралданган Кокон армиясынын кщчщнё туруштук бере албастыгы ачык болучу. Анны ёздёрщ деле сезишкен. Ошондой болсо да зулумдук менен адилет сиздикке чыъабаган элеттиктер мындай жашоодон кёрё кщрёшщп ёлщщнщ же айла кетсе орус ээликтерине кирип кетщщнщ ойлошкон. Ошол эле учурда жалпы эл кётёрщлсё, баатыр бийлер баштаса, ордону алып, адилет кишини хан кётёрсёк деген мщдёё бары бир кыргыз, кыпчак жана аларга кошулган ёзбек, тажик тургундарын xaндын. жазалоочу аскерлерине каршы барууга тщpтёт.
Мындай баса монархизм идеясы ушунусу менен, канчалаган кан тёгщлсё да, тарыхый прогрессивдщщ факт катары эсептеле берери бышык.
Кётёрщлщштщн чаржайыттыгына карабай, алардын жетекчилери бири-бири менен кабар алышып тургандыгын байкоого болот. Андай болбосо 1873-жьшы эле жаз айларында Фергана чёлкёмщнщн тщндщк, тщштщк, чыгыш элеттеринде бир эле учурда ушунчалык ёжёрлёнгён бир нече кыймылдар чыкмак эмес. 1873-жылдын жай мезгилинде Абдырахман аптабачынын бал тилине кирип ёлщмгё учураган кыргыз элетинин 40 бийинин арасында Аксыдан да, Кёк-Арттан да, Кара-Кулжадан да, Алайдан да, Сотон да ёкщлдёр болroндугун эске алсак, кётёрщлщштщн «чаржайыт» сымал очокторунун кандайдыp бир деъгелде бири-бирине байланышта болгондугун ырастоо кыйын эмес. 1873-1874-жылдагы кыш мезгилинде кёчмёндёр кыштоолордо болгондуктан, Фергана ёрёёнщ салыштырмалуу тынч болду.

Ушул жерде тактай кете турган маанилщщ маселе бар. Курамалык жана чаткалдык эки момундун ким экендиги жёнщндё изилдёёлёрдё бирдей пикир жок. Биз Абдымомун жана Момун Шамурзак уулу бир эле адам болгон деген ойду айтмакчыбыз. Изилдёёлёрдщн басымдуу кёпчщлщгщ аларды эки башка инсан деп тщшщндщрщшёт. Мисалы, А Хасанов: Момун жёнщндё айтууда, мындай ысымды алып жщргёндёр экёё: чаткалдык Момун жана курамалык Момун, - деген тщшщндщрмё берет. К Усенбаев 1860-жылдары эле туура пикир айткан деп эсептейбиз. Ал 1874-жылы июлда чаткалдык кыргыздар кётёрщлдщ. Алардын башында Мусулманкул (Кокондун мурунку лашкери кыргыз Алымкулдун тууганы) жана Полот хан турушту. Мусулманкул Момунду, башкача айтканда бир кёздё Полот хан щйщндё кызмат кылган курамалык Абдымомун аталыкты Кудаяр ханга каршы кётёрщлщщгё макул кылдырды, деп эки Момунду бир инсан катары жазат. Булактардагы щзщл-кезил маалыматтаp бул эки Момундун бир эле адам экендигин кёбщрёёк ырасташат. Мисалы, алар экёё теъ курамалык кыргыздар, экёё теъ чаткалдык кыргыздарга тууган, экёё теъ тектщщ инсандар. Абдымомун аталыктын мурун Чаткалда кёчщп жщргёндщгщн, кийин Алымкул аталык Ташкенттин алдында 1865-жылы шейит болгондон кийин орус букаралыгына ётщп, 60-жылдардын ортосунан баштап (кай бир булактарда 1867-жылдан баштап делет). Курама уездинде отурукташып, дыйканчылык, соода менен шщгщрлёнщп калгандыгыи, анын Ташкенте щйщ болгондугун булактар жана изилдёёлёр кабарлашат. Изилдёё процессинде 1873-76-жылдардагы окуяларда Абдымомун аталык менен Момун Шамурзак уулунун экее теъ бир окуяга бир эле мезгилде катышкан учурун жолуктура албадык. Мисалы, 1873-жылдын жазында жана кщзщндё Полот хандын жанында Момун Шамурзак уулу учурабайт. Ал эми 1874-жылкы Аксыдагы экинчи козголушта - Абдымомун учурабайт. Кёпчщлщк изилдёёлёрдщн пикири боюнча ал жылдары экее теъ кётёрщлщштщн активдщщ жетекчилери деп берилгени менен, окуялардын жщрщшщндё бир эле учурда жолукпагандыгы алардын эки башка инсан экендигинен Кщмёндщщлщктщ туудурат. 1874-жылы 24-августта Момундун Идрис-Пайгамбарда кармалган мезгилинен 1875-жылдын сентябрына чейин Полот хандын жанына Момун да, Абдымомун да болгон эмес. Искак 1875-жылы 27-сентябрда Ботокарада экинчи жолу хан кётёрщлгёнщнён кийин Абдымомун кайрадан Полот хандын жанында жщргён. Себеби, Идрис-Пайгамбарда кармалган Момун (Абдымомун), алгач Олуя-Ата тщрмёсщндё олтуруп, бирок августтун аягында качып кеткендиги жёнщндё изилдёёлёр баяндашат. Жогорку салыштырууларга таянып, азырынча гипотезалык таризде биз Абдымомун жана Момун Шамурзак уулу бир эле инсан болгон деп эсептейбиз. 10 миъден ашуун кётёрщлщшчщлёр июль айында Чаткаъан чыгып, Ала-Бука ёзёнщ менен темен карай Касан шаары багытына жщрдщ. Кутлук сейит, багыш, саруу, кырпйй урууларынан жыналган Искактын кётёрщлщшчщлёрщнё жолдон ёзбек, тажик тургундары кошулуп, Касанга жакынадыъ. Чарта менен жаъы, коргондун бектери кол жыйнап, Сафид-Булан мазарынын жанында кётёрщлщшчщлёрдщ токтотууга аракет кылды, бирок 400 кишиден турган сарбаздар кётёрщлщшчщлёргё туруштук бере алышпады. 1874-жылдын 1-августуна чейин Сафид-Булан, Чартак, Жаъы Коргон чёптёрщ алынды, коменданты Тёрё-Коргонго качып кеткен Касан шаарын жана чебин Полот хандын колу согушсуз ээледи. Шаардыкта кётёрщлщшкё кошулуп кетти. Полот хандын кошууну Намангандан алые эмес Тёрё-Коргон чебин талкалап, Наманганга жщрщш жасоого даярданып туруп калды. Тёрё-Коргондун беги Саранчы 500 сарбазы менен кётёрщлщшкё кошулуп кетти да, кийин кётёрщлщштщн активдщщ жетекчисине aйланды.
Аксы кётёрщлщшщнён катуу чочулаган Кудаяр хан, аларга каршы жакты куралданган Абдрахман аптабачы, Иса Олуя, Науман паъсат баштаган 7000 сыпайдан жана 1000 сарбаздан турган жазалоочу отряд жиберди. Санынын кёптщгщнё карабай, негизинен кара-келтек кошуундан турган кётёрщлщшчщлёр салгылашта жеъилип калышты, кеп адам колго тщштщ. Эки жщтан теъ олуттуу жоготуулар катталды айрыкча, кётёрщлщшчщлёр тарабынан мерт болгондор арбын болуп, алардын ичинде кётёрщлщшчщлёрщн жетекчилеринин бири Мусулманкул кез жумъу. Момун Шамурзак уулу Чаткалга чыгып кетти, ал ёзщ Искак бир аз жигиттери менен Ала-Буканын Чанач капчыгайына карай чегинди.
Кётёрщлщштщн Саранчы бий баштаган тобу xaндын жазалоочу аскерин Кызыл-Токой капчыгайында кармап турууга аракеттенди, бирок теъдешсиз кармашта талкаланып калды.
Аптабачынын жазалоочу аскери кётёрщлщшчщлёрдщн кёпчщлщгщн тоолорго качууга аргасыз кылып, караламан эл, коргоосузкалган айылдар катуу талоонго учурады. Айыл-кыштактар аеосуз ёрттёлщп, Ала-Бука ёрёёнщндё эле даргага acытгaндapдын саны 1000ден ашты деп билдирет булактар. Айрыкча, Ала-Бука, ёрщктщ, Касан-Сай ёрёёнщндё жашаган тургундар Жолдош паъсаттын жазалоочуларынын каарына кaлдык. Жазалоону эъ жакты ийгиликтер менен аяктап, Коконго жоон топ туткундарды жана кеп  алыпкайткан Абдрахман аптабачыга Кудаярхан парваначы титулун ыйгарды.
Бул жазалоолор, албетте, элди ого бетер кыжырлантты. Каны кайнаган Искак 1874-жылдын 1875-жылга караган кыш, мезгилинде Чаткал тоо этектерин, Чанач, Ала-Бука, Падша-Ата ёрёёндёрщн кыдырып элди кётёрщлщшкё щндёп жщрдщ.
Чаткалга чыгып кеткен Момун Шамурзак уулунун тагдыры кейиштщщ аяктады. Чаткал ёрёёнщ орус ээликтерине кирип, ал эми Момун орус букарасы деп эсептелингендиктен Кокон ханы Кудаяр аны кармап берщщнщ Сыр-Дарыя облусунун аскер губернатору генерал Эйлерден суранды. Чаткал тоолорунда бекинип жаткан Момун менен бирге миъге жакын кётёрщлщшчщлёр болгондуктан аны колго тушуруу оъой эмес эле. Ошондуктан Сыр Дарыя облусунун губернатору Момунду айла менен колго тщшщрщщнщ чечип, Чаткалга таластык кыргыз бийлеринен тщзщлгён атайын элчилердин тобун жиберди. Казак-орустар коштогон бул элчиликтин алдынa Момунду кандай гана болбосун кармап, орус бийликтеринин колуна тапшыруу милдети жщктёлгён болчу. Чаткалда бир нече сщйлёшщщлёрдён кийин гана элчилердин уру убадасына ишенген Момун 1874-жылдын 24-август кщнщ Идрис Пайгамбар деген жерде орус ёкщлдёрщ менен сщйлёшщщгё келгенде кармалды да, Олуя-Ата шаарында тщрмёгё отургузу. Бирок Момун бир аз убакыттан кийин тщрмёдён качып кеткендиги жёнщндё Б. Жамгырчинов изилдёёсщндё кёрсётёт.

Ошентип, 1873-76-жылдардагы элдик кылмышдан биринчи мезгили аяктады.

Кётёрщлщшкё, негизинен, кыргыздар жана кыпчактар катышканы менен, отурукташкан кыштактардагы, шаарлардагы сарт, ёзбек жана тажик калкы ёзщлёрщнщн тилектештигин билдирип, кээде кошулуп кетип да турушту. 1874-жылы Коконго атайын Ташкенттен жиберилген тыъчы, колледждик кеъешчи Г. Вейнбергдин жазганына караганда: отурукташкан калк кёчмёндёр сыяктуу эле учурдагы абалдан жабыр тартып келген. Алардын арасында тилектештик болбогонсуганы менен, чынында бул жагдай эки жамааттын, карама-каршылыгын кёрсёткён эмес тирешщщ алардын башчыларына гана тиешелщщ ал эми караламан калктын дыйканы да, жyмyшчусу да мал менен жашаган кёчмёнгё толугу менен ниеттеш болгон. 
Г.Вейнбергдин байкоосун 1874-жылы кщзщндё К.П. Кауфмaндын Милютинге жазган каты ырастайт. Кёчмёндёрдщн арасындагы толкундоолор, деп жазат генерал-губернатор, хандын ашкере алык-салыгына жана зордук-зомбулугуна нааразы болушкан отурукташкан тургундарга чоъ таасирин тийгизди. Ошентсе да 1873-74-жылдары Фергананын отурукташкан тургундары кётёрщлщшкё массалык тщрдё аралашып кетишпеди.
Совет тарых наамасында 1873-74-жылдагы кыймылга катышкандардын социалдык курамы негизинен караламан, кедей-дыйкан чарбалардан турган деген пикир басымдуулук кылат. Биздин оюбузча бул пикирге кошулууга болот, бирок айта кетчщ бир нерсе - мурунку тарых наамада орун алып кешен таптык кез карашты бщгщнкщ кщндё абсолютташтыруунун зарылчылыгы жок. Албетте, кыймылдын катарында эмгекчи эл массасы турду, бирок аларды баары бир уруу башчылары жетектешкен. Мамырбай, Абдымомун, Мусулманкул, Шер датка сыяктуу кёрщнщктщщ журт башчылары кётёрщлщшкё багыт берип турушкан. Замандын ал кездеги шартында кыргыз, кыпчак уруулары кётёрщлщшкё таптык белгилери менен эмес, Кудаяр ханга каршы кщрёштщн тегерегинде биригишкен. Кыргыз коомчулугунун ал мезгилдеги социалдык абалынын тереъ эместиги, адилетсиз ханды адилетщщ хан менен алмаштыруу идеясы калктын калыъ катмарында жашап, кётёрщлщш жалпы эл массасынын Кудаяр хандын жанаанын жан-жёкёрлёрщнщн адилетсиз саясатына каршы куралдуукаршьшыгы катары келип чыккан. Бул биригууну улуттук деп тaaнyyra да, тёмёнкщ социалдык кaтмapдын кётёрщлщшщ деп таанyyra да болбойт. Эгер андай болсо кыймылдын баштоочулары катары ёлтщрщлгён кыргыз, кыпчак урууларынын 40 бийин кайда алып барабыз? Анын щстщнё кыргыздар Искак Полот ханды тандагандай эле, отурукташкан ёзбек калкы да ёзщлёрщнщн атынан мурасчы катары Кудаяр хандын алыс тууганы Батыр хан терени. 1871-жьшы эле кёрсётщлпёдщ беле. Бул фактылар кыймылдын социалдык жана улуттук жагынан так жиктелбегендигин, анынжалпы элдик кыймыл болroндугун айкындайт. Кётёрщлщштщн ар бир очогу ёз алдынча аракеттенгендиктен, мурунку изилдёёлёр кёрсёткёндёй, булардын ортосунда кандайдыр бир байланыш болгон эмес деген жыйынтык чыгаруу туура болбос. Кыймылдын тигил же бул очокторун бириктирип турган уюм же башчы болбосо да, алардын бири-биринен кабар алып, тиешелщщ деъгелде байланышта болуп тургандыгын баамдоого болот. 1873-жылы жаз алды менен зекетчилерди ёлтщрщщдён башталган Алай чёлкёмщндёгщ тополоъдун басылгaндыгына карабай, анын уламдан-улам ёёрчщй бериши, Кек-Арт чёлкёмщнё Мамырдын, Аксыда Искак, Мусулманкул жана Момундардын, Лейлек, Исфара тарапта Мамырбайдын ошол эле жаздагы толкундоолору, Абдрахман аптабачынын алдоосу менен Фергана ёрёёнщнщн тщндщк, тщштщк, чыгыш элеттеринен кыргыз, кыпчак урууларынын Шер датка баштаган 40 ёкщлщнщн ордого чакыртытып ёлтщрщлщшщ, Кожент уездинин башчысы подполковник Нольдеге бщткщл ферганалык кыргыз-кыпчактардын 42 уруусунун атынан кат берилиши жана башка фактылар локалдуу, чачкын деп эсептелинген кётёрщлщштёрдщн бири-бири менен байланышта болгондугун ырастап турат.
Ферганалык кётёрщлщшчщлёр бири-бири менен гана эмее, Тщндщк кыргыз уруулары менен дагы байланыш тщзщщгё аракеттенгендиги маалым. Мисалы, Мамыр Мерген уулунун 1700 тщтщндён ашык кётёрщлщшчщлёрщнщн Токмок уездинин аймагына кирип кетиши жана алардын Тогуз-Торо, Кетмен-Тёбё чёлкёмдёрщндё жашаган туугандарынан кёмёк издеши, Мамырдын тщндщк кыргыз урууларын кётёрщлщшкё щндёшщ, чаткалдык, курамалык кыргыз, кыпчак жана казак урууларынын ёкщлдёрщнщн Момун Шамурзак уулун ээрчип, кётёрщлщшкё кошулушу, 1000 тщтщнге жакын кыргыздардын Олуя-Ата уездине кирип кетиши жана башка фактылар жогорку пикирди далилдеп турат. Мындан тышкары Кожент уездинин башкаруучусуна 42 уруунун атынан берилген кат, Тщштщк кыргыздардын Токмок уездинин башчысы 3агряжекийден ётарчын Шабдан Жантай уулун кётёрщлщшкё кёмёк кылyyгa уруксат берщщсщн суранууга Кулмамбеттин жана Камбар серкердин атайын жиберилиши, Шабдандын тщштщккё келиши жана анын Мичи бийди (кай бир изилдёёчщлёр аны Жайчы бий деп аташат) башчы кылып алган деген пикири, Шабдандын сунушу боюнча кётёрщлщшчщлёрдщн Анжыян шаарын алууга аракеттенщщсщ жёнщндёгщ фактылар кыймылдын чачкын эмес экендигин дагы бир жолу бышыктайт: (Тилекке каршы Шабдан менен Тщштщк кыргыздардын кётёрщлщш мезгилиндеги жана андан кийинки байланыштары жёнщндё щзщл-кезил маалымат бирин-экин архивдик документтерде гана сакталганы болбосо, Калганы бизге жетпеди.)
Кётёрщлщшкё чейин эле кокон бийликтеринин зордук-зомбулугуна тойгон эл, кётёрщлщштщ басуу жана андан кийинки  Мезгилдерде, кётёрщлщшкё тигил же бул деъгeлде тиешеси болгон айыл-кыштактардын талап-тоноо сыяктуу жазалардан ётё кату запкы кёргён. Жек кёрщндщ Кудаярды жеъщщгё кёзщ жетпеген кыргыздар айласыздан орус бийликтеринин карамагына ётщщгё аракеттенишкен. мындай фактылар кеп. Мисалы, 1873-жылы ноябрь айында Кожент уездинин бaшчысы подполковник Нольдеге, Сыр-Дарыя облусунун губернатору генерал-майор Эйлерге кыргыздардын жогор жакта айтылган 42 уруусунун элчилиги, Токмок уездинин чектерине кирип кеткен 1700 тутун кыргыздардын орус букаралыгын кабыл алууга болгон сураныч, 1874-жылы майдагы 2000 тщтщн мундуз уруусунун Тщркстан генерал губернаторуна сураныч каты, 1874-жылы жазында Мамыр Мерген уулунун орус букаралыгын кабыл алууну суранган каты, жана башка фактылар. Бул фактылар борборго да угулган. 1874-жылы Голос газетасы Тщштщк кыргыздары орустардан кёмёк издёёгё умтулушуп жатат. Ёткен жылы жызында алар орус букаралыгын кабыл алууга ниеттерин билдиришти, - деп жазат. Кётёрщлщшчщлёр ёзщлёрщнщн Кудаяр ханга каршы кщрёшщнё Орусия бийлиги кандай Мамиле кьmаарына ёзгёчё кылышкан.

Падыша ёкмётщ тщштщк кыргыздардын кётёрщлщшщн колдоо гана эмес, айласыздан болгон орус букаралыгына кирщщ ётщнщчтёрщн да четке какты. Себеби, орус бийликтери 1868-жылы орус-кокон келишимине жана жалпы эле эл аралык кырдаалга байланыштуу Кокон хандыгы менен мамилени бузбоого аракеттенди. Тщштщк кыргыз урууларынын кокон ээликтеринде туруусу мийзам ченемдщщ иш деп тщшщнгён К.П. Кауфман ал тщгщл Тщштщк жана Тщндщк кыргыздарынын байланышын тез арадатоктотуу жёнщндё Сыр-Дарыя жана Жети-Суу облустук бийликтерине шашылыш буйругун жиберди. Буйрукка коштолгон жолдомолордо эгер орус ээликтерине кёчщп келген кыргыздар болсо, аларды тезинен артка кайтаруу жёнщндё кёрсётмё берилди. Ал эми Тщркстан генерал-губернаторунун кызматын убактылуу ётёёлщщчщ. Г.А Колпаковский Жети-Суу облусунун губернаторуна кыргыз депутаттарынын Шабдан менен байланышын текшерщщнщ, эгер ал опурталдуу болсо, тез арада андай байланышты токтотуп, Шабдандан Тщштщк кыргыздарынын жибергенкаттарын тартып алууну буйруду.
Орус букаралыгына кирщщнщ суранган ётщнщчтёрщнщн четке кагылышына, Орусиянын Кокон хандыгын колдогонуна карабастан Тщштщк кыргыз урууларынын бир даары Токмок, Олуя-Ата уезддеринин чектерине кече качып жатышты. Тогуз-Торого, Кетмен-Тёбёгё ётщп кеткен 1700 тщтщн щй-бщлёдён тышкары Олуя-Ата уездинин чегине да бир топ уруулар кирип кетишкен. Мисалы, Кудаяр хандын 1873-жылдын 5-ноябринде Тщркстан генерал-губернаторуна жазган катында алар баймундуз (Осмон бий, Жолборс бий, Бердикул бий) , осурак (Рахмат бий, Бала бий) , баглан (Сейит бий, Сарыкулак бий), кырк-тамга (Калпа бий, Мурун бий), кушчу (Баймырза бий), каман (Жусуп бий), карабагыш (Эсенбай бий, Асанбай бий) жана кыргыз-кыпчак (Мусулманкул, Алымкул бийлер) - баары уруу экендиги жазылган. Ошол эле учурда Кудаяр хан ушул катында орус-кокон келишимине негизденип, кёчщп кетишкен кыргыздарды кокон ээликтерине кайтарып берщщнщ орус бийликтеринен суранган. Эгер Сиздердин кыргыздар, - деп жазылат ал катта, - мени ээликтериме кирип келишсе, аларды кайтарууга буйрук берилет. Эки жак теъ бирдей аракет кылуулары керек. Орус бийликтери тез эле кокон сунушун аткарышты. Бирок, Г.А. Колпаковскийдин артка кайтарылган кыргыздарды жазалабоо жёнщндёгщ ётщнщчщнё карабай, хандыкка кайра келишкен кыргыздар таланып-тонoлду.
Кетмен-Тёбёдён кайткан кыргыздарды хандын жазалоочу отряды талоонго ала баштаганда ансыз да жщдёп бщткён байкуштар кайра артка качты. Жазалоочулардын куугунунда 40 тай качкын, 15тей хан сыпайлары ёлщмгё учурап, 60 киши кошо тщштщ да зынданга салынды. Олуя-Ата уездине кайра качкан кыргыздарды да. Ошондой эле меймандостук кутту. Кантсе да качкындар мурунку мекендерине кщч менен кайтарылып жатты. Кётёрщлщштщн башынан тартып эле орус бийликтери Кокон хандыгынын, айрыкча Кудаяр хандын кызыкчьшыгын ар тараптан колдоп, кёчмёндёрдщн кыймылынын ёсщп кетишине шарт тщзгён ар кандай аракеттерди токтотууга чара кёрщп жатты. Жадагалса К.П. Кауфман 1873-жылы ноябрде кёчмёндёрдщн 42 уруусунун атынан келишкен Кулмамбет менен Камбар серкердин элчилигине Кожент уездинин башчысы Нольденин силердин кётёрщлщшщн басуу максатында орустар активдщщ аракеттерден алыс, кокон бийлигине жардам берщщ жёнщндё ою жок – деген сыпаа сёздёрщн катуу сынга алып, мындай пикир кыймьшдын кщчёп кетишине шарт тщзёт деп эскерткен. Ошол эле учурда К.П. Кауфман Кудаярга 1873-74-жылдары бир нече жолу Кокондун Ташкенттеги расмий ёкщлщ Мырза Хаким парваначы аркылуу мамлекеттеги кырдаалдын ётё курч экендигин азыртан эске алуусун, эгер андай болбосо кеч болуп каларын эскертти. Ал 1874-жылы 8-июлда Кудаярга жазган катында, Кокон мамлекетинин мыкты адамдары Сизге каршы, эл тынч эмес... Эгер Сиз элиъизди башкаруунун ыкмасын ёзгёртпёёъщз (алык-салыкты азайтууну айтып жатат), бизден барган оруне ёкщлдёрщнё сый мамиле кылбасаъыз, анда мен Сизге кырдаалдын эъ жаман аяктаарын алдын ала эскертемин, - деп опузалаган. Бирок, Кудаярхан ору, бийликтерин согуштук жардам берщщнщн ордуна кеп кеъештерин гана айтканын, ал турсун алык-салыктарды азайтуу керек деген сунушун жактырбады, орус досторунан ичи бир аз сууй тщштщ.

Бирок, кётёрщлщштщн убактылуу токтоору менен жщрёгщ ёзкабына тщшкён Кудаяр хан орус досторунун кёп-кеъештерин унутуп, калкка Каршы саясатын мурункудай уланта берди. Ал тщгщл кщчёттщ. Сыр-Дарыя облусунун губернатору 1874-жылдын 23-ноябринде Тщркстан генерал-губернаторуна: Кокондогу кётёрщлщш токтолду. Тополоъ буткёндён кийин хан кётёрщлщшкё катышкандарга ёзгёчё салык сала баштады, - деп билдирген.
Мындай саясат орус серепчилеринин пикири боюнча Кокон хандыгын катастрофага карай алып бара жатты, ал эми орус баскынчылары ал катастрофанын келишин гана кщтщп тypдy. Жогорку айтьшган фактылык материалдарды 187З-76-жьшдардагы элдик кылмьшды биринчи мезгилине баа берип коюу абзел. Бир жарым жыл чамасында созулган бул мезгил тёмёндёгщ белгилерименен мщнёздёлёт:

Социалдык курамы эмгекчи элден гана турган деген тарых наамалык пикир кщмёндщщлщктщ тущдщрат. Себеби, кётёрщлщштщн очокторунун башындагы инсандардын кай биринен башкасы (Мамыр Мерген уулу, Искак Асан уулу) негизинен уруу бийлери же элге белгилуу бекзаадалардан болучу. Кётёрщлщшкё Шер датка сыяктуу Кокон мамлекетинде аброю чоъ бийлер жол кёрсётщшщп, анын башында Мусулманкул, Абдымомун сыяктуу бийлердин, бектердин жетекчилик кьшышы, анын щстщнё толкундоолорго ар бир уруудан эмгекчи, кедей, малчы адамдар гана бёлщнщп катышпастан, уруу белгиси менен бириккен жамаат катары аракеттениши (булактарда кедейлер жамааты гана катышты деген фактылар таптакыр учурабайт), анын социалдык курамы биринчи кщндён баштап эле кеъири болгондугун айгинелейт.
Мурунку тарыхнаамада тигил же бул кыймылдын прогрессивдщщлщгщн же реакциялуулугун аныктоо щчщн чечщщчщ фактор болуп таптык кёз караш эсептеленщчщ. Эгер маселени мындайтаризде карасак, анда кыймьшдын 1873-74-жылдардагы мезгилинде эле анын социалдык курамында реакциялуу элементтер болгон деп жыйынтык чыгаруу туура болмок. XIX кылымдын экинчи жарымында ар бир уруу айыл-айыл болуп жашаган шарттаиш жщзщндё кётёрщлщш тигил же бул Руу башчысынын же аздыр-кёптщр оокаттуу, кесем, баатыр жетекчилигинде чыккандыктан биз социалдык жагына кыймылдын катышуучуларын жасалма тщрдё беле албайбыз. Жалаъ кетменчи, койчу, малай, кедей кётёрщлщштщ баштай да алмак эмее. Кыймьшдын максаты адилетщщ бийликти тщзщщ болyп жаткандыктан анын тегерегине тигил же бул тап эмес, жалпы эл бириккен. Булактардан кётёрщлщштщн тигил же бул очокторунда таптык белгилер менен ёз феодалдарына каршы чыккан кыймылдын фактыларын учурата албадык. Демек кыймылдын жщрщшщндё бири бирчне карама-каршы турган эки гана жамаатты кёрёбщз. Булар: 1) расмий хан (Кудаяр хан) жанааны жактоочулар. 2) расмий хандыжана хандыктын башкаруучуларын (Кудаяр ханды жана анынжан-жёкёрлёрщн) алмаштырууну кёздёгёндёр. Анын щстщнё кыймылдын биринчи кщнщнён акыркы мезгилине чейин элетrиктердин кыл куйрук ураанынын (кщрёшкё жан адам калбай катышуу урааны) алдында чогулуп келиши жогорку пикирди таасыныратап турат. Бул мезгилдин максаты, анын себептеринен келип чыкты. 1873-74-жьшдары болуп ёткён элдик чыгуулар Кокон хандыгындагы социалдык-экономикалык эзщщнщн кщчёшщнё байланыштуу болгондуктан, анын максаты Кокон ханы Кудаярды жакты хан менен алмаштыруу, эзщщну азайтуу, элдин турмушун аз да болсо жеъилдетщщ болгон. Ошол эле учурда Полот хан аты менен Искактын хан кётёрщлщшщ тээ Кокон хандыгынын алгачкы кщнщнён бери келаткан ордодогу бийликтин теъ салмактуулугун калыбы на келтирщщ щчщн кыргыз бийлеринин кезектеги аракети да болучу. Бул максат жогоруда аталган социалдык максат менен тыгызайкалышкан. Албетте, аракеттер идеялык жактан так ойлонулуп, программалык тщрдё кабыл алынган эмес, чаржайыт, элдин тщпкщрдёгщ мщдёёсщн гана чагылдырган баса монархиялык (наивный монархизм) аракеттер эле. Кётёрщлщшчщлёр тщзщлщштщ алмаштырууну максат кылышкан эмес, андай кылуу керектигин билишкен да эмес, тек гана жек кёрщндщ Кудаярдын ордуна жакшы мураскор олтургузууну кёздёгён. Тщзщлщштщ тщп-тамырынанбери ёзгёртщщ идеясын тщшщнбёгён ал мезгилдин психологиясын. И. Лениндин баса монархизм деп аталган идеологиянын деъгелинен кётёрщлё алган эмес! Элдин бул мщдёёсщн жан-дилименен туюп, аны аткарууга бел байлаган Искактын жалган Полотхан аты менен чыгуусу орус элинин адилеттигин кёздёгён уулу Емельян Пугачевду элестетет. Кётёрщлщштщн бул негизги максаты 1873-жылдан 1875-жылдын 9-Октябрына чейин ёзгёрщлбёй келди.

Мындай кырдаалды совет Tapыx нaaмacынын айрым ёкщлдёрщ кётёрщлщштщн 1875-76-жылардагыы экинчи мезгили феодалдык таптын ёкщлдёрщнщн кошулуп кетиши менен реакциячыл жолго тщшщп кeлди деп тщшщндщрщщгё аракеттенишкендиги маалым.
Азыркы тарыхнаама таптык кёз карашты алдыъкы орунга койгон солчулдук ыкмадан айрылууда. Эмне щчщндщр биз ушул кщнгё чейин ири феодалдарды, уруу бийлерин, бaйларды, бектерди жана башка белгилщщ инсандарды жалпы элдин катарына кошпой, ёзщнчё эле бир оркоюп турган элемент катары санап, эл деген тщшщнщккё эмгекчи массаны гана киргизебиз? А чынында эл дегенибиз кеъири тщшщнщк эмеспи, сёзсщз тщрдё анын идеологияеы да, психологиясы да, башчысы да, аткаруучусу да, бийликчиси да, баш ийщщчщсщ да, байы да, кедейи да болгон татаал кёрщнщш экендигин моюнга алышыбыз керек. Демек, ошол татаал жана кёп кырдуу элдин бир мщдёёнщн айланасында топтолуп, аракеттенщщсщ, эгер, тарыхый прогресске карай багыт алган болсо, ал кыймылдын прогрессивдщщ болоруна талаш жок. Ал эми ошол жалпы багыттын ичинде ёзщнщн жеке кызычылыгын кёздёгён инсандардын иш аракетаери анын нугун, мщнёзщн ёзгёртё алган эмес. Дагы бир айта кeтер нерсе - элдин кызыкчылыгы деген тщшщнщк жщздёгён жана миъдеген жеке кызыкчылыктардан куралары тарыхта маалым.
Полотхандын Коконхандыгын алуу максаты менен жалпы элдин кётёрщлщшкё щндёп чыгуусу акыры келип орус ёкщлдёрщ менен тил табыша албагандан кийин каршылашы болуп чыга келди. Ушул окуядан кийин кётёрщлщштщн башында чыныгы жетекчи Искак-Полот хан туруп калды. 1875-жылдын жазынан башталган кыймылдын экинчи мезrилинде жек кёрщндщ Кудаярдын куулушу менен кётёрщлщшчщлёр максатына жеткендей болушту эле, бирок Абдрахман аптабачы сыяктуу куу саясатчылардын аракети астында жууну боштугу жана элге каршы чыккынчьтыгы атасынан кем калбаган Насирдин бектин такка отурушуна байланыштуу кыймылдын максаты жана багыты бир аз ёзгёрщлдщ. Кыймылдын жалпы жетекчилигин колго алган Искак-Полот хан эми жаъы кырдаалда кётёрщлщштщн мизин бир эле учурда Насирдин бектин бийлигине жана орус баскынчьшыгына каршы багыттады.
Ошентип, элдик кыймылдын 1875-76-жылдардагы экинчи мезгилинин биринчи баскычы аяктады. Анын негизги жыйытыгы жек кёрщндщ Насирдин ханды атасы Кудаяр сымак ордодон кууп чыгып, эл каалаган адилеттщщ ханды бийликке алып келишинде болду. Муну менен кыймьш ёзщнщн антифеодалдык максатына жетти десек да болчудай. Бирок, ошол феодалдык мамилелерди коштоп жщргён Орусия империяеынын Туркстандагы саясатына ыъгайлуу режимди ооз жщзщндё сактап калууга умтулумуш болгон. Орус колонизаторлору иш жщзщндё Фергана ёрёёнщнщн калкын, анын ичинде Тщштщк кыргыздарын каратуу максаты менен басып киргендиги - кыймылдын каралып жаткан баскычынын жыйынтыгынын тескери кёрщнщшщ болучу. Бул жагынан алып караганда кётёрщлщш жеъилди деп саноо да туура.

Полот хандын туруктуу кошууну негизинен атчандардан тщзщлщп, анын саны 12 Миъге жеткен. Кошуундун негизги бёлщгщ Кокон хандыгындагы эъ тынчы жок элемент саналган кыргыздардан жана кыпчактардан куралган.
Тилекке каршы, аз гана мезгил хандык бийлик жщргщзгён Полот хан анча-мынча саясий-админстративдик иштерди жасоого щлгщргёнщ менен, экономикалык жана социалдык максаттагы ишчараларды аткара албады. Ошондой болсо. да анын ёз атынан акчачыгара баштагандыгыъыз мамлекет символдорунун элементтеринда киргизщщгё аракеттенгендигин билдирет. (полот хан чыгарган теъгелердин бири Ёзбекстандын Илимдер Академиясынын тарых музейинде баалуу экспонат катары сакталып тургандыгы жёнщндё адабияттар кабар берет.) Тилекке каршы, бул жагдайда бизге мындан башка конкреттщщ маалыматтар жетпеди.
Кырдаалдын татаалдыгына, Искактын бир эле учурунда Насирдинбекке, Орусия баскынчылыгына жана Аптабачынын жамаатына каршы Кщрёшщнё байланыштуу анын душмандары да Кен болду. Искактын чыныгы Полот хан экендигинен кщмён санаганорус офицерлери менен Аптабачынын тобу анын бетин ачууга 1875-жьшдын жайынан баштап эле аракет кылышкан болучу. Искак Полот хан аты менен Асакеде бийлик жщргщзё баштаган мезгилде анын жалган мурасчы экендигин жалпы кётёрщлщшчщлёр билишпесе да, душмандарьшын бир тобу сезип калышкан. Орус бийликтери болсо муну 1870-жылдын башында билишти. Бул жёнщндё атайын маалымат чогултулуп жогорку бийликтегилерге 1876-жылдын 6-январында билдирилди. Бирок бул фактыга кётёрщлщшчщлёр маани беришпеди. Себеби, алар щчщн негизги максат ишкер жол башчынын айланасында топтолуп, Кокон кагын ээлее менен адилеттщщ мамлекетик тщзщлщштщ орнотуу жана орус баскынчьшарын келтирбёё болучу.

Полот хандын ээликтеринде жалпы абал тынчыгандай болгону менен, Насирдин хандын колдогон орус аскеринин эртеби-кечпи басып кирщщ коркунучу сакталып турду. Ошондуктан, кётёрщлщшчщлёрдщн лагеринде орус баскынчылыгына каршы даярдыктар жщрё берди. Убактылуу тынчтыктан пайдаланган Полот хандын бийлигинин алсыз экендигин жана анын Орусия менен кщрёшё албастыгын баса кёрсёткён чакырык менен кайрылды. Бул Чакырык дагы бир жолу Насирдиндин Орусиянын пайдасына чыккынчыллык кылып жаткандыгын айгинеледи.
Элдик кыймылдын экинчи мезгилинин чегиндеги биринчи жана экинчи баскычтарды камтыган 1875-жылдын жай айларынан 176 жыл ёмщр сщргён Кокон хандыгынын жоюлушуна (1876-жылдын 19-февралы) чейинки саясий окуялардын жыйынтыгын тёмёнкщдёй болду.
Бул мезгилде элдик кыймылдын максаты биринчи мезгилдегидей (1873-74) эле антифеодалдык бойдон кала бергени менен бир топ татаалданды. Бул татаалдануу Абдрахман аптабачы баштаган хан чёйрёсщндёгщ ишмерлердин бийлик щчщн кётёрщлщшкё кошулуп кетиши, Кудаяр хандын качышы, тщзщлгён кырдаалда Полот хан жана Аблрахман аптабачы баштаган эки жамаатын калыптанышы, август айында орус аскерлеринин Кокон ээликтерине киришине байланыштуу кыймылдын феодалдык мщнёзщнщн антиколониалдык максат менен бири иши сыяктуу окуялар менен ёнщктщ. Насирдин бектин 24-толда хан кётёрщлщшщнён кийин ал жана аны колдогондор щчщн кётёрщлщш максатына жеткендиктен кыймылдын биримдиги чогулду. Абдрахманаптабачы баштаган топ колго тийген бийликтен пайдаланып, кётёрщлщштщн чыныгы жетекчиси Полот ханды августтун башында камакка алды.
Абдрахман аптабачынын 1875-жылдын август айында орустарга каршы жарыялаган газаватын, анын диний мщнёзщнё карата реакциячыл деп саноо туура эмес. Себеби, ал мезгилде орус падышачылыгы Тщркстанды басып алуу менен колонияга айландыруу максатын кёздёгёндщктён, газават орус элине эмес, Орусия баскынчьшарына каршы багытталып, ураан антиколониялык максаттын бир тщрщ катары саналышы тарых логикасына туура келет. Бирок Аптабачынын жана анын жанжёкёрлёрщнщн тщпкщ максаты ураандын ошол кырдаалдагы маъызына толук жооп бербеди. Газават ураанынын жардамы менен Кокон хандыгынын мурунку чек араларын калыбына келтирип, бийликти ёз колуна топтоону кёздёгён Аптабачынын аракеттери чынында элдин мщдёёсщн1 тёп келген эмес. Ошентсе да ураан орус баскынчыларына каршы жалпы элдин толкундоолорун кщчёттщ. Газават же джихад урааны элеттиктердин кыл куйрук урааны сыяктуу эле ёзщнщн жёнёкёйлщгщнё карабастан прогрессивдщщ мааниге ээ болгондугун тануу кыйын. Газават урааны менен кыл куйрук урааны кийинки - 1976-жылдагы окуяларда деле тоолуктардын кыймылына антиколониялык тщс берип турган. Натыйжада Орусия падышачылыгы Кокон мамлекетине карата саясатын согуштук мамилеге буруп, 20-августтан кадимки эле басып алуу жщрщшщ башталды. Махрам салгылашуусу, Фергана ёрёёнщнщн жарымынан кёбщрёёк болугунун орус аскери тарабынан басылып алынышы, ал фактьшы Насирдин бектин таанышы жана 23-сентябрдагы Кокон хандыгы щчщн протектораттык орус-кокон келишимине кол коюшу, Наманган чёлкёмщнщн орус ээлигине ётщшщнё кокон бийлигинин расмий макул болушу жана башка мына ушул сыяктуу кейиштщщ фактылар Абдрахман аптабачы менен Насирдин бек баштаган реакциячыл топтун прогрессивдщщ саясий активдщщлщгщнщн бщтщшщн кёрсёттщщ.
Искактын Полот хан аты менен 27-сентябрда экинчи жолу хан кётёрщлщшщ, анын кыймылын багынтыш бир эле учурда Насирдин бектин ёкмётщнё да, орус баскынчыларьша да каршы бура алышы, октябрдын башындагы Анжыян салгылашуусундагы ийгиликтер, орус баскынчыларын Кокон ээликтеринен убактылуу кyyп чыгуу жана Насирдин бектин бийлигин кулатуу сыяктуу элдик батыр Искак-Полот хан баштаган прогрессивдщщ топтун аракеттери кыймылдын элдин максатын кёздёгёндщгщн ырастады. Абдрахмандай ары акркылуу, ары кщщ ордо тёбёлдёрщнщн тиешелщщ кырдаалда кётёрщлщш тарапка ётщп кетиши Полот хандынбагытынын туура экендигин дагы бир жолу бекемдеди. Мындан ары кыймыл жергиликтщщ элдин бирден-бир коркунучтуу душманы болгон орус баскынчыларына каршы багытталып калды.
Бул этапта кыймылдын социалдык курамы, масштабы кеъири болду жана кётёрщлщш тёмёндёп жогору, жёнёкёйдён татаалга карай прогрессивдщщ ёнщгё берди. Кётёрщлщштщн кыймылдаткыч кщчтёрщндё, анын улуттук курамы олуттуу мааниге ээ болгон. Документтер кёрсёткёндёй кыймылдын катышуучуларынын этникалык курамы ётё кеъири болуп, анын басымдуу кёпчщлщгщн кыргыздар тщзгёндщгщн байкоого болот. 70-жылдардын аягында Фергана облусуна изилдёё максаттары менен келген академик АФ. Миддендорфтун берген маалыматтарына караганда ёрёёндёгщ 15-40 жаштагы тургундарда эркек адамдардын саны кескин азайып кеткендиги, анын себеби 1875-жылдагы кётёрщлщштщ басууда курал кётёрщп жщрё ала турган каракыргыздардын эркектеринин кёбщ ёлщмгё учурагандыгы менен тщшщндщрщлёрщн эскертип кeтeт.
Кыймылдын реакциячыл жамаатынын элге каршы аракеттеринин дагы бир жыйынтыгы орус колонизаторлорунун Нарын дарыясынын оъ жээгин ээлеп, Наманган бёлщмщн тщзщщ менен Фергана чёлкёмщн жана Тщштщк кыргыз урууларын басыпалууга ыъгайлyy шарт тщзгёндщгщ болду. Бул абалды аталган топтун расмий ёкщлщ Насирдин хан толук тааныды жана колдоду.
Элдик кыймылдын жеткен чеги болгон баскыч. Бул октябрдан баштап Кокон хандыгында орногон хандыктын акыркы окумдары Искак-Полот хандын саясий-административдик ишмердиги эсептелди. Искактын хандык бийликти ээлеши элдин мщдёёcщнё топ келип, ошол эле учурда кыргыз бийлеринин кадимден келаткан ордодогу бийликтин теъ салмактуулугун калыбына келтириши болгон. XIX кылымдын орто ченинен ордодогу бийликке Нщзщп, Мусулманкул, Алымбек, Анымкул сыяктуу кыргыз, кыпчак кёчмён бийлери аралашып кеткендиги маалым. Алымкул ёлгёндён кийинки он жылдын ичинде кыргыз бийлери ордо бийлигине аралашпай, ага жещщнщн бир катар аракеттер болгондугу белгилщщ. Бул саясий аракеттер Полот хан менен ашты. Мындан ары Кокон хандыгынын тарыхы жацы демилгелщщ жана жацы бийлик менен уланмак. Бирок, кырдаалдын татаалдыгы, согуштук абал, кётёрщлщштщн жана орус баскынчыларынакаршы кщрёштёрдён жапа чеккен мамлекеттин жеткиликтуу экономикалык базасы болбогондугу кётёрщлщшчщлёрдщн тоодой демилгесине карабай колго тийген бийликти жана тынчтыкты сактап калууга шарт тщзгён эмес. Ошондуктан Полот хандынхандык бийлиги негизинен жырткычтык менен басып келе жаткан Орусия империясынан кёргёнщ, жакшы бийликти жактырбаган ички душмандардын каршылыгын басуу менен гана чектелип калды.
Кокон хандыгынын пайда болуш, ёнщгщш жана жщрщш логикасы анын жоюлушун камсыз кылган тарыхый ёбёлгёлёр менен шартталгандыктан, бул мийзам ченемдщщлщктщ ишке ашыруучу активдщщ фактор болуп, Орус империясынын Туркстанга, анын ичинде Фергана ёрёёнщнё басып кириши болду. Жергиликтщщ калктын эркине тиешеси жок колониялык каратуулардын ишке ашышын ошентип, XIX кылымдын экинчи жарымындагы Орусиянын жана Борбордук Азиянын саясий абалына негизделген тарыхлогикасы аныктап койгон. Бул процесс иш жщзщндё 1876-жылдын 19-февралында аяктады.

Корутунду.
Фергана өрөөнүнүн тоо арасындагы элетиндеги жана түздүктөрүндөгү мурунку Кокон хандыгынынын тургундары болгон кыргыздар, кыпчактар, өзбектер жана тажиктер гана эмес, а түгүл орус ээликтери болуп эсептелген Оро-Төбөнүн, Кажент уездинин Лейлек, Ташкент уездинин, Курама уездинин, Олуя-Ата уездинин Чаткал өрөөнүн Бухара эмиратынын Кара-Тегин өрөөнүнүн көп улуттуу улуттардын катышышы кайбир урунттуу учурларды көтөрүлүшчүлөрдүн санынын эки жүз миңге чейин жетиши, үч жыл бою алоолонгон бул кыймылдын масштабынын өтө зор экендигин аныктап турат. Чынында, мындай чоң кыймыл бүтүндөй борбордук Азиянын XIX-кылымындагы тарыхында болгон эмес.
Кыймылдын дагы бир мааниси анын элдик кыймыл экендигинде. Биз жогоруда көтөрүшчүлөрдү социалдык жактан эки тапка бөлүп кароонун туура эмес экендигин айтсак болот. Кудаярханга, Насырдинбекке каршы конкреттүү күрөштөр антифеодалдык мүнөзгө ал эми орус баскынчыларына каршы күрөш антиколониялык мүнөзгө ээ болгон. Аталган максаттарды ишке ашырууда кыймылга катышкандарды күрөшүүнүн тигил же бул ыкмалары менен айырмалаган топторго гана бөлүүгө болот.
Мисалы Полотхандын элдик прогрессивдүү тобу жана Абдрахман аптабчынын бийликке умтулган тар максаттагы, бирок антиколониялык багытта элдик кыймылга бириккен тобу. Ал эми антифеодалдык жана антиколониялык максатта баш кошкон жалпы элдик таптык жиги жагынан бөлүп кароого мүмкүн эмес. Ошондуктан 1873-76-жылдардагы кыймылды жалпы элдик кыймыл болгон деп эсептесек болот. Муну ошол учурдагы окуялардын активдүү катышуучусу, Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору «Жарым падыша» К.П. Кауфмандын сөзү ырастап турат. Анын 1876-жылы 27-апрель күнү жазган билдирүүсүндө 1875-76-жылдардагы согуштардын мурункулардан узак жана оор болгондугу, орус аскерлери «Биринчи жолу кубаттуу жоокерлер менен кагылышып, эл менен күрөшүү Орто Азия деспот хандар менен күрөшүүгө караганда алда канча кыйын экендигин түшүнгөндүгүн» жазылган.




#Article 62: 1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасири (1209 words)


Түркстанды орусташтыруу колониялык-улутчул саясаттын негизи катары XX к. башында мурдагыдан да күч алган. Буга 1911-ж. 31-октябрындагы чөлкөмдүн генерал-губернаторунун областтык аскер губернаторлорго: «Жергиликтуу эл бизди келечектеги орус дыйкандарынын ишин жасай турган материал катары кызыктырат, ошондуктан аларга бүт орустарды сыйлоону канына сиңдирүу керек, эгерде кимде-ким баш ийгиси келбесе жеринен ажырап, жакырчылыктан өлөт же Россия алар менен кош айтышат», деген көрсөтмөсү күбө.анан айдеми деген кыз болуптур ал 1-декабрда торолуптур,ал жаман кыз болуптур

Көтөрүлүштүн негизги себептеришш бири орус дыйкандарьгаын көп санда көчүп келүүсү жана аларды отуруктапгтырууда кыргыздарга карата зомбулуктун күчөшү болгон. Орус дыйкандарын борбордук бөлүктөн көчүрүү иштерине 1896-1916 жж. эле 237 млн 310 мин 236 рубль жумшалган. 1916ж. Түркстандагы жалпы калктын 6 процентин түзгөн орустарга айдоо үчүн жарамдуу жердин 57,7 проценти берилген. Ал эми калктын 94 процентин түзгөн жергиликтүү эл айдоого жарамдуу жердин 42,4 процентине гана ээ болгон. Келгин дыйкандар кыргыздарды адам катары көрбөй, суунун башын ээлеп алышып, кыргыздарга суу бербей, аларды жерлерин таштап кетүүгө аргасыз кылышкая.

Падышачылык бийлик жергиликтүү элдин каршылыгын алдын алып Түркстандагы куралдуу күчтөрдөн тышкары келгин дыйкандарды да куралдандыра бапггаган.

Падышанын жогорудагы буйругу боюнча Түркстандын Сыр-Дарыя областы 60 мин, Самарканд областы 32,5, Фергана областы 51,3, Жети-Суу областы 43 мин кишини жөнөтүүгө милдеггендирилген.

Мурдатан эле колониялык эзүүнүн запкысы жаньгаа баткан эл эми колго курал алып, ачыктан-ачык боштондук күрөшкө көтөрүлүүгө аргасыз болгон.

Көтөрүлүш 1916-ж. 4-июлда Самарканд областынын Кожент шаарында башталып, тез арада Сыр-Дарыя, Фергана областтарына тараган. Фергана обяастындагы июль айындагы көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү катышкан. Анжиян уездинин калкы чечкиндүү аракеттер менен оадышанын указын аткаруудан ачык эле баш тартышып, атайын түзүлгөн тизмелерди жок кылышкан. Бийлик өкүлдөрүнө, падыша чиновниктерине кол салышкан. Көтөрүлүшкө Кокон, Наманган уезддериндеги тоолук кыргыздар да активдүү катышышкан. Наманган уездиндеги көтөрүлүшкө Таласбай Алыбаев жетекчилик кылган.

Боштондук кыймылы Кетмен-Төбөгө, Чаткалга, ТогузТоро өрөөндөрүнө тараган. Ош уездиндеги көтөрүлүш Сулайман тоосунун этегиндеги 10 мнндей адам катышкан жыйын менен июлдун башында башталган. Өзгөндөгү көтөрүлүш да курч мүнөздө өткөн. Август айына карата Кыргызстандын түштүгүнүн көпчүлүк бөлүгү көтөрүлүшкө тартылган.

Кыргызстандын түндүгүндегү кетөрүлүш Түркстандын башка чөлкөмдөрүндөгү толкундоолордон айырмаланып, өтө курч мүнөздө болгон. Бул жакта элдик кыймыл мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуу деңгээлинде өткөн. Көтөрүлүшкө кыргыз эли менен катар бул аймакта жашаган башка элдердин көпчүлүгү казактар, уйгурлар, дунгандар ж. б. катышкан.

Жети-Суу областынын ар кыл элинин өкүлдөрү катышкан алгачкы жыйын 10-июлда Каркыра жармаңкесине жакын Каман-Карагай деген жерде өтөт. Кеңешмеде аскерге киши бербөө, керек болсо колго курал алып падыша бийлигине каршы күрөшүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Көтөрүлүш июль айында башталып, августта күч алган. Түндүк Кыргызстанда алгачкылардан болуп куралдуу көтөрүлүшкө кеминдик кыргыздар чыгышкан. Бул көтөрүлүштүн жетекчиси катары манап Мөкүш Шабдан уулу хан көтөрүлгөн. Жергиликтүү элдин өз жериндеги феодалдык төбөлдөрдү хан көтөрүп өздөрүнө жетекчи кылышы элдин ан-сезимине сиңгеы салты менен байланыштуу болгон. Колониялык саясаттын азабын тарткан кыргыз элинин көпчүлүк төбөлдөрү кыйын кезеңде эл менен бирге болушкан.

Ошол эле учурда Сарыбагыш жана Атаке болуштуктарында чыккан көтөрүлүшчүлөр Кеминдеги Новоросснйское кьпптагын, казак-орустардын Самсоновка стандиясын курчап турган. Август айынын орто ченинде көтөрүлүш Пишпек уездинин 12 болуштугун кучагына алат. Ысык-Көлдө, Таласта да көтөрүлүшчүлөр күч алат.

Көтөрүлүшкө Тенир-Тоодогу кыргыздар да активдүү катышкан. Кочкор өрөөнү бул жактагы көтөрүлүштүн чордонуна айланат. Көтөрүлүшчүлөр болуш Канат Убуке уулун (Канат Абукин) хан көтөрүп, өздөрунүн башчысы кылып шайлашкан жана ага баш ийүүгө ант беришкен. Ал 30~40тай барданке, бинтон, кош ооз түтөтмө мылтык, негизинен шыргыйдан жасалган найза, айбалта менен куралданган 2-3 миндей аскери менен август айынын башында Кочкордон Шамшынын бели аркылуу Чүйгө аттанган.

Канат хандын стратегиялык урушту так бялген, саясий жетекчилик кыла турган билимдүү адамы болгон эмес. Канаттын аскерлери Чүйгө түшүп туш келген орус кыштактарына кыргын салган. Анын аскерлери адегенде эски Токмокту каратып, чоң Токмок шаарын 13-22-августта он күндөй камоого алган.

Канат хан жетекчилик кылган көтөрүлүшчүлөр Алматы менен Ташкенден келген 1,6 миң падыша аскерлери менен беттешкен. Өтө начар куралданган кыргыз көтөрүшчүлөрү замбирек, мылтык менен куралданган регулярдуу аскер бөлүктөрү менен жан аябай салгылашып эрдиктердин үлгүлөрүн көрсөтүшкөн, алардын көпчүлүгү эркиндик үчүн баатырларча курман болушкан.

Көл кылаасындагы көтөрүлүш да өтө курч мүнөздө өткөндүгү менен айырмаланган. Бул жактагы көтөрүлүш 5августта башталып, 10-августта бүткүл Ысык-Көл ойдукун, Каркыраны кучагына алат. Каркырадагы көтөрүлуштө кыргыздар, казактар, уйгурлар жана дуңгандар ал жактагы 500дөн ашуун дүкөнчөлөрдү талкалашкан. 11-августта кыргыздар менен дунгандар биргелешип Караколго чабуул коюшкан. 13—14-августта көтөрүлүшкө Челпек, Бөрүбаш айылдарындагы сарт-калмактар да активдүү катышышкан.

Көтөрүлүш башталаары менен эле анын Түркстанга тарашынан корккон падыша өкмөтү согушуп жаткан армиядан генерал А. Н. Куропаткинди чакыртып, аны Түркстандын генерал-губернаторлугуна дайындаган. 1916-ж. 17-июлунда Түркстанда согуштук абал жарыяланып, согуш министринин буйругу менен Түркстанга 11 батальон, 3,3 миң казак-орус жөнөтүлгөн. Алар 42 замбирек, 69 пулемет менен куралданган.

Падыша өкмөтү Сыр-Дарыя, Самарканд, Фергана областтарындагы көтөрүлүштөрдү июль айынын аягында басып коюуга жетншкен. Жети-Суу областы жогорку областтардан келгин дыйкандардын көптүгү, ошого жараша жергиликтүү элдии келгиндер тарабынан көбүрөөк кордук көрүп, жер-суу маселесшшн өтө курчуп кеткендиги менен өзгөчөлөнүп турган. Жети-Сууда көтөрүлүш башка областтардагы козголоңдор басылып калганда башталгандыктан, орус төбөлдөрү Түркстандагы куралдуу күчтөрдүн баарын аталган областтагы көтөрүлүштү басууга жумшаган. Жалпысынан алганда, Жети-Суудагы көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстан геиерал-губернаторлугунуи аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген, алардын 1105 атчан аскерлер болгон. Кийинчерээк согуш министринин буйругу менен дүйнөлүк биринчи согушта согушуп жаткан аскерлерден 2 орус-казак полку, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек жана 47 пулемет кошумча жөнөтүлгөн. Мындан тышкары келгин дыйкандардын 43 проценти буга чейин эле куралдандырылганын айтканбыз.

Айры, чалгы, найза, кылыч, союл, барданке, бараң, бир аз мылтык менен куралданып, чаржайыт көтөрүлгөн элди басып коюш, падыша аскерлери үчүн анчалык кыйынчылыкка турган эмес. Кыргызстандын ар кайсы чөлкөмүндө чыккан көтөрүлүштөрдү мыкты куралданып, согуш тактикасына үйрөнгөн казак-орустар өтө канкордук менен жазалап, кыйратып турган. Августтун аягында Пржевальскиден анча алыс эмес жерде көтөрүлүпгчүлөр менен жазалоочулардын ортосунда акыркы ири салгылашуу болгон. 21-августта бул жерде 4 миндей көтөрүлүшчү он, сол канат болуп душманга бир нече ирет чабуул коюшкан. Ал эми 28-августта Түптөгү салгылашууга 7 миндеи ашуун көтөрүлүшчүлөр катышкан. Сентябрь айында падыша аскерлери менен майда кагылышуулар гана болбосо, көтөрүлүш негизинен женилген.

Падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз басууга, жергиликтүү элди кырып-жоюп, мал-мүлкүн тоноп, айылдарын өрттөөгө көрсөтмө берген. Келгин дыйкандарга көтөрүлүштүн натыйжасындагы чыгымдарын көтөрүлүшчүлөрдүн мал-мүлкү аркылуу толуктап алууга уруксат берген. Ал эми аскер-талаа соттору көтөрүлүшкө катышкандарды атууга өкүм чыгарышып, ошо замат өкүмдү аткарып турган.

Жазалоочу отряд жана аларга жардам берген келгин дыйкандар көтөрүлүшчүлөрдү гана эмес, көтөрүлүшкө катышпаган тынч элди, кары-картан, жаш балдарды, аялдарды кыргынга учураткаи. Мисалы, Беловодскидегн 500дөн ашуун кыргыздарды көтөрүлүшкө катыштыңар деп, сарайга камашып, эртеси баарыи мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Ушундай эле окуя Ысык-Көлдүн башындагы Теплоключенка айылында болуп, 500дөй киши өлтүрүлүп, 100дөн ашык адамдын өлүгү Ак-Суу суусуна ыргытылган. Пржевальск шаарындагы жергиликтүү 700 дунгандан 6 гана киши тирүү калган.

Тукум курут болуп кырылып калуудан чочулаган кыргыздар сентябрдын аягынан баштап, өз жерин таштап, баш маана издеп Кытайды көздөй үркүшкөн (качышкан). Жан далбаса кылып колуна тийген буюмдарын, талануудан калган малын айдап, азьга-тозуп качкан кыргыздарды жазалоочу отряд менен келгин дыйкандардын кошуундары сая кууп жеткен жерден кырып, мал-мүлкүн талап жүрүп отурушкан. Үркүн кыш мезгилине туура келип, далай адамдар ак кар, көк муз баскан белдерден өтө албай кыргынга учураган.

Жазалоочу отряддардан Чүй жана Ысык-Көл өрөөнүнүн элдери өзгөчө көп жапа чеккен. Ушул кыйын кезенде элин кыргындан сактап калуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасаган элдик азаматтар болгон. Алсак, Чүй өрөөнүнөн чыккан болуш Дүр Сооронбай уулу, Ысык-Көлдүк белгилүү инсан Кыдыр аке, Суусамыр өрөөнүнөн Түркмөн бөлуш падыша бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өздөрүнө караштуу 400-500 түтүн элдерин Кытайга качырбай кармашып, жазалоодон, азап-тозоктон куткарып калышкан.

Бирок кыргыз элинин көпчүлүгү жазалоочу аскерлеринин кыргынынан кутула алган эмес. Өлгөндөн аман калгандар Кытай жергесине баш калкалаган. Кытайлык маалыматтар боюнча Жети-Суу областынан эле Кытайга 332 миң адам качып барган. 1916-ж. көтөрүлүштө 200 миңге жакын кыргыздар өлүп, Түндүк Кыргызстандын калкы 41,4 процентке азайган. Бул аз келгенсип, падыша өкмөтү 1916-ж. октябрда Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көлдө калган кыргыздарды толук бойдон Тянь-Шанга көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алган.




#Article 63: Даосизм (225 words)


Даосизм –  1) байыркы философия, диний  окуулардын бири. Ал биздин заманга чейин 6–5-кылымдарда Байыркы Кытайда пайда болгон. Даосизм окуусунун негиз салуучусу катары Конфуцийдин замандашы Лао-Цзы эсептелет. Даосизм окуусунун негизги түшүнүгү – Дао, ал даосизм окуусунун философиялык идеясынын өзөгүн түзөт. Бул терминдин сөзмө-сөз мааниси кыргыздын байыркы дүйнө таанымы Теңирчиликтин  – «Жол» нуска наамасынын мазмунуна жакын. Даосизм «дүйнөнүн түпкү себеби», «ааламдын маңызы», «жаратылыштын негизги мыйзамы» сыяктуу теориялык жоболорду камтыйт. Даосизмди ар тараптан өнүктүргөн Конфуцийдин окуусунда «дао» деп, мыкты башкаруучунун жолун, адилеттүүлүктү өркүндөтүүнүн жолун, ыйман-адеп ченемдеринин жыйындысын түшүнүшкөн. Даонун жолун жолдоо, табигый кубулуштарга жана процесстерге кийлигишпөө, табият менен таттуу мамиледе болуу гана ийгиликке алып келет дешкен. Ал эми «Дао Дэ Цзин» китебинде: бардык заттар өзүнүн «менчик» жолу – дао аркылуу жаралат жана өзгөрөт, дүйнөдө өзгөрүлбөс эч нерсе  жок, бардыгы тең ошол өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына айланышат деген философиялык тыянак бар. Биздин замандын 2–3-кылымында даосизм философиялык жана  диний  багыттарга бөлүнүп кеткен. 2) Кытай диндеринин бири, биздин заманда 2-кылымында пайда болгон. Даосизмдин негизги канондук жоболору: теологиясы менен теориясы 5-кылымдын башталышында иштелип чыккан, Тан доорунда (10-кылымга чейин) ал мамлекеттик бийликтин өзгөчө колдоосунда болгон. Даосизм кытайдын расмий дини катары классикалык дао философиясы менен аралашып, элдик синкреттик (бирикме, бүтүн) окуу катары 20-кылымдын ортосуна чейин сакталып келген. Даосизмди  жактоочулардын максаты – дүйнөдө түркүн түрдүү  ыкмаларды: атайын мүнөз тамак-аштан тартып, ар кандай дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүнө чейинки ыкмаларды пайдалануу менен адам өмүрүн узартууга жетишүү болгон.




#Article 64: Бий (171 words)


Бий — уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезгилинде бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй бүлөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жарымынан бий мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл арасында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Бийлер чоң манаптарга баш ийип, алардын таламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы, үй бүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү «маянасын» алышкан. 1865-66-ж. Россия падышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби жөнүндө чыгарган жоболорго ылайык бийлер соту уюштурулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шайланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жылга чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сомго чейин айып салууга укуктуу болгон. Бий мансабы айылдык бийге, болуштук бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган башка элдердин талаш-тартыштары каралган. Октябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы менен болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927-28-ж. казы жана бий соту жоюлган.




#Article 65: Айырмач (172 words)


Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү. 1). Кичинекей балдар (4—6 жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдүү турмушта өзүнчө тай-кунанга мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, бири-бирине кайчылаш аштала жасалат. Ат үстүнөн бала жыгылбашы үчүн мунун капталдарына туурасынан баланын балтырын кыспагыдай жалпак жыгачтар бекитилет. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөңгү ордуна тебүү үчүн көбүнчө териден же кийизден кооздоп жасалган темингиси болот.
Айырмачтын кайчылашып ашталган бети кол жеткидей кооздолот. Усталар ага жыгачка таандык оюм-чийимди түшүрүшөт. Ал оюм-чийим, адатта, чагаракталып, «кочкоректенип» кетет. Чийимди каалга бетиндей тереңдете баспоо керек. Буга түшкөн жыгач оюму «ит куйруктанып», «бармак боочу» сыяктанып, көпчүк-көрпөчөдөн анын кашы койкоюп көрүнүп турат.

Зергерлер бул токулгуга да күлдүрө күмүш чабышкан. Ээрдин алдыңкы жана арткы гана кашы минтип кооздолушу зарыл.

Илгери чабылган айырмачка кичине жошо сүртүп коюшчу. Ал ак жыгачтын өңүн өзгөртүп, кир көтөрүмдүү кылган. Атайын сырдап койгондой буюмдун өңүн ачкан. Азыр аны урунгандар өтө азайды. Мал киндиктүү элет жерлеринде эле ташынып-көчүүдө анча-мынчалар токубаса, кийинки муундар муну музейден гана көрүп калышты. Айырмачты эми өнөрканаларда өзүнчө буюм же белек катары чыгаруу зарыл.




#Article 66: Кыргыздардын байыркы мамлекети жана Ата Журту (171 words)


Кыргыздардын байыркы мамлекети жана Ата Журту
Сыма Цзяндын “Тарыхый жазмалар” эмгегинде мындай деп жазылат “...кийин. Түндүктө Хунро, Кутча, Динлин, Кыргыз, Сенле сыяктуу мамлекеттерди багындырды. Ошо менен Хунн ак сөөктөрү ыраазы болуп, Бөдүн (Мөдүн) Теңир кутту билген деп аташты”. Тарыхый жазуу булактарда кыргыздардын Ата Журту боюнча ар кыл изилдөөлөрдүн негизинде көп божомолдор айтылып келет. Айрым окумуштуулар алгачкы кыргыз журту Энесайда болгон дешсе, башкалары азыркы Түндүк–Батыш Монголиядагы Хыргыс-Нур (“Кыргыз- көл”) деген көлдүн айланасында болгон деген пикирди айтышат.
Кытайлык байыркы тарыхчы Бань Гунун (б.з.1-к.) “Хань шу”- (“Хань сулалесинин тарыхы”) аттуу эмгегинде: “Кыргыздардан чыгышта 7 миң ли (1 ли-500 м.) узактыкта (хуннулардын) шанүйлөрдүн ордосу жайгашкан”,-деп жазат. Тарыхчы, археолог, профессор Юлий Худяков, синолог Л.А. Боровкова жана бүгүнкү күндөгү кыргыз тарыхчылары бул маалыматты жетекчиликке алып, кыргыздардын байыркы Ата Журту Чыгыш Теңир Тоо аймагында болгондугун илимий негизде далилдешүүдө. Бул журт азыркы Чыгыш Түркестандагы Манас, Кара шаар деген шаарлардын түндүк тарабында, Боро-Хоро тоо кыркасынын түндүгүндө орун алган. Эзелтеден кыргыздарга коңшу болгон байыркы түрк элдеринин ичинен динлиндер, усундар, хуннулар, ошондой эле Түркестандагы индоевропалык тилдерде сүйлөгөн элдер (йуэчжилер, т.а. тохарлар) болгон.




#Article 67: Машаякчылык (302 words)


Машаякчылык (орусча Христианство) эң кеңири таралган дүйнөдөгү диндердин бири болуп саналат.

Ал I кылымда пайда болгон. Андагы башкы каарман Ыйса (Иисус Христос),Ыйса пайгамбар Исламда  пайгамбарлардын арасында  болот. Ыйса Машайакты - Машаякчылар  Адам Уулу менен Кудайдын Уулу дешет (Mатай 14:33),  адам кудай болуп эсептеленет дешет, ал адамдардын күнөөлөрүн көтөрүп, айкаш жыгачка кадалып өлтүрүлгөн дешет. Ал тирилгенден кийин, асманга кайып болуп учуп кеткен деп ишенишет

Машаякчылык көз карашта;

Ыйсанын белгилүү шакирттери: Петир, Андрей, Жакып, Жакан, Филип, Барталамей, Томас, Тадай менен Жүйүт Искариот. 

Бул диндин ыйык китеби эки бөлүктөн: Инжил менен Забурдан турат аны Машаякчылар  Байыркы жана Жаңы Осуят деп которушат, экөө кошулуп Библия китебин түзөт , грекче библос китеп деп которулат. Байыркы осуятка Мусанын Беш китеби кирет. Анын биринчиси - Башталыш - дүйнөнүн жаралышы, Адам жана Обо эне, дүйнөлүк топон суу, Жусуп жана мисирдиктердеги туткун жөнүндө баяндалат. Мисирден чыгуу - экинчи китеп - жөөттөрдүн Мисирден кетүүсү, Муса жана анын насааттары жөнүндө баяндайт, кадаа-салттардын жыйындысы болуп эсептелет.
Төртүнчүсү - Сандар - жана бешинчи китеп - Мыйзам кайталоо - жөөттөрдүн мисирдик туткундан кийинки тарыхына арналган. Анан дагы Инжилде пайгамбарлардын, соттордун жана Асрайыл падышаларынын китептери, Давиддин псалмалар жыйнагы, Соломондун ырлар жыйнагы, Соломондун аңыз-китептери жана башкалар орун алган.

Машаякчылык - ири жана Ыбрайым менен дүйнөлүк диндер, мүчөлөрүнүн саны да, болжол менен 2,3 млрд менен, территориялык бөлүштүрүү боюнча - дүйнөнүн ар бир өлкөдө, жок дегенде, бир Ыйсаны жолдогондордун коомчулугу бар.

Жаңы осуят төрт Жакшы кабардан (Евангилие): Марктын, Матайдын, Луканын, Жакандын жакшы кабарларынан, ыйык апостолдордун каттарынан, Жакандын Кудайчылдын аянынан (же Апокалипсистен) турат.

Машаякчылык Кыргызстанда

Кыргызстандын жарандарынын 80-90% пайызы ислам динине кирет. Ал эми калган пайызын Орус Ортодокстуу Чиркөө түзөт. Кыргыз-машаякчылардын көбү - протестантизм  бутагына кирет.

Кыргыз ичинде машаякчылык дини көп тараган эмес. Анткени көбү Иисус Христосту жөн эле пайгамбар деп эсептесе, машаякчылар аны Куткаруучу жана Кудай Баласы катары көрүшөт.

Тарыхка саякат, Бишкек, 1996. Саплина Е.В., Саплин А.И.

Кыргыз тилиндеги Инжил:

 




#Article 68: Асан Кайгы (257 words)


Асан Кайгы — XIII-XIV кылымдарда Алтын Ордого караштуу бир катар элдерде (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток ойчул, акылман, сынчы, гуманист-философ акын
Өмүр бою элдин муңун муңдап,зарын зардап жүргөндүктөн, Асан кайгы аталган. 

Асан кайгынын чыгармачылык өнөрканасын, акындык өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган ырлар кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринде аз да болсо сакталып калган. Айрым ырлары 1912-ж. Оренбургда чыккан жыйнакка кирген. Асан кайгы кыргыз фольклорундагы маалымат боюнча 14-15-кылымдардын аралыгында, Алтын Ордонун ханы Жаныбектин мезгилинде жашаган. Айрым чыгармаларынын ногой, казак, каракалпак, кыргыздарга бир башаттан тараганына караганда булар бир эл катары биригип турган мезгилде жашаган деген ойду жаратат. Казак адабиятчылары акындын ата-тегин тактоого көп аракет кылышкан, бирок анын өмүрбаяны аңыз кепке айланып кеткен. Бизге акылмандын чыгармалары уламыш жана үзүндү түрүндө келип жеткен. Ошондон улам кыргыз адабиятында оозеки чыгармачылыктын атактуу өкүлү, калк кыялынын туундусу катарында каралат. Уламыштарда Асан кайгынын замандаштары Жээренче Чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Алдар Көсөө болгондугу айтылат. Ч. Валиханов аны «көчмөн элдердин философу» деп атаган. Асан кайгы элдин камын ойлоп, «кой үстүндө торгой уялаган», малга жайлуу, адамга сыйлуу конуш издеп, Едилден тартып Талас, Нарын, Аксай, Атбашыга чейин барган экен. Акыры Ысык-Көлдү жактырып, аны конуштап калып, өлөр алдында айткан керээзи боюнча сөөгү Ысык-Көлдүн адам баспай турган бир аралына коюлган деп айтылат.

Бай-бай оокат ай,
Жок болсо мал кыйынын кантейин,
Табылбаса нан кыйынын кантейин,
Ажал жетип өлгөнчө, аманат чиркин,
Жан кыйынын кантейин!
Аргымакка миндим деп,
Арткы топтон адашпа.
Күнүндө өзүм болдум деп,
Менменсинип адашпа.
Артык үчүн айтышып,
Досторуң менен санашпа.
Илимим журттан ашты деп,
Кеңешсиз сөз баштаба.
Жеңемин деп бирөөнү,
Жалгаң менен коштобо.

Асан Кайгы. Санаттары, термелери. Жерге берген сыны -




#Article 69: Толубай сынчы (168 words)


Толубай сынчы - элдик уламыштар боюнча 14-15-кылымда жашаган кыргыз сынчысы жана акылман-ойчулу. Толубай сынчы жаратылыштын жана коомдук турмуштун маселелерин таанып-билүүдө алысты көрө билген адам болгондугу айтылат. Ал Жаныбек хандын  тушунда жашап, өз заманында жаныбарлардын касиетине, өзгөчө жылкылардын күлүктүгүн, тулпар чыга тургандыгын алдын ала баамдай алгандагы, көрөгөчтүгү, сынчылыгы менен даңазаланган мыкты саяпкер болгон. Толубай сынчы эл арасында чечендиги, акылмандыгы, ойчулдугу менен да таанымал болуп, ханга да тайманбай сөз кайрыган, элди ынтымакка чакырган инсан катары айтылат. Бир уламыш боюнча Толубай сынчынын сынчылыгын уккан Жаныбек хан аны чакырып, өз жылкысынан тулпар таап бер деп кыйнайт. Толубай сынчы хандын тулпар аттыкан аттарынан бирден айып таап, кырк жеринде жоору бар, мүдүрүлүп баса албаган бир чаар атты тулпар деп көрсөтөт. Хандын буга ачуусу келип, Толубай сынчынын эки көзүн ойдуруп салат. Сынчынын айтканы туура келип чаар ат чынында эле тулпар болуп чыгат. Элдик уламыштардын негизинде кыргыздын белгилүү акыны Алыкул Осмонов “Толубай сынчы” поэмасын жазган. 

Заман кандай кары, кандай керең,
Закымдап учкан сайын түбү терең...
Ошондой унутулган бир күндөрдө,-
Кыргыздан Толубай сынчы өткөн экен.
Алыкул Осмонов.




#Article 70: Санчы сынчы (191 words)


өз аты – Сансыз. Өмүр баяны жөнүндө так маалымат жок. Уламыштарга жана эл оозундагы болжолго караганда С.с. солто (же эштек) уруусунан чыгып, XVI- кылымдын аягы –XVII кылымдын башында жашаган. Бул маалымат чындыкка көбүүрөк жакын көрүнөт. С.с. көргөнүн тартынбай айткан, айтканы айткандай келген өтө кыраакы, баамчы киши болгон. Анын да айткан сөздөрү толук сакталып калган эмес. Эл оозунда белгилүүлөрү: Солто бийдин уулдарын, Болот бийден тарагандары, Кудаян ханды, Алдаш Белек уулун сындап айткандары сакталып калган.

Компондогон Кудаян,
Кордугуңду койбойсун.
Көргөнүмдү айтамын,
Акыры түбү оңбойсуң.
Сен кара жолтой хандырсың,
Кадемин каткан жандырсың.
Ушу сенин тушунда,
Журт бузулат ушунда.
Калың кыргыз бузулат,
Качып, бозуп кысылат.
Калкка тиет кесириң,
Как талаада калат жесириң.
Каргашалуу Кудаян,
Каарданып эсирдиң,
Аз жыл калды карап тур,
Дүнүйөнү чачасың,
Жөөлөп алып токтобой,
Күн батыш карай качасың
Көргүлүктү көрөсүң
Ач кайкалаң куу белде,
Как ошондо өлөсүң.
Жетим калат балдарың,
Жер шыпырат акыры,
Кемпир менен чалдарың.
Өөз тукумун аз болот,
Назарлары пас болот.
Калмак алат жериңди,
Карайлатат элиңди.
Карап тургун Кудаян,
Капкандай чабат белинди,
Онтотуп кесет деминди.
Ойрот кылат малынды,
Оргуштатат канынды».
С.с. жамандыкты жаратып жаткан, элдин кайгы-муңуна себепкер болгон конкреттүү адамды сынга алган. Ал адамды адилет үчүн күрөшүү жолу менен табууга үндөйт.




#Article 71: Билим (142 words)


Билим– философиялык көз карашта объективдүү чындыктын адамдын сезиминде чагылдырылышы. 

Педагогикада Билимди биз эки мааниде түшүнөбүз:
 

Демек Билим түшүнүгү педаогикалык процессте эки жактуу (информация жана каражат) мааниде кабыл алынат. Окутуу кандай гана формада уюштурулбасын, окуучунун жаңы материалды өздөштүрүшү үч этапта ишке ашырылат.

Ошентип, окуу материалын өздөштүрүү үч этаптан: материалды сезимдүү кабылдап эстеп калуу, аны көрсөтүлгөн үлгү боюнча жана тааныш эмес ар кандай жаңы кырдаалдарда пайдалануудан турат. Тиешелүү түрдө бул этаптарда материалды өздөштүрүүнүн үч деңгээли камсыз кылынат.
Окутуу процесси үчүн материалды өздөштүрүүнүн 1- жана 2- деңгээлдеринин камсыз болушу милдеттүү зарыл, бирок ал жетиштүү эмес. Окутуунун азыркы кездеги максаты – материалды өздөштүрүүнүн 3-деңгээлине жетишүүнү камсыз кылууда, б. а. окуучуларды алган Билимдерин чыгармачылык менен пайдаланууга даярдоодо турат.

Билим (англ. Knowledge-Знания). 

Мисалы, эгер төмөнкү эки айтылыш болсо: 

а) «Кыргыз республикасы Борбор Азияда жайгашат»;
б) «Тажикстан менен чектешет» айтылыштарынын негизинде «Тажикстан Борбор Азияда жайгашат» деген жыйынтык чыгарууга мүмкүн. 




#Article 72: Китепкана (205 words)


Китепкана (грек. βιβλιοθήκη / bibliothēkē, βιβλίον / biblíon «китеп» жана θήκη / thēkē «сактоо жайы») — басмадан чыккан китеп, журнал, газеталарды топтоо, сорттоо, окурмандарга берүү, пропагандалоо боюнча иш алып баруучу, ошондой эле библиографиялык иштерди жүргүзүүчү мекеме. Милдетине, китеп фондуна жана иштөө методуна жараша китепканалар массалык, илим жана атайын деп бөлүнөт.

Массалык китепканалардын негизги милдеттери: адабияттарды талдоо жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, илим китепканалар илим, эл чарбасы жана маданият тармагындагы адистерди тейлейт. Ошондой эле жогорку жана орто окуу жайлардын студенттер жана окутуучулар курамынын муктаждыктарын канааттандырат. Илим китепканага мамлекеттик, академиялык, университеттик жана илимдин түрдүү тармагы боюнча китепканалар кирет. Атайын китепканага техника, ишкана, илим изилдөө институттары менен жогорку окуу жайлардын китепканалары кирет. Китепканалардын негизги багыты – китеп фондун комплекттөө жана уюштуруу, китеп окуучуларды тейлөө.
Китепкана аралык абонемент (КАА) – калкты китеп менен тейлөө формасы. 

Китепкана каталогу – китепканадагы басмадан чыккан китептердин тизмеси. Китепкана каталогу китепканалардын фондунда кандай китептер барын билүүгө, аларды талдап окуганга көмөк берет. Каталогдор системалык, сабактык, алиппелик, номерлүү деп бөлүнөт. Системалык каталогдо карточкалар илимдин тармактары боюнча бөлүнүп, анын ичи алиппе тартибинде жайгашат. Алиппелик каталогдо карточкалар автордун аты-жөнү боюнча алиппе тартибинде берилет. Номерлүү каталогдо карточкалар китепке берилген номерлер боюнча орун алат.

Кыргызстандагы алгачкы китепкана

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004




#Article 73: Менеджмент (152 words)


Менеджмент (англисче management) – базар мамилелеринин шартында ишкананы башкаруу формасынын, принциптеринин жана ыкмаларынын жыйындысы. Менеджменттин негизги максаты – өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатып, пайданы көбөйтүү. Менеджменттик башкаруунун негизги концепциясы: өндүрүшкө стратегиялык пландоого ылайык мамиле жасоо, дайыма программалык багытта башкара билүү. Менеджменттин негизги милдеттери: 1) чечим кабыл алуу; 2) кабыл алынган чечимди ишке ашыруу. Мында айрыкча күтүлбөгөн жагдайда чыгармачылык менен кабыл алынган чечимдер кыйла маанилүү. Менеджменттин негизги иш-чаралары: 1) өндүрүштөгү башкы багытты жана максатты аныктоо; 2) сунушталган максатты ишке ашыруунун ыкмалары менен методдорун өндүрүшкө киргизүү; 3) жетекчилик тарабынан белгиленген чечимдерди кыйшаюусуз аткаруу; 4) кызматкерлерди даярдоо жана жагдайга ылайык мезгил-мезгили менен даярдыктан өткөрүп туруу; 5) ишке ашырылып жаткан чечимдерди дайыма контролго алуу; 6) башкаруунун ыкмаларын улам жаңылап өзгөртүү. Менеджмент – ишкердиктин өтө пайдалуу чөйрөсү. Менеджментти эң алгач Д. Рокфеллер өзүнүн «Стандарт Ойл» компаниясына кийирип, айыгышкан конкуренциялык күрөштө авторитардык башкаруудан баш тартып, маркетинг боюнча адистердин кеңеши менен финансылык кыйынчылыктан чыккан; башкаруу чечимдери Менеджменттин катышуусуз кабыл алынган эмес.




#Article 74: Карл Ясперс (112 words)


Карл Ясперс - (23.02.1883 ж., Ольденбург, Германия - 26.02.1969 ж., Базель) - немец философ жана психиатр, экзистенциализмдин негиздөөчүлөрдүн бири.

Чыгармалыры:
Жалпы психопатология (Allgemeine Psychopathologie, 1913 );
Философия (Philosophie, 3 Bd., 1932);
Доордун рухий кырдаалы (Die geistige Situation der Zeit, 3 Aufl., В.- Lpz.. 1932);
Акыл эс жана жашоо ( Vernunft und Existenz, Groningen, 1935; 
Тарыхтын пайда болушу жана максаттары (Vom Ursprung und Ziel der Geschichte, 3 Aufl., Munch., 1952);
Улуу философтор (Die grossen Philosophen, Bd. 1, 1957);
Атомдук бомба жана адамзаттын келечеги (Die Atombombe und die Zukunft des Menschen, 1958);
Философиялык ишеним жана жаңылык (Der philosopische Glaube angesichts der Offenbarung, 1962);
Психопатология боюнча каттар (Gesammelte Schriften zur Psychopathologie, B.- [u. a.], 1963);




#Article 75: Ырчыуул (209 words)


Уламыш боюнча «Манасты» биринчи баштап айткан адам кырк чоронун бири - Ырчыуул. Анын чоролор арасында өнөрү да ырчылык.

Ырчыуул, өз аты Каратай,- «Манас» эпосунун варианттарынын бардыгында кырк чоронун катарында «Ырамандын Ырчыуул» деген ылакап аты менен аталат да өз ысымы эскерилбейт. Сагымбай Орозбаков вариантында Манастын Орго кан менен болгон согушунда Оргонун аялы Санамкүл өзүнүн эки баласын жана увазир Ырамандын баласы Каратайды алып, Манаска көп тартуу менен келип жан соога сурайт. Каратайдын ишке жөндөмдүү, өзү сөзмөр, шок, ар нерсеге ыктуулугун байкаган Манас аны Санамкүлдөн жигиттикке сурап алат. Кийин Каратай аты калып Ырчыуул деген ылакап аты менен белгилүү болот.
Айтканынын баар таап,
Талабына жеткен кул,
Ырамандын Ырчыуул,
Ычкыры бапик, кырк муун,
Тебетейи чоктуу кул
Айтаарга сөзү шоктуу кул,
Кылабына толгондо
Кырк чоронун бири бул.
Сагымбай Орозбаков вариантында Ырчыуул «Насили казак улуу жүз» деп эскерилсе, кийин ал өзүн тейитмин дейт.
Саякбай Каралаев вариантында Ырчыуул атайылап Манасты издеп чыгып, ага жолугуп чоро болот. Манаска адил кызмат өтөө менен бирге, ал өлгөндө анын уулу Семетейге башка чоролордой чыккынчылык кылбайт, ага колдон келген көмөгүн көрсөтөт.
Ырчыуул чоң ырчы катары эл көп чогулган жыйындарда, тойлордо жарчылык милдет аткарат Манас баатыр каза болгондо анын каармандык иштерин, эрдиктерин ырчы чоросу Ырчыуул кошок кошкон экен.

Кээде Жайсаң ырчы менен бир адам катары көрүшсө, кээде эки башка адам катары санагандар бар. 




#Article 76: Антонио Вивальди (116 words)


Вивальди Антонио - (4.3.1678, Венеция 27 же 28.7.1741, Вена) италиялык композитор, скрипач, дирижёр жана педагог. Жаштайынан скрипкада мыкты ойноп таанылган. 1703-жылдан педагог, кийин оркестр дирижёру жана концерттердин директору, 1713-жылдан «Пиета» аялдар консерваториясынын директору болгон. Вивальди өз операларын коюу аркылуу Венеция театр турмушунун гүлдөп-өсүүсүнө көп күч-кубатын сарптаган. 1718-22-ж. Мантуядагы ак сарайда кызмат өтөгөн, калган өмүрүн Италияда, башка Европа өлкөлөрүндө концерт берүү менен өткөргөн. Вивальдинин чыгармачылык мурасы бай: 465 аспаптык концерт, ораторияларды, кантаталарды, 40тан ашуун опера жазган. Ал И. C. Бахтын чыгармачылыгына да таасирин тийгизген. Скрипкада ойноо техникасын болуп көрбөгөндөй өнүктүргөн. Аны программалуу симфониянын атасы деп аташкан: белгилүү «Жыл мезгилдери» циклдеринен тышкары «Эңсөө», «Деңиздеги бороон», «Түн», «Фаворит» ж. б. концерттерди жазган. Италиянын Сиена шаарында Антонио Вивальди институту иштейт.




#Article 77: Абдыкерим Беки уулу (128 words)


Абдыкерим Беки уулу (1880, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Сейдикум айылы өлгөн жылы белгисиз) манасчы. «Манас» айтууну атасынан үйрөнгөн. Жаш кезинде аш-тойлордо, кыз оюндарында жамактатып ыр чыгарып, элдик жөө жомокторду да айта коюп жүргөн. Абдыкеримдин айтуусунда «Манастын Кыз Сайкалды алышы» эпизоду жазып алынган. Окуяда Манас кырк чоросу менен аттанып, Кыз Сайкалды алууга жөнөйт. Манастын келгенин сыйкырында билген Сайкал жөн коёт да, кези келсе кырк чоросунан ажыратып, өзүн экинчи бастырып келгис кыламын деп камынып калат. Манасчынын айтуусунда Кыз Сайкал кайыптан жаралган деп эскерилет. Ал Манастын айтканына көнбөйт жана жеңилбейт. Манас кайрылып элине кетет. Экинчи жолу барганда Кыз Сайкал сайышка чыкпастан, Манастын алдына Тайбуурул тулпарын тартуулап, бир түнөтөт да, мен тиги дүйнөлүк жарың болом, бул дүйнөлүк жарың Каныкей деп узатат. Абдыкеримден жазып алынган бул эпизод КРнын УИАнын Колжазмалар фондунда сакталып турат.




#Article 78: Акмат Рысменде уулу (227 words)


(1891, азыркы Чүй районундагы Шамшы айылы - 1966, ошол эле жер) - семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакирти.
Октябрь революциясына чейин жалчы, Совет бийлиги орногондон кийин колхозчу. 1930-жылдардын аягынан Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары Чүй районундагы «Шамшы» совхозуна иштеген.

А. өзүнүн «Семетей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты менен байланыштырат. Бул окуя ал Суусамырда кой кайтарып жүрүп ээн талаада уктап калганда болот. Кереметтүү түшүндө бир жигит келип, эпостун каармандарынын атынан ага кур берип кетет. Ошол күндөн тартып «Манас» айта баштайт, кийин курбуларына жана кесиптештеринин алдына айтып чыккан. Токмоктогу Мыктыбек деген кишиникине чакырылып, көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан. Ошондон тартып манасчы катары таанылып, эл алдында «Семетей» айта баштаган. Ал өз учурунда аш-тойлордо жарчы да болуп ырдап жүргөн. 1938-ж. май айында акындардын слетуна чакырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жогору бааланган. А-тын айтуусунда «Манас» эпосунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жамандыгы» (5500 сап ыр), «Чоң казат» (3663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган.

А. «Манастын» байыртадан бери айтылып келген туруктуу өзөгүн бузбастан сактап калгандыгын байкоого болот. Сагымбай Орозбак уулунун вариантындагы салттык окуяларды А. сөзмө-сөз жаттап алган эмес. Бирок, «Манас» эпосунун сюжет курулушу менен образ системасын бузбай сактоого аракеттенген. Эпизоддордогу айрым көрүнүштөр, элдин турмуш-тиричилиги, үрп-адаты, үй-эмеректери, пейзаждык сүрөттөөлөр эпикалык кайталоолор жана башка көркөм формалар А. вариантында башка варианттардан айырмаланып турат. Ошентип, А. башка жомокчулар сыяктуу элдин улуу мурасы «Манасты» айтууда ага чыгармачылык мамиле жасап, кайра элдин өзүнө тартуулап келген.




#Article 79: Эдвард Григ (117 words)


Эдвард Григ (15.6.1843- 4.9.1907) – норвег композитору, пианист, дирижёр, коомдук ишмер. Норвег композиторлор мектебинин ири өкүлү. 1862–ж. Лейпциг консерваториясын бүтүргөн. Дания композитору Н.Гаденден таалим алган. 1866- жылдан Григ Кристианияда (Осло) жашап, филармония коомунун концертине дирижёрлук кылат. Ю.Свенсен менен бирдикте Музыкалык Академия жана Музыкалык коомду (азыр Филармониялык коом) уюштурат. Француз академиясынын мүчөсү (1889), Кембридж (1893), Оксфорд (1906) университеттеринин музыка боюнча жана Берлин академиясынын ардактуу доктору (1897). Григ өз өлкөсүнүн жалындуу патриоту, таланттуу ырчысы болгон. Ата Мекен темасына байланыштуу чыгармалар жаратып, норвег элинин музыкалык фольклорун түп тамырынан бери кайрадан иштеп, аны дүйнөлүк классикалык бийииктикке көтөрдү. Ал дүйнөгө таанымал болгон 2 сюитаны (Г.Ибсендин «Пер Гюнт» драмасына жазылган), фортепьяно жана оркестр үчүн концерттерди, скрипка менен виолончель үчүн сонаталарады, симфониялык бийлерди жараткан.




#Article 80: Геология (470 words)


Геология (гео... жана ...логия) – жер жана анын кыртышынын курамы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы жана андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашуусу жөнүндөгү илимдердин комплекси. Геология эң байыртан, тоо-тек, минерал жана кен-таштар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар пайда болгондон эле белгилүү. Байыркы грек жана Рим илимпоздору (Пифагор, Аристотель, Плиний, Геродот, Страбон ж. б.) жер титирөө, жанар тоолордун атылуу жана дарыя нуктарынын өзгөрүү процесстерин байкашып, алардын пайда болушун түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок, Геология илим катары туңгуч ирет орто кылымда чыгыш окумуштуулары Фараби, Бируни жана Ибн Синанын эмгектеринде калыптана баштайт. Алар айрым минералдарга, асыл жана кооз таштарга, кээ бир геологиялык тулкулар менен кубулуштарга илимий мүнөздөмө беришкен.

Европада тарыхый Геологияга тиешелүү маалыматтар 1617-кылымда Леонардо да Винчинин, Ж. Фракасторонун, Н. Стенонун эмгектеринде кездешет. Жазма адабиятта «Геология» деген сөздү алгачкы жолу немец епископу Р. де Бьюри 1473-ж. Кельн шаарында чыккан «Philobiblon» («Китептерге ышкы») аттуу китебинде азыркы түшүнүктөн таптакыр башкача диний мааниде пайдаланган. «Геология» терминин алгач 1603-ж. италиялык натуралист У. Альдрованди «теология» терминине карама-каршы, табиятка байланыштырып (зоология жана ботаника), «жер илими» деген терминди колдонгон. Азыркы учурдагы түшүнүккө жакындашкан мааниде «Геология» терминин 1657-ж. норвегиялык окумуштуу М. П. Эшольт колдонгон. 17-кылымдан 18-кылымдын 1-жарымына чейин «Геология» термининин ордуна «минералогия» жана «ориктогнозия» терминдери, 18-кылымдын аяк ченинен 19-кылымдын ортосуна чейин Германияда, Россияда (1920-ж. чейин), Англияда «геогнозия» деген термин колдонулуп келген. 18-кылымдын 2-жарымынан табияттаануу илимдеринин бир тармагы катары Геология өз алдынча бөлүнө баштаган. Ушул мезгилде айрым тоо тектердин келип чыгышы жөнүндө илимий түшүнүктөр пайда болуп, геологиялык кубулуштарды байкоо жолдору иштелип чыгып, көптөгөн материалдар топтолгон. 18-кылымдын ортосунда адегенде кичирээк, кийин чоң-чоң аймактардын геологиялык карталары (литологиялык-петрографиялык) түзүлө баштайт. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында тоо тек катмарларынан табылуучу ташка айланган байыркы организмдердин калдыктарын изилдөө менен жер кыртышынын салыштырмалуу жашын аныктоо мүмкүндүгү айкын болот. Ушундан баштап Геология биротоло өз алдынча илимге айланат. 19-кылымдын аягында Жердин тарыхы жана сырткы түзүлүшү жалпысынан илимий жактан далилденген. 20-кылымдын башталышында жер кыртышынын курамын, түзүлүшүн изилдөө жолдору калыптанып, Геологиянын бардык тармактарынын өнүгүшү байкалат. Геология жалпысынан бири бири менен тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт.

Геология илиминин системасында жер бетинин ири аймактарынын геологиялык картасын түзүп, аларга жалпы баа берүү максатында жүргүзүлгөн аймактык Геология менен океан-деңиз түптөрүнөн кен байлыктарды издөөгө жана изилдөөгө арналган деңиз Геологиясы да орчундуу орун ээлейт. Геология башка табият таануу илимдери менен тыгыз байланышта өнүгүп келет. Айрыкча химия жана физика илимдеринин закон ченемдерин, ыкмаларын кеңири пайдалануунун натыйжасында Геологиянын геохимия жана геофизика сыяктуу тармактары пайда болуп, ошондой эле Геология астрономия, география, геодезия, биология, тоо кен иштери менен байланышта өнүгүүдө. Азыркы убакта Геология илимине теориялык жана практикалык изилдөө жүргүзүүдө физикалык, математикалык ыкмалар жана заманбап компьютердик моделдештирүүлөр, технологиялар (географиялык маалымат системасы) кеңири пайдаланылууда. Геологиялык изилдөөлөрдү бүткүл Жер шары боюнча уюштуруп, белгилүү бир багытта жүргүзүү, Геологиянын эң негизги проблемаларын талкуулоо маселелерин 1875-ж. негизделген Эл аралык геологиялык конгресс ишке ашырат. Кыргызстандын Геологиясын илимий жактан изилдөөнү Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Геология жана Сейсмология институттары, ал эми кен байлыктарын издөө жана геологиялык чалгындоо жумуштарын Кыргыз Геология жана минералдык ресурстар агенттиги жүргүзүп келет.




#Article 81: Акылбек (530 words)


Акылбек манасчы(болжол менен 1840-жылдары туулган - өлгөн жылы белгисиз) - манасчы.
Колдо болгон маалыматтарга караганда Акылбек эң таланттуу жомокчу болгондугун ал жөнүндө бизге жеткен кабарлар айгинелейт.
Улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен Акылбекти жогору баалайт. Манасчылар жөнүндө Сагымбай мындай ырдаар эле: 
Назар менен Нармантай,
Келдибек, Балык, Тыныбек.
Баарысынан байкасам
Артык билет Акылбек.
Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоң манасчылардын кимисине жолугуп, таалим алып, бирге болгонсуз?» деген суроого ал «Чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим, тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат кайран киши».

Мен да билем башынан,

Ойноо бала жашыман.
Ысыккөлдүн жеринде,
Урусу бугу элинде,
Уругу кытай Акылбек.
Аксакалдар айтчу эле
Акылбек сөзү макул деп.
Акылбектен көп уктум
Өздөштүрүп төп уктум.
Ыбырайым Абдыракман уулунун эскерүүсүнө караганда Акылбек «Манас» эпосун калмак тилинде да айта билген. «Акылбек Текесте жылкычы болуп жүргөн учурунда «Манасты» калмактардын ичине кирип барып, калмакча да айтып жүргөн» дешет.
Мына ушул эскерүүлөрдү эске алганда ысымдары эл арасына уламага айланган атактуу жомокчулардын «баарысынан артык билген Акылбек» манасчынын замандаштары Сагымбай Орозбак уулу менен Ыбырайым Абдыракман уулу тарабынан өтө жогору бааланышы Акылбек сыяктуу «Манасты» толук айткан, абдан таланттуу жомокчулардын чанда чыгарына далил боло алат.

АКЫЛБЕК

Акылбек манасчы болжол менен 1840-жылдары Ысык-Көлдүн Түп өрөөнүндө туулган. 
Акылбектин өзүнүн айтуусунда «Манас» жазылып калбаганы менен, анын замандаштары залкарлар Арстанбек, Сагымбай, Саякбай, Тоголок Молдо, Ыбырайым Абдыракман уулу сыяктуулардын эскерүүсүнөн улам, жана да эл оозунда уламага айланган баяндардан, анын чындап эле алп манасчы болгондугуна ынанабыз. «Жыйырманчы кылымдын Гомери» аталган Саякбай Каралаев Акылбек манасчы тууралуу минтип эскерет: «Чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим. Тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат, кайран киши».
Ал эми:

Уруусу Бугу элинде,
Уругу кытай Акылбек.
Аксакалдар айтчу эле,

Акылбек сөзү макул деп.
Акылбектен көп уктум,
Өздөштүрүп төп уктум» – деген Ыбырайым Абдыракман уулу Акылбек манасчынын Текестеги калмактарга калмак тилинде да «Манас» айтчу эле деп эскерет. Ошондой эле, алп манасчыдан таалим алып калгандыгы үчүн сыймыктанат.

Уруудан чыккан акын деп.
Акындыгы Чоңбашка,
Алыс эмес, жакын деп.
Бала кезде уккамын,
Айтканынча бар эле.
Ырас жери Акылбек,
Ырдаганы шар эле!» – деп, Тоголок Молдо айтса:

Келдибек менен Тыныбек.
Баарысынан байкасам,
Артык билет Акылбек» – деп, кадимки Сагымбай манасчы анын талантына таң берет. Баарысынан да, “заманачыл” акындардын залкары, олуя акын Арстанбектин:

Чогоол сөздү сүйбөгөн,
Чоюлган сындуу жан эле.

Чок түшкөндөй чартылдап,
Ээ-жаа бербей жети күн,
Элирчү жайы бар эле.
Андан кийин жети күн,
Бутун тартпай уктачу,
Аралап айыл чыкпачу.
Чынында да Акылбек,
Эл оозунда жүргөндөй,
Жаркырап күйгөн шам эле.
Калп айтып ыйман жебейин,
Манасчынын нары эле,
Мактагандай бар эле.
Балды тарткан аарыдай,
Баамы артык жан эле.
Канаты сынып кайрылып,
Чоролордон айрылып.
Кабыргадан кан чыгып,
Кабылан Манас айкөлдүн,
Кан какшап түшүп ордого,
Кайгырган жерин айтканда.
Кабыргасы сөгүлүп,
Кара нөшөр жамгырдай,
Көзүнөн жашы төгүлүп.
Манас айтып жатканын,
Унутканын көргөмүн,
Умсунуп көңүл бөлгөмүн» – деген таасын баа берген сөздөрүнөн Акылбек тууралуу, анын кандайча айткандыгы тууралуу учкай маалымат ала алабыз. Жогорудагы сөздү башка эмес, кадимки Арстанбек акын айтып жаткандыктан, анда эч кандай апыртуу, же калп айтуу жок деп ишенсек болот. Анан калса, акын укканын эмес, өз көзү менен көргөнүн айтып жатканын эске алсак, демек, Акылбек манасчы тыным билбей, күндөп-түндөп «Манас» айткан алп манасчы. Ага Арстанбек баштаган улуу инсандар баа берип, талантына таазим кылган.




#Article 82: Дыйканбай Тойчубек уулу (220 words)


Дыйканбай Тойчубек уулу - кыргыздын дастан айтуучуларынан (жомокчу).

(1873, Түп району, Ой-Булак айылы - 1926, ошол эле жер) - семетейчи.
Көлдөгү белектин алдаяр уруусунан. Бир тууган иниси Алмамбет Тойчубек уулунун эскерүүсүнө караганда атасы Тойчубек сыяктуу Д. да «Семетей» эпосун айтканы өтө жашынан билинген. Бирок ал эпосту айтуу менен чектелбей, элдик ырларды чыгарган жамакчы-ырчы да болуптур. Бала ырчы аталып жүргөн кезинде бир дубана жолугуп, оозуна үч түкүрүп, кор болбо деп мандайынан сылап, Манасты айтып жүр деп айткан экен. Дубана даарганга чейин эле Д. эпосту айтып жүргөн. Д-дын  жамакчылыгына Балыктын уулу Найманбай менен айтышы кирет. Мисалы, Д-га Найманбай:
Жай айтасың «Семетей»,
Кыш айтасың «Семетей»
Кийбейсиң бир башыңа
Алакандай бүтүн тебетей,

Мен ырдайын бугудан
Аркы атамды сурасаң,
Атаң эмес, нар деген,
Алтын эмес зар деген,
Мен белектин баласы,
Жашыман берди арбакты
Ырдап өттүм Семетей менен Манасты,

Д. Солтонкул деген чоң байдын ашында жар чакырат. Ыры кордоо мүнөзүндө болгондуктан билермандары Д-дан мындан ары жар чакырып жамак айтуусун токтотуп, жомок гана айтууусун суранган. Мына ошондон баштап Д. жама айтып ырдаганын койгон экен.
Ал солто, сарыбагыш, Көл өөрөнүндө, Нарын, Атбашы ж.б. жерлерге барып эпос айткан учуру болгон. Д. кытай жериндеги черик уруусуна барып, «Манас» айткан. Үркүндө да кытайга кыргыздарга барып, эпос айтып жүргөн.

Д. чоң жомокчулардан Акылбек, Назар, Тыныбек, Сагымбай өндүүлөргө жолуккан. Тыныбек «Д-дын алдына Семетейди айтууда ак калпактуу кыргыздан эч ким чыга албайт»- деп эскериптир.




#Article 83: Болонья процесси (2894 words)


Болонья процесси

Бул макалада азыркы учурда актуалдуу тема болуп, билим берүүгө тиешеси болгон ар бир кишинин көңүлүн буруп келе жаткан Болонья процесси тууралуу сөз болмокчу. Болонья процесси деген эмне? Ага өтүүнү шарттаган эмне эле? Эмнеге европалыктар бирдиктүү билим стандарттарына көңүл буруп жатат? Бирдиктүү билим берүү системасында колдонулган критерийлер, баалоо системасы кандай болот? Европа Кредит ташуу системасы деген эмне? Эмне үчүн Болонья процесси бизди кызыктырат? Сократес жана Ерасмус программалары, ЕКТС эмнени түшүндүрөт? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп изделет жана билим берүүдөгү реформалардын маани маңызын кыскача түшүндүрүү көздөлөт. Изилдөөдө Европа Биримдигине мүчө болгон өлкөлөрдүн билим берүү тармагында бирдиктүү система алдында баш кошушу, анын мааниси тууралуу кыскача сөз болот. Биздин өлкөбүздөгү билим берүү системасынын жаңылануу жана билим берүүдө мектептерде, жогорку окуу жайларында билимдин мазмунун өзгөртүү талабы, окуу жайларында окутулуп үйрөтүлүп жаткан билимдин сапаты күнүбүздүн талаптарына ылайык болбой жаткандыгы тууралуу ар бир атуулдун кайгысынан улам ортого чыгып жатат. Өнүгүп келе жаткан өлкөбүздүн атуулдарын келечекте өнүккөн өлкөлөрдүн атуулдары менен билим, технология, жашоо стандарттарын жакшыртуу, өндүрүштү чоңойтуу ж.б. маселелерде жарыша алуусу сыяктуу билимге, билгичтик жана көндүмдөргө ээ кылуу баарыбыздын милдетибиз. Бул маселелердин чечилүүсү үчүн эмнелерге көңүл буруу керек, Европа моделин алсак болобу? Болонья процессине кирүү үчүн эмнелер керек? Бирок биз материалдык- техникалык жактан буга даярбызбы? Мугалимдерибиз, окутуучу кадрларыбыз буга даярбы? Студентттерибиз буга даярбы? Сабактар кандай типте окутулушу керек? д.у.с. деген сыяктуу суроолор туулат. Бул суроолорго жооп издөө үчүн Болонья процессинин кандай түрдө иштей турганын жана биз үчүн ыңгайлуу болгон тараптары тууралуу азын оолак сөз кылдык. 

Орток баалуулуктары болгон жана бириккиси келген Европа Биримдиги ичинде атуулдардын «тил үйрөнүү, мүчө болгон өлкөлөрдүн күнүмдүк жашоо жана маданияттарынын бири биринен үйрөнүүсү, башка бир жерде, башка өлкөлөрдүн атуулдары менен бирге иштей алуу жөндөмүнүн, көндүмдөрүнүн калыптануусу» сыяктуу темалар өсүп келе жаткан жаштардын аймактын татыктуу атуулдары болуусу үчүн өтө маанилүү болуп саналат.

Европанын биригүү процессинде, билим жана маалымат информатика) дооруна ылайык коом жана иш тармактары, сапаттуу иш күчү, жогорку жашоо стандарттары жана демократия үчүн күрөшө алган, жарыша ала турган жаштарды тарбиялоо билим берүүгө түздөн- түз тиешелүү темалар болуп, ар дайым көңүл борборунда орун алып келген. Европа өлкөлөрү да дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөй эле чечилүүсү татаал болгон социалдык жана экономикалык проблемаларды башынан өткөрүп жатат. Бул маселелерди чечүүдө, дайыма өзгөрүп турган абалга ыңгайлаша алган, түрдүү көндүмдөргө ээ (ар тараптуу өнүккөн), интеллектуалдык негизи болгон, керектүү билим булактарына жетише алган, ар дайым үйрөнүүнү каалаган атуулдардын даярдалышы жана аларга билим берүү өзгөчө маанилүү орунда турат. Ушул себептерден улам, билим берүү иши - Европа Биримдигинин маани берген, көп көңүл бурган темаларынан болуп саналат. Албетте, мунун жыйынтыгы болуп, билим берүү 7- февраль 1992 -жылы Маастрик келишиминин 126- жана 127- статьяларында (бап) жазылган жана Европа Бирлигинин эң башкы, тез арада чечилүүсү керек болгон актуалдуу темасы абалына келген.

СОКРАТЕС Европа Биримдиги бул эң маанилүү актуалдуу теманы турмушка ашыруу үчүн көптөгөн программаларды иштеп чыккан. Алардын бири СОКРАТЕС программасы болуп эсептелет. Европанын билим берүү программасы катары практикаланып баштаган бул программанын негизги максаты: окуучуда жана атуулда бирдиктүү Европа түшүнүгүн өнүктүрүү. Атуулдарды жаңы кылымдын көп түрдүү кыйынчылыктарын туура кабыл алган, окуяны дагы жакшыраак анализдеп, өз мамилесин билдире ала тургандай, түрдүү маселелерге жооп берүүгө даярдоо жана алардын өмүр бою үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү. Билим алууга бардыгын тартуу жана бардык атуулдарда болушу керек болгон көндүм жана сапаттардын үйрөнүлүшүнө жардам берүү сыяктуу максаттар белгиленген. Билим берүүнүн бардык тармагында Европада биргелешип иштөөнү негиз кылып алган СОКРАТЕС программасында бул чогуу иштөө студенттерди жана мугалимдерди, курсанттарды алмашуу, биргелешип проектерди түзүү, пикирлерди бөлүшүү, ийгиликтүү жана жаңы практикаларды пайдалануу үчүн Европа билим торчосун/ интернет сайт куруп, чогуу иштөө жана салыштырып анализдөө сыяктуу формада турмушка ашыруу пландалган. СОКРАТЕС программасынын 1- баскычында (Сократес 1) (1995-2000) турмушка ашкандар төмөндөгүлөр:

СОКРАТЕС 1 программасынан алынган бул ийгиликтүү натыйжалардан улам, Европа Парламенти жана Европа Биримдиги Министрлер кабинетинин биргелешип чыгарган чечими менен 2000- жылы январь айында СОКРАТЕС программасынын 2000-2006 - жж. арасында 2. баскычы (Сократес 2) пландалган жана ушул учурда ишке ашырылууда. СОКРАТЕС 2нин чогулушунун токтомунда программанын биринчи баскычынан
өзгөчөлүнүп, колдоого алына турган иш чараларга орун берилген. Бул программага катыша ала тургандар (ким экени белгиленген, комиссия менен буга мүчө болгон өлкөлөрдүн арасында милдет жана жоопкерчиликтер бөлүштүрүлгөн, иш чаралар менен башка программалар) арасында төп келүүчүлүк, толуктоочулук, улантуучулук, баалоочулук иштерине айрыкча маани берилген. Сократес 2 нин максаты төмөндөгүдөй:

Сократес програмасына:

Бул программага киши же курулуштар проект берип, катыша алышат.
СОКРАТЕС программасы 8 бөлүктөн турат. 

Сократес программасын негизинен Европа Комиссиясы жетектейт. Программанын ишке ашуусу үчүн комиссия үч бөлүктөн турат. Алар:

СОКРАТЕС программасынын экинчи бөлүгү ЕРАСМУС болсо, СОКРАТЕС программасынын Жогорку билим берүү бөлүмүнө берилген ат. 2000- жылы 24- январда кабыл алынган жана ал 2006- жылынын аягына чейинки бир убакытты камтыйт. «Студенттерди Европага алып келүү, Европаны бүт студенттерге алып баруу» ЕРАСМУСтун негизги девизи. Ошондуктан программага катышкан студенттердеги кыймылдуулук өтө маанилүү. Бирок Европадагы студенттер арасында кыймылдуулуктун бара- бара артышынан улам, студенттердин өз өлкөсүнөн сырткары университеттерден алган билимдеринин өз өлкөсүндөгү ЖОЖ тарабынан кабыл алынуусу же алынбоосу орчундуу маселеге айланган.

Ерасмуска 28 өлкө кирет. Булардан 15и Европа Бирлигине мүчө өлкөлөр, 3 ЕЭЗ (Европа Экономикалык Зонасына/ Аймагы) мүчө өлкөлөр (Исландия, Лейхтеншайин, Норвегия) жана Венгрия, Румыния, Чех Республикасы, Словак Республикасы, Польша, Болгария, Эстония, Латвия, Литва, Словения. Мальта, Кипр жана Түркиянын Ерасмус программасына катышуусуна уруксат берилген.
Ерасмус төмөнкү иш чараларды колдойт:

Ерасмус программасы бардык Жогорку Окуу Жайларына, ар баскычта билим алууга жана ар бир сабакка ачык бир программа болуп эсептелип, билим берүүнүн улантуучулук принцибинде иштейт. 
Ерасмуста үч программа бар. Ал программалар төмөнкү иш чараларды карайт:

Ерасмус программасына катышуу жана проект тандоо иштери кандай болот?

Программанын колдоого алынуусу үчүн, проектердин белгиленген максаттарга ылайыктуу болушу жана улуттук агенттиктердин белгилей турган кошумча критерийлери бар, алар программаларга жараша көбөйөт. Ерасмус 1. Ерасмус 3. – ЕБ комиссиясы аркылуу башкарылат. Ерасмус 2. Университеттердин өзара студентерди жана мугалимдерди алмаштыруусу, ошол өлкөлөрдүн инсан ресурстарына байланыштуу жүргүзүлөт.

Ерасмус 1 жана Европа университеттери арасында кызматташтык

Студенттерди жана университеттердеги окутуучу персоналдарды алмаштыруу ишин уюштурууда ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жазылган проектерге колдоо көрсөтүлөт.

Интенсивдуу программалар
Булар түрдүү ЕКТСке (Европа Кредит Ташуу Системасына) катышкан өлкөлөрдөн келген университеттердин студенттери жана мугалимдери чогулуп окуган кыска мөөнөттүү программалар болуп саналат. Бул программада:

Түрдүү катышуучу өлкөлөрдүн университеттеринин студенттерин жана мугалимдерин бириктирген интенсивдүү программалар 10 күндөн 3 айга чейин узартылган мөөнөттө ишке ашырылат. Белгилүү бир темада перспективанын өнүктүрүлүүсү жана окутуу техникаларынын салыштырылуусуна мүмкүнчүлүк берген интенсивдүү программалар эч болбосо 3 катышуучу өлкөнүн университеттеринин өкүлдөрүн бир жерге чогулган болот. Изилдөө иштери жана конференциялар мындан тышкары калат.

Европа жогорку билим берүү тармагында структурасын өзгөртүү Европа Биримдиги үчүн өзгөчө маанилүү. «Европа Биримдиги» деген ойдун турмушка ашуусу үчүн ага мүчө өлкөлөрдүн Жогорку билим берүү системалары арасында өзгөчөлүктөрдөн улам, келип чыга турган кыйынчылыктарды жеңүү үчүн алдын алуу жана анын аркасынан жогорку окуу жайлары арасында окшоштуктар менен кызматташтыктын көбөйтүлүүсү керек. Ушундан улам, Европа Биримдигинде эң биринчи Жогорку Билим Берүү системасында турмушка ашыра турган 4 маанилүү тема белгиленген. Булар:

Ерасмус Европа Жогорку билим берүү тармагында окуу программасын практикалоо чечимин кабыл алганга чейин көптөгөн маанилүү баскычты басып өткөн. Эми ошол тарыхына кайрылалы.

Сорбонн Декларациясы
Жогорку билим берүү системасында структуралык жактан керектүү өзгөртүү киргизилүүсү үчүн 1998- жылы 25- майда Сорбонн Университетинин 800 жылдык юбилейинде Франция, Германия, Италия жана Англия билим берүү министрлери Европа Биримдиги жактан, өткөн 40 жылдык мезгил ичинде калыптанган экономикалык, соода жана финансы жактан бирдикке барышат же бири-бирине жакындашат. Бул структураны колдой турган бир ЖОЖ моделин түзүү максаты менен Сорбонн Декларациясына кол коюлган. Сорбон Декларациясы аркылуу университеттердин, Европаны маданият жагынан өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу баса белгиленген. Декларацияда белгиленген башка маанилүү нерсе – Европалык атуулдардын бүт аймакта эч тоскоолсуз эркинче кыдырып, иштей алуусу жана Европанын өнүгүүсүнүн бирден бир жолу катары, бир бүтүн Европа Жогорку билим берүү тармагын түзүү деп белгиленген.
    

 
Прага чогулушу
Болон чолугушунан кийин 2001-жылы Европанын 32 өлкөсүнүн Билим Берүү Министрлеринин катышуусу менен Жогорку Окуу Жайлары боюнча Прагада чогулуш болгон жана анда:

Берлиндеги жолугушу 
Болон процессинин уландысы катары 2003-жылы 18-19-Сентябрда Берлинде 
Европадагы Билим Берүү Министрликлеринен Жогорку билим берүү боюнча жооптуулары чогулушка катышкан. Мында Европа Жогорку Билим Берүү тармагынын Болон процессинин кийинки багытттары, биринчи этапта аткарыла турган иштер талкууга алынган.

Академиялык кыймылдуулук
Түрдүү иш аракеттер менен бирдикте Жогорку Окуу Жайлардын жетекчилеринин, ЖОЖнын окутуучу кадрлардын (проф.окутуучу курамы) жана студентерди алмашууну колдогон Ерасмус программасы бүт ЖОЖ жана анын баскычтары, түрдүү сабактар үчүн ачык программа болуп саналат. 
	Академиялык кыймылдуулук жана анын натыйжасында диплом даражаларынын кабыл алынуусуна тиешелүү иштер да көп убактан бери практикаланып келген.
	ЮНЕСКО 1969-1981 жылдарда 2 айда бир жолу басылган «Чет өлкөдө билим» журналында бүт дүйнөдөгү улуттук Жогорку Окуу Жайларынын системасын тааныткан статьялар даярдап, бул да бара бара актуалдашкан «Дүйнөдөгү Жогорку Окуу Жайлары Тууралуу Маалымат» китебин даярдоого негиз түзгөн. 1964-жылы ЮНЕСКО орто мектепти бүтүргөндүгү тууралуу аттестат (сертификат менен университеттердин дипломдорунун тең укуктуулугу жана кабыл алынуусу тууралуу иштешип, «Эл аралык Бир стандарттын болушу» деген максат коюлган.
Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр бул темага байланыштуу, көптөгөн маселелердин бар экенин белгилеп, маселени ар бир аймак боюнча карап көрүү, дагы ийгиликтүү натыйжа берээрин билдиришкен. Мунун натыйжасында эң биринчи 1974-жылы «Латин Америкадагы жана Караиблердеги Жогорку окуу жайлардын иш аракеттеринин, Дипломдорунун жана Даражаларынын кабыл алынуусу келишимине» кол коюлуп, мунун артынан 1980-жылдардын баштарына чейин 5 аймакта келишим түзүлгөн. Булар:

	Европа Биримдиги менен ЮНЕСКО, Европа аймагындагы ЖОЖдорго тиешелүү диплом жана даражалардын кабыл алынуусу боюнча 1997-жылында-11-апрелде Лизабон келишимине кол коюлган. Мындан сырткары, Европадагы түрдүү мекемелер дипломдор жана даражалардын кабыл алынуусу тууралуу кызматташууда. Булар:

Карадеңиз Экономикалык кызматташтык келишимине мүчө болгон өлкөлөрдө да, диплом жана даражаларынын өз ара кабыл алынуусу тууралуу иштерге киришилип башталды.
	Европа аймагында диплом жана даражалардын кабыл алынуусу тууралуу дайыма маалымат топтоп жана жайылтып турган эки группа иштейт.
Булар- Европа кеңеши менен ЮНЕСКО колдогон, жардам берген ENIC (Европа Улуттук Маалымат борбору жана Академиялык кыймылдуулукту башкаруу борбору) Network жана Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынган NAPUC (Улуттук Акедемиялык Маалымат кабыл алуу борбору) бар.
Улуттук Агенттиктер (борборлор)
	Европа Бирдиги Комиссиясынын токтомдоруна ылайык, Европа Биримдигинин мүчөсү же мүчөлүккө талапкер бир өлкөдө ЕБ Билим берүү программаларынын башталышы үчүн Улуттук Агенттик деп аталган бир уюм курулушу керек. Улуттук агенттиктер, катышуучу өлкөлөрдүн ЕБ билим берүү жана Жаштык программаларын пайдаланган өз иштерин уюштуруу жана жүргүзүүчү борборлор болуп эсептелет.
Булардан башка Европа Комиссиясы академиялык кыймылдуулукта жеңилдик жасоо үчүн Европа Кредит Ташуу Системасы (EСTS) даярдаган. Бул структуралардан улам студенттер чет өлкөдө билим алып келгенден кийин, ал билимдин өз өлкөсүндө Жогорку Окуу жайлары тарабынан кабыл алынуусуна байланыштуу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн Европа Кредит Ташуу Системасын (ECTS) иштеп чыгышкан.

ЕВРОПА КРЕДИТ ТАШУУ СИСТЕМАСЫ
ЕКТС деген эмне? ЕКТС - студенттердин чет өлкөдө алган жана сынагынан өткөн сабактын кредиттеринин бир окуу жайынан башкасына өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берген система болуп саналат. Бул системада академиялык календарлар (жарым жылдыктар) кредиттер менен өлчөнөт. Муну практикалоодо бир академиялык (окуу) жылда (эки жарым жыл) билим алууга 60 кредит, бир жарым жылда 30 кредит берилүүдө. Бир жылда үч жарым жылдык окууну практикалаган Жогорку окуу жайларында ар бир семестрде 20 кредиттик сабактар берилет. ЕКТС кредиттери бүтүн сандар болуп берилүүдө европалыктар 1.83 сыяктуу бөлчөктүү сандардан качып жатышат. Бирок өтө зарыл убакта жарым сандар (1.5) колдонууда.
Ерасмус боюнча жаңыдан келишим түзгөндөн кийин Европа Жогорку билим берүү тармагында студенттердин кыймылдуулугуна өтө чоң маани берүүдө. Бирок Европа өлкөлөрүнүн Жогорку билим берүү системасындагы кээ бир айырмачылыктар бар. Студенттердин чет өлкөдө алган билиминин өз өлкөлөрүндөгү ЖОЖ мекемелеринде кабыл алынуусу үчүн кээ бир түзөлтүү, уюштуруу иштери жүргүзүлүүсү зарыл.
ЕКТС эмне үчүн керек?
Университеттеги өзгөчөлүктөр:

ЕКТС кредиттери боюнча бир сабактын ийгилүктүү тапшырылышы үчүн студенттердин жасай турган иштеринин баарын (теория, практика, семинар, жекече иш, сынак, тапшырма ж.б.) билдирген, ичине алган өзгөчөлүк болуп саналат. Бул өзгөчөлүк, ар бир сабактын бир ЖОЖдо, бир окуу жылында толук түрдө бүтүшү үчүн керектүү болгон жалпы иш жүгүнүн канчалык (лекция, практикалык сабак, лабораториялык, өндүрүштүк практика) болушун ичине алганын көрсөтөт.
ЕКТС эң биринчи эки башка өлкөнүн ЖОЖдор арасында бири бирине өтүү үчүн жазылганына карабастан, бир эле ЖОЖдун ичинде, же бир өлкөдөгү түрдүү ЖОЖдор арасында да практикалана берет.
ЕКТС эң биринчи ЕРАСМУС программасынын (1988-1995) негизинде курулган. Башында Европа Бирлигине мүчө өлкөлөр менен Европа экономикалык Аймагы (ЕЭЗ) өлкөлөрүндө негизги аты берилген, 145 ЖОЖду ичине алган жана болгону 5 программада (Менеджмент /башкаруу), Химия, Машина инженердиги, Тарых жана Медицина) практикалоо үчүн 6 жылдык бир мөөнөткө бир пилот проект болуп башталган.
	1999 –2000 жылдан баштап ЕБ, ЕЭЗ, Кипр, Борбордук жана Чыгыш Европа Өлкөлөрү Коомдорунда 1200 билим берүү мекемесинде (5000-6000 бөлүм –факультет) студенттерди алмашуу үчүн ЕКТС системасы колдонулууда.
ЕКТС менен келечекте:

ЕКТСнын өзгөчөлүктөрү ЕКТСнын башка студенттердин кыймылдуулугунан айырган эң маанилүү өзгөчөлүгү, чет өлкөдө билим ала турган студенттердин, чет өлкөдөгү университеттин өз студенттери менен бирге сабакка кирүүсүнө уруксат берүүсү. Ушул жол менен студенттер башка университеттин академиялык билим алуу турмушуна активдуу аралашып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүсү анын өзгөчөлүгү болуп саналат.
ЕКТС боюнча чет өлкөдө билим алган студенттер, бир гана кыска мөөнөт үчүн эле эмес, ошол барган университеттеринде эгер кааласа ошол программаны бүтүргөнгө чейин калса болот, кааласа үчүнчү ЖОЖго да өтүп кетүүгө укугу бар. Ушул сыяктуу талаптардын кабыл алынып-алынбашы, диплом алуу же башка университеттерге которулуу шарттарынын белгилөө, ошол келишимге кол койгон университеттердин чече турган маселеси. Жогорку окуу жайлары, конок студентердин окуудагы ийгилигине тиешелүү бүт темаларда чечим чыгара алат. Баардык маселе боюнча мекемелер, бар болгон сабактардын структураларында жана баалоо методдорунда ар кандай өзгөрүү жасалбайт, өз студенттери сыяктуу эле сабактардын жана сынактардын баары конок студенттерге да өткөрүлөт.
Милдеттүү жана тандоо боюнча сабактардын баарына ЕКТС кредиттери берилет. 
Бул программа боюнча окуп, окуусун бүтүрүү үчүн милдеттүү түрдө дипломдук иш, курстук иш, проект даярдоо жана өндүрүштүк практикада болууга да ЕКТС кредиттери берилиши керек.
ЕКТС сабактын саатына эле эмес, ошол сабакка байланыштуу бүт иш жүгүн камтыйт. 
Сабак теориялык түрдө болсо анын сааты менен кредит бирдей болот. ЕКТС эч кандай сабактын деңгээлин аныктабайт же оордук, татааалдыгы менен эч кандай байланышы жок. Сабактын деңгээли, ошол университеттин китепчесинде белгиленген. Китепчеде ошол сабактын мазмуну, өтүлүү методу, баалоо түрү (сынак, тапшырма, семинар саны, түрү ж.б.) сыяктуу маалымат берилет.
ЕКТС аркылуу студенттердин: 

ЕКТСсынын окуу жайларына берген мүмкүнчүлүктөрү 

Европада көп түрдүү балоо системасы колдонулат. Студенттердин чет өлкөдөгү университеттерден алган баалары өз өлкөлөрүндө оңой түшүнүлүшү үчүн бир ЕКТС баалоо системасы даярдалган. Бирок бул баалоо системасын башкы максаты ЖОЖдорго кошумча маалымат берүү. Бирок, ошол Жогорку Окуу жайынын баалоо системасынын ордуна бул маалыматта белгиленген баалоо системасын колдонууга милдеттүү эмес.
	Ар бир жогорку окуу жайы бул баалоо системасын өздөрүнүн системасы ичинде кандай түрдө ишке ашыраарын өздөрү чечишет. ЕКТС баалоо системасынын негизги максаты студенттин ийгилиги тууралуу ЖОЖго кошумча маалымат берип, системаны түшүнүүгө жана салыштырууга мүмкүнчүлүк берет. Окуу жайы баарынан мурун студенттердин алган бааларынын тактап изилдейт. ЕКТС баалоо системасында 10-25-30-25-10 моделин алуу үчүн ийгиликтүү студенттердин 10% ине, 35%ине, 65%ине жана 90%ине киргендердин алган бааларына карап ЕКТС бааларынын критерийи белгиленет.
Ийгиликтүү студенттердин ичинен эң биринчи 10%ин түзгөн студенттерге ар дайым автоматтык түрдө же сөзсүз «А» баллын бериш дегендик эмес. «А» баасы «эң жакшы» дегенди билдиргендиктен, бул окуу жайлар арасында түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы, студенттеринин болгону 8%ин «Артыкчылыгы менен» деген даражада бүтүрүп жаткан Англиядагы окуу жайы, «А» деген бааны 8% тик студенттерге гана бериши мүмкүн. Ошондой эле студенттеринин 14%и «жогорку жетишкендикте» («артыкчылыгы менен») болгон Италия окуу жайында 14%тин ичинен биринчи 10%ти бөлүүсү абдан татаал, убаралануунун мааниси да жок.
	Бир жактан алганда Испаниядагы окуу жайында «Матрикуле де Хонор» (артыкчылык, жетишкендик) даражасы менен сыйланган студенттер жалпы 5%инен дагы аз. Анда «эң жакшы» деген баа дагы өзгөрөт.
ЕКТС кантип практикаланышын түшүндүрүү максатында окуу жайлары ЕКТСна катышкан окуу жайларынын даярдаган мекеме структурасы жана мазмуну тууралуу атайын маалымат китепчесин колдонушат.
Маалымат китепчеси
	ЕКТСын практикалоону каалаган ЖОЖдор өз окуу жайында окутулган сабактар боюнча абдан терең маалыматтарды камтыган жана ар жыл сайын жаңыланган бирден маалымат китепчеси даярдашат. Бул китепчеде студенттерди каттоо, кабыл алуу, иштери, тамактануу, жашай турган жер, окуу жайынын мүмкүнчүлүктөрү, окуу жылынын календары, сынак ж.б. окуу жайын тааныта турган маалыматтар берилет. Бул китепче ошол окуу жайы жайгашкан өлкөнун тилдеринде жана Европа Биримдигинин тилдеринде да даярдалат. Китепче чет өлкөдө окуусу келген студенттер менен бирге бул студенттерге ЕКТСнин өкүл болуп, кеңешчилик милдет аткарган мугалимдердин колдонушу үчүн ЕКТС практикаланган башка университеттерге таратылат.
	Сабактардын мазмунун так билиши, чет өлкөдө билим алыш үчүн абдан керектүү. Ошондуктан бул китепчеде;

түшүндүрмөлөрү;

Окуу боюнча келишим.
	Чет өлкөдөгү билим берүүнүн мазмунун түшүндүргөн жана студент менен эки ЖОЖ 
арасында кол коюлган келишим. 
	Өлкөлөр арасындагы билим берүү жана баа коюу системаларындагы
айырмачылыктардан улам студенттердин сабак жүгүнүн такталуусунда жана алган бааларын которууда бир «орток тил» үчүн ЕКТС кредити белгиленет. Алган баалар ЕКТС баалоо системасына карап тамга менен белгиленген баага айландырылат. Бүт бул иштерди жасоодо координаторлор активдүү роль алып, кеңеш беришет, ар кандай проблемаларды чечүүдө жардамдашышат.
	Студент барып окуй турган окуу жайы белгиленгенден кийин арыз формасын 
толтурат. Академиялык жактан окууга кабыл алынуусун гарантиялоо үчүн, анын өзүнүн университети жана окуй турган университет менен үчилтик келишим түзүшөт. 
	Студентердин чет өлкөдө окугандан мурунку жана кийинки убактарына 
байланыштуу окуудагы ийгилигин көрсөткөн белги (баалоо баракчасы -транскрипт) болот. Транскрипттерде студенттердин баалары окуган ар бир сабак үчүн белгиленген ЕКТС баалоо системасына жана ошол окуу жайдын өзүнүн баалоо системасына жараша алган баалары жазылган.

	ЕКТСке кирүү - Маалымат китепчелеринин даярдалуусу; 

Бирдиктүү окуу программасын даярдоо жана практикалоого ыңгайлашкан программалар кайсылар?
	Бул программада орто жана жогорку деңгээлде билим алуу программаларынын даярдалуусуна арналган бирдиктүү проектер, Европа модулдарынын өнүктүрүлүүсүнө арналган бирдиктүү проекттер жана окуу программасынын даярдоо проекттеринин практикалануусу жана жайылтылуусуна ылайыкталган проектер ишке ашырылат. Орто денгээлде окуу программаларынын даярдалуусуна арналган бирдиктүү проектерде, бакалавр (университетте 4 жыл) даражасындагы билим эске алынган. Орток, бирдиктүү болгон университеттердин окуу программаларынын даярдалуусуна арналган жана жаңы окуу программаларынын түзүлүүсү үчүн университеттердин өкүлдөрү чогулушат. Студенттин билим берүүнүн сапатын жогорулатууну көздөгөн бул программада эч болбосо үч катышуучу өлкөнүн университети бир жерге чогулушат. Жогорку деңгээлде окуу программаларынын даярдалуусуна арналган бирдиктүү проектерде болсо, магистр жана докторлук билимдин өркүндөтүлүүсү максаты менен эч болбосо 2-3 жылдык программалар даярдалат.
	Европа Модулдарынын максаты түрдүү университеттердин окуу программасынын Европа стандартарына ылайык модулдарды кошуу. Жаңыдан даярдалган бул модулдар, Европа маданияты жана тилдеги айырмачылыкка байланыштуу студенттердин (аң сезимдерин) кругозорун өстүрүүнү жана Европа окуу жайлары тууралуу билимин өркүндөтүүнү көздөйт.
Европа Модулдары- Европадагы өлкөлөрдүн тарыхы, эли, коому маданияты, саясаты жана экономикасына;

Европа Модулдары эч болбосо үч өлкө арасында түзүлгөн келишим менен иштейт. Ошону менен бирге программанын алмашуу процессине катыша албай калган студенттерди да тартып, алардын кругозорун өстүрүүнү да көздөйт. Окуу программасын даярдоо проектеринин практикалануусу жана жайылтылуусуна арналган проектер менен бирдиктүү проектердин ичинде түзүлгөн окуу программалары университеттерде практикалана баштайт.

Kısakürek, M. Ali., “AB Eğitim Progamları ve ECTS Uygulamaları”: son Ects/ abegitimects.html. 07.07.2003.

www.yok.gov.tr/kdp/fransa-kdp.doc
Avrupa Konseyi Eğitim Bakanları konferansı. 5/21/2004




#Article 84: Кесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөр (2883 words)


Кесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөр — Бообекова Кадиян, Кыргыз-Түрк Манас университети, ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты.
       

Кесиптердин баары адам баласына кызмат кылуу үчүн коомдо пайда болгон карым – катыш, муктаждыктын натыйжасында келип чыккан. Кесип XIX  кылымдын аягына чейин кеңири ойлоону жана пландоону талап кылбаган тема болуп эсептелчү. Балдары да атасынын кесибине окшош түрдөгү кесип тандай турганына ишенишчү. Эгер киши жыгач уста болсо, анын атасы да балким жыгач уста эле, баласы да буга окшош бир кесип тандоосу күтүлөт болчу. Техниканын өнүгө элегинде кесиптердин бири-биринен айырмачылыгы аз эле. Индустриянын өнүгүүсү менен кесиптерде жаңы түрлөр пайда боло баштап, жаны иш мүмкүнчүлүктөрү чыкты. Мурунку коомдук структуранын бузулушу менен кишилердин кесиптер жөнүндө маалыматы кеңейди, мунун натыйжасында кесип тандоо да татаалдай баштады (Кузгун, 1988, 97-б).

Бир кесипке ээ болуу үчүн билим алуу жана ал кесиптин кесип катары коомдо кабыл алынуусу керек. Кээ бир кесиптер түздөн-түз кишилер менен, кээ бирлери машиналар (станок, техника) менен; Кээ бири кишилер менен да техника менен да байланыштуу. Ошентип кесиптер: кишилер менен иштей турган, техника менен иштей турган, кишилер жана техника менен иштей турган болуп бөлүнөт (Кулаксызоглу, 1995).

Кесип - өмүрүбүздүн үчтөн бирин өткөргөн ишибиз, алагды болгон нерсебиз. Кишилер кесиптери менен өздөрүн таанытышат. Кишилер менен кесиптердин арасында көптөгөн байланыштар бар. Кесип ал кишинин адамкерчилигине, дүйнөгө көз карашына, кабыл алуусуна таасир этип, кишилерде окшоштуктар, айырмачылыктар, өзгөчөлүктөр жана жакындыктарды пайда кылат. Мисалы, куруучу менен мугалимди, милиционер менен инженерди салыштыралы. Алар кесиптери жана иштеген иштеринин негизинде бири-биринен айырмаланып турушат.

Кесиптер жалпысынан - товар өндүрүүчү (көзгө көрүнгөн) жана кызмат кылуучу (көзгө көрүнбөгөн) иш болуп экиге бөлүнөт. Кесиптердин саны канчалык көбөйгөн сайын, кесип тандоо да ошончолук оордошуп бара жатат. Мында максат көптөгөн кесиптердин ичинен бирин тандоо, бир чечимге келүү процесси болуп эсептелет. Адистикти тандоодо баланын ошол адистикке даярдыгы болушу керек (Өзжан, 1985).

Ар бир киши кичинекейинен баштап эле чонойгондо ким болоорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Башында жалан гана кыял катары эсептелген кесип тандоо, чоңойгон сайын чындыкка жакын негиздерге таянат. Башкача айтканда, түрдүү кесиптер жөнүндөгү көз карашы кеңейет, окуп үйрөнөт, кеңири маалыматка ээ болот. Бирок, жаштардын көбү толук эмес орто же орто мектепти бүтүргөндөн кийин кесип тандоодо бир чечимге келе алышпай, эмне кылаарын билбей калууда. Кээ бирөөлөрү өмүр бою бир боло турган кесибин тандоодо тобокелге салышат. Окуучулардын стипендия, окутуучу - мугалимдерге айлык төлөгөндөн башка, ошончо убакыт коротуп плансыз түрдө даярдалган  адистер кийин өздөрүнө ылайык иш таба алышпай кыйналышат. Бар болгону ишсиздер армиясынын санын көбүйтөт. Окуучулар өздөрүнүн табиятына төп келбеген кесиптерди тандоосундагы негизги факторлор - алардын иш жөнүндө толук билбегенинен улам келип чыгат. Лицей же орто мектептин жогорку класстарынын окуучуларына кайсы кесипти тандай турганын сураганда көбүнчө мурунтан белгилүү болгон кесиптерди тандаганы байкалууда. А бирок тандаган кесиптери алардын жекече өзгөчөлүктөрү, жан дүйнө байлыктары менен төп келбейт. Башкача айтканда, жөндөмдүүлүгүнө, шыгына, кабыл алуусуна, ден соолугуна ж.б. көңүл бурушпай, кесиптер жөнүндө кеңири билбей туруп тандаган учурлар кездешет (Кузгун, 1988).

Кыргызстанда да акыркы жылдарда бир топ өзгөрүүлөр болуп, бул өзгөрүүгө жараша коомдун жаны адамын – жаны кесиптердин ээлерин даярдай турган көптөгөн университеттер, факультеттер, окуу борборлору ачылды. Кыргызстандын эгемендөө мамлекет болушу менен айрыкча акыркы беш жылда билим берүүдө жаңы типтеги мектептер, гимназиялар көбөйдү. Бул жаны типтеги мектептер - жалпы орто мектептер, гимназиялар, лицейлер, автордук мектептер, өзүмдүк, мамлекеттик мектеп, кыргыз – түрк кыз жана эркек лицейлери, экспериметалдык мектептер болуп, бардыгы 28 түрдөгү мектептер бар. Бул мектеп, гимназия, лицейлердин окуу программалары көбүнчө ошол мектептин коллективи тарабынан түзүлгөн. Бул мектептерде окуучуларга кийинки жылдардагы коомдогу саясий, социалдык, экономикалык өзгөрүүлөргө жараша экономика, эсептөө техникаларынын  негиздери, компьютердик билим ж.б. түрдүү кесиптерге даярдыктар берилет (Мирошниченко, Иманкулова, 1996). Ар бир мектеп, гимназия өз алдынча программа кабыл алгандай эле, ар бир колледж, институт, университет, академиялар да өздөрүнө таандык программалар менен иштешет. 

Азыр Кыргызстанда ЖОЖдордун кайсынында кандай кесипке даярдай турганын билүү үчүн ар бир окуу жайын кыдырууга туура келет. ЖОЖдор жөнүндө абитуриентке жол көрсөтүүчү маалымат китепчелерин жыл сайын чыгаруу, сатууга коюу зарыл. Акыркы жылдарда түрдүү  окуу жайларынын санынын көбөйүшү менен жаңы бөлүмдөр да ачылып жатат. Бирок кайсы окуу жайында кандай факультеттер, бөлүмдөр бар экени жалпыга тегиз белгилүү боло элек. Информация жетиштүү болбогонунан, мектептердин бүтүрүүчүлөрү кайсы кесипти тандаарын билишпей, бир чечимге келүүдө кыйналууда. Көптөгөн кесиптердин эмне экендигин, бүтүргөндө каяктан иш таба ала турганы тууралуу айрыкча айылдын жаштары элестете алышпайт.
 
Орус педагогу Харламов кесипке багыттоодо буларга көңүл буруу керектигин белгилейт: Мектепти бүтүргөндөн кийин окуучулардын көбү өндүрүшкө киришет. Аларга кесиптик багыт берүү үчүн коомдук пайдалуу эмгектин ар кандай түрлөрүн колдонуп, өндүрүштүн түрдүү тармагында өз күчтөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек (Харламов, 1997, 358-б.). Кесипке багыттоодо окуучуларды ар кандай кесиптин түрлөрү, өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу зарыл. Бул окуу процессинде чечиле турган маселе. Окуучулар өмүрү өрнөк болгон кишилердин эмгек жолдору менен таанышат. Эѕ таасирдүү каражат болуп, кесиптер жөнүндө лекциялар, докладдар, аѕгемелешүүлөр, кесип тандоо кечелери эмгек каармандары менен жолугушуу эсептелет. (Харламов, 1997, 369-б.). Тигил же бул кесипти тандоодо ал кесип үчүн керек болгон кээ бир өзгөчөлүктөрдү, кесиптин өзгөчөлүгүн, оной жана опурталдуу жактарын коомдогу ордун, кесиптик оорулар, жөнүндө баланын билүүсү зарыл (Кулаксызоглу, 1995). Кээ бир иштер жалан гана акыл эмгегин талап кылат. Кээ иштер акыл эмгегин көп талап кылбайт. Бул учурда зээндүү бирөө мындай ишке канааттанбоосу жана ушундан улам өзүн бактысыз сезиши мүмкүн (Кузгун, 1988).
 
Бала чоңоюп коомго аралаша баштаганда чондордун кыймыл аракеттерин, бирөөгө жасаган мамилелерин (Кузгун, 1998) ар кайсы кесип ээлеринин кырдаалга жараша жасаган иштерин байкап, туурашат. Бул мамилелер баланын болочок кесиби үчүн үлгү болуп калышы ыктымал. Кээ биринин тандаган кесиби анын психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө төп келбеген учурлар болот. Же болбосо иштин жалаѕ гана жакшы жактарын билип, ал эми оор жактарын байкабай калат. Натыйжада ал кесипке ээ болгон күндө да өзүн бактысыз, эрки бош, колунан эч нерсе келбеген киши сыяктуу сезиши мүмкүн. Кээде бала кесип тандоодо өзүнүн жөндөмүн, деѕгээлин толук билбеши, ушундан улам тартынып бир чечимге келүүдө коркушу да ыктымал. Ошондуктан окуучуларга кесиптердин түрдүү жактарын ар тараптуу түшүндүрүү керек. Бул иш мектепте кеѕешчи / даанышман - психологдун, класс жетекчилердин, тарбиячылардын милдети. Жаштардын өздөрүнүн мүнөзүнө, жөндөмдүүлүгүнө төп келген кесипти тандоосу үчүн, кызыккан кесиптерди обьективдүү жана ар тараптуу изилдегенден кийин гана бир чечимге келүүсү абзел. Кесиптер жөнүндө туура жана так билүү, бир окуучуга төмөнкүдөй таасирин тийгизүүсү мүмкүн экендигин жана ал кесип боюнча төмөнкү суроолорго жооп издөө керектигин түрк психолог - даанышманы Кузгун мындайча көрсөтөт: Мисалы, 

Кишилер кесиптерин түрдүү кырдаалга жараша тандашат. Бул болсо анын кесипти жетишээрлик денгээлде билип-билбегенине да жараша өзгөрөт.

Жекече өзгөчөлүктөр  инсандын (личностун) акыл-эсин, үйрөнүү жөндөмүн, түшүнүү, кабыл алуу деңгээлин көрсөткөн сапат болуп эсептелет. Кишилер өз ара акыл-эс деңгээли, адамкерчилигине, мүнөзүнө жараша бири-биринен айырмаланат. Бул кызыгуусуна, кабыл алуусуна, билимине де таасир тийгизет. Оѕой үйрөнүлө турган, ойлоо күчүн көп талап кылбаган кесипте иштегендер менен үйрөнүүсү оор жана акыл эмгегин, ойлоо күчүн талап кылган кесиптерде иштегендердин арасында айырма бар (Кулаксызоглу, 1998). Мисалы, заводдун цехинде ар дайым станоктон бир тетикти жасаган жумушчу менен ошол станоктун проектисин чийген инженердин иштери түрдүү ойлоо күчүн талап кылат.

Жөндөмдүүлүк кишиде өзгөчө сапат. Белгилүү бир иш-аракетти жасоо үчүн тубаса талант менен кийин үйрөнгөн жасай алуу күчүнө жөндөмдүүлүк дейбиз (Кулаксызоглу, 1995). Жөндөмдүүлүк кишинин кызыгуусуна жараша өзгөрөт. Мисалы, сүйлөө жөндөмү, эсептөө жөндөмү, искусствого болгон шыгы, музыкалык аспаптарда ойной алуу, сүрөт тартуу, жаны моделдер жаратуу ж.б.

Кызыгуу бир ишке белгилүү бир убакыт ичинде алаксуу же жакшы көрүү маанисинде; кесип тандоодо  да он же терс таасир бериши мүмкүн. Кызыгуу көбүнчө белгилүү бир убакыттан кийин өзгөрүп, тарап кетиши, тескерисинче өмүр бою калышы да мүмкүн. Башкача айтканда ишке кызыгып кесип тандоо, убакыт өткөн сайын тандаган кесибинин ага төп келбегенин, жөн гана убактысын өткөрүп жатканын ойлоп, өзүн кызыктырган башка кесипти чечиши керек болот. Ошондуктан жаштарда өз кызыгуусуна жараша кесип тандоосу, тандоодон мурун жакшылап ойлонуусу абзел.

Кулк-мүнөз, бир кишинин башкалардан айырмалаган өзгөчөлүктөрдү камтыйт. Жаштардын кесибин тандоосу мүнөзүнө жараша деген ойлорго  караганда бирөө кесип тандап жатып, ошол эле убакта өзүн бул жолго салып жаткандыр. Бул жагынан алып карасак, кишинин өзү жөнүндө ойлоосу, өзүнө берген баасы менен тандаган кесиби арасында бир байланыш бар. Мындан кесиптик мен тууралуу сөз кылууга болот. Кесиптик мен кишинин кайсы кесиптик ролду жактырып жана сыймык менен тандаганы жөнүндө ойлорун чагылдырат (Кулаксызоглу, 1995). Кесиптик менде кесипти сүйүп, ошол кесипте өзүн ойлойт, элестетет, ортого коюп таанытат. Жаңылыштык менен, туура эмес кесип тандоо кишинин мүнөзүнүн өзгөрүшүнө, ишине канааттанбоосуна түрткү болот, бат чарчайт ж.б. ишин сүйгөн кишинин мүнөз, көз карашы ошол кесипти чагылдырат. Мисалы, мугалим, доктор, инженер, ветеринар, адвокаттар кесиптеринде өздөрүн көрсөтүшүп, бир-биринен мүнөздөрү ого эле айырманалып турушу мүмкүн.

Байыркы уруулар, элдер жашаган доорлордон бери эле кишилердин жынысы кесип тандоодо маанилүү роль ойногон. Байыркы замандарда да эркектерди анчы, каарман, үй бүлөсүн баккан; аялдарды болсо балдарды чоңойтуп, тарбиялоочу, үй иштерин жасаган бирөө катары көрүшкөн. Аялдын кесип тандоосу жана үйдөн алыс иштөөсү ХХ кылымга тиешелүү көрүнүш болуп эсептелет. Кээ бирөөсү бир окууну бүтүрүп иштеп жатышса, кээси үй иши менен алектенип иштей алышпайт. Жыныска байланыштуу коомдук көз караштар, ишенимдер жана пикирлер иштин өзүнө жараша кесип тандоого жол ачат. Мисалы, кесиби архитектор, инженер болгон же командировкага көп чыга турган, нөөмөткө (күзөткө) көп кала турган аялдар үй бүлө, турмуш шартына жараша иштей албаган учурлар көп болот. Ушул себептен кыз балдардын туура кесип тандоосуна жол көрсөтүп, коомдо эркектер үчүн да, аялдар үчүн да билинген кесиптерди айтып, анда иштеп кете алаарын, ошондо үй бүлө арка планга кала турганын түшүндүрүп бул кесиптин жакшы–жаман, кааланган жана кааланбаган жактарын ачык айтып, таанытуу керек. Азыр да мурунку убактагыдай эле кесип тандоодо жыныстын ролу бар. Кыздар көбүнчө үйгө тиешелүү же болбосо социалдык тармактарда кишилер менен же компьютер менен иштей турган кесиптерди тандашса, эркек балдар көпчүлүк учурда сыртта, үйдөн алыс, илимий изилдөөлөр менен алышып, техника менен иштей турган, саясатка байланыштуу болгон же күч эмгегин талап кылган кесиптерди тандашат (Өзжан, 1985). Азыр Германияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө, Японияда жалан гана кыздарга ылайык болгон, үй экономиясы, үй тиричилигин башкаруу токуучулук, тигүүчүлүк, дизайн, ашпоздук, балдар бакчасында тарбиячы, башталгыч класстын мугалими сыяктуу кесиптер берилет.

Кесип тандоодо да маанилүү роль ойногон башка бир фактор да физиологиялык өзгөчөлүк болуп эсептелет (Ерден, Фиданлы, 1994). Мисалы, кээ бир кесиптерде бою, салмагы, туюу органдарынын бешөөнүн тең чың болушу, шамдагайлык, ж.б. талап кылынат. Алсак, космонавт же учкучтарда көзү курч, ден соолугу чын болушу керек. Музыканттарда манжаларынын узун болушу, балерондордо атайын окуу жайын бүтүргөнү, артисттерде, мугалимдерде, кабарчыларда, кээде саясатчыларда, айрыкча дикторлордо дикциясынын так, үнү жагымдуу болушу талап кылынат.

Жаштын кесип тандоодо да маанилүү ролу бар. Бала иштөө, кесипке ээ болуу жөнүндө кичинекейинен, мектепке чейинки курактан эле билип баштайт. Бирок бул убакта фантазиялык ойлоосу жана көңүл буруусу туруксуз болгондуктан, кесип жөнүндө ойлору өзгөрүп турат. Башталгыч класстарда балдардын кесип жөнүндөгү түшүнүгү кеңейип, бир кесипке ээ болуу тууралуу ойлору калыптана баштайт. Балдар мектепке чейинки куракта чоңдордун иштегенин  туурап оюн ойношот. Ар кимдин бир иши бар экенин, бул иштердин арасындагы байланыштарды жана өзгөчөлүктөрдү байкашат. Орто класстарда кесип жөнүндө түшүнүгү дагы да кеңейип, өздөрүнө кайсы кесип ылайык экенин изилдей башташат. Уландык куракта да кызыгуусу өзгөрүп турушу мүмкүн, кыялданып, ар кандай кесипке ээ болууну кесипти ойлошот (Тан, 1986). Кесип тандоодо кээси 10-16 жашында бир чечимге келсе, кээси 20-22 жашында да бир чечимге келе албайт.

Баланын кесип тандоосунда ар кандай таасири болот. Анын дүйнөгө көз карашы, кишилиги, кулк-мүнөзү, баалуулуктары, кызыгуусу, кесиптер жөнүндөгү түшүнүктөрү эң биринчи үй бүлөдө калыптанат. Үй бүлө мүчөлөрүнүн кесипке болгон көз карашы абдан маанилүү. Үй бүлөнүн экономикалык жашоо шарты баланын кесип тандоосунда таасир берет. Кирешеси көп же жетиштүү болгон үй бүлөдөгү балдардын көз карашы менен орто же аз кирешелүү болгон үйдөгү баланын көз карашы айырмалуу болоорун түрк психологу Кулаксызоглу белгилейт. Бала канчалык зээндүү болсо да кээде кирешеси аз үй бүлөнүн баласы каалаган кесибин тандоо бактысына ээ боло албашы мүмкүн (Кулаксызоглу, 1995).

Ата-эне жана бир туугундар  балага өз таасирин тийгизбей койбойт. Үй бүлө мүчөлөрүнүн билим деңгээли, алардын келечек жөнүндө ой жүгүртүүлөрү, кыялдануусу балдардын ойлоруна да таасир тийгизет (Кулаксызоглу, 1998). Ата-эненин балдарга кесип тандоодо жардамдашуусу, алар менен кеңешүүсү зарыл. Бул жардам бала үчүн өтө маанилүү. Кээ бир ата-эне жоопкерчиликтен качып, өзүң бил, - деп баланы өтө зарыл убакта жалгыз таштап койсо, кээде баласынын эмнеге шыгы бар экенин жакшы билбегени үчүн туура эмес көз караштар пайда болобу деп коркушат. Өзүң бил, - деп балага ушундайча жардам берип жатабыз, тоскоол болбодук, -деп ойлошот.

Үй бүлөнүн баладан күткөнү, анын окуудагы ийгилигине, зээндүүлүгүнө жана ден соолугуна да байланыштуу. Баласынан күтүүсү аз болсо үй бүлө ага тескери таасирин тийгизет (Кулаксызоглу, 1995). Үй бүлөнүн баладан анын деңгээлинен (жасай ала турганынан) жогору, көп ийгилик күтүүсү да баланы кайгыртат. Өзү каалабаган кесипти ата-энесинин каалоосу боюнча тандап, кийин өмүр бою кыйналышы мүмкүн. Баланы маселени өзү чечип, жоопкерчиликти өзү алганга үйрөтүү, көндүрүү зарыл. Бул иште мектеп психологунун ролу чон.

Авторитар ата (эне) да баланын кесип тандоосунда терс таасир берет. Өзүнүн көз карашы боюнча баланын каалоосуна жана жөндөмүнө көңүл бөлбөй туруп, өз кесибин баласынын улантуусун каалоосу баладагы личносттук мен түшүнүгүнүн калыптанышында терс роль ойнойт. Үй бүлөсүнө каяша айтып баштайт, атайылап ата-энесине жакпаган же алар тыюу салган нерселерди жасап баштайт, таптакыр чүнчүп, өзү менен өзү болуп, басмырт болуп кетет, депрессияга кирет, үйдөн качат ж.б.

Атага баласы окшош болгусу келет, анын кесиби кызыктырат. Алар үчүн кээ бир кесиптер башкаларына караганда маанилүү, сыйлуу болуп көрүнүшү мүмкүн. Ошол кесипти алса баласы бактылуу болоорун же жакшы иш таба алаарын, кирешеси жакшы болуп, жашоо шарты да жеңил болоорун ойлойт. Кээ кесиптерди жактырбашы мүмкүн. Ата-эненин өз иштерин сүйүүсү, урматтоосу же башка сезимдери балага кесип тандоого бир жол көрсөткүч да боло алат. Кээде бир доктор ата баласынын да доктор болуусун каалаганы сыяктуу, кесип коомдо урмат көргөнүнө байланыштуу да көз караштар өзгөрөт (Өзжан, 1985). Кээ бир кесиптер балага оң таасир тийгизгендей эле терс да таасир тийгизиши мүмкүн. Бирок, кыйнап кесип тандатуу зыяндуу.

Ата-эненин ишсиз же кайдыгер болушунун да баладан көптү күткөн сыяктуу эле терс таасири бар. Кээ бир ата-эне баарын балага таштап, кесиптер жөнүндө жакшы түшүнүктөрү болбогонун айтып, жардам берүүдөн качат (Өзжан, 1985). Ушул убакта мектеп психологунун кесип тандоо боюнча тесттерди жүргүзүп, анкеталарды толтуруп, алардын жыйынтыгы боюнча балдар менен аңгемелешип жол көрсөтүүсү чон мааниге ээ болор эле.

Кесип тандоодо жашаган жер, айлана – чөйрөнүн чоң ролу бар. Үй бүлөнүн тааныштарынын, тууган-туушкандардын кесиптери, баланын жолдошторунун каалаган кесиптери, жашаган жери, району, техникадагы жетишкендиктер, радио, телевизор, басма сөз ж.б. баланы ойлондурат. Техникадагы жетишкендиктердин натыйжасында кол менен жасалган көп иштердин автоматтык, жарым автоматтык түрдө оңой жана бат жасалуучу иштер, кесип тандоодо белгилүү деңгээлде ойлонтот. Аймактык айырмачылык  да ролго ээ. Мисалы, ошол аймакта шахта болуп же бир кен табылып ал жерде иштөө, же  башка иш бар болсо бөлөк жерге барбай эле ошол жерде иштөө ыңгайлуу. Аймакка жараша, тамеки иштетүү, мал чарбачылыгы боюнча адистерге ж.б. оңой иш табылышы мүмкүн.

Мисалы, 1985-жылдагы Жаны Билим Берүү Реформасынан кийин өлкөдө инженерлерге жана адам жанынын инженерлери болгон мугалимдерге өкмөт тарабынан коюлган талапка жараша ушул адистиктерди тандагандарын (анын ичинде жанылыш тандагандардын да) саны көбөйгөн. Кээ бир кесиптерге болгон талап мезгилдерге жараша көбөйөт же азаят (Кулаксызоглу, 1995). Булар өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө байланыштуу. Кээ бир аймакта адис даярдоодо кесиптик техникалык  окуу жайлары маанилүү роль ойнойт. Кесиптик, орто же жогорку окуу жайларында, завод же фабриканын өзүндө курстардын болушу ал аймактагы жаштарга жардам берет. Кээде аймактык өзгөчөлүктөр  жаштардын ал адистикти тандоосуна түрткү бериши мүмкүн же тескерисинче жактырбай качуусуна да негиз болот.

Жаштардын көбү өз кесиптерин ойлонбой туруп тандашат. Мурда жакшы билбеген кесип жөнүндө ал кесип ээсинен маалымат алуусу да таасир берет. Кээде таанымал артист, ырчы, сүрөтчү, жазуучулар да шыктандырат. Кээде телевизордо, радиодо уккандары, окуган китептердеги, газеталардагы, көргөн кино фильмдердеги каармандар да таасир этет. Же өзү үлгүлүү деп ойлогон, жакшы көргөн кишинин адистиги да аны ойлонтуусу ыктымал. Карман жөнүндө жазылган китеп, макала, анын ийгиликтүү иши ошол кесипке кызыктырат. Кээде жакшы реклама да жаштардын ошол адистикке кетүүсүнө өбөлгө болсо, кээде мода болгон кесиптер роль ойнойт. 

Албетте, кесип тандоодо баланын кийин ал тармакта иш таба алуу ыктымалы, анын жөндөмү да эске алынуусу, кандай  түрдөгү иш экени жакшылап изилденүүсү керек экенине жогоруда токтолгон элек. Улам убакыт өткөн сайын коомдун жана билим менен технологиянын өнүккөнүнө байланыштуу жаны иш түрлөрү да пайда болууда. Коом өнүккөн сайын өзү менен бирге кээ бир маселелерди да  алып келет. Ал маселени чече турган кишиде жаңы көндүм, билгичтиктерди да талап кылат. Кийинки жылдарда гана кесип же иш катары тааныла баштаган жана элдин көңүлүн өзүнө абдан бурган жаны убаракерчилик (иш) түрлөрүнүн кээ бирлерин мисалга алсак:
М: мээ инженери, бош убакыт инженери, генетика инженери,  акча жумшоо инженери, чөйрө - пейзаж инженери, түссүз таштар менен иштеген инженердик ж.б. көптөгөн кесиптердин бир канчасы гана.

Айрым учурларда акча таба алам деген ой менен жаштар соодага байланыштуу адистикти тандашат. Бул болсо алардын ошо адистиктин ысык-суук жактарын жакшы билбегенинин натыйжасы. Айрымдары иши тынч болсун деп, оңой адистикти тандашат. Албетте бул кесип  бала ойлогондой оңой болбой калышы да мүмкүн.
Мисалы, бала бакча тарбиячысы, башталгыч класстын мугалими. Кесип жөнүндө билбей туруп бир чечимге келүү, кийин баланын күтпөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп, кыйналуусуна себеп болот. Кантаржы мектептерде кесиптик багыттоо абдан чон мааниге ээ экендигин баса белгилейт (Кантаржы, 1992, 15-б.). Мугалимдер жана психологдор ата-энелер менен бирдикте иштеп, баланын адистигин тандоосуна туура кеңеш берүүсү алардын жана өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү. Сүйбөгөн кесипте иштеп, ишинен ийгиликсиз болуп, ден соолугун да бузуп алгандан көрө, ден соолугу чын, ишин  ийгиликтүү аткарган адистерге, кызматчыларга өлкөбүз муктаж. Кесипке багыттоодо психолог-даанышман окуучулар, мугалимдер, ата-энелер менен бирге буларды жасоосу керек:

Кесипке туура багыт берүү, өлкөнүн да, жаштардын да кызыкчылыгы үчүн маанилүү. Туура жол көрсөтүлүп, кесибин сүйгөн, иштерман жаштарды, билимдүү, өз ишинде, тармагында күчтүү кесип ээлерин даярдоо келечек үчүн пайдалуу иш жасагандын көрсөткүчү болуп эсептелет. Мектептердин көбүндө кесипке багыт берген, кесиптерди тааныткан иш чаралар көбүнесе формалдуу түрдө болуп, жылда бир- эки жолу гана өткөрүлөт. Ал чогулуштарда билинген гана кесиптер жалпы жонунан тааныштырылып, башка кесиптер жөнүндө кенири маалымат берилбей, ал кесиптердин оор тараптары айтылбай, кайсы кесипке кандай окуу жайын бүтүргөндө ээ болоору жөнүндө маалымат берилбей  келүүдө. Окуучу өзүнүн эмнеге шыктуу экенин, эмнелерди жасай ала турганын толук билбей, өзүнө ишене албаган учурлар көп кездешет. Багыттоо ишинде булар маанилүү:

Кесипке багыт берүү өлкөбүздөгү мектептерде кээ бир өнүккөн өлкөлөрдөгү мектептерде жүргүзүлгөн кесиптик багыттоо иштеринен бир аз артта калды.  Себеби, баарынан мурда, кесипке багыт берүүчү даанышман мугалим -психологдор баардык мектептерде жетиштүү эмес. Ошентсе да азыр мектептерде психологиялык сервистер (кызматтар) жанданып, өнүгө баштады дешке болот, мындан ары да сөзсүз өнүгөт деп үмүттөнөбүз.




#Article 85: Университет кирүү экземендери эл аралык тажрыйбада (3184 words)


УНИВЕРСИТЕТКЕ КИРҮҮ ЭКЗАМЕНДЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБАДА
								Др. Кадиян Бообекова, Кыргыз-Түрк «Манас» Университети (). 
Азыркы учурда билим берүү адам баласынын иш-аракеттеринде, жашоосунда эң  кең ири сферанын бири. Себеби адамзаттын өнүгүп өсүүсүнүн перспективалары билим берүүгө байланыштуу. Билим берүүнүн социалдык ролу дүйнөдө абдан жогорулап, азыркы кезде ал социалдык инфраструктуранын эң  маанилүү элементтеринен болуп калды, (Вульфсон, 1995, 3-б).
Дүйнөдө кызматкерлердин билим дең гээлинин жогору болуусуна талап өскөн сайын, билим берүүгө болгон социалдык суроо талаптар да өсүүдө. Жаштардын кең ири катмары толук жана жогорку билим алууну, каалаган социалдык статуска ээ болуунун бирден бир жолу деп эсептешет. Жогорку билим дең гээли ишсиз калбоонун негизги гарантиясы. Чынында соң ку жылдардагы ишсиздикке, ишсиздердин түрүнө жана статистикага караганда, ишсиз жүргөндөрдүн белгилүү бир бөлүгүн дипломдуулар да түзөт. Бирок, ишсиздиктин эң  биринчи курманы- билим дең гээли төмөн болгон кесипсиз жумушчулар болот, (Вульсфон, 1995). РАО академиги Герщунский  кайсы гана өнүккөн коомдо болбосун, билимдүү, сабаттуу, жогорку маданияттуу кишинин, кең ири, ар тараптуу билим алган, кемчиликсиз кишинин культу - чынында эң  маанилүү, жападан жалгыз культ болуп эсептелээрин белгилейт, (Гершунский, 1993. 15.б.).

Учурда дүйнөдө эң  маанилүү иштердин бири - билим берүүнүн социалдык жана маданий ролун жогорулатуу. Тажрыйба көрсөткөндөй кандай гана өлкө болбосун анын экономикалык жактан өнүгүүсүнүн перспективасы - билим берүүнүн эффективдүүлүгүнүн даражасына байланыштуу. Мурункудан айырмаланып, учурдагы жогорку технологиялык өндүрүшкө жалпы маданий жана кесиптик билими жогорку жумушчу күчү талап кылынаары белгилүү (Малькова, Вульфсон, 1991). 
Жогорку билимдүү болуу үчүн жогорку окуу жайларына тапшырып, ал окуу жайы белгилеген сынакты берүү жана окуу керек. Кирүү сынагы ар кайсы өлкөдө  ар башка. Бул жерде борбордук тестирлөө аркылуу абитуриенттерди кабыл алуу 1982- жылдан бери практикаланып келген Түркия Билим берүү системасын мисалга алып көрөлү. Себеби Түркия жана Орто Азия Түрк республикаларынын Билим берүү министрликтери арасында билим берүү тармагында кызматташтык боюнча атайын макулдашуусу бар. Анын үстүнө өлкөбүздө үч жылдан бери борбордук тестирлөө аркылуу ЖОЖдорго студенттерди кабыл алууну практикаланып жаткандыктан, бул тажрыйба биздин билим берүү системага өрнөк  боло алат го деген ойдобуз. 

макулдашууга кол койгон бүт түрк тилдүү республикаларда май айында бир күндө болот.

республикалардын түрк лицейлерин, же ошол өлкөнүн жалпы жана өзүмдүк мектептерин бүтүргөндөр кире алат.

балдардын түркчө билгени текшерилет.

республикалардын Билим Берүү жана Маданият министрликтерине билдирилет.

кирүү сынагынан  өткөн окуучулардын аттары жана келе турган тарыхы дипломаттык каналдар аркылуу билдирилет.

Улуттук Агартуу Министирлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Маданият Министирлигинин туруктуу комиссиясынын экинчи чогулушу болду. Комиссиянын бул  чогулушунда төмөнкү маселелер каралды. Түрк тарабы, Кыргызстан тарабына Түркияда 1982-жылдан бери практикаланып келген Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасына да 1995 – жылы сунуш кылынган ОТОБ (Окуучуларды Тандоо жана Орноштуруу Борбору) сынак/ тестирлөө системасынын жактырылып практикалануусу  жөнүндө маалымат берүүсүн талап кылган. Кыргызстан тарабы бул системаны практикалоо үчүн (UNDP) Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы менен Дания жана Кыргыз Республикасынын чогуу иштешкенин жана кийинчерээк бул системага өтө турганын билдиришкен (Түркия Улуттук Агартуу министрлигинин 1996-жыл токтомдору). 
Түркияда университеттерге студенттерди кабыл алуу жөнүндө төмөндө маалымат берилди. 
Түркияда университеттердин эки жылдык (өн лисанс) жана төрт жылдык (лисанс - бакалавр) бөлүмдөрүнө кирүү үчүн абитуриенттер атайын борбордоштурулган уюмга (Тестирлөө борбору) экзаменге киришет. Университеттин 2 жылдык бөлүмү да жогорку окуу жайы деп эсептелип, биздеги техникумдар сыяктуу. Аны бүтүргөндөр 4 жылдык бөлүмдөргө  улантып окуй алышат.
Университетке кирүү сынактарын борбордоштурулган тест системасы менен алган бул уюм - Окуучуларды Тандоо жана Орноштуруу (жайгаштыруу) Борбору (ОТОБ) (түркчө ЈСЙМ) деп аталат. Бул борбор Түркия Республикасынын Жогорку Билим Берүү Кең ешинин (ЙЈК) чечими менен 1982-жылы курулган. Бул борбордун максаты - Түркиядагы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы орто мектептин жана лицейдин бүтүрүүчүлөрүн университеттин 4 жылдык, 2 жылдык бөлүмдөрүнө жана кесиптик атайын орто окуу жайларына орноштуруу үчүн билим сыноосун уюштуруу жана андан өткөндөрдү алган баллына (упайларына) жараша окуу жайларынын бөлүмдөрүнө орноштуруу болуп саналат. 
Жалпы калкынын саны 70 миллионго чукул болгон Түркия Республикасынын бир жарым миллионго жакын жаштары жыл сайын бул борбор уюштурган университеттерге кирүү сынагына кирүү үчүн ОТОБго арыз беришет. Бул жылы сынакка кирүү үчүн 1миллион 715 миң ден ашуун абитуриент арыз берген. Сынакка кирүү үчүн лицейди бүтүргөндөр же бул жылы ийгиликтүү бүтүрө ала тургандар арыз берип, документ тапшырышат. Документ тапшырууда аттестат ала элек болсо да бул жылы мектепти бүтүрј алат же бүтүрдү деген мектептен справка болсо ал сынакка кирүүгј жетиштүү.  Бул борбор өздөрү жактырган бөлүмдөрдү тандап, жогорку окуу жайларына кирүү сыноосунан өткөндөрдү ошол бөлүмдөргө орноштурат. 
Бул сынак эң  биринчи жолу 1982-жылы бир баскычтуу болгон. Ал эми 1983-жылдан баштап калган жылдарда эки баскычтуу болуучу. Бирок 1999-жылы да кайрадан бир баскычтуу болуп, ОТОБго арыз берген 1.478.562 абитуриенттен 1.435.635и сынакка кирди, алардан 1 млн.7.703. абитуриент университетке өттү. 2002-жылы сынак системасы кайрадан 2 баскычтуу болду. ОТОБ сыноолору, биринчиси ОДАС (Окуучулардын жалпы дең гээлин аныктоо сыноосу), экинчиси ООС (окуучуларды орноштуруу сыноосу) болуп экиге бөлүнөт. Ал сыноолорго кирүүдөн мурун ОТОБ борборуна арыз берүү керек. Эми баарын ирети менен карайлы.
К/№	Иштердин ирети

	            - Жөндөмдүүлүккө жараша кабыл алуу
	            - ОТОБ сыноосунда артыкчылыгы болгондор
	            - ОТОБ менен жазышуу
	            - Каттоо / жыйынтык.

ОТОБ сыноо борборлору.
Ар бир шаарда, шаардын кээ бир райондорунда, областтын жана райондун борборлорунда сынак борборлорунун филиалдары бар. ОТОБго абитуриент сүрөт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана аты аталган формаларды толтуруп тапшырат. Документ тапшыруу февралда башталып мартта бүтөт, документти мектепке же райондогу ОТОБ филиалына тапшырууга болот.

Сынакка кирүү үчүн Түркия жана Tүндүк Кипр Түрк Республикасынын атуулдары төмөнкү шарттарга жараша арыз беришет:
	а) бул жылы ар кандай орто мектепти же лицейди бүтүрө ала тургандар;
	б) мурунку жылы орто мектепте экзаменден өтпөй калгандар, быйыл бүтүрө тургандар;
	в) орто мектепти сырттан бүтүрүп жаткандар; 
	г) орто мектепти мурунку жылдары бүтүргөндөр; 
	д) чет өлкөдө жашаган, орто мектепти бүтүрө турган Түркия Республикасынын атуулдары арыз бере алышат. 

Бул экзаменге кирүү шартпы?
 
Жекече жөндөмдүүлүгүнө карап (мисалы, артисттик, ырдоо, сүрөт тартуу, проект сызуу, роль аткаруу жөндөмүн текшерген ж.б.) студенттерди кабыл алган окуу жайына кире турган болсо да же менчик университеттерге окууну кааласа да ОТОБ сынагына кирүү шарт.
Кирүү үчүн документтер. ОТОБ сынагына кирүү үчүн ушул жыл үчүн окуган мектебинен же жер жерлердеги (райондогу) ОТОБ сыноо борборунан арыз формасы жана ОТОБ үчүн акча төлөгөнү тууралуу банктан квитанция алышат.

Форма кантип толтурулат? Бул арыз формасына абитуриент жөнүндө маалыматтар жазылат, катталуу номери (карточкасы) жана абитуриенттин номери болуп үч түрдө берилет. 26 суроосу бар, кара калем менен толтурулат. Мында аты жөнү, атасынын аты, ОТОБ номери, жынысы, атуулдугу, билими, дареги, туулган жери, жылы, мектебинин коду, (кесиптик мектеп, гимназия, супер лицей ж.б.) түрү, мектептеги окуучунун номери, мектептеги баалоо системасы, окууну бүтүргөн жылы, дипломундагы (аттестат) баасынын ортоломосу, жашаган жери бөлүмдөрү бар. Абитуриент жөнүндө билдирүү формасында тандоо бөлүмү бар. Анда кайсыл жерден экзаменге киргиси келсе ошол жердин номерин жазат. Формага толтурула турган мектептин номери, шаардын, райондун, ОТОБ борборунун номерлери китепчеде жазылуу болот.

Јлкөнүн куралдуу күчтөрүнө жана укук коргоо бирдигине тиешелүү жогорку окуу жайларынын бөлүмдөрүнө кирүүнү каалагандар ОТОБ сыноосуна кирбейт. Бул окуу жайларына киргиси келгендер окуу жайлардын өздөрүнүн эрежелерине жараша ошол жерде сыноого киришет. Сыноого кирген бүт абитуриенттерге коомдук (гуманитардык) билимдерден (тарых, география, адабият, философия, тил) жана табигый билимдерден  жана математикадан (математика, физика, биология, химия) түзүлгөн бир тест берилет. Коомдук илимдер бөлүмүндө түркчөнү туура колдонуу менен бирге башка коомдук билимдерден билимин текшерген суроолор бар. Табигый илимдер (жана математика) бөлүмүндөгү суроолордо абитуриенттердин математикага кызыгуусу, билими жана табигый илимдер боюнча билимин текшерген суроолор берилген. Мында жөнөкөй, негизги терминдерди, түшүнүктөрдү жана принциптерди колдоно ала турганын текшерүүчү суроолор бар. Сыноодо канча суроо, кайсы бөлүмдөн келет жана канча процент экени китепченин ичиндеги таблицада көрсөтүлөт. 
Сынакка кирип жатып, абитуриент сыноо баракчасыны, паспорт же күбөлүгүн, сүрөтүн, катталуу номерин унутпоосу зарыл. Окуучунун сыноого кайсы жерде кирээри ОТОБдон белгиленет. Анын жашаган жерине эң  жакын жерден кирээри  экзаменден бир ай мурун окуучуга белгилүү болот.
Биринчи баскыч сыноо (ОДАС) кандай болот?
ОТОБ борбору сыноо үчүн бир күндү белгилейт. Мисалы: 27-апрелде Жекшемби күнү саат 10.00. до башталып 3 саат сүрөт. Сыноо болуп жаткан залда көзөмөлдөөчү болуп 2-3 киши турат. Ал абитуриенттин экзамен баракчасын текшерип, окуучуну класска киргизет, жооп баракчасын, суроо китепчесин таратат, сынак бүткөндө топтойт.
Биринчи баскыч сыноонун суроолор китепчеси эки вариант болот: А жана Б. Варианттарга жараша суроолор бирдей болгону менен суроолордун орду бирдей эмес. Ошон үчүн жооп баракчасы да башкача толтурулат. «Жооп баракчасында» абитуриенттин аты жөнү, номери жазылат. Тесттеки суроолордун жообун А, Б, В, Г, Д варианттарында беш жооптун кайсынысы туура экенин бул тамгалардын бирин каралап белгилейт. Бирден көп болсо, «туура эмес» болуп эсептелет. Сыноого кирип жатканда экзамен баракчасы, паспорт, сүрөт, номер менен кирип, чыгып жатканда жооп баракчасы, экзамен баракчасын, сүрөтүн, номерди тапшырып чыгат. Булар борборго жөнөтүлөт. Кем болсо сыноо жараксыз болуп калат. Сыноо жыйынтыгы ОТОБдо текшерилгенден кийин абитуриенттин адресине жөнөтүлөт.

 
Биринчи баскыч сынагынан кийин текшерүүдө туура жооптор эки түрдүү эсептелет: 1) гуманитардык сабактар боюнча стандарт балл (упай);  

	Абитуриенттин тандаган кесибине жараша эгер ал коомдук илимдер боюнча (же сүйлөө сабактарынан) бөлүмдөн бирин кааласа, суроолордун жоопторун эсептөөдө сөздүү бөлүмдүн жоопторунун суммасы 1.8. менен, математика жана табигый илимдер суроосуна берилген жооптордун суммасы 0,4 менен көбөйтүлөт.
Мисалы: бала келечекте филолог, социолог, географ, юрист болгусу келсе, анын тарых, география, философия, тил жана адабият сабактарынын суроолоруна берген жоопторунун суммасы 1.8 менен көбөйтүлөт, ал эми анын математика, биология, физика боюнча жоопторунун суммасы  0.4 менен көбөйтүлөт. Андан кийин жалпы баллы чыгарылат. б.а. сүйлөө сабактарына көбүрөөк маани берилет. Абитуриент математика, табигый илимдер же инженерия бөлүмүн каалаган болсо, бул бөлүмдүн суроолорунун жоопторунун суммасы 1.8 менен, сөздүү бөлүмдүн жоопторунун суммасы 0,4 менен көбөйтүлөт. Эгер кесип үчүн экөө тең  маанилүү болсо (менеджмент ж.б.) баардык жооптордун суммасы 1,1 менен көбөйтүлөт.

ОДАС  сыноосунан өтүү үчүн коомдук илимдер (сүйлөө) же табигый илимдер (эсептөө) же коомдук илимдер (сүйлөө) менен табигый илимдеринен (сүйлөө жана эсептөө) түзүлгөн суроолордун биринен эч болбосо 105.000 балл топтоосу керек. Үчөөнүн бирөөнө өтсө бул баллга жараша кабыл алган окуу жайларынын кээ бир бөлүмдөрүнө өткөн болуп эсептелет.

Экинчи баскыч сыноого кирүү үчүн эч болбосо 120.000 балл алуусу керек. Окуучулардын жөндөмдүүлүгүнө жараша кабыл алган университеттин бөлүмдөрүнө кирүү үчүн да 105.000 упай алуу керек. Биринчи баскыч сыноонун жыйынтыгын газетадан, интернеттен же телефон менен билүүгө болот же ОТОБ  сынак жыйынтыгын окуучулардын адрестерине да жөнөтөт. 
Окуучулардын кире турган бөлүмдөрдү тандоосу.

Код/№	Программа 	Окуу мөөнөтү 	Сыноо түрү	Орун 	Биринчилер үчүн орун	Олимпиада  жең үүчүлөрү	

Чукурова университети  (Адана ш.)

геолог	4 жыл	Матем.	40	2	1
 
Анкара университети

(Программалар жөнүндө 2 жылдык өзүнчө 4 жылдыктар өзүнчө таблицаларда берилет).
Университетти, факультетти тандоо жана канча балл менен кире турганы төмөнкү таблицада мисал катары берилди:

К/№	Код (шифр, номер)	Университет 	Факультет 	Сыноо түрү	Балл 

	620.300

ж.б. ушул сыяктуу жазылат.

Экинчи баскыч сыноо үчүн биринчи баскыч сыноодон өткөндөр арыз беришет. Бул үчүн Банкка ОТОБ сыноосу үчүн акы төлөшөт жана биринчи баскыч сыяктуу документтерди ОТОБго жөнөтүшөт. Бул сыноого кире тургандарга табигый илимдер, математика, түркчө, коомдук илимдер жана чет тилден (немец тили, англис тили, француз тили) болгон тесттерден түзүлгөн бир суроо китепчеси берилет. Абитуриенттер бул суроолордон өздөрү тандаган кесиптерге тиешелүү болгон бөлүмдөрдүн гана суроолорунун жообун жазышат. Бир гана «жооп баракчасы» колдонулат. Бул бөлүмдөр үчүн тесттер төмөндөгүдөй болуп берилет:

а) табигый билимдер тести,
б) математика тести,
в) түрк тили тести.

а) математика тести, 
б) түрк тили тести,
в) коомдук илимдер (гуманитардык) тести.

а) түркчө тести,
б) коомдук илимдер тести,
в) чет тили тести, (бир гана чет тил суроосун жооптойт).
	Бир абитуриент өзүнүн кесип тандоо баракчасында тизмелеген кесиптерге тиешелүү суроолорго гана жооп берет. Эгер бирөө табигый жана инженердик илимдер бөлүмүндөгү кесипти тандаса ошол бөлүмдүн суроолоруна жооп берет. Эгер мунун үстүнө экономикалык жана гуманитардык билимдердин кесибин тандаса бул бөлүмдүн суроолоруна да жооп берет. Эгер кесип тандоо тизмесинде булардан башка окутуу чет тилде болгон кесиптер бар болсо үч түрдүү тесттин (табигый илимдер жана математика + коомдук илимдер + чет тили боюнча) суроолорунун баарына жооп бериши керек болот. ООС суроолору лицей программасынын негизинде даярдалат.
	ООС суроолору кайсы бөлүм үчүн канча процентти түзөөрү төмөндө берилди.

	а) физика 40%
	б) химия 30%
	в) биология 30%

	а) тарых 40%
	б) география 30%
	в) философия группасында сабактар 30%

тестинде «жооп баракчасына» кайсы тил экени жазылуусу зарыл.

ОТОБ сыноосунун жыйынтыгын чыгарууда окууга орноштурууда баланын мектепти качан бүткөнү маанилүү. Жаң ы бүтүргөндөр үчүн жалпы балл 0.2 коэфициентке көбөйтүлөт. Эскилер үчүн көбөйтүлбөйт. 

ЖОЖдордун бөлүмдөрүнө борбордук орноштуруу жана жекече жөндөмдүүлүгүнө жараша орноштуруу жолдору бар. Абитуриенттер сыноодон өтсө  тандаган жогорку окуу жайынын каалаган бөлүмүнө керектүү болгон тест баллы, бул бөлүмдөгү белгиленген орун ал бөлүмдүн шарттары да ОДАС, ООС баллы, мектеп дипломунун баллы чогуу эсептелип орноштурулат. Жыйынтыгы ОТОБдан билдирилет.

Бул сыноо шыктуу, жөндөмдүү окуучулар үчүн уюштурулат. Кайсы окуу жайы, кайсы бөлүм жөндөмдүүлүк боюнча кабыл алаары өзүнчө таблицада берилет. ОТОБ биринчи баскыч сыноосунан эң  аз 105.000 балл менен өткөндөр окуу жайынын өзүндө эмнеге жөндөмү болсо ошол жөндөмүн көрсөтүү үчүн атайын комиссияга кирип келечек кесиби боюнча экинчи баскыч сынак беришет. Булар ОТОБдун ОДАС (1- сынак) жыйынтыгы боюнча бул окуу жайларына катталат. Лицейден алган  дипломунун баалары, кандай лицейди бүтүргөнү текшерилет, себеби ошого жараша балл берилет.

Мектептин биринчилери. Мектептеги биринчилик менен бүтүргөндөр 

Ар кандай искусство бөлүмүндө абдан жөндөмдүүлөр, олимпиадалардын жең үүчүүлөрү ОТОБ 1 - сыноосунан кийин «тандоо баракчасына» жазган кесиптердин бирине каттала алат. Олимпиада же ар кандай проект даярдоодо жең үүчүлөр ошол сабактарга жакын бөлүмдөргө кирүүдө артыкчылыгы бар.
Спорттук мелдештердин жең үүчүлөрү.  Јлкө ичинде же чет өлкөдөгү  спорттук мелдештерде жең үүчүлөр (1, 2, 3-орун алгандар) Спорт академияларына  каттала алат.
Бир кесипке багытталган лицейдин бүтүрүүчүлөрү ошол кесип боюнча ОТОБ сыноосунан кийин ошол багыттагы бөлүмгө кошумча балл менен каттала алат. (м: мугалим лицейи). Техникалык лицейдин бүтүрүүчүлөрү ОТОБ сыноосунан кийин тиешелүү бөлүмгө каттала алат. Кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү, «Индустриялык кесиптик лицейи», «Кыздар кесиптик лицейи», «Соода кесиптик лицейи», «Туризм жана мейманкана иштетүү лицейинин» бүтүрүүчүлөрү бул бөлүмдөргө ОТОБ сыноосунан кийин кире алат.
Денесинде кемчилик болгондор, көрүүсү, угуусу начар болгондор өзүнчө сыноо менен ЖОЖдорго кире алышат.  Лицейди сырттан окугандар ОТОБ сыноосуна кирген жылы лицейди бүтүрсө ЖОЖго катталат.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынан келгендер. Түндүк Кипр Түрк Республикасы же Түркия республикасынын атуулдар ОТОБ сыноосуна кире алышат. Чет өлкөдө жашаган ТР атуулдары ОТОБ сыноосуна кирүү үчүн  форманы башкача толтурушат. Чет өлкөдө окугусу келгендер. ОТОБ экзаменине кирип, 2 жылдык бөлүмдөр үчүн эң  аз 105.000, 4 жылдык бөлүмдөр үчүн эң  аз 120.000 балл топтоосу зарыл. Чет өлкөдө окуй тургандар, каалаган бөлүмдөрү үчүн кайсы сабактардан экзамен бере турганын жакшы билүүсү керек. 
Мисал үчүн 1998-жылы Кыргыз улуттук университети, философия бөлүмүнө 177.000, Тифлис мамлекеттик университети, психология факультетине 177.000, БГУнун филология бөлүмүнө да 167.000, Казахстан Хожа Ахмет Ясеви эл аралык университетине 165.000, Азербайжан Мамлекеттик университетинин Чет тил мугалими жана котормочулук бөлүмүнө 156.000 балл менен кабыл алынаары белгиленген (1998-жыл үчүн ОТОБ китепчеси  жана 1999-жыл үчүн расмий газетадан алынды).

Эгер абитуриент документин ОТОБго тапшыргандан кийин адреси өзгөрсө, сыноого чейин муну ОТОБго билдирүүсү керек. «Адрес алмашуу арыз баракчасына» жазылып жөнөтүлөт. Эгер ОТОБдун жазган жана жөнөткөн кагаздарын абитуриент ала албаса бул жөнүндө ОТОБго жазуусу керек. Эгер «сыноо баракчасы» келбей калса сыноого кире албай калышы мүмкүн. Эгер абитуриент сынак жыйынтыгына нааразы болсо ОДАС сыноосунан кийин «жооп баракчасынын» кайрадан текшерүүнү талап кылууга болот.

ОТОБ жыйынтыгы боюнча ЖОЖго орноштурулган абитуриенттин окууга
катталуусу ошол жыл үчүн гана жарайт. Бир абитуриент бир эле убакта эки жердин студенти боло албайт.
Ким каттала албайт?
а) жогорку окуу жайына ОТОБ сыноосу менен өткөнүнө карабай мектепти ушул жылы бүтүрө албаса ЖОЖго каттала албайт.
б) аскердик милдетин өтөп жаткандар;
в) ОТОБ сынагына  өзүнүн ордуна башкасын киргизгендер;
г) саясий күнөө менен ЖОЖдон чыгарылгандар; 
д) чет өлкөлүктөр, качкындар (чет өлкөлүктөр үчүн өзүнчө сыноо бар);
е) аскердик окуу жайынан чыгарылгандар каттала албайт.

Абитуриент өзүнүн бир окууга өткөнү жана орноштурулганы тууралуу ОТОБдун газеталарга жарыяланган жыйынтык таблицасынан же интернеттен окуп биле алат. Газетада абитуриенттин номери (регистрация), жана өткөн окуу жайынын бөлүмүнүн шифры жазылуу болот. Мисалы:   
Окуучунун ОТОБ регистр.номери	Јткөн бөлүмдүн аты, номери

Экинчи баскыч сыноосунан өткөндөр, бул сыноодон кийин окуучуларды кабыл алган окуу жайлардын тиешелүү бөлүмдөрүнө студент болуп кабыл алынат. Сыноо июнь айында болот. ОТОБдун экинчи баскыч сыноосунан (ООС - орноштуруу сыноосу) өткөндүгү жана каалаган кесиптеринин бирине орноштурулганын билгенден кийин, абитуриент жатакана үчүн шаардагы «жатаканалар коомуна» арыз берип, орун алып жашай берет. 
Жогорку окуу жайына студент кабыл алуунун Түркиядагы борборлоштурулган бул ОТОБ сыноо системасы бир тараптан оң ой, экинчи жактан татаал.
 
Оң ой тарабы - мектептин, лицейдин бүтүрүүчүлөрү «университетке документ тапшырам» деп жайдын ысыгында шаардан шаарга кетпейт. Мектептен же курстардан алган билими менен жашаган жеринен бир гана күндө тандаган 18 кесиби үчүн сыноо берет. Абдан каалаган кесибин «кесип тандоо баракчасынын» баш жагына жазат. Ушул эле жылы, бир жыл дагы окууга тапшырам деп күтпөй тандаган 18 (же 24) кесиптин бирине өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бир эле кесип, ар кайсы университетте болушу мүмкүн. Бири бирине жакын кесиптер болушу мүмкүн, кээде тескерисинче, бири-бирине таптакыр жакындабаган кесиптер да болушу ыктымал. Окуучу кесиптерди тандоодон мурун ар бир мектептеги психолог-даанышман (кең еш берүүчү) менен кең ешет. Психолог мектепте ар бир бүтүрүүчүгө кесип тандоо тесттин жүргүзөт. Тестте баланын кайсы иштерге же кесипке шыгы болуп, ошол ишти аткарып кете ала турганы жөнүндө белгилүү болот. Мектеп психологу ошого жараша жол көрсөтөт. Психологдун жол көрсөтүүсүнө карабай кээ бирлери «эптеп окууга өтүп алсам» деген ойдо ар кайсы кесипти жаза беришет. Баланын каалабаган кесиби да болушу мүмкүн. Мамлекеттик же өзүмдөк университет болсун, бала ОТОБ сыноосу аркылуу гана өтөт. Ар бир студент окуусу үчүн жылда эки жолу окуу акысын төлөшөт. Бюджеттик бөлүмдөгүлөр аз төлөшөт. Контрактык бөлүмдөгүлөр жана өзүмдүк университеттегилер көп төлөшөт. Бюджеттик бөлүмдөгүлөр стипендия берген уюмдардан стипендия же мамлекеттен «кредит» ала алышат. Кээ бир өзүмдүк университеттердин кээ бөлүмүнө жыл сайын университет өзү стипендия төлөп 3- 4 студент кабыл алышат.	ОТОБ сынагынын дагы бир оң ой жагы, ар бир университетте мугалимдер экзамен алуу үчүн суроо даярдабайт. Абитуриенттер үчүн суроолор ОТОБ  борборунда даярдалат. Ал жерде лицей жана университет мугалимдеринен түзүлгөн атайын коммисия иштейт.

ОТОБ сыноосунун татаал жагы, ар ким абдан тырышып, аракеттенип окуп, билсе гана университетке өтө алат. З.А. Малькованын «Стратегия развития для XXI века в Японии» аттуу эмгегинде да жазылгандай Япониядагы сыяктуу «сыноо тозогу» деген түшүнүк Турцияда да бар. Экзамен чын эле «тозок». Себеби, эгер окуучунун мектептен алган билими жетиштүү сыяктуу сезилсе, бала өзүнүн билбегенин сезсе, окуучунун ата-энеси репетитор жалдайт. Университетке даярдоо курстарына акча төлөп барышат. Кичинекейинен баштап күн түн дебей университетке өтүү үчүн даярданышат. Балдарынын университетке өтүп окуусун, келечекте бир иштин, кесиптин ээси болуусун ар бир ата-эне каалайт. Ал үчүн балдарын жакшы же өзүмдүк мектептерге, уклондуу мектептерге окутууга аракет кылат. Бирок ал мектептер конкурс менен алышат. Балдарын университетке окутуу ар бир ата-энени түйшөлтөт. Бала да дайыма сабак окуп жатып жадайт. Стресске, депрессияга кирет. Ушинтип, университетке кирүүдө ата-энелер үчүн да, балдар үчүн да чоң  кайгы жараткан чоң  жарыш бар. Жарыштан өтүү үчүн да баары эмгектенишет, (Эрдоган,1997).

	Мектептердин жана лицейлердин негизги максаты, лицейден кийин да окугусу келгендерди чоң  жарыш ичинде университетке даярдоо болуп саналат. Бул иш мугалимдер үчүн да оор. Университетке кирип, максатына  жетүү үчүн миң деген жаштар экзамендин стресси алдында калат. Кээси бул системадан жадап окуу үчүн чекит коюп мектепти таштап коюшат. Окуучулардын 11 жылдык мектептеги эмгеги, билимин мындан ары улантышы же улантпоосу, тагдыры бир күндүк экзаменге байланыштуу болуп калып жатат. Түрк педагогу Эрдоган, бул системанын оор экенин, өзгөртүү керектигин белгилейт (Эрдоган, 1997, 214-215 б).
 

 
ОТОБ, 2002 - жылкы ОТСтин жыйынтыгында ЖОЖ программалары арасында тандоо жасай турган абитуриенттер үч топко бөлүнгөн.

жылдык бөлүмдөрүнө сынаксыз кирүү үчүн арыз бергендер, ошол жылдагы жең илдиктен пайдалана алышат. 2003 – жыл үчүн унивеситеттердин 4 жылдык бөлүмдөрүнө эң  аз 160.000 упай алуусу керек деп белгиленген. 2004-жыл үчүн да ошондой деп белгиленди.
Бул системанын пайдалары:

сыяктуу көрүнүштөр жок болот.

өтө алаарын билип, мотивациясы жогорулайт, кызыгып окуйт. Јлкөбүздүн алдың кы өлкөлөрдүн катарына кошулушу үчүн да өз иштеринде жоопкерчилик ала алган, билимдүү, аң  сезимдүү, эмгекчил жаштар зарыл.

ыкма менен текшерилгендиктен, бурмалоо болбойт, ар ким өз дең гээлин билет.

мугалимдеринен да атайын тест суроолорун даярдоочу топ биргелешип даярдайт жана жашыруун болот.
Жыйынтыктап айтканда, өлкөбүздө мындай системага өтүү үчүн:

бирге тест ситемасы жана кайсы университет канча балл менен алаары тууралуу маалымат берилген китепчелер басылып чыгуусу зарыл. 

мугалимдердин кесибин өркүндөтүү курстарында, жер жерлерде бул система тууралуу атайын семинарлар уюштурулуп, мугалимдерге жана бүтүрүүчүлөргө жалпы маалыматтар берилүүсү пландалуусу зарыл. 
	- Бул сынак тууралуу жана анын боло турган жери, убактысы тууралуу коомдук маалымат каражаттары аркылуу жарыяланышы пайдалуу болоор эле. Себеби, оз убагында билбей калып, коп сандагы балдар бул сынакка катыша албагандыгынан улам, каалаган окуу жайына кире албай калып жатышат. 
	




#Article 86: Мугалимдерди даярдоодо стандарттар жана аккредитация (2348 words)


МУГАЛИМ ДАЯРДООДО СТАНДАРТТАР ЖАНА АККРЕДИТАЦИЯ

Проф. Докт. Mехмет ШИШМАН
Кыргыз- Түрк «Mанас» Университети

Баш сөз

Бул докладда мугалим даярдоо боюнча программаларынын акредитациясы мугалимдердин жеткиликтүүлүктөрү жана стандарттары тууралуу сөз болмокчу. Ушуга байланыштуу өнүккөн өлкөлөрдөн АКШ, Англия жана Түркиянын бул темада жасаган иштери тууралуу сөз болот. Андан кийик Кыргызстанда мугалим даярдоо программаларын түзүүгө байланыштуу кээ бир мисалдар жана сунуштар берилген.

Mугалим мектептеги окутуу – үйрөтүү процессинин негизги фактору. Окутуунун жана үйрөнүүнүн сапаты мугалимдердин сапаты менен түздөн түз байланыштуу. Башкача айтканда, окутуу жана үйрөтүү процессинде негизги фактор мугалим болуп, сапаттуу окутуу жана үйрөтүү жогорку сапаттагы мугалимдер аркылуу ишке ашат. Илимий булактарда мугалимдердин кишилик жана кесиптик жактан ээ болушу керек болгон сапаттар тууралуу абдан көп өзгөчөлүктөр  жазылган. Албетте мугалимден күткөн иш аракеттер коомго жана ал коомдогу маданиятттарга жараша өзгөрөт. Ошентсе да бардык өлкөлөрдө жалпы окшоштуктар болушу мүмкүн. 
Жеткиликтүүлүк же кесибин мыкты аткаруу деген- бир ишти же милдетти таасирдүү түрдө аткаруу үчүн керектүү билим жана көндүмдөргө ээ болуу. Жеткиликтүүлүк- инсандын кесиптик жактан жасай ала турганы жана бир кесипти таанытуу же аткаруу үчүн жасаган иштердин стандарттары болуп эсептелет. Бир кесипте тиешелүү стандарттар кесип ээлеринин жасай алуу жөндөмүн баалоодо да негизги критерийлерди белгилеп, түрдүү максатта колдонулат. Mугалимдердин жеткиликтүүлүү ар жерде жөндөмүн таасирдүү өстүрүү үчүн керектүү билим, билгичтик жана көндүмдөр жана кишилик өзгөчөлүктөрүнүн баары катары кабыл алынат. Mугалимдер ээ боло турган жөндөмдөрдүн белгиленүүсүнө тиешелүү түрдүү методдор бар. Булар методдор кесипке тиешелүү булактарды анализдөө, ишти анализдөө, метод кабинеттердин уюштуруу сыяктуу. Mетод кабинеттеринин же предметтик мугалимдердин бирдигинин ою мугалимдердин ишин жана жөндөмүн баалоодо көп колдонулган  жол. Mындай группалар окутуунун теориялары жана практикалары жактан тажрыйбалуу мугалимдерден түзүлөт. Түркияда мугалимдердин жөндөмдүүлүгүн баалоодо метод кабинеттегилердин ою маанилүү. Көп өлкөлөрдө мугалимдердин жеткиликтүүлүгүн, жөндөмүн изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок мугалимдерди баалоодо бул критерийлер ошол өлкөнүн билим берүү системасынын визиону, философиясы, негизги окутуу- үйрөнүүгө болгон мамилеси эске алынып белгиленет. Ошондуктан бир системада таасирдүү натыйжа берген мугалимдердин өзгөчөлүктөрү башка өлкөдө өлчөгөндө ал натыйжаны бербеши мүмкүн (Шахин, 2004). 

Mугалимдерди даярдоо программаларында стандарттар жана акредитация
Сапат стандарттары сапатка ишенүү системасы жана сапатты текшерүү сыяктуу сапат жана стандарт түшүнүктөрүн камтыган кээ бир түшүнүктөр товар өндүргөн ишканаларда жана башкаруу системаларында көп колдонулууда. Акыркы жылдарда булар башкаруу менен байланыштуу болуп, «Жалпы сапатты башкаруу» түшүнүгү менен биргелешип айтылып келе жатат. Айрыкча мындай түшүнүк билим берүү мекемелерине 1990- жылдардан баштап кирип, окутуу ишинде колдонулуусу үчүн иш аракеттер башталган (Шишман жана Туран, 2003). 
Mугалимдердин жана мугалим даярдаган окуу жайларынын окуу программаларынын сапаты тууралуу талаштар бүт дүйнөдө ар дайым актуалдуу болгон темалар. Акыркы жылдарда мындай талкуулардын арасында да стандарт, акредитация, жеткиликтүүлүк сыяктуу түшүнүктөр бар. Бир билим берүү мекемеси катары стандарттар же жеткиликтүүлүктөр ошол окуу жайында даярдала турган кесип ээлеринин сапатын, алардын ээ болгон көндүм, билим жана билгичтиктерин билдирет. Булар мурунтан жергиликтүү же борбордук башкаруу органдары же кесиптик уюмдар тарабынан белгиленип, билим берүү программасын түзүүдө жана окутуу процессинде практикалоо үчүн жол көрсөтөт. 
Акредитация термини мугалим даярдоо боюнча жаңы түшүнүк болуп, акыркы жылдарда абдан сөз болууда. Акредитация сөзү стандарт деген сөз менен бирге колдонулат. Стандарт бир авторитет, жергиликтүү салт же экөөнөн орток кабыл алынган түшүнүк болуп, ошого ылайык иш жасоо керектигин билдирген модель же мисал катары кабыл алынат. Бир жагынан стандарт белгилүү бир максаттын ишке ашышы үчүн керектүү жана жетиштүү сапат деңгээли болуп саналат. Ушул аныктамаларга карап, акредитацияны белгилүү бир товарды же кызматты өндүрө турган же суна турган мекеменин белгиленген стандартка жараша өзгөчөлүгүн белгилөө десек болот. Жогоруда жазылгандай стандарт же акредитация белгилүү бир авторитеттин бар экенин билдирет. Бул авторитет аныктама да берилгендей мыйзам аркылуу да белгиленет же салттарга жараша да же орток болуп белгилениши мүмкүн (ЙОК, 1998, 1999). Окуу жайлары боюнча алсак акредитация эң жөнөкөйдөн караганда бир окуу жайынын мурунтан белгиленген стандарттарына ылайык иштөө процесси болот. Бир окуу жайынын акредитацияланышы - анын берген билиминин белгиленген стандарттарга ылайык экендигин белгилөө, тастыктоо үчүн башка бир мекеме тарабынан ошол стандартарга жооп берип бербегенин текшерилиши жана ошого жараша чечим кылуусу керек. Эки түрдүү акредитация бар: биринчиси мекеменин акредитациясы, экинчиси болсо, белгилүү бир окуу жайында белгилүү бир бөлүм же программага байланыштуу аткарылат. Башкача айтканда буларга академиялык акредитация жана кесиптик акредитация десек да болот. 
Билим берүү борбордук өкмөттөр тарабынан уюштурулган өлкөлөрдөгү окуу жайлары көбүнчө борбордук башкаруу органдары тарабынан контролдонуп, акредитация да өкмөтүк мекемелер аркылуу жүргүзүлөт. Бирок АКШ сыяктуу кээ бир өлкөлөрдө окуу жайларынын акредитация иштери өкмөткө тиешеси жок менчик же көз каранды эмес мекемелер, уюмдар аркылуу жүргүзүлөт. Өнүккөн өлкөлөрдө акредитация мисалы АКШда бардык билим берүү мекемелери үчүн милдеттүү түрдө болбой, окуу жайлары өздөрүнө акредитация жасоону үчүн талап кылышы керек. Акредитациядан өтүү мекемеге бир топ жактан авантаж алып келет. Азыр АКШда мугалим даярдаган 1300гө жакын программа бар жана ал программалардын 1000ге жакыны АКШда эң маанилүү болгон Улуттук мугалимдерди акредитациялоо өкүлчүлүгү (NCATE-The National Council for Accreditation of Teacher Education) аркылуу акредитацияланган. 
Батыш өлкөлөрүндө билим берүүдө стандарттар жана акредитация 
Mугалимдин жарамдуулугуна тиешелүү билим берүү программалары биринчи жолу 1960-жылдардын аягында АКШда  мугалим даярдоо тармагында практикалана баштаган. Башка кесиптердин окуу программаларында практикалануусу болсо 1970-жылдардын аягына туура келет. Англия жана Германия сыяктуу Европа өлкөлөрүндө да айрыкча кесиптик -техникалык билим берүү тармагында мугалимдердин жөндөмүнө тиешелүү өлчөө жасалган. Айрыкча соңку жылдарда жеткиликтүүлүгү тууралуу изилдөөлөр, түрдүү баскычтардагы билим берүү мекеме жетекчилеринин, текшерүүчүлөрдүн  жана мугалимдердин ээ болушу керек болгон сапаттарды белгилөөгө тиешелүү иштер артты (Шахин, 2004). Билим берүү тууралуу сөз болгондо, түрдүү өлкөлөрдөгү билим берүү системаларында бул авторитет ар түрдүүчө ортого чыгууда. 
Mисалы, Англия системасында стандарттардын белгиленүүсү жана акредитация боюнча авторитет, көрсөтмө жана мыйзамдарга ылайык Англия Билим берүү министрлигине берилсе, АКШ билим берүү системасында бул авторитет кесиптик максаттар боюнча уюштурулган жергиликтүү, штаттык же улуттук деңгээлде түзүлгөн, эч кандай экономикалык пайда күтпөгөн уюмдар же бирдиктерге берилген. АКШда Федерал өкмөттүн мугалим даярдоо жана акредитациялоо боюнча эч кандай тике жоопкерчилиги жок. Билим берүү менен бирге мугалим даярдоо штаттардын жоопкерчилигинде. Федерал өкмөт кыйыр түрдө федерал булактардан билим берүүгө бөлүнгөн акчанын кантип сарптала турганы тууралуу көптөгөн стандарттарды белгилеп, билим берүүгө жана мугалим даярдоого салымын кошот. Nатыйжада белгиленген бир авторитет стандарттарды белгилейт жана ушул стандарттар боюнча билим берүү кызматынын берилүүсүнө тиешелүү жетишүүнү, ийгиликти белгилейт (ЙОК, 1998, 1999). Америкада азыр ар түрдүү максаттарда курулган, сапаттары жактан да ар кандай 3000ге жакын университет бар. Федерал өкмөт кандайдыр бир стандарт белгилөөнү биринчи шарт катары кабыл алган жана ал үчүн мекемелерди акредитациялоого баштаган. Mындай акредитациялоо федерал өкмөттүн мыйзамда белгиленген жоопкерчилигин аткаруусу үчүн эмес, федерал бюджеттен бөлүнгөн акчанын билим берүүгө кантип тарата турганынан келип чыккан. Университеттер үчүн абдан керектүү болгон мындай материалдык булакты алуу үчүн көптөгөн университет кааласа да каалабаса да бул процесске катышат. Көптөгөн Европа өлкөсүндө билим берүүгө жооптуу бир мамлекеттик мекеме бар. Америкада болсо мындай система штаттарга тиешелүү. Ар бир штатта билим берүү боюнча жооптуу «Штаттык билим берүү министрлиги» бар. Бул «министрликтердин» негизги милдети билим берүү боюнча минималдуу стандарт жана анын маанисин белгилөө, штат боюнча экзамендерди уюштуруу. Штаттардын ичинде да билим берүү «жергиликтүү» бир жоопкерчиликке баш ийсе да, штаттык парламенттер билим берүү боюнча мыйзам же чечим кабыл ала алышат, анткени көптөгөн билимге тиешелүү иштер, милдеттер жергиликтүү өзгөчөлүккө ээ. 
Ушундай система боюнча 52 штатта билим берүү стандарттары жана аны практикалоо боюнча маанилүү айырмачылыктар болгону байкалган. Ошондуктан штаттар арасында бул боштук белгилүү бир стандарттардын түзүлүүсү, кээ бир практикалардын жайылтылуусу боюнча ыктыярдуулукка таянып, киреше күтпөгөн мекемелер аркылуу толтурулган. 
Англияда мугалим даярдоодо университеттер Билим берүү министрлиги жана анын астында мугалим даярдоодо ке¾ири укукка ээ болгон Mугалим Dаярдоо Бюросунун (ТТА) жана Билим Стандарттары Бюросунун (ОSE) чыгарган чечимдери менен контролдоо иштеринен таасирденет. Билим берүү министрлиги мугалимдердин билимине тикеден тике киришпей, муну мугалимдин билимине стандарттарды белгилеген Билим Стандарттар Бюросу жана көз каранды эмес уюмдар аркылуу турмушка ашырууда. Ушул себептен Mугалим Dаярдоо Бюросунун жана Билим Стандарттар Бюросунун, мугалим даярдаган факультеттердин акредитациясында маанилүү орун ээлейт. Англияда SАТЕ (Council for Accreditation of the Teacher Education) стандарттарында мугалимдердин билгичтиги, жетишкендиги: 1) программаны билүүсү, 2) билимдин мазмуну, 3) студенттин үйрөнүүсүн пландоо, 4) студенттин үйрөнгөнүн баалоо жана өлчөө,  5) өзүнүн үйрөтүү методун баалоо жана 6) кесиптик байланыштар болуп, алты бөлүмдөн турат. 

Түркияда Mугалим Даярдоодо Стандарттар Жана Акредитация
Түркияда мугалим даярдаган мекемелердин акредитациясына тиешелүү биринчи изилдөө иштерин 1997- жылы ЙОК баштаткан. Стандарттар акредитациянын негизин түзөт. Даярдалган стандарттар болбосо бир мекемени акредитациялоого болбойт. Түркияда мугалимдердин билимин акредитациялоодо үч түрдүү стандарт бар. Булар башталгыч стандарттар (окуу жайынын материалдык базасына тиешелүү), процесс стандарттары (мугалим жана студенттерге тиешелүү) жана продукция стандарттары (окуу жайы чыгаргандарга, бүтүрүүчүлөргө тиешелүү) болуп бөлүнөт. Ушуга жараша стандарттар белгиленип, бул стандартттарга тиешелүү көрсөтмөлүктөр жана далилдер берилген. Бул стандарттарга карата мугалимдикте талап кылынган сапаттар, жетишкендиктер белгиленген. Башталгыч жана процесс стандарттарынын көбү болочок мугалимдерге бул көндүмдөрдү үйрөтүү үчүн жазылган. Түркияда мугалим сапаты,  жетишкендиктери, жеткилиги боюнча да биринчи жолу 1997-жылы ЙОК  изилдөө жүргүзгөн. Бул жетишкендиктерди мугалим даярдоо программаларында болочок мугалимдерге  үйрөтүүнү көздөйт. Булар: а) предметке тиешелүү билимдер, билгичтиктер, б) үйрөнүү- үйрөтүү   процессине тиешелүү билгичтиктер, в) студенттердин үйрөнүүсүн байкоо, баалоо, жана жазуу боюнча билгичтиктер, г) толуктоочу кесиптик жеткиликтүүлүктөр болуп бөлүнөт  (ЙОК, 1998, 1999).
Mындан башка Улуттук Агартуу министрлигинин алдында жетекчи мугалимдер, ага мугалимдер же мугалим даярдаган окуу жайларынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн «Mугалим жеткиликтүүлүгүн тактоо комиссиясы» иштейт. Бул комиссия мугалимдерди баалоодо төрт чо¾ бөлүмдөн турган 206 талапты жазышкан. Белгиленген жетишкендиктер мугалим даярдаган окуу жайларында программа даярдоо, кесипке киришүүнү белгилөө, мугалимдерди баалоо процесстеринин айырмалануусу сыяктуу маселелер азырынча белгиленгени менен турмушка аша элек (MЕВ, 2002).
Улуттук Агартуу министрлигини тарабынан «Башталгыч билим берүүнү өнүктүрүү проектисинде» сөз болгон жетишкендиктер кайрадан даярдалган. Mунун даярдалуусунда да окумуштуулар, мугалимдер жана агартуу министрлигинин башка кызматкерлери катышкан. Dаярдалган мугалимдик кесипке байланыштуу жалпы сапаттардын ичинде алты негизги бөлүм жана буларга тиешелүү  38 кошумча жеткиликтүүлүктөр/ өзгөчөлүктөр менен 250 перформанс көрсөткүчтөрү берилген (Шахин, 2004). Азыр болсо, Mугалим Даярдоо жана Окутуу Башкармалыгы мугалимдикке талаптарды төмөндөгүдөй белгилеген:

бөлүмдөн турат. Бул темага байланыштуу 39 өзгөчөлүк жана ага байланыштуу 244 перформанс көрсөткүчү белгиленген. Пилот катары тандалган алты шаардагы Педагогика факультеттеринде иштеген мугалимдерге анализдөө үчүн берилди (Анкара, Болу, Хатай, Косаели, Ван). Бул пилот шаарлардагы инспекторлорго, мугалимдерге жана граждандык уюмдарга таанытылып, алардын ойлору суралган. Эми практикалоо күтүлүүдө. 

Mугалимдик жеткиликтүлүктөр/ билгичтиктер жана технология
Mугалим жеткиликтүүлүктөрү/ билгичтиктери тууралуу батыш өлкөлөрүндөгү илимий булактар анализденгенде технологиялык жетишкендиктер мугалимдин жеткиликтүү дяардыгынын бир бөлүмү катары кабыл алынат (Сефероглу, 2004. 
Mугалимдер кесиптик жактан өзүн жеткиликтүү сезбеген тармактарда электрониканы пайдаланып, электроникалык булактарды, маалыматтарды колдонуп өз билимдерин өркүндөтө алат. Өтө тездик менен өнүккөн азыркы дүйнөдө бул абал бир гана мугалимдер үчүн эмес, коомдо жашап жаткан бардык инсандардын өз билимдерин жогорулатуусунда маанилүү жана керектүү. Бирок азыркы учурда мугалимдердин көпчүлүгүнүн технология тармагында проблемалары бар экени талашсыз. Технологиянын окуутуу-үйрөнүү процессиндеги күчү, таасири бардык педагогдор тарабынан билинип кабыл алынууда. Педагогдордун технологияны билүүсү алардын берген кызматына сөзсүз таасир тийгизгенинен, окутуу-тарбиялоо иш аракетин жакшыртуу ишинде технологиянын таасирдүү түрдө колдонулушу маанилүү фактор болуп эсептелет. Ошондуктан, биринчи иретте мугалимдердин технологиялык сабаттуулугун арттырууга аракеттенүү менен бирге, бул билгичтик жана көндүмдөрүн колдоно ала турган ыңгайлуу шарт түзүү зарыл (Сефероглу, 2004). 
Mугалимдердин сапатын жогорулатуу боюнча карала турган башка тема компьютерге негизделген технологиялардын жана байланыш технологиясынын болушу. Түркияда Улуттук Агартуу министрлигинин маалымат технологиясына байланыштуу жасаган кээ бир иштери жана көрсөткөн кызматы бул кызматты колдоно тургандар үчүн өзүнчө булак болуп саналат. Анын үстүнө Түркияда учурда Агартуу министрлиги бардык мугалимдерге компьютер берүүгө аракеттенүүдө.

Кыргызстанда мугалим даярдоо проблемалары жана сунуштар
Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда мурдатан эле болгон кээ бир билим берүүгө тиешелүү проблемалар андан кийин да уланган. Жакындан бери кээ бир мекеме жана уюмдар тарабынан Кыргызстан билим берүү системасы тууралуу рапорттор даярдалып, кээ бир проекттер баштатылган. Билим берүүнү жалпы камтыган сыяктуу эле мугалим даярдоо боюнча да ар кандай иштер жасалууда. 
Инсан ресурсу билим берүүнүн эң маанилүү бөлүгү. Башка ресурстардын таасирдүү колдонулушу жана күтүлгөн натыйжанын чыгарылышы инсан ресурстарына түздөн түз байланыштуу. Кыргызстанда мугалимдерге окуп жатканда же иштеп жатканда билим берүү программаларынын жаңыртылуусу зарыл. Колдонулуп жаткан программаларда учурдун талабына ылайык сапаттагы мугалимдер даярдалбай жатат. Dаярдалган мугалимдер да бул иште иштебей жатышат. Болочок мугалимдердин үчтөн экиси башка иштерде иштегенди каалашат. Кесиптин статусу жана кирешеси төмөн болгонунан, мугалимдер кедейлик чегинин астында стандарттарда жашашат. Бул абал билим берүүдө паракордуктун ачык түрдө жасалуусуна себеп болууда.
Билим берүү программалары жалпысынан борбордук түрдө, CОC мугалимдери жана китептин авторлору тарабынан даярдалууда. Энциклопедиялык билимди, маалыматтарды жаттатууга негизделип, практикадан алыс, теорияга таянат. Программаларда үйрөнүүгө эмес, үйрөтүүгө басым жасалат. Учурда билим берүүгө болгон көз караштарды үйрөтүү эмес, үйрөнүүгө көңүл бурулуп, мугалим активдүү болбой, окуучу активдүү болгон билим берүү маанилүү. Программалар маалыматты курулай жаттап алууга таянып, окуучуларды сынчыл ойлоого, анализдөө, өзүнө ишенүү, проблеманы чече алуу көндүмдөрүнө үйрөтүүдөн абдан алыс. Билим берүү программалары жана окутуу методдору жаңыланышы керек. Окуучулар арасында группалык иштөө, проект даярдоо, интерактивдик, проблема чечүү сыяктуу практикалык иштердин көбүрөөк болушуна маани берилиши зарыл. Окууучунун ийгилигинин баалануусу жана баалоо системасына байланыштуу стандарттарды да кайрадан карап чыгуу пайдалуу болоор эле. Баалоо жатталган билимди кайра айтып берүүгө, жазуу жүзүндө же оозеки түрдө сынактар формасында жүргүзүлөт. Бар болгону окуучунун маалыматты билүүсүнө таянган биринчи баскычтагы билгичтиктер бааланууда.
Билим берүүдө сапат стандарттарын белгилөө, сапатка ишенүү системасын куруу, сапат белгилөөгө байланыштуу уюм жана мекемелердин милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин аныктамасын жасап белгилөө зарыл. Ал үчүн ичтен баалоо, сырттан анализдөө жана студенттердин катышуусу менен программаларды анализдеп, даярдоо керек.
Компьютерди же интернетти пайлалануу деңгээли төмөн. Окутуу процесси жана үйрөтүү - үйрөнүү методдорунун жаңылануусу керек. Студенттерге сабактан тышкаркы учурда окуу, ойлонуу, изилдөө, изденүү иштерин жүргүзүүгө дагы көбүрөөк убакыт берилиши зарыл. Анын ордуна (изденүүнүн) убакыттарынын көбүн аудиторияларда лекция угуу менен өткөрүшүүдө. 
Mугалимдердин өз ролдорун, милдеттерин таасирдүү түрдө аткаруусу үчүн ээ боло турган өзгөчөлүктөрүн белгилөө зарылдыгы келип чыгат. Mугалимдердин учурда өзгөргөн ролдорун, окуу жайларындагы жаңыланууларды жана өзгөрүүлөрдү да эске алып, туура аныкталган мугалим жеткиликтүүлүгүн, өзгөчөлүктөрүн белгилегенден кийин, аны болочок мугалимдердин окуу учурунда же ишке баштагандан кийинки билимин өркүндөтүү программаларын түзүүдө, мугалимдердин ишке кирүүсүндө жана ишин баалоодо бир өлчөм катары колдонууга болот. 
Mугалимдердин жеткиликтүүлүгү белгиленгенде, коомдун бардык мүчөлөрүүн бирдей катышуусу, окуу жайына байланыштуу бир баалуулук системасы дайыма ар кандай уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен белгилениши шарт. Алар ата –энелер, студенттер, башкаруу уюмдардан болушу да мүмкүн.
 
Адабияттар:

Şeker, H. ve Diğerleri. (2004). Öğretmen Yeterlikleri Ölçeği. Milli Eğitim Dergisi. Güz,
ÇETİN, Ş. (2001). İdeal Öğretmen Üzerine Bir Araştırma. Millî Eğitim Dergisi. Sayı.149 
Gürkan, T.  ve Diğerleri (2004). Öğretmen Yeterlik Taslağında Yer Alan Yeterlik Alanları, Bilim ve Aklın Aydınlığında Eğitim Dergisi. Yıl 5,  S. 58 Aralık
İlhan, A. Ç. 21. Yüzyılda Öğretmen Yeterlikleri. Bilim ve Aklın Aydınlığında Eğitim Dergisi. Yıl 5,  S. 58 Aralık
MEB. (2002). Öğretmen Yeterlikleri. Ankara: MEB Basımevi.
Seferoğlu, S. S. (2004). Öğretmen Yeterlikleri ve Mesleki Gelişim. Bilim ve Aklın Aydınlığında Eğitim Dergisi. Yıl 5,  S. 58 Aralık
Şahin, A. E. (2004) Öğretmen Yeterliklerinin Belirlenmesi. Bilim ve Aklın Aydınlığında Eğitim Dergisi. Yıl 5,  S. 58 Aralık
Şişman, M. (2004). Öğretmenliğe Giriş. Ankara: Pegem Yayınları.
Şişman, M. ve S. Turan (2003). Eğitimde Toplam Kalite Yönetimi. Ankara: Pegem Yayınları.
National Council for Accreditation of Teacher Education (1997). Standarts, Procedurs  Policies for Accreditatin of Professional Educational Units. Washington, DC Author
Yükseköğretim Kurulu Başkanlığı (YÖK) (1998).  Eğitim Fakülteleri Öğretmen Yetiştirme Programlarının Yeniden Düzenlenmesi.  Ankara: YÖK Başkanlığı.  




#Article 87: Евклид (121 words)


Евклид (айрым маалыматтар боюнча биздин заманга чейин 325–265-ж.) – байыркы грек математиги. Евклиддин өмүрү жөнүндө маалыматтар өтө аз. Евклид болжол менен биздин заманга чейин 3-кылымдын башында Александрия шаарында иштеген. Негизги эмгеги 15 китептен турган жыйнак – «Негиздер» (лат. – «Элементтер»). Мында Евклид ошол мезгилге чейинки математиканын планиметрия, стереометрия жана сандар теориясынын көптөгөн маселелеринин өнүгүшүн жалпылап, анын андан ары өөрчүшүнө түрткү берген. Ал астрономия, музыка, оптика жана башка илимдер боюнча да эмгек жазган. Анын жогорку математикага тиешелүү, 4 китептен турган «Конустук кесилиштер» жана башка чыгармалары бизге жеткен. Алардын түп нускасы жана латын котормосу, ошондой эле кийинки авторлордун түшүндүрмөлөрү менен «Euclidis opera omnia» ed. I. L. Heiиerе eе H. Menge, V. 1–9, 1883–1916-жылкы басылышында жыйналган. Евклиддин «Негиздери» 1948–50-ж. орус тилине которулуп, жарык көргөн. 




#Article 88: Кинематограф (691 words)


Кинематóграф (грек. κινεμα, илик жөндөмө κινεματος — кыймыл жана грек. γραφο — жазуу, сүрөттөө) – азыркы замандагы искусствосунун бир түрү, XIX кылымда ойлоп чыгарылган, XX кылымда чоң популярдуулукка жетишкен искусствонун тармагы. Кинематограф термини кеңири түшүнүктү - кыймылдуу сүрөттөлүштөрдөн турган заманбап көркөм искусствонун чыгармаларын жана экономиканын бир тармагы болуп, фильм жараткан, ага кошумча атайын эффекттерди, мультипликацияны өндүргөн жана көрүүчүлөргө тартуулаган киноиндустрия тармагын ичине камтыйт. Киноискусство продукттары кинотехниканын жардамы менен даярдалат. Кинематографты кино таануу илими изилдейт. Кинофильмдер көркөм жана документалдуу болуп бири - биринен айырмаланышат. 
Кинематограф бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн маданиятында басымдуу орунду ээлеп келет. Ошол сыяктуу эле, көптөгөн мамлекеттерде кинондустрия экономиканын негизги тармактарынан болуп эсептелет. Кинофильмдерди тартуу киностудияларда жүргүзүлөт. Фильмдер кинотеатрларда, телевидениеде, видеокассета жана видеодиск аркылуу жайылат, ошондой эле жогорку ылдамдыктагы интернеттин пайда болуусу менен көрүүчүлөр атайын интернет сайттардан фильмдерди видеофайл формасында жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Эске салчу жагдай, интернет аркылуу жүктөө жолу фильмдердин автордук укугунун бузулушуна алып келүүсү мүмкүн.

Кинематограф тынымсыз кыймылдуу обьекттердин сүрөттөлүшүн материалдык алып жүрүүчүгө жайгаштыруу жана ал кыймылдуу сүрөттөлүштү экранга чагылдыруу боюнча жасалган аракеттердин негизинде келип чыккан.Бул үчүн дароо бир нече техникалык аспаптарды ойлоп табуу керектелген. Алар: ийилчээк жарык сезгич тасма, хронофотографиялык сьемка жүргүзүүчү аспап, бат алмашып турган сүрөттөлүштөр үчүн проектор. Алгачкы ийилчээк жарык сезгич күйүүгө жөндөмсүз тасма орус фотографы И. В. Болдырев тарабынан 1878-1881-жж, андан соң күйүүгө жөндөмдүү, целлулоид тасмасы америкалык ойлоп табуучулар Г. Гудвин (1887-ж) жана Ж. Истмен (1889-ж) тарабынан ойлоп табылган. Ал эми алгачкы хронофотографиялык аспаптар XIX кылымдын 80-жж ойлонуп табылган. Аларга: Фотокурал (француз физиги Э. Марей тарабынан 1882-ж), француз ойлоп табуучусу О. ле Бертстин аспабы (1888), британ окумуштуулары У. Фризе-Грин жана М. Эванстын аспабы (1889), орус фотографы А. Дюбюктун аспабы (1891), француз физиологу Ж. Деменинин Фоноскоп (1892) кирет. Бат алмашкан сүрөттөлүштөрдү экранга проекциялоочу аспаптардын алгачкысы - Тахископту орус жана немец фотографтары А. Дюбюк жана О. Анщюц 1891 жана 1892- жылдары бири-биринен айырмаланган конструкциялары менен түзүп чыгышкан. Француз окумуштуусу Э. Рейно да Оптикалык театр проекторун ошол эле жылы конструкциялаган. 

Ага-ини Люмьерлер (Огюст солдо, Луи оңдо)
Кинематографка салыштырмалуу жакын болгон аспаптар:

Кинематографтын жайылуусуна кыска метраждуу фильмдердин тартылып жана жалпы коомчулукка көрсөтүлө башташы негиз койду. 1895-жылдын 1-ноябрында Берлинде М. Складановский өзүнүн Биоскобу, ал эми ошол эле жылдын 28-декабрында ага-ини Люмерлер тарабынан Синематограф аспабы менен алгачкы фильм көрсөтүүсү уюштурулган.1896-1897-жж аралыгында ачык фильм көрсөтүүлөр бардык дүйнө шаарларында ишке ашырылган. Ал эми Орусия империясында алгачкы киносьемка фотохудожник А. Федецкий тарабынан Харьков шаарында уюштурулган. Алгачкы орус документалдуу тасмасы болсо Поезддин Харьков вокзалынан платформасындагы башкармалыгы менен узактоосу болгон. (1896

  

Алгачкы кыска метраждуу фильмдер (болжолдуу 1,5 мүнөт) көпчүлүк учурда комедиялык жанрга ыктаган. Ага-ини Люмерлердин комедиялык Суу болгон сугатчы тасмасынан соң оюн киносунун жаралуу , чагылдыруу тенденциялары башталган.
Алгачкы фильмдердин кыска болуусу киноаппаратуранын техникалык жактан жетишсиздигинен улам болгондугуна карабастан, 1900 - жж кинокартиналардын узундугу 200 - 300 метрге жете баштаган (15-20 мүнөттүк демонстрация). Кийинчерээк тартуучу жана проекциялоочу техниканын өнүгүшү фильмдердин узундуктарынын өсүшүнө, көркөм сьемка ыкмаларынын сан жана сапат жагынан байышына, актердук ролдордун жана режиссуранын өнүгүшүнө алып келди. Ал эми кинематографтын жайылышы жана популярдуулукка жетишүүсү ага экономикалык жактан пайда алып келүү менен бирге, анын көркөм баалуулугуна да таасирин тийгизди. 
Фильмдердин сюжетинин кеңири масштабга жетишүүсү жана татаалдашуусунун негизинде кинематограф жанрлары калыптана баштайт, ар бир жанр үчүн атайын көркөм чагылдыруу ыкмаларынын тобу түзүлөт. 

XX кылымга чейин эле Томас Эдисон «кинетоскопту» фонограф менен айкалыштыруу аракеттерин жасаган, бирок ийгиликке жетише алган эмес. Бирок, кийинчерээк, Эдисондун соавтору Уильям Диксон өзүнүн 1889-жылы эле үн жана сүрөттөлүштү бир убакта ойното алган аспап( кинетофонограф )  ойлоп тапканын айтканы менен далили болгон эмес. 

Кинематографтын алгачкы учурларында эле көптөгөн өлкөлөрдө үндүн кошотоосундагы кино жаратууга аракеттер болгон, бирок эки негизги көйгөй : үн менен сүрөттөлүштү айкалыштыруунун татаалдыгы жана үндүн жетишээрлик эмес деңгээлде бийик болуусу бул ишти аягына чыгарууга тоскоол болуп турган. Биринчи көйгөйдү үн жана сүрөттөлүштү бир эле алып жүрүүчүгө жаздыруу менен чечилген, бирок экинчисин чечүү үчүн жаңы аспаптөмөнкү жыштыктагы усилитель  ойлоп табуу керек болгон жана ал 1912 - жылы гана ойлоп табылган. 
Бул аспапка патент 1919 -  гана патент берилгени менен, кинокомпаниялар фильмдерге үн кошуу жолун кино тартууга кеткен чыгымдардын өсүп кетүүсүнөн, прокаттын кымбаттоосунан жана чет тилдеги кардарларды жоготуп алуудан кооптонушуп анчейин маани беришкен эмес. Буга карабастан [17-сентябрь 1922-жылы] Берлинде дүйнөдө биринчи жолу үндүн коштоосундагы фильмдин бет ачары болгон.

 

Дудуктун кинонун атактуу фильмдер

Дудуктун кинонун атактуу кишилер

Техникалык прогресси

Киноискусствонун жанрлары

Кинофестивалдар

Кыргыз киносу
 




#Article 89: Физули (109 words)


Физули (Фузули) Мухаммед Сулейман оглы (1494, Ирак, Кербела шаары, - 1556, Кербела ш.) - азербайжан акыны. Азербайжанча, фарсча, арабча жазган. Ар тараптуу билим алган. Чыгармаларынын көбүндө адамкерчиликти, сүйүүнү даңазалап, ар кандай зомбулукка каршы болгон, акимдерди адилдикке, эл үчүн кам көрүүгө үндөгөн. Негизги чыгармалары: “Саламатчылык жана Мараз”, “Гашиш жана шарап”, “Мөмөлөр талашы”, “Өкүнүч баяны”, “Лайли-Мажнун”. Чыгармаларынын ичинен “Лайли-Мажнун” (1536-37) дастананына өзгөчө орун таандык. Ал - чыгыш поэзиясынын мыкты үлгүлөрүнөн. Анда Физули өзүнө чейинки акындар, асыресе Низами, баштаган салтты улап, өркүндөтүп, адамдын турмушка, тиричиликке деген кумарлануусун ырга салып, ашык жарлардын кайгылуу тагдарын көрсөткөн. Физулинин поэзиясы бүтүндөй чыгыш элдеринин адабиятынын өөрчүшөнө таасир тийгизген. 1958 жылы Физулинин 400-жылдыгы өткөрүлүп, Баку шаарында эстелиги коюлган.




#Article 90: Иса Ахунбаев (215 words)


Ахунбаев Иса Коноевич [12 (25). 9. 1908, Ысык-Көл облусу , Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы - 5. 1. 1975, Фрунзе] - хирург, медицина илимдеринин доктору (1948), профессор (1949), СССР МИАнын корреспондент мүчөсү (1948), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954) жана туңгуч президенти (1954-60). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси (1970). Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген врачы (1945). Кыргыз ССРинин илимге эмгек Сиңирген ишмери (1974). 

Иса Коной уулу Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр айылында туулган. 

Атасы менен чогуу 1916-жылы Улуу Үркүндө Батыш Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген. 

Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүргөндөн кийин (1935), Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935-37). 

Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941) болгон. 

Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоң роль ойногон. 

Илимий изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. 

Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюшгурулган (1959) жана Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. 

Австралия, Франция, Грекия, Канада жана башка мамлекеттерде илимий докладдарды окуган. 

СССР Жогорку Советинин 2-4 шайланышынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-6 шайланышынын депутаты болгон. 

Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. 

Кыргыз Республикасынын УИАнда Ахунбаев атындагы сыйлык белгиленген, Бишкек шаарынын жана Тору-Айгыр айылынын борбордук көчөлөрүнө, Республикалык госпиталдын хирургия клиникасына анын ысмы ыйгарылган.




#Article 91: Василий Радлов (190 words)


Василий Васильевич Радлов (Фридрих Вильгельм Радлов; 5.1.1837, Берлин - 12.5.1918, Петроград) - Чыгыш изилдөөчү илимпоз жана түрколог, этнограф, археолог, Петербург Илимдер Академиясынын академиги(1884).

Берлин университетин бүткөн (1858), Илимдер академиясынын антропология жана этнография музейине (1894-1918) директор болгон. Орто жана Чыгыш Азияны изилдөөчү орус комитетин түзүү демилгесин бир нече ирет көтөрүп, аны башкаргандардын бири. 

Биринчилерден болуп Орхон-Енисей жазуусун окуган, Клеменц таап келген байыркы уйгур даректерин изилдеп, жарыялоону баштаган.

Р. Түрк тилдерин салыштырма-тарыхый метод менен изилдөөгө негиз салгандардан (“Түндүк түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы”, 1т., 1882, “Монголиядагы байыркы түрк жазмалары”, 1894-1895, “Түрк тилдеринин морфологиясын сыпаттап жазууга киришме, 1911), түрк элдеринин оозеки чыгармалары боюнча көп материал жыйнаган (“Түрк уруууларынын элдик оозеки чыгармаларынын үлгүлөрү”, 1-10 бөл., 1866-1907); “Түрк наречиелер сөздүгүнүн тажрыйбасы” (1-4 т., 1882-1909) ж.б. эмгектерди жарыялаган. 

Борбордук (Орто) Азияга жасаган экспедициясында кыргыздар арасында эки мертебе (1861 ж. Текесте, 1869 ж. Чүйдө) болуп кыргыз тили, фольклору боюнча да материал жыйнаган, анда асыресе “Манастын” сюжеттеринен жазып, 1885 ж. кыргыз, немис тилдеринде жарыялаган; манасчылардын, кыргыз ырчыларынын төкмөлүк өнөрүнө таң калып, бул өнөрдүн башка түрк элдерине караганда кыргызда өзгөчө өөрчүгөн атайы баса белгилеген.
Р-дун түрк тилдеринин, дагы башка тилдердин классификациясын, тарыхый диалектологиясын жана түрк элдеринин этногенезин изилдеген эмгектери бар.




#Article 92: Азамат Алтай (538 words)


Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) (1920-2006) - кыргыздын чыгаан журналисти, публицисти жана диссидент коомдук ишмери.

Тактап кетүү зарыл болгон жагдай – Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан легионунда» кызмат кылган эмес. Айрым мезгилдүү басма сөздөгү аны алиги легион менен байланыштырган маалыматтар дареккке негизденбеген, чындыкка таптакыр коошпогон жоромол болуп саналат. 

Кудайберген Кожомбердиев 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган Борбор Азиялык бозгундардын «Түрк эли» уюмунун ишмердигине активдүү катышкан. «Түрк эли» уюму Борбор Азиядагы советтик жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн. 

Ошол жылдары ал Мюнхенде кыргыз, казак, орус, өзбек, түркмөн тилинде чыккан «Түрк эли» журналына кыргыздардын тарыхы, маданияты, советтик бийликтен запкы жеген кыргыз жазуучу, илимпоздору жөнүндө макалалар жазып турган. Батышта бозгунчулукта өмүр сүрүүгө аргасыз болгон белгилүү орусиялык диссидент Александр Керенский, окумуштуу Александр Беннигсен, полиглот чыгыш таануучу Ханс (Йоханнес) Бензинг жана башка интеллектуалдар менен тыгыз байланышып турган. 

Кудайберген Кожомбердиев 1950-жылдардан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, жалпы Батыштагы Борбордук Азиялык элдерге тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан. 

Бир аз убакыттан соң ал Нью-Йоркко кетип, Колумбия университетинин китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат. Ошондо да ал «Азаттык» менен тыгыз кызматташкан. 

 
Ошондон тарта 40 жылга чамалаш өмүрү «Азаттыкка» арналды. Кыргыз кызматынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна, чет өлкөлөрдө жашап калган кыргыз жаштарын бул кызматка тартууга чоң салым кошту.

Азамат Алтайдын тарых менен адабиятка болгон кызыгуусу өтө зор болгондуктан, ал тээ 1920-жылдардан бери Кыргызстанда чыккан гезит-журналдарды почта аркылуу АКШга алдырып, илимий китепканага чогултуп келген. 

Кыргыз адабиятына кызыккан Батыштык изилдөөчүлөр окусун деп, Касым Тыныстановдун китебин кириллицадан латын арибине которуп жазып чыккан. Бул китепти азыр АКШдагы Колумбия университетинен таап окуса болот. 

Париждеги басылманын өтүнүчү боюнча 1970-жылдары Библияны алгачкылардан болуп «Ыйык инжил китеби» деген аталышта кыргызчага которгон, бул ишке 10 жылдан ашуун эмгеги кеткен. 

Совет доорунда Азаттык үналгысы (Эркин Европа-Азаттык үналгысынын Кыргыз кызматы) өз берүүлөрү бүт дүйнө жүзүнө тараган кыргыз тилиндеги көзгө басар объективдүү маалымат каражаты болгонун эске алсак, Азамат Алтайдын Кыргыз кызматынын кабарчысы жана деректири катары кошкон салымы залкар баага арзыйт.

Ал 1970-жылдардын соңунда ал кездеги Азаттыктын деректири Төлөмүш Жакып уулунун чакыруусу менен Нью-Йорктон Мүнхенге кайра кайтып келип, оболу кызматкер, андан соң Төлөмүш Жакып уулу оорусуна байланыштуу ардактуу эс алууга чыкканда, Азаттыктын деректири кызматын (1984-1988) аркалаган. 

Азамат Алтай 1989-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин АКШнын Нью-Йорк шаарында байырлады.

Азамат Алтай оболу 1994-жылы Кыргызстанга чакырык алды. Ошол жылдын 1-сентябрында Кыргызстандын Жогорку Соту аны толук актады. Совет доорунда ага карата сыртынан коюлган айыптардын баары негизсиз экени, ошентип,  сот тарабынан тастыкталды. 

Ал 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, Манас дастанынын мааракесине катышты, Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолукту. Анын бул сапарын уюштурууда коомдук ишмер, драматург Бексултан Жакиевдин ролу чоң болду.

Ал өзү 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Кыргызстандагы Жалал-Абад университетине тартуулады. Кийинчерээк Жалал-Абад университетинде Азамат Алтайдын бурчу ачылды. Ушул тапта андагы студенттер чет өлкөдө жашаган мекендешинин өз эли үчүн жандилинен жасаган эмгегине күбө боло алышат. 

Азамат Алтай Кыргызстандын АКШ менен Канададагы туңгуч элчиси Роза Отунбаеванын кеңеши менен 1995-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин  Жалал-Абад менен Караколдогу университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын 500 доллардан сыйлык берип келди. 

Ал Кыргызстандагы саясий жараянга дайыма калыс баасын берип келген публицист катары тарыхта калмакчы.

АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Нью-Йоркко чогулуп, Азамат Алтайдын туугандарынын азасын бөлүштү.  




#Article 93: Агрономия (515 words)


Агрономия - (грек тилинен agros - талаа жана nomos - мыйзам) - айыл чарба культураларын өздөштүрүү тууралуу илимдердин комплекси. Агрономиянын эрежелери жана нускоолору байыркы Египет, Греция, Рим, Кытай, Индияда белгилүү болчу. 18 кылымдын аягынан дыйканчылыктын тутумдары өркүндөп, өсүмдүктөрдүн азыктануусунун теориясы, урук өстүрүү, өсүмдүктөрдү оорулардан жана зыянкечтерден коргоо ыкмалары иштеле баштаган. 19-кылымдын экинчи жарымынан Агрономиянын курамында дыйканчылык, өсүмддүктөрдү өстүрүүчүлүк, агрохимия, топурак таануу, селекция өнүгө башташкан.

Агрономия  айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана талаачылык, жерди натыйжалуу пайдалануу, топурактын күрдүүлүгүн жана өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттыруу жөнүндөгү илимдер комплекси. Табияттаануу илимдеринин, техникалык прогресстин жетишкендиктери, коомдун айыл-чарба азыктарына болгон талабы, дыйканчылык маданиятынын жогорулашы агрономиянын чечүүчү маселелерин кеңитип, агрономия тармактарынын (дыйканчылык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, селекция, агрохимия, агрофизика, үрөнчүлүк, фитопатология, энтомология, айыл чарба экономикасы жана аны уюштуруу ж. б.) пайда болушуна алып келди. Агрономия азыр айыл-чарба өсүмдүгүн өстүрүү жана андан мол түшүм алуу жолдорун кеңири изилдөөчү комплекстүү илимге айланды. Агрономия жалпы биология, өсүмдүк физиологиясы, топурактаануу, айыл-чарба метеорологиясы, генетика, микробиология, биохимия ж. б. табият илимдерине таянуу менен түрдүү ыкмаларды (химиялык, физиологиялык, радиоактивдүү изотоптуу биофизика ж. б.) колдонуп, эксперименттик маалыматтарды алат, лабораториялык, вегетациялык жана талаа тажрыйбаларын жүргүзөт. Агрономия байыркы илимдердин катарына кирет. Алгач дыйканчылык боюнча тажрыйбалар укумдан тукумга оозеки өтүп келген. Бул илим байыркы чыгыш өлкөлөрүнөн (Египет, Месопотамия, Индия, Кытай) Байыркы Грекия жана Римге тараган. Дыйканчылык тажрыйбалары Аристотель, Вергилия, Колумелла жана башкалардын эмгектеринде да чагылдырылып, ошол учурдагы жер семирткич, топурак иштетүү, отоо чөпкө каршы күрөшүү жөнүндөгү түшүнүктөр жазылган. Ошол кылымдарда Батыш Европада дың жер дыйканчылыгы буулантма дыйканчылыкка, ал эми. 18-кылымдын 2-жарымында буулантма дыйканчылык системасы үрөн алмаштыруу системасына өткөн. Шаар калкынын өсүшү жана илимий-техникалык прогресстин натыйжасында, Батыш Европа өлкөлөрүндө агрономия ургаалдуу өнүгө баштаган. Немец окумуштуу Ю. Либихтин өсүмдүктүн азыктанышы жөнүндөгү жаңы теорияны ачышы (бирок ал өсүмдүктүн азот менен азыктанышына анча маани берген эмес) агрохимиянын өнүгүшүнө чоң көмөк болгон. Ошондой эле Г. Гельригелдин чанактуу өсүмдүктөр менен түймөк бактериялардын симбиоздун тажрыйбада далилдеши Агрономиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон (1886). Анын андан ары өөрчүшү 19-кылымдагы энергиянын сакталуу закону, тирүү материянын клеткалык түзүлүш теориясы, Г. Менделдин тукум куугучтук теориясы (1865), Ч. Дарвиндин органикалык дүйнөнүн эволюциясы жөнүндөгү окуусу ж. б. ачылыштарга түрткү болгон. Россияда илим катары агрономиянын калыптанышы 18-кылымдын ортосуна туура келет, топурак, анын пайда болушу жана өрчүшү жөнүндөгү илимди, ошондой эле топурактагы процесстерге өсүмдүк, микроорганизмдердин, адамдын чарбалык иш-аракетинин тийгизген таасирин, кара топурактуу талаанын күрдүүлүгүн жогорулатуу жолдорун ачууда В. В. Докучаев, П. А. Костычев жана башкалардын салымы чоң. Өсүмдүк, топурак жана жер семирткичтин өз ара таасир этүү механизмин изилдөө жана анын негизинде айыл-чарба өсүмдүгүн өстүрүү жолдорун иштеп чыгууда Д. Н. Прянишниковдун, өсүмдүктүн тамыр аркылуу жана абадан азыктануу теориясын ачууда К. А. Тимирязев нитрификация процессин пайда кылуучу бактерияны жана атмосферадан азот сиңирип алуучу микроорганизмдерди изилдөөдө С. Н. Виноградский чоң салым кошкон. 20-21-кылымдарда илимий-техникалык прогресстин ургаалдуу өсүшү жана эл аралык байланыштын кеңейиши бүткүл дүйнө боюнча агрономиянын тез өнүгүшүнө алып келди. Табияттаануу тармагындагы көптөгөн ачылыштар агрономияда биотехнологияны (анын ичинде генетикалык жана клеткалык инженерияны) пайдаланып, анын жардамы менен өсүмдүктүн түшүмдүү, илдетке туруктуу жаңы сортун алууга мүмкүндүк түзүлдү. Кыргызстанда агрономия боюнча илимий иштерди Кыргыз агрардык университети, Агрардык илим жана консультациялык кызмат борборуна караштуу Кыргызстан дыйканчылык илимий өндүрүш бирикмеси, Кыргызстан топурактаануу жана айыл чарбаны химиялаштыруу илим изилдөө институту, Кыргызстан тоют жана жайыт илим-изилдөө технология институту ж. б. жүргүзөт.

Агрономиянын негизги бөлүмдөру:




#Article 94: Кыргызстандагы адам укуктары (264 words)


КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН САКТАЛЫШЫ ТУУРАЛУУ ЖАЗЫЛГАН КИТЕП ЧЫКТЫ 

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, 2005-жылы бийлик алмашуу, жер басып алуу, парламенттик жана президенттик шайлоо сыяктуу жана башка саясий окуяларга бай болгондуктан адам укуктары боюнча жылыга бир жолу чыгуучу китепте негизинен былтыркы жылдагы адам укуктарынын бузулушу камтылган. Аталган китепте жеке адам укуктарынан баштап, эл аралык адам укуктарынын механизми чагылдырылып, ар бир атуулдун өз укугун коргоо маселесине багытталган. 

Аталган китепте жазылган адам укуктарынын бузулган фактыларына Акыйкатчы институту өзүнүн комментарийин берген. Мисалы, Балыкчы шаарынан 10 адамды бирөөлөр ишке орноштурабыз деп алдап Казакстанга сатып жибергендиги тууралуу алар укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганда, жергиликтүү тартип коргоо кызматы белгисиз бир себептер менен алардын арызын кароодон баш тарткан. Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнүн негизинде жогорудагы маселе боюнча Ысыккөл облустук прокуратурасы өткөн жылы августта кылмыш ишин козгогон. 

Кыргызстандагы адам укуктары боюнча китепти чыгарууга мамлекеттик бюджеттен каражат жумшалган эмес. Аны чыгарууга адам укуктары боюнча Дания институту көмөк көрсөткөн. Дат инсититунун юристи Даце Кавасанын айтымында, юристтерден, жарандык коомдордун өкүлдөрүнөн турган автордук топ жалпак тил менен аталган китепти карапайым калкка түшүнүктүү кылып жазышкан. Кыргызстандагы адам укуктары боюнча келерки жылы да китеп чыгарууга Дания тарап жардам берүүсү күтүлүүдө. 

Аталган китепти жазууда теориядан тышкары практикалык жактан фактылардын негизинде элге түшүнүктүү кылып жазууда кыйынчылыктар болду, дейт автордук топтун мүчөсү Гүльниза Кожомова: 

Гүльниза Кожомова белгилегендей, аталган китепте сот, прокуратура, тартип коргоо кызматтарынын иштери, абактарда жаткандардын укугу да көргөзүлгөн. 

Ал эми “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын пикиринде, Кыргызстандагы адам укуктары боюнча алгач чыгарылган китеп мамлекеттик органдар тарабынан жазылса өз максатына жетпей калмак. Автордук топко юристтер, жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттердин катышуусунун негизинде китепте өлкөдгү адам укугуна байланыштуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөн. 

 




#Article 95: Түрк калктарынын түркүк цивилизациясы болгонбу? (416 words)


ТҮРК КАЛКТАРЫНЫН ТҮРКҮК ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ БОЛГОНБУ? 
 
Бүгүн дүйнө элдери глобалдашуунун адегендеги үзүрүн башынан кечирип атса, түрк тилдүү калктар тескерисинче бириндеп, ар кимиси «өз көмөчүнө күл тартып» аткандай. Илимий-популярдуу басылмаларда «Кыргыз цивилизациясы», «Казак цивилизациясы» сыяктуу макалалар жарыяланып жүрөт. Балким, башында бир чектен чыккан түрк тилдүү калктардын түркүн цивилизациясы болгондур?

Байыркы грек-римдик, Кытай авторлору түрк тилдүү калктарды «мал артынан жүргөн, жашоосу боз үй, жаратылыш менен камыр-жумур жуурулушкан эл» деп белгилешет. Мындайынан алганда көчмөн түрк калктарынын турмуш-тиричилиги «цивилизацияга» такыр жооп бербейт. Анткени менен бул сөздүн соңку этимологиясы анын адегенде колдонулган маанисинен кескин айрымаланат. Француз тарыхчысы Люсен Феврдин айтымында, «цивилизация» термини француз агартуучуларынын мезгилинде мурда колдонулган мазмунунан өзгөрүлө баштаган. Маркиз де Мирабонун айтылуу «Мыйзамдардын досу» трактатында, «цивилизация деген - кулк-мүнөздүн жумшарышы, ийкемдүүлүк, сылыктык жана билимдин жашоо мыйзамдарына шайкеш жайылып, анын талаптарына жооп бериши» деп белгиленет. Башкача айтканда, бул сөздүн бурмаланган мааниси аны «караңгы калктарга», ошондой эле «цивилизацияны» реакциячыл орто кылымга карама-каршы коюуда жатат. Батыш тарыхында орун алган мындай мамиле антикалык дүйнөнүн мурасы десек болот. Анткени алар өз маданиятын, рухий дөөлөтүн жана саясий уюшулушун бөлөк «жапайы» салтка, «варварларга» каршы коюшкан. 

Мындай терминдик чаташуулар түрк дүйнөсүндө да кабыл алынган. Алсак, түрктөр цивилизацияны «уйгарлык», культураны «күлтүр, меденийет», кыргыздар цивилизацияны – цивилизация, культураны – маданият, казактар – цивилизацияны «өркениет», культураны «медениет» деп алышкан. Башкача айтканда, түрк калктары Батыш таңуулаган «оюнга» моюн сунуп, терминдик азгырыкка алдырып өз алдынча телчиккен ой чыгара алышкан жок. 

Бүгүнкү күндө цивилизациянын жүздөн ашык аныктамасы бар. Постсоветтик мейкиндиктеги илимпоздор колдо барына карап же даңазалуу атынан уламбы, айтор Арнольд Тойнбинин эмгегине шилтеме жасап, цивилизациялык белгилерди анын көз карашына ылайыктап таап, илимий тыянак жасаганды оң көрүшөт. Анткен менен, А.Тойнбинин айтылуу «Тарых аңдамасы» эмгегинде түрк калктары үчүн цивилизациядан орун табылбай калган. 

Америкалык археолог Р. Лоуи цивилизацияны «баш сөөктөр менен курак-кыйыктардын башаламан аралашмасы» деп жазган экен. Бул жагынан алганда, байыркы түрк калктары археологиялык «чалдыбардан» жогору турган материалдык, рухий маданият үлгүлөрүн калтырган эмеспи. Анда эмне үчүн буга чейин түрк цивилизациясынын генезиси, калыптанышы, өзүнө таандык белгилери менен бөлөктөрдөн айрымаланган өзгөчөлүктөрү аныкталбай келет? Кыязы, мунун жөнүн адегенде түрк калктарынын байыркы тарыхынан издеген оң. Убагында өзөктүү дарактай шактаган, тили, дили, маданияты бир эл эмнегедир рухий жактан чиеленген эмес. Түштүк-Чыгыш Азия элдери буддизм, Жакынкы Чыгыш - христиан, мусулман динин жараткандай, түрк калктары бир ишенимге биригип баш кошо албай, мезгилдин жана тарыхтын сыноосунан мертинип, туш-тарапка чилдей тарап кеткен. Андан кийин тарыхый аралыгы, саясий-идеологиялык басым түрк калктарынын обочолонуп жашашын шарттап, алардын чогулуп аракет көрүшүнө кедергесин тийгизди. Анткен менен байыркы Орхон-Энесай рун жазуулары, түрк калктары калтырган шаар жана көчмөн талаа маданиятынын үлгүлөрү, бай фольклордук дөөлөттөр орто кылым доорунда түрк тилдүү калктардын цивилизациясы болгондугун айгинелейт. 
 




#Article 96: Зороастризм (111 words)


Зороастризм - Байыркы доордо ж-а орто кылымдарда Иран, Орто Азия, Азербайжанда тараган отко табынуу дини. Б.з.ч. 6 – кылымда пайда болгон. Бул динди негиздөөчү деп эсептелген “пайгамбар” Зороастранын иранча (Заратуштра) ысмынан аталган. З. окуусу “Авеста” ыйык китебинде баяндалган. З-дин негизги принциптери: диний дуализм, б.а. карама-каршы эки кудай-бири мээримдүү Ахурамазда, экинчиси ырайымсыз Анхра-Манью бар деп, жакшылык менен жамандыкты карама-каршы коюу, алардын ортосундагы күрөш дүйнөлүк процесстин негизин түзөт деп эсептөө, акырында жакшылыктын жеңип чыгарына ишенүү. З. Сасанийлер дөөлөтүнүн (3-7-к.) ткшкнда мамлекеттик динге айланган. 7-кылымда Иранды арабдар басып алып, З. Динин куугунтукка алып, перстерди мусулман динине зордуктап өткөрүшкөн. Азыркы учурда бул динди бир кыйла өзгөрүлгөн түрүндө Индиядагы парстар менен Ирандагы гебрлер тутушат.

ISBN 5-89750-028-2




#Article 97: Азербайжандагы отпараздар (389 words)


АЗЕРБАЙЖАНДАГЫ ОТПАРАЗДАР 

CCCР чачырап, мурдагы советтик жумурияттар эгемендүүлүккө жеткенден бери, атеизмдин ордуна бардык өлкөлөрдө диний ишеним калыбына келүүдө. Борбор Азия менен Азербайжанда акыркы он жылда ислам кеңири тарады, бирок Азербайжанда - илгерки зороастризмдин жоолдоочулуры дагы өз ибадатканаларын калыбына келтирүүдө.

Борбор Азия, Иран, Ооганстан жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн элдери илгери отко сыйынуу динине ишенген. Биздин доорго чейинки алтынчы кылымда жашап, ал динди кеңири тараткан Заратуштранын атынан дин кийин зороастризм деп аталып калган. Анын негизги маңызы - дүйнөдө жакшылык менен жамандыктын күрөшү эч басылбайт жана кандай болбосун турмуш дагы ошондой күрөштөн турат. Акырында, бирок, сөзсүз жакшылык жеңет жана ал чексиз жакшылык - Ахура Мазда аттуу кудайдын түрүндө келет. Зороастризмдин ыйык китеби - Авеста. 

Ибадат учурунда болсо, отпараздар отко табынат, анткени аны жерден, суудан жана абадан жогору коюп, отту алар: кудайды элестеткен жаратылыштагы эң таза зат, - деп эсептейт. Жетинчи кылымда пайда болгон Ислам тогузунчу кылымда азыркы Ирандын аймагына жеткенде, бул жерлерде жашаган отпараздар кошуна өлкөлөргө качууга аргасыз болгон, бирок ал жерлерде дагы куугунтукталгандыктан, бара-бара жоголгон жана алардын бир тобу Индияга качып барып жашынып, парсылар деп аталып калган. Азыр дүйнөдө бардыгы болуп 200 миңге жакын отпараз бар, алардын көпчүлүгү Индия менен Иранда жашайт. 

Эң кызыгы, азыркы Азербайжандын аймагында - илгери, биздин доорго чейинки төртүнчү кылымда курулган отпараздардын ибадатканасы сакталып калган. Улуу ислам жеңиштери учурунда ал бузулган, бирок 1816-жылы кайрадан калыбына келтирилип, анын төрүнө түбөлүк от күйгүзүлгөн. Төрдөгү жазуу - санскрит тилинде жазылган, ошондуктан: ибадаткананы Индиядан келген парсылар оңдогон, - деп болжосо болот. Зараханы деп аталган ибадаткана Апшерон жарым аралынан көп алыс эмес, ошондуктан, жер алдында мунай менен табигый газ көп болгондуктан, жер жаракасынан чыккан газ ибадатканага түтүк аркылуу алып келинип, түбөлүк отко айланган. Отко табынган отпараздар, албетте, өчпөй күйгөн ал отко сыйынууга көп келчү, бирок XIX-кылымдын экинчи жарымында ишкерлер мунай менен газ корлорун иштетүүгө киришкенде, ибадатканага келген газ акырындап отуруп 1883-жылы өчүп калган. 

Кудай бизди таштап кетти, - деген отпараздар башка өлкөлөргө көчүп кете баштаган жана бир нече жылдан кийин жергиликтүү инженерлер түтүктөрдү оңдоп, түбөлүк отту кайра күйгүзгөндө, ага табына турган адам калбай да калган. Советтик атеизм учурунда отко табынуу ого бетер кемиген жана 1991-жылдан кийин гана кээ бир демилгечилер Зараханы ибадатканасын кайрадан калыбына келтиришти. Бирок айланада баары бир ислам кеңири колдонулгандыктан, отпараздарга башкалар шек менен карайт жана алар өздөрү дагы адат-тартиптерин кеңири коомчулукка көрсөтпөй, жашыруун жасайт. 

Ислам, христиан же буддизм жолдоочулары отпараздарга камкорсунуп караганы менен, от бардык элдерде жана маданияттарда ызатталат. 
 




#Article 98: Юнус Эмре (400 words)


Юнус Эмренин качан жана кайсыл жерде туулгандыгы жөнүндө так маалымат жок. Юнус Эмре 13-кылымда Анадолуда (Түркияда) жашаган. Юнустун качан жана ким тарабынан сабаты жоюлуп, кайсыл мектеп-медреседен таалим-тарбия алгандыгы биз үчүн бүдөмүк. Анткени бүгүнкү күндө бул маселеге байланышкан ынанымдуу факты-далилдер жокко эсе. Айрым түрк окумуштуулары Юнус Эмрени эч кандай билими жок, дыйканчылык менен шугулданып, ара-чолодо ыр жазып жүргөн дербиш катары бааласа, кээ бир адабиятчылар Юнус Эмре жалгыз гана ыр чиймелөө менен алектенген акын эле эмес, медреседен таалим алып, ислам маданиятын терең өздөштүргөн зыялы инсандардын бири болгон дешет.

Толук кандуу изилдеп чыккан айрым мударистер Юнустун медреседе окуу менен бирге тарых, география жана философия сабактарын кадырэсе өздөштүргөндүгүн тастыкташат. Юнустун ыр саптарын талдап отуруп, анын өз мезгилинде түрк тилинен сырткары араб жана фарс тилдерин мыкты өздөштүргөндүгүн байкоого болот.

Орто Азиялык суфий Ахмет Ясевинин чыйырын улантып, Месопотамия, Анадолу жана Балкан аймактарына өзүнүн өчпөс изин калтыруу менен түрк-ислам суфизм адабиятын негиздеген жана огуз түрктөрдүн оозеки тилин жазма тилдик калыпка салган. Жети кылымдык тарыхты камтыган акындын тили азыркы батыш түрк тилинин өзөгүн түзөт.

Адатта Юнус Эмренин чыгармачылыгы жөнүндө сөз болгондо көбүнесе анын Кудайды таанып-билүүгө  багытталган диний, дидактикалык ырларды жазып, ар бир сапты ийине жеткире иштегендиги белгиленет. Ал өлүм, өмүр, дүйнө, тагдыр, чындык сыяктуу адам баласын ойлонто турган олуттуу темаларга кадыресе басым жасаган. Ошол темалардын түпкү манызында жаткан сырларды ачуу менен адамзаттын турмуш  жолун, тагдыр таржымалын калыс жана адилеттүү баяндаган.

Юнус Эмренин ырлары эки чоң агымдын бирикмесинен пайда болгон сыяктуу. Биринчи агым - бала кезинен тартып акындын кан-жанына, тулку боюна синип калган ислам дининин жол-жоболору менен анын түздөн-түз Кудайга жана жалпы адамзатка багытталган тунук махабаты. Ал эми экинчи агым - элдин оозеки сүйлөшмө жатык тилин данек кылып, түрк топурагынын кыртышынан өнүп чыккан, көп кылымдык бай тажрыйбасы бар түрк жазма адабий тили. Мына ошол эки чоң агымдын бирикмеси  Юнустун көтөргөн жүгү менен адабияттагы чыйырын көзгө сайып көрсөтүп турат.

Юнус Эмре - дүйнөлүк акын. Жаратылыш жана жалпы жандыктарды Кудай жараткандыгы үчүн сүйөм, - деп жар салып, жер шарындагы бүткүл адамзатка бирдей мамиле жасаарын даңазалаган бул карапайым дербиш, Европадагы гуманизм (15 к.) агымы башталган доордон эки кылым мурда жашап өткөн. Чындыгында, акындын мындан жети жүз жыл абалкы туңгуюк турмуштун курчоосунда калган көпчүлүк адамзаттын агартуу далалаты  менен өз жарыгын төгөрөктүн төрт бурчуна жайылтуу аракети, европалыктардын агартуу кыймылынын беш кылым оболу жүзөгө ашкан болчу.

Көкүрөктү көңдөй кылып кербедим,
Көр оокатка көмүлөм деп келбедим.
Кудуреттүү Кудай менен дос болуп,
Көңүлдөрдү көтөрүүгө келгенмин, 

Текст Алтынбек Исмаиловдун Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре (Бишкек, 2005) китеби боюнча даярдалды.




#Article 99: Күн менен Чолпон жылдызынын тогошуусу (262 words)


Акыркы жолу 2004-жылы 8-июнда көптөгөн өлкөлөрдүн элдери соңку 122 жылдан бери кездеше элек астрономиялык бул сейрек көрүнүшкө күбө болушкан. Күн менен Чолпон жылдызынын тогошуусу Кыргызстандын убактысы боюнча эртең мененки саат 11:20дан кечки саат 17:24кө чейин созулган.

Күндү айланган планетелардын ичинен Чолпон - Меркурийден кийинки ага жакын экинчи планета. Анын көлөмү жана салмагы Жердикине жакын.

Буга чейин мындай тогошуулар 8 жылдык аралыкта жубу менен 1631 - , 1639 - , 1761 - , 1769 - , 1874 - , жана 1882-жылдары болгон. Демек, кийинки тогошуу, астрономдордун эсеби боюнча, 2012-жылы болот.

Күн менен Чолпон жылдызы тогошушу мүмкүн экендиги жөнүндө XVII-кылымда алгач ирет немис астроному Иоганн Кеплер айтып чыккан.

Мындай тогошуулар сейрек болгондугуна байланыштуу астрономдор үчүн өтө баалуу кубулуш болду. Ошондуктан, тогошууну окумуштуулар алыс жайгашкан жылдыздар менен планеталарды изилдөө боюнча технологияларды текшерүү үчүн да пайдаланууга аракеттеништи. Анткени, азыркы тапта Жерден өтө алыс аралыкта жайгашкан планеталарга жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлө элек. Ал эми тогошуу учурунда айрым планеталар жөнүндө көбүрөөк маалыматтарды телескоп аркылуу топтоого жагдайлар түзүлөт. Буга чейинки Күн менен Чолпон жылдызынын тогошуулары да XVII-XVIII-кылымдардагы астрономдор үчүн күн системасынын түзүлүшү боюнча баалуу маалыматтарды берген. Айта кетсек, алар Жер менен Күндүн ортосундагы аралык 149 млн. 600 миң чакырым экендигин такташкан. Башкача айтканда, мындай иликтөөнүн аркасында астрономия илими Күн системасынын көлөмү боюнча тагыраак маалыматтарды алууга жетишкен. Ал эми 1761-жылдагы тогошуунун негизинде орусиялык окумуштуу Михаил Ломоносов Чолпон планетасынын атмосферасы бар экендиги тууралуу илимий ачылыш жасаган.

Европада учурда планеталар менен жылдыздарды иликтөө боюнча Эддингтон долбоору түзүлгөн. Анда планеталар менен жылдыздардын тогошуусуна байкоо жүргүзүү үчүн Жер орбитасынын атайын спутнигин учуруу пландаштырылууда. Ал долбоорго ылайык 500 миң жылдыз жана 20 миңге жакын планета изилденмекчи.




#Article 100: Бадминтон (245 words)


Бадминтон — спорттук оюн. Бадминтонду залда же сыртта тегиз аянтчада ойноого болот. Желимден жасалган жеңил канаттуу топ — волан жана ракетка менен ойнолот. Байыркы Малайяда пайда болуп, кийин Азиянын башка өлкөлөрүндө ойноло баштаган. Азыркы бадминтон 1872-жылы биринчи жолу Англиядагы Бадминтон шаарында ойнолгон (аты ошондон). Эларалык федерациясы 1934-жылы уюшулган, ага 50дөй өлкө мүчө. Дүйнөнүн жекече чемпионаты 3 жылда бир өткөрүлөт. Бадминтонду 2 же 4 киши ойнойт. Оюнчу өз тарабындагы аянтчага воланды түшүрбөстөн, атаандашы тарапка багыттап, аны жыдытат. Тор (бийиктиги 1,5 м) менен бөлүнгөн тегиз аянтчада (экиден ойноодо аянты 13,4х6,1 м, жалгыздан ойноодо 13,4x5,2 м), көк шиберде, пляжда ойноого ылайыкталгандыктан, азыркы мезгилде кеңири таралган спорттун түрү. Ойноо техникасы жана ыкмасы боюнча тенниске окшош. Шамдагайлыкты, тездикти, чыдамкайлыкты өнүктүрөт.

Бадминтон— активдүү эс алуунун мыкты каражаты. Ал ден-соолукту чыңдайт, чыдамкайлыкты жогорулатат, кыймыл координациясын жакшыртат, шамдагайлыкка көндүрөт жана башка оюндан алган эмоциялык таасир да жакшы натыйжаларды берет. Бадминтон оюну жалаң гана эс алуу максатында гана эмес спорттун түрү катары да ойнолот. Бадминтон оюну негизинен төмөнкү тартипте ойнолот. Оюнчулардын бири ракетка менен воланды он жолу чаап берет. Экинчи оюнчу воланды кайрадан артка кайтарууга аракеттенет. Биринчи оюнчунун кыймыл-аракети — чабуул коюу, ал эми экинчи оюнчунуку — коргонуу. Андан кийин 2-оюнчу топту чаап берет. Бадминтон ойноодо ар кандай кокустоолор, кызыл ашык муундарынын чоюлушу, мертиниши жана башка травмалар болушу ыктымал. Травмалардын алдын алууда ыңгайлуу бут кийим кийүү, аянтты туура тандоо чоң мааниге ээ. Балдар 5-6 жашынан катышуу керек. Спорттук секцияга катышуу үчүн доктокдун уруксаты талап кылынат. Бадминтон оюнунун элементтери айыктыруу гимнастикасында, айрыкча санаторий-курорттук шарттарда колдонулат.




#Article 101: Атлетика (140 words)


Атлетика - (гр.aJlhticоV - жарыш, мелдеш) 1) цирк искусствосунун бир түрү. 19-кылымдын башталышында цирк оюндары адаттан тыш дене күчүн ж-а шамдагайлыкты көрсөтүүчү номерлерди аткара баштаган. Белгилүү атлеттердин ичинде: И. М. Поддубный, И. М. Заикин, Е. Сандов, И. Графль, В. Моор-Знаменский, Н. Вахтуров, ага-ини И. И. ж-а А. И. Нелипович, Г. И. Новак, В. И. Дикуль бар; 2) күчтүүлүккө, чыдамкайлыкка, тездикке, шамдагайлыкка тарбиялоочу түрдүү дене күч көнүгүүлөрүнүн топтому. 
Түрлөрү: жеңил атлетика - чуркоо, жөө жүрүш, секирүү ж-а ыргытуу; 
оор атлетика - оордукту (штангалар) мелдешип көтөрүүчү спорт түрү.

Олимпиялык оюндарда атлетика боюнча байгелүү орундарды ээлеген Кыргыз ССРинин спортсмендери:
Жеңил атлетика: Иванов Л. (1964), Барч О. (1968, 1972), Колпакова Т. (1980), Чернецкий Н. (1980), Сысоева М. (1980).
Оор атлетика: Осмоналиев К. (1980).
Дүйнөлүк чемпионаттарда атлетика боюнча байгелүү орундарды ээлеген Кыргыз ССРинин спортсмендери:
Оор атлетика: Осмоналиев К.(1978, 1979, 1980, 1981), Ли С. (1981, 1982).




#Article 102: Баскетбол (165 words)


 
Баскетбол(англ. basket — себет, ball — топ) - бул беш оюнчудан турган эки команданын арасында отуучу спорттун бир туру.

Баскетбол узундугу 26 м, туурасы 14 м болгон төрт бурчтуу атайын аянтчада ойнолот. Оюнчулар атаандашынын корзинкасына топту кол менен ыргытып түшүрүшөт. Оюн ар кандай кыймылдардан (чуркоо, секирүү, топту тосуп алуу, ыргытуу) турат жана тактикалык абалдардын тез алмашуусу менен мүнөздөлөт.

Баскетбол ойноо адамдын таяныч-кыймыл аппаратын өнүктүрөт жана бекемдейт. Дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасынын функциясын, кыймыл координациясын жакшыртат. Организмдин күчү жана чыдамкайлыгы өсөт. Баскетболду балдарга үйрөтүүнү 9—10 жашынан, атайын машыгууларды 11 —12 жашынан баштаса болот. Ал эми мелдештерге катышууга 1 —1,5 жыл машыгуудан кийин уруксат берилет. Баскетбол ойноодо кызыл ашык муундарынын чоюлушу, кол манжаларынын муундан чыгып кетиши жана башка травмалар болушу ыктымал. Кырсыктардын алдын алууда оюн аянтынын туура түзүлүшү, оюндун эрежелерин сактоо, бутка чак, ыңгайлуу спорттук бут кийим кийүү маанилүү. Баскетболдун элементтери айыктыруу физкультурасында колдонулат. Баскетбол — дене тарбиянын жана активдүү эс алуунун мыкты каражаты. 

 

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8




#Article 103: Бокс (254 words)


Бокс — (от англ. box- куту,ящик,ринг ) спорттун түрү, спортсмендердин жекеме-жеке чыгып, атайын эреже боюнча мушташуусу. Оюн тегереги аркан менен курчалган (6 х 6 м) аянтта (ринг) өткөрүлөт.

Боксёрлор атайын жасалган жумшак тери мээлей кийип мушташат. Белден ылдый согууга уруксат берилбейт. Бокс боюнча мелдештерди өткөрүү катышуучулардын салмагына, жашына жана спорттук даярдыгына карата бөлүштүрүлөт. Бокс ден соолукка зыян келтирбөө эрежелерин сактоо менен 3 раундда өткөрүлөт. 

Бокс менен машыгуу кишини ар тараптан өөрчүтөт, ден соолугун чыңайт; нерв, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын функцияларына жакшы таасир берет. Кишинин ыкчамдыгын, тең салмактуулугун, чечкиндүүлүгүн, чыдамкайлыгын арттырат. Бокс менен машыгууда бет, кол травмаларга учурашы ыктымал. Бокска мүнөздүү травма — нокаут (кыска убакытка акыл-эсин жоготуу). Нокаут болгондо мушташ токтотулат, спортсмен жабыр тартуу оордугуна карата ар кандай мөөнөткө мелдешке катышпайт.

Туура жүргүзүлгөн окуу-машыгуу процесстер, коргонуу ыкмаларын туура колдонуу, мушташуу эрежелерин так аткаруу, ошондой эле спортсмендерге такай догдурдун көзөмөлү травмалардын алдын алууга жана азайышына түрткү берет. Травманын алдын алууда боксёрлордун кол чеңгелин таңуу, оозуна каучук кеп, башына атайын шлем кийүү талап кылынат. Өспүрүмдөр 14—15 жашынан баштап тажрыйбалуу тренерлердин жетекчилигинде бокс менен машыгууга болот. Ал эми 16—17 жаштан баштап мелдештерге катышууга уруксат берилет. Бокс менен машыгууну баштоодон мурун догдурдан текшерүүдөн өтүп, анда айрыкча нерв системасына, угуу жана көрүү органдарына өзгөчө көңүл бурулат. 

Спорт кесиптик жана ышкыбоздук бөлүнөт - Сиз аны сунуштарын чейин түшүнүү зарыл биринчи нерсе. Бокс сүйүүчүлөрдүн уюму AIBA көзөмөлдөнүп, ал эми бир нече кесиптик менен: WBA, IBF, WBC, Украина, жана башкалар. Кесиптик бокс менен, салмагы 17, жана 11-карганда. 

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8




#Article 104: Библия (120 words)


Библия (Ыйык Китеп) – 1500 жыл аралыгында 40ка жакын адам тарабынан Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган китеп. Китептин аты грек тилиндеги “библиос” деген сөздөн алынган, китептер дегенди билдирет. Ал Байыркы Келишим (Эски Осуят) жана Жаңы Келишим (Жаңы Осуят) деген эки бөлүктөн турат.

Мусанын убагында Кудайдын еврей эли (Израил) менен түзгөн келишимине байланыштуу жазылган китептердин жыйнагы. Эски Осуятта Кудайдын бүткүл адамзатка Куткаруучуну жибере тургандыгы, ал эми Жаңы  Келишим Куткаруучуну жибергендиги айтылат.

Байыркы Келишим 39 китептен турат, алардын көпчүлүгү байыркы еврей тилинде, бир нечеси арамей тилинде жазылган. Бул жыйнакта тарых, мыйзамдар, проза, поэзия жана акыл-насааттар камтылган.

Библияда 6 миңден ашык пайгамбарчылык бар, алардын 3,5 миңден ашыгы аткарылган.

Кыргыз турмушундагы айрым сөздөргө кулак төшөп, байкап көргүлө: балким, алардын өзөгү Ыйык Китепте жаткан чыгар.




#Article 105: Кыргызстан обондору, радио (135 words)


Радиоберүү толугу менен менталдык, аймактык жана улуттук мүнөздө түзүлгөн. Ал эми анын музыкалык форматы Кыргызстандын музыка дүйнөсүн толугу менен камтыйт.Эфирде классик жана жаш таланттардын аткаруусундагы эстрада музыкасы менен бирге өткөн жылдардын хиттери, улуттук күүлөр, эпикалык чыгармачылык, автордук ырлар, учурдун жана мурдагы алтын хиттер жаңырат. Кыргызстан Обондору - ар түрдүү жанрдагы жана багыттагы жалан гана кыргыз музыкасын берүүчү радиостанция. Кыргызстанда 15 жылдын ичинде кыргыз тилдүү радиостанциялар арасында биринчи орунда туруп, кыргыз эстрадасын өнүктүрүүгө чоң салымын кошуп келет. Станциянын урааны - Жашоо керемет!

 

 
Кыргызстан Обондорунда жаңылыктар түрмөгү күнүнө 11 жолу, эртең мененки саат 8ден кечки 20.00гө чейин чыгат. 
Радиостанциянын жаңылыктары бул - республикада болуп жаткан окуяларды объективдүү жана ыкчам баяндоо. Жаңылыктар кызматы Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Кыргызстандагы «Internews  Network» өкүлчүлүгү тарабынан сыйланган. 

 
 - радионун интернет баракчасындагы жашоосу. 

 
Радиостанция жамаатынын жетишкендиктери төмөнкү наамдар менен сыйланган; 




#Article 106: Назар Болот уулу (168 words)


Назар Болот уулу – манасчы.
Назардын чыгармачылыгыгынан кабар берген айрым эскерүүлүрдүн башка эч маалымат жок. 
Назар. жарды киши болуп: «Аттан башка малым жок, Манастан башка жаным жок»,- деп ырдоочу экен.
Назарды угуп, көрүп билгендер анын жомокчулугу жөнүндө «Назар. чоң жомокчу болуп, үнү бийик эле, эпостун бөлүктөрүн толук айтат эле. «Манасты» айтып кызыган учурда топусу шилисине, бирде чекесине келип- кетип турчу экен» деген сөздөрдү гана айтышат.
Манасчы Мамбеталы Ашымбай уулунун «Каныйкейдин Тайторуну чапканын» Н. да айтчу экен» деген учкай кабары жана семетейчи Алмабек Тойчубек уулунун «Ал «Манасты» Кыдыр акени, Чыныбайды ээрчип айткан. Н. Кыдырдын жомокчусу болгон» деген маалыматы жана башка элдин айтуусу боюнча Н. чоң манасчы болсо дагы анын чыгармачылыгы жөнүндө анын манасчы Тыныбек менен айтышынан башка так малымат жок. Учурунда көлдүн атактуу манабы Чыныбай Н. менен Тыныбекти айтыштырып көргөн.
Н-дан Саякбай Карала уулунун устаттары Акылбек, Чоюке сыяктуу манасчылар «Манасты» үйрөнгөн дешет.
Эски акындардын, манасчылардын өмүрүн жакшы билген Саякбай Карала уулу «Манас» изилдөөчү З.Мамытбеков менен болгон аңгемесинде: «Ч.Валиханов Көкөтөйдүн ашын Ысык-Көлдөгү чоң манасчы Назар Болотовдон жазып алган» деп көрсөтөт.




#Article 107: Чоодан (163 words)


Манасчы Чоодан 1835-жылы туулган. Түштүктөн чыккан Шаймардан, Матисак Акбай уулу, Бөрүбай Султан уулу, Мурат Көлбай уулу, Калбек Жумагул уулу өңдүү манасчылардын бир тобунун устаты. Манасчылыктын түштүк мектебин түптөөчүлөрдүн бири. Тилекке каршы, анын өз оозунан “Манас” эпосу жазылып алынбаган.
Айтылуу Балык манасчы менен ар дайым карым-катышта болуп, бири-бири менен тажрыйба алмашып турчу дешет. Кудаяр хандын манасчысы болгон деген аңыз да айтылат.

Өз учурунда Чоодан Кудаяр кандын манасчысы болгондугу жөнүндө эл оозунда аңыз айтылып жүрөт. Чоодан өз убагында эпос жазылып алынган эмес, андыктан биз анын жомок айтуучулук салтын, анын жолун уланткан шакирттеринин айтуулары аркылуу билебиз. Белгилүү манасчылар Шаймардан, Матисак Акбай уулу, Калбек Жумагул уулу, Бөрүбай Султан уулу, Мурат Көлбай уулу жана башкалар Чоодан манасчыдан таалим-тарбия алган. Түштүк тобундагы белгилүү жомок айтуучулардын дээрлиги анын таасирин башынан өткөрүшкөн.
Чооданлын салттын дагы бир белгилей турган өзгөчөлүгү, Балык жомокчунун чыгармачылык салты менен карым-катышта болгонунда. Анткени, Балык Таласта турганда Чоодан жашап турган Кыргызстандын түштүгүнө такай барып турганы белгилүү, эки залкар манасчынын айтуучулук чеберчилик өнөрү бири-бирине таасир эткен деп божомолдоого болот.




#Article 108: Компьютер (242 words)


Компьютер () — бул эсептөөлөрдү жүргүзүүчү машина, жана бир алгоритм (компьютердик програм) менен маалыматты кабыл алуу, сактоо, иштетүү, чыгарууну аткарат. Компьютерлер жаңы чыгып баштаганда, ал жалаң гана эсептөөнү аткарат деген пикирден улам ЭЭМ (электрондук эсептөө машинаси) деп аталып калган. Бирок азыркы күндө ЭЭМдин кызматы - башкаруу болуп эсептелет.

Алдында турган маселелерди компьютер кайсы бир механикалык кыймылдын, электрондордун, фотондордун, кванттык бөлүкчөлөрдүн агым кыймылынан же жакшы изилденген башка физикалык кубулуштартардын жардамы менен аткарат. Бизге эң белгилүү бул - электрондук персоналдык компьютер.

Компьютердин архитектурасы чечип жаткан маселени түздөн түз, изилденип жаткан физикалык кубулуштарды чагылдырып (математикалык аныктама менен), моделдештируу мүмкүнчүлүгү бар. Ошентип, электрондук агымдар дамба жана суу сактагычтарды моделдештиргенде суунун агымы катары колдонулган. Мындай жол менен 1960-жылдарда аналогдук электрондук компьютерлер иштеген, бирок бүгүнкү күндө андай ЭЭМдер абдан сейрек кезигет.

Кезектеги компьютердердин көбүндө чечип жаткан маселени математикалык тил менен жазышат, мында бүт маалымат экилик эсептөө системасында жазылат, бул бүт эсептөөлөр логика алгебрасын гана колдонууга алып келет. Бүткүл математиканы логика алгебрасынын операцияларына алып келегенге мүмкүндүк бар, ошондуктан компьютер абдан зор маселелерди чече алат.

Компүютерлер бүт эсептерди чыгара албайт. Компүтер эсептей албаган маселелерди англис математик Алан Тьюринг жазып чыккан.

Эсептелген маалымат ар кандай киргизүү-чыгаруу аппараттардын жардамы менен берилет: лампалык индикаторлор, мониторлор, принтерлер.

Жаңы колдонуучулар жана өзгөчө балдар компүтер - жөн эле машина экенин, ал өзүнчө ойлоно, түшүнө албаганын кыйынчылык менен кабыл алат. Компьютер программа менен берилген белги, сызык, түстөрдү маалымат чыгаруу жабдыгы аркылуу механикалык түрдө чыгарат. Адамдын мээси өзү экрандагы белгилерди (образдары, санариптерди, сөздөрдү) кабыл алып, аларга маани берет.

   




#Article 109: Кокон хандыгы (1664 words)


Кокон Хандыгы (өзб. Qo'qon xonligi) – 1709 – 1876 аралыгында, азыркы Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын түштүк аймактарында жана Шинжаң-Уйгур автоном районунун (Чыгыш Түркстан) аймактарында жашаган мамлекет. Эң жогорку гүлдөөсүндө 820 миңдей км² ээлеген. Түркстан хандыктарынын бири.

Жергелик уламыштар боюнча, султан Бабур (Темирландын чөбөрөсү) Фергана өрөөнү аркылуу Самаркандан Индияга өтүп бара жатканда, аялдарынын бири Кожент менен Канибадам арасындагы жолдон уул төрөйт; Алтунбешик (1545-жылы өлгөн) деп аталган ал наристени аердеги көчүп-конуп жүрүүчү төрт уруу (анын бири, сулалеге атын берген миң уруусу) багып алат. Качан анын тектүүлүк жайы билингенде, Алтунбешик бий көтөрүлүп, Ахсыга жайланышат. Бий наамы анын урпактары үчүн тукум куума болуп калат. Алгач Фергана өрөөнүндөгү Дыйкан-Тоо деген жерди Ашыраалы бий башында турган миң уругу ээлеген. Кийин баласы Шахрух (Шоорук) бий Эски-Коргон, Чамаш, Чадак, Партак ж. б. кыштактарды өз ээлигине кошуп, Шахрух ибн Чамаш бий аталык деген ысым алган. 1721–22-ж. анын уулу Абд ар-Рахим Кокон вилайетин бийлеп, инилери – Абдыкеримге (Абд ар-Карим) Хожентти, Шадыга Маргалаңды башкарткан. Абд ар-Рахимдин тушунда Жаңы-Коргон кыштагы негизделип, кийин ал Кокон шаары деп атала баштаган. Хандыктын байтактысы ушул шаарга жайгашкандыктан ал тарыхта Кокон хандыгы деген ат менен калган.
Алтунбешиктин урпактарынын бири — Абдурахим-бий — Дикан-Тода кыштагына жерлешип, бирок акырында анын негизги тура турган жери, 1732-жылдары өзү негиздеген жана алгач Эски-Коргон же Калааи-Раимбай (өз негиздөөчүсүнүн атынан) делинип жүргөн Кокон шаары болуп калган. Абдурахим Бухара хандыгына жортуул жасап, Самаркан, Катта-Курганды алгандай болуп, шахрисябзга чейин жеткен, бирок чектеги башкаруучу менен болгон тынчтык келишими менен чектелип, анын карындашына үйлөнүп, Кожентке кайтат. 

Абдурахимдин иниси жана ордун алуучусу — Абдукарим-бий — Эски-коргонго биротоло жайланышкан, ошол мезгилден гана тарта бул Кокон атала баштаган.

Абдукаримдин өлүмүнөн кийин анын ордун улантуучу катары Абдурахимдин уулу — Эрдене бий жарыяланган. Ал 1778-жылы көз жумган. 
Андан кийинки башкаруучу анын аталаш тууганы Сулайман болуп, бирок ал 3 айдан кийин өлтүрүлөт. Ошондо Фергананын башкаруучусу болуп, Абдукарим бийдин небереси жана Абдурахман бектин уулу болгон Исфара шаарынын ээси Нарбото бий, башында анчалык коопсуз эмес мындай жүктөн баш тартып жатса дагы, жарыяланган. 

Абд-ул-Карим, Эрдене бий жана Нарбото бийлер Кокон хандыгынын аймагын кеңейтишкен. Бирок Эрдене дагы, Нарбото дагы Цин империясы менен дипломатиялык алакага кирүүгө мажбур болуп калган учурлар болгон.

Түптөнүү доорунда калмактан сүрүлүп, Анжиянга келген кыргыздардын тийгизген таасири абдан күчтүү болгон. Алардын аркасы менен алгач Маргалаң, Хожент анан Анжиян, Наманган вилайеттиги түзүлгөн. Кокон хандыгынын күч алып баратканын көргөн калмактар 1734, 1745–48-ж. Фергана өрөөнүнө бир нече жолу жортуул жасап, Кокон шаарын камоого алышкан. Ошол мезгилде кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгү түзүлүп, жардам берүү үчүн Касан шаарынын чыгышында жашаган кыргыздын миң түтүнү көчүп барган. Алар Кокон бийи Абдыкерим, Оро-Төбөнүн акими Фазыл бийлер менен бирдикте калмактарды Ферганадан сүрүп чыгышкан. Бирок жуңгарлардын кийлигишүүсү менен такка Баба бий отуруп (1750), кыска убакыт аларга көз каранды болуп калган. 

Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин же Эрдене бийдин экинчи жолу такка отурушунан (1752–69) баштап (биринчи жолу 1750-ж. отурган) Кокон хандыгы кубаттуу мамлекетке айлана баштаган. Бул учурда кыргыз менен казактар калмактан бошогон өзүлөрүнүн чыгыш жактагы мурунку конуштарына көчүп, Цинь империясынын кийлигишүүсүнүн натыйжасында кыргыз бийи - Кубат бий (кушчу) өлтүрүлгөн. Ушул мезгилдерде Эрденеге каршы казак султаны Абылай да бир нече жолу жортуул уюштурган. 1760-ж. кокондуктар Ош шаарынын айланасындагы адигине уругуна тиешелүү эгин талааларын талкаласа, 1761-ж. Ажы бий (адигине), Маматкул бий менен Арзымат башындагы кыргыздар Эрденени чаап алуу үчүн кол топтогон. Бирок Цин империясынын тынымсыз кийлигишүүсүнө байланыштуу эки тарап жарашууга аргасыз болушат. 1762-ж. Кытай императоруна жиберген катында Эрдене өзүн хан деп атап, Кашкар тоолорун эки өлкөнү бөлгөн чек ара деп санаган. Нарбото бийдин (1770–98) тушунда ички абалга көбүрөөк көңүл бөлүнүп, хандыктын калыптанышы аяктаган. 1798-ж. Төрө-Коргондо бек болуп турган Ажы бий (Абдырахмандын уулу) агасы Нарботого каршы козголоң уюштурат. Бирок ою ишке ашпай, адегенде Чаткалдагы кыргыздарга баш калкалап, анан Ташкенттеги Жунус кожонун алдына качып барган. Улуу уулу Улугбек кокусунан каза болсо, Ажы бийдин өзү 1801–02-ж. Алим хан тарабынан өлтүрүлүп, 2-уулу Шераалы таластык кыргыздардын колунда (кээ бир маалыматта Ажыбай датка, башка кабарларда Базар баатырдыкында) чоңойгон. Кокон хандыгынын түптөнүү доорунда түштүк кыргыз уруулары менен тыкыз саясий алакада турушса, аркалык (түндүк) кыргыздар этносаясий, салт-санаа, руханий байланышын үзүшкөн эмес.

Алим хандын такка олтурушу менен хандыктын гүлдөө доору башталат. Нарботонун уулу Алим бий тажик тоолуктарынын жардамы менен Фергананын Кожент менен Шаш (Ташкен) кошулган батыш жарымын багындырган. Алим хандын  өз атаандаштарын четтетип, бийлигин күч менен күчөтүүгө аракет кылгандыгынан улам, ал «залим» жана «шергаран» деп да аталып калган. Алим хандын (1798–1809) тушунда Кокон хандарынын теги Тимурдун тукуму Бабурдан тараган (Алтын-Бешик, Теңир-Жар) деген генеологиялык уламыш калыптанган. Падышалык кезинин бардыгын маанилүү шаарлардын бектери менен болгон согуштарда өткөрүп, Чымкен, Сайрам, Курама жана Ташкенди каратып, Эрдененин мезгилинен бери бухара-кокон талашынын очогу болуп келген Оро-Төбөгө 15 жолу жортуул жасаган. Анын тушунда Фергана өрөөнү биротоло Кокон хандыгына бириккен жана ички саясатынын орчундуусу аскер реформасы болуп, мылтык, замбирек менен куралданган 10 миңдей туруктуу атчан аскер түзүлгөн. Бирок ошол эле согуштар Алимдин өзүн өлтүргөн, анткени, көбөйгөн согуштардын кыйынчылыктарына чыдай албай калган эл аны каалабай калышкан эле, натыйжада 1809-жылы тууганы Омордун жолдоштору тарабынан өлтүрүлгөн. 

Акын жан жана акындар менен илимпоздордун колдоочусу, Омор хан согуштуу жашоого караганда тынч жашоого жакыныраак болуп чыгып; Бухара менен чатакташуудан оолак болгон. Ал эл тарабынан сүймөнчүктөлүп, өз бийлигинин тышкы кооздугуна көп көңүл бурган. Ошентсе да, Омордун башкаруусу да Кокон хандыгынын ээликтеринин кеңейиши менен белгилүү. Омор хандын (1809–22) тушунда басып алуу саясаты дагы уланган. 1816-ж. Түркстан шаары, Сыр-Дарыянын төмөнкү агымы, Кетмен-Төбө өрөөнү каратылган.

Мадалынын башкарууда кетирген каталарынан пайдаланып, нааразы партия бухаралык эмир Насруллага өлкөнү кылмышкер хандан бошотуп берүү өтүнүчү менен кайрылышат. Насрулла Коконго келет; Мадалы хан өлтүрүлүп, Кокон хандыгы Бухара провинциясына айланат (1842). Бирок Юсуф бий (Нүзүп бий) баш болгон кыргыздардын аракети менен кокондуктар Шералыны такка олтургузушуп, хандыкты калыбына келтиришет. Көп өтпөй Шералы хан да кулатылып, мындан ары хандыкта Мусулманкул баш болгон кыпчак уруусунун таасири күч ала баштайт; кыпчак-сарт кагылыштары башталат. Ушул эле убактарда Кыргызстандын түндүгүндөгү уруулар Ормон хандын тегерегинде биригишип, хандыктан бөлүнгөн өзүнчө кыргыз мамлекетин негиздешет. Кокон хандыгынын кийинки тарыхы, негизинен, сарттар менен кыпчактардын кандуу күрөштөрү менен коштолот.

Алымбектин өлүмүнөн кийин, 1863-жылдын 9-июнунда молдо Алымкулдун (кыргыз-кыпчак уруусунан) жардамы менен Мала хандын уулу, жашы жете элек Султансейит хан жарыяланат, жана хандыктагы 1863-1865-жж. аралыгындагы бийлик иш жүзүндө Алымкул аталыкка өтөт. Ошол эле жылы ал «Амир лашкери» наамын алат. Кудаяр хан бул козголоңдордон пайдаланып, бухара эмири Музаффардын кол кабышы менен Коконго кирип, бирок көп өтпөй Алымкул тарабынан куулган жана кайта Бухарага качкан.

Хандык менен орус аскерлеринин ортосундагы куралдуу чатактардын чыга башташы, Коконго караган айрым казак урууларынын орус букаралыгына өтө башташынан башталат. 1847-жылы оренбург аскер губернатору Обручев казак жеринде Раим (кийинки Арал) чебин тургузса, 1852-жылы жаңы губернатордун демилгеси менен полковник  Бларамберг Кокондун эки чебин — Кумыш-Курган менен Чым-Курганды бузуп, Акмечитке кол салып, бирок кайтарылат. 1851-жылы орус бийлиги Кокон күчтөрүнүн жөлөк пункту болгон Таучубек чебин ээлешип, 1854-жылы Алматы дарыясында Верный чебин курушкан.

Мусулманкулдун камкордугунан азап тарткан Кудаяр хан акыры 1852-жылы аны кулатып, өлүм жазасына салат. Бул окуя кыпчактардык жапырт кыргыны менен бүткөн.

Орус генералы М. Черняевдин жетекчилиги алдында 1864-ж. Чымкент, 1865-ж. Ниязбек чеби алынып, 1866-ж. Хожент, Оро-Төбө, Жызак ж. б. орус бийлигине каратылышы менен Кокон хандыгынын ээлиги негизинен Фергана өрөөнүн гана камтып калган.

Алымкул Ташкен үчүн орустар менен болгон салгылашта өлгөндөн кийин (1865), бухаралык эмир кайтадан аскерлери менен Коконго келип, өзүнүн атынан Кудаярды коёт, бирок артка кайткан жолунда Иржардан орустардан сокку жейт, ал эми артынан Оро-Төбө менен Жизактын ээлениши Кокон хандыгын Бухарадан бөлүп койгон. Козголоңдор Түркстандын Кокон хандыгына кирген бөлүктөрүндө орус бийлигинин бекемделишин жеңилдеткен.
Бухарадан кесилген Кудаяр хан 1868-жылы генерал-адъютант фон-Кауфман тарабынан сунулган соода келишимин кабыл алат. Орусия менен болгон бул коммерциялык макулдашуу чындыгында Коконду андан көзкаранды мамлекетке айландырган.

Ыңгайлуу шартты пайдалана билген Россия империясы Кокон хандыгындагы көтөрүлүштөрдү шылтоолоп, 1875-ж. Фергана өрөөнүн басып алууну баштаган. Көптөгөн кан төгүүлөрдүн натыйжасында ал каратылып алынган.

Кокон хандыгынын жерлери Орусия империясынын алгач Оренбург генерал-губернаторлугунун, кийин Түркстан генерал-губернаторлугунун Фергана жана Сырдарыя областтарына кирген.

Мамлекеттин башында «хан» турган. Ал ири феодалдык өкүлдөр жана чиновниктер менен курчалган. Ханга жакын жүз «миңбашы» болгон. Жогорку кызматтар катары казыначынын (казыйнадар) посттору, аскердик министр, полиция башчысы ж.б.у.с. хандын астында кеңеш болгон; ал ханаг жакын сановниктерден туруп, алар хандыктын жашоосу жана ишмердиги тууралуу маселелерди карашкан. Хандыктын коомдук жана саясий жашоосуна мусулман духовенствосунун таасири чоң болгон. Динчилердин башчысы хандык кеңештеги маселелердин талкуусуна катышып турган, анын пикири бардык суроолордо беделдүү деп эсептелген.

Молдо Алим Махдум Кожонун китебинде («Тарихи Түркистон») Кокон хандыгындагы кызмат менен мансап 24 даражага бөлүнгөн. «Кокон хандыгындагы чиндин эң жогоркусу – миңбашы же амирлашкер мансабы. Бул мансап аскер министринин деңгээлинде болгон. Экинчи мансап – кушбеги. Бул мансап ылгый хан алдыдагы кеңешчи катарында болуп, бир нече шаарларга башчылык кылган. 

Үчүнчүсү – парваначы, бул мансаптагылар бардык кушбегинин кызматын аткара алат» деп жазат өзбек окумуштуусу Ш. Вохид. А.А. Кундун көрсөтмөсү боюнча парваначыга жылына 1500 тенге, 800 батман аштык төлөнгөн. Кыргыздан Ормон парваначы, Ажыбек (саруу), Медет (саяк) ж.б. датка наамын алышкан.

Армия атчан жана жөө аскерлерден турган. Керектүү учурларда ополчение түзүлүп турган.

Сот бийлиги болсо башкы соттун — казы-калондун — жетектөөсүндөгү казылардын колунда болгон. Бул кызматтарга, эреже боюнча, шарияттын билгичи катары динияттын өкүлдөрүнөн дайындашкан. Өлүм жазасы жана дене жазасы кеңири колдонулган.

Жергелердеги башкаруучулар бек же хаким деп аталган. Өзгөчө абалда Ташкендин башкаруучусу турган; ал хандын өзү тарабынан дайындалып турган жана беклар-беги наамын алган. Кыштактарда (кишлак) административдик бийлик аксакалдарда болгон. Жашоочулардын жүрүм-турумуна жана алардын шарияттын талаптарын аткарышына «мухтасибдер» көз салышкан. Курбашылар (полициялар) бектер менен хакимдерге баш ийишкен.
Акимчилик-территориялык жактан Кокон хандыгы вилайеттерге бөлүнүп, башкарылган. 19-кылымдын башында вилайеттин чек арасы салык жыйнала турган жерге жараша аныкталган. Кийин хан бийлигин борбордоштуруунун натыйжасында вилайеттер ири шаарлардын аттары менен атала баштаган. Мисалы, чоң вилайеттердин катарына Анжиян, Балыкчы, Маргалаң, Ташкент, Төрө-Коргон, Түркстан, Оро-Төбө, Кожент, Чымкент, Чуст кирген. Орус чиновниги А. Кун Кудаяр хандын учурунда 15 вилайет болгонун көрсөтөт. Вилайетти башкарган бек менен акимди хан дайындаган. Бек менен акимдин бийлиги бирдей болгон, бирок бектер хан тукумунан, ал эми акимдер калк арасынан чыккан. Акимдин граждандык (саркер) жана аскер (баатырбашы) иши боюнча эки жардамчысы болгон.

Хандыктын негизделиши. Бийлердин мезгили

Хандардын мезгили

Кокон хандары башында бий (мис., Шоорук [Шахрук] бий [1709/10–21/22], Абдыкерим бий [1734—50/51] ж. б.) катары саналса, кийинчерээк Алим (1798/99–18107), Омор (1810–22) ж. б. хан атагын алышкан. Кокон хандыгынын (Миң династиясынын) тарыхын жазуу негизинен 1822-ж. башталып (Мирза Календар Мушриф Исфарагинин «Шах-намеси» [«Tapux-u Омар-хани»] ж. б.), 19-кылымдын 70-ж. аяктаган (Молдо Нияз-Мухаммед Хокандинин «Тарих-и Шахрухи» деген эмгеги). Бул эмгектин көбү Миң династиясынан чыккан бий, хандарды ашкере даңктоо, алардын теги ак сөөк хандардан тараганын далилдөөгө аракеттер жасалган. Кээ бир авторлордо (мис., Мырза Абд ал-Азим Сами) Кокон хандары кыргыз деген маалыматтар жолугат.




#Article 110: Мамбеталиева, Какен (1148 words)


Какен Мамбеталиева (Kaken Mambetalieva; 05.04.1936 — 30.07.1984) - кыргыз этнографиясы жаатында жаңы багытта тайманбай иштеп, илим “дыңын” бузуп, кыргыз тарых илиминин жаңы тармагын түптөөгө ири салым кошкон тарыхчы айым, тарых илимдеринин кандидаты (1966), доцент (1971). Ал кыргыздын туңгуч этнограф айымы катары тарыхта калды. 

Какен Мамбеталиева 1936-жылы чын куран (апрел) айынын 5инде Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл аймагындагы Эчки-Башы кыштагында туулган. Атасы - Мамбеталы Черикчи уулу Үмөтаалы небереси колунун көөрү төгүлгөн уста, энеси Жумабүбү - уз болгон. Агасы — белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев карындашына өмүр бою насаатчы жана жөлөк болуп келген. 
Оболу Какен Эчки-Башы айылындагы жети жылдык мектептен окуй баштаган. Андан соң Нарын шаарындагы Токтогул атындагы мектепте окуп, толук эмес орто билим алган. Андан соң Нарын педагогикалык окуу жайына (азыркы Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине) кирип, окуу жайды 1952-жылы мектептер бөлүмү адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. 
Андан соң Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырган. Студент кезинде этнограф Клавдия Ивановна Антипина менен таанышып, анын шакирти болгон. 2-курстан тартып К.И.Антипина айым менен чогуу Кыргызстандын түштүгүнө илимий экспедицияларга чыгып турган. Сүрөттү мыкты тарткан. 
Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин) артыкчылык диплом менен аяктаган. Андан соң Кыргызстандын Илимдер академиясынын Тарых институтунда иштеп калды. 
Ал 1950-жылдардын соңу - 1960-жылдардын башында советтик этнография илиминин мыкты адистеринен сабак алып, азыркы кыргыз этнография илим тармагын түптөгөнгө бараандуу салым кошкон алгачкы кыргыз кыздарынан. Какен Мамбеталиева этнография жаатындагы кандидаттык диссертациясын СССР Илимдер Академиясынын Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун Ленинграддагы бөлүмүнөн жактаган. Анын устаттарынын бири айтылуу этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.

Анын бир катар илимий макалалары өз доору үчүн этнография илиминдеги жаңы саамалык болгон. Түптөлүп келе жаткан чакан өнөр жай шаарларындагы мурдагы көчмөн жана дыйкан кыргыздардын урпактарынын салт-санаасы жана турмушу алгачкы жолу атайын этнографиялык иликтөөгө алынган. 

Какен Мамбееталиева Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде этнография боюнча ырааттуу дарстарды, атайын курстарды окуп, нечендеген жаш адистерге этнография тармагы боюнча илимий сапарга чыгууга багыттама берген.

Дарс окуп коюу менен чектелбестен, Какен жатаканага келип, коллоквиум өткөрүп, студенттер менен жекече иш алып барчу, алардан дүйнөлүк этнографиялык илим, жалпы дүйнө элдеринин этнографиялык мурасы тууралуу өз алдынча окуусун талап кылчу. 

Муну советтик усул катары терс баалачулар азыр четтен чыгат. Бирок ал кезде (1960-70-жылдары) тарых илими боюнча окуу китептер дээрлик орус тилинде гана болуп, кыргыз энциклопедиясынын алгачкы томунун материалдары жаңыдан гана басмаканага жиберилип жаткан. Интернет түгүл, компютер түшкө кирчү эмес. Айылдан жаңы келгендер “сабатсыздыкты жоюунун” жаңы баскычын баштан кечирген. 

Дал ушундай кубаттуу дарстын жана андан кийинки ырааттуу жекече сабактардын натыйжасында, Мамбеталиеванын окуучулары ата-бабалары түшүндө да укпаган чет элдик мяо-яо, кхмер элдери тууралуу жана байыркы шумер сыяктуу өлүп-жок болгон тилдер жөнүндө кеңири билим алышкан. 

Тилдердин аталышын эле жаттабастан, студенттер тилдерди ар кыл тил түркүмдөрүнө бөлүп системалаштырчу. Кийинчерээк, мен араб тилин үйрөнө баштаганда, бул маалымат мага кыйла өбөлгө болду. “Алтай” теориясына ылайык, түрк, монгол, тунгус-манчжур, корей, жапон тилдери тээ алмустакта орток тилдик тамырдан келип чыкканы тууралуу илимий жоромолду да К.Мамбеталиева студенттерине баяндаган.

К.Мамбеталиева өзгөчө маашырлануу жана ыраазылык менен белгилеген окумуштуулардын бири - Юрий Валентинович Кнорозов болчу. Бул советтик (орусиялык) чыгаан окумуштууга 1947-жылы археолог жана чыгыш таануучу Сергей Токарев келип: “Айрым окумуштуулар майя жазмасы эми эч качан чечилбейт ко деп жатышат. Балким, сен бул жоромолдорду төгүндөй алаарсың. Кантип эле адам баласы ойлоп тапкан жазууну башка адам чечмелей албай калсын?” деп, бул жазманы кылдат иликтөөнү сунуш кылат. Кнорозов бир нече жылдык талыкпаган эмгегинин натыйжасында майя жазмасын чечмелөө (дешифрлөө) үчүн ачкыч табат. Илимде ири бурулуш жасаган макаласын ал 1952-жылы “Советская этнография” журналына жарыялайт. Ошентип, б.з. IV-VIII кылымдарда өзгөчө гүлдөп-өсүп, IX кылымдан тартып төмөндөй баштаган майя цивилизациясынын чыныгы турмушунун көшөгөсү ачылган. 

(Ушул улуу ачылыштын ээси Юрий Кнорозов совет доорунда чет өлкөгө чыгууга укуксуз болуп келгенин, өзү эңсеген тарыхый майя жергесине (Борбордук Америка жана Түштүк Мексика) саякат жасоого эч мүмкүндүк ала албагандыгын 1991-жылы сентябрда америкалык илимпоз Michael D. Coe – Майкл Д.Коу мырза Archaeology журналындагы макаласында жазган).

Какен Мамбееталиева өзү жакшы тааныган окумуштуу Ю.Кнорозов сыяктуу жана башка нечендеген залкар илимпоздор жана алардын ачылыштары тууралуу мол маалыматты айтканда, студенттеринин көздөрү жалжылдап, өздөрү да ушундай унутулган тарыхый барактарды жана тилдерди ачууга ынтызар болгондой кебетеленип кетчү. Азыр да мындай мүдөө илимдин күн тартибинде кала берүүдө. Узакка барбай эле, Борбордук Азиянын түндүк-чыгыш аймагындагы сак-усун доорунан калган Эшик (казакча – Есик: орусча - Иссык) жазмасын алсак – күнү-бүгүнкүгө чейин ал чечмелене элек. 
Какен Мамбеталиева этнографиянын бир нече тармактарга бөлүнөөрүн, башка да илимий тармактарды айкалыштырып үйрөнүү аркылуу гана туура илимий жыйынтык чыгарууга болоорун баса белгилечү. Маселен, кыргыз тилин билбей туруп, кыргыз этнографиясы тууралуу илимий эмгектер, диссертациялар жазган “окумуштуулар” арбын болду. Ошол эле учурда, кыргызча суудай билген же кыргыз этнографиясын иликтөөдө башат ачып берген С.М.Абрамзон сыяктуу илимпоздор адилетсиз сынга алынган учурлар орун алды.
Дал ошол идеологиялык тар калып кедерги кескен кезеңде Какен Мамбеталиева үчүн кыргыз этнографиясын иликтөөдө кыйла чектөөлөр коюлгандыгы пост-советтик доордо гана ачык айтылды. Кыргыздын уруу аталыштарын, фольклордук мурасын үйрөнбөй туруп, кыргыз этнографиясын иликтөө да мүмкүн эмес эле. 
Какен Мамбеталиева КУУдагы эң мыкты окуган айрым студенттерге студенттик илимий конференциялар үчүн баяндама жасагыла, реферат, дипломдук иш даярдагыла деп ар кыл темалар берип, аларга багыт көрсөткөн. Анын окуучуларынын бири - тарыхчы, саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов. 
Какен Мамбеталиева, жашыраак кесиптеши, археолог Бейше Урстанбеков, “Байыркы чыгыш тарыхын” окуткан Таабалды Мурзабеков жана башка агай-эжекелер (алардын көбүнүн көзү өтүп кетти) биринчи курстун студенттерин “телчиктирүү” үчүн КУУнун тарых факультетинин жатаканасына кечинде келип, кошумча сабак беришчү.
Какен Мамбеталиева илим деп жүрүп турмушка чыккан эмес болчу. 
Кыргыздын туңгуч этнограф айымдарынын бири болгон Какен Мамбеталиева турмушунда илимге да, студенттерге да, чогуу иштешкен кесиптештерине да акыйкат болгон. Тамашалай да билген. 
Окуучусу Т. Чоротегин эскерет: 

Какен Мамбеталиева доктордук диссертациясын жазууну аяктаган чагында, 1980-жылдын күзүнөн тартып катуу ооруп калды. Бир нече жыл кесел менен күрөштү. 
Ал 1984-жылы теке (июль) айынын 30унда, кырк сегиз жашында, илимий жогорку сересине көтөрүлүп, чыгармачыл мектебин ого бетер өркүндөтөөр күлгүн чагында түбөлүк жайга узап кете берген.

Нарын шаарындагы чөлкөм таануу музейи 2011-жылдан тартып Какен Мамбеталиеванын ысымын алып калды. 2012-жылы 18-майда белгилүү скульптор Садыр Макеевдин колунан жаралган окумуштуунун бюсту музейдин алдына орнотулду. 

Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиеванын 75 жылдык мааракесине арналган «Борбордук Азиянын көп этностуу коомунун маселелери: Көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн болжолдору» аттуу эл аралык жыйын Бишкекте (КУУ) 2012-жылы бугу айынын 19нда өттү. 

Бүгүнкү күнү кыргыз этнографтары жана тил изилдөөчүлөрү тээ Энесай (Хакасия жана Тыва), Алтай, Монголия, тарыхый Чыгыш Түркстан (азыркы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагы), Манчжуриядагы (Хэйлуңжандагы) Фу-Йү аймагы, Итил, Урал, Фергана, Кичи Азияга чейин ээн-эркин жана байма-бай каттап, совет доорунда болуп көрбөгөндөй эркин шартта иш алып барууда. 

Маселен, таланттуу кыргыз археологу Кубатбек Табалдиев 2005-жылы майя, ацтектердин маданиятын иликтеген археологдордун Борбордук Америкадагы казуу иштерин жеринен көрүп кайтты. Тарыхчыларды төбөсүнөн ныгырган идеологиялык цензура да жок. 

Бирок азыркы кыргыз тарыхчылары өздөрү таканчыктап турган калбаат пайдубалды кургандардын арасында көрүнүктүү этнограф айым Какен Мамбеталиева да бар экенин анын бүгүнкү алатоолук шакирттери жана сапарын улантуучулары дурус билишет.

Какендин агасы Сулайман Мамбеталиев - кыргыздын ардагер журналисттеринен. Ал өмүр бою Кыргызстандын журналистика тармагында эмгектенип келет. Бир катар китептер да жарыялаган.

Агасы Сулаймандын кызы Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева (29.01.1956-ж., Фрунзе - 25.4.2017, Бишкек) – кыргызстандык илимпоз жана коомдук ишмер, саясий илимдердин доктору (2009), философия илимдеринин кандидаты (1999), Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы, таланттуу окумуштуу жана меценат айым эле. 

ББК 63.529(54)6-423  




#Article 111: Индия (4143 words)


Индия (хинди тилинде – Бхарат), Индия Республикасы – (Бхарат Ганараджья) Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Батышынан Инди океанынын Араб, түштүк-батышынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бенгал булуңу менен чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу менен Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат. Түндүк-батышынан Пакистан жана Афганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал жана Бутан, чыгышынан Бангладеш жана Мьянма өлкөлөрү менен чектешет. Индиянын курамына Лаккадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Андаман жана Никобар аралы кирет. Аянты 3,3 млн км2. Калкы 1129,7 млн (2007; дүйнө калкынын 17%и); элинин саны боюнча дүйнөдө (Кытайдан кийинки) 2-орунда. Борбору Нью-Дели (Дели улуттук борбордук аймагынын курамына кирет). Расмий тили хинди жана англис тилдери. Акча бирдиги Индия рупийи. Административдик-аймактык жактан 28 штатка (федерация субъектилери болуп саналат), борборго баш ийген 6 союздук аймакка жана Дели улуттук борбордук аймагына бөлүнөт; Таблицаны кара. Индия БУУнун (1945), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК; 1985), Ынтымакташтыктын (1947), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ШКУнун (2005-жылдан байкоочу) жана башкалар эл аралык уюмдардын мүчөсү.

Индия федерациялык мамлекет. Конституциясы 1949-ж. кабыл алынып, 1950-ж. күчүнө кирген. Башкаруу формасы парламенттик Республикасы Мамлекет башчысы президент. Ал, ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы болуп эсептелет. Президент эки палаталуу парламент жана штаттардын мыйзам чыгаруу органдарынан турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Индиянын Мыйзам чыгаруу органы парламент (2 палатадан турат: Штаттар совети Раджья Сабха (250 орун) жана Элдик палата Лок Сабха (545 орун). Аткаруу бийлиги президент тарабынан дайындалган премьер-министр (2004-жылдан Манмохан Сингх) башында турган өкмөткө таандык.

Индия Улуттук конгресси (1885-ж. уюшулган), Бхаратия жаната партиясы (1980), Индия коммунисттик партиясы (1925) жана башкалар.

Индия Индстан жарым аралынан, Инд-Ганг туздугунун чыгыш бөлүгүн (Сатлеж дарыясынан чыгышты карай), Гималай менен Кара-Корумдун түштүк бөлүктөрүн, Бенгал булуңундагы жана Араб деңизиндеги бир нече аралдар тобун камтыйт. Жээк сызыгынын узундугу 72 миң км; негизинен жапыз, кумдуу, лагуналуу; булуң-буйткалар аз. Жарым аралдын батыш жээгинин түштүк бөлүгү Малабар жээги, чыгыш жээгинин
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)гүндө бийиктиги 2698 мге жеткен
түштүк бөлүгү Коромандель жээги деп аталат. Өлкөнүн аймагынын 3/4 бөлүгү түздүктөр жана бөксө тоолор. Индстанды дээрлик Декан бөксө тоосу (ал чыгышты карай 900 мден 300 мге чейин жапыздайт) ээлейт; жеринин бети плато сымал, ал батышында жана чыгышындагы айрым жерлеринде Батыш Гат жана Чыгыш Гат тоолоруна өтөт; алардын сырткы капталдары океанга тик түшөт. Түндүк-батышында зор аймакты базальт катмары (трапптар) каптап жатат. Индстандын түштүгүндө бийиктиги 2698 мге жеткен супа сымал тоолор, түндүк тарабында, тоо этегиндеги тектоникалык зор ийилиште аллювий тектеринен түзүлгөн Инд-Ганг түздүгү жайгашкан. Инд-Ганг түздүгүнүн түндүгүндө Жер шарындагы эң бийик тоо система Гималай (Индиянын чегиндеги бийиктиги 8126 мге чейин, Нангапарбат чокусу) үч тепкич (Сивалик, Кичи Гималай, Чоң Гималай) болуп тик көтөрүлөт. Анын түндүгүндө альп рельефтүү, мөңгүлүү Кара-Корум тоолору жайгашкан.

Индиянын аймагынын басымдуу бөлүгүн байыркы Инди платформасы ээлеп, ал Индстан жарым аралынан, Инд-Ганг түздүгүн камтыйт. Өлкөнүн аймагына, ошондой эле альп бүктөлүшүнө кирген Гималайдын бир бөлүгү (Симла, Жамму, Кашмир) да кирет. Ири кен байлыктары: боскит (Орисса, Бихар, Гужарат, Карнатака, Мадхья-Прадеш жана башкалар штаттарда), хромит (Орисса), темир (Бабабудан, Байладила жана башкалар кендер), алтын (Карнатака жана башкалар), коргошун-цинк (Ражастхан), жез (Бихар), жез-порфир (Мадхья-Прадеш), мусковит (запасы боюнча дүйнөдө 1-орунда), барит (Андхра-Прадеш), алмаз (Мадхья-Прадеш), нефть жана газ (Камбей, Ассам нефть-газ бассейндери, Бенгал шельфи), көмүр (Бихар, Батыш Бенгалия, Мадхья-Прадеш), слюда, асыл таштар жана башкалар.

Климаты субэкватордук муссондук, түштүгүндө тропиктик. Индиянын дыйканчылык үчүн өтө маанилүү болгон жайкы нымдуу муссон мезгилинде жаан-чачындын 70-90%и жаайт, кышы кургак жана салкын, марттан майдын аягына чейин кургак жана ысык мезгилимий Январдын орточо температурасы түндүгүндө 15°Сден түштүктө 27°Сге чейин, майда (эң ысык ай) 28-35°С. Жылдык жаан-чачыны Инд-Ганг түздүгүнүн батышында 100 мм; Декан бөксө тоосунун борбордук бөлүгүндө 300-400 мм, Чыгыш Гималай тоолорунда жана Гаттын сырткы капталдарында 3000-6000 мм, Шиллонг платосунда 12 000 ммге чейин (Жер шарынын кургактыктагы эң жаанчыл жери). Негизги дарыялары: Ганг (куймасы Жамна менен кошо), Инд (жогорку агымы), Брахмапутра (төмөнкү агымы), Нарбада, Годавари, Кришна. Жайкысын дарыяларынын суусу мол (дарыя ташкыны болуп турат), сугатка кеңири пайдаланылат, айрымдарында кеме жүрөт. Декан бөксө тоосунун жана Инд-Ганг түздүгүнүн табигый өсүмдүктөрү өтө өзгөргөн; саванна, ксерофиттүү сейрек токой, айрым жерине жалбырагы күбүлмө токой, түндүк-батышына бадалдуу жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Батыш Гаттын айдарым капталдарында, Ганг менен Брахмапутранын дельтасында, Чыгыш Гималайдын этегинде дайыма жашыл тропик токою өсөт. Гималайдын этегин тераилер (саздуу жунгли), жогорураак муссон токою, аралаш жана ийне жалбырактуу токой, тоо шалбаа жана талаа ээлейт. Индиянын аймагынын 24%и токой.

Индияда коргоого алынган 545 табигый аймак бар, анын 83ү улуттук парк. Алар өлкөнүн аянтынын 5,2%ин ээлейт. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват тармагына Нанда-Деви жана Сандарбан улуттук парктары, ошондой эле Нилгири жана Маннар булуңу; эл аралык маанидеги суу-саздуу жерлерге коргоого алынган 25 табигый аймак киргизилген. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине Сандарбан, Казиранга, Кеоладео, Нанда-Деви, Гүлдөр өрөөнү улуттук парктары, Манас резерваты кирген. Биологиялык ар түрдүүлүктү жана жапайы айбанаттардын жашоо чөйрөсүн (мисалы, бенгал жолборсу, индия пили, ганг гавиалы) сактоо максатында түзүлгөн долбоорлорду ишке ашырылышы айрымдарынын көбөйүшүн шарттады.

Индия — көп улуттуу өлкө. Мында 1652 тилде жана диалекте сүйлөгөн 500дөй улут жана уруу бар. Алардын 9/10унан ашыгы ири улуттар: хинди, бихар, панжаб, ражастхандыктар, маратха, гужарат, бенгалдыктар, ассам, тамил, телугу (андхра), каннар, малаяли, кашмирликтер жана башкалар 1901—2001-ж. Индиянын калкы 4,3төн ашык эсе (238,4 млндон 1027,02 млнго чейин) өскөн. 21-кылымдын 1-жарымында калктын санынын өсүүсүнүн негизги себеби төрөлүүнүн өтө жогору болушу (1901-ж. 1000 адамга 45,8 бала, 1951-ж. 40,8 бала төрөлгөн). 1951-жылдан төрөлүү көзөмөлгө алынган (ар бир үй-бүлөгө 2 бала). Бирок, Индиянын калкы дагы эле тез темп менен өсүүдө. 2007-ж. төрөлүү 1000 адамга 22,7 бала, өлүмжитим 6,6 адам болгон. Индиянын калкынын 48%тен ашыгы аял (орто эсеп менен 100 аялга 106дан ашык эркек туура келет). Калктын орточо жашы 24,8 жыл. Курактык структурасында 15 жашка чейинки балдар 31,8%, эмгек курагындагылар (15-64 жаштагылар) 63,1%, 65 жаш жана андан ашкандар 5,1%. Динге ишенгендердин 80,5%и индуизм, 13,4%и ислам, калгандары христиан, сикхизм, буддизм, жайнизм, иудаизм диндерин тутат. орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 353 адам; Инд-Ганг түздүгүндө жана деңиз жээктеринде калк жыш, тоолуу (түндүк) жана чөлдүү аймактарга сейрек отурукташкан. Калктын 70% и айылда жашайт (өлкөдө 600 миңден ашык айыл-кыштак бар). Шаар калкы 30%ти түзөт. Индияда калкы миллиондон ашкан 32 шаар бар. Ири шаарлары (2007): Мумбаи, калкы 13,1 млн (агломерациясы менен 20,4 млн); Дели, 11,5 млн (18,0 млн); Бангалор, 5,3 млн (6,3 млн); Калькутта, 4,6 млн (14,9 млн); Ченнаи, 4,4 млн (7,1 млн); Ахмадабад 3,8 млн (5,2 млн); Хайдарабад 3,7 млн (6,1 млн); Пуна 3,2 млн (4,9). Экономикалык активдүү калкы 500 млндон ашык (2006), анын 60%и айыл чарбанда, 17%и өнөр жайында, 23%и тейлөө чөйрөсүндө иштейт.

Археологиялык маалыматтарга караганда Индияда адам баласы таш доорунан эле жашай баштаган. Инд дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан элдер биздин заманга чейинки 3-миң жылдыктын 2-жарымы 2миң жылдыктын 1-жарымында жогорку деңгээлдеги Хараппа маданиятын түзгөн. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын орто ченинде Индияны арий уруулары каптап келе баштаган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта аймакта Куру, Панчала, Кошала, Таксила, Гандхара, Магадха сыяктуу бир катар кул ээлик мамлекеттер пайда болот. Андан ичкери Магадха айрыкча жогорулап, Маурья династиясынан чыккан Ашок падышанын тушунда (биздин заманга чейинки 268-232) ал бүткүл Индияны камтыган империянын борборуна айланган. Байыркы Индиянын калкы төрт сословиеге бөлүнгөн: брахмандар (дин кызматкерлери), кшатрийлер (жоокерлер), вайшийлер (эркин дыйкан, малчы, соодагер), шудралар (жалчы, кулдар). Булардын биринчи экөө артык укуктардан пайдаланган. Байыркы Индияда буддизм менен жайнизм дини үстөмдүк кылган. Алгачкы орто кылымда Индия бир нече мамлекетке бөлүнгөн. 12-кылымдын аягы 13-кылымдын башында түрк-афган башкаруучулары тарабынан Түштүк Индиянын каратылышы анда ислам дининин таралышына түрткү берген. 1398-ж. Тимурдун армиясы Дели султандыгын (1206-ж. түзүлгөн Индиядагы биринчи мусулман династиясы) каратып алган. Алар Дели шаарын талап-тоноп, кол өнөрчүлөрүн Самарканга алып кеткен. Ич ара келише албаган султандыктын башкаруучулары тактыга Кабулдан Закир-ад-дин Бабурду чакыртышкан. Бабурдун кыска мөөнөттүү бийлиги (1526-1530) Могол империясынын, Улуу Моголдор династиясынын башатын негиздеп кеткен. 16-кылымдарда Түндүк Индия Улуу Моголдор династиясынан чыккан Акбардын бийлигинде болот. Анын чөбүрөсү Аурангзеб (1658-1707) Түштүк Индияны каратат, бирок Могол империясы көп узабай ыдырай баштайт. 16кылымдарда португалдар, голланддар, англичандар, француздар Индиянын жээгиндеги бир катар стратегиялык таяныч пункттарын ээлеген. Европалык державалардын Индия үчүн күрөштөрү англиялык Ост-Индия компаниясынын жеңиши менен 18-кылымдын аягында аяктайт. 19-кылымдын орто ченинде Индияны Англия толугу менен каратып алат. Индия Англиянын соода рыногуна жана англиялык өнөр жайдын сырьё булагына айланат. 1885-ж. түзүлгөн Индия улуттук конгресс (ИУК) партиясы жергиликтүү өнөр жайыды өзү башкаруу жана коргоо талаптарын коёт. 1906-ж. Мусулман лигасы түзүлөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Индия менен Англиянын ортосунда карама-каршылыктар күчөп, 1947-ж. 15-августта Улуу Британия Индиянын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Индия диний принцип боюнча Индия Союзуна жана Пакистан болуп эки доминионго бөлүнөт. Бөлүнүү индустар менен мусулмандардын кагылышуусу менен коштолуп, натыйжада 1 млндон ашуун адам кырылат. Диний кагылышууларга каршы чыккан М. К. Ганди шовинистчил уюмдун өкүлү тарабынан өлтүрүлөт. ИУКтун лидери Ж. Неру Индиянын премьерминистри болот.

Индия өнөр жай, соодасы жана товардыкакча мамилеси өнүккөн агрардык-индустриялуу өлкө. Индиянын экономикасы жумушчу күчүнүн арзандыгы жана эмгектин жогорку маданияты менен өзгөчөлөнөт. Индиянын азыркы экономикасына көп укладдуулук мүнөздүү. Айыл чарбанда чакан чарбалар басымдуулук кылып, ал өз алдынча иштеген калктын 60%ин камтыйт; өнөр жайында 23% и иштейт. Өлкө азык-түлүк менен өзүн толук камсыз кылып, жылына 200 млн тдай дан эгинин өндүрөт. Ички ИДПдеги айыл чарбанын жана балыкчылыктын үлүшү 18,5% , тейлөө чөйрөсүнүкү (курулуш менен кошо) 55,1%, өнөр жайыныкы 26,4%. ИДПнин реалдуу өнүгүү темпи 2006-07-ж. 9,4%ти түзгөн (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда). ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Болжол менен 250-300 млн адамдын жашоо деңгээли өнүккөн капиталисттик өлкөнүн көрсөткүчүнө тең келет. Индия ИДПнин деңгээли боюнча дүйнөдөгү 6 ири өлкөнүн катарына кирет. Ошол эле учурда расмий маалымат боюнча кирешеси жакырчылык чегинен төмөн болгон калк 22%тейди түзөт.
 

Өнөр жай – Индиянын экономикасынын маанилүү жана өнүгүп жаткан сектору. Өнөр жай продукциясынын наркынын 79,3%и иштеп чыгаруучу, 10,5%и тоо-кен, 10,2%и электр-энергетика тармактарына туура келет. Иштеп чыгаруучу өнөр жайынын маанилүү тармактары: машина куруу жана металл иштетүү, химия, нефть-химия жана фармацевтика, кара жана түстүү металлургия, текстиль жана тамак-ашаары Энергияны пайдалануу структурасынын 54% ин көмүр, 32% ин нефть жана нефть продуктулары, 8%ин табигый газ, 5%ин суу энергиясы, 1%ин атом энергиясы түзөт. Индиянын экономикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалардын бири отун-энергетикалык ресурстардын таңкыстыгы. Көмүрдүн запасы 121,4 млрд т (Бихар, Мадхья-Прадеш, Батыш Бенгалия), жылына 430 млн т казылып алынат (2006-07). Нефть негизинен Араб деңизинин жана Бенгал булуңунун шельфтеринен казылып алынат (2006-07-ж. 34 млн Т), 112,6 млн т нефтини сырттан (негизинен Перс булуңунун жээгиндеги өлкөлөрдөн) сатып алат. Казылып алынган газ (31,6 млрд м3) ички керектөөнүн 1/2ине жакынын канааттандырат; газ кендери Араб деңизинин жана Бенгал булуңунун жээктеринде жана Ассам штатында. Электр станцияларынын аныкталган жалпы кубаттуулугу (2007) 128,6 миң МВт, андан ичкери ЖЭСке 84,4 миң, АЭСке 3,9 миң, ГЭСке 34,1 миң, энергиянын калыбына келүүчү булактарына (шамал, күн) 6,2 миң МВт туура келет. 2006-07-ж. 663,8 млрд кВт электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 79%и ЖЭСке, 17,6%и ГЭСке, 2,4%и АЭСке, 1%и башка (негизинен шамал) электр станцияларына таандык. Өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 2006-07-ж. 722,2 млрд кВт түзгөн. 7 АЭС иштейт. Кара металлургия өнөр жай темир (2006-ж. 99,4 млн т казылып алынган), хром (3255 миң т) жана марганец (1750 миң Т) рудаларынын негизинде иштейт. Түстүү металлургиянын маанилүү тармагы алюминий өнөр жай; Индия жогорку сапаттагы бокситке бай, ал Орисса, Гужарат, Жаркханд, Мадхья-Прадеш жана башкалар штаттарынан казылып алынат (13,1 млн т). Ошондой эле чопо (2700 миң г), жез (26,9 миң т), коргошун (255 миң т), цинк (440 миң т), титан рудалары, алтын (3200 кг) казылып алынат. Машина куруу өнөр жайдын башкы тармагы (өнөр жай продукциясынын наркынын 18,5%и), ал чарбанын түрдүү тармактары үчүн машиналардын жана жабдуулардын көп түрлөрүн чыгарат. Алардын негизги продукциялары: буу казаны, буу, газ жана гидравликалык турбиналар, буу жана дизель генераторлору, турбина-генераторлор, күн сүрөтэлектр курулмасы, шамал энергетикалык курулмасы, туруктуу токтогу жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүү системасы, насос, компрессор, трасформатор жана башкалар Машина куруу өнөр жайынын маанилүү тармагы станок куруу; мында металл иштетүүчү станоктор, автоматтык линия жана өндүрүштүк комплекстер үчүн атайын станоктор, түрдүү устакана-пресстөөчү, ширетүүчү, куюучу жабдуулар даярдалат. Транспорттук машина куруунун ири жана тез өнүгүп жаткан тармагы автомобиль өнөр жайынын ишканалары негизинен ички рыноктун муктаждыктарын канааттандырууга багытталып, автомобиль техникасынын дээрлик бардык түрүн, ошондой эле аларды комплекттөөчү тетиктерди, түйүндөрдү жана агрегаттарды чыгарат. Үч (моторикша, жүк ташуучу мини-машина) жана эки дөңгөлөктүү (мотоцикл, мотороллёр же скутер, мопед, ошондой эле велосипед) транспорт каражаттарын чыгаруу өнүккөн. Трактор чыгаруу (2006; 270 миң) боюнча дүйнөдө АКШ менен Кытайдан кийинки 3-орунду ээлейт. Темир жол локомотивдерин, аларга тетиктерди жана агрегаттарды, электровоздорду жана пассажир ташуучу электр поезддерин чыгарат. Авиаракета-космостук өнөр жай машина куруунун эң татаал жана илим сыйымдуу тармагы. Анда самолёт, вертолёт, авиакыймылдаткычтар, ракета даярдалат. Үч космодрому (Андхра-Прадеш, Керала, Орисса штаттарында) бар. Кеме куруу транспорттук машина куруунун өнүккөн тармагы. Анда ири деңиз кемелери, дарыя кемелери, баржа, балык уулоочу траулер, танкер, жүк ташуучу кеме даярдалат. Мамлекеттик ири верфтери Кочин, Вишакхапатнам, Мумбаи, Васко-да Гама шаарында жайгашып, аларда бүт кеме түрлөрү, андан ичкери аскер кемелери, ракеталуу крейсерлер ремонттолуп, жабдылат. Химия тармагы өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 15%ин түзүп, анда түстүү пигменттер жана боёктор, көмүртек көөсү, пластиктер жана пластик буюмдар, жасалма жана синтездик булалар, кир кетирүүчү каражаттар, косметика товарлары, пестициддер, жарылгыч заттар, пиротехникалык буюмдар жана башкалар чыгарылат. Нефть-химия өнөр жай пластмасса, синтездик була, синтездик каучук, резина буюмдарын (андан ичкери шина), лакбоёк продукцияларын жана башкалар чыгаруучу ишканалардан турат. Минералдык жер семирткичтер арбын (2005-06-ж. 35 млн г) чыгарылат. Индиянын фармацевтика өнөр жай өдүрүшүнүн көлөмү (дүйнөлүк өндүрүштүн 8%и), ошондой эле ишканаларынын технологиялык деңгээли боюнча өлкөдө алдыңкы абалды ээлеп, фармацевтикалык бирикмелердин 300гө жакын түрүн, даяр дары-дармектин (антибиотиктер, антибактериялык дарылар, вакциналар, гормондор, өсүмдүк дарылары жана башкалар) 20 миңдей аталышын чыгарат. Индиянын дары-дармектери дүйнөлүк рынокто жетишерлик сапаттуулугу жана арзандыгы менен бааланат. Алмазга кыр чыгаруу жана зер буюмдарын жасоо Индиянын салт болуп калган тармагы. Башкы зергерчилик борборлору: Сурат, Жайпур. Курулуш материалдар өнөр жайында цемент, слюда (дүйнөлүк рынокко да чыгарат) өндүрүштөрү алдыңкы орунда. Жеңил өнөр жайынын башкы тармактары: кездеме жана даяр кийим өндүрүштөрү (өнөр жай продукциясынын наркынын 1/5и). Индия кебез кездеме чыгаруу (200506-ж. 50 млрд м2) жана андан кийим тигүү боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт. Текстиль жана тигүү өнөр жай ИДПнин 8%ин жана өлкөнүн товардык экспорт наркынын 15%ин камсыз кылат. Анын сырьёсу катары накта (пахта, зыгыр, жут, жибек, жүн), ошондой эле жасалма була (полиэстер, вискоза, нейлон, акрил жана башкалар) пайдаланылат. Индия жибек өндүрүү боюнча дүйнөдө 2-орунда (Кытайдан кийин). Тамак-аш өнөр жайынын башкы тармагы кант өндүрүшү (бал камыштан); ошондой эле сүт, жашылча жана жемиш, дан, эт, балык, кофе данын, чай жалбырагын иштетүү, даяр азыктүлүк, чалафабрикат, таза суу өндүрүштөрү. Индиянын улуттук экономикасынын өнүгүүсүндө мамлекеттик сектордун мааниси зор. Мамлекеттик сектордо нефтини казып алуу жана кайра иштетүү, таш көмүр казып алуу, электр энергиясын жана болот өндүрүү ишканаларынын үлүшү зор. Мамлекеттик сектор негизинен коргоо өнөр жайында, атом энергетикасында, темир жол, авиация жана деңиз транспортторунда, байланышта үстөмдүк кылат. Жеке сектор машина куруу өнөр жайында, айыл чарбада, жеңил, тамак-аш, медицина өнөр жайыларында, курулушта, соодада, автомобиль транспортунда басымдуу. ИДПде айыл чарбанын жана ага байланыштуу тармактардын үлүшү зор (1/3и). Айыл чарбанда өлкөнүн жумушчу күчүнүн 2/3ге жакыны иштейт. Индия көз карандысыздыкты алгандан кийин, 30 жыл бою АКШдан жылына 12-15 млн тга чейин буудай сатып алып турган. Айдоо жерлердин күрдүүлүгүн жакшыртуу боюнча программага ылайык, жогорку сорттогу үрөндү кеңири пайдалануунун жана айыл чарба өндүрүшүн жакшы каржылоонун натыйжасында 1970-жылдардан баштап сырттан буудай сатып албай калды. Өлкөнүн аймагынын 51,6%и иштетилет: анын 48,8%и айдоо жер, 2,8%и көп жылдык өсүмдүктөр. Индия байыркы ирригация өлкөсү; сугат жеринин аянты (55,8 млн га) боюнча дүйнөдө 1-орунда. Сугат жердин 60%тен ашыгы кудуктардан (электр насостору аркылуу), 30%тейи мамлекеттик ирригациялык каналдардан, калган жерлери чакан жасалма көлмөлөрдөн сугарылат. Дыйканчылык (айдоо жердин 60-70%и) Инд-Ганг түздүгүндө жана Годавари, Кришна, Кавери дарыясынын дельталарында жана өлкөнүн океан жак чыгыш жээктериндеги түздүктөрдө өнүккөн. Айыл чарбанын башкы тармагы өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн агроклиматтык шарты жыл бою дыйканчылык жүргүзүүгө шарт түзөт; бирок кургакчыл мезгилде нымдын жетишсиздигинен айдоо жердин 1/3ине жакыны гана кайра эгилгендиктен (45-50 млн га), эгин жыйноонун жалпы аянты 190 млн ганы гана түзүп калат. Индияда 2 айыл чарба сезону болот: 1) жайкы жаанчыл негизги сезон (хариф; майдын аягы, июндун башы сентябрьноябрь), мында түшүмдүн негизги бөлүгү жыйналат; 2) кургакчыл кышкы сезон (раби; октябрьноябрь март-апрель). Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (айдоо аянтынын 1/4инен көбүн ээлейт, эң нымдуу аймактарда өстүрүлөт, 2006-07-ж. 87 млн т күрүч жыйналган; дүң жыйымы боюнча Кытайдан кийинки 2-орунда), буудай (айдоо аянтынын 1/8и; 70 млн т жыйналат; дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), жүгөрү (15 млн т ), таруу (жовар, бажра, раги жана башкалар, көбүнчө Декан бөксө тоосунун ички аймактарында); бардык жеринде чанактуулар (кой буурчак, грэм, тур жана башкалар) жана май алынуучу өсүмдүктөр (28 млн т жер жаңгак, клещевина, сары кычы, рапс жана башкалар) өстүрүлөт. Бал камыш (278 млн т жашыл масса жыйналган, Бразилиядан кийинки 2-орунда; Түндүк Индияда), жер жаңгак (негизинен Түштүк Индияда) жана чай (Брахмапутранын өрөөнүндөгү жана Чыгыш Гималайдын этегиндеги плантациялардан жыйналат), ошондой эле жут (2/4 бөлүгүн Батыш Бенгалия берет), клещевина (Түштүк Индия), пахта (негизги аймактары Батыш Индиядагы Декан траппы жана Пенжаб; аянты боюнча дүйнөдө 1-орунда; 3,3 млн т жыйналган) өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда. Түштүк Индияда чай, кофе, каучук, кокос пальмасы, татымалдар (калемпир, имбирь, кардамон жана башка) өстүрүлөт. 2000-ж. 240 млнго жакын бодо мал (андан ичкери 90 млну буйвол; саны боюнча дүйнөдө 1- орунда; негизинен унаа катары пайдаланылат), 123 млн эчки жана 58 млн кой, ошондой эле 12 млн чочко, 142 млн төө (дүйнөдөгү малдардын 1/5и), 200 млн үй кушу асыралат. Деңиз жээгиндеги аймактарда балык кармалат; балык кармоонун өлчөмү боюнча (6,6 млн т , андан ичкери деңиз балыктары 3, 8 млн т ) дүйнөдөгү 5 алдыңкы өлкөнүн катарына кирет. Ошондой эле краб, креветка, мидия, устрица жана башкалар кармалат, бермет алынат. Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары маалымат технологиясы, каржылоо, соода, транспорт, байланыш жана телекоммуникация жана туризм индустриясы. 21-кылымдын башында маалымат технологиясы секторунда ИДПнин 5,4%ин түзүп, анда 1,63 адам иштеген (2006-07). Бул сектордун башкы сегменти программалык камсыздоо өндүрүшү, ал негизинен экспортко багытталган. Банк-финансы секторундагы маанилүү орун банк-кредиттик мекемелердин мамлекеттик жана мамлекеттик-кооперациялык системасына таандык. Мамлекеттик коммерциялык 28 банк иштейт (ага өлкөнүн бүт коммерциялык банктарынын бөлүмдөрүнүн, аманаттарынын жана кредиттеринин 80%тен ашыгы таандык. Алардын алдында айылдык 196 туунду банк иштеп, айыл калкын кредит менен камсыз кылат. Мамлекеттик сектор өнөр жайыды узак мөөнөткө каржылоо системасында дээрлик монополиялык кылат. Чет элдик туризм өнүгүүдө; 2005-06-ж. Индияга 3,5 млндон ашык турист келген; анын 14%и АКШдан, 13,6%и Улуу Британиядан, 4%и Шри-Ланкадан, 3,8%и Франциядан, 3,5%и Канададан, 2,9%и Германиядан, 2,9%и Япониядан келгендер. Туризмден түшкөн киреше 6 млрд долларды түздү. Ички туризм да өтө өнүккөн: өлкө боюнча жылына 367,6 млн индиялыктар саякатка чыгат. Туризмдин негизги түрлөрү: диний зыяратка баруу, маданий-таанып билүү (туристтер көп келген шаарлары: Мумбаи, Калькутта, Дели, Бангалор, Ченнаи), дарылоочу-ден соолук чыңдоочу (Гоа, Керала, Карнатака, Махараштра штаттарындагы деңиз курорттору; Даржилинг тоо-климаттык курорту жана башкалар), спорттук (альпинизм, Гималайдын тоо дарыяларындагы рафтинг; Гималайдын этек тоолорундагы тоо-лыжа борборлору; суу спортунун түрлөрү, андан ичкери Гоадагы дейвинг), экологиялык (өлкөнүн улуттук парктарына баруу) жана башкалар. Автомобиль жолунун узундугу боюнча дүйнөдө 2-(АКШдан кийин), темир жол боюнча 4-орунда (АКШ, Россия, Кытайдан кийин). Бирок, Индиянын транспорттук системасы техникалык жактан анча өнүккөн эмес, транспорт ылдамдыгы чектелүү. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 3320 миң км (2007), андан ичкери шоссе жолунуку 66,6 миң км (жогорку ылдамдык автомагистралыныкы 4,9 миң км, көп бөлүгүндө акча төлөнөт), штаттардын жолу 128 миң км, округдардын башкы жолдору 470 миң км, айыл жана башкалар жолдору 2650 миң км. Темир жол тармагынын жалпы узундугу 63,46 миң км (2007); анын 17,81 миң кми электрлештирилген. Индия темир жол аркылуу Пакистан, Бангладеш, Непал менен да байланышат. Сыртка жүк ташууда деңиз транспортунун мааниси зор (Азияда 2орунда). 12 ири, 180 орто жана чакан деңиз порту, пристандары бар. Кеме жүрүүчү дарыялардын жана каналдардын жалпы узундугу 14,5 миң км; ири кеме жүрүүчү дарыя жолдорунун узундугу 5,2 миң км, каналдарыныкы 485 км. Расмий эл аралык жана 85 ички аэропорту бар. Эл аралык ири аэропорттору Мумбаи, Дели, Ченнаи, Бангалор, Калькутта, Хайдарабад шаарында жайгашкан. Нефть куурунун узундугу 6500 км, нефть продуктусун өткөрүүчү куурдуку 6152 км, газ куурунуку 5184 км. Калькутта, Дели, Бангалор шаарында метрополитен иштейт. Сырткы соода таңкыстыгын толуктоодо тейлөө кызматын экспорттоодон түшкөн жана чет өлкөлөрдө иштеген индиялыктар жиберген кирешенин (24,5 млрд доллар, 2006) мааниси зор. Экспорттук товарлары: машина, жабдуу, асыл таштар, даяр зер буюмдары, нефть продукциясы, химия жана фармацевтика продукциялары, булгаары, булгаары жана текстиль буюмдары, темир кенташы жана башкалар кенташтар жана минералдар, күрүч, чай, татымалдар, кофе жана башкалар Импорттук товарлары: отун (нефть, жана нефть продукциясы, көмүр), машина жана жабдуулар, компьютер техникасы жана башкалар электроника продукциялары, чоюн, болот, металл сыныктары, түстүү металлдар жана куймалар, алтын, күмүш, асыл таштар жана бермет, химиялык продукциялар, жер семирткич, өсүмдүк майы жана башкалар Негизги соода шериктери: АКШ, Кытай, Бириккен Араб Эмирликтери, Сингапур, Улуу Британия, Гонконг, Германия, Бельгия, Италия, Япония, Швейцария, Австралия, Түштүк Корея.

Индиянын билим берүү мекемелерине Билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүү «Билим берүүдөгү улуттук саясат» (1986), «Аракет программасы» (1986) жана алардын жаңыртылган варианты (1992) менен жөнгө салынат. И-нын билим берүү системасы 1983-жылдан мектепке чейинки билим берүү, баштапкы, толук эмес орто, кесиптик-техникалык билимге даярдоо, ЖОЖдо билим берүүнү камтыйт. Мектепте 15 жашка чейинки балдар үчүн билим берүү милдеттүү жана акысыз. Ири шаарларда бала бакчалар, кенже балдар үчүн мектептер, ошондой эле мектепке даярдоочу топтор бар. Мектепке чейинки билим берүү 36%ти, баштапкы 90%ти, орто 54%ти түзөт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 61% (2004). Өлкөдө жогорку билим берүү бир кыйла ийгиликтерге жетишти. 1950-ж. 25 университет, 700 коллеж болсо, 2006-ж. 240 университет жана 10 000 коллеж болгон. ЖОЖдордо 4 млндон ашуун адам билим алган. Жогорку билимдүү адистердин саны боюнча Индия дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Өлкөдө сабаттуулар орто эсеп менен 62%ти түзөт. Негизги университеттери: Калькутта университети (1857; 13 кампус, 200дөн ашуун коллежи, искусство музейи, обсерваториясы бар), Ченнай, (1857) Дели (1922), Раджастхан (1947), Ж. Неру (1969) жана башкалар университеттери, Ири ЖОЖдору: Индия айыл чарба изилдөө инту (1905), Долбоорлоо жана архитектура мектеби (1955), Индия технологиялык институту (1961) жана башкалар. 2006-жылкы маалыматтар боюнча, Индияда 62550 басылма 142 млндон ашык нускада, 81 тилде (хинди, англис, бенгали, маратхи, урду, гуджарати жана башкалар) жарык көрөт. Хинди тилинде «Нав бхарат таймс», «Хиндустан», урду тилинде «Наи дуния», «Милап», англис тилинде «Таймс оф Индиа», «Индиан экспресс», «Хиндустан таймс» гезиттери чыгат. «Акашвани» радиосу, «Дурдаршан» телекөрсөтүүсү өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Индия – терең тарыхы бар, маданияты бай өлкө. Биздин заманга чейинки 3-кылымдарда эле Инд өрөөнүндө сугат каналдары, суу жүргүч системалар, бышкан кыштан салынган имараттар болгон. Илим тажрыйбасы жөнүндөгү маалыматтар Ведалар деп аталган булактарда кездешет. Аларда дыйканчылыкта жер семирткич, ар кандай курал-жарак жасоодо темир колдонулганы, металл иштетүү, оорулардын түрлөрү, алардын белгилери, дары чөптөр жөнүндө маалыматтар бар. Инди маданияты Маурьялар династиясы бийлеген мезгилден (биздин заманга чейинки 4-2-к.) биздин замандын 8-кылымына чейин гүлдөп өнүккөн. Бул мезгилде грамматика, медицина, математика, астрономия жана башкалар тармактар боюнча тажрыйба топтолгон. Илимге эсептөөнүн ондук системасын ошол кездеги инди илимпоздору киргизген. Физика менен химия боёк, дарыдармек даярдоодо жана башкалар колдонулган. Медицинада да чоң ийгиликтер жаралган: дарыгерлер көз катарактасын алып таштаганды, баш сөөктү көзөп операция кылганды, баланы операция жолу менен алганды билген. Илим Акбардын (1556-1605) тушунда да жакшы өнүгүп, Дели, Жайпур жана башкалар шаарларда обсерваториялар салынган. 18-кылымдын орто ченинен өлкөнү европалыктардын колониялай башташы илимдин өнүгүшүнө кедерги болгон. Бирок Индия илимине Индияда жашаган У. Жонс, Т. Олдем, У. Блэнфорд жана башкалар англис илимпоздору да көп эмгек сиңирген. 19-кылымдын аяк ченинде индиялык тунгуч илимпоздор математиктер, физиктер, геометрия боюнча адис аралы Мукержи, физик, биофизик Ж. Ч. Бос чыккан. 20-кылымдын 1-жарымында математик С. Раманужан, Нобель сыйлыгынын лауреаты физик Ч. В. Ра, кванттык статистиканы баштоочулардын бири Ш. Бозе, физик теоретик X. Баба жана башкалар илимге жаңылыктарды киргизишкен.

Индиянын философия, адабият жана искусство жаатындагы жетишкендиктери биздин заманга чейинки 15-10-кылымдан ушул күнгө чейин сакталып келе жатат. Алар адамзаттын эң байыркы маданияты нын мезгилинде пайда болгон. 3000 жыл илгери Ведалар байыркы индо тилиндеги байыркы тексттер, биздин заманга чейинки 6-5-кылымдарда «Махабхарата» жана «Рамаяна» эпостору жаралган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта пали, пракрит адабияты, биздин заманга чейинки 4-3-кылымдарда байыркы тамил адабияты пайда болгон. Оанскрит тилинде «Панчатантра» элдик жомоктор жыйнагы түзүлгөн. Тируваллувардын «Тирукурал» учкул сөздөр китеби байыркы тамил адабиятынын эң мыкты чыгармасы. Анда даанышман башкаруучунун образы чагылдырылган. Өлкөдө исламдын таралышы фарс тилиндеги инди адабиятынын (Амир Хосров Дехлеви, 1253-1325; Мирза Бедил, 16441721 жана башкалар) түзүлүшүн шарттаган. 19-20-к. адабияты өлкөдө болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү чагылдырган. Китеп басуунун пайда болушу, жазуусу жок элдердин жазууга ээ болушу бул тилдерде адабияттын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бенгал акыны Р. Тагор Азияда биринчи жолу Нобель сыйлыгын алган (1913). Индияда улуттук тилдердин адабияты менен бирге англис тилиндеги адабият да өнүккөн. Индия архитектурасынын тарыхы байыркы Хараппа цивилизациясына тиешелүү Сангхол жана Лотхал шаарынын архитектурасынан башталат. Биздин заманга чейинки 4-2-кылымдарда Маурья мамлекетинде санжыргалуу сарай имараттары салынган. 13-кылымдан Дели султандыгында архитектура геометриялык тактыкка жетишкен; жебе сымал арка жасоо, тегиздикке хром менен оймо-чийме салуу өнөрү өөрчүгөн. Мусулман мечиттери, кумпалуу күмбөздөр, мунаралар салынган. Улуу Моголдор мамлекетинин тушунда (1617-к.) Агар, Дели шаарынын чептери, мечиттер, Таж-Махал ак мрамор күмбөзү жана башкалар курулган. Колониялык бийликтин мезгилинде (18-к.-1947) Бомбей, Калькутта, Дели шаарында европалык типтеги имараттар пайда болгон. О. кылымдарда Индияда миниатюра живописи өнүккөн. 19-20-кылымдын чегинде башында аралы Тагор жана искусство таануучу Э. Б. Хавелл турган индиялык сүрөтчүлөр жаңы агымга Бенгал кайра жаралуусуна негиз салышкан. Бул агым Индия искусствосунун андан ары өнүгүшүнө күчтүү таасир тийгизген. Индия музыкасына импровизация мүнөздүү. Кайсы гана аспаптык жана вокалдык чыгарма болбосун ыргактуу салттык үн айкалыш раганын негизинде импровизацияланат. Улуттук негизги аспаптары: вина, сестар, тамбура (чертме), равнстр, саранги, сареида (кыл кыяк түрү), табля, баниа (урма). 50-жылдарда музыка, бий жана драма академиясы (1953), Бүткүл индиялык радионун улуттук оркестри (1952), Дели, Бомбей шаарында радио борборлорунда хор коллективдери түзүлгөн. Театр оюндары байыртан эле пайда болгон. Элдик театр оюндарынын көбүнүн өзөгүн «Рамаяна» жана «Махабхарата» түзгөн. Индия театр спектаклдеринде сюжет оюн аркылуу гана туюндурулбай, аткаруучунун декламация, бий, пантомима, акробатика аркылуу да берилет. 20кылымдын 40-жылдарында театр өнөрү өркүндөгөн жана 1953-ж. Индия искусство борбору негизделген.

Индия көркөм фильмдерди тартуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Фильм тартуу иши 1913-жылдан эле башталган. Р. Капурдун «Селсаяк» фильминде элдин турмушу реалдуу чагылдырылып, касталык көз караш сынга алынган. 1950-жылдардын экинчи жарымынан режиссёр Сатьяджит Рей Индия киносун дүйнөгө тааныткан («Жол ыры», 1955, Каннадагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; «Багынбаган», 1956, Венециядагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башкалар). Индия киносунун жүрүшүнө Ш. Бенегал («Түндүн акыры», 1975; «Базар аянты», 1983), аралы Гопалакришнан («Бетме бет», 1984; «Дубалдар», 1990), Р. Гхош («19-апрель», 1994), М. Наяр режиссер «Жамгыр маалындагы үйлөнүү тою», 2001) жана башкалар чоң салым кошушкан. Голливуд киноиндустриясы жана 9 кино өндүрүш борбору иштейт. Эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.




#Article 112: Хадис (602 words)


Хадистерди колдонуу Мухаммед пайгамбардын убагында эле башталган. Ар бир хадис бири-бирине айтып жеткирген адамдардын үзгүлтүксүз чынжырчасынан - иснаддан турушу керек. Башкача айтканда жеткирүүгө катышкан, эң биринчи уккан адамдан баштап бардык инсандардын тизмеси. Бирок хадистин шексиздиги, ырас экендиги (чын эле пайгамбар ушинтип айтканбы, же башка адамдар ойлоп чыгарганбы) үчүн үзгүлтүксүз иснад зарыл болгону менен, хадисти чындыкка чыгаруу үчүн жетишсиз болгон. Жеткирүүчүлөрдүн толук тизмеси түзүлгөн соң, айтып берген адамдардын өмүр баяны изилденген. Эгер, кайсы бир айтып берүүчүнүн начар эс-тутуму, психикалык жактан токтоо эместиги, же жөн гана чынчыл эместиги билинсе, анда ал адам – начар жеткирүүчү катары саналып, айтылган хадис шектүү болуп саналган. Хадистер аныгы жагынан шексиз (сахих), жакшы (хасан), начар, шектүү жана ойлоп чыгарылган (башка адам атайы ойлоп чыгарып, пайгамбар айткан деп жайылтуу, калп) болуп бөлүнгөн. 
Хадистер жөн гана насаат болуп тим болбойт. Мухаммед пайгамбар, ким пайгамбар айтпаганды айтты деп жалаа жаап, пайгамбардын атынан айтса ал тозоктон орун алат деп айткан. Пайгамбардын бул сөзү кудайга баш ийүүчүлөргө катуу таасир эткен. Хадистердин маңызы -  Куранда жазылгандарды кененирээк, түшүнүктүүрөк кылып ачып берүү. Мисалы, Куранда намаз окуу буйрулган. Ал эми хадис намазды кандайча окуу керектигин түшүндүрөт. 
Мухаммед пайгамбардын сахабаларыны бири Абу Хурайра 5354 хадис айтып берген.
 
Белгилүү, беделдүү хадис жыйноочулардын бири – имам Мухаммад ибн Исмаил аль-Бухари (810—870). Ал 700 миңдин тегерегинде хадис жыйнап, алардын 7400 гана «аль-Джами' ас-Сахих» жыйнагына киргизген. Бул бардык хадистердин 1% ашыгыраагын гана түзөт. Ал эми калган хадистерин шектүү же начар хадис деп санаган. 
Эң көлөмдүү жыйнактардын бири 40 миң хадис камтыган имам Ахмад ибн Ханбалдын «аль-Муснад» жыйнагы (Ибн Ханбал 1 миллионго жакын хадис жыйнаган). 

Ислам дин илиминде хадистерди изилдөө менен - хадис таануу илими («усуль аль-хадис») алектенет.

Хадис эки бөлүктөн турат: иснад (санад) жана матн.

Исна́д () — Мухаммед пайгамбардын сүйлөгөн сөзүн, кылган ишин, туура көрүп, жактырган ишин бири-бирине айтып жеткирген адамдардын чынжырчасы.  Иснад пайгамбардан же сахабадан же табьинден баштап хадис жыйноочу аалымга чейин хадис жеткирүүгө катышкан адамдардан түзүлөт.Иснаддын башталышы бул бизге жакыныраагы, ал эми аягы - пайгамбарга жакын бөлүгү.  Иснадда айтылган адам равий деп аталат. Иснад —бул хадис жеткирүүгө катышкан бардык равийлердин атынын аталышы. Хадистин бир равийден экинчи равийге берилиши  - риваят, ал эми берилген хадис - марвий деп аталат. 

Матн () —  бул Мухаммед пайгамбар эмнени айтканын, эмнени кылганын, же туура көргөнүн айтылышы. Матн хадистин негизги бөлүгү болуп саналат. Матниснаддан кийин келет. Негизи хадистин маңызы бул – матн.Иснад болсо матнпайгамбарга же сахабага тиешелүү экендигин ырастайт. 

Биринчи хадис жыйнагы хижранын экинчи кылымында жашаган имам Малик ибнАббастынМуватта китеби болгон.  Хижранын үчүнчү кылымында аль-Бухари (хижрадан кийинки 194—256 жж.), Муслим (хижрадан кийинки 202—261 жж.), АбуДауд (хижрадан кийинки 202—275 жж.), Ат-Тирмизи (хижрадан кийинки 279 жылы каза болгон), Ан-Насайи (хижрадан кийинки 215—303 жж.), Ибн Маджи (хижрадан кийинки 209—273 жж.) сыяктуу имамдардын шексиз хадистерден турган жыйнактары чыга баштаган. Эң эле кадыр-барктуу сунниттик хадис жыйнактары булар:

Биринчи хадис жыйнагы – Муватта–  имам Малик ибн Анас аркылуу жыйналган. Имам Малик ибнАнас Медина шаарында туулуп-өскөн (хижранын 93—179 жж.), көрүнүктүү аалым болгон. Бул китеп Маликтин Муваттасы деген атка ээ болгон. Анда имам иснаддарды кеңири берип, хадистерди темаларга жараша бөлгөн. Муватта ислам юриспруденциясы  боюнча справочник болуу менен катар, ошондой эле хадистер боюнча алгачкы илимий эмгек да болуп саналат. Бул китепте имам Малик ар бир хадистин алдында иснад берет, башкача айтканда хадисти жеткирүүгө катышкан адамдардын чынжырчасын кеңири берет. Кээ бир учурларда иснад пайгамбардын өзүнө чейин жеткен болсо, кээде сахабаларга чейин жеткен.  Бул китеп хадистерди гана эмес ислам укук таануусу боюнча маалыматтарды да камтыгандыктан, кээ бир маселелер боюнча имам Маликтин өз оюн жолуктурууга да болот.

Хадис аль-Кудсинин (аль-Ахадись аль-'Кудсийа) башка хадистерден өзгөчөлүгү, бул хадистерде түздөн-түз Аллахтын буйруктары Мухаммед пайгамбар тарабынан баяндалат.  Аль-Каринин айтканы боюнча, бул хадистерди дааратсыз деле окууга болот, жана алар намаз, дубаларда колдонулбайт.Мындай хадистердин саны көп эмес, ошондуктан мазмуну боюнча бөлүп коюшат:
	




#Article 113: Нарын (шаар) (204 words)


Нарын (байыркы кыргызча: 𐰣𐰀𐰺𐰃𐰣)— Кыргызстандагы шаар, ошондой эле Нарын облусунун жана Нарын районунун акимий борбору 

Калкы — 38 800 адам ().  Шаардын жалпы аянты — 40,5 км².

Нарын шаарынын аймагы - тээ байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашаган жер. Мында Ала-Тоо археологиялык эстелик жайларында байыркы кишилердин калтырган таш куралдары табылган.

Шаар Сыр-Дарыя дарыясына башат болгон Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан.
Климаты - континенталдык.

Шаарда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштеп чыгуу менен байланышкан бир катар чакан ишканалар (эт комбинаты, сүт комбинаты), электр тармагын тейлөө мекемелери бар.

Нарын шаарындагы «Жамал» торт кондитердик ишканасы 2003-жылы ачылып, иш үч киши менен башталган. Учурда бул ишканада 15 адам иштеп жатат. Жабдыктар Корея жана Орусиядан алынып келинип, таттуу азыктардын 35 түрү европалык жана мурдагы кеңештик технология менен жасалат.

Нарын шаарынын негизги унаа каражаты - автомобиль транспорту. Шаарда автобус, троллейбус жана таксилер жүрүп турат.

Шаардын чыгышында 5 чакырымдай алыстыкта Нарын аба майданы жайгашкан.

Шаарда Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын колледжи, Борбордук Азия Университети жана башка да бир катар окуу жайлар, мектептер жайгашкан.

Нарын областтык музыкалык драма театры өлкөдөгү даңазалуу театр чордондорунун бири.

Нарын шаарында мурдагы өлкө башчылары Аскар Акаев, Роза Отунбаева, эл акыны Эсенгул Ибраев, академик Үсөн Асанов, ж.б. таалим алышкан. Жумамүдүн Шералиев, Муратбек Рыскулбековдор Нарын шаарында жашап, эмгектенишкен

Салкын-тор

 




#Article 114: Кээ бир булгоочу заттардын касиеттери (403 words)


Винилхлорид
Булактары: 
Винилхлориддин (ВХ) эмиссияларын атмосферага чыгаруучу негизги булактар болуп винилхлоридди өндүрүү, поливинилхлоридди (ПВХ) жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү болуп эсептелет. АКШ да катталган кээ бир винилхлорид эмиссиялардын булактары муниципалдык таштандыларды чогултуучу жерлер болгон.
Атмосфера: Батыш Европада винилхлориддин фондук концентрациялары орточо 0,1-0,5 мкг/м3 деп алынат. Ал колдонулуп жаткан эң жакшы методдордун (хромато-масс-спектрометрия) аныктоо чегинен (0,8 мкг/м3) төмөн болуп эсептелет. ВХ жана ПВХ өндүрүүчү заводдордун жанында ВХдин абадагы орточо суткалык концентрациясы 100 мкг/м3дан жогору болушу мүмкүн, бирок заводдон 1 км аралыкта ал көрсөткүч 10 мкг/м3дан да төмөндөп кетет.

Суу: Винилхлорид жогорку учуу жана реакция жөндөмдөрүнө ээ болгондуктан, ал сууда аз концентрацияда кармалат. Ичүү суудагы өлчөнүп аныкталган винилхлориддин эң жогорку концентрациясы (1,7 мкг/дм3), мономердин поливинилхлорид суу түтүктөрүнөн суунун курамына кошулуусу менен түшүндүрүлөт.

Концентрацияларды эсептөө коэффициенттери:

Организмге келип түшүү жолдору: ВХ организмге негизинен ингаляциялык жол менен келип түшөт. Ал эми булактардан негизгилерден болуп өнөр-жай булактары эсептелет. ВХ же ПВХ өндүрүүчү өнөр-жайлардын айланасындагы 5 километрдик зонада жашаган адамдарга ВХ концентрациясы башка калкка караганда 10-100 эсе көп таасир этет.

Ден-соолукка тийгизген таасири: ВХдин жогорку концентрацияларынын токсикалык эффекттери анын профессионалдык контакт шарттарында таасир этүүсүндө байкалат. ПВХ өндүргөн заводдордун жанында жашагандар үчүн жаңы төрөлгөн жана жаш балдардын туура эмес өрчүү коркунучу жогору болот. Борбордук нерв системасы өзгөчө сезгич келет. ВХдин адам үчүн канцерогендүү экендиги аныкталган. 

Булактары:
Электро техника, авиациялык, химиялык, нефти иштетүү өнөр-жайлары, машина куруу, курулуш, оптика, ракеталык жана атомдук техника.

Жаратылышта кездешүүсү: Алюминий, жер кыртышынын курамында кармалышы боюнча кычкылтек менен кремнийден кийин үчүнчү орунду ээлейт, жана анын 8,8%ын түзөт. Топуракта алюминий 150-600 мг/кг өлчөмдө, шаарлардын абасында 10 мкг/м3га жакын өлчөмдө, айыл жергесинде болсо, 0,5 мкг/м3 өлчөмдө кезигет. Ал топуракта кычкылдануу жолу менен чогулат. Агым сууларда алюминийдин өлчөмү 2,5-121 мкг/дм3ду түзөт. Көлмөлөр кычкылданганда алюминийдин эрибеген формалары эриген формаларга өтөт, ошондуктан анын суудагы концентрациясы кескин жогорулайт.

Организмге келип түшүү жолдору: Алюминийдин организмге келип түшүүсүнүн негизги булактары: тамак-аш, суу, аба, дары-дармектер, алюминий идиш (термикалык иштетүүдөн кийин алюминий идиштеги тамакта алюминийдин өлчөмү эки эсе жогорулайт), дезодоранттар ж.б. Чоң кишинин алюминийди бир суткалык керектөөсү – 35-49 мг түзөт. Алюминийдин суткалык аралаш рациондогу жалпы кармалышы 80 мг түзөт.
Ден-соолукка тийгизген таасири: Алюминийдин токсикалуулугу анын зат алмашууга тийгизген таасиринде байкалат. Өзгөчө минералдык алюминий нерв системасынын клеткаларынын өсүү жана көбөйүү функциясына тийгизген таасиринде байкалат. Алюминий туздарынын көбөйүшү кальцийдин организмде топтолуусун, фосфордун адсорбциясын азайтат. Ошол эле убакта сөөктөрдө, боордо, уруктуктарда, мээде жана калкан безде алюминийдин кармалышы 10-20 эсе жогорулайт. Алюминийдин нейротоксикалык таасиринин эң маанилүү клиникалык көрүнүштөрү: Кыймыл-аракет активдүүлүгүнүн бузулуусу, булчуңдардын түйүлүп калышы, эсти жоготуу жана унутчаактык, психопаттык реакциялар.




#Article 115: Айлана чөйрөнү коргоо (605 words)


Айлана чөйрөнү коргоо – бул ар кандай илим бутактарынын изилдөөлөрүн, жетишкендиктерин колдонуп жаратылышты булгабай, аны баштапкы абалындай таза сактоо аракетинде жасалган иш-чаралар системасы.

Канализация – айлана-чөйрөнү коргоодо чоң мааниге ээ. Анткени адам тарабынан булганган суунун чоң бөлүгү канализация системасында тазаланат. Биз мисал катарында Бишкек шаарынын канализация системасын карап көрөлү.

 
Бул жерде чөккөн чөкмөнү чуңкурга чогултуп келип аны түтүктүн жардамы менен сордуруп алышат.

 
Суунун түбүнө чөккөн чөкмөлөрдү кыргычтар тазалайт. Алардын оозу айланган тарапты караган үчүн чөкмөлөр өз агымы менен агып чыгат. Ал эми үстүнө калкып чыккан таштанды, эрибеген кошулмаларды калпыгычтар чогултат.

 

 

Сугат дыйканчылык системасы – бул топурактын түшүм берүүчүлүгүн жогорулатууга багытталган агротехникалык жана уюштуруу-чарбалык чаралар. Агротехникалык комплексте сугаруу чоң мааниге ээ. Ошол эле убакта сугат – сугарылуучу жерлерде өсүмдүк өстүрүү менен байланыштуу болгон айыл чарба иштеринин комплексиндеги эң олуттуу жана эмгекти көп талап кылуучу агротехникалык ыкмалардын бири. Бирок азыркы учурда фермердик чарбаларда колдонулуп жаткан сугат техникасы жана технологиясы жаман акыбалда жана көп учурда берилген жердин жаратылыш шарттарына жана чарба талаптарына жооп бербейт. Мунун натыйжасында жер кыртышынын суу эрозиясы, саздануу күчөйт, сугат сууларынын чыгымы көбөйөт, түшүмдүүлүк азаят жана башка экологиялык мүнөздөгү терс көрүнүштөргө алып келет.

Химиялык өндүрүштүн натыйжасында пайда болгон кээ бир булгоочу заттардын касиеттери

Винилхлорид
Булактары: Винилхлориддин (ВХ) эмиссияларын атмосферага чыгаруучу негизги булактар болуп винилхлоридди өндүрүү, поливинилхлоридди (ПВХ) жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү болуп эсептелет. АКШ да катталган кээ бир винилхлорид эмиссиялардын булактары муниципалдык таштандыларды чогултуучу жерлер болгон.
	Атмосфера: Батыш Европада винилхлориддин фондук концентрациялары орточо 0,1-0,5 мкг/м3 деп алынат. Ал колдонулуп жаткан эң жакшы методдордун (хромато-масс-спектрометрия) аныктоо чегинен (0,8 мкг/м3) төмөн болуп эсептелет. ВХ жана ПВХ өндүрүүчү заводдордун жанында ВХдин абадагы орточо суткалык концентрациясы 100 мкг/м3дан жогору болушу мүмкүн, бирок заводдон 1 км аралыкта ал көрсөткүч 10 мкг/м3дан да төмөндөп кетет.
	Суу: Винилхлорид жогорку учуу жана реакция жөндөмдөрүнө ээ болгондуктан, ал сууда аз концентрацияда кармалат. Ичүү суудагы өлчөнүп аныкталган винилхлориддин эң жогорку концентрациясы (1,7 мкг/дм3), мономердин поливинилхлорид суу түтүктөрүнөн суунун курамына кошулуусу менен түшүндүрүлөт. 
Концентрацияларды эсептөө коэффициенттери:

Организмге келип түшүү жолдору: ВХ организмге негизинен ингаляциялык жол менен келип түшөт. Ал эми булактардан негизгилерден болуп өнөр-жай булактары эсептелет. ВХ же ПВХ өндүрүүчү өнөр-жайлардын айланасындагы 5 километрдик зонада жашаган адамдарга ВХ концентрациясы башка калкка караганда 10-100 эсе көп таасир этет.
Ден-соолукка тийгизген таасири: ВХдин жогорку концентрацияларынын токсикалык эффекттери анын профессионалдык контакт шарттарында таасир этүүсүндө байкалат. ПВХ өндүргөн заводдордун жанында жашагандар үчүн жаңы төрөлгөн жана жаш балдардын туура эмес өрчүү коркунучу жогору болот. Борбордук нерв системасы өзгөчө сезгич келет. ВХдин адам үчүн канцерогендүү экендиги аныкталган. 

Булактары: Электро техника, авиациялык, химиялык, нефти иштетүү өнөр-жайлары, машина куруу, курулуш, оптика, ракеталык жана атомдук техника.
Жаратылышта кездешүүсү: Алюминий, жер кыртышынын курамында кармалышы боюнча кычкылтек менен кремнийден кийин үчүнчү орунду ээлейт, жана анын 8,8%ын түзөт. Топуракта алюминий 150-600 мг/кг өлчөмдө, шаарлардын абасында 10 мкг/м3га жакын өлчөмдө, айыл жергесинде болсо, 0,5 мкг/м3 өлчөмдө кезигет. Ал топуракта кычкылдануу жолу менен чогулат. Агым сууларда алюминийдин өлчөмү 2,5-121 мкг/дм3ду түзөт. Көлмөлөр кычкылданганда алюминийдин эрибеген формалары эриген формаларга өтөт, ошондуктан анын суудагы концентрациясы кескин жогорулайт.

Организмге келип түшүү жолдору: Алюминийдин организмге келип түшүүсүнүн негизги булактары: тамак-аш, суу, аба, дары-дармектер, алюминий идиш (термикалык иштетүүдөн кийин алюминий идиштеги тамакта алюминийдин өлчөмү эки эсе жогорулайт), дезодоранттар ж.б. Чоң кишинин алюминийди бир суткалык керектөөсү – 35-49 мг түзөт. Алюминийдин суткалык аралаш рациондогу жалпы кармалышы 80 мг түзөт.
Ден-соолукка тийгизген таасири: Алюминийдин токсикалуулугу анын зат алмашууга тийгизген таасиринде байкалат. Өзгөчө минералдык алюминий нерв системасынын клеткаларынын өсүү жана көбөйүү функциясына тийгизген таасиринде байкалат. Алюминий туздарынын көбөйүшү кальцийдин организмде топтолуусун, фосфордун адсорбциясын азайтат. Ошол эле убакта сөөктөрдө, боордо, уруктуктарда, мээде жана калкан безде алюминийдин кармалышы 10-20 эсе жогорулайт. Алюминийдин нейротоксикалык таасиринин эң маанилүү клиникалык көрүнүштөрү: Кыймыл-аракет активдүүлүгүнүн бузулуусу, булчуңдардын түйүлүп калышы, эсти жоготуу жана унутчаактык, психопаттык реакциялар.

Ичүүчү суудагы приоритеттик органикалык эмес кирдетүүчү заттардын өлчөмдөрүнүн стандарттары




#Article 116: Түркия (204 words)


Түркия же Турция (), расмий аты Түркия Республикасы () — Европа жана Азия материктеринин ортосунда, Кичи Азиянын түндүгүндө жайгашкан. Түркия Республикасы 1923-жылы Осмон империясы жоюлгандан кийин Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан негизделген. Түркиянын валютасы - түрк лирасы.

Түркия Республикасынын борбору - Анкара (Ankara). Деңиз денгеелинен 950 м жайгашкан. Стамбул шаарындан кийин экинчи чоң шаар. Байыркы аты Ангора (Angora). Калкы - 5.153.000 киши.

Шаар калкынын саны боюнча 1 миллион кишиден көп тогуз ири шаарлары бар: Ыстанбул - 11 174 257, Анкара - 4 140 890, Измир - 3 175 133, Бурса - 1 979 999, Адана - 1 611 262, Конйа - 1 412 343, Газыантеп - 1 342 518, Анталья - 1 127 634, Мерсин - 1 056 331 киши.

Ыстамбул шаарынын диалекти ырасмий тил катары кабыл алынган.

Қалқтын 99 % пайызы мусулман (Ислам динин тутушат).

Туркиянын 1927 - 2007 жылдары арасындагы Демографик айрымы.

Каунос шаары азыркы Түркиянын аймагында жайгашкан, бирок, туристтер үчүн жетиштүү популярдуу эмес. Бирок, ошентсе да бул жакка келгендердин көпчүлүгү биздин доорго чейин угулуучу майда көмүү үчүн биринчи болуп кетишүүдө.

Негизги ; Жемал Огуз Өжал, Юнус Эмре

Дүйнөдө түрк телекөрсөтүүлөрүнө, ар кандай форматтагы программаларга жана анимациялык фильмдерге суроо-талап өсүүдө. Бүгүнкү күндө түрк киносу америкалык фильмдерден кийин дароо эле дүйнөдө бекем орунду ээлейт.




#Article 117: Кыргыз-Түрк &quot;Манас&quot; университети (247 words)


 

Кыргыз-Түрк Манас Университети  - 1995 жылы Кыргызстан жана Түркия ортосундагы келишимдердин негизинде Бишкек шаарында курулган. Бүгүнкү күндө бул окуу жайында 5000 ашуун студент билим алууда. Түрк тилдүү элдердин биригиши үчүн алтын көпүрө болуп саналат.

Университеттин миссиясы: Кыргыз-түрк жана башка түрк элдеринин жаштарын бирге билим алышын, орток түшүнүк жана ишбиргеликти өрчүтүшүн, университеттин дүйнөлүк илим куржунуна өз салымын кошушун камсыз кылып түрк цивилизациясынын ронесансына колдоо көргөзүү.

Заманбап университет моделин жана заманбап таалим-тарбия берүү стандартын колдонуп Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына үлгү болгудай университеттин системасын куруу, дүйнөлүк интеграция процессинде алдыѕкы топто жүрүү, модерн, демократиялык жана секулярдык мамлекет түзүлүшүнө ынанган, адам укугун коргогон, улуттук өз-кимдигин билген, рухий байлыктарга жан тарткан, дени карды сак, акылга бай, сезгич, адептүү, коом алдында жоопкерчилик күткөн, тапкыч, жаратман муунду тарбиялап өстүрүү, өнүккөн өлкөлөрдүн демократия жана базар экономикасы жаатындагы тажрыйбаларынан пайдаланып Кыргыз Республикасынын демократиялашуу жана базар экономикасына өтүү процесстеринин тездешине өз салымын кошуу, изилдеп-иликтеп өрчүтүү, басып чыгаруу, маалымат технологияларды жаратуу жумуштарына материалдык көмөк көргөзүү жолу менен дүйнөлүк илим адабиятынын өрчүтүлүшүнө жана дүйнөдөгү маалыматтын жайылышына өз салымын кошуу, түрк дүйнөсү жаштарын, улуттук байлыктарын барктаган ошол эле маалда дүйнөлүк көз-карашты билген инсан катары тарбиялоо, эл аралык даражада тандалма адамдардын мүчөлөрү катарына кошуу, келечектеги муунду ар тараптан билгин, өзүнө ишенген, маселеге сын көз менен караган, ар тарабын баамдаган, ойлоп иш кылган, дайыма өзгөрүп турган коомго тез көнүшүп кеткен, демократиянын шарттарын аздектеген, кыймылдуу, тобокелге сала билген, ишбиргелике ачык, эркин ойлогон, тапкыч, иликтенген, искусствого баа берген, өнөргө шыктанган инсан катары тарбиялоо, элге керектүү жогорку билимдүү же магистр даражасын алган адистерди тарбиялап чыраруу.




#Article 118: Дан технологиялары (20251 words)


а. Зыянкечтин түрү.
б. Денесинин узудугу, мм.
в. Денесинин формасы жана түсү.
г. Өзгөчө айырмалоочу мүнөздөмөлөрү.

Эркеги – 0,32-0,43, ургаачысы – 0,36-0,67.
Денеси сүйрү, агыш, жалтырак.
Денесин сейрек түк баскан. Денесинин аяк жагындагы эки кыл денесинин узундугунан кыска. Эркектериники алдыңкы буттары күчтүү келип, ичин көздөй ийилип, текөөрлөрү бар. Баш жагы жана буттары кызыл-кочкул же сыя-күрөң түстө.

Денеси тегерек-сүйрү, жалтырак, агыш.
Түгү денесин жапырт каптап, бардык жакка сороюп турат. Башы менен мойнун бөлүп турган тилке жок кене өтө тез жана чаржайыт кыймылдайт.

Денесинин формасы ун кенесиникине окшош.
Ун кенесинен айырмаланып, мунун буттары ак, курсак жагында дээрлик бою менен тең кеминде 14 кылы бар.

Денеси цилиндр түрүндө, башы узун, жалтырак, кочкул-күрөң.
Жонунун алды жагында узтасынан кеткен сейрек темгил чуңкурчалары бар. Учпайт, жаргак канаттары  жок.

Денеси узун, күрөн, бозомтук же бир аз жалтырак.
Жонунун алдыңкы жагында тегерек, анча терең эмес, жыш жайгашкан чуңкурчалары бар. Канаттарында ачык темгилдери (ар бир канатта экиден) бар.

Денеси узун, чоң параллелдүү капталдары менен, күңүрт жалтырак, кара кочкул.
Жогорку муруттары сүйрү келет. Коңуз чоң эле.

Денесинин түсү кызыл кочкулдан кара күрөңгө чейин.
Төмөнкү бөлүгүндө көздөрдүн ортосундагы аралык көздөрдүн төөнөгүчтөй ийилип турган өч мурут даана көрүнүп турат, учат.

Денеси узун, ачк күрөң.
Муруттарынын учу ичкерип кетет, денеси төөнөгүч сымал хрущакка караганда кыйла ичке.

Денеси узун, күрөң.
Төмөнкү бөлүгүндө көздөрдүн ортосундагы аралык көздөрдүн жазылыгынан 3 эсе кең; учпайт.

Денеси цилиндр түрүндө, жалтырак, кочкул-кызыл.
Жонунун алдыңкы капталдары майда тиштүү. Муруттары үч бөлөк төөнөгүч сымал. Жонунун алдыңкы бөлүгү чүмкөмө сыяктуу болуп башын жаап турат.

Денеси ичке, жалпак, кара күрөң түстө.
Көзүнүн арт жагындагы кабагы айлана түрүндө, алдыңкы бөлүгүнүн каптал жагында ири тиштери бар.

Денеси сүйрү, жалпысынан жалтырак, саргыч боз жапкычтары менен кара түстө.
Канатынын астынан курсагы көрүнүп турат. Канаттарында кыйгач кеткен тилкелер бар, ал эми курсагынын төмөнкү жагында крест (жапкыч)  түрүндө сүрөтү бар.

Денеси кыска, сүйрү, калың боз же саргыч-боз түк баскан.
Арткы буттарынын ички бетинде өтө курч тиштери жана дагы кошумча эки тиши бар.

а. Зыянкечтин түрү
б. Канатынын кулачы, мм, Денесинин узундугу, мм
в. Канатынын сүрөттөрү жана түсү
г. Канатынын формасы

Алдыңкы канаттары киргилт-ак түстө, жыш майда боз-күрөң темгилдер баскан. Алдыңкы канаттарынын өңүрүндө төрт кара тилкенин сүрөтү бар
Алдыңкы жана арткы канаттары ичке. Алдынкы канатынын узундугу жазылыгынан 4 эсе чоң

Алдыңкы канаттары киргилт-сары же ак-кызгылт түстө, айрым жерлеринде кара тактары бар. Арткы канаттары күмүш-бозомтук түстө
Эки жуп канат тең ичке, алардын узундугу жазылыгынан 5 эсе ашат. Арткы канаттарынын учтары учтуу жана уч жагында чуңкурчалары бар

Узун тилке сүрөтү бар. Алдыңкы канаттары боз-чаңгыл түстө эки ак байламтасы кара түс менен кыюуланган
Арткы канаттары өтө жазы, алардын узундугу кеңдигинен эки эсе ашык.

Алдыңкы канаттары күңүрт жана боз-чаңгыл түстө. Сүрөтү кара түс менен кыюуланган экиден ашык ачык түстөгү тикенектүү туура сызыктардан турат.
Арткы канаттары өтө жазы, алардын узундугу кеңдигинен эки эсе ашык

Сүрөтү үч кеңири байламтадан турат. Ортоңку бөлүгү ачы-күрөң, капталдапы кызгылт күрөң түстө
Алдыңкы канаттары өтө жазы (алардын узундугу кеңдигинен 2 эсе ашык) дээрлик үч бурчтуу

Алдыңкы канаттары боз-кызгылт же кочкул боз, ак-боз темгилдери бар.
Алдыңкы канаттары өтө жазы, узундугу кеңдигинен 2 эсе ашык

Сүрөтү кеңири тилкелүү. Алдыңкы канатынын үчтөн бири ак-саргыл, үчтөн экиси кызыл-күрөң түстө.
Арткы канаттары өтө жазы, алардын узундугу кеңдигинен эки эсе ашык. Алдыңкы канаттары өтө zжазы алардын узундугу кеңдигинен 3 эсе ашык

а. Зыянкечтин түрү. 
б. Узундугу, см : Денеси, Куйругу.
в. Денесинин түсү. 
г. Айырмалоочу белгилери. 

Күңүрт боз же чаңгыл
Куйругу болжол менен денесинин кузундугуна барабар, каңылтыр менен капталган, кулактары кыска, тегерек

Күрөң же күрөң-боз, жонунда кара тилкеси бар, курсагы ачык-боз түстө

Жону боз, курсагы чаңгыл түстө
Бардык талаа чычкандарынын денеси жумуру, кулактары кыска, мурду мырык

Кара же күрөң түстө
Куйругу каңылтыр менен капталып, анда-санда кылы бар. Жагымсыз келемиш жыттанып турат

Кадимки талаа чычканына караганда бир аз ачык түстө
Куйругун жүн баскан денесинен кыска же анын жарымынан ашпайт

Жашаган жерине жараша кочкул-боз, кочкул-күрөң же кара түстө болот

Боз-күрөң, курсагы бозомтук болот
Кулактары кыска, артты караай кайрылган

Изилдөө объекттерине дан жана андан жасалган азыктар; аралаш чийки зат (жымык, шрот, сөок жана балык уну), ошондой эле сактоочу жайлар, ишканалар, цехтер, лабораториялар; аларда приборлор; эгин кабыл алуу, иштетеүг жана жүктөп жөнөтүү үчү жайлар жана потоктук линия жабдуулары; дан кургаткычтар; ишканалардык аймактары; ташуу каражаттары; шаймандар; мүшөктөр жана таарлар кирет.
Бардык объекттердин булгануусун комплекстүү изилдөө ишканаларда жаңы тгшүмдүн эгинин кабыл алууга даярдык көрүү мезгилинде жүргүзүлөт.
Калган мезгилде изилдөө 5-таблицада көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.

Объекттер	Изилдөө мөөнөттөрү
Азыктык-тоюттук дан	Температура: 5°С жогору болгондо – 15 күндө 1 жолу, 5°С төмөн болгондо – айына 1 жолу, ошондой эле кабыл алуу жана жөнөтүүдө
Азыктык-тоюттук жүгөрү сотолору	Айына 2 жолудан кем эмес, ошондой эле кабыл алуу жана жөнөтүүдө
Үрөндүк дан	

нымдуулугу 15% чейин	Температура: 10°С жогору болгондо 10 күндө 1 жолу, 10дон 5°С чейин болгондо – 15 күндө 1 жолу, 5°С төмөн болгондо -15 күндө бир жолу

нымдуулугу 15% жогору	Температура: 10°С жогору болгондо 5 күндө 1 жолу, 10дон 5°С чейин болгондо -10 күндө 1 жолу, 5°С төмөн болгондо – 15 күндө 1 жолу
Ун жана акшак	Температура: 10°С жогору болгондо 15 күндө 1 жолу, 10°С жогору болсо – 1 айда 1 жолу, ошондой эле кабыл алуу жана жөнөтүүдө
Кебек, тоскок жана чарлар	Ар бир партия кабыл алуу жана жөнөтүүдө.              Сактоо мезгилинде температура:                                     10°С төмөн болгондо – 20 күндө 1 жолу, 10дон 20°С чейин болгондо – 15 күндө 1 жолу,                                  20°С жогору болгондо – 10 күндө 1 жолу
Жымыктар, шроттор, сөөк жана балык уну, аралаш тоют жана белок-витаминдүү кошулмалар	Ар бир партия кабыл алуу жана жөнөтүүдө.                Сактоо мезгилинде температура:                                            10°С төмөн болгондо – 15 күндө 1 жолу,                                 10°С жогору болгондо – 10 күндө 1 жолу
Толтурулган элеваторлор, кампалар жана ага жамаатташ аянттар	Сакталып жаткан запастарды текшерүү менен бир учурда
Толтурулбаган сактоочу жайлар, аянттар жана ага жамаатташ амактар	Ар бир жолку бошотууда жана толтуруу алдында
Тегирмендер, акшак жан ааралаш тоют заводдру, жүгөрүнүн сорттуу жана гибриддик үрөнүн кайра иштетүү заводдору, өндүрүштүк (технологиялык) лабораториялар (жайлар, жабдуулар, ага жамаатташ аймактар ж.б.)	Декадада бир жолу, ал эми дан кайра иштетүүчү ишканалар – капиталдык ремонттон кийин жана дезинсекциялоо алдында
Потоктук линиялар, дан тазалоочу машиналар, дан кургаткычтар, конвейрлер жана башка мехнизмдер, ошондой эле кампа жана лабораториялык шаймандар	Дандын, продукциянын же калдыктардын ар бир партиясы менен иштөөгө чейин жана иштөөдөн кийин
Аймактар	Жылдын жылуу мезгилинде – айына кеминде бир жолу
Ташуучу каражаттар: вагондор, автомобилдер ж.б.	Данды жана андан жасалган азыктарды жүктөө алдында жана түшүрүүдөн кийин
Мүшөктөр жана таарлар	Дан кабыл алуучу жана данды кайра иштетүүчү ишканаларда пайдаланууга чейин жана пайдалануудан кийин , таралык базаларда – кабыл алуу жана дан кабыл алуучу жана дандык кайра иштетүүчү ишканаларда пайдаланууга чейин жана пайдалануудан кийин, таралык базалрда – кабыл алуу жана жөнөтүү алдында

Объекттердин булгануусу аларды кароо жана дандан, аралаш чийкизаттан жана продукциялардан, ошондой эле жайларды, жабдууларды жана аймактардын ар кайсы жерлерин текшерүүнүн жүрүшүндө чогулган калдыктардан, шыпырындылардан тандап алынган үлгүлөрдү талдоо жлу менен аныкталат.
Дандан, аралаш чийкизаттан жана продукциялардан, ошондой эле чогулган калдыктардын, шыпырындылардын тандап алынган үлгүлөрдү талдоо аларды элөө жана зыянкечтерди табуу жана эсептөө үчүн  электен өткөнүн кароо аркылуу жүргүзүлөт.
Дандын, анын иштетүүдөн алынган аралаш чийкизаттардын продукцияларынын үлгүлөрүн тандап алуу жана зыянкечтерге чалдыккандыгын талдоо колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.
Бошо кампаларда жана бастырмалардын асытнда чалдыгуу дубалдарды, полду, тирөөчтөрдү, эшиктерди, плинтустарды, устундарды, кабыл алуу жабдууларын, төмөнкү жана жогорку галереяларды, конвейерлерди, каналдарды жана активдүү желдетүү решеткаларын, аэрожапкычтарды, бардык жабдууларды кароо, ошондой эле дандын жана жайлардын ар кайсы жерлериен чогулган жана дубалдардын жылчыктарынан, полдон, тирөөчтөрдөн, плинтустун ар жагынан жана жабдуулардан алынган шыпырындыларды талдоо аркылуу аныкталат.
Толтурулган кампалрда данды жана продукцияларды тешерүг менен бир учурда эле бардык кароого боло турган жерлер, конструкциялардын жана жабдуулардын элементтери текшерилет.
Элеваторлордо, акшак, ун тартуу, аралаш тоют заводдорунда  жана цехтерде, жүгөрүнүн сорттуу жана гибриддик жүрөнүн иштетүү заводдорунда бардык бөлмөлөр, силостор, силостун астыңкы жана үстүңкү галереялары, дан кургаткычтар, транспорттоочу, дан тазалоочу, технологиялык, тараза жана аспирациялоо жабдуулары, чаН соруу камералары, циклондор, цехтер жана дандын, продукциянын калдыктарын жана шыпырындыларды талдоо аркылуу жүргүзүлөт.
Изилдөөнүн жана текшерүг учурунда чогулган үлгүлөрдү талдоонун натыйжасы ар бир объект боюнча жан ар бир кабат юоюнча өзүнчө эске алынат.
Дан кургаткычтардын, потктук линиялардын, дан тазалоочу көчмө машиналрдын, конвейерлердин, жүктөөчү жана түшүрүүчү механизмдердин, ошондой эле башка көчмө машиналар менен шаймандардын булганышы машиналар менен механизмдердин ичин жана сыртын кароо жана калдыктарды, шыпырындыларды, чаңдарды талдоо аркылуу аныкталат.
Дан кургаткычтар менен потоктук линияларда башка бөлмөлөр менен көмокчү курулуштар дан текшерилет.
Транспорт каражаттарынын зыянкечтерге чалдыгышы кузовдун, вагондун ичин жанасыртын жкароо жана текшерүү учурунда чогулган калдыктарды жан ашыпырындыларды талдоо аркылуу жүргүзүлөт.
Дан жана дан продукциялары салынуучу мүшөктөр тандалып текшерилет: 500 даанага чейинки ар бир партиядан лардын жалпы санынын 6%га чейинкиси, 1000 даанадан ашыгы – 3%га чейинкиси тандалат. Тандап алынган мүшөктөрдүн ичи-тышы кылдат менен текшерилет, мында алардын тигиштерине өзгөчо көңүл бурулат, андан кийин алар жайылган таза таардын же фанеранын үстүнө күбүлөт. Андан чыккан чаң жана продукциянын калдыктарын талдоого алынат.
Текшерилген таарлардын эки жагы кылдат каралат.
Аймактын булганышы дандын калдыктары, шыпырындылар, органикалык калдыктар менен кошо кыртыш. Дан сактоочу жайлардын жана өндүрүштүк жайлардын айланасындагы (кеминде 5 метрлик аралык) участкалардан, ошондой эле дан продукцияларын иштетүү жерлеринен чогултулган органикалык чаң, дандын түшүп калган калдыктары жан а органикалык калдыктарды талдоого алуу менен жүргүзүлөт.
Объекттерди дан запастарынын зыянкечтери менен булганышын текшерүү үчүн жооптуу адам болуп ишкананын өндүрүштүк (технологиялык) лабораториясынын директорунун орунбасары начальниктер саналат.
Контроль иретинде объекттерди текшерүү  дан боюнча мамлекеттик инспекторлор, дан продукцияларын коргоо боюнча экспедициялардын жана отряддардын (участкалардын) адистери тарабынан объекттерди зыянсыздандыруунун алдында жана дан продукцияларын коргоо боюнча экспедициялардын жана отряддардын адистери тарабынан анын натыйжасын текшерүүдө жүргүзүлөт.
Булганууну текшерүүнүн натыйжалары төмөнкүлөргө жазылат: 
а) дан жана аны иштетүүдөн алынган азыктарды талдоо карточкасына, алар лабораториялык талдоолорду катто журналында катталат;
б) №56 формасы боюнча өзүнчө журналга.

Система карантиндик, алдын алуу жана жок кылуу иш-чараларынын комплексинен турат (1-сүрөт).
Карантиндик иш-чараларга импорт боюнча келген данды кароо жана өлкөгө курт-кумурскалары бар дандын киришине жол бербөөнү камтыйт.
Алдын алуу иш-чаралары дандын дан сактоочу жайга түшкөнгө чейин башталат. Ал техникалык базаны дан кабыл алууга даярдоону жана дан сактоочу жайларды дезинсекциялоону камтыйт.
Дан сатоочу жайга дан келип түшкөн учурда аны тазалоо жана белгилүг нымдуулукка чейин, ал эми узак мезгилге сактоодо – белгилүү нымдуулуктан 1-1,5% төмөн кургатылат.
Данды муздатуу эки этап менен жүрөт: 20°С температурага чейин (биринчи этап); курт-кумурскалардын өнүүшүнүн температуралык босогосунан төмон температурага чейин (экинчи этап).
Курт-кумурскалардын өнүгүшүнүн температуралык босогосунан төмөн температурасы 6-таблицада көрсөтүлгөн.
Зыянкечтердин өнүгүшүнүн төмөнкү температуралык босогосу жана ар кандай температурада курт-кумурскалардын өнүгүшүнүн узактыгы

Зыянкечтердин түрлөрү	НТПР С °	С ° Температурада өнүгүүнүн узактыгы (сутка)
		12	15	17	20	22	25	27	30
Амбардык шиш тумшук	10,2	376	141	99	69	57	46	40	34
Дан шайтан көпөлүгү	10,4	435	151	105	72	60	48	42	36
Тегирмен шайтан көпөлөгү	10,7	488	147	101	68	56	44	39	33
Дан күбөсү	12,6	-	211	115	69	54	41	35	29
Күрүч шиш тумшугу	13,5	-	309	132	71	54	40	34	28
Түштүк шайтан көпөлөгү	14,3	-	507	131	62	46	33	28	23
Кичинекей ун хрущагы	14,8	-	-	259	109	79	56	47	37
Төөнөгүч муруттуу хрущак	15,2	-	-	257	96	68	47	39	31
Суринам ун жегичи	15,6	-	-	244	78	53	36	30	24
Дандык жонуучу	16,4	-	-	665	111	71	46	38	29
Кыска муруттуу ун жегич	18,5	-	-	-	236	101	54	42	31
Өнүгүүнүн төмөнкү температуралык босогосуна чейин муздатылган данда курт-кумурскадын саны көбөйбөйт жана алар акырындык менен өлө баштайт. Мындай шартта данды дезинсекциялоосуз эле сактоого болот. 
Дан кенелери дан 13% жана андан төмөн нымдуулукта богондо өнүкпөйт.
Алдын алуу иш-чараларына данды инсектициддер менен контакттык аракеттер менен иштетүг кирет, алардын калдыктары данда бир нече ай бою кала берт. Жана данды курт-кумурскалардан сактайт.
Данды сактоого даярдоодон жана аны дан сактоочу жайга төккөндөн кийин курт-кумурскалардын пайда болушуна байкоо жүргүзүлөт. данга курт-кумурскалардын орночок алуу жыштыгы аныкталгандан кийин алардын көбөйүшүнүн божомолу жасалат. Жана ага жараша дезинсекциялоо жөнүндө чечим кабыл алынат.

Дан кампалрын жана кырмандарды оңдөө, тазалоо жана комплекстүү дезинсекциялоо

Импорттук дан		Ата мекендик дан

Карантиндик жана курт-кумурскалардын башка коркунучтуу түрлүү табуу

Данды дезинсекциялоо жана аны вагондордон түшүрүү

Кабыл алуу, тазалоо, кургатуу, сапатын жана булганышын аныктоо, данды сактоого коюу

Данда курт-кумурскалардын пайда болушуна байкоо жүргүзүү

Курт-кумурскалардын санынын зыяндуулуктун экономикалык босогосуна чейинки божомолу

Зыяндуулуктун экономикалык босогосуна жеткенде данды дезинсекциялоо

Данды курт-кумурскаларга жана кенелерге чалдыгуу дараасын баа берүү

Дандын ар бир партиясы үчүн курт-кумурскалар жана кенелердин зыяндуулугунун ар кандай чараларын эске алуу менен дандн курт-кумурскаларга жана кенелерге чалдыгышына баа берүг үчүн булгануунун суммалык жыштыгы (БСЖ) эсептелет, ал эми дандын курт-кумурскаларга жана кенелере чалдыгышы даражалар менен берилет.
БСЖ дандын курт-кумурскалардын жана кенелерин ар кандай түрлөрүнө чалдыгышынын жыштыгынын суммасын, 7-таблицада көрсөтүлгөн ар бир түрдүн Кв зыяндуулук коэффициентине ылайык кыйла кеңири таркаган зыянкечтерге – күрүч шиш тумшугуна чалдыгуу жыштыгына алып келгендигин билдирет.

Булгануунун суммалык жыштыгы.
Зыянкечтердин түрлөрү	Кв зыяндуулук коэффициенти	1 кг данга зыяндуу таасир көрсөтпөгөн чоң зыянкечтердин саны, даана	1 кг данга зыяндуулуктун экономикалык босогосуна туура келген чоң зыянкечтердин саны, даана	Булгануунун суммалык жыштыгынын мүмкүн болушунча жол берилге деңгээли (МДУ), БСЖ боюнча кг/даана
Жалпы булгануу	-	-	-	15,0
Дан жонуучу	1,7	5	1,8	8,5
Амбардык шиш тумшук	1,5	5	2,0	7,5
Дан күбөсү (көпөлөк курту)	1,1	4	2,7	4,4
Башка көпөлөктөр (көпөлөк курту), мавритания козявкасы	1,1	-	2,7	3,0
Күрүч шиш тумшугу	1,0	15	3,0	15,0
Ун хрущагы	0,4	6	7,5	2,4
Анткор кабык жегич	0,4	6	7,5	3,0
Ун жегичтер, козукарын жегичтер	0,3	25	10,0	3,0
Жалтырак, жашыруу, жашынып быштак	0,2	-	15,0	3,0
Чөп жегичтер	0,1	-	15,0	3,0
Дан кенеси	0,05	150	60	3,0

БСЖнын эсептөө ыкмасы 11-жободо келтирилген.
Дандын массасын төмөндөтүп жана сапатын жана технологиялык маңызын начарлаткандан тышкары курт-кумурскалар жана кенелер данга адам үчүн зыяндуу заттарды колтырып кетет. Ошондуктан курт-кумурскалар жана кенелерге дан өтө катуу булганганда ал азык үчүн пайдаланууга жараксыз болуп калат уулуу заттар данда дезинсекциялоодон кийин да сакталып калат. Кайталап булганууда данда калган мурдагы уулуу заттарга кошулат. Ошондуктан эгерде дандын партиясы экинчи жолу булганган босо, анда БСЖ мурдагысы менен кошулат.
Дан курт-кумурскалар жана кенелер менен булгангандыктан улам санитардык абалдын начарлашы ар түрдөгү зыянкечтерге чалдыгуунун жыштыгын, ошондой эле булгануунун суммалык жаштыгын катуу регламентациялоо, б.а. 1 кг данда курт-кумурскалардын санынын МДУ белгилөө зарылчылыгын пайда кылат.

МДУ үч критерийди: жылуу кандуу жаныбарлар үчүн курт-кумурскаларга чалдыккан дандын биологиялык активдүүлүгүн, зыяндуулуктун экономикалык босогосун, дандын азыктык баалуулугунун көрсөткүчүн эске алуу менен лимиттелген көрсөткүчтөрү боюнча белгиленген.
Эгерде БСЖ көрсөткүчү боюнча дандын курт-кумурскалар жана кенелер менен булганышы жогоруда көрсөтглгөн МДУдан ашып кетсе, бирок 1 кг данда 90 даанадан ашпаса, анда аны азык-түлүк максаттарында пайдаланууга булганбаган данды кашуу жана зыянкечтердин санын МДУга чейин жеткирүү  шартында жол берилет.
Курт-кумурскалар жана кенелр менен булганган МДУ дандын саны проценттерде көрсөтүлгөн, ал булганбаган данды кошууда төмөнкүдөй теңдеме менен эсептелет:
А=  МДУ х 100 / Хзя (же Х¬S¬),  1 
мында А –курт-кумурскалар жана кенелер менен булганган МДУ дандын саны, аны булганбаган дан менен аралаштыруу керек,%;
МДУ – дандын курт-кумурскалар жана кенелер менен деңгээли, даана/кг (7-таблицаны караңыз);
Хзя (же Х¬S¬) – зыяндуулук коэффициентин эсепке алуу менен дандын курт-кумурскалар жана кенелер менен булганышынын иш жүзүндөгү жыштыгы, даана/кг (11-тиркемени караңыз).
Эгерде дандын партиясы бир учурда эле бир нече зыянкечтерге чалдыккан болсо, бөлчөктүн асты Хзя ордуна Х¬S коюлат.
Теңдемени пайдаланууда (1) 7-таблицада көрсөтүлгөн зыянкечтердин түрлөрү үчүн Х¬S жана Хзя өзүнчө эсептөө керек. Андан кийин теңдемеге МДУнун тийиштүү маанилерн коюуу менен 	БСЖ боюнча бүтүндөй А чоңдугун жана зыянкечтердин бөлүнгөн түрлөрү үчүн өзүнчө эсептөө керек. Сорттоп чыгууда эсептөөдөн алынган А чоңдугунун эң аз маанисин эске алуу керек.
Эгерде БСЖ көрсөткүчү боюнча дандагы зыянкечтердин саны 1 кг данда 90 даандан ашып кетсе, андай мындай дан азык-түлүк максаттары үчүн колдонулушу мүмкүн эмес.
Курт-кумурскалар менен кенелердин зыяндуулугун жана алардын гигиеналык көрсөткүчтөргө терс таасирин (уулуу заттардын топтолушу) эске алуу менен дандын зыянкечтер менен  булганышы БСЖнын көрсөткүчүнүн чоңдугуна жараша даражаларда көрсөтүлөт. дандын зыянкечтер менен булганышынын даражасы 8-таблицада келтирилген.	

Булгануу даражасы	БСЖ көрсөткүчүнүн чоңдугу, даана/кг	Негиздеме
I	1 чейин	Дандын коромжусунун наркы дезинсекциялоонун наркынан төмөн. Зыянкечтердин санын божомолдоо максатка ылайыктуу
II	1 ден 3 чейин	Дандын коромжусунун наркы дезинсекциялоонун наркы менен бирдей
III	3 төн 15 чейин	Дандын коромжусунун наркы дезинсекциялоонун наркынан жогору. Данды азык-түлүк максаттар үчүн тикелей пайдаланууга жол берилет
IV	15 тен 90 чейин	Данды таза дан менен аралаштыруудан кийин гана азык-түлүк максаттар үчүн тикелей пайдаланууга жол берилет
V	90 жогору	Данды азык-түлүк максаттар үчүн пайдаланууга жол берилбейт

Эскертүү: БСЖнын курамында данды булгануунун тигил же бул даражасына кошууда зыянкечтердин айрым түрлөрүнүң МДУсун эске алуу зарыл (7-таблицаны караңыз).
Дандын булгануу даражасына жараша төмөнкү иш-чараларды аткаруу зарыл.
I даражада биринчи кезекте убакытты божомолдоо зарыл, мындай шартта ал аркылуу дандын булганышы III даражага өтүп кетиши мүмкүн. Ал төмөнкүдөй жол менен жүрөт.
Адегенде теңдеме боюнча сандын көбөйүү коэффициенти аныкталат: 
Кс, ө. = З : СПЗ, (2)
Мында Кс, ө. – сандын өсүү коэффициенти;
З – дандын булганышынын III даражасында БСЖнын төмөнкү чеги, даана/кг;
БСЖ – ошол партиядагы дандын булганышынын суммалык жыштыгы, даана/кг.
Андан ары 2-сүрөткө келтирилген номограмманын жардамы менен дандын булганышынын III даражасынын келишинин убактысы аныкталат.
Бул үчүн курт-кумурсканын тийиштүү түрүнүн графигинин вертикалдык огу (ординат) Кс, ө. чоңдугуна туура келген чектитти табат. Ал чекиттен температуранын кыйгача сызыгы менен кесилишкенге чейин ординат окко карата перпендикуляр сызылат. Мында үйүлгөн дандый кыйла жогорку температурасына багыт алынат. Кесилишүү чекиттен перпендикуляр горизонталдык окко (абсцесс) түшүрүлөт, бул жерден БСЖ 3 даана/кг жеткен, б.а. дандын булганышы III даража болгон убакыт эсептеле баштайт.

Болжолдун мисалы.

Дан кампасында буудайдын партиясы сакталып турат. Дан үймөгүнүн жогорку, ортоңку жана төмөнкү 2; 2,1; 1,9; кг келген дандын үч үлгүсү алынат. Бул үлгүлөрдө дан үймөгүнүн ар бир тийиштүү катмарынан 1, 1 жана 0 даана/кг кыска муруттуу ун жегич коңуз табылды. 
Жогорку катмарда дандын температурасы 25˚С, ортоңку катмарда 23˚С жана төмөнкүдө 17˚С.
Ыкма (9-тиркеме) боюнча булгануунун суммалык жыштыгы эсептелет, ал биздин мисалда 0,1 даана/кг түзөт.
Андан ары теңдеме (2) боюнча Кс, ө эсептелет.
Кс, ө. = 3:0, 10=30.

Болжолдоодон кийин томонкү чечимдедин бири кабыл алынат.
Данды 18˚С чейин б.а. кыска муруттуу ун жегичтин өнүгүшүнүн төмөнкү температуралык босогосуна чейин муздатууга чечим кабыл алынат (6-таблицаны караңыз). Андай дан дезинсекциялоосуз сакталат.
Эгерде данды муздатууга мүмкүн болбосо, анда аны дезинсекциялоо зарыл. Ошондон кийин гана данды сактоого болот.
Эгерде дан ун тартуучу заводдун же дан азыкатр комбинатынын дан сактоочу жайында сакталып турса жана ошол жерде 87 суткага чейин кайра иштетиле турган болсо булгануунун I даражасында аны ошол ишканада эле муздатпасатн жана дезинсекциялабастан кайра иштетүүгө жол берилет.
Булганган данды башка ишканага ташууга тыюу салынат.
II даражада данды дезинсекциялоо жана сактоо зарыл. Эгерде дан кайрадан булганган болсо, анда аны кайра зыянсыздандыруу жана биринчи кезекте сатып өткөрүү боюнча чараларды көрүү зарыл.
IV даражада булганган данды дезинсекциялоо жана аны биринчи кезекте сатып өткөрүү үчүн курт-кумурскаларга чалдыкпаган дан менен аралаштуу боюнча чараларды көрүү зарыл (1-теңдеме боюнча).
V даражада дан дезинсекцияланат. Мындай дан азык-түлүк үчүн пайдаланышы мүмкүн эмес. Эгерде биринчи дезинсекциялоо химиялык каражаттар менен жасалган болсо, анда андай данды экинчи жолу зыянсыздандыруу химиялык эмес ыкма менен гана жасоого уруксат берилет.
Биринчи кезекте сатып өткөрүүнү талап кылган данды химиялык эмес жол менен же дезинсекциялоодон кийин дандан тез жана оңой эле чыгып кете турган химиялык жол менен зыянсыздандырууга жол берилет.

Бардык кампаларда, жайларда жана аймактарда санитардык режимди катуу сактоодо, ишканага келип түшкөн жана сакталып турган дандын булганышынын абалына, аралаш тоют жана дан азыктарын иштеп чыгуу үчүн дандык чийкизатка, ошондой эле бардык кампа жана өндүрүштүк жайларга, жабдууларга жана аймактрга, зыянкечтердин таркашына жана өнүгүшүнө тоскоолдук кылуучу санитардык-алдын алуу чаралары дан запастырынын зыянкечтерине каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын негизги комплекси болуп саналат. 
Дандын жана башка азыктардын ишканаларда зыянкечетрге чалдыгышын болтурбоонун башкы шарты болуп кампа жана өндүрүштүк жалрды оң абалында жана таза күтүү саналат.
Дан сактоочу жайлар, даяр продукция үчүн кампалар өндүрүштүк жайлар, жабдуулар жана ишкананын аймагы элеватордук курлуштарды техникалык эксплутациялоонун эрежелеринде, данды май алынуучу данды, май алынуучу данды, унду, жана акшакты сактоо боюнча нускоолордо жана ушул нускоодо баяндалган талпатарга жооп бериши керек.
Дан сактоочу жайлар, даяр продукция үчүн кампалар, ишканалар жана башка өндүрүштүк объекттер кургак болуп жана жакшы желдетилүүгө тийиш. Кампаларда, элеваторлордо, ишканаларда жана башка өндүрүштүк жайларда дубалдардын, полдун, шыптын, ички беттери, конвейердик галереянын, силостордун, бункерлердин дубалдары жылма болуп, жылчыксыз, чуңкурсуз жана бүтүн болшу, чаңдан, булгануудан жана шыпырындылардан оңой тазаланышы керек. Бардык жайлардын эшиктери бекем жабылууга тийиш. Капмалрга канаттуулардын учуп киришин болтурбоо үчүн кампанын эшиктерине металлторлор орнотулууга тийиш. Терезелер да тор менен каланууга тийиш.
Механикалаштырылган кампалардын, потоктук линиялардын, элеваторлордун, ишканалардын жабдуулары оң абалда жана таза болууга тийиш. Транспортточу механизмдер, конвейерлер, нориялар, өзү куйгучтар, ошондой эле башка жабдуулар иштеп жатканда дандын чууруп түшүшүн жокко чыгаруу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
Бардык майдалоочу, элөөчү, сапыруучу, ошондой эле транспоттоочу механизмдер жана машиналар, жана данды, анын азыктарын ана аралаш тоют чийкизатын өткөрүүдө чаң чыгаруучу аппараттар чыпкаланууга тийиш. Чыпкалоодон кийин атмосферага чыгуучу аба чаңдан тазаланууга тийиш.
Кампалар, элеваторлор жана өзүнчө турган силостор бошотулгандан кийин, ошондой эле дан жана продукция жүктөлөөрдүн алдында, кургатуучу-тазалоочу мунаралар, потоктук линиянын жабдуулары жана дан кургаткычтар иш аяктогандан кийин жан башталар алдында механикалык тазалоого, ал эми зарыл болгон учурда зыянсыздандырылат.
Декадалык токтоп турган учурда ун, акшак таруучу, аралаш тоют чыгаруучу заводдода жана башка ишканаларда дубалдар, шыптар, жабдуулар жана аба өткөргүчтөр тазаланат, зарыл болгон учурда айрым машиналар жана жайлар өзүнө дезинсекцияланат.
Толтурулган кампаларда устундарды, карниздерди, дубалдарды, түркүктөрдү, эшик-терезелерди чаңдан тазалоодо дан жана продукцялар таар же полэтилен пленка менен жабылат. Иш аяктагандан кийи таар  жана пленка тазаланат, зарыл болс зыянсыздандырылат. 
Элеваторлорго, кампаларга, цехтерге жана башка өндүрүштүк жайларга кирүгдө булганыч заттарды жана зыянкечтерди алып кирбөө үчүн кире бериш жерлерде кыргычтар, бут тазалагычтар, буткийим жана кийим тазалоочу шыпыргылар жана щеткалар болууга тийиш. Буудайды тыгыз кездемеден тигилген байпак менен же дандын гстүнө ташатлган жыгач трапатар же төшөндүлөр менен басууга гана жол берилет.
Зыянкечетр менен булганган жайдан булганбаган жайга кийимди жана буткийимдерди алдын ала тазаламайынча өтүүгө, ошондой эле дан тазалоочу машиналарды, конвейерлерди жана башка механизмдерди, жана зыянкечтер менен булганган шаймандарды алдыр ала тазаламайынча жана зыянсыздырмайынча ордун каоторууга тыюу салынат.
Кампадагы шаймандар ар бир нөөмөттө иш аяктагандан кийин тазаланып жана атайын бөлүнгөн жерде сакталууга тийиш.
Утурумдук иштерде пайдаланылбаган жабдууларды, шаймандарды, таарларды жана буюмдар менен материалдарды, ошондой эле жумушчулардын жеке буюмдары өндүрүштүк жайларда, дан тазалагычтарда, даяр продукциялар кампасында сактоого болбойт. Өндүрүштүк жайларды, коридорлорду, тепкичтердин аянтчаларын, өткөөлдөрдү жана жумуш орундарын даяр продукциялар, калдыктар, демонтаждалган жабдуулар жана башка буюмдар менен тосуп салууга жол берилбейт.
Лаборатория жайлары, алардын жабдуулары жана шаймандар таза сакталып, мезгил-мезгили менен дезинсекцияланып турушу керек.
Дандын жа андан жасалган тпродукциянын үлгүлөрү сактоо мөөнөтү өткөндө зарыл болсо идиши менен чогуу зыянсыздандырылат жана кампага өткөрүлөт.
Мүшөктөрдү жана таарларды сактоо үчүн ар бир пунктта, элеватордо жана ишканада атайын жай бөлүнүүгө тийиш. Мүшөктөр менен таарларды дан, ун жана акшак менен бир биөлмөдө сактоого жол берилбейт. Мүшөктөр дан, ун жана идиш кампаларынан башка өзүнчө жайларда тазаланат жана күбүлөт.
Таарларды иште пайдалануудан кийин тазалоо, ал эми зарыл болгон учурда жуу жана кургатылышы керек.
Зыянкечтер менен булганган таар зыянсыздандырылууга тийиш.
Зыянкечтер менен балганган идиш зыянсыздандырылууга тийиш.
Транспорт каражаттары оң абалда жана таза күтүлүүгө тийиш. Дан менен толтурулганга чейин жана дан түшүрүлгөндөн кийин аларды тазалоо жана зыянкечтер табылган болсо – зыянсыздандыруу керек.
Дан кабыл алуучу жана данды кайра иштетүүчү ишканалардн аймактарын таштандылардан, дандын калдыктарынан туруктуу тазалап жана керектен чыккан жабдуулар, темир-тезек жана башка буюмдар менен тосуп салууга жол бербөө керек. Аймактагы отоо чөптөр туруктуу чабылып же гербициддеррдин жардамы менен жок кылынууга тийиш. Дан запастарынын зыянкечтери менен булганган аймак зыянсыздандырылууга тийиш.
Таштандылар капкактары жакшы жабылган, чычкан сымал кемирүүчүлөр жана чымын-чиркей кире албай турган атайын металл контейнерлерге, бетондолгон же бекем жыгач ящиктерге топтолушу керек. Ал сыйымдуулуктар туруктуу тазаланып жана зыянсыздандырылып турушу керек. Алар дан сактоочу жайлардан болушунча алыс болушу керек. 
Данды жана продукцияларды иштетүүдө пайда болгон жана азык, тоют жана бошка максаттар үчүн пайдаланыла турагн калдыктар алар үчүн атайын кампаларда, ал жок болсо – бул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жайларда же атайын жабдылган, кампалардан алыс турган, таар менен каланган жерлерде сакталууга тийиш. Пайдаланууга болбой турган калдыктар иштетилген жерден жана пункттун аймагынан дароо чыгарылып жана белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш. Калдыктарды, ошондой эле кабык-кашектерди, шыпырындыларды ишкананын ачык аянтында сакоого таптакыр тыюу салынат.
Дан кабыл алуучу ишканаларды жаңы түшүмдүң данын кабыл алууга даярдоодо бардык бош сыйымдуулуктар, дан кургаткычтар потоктук линиялар, жабдуулар, шаймандар, аймактар, ошондой эле булганган дандын партиясы,продукциялар жана калдыктар графикте белгиленген мөөнөттө комплекстүү зыянсыздандырылат.
Бардык кампа жайларын дезинсекциялоого бир учурда даярдоо, мүмкүнчүлүгү жок болсо жайлардын бир бөлүгүн бошотуу жана зыянсыздандыруу өз ара технологиялык линия менен байланышкан бир катар жайгашкан кампалардын тобу боюнча жүргүзүлөт.
Ишканаларга зыянкечтерге чалдыккан дандын түшүшүн болтурбоо үчүн дан запастарынын чарбалары жана жергиликтүү айылчарба органдары жаңы түшүмдү жыйноо башталганга чейин кырмандарды, дан сактоочу жайларды, дан убактылуу турган жерлерди жабдууларды, шаймандарды жана транспортту тазалап жана зыянсыздандырууга тийиш.
Ишканалар дан тапшыруучулардан келип түшкөн жаңы түшүмдүн данынын зыянкечтерге чалдыгышына катуу контролдук кылууга тийиш. Зыянкечтер – курт-кумурскалар менен булганган дан кабыл алынбайт.
Андан тышкары ишканалрга келип түшкөн аралаш тоют чикизаты: дан жана андан жасалган продукция, жымыктар, шрот, сөөк жана балык уну да катуу контролго алынууга тийиш.
Келип түшкөн аралаш тоют чийкизатынан дан запастарынын зыянкечтери табылганда ал өзүнчө кампага жиберилет.
Чийкизаттын үлгүлөрү тийиштүг стандарттарда каралган көрсөткгчтөр боюнча жана ууланышы боюнча текшерилет. Ченемдик-техниклаык документациянын талаптарына жооп берген жанан уулуу эмес чийкизаттын партиясы кайра ишетүүгө жиберилет. Зыянкечтерге кабылган чийизатты тез арада кайра иштетүү мүмкуүн болбогондо дан запастарынын зыянкечтерине каршы күрөшүүнүн сунуш кылынган каражаттарынын бири менен кайра иштетилет.
Көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген чийкизатка акт түзүлөт жана рекламация берилет же аны ветеринардык-санитардык көзөмөл органдарынын корутундусунун негизинде пайдалануу жөнүгдө чечим кабыл алынат.
Эгерде сактоодо турган аралаш тоют чийкизатында табылган дан  запастарынын зыянкечтеринин саны даяр продукцияны иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берсе, анда ал дароо кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, ал сунунш кылынган ыкмалардын бири менен иштетилет.
Сактоочу жайларда дан продукцияларн сактоо үчсүн жагымдуу шарт түзүү жана зыянкечтердин жашашы жана өнүгүшү үчүн жагымсыз шарт түзүү зарыл.
Сактоого коюлган дан кургатылышы, бөтөн аралашмалардан тазаланышы, ал эми суук түшкөндө кыска мөөнөттүн ичинде муздатылышы керек.
Ишкананын санитардык абалы, аны жаңы түшүмдүн данын кабыл алууга даярдоо жана дандын жана продукциялардын булганышын алдын алуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн ишкананын жетекчиси жана анын орунбасар, башкы инжер, өндүрүштүк (технологиялык) лабораториянын начальниги жоопкерчилик тартат.
Санитардык иш-чараларды жүрүзүү өндүрүштүк участкалардын начальниктерине, кампа жана элеваторлордун башчыларын кургатуучу устаттарга, ирилештирүүчүлөргө, алардын жардамчыларына жана цехтин начальниктерине жүктөлөт.
Дандын жана аны кайра иштетүүдөн алынган продукциялардын түшүшүнө, жайгаштырылышына жана абалына байкоо жүргүзүү директолрдун орукнбасарларына өндүрүштүк (технологиялык) лабораториянын начальниктерине жүктөлөт.
Бардык алдын алуу иш-чараларын аткарууга контролдук кылууну ишканалардын администрациясы, мамлекеттик дан инспекциялардын (участкалардын) жетекчилери жүргүзөт.

Дан запастарынын зыянкечтерине каршы күрөшүүнүн физико-механикалык чаралаына данды жана аны иштетүүдөн алынган продукцияларды муздатуу, ошондой эле жылытуу, тазалоо жана данды радияциялык дезинсекциялоо кирет.
Белгиленген режимдерде данды муздатуу жана жылытуу, ошондой эле радиациялык дезинсекциялоо зыянкечтердин өлүмүнө алып келет, ал эми тазалоо анын булганышын азайтат.
Дан запастарынын зыянкечтерине каршы күрөшүүнүң тигил же бул физика-механикалык чараларын колдонуунун максатка ылайыктуулугу дандын же продукциянын сапатынын абалына, булгануу мүнөзүнө, партиянын өлчөмүнө жана иш-чараларды өткөрүү шартына жараша аныкталат.
Дандын жана дан-азыктарынын пестициддер менен булганышын жокко чыгаруу же азайтуу үчүн физико-механикалык ыкмаларга артыкчылык укуктары берилүүгө тийиш. Физико-механикалык же башка экологиялык таза каражаттарды же ыкмаларды (мисалы, феромондор) колдонуу мүмкүн болбогондо же зыянкечтер менен булгануу жыштыгы жол берилген деңгээлден ашып кетүү коркунучу пайда болгондо гана химиялык каражаттарга жол берилет.
Алдын алуу максаттарында данды кургатуу жана муздатуу ыкмасы кеңири колдонулат. Булганган данды дезинсекциялоону данды  кургаткычтарда ысытуу менен жүргүзүүгө артыкчылык берилет. Зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн физико-механикалык чаралараы ишкананын күчү менен жүргүзүлөт.
Булганган данды, унду жана акшакты муздатуу.
Данды жана аны иштетүүдөн алынган продукцияны муздатуу жагымдуу төмөнкү температуралар келгенде жүргүзүлөт.
Данды жана продукциялардын партиясын муздатуунун кезектүүлүгү алардын булгануу абалына жана даражасына жараша белгиленет.
Данды муздатуу пассивдүү ыкма – бөлмөнү желдетүү же актидүү – стационардык жана көчмө желдетүүчү жабдуулардын жардамы менен активдүү желдетүү кыйла натыйжалуу ыкма болуп саналат.
Кампаларда, элеваторлордо, бастырмалардын алдында жана аянттарда сакталган булганган азыктык жана тоюттук данды муздатуу данды, май алынуучу үрөндү, унду жана акшакты сактоо боюнча нускоолорго ылайык жүргүзүлөт.
Үрөндүк дан дан кабыл алуу ишканаларында сорттуу үрөндү кабыл алуунун, жайгаштыруунун, даярдоонун жана сактоонун тартиби жөнүндө колдонуудагы нускоого ылайык муздатылат.
Ундун, акшактын, аралаш тоюттун булганган партиясындагы зыянкечтерди жок кылуу кыш мезгилинде кампа жайларын катуу желдетүү аркылуу жүргүзүлөт. Муздак абанын продукция салнган мүшөктөргө эркин жетишин камсыз  кылуу үчүн аларды үч-үчтөн  кылып жыйып жана бийиктиги төмөндөтүлөт.
Данды жана продукцияларды муздатуу боюнча ишти жүргүзүүдө дан запастарынын зыянкечтеринин ар кандай түрлөрүнүн төмөнкү температураларга туруктуулук даражасы эске алынууга тийиш, алар 9-таблицада көрсөтүлгөн маалыматтар менен мүнөздөлөт.

Зыянкечтеринин төмөнкү температураларга туруктуулугу
Дан запастарынын зыянкечтери	Төмөнкү температурада кыйла туруктуу стадиялар, суткалар боюнча жашоонун узактыгы
	0ºС	-5 ºС	-10 ºС	-15 ºС
Амбардык шиш тумшук	67	26	14	19 саат
Күрүч шиш тумшугу	17	12	4	7,5 саат
Кичинекей ун хрущагы	12	5	5	5 саат
Кичинекей кара хрущак	19	5*	2	4 саат**
Кыска мурутту ун жегич	112	32	20	24 саат
Суринам ун жегичи	22	13	3	24 саат
Дан жонуучу	17	10	1	7 саат
Анткор ууру	219	164	36	17
Буурчак жегич	404 ашык	260 ашык	130 жакын	6
Дан күбөсү	25	9	2	2
Тегирмен шайтан көпөлөгү	116	24	11	2
ун кенеси: жумуртка стадиясында тамактанат	486

Узун кене	85	24	21	1
Түктүү кене: Гипопус
Стадиясында тамактанат	50

	Дан же продуция  суука байымдуу зыянкечтер менен булганган учурда муздатуу тазалоо (элөө) менен айкалышта жасалат.
Жылуулук келе баштаганда дан менен продукцияда төмөнкү температураны сактап калууну камсыз кылуучу чаралар көрүлөт. Бул үчүн дан сактоочу жайдын эшик-терезеси жабык болуп, зарыл учурларда гана аны ачууга туура келет. Сакталып турган дан жана продукцияга көз салуу негизинен эртели-кеч гана жүргүзүлөт. Дан сактоочу жай кургак жана серүүн мезгилде, абанын температурасы жайдагы абанын темпертаурасынан төмөн болгон маалда желдетилет.
Буудай данын термикалык дезинсекциялоо
Азык-түлүкк, тоютка жана техниклаык максаттарга  арналганкургак жана орточо кургак данды термикалык дезинсекциялоого алууга болот.
Термикалык дезинсекциялоо ишкананын күчү менен ишкананын жетекчисинин (же анын орунбасарынын) жазуу жүзүндөгү буйругу ылайык жүргүзүлөт.
Буйрукта: термикалык дезинсекциялоого алына турган дандын турган жери жана саны; дандын портиясындагы курт-кумурскалардын түрдүк курамы; термикалык дезинсекциялоого жүргүзүлөт труган кургаткыч; иштетүүнүң температуралык режими, данды ысытуунун максималдуу температурасы; дезинсекциялоого чейин жана андан кийин транспорт коммуникациялары боюнча данды жайгаштыруучу жер көрсөтүлөт.
Термикалык дезинсекциялоону жана кургаткычтын ишин туура уюштуруу үчүн директор, өндүрүштүк (технологиялык) лабораториянын начальниги жана кургатуучу устат жекечежоопкерчилик тартат.
Термикалык дезинсекциялоо режимин тандоо дан запастарынын зыянкечтеринин негизги түрлөрүнүң жогорку температурага чыдамдуулук даражасын эске алуу менен жүрүзүлөт.

Термикалык дезинсекциялоо режими

Данды ысытуу температурасы, ºС	Төмөнкүлөргө чалдыккан дандын жылуулук-нымдуулук алмаштыргычта болушунун убактысы, минута
	Дан жонуучу, дан күбөсү	Шиш тумшук	Хрущак жана ун жегич, баркыт козукарын жегич

Термикалык дезинсекциялоодо төмөнү шарттарды сактоо зарыл:

Термикалык дезинсекциялоого даярдык көрүүнүң жана өткөрүүнүн тартиби
Термикалык дезинсекциялоодон кийин данды салуу үчүн сыйымдуулуктар, ошондой эле зыянсыздандырылган дан ташыла турган транспорт коммуникациялары мехникалык жол менен (зарыл болсо) тазаланат жана зыянсыздандырылат.
Дан кургаткыч азык-түлүк, тоюттук дан, май алынуучу уруктарды кургатуу жана дан кургаткычтарды эксплуатациялоо боюнча нускоодо баяндалган эрежелерге ылайык иштетилет№
Данды ысытууда аны жылуулук-нымдуулук алмаштыргычта 10-таблицада келтирилген жана ишкананнын жетекчисинин (же анын орунбасарынын) буйругунда көрсөтүлгөн режимге ылайык зарыл температурага чейин ысытуу максатында булганган дандын биринчи партиясы кургаткычтан чыгарбай туруп толук аралашырылат.
Кургаткычтын чыгаруучу механизминин ишин данды ысытууда жылуулук-нымдуулук алмаштыргычтан же ысытуу камерасынан өткөндөн ки	йин дан курчап турган чөйрөнүн температурасына чейин муздатылат.
Ысытуу камерасындагы жылуулук чыгаруучунун температурасына туруктуу көз салынып турат.
Термикалык дезинскциялоо процессин жөнгө салуу жылуулук-нымдуулук алмаштыргычта ысытуунун (куюлуп жаткан катмарды ысытуу) бирдейлиги ар бир 30 минута сайын, ал эми белгиленген режимде – ар бир ссаатта текшерилип турат.
Ар бир саатта муздатуучу шахтадан чыккан иштетилген данды талдоо үчүн анын үлгүсү алынып турат. Азык-түлүктүк, тоюттук данды, май алынуучу урукту кургатуу жана дан кургаткычтарды эксплуатациялоо боюнча нускоолорго ылайык дандын сапатын туруктуу контролду жүргүзүлөт.
Термикалык дезинсекциялоону натыйжалуу жүргүзүү жана буудай данынын сапатын сактап калуу максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

Термикалык дезинсекциялоо жүргүзүлгөндөн кийин кургаткыч, сепаратор, тараза жана булганган данды берүүнү камсыз кылган транспорт каражатаы кылдат тазаланат, зарыл болсо зыянсыздандырылат.
Данды термикалык дезинсекциялоого катышкан кургаткычтын кызматкерлери коопсуздук техникасы жана өндүрүштүк санитария боюнча колдонуудагы эрежелерди жана нускоолорду, ошондой эле азык-түлүктүк, тоюттук данды, макй алынуучу урукту кургатуу жана дан кургаткычтарды эксплуатациялоо боюнча нускоолордо баяндалган дан  кургаткычтарды эксплуатациялоо боюнча нускоолордо баяндалган дан кургаткычтарды эксплуатациялоо боюнча өткө каршы иш-чараларды билүүгө жана аткарууга тийиш.
Булганган данды жана дан азыктарын тазалоо.
Дан зыянкечтерден суук мезгилде, качан муздатылган данда зыянкечтердин толук өлүшү үчүн шарт түзүлгөн учурда тазаланат. Булганган данды жылуу мезгилде тазалоо сунуш кылынбайт, анткени ал зыянкечтердин таркап кетишине алып келиши мүмкүн.
Булганган данды тазалоо чыпкалоочу жабдуулар менен жабдылган,  чаңдын жана зыянкечтердин таркашын жол бербей турган стационардык, ошондой эле көчмө дан тазалоочу машиналарда жүргүзүлөт. Көчмө дан тазалоочу машиналар адатта, кампадан тышкары даярдалган аянттарга орнотулат. Өзгөчө учурларда, тазалоону кампадан тышкары жүргүзүү үчүн шарт жок болгондо дан тазалоочу машиналар чаң топтоочу жабдуу тышка чыгып тургудай кылып, кампанын эшигинин алдына орнотулат. 
Данды шиш тумшуктан, ун жегичтен, кичине жана төөнөгүч муруттуу ун хрущагынан жана кенелерден тазалоо дандын чоңдугуна жараша электин узатасынан кеткен жылчыктары: буудай үчүн – 1,5 -1,7 мм, кара буудай үчүн – 1,4-1,5 мм, арпа үчүн – 2,0-2,2 мм. менен жүргүзүлөт.
Данды кыйла чоң зыянкечтерден (чоң ун хрущагы, шайтан көпөлөктүн чоңойгон курттары, дан жегич ж.б.) тазалоодо тору металлдан жасалган электер пайдаланылат, алардын номерлери үлгүлүк тазалоодо тандалат. 
Тазалоонун жогору натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн ошол партиядагы дандын чакан санын алдын ала тандоо жүргүзүлөт, ал процесстин учурунда машина жөнгө салынып жана иштетиле турган өсүмдүктүн данындагы зыянкечтерге жана отоо чөптөрдүн аралашмаларына жараша элек биротоло тандалат.
Өсүмдүккө жана булгануу мүнөзүнө жараша дан тазлаоочу машинанын элегинин « см жазылыгына келтирилген күч минутасына 30 килограммдан 50 килограммга чейин болгудай кылып колдонуу сунуш кылынат. Дан машинага берилип жана элек жана пневмосепарттоо каналдары боюнча бирдей агым менен аралаштырылат.
Дан тазалоочу машиналар электи тазалоочу шаймандар менен касыз кылынышы керек.
Аба өткөргүчтөр менен циклондордун чаңга толуп калышына жол бербөө үчүн алардын абалына туруктуу контролдук кылып туруу зарыл.
Зыянкечтер жана отоо чөптөрдүн аралашмалары толук ылганышы камсыз кылынган машинанын иштешинин оптималдуу режимин аныктоо ишкананын башкы инженерине, директорунун орунбасарын , өндүрүштүк (технологиялык) лабораториянын начальнигине жүктөлөт.
Тазаланган данга зыянкечтердин кирип кетишин болтурбоо үчүн төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

Данды зыянкечтерден тазалоодо бир нөөмөттө 3-4 жолу тазалоонун натыйжалуулугу текшерилип турат. Булганган данды иштетүүдөн арткан калдыктар атайын бункерге же бүтүн идишке жыйналат, ал толгондо жарактуу калдыктар зыянсыздандыруу жана кайра иштетүү үчүн цехтерге же кампаларга жөнөтүлөт, ал эми жараксыздары ишканадан сыртка чыгарылат жана белгиленген тартипте тариздөө менен жок кылынат.
Иш аяктагандан кийин дан тазалоочу машиналар, транспорт жабдуулар, идиштер, шаймандар жана аспаптар, ошондой эле булганган дан иштетилген жай же аянт тазаланат, аба ырайы жагымдуу болгон шартта химиялык жол менен менен зыянсыздандырылыат.
Дан кабыл алуучу жана данды кайра иштетүүчүү ишканаларда унду жана акшакты тазалоо ишкананын жетекчисинин буйругу менен гана жүргүзүлөт.
Булганган продукция атайын бөлүнгөн жайда гана тазаланат.
Зыянкеч курт-кумурскалар менен булганган ун төмөнкүдөй электер менен эленен:
Сорттуу тартылган ун - №056 элек менен;
Кара буудайдын уну – зыянкечтин түрүнө жараша №080 жана андан жогору металл элек менен зыянкечтерди толук жок кылууну камсыз кылган электин номери булганган ундун чакан санын сынак иретинде элөө менен тандалат.
Зыянкечтер менен булганган акшак дан тазалоочу машиналарда тазаланат же иштеле турган акшактын түрүнө, ошондой эле анын булгануу даражасына (кандай зыянкечтерге чалдыккан жана алар өнүгүүнүн кайсы стадиясында) жараша тандалган элек  менен эленет.
Булганган продукцияны элөөдөн түшкөн калдыктар алардын булганышына жараша химиялык ыкма менен зыянсыздандырылат. Тоюот же техниклаык максаттар үчүн пайдаланууга мүмкүн болбогон калдыктар жок кылынат жана белгиленген тартипте жок кылуу актысы түзүлөт.
Ун же акшак салынган мүшөктө зыянкечтер табылса, бирок алар продукцияда жок болсо, мүшөктүн сырты щетка же чаң соргуч менен тазаланып, анын тигиштерине өзгөчө көңүл бурулат.
Щетканын жардамы менен тазалоодо чаң жана зыянкечтер чакага же ящикке шыпырып салынат. Шыпырындылар керексиз калдыктарды жок кылуу үчүн каралган тартипте кылынат.
Өзүнчө турган штабелдердеги продукциянын булгангандыгы аныкталганда штабелдерди турган ордунда плека менен жаап фумигациялоо камсыз кылынбаган шартта штабель тазалоо үчүн өзүнчө бөлүнгөн жайга көчүрүлөт. Кампанын полунун бошогон участогу, ошондой эле булганган продукция ташылган өтөөл чоң соргуч менен тазаланат же шыпырылат, шыпырындылар жок кылынат.
Тоюттук каражаттарды майдалоо жана гранулдоо
Аралаш тоюттук чийкизат (дан, гранулданган чийкизат, жымык жана шроттор) дан запастарынын зыянкечтерине чалдыкканда зыянкечтерди толук жок кылуу максатында барскандык майдалагычка салып майдаланат.
Элек аралаш тоюттарды. БВК, аралашмаларды жана карбамид концентратын чыгаруу боюнча технологиялык процесстерди уюштуруу жана жүргүзүү эрежелерине ылайык орнотулат.
Зыянкеч – курт-кумурскаларга чалдыккан эндей аралаш тоют гранулданат, мунун натыйжасында курт-кумурскалар толук жок болт гранулданган аралаш тоют буунун 0,35-0,40 мПа басымы астында кургак ыкма менен жүргүзүлөт.

Химиялык каражаттарды колдонуу менен дезинсекциялоо жна дератизациялоо боюнча иштерди дан азыктарын сактоо боюнча уюмдун отряддары (участкалары) аткарат.
Ири көлөмдөгү фумикациялык иштер дан азыктарын сактоо боюнча экспедициянын начальнигинин, же энтомологунун, отряддын начальнигинин, участканын улук устатынын жетекчилиги менен жүргүзүлөт.
Объекттерди химиялык иштетүү ыкмасын объекттин түрүн жана максатын, булганышын, теъникалык абалын, коопсуздук техникасынын талаптарын эске алуу менен дан азыктарын сактоо боюнча экспедициянын (отряддардын, участкалардын) адистери тарабынан аныкталат.
Дан запастарынын зыянкечтерине чалдыккан дан фумигирленет же контакттык аракеттердин инсектициддери менен иштетилет.
Контакттык аракеттердин инсектициддери менен зыянкечтерге чалдыгышын алдын алуу максатында дан жана кездеме мүшкөктөргө салынган продукциялар иштетилет.
Бош турган элеваторлор жана кампалр газ, аэрозоль, нымдуу же нымдуу-газдык ыкма менен зыянсыздандырылат.
Зыянкечтер менен булганган бардык ун тартуучу, акшак, аралаш тоют чыгаруучу жүгөрүнү кайра иштетүүчү заводдор жана башка ишканалар фумигацияланат.
Жабык типтеги дан кургаткычтар жана имаратта жабылбаган потоктук линиянын жанчып-тазалоочу мунаралары эреже катары фумигацияланат.
Ачык типтеги кургаткытар жана имаратта жабылбаган потоктук линиянын стационардык жабдуулары нымдуу ыкма менен зыянсыздандырылат.
Зыянкечтер менен булганган дан тазалоочу көчмө машиналар, конвейерлер, жүктөочү-түшүрүүчү механизмдер жана башка машиналар, ошондой эле шаймандар кампаларда фумигацияланат.
Техниклаык базаны даярдоо мезгилинде булгануу табылган аймактын бардык участкалары зыянсыздандырылат. Ишкананын аймагы нымдуу ыкма менен иштетилет.
Ишкананын тышкы дубалдары, дан кургаткычтар, кургатуучу тазалоочу жан амайдалап-тазалоочу мунаралар жете турган бийиктикте жана аталган объектин аймагына жамаатташ жер кеминде 5 метрге чейин нымдуу дезинсекцияланат.
Тышкы дубалдарды жана аймакты ишетеүү объектти нымдуу дезинсекциялоо менен бирге жүрүзүлөт, ал эми дезинсекциялоонун башка түрлөрүн жүргүзүүдө анын алдында желдетилет.
Транспорт каражаттары нымдуу ыкма менен зыянсыздандырылат, ал эми темир жол вагондору да аэрозоль менен зыянсыздандырылат.
Кыш мезгилинде химиялык жол менен зыянсыздандырууга шарт жок болгондо бардыктранспорт каражаттары механикалык жол менен өтө кылдат тазаланат.
Иштин жетекчиси зыянсыздандыруу жүргүзүү белгиленген ишкананын өкүлдөрү менен бирдикте (ал эми элеваторлордо, ун тартуучу, акшак жана аралаш тоют чыгаруучу заводдордо – курамына жетекчиден тышкары башкы инженер, цехтин начальниги, санитардык-эпидемиологиялык кызматтык өкүлү, өндүрүштүк (технологиялык) лабораториянын начальниги жана ишкананын күзөт начальниги кирген комиссия алдын ала текшерүү жүргүзүп, зыянсыздандырууну талап кылган иштин түрүн жана көлөмүн, механикалык жол менен тазалоо тартибин жана ыкмаларын жана жайлардын жылчыксыздыгын, коомдук коопсуздукту камсыз кылган иш-чаралардын мүнөзүн жана көлөмүн, ошондой эле дегазациялоо ыкмасын жана мөөнөтүн аныктайт
Изилдөөнүн натыйжасына жана фумигациялоо, данды жана элеваторлорду контакттык аракеттеги инсектициддар менен иштетүү белгиленген учурлардагы зарыл сунуштар белгиленген форма боюнча алдын ала текшерүү актысы катары таризделет.
Ишканалардын жетекчилери төмөнкүлөргө милдеттүү:

Фумигациялоонун бардык түрлөрүн жүргүзүүдө ишкананын жетекчиси буйрук чыгарат, анда зыянсыздандыруу жүргүзүүнүн мөөнөтү жана тартиби, коомдук жана жеке коопсуздук чаралары, ошондой эле буйрукта көрсөтүлгөн иш-чараларды аткарууга жекече жооп берген адамдардын тизмеси көрсөтүлөт. Буйруктун көчүрмөсү иш башталган чейин 2-суткадан кечиктирилбестен райондук саламаттык сактоо бөлүмүнө, экологиялык кызматка, милицияга жана өрт көзөмөлүнө берилет жана фумигация иштери жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө ал уюмдарга билдирүү документи болуп саналат.
Химиялык иштетүүгө туш болгон дан жана андан жасалган азыктар эркин түрдө атайын журналга катталууга тийиш, анда пестициддин аталышы, чыгымдоо ченеми, калган санынын деңгээли жана аларды аныктоо датасы көрсөтүлөт.
Дезинсекциялоо боюнча иштин жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү

Механикалык тазалоо
Дезинсекциялоонун бардык түрлөрүн жүргүзүүнүн алында милдуттүү түрдө зыянсыздандырууга жаткан объекттерди механикалык тазалоо жүргүзүлөт.
Зыянкечтердин жана чаңдын атрап кетишин болтурбоо үчүн механикалык тазалоо өнөржайлык чыңсоргучтарды пайдалануу менен аткарылууга тийиш.
Кампалардын дубалдары, тосмолор, устундар, түркүктөр, стропилалар, карниздер, шыптар, пол, эшик-терезе, калкандар, траптар. Ошондой эле төмөнкү жана жогорку галереялар – төмөнкү жана жогорку конвейерлер, төгүүчү арабалар жана башка жабдуулар мехникалык жол менен тазаланат. Данды күчтөп желдетүүчү стационардык жабдуулар жана аэрожапкычтар орнотлуган кампаларда ошол жабдуулардын каналдары жана торчолору да тазаланат.
Эшиктин жыгач босогосу жана плинтустар чыгарылат, анын асты тазаланат жана кампа зыянсыздандырылгандан кийин гана кайра ордуна коюлат.
Цемент же асфальт төшөлгөн полдогу жаракалар жана чуңкурлар тазаланат жана зыянсыздандырылгандан кийин ал жерлер оңдолот.
Нымдуу дезинсекциялана турган дан төгүлө элек кампалар механикалыко тазалоодон кийин басым астындагы суу менен жуулат. Фумигацияланууга жана аэрозолдук дезинсекциялоого жаткан кампалар экспозициядан жана толук дегазациялоодон кийин жуулат. Кампаларды жууганды жана механикалык тазалоону дан азыктар ишканасынын кызматкерлери аткар.
Дан же продукция фумигациялангандан кийн бөлмөнүн бош жерлер, устундар, карниздер, түркүктөр, эшик-терезелер ж.б. данды жана продукциялар жыйылган штабелдерди таар, пленка менен жаап жана данга жана продукцияга тоз-топондун түшүп кетишин болтурбагыдай коопсуздук чараларын көрүү менен механикалык тазалоодон өткөрүлөт.
Кампалар менен бир учурда эле аны менен байланышкан бардык жайлар жана данды потоктук иштетүү үчүн линиялар тазаланат.
Элеваторлордо, силостор дандын калдыктарынан тазалангандан кийин, аспирацияларды иштетүү менен 10-15 минута жөн гана иштетилет, мында силостордун жогорку люктары жана төмөнкү капкактары ачып коюлат.
Элеваторлорду, кургатуучу-тазалоочу, майдалап-тазалоочу мунараларды жана дан кургаткычтарды тазалоо жогорку кабаттардан башталат. Бардык айлардын будалдары, полдору. Шыптары, силостор, кабыл алуу жана төгүп берүү бункерлер, таразалра, дан тазалоочу жабдуулар, кургатуучу шахталар, диффузорлор, трубоөткөргүчтөр, норийлердин баштары жана тамандары, норий түүктөрү жана аларда тасмалар, конвейерлер, өзү төккүчтөр, жледеткичтер, чаң тосуучу камералар, чыпкалар, циклондор жана башка жабдуулар тазаланат. Элеваторлордун силосторунда конустарды жана чыгаруучу тешиктерди, ошондой эле силостордук дубалдарынын жогорку бөлүгүн жана үстүңкү жапкычын тазалоого өзгөчө көңүл бурулат, нымдын конденсациясынын жана органикалык чаңдын топтолушунун натыйжасында өтө тыгыз, оңой менен тазаланбай турган катмар пайда болот.
Ун тартуучу, акшак, аралаш тоют чыгаруучу заводдорду, жүгөрүнүн сорттуу жана гибриддик үрөнүн иштетүү боюнча заводдорду механикалык тазалоо ишкананын цехтеринин начальниктаринин түздөн-түз жетекчилиги астында алдына ала изилдөө актысына ылайык жүргүзүлөт.
Ишкананын жайларын тазалоо шыпты, устундарды жана дубалдардын жогорку бөлүгүн шыпыруудан башталат. Андан кийин бардык жабдуулар, анын ичинде иштебей тургандар тазаланат, дубалдын төмөнкү бөлүгү шыпырылат, полдор тазаланат, жабдуулардын алдына түшкөн, жылчыктарга, чуңкурларга кептелге, плинтустун алдындагы ыпыр-сыпырлар алып салынат. 
Жабдууларды механикалык тазалоодо ал жарым-жартылай чечилет.
Жабдууларды чечүү алдын ала изилдөө жүргүзгөн комиссия аныктаган мүмкүн болушунча аз, бирок жабдууларды толку азалоо жана фумиганттын ээн-эркин жетиши үчүн шарт түзгүдөй көлөмдө жүргүзүлөт.
Ун тартуучу, акшак, аралаш тоют чыгаруучу заводдорду тазалоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

Герметизация
	Газ же аэрозолдук ыма менен зыянсыздандырууд механикалык тазалоодон кийин зыянсыздандырылган объекттерди герметизациялоо жүргүзүлөт.
Жайларды аэрозоль менен иштетүүнүн алдында жылчыктар бүтөлүп, терезелер, люктар, желдеткич тешиктер, ошондой эле ичинен кулпу менен илине турган эшиктер, каалгалар, шпингалеттр жана дезинсекциялык жабдуулардын операторлору кири-чыга тургандан башка нерселер бекем жабылат.
Объектти фумигациялоого даярдоодо герметизация өзгөчө кылдат жасалат, болгондо да дубалдардагы, чатырдагы, терезелердеги, эшиктердеги жана башка газ учуп кетиши мүмкүн болгон майда жылчыктардын бардыгы бөтөлөт.
Кампаларда чатырларга, чатыр менен дубалдын бириккен жерлерине, фронтондорго, эшик-терезелердин ордуна, активдүү желдетүү каналдарына же аэрожапкычтардын сырткы бетине өзгөчө көңүл бурулат.
Жыгач кампаларды фумигациялоодо кычык-жылчыктардын бардыгы тегиз шыбалат.
Ишканаларда, элеваторлордо, кургатуучу-тазалоочу жана майдалап-тазалоочу мунараларда, жабык типтеги дан кургаткучтарда бардыгы жабылып жана тышты карай чыгуучу желдетүүчү жана башка жылчыктар герметизациялоочу аралашма же пленка менен жабылат, герметизациялоочу аралашма же пленка менен жабылат, башка бөлмөлөр менен катнашуу материал өткөргүчтөр жабылат жана герметизацияланат, ашканаларда бардык канализациялык тешиктер герметизацияланат.
Фосфин менен фумигациялоонун алдында элеватордогу кураштырма темирбетондон жасалган силостордо аны айланта курчаган корпустарда силостун дубалынын жогорку чети менен силостук тактанын тактанын ортосундагы монтаждык жылчыктар, ошондой эле кураштырма элементтерден турган силостордун түбүндөгү бириктирүүчү жылчыктар бүтөлөт.
Данды фумигациялоого даярдоонун бардык учурунда элеватордо чыгаруучу люктун эшигиндеги жылчык, ошондой эле конустун бетон менен бириккен металл бөлүгү герметизацияланат.
Герметизациялоо жүргүзүүдө тешиктер менен жылчыктар сырт жагынан бүтөлөт.
Тыш жагынангерметизация жүргүзүүгө мүмкүн болбогон көп кабаттуу имараттарда жогорку кабаттарды ич жагынан герметизациялоого жол берилет герметизация жүргүзүүгө мүмкүн болбогон көп кабаттуу имараттарда жогорку кабаттарды ич жагынан герметизациялоого жол берилет, ага чейин ал алдын ала тазаланат жана бүтөлгөн жерлерди нымдуу ыкма менен зыянсыздандырылат. Силостун жорку кырларындагы тешиктер жана алардын ортолору жана элеватордун силостук корпусунун силосунун тактасы да ич жагынан герметизацияланат.
Тешиктер жана жылчыктар катуу кагаз менен, жабышкак полиэтилен капталат же төмөнкү рецепт боюнча даярдалган аралшма менен бекитилет: эки чака кум менен бир чака топуракты сууга эзип, бир тектүү масса болгонго чейин аралаштырат.
Эшик-терезелерди, ошондой эле тышка чыккан чоң тешиктерди – активдүү желдетүү үчүн стационардык жабдуулардын патрубкалык каналдарын жана аэрожапкычтарды, желдетүүчү жана аспирациялык трубалар чыгуучу жерлерди, силостордун трубалары чыгуучу тешиктерди, кампалардагы конвейерлер ыртка чыкуучу жерлерди жана башка жүк түшүрүүчү, жүктөөчү, дан фумигациялануучу жерлердеги өткөөл жана башка люкатры, трюмдардагы люктарды, кампалардын эшик-терезелерин герметизациялоо үчүн калңдыгы кеминде 100 мкм келген синтетикалык плекаларды пайдалануу максатка ылайыктуу.
Зыянсыздандыруу боюнча ишти жүрүзүүнүн алдында герметизациялоонун абалы сөзсүз текшерилет, ошондой эле экспозициянын ичинде анын абалына көз салынып турат; гыз чыгып жаткан жер табылганда ал кошумча герметизацияланат.
Герметизацияны туура жана өз убагында жүргүзүү үчүн ишкананын жетекчиси жоопкерчилик тартат.
Элеватордун силосторунун жылчыксыздык деңгээлин аныктоо
Темирбетон силостордун жылчыксыздыгына баа берүү үчүн У»-УОГ жабдуусу пайдаланылат. Жабдуу текшерилип жаткан силостун жүктөөчү люгуна бекем орнотулат. Сынак иретинде иштетүү менен желдеткичтин дөңгөлөгүнүн айлануу багытынын тууралыгы же силостук топто катуу басым түзүлөт, ММН-240 микротонометрдин көрсөткүчтөрү боюнча аныкталат.
Сыноо үч жолу кайталанат, басымдын төмөндөө убактысы үч жолу өлчөөнүн орточо арифметикалык өлчөмү катары аныкталат. Өлчөө аркылуу силостун же силостук топтун жылчыксыздык деңгээлинин мүнөзү 11-таблицада келтирилген.

Силостордун жылчыксыздык деңгээли 

Жылчыксыздык деңгээлинин №	Өтө жогорку басымдын 50%га төмөндөө убактысы, басымдын диапозонуна жараша, Па
	500-250	400-200	300-150	200-100

Басымдын тандалган диапозонунда басым төмөндөшү таблицада көрсөтүлгөндө тез жүрсө, анда силос жылчыксыз эмес деп таанылат, ал жерде фумигациялоого жол берилбейт, силостор кошумча герметизациялоону талап кылат.
Жылчыксыздык №4 деңгээле болгондо фумигациялоо ички силостордо гана жол берилет. Жылчыксыздык №1, 2, 3 деңгээле болгондо фумигациялоого тышкы силостордо, бирок тыштагы шамалын ылдамдыгы 7,0 м/с ашпаганда гана жол берилет.
Данды жана продукцияларын дезинсекциялоо
Данды жана дан продукцияларын дан кабыл алуу, данды кайра иштетүү жана аралаш тоют чыгаруу ишканалаында фумигациялоо ошол иш-чараны жүргүзүг зарыл болгондо гана жүргүзүлөт.
Данды жана андан жасалган азыктарды зыянсыздандыруу үчүн төмөнкүдөй инсектициддер колдонулат: 

Үрөндүк данды фумигациялоонун алдында иштетүүгө чейин 10-15 мурда жана ал аяктагандан кийин 15-30 өткөндө үрөндүн өнүп чыгышын текшерүү керек. Талдоо үчүн эки үлгү алынат, алардын бири контролдук-үрөн лабораториясына жиберилет, экинчиси талдоонун натыйжасын алуу үчүн ишканада саталат. Химиялык иштерди аткаруучунун талабы боюнча үрөндүк дандын тандалып алынган үлгүсү анын катышуусу менен анын өнүп чыгышы текшерилет. Андай болгондо үчүнчү үлгү тандалат, ал аткаруучуда сакталат. Зарылчылыгына жараша экинчи жана үчүнчү үлгүлөр арбитраждык талдоого жиблерилет.
Данды контакттык аракеттеги инсектициддер менен иштетүү атайын форсункалары жана транспорттук жабдууга бекитүүчү шаймандары бар чачыраткычтардын жардамы менен жүргүзүлөт.
Дан препараттарды суу менен аралаштыруу менен же түздөн-түз эмульсиянын концентраты менен иштетилет.
Кампаларада дандын үстүн алдын ала иштетүү аэрозолдук чачыраткычтардын жардамы менен контакттык аракеттеги инсектициддер менен жүргүзүлөт. 
Контакттык аракеттеги инсектициддерди колдонуу алдында иштетилген данды куюу үчүн резервдик сыйымдуулук тандалат, ал жакшылап тазаланат, зарыл болгон учурда зыянсыздандырылат.
Контакттык аракеттеги инсектициддерди колдонуу алдында иштетүүгө дандын температурасы жана сырткы абанын температурасы 0°С дан төмөн болбогондо уруксат кылынат.
Фосфористтик суутектин (фосфиндин) негизиндеги препараттар менен фумигациялоо дандын, дан азыктарынын, кампадагы абанын жана дан иштетилип жаткан жайдагы температура 15°С дан жогору болгондо жүргүзүлөт.
Өзүнөн-өзү ысып кетүү очогу бар дандын партиясын фумигациялоого тыюу салынат. Өзүнөн-өзү ысып кетүү очогу фумигациялоонун алдында дандын негизги массасынын температурасына чейин муздатылууга тийиш.

Дандын тыгыздалып калган үймөгүн бириндетүү керек.
Катуу шамал болгондо (7 м/с ашык) данды жана продукцияларды фумигациялоого уруксат кылынбайт.
Жайдын ысык мезгилинде кампаларда данды жана продукцияларды фумигациялоо эртең менен эрте, кеч күздө күндүн экинчи жарымында абанын температурасы максималдуу болгондо жүргүзүлөт.
Балдардын жана диетикалык азык үчүн арналган чийкизатты химиялык дезинсекциялоого жол берилбейт.
Эгерде дан же аны иштетүүдөн алынган продукциялар химиялык жол менен иштетилүүгө алынган болсо, анын сапаты жөнүндө коштоочу документтерде төмөнкүдөй маалыматтарды жазып коюу керек: пестициддин аталышы, чыгымдоо ченеми, иштетилген датасы, сатып өткөрүү учурунда калдыктын деңгээли. Эгерде дан сакталып турган учурда химиялык иштетилбеген болсо, аны да коштоочу документке көрсөтүү керек.
Силостун үстүңкү, силостун астыңкы жайлары жана жумушчу мунара жылчыксыздык анча болбогондо алар бош жайларды зыянсыздандыруу гчүн каралган тенология боюнча жана чыгымдардын ченемине ылайык инсектициддер менен нымдуу же аэролдук ыкма менен зыянсыздандырылышы мүмкүн.
Нымдуу же аэрозолдук ыкма менен зыянсыздандыруу фумигациялоо башталганга чейин жүргүзүлөт.
Фумигациялоодон кийин 3-4 сааттын ичинде жайлардын герметизацияланышынын ишенимдүүлүгү текшерилет.
Идишке салынган данды кампаларда жана газокамераларда фосфин менен фумигациялоо төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: продукцияны жана идишке салынган данды 10 метрден ашпфаган узундукта жана 3 метрден ашпаган жазылыкта “үчилтиктерге” үсүтүнө штабель кылып коюлат. Кампанын дубалын бойлой жана штабелдердин ортосундагы өткөөл кеминде 0,7 метр болушу керек.
Данды фумигациялоонун натыйжалуулугунун аныктоо жана экспозиция мөөнөтүн тактоо үчүн үймөктөн газдуу абанын аралашмасынын үлгүлөрүн туруктуу алып туруу, алрдагы фумиганттын катышын талдоо, экспозицияда ПКЭ катышын эсептөө жана ПКЭн зыянкечтеринин өлүшү үчүн зарыл болгон ПКЭсум иш жүзүндөгү маанисин салыштыруу жолу менен фумигациялоо процессине контролдук жүргүзүлөт.
Үймөктүн жогорку (үстү жагынан 10-15см) жана төмөнкү (полдон 15 см) катмарынан газдуу аралашманын үлгүсүн алуу үчүн экиден зонд (кампанын ортосуна төрт газ бөлүштүргүч түтүктөрдүн диагонал боюнча кесишкен жерине) онотулат. Зондго кийгизилген резина шлангдар эшиктеги же терезедеги жыртыктар аркылуу кампанын сыртына чыгарылып кыпчуур же тыгын менен бекитилет. Газдуу абанын үлгүсү кампага фумигант берилгенден кийин ПСУ приборунун жардамы менен дароо эле, андан кийин экспозициянын 3; 6 (12); 24 сааттан кийин жана ар бир 24 саат сайын алынат жана талданат.
Дандардын аралыгындагы зонада фумиганттын К концентрациясын ар бир жолку (биринчисинен тышкары) аныктоодо ПКЭп  төмөнкү формула боюнча эсептелет:

мында К0, К1, К2, К3, ....Кn, - газдуу абанын үлгүсүн ар бир жолку алууда фумиганттын концентрациясы, г/м3;
В0, В1, В2, В3, ....Вn, - экспозициянын башталган мөөнөтү, саат.
Андан кийин ПКЭнин (ПКЭсум) жалпы чоңдугу белгилүү убакыт ичинде ошол көрсөткүчтөрдүн суммасы катары эсептелет:
ПКЭсум  =  ПКЭ1 +  ПКЭ2 +  ПКЭ3 +  ПКЭn 
К, ПКЭ жана ПКЭсум аныктоо боюнча алынган натыйжа 12-таблицадагы форма боюнча ар бир чекит үчүн жазылат. 

Газдуу абанын үлгүсүн алуунун маалыматтары.

Газдуу абанын үлгүсү алынган жер	Өлчөөнүн көрсөткүчтөрү жана бирдиктери	Экспозиция башталгандан тартып көрсөткүчтөрдүн чоңдугу, саат
		0	3	6 (же 12)	24	48	70	96	Ж.б.
	К, г/м3								
	ПКЭn , г3								
	ПКЭсум, г, саат/м3								

Фумигациялоонун экспозициясы ПКЭсум чоңдугуна ПКЭn чоңдугуна богон катышына жараша белгиленет. Эгерде ПКЭсум ПКЭn чоң болсо, экспозиция токтотулат, анткени курт-кумурскалардын жок болушу камсыз кылынат.
Эгерде экспозициянын 5 суткасынын ичинде ПКЭсум ПКЭn аз болсо, ошол чоңдуктардын ортосундагы айырманы эске алуу менен фумигант кошумча берилет.
Эсептин мисалы 12-тиркемеде келтирилген.
Мүшөктөрдүн сыртынан фумигантты буулоожолу менен дандын, дын азыктарынын жана чөптүн үрөнүнүн чакан партиясын фумигациялоо
Фумигант чыланган мүшөктөрдү колдонуу мданды, дан азыктарын жана чөптүн үрөнүн зыянсыздандыруу фумигациялоо газокамераларда же ал жок болгон учурда – кампаларда синтетикалык пленка же таар менен жаап, ал эми метеорологиялык жагымдуу шартта – мурдатан даярдалган ачык аянтта жүргүзүлөт.
Фумигациялоодо дан үймөгүнүн бастырмасынын, идишке салынган дандын штабелинин же продукциянын үстүнө фумигант буулансын үчүн пленка же таардын астында 50 см жакын бийиктикте бош жер калсын үчүн каркас орнотулат. Пленка штабелди (үймөктү) толугу менен жапкыдай эсеп менен күн мурдатан жабыштырылышы керек. Пленка жана таардын учтары кампанын полуна же аянтка кум толтурулган узун мүшөктөрдүн жардамы менен бастырылышы керек.
Таар аркылуу фумиганттын чыгып кетпеши үчүн алар бүткүл экспозиция ою суу менен бирдей нымдалып турушу керек.
Кыш мезгилинде жайларда дандын, буурчак жана продукялардын чакан партиясы пассивдүү ыкма менен зыянсыздандырылат, андай жайларда данды 12°С төмөн болбогон температурага чейин жылытуу жана фумигациялоо жана дегазациялоо процессинде зарыл температураны кармап турууга болот. Жылытылган жайларда фумигациялоо жай мезгилинде фумигациялоо үчүн каралган шарттарды, чыгымдын ченемдерин жана экспозицияны сактоо менен жүргүзүлөт.
Бийиктиги 0,75 метрден ашпаган үймөктөлгөн буурчакты жылытылбаган жайда анын температурасынын жана сырттагы абанын температурасынын жана сырттагы абанын температурасы 12°С аз эмес, бирок -15°С төмөн болбогон температурада пассивдүү ыкма менен фумигациялоого жол берилет. Буурчактын үймөгү фумигациялоодо анын үстүндө бийиктиги 15-20 см бош жер калтыруу менен таар же пленка менен жабылат.
Идишке салынган данды, чөптүн үрөнүн же продукцияларды фумигациялоодо штабелдер механикалык жол менен зыянсыздандыргай жаткырылат, буга узундугу ар түрдүү болгон штабелдер кирбейт.
Фумиганттар бир кылка таркатылышы үчүн кездеме мүшөктөр таарга же бекем тактай сөөрүгө жайылып, 3 мүшөккө 1 кг эсеби менен мурдатан даярдалган фумигант менен нымдалат. Мүшөктөрдү нымдоого жараша замбилдер менен ташылып же атайын ылайыкташтырылган ящиктерге дай үймөгүнүн үстүнө же идишке салынган  дандын, чөптөрдүн үрөнүнүн, продукциялардын штабелдеринин ортосуна бирдей жайгаштырылат.
Суюк фумиганттын данга же продукцияга тийип калаышын болтурбоо үчүн алар кургак мүшөктөр же пленка менен жабылат.
Фосфиндин негизиндеги препараттар менен дан жана дан азыктарык фумигациялоо
Элеватордун силосторунда данды фумигациялоо
Фосфиндин (магтоксин, фостоксин, целфос, делиция-газтоксин жана термофос) негизиндеги препараттар менен дан жана дан азыктары фумигациялоого эгерде дан кургак же орточо кургак болгондо анын температурасы 15°С жогору болгон шартта жүргүзүлөт.
Бул үчүн конвейерде белгиленген ченем менен автоматтык дозатордун жардамы менен аралаштырылган данга бирдей өлчөмдө гранулдан же препараттын таблеткалары берилет.
Конвейрдик тасмадан дан мурдатан тазаланган жана герметизацияланган (жүктөлүүчү люктан тышкар) силоско келип түшөт. Силос данга толтурулгандан кийин жүктөөчү люк жабылат жана герметизацияланат. Фумигациялоонун берилген экспазичиясы сакталат. Экспозициялоо аяктагандан кийин силостун люгу дегазациялоо үчүн ачылат.
Данды препараттар менен иштетүүнүн алдында элеватордо төмөнкгдөй даярдык көрүү иштери жүргүзүлөт:

Даярдык көрүг фиштери аяктагандан кийин силостун үстүңкү жайына зарыл сандагы препараттарды алып чыгышат жана дазотордун 1 сааттык ишинин ичинде анын чыгымдалышынан ашпаган санда гранулдар (таблеткалар) дозаторго салынат. Бошогон флягалар жана ичинде препараттардын калдыгы бар флягалар дароо тыгындалат.
Конвейерге зыянсыздандырууга тийиш  болгон дан берилет. Дозатор баскычты кое берүү менен конвейердеги тасмадагы дандын агымынын таасири астында автоматтуу түрдө иштейт.
Ар кандай объекттерди фосфиндин негизиндеги препараттар менен дезинсекциялоо режими 13-таблицада көрсөтүлгөн
Иш процессинде керектелишине жараша дозаторго гранулдар жана таблеткалар берилип жана ал дозалаган гранулдун (таблетканын) саны эсептеги убакытка салыштырмалуу убакыт бирдигинде контролодонот.
Транспорттук жобдуунун өндүрүмдүүлүнө жараша убакыт бирдиги үчүн данга дозатор менен берлиген гранулдардын же таблеткалардын саны 14- же 15-табицаларда келтирилген же төмөнкү формула боюнча эсептелиши мүмкүн:
Б х В
С = ------------------

мында С –минутада гранулдардын (таблетканын0 саны;
Б – 1 т данга препараттардын, гранулдардын (таблеткалардын) чыгымдалыш ченеми;
В -= данды алмаштыруучу жабдуунун иш жүзүндөгү өндүрүмдүүлүгү, т/саат.
Дан, препараттын гранулдары же таблеткалардын силостук тактага, өзгөчө силостон дан чогултуучу жерге түшүп кетишине көз салуу үчүн данды иштетүү процесине көз салынып турат жана элеватордун жайларында фосфиндин концентрациясына туруктуу контролдук кылынат.
Бул үчүн препарат кошулган дан толтурулган силоско дан үймөгүн 2 метр тереңдиктеги газдуу аба үлгүсүн алуу үчүн зонд-түтүк киргизилет.
Силостун жүктөөчү люгу жабылат жана герметизацияланат; пленка менен жабылат жана 2-3 кат катуу кагаз тилкелер менен бардык жылчыктар чапталат. Жүктөөчү люктун капкагына жана силостун өзү куюлуучу түтүгүнө экспозиция башталган дата жана убактысын көрсөтүү менен таасын ариптер менен эскертүүчү жазуу жазылат.
Фосфиндин негизинде ар кандай объекттерде дедзинсекциялоо режими

Объект	Фосфин боюнча чыгымдын ченем, г	Препараттар боюнча чыгымдардын ченеми*	Экспозиция, суткада	ПКЭ**,  г х с/м3
		Фостоксин, делиция-газтоксин, целфос, магтоксин, квинкфос, (таблеткалар, гранулдар)	Термофос (таблеткалар)	Магтоксин (такта жана тасмалар)	Делициягаз-токсин, фостоксин жана целфос үчүн	Магтоксин жана термофос үчүн	
Элеватордун силосундагы дан	3***	9	6	-	5	3	25
Пленка астындагы дандын чакана партиясы	3***	9	6	18,7	5	3	25
Кампадагы идишке салынган ун жана акшак	2	6	5	12,5	5	3	7
Пленка астындагы ундун жана акшактын чакан партиясы	2	6	5	12,5	5	3	7
Данды кайра иштетүүчү ишкандар	3	-	-	18,7	-	2	7

Ушундан кийин дозатор препараттын калгандарынан тазаланат, желдетилет жана сактоого коюлат. Гранул салынган, тыгын менен бекитилген бош флягалар жана пайдаланылбаган препарат салынган флягалар иш аяктары менен санап туруп жыгач ящиктерге салынат, алр элеватордон чыгарылып, уулуу химикаттар кампасына жөнөтүлөт. Таблеткалар менен иштөөдө препараттардын калгандары да саналып туруп такталат жана кампага жанаөнөтүлөт.
Бош идиш дезинсекция жүргүзүүдө коопсуздук чаралары боюнча сунуштарга ылайык жок кылынат.
Элеватордун дезинсекциялык иштер жүргүзүлгөн имаратынын бардык чыга бериш эшиктеринде иштетелиген дан бар силостордун номурларын көрсөтүү менен эскертүүчү жазуулар илинет.
Препарат данга кошулгандан кийн силостун үстүңкү жана силостун астыңкы жайлары, жумушчу мунара жана жабдуулар аэрозоль же нымдуу ыкма менен дезинсекцияланат.

Фосфиндин 3 г/т чыгымдалыш ченеминде (15гранул) гранул үчүн ачык тешиктердин санына жараша дозатордун өндүрүмдүүлүгү

Бергичтеги ачык тешиктердин саны	Дозатордун, өндүрүмдүүлүгү гранул-саат	Иштетилген дандын саны т/саат	Бергичтеги ачык тешиктердин саны	Дозатордун, өндүрүмдүүлүгү гранул-саат	Иштетилген дандын саныт/саат

Фосфиндин 3 г/т чыгымдалыш ченеминде (3 табл/т) таблетка үчүн ачык тешиктердин санына жараша дозатордун өндүрүмдүүлүгү

Бергичтеги ачык тешиктердин саны	Дозатордун, өндүрүмдүүлүгү гранул-саат	Иштетилген дандын саны т/саат	Бергичтеги ачык тешиктердин саны	Дозатордун, өндүрүмдүүлүгү гранул-саат	Иштетилген дандын саны т/саат

Экспозиция процессинде иштетилген силостордон зонд-түтүктөр аркылуу (12 жана 24 саатта, андан кийин суткасына бир жолудан) газ менен абанын үлгүсү алынат, андан фосфиндинконцентрациясына талдоо жүргүзүлөт. ПКЭ экспозициясында концентрация жүргүзүүнүн чоңдугу 37-беттеги формула боюнча эсептелет.
Экспозиция 13-таблицанын маалыматтарына ылайык белгиленет. Экспозиция ПКЭни эсептөөнүн натыйжасына жараша такталат жана ПКЭнин чоңдугу 25 г саат/м3 жеткенде аяктайт.
Дегазация пассивдүү жол менен жүргүзүлөт. Жүктөөчү люктар дегерметизацияланат жана  ачылат. Силостун үстүңкү жана силостун астыңкы жайлрында эшик-терезелер ал жайлар жакшы желдетилсин үчүн ачык кармалат. Силосторду пассивдүү дегазациялоо адатта пассивдүү жүргүзүлүп 10 сутканын ичинде аяктайт.
Эгерде иштетилген дан тез аранын ичинде сатыла турган болсо, ал эми пассивдүү дегазациялоо дандагы фосфиндин калыгына МДУнун деңгээлине чейин томөндөтө албаса, анда дандын бир силостон экинчисине которуу аркылуу активдүү дегазациялоо жүргүзүлөт.
Дегазациялоонун толук жүргүзүлгөндүгү жумушчу зонадагы дандын үстүндөгү жана дандын ортосундагы мейкиндиктеги абадагы фосфиндин концентрациясы жана методика боюнча дандагы фосфиндин калдыгынын катышы боюнча аныкталат.
Дегазация башталгандан кийин жумушчу зонадагы, дандын фосфиндин калыгынын катышы боюнча аны.
Дегазация башталгандан кийин жумушчу зонадагы, дандын үстүндөгү жана дандын ортосундагы мейкиндиктеги абадагы фосфиндин катышын талдоо үчүн сутка сайын алынып турат.
Дандын үстүндөгү жана дандын ортосундагы мейкиндиктеги абанын үлгүсү фумигациялоонун башталардын алдында силостордо жайгаштырылган зонд-түтүктөр аркылуу алынат.
Дегазация башталгандан кийин 5 суткадан соң иштетилген дандын үлгүсүа анда фосфиндин калдыктарын аныктоо үчүн алынат. Эгерде дандагы фосфиндин катышы МДУдан ашык болсо, анда үлгү 3-5 суткадан кийин кайталап алынат.
Фосфинге талдоо үчүн жумушчу зонадагы абанын үлгсү силостоллрго жакын жерде силосторго жакын жерде силостун үстүндөгү жана силостун астындагы данды фумигациялоо жүргүзүлгөн жайларда, ошондой эле жайдын өтө аз желдетилген 2-3 участкаларынан алынат.
Элеватордогу силостордун кеминде 20%ы бир эле учурда фумигацияланууга тийиш.
Эгерде элеватордун имаратында, дандын үстүндөгү жана дандын ортосундагы мейкиндиктеги абадагы фосфиндин концентрациясы 0,1 мг/м3 ашпаса, ал эми анын дандагы катышы 0,1 мг/кг болсо дегазация аяктады деп эсептелет.
Зыянсыздандыруунун натыйжасы данды дегазациялоодон кийин дароо бааланат.
Кампалардагы дан азыктарын фумигациялоо
Фумигациялоо алдында даяр продукциялар турган кампалар тийиштүү абалга келтирилет.
Кампанын ортоңку жана бурч жактагы бөлүгүндө жайгашкан азыктары бар штабелдерде адамдын боюна туура келген деңгээлинде газдуу абанын үлгүсүн алуу үчүн эки полиэтилен зонд-түтүк орнотулат. Зонд-түтүктүн бош учу сыртка чыгат жана кыпчуур менен бекитилет. 
Ар бир кампада дедзинсеторлордун кири-чыгышы үчүн бирден элик ачык калтырылат.
Магтоксиндин, фостоксиндин жандырылган бүктөмг  тасмалары жана такталары кампага алып келинип, герметизациялык таңгактан бошотулуп, даяр продукципялар турган штабелдердин ортосуна бүткүл кампа боюнча бирдей жаткырылат.
Препараттардын гранулдары же таблеткалары бир кат кылып бүткүл жай боюнча полго бирдей кылып ташталат. 
Препараттардын гранулдары же таблеткалары бир кат кылып бүткүл жай боюнча полго бирдей кылып ташталат.
Препараттардан бошогон идиштерди бөлмөдөн алып чыгып, уулу химикаттар кампасына жөнөтүлөт, андан кийин рекомендацияларга ылайык жок кылынат.
Идишке салынган ун жана акшак кампаларын фумигациялоодо ар кандай препараттардын жана экспозициялардын чыгымдалышынын ченеми 13-таблицадагы маалыматтарды жетекчилкикке алуу менен белгиленет.
Такта же тасма түрүндөгү магтоксин препаратынын зарыл санын аныктоо үчүн  16-таблицада келтирилген маалыматтар жетекчиликке алынат.
Фумигациялоонун экспозициясы ПКЭнин чоңдугун эсептөөнүн натыйжасына жараша такталат жана анын чоңдугу 7 гч/м3 жеткенде аяктайт.

Магтоксинди чыгымдоо ченеми

Препараттык ченем	Масса, г	Бир препараттык түр менен фумигациялоонун көлөмү, м3	100 м3 дан азыктарын фумигациялоо үчүн талап кылынган препараттын саны
			Кг	даана
Такталар	206	16,5	1,25	6,1
Тасмалар	3296	264	1,25	0,38

Бул үчүн экспозиция процессинде фумигациялоо обхекинен газдуу абанын үлгүсү мезгил-мезгили менен алынып турат. Алгачкы суткаларда үлгү экспозиция башталгандан кийин 12-24 сааттан соң, андан кийин суткасына бир жолудан алынып турат.
ПКЭнин чоңдугу 37-беттеги формула эсептелет
Дегазациялоо фумигациялануучу жайдын бардык эшиктерин ачып салуу менен пассивдүү ыкма боюнча жүргүзүлөт.
Дегазациялоо аяктагандан кийин дезинсекциялоонун натыйжасы аныкталат. 
Пайдаланылган такталар жана тасмалар, ошондой эле препараттардын гранулдарын жана таблеткаларын калыктары ылайыктуу идишке (мисалы, полиэтилен мүшөккө, чакага ж.б.) чогултулуп, кампадан алып чыгылат жана рекомендация боюнча кийин жокко кылуу үчүн уулуу химикаттар кампасына жанаөнөтүлөт.
Синтетикалык пленкалардын астындагы дандын жана дан азыктарынын чакан партиясын фумигациялоо 
Кандай максатта пайдаланыла тургандыгына карабастан бардык өсүмдүктөрдүн кампалардагы же аянттардагы, ошондой эле дан азыктарынын өзүнчө штабелиндеги бийиктиги 3 метрден, салмагы 200 тоннадан ашпаган зыянкечтерге чалдыккан данынын чакан партиясын фосфиндин негизиндеги тасмалар жана такталар менен дезинсекцияланат.
Пленка астындагы дандын жана дан азыктарынын чакан партиясын иштетүү фостоксин менен магтосиндин гранулдары, ошондой эле фостоксиндин, делиция-газтоксиндин, магтоксиндин, целфостун жана термофостун таблеткалары менен жүргүзүлөт.
Иштетүү алдында үйүлгөн дан тегизделет жана зарыл болгон учурда анын бийиктиги төмөндөтүлөт. Дан азыктарынын ар бир штабели өзүнчө пленка менен жабылат.
Дандын үймөгү же идишке салынган продукциялардын үстүнөо жыгач каркас орнотулат же пленканын астында 50 см жакын боштук калсын үчүн мүшөктөр кырынан жаткырылат. Дан үймөгүнүн жогорку жана төмөнкү горизонтторунан газдуу абанын үлгүсүн алуу үчүн фумигациялоо жана дегазациялоо процессине контролдук кылуу максатында эки зонд-түтүк киргизилет.дан азыктары кодлган штабелдердеги мүшөктөрдүн ортосуна адамдын бою менен тең даз азыктары коюлган штабелден чыккан түтүктүн бош учу кыпчуур менен бекитилет.
Пленканын аягы кампанын же аянттын полуна кум толтурулган узун мүшөктөр менен бастырылат.
Герметизациялоочу таңгактан бошотулган такталар же магтосиндин, фостоксиндин тасмасы дан үймөгүнүң үстүнө куолат. Үймоктү пленка менен жабаардын алдында бир аз чуңкурайтылат.
Дан азыктарынын айрым штабелдерин иштетүүдө препарат кампанын полуна тегиз коюлат.
Данды таблетка же гранулдар менен пленканын астында иштетүүдө алар дандын үстүнө тегиз чачылат же анын үстүнө чакан чыңкур идишке коюлат, андан кийин плека менен жабылат. Дан азыктарын таблетка же гранулдар менен иштетүүдө препарат сөзсүз түрдө дан азыктарын тийбегидей кылып чункур идишке коюлат.
Дандын жана дан азыктарынын чакан партиясын пленканын астында дезинсекциялоодо препараттардын чыгымдалышынын ченеми жана экспозиция “іөтаблицадагы малыматтарга ылайык белгиленет.
Тасма жана такта түрүдө магтонксиндин зарыл санын аныктоодо 16-таблицада клетирилген маалыматтар жетекчиликке алынат.
ПКЭнин чоңдугун эсептөөнүн натыйжасына жараша экспозиция такталат жана данды фумигациялоодо ал чоңдук 25 г/саат/м3 жеткенде, дан азыктарын фумигациялоодо 7 г/саат/м3 жеткенде аяктайт.
Бул үчүн экспозиция процессинде газдуу абанын үлгүсү экспозиция башталгандан кийин 12 жана 24 сааттан, кийин суткасына бир жолудан алынып турат.
ПКЭнин чоңдугу 36-беттеги формула боюнча эсептелет.
Кампанын бүткүл жайлары жана анда сакталып турган дандын же дан азыктарынын майда партиялары дан запастарынын зыянкечтерине чалдыкканда ал партия пленканын астында зыянсыздандырылат. Андан кийин дандын же дан азыктарынын партиясы жайгашкан зонада жумушчу суюктуктун чыгымдалышынын ченеминин ашып кетишине жана суюктук-тамчылардын топтолук кетишине жол бербөө менен ушул нускама ылайык инсектициддер менен нымдуу ыкма юоюнча кампанын бардык жайлары дезинсекцияланат.
Экспозиция аяктагандан кийин дегазация жүргүзүлөт. Бул максатта дандын жана дан азыктарынын партиясынан пленкалар алынат. Дегазациянын толук жүргөндүгү мурдатан даярдап коюлган зонд-түтүктөрдү пайдалануу менен дан үймөгүнөн же дан азыктарынын штабелдеринн газдуу аба үлгүлөрү алуу, ошондой эле данды жана дан азыктарын химиялык талдоо жолу менен аныкталат.
Дезинсекциялоонун натыйжалуулугу дегазациянын аякташы боюнча аныкталат.
Пайдаланылган такталар жана тасмалар, ошондой эле препараттын жайып коюлган гранулдары менен таблеткаларынын калдыктары ылайыктуу идишке (мисалы, полиэтилен мүшөккө, чакага ж.б.) чогултулат жана рекомендацияларга ылайык кийин жок кылуу үчүн уулуу химикаттар кампасына жөнөтүлөт.
Потокто контактык аракеттеги инсектициддер менен данды алдына ала иштетүү жана дезинсекциялоодо контактык аракеттеги инсектициддер колдонулат.
Алдын алуу максатында бардык үрөнүк данды, ошондой эле 20°С жана андан жогорку температурада сактоого даярдалган (такзаланган жана кургатылган) башка данды иштетүү максатка ылайыктуу. Мындай данды сактоонун болжолдуу мөөнөтү кеминде 3-4 ай.
Кургак жана орточо кургак данды гана иштетүүгө жол берилет. Иштетилген данда инсектициддердин калдыктары узак  мезгил бою сакталып калат, ал анын курт-кумурскаларга кайрадан чалдыгышынан сактайт.
Сактоо аракетинин мөөнөтү болжол менен карбофос үчүн 2ден 3 айга чейин, башка инсектициддер үчүн 4 айдан 12 айга чейин болот. Ал дандын температурасына жана нымдуулугуна байланыштуу болот. Температура жогорулап жана данн нымдуулугу көбөйгөн сайын индексиддердин калдыктарынын жок болуп кетүү ылдамдыгына байланыштуу болот. Температура жогорулап жана дандын нымдуулугу көбөйгөн сайын индексиддердин калдыктарынын жок болуп кетүү ылдамдыгы көбөйөт, ал эми коргоо мөөнөтү азаят.
Данды исектициддер менен иштетүңүнү суу аралашмасы түрүндө же эмульсиянын концентратын тикелей эле чачуу жолу жүргүзүүгө болот.
Суу аралашмасы түрүндө инсектициддерди данга чачууда ИПЧ (инсектициддерди пневматикалык чачыраткыч) аппараты же атайын форсунка менен жабдылган чачыраткычтардын башка түрлөрү колдонулат. Жумушчу суюктуктун чыгымдалышынын ченеми – бир тонна данга 500 мл.
Данды иштетүүнүн алдында форсункалардын тийиштүү өндүрмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн транспорт каражаттарынын орточо өндүрүмдүүлүгү транспорт каражаттарынын өндүрүмдүүлүгүнө жараша жанаөнгө салынат (17-таблица).
Форсункалардын ондүрүмдүүлүгүнүн транспортердун өндүрүмдүүлүгүно богон катышы

Транспрт каражаттарынын өндүрүмдүүлүгү, т/саат	30	40	50	60	70	80	90	100
Форсункалардын өндүрүмдүүлүгү, мл/Һмин	250	330	420	500	600	660	750	840

Форснукалардын өндүрүмдүүлүгү суюктуктун басымын өзгөртүү жолу менен жөнгө салынат.
Жумушчу суюктукту даярдоо үчүн суу чачыраткычтын багына куюлат жана инсектициддн эмульсиясын концентратынын зарыл саны кошулат.
Эмульсиянын концентратынын чачыраткыч боюнча эсептелет:
Б х В
А = ------------

мында А – зарыл сандагы жумушчу суюктук алуу г инсектициддин эмульсиясынын концентратынын саны, кг;
Б – таасир этүүчү зат боюнча инсектицидди чыгымдоо ченеми;
В – чачыраткычтын багындагы суунун эсептелген саны, л;
Г – инсектициддн препаратынын эмульсисынын концентратындагы таасир этүүчү заттын катышы, %.
Перметрин жана пиримифосметил аралашмасын колдонууда эсеп ар бир компонент боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
Жумугчу суюктук даярдалган күнү чыгымдалгыдай санда даярдалат.
Данды иштетүүнүн алдында бир тектүү аралашмадаярдоо үчүн  чачыраткычтын багынын аралаштыргычы 3-5 минутага иштетип коюлат.
Инсектициддерди данга кошуу атайын аппарат м жасалат, ал данды өзү төккүчтүн ичине аэрозолдук фазада (бөлүкчөлөрдүн өлчөмү 50 мкм чейин) инсектициддин эмульсиясынын концентратын тикелей чачыратууну камсыз кылат.
Данды дезинсекциялоонун натыйжа данга инсектициддер киргизилгенден кийин 15-20 күндөн соң текшерилет.
Инсектициддер менен иштеткенден кийин данды пайдаланууга инсектициддер менен иштеткенден кийин данды пайдаланууга инсектициддердин саны ар бир инсектицид үчүн максималдуу жол берлиген деңгээлден ашпаган санда калганда гана жол берилет.
Перметрин жана пиримифосметил аралашмасы менен иштетилген данды үч шарт сакталаганда андагы инсетициддердин калдыгын талдоого албастан эле азык-түлүк үчүн пайдаланууга жол берилет: эгер ал чыгымдалуу ченеми 3,5 г/тоннадан ашпастан иштетилгенде; эгерде ал кеминде 4 ай сакталса; эгерде сактоо учурунда дандын температурасы кеминде 20°С болгондо.
Үрөндүк данды анда калган инсектицидди талдоого албастан эгүү үчүн пайдаланууга болот.
Данда инсектициддердин калдыгы ыкмалар боюнча аныкталат.
Мүшөкетөлгөн дан азыктарын карбофос менен алдынала иштетүүдөн өткөрүү
Кездеме мүшөктөргө салынган ундарды жана акшактарды зыянкечтердин жугуусунан алдынала коргоону аларды кампаларда жыйылып турган жеринде сыртынан чачыратып зыянсыздандыруу же болбосо аэрозолдук генератордун жардамы менен жаадырып жуу аркылуу жүзөгө ашырууа болот.
Азык-заттардын зыянкечтер менен булгана элек жана узак мөөнөткө сактоого арналга партиялары гана иштетүүдөн өткөрүлөт. Зыянкечтер менен булганган азык-заттардын партияларын фумигиялашат жана аларды желдеткенден кийин кайра булгануудан сактоо үчүн иштетүүдөн өткөрүшөт.
Азык-заттарды сыртынан иштетүүдөн өткөрүүдө абанын температурасы 0°Стан томөн болууга тийиш эмес.
Адатта иштетүүдөн өткөрүүнгн эрте жазда, жылуу аба ырайы баштала электе жүргүзүшөт. Андан соң кампага түшкөн булгана элек азык-заттардын баарын иштетүүдөн өткөрүшөт.
Баштык түрүндөгү же башка бир типтеги чачыратып себүүчү жабдууларды колдонуу менен иштетүүдөн өткөрүүдө карбофосту жыйылган мүшөктөр бардык тараптарынан иштетүүдөн өткөрүлөт, ошондой эле алардын ортосундагы жолчолор, кампанын дубалдары жана мамылар да иштетүүдөн өткөрүлөт.
Иштетүү жыйылып турган каптардын үстү жагынан башталат. Андан соң анын жыйылып турган каптардын капталадары, пол, дубалдар, мамылар иштетүгдөн өткөрүлөт.
Жыйылып турган каптарды иштетүүдөн өткөрүүгө чейин да, андан кийин да бузуп, кайра жыюуга болбойт. 
Мүшөккө салынган азык-заттарды аэрозолдук жол менен алдынала иштетүүдө карбофосту чыгымдоо ченеми 0,2 г/м3 аракет кылуучу азт иретинде болууга тийишг.
Иштетүүдөн өткөрүүнүн алдында кампанын бир эшигинен башка эшиктерин жана терезелерин бекем жабышат, жабылбаган эшиктен иштетүүдөн кийин пестециддерди тумандатуучу генераторду сүйрө чыгарышат жана ага коркунуч тууралуу эскерткен белгилер илинет же жабыштырылат.
Генераторду кампанын орто жерине, анын факели кампанын ортосуна багыт алгандай кылып орнотушат. Аралыктан башкаруу пультун көчөдо, электр берүү калканынын жанына орнотушат. 
Кампанын көлөмүнүн жарымына жеткидей аэрозолду чачыратуунун убагын эсептеп чыгарышат.
Туман генераторунун объектилери зыянсыздандыруудагы ишинин убактысын эсептөө жана карбофосту чыгымдоонун ченеми бул туюнтма жүргүзүлөт:
О х Н
Т = ----------------- 60
П
мында Т – генератордун иштөө убактысы, сек.;
О – объектинин көлөмү, м3;
Н – карбофос препаратын чыгымдоонун ченеми г/ м3;
П – генератордун өндүрүмдүүлүгү, г/мин;

Генераторду жүргүзгөндөн кийин кампадан сыртка чыгышат жана анын эшигин бекем жабышат, анткени генератор иштеп жатканда орун-жайда болууга тыюу салынат.
Карбофос аэрозолун берүү бүткөндөн кийин операторлор жекече сактоочу каражаттарды кийип, кампанын биринчи жарымына киришет, генераторду 180 градуска буруп, аны кайрадан иштетишет.
Кампанын баары иштетүүдөн өткөрүлгөндөн кийин операторлор жекече сактоо каражаттарын кийин кампага киришет, генераторду алып чыгышат жана эшиктерди бекем жабышат.
Бир суткадан кийин эшиктер ачылат, кампа 2-3 саат бою желдетилет. Андан кийин гана адамдар иштөө үчүн кампага кире алышат.
Анда жана акшакты сатып өткөрүү аларда карбофостун жол берилүүчү эң төмөнкү өлчөмү болгондо гана жүзөгө ашырылат: ундуку – 2мг/кг, акшакты -  1 мг/кг (манна акшагын карбофос менен иштетүүдөн өткөрүүгө ол берилбейт).
Кампалардагы үйүлгөн дандын үстүн иштетүүдөн өткөрүү
Сактоо үчүн кампага үйүлүп коюлган , зыянкечтер жуга элек дандыанын үстүн пестициддерди тумандатуучу генератор аркылуу карбофос фэрозолу менен мштетүүдөн өткөрүшөт.
Бул үчүн кампанын бир эшигинен башка эшиктерин жана терезелерин бекем жабышат, жабылбаган эшик аркылуу генераторду алып киришет. Коптуулук тууралуу белгилерди илип коюшат.
Генераторду кампанын жогорку галереясына сырткы дубалдарынын биринге орнотушат. (мындай галерея болбогон учурда – жыгачтан же тунукеден жасалган, болжол менен « чарчы метр өлчөмүндөгү секичеге орнотулат) жана анын иштөө агымын карама-карша дубалга карата багытташат. Аралыктан башкарлуучу пультту сырткан электр берүүчү калкандан жанына коюшат.
Үйүлгөң дандын үстүно аэрозоль чачуу мезгилинин узактыгын ченемдерге ылайык эсептеп чыгышат. Генераторду иштеткенден кийин кампадан чыгышат жана эшикти бекем жабышат. Генератор ишеп жатканда опраторлор кампанын сыртында болушат.
Үүлгөн дандын үстүн иштетүүдөн өткөрүү үчүн карбофостун ченеми аракеткылуучу заттын үйүлгөн дандын үстүндөгү мейкиндиктин көлөмүнө жараша өлчөмү менен 0,2 г/м3 дан баштап эсептелет (50% тик препарат боюнча 0,4 г/м3).
Кампа иштетүүдөн өткөрүлгөндөн кийин операторлор жекече сактоочу каражаттарды кийип кампага киришетн генераторду алып сактоочу каражаттарды кийип кампага киришетн генераторду алып чыгышат жана эликт бекем жабышт.
Бир суткадан кийин эшиктер ачылат жана кампанын ичи 2-3 саат бою желдетилет. Данды сатып өткөрүүгө кампаны желдеткенден кийин адроо эле уруксат берилет.
Данды жана дан азыктарын инсектициддердин калдыктарынан тазалоо
Данды, унду жана акшакты инсектициддер менен иштетүүдөн өткөргөндөн кийин аларда инсектициддердин жол берилүүчү эң төмөнкү өлчөмдөрүнөн ашкан калдыктары болбогон шартта гана аларды жүктөп берүүгө жана өз багыты боюнча пайдаланууга уруксат берилет.
Даныд, унду жана акшакты дегазациялоо негизинен данды жана башка азыктарды сапырып аралштырбастан туруп, бардык эшик-терезелерди ачып желдетүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Элеваторлордо көп сандагы фумиганттардын атмосферага чыгып кетүүсүнүн алдын алуу максатында адгенде жумушчу мунарадагы силос турган жайдагы айрым бир эшиктер жана терезелер ачылат, алар күн мурдатан орун-жайдын ичине кирбестен сырт жагынан ачылууга даярдалып коюлат. Андан кийин индикатордук түтүкчөнүн жардамы менен орун-жайдын  ичинде фумиганттардын жогорку даражада топтолуусу жок экендиги ырасталгандан кийи, газга каршы беткаптарды  кийип орун-жайга киришет жана башка эшик-терезлерди биринен сала бинрин ачышат, желдетүү жабдууларын иштетишет. Орун-жайды фумиганттардын жогорку даражада топтолуусунан арылтуу менен, акырындап силостордун сыртка чыгаруучу тешиктерин жана жүк түшүрүлүүчү, жел чыгуучу, оңдоочу тешиктерин кезек менен ачышат.
Аба ырайы муздаган сайын желдетүү орун-жайларда үйүлгөн дандардын үстүндөгү мейкиндикте дегазацияланган дан азыктары мүмкүн болушунча муздабай тургандай кылып жүзөгө ашырылууга тийиш.
Данды фумиганттан дегазациялоону тездетүү үчүн силосто ВМ-20, ВОЭ-5 жана башкажелдеткичтери колдонулушу мүмкүн. Ал эми 200 тоннадан ашык көлөмдөгү силосто ПВУ-1 түтүктөрү да колдонулат. Желдеткичтерди силостордун оңдоочу тешиктеринин торчолоруна, аба соруучу жагын ылдый каратуу менен орнотушат. Тешиктин бош клаган жери фанера же тактай менен тосулат жана бекем тыгыздалып бекитилет. Силостордон чыгарылуучу тешиктер бекемделүгчү каражаттардан бошотулат. Желдеткичтин сыртка чыгуучу тешигин резина кошулган же пленка материалдан жасалган атайын жеңчени кошушат. Жеңченин эркин учун же силостук жайдын үстүндөгү терезе аркылуу шамалга ыктоо жагына сыртка чыгарышат же болбосо силостук корпустун чатырында жайгашка дифлекторго кошушат.
ПВУ-1  түтүкчөлөрүн пайдаланууда даярдык көрүү иштерин жүргүзүү керек. Мында силостун оңдоочу тешиги аркылуу данды фумигациялап, ПВУ-1 түтүкчөсү аркылуу өткөрүү зарыл, ал силостун чет-жайына карагнда кыйла эле узун жана силостун бийиктигине бир аз жете бербейт.
Оңдоочу тешикт бүтөөдө түтүктүн тешиктен сыртка чыгуучу акыр жагын силостун тешиги ачылбай тургандай кылып жабышат, мында аны ачканда силостун тешиги ачылбашы керек.
Данды силосто түтүкчөлөрдүн жардамы менен мындайча желдетишет: силостун чыгаруучу тешигин ачышат, жүктөөчү, оңдоочу жана желдетүүчү тешиктерин бүтөлгөн бойдон калтырышат. Түтүктүн башындагы жабуучу катмарды алып салгандан кийин анын ордуна соруу режиминдеги желдеткичти орнотушат.
Желдеткичитн чыгуучу тешигине синтетикалык кездемеден атайын даярдалган жеңчени орнотушат, ал аркылуу желдеткич соруп чыгарган аба тышка чыгарылат.
Данды фосфин менен зыянсыздандыргандан кийин фумиганттыз алсыз жыты калганда жана булл данды тез арада сатып өткөрүү зарылдыгы туулганда жигердүү дегазациялоо сунуш кылынат. Мындай партияларды жигердүү желдетүү туруктуу жана көчмө желдеткич жабдуулардын жардамы менен жүзөгө ашырылат.
Жигердүү дегазацияны данды муздата тургандай кылып жүргүзүүгө болбойт. Үйүлгөн дандын сыртындагы температура дандын температурасынан төмөн болгондо, ошондой эле фумигация сырткы абанын температурасы 12°С тан төмөн кеде өткөрүлгөн учурларды баарында дегазация үйүлгөн данга үйлөтүлүүчү абаны жылытуу менен өткөрүлөт.
Дегазацияны тездетүү үчүн айрым бир үйүлгөн азыктарга ВМ-200 желдеткичтерин колдонушат. Желдеткичтер үйүлгөн дан желдтекич аркылуу ургаалдуу желдетилип тургандй кылып орнотулат. 
Муздаган дегазация кылынбаган данды жана азыкты ташууга тыюу салынат.
Кампаларда жана элеваторлордо фосфин менен зыянсыздандырылган данды, унду, акшакты дегазациялоону мелүүн желдетүү менен 5 сутканын ичинде жүргүзүшөт, ал эми силосто болсо желдеткичтерди жана ПВУ-1 түтүктөрүн колдонуу менен 10-15 саатын ичнде жүзөгө ашырышат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин дегазациянын жыйынтыгын индикаторрдук түтүкчөлөрдүн жардамы менен кампанын же силостун (камеранын) дан (азык) турбаган бош жеринде текшеришет.
Түтүкчөнүн көрсөтүүлөрү терс болгондо үйүлгөн дандардын ортосундагы бош жерлерден алынган абаны, же болбосо үйүлгөн дандан бир аз санда алып текшерүүдөн өткөрүшөт.
Үрөндүк данды дегазациялоонун деңгээлин фумигантты бүтүндөй алгандагы жыттанышын жана тартылган дандын жыттанышын жыттап көрүү аркылуу аныкташат. Жыт болбогон учурда аны аралаштырып, өз багыты боюнча пайдаланууга уруксат берилет.
Инсектициддер менен тикелей иштетүүдөн өткөрүлгөн данды аралаштыруу сунуш кылынбайт. 
Мындай данды тезарада сатып өткөрүү зарыл болгон учурларда иштетүүдөн өткөрүлгөндөн кийин бир айдан ашпаган мөөнөткө чейин сакталып турган дандагы инсектициддердин калдыктарын эң жогорку өлчөмдө калтырууга жол берилген деңгээлег чейин азайтуу иши аны элеватордун же кампанын технологиялык линиялары аркылуу өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Иштетүүдөн өткөрүлгөндөн кийин бир айдан ашык мөөнөттө сакталып турган дандагы препараттын калдыктарын азайтуу максатында технологиялар аркылуу өткөрүү алгылыксыз, анткени мындай өткөрүү дандагы инсектициддердин байкалрдлык азайышына алып келбейт. 
Мындай данды иштетүүдөн өткөрүлө элек дан менен арлаштырып жиберүү жолу менен пайдаланууга болот. Иштетүүдөн өткөрүлө элек дандын бул үчүн зарыл болгон өлчөмү төмөндөгү туюнтма менен аныкталат:
(А – Д) Б
В = ------------
Д
мында А – дандагы инсектициддердин калдыктарынын иш жүзүндөгү сакталышы, г/т; 
Д – дандагы инсектициддердин калдыктарынын сакталышынын жол берилген  олчөмү, г/т;
В – иштетүүдөн өткөрүлө элек дандын саны, т.
Данды жана аны кайра иштетүүдөн кийин алынган азыктарды инсектициддердин калыктарынан арылтуунун эрежелерин аткарууга контролдук кылуу милдети ишкананын өндүрүштүк (технологиялык) лабораторияларын жүктөлөт. Алар дандагы инсектициддердин калыктарын жыттап көрүг жолу менен текшерүүнү да жүзөгө ашырышат.
Фумиганттардын жумушчу орун-жайларда болушун дан азыктарын сактоо боюнча экспедициялар аныкташат. 
Санитардык-эпимилогиялык кызмат органдары көзөмөлдүк кылуу иретинде ар кайсы жерден үлгү катары дан жана азык алып екшерүү жүргүзө алышат.
Дандагы жана азыктагы химикаттардын калдыктарынан арылтуунун деңгээлин жыттап көрүү жана химиялык жол менен айкындоо үчүн текшерилүүчү заттар ишкананын өндүрүштүк (технологиялык) лабораториясы тарабынан мынадй данга жана азыкка карата мамиле кылуунун өзгөчөлүктөрүнө жараша тандалып алынат
Данды жыттап көрүү менен текшерүү текшерилүүчү үлгү заттар алынары менен дароо жүргүзүлөт.
Дан сакталуучу жайларды жана ишканаларды дезинсекциялоо
Кампаларды фумигациялоо 
Кампаларды фумигациялоо үчүн фосфиндин негизиндеги препараттарды колдонушат. Кампаларды фумигациялоону орун-жайдагы абанын температурасы 12°Стам төмөн болбогон шартта өткөрүшөт. Катуу шамал болгон учурда (7 м/с ден ашканда) кампаларды фумигациялоого жол берилбейт.
Жигердүү желдетүгчү туруктуу тутуму же болбосо аэрокобулу бар кампаларды фумигациялоону жүргүзүүдө газ-аба аралашмасын берүү тутумдун каналдарынын бири аркылуу жүргүзүлүшг мүмкүн.
Газ-аба аралашмасын кампанын дубалдарын жандатып берүг үчүн анын полунун ортоңку тилкесинде бир катарга алты коллектор же газ түтүктөрүн орнотушат.
Температура анчалык жогору болбогон же сырткы абанын салыштырмалуу нымдуулугу жогору болгон учурларда аппараттардын желдеткичтери аркылуу берилүчү абаны жылытуу зарыл.
Данды кайра иштетүүчү ишканалардаы, элеваторлорду, кургатуучу-тазалоочу, майдалоочу-тазалоочу мунараларды. Дан кургатуучу жайларды фумигациялоо
Данды кайра иштетүүчү ишканаланарды, элеваторлорду, кургатуучу-тазалоочу мунараларды жана жабык типтеги дан кургатуучу жайларды фумигациялоо фосфинди колдонуу менен жүргүзүлөт.
Фумигациялоону орун жайлардагы абанын жана сырттагы абанын температурасы 15°Стан төмөн болбогон шартта өткөрүшөт. 7 м/сден ашкан шамла болгон учурда да фумигациялоого жол берилбейт.
Орун-жайларда шыбалган, акталган, боелгон жерлер кургай элек учурларда да, ошоной эле дезинсекциялоо алдында жуулган пол кургай элек учурда фумигациялоону жүргүзүүгө тыюу салынат.
Фумиганттардын жогору даражадагы диффузияга  (сырттагы абага аралашып кетүү) жөндөмдүүлүкүнөн улам техниклаык абалы жакшы жабууга (герметизациялоого) мүмкүндүк берүүчү объектилерде гана алрды колдонууга уруксат берилет.
Фумигациялоону жүргүзүүнүн алдында коридорлор, тепкичтер жана өткөөлдөр ашыкча нерселерден тазаланат, бул алардын жумушка жолтоо кылбашы жана орун-жайдан тез чыгып кетүү үчүн  зарыл. Орун-жайда турган данды жана азыктарды, мүшөктөрдү, таза сууну жана таза суу куюлуучу идиштерди алып чыгып кетүү зарыл.
Фумигациялоого даярдык көрүүдө ар бир орун-жайда бардык кабаттардагы эшиктер менен терезелердин бир бөлүгү аларды жайдын ичине кирбестен эле сырт жактиан оңой ачылгандай кылып ыңгайлаштырылшы керек. Бул терезелер менен эшиктерди сыртынан атайын белгилер бөлүп белгилеп коюшат.
Машиналардагы бардык капкактар, жел чыгуучу жана кароочу оюк-тешиктер, өзү агып чыгуучу кобулдардын жана башка жабдуулардын тосмолору, норийлердин баштары жана бут кептери, шкафтардын эшиктери д.у.с. фумигациялоого жана дегазациялоо мезгилинде ачылып коюлат.
Дегазацияны камсыз кылуу үчүн объектти бош иштегенге даярдык абалына, анын ичиндеаспирация абалын келтиришет.
Фумигациялоону сутканын күндүзгү сааттарында гана, саа 17 ге чейин бүткөндөй кылып жүргүзүшөт. Объекттерди дегазациялоонун башталышы күндүн биринчи жарымына туура келүүгө тийиш.
Дегазацияну орун-жайдан фумиганттардын көп санда бир мезгилде чыгып кетишине жана анын корголуучу аймактын чегинен сырткары таралышына жол бербегендей кылып өкөрүшөт.
Фумигациялоо жана дегазациялоо учурунда корголуучу аймактын чектеринде аба мейкиндигинин абалына контролдук жүргүзүлөт магтоксинди колдоного учурда жыттанышын жыттап көрүү ыкмасы колдонулат жана индикатордук түтүкчөлөр да пайдаланылат.
Дегазациялоону толук жүргүзүү жана ишканаларды, элеваторлорду актысы менен таризделет.
Фумигациялануучу объекттердин бардык кабаттарында полиэтилен түтүкчө-зонддорду коюшат, алар аркылуу фумигациялоо жана дегазациялоо процесстерине контролдук  кылуу үчүн текшерилүүчү аба-газ аралашмасы алынат.
Ишканаларды фосфин (тактайчалар, тасмалар) менен фумигациялоо
Фосфиндин гармошка кылып бүктөлгөн түрүндөгү тактайчалары менен тасмаларын фумигациялануучу объекттин бардык кабаттары менен орун-жайларынын полуна тегиз жайып коюшат.
Препараттан бошогон идишти орун-жайдан чыгарып кетишет жана сунуштамаларга ылайык жок кылышат.
Фосфинди чыгымдоонун ченеми аракет кылуучу зыттын процетинин өлчөмүнө жараша белгиленет.
Фумигациялоону жайгаштырууну ПКЭнин эсебинин натыйжаларына жараша жайгаштырышат жана такташат, бул көрсөткүч 7 г/ч/м3 ге жеткенде токтотушат.
Бул үчүн фумигацияланып жаткан объекттен фумигацияло жайгаштырылгандан кийин 12 жана 24 саат өткөн соң аба-газ аралашмасынын үлгүсүн алышат. Андан кийин бир суткада бир жолу алышат.
ПКЭнин көрсөткүчүн 12-тиркемеге ылайык эсептеп чыгарышат. Дегазациялоону фумигациялануучу объекттин бардык эшик-терезелерин ачуу менен жөнөкөй ыкма боюнча желдетип жүргүзүшөт, ошондой эле жигердүү ыкма менен да аспирация тутумун ишке киргизүү аркылуу да жүзөгө ашырылат. Дегазациялоонун узактыгы 6 сааттан кем болбойт.
Дегазациялоонун толук ишке ашырылышын 10-тиркемеде баяндалган ыкмаларга ылайык аныкташат.
Анализ жасоо үчүн алынуучу аба-газ аралашмасынын үлгүсүн эң аз желденүүчү орун-жайларда жана данды кайра иштетүүчү ишкананнын участкаларында тандап алышат.
Препараттын пайдаланылган тасмалары менен тактайчаларын зыянсыздандырылуучу орун-жайдын ичинен алып чыгышат жана уу-химикаттардын кампасына жөнөтүшүп, андан соң сунуштамларга ылайык жок кылышат.
Дезинсекциянын натыйжалуулугу дегазациялоо бүткөндөн кийин аныкталат.
Дан сакталуучу жайларды пестициддер менен аэрозолдук дезинсекциялоо
Аэрозолдук дезинсекцичялоону пестициддерди тумандатуучу генератордун жардамы менен жүргүзүшөт, алар колдонулуучу пестициддерди диаметри 50 мкм чейин жеткен аэрозолдорго айландырат. Бул болсо пестициддерди иштетүүдөн өткөрүлүүчү жерлерге сууну колдонбостон тегиз чачып, учпоочу курт-кумурскаларды жок кылууга мүмкүндүк берет. Анткени пестициддин эң майда тамчылары  бир нечек саат бою абада кармалып турат жана учуучу курт-кумурскаларды өлтүрөт. алар барык булуң-бурчтарга, оюк-тешиктерге, жабдуулардын ичкери жагына кирет. Андан соң акырындап иштетүүдөн өткөрүлүүчү жерлерге жабышып, учпоочу зыянкеч курт-кумурскаларды өлтүрөт.

Бош дан кампаларын аэрозолдук дезинсекциялоо

Бош дан кампаларын аэрозолдук дезинсекциялоодон өткөрүүдө милдеттүү тартипте кылдат механикалык тазалоо жүргүзүшөт. эң четтеги бир эшиктен башка бардык эшик-терзелерди жабышат. Кооптуулук жөнүндө алдынала эскертүүчү белгилерди илишет.
Генераторду кампанын ичине, анын эң четки эшигинен болжол менен 2-2 м аралыкта, аэрозолдун агымы кампанын диагоналы боюча карма=каршы жактагы жогорку четки бурчка багытталгыдай кылып орнотушат. Аралыктан башкаруучу пультту сыртка, электр берүү калканынын жанына коюшат. Генератор электр тармагына кошулат.
Аэрозолду чачыратуунун убактысын жана пестициддин чыгымдалуу ченемин эсептеп чыгып, генераторду иштетишет, эшикти жабышат. 
Оператор генератор иштеп жатканда кампанын сыртында болот.
Аэрозоль кампага чачыратылып бүткөндөн кийин операторлор жекече сактануу каражаттарын кийишип, кампанын эшигинин бир жагын ачышат жана генераторду алып чыгышып, эшикти бекем жабышат.
Кампаны аэрозолдук иштетүүдөн өткөргөндөн кийин дубалдардын сырткы жактарын кампанын чатырынын үстүн жана 5 менен аралыктагы чектеш аймакты нымдуу дезинсекциялоодон өткөрүшөт.
Бир суткадан кийин эшиктерди ачышат,кампанын жанында болууга тыюу салынат.
Желдетилип бүткөндөн кийин аэрозолдук дезинсекциялоонун технологиялык натыйжалуулугун текшеришет.
Иштетүүдөн өткөрүлгөндөн бир суткадан кийин кампага дан киргизүүгө уруксат берилет.

Элеваторлорду аэрозолдук дезинсекциялоо

	Аэрозолдук дезинсекциялоону баштаар алдында элеваторлорду механикалык тазалоодон өткөрүшөт. Андан кийин силостордун төмөнкү илгичтерин илишет. Кооптуулук жөнүндөгү белгилерди илип коюшат.
Бош силосторду аэрозолдук дезинсекциялоону баштаардан мурун эшик-терезелерди ачышат, аспирацияны ишке киргизишет. 
Дезинсекциялоо боюнча бардык жумуштарды жекече сактануу каражаттарын кийип жүргүзүшөт.
Иштетүүдөн өткөрүүнү кире бериштер эң алыс жайгашкан силостон башташат. Адегенде силостун оюгунун капкагын жана эки актуу тосмолорун ачышат. Андан кийин генераторду оюктун үстүно коюп, электр тармагына туташтырышат. Аэрозолдун агымы ылдый көздөй тике багытталышы керек.
Силосторду генератор аркылуу иштетүүдөн өткөрүү автоматтык режимде жүргүзүлөт.
Бул үчүн аэрозолду чачыратуу мезгилинин узактыгын эсептеп чыгышып, аны генератордун убакыт релесине коюшат жана генераторду иштетишет.
Генераторду очүргөндөн кийин аны силостун оюгунан жылдырышып, оюкту дароо капкагы менен жабышат. 
Экилтик силосторду жүк салуучу  бир оюк аркылуу иштетүүдөн өткөрүшөт. Үчилтик силосторду жгк салуучу ортоңку оюк аркылуу иштетүүдөн октөрүшөт.
Бири-бирине өтүүчү терезелереи бар экилтик жана үчилтик силосторду иштетүүдөн өткөрүүдө, алардын аэрозоль чачыратылбаган оюктары бекем жабылууга тийиш.
Силостун үстүндөгү жана силостун астындагы орун-жайларды жана жумушчу мунараны аэрозолдук дезинсекциялоонун алдында элеватордун эшик-терезелерин бекем жабуу зарыл. Ири жаракалар жана тешиктер пленка, кагаз же башка бир материалдар менен бүтөлүшү керек.
Дезинсекциялоо мындайча тартипте жүргүзүлөт: адегенде силостун үстүдөгү орун-жай, андан кийин жумушчу мунара жана силостун астындагы орун-жай иштетүүдөн өткөрүлөт.
Ишти баштоонун алдында, зыянсыздандырылуучу орун-жайдын көлөмүнө жараша аны шарттуу түрдө бирдей бөлүктөргө бөлүшөт жана иштетүүдөн өткөрүү мезгилинде генератор коюлуучу жерлерди аныкташат.
Генераторду жылдыруунун багыттарын алдын ала белгилешет жана аны жылдыруу үчүн атайын өткөөл тилкелерди бошотушат.
Ар бир белгиленген жерде генератордун иштөө узактыгын жана шарттуу бөлүктү иштетүүдөн өткөрүү үчүн зарыл болгон пестициддин санын эсептеп чыгышып, генераторду ишке киргизишет.
Ишти жумушчу мунарадан эң алыс жайгашкан жерден башташат. Жалпы жарык берүүчү жана электр калканына келүүчү электр энергиясынан башка электр энергиясын өчүрүп коюшат.
Генераторду электр тармагына бириктиришип, аны иштетүүдөн өткөрүлүүчү биринчи жерге орнотушат. Шарттуу бөлүккө аэрозоль чачыратуунун узактыгын эсептеп чыгышып, генератордун релесине коюшат жана генератордун релесине коюшат жана генераторду ишке киргизишет. 
Генераторду өчүргөндөн кийин аны иштетүүдөн өткөрүлүүчү кийинки жерге жылдырып орнотушат, ошентип бардык жерлер иштетүүдөн өткөрлүлмөйүнчө ушундайча улантыла берет.
Силостун үстүндөгү орун-жай дезинсекциялангандан кийин жумушчу мунара ишетүүдөн өткөрүлөт. жумушчу мунаранын ар  бир кабатын эң жогорку кабатынан баштап өз-өзүнчө иштетүүдөн өткөрүшөт.
Андан кийин силостун астындагы орун-жайды дезинсекциялоодон өткөрүшөт. силостун астындагы орун-жайды иштетүүдөн өткөрүүнү силостун үстүндөгү орун-жайды иштетүүдөн өткөргөн тартипте жүргүзүшөт.
Бир эле мезгилде дубалдардын сырт жагын жана чектеш аймакты нымдуу иштетүүдөн өткөрүшөт.
Иштетүүдөн өткөрүлүп бүткөндөн кийин генераторду сыртка алып чыгышат жана кирүүчү эшиктерди жабышат.
Бир суткадан кийин элеватордун ичин желдетишет, бул үчүн эшик-терезелерди ачышып, аспирацияны ишке киргизишет.
Элеваторго адамдарды киргизүүгө ал желдетилгенден кийин 3-4 сааттан кийин уруксат берилет. Андан кийин аэрозолдук дезинсекциялоонун натыйжалуулугу текшерилет.
Силосторго данды салууга зыянсыздандыруунун натыйалары текшерилгенден кийин дароо эле уруксат берилет.

Ишканалардын айрым бир жайларын локалдык зыянсыздандыруу

Ишканалардын жыйнап сактоочу жайларында, транспорттук жабдууларда, айрым бир жорун-жайларда, машиналарда зыянкечтер табылган учурда аларды локалдык зыянсыздандыруу жүргүзүлөт. муну ишканалар он күнгө токтоп турган мезгилде ишке ашырышат.
Иштетүүдөн өткөрүлүүгө тийиш бардык машиналар, жабдуулар жана орун-жайлар кылдат механикалык тазалоодон өткөрүлөт, анткени 1,5-2 мүмкүн калындыктагы азык же чаң катмарлары инсектициддердин өтүшүнө тоскоолдук кылат.
Жабдууну локалдык дезинсекциялоону жүргүзүүдө, орун-жайдын дубалын жана полун, ошондой эле машинанын жана жабдуунун ичиндеги зыянкечтер табылган жерлерди иштетүүдөн өткөрүүдө кампалык зыянкечтерге каршы күрөшүүгө арналган инсектициддер колдонулат.
Локалдык дезинсекциялоодо препаратты тешиктүү борпоң материалдан жасалган пластинага сиңдиришет. Аларды даярдоо үчүн былпылдак резинаны же кийизди пайдаланышат. Пластинанын өлчөмү 8х15 см, калыңдыгы 1 смден ашпайт.
Пластинага препараттын эсептелген санын сиңдирүү соруп тартуучу шкафта жүргүзүлөт. препаратты акырындап, тамчылары агып кетпегендей кылып сиңдиришет. Препарат сиңдирилген пластинаны синтетикалык пленкадан жасалган пакетке салышып , аны жабышкак тасма менен бекитишет же болбосо оозун бекем байлашат. Пакетке препараттын саны көрсөтүлгөн этикетка жабыштырылат. Пакетти ушундай түрүндө зыянкечтер табылган объекттерге жеткиришет.
Машиналарда бардык алып келүүчү жана алып кетүүчү түтүктөр тосмолору менен жабылып, синтетикалык пленка менен бекем бекитилиши керек. Жабдуудагы жарака-тешиктерди жабышкак тасма же болбосо калың кагаз тилкелери менен тыгыздап бекитүү зарыл. Инсектицид киргизилүүчү оюктарды жана капкактарды инсектицид салынгандан кийин бекем жаап, айланасын тыгыздап бекитишет.
Чубуртуп түшүрүүчү тетиктерди зыянсыздандырууда кездеме жеңдерди чыгарып алып,тетиктин ичине салышат, калган оюк-тешиктерди жана тетиктин үстүнкү бөлүгң пленка же жабышкак тасма менен тыгыздап бекитишет.
Элөөчү тетиктердин каптал бөлүктөрүн пленка менен бекитишет. Бул үчүн пленканы төмөн жагынан полго, ал эми үстг жагынан машинанын станинасына жабышкак лента менен жабыштырышат. Пластиналарды пайдаланууда аларды пакеттерден тез алып, зым илгичтер же болбосо жип менен машинанын же жабдуунун ичине алар эч нерсеге тийип турбагандай кылып илип коюшат. Зыянсыздандырууну жайгаштыруу 4 сакттан кем болбоого тийиш.
Жайгаштыруу учурунда зыянсыздандырылуучу машиналардын жана жабдуулардын үстү жактары жана пол нымдуу ыкма менен иштетүүдөн өткөрүлөт. Бул максатта суюктукту майда тамчылар менен чачыратуучу чакан чачыраткычтарды (автомакс, лактоочу-боечу пистолет ж.б.) колдонулат.
Локалдык дезинсекциялоону жүргүзүүдө ал жүргүзүлүүчү арун-жайга машиналар иштетүүдөн өткөрүлмөйүнчө жана препарат салынуучу оюктар  тыгыздалып бекитилмейинче, ошондой эле пестициддер менен иштетилген үстүңкү жактар кургамайынча чоочун адамдардын киришине тыюу салынат.
Жайгаштыруу бүткөндөн бардык объекттерди ачышат. Пластиналар алынып, бүтүн пакеттерге салынат. Зыянсыздандырылуучу объекттерге жакын жердеги жайлардын терезелери ачылат. Дегазацилоону 1 саатка тездетүү үчүн машиналарды бош жүргүзүп коюшат жана аспирацияны ишке киргизишет.
Иштетүгдөн өткөрүлгөндөн кийин ишканада алгачкы бир саатта чыгарылган азыкты пестициддердин калдыгына карата текшерүүдөн өткөрүшөт.
Дан сакталуучу жайларды нымдуу ыкма менен дезинсекциялоо
Кампаларды жана элеваторлорду дезинсекциялоо үчүн тикелей таасир этүүчү инсектициддерди колдонушат.
Элеваторлорду жылуу жана кургак аба ырайы болгондо нымдуу иштетүүдөн өткөрүшөт, бул болсо дезинсекциялоодон кийин силостор жана орун-жайлар тезирээк кургашы үчүн керек.
Нымдуу ыкма менен дезинсекциялоону жүргүзүүдө абанын температурасы 12°Стан төмөн эмес болушу керек. Жумшалуучу суюктукту чыгымдоонун ченеми 0,05 л/м2 болт.
Нымдуу дезинсекциялоодо жумшалуучу суюктукту иштетилүүчү жерге атайын аппараттар – бирдей нымдоочу чачыраткычтар менен  чачыратылып себилет. Чачыратып себүүнүн сапатына жана чачыраткычтагы суюктуктун басым астында болушу аркылуу жетишилет.
Жумшалуучу инсектицид суюктуктарды ачык жерде, суу өткөрмө куурлардын, кудуктун же алдын ала чыпкаланаган арыктын суусун пайдалануу менен даярдашат.
Жумшалуучу суюктуктарды даярдоону дезинсекциялоо жумутарын аткаруунун алдында жүргүзүшөт, аларды кийинки күнгө калдтыруу сунуш кылынбайт. Жумшалуучу суюктукту даярдоо үчүн сууну чачыраткычтын идишине куюшат ага зарыл өлчөмдөгү инсектицид эмульсиясынын концентратын кошушат. Кошор алдында эмульсияга бир аз суу куюп суюлтушат (1 бөлүк эмульсия концентратына 2-3 бөлүк суу). 
Чачыраткычтын идишине кошулуучу эмульсия концентратынын зарыл болгон санын төмөндөгү туюнтма менен эсептеп чыгышат.
Б х В
А = -------------------

мында А – жумшалуучу суюктукту алуу үчүн зарыл болгон инсектицид эмульсиясынын концентратынын саны, кг;
Б – таасир этүүчү зат боюнча инсектицидди чыгымдоонун ченеми, г/м2;
В – чачыраткычтын идишиндеги сууну эсептелген саны, л;
Г – инсектицид препаратынын эмульсия концентратында таасир этүүчү заттын камтылышы, %.
Иштетүүдөн өткөрөрдүн алдында чачыраткычтын идишиндеги аралаштыргычты 3-05 минута иштетишет, бул бирдей эритмени алуу үчүн керек.
Кампаларды кымдуу дезинсекциялоону жүргүзүүдо чачыраткычты сыртка коюу жана бардык эшиктерди ачып коюу зарыл.
Кампанын ичинде дубалдарды, мамыларды, устундарды, полду, плинтустарды, жогорку жана ылдыйкы өткөөл жана өткөөл эмес галереяларды, жигердүү желдетүү каналдарын жана алардын торчолорун, калкандарды кылдат жана бирдей чачыраты иштетүүдөн өткөрүшөт, мында жарыктарга, тешиктерге жана бурчтарга айрыкча көңүл бөлүшө. Кампанын ичин итетүүдөн өткөрүп бүткөндөн анын эшиктерин жабышат. Кампанын ичин иштетип бүткөндөн кийин дубалдардын сырт жактарын, фронтондорду жана кампага жалгашкан аймакты милдеттүү түрдө зыянсыздандырышат.
Элеваторлорду кымдуу дезинсекциялоону жүргүзүүдө чачыраткычты силостук корпустун жанына коюшат. Чачыраткычтын шлангасын жогорку галереяга көтөрүшөт. Силосторду иштетүүдөн өткөрүү үчүн атайын чачыратуучу уч-тетиктерди колдонушат, аларда жумшалуучу чуюктук чыгуучу тешиктер радиал түрүндө жайгатырылган, бул болсо суюктукту силостун дубалдарына бирдей чачыратууга мүмкүндүк берет. Бмындай уч-тетиги бар шланганы ар бир силостун эң түбүнө чейин түшүрүшөтр. Силостун үстүндөгү жана силостун астындагы орун-жайлар, жумушчу мунара бош кампа жайлары сыяктуу эле иштетүүдөн өткрүлөт. Нымдуу дезинсекциялоо боюнча жумуштар жасалып бүткөндөн кийин аппаратты жана шланганы суу менен жакшылап жуушат жана кургатышат.
Дан сакталуучу жайларды нымдуу дезинсекциялоо боюнча жүргүзүлгөн жумуштардын сапатын бир сутка откөндөн кийин аныкташат. Мында шал болуп калган курт-кумурскаларды өлүк деп эсептешет.
Эгерде дезинсекциялоодон кийин шал болбогон тирүү зыянкечтер табылса орун-жайдын ушундай жерлерин же болбосо бүтүдөй объектти кошумча иштетүүдөн өткөрүшөт.
Дан сакталуучу жайларга адамдарды киргизүүгө жана дан салууга коопсуздук техникасы боюнча нускамага ылайык уруксат берилет.
Ишканаларда жана дан азыктары сакталуучук кампаларда тегирмен жана түштүк шайтан көпөлөктөрүнүн пайда болушун билүү, санын эсепке алуу жана көп санда кармоо үчүн синтетикалык жыныстык феромондорду колдонуу
Феромондор – тирүү организмдер курчап турган чөйрөгө бөлүп чыгаруучу жана ошол эле биологиялык түргө кирүүсү организмдер аларды кабыл алганда өзүнчө бир – жүрүм-турум реакциясын (же өнүгүүнүн мүнөздүү процессин) пайда кылуучу химиялык бирикмелер. Жыныстык феромондор – жыныстык өнөктөштөрдүн ортосундагы байланыштуу каражаты.
Тегирмен жана түштүк шайтан көпөлөктөрүнө каршы күрөшүү үчүн жыныстык феромондун экологиялык жактан таза синтетикалык аналогун колдонушат. Ал – Z9E12-	тетрадекадиенил-1-ацетаттын (Z9E12-ТДДА) жана Z9E12-тетрадекадиен-1-олдун (Z9E12-ТДОЛ) 9:1 катышындагы аралашмасы. Бул бирикмени жабышкак  кармагычка колдонушат, ал каркылуу эркектери орун-жайдан жок кылынат, ушуну менен алардын вакууму түзүлөт. Натыйжада шайтан көпөлөктөрдүн саны азаят.
Феромондук кармагычтарды колдонуу тегирмен жана түштүк шайтан көпөлөктөрүнүн пайда болушун билүүгө жана алардын санын корголуучу объекттин ичинде чарнбалык мааниге ээ эмес төмөнеү деңгээлде  кармап турууга, химиялык иштетүүдөн өткөрүүнү (фумигациялоону) жокко чыгарууга же санын азайтууга, фумигациялоолордун аралыгында азыктарды курт-кумурскалардын бглдүрүшүнөн улам болуучу жоготууларды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Тегирмен жана түштүк шайта көпөлөктөрүнө каршы күрөшүү үчүн феромондук препараттарды колдонуу зыянсыздандырылуучу орун-жайдын ичиндеги абанын температурасы +10°Стан огору болгондо натыйжалуу болот.
Препараттык формаларды сактоонун мөөнөтү -5°С тан +5°С чейинки температурада (муздаткычта) 12 ай, бөлмө температурасында – 6 ай. 
Феромондук кармагычтар ишкананын санитардык абалы жакшы болгондо гана зарыл натыйжа берет.
Көпөлөктөрдүн пайда болушун билүг үчүн  жана аларга каршы кгрөшүү үчүн жабышкак кармагытарды колдонушат, аларды синтетикалык торчо тасмадан же полиэтилен пленкасы менен ламинацияланган кагаздан жасашат. Алардын өлчөмү 90 х 5 см (кармоочу аянты 900 см2) болот жана 1 мг жыныстык феромонду өзүндөкамтыйт. Ал бир кармагычка эсептегенде 0,9 мг Z9E12-ТДДАдан жана 0,1 мг Z9E12-ТДОЛдон турат.
Шайтан көпөлөктөргө каршы күрөшүү үчүн феромондук кармагычтарды ун жана акшак тартуучу заводдордо  жана нан заводдорунда, дан сакталуучу бардык типтеги кампаларда ( жылытылуучу жана жылытылбоочу өндүрүштүк орун-жайларда) колдонууга болот.
Кармагычтарды жумушчу абалга келтирүү анын жумушчу (кармоочу) аянтын орогучунан чыгаруу жолу менен жүргүзүлөт. Андан кийин жип же зым менен кармагычты өндүрүштүк орун-жайда 2,5-4 м бийиктикте илип коюшат.
Сигнал берүүчү кармагычтарды өндүрүштүк орун-жайлардын начар жарык болгон, жел жүрбөгөн жерлерине, ошондой эле туруп калган азык жайгашкан жабдууга жакын жерге, тепкич аянтчаларына жана көмөкчү орун-жайларга коюшат. Дан сакталаган жылытылбаган кампаларда кармагычтарды орун-жайдын 500-700 м3 көлөмүнө бир феромонкармагыч туура келгендей эсеп менен илишет.
Кармагычтарды койгондон кийин күн сайын кармалган курт-кумурскаларды карап туруу жана эсепке алуу жүргүзүлөт. 7 сутка өткөндөн кийин ар бир орун-жайда сигнал берүүчү кармагычтарга түшкөн көпөлөктөрдүн жалпы санын алардын көбөйүп кетишин билүү максатында эсептеп чыгышат. Бир кармагычка бир суткада 2 көпөлөк тгшө баштаса, аларды көп санда кармаану баштоо зарыл.
Тегирмен шайтан көпөлөктөрүнүн санынын көбөйүп кетишин эсептөө

Ун тартуучу заводдун вальцовдук станоктор турган, көлөмү 2000 м3 болгон кабатында 3 сигнал берүүчү кармагыч илинген. 7 сутканын ичинде бул кармагычтарда тегирмен шайтан көпөлөгүнүн 26 нуска эркеги кармалган, анын ичинде 1-суткада – 3, 3-суткада – 2, 4-суткада - 4, 5-суткада – 2, 6- жана 7-суткаларда 10 нуска. Бир кармагыта бир суткада кармалган көпөлөктөрдүн орточо саны 1,2 нусканы түзөт. (25:3:7=1,2), башкача айтканда алардын көбөйүп кетүү санынан төмөн. Тегирмен шайтан көпөлөгүнүн мындай санында аларды көп санда кармаа үчүн кошумча кармагычтарды илүүнүн зарылдыгы жок.

Көлөмү 3500 м3 болгон дан сакталуучу кампада 5 сигнал берүүчү кармагыч илинген. 7 сутканын ичинде бул кармагычтарда тегирмен шайтан көпөлөгүнүң 110 нуска эркеги кармалган, анын ичинде 1-суткада – 20 нуска, 2-де – 15, 3-дө 17, 4-дө - 19, 5-де – 12, 6- жана 7-суткаларда – 27 нуска кармалган. Бир кармагычта бир суткада кармалган көпөлөктөрдүн орточо саны 3,1 нусканы түзөт (110:5:7=3,1), башкача айтканда алардын көбөйүп кетүү санынан жогору. Тегирмен шайтан көпөлөгүнүн мындай чанында аларды көп санда кармоо үчүн тийиштүү санда кошумча кармагычтарды илүү зарыл.
Көпөлөктөрдү көп санда кармоо үчүн кармагычтардын саны орун-жайдын 50-150 м3 көлөмүнө бир феромон кармагыч туура келгендей эсеп менен аныкталат. Кармагычтардын мынадй санын зыянсыздандырылуучу объектте шайтан көпөлөктөрдүн саны толук азайганга чейин, башкача айтканда бир кармагычта кармалган көпөлөктөрдүн саны бир суткадан 2 нускаданашпай калганга чейин сакталат. Мындай санга жетишилгенден кийин орун-жайда сигнал берүүчү кармагычтар көпөлкөктөрдүн кийинки көбөйө башташына чейин калтырылып коюлат (600-700 м3 көлөмгө бир кармагыч эсебинде). Курт-кумурскалар кайра көбөйө баштаганда (бир кармагычта бир суткада экиден көпөлөктүн эркеги кармала баштаганда) аларды көп санда кармоо үчүн зарыл сандагы кошумча кармагычтар илинет (150-200 м3 көлөмгө бир кармагыч).
Феромондук кармагычтарды алардын кармоочу (жабышкак) аянтына кармалган копөлөктөрдүн толо башташына жараша (170-200 нуска) алмаштырып турушат. Өндүрүштүк орун-жайларда курт-кумурскалардын саны төмөн болгон учурда кармагычтарды 45 суткадан кийин алмаштырышат, анткени ушул мөөнөттө феромондун жигердүүлүгү жоголот.
Пайдаланылган феромондук кармагычтар өрттөө жолу менен жок кылынат.
Бул же тигил кармагычта кармалган көпөлөктөр тез көбөйүп кеткенде ошол кармагычтын жанындагы зыянкечтердин булагын (мисалы, үйүлгөн азык д.у.с.) айкындоо зарыл жана механикалык тазалоону жүргүзүп,тикелей фосфордук-органикалык инсектициддер менен локалдык дезинсекциялоону (үстү жагынан иштетүүдөн өткөрүүнү) жүзөгө ашыруу керек. Ишкана жыл сайын жүргүзүлүүчү капиталдык оңдоого токтотулганда да ушундайча иштетүүдөн өткөрүшөт.
Жыл бою өндүрүштүк жана көмөкчү орун-жайларынын санитардык абалына ар дайым көз салып турушат, аларда данды кайра иштетүүдөн алынган азыктардын топтолуп кетишине жол берилбейт. Мезгил-мезгили менен машиналарды жана механизмдерди тазалап турушеат, мында аларда азыктар топтолуп калуучу жерлерге (туруп калуучу жерлерге) өзгөчө көңүл бурулат. Зарыл учурларда тикелей инсектициддерн менен локалдык дезинсекциялоо жүргүзүлөт.
Ишканалардын аймагын дезинсекциялоо
Зыянкечтер табылган учурда дан сакталуучу жайларга, ишканаларга жана башка объекттерге жалгашкан аймактарды зыянсыдандырууну инсектициддерди колдонуу менен кеминде 5 менен аралыктан туруп жүргүзүү зарыл.
Дезинфекциялоону 12°Стан төмөн болбогон температурада жүргүзүшөт. Жумшалуучу суюктукту асфальтталган аянттарды иштетүүдөн өткөрүү үчүн чыгымдоонун ченеми 1 м2 аянтка 0,2 л. Асфальтталбаган аянттарды иштетүүдөң өткөрүү үчүн жумшалуучу суюктукту чыгымдоонун ченеми эки эсеге көбөйтүлөт.
Иштетүүдөн өткөрүлүүчү аянттан турак-жай имараттарына чейинки аралык 20 метрден кем болбоого, ал эми адамдар ошол учурда иштеп жаткан өндүрүштгк объекттерге чейики аралык 10 метрден кем болбоого тийиш.
Иштетүүдөн өткөрүлүп жаткан аянтка чоочун адамда, ү	й жаныбарлары кирип кетпешине көз салып туруу зарыл.
Дезинсекциялоо боюнча жумуштардын натыйжалуулугуна баа берүү
Жүргүзүлгөн жумуштарга баа берүү төмөндөгү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:

Данды жана азыктарды фумигациялоонун текшерүү үчүн үлгүлөрдү  тандап алуу жекече коопсуздук чараларын сактоо менен жүргүзүлөт.
Жайларда фосфиндин жыты болгон учурда жана данды алып жатканда ушул жыт пайда болгондо текшерүү үчүн үлгүлөрдү тандап алуунгу противогаз кийип жүргүзүшөт, ал эми кездеме мүшөкчөлөргө салынган үлгү данды ачык жерде, мүшөкчөлөрдөн төкпөстөн туруп фумиганттын жыты кеткече желдетишет.
Жүргүзүлгөн жумуштардын сапатын аныктоодо зыянкечтердин болушун иликтөөнү ушул нускаманын 1-бөлүмүндө баяндалган эрежелерди жетекчиликке алуу менен жүргүзүшөт. Эгерде иликтөөдө тирүү зыянкечтер табылбаса, жумуш кабыл алынат жана анын жыйынтыктары белгиленген формадагы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет (инсектициддерди пайдалангандан кийин шал болуп калган курт-кумурскаларды олгөндөрдүн санына кошушат).
Эгерде орун-жайды зыянсыздандыруу жүргүзүлгөндөн кийин тирүү зыянкечтер табылса, андай жерлерди кошумча иштетүүдөн өткөрүшөт жана кайталап иликтегенде кийин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.

Гербициддерди темиржол жолдору ишканаларынын аймактарын, эң оболу тосмолорго жакын участокторду тазалоо үчүн пайдаланышат. Отоо өсүмдүктөрү өсүшүнүн алгачкы фазасында гербициддерге көбүрөөк сезгич келишет.
Уталом, пивотом, стомпом топурак гербициддери менен тазалоону 2,4 – Дегазация амин тузу менен кезектештирип тазалоо керек, анткени бул гербециддер отоо чөптөрдүн ар кандай түрлөрүнө таасир көрсөтүшөт.
Эки ыл аралыгында аймактын участокторун топурак гербициддери менен бир жолу жана 2,4-Дегазация – амин тузу (ошол эле участокторду) менен эки жолу чачып тазалоону ишке ашырышат. Топурак гербициддери менен тазалоону эрте жазда өсүмдүктөр чыга электе абанын температурасы 8-10°С болгон учурда жүргүзүшөт. Жогорку нымдуулукта тазалоонун натыйжалуулугунун жогоруларын эске алып, гербециддер менен тазалоону жамгырдан кийин же жамгыр учурунда жүргүзгөн жакшы.

Утал препараты системалык аракеттеги гербицид болуп саналат, б.а. ал бүткүл организмге таасир көрсөтүп, өсүмдүктөрдүн кантамыр системалары боюнча жылып жүрүүгө жанаөндөмдүү.
Гербициддер мелүүн жылуу аба ырайында көбүрөөк  натыйжалуу (15-25°С). Ысык күндөрү чачууну эртең менен же кечки убактарда жүргүзгөн жакшы. 8-10°С температурасында бул гербициддер отоо чөптөргө начар таасир тийгизишет.
Өсүп чыккандан кийин аракет көрсөтүүчү гербициддердин жогорку натыйжалуулугунун маанилүү шарты тазалоодон кийин нымдуулук жок болушу керек, анткени шүүдүрүм жалбырактардагы гербициддин тамчыларын жууп кетет жана алар отоо чөптөргө таасир көрсөткөнгө жетишпей калышат.
Көбөйүп келе жатышкан отоо чөптөргө чачууда эң жогорку натыйжал өсүмдүктөрдүн ткандары жана жалбырактары соктуу болуп турган учурда жетишилет. Кургак аба ырайы учурунда отоо чөптөр гербициддерге туруктуу келишет.
Аймактарды гербициддер менен тазалоодо чачыраткычтардын ар кандай модификациялары колдонулат.
Химиялык тазалоо жумушчу суюктугунун чыгымдалышынын нормасы – 0,1 л/м2 жүргүзүшөт.
Чачыраткычтын багына кошула турган гербицид препаратынын керектүү өлчөмүн төмөнкү формула боюнча эсептешет:
А = (Б х В)/ Г,
мында А – керектүү өлчөмдөгү жумушчу суюктугун алуу үчүн гербицид препаратынын өлчөмү, кг менен; 
Б – аракет көрсөтүүчү зат боюнча гербициддин чыгымдалышынын нормасы, г/м2 ;
В – чачыраткыч бактагы эсептелген суунун өлчөмү, л менен; 
Г – гербицид препаратындагы аракет көрсөтүүчү заттын өлчөмү, % менен.
Гербициддер менен чачууну шамалдын ылдамдыгы 3 м/с ашпаган учурда жүргүзүү керек. Чачуу учурунда химикаттар сактоодогу запастарга жана культуралык өсүмдүктөргө түшүп калышын болтурбоо чараларын колдонуу керек. 
Аймакты гербициддер менен тазалоо процессинде тазалоо учурунда камсыз кылынышы керект.
Гербициддерди ар бир колдонуу менен иштөөнү аяктаган соң чачыраткычтын резервуары жана шлангылары суу менен жуулат, андан соң 0,5%үү сода аралашмасы менен (50 үчүн кальций содасын бир чака жылуу сууга) жууш керек. Андан соң аларды кайрадан суу менен кылдаттык менен жууп жана кургатуу керек.

Кемирүүчүлөрдүн санына изилдөөлөр жана жумуштарды уюштуруу
Кемирүүчүлөр менен күрөшүү алдын-алуу чараларынан, кемирүүчүлөрдү механикалык жол менен жак кылуудан жана уулуу заттарды колдонуудан турат.
Дератизациялык чаралар калктуу пункттарда, ар канда министрликтер менен ведомстволордун объекттеринде кемирүүчүлөр менен күрөшүүнүн жүзөгө ашыруучу алдын-алуу десинсекция, санитардык-эпидемиологиялык станциялардын бөлүмдөрүндөгү бирдиктүү пландар же макулдашылган план боюнча жүргүзүлүшү керек.
Кемирүүчүлөрдүн көбөйүү мезгилдеринде (март-апрелде) жүрөндөр жана даяр продукция сакталган жерлерге күзгү жапырт миграция (октябрь-ноябрь) учурунда айына эки жолу, башка мезгилдерде – айына бир жолу объекттерден чычкан сымал кемирүүчүлөрдү табуу жана алардын жыштыгын тактоо жана алар менен күрөшүү ыкмаларын жана каражаттарын тандоо үчүн изилдөөлөр жгргүзүлөт. Изилдөө учурунда төмөнкүлөрдү сакташат:

Кемирүүчүлөрдүн жайгашышынын жыштыгынын шкаласы

Кемирүүчүлөрдүн санын аныктоо үчүн белгилер	Жайгашышынын жыштыгын баалоо
Ийиндер азыраак. Кемирүүчүлөр изилдөө убагында байкалбайт. Кемирүүлөрү, издери жана бөлүп чыгаруулары сейрек.	Аз
Ийиндер бир нече. Бөлүп чыгаруулар, издер, кемирүүлөр кездешет. Кемирүүчүлөр бар экендигине даттанышат.	Сейрек
Ийиндер көп санда. Бөлүп чыгаруулар, кемирген жерлер, бузулган таралар. Изилдөө убагында кемирүүчүлөр көп кездешет. Кемирүүчүлөрдүн бардыгына көптөгөн даттануулар	Көп

Издер боюнча кемирүүчүлөрдүн бардыгын аныктоонун негизги жана объективдүү ыкмаларынын бири келемиштер үчүн көлөмг 30х15х2 см жана чычкандар үчүн 15х10х1 см картондон же фанерадан лоток түрүндө контролдук чаңча аянтын колдонуу болуп саналат. Лотокко ун калдыктарын же талькты 1-25мм калыңдыкта чачыпа, үстүн кагаздын бети менен тешилеп, ортосун курулган нандын кесимин кою коюшат.
Контролдук аянтчаларды аянты 1000 м2 га чейин болгон жайларда дубалды бойлото ар бир 4-5 мметр сайын, чоң аянттуу жайларда 8-10 метр сайын, ал эми үрөн толтура болгон кампаларда болгон жайларда эшиктин кашектеринде коюп коюшат.
Жайгашуунун жыштыгын бир жумадан кийин кемирүүчүлөр келген бардык аянттардын санын издери табылган бөлмөлөрдүн жалпы аянтына бөлүү жолу менен аныкташат.

Кемирүүчүлөрдүн ар бир түрү менен жайгашуусунун жыштыгын баалоо шкаласы

Мисал. 10000 м2 аянтта кемирүүчүлөрдүн издери 17 аянтчадан табылган, мында жайгашуу жыштыгы Х түзөт:
Х= 10000 м2 / 1000 м2 = 1,7 кемирүүчүлөр келген аянтчалар (анча көп эмес)
Контролдук аянтчалардагы жайларда издер табылса, кемирүүчүлөрдүн түрлөрүн жана алардын санын тактоо үчүн бирден келемиш капкан (мисалы, ийилме) же бирден чычкандын капкандарын же кармагычтарды коюшат.
Ар бир түрдүн жайгашуу жыштыгын үч күн катары менен кармалган 1000 м2 жайгашкан бөлмөлөрдөгү ошол түрдөгү кемирүүчүлөрдүн жалпы санын алар кармалган бөлмөлөрдүн аянтына бөлүү жолу менен аныкташат.

Кемирүүчүлөрдүн жайгашуусунун жыштыгын баалоо шкаласы

Мисалы 
Эгерде 10000 м2 аянтта 4 боз келемиш жана 12 үй чычканы кармалсы, анда ар бир түрдүн жайгашуу жыштыгы Х1 жана Х2 түзөт:
  
Х1= 4 боз келемиш / 10000 м2 = 1000 м2 ка 0,4 боз келемиш (аз);
    
Х2= 12 үй чычканы / 10000 м2 = 1000 м2ка 1,2 үй чычканы (көп).
           
Кемирүүчүлөр менен жайгашуу жыштыгын баалоонун жыйынтыгы боюнча нан продуктыларын коргоо боюнча отряддардын (участоктордун) кызматкерлери нан кабыл алуучу жана дан азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын кызматкерлери менен бирдикте кемирүүчүлөрдүн санынын өсүшү же азайышы тууралуу бүтүм жасашат, алар менен күрөшүүнүн ыкмаларын жана каражаттарын жана башка ишчараларын аныкташат.
Ишканаларда кемирүүчүлөрдүн жайгашуусун изилдөө боюнча ишчаралар, алардын жайгашуусунун жыштыгын аныктоо, бөлмөлөргө кирип кетишин болтурбоо, объкттердин санитардык абалын кароо, кемирүүчүлөрдү механикалык ыкмалар менен жок кылууну нан кабыл алуучу жана дан азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын жана башка чарбачыл мекемелердин күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырышат.
Кемирүүчүлөргө каршы химиялык каражаттар менен күрөшүүнү нан продуктыларын каргоо боюнча экспедициянын адистери гана жүргүзүшөт.
Нан кабыл алуучу жана дан азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларда кемирүүчүлөрдү толук жок кылуу үчүн дератизациялоону тынымсыз жүргүзүшөт.
Чет жакалардагы ишканаларда кемирүүчүлөрдү жок кылууну ошол ишканалардын билдирмелери боюнча химиялык ыкма менен жүргүзүшөт.
Эгерде дератизациялык иштерди ишкананын чектеринде жана ага тутуш аймактарда бир эле маалда бардык бөлмөлөрдө жүргүзүшсө, кыйла натыйжалуу жыйынтыктарды алса болот.
Алдын-алуучу ишчаралар
Кемирүүчүлөр менен күрөшүүнү алардын жашаган ийиндерин жок кылуу, тамак-ашка жана сууга жетүүлөрүнө тоскоол болуу, дандарды сактоочу жайларга жана ишканаларга келүүлөрүн болтурбоого багытталган алдын-алуучу ишчаралардан башташат.
Алдын-алуучу ишчаралар өзүнө санитардык чаралардын комплексин камтыйт. Бул бөлмөлөрдө жана нан кабыл алуучу жайларды жана дан азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын бөлмөлөрдүнго кемирүүчүлөрдүн кирип кетишин болтурбоо боюнча ишчаралар болуп саналат. Ишканалардын аймактарында балчыктар, ачык өрт өчүргөнгө пайдаланылган көлмолөр жана челектер, бузук суу түтүк крандары болбошу керек.
Бөлмөлөргө кемирүүчүлөрдүн кирип кетпешин болтурбоо үчүн терезелерди айнектөө жана металлторчолор менен тосуу, электр проводдору, суу түтүктөрү жана канализация түтүктөрү, жылытуучу тармактар киргизилген жерлердеги тешиктерди бетондоо зарыл, полдордо, эшиктерде, кашетерде жана босоголордогу жылчыктарды түздөп, кемирүүчүлөрдүн ийиндерин бүтөө керек.
Жок кылуу чаралары
Кемирүүчүлөр менен кгрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири тама-аш жана суюк ууландырылган азыткыларды жана газдык дератизациялоону колдонуучу химиялык ыкма болуп саналат. Механикалык ыкма (кармагыч курал-жарактарынын ар кандай түрлөрүн пайдалануу_ негизинен кошумча каражат катары жана зарыл болгон учурда айрым объекттерде өз алдынча (мисалы, кызматтык бөлмөлөрдө же терең жайгашкан ишканаларда химиялык ыкманы колдонуу мүмкүнчүлүгү чектелген учурларда) колдонулат.
Химиялык ыкма
Ууланган азыткыларды колдонуу
Уулар менен аралаштырылган азыткыларды атайы азыткы салуучу ящиктерге же кемирүүчүлөрдүн ийиндерине салышат. Толтура турган сактоочу жайларга ящиксиз азыткыларды коюуга тыюу салынат.
Азыткыларды жаны, бузулбаган, кемирүүчүлөр кызыккан тамак-аш продуктыларынан: жумшартылган дандан, нандан, кебектерден же кургатылган нандын майдасынан, ар кандай ботколордон (сулуу, перловкадан,арпадан, буудайдан), кара буудайдан, буудай же жүгөрүнүн унунан, эт же балыктын калдыктарынын фашынан,жаңы жана бышырлыган жашылчалардан,арпанын же жүгөрүнүн куурулган данынан даярдашат. Кургак продуктылардан жасалган азыткыларга 30-40%ке чейин суу (ууландыруу үчүн узакка аракет берүүчү точкаларга таасир көрсөткөндөрдөн сырткары) же 3-5% өсүмдүк майы кирет. Ууландыруунун узакка таасир берүүчү точкаларына кургак азыткыларды салганда аларга аттрактант катары 10% кумшекер кошушат. Бир нече продуктылардан чогултулган азыткыларды пайдалануу максатка ылайык, мисалы нандан, боткодон азыткыларга 20-30% эт же балык калдыктарынын фаршын кошот. Азыткыларды даярдоо үчүн продуктыларды тандоо кемирүүчүлөрдүн түрдүк курамынан, сакталган продукциянын түрүнө, жыл мезгилине жана ууландыруу үчүн колдонулган ууга жараша болот.
Жылдын ысык мезгилинде чийки жашылчаларды жана бакча өсүмдүктөрү (алар өскөн райондордо) же суулуу азыткыларды кеңири колдонушат. Кышында кампаларда жана башка жылытылбаган жайларда азыткылар тоңуп калбашы үчүн нымды аз өлчөмдө кармаган продуктыларды колдонуу керек.
Азыткыларды ууландыруу үчүн – родентицид штормду колдонушат.
Азыткыларды жакшы шамалдандырылган, тийиштүү жабдуу жана оабдыктар менен  жабдылган атайы лабораторияларда же ал үчүн бөлүнгөн бөлмөлөрдө же ачык,коопсуз жерде даярдоо керек.
Ууландырылган азыткыларды даярдап бүткөн соң, столдорду, идиш-аяктарды жана башка жабдууларды самындалган ысык суу же 2%түү содо аралашмасы менен жууш керек.
Уу кошулгандан кийин азыткыны бышыруу же кууруу жана азыткыларды тез ачуучу продуктылардан (бышырылган жашылчалар, кычкыл ара нан ж.б.) жасоого тыюу салынат.
Азыткыларды даярдоо үчүн ууларды же даяр азыткыларды сактоочу идишке, ошондой эле ууланган азыткылрады иштеле турган жерге алып баруучу чемодандардын ички тарабына сөзсүз “уу” деп жазып коюу керек. Мындан тышкары, чемодандардын ички бетине чемодандын ээси болгон адамдын жана мекеменин дарегин көрсөтүү керек.
Ным жогору катыштагы азыткыларды (эт жана балык калдыктарынан фарштар, ботколор ж.б.) даярдалган күнү колдонуу керек.
Аларды бөлмөлөрдө азыткы коюучу ящиктерге салышат, алардын санын 100-150 м2 полдун аянтына 1 ящик коюлат эсебинен салышат. Ящиктерди бөлмөнүн ички периметрине ар бир 10-12 метр сайын коюшат. Ийиндер табылса, аларга жакшы сакталуучу продуктылардын (дандар, нан, кебек, катырылган нандын күкүмдөү, чемичкенин уруктары, ун, крупалар ж.б.) негизинде даярдалган азыткыларды салышат.
Үрөндөр же продукция бар кампаларда полдун ачык аянттарына же ийиндерге азыткы салынган ящиктерди коюшат. 
Подентицид штормду колдонгондо кемирүүчүлөр өлүмгө алып келүүчү уунун дозасын азыткыны үч-төрт күндүн аралыгында анын кемирүүчүлөр жээр-жебесин текшерүү керек, азыткы желген же бузулган жерлерде аны кошушат же жаңысы  менен алмаштырышат.
Кемирүүчүлөрдү иш жүзүндө толук жок кылууга жетшүү жана бүткүл ишкананын масштабында жетишилген натыйжаны сактоо үчүн кемирүүүлөр жашаган дээрлик бардык жерлерге уулануунун узакка таасир корсөтүүчү точкаларына салышат. Бул точкаларды кемирүүчүлөр коп келген жерлерге жайгаштырышат: ийиндердин жанына (1 метрде алыс эмес), тараларды бузушкан же алар кемирген нерселердин, экскременттер топтолгон жерлер ж.б. Азыткы ящиктериндеги ууланган азыткылардын саны объекттеги кемирүүчүлөрдүн санына туура келиши керек.
Объектти кемирүүчүлөрдөн бошоткондо, уулануунун узакка таасир көрсөтүүчү точкаларына салынган азыткыларды жыйнап салышпайт, бул объектте алардын кайтадан пайда болушунан сактайт.
Ууланган азыткыларды колдонуу менен иштер башталганга чейин дератизатор нан кабыл алуучу же данды кайра иштетүүчү ишкананын жетекчиси дайындаган жооптуу адамды адамдар, үй канаттуулары жана жаныбарлар үчүн уулуулугу тууралуу,тийиштүү абайлоо чараларын көрүү зарылдыгын түшүндүрөт, азыткылар коюлган жерлер менен тааныштырат жана ошол адамдын жоопкерчилигине жумушту тапшырып, ал жөнүндө кабыл алуучу-өткөрүүчү актыда дератизациялык иштер жүргүзүлгөндүгү тууралуу жазылып, жооптуу адамдын коюлган мөорү менен тастыкталат. Декада ичинде кемирүүчүлөр жебеген уулуу азыткыларды чогултуп алуу керек (узакка таасир көрсөтүүчү точкалардан сырткары). Чогултулган азыткылардын калдыктарын дератизатор жок кылышы керк. Колдонулбаган азыткыларды жок кылуу дератизация жасалган нан кабыл алуучу, дан-азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлүнүн катшуусунда жүргүзүлөт жана ишти кабыл алуу-өткөрүү актысында белгиленет.
Дератизация жүргүзүлгөндөн кийин табылган кемирүүчүлөрдүн өлүктөрү чогултулат жана администрация атайы болгөн ишкананын кызматкерлери жок кылышат. Кемирүүчүлөрдүн өлүктөрүн жок кылууну алгач хлор акиташы же 10 пайыздуу хлор акиташынын кошулмасы менен себелеп туруп, андан соң от жагуучу мештерде өрттөшөт же жерге 0,5 менен тереңдикте көмүү жолу менен жүргүзүшөт.
Газ менен дератизациялоо
Ийиндерде жана бөлмөлөрдө кемирүүчүлөрдү жок кылуу үчүн ууланган азыткылардан сырткары уулуу газдарды колдонушат.
Толтурулган же толтура эмес кампаларды. Элеваторлорду, ишканаларды жана башка объекттерди газ менен дератизациялоо бир эле учурда аларды фосфиндин негизиндеги препараттар менен фумигациялоону жүргүзүү менен ишке ашырылат.
Ал эми  складдарды дезинсекциялоо талап кылынбаган учурда, бирок келемиштерди тез жок кылуу зарыдыгы келип чыккан учурда газ менен дератизациялоону гана жүргүзүшөт.
Дан азыктары жана продукция толтура кампаларды газ менен дератизациялоону нан продуктыларын сактоо ооюнча экспедициянын дарегине жөнөтүлгөн ишканалардын жетекчилигинин арыздары боюнча жүргүзүшөт.
Газ менен дератизациялоо үчүн фосфинди колдонушат.
Газ менен дератизациялоону баштаганга чейин кампаларды фумигациялоо үчүн каралган кампаларды герметизациялоону жана башка ишчараларды жүргүзүшөт.
Толтура кампаларда газ менен дератизациялоону жүргүзгөн учурда фумиганттардын дандарга же продукцияга түшүп калуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоогоочаралар көрүлүшү керек.

Механикалык ыкма
Келемиштер менен чычкандарды жок кылуунун механикалык ыкмасын колдонууда бөлмөлөрдүн дубалын бойлото жана бурчтарда коюла турган кармагычтарды, верштерди, капкандарды жана кармоонун башка каражаттарын колдонушат.
Кармагычтарда жана капкандарга салынган өсүмдүк майы кошулган нан, ошондой эле куурулган эт жана балык калдыктары жакшы азыткылар болуп саналат.
Кармагычтарды, капкандарды жана кармоонун башка каражаттарын бузбай жана тазалыкта кармоо керек, щетка менен сүртүп кайнак суу менен жууп, андан соң кургатып, өсүмдүк майы же малдын майы менен кармагычтар жана капкандардын металл бөлүктөрүн сүртүп коюу керек.
Коюлган капкан, кармагычтарды жана верштерди эртең менен ар дайым текшеришет.
Кармалган кемирүүчүлөрдү өлтүрүү үчүн аларды кармагычтар менен бир нече минутага резина же жакшы тигилген кленка мешокко салып коюшат да, ага 50 г 25 %түү нашатырь спиртин куюшуп, бекем байлап коюшат.
Коомдук жана өздүк оопсуздук чаралары
Жалпы жоболор
Нан азыктарынын зыянкечтер менен  күрөшүүдө колдонулган химиялык каражаттардын бардыгы бул же тигил катышында адам үчүн белгилүү – бир коркунучту туудурат. Алардын (фумиганттардын) кай бири организмге де менен алуу жолдору аркылуу кирип, курт-кумурскаларга жана кенелерге ууландыруу үчүн талап кылынгандан кыйла аз концентрацияда уулануу чакырат. Башкалары терини күйгүзүп же кабылдатып жибериши мүмкүн.алардын бардыгы өз-өзүнчө алганда организмге атайын таасир көрсөтөт, андыктан коргонуу каражаттары алардын атайын таасирлерин эске алуу менен мштелип чыккан.
Организмге таасир көрсөтүүлөрү боюнча пестициддер төрт коркунучтуулук классына бөлүнөт:

Пестициддердин коркунучтуулук классы алардын нормаларына жана көрсөткүчтөрүнө жараша (чогулуш чегине уруксат берүүчү концентрация ПДК – жумушчу зонасынын абасында зындуу заттардык мүмкүн болгон чегине жеткен концетрация мг/м3) өсот. 
Сырткы чөйрөнүн объекттеринде туруктуу сакталышы боюнча пестициддер абдан туруктуу (токсиндүү эмес компоненттерге 2 жылдан ашык убакытта ажырайт), туруктуу (0,5-2 жыл), орточо туруктуу (1-6 ай), туруктуу эмес (1 ай).
Дезинсекция, дегазация, дератизация, уулуу азыткыларыд даярдоо, ташуу, сактоо, уулуу заттарды берүү, уу химикаттар менен булганган жекече коргонуу каражаттарды, дезинсекциялык машиналарды, унаа каражаттарын, тараларды, уу химикаттар төгүлгөн жерлерди тазалоо юонча бардык иштер, ошондой эле жарамсыз болуп калган уулуу заттарды жок кылуу колдонуудагы коопсуздук техникасынын эрежелери жана нан запастарынын зыянкечтери күрөшүү үчүн колдонулган уу химикаттарын кабыл алуу, берүү, ташуу жана сактоо тартиби тууралуу инструкцияга ылайык жүзөгө ашырылат.
Иштерди жүргүзүүгө медициналык кароодон өткөн жана оң бүтүм алышкан, уу заттар менен иштөөгө атайын окуудан өтүшкөн, алардын касиеттерин жакшы билишкен, коргонуу каражаттары жана атайын жабдыктар менен колдонууну билген,ошондой эле ууланганда биринчи жардамды көрсөтө алышкан 18 жаштан жогору курактагы адамдарга уруксат берилет.
Нан продуктыларын коргоого кызматкерлерди окутуу жылына 1жолудан кем эмес өткорүлүүчү атайын курстарда, семинарларда ишке ашырылат. Ар бир окутулган предмет боюнча экзаменациялык комиссиянын мүчөлөрү кол тамгасын коюшкан экзамен баракчасы толтурулат. Курсту аяктаган же семинарларда окутуудан өткөн адамдарга уу химикаттары менен иштөөүо жана уу химикаттар иштөөүо жетекчилик кылууга уруксатка укук берүүчү күбөлүк тапшырылат. Анын бардыгы күбөлүктүн колдонуу мөөнөтгн көрсөтүү менен ишкананын жарлыгы менен таризделет.
Уу химикаттары менен иштөөго кош бойлуу аялдар, эмчек эмизген энелер, тери кабыкчасында ачык жабыркаган жерлери бар, ошондой эле врачтын бүтүмү боюнча бул иштерди аткарууга каршы көрсөтмөлөрү бар адамдарга жол берилбейт.
Дезинсекциялык иштердин жетекчиси фумигациялоого дуушарлана турган объектти изилдөөлөрдүн маалыматтарынын негизинде объекттин жетекчиси да кол тамгасын кое турган алдын-алуу изилдөө актысына объект аткара турган коомдук коопсуздук чараларын камсыз кылуу боюнча ишчаралардын так тизмесин кошо киргизет.
Коомдук коопсуздук чараларын камсыз кылууга дезинсекциялоык иштердин жетекчиси жана дезинсекциялые иштер жүргүзүлүп  жаткан объекттин жетекчиси жооп берет.
Фосфиндин негизиндеги препараттардык олдонуу менен фумигация иштери жүргүзүло турган олъеттердин, элеваторлордун (бош же дан  менен кошо), ун, акшак жана комбинирленген тоюттарды чыгаруу заводдорунун жана цехтеринин, жүгөрүнүн сорттук жана гибриддик үрөндөрүн тазалоо боюнча заводдорунун жана башка ири ишканалардын жетекчилер фумигациялоону жүрүзүүнү баштаганга чейин бул иштер туурасында саламаттыкты сактоонун райондук бөлүмүнө билдирүүгө милдеттүү.
Алардын көрсөтмөсү боюнча объектке иштерди жүргүзүү мезгилинде медициналык жардам көрсөтүү үчүн тийиштүү дарылоо мекемеси бекитилет. Ар бир иш башталаардан 2 суткадан кем эмес күн убакытта тапшырыла турган объекттин жетекчисинин билдирмеси боюнча дарылоо мекемеси фумигациялоо, экспозиция жана дегазациялоонун бүткүл мегили учуруна ишканада же элватордо терапевт-врачтын жана бирже эки мээрмандын күн-түн нөөмөтүн камсыз кылат. 
Медициналык кызматкерлер кеблей калганда же аларда жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон каражаттар жок болсо дезинсекциялык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
Дезинсекциялык иштердин жетекчиси медициналык кызматкерлерди противогаздар менен камсызкылууга милдеттүү.

Дезинсекциялык иштердин бардык түрлөрүндө бөтөн адамдардын болуусуна тыюу салынат.
Фумигациялоону ишеничтүү герметизациялоону, ошондой эле газдын жетишерлик кирбешин камсыз кылган синтетикалык пленкалардан же брезенттерден жабууну камсыз кылууга мүмкүн болгон техникалык өзгөчөлүктөгү жайларда гана өткөрүүгө уруксат берилет.
Фосфинди колдонуу менен иштер объект өндүрүштүк жайлардын, кызматтык курулуш жайларынан жана эксплуатациядагы темир жолдордон 30 метрден жакын эмес, ал эми турак-жайлардан – 50 метрден кем эмес алыс болгондо гана жол берилет.
Объект бул талаптарга туура келбеген учурларда, комиссия саламаттыкты сактоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү шарттарга жараша жогоруда айтылгандан азыраак аралыкта деле фумигациялоону жүргүзүүнү ошол жерде аныкталган сактануунун кошумча чараларын аткаруу менен жана адамдар менен үй жаныбарларынын толук коопсуздугуна кепилдикте уруксат бере алат. Зарыл болгон учурда фумигациялоонун бүткүл учуруна коркунучтуу зонадан адамдан менен жаныбарларды көчүрүү чараларын кабыл алышат.
Объекттин администрациясы коргонуу зонасын жип менен тосууну камсыз кылууга милдеттүү (же башка ар кандай кошумча каражаттар) жана тазалоого жаткан объекттердин чектеринде жана сырткы эшиктеринде коркунучтуу эскертүүчү жазууларды илип коюлары керек, ошондой эле фумигациялана турган объекттер иш башталгандан тартып, дегазация аяктаганга чейин күн-түнү кайтарылууга тийиш.
Нөөмөт объекти объектти коргонуу зонасын бойлот, анын чектеринен чыкпастан көзөмөлдүк жасайт. Дезинсекциялык иштердин жетекчиси нөөмөттү милдеттери, ошондой эле коопсуздук чаралары тууралуу ыраттуу инструкция бериши керек,ошондой эле текшерүүдөн өткөн противогаздар менен камсыз кылат.
Ишкананын (мекеменин) техника коопсуздугу журналына өткөрүлгөн инструктаж жөнүндө жазуу жазылып, нөөмөт кызматкерлеринин аны тастыктаган кол тамгасы коюлат.
Фумигациялоо башталганга чейин фумигациялоо боюнча ишктерге катышкан бардык адамдар объекттен жана коргонуу зонасынан чыгарылышы керек. Цехтерден (участоктордон) адамдардын чыгарылышы үчүн цехтин (участоктун) начальниктери, ал эми жалпы объект боюнча –ишкананын жетекчиси жооп беришет.
Фумигациялоо боюнча иштерге тиешеси жок адмадрды коргонуу зонасына дегазация бүткөнгө чейин киргизүүгө тыюу салынат. Фосфиндин негизиндеги препараттарды колдонуу менен фумигация иштери жүргүзүлөт турган элеваторлордо (бош же дан менен кошо), ун, акшак жана комбинерленген тоюттарды чыгаруу заводдорунда жана цехтеринде, жүгөрүнүн сотррук жана гибриддик үрөндөрүн тазалоо боюнча заводдорунда жана башка ири ишканаларда препаратты себүү, белгилүү бир убакытка дейре кармоо жана дегазация учурунда графикке ылайык фумигация жүргүзүшкөн кызматкерлердин күн-түнү нөөмөтүн коюшат.
Нөөмөтчү индикатор горелкаларынын жана түтүкчөлөрүнүн жардамы менен санитардык-коргонуу зонасынын жана анын чегарасынын чектеринде абанын чөйрөсүно системалыцк түрдө көзөмөлдү ишке ашырууга милдуттүү, зарылчылык келип чыккан учурларда фумиганттар чыгып жаткан жерлер табылганда герметизациялоо боюнча чараларды же фумиганттардын коргонуу зонасынын чектеринен тышкары таралышын болтурбоо үчүн дегазация учурунда бөлмөлөрдү шамалдатуунун интенсивдүүлүгүн кыскартуу обоюнча чараларды кабыл алышы керек.
Тара бозасында, жумшак тара фабрикаларында, тара оңдоо мастерскойлорунда, нан кабыл алуучу жана үрөндү кайра иштетүүчү ишканаларда уу заттар менен дезинсекциялоочу дезинсекциялык камералар атайын,абдан ишенчиликтүү бекемделген, табигый шамалдатуу жакшы бөлмөлөрдө жабдылышы керек.
Тараны фумигациялоо, экспозициясы жана дегазация иштери учурунда, дезкамера бөлмөлөрүнө бөтөн адамдар киргизилбеши керек. Объекттин администрациясы камерада кызматкерлердин бүткүл иштөө мезгилине дезинсекциялыкиштердин жетекчиси атайын үйрөткөн нөөмөтчүнү коюуга жана текшерилген противогаздар жана индикатор горелкалары менен жабдууга милдеттүү. Дезкамералардын эшигине коркунучтуу эскертүүчү жауулар жазылышы керек.
Дезинсекция, дератизация, кабыл алуу, уу заттарды кое берүү, ошондой эле жарабай калган уу заттарды жок кылуу боюнча иштерди жүргүзүү күндүзгү убакытта, бүтөөрүнө саат 17 ден кем эмес эсебинде жүргүзүүгө уруксат берилет.
Фумигацялоо аяктаган соң жетекчи тазалана турган бөлмөлөрдүн сырткы эшиктери илгичтерге, шпингалеттерге жабылганбы жана аларда эскертүүчү жазуулар бар экендигин текшерүүсү керек.
Ун чыгаруучу, акшак чыгаруучу жана башка ишканаларды дегазациялоо эртен менен – 12ден кеч эмес убакытта жүргүзүү керек.
Фосфиндин негизиндеги препараттарды колдонууда төмөнкү өрткө каршы коопсуздуктун чараларын аткаруу керек:

Өрт келип чыккан учурда фосфиндин негизиндеги өрттөнгөн препараттарды кампада дайыма даярдыкта кармашкан кум менен, ошондой эле ОУ-2, ОУ-5 жана  ОУ-9 тибиндеги көмүркычкылдуу өрт өчүргүчтөр менен өчүрүшөт. Өрттү суу жана көбүктүү өрт өчүрүүчүлөр менен өчүрүүгө тыюу салынат.
Үрөндү контакттык аракеттеги инсектицид менен тазалоодо тазалоочу жерди 2,5 радиуска дейре форсункалардан тосуу керек жана тосулган зонага дезинсекцияга катышпаган адамдарды киргизбөө керек. Бөлмөлөрдөн сырткары чачыратуу жумуштарын шамалдын ылдамдыгы 3 м/с ашпаганда уруксат беришет.
Фумигацияланууга дуушарланышкан бардык объекттер алар эксплуатацияланууга берилгенге дейре толук дегазациядан өтүшү керек.
Ири объекттерди дегазациялоо учурунда бир эле маалда атмосферага газдын чоң көлөмү кетпешин алдын-алуу үчүн бөлмөлөрдү шамалдатууну акырындык менен жүргүзүү керек.
Дегазация процессинде аба катмарынын коргоо зонасынын чектеринен сырткары фумиганттын таралышын болтурбоо үчүн андагы абанын абалына контролдук жүргүзүү керек. Фосфиндин негизиндеги препараттардын ажыроо калдыктарын жана ал сакталган тараларды жок кылууну төмөндөгүдөй жол менен жүргүзүшөт. 
Препараттардан бошогон бардык тараны (калий челектер, алюминий флягалар, алюминий капсулалар, жапкычтар,алардын пробкалары, газды сактоочу капчалар) тазалоо бүтөөр замат чогултулуп,тийиштүү түрдө таңгакталып, уу химикаттар үчүн кампага жанаөнөтүлүп, ал жерде тазалоо үчүн (CuSO4) 1 %түү жез купоросун куюп коюшат. Бир суткадан кийин аралашманы канализацияга төгүп салышат, ал эми металл тарасын металлоломго өткөрүшөт.
Гранула жана таблеткалардын ажыраган калдыктарын 1-5%түү жез купоросунун аралашмасы куюлган идишке салышып, аны бир суткадан кийин канализацияга төгүп салышат.
Препараттын ленталарынын жана плиткаларынын калдыктарын бычак же кайчы менен кылдаттык менен кесишип, анын ичиндегини 1-5%түү жез купоросунун аралашмасына куюшат, кабыкчасын өрттөп салышат же болбосо атайын бөлүнгөн жерде бүтүн бойдон көмүп салышат.
Фосфорорганикалык пестициддерди тазалоону 3-5%түү сода аралашмасы менен жүргүзүшөт. Ал үчүн 0,3-0,5 кг кальций водасын же кир жуучу порошокту 10 литр сууга эритишет. Бул аралашманы фосфорорганикалык пестициддер төгүлгөң жерлерге куюшат.
Фумигацияланууга дуушарланган элеваторлорду, кампаларды жана башка жайларды эксплуатациялоого киргизүү, ошондой эле аталган жайларга адамадарды киргизүүгө курамында жалпы ишкана боюнча фумигациялоону жүргүзүүдө коопсуздук чараларын сактоо үчүн жооптуу адамдардан, дезинсекциялык иштердин жетекчисинен, фумигациялоо жүргүзүлгөн участокко жооптуу адамдан, ишкананын ПТЛнын өкүлүнөн турган атайы комиссиянын бүтүмү боюнча гана уруксат берилет.
Ун чыгаруучу заводдордун, элеваторлордун, акшак жана тоют даярдоочу заводдорду ишке киргзүүдө комиссиянын курамына санитардык өзөмөлдүн өкүлүн сөзсүз кошуу керек.
Комиссиянын чечими акт менен таризделет, анда дезинсекциялоонун мөөнөтү, башталган жана аяктаган убактысы, экспозициянын узактыгы жана умиганттын жоктугун тастыктаган дегазациялоонун толуктугунун акыркы текшерүүсүнүң убактысы көрсөтүлөт. Фосфиндин негизиндеги препараттар менен тазалоого дуушарланган объекттерди өткөрүүдө, актыда фумиганттын калган калдыгына абанын химиялык анализинин жыйынтыктары көрсөтүлөт. Фосфиндин концентрациясы 0,1 мг/м3 керек. 
Газдык тазалоого дуушарланган дандарды жана продукцияны андагы фумиганттын жыты толук кетмейинче жылдырууга тыюу салынат.
Фумигациялоодон соң каптар менен брезенттерди алдын-ала дегазациясыз которууга же эксплуатацияга берүүгө тыюу салынат.

Ууланган азыткыларды даярдоодо жана дератизациялоону жүргүзүүдө төмөнкү эрежелер аткарылышы керек:

Гербициддер менен иштөөдо аталган жободо уу химикаттарын колдонууда сунуш кылынган коопсуздук техникасынын жалпы эрежелери сакталышы керек, анын үстүнө гербициддердин техникалык препараттары терини, былжырлуу кабыкчаны жана көздү дүүлүктүрүүчү ар кандай уу аралашмаларды кармашы мүмкүн. Гербициддер менен тазаланган участоктордо убактылуу сактоо зарылчылгы келип чыккан учурда, алар жыгач же пленка жабуу менен жабдылышы керек. Бул жабууларсыз гербициддер менен тазаланган участоктордо данды убактылуу сактоого тыюу салынат.

Феромондуу кармагычтарды шайтан көпөлөктөр менен күрөшүү үчүн колдонууда энтомологоиялык клейди жана феромонду беттин, колдун терисине жана кийимге тийип кетүүлөрүн болтурбоо керек. Клей жана феромон беттин, колдун терисине жана кийимге тийип калса, аларды өсүдмүк майында же бензинге матрылган таза чүпүрөк же вата менен тазалоо керек, андан соң алардын үстүн сүртүп, андан соң самындуу суу менен жууп коюу керек.

Дезинсекциялоо, дегазацияло, дератизациялоо боюнча иштерге, аймакты гербициддер менен тазалоого же уулуу заттарды кабыл алуу, берүү, сактоо, ташуу, ошондой эле жарабай калган уулуу заттарды зыянсыздандыруу жана жок кылууга катышкан адамдар атайын коргоочу кийимдер жана бут кийимдер менен камсыз кылынууга тийиш (кислотадан коргонуу г сиңирилген пахтанын буласынан костюм же комбинезон, ич кийим, резина өтүк, резина колкап, колкап, этекке тарткыч). Жылдан муздак мезгилинде адаттагы атйын кийимден сырткары куртка, пахтанын буласынан шым, резина өтүк, жылуулуанган негиздеги колкап берилет.
Фумиганттар менен иштөөдө дезинсекциялоого катышкан адамдарды баштарынын размерлерине жараша туура келген шлемдүү противогаздар, нымдуу дезинсекция каражаттары менен иштөөдө - сактоочу көзайнектер жана респираторлор, ошондой эле резина же полихлорфинилдүү этек тарткычтар, жеңкап, капюшондор менен касыз кылуу керек.
Ууланган азыткылар менен иштөөдө кызматкерлерди пахтанын буласынан даярдалган халаттар, резина колкаптар жана респираторлор менен камсыз кылуу керек.
Коргоочу атайын кийим, атайын бут кийим жана атайын ич кийим нан продуктыларын коргоо боюнча өндүрүштүк участоктордун жабдыктары болуп саналат жана ар бир иштеген кызматкерге жекече бекитилип берилет. Иштердин жетекчиси аталган коргонуу каражаттары түздөн-түз иштер башталардын алдында кийилип, иштер бүтөр соң чечилишине көз салууга милдеттүү.
Атайын кийимдерди атайын бөлүнгөн бөлмөдө химикаттардан бөлөк сакташат.
Фумигациялоо иштери аяктаган соң аны аткарууга катышкан адамдар фумигацияланган жайдан чыгып жатканда 5-10 минутанын аралыгынад противогазадрын чечпестен, абада шамал соккон участокто атайын кийимди шамалдатуу максатында туруп турушу керек. Анадн соң атайын кийимди жакшы шамалданган бөлмөдө чечип жана дегазациялоо жана кургатуу үчүн ачык абада же бастыраманын алдында аба жакшы согушу үчүн түздөп, тартып илип коюшат. Аба бүркөө күндөрү иштер жүргүзүлгөн ишканада атайын кийимди дегазациялоо үчүн жакшы шамалданган бөлмө, ал эми жылдын муздак мезгилинде жылуу бөлмө бөлүнүшү керек. Дегазацияланбаган кийимди жана бут кийимди кошо алып жүрүүгө тыюу салынат.
Фумиганттар менен иштөөдө кийимди бир сааттан кем эмес шамалдатышат, атайын кийимди дегазациялоо аяктаганын жытынын жоктугу боюнча аныкташат.
Контакттуу препараттар менен иштеген соң атайын кийимди төмөнкү ыраттуулукта чечүү керек: колкап кийилгено колду зыянсыздандыруучу аралашма (1 чака сууга 0,5г кальций содасы)менен жууп, андан соң суу менен жуугандан кийин коргоочу көзайнекти жана респираторду, өтүктү жана комбинизонду чечүү керек. Көзайнек менен респираторду сыртынан ошол эле аралашма менен сүртүп, андан соң колкапты чечип салышат. Колду нашатырь спиртинин аралашмасы (5 л сууга 25 мл) менен жууш керек.
Атайын кийимди зыянсыздандырууну жана жууганды ишкана өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзөт. Атайын кийимди кирдегенине жараша жуушат, бирок эки жумада бир жолудан кем эмес. Атайын ичкичмди төрт жолу колдонгондон кийин жуушат. Атайын кийимди үй шартында жууганга тыюу салынат.
Атайын кийимди кир жуугуч машиналарда жүргүзүшөт.
Фосфорорганикалык жана пиретроиддик кошулмалар менен булганган атайынкийимди 2-3 жолу алмаштырлыган самын-содалуу аралашмада жуушат.
Резинадан жана пленка менен жабылган ткандан жасалган буюмдарды күнүгө кальций содасынын 3-5%түү аралашмасы же хлор акиташынын сүтг менен жуугандан кийин таза суу менен жууп салышат. Резина өтүгң жана колкапты андан сырткары хлор акиташынын боткосу менен тазалашат.
Противогаздардын жана респираторлордун резиналанган бет бөлүктөрү иштегенден кийин күнүгө самынды колдонуп, жылуу суу менен кылдаттык менен жуулат жана этил спиртине (противогаз үчүн – 5 мл, респиртаор үчүн – 4 мл эсеби  менен) же 0,5%түү марганц кычкыл калийдин аралашмасына чылынган пахтанын тампону менен сүртүлөт. Дезинфекциялоодон соң бет жактарын кайрадан таза суу менен жууп жана кургатуу керек.
Толук дегазацияланбаган коргонуу каражаттарын колдонууга тыюу салынат. Коргонуу каражаттарын тазаолоо же жуу тапшырылган кызматкерлер оиштерди жүргүзүүдө коопсуздук чаралары жөнүндө инстукция алышат.
Уулуу заттарды колдонуу менен байланышкан иштерди жүргүзгөн жерден алыс эмес аралыкта жылуу жана самын менен кол жуугу,ошондой эле атайын ичкийим, атайын кийимдин, атайын буткийимдин кошумча комплекттери, противогаздар жана респираторлор болушу керек.
Уулуу заттарды колдонуу менен иштер аяктаган соң кызматкерлер душ кабыл алышып же ысык суу менен жуунуулары керек.
Ишкананын администрациясы кызматкерлерге душ же мончо берүүгө милдтеттүү, ал эми жок болгон учурда бөлмө бөлүп жана жылуу суу менен камсыз кылышы керек.
Дезинсекциялоо, дегазациялоо жана дератизациялоо боюнча иштерди жүргүзгөн, ошондой эле уулуу химикаттарды кабыл алуу, кое берүү, сактоо жана ташуу, жарабай калган уулуу химикаттарды тазалоо жана жок кылууга катышкан бардык кызматкерлерге бир адамга айына 400 г эсебинде кир самын, ошондой эле колдонуудагы ченемдер боюнча сүлгүр берилиши керек. Дезинсекциялоо, дератизациялоо, жарабай калган уу химикаттарын зыянсыздандырууга жана жок кылууга, уу химикаттарына анализ жүргүзгөн, ошондой эле уулуу химикаттарды кабыл алуу, кое берүү, сактоо жана ташуу иштерин жүргүзүүгө катышкан бардык кызматкерлерге атайын тамактануу – күнүно бир адамга 0,5 л сүт берилет.
Коргонуу каражаттарын жана атайын кийимди,ошондой эле атайын тамактанууну жана самынды админстрация кызматкерлерге бекер берүүгө милдеттүү.
Ар бир отряд дары-дармектер жана каражаттардын топтому жана ууланган учурда жабыркагандарга биринчи жардамды көрсөтүү үчүн каражаттар менен камсыз болушу керек.
Фосфиндин негизиндеги препараттар менен иштөөдө “М”, “Е” же “БКФ” маркасындагы коробкалуу противогаздарды колдонушат.
Противогаздын ар бир коробкасына белгиленген  форма боюнча паспорт түзүшөт. Колдонуунун башталышында противогаздуу противогаз коробкасы таразаланат жана бардык маалыматтар анын паспаортуна жазылат. Иштер аяктган соң коробка кайрадан таразаланат – анын салмагы 35 г көбөйсө, бул противогаздык коробка заңысына алмаштырылат.
Баштын размерлери боюнча кылдаттык менен тандалган шлемдүү противогазадар ар бир кызматкерге жекече бекитилип берилет.
Иш башталар алдында ар бир кызматкер ага берлиген противогаздын бузук эместигин текшерүүгө милдеттүү. Противогаздык коробканын корпусунун сыныктары жана урунулган жерлери болбошу керек,коробканы силкилдеткенде аны толтуруп турган шихта ары-бери жылып турбашы керек.
Клапандуу коробка дем алуучу, дем чыгаруучу жана сактоочу (экинчи дем чыгаруучу) клапандар менен жабдылгандыгын текшерип көрүү зарыл. 
Противогаздын бөлүктөрүн карап чыккан соң,чогултулгандан кийин да текшерилет. Бул үчүн противогаздын маскасын кийишет  жана противогаз коробкасынын түбүндөгү тешикти резина пробкасы менен жабышат. Эгерде мында дем алуу мүмкүн болбосо (масканын алдына аба кирбесе) – противогаз оң. Аба масканын алдына кирген соң, противогаздын ар бир бөлүкчөсүнүн жарактуу экендигин текшеришет (коробканы бурап чыгарышат жана гофрирленген түтүктгн аяк жагын кол менен жабышат). Бөлүкчөлөрүнүн бири бузук болсо – аны алмаштырышат.
Дезинсекциялоо иштеринин жетекчиси ар бир кызматкер иш башталар алдында ага бекитилип берилген противогаздын бузук эместигин текшерип алышына көз салууга  милдеттүү.
Противогаздар фумигациялоо боюнчаиштер жүргүзүлө турган бөлмөгө кире бериште же фумигацилоанган объекттин алдындагы коргонуу зонасында кийилиши керек. Фумигацияланган бөлмөлөрдө же коргонуу зонасынын чектеринде кыска мөөнөткө болсо да противогазсыз жүрүүгө таптакыр тыюу салынат.
Нымдуу дезинсекциялоо боюнча жана ууланган азыткылар ом иштөө “А” же “В” маркасындагы патрондору менен РУ-60 маркасындагы респираторлорду кийүү менен жүргүзүлөт.
Аэрозолдуу дезинсекцияло боюнча иштер аэрозоль фильтрлери менен “А” маркасындагы патрондуу РУ-60м маркасындагы респриторлор менен жүргүзүшөт, РУ-71 чечилүүчү аэрозоль фильтрлери же аэрозолдуу фильтрлүү (ак вертикалдуу чийини бар күрөң түстө) “А” маркасындагы коробкалуу өндүрүштүк фильтрлүү противогаздарда жүргүзүшөт.
Уулуу заттар менен иштеген убакта тамеки чегүүгө, ичүүгө, тамактанууга таптакыр тыюу салынат.
Күчтүү аракеттеги жана жогорку токсиндүү препараттар менен иштерди аткарууда жумушчу күндүн жалпы узактыгы (тыныгууларды кошкондо) – 4 саат (уу химикаттар менен байланышпаган иштерде 2 саатты сөзсүз кошуп иштөө менен),башкалары менен – 6 саат.
Фосфиндин негизиндеги препараттар менен иштөөдо фумигацияланган бөлмөдө кызматкерлер тыныгуусу 45 мүнөттөн ашык жүрбөшү керек. Бул убакыт өткөн соң иштен таза абага чыгып, 15 мүнөт тыныгуу жасаш керек, андан ишти улантса болот.
Дезинсекциялык иштерди жүргүзүүдө катышуучулардын санын иштин көлөмүно жараша аныкташат, фумигациялоонун бардык түрлөрүн жана бул максаттарда колдонулагн уулуу заттар менен иштөөгө байланышкан бардык жумуштарда (дератизациялоодон сырткары) ар бир участокто бир эле маалда эки адамдан кем эмес кызматкер иштеши керек.
Уу химикаттары менен иштөөгө киргизилген адамдар иш сезону башталганга чейин жылына врачтык кароодон өтүүлөрү керек.
Уу химикаттарын колдонуу менен байланышкан жумуштарга кирген адамдарды медициналык кароодон өткөрүүдө жана кесиптик оорулардын алдын-алуу максатында жылына өткөрүлүүчү мезгилдик кароолордо терапевт, стоматолог, невропатологдун катышуусу зарыл, андан тышкары окулисттин, оталарингологдун, дерматовенерологдун, гинекологдун жана эндокринологдун көрсөтүүлөрү керек.
Ууланган, ал тургай жеңил формада ууланган адамдарга толук айыкмайынча жана аталган жана ушуга окшош аракеттеги мүнөздөгү заттар менен кайрадан иштөөгө  мүмкүн экендиги тууралуу врачтык бүтүм алмайынча уулуу заттар менен иштөөгө жол берилбейт.
Үрөндү сактоо жана кайра иштетүү ишканалардагы тармактык коопсуздук техникасынын жана өндүрүштүк санитария эрежелерине ылайык кайра кайрадан кабыл алынган кызматкерлер киришүү инструктажын жана технкикалык коопсуздук боюнча жумуш ордунда инструктаждан өтүүлөрү керек. Бул инструктаждарды өткөргөндүгү тууралуу белгиленген формадагы контролдук карточкада белги коюлат.
Мындан соң ар бир 6 айда нан продуктыларын коргоо боюнча өндүрүштүк участоктордо уулуу заттар менен иштерде алектенишкен бардык кызматкерлер менен инструктажды кайталап өткөрүшөт. Инструктажды кайталап өткөндүгү белгиленген формадагы техника коопсуздугу боюнча  каттоо журналында чагылдырылат. 
Ишканада жыл сайын жүргүзүлгөн семинарлардын программасында кызматкерлерди коопсуздук техникасына сөзсүз түрдөгг 6-8 сааттык окутуу каралышы керек. Окутууну өткөндүгү белгиленген формадагы коопсуздук техникасы боюнча адис жооптуу болушат.
Киришүү инструктажын, жумуш ордундагы инструктажды жана кайталап инструктажды өткөрүүнү өндүрүштүк участоктун улук устаты жана коопсуздук техникасы боюнча адис өткөрө алат.
Белгиленген тартиптеги коопсуздук техникасы боюнча инструктажды өз убагында жана сапатсыз өткөргөндүгү үчүн улук мастер жана коопсуздук техникасы боюнча адис жооп тартышат.
Дезинсекциялык иштердин жетекчиси дезинсекциялоо, дегазациялоо жана дератизациялоо боюнгча бардык иштерди ушул нускоого ылайык гана жүргүзүүгө милдеттүү:

Дезинсекциялоонун бардык түрлөрү башталганга чейин жетекчи иштин катышуучулары менен учурдагы инструктажды өткөрүүгө жана жумуш ордунда инструктаж каттоо журналына жазып коюуга милдеттүү.

Пестициддер (уу-химикаттар) менен иштөөчү адамдын медициналык китепчеси

Фамилиясы _______________________________________________________ 
Аты _____________________________________________________________ 
Атасынын аты ____________________________________________________ 
Туулган жери ____________________________________________________ 
Ээлеген кызматы _________________________________________________ 
Кайсы жылдан бери уу-химикаттар менен иштейт ____________________ 
Үй дареги _______________________________________________________ 
Китепче ээсинин колтамгасы ______________________________________ 
Жетекчи _________________________________________________________ 
Китепче берилген дата       “___”__________________, 20___жыл   
Дарыгердин колтамгасы ___________________________________________ 

Медициналык комиссиянын корутундусу

Жогорку кооптуулуктагы жумуштарды аткарууга наряд – уруксат

Жетекчинин колтамгасы 

(жумуш аткарылуучу жер, анын дареги, участоктун аталышы)

Жумуштун башталышы ___с. ____ мин., ______ күн, ________________ айы, 200 ____ жыл 
Жумуштун аякташы   ___с. ____ мин., ______ күн, ________________ айы, 200 ____ жыл 
Жумуштардын жооптуу жетекчиси ____________________________________________________ 
аты-жөнү, кызматы)

Бригаданын (звенонун) ____________________________________________ адамдан турган 
__________________________________________________________________ курамы менен  _______________________________________________________________________________ 
(бардык кызматкерлердин аты-жөнү)
Төмөндөгүнү аткаруу тапшырылат ________________________________________________ 
(жумуштун конкреттүү мазмуну, орду, шарты)

Коопсуздук чаралары ___________________________________________________________ 

Техникалык коопсуздук боюнча нускоону жүргүздүм _______________________________ 
(аты-жанаөнү, кызматы, колтамгасы, датасы)
Наряд бердим __________________________________________________________________ 
(аты-жанаөнү, кызматы, колтамгасы, датасы)

Нарядды жана нускоону алдым ___________________________________________________ 
(аты-жөнү, кызматы, колтамгасы, датасы)

Уу-химикаттар менен ууланганда жардма көрсөтүүнүн жалпы принциптери

	Кандайдыр бир уу-химикат менен катуу ууланганда өмүрдү сактап калуу үчүн күрөштүн ийгилиги алгачкы медициналык жардам берүүнүн тездигине жана жүргүзүлгөн дарылоо иш-чараларынын тууралыгына да жараша болот. Алардын ичинен бакылары төмөндөгүлөр: организмге уунун киришин токтотуу жана аны организмден өтө тез чыгаруу, антидоттор менен дарылоо (эгерде буга мүмкүн болсо); ууланууда бузулган жашоо функцияларын (дем алуу, кан айлануу) калыбына келтирүү; симптоматикалык терапия.
Организмге уунун киришин токтотууга биринчи кезекте уу менен контакттык токтотууга багытталган чаралардын жардамы менен жетишилет. Дем алуу жолдору менен ууланганда жабыр тарткан адам дароо противогаз кийгизүү  жана аны булганган жерден тез чыгарып кетүү зарыл. Эгерде уулануу уу-химикаттардын териге тийүүсүнүн натыйжасында болсо, булганган кийимди чечип, теридеги уу-химикатты этияттык менен, шыбп албастан тазалоо, булганган терини самындап жакшылап жууп салуу керек. Уу-химикатарды жутуп алып уулананда адамды кустуруу зарыл жана ашказанды зонддсуз тазалоону жүргүзүү зарыл. Организмден ууну тез чыгаруу үчүн ууланган адамга көп суюктукту, туздуу ич алуучуларды, заараны тездетүүчү жана башка дары-дармектерди берүү керек.
Антидоттор менен дарылоо ууланууга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу каражаты болуп саналат. Антидоттор деп ууну ал канга сиңгенге чейин бетарапташтырууга, аны канда организмдин ткандарында зыянсыздандырууга, ошондой эле жашоо үчүн маанилүү биохимилык тутумдарда функциялык антагонизмди камсыз кылууга жөндөмдүү дары-дармектерди аташат. Мисалы, фосфордук-органикалык уу-химикаттар менен ууланганда натыйжалуу антидоттор болуп холинолитикалык препараттар (антропин, тропацин, апрофен,пентафен ж.б.) жана холиэстеразанын реактиваторлору, мисалы, дипироксим ТМБ-4 эсептелет.
Уу-химикаттар менен катуу уулануу катуу дем кысылуу менен коштолот; табигый дем алуунун токтоп калышы – өлүмдүн башкы себептеринен бири. Дал ошондуктан зарыл учурларда (табигый дем алуу кескин начарлаганда же толук токтоп калганда) жасалма дем алдыруу жүргүзүлөт. Жасалма дем алдыруунун ийгиликтүү жүргүзүүнүн башкы шарттарынын бири – дем алуу жолдорунун толук өткөрүүчүлүгүн түзүү. Айрыкча фосфордук-органикалык уу-химикаттар менен ууланганда жардам көрсөтүүдө муну эске алуу керек, анткени мынгда бронхаларынын жана кекиртегинин көзөнөктөрү какырыкка толуп калышы жана бронханын кысылуусунун натыйжасында ал кескин кууштап кетиши ыктымал. Жасалма дем алдырууну жүргүзүүнүн алдында ооздун ичин жана мурунду какырыктан жана кусундудан тазалоо зарыл. Тилдин артка тартылыш астынкы жаакты алдыга тартуу менен токтотулат. Жасалма дем алдыруунун кеңири белгилүү ыкмаларынан (Сильвестр, Шеффер, Нильсен ж.б. боюнча) тышкары кыйла натыйжалуу ыкмалар ооздон оозго үйлөө, ооздон мурунга үйлөө ыкмалары сунуш кылынат, алар жабыр тарткан адамдын өпкөсүнө абаны анын оозу жана мурду аркылуу үйлөп киргизүүгө негизденет. Атайын изилдөөлөрдө аныкталгандай, жардам көрсөтгп жаткан адам гйлөгөн абада жабыр тарткан адамдын канындагы гемоглобинди кычкылдандаруу үчүн жетиштүү санда кычкылтек болот. Жабыр тарткан адамды чалкасынана жаткыртышат. Жабыр тарткан адамдын башы анын ээги мойну менен бир катарда болгондой кылып кескин чалкалатылат, жакасын жана белин бошотушуп, зарл учурда анын оозундагы жасалма тиштерин (протезин) алып коюшат. Таза абанын келишин жакшыртышат. Жабыр тарткан адамдын башы анын ээги мойну менен бир катарда болгондой ачылып, өйдөңкү дем алуу жолдору бир топ кеңеет. Жардам берүүчү адам  жабыр тарткан адамдын каптал жагында болуп анын башын кармап турат.




#Article 119: Гапар Айтиев (558 words)


Гапар Айтиевич Айтиев (1912, Ош облусу – 1984) – кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири. СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР Көркөм академиянын мүчө-корр. (1973), коомдук ишмер.

Кыргыз тарыхында эң алгачкы профессионалдык сүрөтчү катары таанымал.Андыктан анын эң негизги тармагы пейзаж болуп саналат. Анын пейзаж сүрөттөрү жана этюддары, өзүнүн түстүү өзгөчөлүктөрү менен, жана сүрөтчүнүн ой-толгоосу менен сезимдерин бириктирип, кыргыз табигатынын зор эпикалык мүнөзүн бизге жеткирген. 

Фрунзедеги агартуу ин-тунун (кийинки борбордук педтехникум) тарых-коомчулук бөлүмүн бүтүргөн (1932). Сүрөтчүлүк искусство б-ча атайын билимди Москвадагы “1905-жылды эскерүү” сүрөт окуу жайында Н. П. Крымов менен  П. Петровичевден алган. Ал 1934-ж. Фрунзеде ачылган  I респ-калык сүрөт көргөзмөсүнө “Атанын портрети” (1932), “Колхоз катчысы Имангазы”, ”Түштүк кызы” (1934) деген портреттери менен үйрөнчүк катары катышкан. 30-жылдардын экинчи жарымында жараткан “Колхозчулардын дем алышы”, ”Физкультурниктер”, “Байдагы батрак” сыяктуу жанрдык полотнолорунда сүрөтчү турмуштун маанилүү жактарын чагылдырууга умтулат. Жаш сүрөтчү сүрөтчүлүк жөндөмүн портрет жанрында да сынап, С. Акылбековдун (1937), акын А. Осмоновдун (1938) портреттерин тартты. Ал эми “Көлдөгү кайык” (1939), ”Боз үйлөр” (1940) чыгармалары анын келечекте кыргыз пейзажынын чоң чебери болорун көрсөттү. “Фронттон кат” (1943), “Пахта терүү” (1944), “Колхоз короосу” (1946) аттуу сүрөттөрү А-дин олуттуу ийгилиги болуп, изденүүсүндөгү негизги багытын аныктады. А. бардык жанрлар б-ча ийгиликтүү иштеп келатса да, анын негизги жанры пейзаж. “Кайыктар” (1947), “Жумгал өрөөнүндө” (1949), “Сазда” (1954), “Жалтылдаган көл” (1960) аттуу сүрөттөрү – чыгармадан чыгармага өскөндүгүнүн күбөсү. Чыгармаларындагы образдар жөнөкөй көрүнүштөрдүн сүрөтү катары тартылган м-н, алардын негизинде терең ой, өзгөчө бир ички байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк жатат. Мис., “Жайлоодогу чак түш” (1949), “Тоодогу кеч” (1958), “Кыштак четинде” (1956) деген чыгармалары, атактуу “Ысык-Көлдөгү чак түш” картинасы бирин бири толуктап турат. 60-жылдары А. өзгөчө бир ийгиликтерге жетишти. Бул мезгилде ал “Чабандар” (1960–61) аттуу картинасы, “Ысык-Көл – кыргыз деңизи” (бул чыгармалары үчүн Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамл. сыйл. лауреаты болгон, 1967), “Тоодогу чөп чабуу” (1961) деген пейзаждарды жаратты. 60-жылдардын 2-жарымында жараткан “Кыргыз жергеси” аттуу пейзаждар сериясы А-дин чыг-лык өсүшүндөгү жаңы баскычты аныктады. Жанрдык картина менен пейзаждын чоң чебери А-дин кистинен жаралган “Тоо мейкини” (1964), “Чүй өрөөнүндөгү күз” (1965), “Анжияндын айланасы”, “Түштүктөгү кеч” (1967), “Калканар зоо” (1969), “Талаадагы тандыр” (1972), “Көңүл”, “Тоодогу күүгүм” (1973), “Ойлонуу”, Кечки тынчтык” (1974) аттуу чыгармалары сүрөт искусствосунун жогорку үлгүлөрүнөн болуп калды. А. – чебер портретчи болгон. Анын жогорку чеберчилик менен тарткан М. Баетовдун (1949), Ч. Иманкуловдун (1962), элдик уз А. Бекбоеванын живопистик портреттери, сүрөтчү Ж. Кожакметов менен бирге жараткан “Акындар” (1957) аттуу группалык портрети, “Жылкычы”, ”Токтогул” (1958), “Саякбай” (1965) жана акын А. Токомбаевдин (1972) скульптуралык портреттери жалпы көрүүчүлөргө белгилүү. А-дин монументтик искусстводо да айтарлык салымы бар: 1951–54-ж. кыргыз опера жана балет театрынын имаратын жасалгалоого көркөм жетекчи, көрүү залынын плафонундагы роспистин жана театрдагы орнаменттик композициялардын автору. Нарын ш-ндагы революционер Жукеев-Пудовкинге (1971), Фрунзедеги кыргыздын улуу демократ акыны Токтогул Сатылгановго коюлган (1974) эстеликтердин (архитектору А. Исаев) автору. А. узак жылдар бою Кыргызстан сүрөтчүлөр союзун жетектеп (1940–68), кыргыз сүрөтчүлөрүнө жана жалпы респ-калык сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. А-дин чыгармалары 1934-жылдан жалпы союздук, 1958-жылдан бери эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келген. 1970-ж. Москвада, 1973-ж. Фрунзеде анын чыгармаларынын өзүнчө көргөзмөсү чоң ийгилик менен өткөн. А-дин эң мыкты чыгармаларынын көпчүлүгү кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин, Алматыдагы Шевченко атындагы сүрөт галереясынын, Львов ш-ндагы сүрөт музейлеринин менчигине айланды. А. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү (1967), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Председателинин орун басары (8–9-шайланышы). 1969-жылдан Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамл. сыйл. комитетинин председатели. Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени жана “Ардак Белгиси” ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.




#Article 120: Nokia (404 words)


Nokia Corporation (окулат Но́киа) —  Уюлдук, фиксирленген, кеңиритилкелик, жана IP-тармактарга жабдуулар менен камсыз кылуучу. финдик трансулуттук компания. Азыркы убакта дүйнөдөгү уюлдук телефондорду чыгаруучу эң ири компания болуп эсептелинет.

Компаниянын штаб-квартирасы Хельсинкинин шаар-спутниги, Эспоодо жайгашкан.

Компания өзүнүнү аталышын (Nokianvirta) даярыясынын атынан алган, качан Фредрик Идестам 1868 жылы өзүнүн экинчи кыгаз фабрикасын курганда. Компанияга Nokia Ab аталышы 1871 жылы берилген.

Башка иш, дарянын өзүнүн аталыш тарыхы, илгерки  nois (көп. nokia) фин сөзүнөн чыккан деп эсептелинет, түшүндүрмөсү болуп кара киш эсептелинет, качандыр бир убакта ал жерде жүргөн экен. Качан киш жоголгондо, бул сөз баардык кара аңтериси бар жырткычтар атала баштаган, мисалга, суусар же норканы.== Аталыштын пайда болуу тарыхы ==
Компания өзүнүнү аталышын (Nokianvirta) даярыясынын атынан алган, качан Фредрик Идестам 1868 жылы өзүнүн экинчи кыгаз фабрикасын курганда. Компанияга Nokia Ab аталышы 1871 жылы берилген.

Башка иш, дарянын өзүнүн аталыш тарыхы, илгерки  nois (көп. nokia) фин сөзүнөн чыккан деп эсептелинет, түшүндүрмөсү болуп кара киш эсептелинет, качандыр бир убакта ал жерде жүргөн экен. Качан киш жоголгондо, бул сөз баардык кара аңтериси бар жырткычтар атала баштаган, мисалга, суусар же норканы.

Компаниянын тарыхынын башталышы болуп 1865 жыл эсептелинет, качан тоо инженери Фредерик Идестам ()Финляндиянын түштүк-батышындагы Тампереде чоң эмес кагаз фабрикасын курганда башталат. Ага тиешелүү компания  1871 жылы Nokia Ab болуп аты алмашылган.

Бириккен компаниянын беш негизги ишмердүүлүгү болгон: желим буюмдарды өндүрүү, кабелдер ана электроникалар, жыгачты кайра иштетүү жана электроэнергия өндүрүү. Жылдар менен аларга, экинчи даражадагы, мисалга,  аңчылык курал, пластикалар жана химиялык материалдар кошула баштаган. 

Өзүнчө компания болуп Nokia-дан 1988 жылы Nokian Renkaat бөлүнөт, ал 1967 жылдан бери Nokia-нын «желим» бөлүмү эле. Азыр болсо Nokian Renkaat-тын, Nokia-га эч кандай тиешеси жок.

Салодогу (Финляндии) Nokia заводу 2012 жылдын күзүндө толук жабылат. Персоналды кыскартуу сүйлөшүүлөр ишкананын 780 кызматкерине тийет. Ушинтип компаниянын уюлдук секторунун өндүрүү күчүн, 2012 жылдан баштап Азия өлкөлүнө гана бет алдырат.

Nokia-нын өзүнүн уюлдук түзмөктөрүн Windows Phone ИС өтүүсү компанияын өнөктөштөрүнүн жана финдик телефон гигантынын кызматкерлери арасында бир жагдайлуу эмес реакцаларын чакыртты. Альянс жөнүндө жарыялагандан кийин Nokia-нын акция баалары 14% төмөндөдү, бул 2009 жылдын июнунан бери эң чоң төмөндөө эле.

Nokia сервистеринин ребрендинги бара бара болот. Ал 2011 жылдын июль айында башталып 2012 жылдын аягына чейин бүтөт.

Компаниянын директорлор кеңешинин  - Йорма Оллила.
Nokia (, , ) - базар капитализациясынын эң ири финдик компания. Анын капитализациясы  ($19,02 млрд 2012 жылдын январь айына карата) баардык фин компаниясынын базардагы капитализациясынын олуттуу үлүшүн (2007 жылы үчкө чейин) түзөт, Хельсинки фондалык биржасына котировкаланган - өнүккөн өндүрүштүк өлкө үчүн сейрек кырдаал.

Президент — Стивен Элоп, Олли-Пекку Калласвуо 2010 жылдын 21 сентябрында алмаштырган.




#Article 121: Аргентина (3766 words)


Аргентина, Аргентинa Республикaсы - Түштүк Американын түштүгүндөгү мамлекет. Аянты жана калкынын саны боюнча континенттеги 2-өлкө (Бразилиядан кийин). Түштүк Америка материгинин түштүк-чыгышын, Оттуу Жер аралынын чыгыш бөлүгүн, жакын жайгашкан Эстадос жана башка аралдарды ээлейт. Батышынан Чили, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Боливия, Парагвай, Бразилия, Уругвай менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат. Аянты 2,78 млн км2 [Аргентина менен Улуу Британиянын ортосундагы талаш аймак - Фолкленд (Мальвин) аралын кошпогондо]. Калкы 39,5 млн (2005). Борбору - Буэнос-Айрес шаары. Акча бирдиги - Аргентина песосу. Аргентина - БУУнун (1945), Америка мамлекеттери уюмунун (1948), Түштүк Американын жалпы рыногунун (МЕРКОСУР; 1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Аргентина - федерациялык мамлекет. Аргентина 23 провинцияга жана Федерациялык (борбордук) округга бөлүнөт. Конституциясы 1853-жылы кабыл алынган, бирок аскердик төңкөрүштөргө байланыштуу, бир нече жолу токтотулган. 1949-57-жылдарда 1949-жылдагы конституциясы колдонулган, ал эми 1957-жылы 1853-жылдагы конституциясы калыбына келтирилген. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Президент жана вице-президент жалпы элдик шайлоо жолу менен 4 жылга (дагы бир жолу кайра шайлануу укугуна ээ) шайланат; андан соң мамлекет башчысы бир жолку мөөнөттү өткөрүү менен кайра шайланууга укуктуу. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - Конгресс, ал Сенат жана Депутаттар палатасынан турат. Саясий партиялары: жарандык радикалдуу союз, Хустисиалистер партиясы, Өлкөнүн тилектештик фронту партиясы.

Аргентинанын чыгыш бөлүгү түзөң; батышын Анд тоолору (Аконкагуа чокусу, бийиктиги 6960 м, Түштүк Американын эң бийик жери), түш.батышын Патагония бөксө тоолору, түндүгүн Гран-Чако түздүгү, Парана, Уругвай дарыясынын аралыгы (Экисуу арасы), борбордук бөлүгүн Лаплата ойдуңу ээлейт. Өлкөнүн негизги бөлүгүн түзгөн түздүктүү аймагы байыркы Түштүк Америка жана Патагония платформаларында жайгашкан. Ал эми Анд тоолору мезозой-кайнозой бүктөлүү структураларына кирет. Маанилүү кен байлыктары: нефть (Комодоро-Ривадавия, Барранкас), газ (Лома, Ла-Плата, Сан-Хорхе жана башка), бериллий, уран, темир, жез, алтын жана башка. Тропиктик, субтропиктик жана мелүүн климаттык алкактарда жатат. Түндүгүндө январдын (жай айы) орточо температурасы Гран-Чакодо 28°Сден (абсолюттук максимуму 46°С), Оттуу Жер аралында 10°Сге чейин, июлда (кыш айы) түндүгүндө 18°С, түштүгүндө 1°С. Патагония бөксө тоолорунда -33°Сге чейин суук болушу мүмкүн (абсолюттук минимуму - Чубут дарыясынын өрөөнү, Түштүк Американын эң суук жери). Түштүктөн соккон памперос шамалы өлкөнүн түндүгүнө да үшүк алып келиши ыктымал. Жылдык жаан-чачыны Экисуу арасында 1600 ммге чейин, Гран-Чакодо 400-1400 мм, Пампанын чыгышында 600-1000 мм, батышында 400600 мм, Патагонияда 100-300 мм, Пунада 100 ммден аз, Анд тоолорунун капталдарында 100-5000 мм. Патагония Анд тоолорунда Түштүк Америкадагы ири мөңгүлөрдүн бири - Унсала жайгашкан. Ири дарыялары: Парана, Уругвай, Парагвай (кеме жүрөт), Чубут, Рио-Негро, РиоКолорадошондой Анд тоолорунда мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр бар. Тропиктик алкакта жайгашкан Экисуу арасынын түндүк-чыгышын, Анд тоолорунун чыгыш капталдарын нымдуу тропик токою (анын астында кызыл-сары ферралит топурактары өөрчүйт), кызыл-күрөң топурактуу Гран-Чакону кургакчыл сейрек токой (кебрачо, альгарробо жана башка), Пунаны бийик тоонун тропиктик чөлү, Пилькомайо, Рио-Бермехо, Парагвай, Парана дарыяларын бойлой, Экисуу арасынын борбордук бөлүгүн саз, токой жана чөп өсүмдүктөрү ээлейт. Субтропик алкагында – Экисуу арасынын түштүгүнө саванна, Пампанын чыгышына прерий сымал нымдуу шалбаалуу талаа пампас (кара топурактуу; азыр дээрлик айдалган же жайыт), батышына кургакчыл бадалдуу талаа, андан ары, ошондой эле Анд тоолорунун капталдарына бадалдуу жарым чөл мелүүн алкакта - Патагонияга дан өсүмдүктүү бадалдуу жарым чөл, Анд өндүрүндөгү ойдуңдарга талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Анд тоолорунун чыгыш капталдарын 37° түштүк кеңдиктен түштүктү карай нымдуу дайыма жашыл, 41°тан түштүктө аралаш, ошондойэле жалбырагы күбүлмө субантарктикалык токойлор каптаган. Аргентинада жалпы аянты 9112 миң гага жеткен 145 коргоого алынган аймак бар; анын ичинен белгилүү улуттук парктары: Игуасу, Лос-Гласьярес (булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган), Лос-Алерсес, Ланин, Науэль-Уапи жана башкалар.

Калкы ар кошкон элдердин тукумдарынан куралган. Креолдор (Аргентинада туулган испандар) жергиликтүү индейлер, кийин (19-кылымда) европа иммигранттары менен аралашып кеткен. Калкынын 90%тен ашыгы аргентиналыктар, алар расалык жактан «актарга» (73%) жана метистерге бөлүнөт; ошондой эле испан, италян, украин, поляк, немис, француз жана башка улуттар да жашайт. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 14,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: 75,9 жыл (эркектериники - 72,2, аялдарыныкы - 79,9 жаш). Мамлекеттик тили - испан тили. Калкынын 90% католик динин тутат. Шаар калкы 80%тен ашык. Ири шаарлары: Буэнос-Айрес, Росарио, Кордова, Ла-Плата жана башкалар.

Аргентинанын аймагын байыртан эле индей уруулары мекендеп келген. Алар 16-кылымдын башына чейин уруучулук коомдо жашап, дыйканчылык, аңчылык жана балык уулоочулук менен кесиптенишкен. 1516-жылы февралда испаниялык деңиз саякатчысы Хуан Диас де Солис Рио-делаПлата өзөнүнө келип түшүп, аны испан королунун жери деп жарыялайт. Аргентина аймагын испандыктар басып алып, бул жерди күмүштүн запасына бай деп эсептешип, аймакты Ла-Плата деп аташкан (Rio de la Plata, испанча - күмүш дарыя дегенден). Алар индейлердин көпчүлүгүн кулга айландырып, оор жумуштарга иштетип, багындыра албагандарды Анд тоолоруна куугунтуктаган (индейлерди эксплуатациялоонун мындай түрү - энкомьенда аталган). Испандыктардын басып алган жерлери ири жер ээлөөчүлөрдүн жана чиркөөлөрдүн жер ээлигине айланган. Жумушчу күчү жетишпегендиктен, испандар Африкадан негр-кулдарды ташып келе башташкан. Оор эзүүгө чыдабаган индейлер көтөрүлүшкө (Санта Фе провинциясы, 1580) чыгышкан. Кийин индейлердин көтөрүлүштөрү Аргентинанын бүткүл аймагына тараган. Испандыктар Испанияда өндүрүлүп, ташылып жаткан өнөр жай, айыл чарба продуктыларын Ла-Платада өндүрүүгө, ошондой эле башка өлкөлөр менен соода сатык жүргүзүүгө тыюу салышкан. 18-кылымдын 60-70-жылдарда мануфактураларды уюштурууга, соода тармагында бир кыйла жеңилдиктер берилген реформалар жүргүзүлүп, колониялардын өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзүлгөн. 1620-жылы Ла-Плата аймагы Перу вице-королдугуна кошулат. 1776-жылы азыркы Аргентина, Боливия, Парагвай жана Уругвай кирген аймак Ла-Плата вице - королдугу болуп бөлүнөт. Буэнос-Айрес, Мендоса, Сан-Луис жана башка шаарлар өнүгүп, колөнөрчүлөр, токуучулар пайда болот, бирок жаңыдан пайда болгон өндүрүштүк мамилелердин өнүгүшүнө колониялык бийлик тоскоол болгон. 1810-жылы Буэнос-Айресте испандыктарга каршы боштондук кыймылы жеңишке жетишип, тарыхта Май революциясы деп аталып, 25-май аргентиналыктардын улуттук майрамы катары майрамдалат. 1816-жылы 9-июлда Тукуманда Улуттук Конгресс Ла-Плата Бириккен провинциясынын (азыркы Аргентина) көзкаранды эместигин жарыялаган. 1826- жылы Аргентина Федерациялык Республикасы же Аргентина (латынча Argentum - күмүш) болуп кайра түзүлгөн. 20-кылымда Аргентина көптөгөн төңкөрүштөрдү башынан өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашылып турган. 1946- жылы президент болуп шайланган Х. Д. Перондун өкмөтү Аргентинада «социалдык жактан теңдештирүү» саясатын жүргүзүү менен экономиканы индустриалдаштыруу жана улутташтыруу боюнча реформаларды ишке ашырган. 1955- жылы аскердик төңкөрүштүн жүрүшүндө Х. Д. Перон кызматтан кетирилип, бийлик хунтанын колуна өткөн. 1974- жылы Х. Д. Перон президенттик постко кайрадан шайланган. 1976-83- жылдарда Аргентинада бийлик кайрадан аскердик башкаруучулардын колуна өтөт. 1982- жылы аргентикалык аскерлер Фолкленд (Мальвина) аралына түшүрүлгөн (бул аралдар 1833- жылы Англия тарабынан басып алынган болчу). Бул аралдардагы Британиянын суверенитетин тааныгысы келбеген Аргентина менен Улуу Британиянын ортосунда келип чыккан согуштук чатак англичандардын пайдасына чечилген. Англичандардан жеңилгенден кийин аргентиналык аскерлер бийликти саясий партияларга өткөрүп берген. 1989- жылы бийликке кайрадан перронисттик өкмөт келгенден кийин өлкөдө демократиялык режим калыбына келтирилген. 1994- жылы конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттик башкаруу мөөнөтү 6 жылдан 4 жылга кыскартылган; Конгресстин укуктары кеңейтилген; Министрлер кабинетинин башчысы кызматы киргизилип, ал президент тарабынан дайындалган жана парламентке жоопкер болгон. 1999- жылы шайлоодо Ф. Де ла Руа жетектеген оппозициялык блок жеңишке жетишкен. 1990- жылы башталган экономикалык кризистин кесепетинен, 2001-жылдын декабрында финансы системасы кыйраган жана бул социалцык жарылууларга алып келип, Де ла Руа отставкага кеткен. Бир жуманын ичинде Аргентинада беш президент алмашылган. 2002-жылдагы президенттик шайлоодо Н. Кирчнер жеңип чыккан.

Аргентина - экономикалык өнүгүү деңгээли боюнча Латын Америкасында Бразилия жана Мексикадан кийинки 3-орунда турат. Бирок, айыл чарба продуктыларын өндүрүүчү жана экспорттоочу дүйнөдөгү негизги өлкөлөрдүн бири, ошону менен катар өнөр жайы салыштырмалуу өнүккөн өлкө. 1990-жылы Аргентина өкмөтү тарабынан өлкөнүн экономикасын оңдоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн: мамлекеттик секторлордогу ишканалар менчиктештирилген, бюджет катуу көзөмөлгө алынган, ички рынокко чет өлкөлүк компаниялар конкурент катары катышууга укук алган. Экономикасынын маанилүү тармактары нефть, газ, автомобиль өнөр жайы бүт, электр, суу жана газ менен камсыздоонун басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк (АКШ, Германия, Япония, Франция, Италия) капиталдын көзөмөлүнө өткөн. Ички дүң продукциясы 129,7 млрд долларды (АКШ, 2003) түзүп, киши башына бөлүштүргөндө 3380 доллардан туура келет. Бул көрсөткүч борбордо бир кыйла жогору (25 миң доллар). Ички дүң продукциясында тейлөө чөйрөсүяүн үлүшү 53,5% ти, өнөржайыныкы 35,9%ти, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 10,6%ти түзөт (2004). Экономикалык активдүү калкынын ½ тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Структурасында финансы жана бизнес кызматы (30%), коммерция (28%), транспорт жана байланыш (10%) үстөмдүк кылат. Ири банктары: Улуттук, инвестиция, сырткы соода жана Улуттук ипотека. Байланыш кызматы, тоолыжа, деңиз курорттору, тарыхый маданий борборлор (Буэнос-Айрес, Мендос жана башка), ландшафтынын кооздугу (Игуасу шаркыратмасы, Патагония мөңгүсү) туризмдин өнүгүшүнө түрткү болууда. 2000-жылы 3 млнго жакын турист келген (андан түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзгөн). Ички дүң продукциясында казып алуу өнөр жайынын үлүшү 2,1%ти, иштетүүчү өнөр жайыныкы 16,1%ды түзөт (2002).Нефть жана газ өлкөнүн ички керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Нефть казып алуу боюнча Латын Америкасында (Мексика, Бразилия, Венесуэладан кийин) 4-орунду ээлеп, 40%тен ашыгын экспорттойт. Нефть өлкөнүн батышында (Мендос, Неукен, Чубут провинцияларында) жана түштүк-чыгышында (Сан-Хорхе булуңунун аймагы), жаратылыш газы Неукен жана Түнтүк-батыш Аргентинада казылып алынат. Ошондой эле көмүр (негизинен күрөң көмүр), жез, темир, коргошун, цинк, вольфрам, уран, марганец, калай казылып алынат.

Аргентина ядро энергетикасы жана уран өнөр жайы боюнча дүйнөгө белгилүү болгон. Кара металлургия сырттан алынып келинген сырьёнун негизинде иштейт. Түстүү металлургия (цинк, алюминий, коргошун) өнөр жайы өнүккөн. Оор өнөр жайында алдыңкы орунду машина куруу ээлейт; анын ичинен транспорттук, айыл чарба машиналарын куруу, электртехникалык, тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдууларды чыгаруучу тармактары өнүккөн. Автомобиль чыгаруу боюнча Латын Америкасында (Бразилия, Мексикадан кийин) 3-орунда турат. 1990-жылдын аягынан 13 автомобиль компаниясы иштейт [анын ичинен 8 жеңил автомобилдерди («Фиат», «Рено», «Форд», «Фольксваген»), калгандары автобус жана жүк ташуучу машиналарды «МерседесБенц» кураштырууга адистештирилген]. Кеме жана авиа куруу, аскер, айыл чарба, турмуш-тиричилик техникаларын чыгаруучу, нефть-химия (этил, олиэтилен, изопропанол, метанол, күкүрт кислотасы, пластмасса жана башка), фармацевтика, булгаары-бут кийим, табигый жана жасалма була өнөр жайлары бар.

Аргентина эт (негизинен уй этин) даярдоо (жылына 3 млн одан) жана экспорттоо боюнча дүйнөдөгү бирден бир өлкө. Ички аймактарында колөнөрчүлүк (жип ийрүү жана токуу) өнүккөн. Аргентина өзүн айыл чарба продуктылары менен толук камсыз кылат. Латифундизмдин үстөмдүк кылышы экстенсивдүү чарбаны - жайыт мал чарбасын жана күрдүү топуракта дан эгиндерин өндүрүүгө түрткү берди. Айыл чарбага жарактуу жери 162 млн га (2002), анын ичинен шалбаа жана жайыт 51,8%, токой 18,6%, иштетилүүчү аянты 9,9%. Башкы айыл чарба району - Пампа. Мал чарбасы, анын ичинен бодо мал, ошондой эле кой чарбасы өнүккөн. Жүн кыркуу жана экспорттоо боюнча дүйнөдө Австралия, Жаңы Зеландиядан кийинки 3-орунда. Малы Пампа менен Патагониянын жайыттарында багылат. Эзелтен экспорттук маанидеги дан эгиндери жана май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Айдоо аянты 33 700 миң га, сугат жери 1 561 миңга. Дан эгиндерин жыйноо боюнча Латын Америкасында 1орунда (негизги аймагы Пампа); күнкарама (1-орун), соя (2-), жүгөрү (3-), пахта (2-; Чако, Формос), акжүгөрү, шалы, арпа, сулу, кендир (1-), балкамыш, чай,арахис,зайтун, тунг дарактар өстүрүлөт. Цитрус өсүмдүктөрү негизинен өлкөнүн түндүк-чыгышында (негизинен лимон), тропик жемпштери (банан, манго, ананас) түндүк-батышында, мелүүн алкактын мөмө-жемиштери (алма, алмурут, кайнаалы) Мендос провинцияларында өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн (жылына 2,4 млн д жүзүм шарабы). Балык (Парана, Уругвай дарыясынан; 2002-жылы 645,9 млн д) кармалат. Темир жолунун узундугу 35,8 миң км, автомобиль жолунуку 233 миң км (анын ичинен 30% асфальтталган; 11 миң кмге жакынына акы төлөнөт). Негизги порттору: Буэнос-Айрес, Ла-Плата, Баия-Бланка. Деңиз соода флотунун тоннажы 820 миң рег. бр.-д. Нефть куурунун узундугу 6 миң км, газдыкы 14 миң км. Өлкөдө 10 эларалык аэропорт, «Аустраль» жана «Аэролинеас архентпнас» авпакомпаниялары иштейт. Ички дүң продукциясында экспорттун үлүшү 11%ке жакын. Негизги соода шериктери: Бразилия, АКШ, Чили, Кытай, КМШ өлкөлөрү (анын ичинен Россия, Украина, Грузия).

Аргентинада билим берүү мекемелери агартуу, илим жана технология министрлиги жетектейт. Мектепке чейинки жана 10-жылдык милдеттүү түрдө билим алуу провинциялык жана муниципалдык билим министрликтери аркылуу көзөмөлдөнөт. Аргентинада билим берүү системасы федералдык билим берүү мыйзамына ылайык (1993) жүргүзүлүп, мектепке чейинки (3-5 жаш), 9-жылдык жалпы базалык билим (6-14), орто билим берүү системасын камтыйт (15-17). Мамлекеттик жана менчик кесиптик окуу жайларды 1995-жылдан улуттук технологиялык билим берүү институту координациялайт. Аргентинада жогорку билим алуу 1995-жылы кабыл алынган мыйзам аркылуу жүргүзүлөт. Жогорку мектептердин координациялык ишин университеттер аралык Улуттук, менчик университеттердин ректорлор, ошондой эле жогорку билим алуунун региондук пландоо кеңештери башкарат. Аргентинанын бплпм алуусунун жаңы структурасы 3-жылдык үч баскычтан (6-8 жаш, 9-11, 12-14) турат. Орто билим алуу (полимодалдуу билим алуу) 3 жылга созулуп, 15-17-жашгагы өспүрүмдөр окушат. Ар бир орто мектеп жалпы билим берүүдөн тышкары бир же бир нече адистикке да даярдайт (гуманитария, коомдук жана табигый илимдер, экономика жана коммуникация). Кесиптик-техникалык билимди окуучулар «полпмодалдуу» цпклде алышып, андан соң атайын бплпм берүү мекемелеринде уланта алышат. Мамлекеттик жана менчик орто окуу жайлары Улуттук технология институтут тарабынан координацияланат. Эки миңден ашык ЖОЖ болуп, анын 550сү университет статусуна ээ. 1997-жылдан ЖОЖду аккредитивдөөчү Улуттук кеңеш иштейт. Ири жогорку окуу жайлары: Буэнос-Айрес (1821), Улуттук Кордова (1613), Улуттук техника (1959) университеттери. 11 менчик окуу жайы бар. 20-кылымдын аягында 12 ИА (анын 10 Буэнос-Айресте) иштеген. Ири китепканалары Улуттук (1810), китепканалар системасы (1941), Улуттук Конгресс (1858). Башкы музейлери табигый илимдер (1823), тарых (1889), асем-өнөр (1895), этнография (1904), ботаника (1870), табигый-тарыхый (1911) жана башкалар. Аргентинада 250дөн ашык гезит, 700дөй журнал чыгат (2004). Жалпы улуттук гезиттер - «Кларин» («Clarin»), «Насьон» («La Nacion, 1970») жана «Пренса» («La Prensa, 1869»). Борбордук гезиттердин ичинен белгилүүлөрү - «Буэнос-Айрес геральд» («Buenos Aires Herald»), «Амбпто фпнансьеро» («Ambito Financiero»). Ири мамлекеттик жана менчик радиостанциялары: «Радио насьональ», «Антена 1», «Кадена 103». Ири мамлекеттик жана менчик телеканалдар: «Каналь 1», «Канал 8», «Америка 2».

Аргентинанын адабияты испан тилинде өнүккөн. Аргентинаны мекендеген индей урууларынын фольклору сакталган эмес. Алгачкы адабий чыгармалар коникса түрүндө Л. Миранда де Вильяфаньянга («Романс», 1544), М. дель Барко Сентерге («Аргентина жана Рио-де-ла Платанын жеңиши», 1602) жана Р. Диаса де Гурманга («Аргентина жазмалары», 1612) таандык. 17-18-кылымда Аргентина поэзиясы гонгорпзмге карай багыт алган. 18-19-кылымда М. де Лавардена жана башкалардын чыгармаларында классикалык тенденция өнүккөн. Сөз өнөрүнүн өркүндөшүнө 17-18-кылымда испан элдик поэзиясынын негизинде калыптанган креоль фольклору таасир эткен. Көз карандысыздык үчүн күрөшүү жылдарында (1810-1816) улуттук идеяны бекемдөө В. Лопес-и-Планеса, Э. де Лука, X. Крус Варел, Б. де Монтеагудонун чыгармаларында чагылдырылат. Патриоттук классиканын негизинде Аргентинада улуттук көркөм сөз өнөрү «гаучо адабиятында» (Аргентинанын эркиндикке умтулган малчыларынын жашоо тиричилиги жөнүндө айтылган). Улуттук маданияттын идеяларын жана гаучо адабиятынын өнүгүшүнөн романтика келип чыккан. Анын адабиятынын баштапкы өнүгүүсүнө чыйыр салган Д. Ф. Сармьентонун (романтика, классика, гаучо стилин айкалыштырган) «Факундо» эссеси (1845). Гаучо адабиятынын туу чокусу улуттук эпопея болгон. 1880-жылы эссеистика (М. Канн, Л. В. Мансилья, Л. В. Лопес), шаар прозасы (Э. Камбасерес, А. Архерич, М. Подеет, Ф. Сикарди) өнүккөн. 1889-90-жылдарда поэзияга Америка романтикасы (Р. Облигадо, ОШОНДОЙ В. Андрад), патриоттук мистика (Альмафуэрте), неоклассизм (К. Ойуэл) жана модерн стили мүнөздүү. Эстетикалык модернизмдин таралышына 1893-98-жылдарда А. Р. Дарио, Р. Хаймес Фрейрдин келиши себепкер. Модерн стилинде Л. Лугонестин («Алтын тоолор», 1897), Р. Рохастын чыгармалары жаралган. Модернист акындар: К. Ортис, Л. Диас, Э. Диас Ромерошондой 20-кылымдын башында поэзия фольклорго өтүп (анын ичинен Э. Карриего); философиялык мүнөздөгү лирпиа (Э. Банчс, Б. Фернандес Морено) өнүгүп, Л. Лугонес башында турган декадент агымы өнүгөт. X. Л. Борхес түзгөн жаңы эстетикалык программа Л. Маречал, Э. Гонсалес, Лакус, ОШОНДОЙ Хирондо, Н. Ланге, Р. Гупральдес жана башкалардын чыгармаларында чагылдырылган. Эстетикага «Боэдо» жазуучулар тобу каршы чыккан (А. Юнк, Л. Барлетте, Р. Гонсалес Туньон, Р. Альп). Салттык лирикада (А. Сторни, Ф. Л. Бернардес, В. Барбьери), эссеистикада (Р. Скалабрини Ортис, Э. Мартинес Эстрада) белгилегендей 1920-30-жылдарда адабият идеяларын бприктирген «Аргентина ачылышы» мифалогемасы болгон. Поэзияда К. Мастронари, Р. Машнаринин чыгармачылыгындагы пейзаж символикасы 1940-жылы неоромантиктер тарабынан (Л. Бенарос, М. Граната, Д. Девото, ОШОНДОЙ Ороско жана башкалар) өздөштүрүлгөн. 1930-жылы улуттук тарыхый проблема экзистенциалисттик келечек менен тереңделип, 1970-жылдын аягына чейпн актуалдуулугун жоготкон эмес (Э. Мальеа, «Аргентинаны таануу жана түшүндүрүү», 1935; «Аргентинанын бпр тарыхына шыктануу», 1937; «Бейкут булуң», 1940; «Ыза», 1966 жана башкалар), 1950-жылы экзистенциализм менен интеллект акындардын чыгармачылык изденүүлөрү байланышта болгон (Р. Г. Агирре, Р. Алонсо, Ф. Урондо жана башкалар). 1970-жылдагы улуттук (акылга сыйбаган) мифология М. Пуигге («Рита Хейворттун саткынчылыгы», 1968; жана башкалар), Н. Санчесс, Д. Мойано, Х. Эрнандес, Э. Гудиньо Кисферанын чыгармаларына мүнөздүү. 1980-90-жылдарда тарыхый-философиялык жанр басымдуулук кылган (А. Поссе «Демон 2», 1978; «Дөбөттөр бейиште», 1985; «Париж дептерлери», 1998; жана башкалар).

Аргентинадагы каада-салттын сакталбаганы Түштүк Америкадагы башка мамлекеттер сыяктуу эле байыркы ири мамлекеттердин отурукташпаганы себеп болгон. Жер-жемиш чогултуп, аңчылык менен алектенишкен калктын одоно карападан жасалган буюмдары гана сакталган. Өлкөнүн түндүк-батышындагы дыйканчылык менен кесиптенишкен уруулар (Кондоруаси маданиятынын байыркы урпактары) - таш менен ылайдан курулма курушуп, жыгачты кооздоп, алтын менен колону иштетишкен. Таштан айкелдерди жасап, карапага сүрөт түшүрүшкөн. 15-кылымда Аргентинаны колонияга айланткан инктердин «пукара стилиндеги» таш сепилдеринин калдыктары калган. 16-кылымдан шаар (Буэнос-Айрес, Мендос, Сан-Хуан, Сантьяго-дель-Эстеро, Санта-Фе, Сальта, Кордова, Жужуй) пайда болгон. Шаар тик бурчтуу планда курулуп, собор, ратуша, губернатордун, архиепископтун сарайлары, арсенал жайгашкан борбордук аянттан көчөлөрдүн жыш тармагы тарайт. 19-кылымдын алгачкы жылдарына чейин бир кабаттуу черепица менен жабылган испан тибиндеги үйлөр басымдуу болгон. Негизги эшик, терезенин жыгачтан кооздолуп жасалган кашектери жергиликтүү барокко стилинде курулган. Сальтада ак сөөктөрдүн таш менен кооздолуп салынган үйлөрү өзгөчөлөнүп турат. Француз, мерседар жана иезуиттер ордендери (уюм) жайгашкан Кордовада архитектура интенсивдүү өнүккөн. 17-18-кылымда курулган Компанье чиркөөсү кооздугу менен айырмаланат. Жергиликтүү архитектуранын өнүгүшүнө 1717-жылы европалык архптекторлордун (Х. Б. Бримоли, А. Бланки) салымы чоң. Латын Америкасынын барокко стилинде курулган курулуштарына Ыйык Тереса (Кордова) монастыры, Сан-Франсиско монастырь-чиркөөсү (Санта-Фе), Кордовадагы собор жана иезуит чиркөөлөрү кирет. 1585-жылы континентке келген иезуиттер индейлерди ар кандай кол өнөрчүлүккө үйрөтүшкөн. Ушунун негизинде чиркөө жана башка курулуштар индейлердин мотивинде кооздоло баштаган. Аргентинанын миссиясында алгачкы басылмалар пайда болуп, аларды индейлер жасалгалашкан. Учурда мурдагы миссиясынын ордуна бир нече музейлер (Сан-Игнасио-Мини, Санта-Росе жана башка) пайда болгон.

Аргентинанын живописи «Жогорку Перудан» түздөн-түз таасирленген. Негизги жанр - алтарь сүрөттөрү жана портрет. Алар өтө кооздолгон. 1780-жылы алгачкы гравюра жана миниатюралар тартылган. Өлкөнүн көркөм дүйнөсүнө четтен келген мастерлердин таасири зор. Алардын ичинен көрүнүктүүсү Швейцариядан келген Й. Гут 1821-жылы «Сүрөт мектебин» ачкан. 19-кылымдын аягында жергиликтүү чеберлер пайда болуп, алар колониялык стиль менен жаңы курулуш принциптерин айкалыштырып шаар курушкан. 19-кылымдын аягынан электизм кеңири кулачын жайган. 1920-кылымда азыркы шаар көрүнүштөрү пайда болгон. Модерн стилиндеги көп кабаттуу мансардалуу турак жана коомдук жайлар курула баштаган. 1930-жылы Аргентинанын борборунда асман тиреген үйлөр пайда болуп, конструктивизм пайдаланылган. 1960-жылы кайрадан колониялык мезгилге кайрылышса, кээ бир архитектуралык курулуштарда АКШнын архитектурасынын таасири байкалат. Өзгөчөлөнгөн долбоор менен курулган курулуштары: Провинция башкармалыгынын имараты (Санта-Росе), Улуттук китепкана (Буэнос-Айрес). Сүрөт искусствосу 19-кылымда өнүгө баштаган. Ал Улуттук гравюра (1878), Улуттук мектептердпн ачылышы (Буэнос-Айрес) менен түшүндүрүлөт. 20-кылымдын башында улуттук мектеп академизм стилин сүрүп чыгарып, улуттук идеяларды өнүктүргөн. 1913-23-жылы Э. А. Бурдель (элдик баатыр К. Альвеарунун эстелигин жасаган) жергиликтүү скульптуранын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген. 20-кылымда искусстводо көпкө дейре импрессионизм, андан соң авангардизмдин ар түрдүү варианты сакталып келген. 1929-жылы живописчи Р. Сольди «авангардисттер мектебин» негиздеген, ага кубизм жана сюрреализм келип кошулган. Графикада окшош тенденциялар «Боэдо» тобунда пайда болгон. 1950-60-жылдарда Аргентинада башка авангардизм агымы - абстракционизм жана кинетикалык искусство, поп-арт таралган. Акыркы 10 жылда модернизмдин пайда болушу жеке манералуу багытты жайылткан.

Аргентинанын музыка өнөрүнүн башаты Испаниянын музыкалык маданияты менен байланыштуу. Улуттук музыкасында ритмика, танго бийи мүнөздүү. Кеңири таралган музыкалык аспабы - 6 кылдуу гитара. Чако аймагында жашаган индейлердин байыркы музыкалык үлгүлөрү Экисууарасында, Түндүк-батыш райондорунда жана Патагонияда сакталган. Аргентинада 16-17-кылымда европалык профессионалдуу музыка иезуит миссияларынын негизинде түзүлгөн. Европадан келген музыканттар жергиликтүү калкты гитара, лютнеде ойногонду үйрөтүшкөн. Ал эми 1585-жылы Аргентинада 1-орган (сакталган эмес; Сантьяго-дель-Эстеро чиркөөсү) пайда болгон. 18-кылымдын башында Аргентинада италиялык органист жана композитор Д. Циполи эмгектенген. 18-кылымда ак сөөктөрдүн үйлөрүндө классикалык музыка концерттери коюлуп турган. 18-кылымдын 2-жарымында Буэнос-Айресте опера жана комедия «Театро де ля Ранчериа» театры иштеген. 1804-жылы «Колисео» (кийинчерээк «Архентино театры») театры ачылып, анда саинетес, тиранас жана башка лирикалык пьесалар музыканын коштоосунда коюлуп турган. 19-кылымдын башында, Аргентинанын театрларында европалык опера, испан сарсуэлалары коюлган. 1877-жылы 1-опера (Ф. А. Харгривс, «Ла Гата Бланка»; итальян тилинде) жазылган. Ф. Боэро 1918-жылы 1-либреттону испан тилинде «Тукуман» операсында колдонгон. Боэро европалык жана орус композиторлорунун опералары менен «Колон» театрынын репертуарын түзгөн. 1857-жылы Дж. Вердинин «Травиатасы» менен театр ачылса, 1908-жылы театрдын жаңы имаратында «Аида» операсы коюлган. 20-кылымдын башында Ф. И. Шаляпин ушул театрда ырдаган, ал эми А. Тосканини операны жетектеген. «Колон» театры Латын Америкасындагы ушул күнгө чейин туруктуу Россиянын опералары коюулуучу жалгыз театр гана болбостон, ошондой эле Латын Америкасындагы жана дүйнөдөгү эң ири опера театрларынын бири. 1822-жылы Филармония коому, 1949-жылы «Колон» театрынын базасында Улуттук симфониялык оркестр түзүлгөн. Белгилүү композиторлору: Р. Арисага, Р. Каманьо, А. Ланса, А. Кригер, А. Хинастера. А. Пяцолла көптөгөн танго бийинин автору, бандонеон аспабында ойноп, дүйнөлүк атак-даңкка жеткен. Өзгөчө популярдуулукка ырчы жана танго бийин негиздеген К. Гардель ээ болгон. 1915-жылы Аргентинада авторлор жана композиторлор коому, 1957-жылы жаш композиторлор ассосиациясы түзүлүп, 1964-жылы Латын Америкалык квалификацияны жогорулатуу жана музыкалык изилдөө институту (1965-жылы Торкуато ди Тельи астында) ачылган. Испан аспаптары (гитара, типле, рекинто, чаранго) кеңири тараган. 20-кылымда Аргентинанын шаарларында АКШнын белгилүү музыкалары тарай баштап, гитаристка М. Л. Анидо, пианистка М. Аргерих дүйнөлүк атак-даңкка ээ болушкан. 20-кылымдын аягынан Латын Америкалык «Тропика музыка» стили (куартето жанры жана башка) тарайт. Үзгүлтүксүз креол музыкасы жана танго майрамы, фестивалдар өткөрүлүп турат. Аргентинадагы белгилүү ырчы, аткаруучулар - Р.Сарсосо, Л. Торрес жана М. Сосошондой.

Аргентина театр искусствосунун башаты 16-17-кылымда испан миссионерлери тарабынан уюштурулган индейлердин ырым-жырым оюндарына жана католиктердин театрлаштырылган оюн көрсөтүүлөрүнө (пантомимо, мистерия, ауто жана башка) барып такалат. 18-19-кылымда театр өнөрүндө бий жана музыкалуу драма - сайнет, пантомима, операда колдонулган. 19-кылымдын жарымына чейин бий колдонгон спектаклдар аз болгон. 1830-жылы жергиликтүү бийчилер труппасы «Колисео» театрында оюн көрсөтүшкөн. Аргентинада классикалык балет 1857-жылы Буэнос-Айресте «Колон» театр ачылгандан белгилүү. Ж. Руссе жетектеген труппа Ж. Перро менен Ж. Мазильенин (А. Адана «Жизель», Ч. Пуньи «Катарина» жана башка) романтика балеттерин, 1912-жылы ОШОНДОЙ И. Преображенский, Дягелев орус балети (1913, 1917), Дункан (1916) койгон, А. П. Павлова (1917-19) жана башка гастролун ийгиликтүү өткөргөн. «Колон» театр труппасы менен Россиялык балетмейстерлер - А. Р. Больи, Б. Ф. Нижинская, Г. Г. Кякшат, Б. Г. Романов, М. М. Фокин, С. Лифарь, Дж. Баланчин иштешкен. 1971-жылы П. П. Чайковскийдин «Щелкунчик» балети коюлуп, анда Р. Нуреев бийлеген. 1968-жылы труппа 1-жолу Европада (Парижде) өткөн эларалык фестивалга катышкан. Театрдын алдында театр мектеби («Колон» театрынын алдында жогорку институт) ошондой эле танго бийине адистешкен көптөгөн труппалар иштейт. А-нын театр тарыхы 18-кылымга таандык. 1757- жылы Буэнос-Айресте 1-театр курулган. Биринчи улуттук драматургияны М. де Лавардена (1789, «Сирипо» классицизм салтында жазылган трагедия) жана белгисиз автор муз. комедия (сайнете, «Эстансьеранын махабаты», 1792) жазган. Ошондой эле лоа (бир актылуу пьеса) жана тонадилья жанры өнүккөн. 1804-жылы Буэнос-Айресте «Театро Колисео» (1838-жылдан «Театро Архентино»), кийинчерээк «Виктория», «Буэн орден» жана «Федерасьон» театрлары ачылган. Мендосто, Кордовада да театрлар курулган. Диктатор Х. М. де Росасанын бийлиги мезгилинде, көпчүлүк драматургдар четте ишгешкендиктен, европалык авторлордун чыгармалары коюлуп келген. 19-кылымда театр өнөрүнө актёрлор Т. Гевара, X. А. Касакуберта, X. Подеста жана башкалар көрүнүктүү салым кошкон. 19-кылымдын 2-жарымында Аргентинанын театрларында костумбризм негизделет. Аны 20-кылымдын биринчи он жылдыгында драматургдар Р. Пайро, Г. де Лаферрере, X. С. Гардель жана башка салттуу түрдө улантышкан. Бул мезгил театр тарыхына «он жылдагы атак» деген ат менен кирген. 1960-жылы Аргентинада «Жаңы Латын Америка театры», 1981-жылы «Ачык театр» уюшулган.

Алгачкы кыска метраждуу «Аргентина желеги» фильмин француз оператору Э. Пи тартса, 1908-жылы 1-көркөм фильм («Доррегону атып өлтүрүү»), 1930- жылы үндүү фильм («Креол мозаикасы») тартылган. 1910-30- жылдарда башкы режиссёр X. А. Феррейра «Өлүм бийи» (1917); «Ак көгүчкөндөр» (1920); «Гаучо ыры» (1930, алгачкы толук метраждуу үндүү фильм), «БуэносАйрес сулуулары» (1931) аттуу фильмдерин тарткан. 1932- жылы «Лумитон» студиясы жана «Архентина сонофильм» фирмасы уюшулган. Цензуранын катуу көзөмөлүнөн улам көңүл ачуучу музыкалуу кинокомедиялар (Л. Торрестин катышуусунда) тартылган. 1956-жылы Улуттук кино институту түзүлгөн. Аргентинада жана чет мамлекеттерде Л. Торре Нильсондун автордук кинолору («Периштелер үйү», «Тузакка түшкөн кол», «Мартин Фьерро») таанылган. Жаш режиссёрлор Д. X. Коон («Бир күндүн туткундары»), Р. Кун («Карыбаган аксакалдар»), М. Антин («Так сандар») европалык кино чеберлеринин эстетикасын өздөштүрүшкөн. 1956-жылы Санта-Феде улуттук университеттин алдында Ф. Бирринин жетекчилиги менен даректүү кинолор мектеби негизделген. 1968-жылы көз карандысыз топтор түзүлүп, алар революциялык күрөштүн куралы болгон «Жарык сааттар» (1966-68; жашыруун тартылып, Аргентинада 1973- жылы чейин көрсөтүүгө тыюу салынган) фильмин тартышкан. Аскер диктатура мезгилинде (1973-83) көптөгөн кинематографисттер четке кетүүгө аргасыз болгон. Жаңылануу 1983-жылдан башталып, эмигранттар өз өлкөсүнө кайтышкан. Улуттук кино мамлекеттик колдоого алынып, 1990- жылы жана 2000-жылдын башынан режиссерлор А. Аристараин («Кенже Мартин», 1997; «Коомдук жайлар», 2002), М. Пинейро («Жапайы жылкылар», 1996), X. X. Кампанелья («Колуктунун уулу», 2001) жемиштүү эмгектенишүүдө. Жаңы же көз карандысыз фильмдерди М. Рейтман, П. Траперо, А. Каэтано жана башкалар тартышкан. 1996-жылы Мардель-Платада өткөрүлгөн (1954-70-жылдарда) эл аралык кинофильмдер фестивалы калыбына келтирилген. 1998-жылдан Буэнос-Айресте эл аралык көз карандысыз фильмдердин фестивалы өткөрүлөт.




#Article 122: Буэнос-Айрес (155 words)


Буэнос-Айрес – Аргентина Республиканын борбор шаары. Администрациялык жактан Федерация округу катары өзүнчө бөлүнгөн. Ла-Плата эстуарийинин түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 2,7 млн (2006; Чоң Буэнос-Айрес жана шаар айланасы менен 13,5 млндон ашуун). Айланасындагы 18 шаарчаны бириктирип, Чоң Буэнос-Айрес деп аталат. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 50%тен ашыгы чыгарылат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу (анын ичинде электр-техникалык, автомобиль), нефть ажыратуу, химиялык, кийим тигүү, булгаары-бут кийим, тамак-аш (айрыкча эт). Буэнос-Айрес өлкөнүн башкы темир жол тоому жана Латын Америкасындагы ири деңиз порту (жылына 20 млн тоннадай жүк ташылат). Эсейса Эл аралык аэропорту иштейт. 1536-ж. негизделген. 1541-ж. көтөрүлүшкө чыккан индейлерден чегинген испандар шаарды кыйратып, өрттөп кетишкен. 1580-ж. кайрадан калыбына келтирилген. 1776-ж. Рио-дела-Плата вице королдугунун, 1816–26-ж. Лаилата бириккен провинцияларынын, 1880-жылдан Аргентина Республикасынын борбору. Илимдер акажемиясы, университет, улуттук тарых, этнографиялык музейи, «Колон» опера театры (Латын Америкасындагы эң ири театр) жана башка; 18-кылымдын архитектура эстеликтери бар. Буенос-Айрес Түштүк жарым шардагы ири финансы борборунун бири. Шаарда Латын Америкасы менен Аргентинанын ири банктарынын штаб-квартиралары жайгашкан.




#Article 123: Алмашкан ашыктар (807 words)


Алмашкан ашыктар (орусчасы: Любовь-Морковь) - Орусстанда (Орусияда - Ж.Ж.) тартылган кинотасма.

Продюсерлери: Ренат Давлетьяров, Александр Котлевский
Ролдордо: Кристина Орбакайте, Гоша Куценко, Евгений Стычкин, Андрей Краско, Ольга Орлова, 
Екатерина Стриженова

Тасманын башкы каармандары кадимкидей эле заманбап үйбүлө мүчөлөрү. Күйөөсү – Андрей Голубев (Гоша Куценко) шаардын алдыңкы адвокаты, карьерасынан башка эч нерсени ойлобойт. Аялы Марина ­­­­­­– (Кристина Орбакайте) искусство адамы, Москвадагы эң кыйын адис болуп эсептелет. 

Бул жуп бардык жаш жубайлардай эле жашашат: Марина тамагын даярдап, жолдошун жумуштан күтөт, ал эми Андрей үйүнө түнкүсүн гана кайтат. Жумушунан келээри менен диванга кулайт да, татынакай жубайына көңүл бурбастан, телевизор тиктеп отура бергенден башка колунан эч нерсе келбейт. 7 жыл чогуу жашагандан кийин күйөөсүнүн мындай мамилесине чыдай албаган Марина андан ажыраша тургандыгын билдирет. 

Бойдоктун жашоосу оңой эмес экендигин билген Андрей аялын коё бергиси келбей: “Үйбүлөлүк психологго баралы” деп сунуштайт. Жаштар кайрылган доктур Коган жөнөкөй психолог эмес, чыныгы сыйкырчы болуп чыгат. Ал эки жашты жараштырыш үчүн башкача амал ойлоп табат. Тагыраак айтканда, экөөнүн денелерин алмаштырып коюуну чечет. Ошентип, фильмдеги накта кызыктын баары Марина күйөөсүнүн, Андрей болсо аялынын денелеринде ойгонгондо башталат.

Жибектен ич кийим кийген Андрей төшөктө бир топко чейин керилип жатат, анан шашпай туруп, бетине маска коёт. Өзүнүн “жаңы” денесин көргөн соң каткырып күлүп койгондон башка эч нерсе кылбайт. Ал эми Марина болсо чоң-чоң кадам менен басат (эч кандай жамбаш чайкамай деген жок). Денеси алмашканын байкаганда чыныгы эркектей урушуп, эркектей сөгүнөт.

Ошентип, күндөр өтө берет. Андрей аялына тамак жасап берет, Марина болсо футбол ойноп жүрөт. Бирок, баары эле ойлогондой жеңил эмес да! Жумуш деген бар, достор деген бар. 

Жубайлар кызматтарына биринин ордуна бири жөнөшөт. “Менин карьерамды буза турган болсоң, көрсөтөм!” дейт күйөөсү. “А сен курбуларымдын алдында мени уят кылба!” деп жинденет аялы. 

Башында ушинтип урушкан жаштар кантип жакындаша кеткендерин өздөрү да байкабай калышат. Ар кимиси өз денелерине сарсанаа болуп, саат сайын бири-бирине телефон чалып, ал-жайларын сурап турууга көнүп калышат. Анан бара-бара так ушул сезимдер аларды бир кезде ЗАГСка алып келгенин түшүнүшүп, мурунку ысык мамилелери кайрадан жандана баштайт. Сыйкырчы доктур Когандын жардамы менен Андрей өзүн кантип бааласа, жубайын да ошентип баалоону, ал эми Марина өзүн кандай сүйсө, жолдошун да ошончолук катуу сүйүүнү үйрөнүп, акыры такыр ажырашкыс болушат

РЕНАТ ДАВЛЕТЬЯРОВ: “Фильмдин өзөгүн драматург Александр Курейчиктин театралдык пьесасы түзөт. Бирок, биз тарткан тасма оригиналынан бир топ айырмаланат. Пьесада Марина сатуучу болсо, биз аны өнөрпоз, ал эми бухгалтер Андрейди адвокат кылып өзгөртүп коюуну чечтик. Бул фильмде боевик, драма, комедия жанрлары аралашып кеткен. Бирок, башкы идея болгон сүйүү эч өзгөрүүсүз.

КРИСТИНА ОРБАКАЙТЕ: “Мен үчүн эркектин ролун аткаруу өтө деле оорчулук жараткан жок. Мен ансыз деле эркек болуп төрөлүшүм керек болчу. Жадакалса апам­дын боюнда экенимде мага Стасик деп ат коюп коюшкан. Бул тасманы тартууда мен кыйынчылык көр­бөстөн, чоң ырахат алдым. Фильмди 3 жума бою ижарага алынган квартирада тарттык. Убакыт тар болгондуктан, кээде үйгө кетпей эле чоң керебетке жатып алчумун. Ал керебетке жатууга менин, Гошанын жана режиссёрдун гана укугу бар эле. Бир күнү ойгонсом жанымда үн режиссёру, жарык берүүчүлөр, операторлор жатышкан экен. Кыска мөөнөттүн ичинде бардыгыбыз достошуп, жакындашып калганыбызга мен абдан кубанам”.

ГОША КУЦЕНКО: “Бул ролду өмүр бою унутпайм! Мен аткарып жатканда гомосексуалга окшоп калбайын деп аракет кылдым. Татынакай, эч кимден көз карандысыз, акылдуу айымдын образын жаратуу мен үчүн оңойго турган жок. Кристина мага чоң жардам көрсөттү. Мен анын сүйлөгөнүн, баскан-турганын туурап жатып чыныгы аялдай эле болуп калдым. Кээде Кристинанын телефону менен сүйлөшүп да койчумун. Ал тургай бир жолу Алла Борисовна мени Кристина экен деп ойлоп калган.
ЕКАТЕРИНА СТРИЖЕНОВА: “Алгач сценарийин окуганымда тасма мага анча жага бербеди. Балким, режиссёр менин жолдошум болбогондо, тартылууга макулдук бербейт элем. Акыры өзүмдүн каарманымдын образына ушунча кирип кетиптирмин, жадакалса өз кыздарым да мени тааныбай калышыптыр”.

АЛЕКСАНДР СТРИЖЕНОВ: “Бул фильмге үйбүлөмдүн бардыгы тартылды. Өзүм чакан ролду, адвокат Аристарховду, келинчегим олигарх күйөөсү менен ажырашып жаткан айымды аткарды. Кичине кызым менен апамды да тасмадан көрө аласыздар. Ал эми профессионалдуу актёрлор тууралуу айта кетсем, алардын баарысы азаматтар. Гоша менен Кристина өз иштерин ушунча мыкты аткарышты, акыры биз да аларды алмаштыра баштадык. Маркум Андрей Краско фильмдин дубляжына катышууга жетишпей калды. Анын үнүн дублёр сүйлөттү. Мындан тышкары, актёрдук топто белгилүү ырчылар Ксения Новикова, Ольга Орлова, алып баруучу Валдис Пельш дагы бар. Менин сүйүктүү актёрлорум Евгений Стычкин менен Эвклид Кюрдзидистин жасаган эмгектерине сөз жок. Бардыгына ыраазычылыгымды билдиргим келет”.

Фильмге саундтрек катары көп сандаган ырлар жазылган. Алардын катарында Орбакайтенин “Асманды тарткым келет”, Орлованын “Сыр сөз”, Долинанын “Мүмкүн” аттуу ырлары бар. Тасманын композитору белгилүү ырчы Аркадий Укупник экенин айта кетели. 
Фильмдин бет ачарына атактуу адамдар, Москванын элитасы чогулган. Мисалы, алпаруучулар А. Малахов, А. Цекало, Е. Малышева, депутат М. Малиновская, ырчы П. Шаляпин жана Кристинанын атасы Миколас Орбакас. 

Алла Пугачёва фильмдин расмий бет ачарына келе албай калган. Ушул себеп менен ырчы айым үчүн башка күнү бүт кинотеатр арендага алынып, Алла Борисовна кызынын эмгегин жалгыз отуруп көргөн. 

Тасманы алгач “Сүйүү кайда баратат?” деп аташкан. Кийин аны “Любовь-морковь” деп которууну туура көрүшкөн. Бул аталышы англис тилине кандайча которулаары азырынча белгисиз. Биз болсок мазмунуна карап “Алмашкан ашыктар” деп которууну туура көрдүк.

Даярдаган Бегайым Мусакеева. Маалымат веб сайтынан алынды.




#Article 124: Борбордук Азиядагы Америкалык Университети (127 words)


Борбордук Азиядагы Америкалык университетин () — Камила Шаршекеева ачкан. Ал Кыргызстандын билим берүү системасында көп жаңылыктарды киргизген. 1979-жылдан 1993-жылга чейин Кыргыз Улуттук Университетинде англис тилинен сабак берген.  Ал кездерде анын Кыргызстанда жакшы билим берүү жөнүндө ойлору болгон. 1993-жылы Кыргыз Америкалык факультетин Кыргыз Улуттук Университетинде ачкан. Ошол жылы Кыргыз Америка факультетине биринчи жолу 40 студент окууга кирген.  Бул факультет 1997-жылы Кыргызстандагы Америка Университетине (КАУ) өзгөргөн.  Ал кезде факультетти университетке өзгөртүү абдан кыйын болгон. Кыйынчылыктарга карабастан, университетти түзүүчү – Камила Шаршекеева, Кыргызстандагы Америка Университетинин биринчи президенти – Жон Кларк жана  вице-президенти Марта Мерил бул иштерди абдан мыкты аткарышкан.  Бул университет 2002-жылы Борбордук Азиядагы Америка Университетине өзгөргөн. Азыркы учурда бул университет Борбордук Азиядагы эң жакшы университеттердин бири. Бул университетке Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн көп студенттер келип окушат.




#Article 125: Каракол (905 words)


Каракол (байыркы кыргызча: 𐰴𐰀𐰺𐰀𐰴𐰆𐰞) — Ысык Көл облусунун борбору. Ысык Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Алатоонун этегинде деңиз деңгээлинен 1690–1825 м бийиктикте жайгашкан. Айанты 44 км². Калкы 79 330 адам (2019). Шаардын курамына Пристан–Пржебалск шаарчасы кирет. 

Каракол шаары 1869-жылы Чүйдөн Кашкарды көздөй кеткен кербен жолунда манап Көлбарска шаар негиздегенге жер табуу жана аны түптөө буйругу боюнча негизделген. 1869-жылдын биринчи Кулжа айында шаардын биринчи көчөлөрү, аянты жана конок үйү курулган. Бул күн шаардын түптөлүү күнү катары белгиленип, жана анын жанынан өткөн суунун Каракол деген ысымын алып калган.

Шаар генералдык план боюнча түз кырдуу салынган жана көптөгөн жашыл бакчалардан турат, анткени ал учурдагы шаардын мыйзамына ылайык, ар бир курулган үйдүн алды-артында гүл бакча болуусу зарыл болчу. План боюнча, гүлзарлуу-шаар түптөө эле. Борбор Азиянын башка шаарларына салыштырмалуу курулган үйлөр да башкача типте салынып келген. 1887-жылга чейин негизинен топурак-бетон үйлөрү салынып келинсе, ал эми 1887-жылдан кийин шаарда жыгач үйлөрдүн саны өсүп, алар жыгачтан кесилип жасалган бай оймолордон турган.

Шаар бир нече жолу өз атын өзгөрткөн: 1889-жылга чейин Каракол деп аталса, андан кийин орустар канынын буйругу менен орус саякатчысы жана изилдөөчүсү Н.М.Пржевальскийдин ысымын ыйгарган. Н.М. Пржевальский Караколго жасаган өзүнүн бешинчи жолку саякатында көз жумган. Анын аманаты менен сөөгү Ысык-Көлдүн жээгине коюлган.

Төңкөрүшкө чейинки Кыргызстандын башка шаарларына салыштырмалуу Каракол шаарынын маданияты жогору турган.Бул шаардан көптөгөн саякатчылыр, окумуштуулар жана илимроздор чыгып, Борбор Азиянын изилдөөлөрүнө чоң салым кошушкан. Шаарда Кыргызстанда биринчилерден болуп Я.И.Корольковдун ысымын алып жүргөн метеостанция 1887-жылы ачылган. Ошондой эле Барсовым Н. М. атындагы алгачкы коомдук китепкана, 1907-жылы штабс-капитан В. А. Пяновскийдин буйругу менен жылкы заводу курулган.

Экономикалык жактан шаар Ысык-Көл чөлкөмүнүн борбору катары жакшы өнүгүп келген. 1894-жылы шаардын кирешесинин 34% соода сатыктар түшүп турган. Ошону менен бирге эле шаарда өнөр жай курулуштары да ишке кире башташкан. 1914-жылы шаарда жанан анын аймактарында 60 чакан өнөр жайлар иштеп келген.

Учурда Каракол шаарында ЭТЗ, чакан тигүү цехтери, эт жаатындагы жеке менчик чарбалардан башка өнөр жай жок. Билим берүү жайларынан шаарда К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университети, медициналык орто билим окуу жайы, педагогикалык окуу жайы, Түркиялык ишкерлер тарабынан 1992-жылы ачылган  Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, Т.Сатылганов атындагы лицей ж.б. 11 жалпы билим берүүчү мектептер бар.

Шаар жайгашкан жердин рельефи негизинен түз, көл тарапка бир аз жантайыңкы. Шаардын түштүк тарабындагы күдүрлүү түздүктөрдү эгилме өсүмдүктөр жана шалбаа ээлейт. Шаардын түштүгүнөн чыга бериште Каракол капчыгайы башталат. Анын капталдарында шалбаа жана карагайлуу токой өсөт. Климаты континенттик, кышы жумшак, жайы жылуу.

Каракол — Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан кийинки Кыргыз Республикасынын чоңдугу боюнча төртүнчү шаары. Караколдун калкы 2009-жылдагы эл каттоонун маалыматы боюнча 67 100 адамды түзгөн.

Каракол облустун маданий жана өнөр жайлуу борбору. Негизинен тамак-аш, жеңил өнөр жай жана энергетикалык машина куруу өнүккөн. Жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары: «Төштүк» (эт комбинаты), Акбулак аксионердик коомдору, сүт, «Сейил» нан забоддору, пибо жана спирт өндүрүү ишканалары иштейт. Бул ишканалар 2001 ж. 0,5 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 1,2 т сүт, 0,3 миллион даана жумуртка дайардаган.

Шаарда жеңил өнөр жайда 2 кичи ишкана иштейт («Бугу эне» тигүү пабрикасы жана бут кийим булгаары пабрикасы), машина куруу тармагында 3 ишкана болгон кийин алар дээрлик иштебей калган. Азыркы кезде (2002) алардын базасында биргелешкен ишканалар, «Улан» жана «Ысык Көл электро» аксионердик коомдору түзүлгөн. Негизинен электротекникалык буйумдарды (электроплитка ж.б.) чыгарат.

Курулуш өнөр жайда 2 ишкана «Темир-Бетон» жана «КараколТаш» аксионердик коомдору иштейт. Караколдогу көптөгөн ишканалар, комбинаттар ж. б. мамлекеттен ажыратылып, аксионердик коомдорго, коллектибдүү менчикке ж. б. айландырылган.

Шаар Ысыккөл облусунун баардык калктуу пункттары, ошондой эле республиканын борбору ж. б. аймактары менен унаа жолу аркылуу байланышат. Балыкчы темир жол бекетинен 219 км (унаа жолу бойунча) чыгышта (көл аркылуу 184 км), Бишкек шаарынан 386 км. Каракол унаа жолу өтөт. Башка негизги жол Түп ооданынын аймагы аркылуу түштүк-чыгыш Казакстанды бириктирип турган Каракол — Бишкек — Алма Ата унаа жолу өтөт, бирок бул жол реконструксиалоого муктаж.

Каракол шаарынын түндүк-чыгышында деңиз деңгээлинен 1700 м бийиктикте облустун абабекети жайгашкан. Каракол абабекетинен 1990 ж. чейин жумасына 30–40 рейс катталган, азыркы учурда Бишкек, Чолпон Ата, Алма Ата, Жалалабат, Ош, Талас ж. б. шаарлары менен гана катташат.

Мурда суу транспортунун мааниси зор болгон Пржебалск пристаны аркылуу Балыкчы темир жолуна маанилүү жүктөр ташылып турган. Азыркы учурда пристан аркылуу жергиликтүү ЖЭБге көмүр гана ташылат.

Шаарда 2 кесиптик-текникум окуу жайы, 4 текникум жана 2 жогорку окуу жайы бар. 2001/02 окуу жылында 1215 окуучу окуган. 14 жалпы орто билим берүүчү мектеп, а. и. лисей жана гимназиа, 16 мектепке чейинки балдар мекемеси бар.

Драма театр, жер таануу музейи, 5 клубдук мекеме, 20 китепкана, 2 кинотеатр, 12 киноустанобка, балдардын музыкалык мектеби бар.

Шаарда бир облустук оорукана, диспансер, а. и. кургак учук, 2 стоматологиалык поликлиника, санитардык-эпидемиологиалык стансия жана 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

Каракол мыкты сейилдөө, селсаяктоо, лыжа тебүү жана жогорку борбордук Теңир тоодогу альпинизм үчүн жакшы негиз катары кызмат кылган, Кыргыз Республикасынын негизги туристтик багыттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле, бул шаар маданий жактан бай жер, мисалы, ар кандай этностук топтор ушул жерде жашашат: дангандар, уйгурлар, калмактар, өзбектер, орустар жана албетте кыргыздар. Шаар башка улуттардын жана маданияттарды аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Көп жылдан бери, өзгөчө 1917-жылдын окуяларынан кийин, ал мектепке, аялдар гимназиясына жана жогорку окуу жайларынын жайгашкан окуу борборунда катары колдонулган. Андан кийин, 1991-жылы, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын кийин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы дагы бир жолу бардык мындан ары калыбына алардын милдети болгон шарттарды эске алуу менен, кайра чиркөөгө имаратты берген.

Каракол шаарындагы Ысык-Көл борбордук мечити Ибрахим ажы демилгеси менен курулган. Ал мечиттин курулушу үчүн салттуу кытай архитектура жана курамы ыкмаларын менен Бээжиндик атактуу Чоу Сеу деген архитекторду жана 20 жыгач айкелчилерди чакырды. Курулуштарга жана башка иштерге жергиликтүү устаттар катышкан. Борбордук мечиттин курулушу 1904-жылы башталып, 1910-жылы аяктаган. Өзгөчө ыкмалары куруучуларга мыксыз мечит курууга уруксат берген. 




#Article 126: Амир Диаб (104 words)


Амир Диаб - Дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу ырчы болоору маңдайына жазылган Амир Диаб (толук аты ­Амр Абд-Албасет Абд-Алазиз Диаб) 1961-жылдын 11-октябрында Египеттин Порт-Саид шаарында жарык дүйнөгө келген. Кенедейинен эле анын ырчылыкка шыктуу экени билине баштайт. Анын талантын байкагандар Амрди Египеттин мамлекеттик радиолорунун биринде ырдатышкан. Алгач эл алдына жөнөкөй ырлардан ырдап чыкпастан, “Biladi Biladi” деп аталган Египеттин гимнин аткарып бергени менен кичинекей ырчы дароо эле калайыктын көңүлүн өзүнө бурган экен. 1967-жылдын 23-июну – ырчынын келечегин аныктаган маанилүү күн. Себеби, Порт-Саид шаарында өткөн музыкалык фестивалда Амрге эң биринчи сыйлык тапшырылган: шаардын губернатору кичинекей жылдызга өз колу менен гитара белек кылган. Ошондо Амр Диаб болгону 6 жашта эле.




#Article 127: Рианна (575 words)


Рианна(англ Rihanna, толук аты Робин Рианна Фенти, англ Robin Rihanna Fenty) -  Жаштардын сүйүктүү ырчысы болгон. Рианнанын толук аты Робин Рианна Фенти. Ырчы 1988-жылы 20-февралда Вест-Индиядагы Барбадос аралында төрөлүп, балалыгы ошол аралда өткөн. Атасы Рональд Фенти Барбадос аралынын тургуну болгону менен анда ирланддык кан бар. Апасы Моника Түштүк Америкада жайгашкан Гайана мамлекетинде төрөлүп-өскөн. 
Рианнанын чыгармачылык шыгы мектепте окуп жүргөндө эле байкалган. Өзү окуган мектепте өткөн конкурстарга активдүү катышып, “Сулуулук жана талант” конкурсунун жеңүүчүсү болууга да жетишет. Айтор, ыр-бий жагынан шыгы бар окуучулардын катарында жүрүп, дайыма ырчы болууну кыялданып келсе да, кыялдануусу турмушта иш жүзүнө ашат деп эч ойлогон эмес. Качан гана Нью-Йорктон келген Эван аттуу продюсер Рианнанын ырдаганын бир кечеден угуп жактырып калып, бирге иштешүүнү сунуш кылганда болочок ырчыда үмүт пайда болот. Жаш кыздан мыкты ырчы чыгаарына көзү жеткен Эван аны Нью-Йоркко чакырат. Рианна продюсердин сунушун ойлонбостон кабыл алып, 2005-жылы Барбадостон Нью-Йоркко келет. Ошол күндөн тартып болочок жылдыз ырчылык карьераны баштоого бел байлайт. Нью-Йоркко келгенде анын чыгармачылыкка болгон кызыгуусу күндөн-күнгө күч алып, аз убакыттын ичинде Эван менен чогуу бир канча ырларды жаздырат. Анын ырларын көпчүлүк жакшы кабыл алып, аз-аздан өз күйөрмандарына ээ боло баштайт. Өзгөчө, ырчынын алгачкы “Pon De Replay” аттуу ыры ийгиликтүү жаралат. “Эван жана анын жубайы Карлга абдан ыраазымын. Бул адамдарга жолукпаганымда кыялымда гана ырчы болуп жүр­мөкмүн” дейт бийкеч өз сөзүндө.

Ошентип, үнүнө келишимдүү келбети төп келген аренби ырчысы аз убакыттын ичинде эле эл алдына суурулуп чыгып, музыка дүйнөсүндө Рианна аттуу ысым пайда болот. Аты чыга баштаганынан көп өтпөй, Рианна бир канча үн жаздыруучу компаниялардын президенти болгон миллионер рэппер, белгилүү ырчы Бейонстун жигити Жей Зинин кабыл алуусунда болот. “Жей Зи менен биринчи жолукканымда өңүмдө көрүп жатканыма ишене албай толкунданганым эсимде ”дейт ырчы. Жей Зи Рианнанын ырларын угуп көрүп, анын ырчылык жөндөмдүүлүгүнүн жогору экенин байкап, иштешүүгө макул экенин билдирет. Ошол күндөн тартып Рианна Жей Зи менен иштешип, анын үн жаздыруучу студиясында ырларын жаздыра баштайт. Жей Зи да таланттуу кызга колдоо көрсөтүү­дөн баш тартпайт. Анын “SOS” деген ыры чыгаары менен хит-параддардын алдыңкы орундарын ээлеп, түнкү клубдардан, күйөрмандарынын машиналарынан жаңыра баштайт. Ырчынын дал ушул ыры “Nike” деген компаниянын рекламасында жаңырат. Андан көп өтпөй “Music Of The San” деген альбому жарыкка чыгып, миллион нуска менен дүйнө жүзүнө тарайт. Аталган альбом ырчынын популярдуулугун бир канча тепкичке көтөрөт. Ал эми экинчи романтикалуу “If Its Loving That You Want”аттуу ыры да хит ырлардын катарынан орун алат. Өзгөчө “You Don’t Love Me No,No,No” деген романтикалуу ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк табат. Ырчынын үнүнө гана эмес, келишимдүү мүчөсүнө да кызыккандардын саны көбөйөт. Белгилүү компаниялардан ырчыга рекламалык роликтерге тартылуу сунуштары түшө баштайт. 

Рианна менен Бейонстун келбеттеринин окшоштугунанбы, айтор, Рианнаны өз мекенинде “жаңы Бейонс” деп айтышат. Ошондой эле “Жей Зи менен жаңы чыгып келаткан жылдыздын ортосунда өзгөчө мамиле бар, Рианна Бейонстун атаандашы” деген да айрым сөздөр айтылып келген. “Жей Зи менен Рианнанын мамилелери жөнүндө эмне айта аласыз?” деген журналисттердин суроосуна Бейонс: “Рианна менен Жей Зинин ортосунан чыгармачылык мамиледен башка эч нерсе байкаганым жок. Анан дагы Рианна өтө жаш. Ошондуктан, мен аны атаандашым катары эсептебейм” деп жайдары гана жооп берген. Ал эми Рианнанын кумир туткан ырчы айымдарынын катарында Бейонс да бар экенин айта кетсек ашык болбос. 
Жылдызы жанып турган ырчынын алдыда киноактриса болуу максаты бар. Ага бир канча белгилүү режиссёрлордон сунуштар түшүүдө. 

Рианна “Пуссикат Долс” группасынын эң жагымдуу солисткасы Николь Шерзингер менен дуэт жаздырууда. Экөөнүн биргеликте ыр жаздыруусуна күйөрмандарынын суранычы гана эмес, дезодорант чыгаруучу “Sekret” компаниясынын сунуш кылган чоң суммадагы акчасы да себепкер болгондой. Анткени, эки жылдыз дуэтти атайын атыр чыгаруучу компаниянын рекламасы үчүн жаздырышуу­да. Биринен-бири кем калбаган эки популярдуу ырчынын дуэти “Winning Women” деп аталат.




#Article 128: Айшвария Рай (663 words)


Айшвария Рай Баччан ( , , ; төр. 1-ноябрь 1973, Мангалур, Карнатака, Индия) — индиялык фотомодель жана актриса, негизги тартылган багыты хинди тасмалары. «Дүйнө сулуусу» сынагынын 1994-жылдагы жеңүүчүсү. 2009-жылы Индиянын «Падма Шри» мамлекеттик сыйлыгын алган
. 

Айшвария Рай - 1973-жылы 1-ноябрда Индиянын Мангалор шаарында төрөлгөн. Атасы Кришная Рай – деңиз флотунун офицери, апасы – Вринды Рай жазуучу. Айшвариянын ата-энеси өздөрү турган шаарда абройлуу, интеллигент адамдардын катарына кирет. Ошондон улам кызы Айшварияга жана агасы Адитией Ашга жакшы тарбия, жогорку билим берүүнү көздөшкөн. Айшвария мекенинде Эш деген ысым менен таанымал. Болочок киножылдыз өспүрүм кезинде эле сулуулугу менен көпчүлүктүн назарын бурдуруп келген. Өзгөчө өзү жашаган аймактын балдары Айшвариянын аркасынан ээрчип алышып, анын көңүлүн бурдурууга аракет кылышчу. Окуучу кезинде Айшвария врач болууну тилек кылчу. Бирок, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, ою ишке ашкан эмес. Ошентип, ата-энесинин каалоосу менен ал Бомбейдеги колледждин архитектура бөлүмүнө тапшырат. Окуусу менен кошо башка тилдерди өздөштүрүүгө аракет кылып, чоң кызыгуунун аркасында беш тилди үйрөнүүгө жетишет. Колледждеги кыздардын арасынан табият тартуулаган сулуулугу менен өзгөчөлөнүп турса да, өзү менен катарлаш кыздарга окшоп модель болуу үчүн кастингдерге катышкан эмес. Болгону, көздүн жоосун алган келишимдүү, келбеттүү жөнөкөй индия кызын моделдик агенствонун өкүлдөрү байкап калышат да, модель болуу сунушун киргизишет. Балдарын катуу тартипте кармаган ата-эне эмнегедир кызынын моделдик карьераны аркалоосуна каршы чыкпайт да, Эш модельдикке макулдугун берет. Аз убакыттын ичинде эле “Пепси”, “Кока-Кола”, “Лореал” өң­дүү фирмалардын рекламалык роликтерине тартылып, Айшвария модель катары тааныла баштайт. Кө­гүш көз­дүү индия моделине көзү түшкөн­дөр­дүн саны да көбөйөт. Ош­ен­тип, Айшварияга ийгиликтин эшиги ачылат. 

Айшвария 21 жашында, тагыраак айтканда, 1994-жылы “Индия Сулуусу” конкурсунун жеңүү­чүсү болуп табылат. Ошол эле жылы Индия кыздарынан айырмаланган сымбаттуулугу менен ал “Дүйнөлүк сулуу” наамына ээ болот. “Дүйнөлүк сулуу” болуп индия кызы табылганы көпчүлүктү таң калтырат. Ошентип, өзгөчө сулуулугу менен Айшвария Рай түркүн элден келген сулуу кыздардан бөлүнүп чыгууга жетишет. Дал ошол конкурсту өткөргөн Ричард Стеинметс деген киши дүйнөлүк сулуу айымды колдон чыгарбоо максатында анын колун сурайт. Бирок, жаңы гана жылдызы жанып келаткан Айшвария турмушка чыгуу жөнүндө ойлобой, карьераны биринчи орунга коюп, сунуштан баш тартат. Эми Айшварияга модельдик агенстволордон гана эмес, белгилүү индия кинорежиссёрлорунан да киного тартылуу сунуштары түшө баштайт. Кино тармагында да өзүн сынап көрүү үчүн Айшвария киного тартылууну чечет.

Индиядагы ири киноборбор “Болливуд” деп аталып келет. Бул киноборбор Бомбейде жайгашкандыктан, индиялыктар “Бомбей” жана “Голливуд” деген сөздөрдөн улам “Болливуд” деп атап алышкан. Ошондон улам индия киножылдыздары “Болливуд жылдыздары” деп аталышаары айтпасак да белгилүү болсо керек. Мыкты ролдорду жараткандан кийин Болливуд актрисасы Айшварияга америкалык режиссёрлор да көз арта башташат. 2004-жылы Лондондогу белгилүү режиссёр Гуриндер Чадха актрисага роль сунуштайт. Бул актрисанын тилеги эле. Анткени, Голливудду багынтуу анын максаттарынын бири болуп келген. Ошентип, Айшвария биринчи жолу англис тилинде Улуу Британия жана АКШ биргелешип тарткан “Любовь и предрассудки” деген кинодо роль жаратат. Аталган фильмден кийин актрисаны “Hello Magazine`s” аттуу журнал дүйнө жүзүндөгү жагымдуу жүздүү аялдардын катарына кошот. Мындан тышкары, популярдуу америкалык журналдардын беттеринен актрисанын сүрөттөрү орун алат. Ошондой эле Голливуд сулуусу Жулия Робертс Айшварияны “дүйнөдөгү эң сулуу айым” деп атайт. Мындан тышкары, Айшвария америкалык телеканалдардан чыга баштайт.
Белгилүү актёр Майкл Дуглас да Айшвария менен киного тартылууну каалаганын айткан. Француз режиссёру Колин Серо өзүнүн “Хаос” деген тасмасына тартылууга чакырган. Учурда Айшвария Голливуддун кымбат актрисаларынын катарына кирет. Анын бир киного тартылган гонорарынын суммасы болжол менен 15 миллион долларды түзөт. Актрисанын катышкан кинолорунун саны 40ка чамалайт.

Көпчүлүк кыздардын сүймөнчүгү болуп келген индия актёру Салман Хан Айшвария Райдын жүрөгүн багынтууга жетишет. Экөөнүн ортосундагы мамиле “Навеки твоя” деген киного чогуу тартылгандан кийин күч алган. Алгач эки жылдыз жашыруун жолугушуп жүрүшкөн. Бирок, кийинчерээк ачыкка чыгышкан. Эки киножылдызын эл кош жылдыз катары санай баштаган. Эң өкүнүчтүүсү, дүйнөлүк сулуу айым сүйүүдөн жаңылганын ал учурда сезген эмес. Салмандын кызганчаак экенин Эш кийин гана билет. Кызганычтан улам экөөнүн ортосунда келишпестиктер чыккан. Баарынан Айшвариянын ата-энесинин “кызыбызды Салманга бербейбиз” дегени актёрдун кыжырын келтирип, ал сүйгөнүн сабап салат. Ошондон кийин актриса ал менен түзгөн келишимдеринен баш тартат. Буга ого бетер кыжырланган Салман анын машинасын талкалап, өзүн “өлтүрөм” деп коркуткан. Жүрөгү түшкөн актриса милицияга кайрылган. Ошентип, сотто расмий түрдө “Салман Айшварияга жакын жолобосун” деген чечим чыгарылган. Турмуштун чоң сыноосун башынан өткөргөндөн кийин Айшвария өзүн толугу менен киного арнаган. 




#Article 129: Индира Ганди (122 words)


Индира Ганди (19.11.1917-ж. - 31.10.1984-ж.) - Индиянын көрүнүктүү саясий ишмери. 1966-1977-жылдары жана 1980-1984-жылдары Индиянын примъер-министри болуп иштеген. Аллахабат шаарында төрөлгөн, Индиянын эң биринчи премъер-министри Джавахарлала Неунун жалгыз кызы болгон. Күйөөсү, журналист жана саясатчы Фреоз Ганди. Атактуу Ганди үйбүлөсүнө тиешеси жок.

Индира Ганди Аллахабад шаарындагы Уттар Прадеш аймагында төрөлгөн. Ал үй бүлөдө жалгыз кыз, атасы Джавахарлала Неру Биринчи Индиянын премьер министри жана ошондой эле коптогон сыйлыктын ээси.

Жолдошу журналист Фероз Ганди, Апасы Камала Неру. Индира Гандинин эки баласы Раджив жана Санджай Индира Ганди дуйнодонт кайткандан кийин ордун баласы Раджив баскан.

Индира Ганди 1934 жылы Рабиндранат Тагор элдик окуу жайына тапшырат. 1936-жылы апасынан ажырап окуусун токтотуп Европага кетүүгө аргасыз болот. Индира Оксфордго тапшырып, бирок экинчи дүйнөлүк согуш башталып, кайрадан озунун элине кетууго аргасыз болот.




#Article 130: Татарстан (264 words)


Татарстан - Орусиянын курамындагы автономдуу мамлекет. Борбор калаасы - Казан шаары.

Татарстан Республикасы, Татария – Россиянын курамындагы субъект (Волга бою федерация округу). 1920-жылы 27-майда түзүлгөн. 1992-жылдын 7-февралынан азыркыдай аталат. Чыгыш Европа түздүгүнүн чыгышында жайгашкан. Аянты 67,8 мин км2. Калкы 4,0 млн (2011). Административдик борбору – Казан шаары. Административдик-аймактык жактан 43 регионго, 22 шаарга, 18 шаарчага бөлүнөт.
Волга дарыясынын өрөөнү Татарстандын аймагын оң жана сол жээкке бөлөт. Оң жээги Волга бою дөңсөөсүнүн түндүк бөлүгү, сол жээгин Кама дарыясынын өрөөнү кесип өткөн Волга бою (Заволжье) түздүгү ээлейт. Түштүк-чыгышында Бугульма-Белебей дөңсөөсү (бийиктиги 364 м) жатат. Нефть, курулуш материалдары, чым көн ж. б. казылып алынат. Январдын орточо температурасы –13... –18°С, июлдуку 19–20°С. Жылдык жаан-чачыны 500 мм. Негизги дарыялары – Волга, Кама. Жеринин кыртышын чым көңдүү күл, боз-токой, кара, алювий топурактары түзөт. Аймагынын 16%ин токой ээлейт. Төмөнкү Кама, Волга-Кама коруктары уюштурулган. Калкынын негизин татарлар (52,9%), орустар (39,5%) түзөт. Ошондой эле чуваш, удмурт, мордова, марийлер, башкырлар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Шаар калкы 74,9%. Ири шаарлары: Казан, Набережные Челны, Альметьевск. 

ИДПнин структурасында (% менен) сырьёну казып алуунун үлүшү 27,8, тейлөө чөйрөсүнүкү 27,1, иштетүүчү өнөр жайыныкы 20,2, айыл жана токой чарбасыныкы 7,9, транспорт менен байланыштыкы 7,9, курулуштуку 6,9. Машина куруу (оор автомобилдер, газ плиталары, тиричилик муздаткычтары менен тоңдургучтары), химиялык (жасалма каучук жана чайыр, шина, пластмасса ж. б.), нефть өндүрүшү, тамак-аш, металлургия, даяр металл буюмдар өндүрүшү иштейт. Айыл чарбасында жашылча өстүрүү басымдуу. Дан эгиндери, тоют жана техникалык өсүмдүктөрү (кант кызылчасы), картөшкө, жашылча айдалат. Сүт-эт багытындагы уй, жылкы асыралат. Үй куштары багылат. Аарычылык өнүккөн. Асфальтталган автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 19,0, темир жолунуку 0,9. Волга, Вятка, Кама жана Ак дарыясында кеме жүрөт. 




#Article 131: Борис Ельцин (290 words)


Борис Николаевич Ельцин [1. 2. 1931, Урал (азыркы Свердлов) облусу, Талица району, Бутка кыштагы 23. 4. 2007, Москва] - россиялык партиялык жана мамлекеттик ишмер; РФнын алгачкы президенти [10. 7. 1991 (25. 12. 1991-жылга чейин РСФСРдин) 31. 12. 1999]. Урал политехника институтун бүтүргөн. 1968-76-жылдарда КПССтин Свердлов обкомунун курулуш бөлүмүнүн башчысы, секретары, 1976-жылдан 1-секретары, 1985-87-жылдарда Москва шааркомунун 1-секретары. М. С. Горбачёв жүргүзгөн реформаларга (к. Кайра куруу) каршы болгондугуна байланыштуу 1987-жылы ишинен алынып, СССРдин Мамлекеттик курулуш министрлигинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. 1989-жылы СССР, 1990-жылы РСФСР эл депутаты. 1990-жылы КПССтин 28-съездинде Компартиянын мүчөлүгүнөн баш тарткан. 1990-91-жылдарда  РСФСР Жогорку Советинин төрагасы, 1991-99-жылдарда РСФСРдин Президенти болуп иштеген. 1991-жылы августта Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитеттин (ГКЧП) ишмердүүлүгүнө каршы чыккан демократиялык күчтөрдү жетектеген (к. Август кризиси, 1991). Ельциндин демилгеси менен РФтин демократиялык жаңы конституциясы кабыл алынып (12. 12. 1993), Мамлекеттик Дума шайланган. 1994-96-жылдарда Россия менен анын курамындагы Чечен Республикасынын ортосундагы согушка байланыштуу сынга алынган. Экономикалык реформаларды жүргүзүүдө кемчиликтерди кетирген. Ельциндин бааларды либералдаштыруу боюнча указы (2. 1. 1992) өлкөдөгү инфляцияны эң жогорку деңгээлге жеткирген (гиперинфляция). Экономиканы көтөрүү үчүн Россия башка мамлекеттерден чоң кредиттерди алып, 1998-жылы Россиянын тышкы карызы 170 млрд долларды түзгөн. Ельцин 1991-жылы декабрда Украина жана Беларусиянын жетекчилери менен бирдикте СССРди таркатып, КМШны түзүү жөнүндөгү Беловежа макулдашуусунун демилгечиси. АКШ президенти Ж. Буш менен СНВ-1 (стратегиялык-чабуул коюучу куралданууну чектөө; 1991), СНВ-2 (1992), достук, кызматташуу жана бири бирине жардам көрсөтүү жөнүндө (1992), о. эле Ташкентте КМШнын 6 мамлекети менен коллективдүү коопсуздук жөнүндө (1992), ЕС м-н кызматташуу жөнүндө (1994) келишимдерди түзгөн. 1999-жылы НАТОнун Югославиядагы агрессиясына каршы чыккан. 1996-жылы Россия АСЕАНдын толук укуктуу шериктеши болуп, 1997-жылы «Өнүккөн 7 мамлекет» уюмуна кирген. 1999-жылы ыктыярдуу түрдө президенттик кызматын В. В. Путинге өткөрүп берген. Ленин, 1-даражадагы «Ата Мекен алдында сиңирген эмгеги үчүн» жана башка ордендер менен сыйланган. Кыргыз-Славян университетине ысмы ыйгарылып, Ысык-Көлдүн жээгине эстелиги тургузулган.




#Article 132: Нур-Султан (214 words)


Нур-Султан (1961-ж. чейин Aкмолинск, 1961—1992-ж. Целиноград, 1992—1998-ж. — Aкмоло, 2019-ж. чейин Астана) — Казакстан Республикасынын борбор шаары (1998-жылдан тарта). Акмолинск шаар статусуна 1862-жылы 26-сентябрда ээ болгон. 2018-жылдын 1-январына карата Нур-Султандын калкынын саны 1 035 537 адамды түздү.

Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, Ишим дарыясынын боюнда, Казак Сараркасынын түндүгүндө жайгашкан. Калкы 345,6 миң (2005). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Нур-Султан — Казакстандын маданий борбору. 28 ЖОЖ (филиалдары м-н), анын ичинен техникалык университет (1933-жылдан), С. Сейфуллин атынагы агрардык институту (1957), Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (1998; Москва мамлекеттик университетинин филиалы), медицина (1964), музыка (1998) ж. б. академиялары иштейт. Китепканалары: Президенттик маданий борборунуку, Борбордук шаардык, А. Гайдар атындагы балдар китепканалары ж. б. А. Кастеев атындагы искусство (1935), азыркы искусство (1980-ж. негизделип, 1999-ж. Алматыдан көчүрүлүп келинген), жазуучу С. Сейфуллиндин (1988) музейлери, орус драма (1940), музыкалык драма (1991), улуттук опера ж-а балет (2000) театрлары, филармония (1997), оркестрлер бар.
Маанилүү өнөр жай тармактары: «Казак айыл чарба машиналары», «Газмашаппарат» АКсы, «Астана Моторс» компаниясы, вагон ремонттоо, машина куруу, металл иштетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары, эмерек өндүрүшү бар.

Шаардын мурдагы Астана аталышы казак тилинен алынган. Казакча бул сөз элдин баш калаасы дегенди билдирет. Бул сөз казак тилине парс тилинен келген. Анда ал ыйык жер, босого деген мааниге ээ. Нур-Султан деп туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин атынан коюу чечими 2019-жылы 20-мартта кабыл алынган. 




#Article 133: Талас аймагындагы ыйык жерлер (1600 words)


Киришуу 

Тарых деген созду да тактап алууга туура келет. Биз кобунчо «тарых» деп илимпоздор тарабынан иштелип, такталып, кагаз бетине тушурулуп, китеп же башка жазуу турундо жарык коргон маалыматты тушунобуз. Бирок демейде «тарых» деп таанылган нерселер эн башынан окуялардан жана ошол окуялардын тегерегиндеги болгон ой-пикирлерден башталат. Аны «оозеки тарых» деп атап кетсек болот. Таласта жургузулгон изилдоо корсоткондой мазар баскан эл учун мазарлар - адам баласы оз максатына жетууго, ой-мудоосун ишке ашырууга жардам берген, туздон-туз улуу кучтор менен адамды байланыштырган ыйык жерлер. Ыйык жерлердин, мазарлардын жанында жашап аны оз каалоосу менен камкордукка алып, келген адамдарга мазардын тарыхын айтып, жол-жоболорду тушундуруп берип турган адамдар Кыргызстанда шайык деп аталат.

Мазардын туру-тал менен булак жана кумбоз менен кумурсканын уюгу. Шайыгы Жумагул кызы Алматай.  Зыяратчылардын кээ бири бул жерде Кочкор атанын соогу коюлган деген ойду айтышса, айыл аксакалдары Кочкор ата деген жер Нарында, Аксыда, Ысык-Колдо дагы бар, демек бул жерге тек гана Кочкор ата  туноп кеткен жерлер дешет. Кочкор ата Манас атадан бир кылым кийин жашап откон деген божомолдоолор айтылат. Жалпылап алганда, мындай мазарлуу жерге олуя, же бир таза, касиеттуу адамдардын соогу коюлган болот. Кочкор ата мазарын кургандардын бири - Качкынбек карыя мазар туралуу томонкулорду айтып берген. «1954-жылы мен жайлоого чыктым. Кочкор ата мазарынын ары жагы саз болчу. Ошондо чабандар куран окуп отушчу. Ал эми зикир чалганда боз туман аралап отчу. Ал жерге (Кочкор атага) кире бергенде чон таш бар, ага зыярат кылуу керек. Андан ары мазардын ичинде таш короо бар, ал короонун ичинде олуя ата бар. Ал калпак кийинген, короонун ичинде азан айтып отурат. Кочкор ата учурунда кучтуу мазар эле, эми болсо таарынгандай олуялары ошол жерден агып отчу Куркуроо суусунун бооруна чыгып кетти. Бул мазардын касиетинин кетишинин себеби, кээ бироолор таза эмес болуп барышат, орустар дары чоп теребиз деп барышып, арак ичип ошол жерге туноп калышчу жана дагы жолдун боюнда болгондонбу мал-сал айдап отушуп, эл анча барктабай калышты. Айылдагы Сыялы акем айтаар эле, эки киши Кочкор атадагы талды кесейин деп экоосу тен каза тапты деп. Бироосу ошол жерден мурт кетти, ал эми экинчиси болсо кайбырап журуп (адам санына кошулбай жин оорусу менен ооруган) акыры жок болду».

Мазардын туру - таш Кароолчусу Абдыраимов Жекшенаалынын айтымында илгери Куркуроо суусунун жээгинде, Жийдели деген жерди (азыркы Сары Ункур) мекендеп  ажыдаар жашаптыр, тоодогу эл менен айылдагы элдин байланышы болбой калат. Анткени ото турган жол жок болгон, эки жагы тоо ортосундагы жолдо ажыдаар. Ошол жерде ажыдаар пайда болуп нары откон бери откондордун баарын жута берет. Анан элдердин уройу учуп тоодогусу тоодо, айылдагысы айылда калып бири-бири менен катташ болбой калат. Анан бир аксакал аябай капа болот «Ай атан кору, бир баатыр энеден туулбаптыр» деп. Анан ошол жерден Чокон деген аксакалдын баласы Ото «мен барам ата» деп, жоо жарагын шайланып алат. Чокон аксакал минип жургон кара кер атын берип, колундагы  алтын шакегин уулуна салып коюп жонотот. Бирок ал баланы да ажыдаар жутуп коет. Ал эми ошол баланын. Дилдежан деген суйгон кызы болгон, ал кыз да аябай баатыр, мергенчи кыз болгон. Кечинде баланы кутот, келбей калгандан кийин баланы ажыдаар  жутуп койгонун угат. Анан жоо жарагын алып, ууланган жебесин алып, тоонун наркы бетине барып чон ташка бекинип жатып калат. Ажыдаар кундун ысыгына толукшуп, уктап жатканда Дилдежан кыз ажыдаардын башына ууланган жебе менен атып олтурот. Олтургондо ажыдаардын оозунан жалын чыгып, жердин баары орттонуп, Жийденин аймагынын баары ортко кабылды. Анан кыз барып ажыдаардын ичин сойсо бут жеген нерсеси аш болуп  бир гана алтын шакек аш болбой калган экен. Алтындын касиетиби, алтын шакек менен баланын чыпалагы калган экен. Анан ошондон чыпалагын алып комуп, кыз коздон кайым болуп кеткен экен. Ошол мазарга баргандар айтат тажылуу ажыдаар колдоп турат деп айтышат. Анан бул мазардын жонокой дарылыгы ушул, барган адам барып сыйынып колун жууса соолу кетет. Анан эгзема орууларына да ушунчалык дары. 

Мазардын туру - таш менен тал. Кароолчусу Абдыраимов Жекшенаалынын айтымында  илгери бир Олжобай деген киши тайэжеси Кишимжанга ашык болуп калат. Бирок Кишимжандын куда тушкон жери бар болчу. Ага карабай эки ашык акылдашып алып, кулак угуп, коз корбогон жерге качып кетууну ойлошот. Алар Чук-Терек деп аталган жерге качып келишет. Ошентип кундор отуп, капастан чыккан булбулдай болуп ээн-эркин сайрандап омур суро башташат. Эки жаш суйуунун кумарына канбай жашоо улантып жатканда кара булут каптагандай,  издеп жер кыдырган таякеси Кудаке эки ашыктын омуруно карангы тун тушурот. Олжобайды абдан сабап, эс-учунан ажыратып, элдин эсинде калсын дегенсип алдына таш тошоп, устуно тикенекти таштап, керип салып, устунон мал айдатып кыйнап олтурот. Ошентип олугун атка артып жоноп кетишет. Кундун ысыгынан эти жыттана баштагандан кийин азыр казак-кыргыздын жери аталган Куланды-Сай деген жерге мурзо каздырып, денесин коюп комоордо Кишимжан таякесинен уруксат сурап, Олжобай менен коштошуп чыгуу учун мурзого тушот. Олжобайдын мандайынан ооп, «бул жашоодо сен жок жашоо мен учун карангы тун, ошол учун туболукко бирге бололу» деп озу менен ала тушкон ач албарс шамшар менен озун журокко бир уруп омур менен кош айтышат. Жанылганын сезген таяакеси ачууга буулугуп, «олгондо да силерди бирге койбойм»-деп, экинчи мурзону каздырып, жанына коюп, Чуктеректен алган эки чыбыкты экоонун мурзосуно сайып кете берет. Азыркы учурда кудайдын кудурети менен ошол чыбыктар, чынар терек болуп айкалышып оскон. Олгондо жаткан жери башка болсо да, тируулукто бирге дегендей, чынар теректин жалбырактары азыркы учурда шуудурап турат. 

Мазардын туру-булак, терек. Шайыгы Эшалиев Сагынбектин айтымында Боо-Терек бул олуя адам болгон. Ал ушул жерде жашаган. Анын бою - 5м., туурасы - 1,5 м, салмагы болжол менен эки тоннага жакын болгонун кеп кылышат. Боо-Теректин агалары Адамия ата, Калпа ата, Бозтектир ата, Бостун булак ата, Баба ата менен Бача ата мазарлары Чаткалда жайгашкан, Боо-Терек ата ушул жерде каза болуп, ушул жерде коюлган. Боо-Терек атанын мурзосунон коп алыс эмес жерден чыккан терекке эл зыярат кылып баштап, бара-бара бул жер мазар болуп калган. Кийин СССРдин убагында орус киши ушул теректи кыйганда, дуйно менен кош айтышкан. Теректи кыйганга буйрук берген адамдын эки баласы каза болуп, озу акылынан айнып калган - деген маалыматын билдирсе, Б. аттуу башка бир адам «кийинчирээк бир турк кой жайып журуп, бир бутагын кесип алганда кан дыркырап чыккан экен. Ал киши коркуп айылына барып кудай тамак откозгон экен. Ошол кундон баштап, мазарга элдер коп келе баштаган» - деген маалымат берет. Бул ыйык жердин архитектурасы кызык. Анын архитектуралык композициясы дээрлик Манас кумбозунукуно окшош - дейт окумуштуу Бакыт Аманбаева. 

Мазардын туру - таш. Кумуштак тоосунун ичинде жайгашкан, ал айылдан 15 чакырым алыстыкта турат. Аталган мазар 1,5 га аянтты ээлейт. Салмагы 15 тоннадай, бийиктиги 3,5 метрдей таш турат. Дарыгер Момбекова Бубусааданын айтымында илгери бул жерде каапырлар (ислам дининен башка диндеги адам) менен мусулмандар кармашып, дин талашып, кыргын согуш болуп, шейиттер (олум) коп болгон. Бозтектир ата согуштун башчысы болгондуктан, ал олгон жоокерди же элдерди улам таш менен жашырып, белги кылып кете берген экен, аны каапырлар кубалап олтуроордо ал чон ташка жашынып, ташка кандайдыр бир сыйкырдуу куч пайда болуп, ал таш эрип кетип озуно Бозтектирди жашырып алат. Бозтектир атанын колдоочусу буркут болгондуктан, ошол таштын элеси да аркасынан караганда буркут калкалап тургандай, буркуттун элеси чагылдырылган. Бул ташты эч ким жасаган эмес, ал озунун табиятынан ушундай. Ошол кыргын болгон аймакта уймок-уймок таштар болсо, жогорудай айтып откондо, жанагы шейит болгон жоокерлерди бейити катары эсептелип, бул жер бутундой ыйык жер болуп саналат. 

Нылды ата Эчкили тоо кыркасынын таштак коосунан орун алган. Башкача айтканда, ошол кону бутундой ушул мазарга тиешелуу десек болот. Нылды ата бирикмеси озундо 23 мазарды камтыйт. Алардын бардыгы тен Эчкили тоонун этегиндеги Чон туюк жана Кичи туюк деп аталуучу коктуда жайгашкан. 
Шайыгы Кудакеев Жеништин айтымында Нылды ата Нух пайгамбардан мурда жашап откон. Озу табып болуп, элди ар кандай ооруулардан айыктырган. Ошондой эле Нылды ата жаш кезинде 30 чакты балдарды оз балдарындай кылып, асырап, чонойтуп адам кылган. Ал 60 жашка келген кезинде тентуштары: «Жашын келип калды эми уйлонбойсунбу, артында туяк калсын» дешет. Ошондо Нылды ата:  «Мен уйлонбойм, силердин атынар коп болсо бир кылым очпой жашайт, меники болсо канча кылым болсо да очпой сакталат», - деп жооп кайтарган экен. Нылды атанын: «Мен жашаган кездеги тоо азыр сай болду, сай тоо болду», - дегени арадан ото коп кылым отконун айгинелеп турат. Талас мамлекеттик университетинин кыргыз филология болумунун студенти Назира Жусупова менен болгон маегинде Озгоруш айылынын тургуну Ооган молдо томонкудой маалымат берген: «Нылды ата Манас атадан бир топ мурун жашап откон. Манас атага 1000 жыл болсо, Нылды атага 2000 жыл болду. Элдин айтымы боюнчаал жерде уч тилди билген уч адам болгон экен, бирок адамдарга корунбойт. Бироо кыргызча, бироо арабча, бироо индиялыктардын тилинде суйлойт экен. Ал жерге мен да баргам, боорум ооруп журот эле. Барсам ал жерде бир киши бир аз жерди иштетип отурат экен. Анан мени уйуно киргизип чай кайнатып берди. Кумшекери жок куру чайдын озун иче бериптирмин. Бир чайнек болчу, ичи 3 литр чыгат, тойгонумду билбейм, баарын ичиптирмин. Ал эми уйдон бир литр чай иче албайм. Ошол суу мазардын суусу эле, мазардын касиетинен болуш керек, 3 литрди тойгончо ичтим. Боорум да, чарчаганым да басылды. Касиеттуу жер экенин ошондон билдим, андан кийин коп ооруган жокмун».

Мазардын туру - булактар. Мазардын шайыгы (кароолчусу) Байыш Бекназаровдун айтымында: Арашан ата деген Манас ата сыяктуу баатыр, эл башкарган касиеттуу адам болгон дешет. Ошол жерге соогу коюлган. Бирок азыркы кундо Арашан атанын мазары мурдагы ордунан бир аз алыстыкта, анткени ошол мазардын тегерегиндеги тал-теректерди кыркып салышкан. Ошондуктан ал жерден бир чымчык учуп чыгып, конгон жери - азыркы Арашан ата мазары. Бирок мурдагы орду соок коюлган жер эмес экен. Чындыгында мазарлардын жанындагы тал-теректерди  кыркканга, сындырганга болбойт. Ал жердеги уч теректи орустар кыркып салып, акыры жер которуп жок болушкан дешет. Экинчи бир зыяратчы: Арашан деген мурун пайгамбар болгон экен. Анан ал олуп, ошол жерге соогу коюлган экен. Анан откон-кеткендер ал жерге куран окуп журо берип, мазар болуп калган экен - десе, учунчу бир адам тек гана: «Илгери бир баласы жок жаш келин бул жерден бала суранып балалуу болуп калган экен. Ошондон бери мазар болуп келе жатыптыр. Коз тийген адамдар да мазарга барып сыйынса айыгып кетет. Аса таяк (боору жик-жик болуп оскон катуу жыгач жана ошол жыгачтан жасалган катуу таяк) кобунчо Арашан мазарынан чыгат, анткени ал тоолуу жер да» - деп эн жонокой маалымат берет.




#Article 134: Елена Воробей (716 words)


Воробей Елена- орустун белгилүү пародисти, юморист.
БАЛАЛЫК ЖАНА БИРИНЧИ ПАРОДИЯ
Елена Воробей 1968-жылы Белорусия мамлекетиндеги Брест чебинен анча алыс эмес жерде жайгашкан Брест баатыр шаарында туулуп-өскөн. Ата энесинин колунда жок болгондуктан, балалыгында жетишпестиктин даамын татып чоңоёт. Өспүрүм чагында оюнга тойбогон шок кыз болгонуна карабастан, кичинекей Лена мектепте эң жакшы окуган. Ошол учурда эле анда башка адамдарды тууроо шыгы бар экендиги байкалат. Пародиядагы биринчи каармандары окутуучу мугалимдери болуп, танапис учурунда алардын кыймыл-аракеттерин, баскандарын, сүйлөгөн сөздөрүн, үндөрүн келиштирип, атүгүл курбу-досторунун күндөлүк дептерлерине мугалимдин колу менен баа да коюп берчү. Елена кичинекей чагынан эле актриса болууну самаган. Бирок, ата-энеси улуу кызынын музыка мугалими болуусун каалап, 9-классты бүткөн соң Ленинград шаарындагы музыкалык орто окуу жайына тапшыртышкан. 

БИЛИМ АЛУУ ЖОЛУНДАГЫ КҮРӨШ 
Ар тараптуу таланттардын ээси, белгилүү пародист Еленага ата-энеси тандаган мугалимдик кесип жакпагандыктан, ал Ленинград театралдык институтун көздөй бет алат. Тилекке каршы, эки жыл катары менен сынактан өтпөй, студент болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Мунун дагы бир себеби, орто билими туралуу күбөлүгү жок эле. Кийинки жылы кайрадан керектүү документтерин топтоп, үмүттүн шооласынан кол үзбөй, сынакка дагы бир катышып көрүүнү чечет. Мүмкүн башка бирөө болгондо үчүнчү жолу тапшырууга аракет да кылмак эмес, а Ленанын окууга болгон каалоосу баарынан күчтүү эле. Ошол учурда анын жашы он сегизден ашып калгандыктан, амалкөй кыз туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жасалма маалыматтарга өзгөртүүдөн да кайра тартпайт. Жыйынтыгында, 1988-жылы кабыл алуу комиссиясына талантын далилдеп, Исаак Штокбонттун чеберчилик курсуна өтөт. Бирок, бир жылдан кийин өзүнүн устаты Исаак Романовичке сырын ачып, документтеринин кээ бирлери жасалма экендигин мойнуна алган. Бул иш эч кандай чыр-чатаксыз аяктап, 1991-жылы Елена Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунан эстрада, театр жана киноактёр кесибинин ээси болуп чыккан.

АТАК-ДАҢККА КАРАЙ ЖОЛ-1991-жылы А.Миронов атындагы актёрдук ырлар конкурсунда Елена күлкүлүү клоундун келбетин жамынып, биринчи ирет чоң сахнага чыгат. Кийин 1993-жылы “Ялта-Москва-Транзит” жаш аткаруучулар арасындагы конкурста алгачкы жолу өзүнүн ырчылык жана аткаруучулук жөндөмдүүлүгүн бүткүл Россия алдында тартуулап, андагы баш байгелердин ээси болуп кайткан. Тилекке каршы, кийинки убактарда чоң сахнадан көп көрүнбөй калгандыктан, тез эле унутта калуу коркунучуна кабылат. Жаңы ыр жаздырып, клип тарттыруу үчүн көп суммадагы акча керек эле.

Ошол кезде Владимир Винокур өзүнүн театрына бардык жактан төп келишкен, эң башкысы, күлкүлүү көрүнүүдөн коркпогон таланттуу кызды издеп жүргөн эле жана бул орунга Ленаны тандап алат. Бирок, бул театрда Лена бир да күн иштеген эмес, себеби, биринчи эле “Левчик жана Вовчик” концерттик программасында чеберчилик менен аткарган пародиясын көрүп, “АРТЕС” маданият фондунун президенти А.Достман Ленанын талантына баа берип, жеке карьерасын көтөрүү үчүн келишимдин негизинде иш алып барууну сунуштайт. Мына дал ушул күндөн тартып чоң сахнадагы белгилүү жылдыздардын пародиялары, аншлагдагы тасмаларга тартылуу, репертуарындагы жаңы ырлар, киного тартылуулар... Андан көп узабай дүйнө жүзүнө гастролдук сапары башталат. Башка адамдардын кыймыл-аракетин эмес, үнүн келиштирүү эң эле татаал экендиги талашсыз. Ага карабастан, шыңгыр үн­дүү Валентина Толкунова, күчтүү вокалдык стилде ичке үнү менен ырдаган Лариса Долинадан тартып эркек кишилердин үнүн да келиштире окшоштурган Воробей ошол эле учурда күлкү жанрын да унутта калтырбай белгилүү жылдыздардын үнү менен өзүнүн сөзүнө жазылган сатираларды аткарып, популярдуулуктун тепкичинен бийикти көз­дөй бет алат.

ЕЛЕНАНЫН ВОРОБЕЙГЕ АЙЛАНЫШЫ
Елена Воробей сахна жыл­дызы, пародист, актриса, ырчы жа­на куудул экен­диги баарыбызга эле маалым. Бирок, анын өз аты тууралуу билбегендер да жок эмес. 
Ленанын улуту еврей, ал эми өзүнүн фамилиясы Лебенбаум, бизче которгондо (leben – жашоо, baum – дарак) “жашоо дарагы” дегенди түшүндүрөт.

ЖЕКЕ ЖАШООСУНАН 
Ленинграддагы искусство институтунда окуп жүрүп, 18 жашында болочок күйөөсү Андрей менен таанышкан. Ошол күндөн тартып эле жылдыздары келишип, жакын мамиледе боло башташат. Көп узабай баш кошуп, бирге түтүн булатууга бел байлашкан. Тилекке каршы, түгөйлөр он жыл убакыт чогуу жашашса да балалуу болушкан эмес. Врачтардын Ленага койгон диагноздору дагы сүйүнтөөрлүк эмес эле. Бул ортодо от чагылуулардын биринчи себеби болсо, экинчиси, Ленанын чыгармачылыкты улантып, биротоло Москвага кетүү сунушун Андрейдин таптакыр четке каккандыгы болгон. Экөөнүн ортосундагы түшүн­бөс­түктөрдүн жыйынтыгы ажырашууга алып келген. 
Атак-даңкка жетип, жылдыздар арасынан өз ордун тапкандан кийин Лена жеке жашоосунда Игорь аттуу мырзага жолугат. Жалгыздыктын дарысын тапканына сүйүнүп, андан Соня деген кыз да төрөп алган. Бирок, экөө­нүн мамилелери баш кошууга чейин жеткен эмес, себеби, Игордун башка үйбү­лөсү бар болчу.
Учурда кызы Соняга колунан келишинче жакшы тарбия берүүгө аракеттенип келет. Бир ай ичинде 22 жеке концерт берүүнүн өзү үйдө эс алууга таптакыр убакыттын жок экендигинен кабар берет эмеспи. Андыктан, кээде “кызым мени тааныбай калабы” деген коркунуч да жүрөгүнүн түбүндө жүрөөрүн жашырбайт. Бош убакыт табыла калса, Соняны ээрчитип алып зоопаркта, жаныбарлар сатылуучу дүкөндө, эс алуучу паркта сейилдөөнү жактырат. Келечекте турмушка чыгып, жакшы жар, көп балдардын мээримдүү энеси болуу – эңсеген тилеги.




#Article 135: Макроэкономика (139 words)


Макроэкономика (макро... жана экономика) –экономика илиминин өлкөнүн экономикасына таандык ири масштабдагы кубулуштарды жана процесстерди изилдеген бир бөлүгү; улуттук деңгээлде өз ара байланышта иш алып барган экономикалык процесстердин жыйындысы; улуттук чарбаны бир бүтүн нерсе катары изилдеген экономикалык теориянын бөлүгү. Термин алгач 1934-жылы Р. Фишер тарабынан сунушталган. Ал эми макроэкономикалык жаңы багыттын негиздөөчүсү англиялык экономист Ж. М. Кейнс (1936-жылы жарык көргөн «Иш менен камсыз болуу, акча жана проценттин жалпы теориясы» эмгегинен кийин) болгон. Макроэкономика өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнүн факторлорун жана жыйынтыктарын, чектелген ресурс шартында экономикалык өсүүнүн тенденцияларын изилдейт. Макроэкономика объектиси катары жыйынтыкталып жалпыланган экономикалык көрсөткүчтөр (улуттук жана ички дүң продукциялар, улуттук киреше, мамлекеттик жана жеке суммалык инвестициялары, жүгүртүүдөгү жалпы акча көлөмү) эсептелинет. Ошол эле учурда макроэкономика өлкөдөгү орточо экономикалык көрсөткүчтөрдү (орточо киреше, орточо эмгек акы, инфляция деңгээли, жумушсуздук, иш менен камсыз болуу, эмгектин өндүрүмдүүлүгү, экономикалык өсүүнүн темпи жана түзүлүш пропорциялары) да изилдейт. 




#Article 136: Азия (3400 words)


Азия (континент) — Жер шарындагы аянты (43,4 млн км2дей) жана калкынын саны (3,9 млрд чамасында, 2005) боюнча эң чоң дүйнө бөлүгү. Негизинен Чыгыш жарым шарда, Түндүк жарым шардын бардык географиялык алкактарында жайгашкан; Малайя архипелагынын бир аз бөлүгү Түштүк жарым шарга кирип кетет. Европа менен биригип, Евразия материгин түзөт. Азия менен Европанын чек-арасы шарттуу түрдө Уралдын чыгыш этеги (же кыры), Эмба (же Урал), Кума, Маныч дарыясынын өрөөндөрү (айрым учурда Чоң Кавказдын кыры), Каспий, Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор жана Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Түндүк чети — Челюскин, түштүгү — Пиай, батышы — Баба, чыгышы Дежнев тумшуктары. Африка менен Суец мойногу аркылуу туташып, Түндүк Америкадан Беринг кысыгы аркылуу бөлүнөт. Түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары жана алардын четки деңиздери менен чулганат. Аралдарынын жалпы аянты 2 млн км2ден ашык (анын ичинде Түндүк Жер, Жаңы Сибирь, Курил, Сахалин, Япон, Тайвань, Филиппин, Малайя арх., Шри-Ланка, Кипр аралдары). Азиянын жээктеринде булуң-буйтка салыштырмалуу аз; ири жарым аралдары: Ямал, Таймыр, Чукча, Камчатка, Корей, Индикытай, Индстан, Араб, Кичи Азия. Азиянын океандан эң алыс жери 2—2,5 миң км. Азиянын жеринин бетинин бийиктиги да өтө контрасттуу. Мында дүйнөнүн эң бийик жери — Жомолунгма чокусу (бийиктиги 8848 м, Гималайда), эң чуңкур жери — Жансыз деңиз (көлдүн бети деңиз деңгээлинен—395 м төмөн), эң терең — Байкал көлү (тереңд. 1620 м) жайгашкан. Суу каптаган ачык жердеги эң чуңкур жер да Азияда; ал Борбордук Азиядагы — Турпан ойдуңу, деңиз деңгээлинен — 154 м төмөн жатат. Дүйнөдөгү эң жаанчыл жер — Индиядагы Шиллонг тоосунда жайгашкан Черапунжи кыштагында; анда жылына орто эсеп менен 13 миң ммден ашык жаан-чачын жаайт (1861-ж. 22 900 мм жааган). Аймагынын 75% ин кырка жана бөксө тоолор ээлейт. Тоолор 2 чоң аймакты (тилкени) пайда кылат. Алардын бирөө Алдыңкы Азия тайпак тоолорунан Индикытайдын кырка тоолоруна жана Малайя архипелагына чейин бүт Азия аркылуу батыштан чыгышка, экинчиси Теңир-Тоодон Түштүк Сибирдин тоолоруна жана андан ары Чукча жарым аралына чейин түштүк-батыштан түндүк-чыгышка созулат. Эң бийик тоолор (бийиктиги 4 миңден 7 миң мге чейин жана андан жогору) Борбордук Азияда жана анын чеги боюнча жайгашкан. Негизги тоо системалары: Гималай (бийиктиги 8848 мге чейин), Гиндукуш (7690 м, Тиричмир), Каракорум (8611 м, Чогори), Куньлунь (7723 м, Улугмузтат), Теңир-Тоо (7439 м, Жеңиш чокусу), Ысар-Алай (5621 м, Матча), Чоң Кавказ (5642 м, Эльбурс), Алтай (4506 м, Белуха), Саян (3491 м, МункуСардык). Ири тайпак тоолору: Памир (7495 м, Коммунизм же Исмаил Самани), Тибет (6000-7000 м), Алдыңкы Азия тайпак тоолору (5165 м, Арарат); бөксө тоолору: Орто Сибирь (1701 м, Путорана), Араб жарым аралдагы бөксө тоолор (3600 м), Декан (2000 мге чейин). Эң ири ойдуңдуу түздүктөр: Батыш Сибирь, Туран, Улуу Кытай, Инд-Ганг, Месопотамия; бийик жайгашкан түздүктөрү (Борбордук Азияда) - Кашкар, Жунгар, Гоби. Камчаткада (4688 м, Ключи сопкасы), Чыгыш Азиянын аралдарында жана Малайя архипелагында (Кракатау жанар тоосу, бийиктиги 813 м) өчө элек жанар тоолор көп. Азиянын азыркы рельефи негизинен төмөнкү процесстердин натыйжасында — байыркы тайпаңдалуу процесстеринен (калдыктары, айрыкча тайпак тоолордун ички бөлүктөрүндө, ошондой эле Индистан, Араб, Сирия, Чыгыш Сибирдин жапыз платолорунда сакталган), жер кыртышынын неоген жана антропоген мезгилдериндеги ири вертикалдык жана горизонталдык кыймылдардан (Памир, Тибет, Гималай тоолору 4000 мден жогору көтөрүлүп, материктин чыгыш чет жакасы тескерисинче чөккөн), көтөрүлгөн тоолордун чет жакаларынын эрозиялык кескин тилмеленүүсүнөн (Памир, Тибет тоолорундагы, Гималай, Куньлунь, Батыш Саян, Черский тоолорун, Становой, Алдыңкы Азия тайпак тоолорун кесип өткөн терең капчыгайлар) жана башкалардан калыптанган жеринин бетинин түзүлүшүнө, ошондой эле Орто жана Борбордук Азияда, айрыкча Хуанхэ дарыясынын алабында кеңири аянтты лёсс тектери каптап жатышы, бедленддин чап), чөлдөрдө эол (шамал) рельефинин, акиташ жана гипстүү аймактарда карст процесстеринин, антропогендеги муз каптоо (Азиянын түндүк-батышында 60° түндүк кеңдиктерден түндүктү карай муздук текши каптаган), азыркы мөңгүлөр (Каракорум, Памир, Теңир-Тоо, Гиндикуш, Гималай ж. б. тоолордогу ири мөңгүлөр), башка материктерге караганда көп жылдык тоңдун кеңири таралышы (47° түндүк кеңдикке чейин), жанар тоолор (жанар тоо конустары, Индистан жана Орто Сибирди каптаган траптар, Камчаткадагы, Филиппин, Чоң жана Кичи Зонд аралдагы аракеттеги жанар тоолор, Алдыңкы Азия тайпак тоолорундагы, Сирия-Араб платосундагы, Кавказ, Монголия, Манжур-Корей тоолорундагы мурдагы жанар тоолор) зор таасирин тийгизген. Азиянын геоструктурасы өтө татаал. Анын аймагы аркылуу субкеңдик багытта Альп-Гималай бүктөлүү алкагынын чыгыш бөлүгү созулуп жатат. Ал чыгышта Монгол-Охота жана Тынч океан бүктөлүү алкактарына кошулат. Бүктөлүү түзүлүштөрүн түштүктөн Араб жана Индистан жарым аралынын платформалык аймактары чектеп турат. Азия кембрийге чейин пайда болгон бир нече ири платформалардан жана алардын аралыктары боюнча созулуп жаткан ири бүктөлүү облустарынан турат. Азияда Сибирь (чеги Орто Сибирь бөксө тоосуна туура келет), Кытай-Корей (Улуу Кытай түздүгүн, Корей жарым аралын камтыйт), Түштүк Кытай (Янцзы дарыясынын төмөнкү агымынын алабы), Инди (Индистан жарым аралынын басымдуу бөлүгүн жана Шри-Ланканы камтыйт), Араб (Араб жарым аралынын басымдуу бөлүгү) платформалары жайгашкан. Платформалар Азиянын аймагын тегерегине бириктирип турган байыркы ядро болуп саналат; алар протерозойдун аягынан бүктөлүүгө дуушарланбай, салыштырмалуу тынч абалда болот. Платформаларды жалпы бириктирип турган геосинклиналдык облустарды байкал, каледон, герцин, мезозой, кайназой бүктөлүүлөрү түзөт. Байкал бүктөлүүсүнө (протерозойдун аягы-кембрийдин башталышында болгон) Енисей токол тоосу, Чыгыш Саян, Байкал бою, Забайкалье тоолору, Араб жарым аралынын айрым жерлери, каледон бүктөлүүсүнө (кембрий, ордовик, силур) - Борбордук Казакстандын батыш бөлүгү, Батыш Саян, Тоолуу Алтай, Монгол Алтайы, Түштүк-Чыгыш Кытай, Түндүк Теңир-Тоо, герцин бүктөлүүсүнө (девон, карбон, пермь) – Теңир-Тоонун негизги бөлүгү, Куньлунь, Наньшань, Түштүк Алтай, Борбордук Казакстандын батыш бөлүгү ж. б., мезозой бүктөлүүсүнө - Түндүк-Чыгыш Сибирь, Сихотэ-Алинь, Индикытайдын, Тибеттин айрым жерлери, альп бүктөлүүсүнө (кайназой) - Кавказ, Памир, Түркмөн-Хоросан тоолору, Паропамиз, Гиндикуш, Алдыңкы Азия тайпак тоолору, Загрос, Мекран, Сулейман, Гиндикуш, Гималай тоолору кирет. Азиянын чыгыш чет жакасын азыркы геосинклиналдык алкак ээлейт; ал материкти Тынч океандын таманынан бөлүп турат. Алкакты аралдар догосу, океандын терең кобулдары жана четки деңиздердин геосинклиналдык чуңкурдуктары түзөт. Алкакка активдүү аракеттеги жанар тоолор, катуу жер титирөөлөр, тектоникалык контрасттуу кыймылдар, жаш бүктөлүүлөр, гравитациялык тең салмактуулуктун бузулушу мүнөздүү. Азия континентинин азыркы турпаты салыштырмалуу жакынкы эле мезгилдерде пайда болгон. Палеозойдун башталышында (кембрий, ордовик, ошондой эле эле силурда) Чыгыш Европа, Сибирь, Кытай-Корей, Түштүк Кытай платформалары кургактыктын бир бөлүктөрү же эпиконтиненттик тайыз деңиздер менен капталган жазы шельфти түзгөн. Инди жана Араб платформалары ошол кездеги зор түштүк материк - Гондвананын курамына кирген. Герцин бүктөлүүсүнөн кийин түндүктөгү платформалар кургактыктын монолиттүү массиви - Ангаридага бириккен. Ал эми Гондвана тескерисинче, бөлүктөргө ажырап, алардын ичинен платформалуу Инди-Араб массивдери кайназойдо Тетис геосинклиналы (байыркы деңиз бассейни) жок болгондон кийин Ангаридага биригип, Азия пайда болгон.

Азиянын саясий бөлүнүшү

Азия кенбайлыктарга бай. Ташкөмүрдүн ири кендери Казакстанда (Караганды бассейни), Сибирде (Кузнецк, Кан-Ачы, Лена ж. б. бассейндер), ошондой эле Кытай, Индия, Кореяда топтолгон. Нефтинин дүйнөлүк запасынын теңинен көбү Азияда. Нефть-газдуу ири аймактарга - Перс булуңу нефть-газ бассейни, Батыш Сибирь, Каспий бою ойдуңу, Закавказье, Орто Азиянын түздүктөрү, Малайя архипелагынын аралдары (Суматра, Калимантан), Түндүк жана Батыш Кытайдын айрым жерлери кирет. Сибирь, Казакстан, Орто Азияда, ошондой эле Түркияда, Иран, Пакистанда кайнатма туздун ири кендери бар. Темир рудасы Казакстандын бир катар жерлеринде (Костанай облусу, Борбордук Казакстан ж. б.), Ангара боюнда, Сибирдин түштүгүндө (Кузнецк Алатоосу, Тоолуу Шория жана Хакасия), Кытай, Корея, Индиянын көп жерлеринде топтолгон. Индияда жана Закавказьеде марганецтин ири кендери бар. Калайдын эң бай кендери - Түштүк-Чыгыш Азияда (Бирма, Тайланд, Индонезия аралы). Борбордук Казакстанда жездин ири кени, Норильскиде никель, Якутияда алмаз кендери бар.

Азияга арктика климатынан (түндүгүндө) субэкватордук жана экватордукка (түштүгүндө) чейинки ар түрдүү климат мүнөздүү. Батыштан соккон атлантикалык нымдуу аба Азияга жеткенде өзгөрүп, континенттик абага айланат. Ал эми Тынч океандык аба батыш аба массасынын үстөмдүк кылышына жана ички аймактарын кырка тоолор тороп тургандыгына байланыштуу Азиянын чыгыш чет жакасындагы кууш тилкеге гана таасирин тийгизет. Түндүктөн арктикалык аба Азияга терең кирет; ал эми түштүктө үстөмдүк кылган тропиктик жана субэкватордукмуссондук климаттын таасиринен Гималай тоолору тосуп турат. Кышында климатты батыштан соккон аба массасы аныктап, антициклондук зор аймак, Азиянын түштүгүндө жана түштүк-чыгышында пассаттык циркуляция пайда болот. Сибирь тоолорунун жана Монголиянын үстүндө (40°, 60° түндүк кеңдиктердин аралыгында) Азия (Сибирь) антициклону түзүлөт. Радиациялык муздоонун, батыш аба массасынын муздап, төмөн чөгүүсү, арктика антициклонунун кириши октябрдан апрелге чейин антициклондун туруктуу болушуна шарт түзөт. Анда ачык жана суук абарайы үстөмдүк кылат: абанын температурасынын абсолюттук минимуму Оймякондо -71°Сге (Түндүк жарым шардын суук уюлу), Верхоянскиде 68°Сге, Якутияда -64°Сге жетет. Антициклондун чет жакалары аркылуу соккон туруктуу шамал андан муздак жана кургак абаны айдап чыгып, чыгышты, түштүк-чыгышгы жана түштүк (кышкы континенттик муссон), ошондой эле батышты карай Батыш Сибирге, Казакстанга, Орто Азияга багыттайт (жогорку басымдуу аба Иранга чейин жетет). Уюлдук фронттун циклондору Жер ортолук деңиздик климаттуу Алдыңкы Азияга кышкы жана жазгы, Түштүк Сибирь тоолоруна жайкы жамгырды алып келет. Алдыңкы, Ортоңку жана Борбордук Азияда жайында аптап ысык жана кургакчыл континенттик тропиктик аба массасы үстөмдүк кылат. Түштүк Азия (Иран) менен Түштүк-Чыгыш Европадан соккон кургакчыл түндүк-батыш шамалдардын жана Индияга жаан-чачынды мол алып келген жайкы муссондун пайда болушуна шарт түзөт. Уюлдук фронттун циклондору Чыгыш Азияда нымдуу жайкы муссонду пайда кылат. Күзүндө Чыгыш Азия фронттору аркылуу кыйраткыч күчтөгү тропиктик циклондор - тайфундар өтөт. Кышында Азиянын тропиктик бөлүгүндө континенттик тропиктик, жайында - экватордук деңиздик аба, экватордун үстүндө жыл бою жаан-чачын мол жааган, абанын температурасы сезон боюнча анча өзгөрбөгөн деңиздик экватордук климат үстөмдүк кылат. Азиянын кургакчыл тропиктик аймактарында эң ысык болот; абанын эң жогорку температурасы - 53°С Пакистандын Жейкобабад шаары тушта катталган (дүйнөдөгү эң ысык жердин (Ливиядагы Триполи шаары тушта) температурасынан (58°С) 5°С гана төмөн). Азиянын көп бөлүгүндө жаан-чачын негизинен жылдын жылуу мезгилинде, Жер ортолук деңиздин чыгышында кышында жаайт. Чыгышы менен түштүгүнүн климаты муссондук; мында кургакчыл жана нымдуу мезгилдер кескин алмашат. Индиянын түндүк-чыгышында - Черапунжиге жылына 13 миң ммдей жаан-чачын жаайт (Жер шарындагы эң жаанчыл жер, 1861-ж. 22 900 мм жааган). Батыш, Орто жана Борбордук Азиянын түздүктөрүндө негизинен чөл жана жарым чөл климаты, Тибет, Памир тоолоруна суук чөл климаты мүнөздүү. Түндүк Жер аралында, Памир, Теңир-Тоо, Гималай, Каракорум, Гиндукуш ж.б. тоолордо мөңгү жатат. Мөңгүнүн жалпы аянты 120 миң км2дей. Түндүк жана Чыгыш Сибирдин кыйла аймагын (11 млн км2дей) көп жылдык тоң ээлейт.

Негизги дарыялары: Обь (Иртыш менен), Енисей (Ангара менен), Лена (Түндүк Муз океандын алабына кирет; жылдын көп бөлүгүндө муз каптап жатат), Амур, Хуанхэ, Янцзы (узундугу 5800 км, Азиядагы суусу эң мол жана эң узун дарыялар), Сицзян, Меконг (Тынч океандын алабы), Салуин, Иравади, Брахмапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат (Инди океанынын алабы), Амударыя, Сырдарыя (Арал деңизинин алабы). Азиянын көп дарыяларынын транспорттук жана энергетикалык, Орто Азиядагы жана чет өлкөлөрдөгү көптөгөн дарыялардын ирригациялык мааниси зор. Азиянын көп аймактарынан океанга (Каспий, Арал деңиздеринин алабы, Борбордук Азиянын көп бөлүгүндө, Иран тайпак тоосунун жана Араб жарым аралынын ички аймактарында) суу агып чыкпайт. Азиядагы эң ири көлдөр - Каспий жана Арал деңиздери; алардан башка чоң көлдөрү: Байкал, Балкаш, Ысык-Көл, Ван, Урмия, Кукунор, Поянху, Тайху, Тонлесап. Азиянын көп бөлүгү Голарктика флоралык жана зоогеографиялык дүйнөсүнө таандык. Араб жарым аралынын түштүгү, Индстан, Индикытай жана Малайя архипелагы Палеотропиктик өсүмдүк дүйнөсүнө кирет. Түштүк Азия Инди-Малайя зоогеографиялык облусуна, Арабстандын түштүгү Эфиопия облусуна кирет. Азиянын фаунасынын көбү Европа, Түндүк Америка жана Африкадагы жаныбарлардын түрүнө окшош. Түндүк Муз океанды жээктей мамык чөп, эңилчек, бадалчалуу тундра ээлеп, анын астында глейлүү тундра топурагы өрчүгөн. Андан түштүктөгү ичке тилкеде токойлуу тундра зонасы жайгашкан. Анда сейрек токой менен тундра өсүмдүктөрүнүн айкалышы мүнөздүү. Токойлуу тундранын түштүгүндө кенен тилкени ээлеген тайгага (негизинен ийне жалбырактуу токой) тоң-тайга, күл, чымдак-күл топурактары мүнөздүү. Амур бою аймагынын, Түндүк-Чыгыш Кытайдын жана Япон аралынын аралаш жана жазы жалбырактуу токойлору түргө байлыгы, эндемиктердин жана реликттеринин көптүгү менен айырмаланат. Андагы ийне жалбырактуу өсүмдүктөр (Корей кедри, сибирь жана аян карагайлары) менен кошо эмен, кайың, кара жыгач, манжур жаңгагы, япон каштаны, лиана ж. б. өсөт. Алардын астында күлдөшкөн коңур жана токойдун коңур топурактары өрчүгөн. Токойлуу талаа зонасынын Батыш Сибирь бөлүгүнө майда жалбырактуу токой жана шалбаалуу талаа, Түштүк Сибирдин тоолоруна жана ойдуңдарына, Монголиянын түндүгүнө, Кытайдын түндүк-чыгыш түздүктөрүнө ийне-майда жалбырактуу токойлор мүнөздүү. Алардын астында кара, токойдун боз, оёң жерлеринде шортоң (солонец, солончак) топурактар өрчүгөн. Талаа зонасынын туташ тилкеси Түштүк Сибирь жана Монголия тоолорунда үзүлөт. Батыш Сибирдин түштүгүндө жана Казакстанда дүйүмчөп-кылкандуу талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылып, түштүктө кургак талаага өтөт. Талаа зонасында негизинен кара жана каралжын каштан топурактары басымдуу. Алтай тоолорунан Чоң Хинганга чейин дүңгөлүү-кылкандуу талаа өсүмдүктөрү Монголиянын түштүгүндө кургак талаа жана жарым чөл менен алмашат. Сибирь жана Казакстандагы токойлуу талаа жана талаа зоналары негизинен айдалган. Каспий деңизинин жээгинен Казакстандын борбордук бөлүгү, Орто Азия, Жунгария аркылуу Кытайдын батыш бөлүгүнө чейин мелүүн алкактын сейрек өсүмдүктүү жарым чөл жана чөл зоналары созулуп жатат. Анда бадалчалуу (шыбактын түрлөрү) жана бадалдуу (сөксөөл, караган), тоо аралык ойдуңдарында баялыштуу чөлдөр таралган. Борбордук Азиянын кыйла бөлүгүндө дээрлик өсүмдүк өспөйт. Казакстандын жарым чөлүнө ачык каштан, Орто Азиянын чөлдөрүнө бозомук-коңур, аллювий түздүктөрүнө аллювий-шалбаа жана такыр, кумдуу чөлдөргө чириндиси аз карбонаттуу топурактар, лёсстуу платолорго боз топурактар мүнөздүү. Гоби, Жунгарияда, Теңир-Тоо, Алтайдын этектериндеги түздүктөрдө бозомук-коңур чөл топурактары басымдуу. Такла-Маканда сапырылма кумдуу аймактар кеңири тараган. Тибет тайпак тоосунда топурак кыртышы анча өрчүгөн эмес. Субтропиктик алкактын Жер ортолук деңиздик секторунда дайыма жашыл катуу жалбырактуу токой, сейрек токой ж-а бадалдар Кара ж-а Жер ортолук деңиздердин жээктерин, Тавр, Понт, Антиливан тоолорунун айдарым капталдарын (этектерин ксерофиттик бадалчалар жана чөп өсүмдүктөр - маквис, фригана, гарига, 700800 мден жогору ийне жалбырактуу токой, арча) ээлейт. Мында сиалиттик карбонаттуу үбөлөндү кыртышта күрөң ж-а бозомук күрөң, ошондой эле кызыл топурактар өрчүгөн. Талыш, Эльбурс тоолорунун Каспий деңизин караган капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу токой ээлейт (анын ичинде реликтик каштан, жалбырактуу эмен, катраңкы, самшит дарактары да бар).

Субтропик алкагынын континенттик секторлору чириндиге жарды боз, бозомук-күрөң жана бозомук-коңур чөл, таштак жана кумдак жөнөкөй топурактуу келип, Кичи Азия тайпак тоолорунда бадал-дан өсүмдүктүү талаа (анын ичинде шыбак, эфемер өсүмдүктөрү), Армян тайпактоосунда аккылкан бетегелүү талаа жана жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Кургакчыл таштак капталдарына тоо ксерофиттери (тикендүү жаздык сымал бадалдар) өсөт. Иран тайпактоосунда ташта өсүүчү бадалчалар кездешет. Этек тоолордо ж-а тоо капталдарынын этек бөлүктөрүндө жапалак эмен, мисте, ошондой эле арчадан турган сейрек токой кездешет. Паропамиздин жана Гиндикуштун төмөнкү алкактарында талаа өсүмдүктөрү субтропиктик жаңгак-мөмө-жемиш токойлору (бадам, анжир, мисте) м-н аралаш өсөт. 2200 м бийиктиктен жогору тоонун ийне жалбырактуу токой (көккарагайы, гималай карагай ж. б.) алкагы башталат. Тибет тайпактоосунда өскүлөң кылкан өсүмдүк-бадалчалуу чөл жана суук талаа басымдуу (альп шалбаасы да кездешет). Эң мүнөздүү өсүмдүктөрү: ыраңдын түрлөрү, доңузсырт, аккылкан, карагай, терскен, аяния, шыбак. Кытайдын чыгышындагы Циньлин м-н Наньлин тоолорунун аралыгын жазы ийне жалбырактуу субтропиктик токой ээлейт. Ийне жалбырактуулардан юньнань кызыл карагайы, куннингамия (реликттер - метасеквоя, жалган кара карагай, кетелеерия ж. б.), жазы жалбырактуулардан эмендин түрлөрү, камфар лавры, катальпа, кастанопсис ж. б. өсөт; лианалар көп. Тропик алкагынын континенттик климаттуу аймактарында карбонаттуу жана туздашкан чөл топурактары басымдуу. Араб жарым аралынын кумдуу чөлдөрүндө псаммофилдик кылкандуу (аристида, жапайы таруу) өсүмдүктөр, бархандардын капталдарында тамарикс, жантак, такыр жерлерде каперстер басымдуу. Араб деңизинин жээктеринде, Инд дарыясынын дельтасында шор (солончак) жана шалбаалуу шортоң, өрөөндөрүндө чириндиге жарды боз топурактар кездешет. Дайыма нымдуу тропиктерде (Малайя архипелагында, Малакка жарым аралында, Индистан жарым аралынын батыш жээгинде, Шри-Ланканын түштүк-батышында, Индикытайдын тоолорунда, Вьетнамдын түндүгүндө, Юньнань-Гуйчжоу тайпактоосунда, Хайнань, Ява, Тимор аралда) кызыл-сары, кызыл ферралит, феррсиалит жана феррит топурактары басымдуу. Субэкватор алкагында кызыл-коңур ферралит (Индистан, Индикытай жарым аралда), кызыл ферралит (Чхота-Нагпур платосунда, Кытайдын түш. бөлүгүндө), үбөлөндү базальт, андезит ж. б. эффузия тектеринин үстүндө камдашкан кара монтмориллонит топурактары (Декан бөксө тоосунда, Иравади ж-а Чиндуина д-нын аралыгында) пайда болгон (Индияда ал пахта топурагы же регура деп аталат). Меконг, Менам-Чао-Праянын алаптарынын нымдуу сезондо суу астында калган жерлеринде глейлешкен аллювий-шалбаа жана саздак топурактар үстөмдүк кылат. Тропиктин аллювий топурактары шалы өстүрүүгө байланыштуу өтө өзгөрүп кеткен. Субэкватор алкагында жалбырагын күбүүчү (муссондук) токой үстөмдүк кылат. Ал кургакчыл сезондун узактыгына жана нымдуулукка байланыштуу нымдуу жана кургакчыл жалбырагын күбүүчү токой деп экиге бөлүнөт. Нымдуу жалбырагын күбүүчү токой (кургакчыл сезон 3-5 айга созулат) Индикытай жарым аралында, Батыш Гат тоолорунун айдарым капталдарында, Чхота-Нагпур платосунда, Чыгыш Гималайдын түштүк капталдарында өсөт. Анда сал дарагы, диптерокарп тукумунун өкүлдөрү үстөмдүк кылат. Кургакчыл жалбырагын күбүүчү токойдун (кургакчыл сезон 6 ай) 90% ке жакынын тик, терминалий, кызгылт дарак жана сандал түзөт. Декан бөксө тоосунда, Индиянын түндүк-батышында, Индикытайдын тоо аралык өрөөндөрүндө тикендүү дарактардан жана бадалдардан (зараң, пальмира, тик, чөп өсүмдүктөрдөн - кылкандуулар) турган сейрек токой таралган. Чатырча сымал дарак өсүмдүктөрү саванна ландшафтын элестетет. Индиянын кургакчыл аймактарында (Ражастхан штаты) жана Мьянманын кургакчыл зонасында жапыз (1,5-2 мге чейин) зараңдуу, сүттүү чөп, зизифустуу чөлдөшкөн саванна кездешет. Нымдуу тропиктик дайыма жашыл жамгыр токою экватор алкагын (Малакка жарым аралын, Малайя архипелагынын аралдарын, Шри-Ланка аралынын түштүк-батышын), Индистандын түштүк-батышындагы жана Индикытайдагы тоолорду, Кытайдын түштүгүн (Хайнань аралын, Юньнань-Гуйчжоу тайпак тоосунун түштүк-батышын) ээлейт. Анда диптерокарп (Индонезияда эле 160тан ашык түрү бар) жана чанактуулар (птерокарпустар, дальбергдер) тукумдарынын өкүлдөрү үстөмдүк кылган полидоминант токою, пальманын 100дөн ашык түрү, нан дарагы, фикустун түрлөрү өсөт. Ошондой эле лианалар, эпифиттер (анын ичинде папоротниктер, архидеялар) арбын. Деңиз ташкындаганда суу каптап калуучу жээктерге манрглар, саздар мүнөздүү. Жаныбарлары да ландшафттын башка компоненттери сыяктуу эле кеңдик зоналары жана бийиктик алкактары боюнча таралган. Тундрада сойлоктор, жерде-сууда жашоочулар дээрлик жокко эсе, куштардан ак чил, уюл үкүсү туруктуу жашайт, калгандары (өрдөк, аккуу, каз, акчардак ж. б.) келгиндер. Түн. деңиздердин жээктерине ак аюу, тюлень, морж, тундрага түн. бугусу, түлкү, ак коён мүнөздүү; ошондой эле кансоруучулар - чиркей, карачиркей, көгөндөр көп. Тайгада сүт эмүүчүлөрдүн 90го жакын түрү бар, алар багыш, бугу, элик, күрөң аюу, сүлөөсүн, тыйынчычкан, булгун, киш, коён ж. б. Куштардан кайчытумшуктар, тоңкулдактар, каракурлар, кереңкур, рябчиктер, үкүлөр, сойлоктордон суу жыландар, чааржылан, кескелдирик, жерде-сууда жашоочулардын бир нече түрү мекендейт. Ы. Чыгыштын аралаш жана жазы жалбырактуу токойлорунда Сибирь фаунасынын өкүлдөрүнөн сырткары сыпайы жана чаар бугу, амур жолборсу, гималай аюусу, енот ити, сарытөш суусар (харза), сойлоктордон - Ыраакы Чыгыш калкан тумшуктары, соймоңдор жашайт. Куштар (анын ичинде мандарин өрдөгү) көп.

Талаа зонасында кемирүүчүлөр көп: тыйынчычкан, момолой, коёнчычкан, талаа (байбак) жана монгол (тарбаган) суурлары, кадимки коён, кошаяктар. Ири туяктуулардан Казакстандын талааларында сайгак, монгол талааларында дзерен, эки өркөчтүү төө кездешет. Жырткычтардан ачкүсөн, корсак бар. Тоолорду аркар, илбирс (азыр коргоого алынган), Тибет тайпактоосун топоз, антилопа мекендейт. Чөл зонасында кемирүүчүлөр (кошаяктар, тыйынчычкандар ж.б.) жана сойлоктор (жыландардан - калкантумшуктар, гюрза, кобра, муунткуч жылан ж. б.) өтө көп. Чаяндар, бөйүлөр, каракурттар ж. б. жөргөмүш сымалдуулар кездешет. Субтропик климаттуу алкактын Жерортолук деңиздик секторуна туяктуулар (каман, чоң сакал теке, муфлон), жырткычтардан - суусар сымалдар тукумунун өкүлдөрү (анын ичинде мадыл), карышкыр, чөө, куштардан мукур сымалдардын жана думбулдардын өкүлдөрү мүнөздүү. Кытайдын чыгышындагы тоолордун субтропиктик токойлорунда дүйнөдө чанда кездешкен бамбук аюусу (чоң панда), жалтырак маймылдар жашайт. Тропиктик, субэкватордук жана экватордук алкактардын сезондук-нымдуу токойлорунда инди-малайя фаунасы үстөмдүк кылат. Ири туяктуулардан индия пили, кериктин 3 түрү мүнөздүү. Бодолордон бантенг жана гаур, ачык жерлерде антилопалар, токойлордо бугулар (аксис, замбар, мунтжак), жырткычтардан жолборс, кабылан, чөө кездешет. Азия арстаны дээрлик жок кылынган (анын 200гө жакын Индиядагы Гир токой коругунда жашайт). Токойлорун маймылдар (лангурлар, гиббондор, орангутандар) мекендейт. Кемирүүчүлөрдөн чүткөр, индия бандикоталары, вивер сымалдуулар (циветтер, мангусттар ж.б.) жашайт. Муссон токойлорунда жапайы тоок, кадимки павлин, асыл тотулар, жамгырлуу токойлордо шимикчи чымчыктар кездешет; даракчыл жыландар көп. Уулуу жыландардан эң кооптуулары индия жана падыша жыландары. А-нын жаныбарларынын көп түрү жок кылынган, омурткалуулардын 1450гө жакын түрү жоголуу чегинде турат; көп түрү табиятты жана табигый ресурстарды коргоо б-ча эларалык союздун Кызыл китебине киргизилген.

Азиянын аймагы төмөнкү физикалык-географиялык өлкөлөргө бөлүнөт: Түндүк Азия (бүт Сибирди, россиялык Ыраакы Чыгышты камтыйт), Чыгыш Азия (Кытайдын 110° чыгыш узунунан чыгышты карай жаткан аймагы, Корей жарым аралы, Япон аралдары), Түштүк - Чыгыш Азия (Индикытай жарым аралы, Малайя архипелагы), Түштүк Азия (Индстан жарым аралы, Шри-Ланка аралы, Инд-Ганг түздүгү, Гималай), Батыш Азия (Кавказ, Алдыңкы Азия тайпактоолору), Түштүк - Батыш Азия (Араб жана аралы, Месопотамия, Левант), Борбордук Азия (Монголия, Батыш Кытай, Тибет), Орто Азия (Туран ойдуңу, Памир, Теңир-Тоо).

Азиянын табияты чарбачылыктан кыйла өзгөрүп кеткен. 2003-ж. коргоого алынган аймактын аянты Азиянын жеринин 8%ин түзгөн. Коргоого алынган аймактын көбү Индонезияда (1080), Кытайда (809), Индияда (497), Малайзияда (190), Таиландда (158) жайгашкан. Азиядагы 20 өлкөдө биосфералык корук бар (анын бирөө Кыргызстандагы – Сары-Челек биосфералык коругу). Кыргызстанда 6 табият жана улуттук парктар, 4 корук, 1 биосфералык корук, 1 биосфералык резерват, 54 заказник бар. Рамсар конвенциясынын (1971-ж. негизделген, Иран) маалыматы боюнча жалпы аянты 7,3 млн га болгон эл аралык маанидеги суу-саздуу жерлер коргоого алынган. Коргоого алынган аймактын көбү Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген, анын ичинде Сандарбан (Индия жана Бангладештин аймактарындагы мангр токой массиви), Казиранга, НандаДеви жана Кеоладео-Гхана (Индия), Ужунг-Кулон жана Комодо (Индонезия), Сагарматха жана Читван (Непал) улуттук парктары, араб антилопа резерваты (Оман), Туббатаха рифтиндеги деңиз паркы (Филиппинде), Япониянын парктары, ошондой эле Камчатка жанартоолору, Алтайдын Алтын тоолору (Алтай жана Катунь коруктары, Белуха табият паркы), Байкал көлү ж. б.

Жогорку палеолит жана мезолит доорунда эле Азиянын басымдуу бөлүгүндө адамдар отурукташа баштап, кийин Америка, Австралия, Океанияга чейин тараган. Азияда үч чоң раса калыптанган: европеоиддер (түштүк-батыш жана батыш аймактарда), монголоиддер (Борбордук жана Чыгыш Азияда), австралоиддер (түштүк-чыгышта). Неолит жана коло доорунда адамдар Азиянын бардык аймактарына тарап, ири дарыялардын (Тигр, Евфрат, Инд, Хуанхэ, Амударыя) өрөөндөрүндө дыйканчылык өнүгүп, ошондой эле сугат иштерин өркүндөтүүнүн (каналдарды куруунун) натыйжасында байыркы ири цивилизациялар пайда болгон. Азыркы Азиялыктар бир нече расага бөлүнөт, бирок анын басымдуу көпчүлүгү монголоид расасынын үч тобуна кирет: түндүк (Сибирь ж-а Түн.-Чыгыш Кытайдын бир бөлүгү), чыгыш (монголдор ж-а түн. кытайлар) ж-а түштүк (монголоид ж-а австралоиддердин аралашма ж-а өтмө тиби түштүк кытайлар, индонезиялыктар, филиппиндер, Индикытай элдери, ошондой эле япондор). Европеоид расасына (анын түш. бутагына таандык) алдыңкы Азиянын, Түндүк Индия, Орто Азиянын (тажиктер) элдери, австралия расасына Азиянын ар кайсы аймактарында жашаган аз сандагы топтор: Цейлон веддери жана бхилдерде, мунда жана дравид элдеринин айрым топторунда, ошондой эле түштүк чыгыш Азиянын кээ бир майда элдеринде (сеной, тоала ж. б.) кездешкен веддо тиби; Чыгыш Индонезия элдериндеги меланезия жана папуас тиби; Филиппин аэталары, Малайя семангдары, Индия андамандарындагы негритостук; Япон айныларындагы айны тиби кирет. Ошондой эле Түштүк Индиянын дравид элдериндеги түштүк индиялык тип; европеоиддер менен монголоиддердин ортосунан чыккан аралаш типке кирген Батыш Сибирь, Орто Азия, Түндүк Индия, Түштүк Урал, Алтай, Казакстан элдери бар. Кыргыз элинин жалпы антропологиялык тиби европеоид жана монголоид тектеги расалардын аралашуусунан пайда болуп, түштүк Сибирь - тураноид расасына кирет.




#Article 137: Европа (4704 words)


Европа континенти – дүйнө бөлүгү, Евразия материгинин батыш жагы. Азия менен чек арасы Уралдын кыры же чыгыш этеги, Урал дарыясынын өрөөнү, Каспий деңизи, Кума-Маныч ойдуңу жана Керч кысыгы (кээде Чоң Кавказдын кыры менен), Азов, Кара жана Мрамор деңиздери, Босфор, Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Аянты 10,2 млн км2 (аралдары менен). Калкы 583,2 млн (2005, Россиянын калкын кошпогондо). Европа түндүгүнөн жана Түндүк-батышынан Түндүк Муз океан жана анын деңиздери – Кара (Карск), Баренц, Ак, Норвег, батышынан жана түштүгүнөн – Атлантика океаны жана анын деңиздери – Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Мрамор, Кара, Азов деңиздери, Түштүк-чыгышынан туюк – Каспий көл-деңизи менен чулганат. Түзөң аккумуляциялык жана абразиялык жээктер басымдуу; ошондой эле ватт (марш), тектон., фьорд, шхер, риас, дальмация тибиндеги жээктер да мүнөздүү. Европанын эң четки учтары: түндүгүндө – Нордкин, түштүгүндө – Марроки, батышында – Рока тумшуктары, чыгышында – Уюлдук Уралдын Байдарата булуңчасына жакын жайгашкан чыгыш этеги. Аралдарынын аянты 730 миң км2дей; эң чоңдору – Жаңы Жер, Франц-Иосиф жери (Рудольф аралындагы Флигели тумшугу – Европанын эң Түндүк чети болуп саналат), Шпицберген, Исландия, Британия, Ирландия, Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит. Жээктери булуң-буйткалуу. Европанын аймагынын 1/4ин Скандинавия, Пиреней, Апеннин, Балкан, Кола жана башка жарым аралдар ээлейт. Океандан Чыгыш Европанын эң алыс жери 1600 км, Батыш Европаныкы – 600 кмдей. Айрым геогр. жана статистикалык-экон. эмгектерде Европага Кавказды да (Закавказье, Кавказ өндүрүн дагы) кошот. Адатта Европа эки бөлүккө – Чыгыш Европага жана Батыш Европага бөлүнөт. Европанын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300 мдей. Эң бийик жери – Альп тоолорундагы Монблан чокусу, 4807 м; эгерде Азия менен Европанын чек арасы Чоң Кавказдын Башкы же Суу Бөлгүч кырка тоосу аркылуу өтсө, анда эң бийик жери Эльбрус чокусу (5642 м) болмок. Эң жапыз жери Каспий бою ойдуңу, ал деңиз деңгээлинен 28 м төмөн жайгашкан. Рельефинде ойдуңдуу түздүктөр жана дөңсөөлөр басымдуу; аймагынын 17%ин тоолор ээлейт. Чыгыш Европанын рельефи бир кылка, анда Чыгыш Европа түздүгү (Орус түздүгү) жайгашкан; түздүктүн Түштүк-чыгыш бөлүгү (Каспий бою ойдуңу) деңиз деңгээлинен төмөн жатат. Батыш Европада түздүктөр менен тоолор болжол менен бирдей таралган. Негизги түздүктөрү – Ортоңку Европа түздүгү, Төмөнкү Дунай түздүгү, Орто Дунай түздүгү, Париж бассейни, Падан түздүгү. Борбордук Европага, Түндүк жана Түштүк Европанын жарым аралдарына жапыз жана орто бийик тоолор мүнөздүү. Эң бийик тоолору: Альп, Карпат, Пиреней, Скандинавия, Апеннин тоолору, Балкан жарым аралындагы тоолор. Европанын чыгыш чегинде Урал тоолору жатат. Кээде Кавказ тоолорун да Европага кошушат. 

Эң байыркы (кембрийге чейинки) тектоникалык структурасы – Чыгыш Европа платформасы (калкандары: Балтика, Украина), ал негизинен Чыгыш Европа (Орус) түздүгүн ээлейт. Протерозойдун аягы – кембрийде жүргөн Байкал бүктөлүүсүнө Тимань токол тоосу, Печора ойдуңу, Кола жарым аралынын Түндүк чет-жакасы; кембрий, ордовик, силур мезгилдерин камтыган каледон бүктөлүүсүнө Шпицберген аралы, Аюулуу аралы, Британ аралынын Түндүк жана батыш бөлүктөрү, Ирландия аралы; девон, карбон жана пермде болгон герцин бүктөлүүсүнө Пиреней жарым аралындагы тоолор, Франциянын Борбордук жана Арморикан массивдери, Түштүк Уэльс, Арденна, Вогез, Шварцвальд, Гарц, Кендүү тоолор, Богема массиви, Судет тоолору, Силезия, ошондой эле Урал тоолору, Жаңы Жер аралынын тоолору; кайнозойдо болгон альп бүктөлүүсүнө – Андалус, Апеннин, Альп, Карпат тоолору, Балкан жана Крым жарым аралдарынын тоолору кирет. Исландияда жана Жер Ортолук деңиз аймагынын аралдарында аракеттеги жанартоолор бар. Европа нефть жана газ (Волга – Урал нефть-газдуу аймагы, Кавказдын этектери, Түндүк деңиздин шельфтери), көмүр (Донбасс, Печора, Москва, Жогорку Силезия, Рур бассейндери жана башка), темир (Курск магнит аномалиясы, Украина, Урал, Кола жарым аралы, Лотарингия, Скандинавия жарым аралынын Түндүк аймактары), ошондой эле боксит, түстүү металл, таш жана калий туздары жана башка кендерге бай.

Европанын географиялык абалы анда мелүүн климаттын өкүм сүрүшүнө, ал эми анын үстүндө Атлантика океанынан соккон батыш аба массасынын болушу анда деңиздик жана андан континенттикке өтмө климаттын басымдуу болушуна шарт түзөт. Радиациялык баланстын жылдык орточо өлчөмү бардык жеринде оң мааниде, ал түндүктөн түштүктү карай көбөйөт: Арктика аралдарында ал 10-, 50-параллелдерде 40ка жакын, Түштүк Европада 250–290 кж/см2ге (60–70 ккал/см2) чейин. Январда бүт Европада (Жер Ортолук деңиз аймагынан жана Франциянын басымдуу бөлүгүнөн сырткары) –17ден –4,2 кж/см2ге (–4төн–1 ккал/см2) чейин; июлда Түндүк менен Түштүк аймактардын айырмасы жоголот, анткени түндүктү карай жылган сайын күн узара баштайт; натыйжада радиациялык баланс Европанын дээрлик бүт аймагында 34 кж/см2ди (8 ккал/см2ди) түзөт. Аба массасы атмененын жалпы циркуляциясынын системасына кошулганда, айрыкча кышында жылуулуктун аймак боюнча кайрадан бөлүнүшүнө алып келет. Батыштан соккон аба массасынын жылуулугу Түндүк Атлантика агымынын таасиринен ого бетер күчөйт. Натыйжада, кыш айларынын изотермасы кеңдик багыттыкынан кыйла айырмаланып, Европанын басымдуу бөлүгүндө (Түштүк-чыгышынан башкасы) кышкы айлардын орточо температурасы кеңдик боюнча орточо температурадан кыйла көтөрүңкү болот. Мисалы, январдагы жылуу температуралык аномалия Жаңы Жерде, Кола жарым аралында, Шпицбергенде, Британ аралында 8°Сден 18°Сге, ал эми Скандинавиянын батышы менен Исландияда 18°Сден 24°Сге чейин жетет.

Радиациялык жана циркуляциялык факторлор Европанын климатында мезгилдүүлүктү даана бөлөт. Кыш мезгилинде атмосферанын эң төмөнкү басымы Атлантиканын түндүгүндө түзүлүп, анда Исландия депрессиясы жайгашат. Андан чыгышты жана Түштүк-чыгышты карай абанын басымы күчөп, Каспий бою ойдуңуна жана Уралдын түштүгүнө чейин жетет. Ал жерлерге Азия антициклонунун бир тармагы да кирет. Азор антициклонунун таасири астында турган Жер Ортолук деңиз аймагынын батыш бөлүгүнүн үстүндө батыштан соккон ургаалдуу аба массасы өкүм сүрөт. Анын курамындагы циклондор атмосфералык фронттордо пайда болуп, батыштан чыгышка (жогорку кеңдиктерди карай бир аз кыйшайып) багытталат.

Европанын басымдуу бөлүгүнүн үстүндө уюлдук аба массалары үстөмдүк кылат; түндүктөн Арктика аба массасы кирип, Альп тоолоруна, Балкан, Крым жарым аралына чейин жетиши мүмкүн. Жер Ортолук деңиз аймагында уюлдук аба мезгил-мезгили менен тропиктик аба менен алмашып турат. Кышкы айлардын изотермасы жалпысынан Түндүк-батыштан Түштүк-чыгышты карай жылат. Жалпысынан Европанын басымдуу бөлүгүндө мелүүн климат өкүм сүрөт, анын батышына кышы жумшак, жайы салкын океандык климат, чыгышына карлуу суук континенттик климат мүнөздүү. Түндүк аймактарынын жана Арктика аралдарынын климаты катаал, субарктикалык жана арктикалык. Түштүк Европага кышы нымдуу, жумшак, жайы ысык, жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы арктикалык аралдарда –24°Сден түштүгүндө 12°Сге чейин, июлдуку 3°Сден 29°Сге чейин. Европанын эң суук жерлери: Печора дарыясынын алабы (айлык орточо температурасы –20°С) жана Франц-Иосиф жери (–24°С). Печора дарыясынын алабында Европадагы эң төмөнкү температура (абс. минимум) –52°С катталган.

Европанын эң ысык жерлери – Жер Ортолук деңиз аймагы (мында июлдун орточо температурасы 28–30°С) жана Каспий бою ойдуңу (24–26°С). Абсолюттук максимум температура (48°С) Пиреней жарым аралынын түндүгүндө катталган.

Жаан-чачындын жылдык өлчөмү жалпысынан батыштан чыгышты карай азаят: 1000–2000 ммден (батыштагы тоолордун айдарым капталдарында) 500–300 ммге чейин (Чыгыш Европада, айрыкча, анын Түштүк-чыгышында жана чыгышында). Эң жаанчыл жери – Динара тайпактоосунун батыш капталдарында, анда жаан-чачындын жылдык өлчөмү 4000 ммден ашык. Эң кургакчыл жери – Каспий бою ойдуңу, анда 200 мм жана андан да аз жаайт. Арктика аралдарында жана Баренц деңизинин Түштүк жээгинде – 300–400 мм. Европага кеңдик боюнча арктикалык, субарктикалык, мелүүн, субтропиктик типтеги климат алкактары мүнөздүү. Арктиканын европ. секторундагы аралдарды камтыган арктика алкагынын климаты катаал, кышы чыкыроон суук, узакка созулат, көбүнчө катуу бороон болуп турат; жайы кыска, суук, июлдун орточо температурасы 5°Сден ашпайт; жаан-чачын көбүнчө кар түрүндө түшөт, буулануу төмөн. 

Исландиянын, Фенноскандиянын жана Чыгыш Европа түздүгүнүн Түндүк бөлүктөрүн камтыган субарктика алкагынын жайы Арктиканыкына салыштырмалуу узагыраак жана жылуураак (июлдун орточо температурасы 10–12°Сге чейин), кышы батыш аймактарында жумшак, чыгышы суук; жылдык жаан-чачындын өлчөмү батышында 1000 ммдей, чыгышында 400 мм жаан-чачынга караганда буулануунун өлчөмү төмөн.

Европанын Жер Ортолук деңиз аймагынан жана Крымдын Түштүк жээгинен башка калган бүт аймагын мелүүн алкак ээлеп, анын Түндүк бөлүгүнө кыйла суук, бореалдык, түштүгүнө жылуураак суббореалдык климат мүнөздүү. Андан сырткары алкактын батыш бөлүгүнүн климаты деңиздик, абанын температурасынын жылдык амплитудасы төмөн, жайында түштүгүндө жылуу, түндүгүндө серүүн, кышы жумшак, түздүктөрүндө кар дайыма жатпайт, жаан-чачын бардык мезгилде, айрыкча кышында арбын жаайт; жетишерлик жана ашыкча нымдуу. Алкактын чыгышынын климаты мелүүн континенттик, кышы чыкыроон, суук, кар арбын (түштүгүнөн башка) түшөт; жайы түндүгүндө серүүн, борбордук бөлүгүндө жылуу, түштүгүндө ысык, абанын температурасынын жылдык амплитудасы жогору; жылдык жаан-чачындын өлчөмү түндүгүндө буулануунун өлчөмүнөн ашат, борбордук бөлүгүндө алар теңдешет, түштүгүндө жаан-чачын буулануудан аз. 

Жер Ортолук деңиз аймагын жана Крымдын Түштүк жээгин камтыган субтропик алкагына жер ортолук деңиз тибиндеги климат мүнөздүү, кышы жумшак, жылуу, бирок жаан-чачындуу (январдын температурасы 4°Сден 12°Сге чейин); жайында аба ырайы өзгөрмөлүү, кургакчыл, ысык, батышында жылуу климат өкүм сүрөт. Пиренейдин батышына, Апеннин жарым аралына, Балкан жарым аралынын батышына жана Түндүк-батышына жер ортолук деңиздик климаттын деңиздик (жайкы кургакчыл мезгилдин кыскалыгы, жаан-чачындын арбын жаашы), ушул жарым аралдын калган бөлүктөрүнө жана Крымдын Түштүк жээгине анын континенттик варианттары мүнөздүү. 

Европа агын суу катмарынын өлчөмү боюнча (295 мм) дүйнө бөлүктөрүнүн ичинен Түштүк Америкадан кийинки 2-орунду ээлейт, ал эми агын суунун көлөмү (2850 км3) боюнча, кургактыктын чакандыгына байланыштуу Австралия менен Антарктидадан гана мурда турат. Суу агымдары да жалпы нымдуулук сыяктуу эле батыштан чыгышты жана түндүктөн түштүктү карай азаят. Европанын басымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, аз бөлүгү Түндүк Муз океандын жана ички Каспий деңизинин алаптарына кирет. Ири дарыялары Чыгыш Европада. Эң чоң дарыясы – Волга (негизги куймалары: Кама менен Ока). Анын уз. 3530 км, алабынын аянты 1360 км2, суусунун жылдык орточо чыгымы 8000 м3/секдан ашык. Андан кийинки узун дарыялары: Урал, Днепр, Дон, Печора, Днестр, Түндүк Двина. Батыш Европадагы ири дарыялар: Дунай (узундугу 2850 км, алабынын аянты 807 миң км2, суусунун орточо чыгымы 6430 м3/сек), Рейн, Эльба, Висла, Луара, Тахо, Одра. Бул дарыялардын баарында кеме жүрөт, кээ бирлери каналдар аркылуу бири-бири менен туташат. Көбү гидроэнергетикалык максатта пайдаланылат. Ири суу сактагычтары: Волгадагы Рыбинск, Куйбышев, Дондогу Цимлянск, Днепрдеги Каховка жана башка Чыгыш Европанын дарыялары кар, бир аз жамгыр сууларынан куралат; жазында жана жайдын башталышында суусу кирет; түздүктүн Түндүк бөлүгүндө кар кечирээк эригендиктен, суунун кирген учуру жайга туура келет; кышында Түштүк бөлүгүндөгү дарыялар 1,5–3 айга, түндүгүндөгүлөр 7–7,5 айга муз менен капталат. Фенноскандияда кыска жана босоголуу да­рыялар үстөмдүк кылат; алардын нуктарында көл сымал жайылып аккан жерлери көп, негизинен кар сууларынан куралып, жазында суусу кирет; дарыяларынын ортоңку бөлүктөрүн 2–3 айга, Түндүк бөлүктөрүн 7–7,5 айга муз каптайт. Ортоңку Европанын түздүктүү аймактарындагы дарыялар негизинен жамгыр сууларынан куралат, кышында тоңбойт; чыгышыраагындагы дарыялар жамгырга кошумча кар, ал эми Альп тоолорунан башталган дарыялар мөңгү сууларынан да куралат. Жер Ортолук деңиз аймагынын дарыяларынын деңгээли күзүндө жана кышында (айрым жерлеринде кышында жана жазында) көтөрүлүп, жайында меженге туш болот, ал эми чакан суулар өтө тайыздап, айрымдары соолуп да калат. Айрым дарыялардын суусунун кышкы чыгымы жайкысынан ондогон эсе көптүк кылат. Жер Ортолук деңиз аймагынын карст өөрчүгөн жерлеринде дарыя курамына жер астындагы суулар да кошулуп, алардын агымын кыйла жөнгө салып турат.

Европанын көлдөрүнүн көбү плейстоцендеги муз каптоого дуушарланган аймактарда (КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгүндө жана Түндүк-батышында, Фенноскандияда, Британ аралында, Альп тоолорунда жана анын өндүрүндө, Польшанын жана Германиянын түздүктөрүндө) топтолгон. Бул көлдөрдүн көбү тектон. оёңдордо, чуңкурдук, грабен жана башкаларда жайгашып, мөңгүнүн аракетинен чанагы калыптанган. Бул типтегилерге түздүк көлдөрү – Ладога, Онега, Венерн, Веттерн, Меларен, Имандра, тоо этектериндеги көлдөр – Женева, Лаго-Мажоре, Комо, Гарда жана башка кирет. Муз каптабаган аймактарда көл топтолгон зор аянттар жок. Мындагы эң мүнөздүү көлдөр: түздүктөр аркылуу дарыялардын жайылмаларындагы калдык көлдөр, Волганын, Днепрдин, Дунайдын, Понун дельталарындагы, Кара, Азов деңиздеринин жээктериндеги – лагуна, Балкан жарым аралындагы Шкодер (Скадар), Охрид, Венгриядагы Балатон жана башка тектон., Апеннин жарым аралындагы жана Исландиядагы жанартоо, Чыгыш Европа түздүгүнүн чыгышындагы, Балкан, Апеннин жарым аралындагы карсттык көлдөр. Европанын көлдөрүнүн көбү тузсуз агып чыкма көлдөр. Кургакчыл Түштүк-чыгыш бөлүгүндө мала туздуу жана өтө минералдашкан туюк көлдөр (Эльтон, Баскунчак) бар. Ушул эле жерде, Азия менен Европанын чегинде дүйнөдөгү эң ири көл – Каспий деңизи жайгашкан. 

Европадагы азыркы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 116 миң км2. Алардын көбү Шпицбергенде (58 миң км2), Жаңы Жер, Франц-Иосиф жеринде, Исландияда, Скандинавия тоолорунда жайгашкан, ошондой эле Альп тоолорунда, Уралдын Түндүк бөлүгүндө, Пиреней, Сьерра-Невада тоолорунда да мөңгүлөр бар.

Европанын топурак кыртышынын ар түрдүүлүгү жалпысынан зоналуулук мыйзам ченемине байланыштуу. Топурак пайда болуусу негизинен 4 алкакка бөлүнөт: арктикалык (уюлдук), бореалдык, суббореалдык, субтропиктик. Эң зор аянтты бореалдык жана суббореалдык алкактар ээлейт. Топурак кыртышынын зоналуулук структурасы жана типтери боюнча нымдуу океандык климаттуу Батыш Европага жана континенттик климаттуу Чыгыш Европага бөлүнөт. Арктика алкагында арктикалык жана тундра топурактары пайда болот. Арктикалык топурак Шпицбергенде, Франц-Иосиф жеринде, Жаңы Жердин түндүгүндө таралып, калыңдыгы өтө жука, генезистик горизонттору анча байкалбайт. Тундра топурактары Фенноскандиянын түндүгүн, Жаңы Жердин түштүгүн, Чыгыш Европа түздүгүнүн Түндүк уюлдук тегеректен түндүктө жаткан бөлүгүн ээлейт. Тундра топурагы көбүнчө ашыкча нымдалган, аэрациясы начар, органикалык калдыктары жай чириген, чиринди горизонту жука топурак; чиринди горизонту төмөн карай көгүш тарткан глей горизонтуна өтөт. Начар дренаждалган оёң жерлерде (айрыкча Печора дарысынын төмөнкү алабында) тундра топурактары саздак тундра топурактары менен айкалышат. Бореалдык алкак Исландиянын, Фенноскандиянын басымдуу бөлүгүн, Британ аралын, Түндүк Европа түздүктөрүн, Чыгыш Европанын Львов – Киев – Курск – Пермь – Екатеринбург сызыгынан түндүктү карай жайгашкан аймагын камтыйт. Бул алкактын континенттик климаттуу аймактарында төмөнкү топурак кыртыштары таралган: Түндүк тайганын глейлешкен-күл топурагына ашыкча нымдуулук, күлдөшүү, глейлешүү процесстери, органикалык калдыктардын жай чирүүсү мүнөздүү; накта күл топурагы тайганын ортоңку бөлүгүндө өөрчүп, анда басымдуулук кылган жуулуу режиминин үстүңкү горизонтундагы органика калдыктардын кыйла бөлүгү төмөн чөгүп кетет; тайганын Түштүк бөлүгүнө жана жазы-ийне жалбырактуу токойдун чымдак-күл топурагына күлдөшүү процессинен сырткары чириндинин топтоло башташы мүнөздүү; Чыгыш Европанын бореалдык алкагынын эң түштүгүндө, жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун боз топурагы өөрчүп, анда чымдашуу процесси активдүү жүрөт, чиринди горизонту даана байкалып, анын өлчөмү 3төн 8%ке чейин жетет. Бореалдык алкактын океандык климаттуу аймактарына топурактын төмөнкү типтери мүнөздүү: чымдак, чым көңдүү топурак Исландиянын, Скандинавиянын Түндүк-батышынын, Фарер жана Гебрид аралынын субарктикалык шалбаа жана сейрек токойлорунун астында өөрчүп, чириндиге байлыгы менен өзгөчөлөнөт; өтө жуулма чымдак-бозомтук-күл топурак Скандинавиянын жана Финляндиянын түштүгүндө, Улуу Британиянын түндүгүндө, Ортоңку Европа түздүгүндө таралып, айрым жерлеринде токойдун кычкыл күл топурагы менен айкалышып жатат. Бореалдык алкактагы интразоналык топурактардан төмөнкүлөр таралган: аллювий (анын ичинде жайпак жээктердеги марш топурактары); карбонаттуу түпкү тектердеги чымдак-карбонаттуу топурак (рендзиндер); тайга зонасында, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан, анча тилмеленбеген түздүктөрдөгү шалбаанын астында чымдак-глей топурагы өөрчүгөн; чымкөң-саз топурагы – верещатниктердин астында өөрчүп, начар дренаждалган, чопо катмары үстүңкү бетке жакын жаткан жерлерге мүнөздүү. Бореалдык алкакта жайгашкан тоолордо тоо тундра, Уралда, ошондой эле тоонун чымдак-күл тоо токоюнун боз, Шотландияда жана Скандинавиянын орто бийик тоолорунда тоонун күл топурактары таралган. Суббореалдык алкактагы океандык жана мелүүн континенттик аймактардын топурак-кыртыштарындагы зоналык структурасындагы айырмачылык ого бетер күчөйт. Мелүүн континенттик климаттуу аймактарда түпкү тектерин лёсс түзгөн талаа зонасында кара жана каштан топурактары пайда болот. Токойлуу талаада жана талаанын Түндүк бөлүгүндө күлдөшкөн, жегичтүү жана накта кара топурак түзүлүп, ал өңү кара, калың чиринди горизонту, чириндиге байлыгы (8%тен ашык), карбонаттуу иллювий горизонтунун болушу менен өзгөчөлөнөт. Кургакчылыраак талаа ландшафттуу аймактарда аз жана орто чириндилүү кадимки жана Түштүк типтеги кара топурактар пайда болуп (чириндиси 4–8%), карбонаттуу горизонту жогору жайгашып, тыгыз келет. Молдавия жана ага чектеш жайгашкан Румыниянын жерлерин, Азов бою ойдуңунун чыгышын, Крымдын түздүктөрүн мергелдин жана акиташтегинин үстүндө кадимки жана мицелярдык-карбонаттуу, аз жана орто чириндилүү, бүт горизонту боюнча карбонат арбын таралган Түштүк типтеги каштан топурактары ээлейт. Кыйла кургакчыл талаа Украинанын Түштүк бөлүгүн, Төмөнкү Волга боюн, Каспий боюн ээлеп, анда жуулуу режимисиз, чиринди горизонту жукараак, карбонаттуу горизонту өтө тыгыз каштан топурагы өөрчүгөн; Каспий бою ойдуңунун айрым жерлеринде каштан топурактары шортоң кыртыштар менен айкалышып жатат. Шортоң топурактар түпкү тектердин туздуу болушуна байланыштуу. Каспий бою ойдуңунун эң кургакчыл жерлеринде, жарым чөл өсүмдүктөрүнүн астында өөрчүгөн жарым чөлдүн коңур топурактары кум массивдери менен айкалышып жатат. 

Суббореалдуу алкактын океандык климаттуу аймактарында жазы жалбырактуу токойдун астында токойдун коңур топурагы өөрчүгөн. Бул топурактын профилинде горизонттор даана байкалбайт, коңур түстөгү иллювий горизонту өтө калың (анткени чополошуу жана карбонаттын жуулуу процесси катуу жүрөт). Жеринин бетинин өтө тилмеленгендигине жана литологиялык ар түрдүүлүгүнө байланыштуу токойдун коңур топурагынын жуулуу жана күлдөшүү деңгээли бирдей эмес, көбүнчө күл, чымдак-карбонаттуу топурактар, коңур рендзиндер менен кезектешип жатат. Кыйла континенттик климаттуу тоо аралык өрөөндөрдө токойдун коңур топурагы көбүнчө жука калыңдыктагы накта жана кадимки кара жана шалбаалуу кара топурактар менен алмашат; алардын негизги ареалдары Дунай бою түздүктөрүндө таралган. Ушул эле аймактардын оёң жерлеринде шор топурактар кездешет. Орто бийик тоолордун басымдуу бөлүгүн тоо токоюнун коңур топурактары ээлейт. Карпат, Пиреней, Альп тоолорунда ал топурактардан башка тоонун күл топурагы (1000–1600 м бийиктикте) улам жогорулаган сайын тоо-шалбаа топурагы менен алмашат. Субтропиктик алкакта жайгашкан Түштүк Европага жана Крымдын Түштүк жээгине дайыма жашыл ксерофиттик токойлордун жана бадалдардын астында күрөң топурактар өөрчүгөн; бул топурак чириндиге байлыгы (4–7%) жана бүт профили боюнча карбонаттуулугу менен өзгөчөлөнөт. Нымдуу аймактарда бул топурак жуулма режимде болуп, карбонаттар кыйла тереңдикке чейин жуулуп кетет. Балкан жарым аралынын батышында жана Апеннин жарым аралынын Түштүк-чыгышында жана башка жерлерде «терра росса» (карбонаттуу тоотектердин үбөлөндү продуктулары) кеңири таралган. Алар өтө карбонаттуу кызыл рендзиндерди пайда кылат. Жер Ортолук деңиз аймагынын кыйла кургакчыл жерлеринин бадалдуу формацияларынын астында бозомук-күрөң топурактары өөрчүгөн. Балкан жарым аралынын тоо аралык түздүктөрүндө, негизги кристаллдык тектердин үбөлөндү продуктуларында өтө тыгыз түзүлүштөгү, чириндиге жарды, өңү кара смолница топурагы пайда болгон. Жер Ортолук деңиз аймагынын тоолорундагы тоонун күрөң топурагы бийиктеген сайын тоо токоюнун коңур топурагы менен алмашат. Европанын топурак-кыртышынын ичинен кара, токойдун коңур жана боз, ошондой эле күрөң топурактары дыйканчылыкта кеңири, тундра, жарым чөлдүн коңур топурактары бир аз пайдаланылат; ал эми арктикалык топурак дээрлик пайдаланылбайт.

Европанын өсүмдүктөрү флоралык курамы боюнча Голарктикага кирет. Материктер ортосундагы байыркы жана азыркы байланыштардын негизинде Европанын флорасында Азияныкына, Африканыкына жана Түндүк Американыкына мүнөздүү тукумдар, уруулар жана түрлөр кездешет. Ал эми эндемиктер салыштырмалуу аз. Европага өсүмдүктөрдүн төмөнкү типтери мүнөздүү: тундра, бореалдык же тайга, неморалдык (жазы жалбырактуу жана ийне-жазы жалбырактуу токойлорду жана алар менен байланыштуу бадалдуу жана чөл өсүмдүктүү жалпылыкты камтыйт), талаа, чөл, субтропиктик бадал-дарак өсүмдүктөрү. Булардын ичинен эң кеңири таралганы токой тибиндеги өсүмдүктөр, эң аз таралганы – тундра жана чөл өсүмдүктөрү. Арктикалык, субарктикалык жана бореалдык кеңдиктерде океандык климаттуу жана мелүүн континенттик аймактардын ортосундагы өсүмдүктөрдүн зоналык тиби боюнча айырма анча байкалбайт. Кыйла төмөнкү кеңдиктерде ал айырма даана байкалат: климаты океандык аймактарда тайга токоюнан түштүгүрөөктө ийне жана жазы жалбырактуу аралаш токой, жазы тилкени түзгөн жазы жалбырактуу токой таралган. Ал токойлор субтропик алкагында ксерофилдик дайыма жашыл жана дайыма жашыл-жалбырагын күбүүчү аралаш токойлор жана бадалдар менен алмашат. Ал эми климаты мелүүн континенттик аймактарда тайгадан түштүгүрөөктө жазы жана ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу токойлор кууш тилкени түзүп, түштүктү жана Түштүк-чыгышты карай токойлуу талаа, талаа, жарым чөл жана чөл менен алмашат (Крымдын Түштүк жээгинде субтропиктик өсүмдүктөрдүн элементтери кездешет).

Европанын аймагында азыр табигый ландшафт дээрлик жокко эсе; тундра менен тоонун ландшафттары жана фаунасы гана салыштырмалуу азыраак өзгөрүүгө дуушарланган. Мурда негизинен эмен жана башка дарак өсүмдүктөрүнөн турган жазы жалбырактуу токой текши тилкени түзүп, түндүгүндө ийне жалбырактуу токойго, түштүгүндө жер ортолук деңиз тибиндеги сейрек токойго өткөн. Токой биздин заманга чейин 5-кылымдан эле Грекияда кыйылып жок кылына баштаган; кийин бул процесс Түштүк жана Ортоңку Европанын башка жерлеринде да кеңири кулач жайган. Токойдун туруктуу жок кылына башташы табигый биотоптун бир бүтүндүгүн бузуп, аймактын табигый фаунасына жана флорасына терс таасир тийгизген. Арктикалык тундра жана чөл ландшафттары Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаңы Жер аралында таралган. Өсүмдүктөрдөн эңилчек, мамык чөп, чөп өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү (таш жаргы, каз таман жана башка) жана бадалдар (дриада, уюл талы жана башка) мүнөздүү. Арктикалык чөл (өсүмдүк өспөгөн таштак жерлер) да кыйла аянтты ээлейт. Накта тундра континенттин Түндүк жана Жаңы Жер аралынын Түштүк жээктерин ээлейт, өсүмдүк түрлөрүнө салыштырмалуу бай келип, кыйла текши каптаган. Мында мамык чөп-эңилчектүү тундра (күрөң жана жашыл мамык чөптөр, эңилчектерден ягель жана башка үстөмдүк кылат, ошондой эле айрым чөп өсүмдүктөр – драба, бетеге, кызгалдак, таш жаргы кездешет), бадалдар (водяника, казанак) жана жапалак бадалдар (жапалак кайың, уюлдук жана тегерек жалбырактуу тал) үстөмдүк кылат. Ашыкча нымдуу жерлеринде саздар кездешет. Исландиянын, Скандинавиянын тоолорунда, Уралда тоо тундрасы (түндүктө 300–500 мден, түштүктө 1000–1100 м бийиктиктен жогору) өзүнчө алкакты түзөт. Тундра өсүмдүктөрү түштүктө токойлуу тундрага өтөт; ага тундранын, саздардын жана жапыз өскөн сейрек токойдун (чыгышында карагай, батышында кайың, кызыл карагай үстөмдүк кылат) айкалышы мүнөздүү. Бул токойлордо мамык чөп-эңилчектүү жана бадалдуу ярустар (ит бүлдүркөн, кара моюл, аюу мөмө, водяника) даана байкалат. Тоолордо мындай токойлор (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 900–1000 м бийиктикке чейин) өзүнчө өсүмдүк алкактарын пайда кылат. Исландияда кайың токою шалбаа жана саздар менен айкалышат. Тундра өсүмдүктөрү айрым жерлерде бугу жайыты катары пайдаланылат. Тайга түштүктө болжол менен 57–58° Түндүк кеңдиктерге чейин жеткен жазы тилкени ээлейт. Анда ийне жалбырактуу токой – чыгышында сибирь карагайы, көк карагайы жана кара карагайы, батышында – европа карагайы, кадимки кызыл карагай үстөмдүк кылат. Урал өндүрүндө, зонанын түндүгүндө Скандинавияга чейин, ошондой эле кедрлүү кызыл карагай токою басымдуу. Нымдуу жерлерде бул токойлордун астында мамык чөп, кара моюл, ит бүлдүркөн, вереск, кислица, кургакчыл жерлерде эңилчек үстөмдүк кылат. Ийне жалбырактуу токойлордон сырткары кайың жана байтерек токойлору да кездешет; алар көбүнчө алгачкы токой массиви кыйылып же өрттөнүп кеткен жерлерде өсөт. Тайга токоюнун Түндүк чет-жакаларында – Фенноскандияда жергиликтүү кайың токою бар. Тайга зонасындагы өсүмдүктөрдүн башка типтеринен жайылма шалбаалары, казанак, кидик дан куурай, клюква, кара моюл өскөн сфагн саздары, чөп өсүмдүктөрү өскөн токой саздары кездешет. Скандинавия тоолорунда жана Уралда тайга токою тоо өсүмдүктөрүнүн төмөнкү алкактарын түзөт.

Тайга өсүмдүк ресурстарына бай: андан целлюлоза-кагаз, химиялык жана курулуш өнөр жайларылары үчүн жыгач даярдалат; тайгада териси баалуу жаныбарларга (тыйын чычкан, суусар, арыс, түлкү, ак коён жана башка) аң ууланат, жапайы айбанаттардын жана куштардын (багыш, рябчик, каракур, кереңкур жана башка) эти даярдалат, табигый өсүмдүктөрдүн (ит бүлдүркөн, кара моюл, карагат, четин, моюл жана башка) мөмөлөрү жана козу карын жыйналат. Тайганын шалбаалуу жерлери негизинен бодо мал үчүн жайыт катары пайдаланылат. 

Жазы жана ийне жалбырактуу аралаш токой тайгадан түштүктө Скандинавиянын түштүгүнөн Уралга чейин созулуп жатат. Балтика бою өлкөлөрүнүн, Белоруссиянын аймактарында, Чыгыш Европа түздүгүнүн борбордук бөлүгүнүн батышында аралаш токой эң жазы тилкени түзөт. Нижний Новгород шаарынан чыгышты карай аралаш токой тилкеси өтө кууштайт. Зонада ийне жана жазы жалбырактуу (эмен, ак чечек, жөкө дарак) токой аралаш өсөт. Кум топурактуу жерлерде кызыл карагай токоюнун ири массивдери бар. Европада жазы жалбырактуу токой зор аймакты ээлейт. Ал Батыш Европанын тоолордон башка бүт аймагын ээлеп, түндүгүндө тайга жана аралаш токойго, түштүгүндө субтропикке (болжол менен 40° Түндүк кеңдикке) чейин жетет. Карпаттан чыгышты карай жазы жалбырактуу токой тилкеси өтө ичкерип, Урал өндүрүнө чейин созулат, анда зонанын Түштүк чеги 53–54° Түндүк кеңдиктерден өтөт. Жазы жалбырактуу токой өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы – эмен. Климаты океандык аймактарда эмендин саптуу эмен, аска эмени (чыгышта Түштүк Буг дарысына чейин жетет) жана башка түрлөрү нукура эмен токоюн же кайың (Британ аралында, Бельгияда, Нидерландда), кадимки граб, жөкө дарак, бук (негизинен Батыш Европада) аралаш эмен токоюн түзөт. Нукура бук токою дөбө-дөңсөөлөрдүн капталдарында, тоолордун төмөнкү алкактарында, кышы салыштырмалуу жылуу, абасы өтө нымдуу, бирок топурак кыртышы ашыкча нымдуу болбогон жерлерди ээлейт. Түштүк аймактарда, негизинен Францияда каштан токою таралган. Атлантика бою аймагындагы жазы жалбырактуу токойдун астында дайыма жашыл өсүмдүктөрдүн түрлөрү – падуб, самшит, лианалар – плющ өсөт. Кумдуу жана таштуу топурактарда (Франциянын Түндүк-батышында, Британ аралында, Ортоңку Европа түздүгүндө) верещатниктер, чөп өсүмдүктүү жана чөп-мамык чөптүү саздар, ал эми Түндүк деңиздин жээктеринде марштын шордошкон шалбаасы кеңири таралган. Тоо арасындагы түздүктөрдө (Чехия, Орто Дунай түздүгүндө) токой талаага айланып кеткен, айрым жерлеринде шалбаалуу талаа кездешет.

Чыгыш Европанын климаты мелүүн континенттик аймактарында каштан жана бук токойлору кездешпейт; Крымда гана чыгыш бук тоо токою бар. Мында саптуу эменден сырткары жөкө дарак, ак чечек, байтерек, кара жыгач, ал эми бадалдуу ярусунда – лещина, бересклет, шилби өсөт. Токойдун төмөнкү алкактарын 1600–2100 м бийиктикке чейин жазы жана ийне жалбырактуу тоо токою ээлейт; алар улам жогорулаган сайын субальп бадалдарына жана шалбаасына, бийик тоолордо альп шалбаасына өтөт. Айдоо жерлерди, бак-дарактарды, Түштүк аймактарында жүзүмзарды кеңейтүү максатында токой өсүмдүктөрүнүн ири аянттары кыйылып жок кылынган. Токойду калыбына келтирүү максатында жазы жалбырактуу дарактардын (айрыкча буктун) ордуна ийне жалбырактуу дарактар (кызыл карагай, карагай) же тез өсүүчү жазы жалбырактуулар (терек) отургузулган. Субальп жана альп шалбаалары жайкы жайыт катары кеңири пайдаланылат. 

Европанын мелүүн континенттик климаттуу аймактарында жазы жалбырактуу токойдон түштүгүрөөк токойлуу талаа созулуп жатат. Анда жазы жалбырактуу токой (негизинен суу бөлгүчтөрдө) шалбаалуу талаа менен айкалышып жатат; салыштырмалуу нымчыл дүйүм чөптөр (каз таман, сенеция, анемона, көк шимүүр, адонис) басымдуу. Андан да түштүгүрөөктө чымдуу кылкан өсүмдүктөрү (ак кылкандын түрлөрү, бетеге) үстөмдүк кылган накта талаа таралган. Накта талаадан түштүккө, салыштырмалуу кургакчыл аймактарда – Украинанын түштүгүнө, Крымдын түндүгүнө, Төмөнкү Волга боюна кургак (түштүк) талаа мүнөздүү; анда шыбак, ак кылкан, бетеге, буудайык, тырса суйдаң өсөт. Европанын четки Түштүк-чыгышын суйдаң шыбактуу жана баялыштуу жарым чөл жана чөл ээлейт. Кара жана каштан топурактуу талаа дээрлик бүт айдалып, ал жерлерге буудай, жүгөрү, кант кызылча, күн карама жана башка өстүрүлөт. Талаанын табигый өсүмдүктөрү негизинен коруктарда гана сакталып калган. Жарым чөл жана чөл зоналары жайыт (негизинен кой жайыты) катары пайдаланылат.

Европанын субтропиктик бөлүгүндө түздүктөрдө жана тоо этектеринде жайкы кургакчылыкка байырлашкан ксерофилдик дайыма жашыл токой жана бадалдар таралган. Ал токойлордо таш, кермес жана тыгын эмендери, алеп, приморье жана италия кызыл карагайы үстөмдүк кылат. Токой бадалдарга бай, токой ичиндеги чөп өсүмдүктөрү жай мезгилинде толук куурап калат. Бадал формацияларынын ичинен эң кеңири таралганы: маквис (филлирея, мирта, ладанник, мисте, асыл лавр, жапайы болуп кеткен зайтундан турат); пальмитос (Европадагы жапайы хамеропс пальмасынын жалгыз өкүлү; Пиреней жарым аралынын түштүгүндө, Балеар аралында, Сицилияда); гарига (мында көбүнчө таштак жерлердеги бадал тибиндеги кермес эмени үстөмдүк кылат); томиллари (Пиреней жарым аралынын кургакчыл ички бөлүгүндөгү тимьян, лаванда жана башка эфир майына бай өсүмдүктөр); шибляк (негизинен жалбырагын күбүүчү, ошондой эле дайыма жашыл бадалдар); фригана (жапыз өскөн тикендүү бадалдардан жана катуу чөптөрдөн турат; Балкан жарым аралынын ички жана чыгыш аймактарында). Жер Ортолук деңиз аймагынын тоолуу бөлүгүндө дайыма жашыл токой жана бадалдар алкагынан (түндүгүндө 300–400 мден, түштүгүндө 800–1000 мден) жогору жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу (эмен, бук, каштан) жана ийне жалбырактуу (карагай, көк карагай, кызыл карагай, атлантика кедри) токой алкактары жайгашкан; алар эң бийик тоолордо кууш тилкелерди түзгөн субальп жана альп алкактарына өтөт. Жер Ортолук деңиз аймагынын токой, бадалдарынын басымдуу бөлүгү адамдардын аракеттеринен же өрттөн жок болуп кеткен. Азыр алардын ордун буудай, жүгөрү, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы, тыгын эмени, жүзүмзар, бак-дарак, парктар ээлейт; Пиреней жарым аралынын Түштүк-чыгышында курма пальмасынын Европадагы жалгыз плантациясы жайгашкан. Эчки, койдун ыксыз көп жайылуусунан тоолордун өсүмдүктөрү да өтө өзгөрүп кеткен. 

Европа Голарктика зоогеогр. аймагына кирет. Европанын көп бөлүгү Европа-Сибирь, Түндүк чети Арктика, Жер Ортолук деңизге жакын жаткан жерлери жер ортолук деңиздик, Каспий бою ойдуңу Борбордук Азия аймактарына таандык. Табигый ресурстарды кеңири пайдалануунун натыйжасында (токой кыюу, ачык аянттарды айдоо жана башка) айбанаттардын түрлөрү жана таралышы кескин өзгөргөн. Мурда көп кезиккен айбанаттар азайып, же биротоло жоголуп, алардын ордуна башка жаныбарлардын түрлөрү көбөйө баштады. Тундра жана токойлуу тундрада ак түлкү, алагуш, ак жана тундра кекилиги, ак үкү, таажылуу торгой; деңиз жээктеринде ак чардак, түрдүү каздар, түлөн жана башка кездешет. Токой зонасында – багыш, каман, түлкү, карышкыр, күрөң аюу, жапайы мышык, кирпи, кемчет, ак жана сур коён; канаттуулардан – карабоор, кереңкур, вальдшнеп, сагызган, күкүк, чаркарга, үкү, таркылдак, көк чымчык, бүркүт, карчыга; Чыгыш Европа токойлорунда булардан башка киш, суусар, тыйын чычкан, коён, момолой; Батыш Европа токойлорунда асыл бугу, элик, коён, чээнчилдер кезигет. Талаа жана токойлуу талаа зоналарында кемирүүчүлөр жана туяктуулар көп: бөкөн (чыгышында), сары чычкан, сур коён, суур, кош аяк, момолой, аламан (хомяк); канаттуулардан – торгой, тоодак, боз кекилик, безбелдек, бөдөнө, ак кулаалы. Жер Ортолук деңиздик зонада – пиреней жана альп тоо эчкиси, аркар, жейрен, альп сууру, чүткөр, кирпи; Пиреней жарым аралынын Түштүк жагында маймылдардын тукумуна кирүүчү куйруксуз макака (магот) бар. Канаттуулары: тоо тааны, карлыгач, чабалекей, көкшалкы, таранчы, көк сагызган, көк жору.
 

Европада 44 өлкө жайгашкан. Анын калкынын жалпы саны 804 млн (2005). Европанын дээрлик бардык калкы епропеоид расасына кирет. Ал бир нече майда расаларга бөлүнөт: атлантика-балтика (Скандинавия өлкөлөрүнүн, Улуу Британия, Ирландия, Исландия, Нидерланд, Түндүк Германия, ошондой эле Эстония, Латвиянын калкын камтыйт), орто европ. (Батыш Европанын борбордук бөлүгүнүн, КМШнын европа бөлүгүнүн калктары), балкан-кавказдык (Босния жана Герцеговина, Түндүк Македония, Хорватия, Словения, Сербия жана Черногория, Түндүк Грекия, Австриянын түштүгү, Италиянын түндүгү, Кара деңизден батышта, чыгышта жана түндүктө жашаган калктар), инди-жер ортолук деңиздик (Испания, Италиянын басымдуу бөлүгү, Франция, Түштүк Грекия, Жер Ортолук деңиздин аралдары), ак деңиз-балтикалык (Литва, бир аз Латвия, КМШнын европ. бөлүгүнүн түндүгү бүт) жана уралдык (лопари, коми, мари, мордва, удмурт).

Европа элдеринин басымдуу көпчүлүгү индиевропалык тил уясына кирген бир нече топко (славян, балтика, герман, кельт, роман, грек, армян, иран ошондой эле индиарий тил топтору) бөлүнөт. Славяндар Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Европаны мекендешип, чыгыш, батыш жана Түштүк топчолорунан турат. Чыгыш славяндарга орустар, украиндер (русиндер), беларустар; батыш славяндарга поляктар жана кашубдар, чехтер, словактар, лужистер; Түштүк славяндарга болгарлар, македондор, словендер, сербдер, хорваттар, босниялыктар, черногориялыктар кирет. Балтика тилдер тобуна лит­валыктар, латыштар таандык. Герман тилдер тобундагы элдер негизинен Борбордук жана Түндүк Европада жашашып, батыш жана Түндүк топчолоруна бөлүнөт. Батыш топчосуна немистер, австриялыктар, герман-швейцариялыктар, люксембургдуктар, эльзастыктар жана лотарингиялыктар, нидерланддар (голланддар), фламанд, фриз, идиш (европадагы еврей тили), англис тилдүү (англичандар, шотланддар жана англ жана шотланд-ирланддар) элдер жана башка; Түндүк топчосуна дандар, фарерлер, шведдер, норвегдер, исланддар кирет. Кельт тилдер тобундагы элдерге бретондуктар, уэльстиктер, гэлдер (шотланд), ирланддар, галлдар, кельтиберлер, мэнктер, валийлер (кимбр), корндор тиешелүү. Латын тилинен чыккан роман тилдер тобуна италяндар, италян-швейцариялыктар, герман-швейцариялыктар, француз тилдүү (француздар, франк-швейцариялыктар, валлондор) элдер, испандыктар, каталондор, португалиялыктар, галисиялыктар, корсикалыктар, реторомандар, румындар, аромундар, молдовандар жана башка 50дөн ашуун мамлекеттин элдери кирип, Түштүк жана Батыш Европада, Африкада, Борбордук жана Түштүк Америкада жашашат. Албан, грек (каракачандар, цаконийлер), армян тилдер тобундагы элдерге албандар, гректер, армяндар таандык. Ошондой эле Түштүк жана Чыгыш Европада индиарий тилдер тобуна тиешелүү цыган, Европанын бардык өлкөлөрүндө жашаган еврейлер бар. Европанын Түндүк Чыгышындагы урал тил уясы эки (финн-угор, самодий) топко бөлүнөт. Финн-угор тилдер тобу өз ара беш топчого бөлүнөт: прибалтика-финн (финндер, эстондор, карелдер, ижорлор, воддор, ливдер); волгалык (эрзя-мордвалар, мокша-мордвалар, талаа марийлери, тоо марийлери); пермдик (удмурддар, коми-эряндар, коми-пермдиктер); угор (хантылар, мансылар, венгрлер); саамдар (лопарлар). Самодий тилдер тобу өз ичинен Түндүк чыгыш (ненецтер, энецтер, нганасандар) жана Түштүк чыгыш (селькуп) тил топчолоруна бөлүнөт. Алтай тил уясы үч чоң (түрк, моңгол, тунгус-манчжур) топтон турат. Түрк тилдер тобунун кыпчак топчосуна Волга бою жана Урал өндүрүн мекендеген элдер (чуваштар, татарлар, башкырттар), ошондой эле Балкан жарым аралындагы түрктөр, гагауздар жана башка; моңгол тилдер тобуна моңголдор, калмактар, буряттар, ойроттор; тунгус-манжур тилдер тобуна эвенктер, эвендер, негидалдар, орочтор, удэгелер, ороктор, ульчтар, нанайлар тиешелүү. Семит-хамит тилдеринин уясына мальталыктар, Түндүк Африка, араб элдери, баск тил тобуна басктар кирет. Европа элдерине эки, үч тилдүүлүк мүнөздүү болуп, христиан дининин негизги эки тармагы – православие (Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Европа) жана католицизм (Түштүк Батыш Европа) тараган. Орто жана Түндүк Европадагы динге ишенүүчүлөр негизинен протестант чиркөөлөрүнө сыйынышат. Түрк, татар, башкыр, цыган, албандардын көпчүлүгү, босниялыктардын, болгарлардын бир азы ислам, еврейлер иудаизм динин тутушат.




#Article 138: Стэнфорд университети (177 words)


Стэнфорд Университети (; расмий түрүндө Леланд Стэнфорд-кичүүсү атындагы) - Стэнфорд шаарындагы жеке изилдөө университети болуп саналат. Ал Пало-Альто жана Сан-Хосе менен Сан-Францисконун ортосунда жайгашкан. Анын аянты 33.1 квм Кошмо Штаттардын университеттеринин арасында эң чоң аянты болуп саналат [1,] Стэнфорддун дагы башка жери жана шарттары бар .

Университет 1885-жылы Леланд жана жубайы Джейн Стэнфорд аркылуу ачылган. Алардын 15 жаштагы жалгыз баласы Леланд Стэнфорд кичүүсү ич келте оорусунунан каза болгон, жана бул университет анын урматына арналган. Стэнфорд Калифорниянын мурдагы губернатору жана АКШнын сенатору болгон. Ал темир жол сынчысы катары да белгилүү. Кошмо жана граждандык институт катары 126 жыл мурун, 1891-жылдын 1- октябрында алгачкы окуучуларын кабыл алган. 

Анда студенттер, магистранттар жана башка төрт кесиптик мектептери кирген үч окуу жайлары бар. Студенттер 36 спорт түрүндө катышышат, ал эми университет Division I FBS Pac-12 Conference боюнча эки жеке окуу жайынын бири болуп саналат. Ал NCAAнын 113 команда чемпионаттарын чогулткан, баарынан да (UCLAге байланыштуу) 483 индивидуалдык чемпионаты, Division I-дин эң мыктысы болуп, жана ошондой эле NACDAнын директорлор кубогун да утуп алган. 1994-1995-жылдардан баштап 22 окуу жыл бою университеттеги спорт командаларында жакшы жетишкендик болду.




#Article 139: Ливан (2621 words)


Ливан (ар. – Лубнан), Ливан Республикасы (Аль-Жумхурия аль-Лубнания) – Батыш Азиядагы мамлекет, Жакынкы Чыгышта. Түндүгүнөн жана чыгышынан Сирия, түштүгүнөн Израиль менен чектешет. Батышын Жер Ортолук деңиз чулгайт (жээк сызыгынын уз. 225 км). Аянты 10,4 миң км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 200 км2дей). Калкы 4,7 млндой (2009). Борбору – Бейрут шаары Расмий тили – араб тили (кабыл алынган мыйзам боюнча расмий тил катары – француз тили да колдонулат). Административдик-аймагы жактан 8 мухафазага (губернаторлукка) жана борборго бөлүнөт (к. таблицаны).
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009):

Ливан – БУУнун (1945), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1947), Ислам конференция уюмунун (1969) мүчөсү; Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун байкоочусу статусуна ээ.

Ливан – унитардык мамлекет. 1926-ж. 23-майда Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, 6 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Депутаттар палатасы). Аткаруу бийлигин президент менен Министрлер кеңеши ишке ашырат. Ливанда көп партиялуу саясий система орун алган. Кыймылдар жана саясий партиялар үч блокту түзөт (2009). 1-блокто «Мустакбаль» сүннөт кыймылы, друздук Прогрессивдүү социалдык партиясы, «Ливан күчтөрү» уюму (мурдагы христиандык куралдуу түзүмдөр, «Катаиб» маронит партиясы, «Корнет Шагван» оңчул христ. партиясы бириккен бар. 2-блок Христиандык эркин патриоттук кыймыл, «Марада» христиан партиясы, Ливан коммунисттик партиясынан турат. 3-блокко «Амаль» жана

Жээктери негизинен жапыз, булуң-буйткалар аз, айрым аскалуу тумшуктар жана кум дөбө массивдери бар. Жеринин бети негизинен тоолуу. Жээк түздүгү (жазылыгы 1,5– 3 км, түштүгүндө 10 кмге чейин кеңийт) чыгышта Ливан кырка тоосунун этек тоолоруна өтөт. Мында Ливандын эң бийик жери – Курнет-эс-Сауда чокусу (бийиктиги 3088 м) жайгашкан. Ливан кырка тоосунун терең тилмеленген батыш капталы Жер Ортолук деңизди карай тепкичтенип, чыгышка тоо аралык Бекаа өрөөнүнө тик түшөт. Бекаа өрөөнү грабен түзүлүшүндө, жазылыгы 8– 14 км, түндүктөн түштүктү карай өлкөнүн бүт аймагы боюнча созулуп жатат. Анын таманы деңиз деңгээлинен 750–900 м бийиктикте жайгашкан. Ливандын чыгышын Антиливан кырка тоосунун (бийиктиги 2814 мге чейин) батыш капталы ээлейт. Ливандын аймагы байыркы платформанын жабындысында жайгашкан. Цемент, курулуш материалдары, сал туз, гипс, кум, шагыл кендери бар.
Ливандын аймагынын климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик, жайы кургакчыл, кышы нымдуу. Январдын орточо температурасы 13ᵒС, июлдуку 27ᵒС, 1000 м бийиктиктерде 6ᵒСтан 22ᵒСка чейин. Жылдык жаан-чачыны жээк бөлүгүндө 750–1000 мм (негизинен октябрдан майга чейин нөшөр түрүндө жаайт), жайында абанын салыштырмалуу өтө жогорку нымдуулугу мүнөздүү. Тоолордо 1000 ммден ашык, Бекаа өрөөнүндө жана Антиливан кырка тоосунун капталдарында 400–800 мм жаайт. Жайы, айрыкча, тоо этектери жаан-чачынга өтө жарды. Жазында түштүктөн ысык шамал согуп, кумдуу бороонду пайда кылат. Дарыялары чакан, көбүнчө соолуп калат, сугатка кеңири пайдаланылат. Эң ири дарыясы – Эль-Литани Бекаа өрөөнүнүн түштүк бөлүгү аркылуу агат. Жер Ортолук деңизге куюучу көптөгөн суулар Ливан кырка тоосунун акиташ тектүү капталынан башталат.
Жээк аймактарында жана тоо капталдарынын этектеринде күрөң топурактар, андан бийигирээк бөлүгүндө бозомук-күрөң таштак топурак басымдуу. Жергиликтүү токой өсүмдүктөрүн Ливан кырка тоосунун батыш капталындагы катуу жалбырактуу жер ортолук деңиздик дарак-бадалдар түзгөн, ал 20-кылымдын башталышында антропогендик таасирден өтө жапа чеккен. Өсүмдүктөрүндө экинчи жолку бадалдар (маквис, фригана) басымдуу, арасында токой калдыктары (эмен, чынар, ак чечек, алеп жана италян кызыл карагайы) кездешет. 1200–1400 м бийиктикти ливан бал карагайы (кедр), көк карагайлуу чакан токой массивдери ээлейт. 2400 м бийиктикте токой өсүмдүктөрүнүн жогорку чегин арча түзөт. Ливан кырка тоосунун чыгыш капталдарын жана Бекаа өрөөнүн эмен-жыгач мисте сейрек токою жана фригана аралаш өскөн кургак талаа ээлейт. Тоо капталдары тектирленип, анда дан эгиндери, мөмө-жемиш бактары өстүрүлөт. Ливанда өлкөнүн 0,7%ин ээлеген 24 коргоого алынган табигый аймак уюшулган; анын ичинде эл аралык маанидеги 4 суу-саздуу жер, бал карагай токойлуу Шуф биосфералык резерваты, Машгара улуттук паркы бар.

Калкынын басымдуу бөлүгүн арабдар (87,8%), ливандыктар (78,7%), палестиналыктар (13%), египеттиктер, сириялыктар, ирактыктар түзөт. Төрөлүү (1000 адамга 17,1 бала) өлүм-житимден (6 адам) дээрлик 3 эсе ашык. Өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 26%ти, эмгекке жарактуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 67%ти, 65тен ашкандар 7%тен ашыгын түзөт. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 73,7 жыл (эркектер 71,1, аялдар 76,3 жыл). 21- к-дын башталышында Ливанда 1,6 млн чет өлкөлүктөр – сириялыктар, палестиналык качкындар жана башкалар жашаган. 15 млндон ашык ливандыктар чет өлкөлөрдө, негизинен Франция менен АКШда жашайт. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 450 адам (2009); жээк зонасында жана Бекаа өрөөнүндө эң жыш отурукташкан. Шаар калкы 87% (2011). Эң ири шаары – Бейрут; башка ири шаарлары: Триполи, Жуния, Баальбек. Ливандыктардын 52%тейи ислам динин, 44,8%и христиан динин тутат.

Ливандын азыркы аймагын адамдар биздин заманга чейин 8–7-миң жылдыктан мекендеген. Биздин заманга чейин 4–3 миң жылдыкта Ливан аймагында финикиялык Библ (азыркы Жубайль), Тир (азыркы Сур), Сидон (азыркы Сайда), Берит (азыркы Бейрут) жана башка шаар-мамлекеттери пайда болгон. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк өнүгүп, Египет, Вавилон, Кавказ, Кичи Азия мамлекеттери менен соода жүргүзүшкөн. Биздин заманга чейин 875-ж. Ассирия, 7- кылымдын аягында Вавилония, 332-ж. Александр Македонский басып алып, анын державасы кулагандан кийин Ливан аймагы Птолемейлер бийлигине, биздин заманга чейин 3-кылымдын ортосунда Селевкиддер империясына караган. Биздин заманга чейин 64-ж. – биздин замандын 3- кылымында Ливандын азыркы аймагын Рим аскер башчысы Помпей басып алгандыктан, Рим империясына баш ийген. 4-кылымда Ливан аймагы Чыгыш Рим империясынын курамына кошулган. 7-кылымдын башында Ливанды ирандыктар, 636-ж. арабдар караткан. Натыйжада 7–8-кылымда Омейяддардын, 8–9-кылымда Аббасиддердин, 9–10- кылымда Тулуниддердин жана Ихшидиддердин, 10– 12-кылымда Фатимиддер халифатынын ээликтеринде калган. 1099-ж. Ливан кресттүүлөрдүн колуна өткөн. 13-кылымдын аягында Ливан Египет мамлюктарынын, 16–17-кылымда Осмон империясынын бийлигинде болгон. 1861-ж. европалык державалардын кысымы менен Тоолуу Ливанга Органикалык статус (автоном. район) берилип, ал Осмон империясы жана Ливан батыш державаларына (өзгөчө Францияга) көз каранды болуп калган. Порттор, банк иштери, транспорт, айрым өнөр жай өндүрүштөрү жана башка европалыктардын колуна өткөн. 1908-ж. Ливанда улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 1- дүйнөлүк согуш убагында (1914–18) түрк аскер губернатору бардык бийликке ээ болгон. Улуу Британия менен Франциянын ортосунда Осмон империясынын Азиядагы ээликтерин бөлүштүрүү жөнүндө түзүлгөн Сайкс-Пико келишиминин (1916) негизинде 1920-ж. апрелде Ливан Франциянын мандаттык аймагы статусун алган. 1920-ж. сентябрда Улуу Ливан мамлекети, 1926-ж. кабыл алынган конституция боюнча Ливан республикасы деп жарыяланган. Ливандын тышкы саясатына Франция көзөмөл жүргүзгөн. 2-дүйнөлүк согуш башталган соң, Ливанда чукул кырдаал киргизилип, конституциясы жоюлуп, парламент таратылып, компартияга тыюу салынган. Элдик боштондук кыймылдын кысымынан улам Франция 1943-ж. Ливандын көз карандысыздыгын таанып, 1946-ж. өз аскерлерин Ливан аймагынан алып чыгып кеткен. 1943-ж. 22-ноябрь Ливандын көз карандысыздык күнү деп белгиленген. Б. аль-Хури Л. Республикасынын президенти болуп шайланган. Ливан 1944-ж. августта СССР менен дипломатиялык мамиле түзгөн. 1945-ж. февралда Гитлерге каршы коалицияга кошулуп, Германия жана Японияга согуш жарыялаган. 1945-жылдан БУУга жана Араб өлкөлөрүнүн лигасына мүчө. 1948–49-ж. Ливан Араб мамлекеттери менен бирге Израилге каршы согушка катышкан. Социалдык карама-каршылыктардын курчушу, бийлик үчүн күрөш Ливан өкмөтүнүн тез-тез алмашылышына алып келген. Өлкөдөгү экономикалык абал, эл массасынын өкмөт саясатына нааразылыгы элдик-демократиялык кыймылды күчөткөн. 1952-ж. сентябрда Ливандагы жалпы элдик көтөрүлүштөн улам, Б. аль-Хури президенттиктен кетип, ордуна – К. Шамун шайланган. Ал бир катар реформаларды жүргүзүп, Араб жана батыш мамлекеттери менен кызматташкан. 1955–56-ж. премьер-министр Р. Караме жетектеген Ливан өкмөтү айрым чет элдик компанияларды мамлекеттештирип, Ливан жери аркылуу өтүүчү нефтиге төлөнүүчү акыны көбөйткөн. 1958-ж. ички жана тышкы саясат жүргүзүү үчүн Улуттук фронт түзүлгөн. 1958-ж. Шамун өкмөтүнүн курамына каршы башталган иш таштоолор куралдуу күрөшкө айланган. Бирок Шамун режимин АКШнын интервенциясы сактап калган. 1958-ж. генерал Ф. Шихаб президенттикке шайланып, өкмөттү Р. Караме башкарган. Жаңы өкмөт бейтарап, блокторго кошулбоо саясатын жарыялап, бир катар социалдык реформаларды жүргүзгөн. 1967-ж. Ливан өкмөтү чет элдик компаниялардын нефть өткөргүчтөрүн токтотуп, АКШ жана Улуу Британия менен дипломатиялык мамилелерин үзүп, америкалык аскер кемелеринин Ливан портторуна кирүүсүнө тыюу салган. Согуштан кийин Ливандын Израил менен мамилеси начарлаган. 1968-ж. Ливан аймагына палестиналык лагерлер жайгашкан. 1969-ж. 23-апрелден 25-ноябрга чейин Ливан ички саясий чөйрөлөрдүн келишпөөчүлүгүнөн өкмөтсүз калган. 1969-ж. Р. Караменин жаңы өкмөтү кайра түзүлүп, христиандык партиянын өкүлдөрү ачыкка чыккан. 1970-ж. 17-августта С. Франжье президенттикке шайланып, С. Салям өкмөт башына келген. Бирок жаңы өкмөт элдин нааразылыгын токтоткон жок. 1973-ж. израилдик баскынчылардын Ливанга жасаган куралдуу провокациялары, Ливан өкмөтүнүн аскерлери менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБЧУ) куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар Ливандын абалын оордоткон. 1975-ж. апрелде ПБЧУнун куралдуу күчтөрү жана аны колдогон мусулман саясатчылары же улуттук патриоттук күчтөр (УПК) менен христиандык партиялардын кагылышуусунан чыккан жарандык согуш 1990-ж. чейин уланган. 1976-ж. январда ливандык христиан кошуундары палестиналык Дбайе лагерин жана Бейруттун мусулмандар жашаган Маслах жана Карантина райондорун басып алган. 10-апрелде парламент конституцияга оңдоо киргизип, мөөнөтүнөн мурда президенттикке шайлоо өткөрүүгө жол берген. 8-майда президенттикке Э. Саркис шайланган. 1976-ж. 16–18-октябрда Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиясы, Египет, Сирия, Кувейттин өлкө башчыларынын конференциясы болуп, анда согуш аракеттерин токтотуу жана Арабдар аралык коопсуздукту сактоо күчү (ААКСК) түзүлүп, анын аскерлерин 30 миң адамга чейин көбөйтүү каралган. Бул чечимди Араб өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңешмеси (26-октябрь, Каир) бекиткен. 1978-ж. июнда ливан армиясы жана христиан топтору менен сириялык аскер бөлүктөрүнүн ортосунда кагылышуулар башталган. 1978-ж. Ливанга Израил аскерлери кирип, Батыш Бейрутту басып алган. 1984-ж. февралда В. Жумблат жетектеген друздардын аскер күчтөрү жана «Амаль» шиит кыймылынын отряды Сириянын колдоосу менен Израилге каршы күрөшүп, Ливан армиясын талкалап, Батыш Бейрутту бошоткон. 1985-ж. Ливан аймагындагы Сириянын аскер күчтөрү Израилдин аскер күчтөрүн өлкөдөн чыгарган. 1990-ж. октябрда сириялык авиациянын соккусунан Ливандагы жарандык согуш аяктаган. Жарандык согушта (1975–90) 115 миң киши жарадар, 94 миңи курман болуп, 800 миңи чет мамлекеттерге качкан. 1990-ж. христиан менен мусулмандан бирдей санда өкүлдөр кирген жаңы өкмөт түзүлүп, О. Караме жетектеген. 2000- жана 2006-ж. Ливанда кырдаал кайрадан курчуган. Палестиналыктар менен Израил армиясы жана «Хезболлах» (ПБЧУ мүчөсү) отряддарынын ортосундагы кагылышуулардын натыйжасында Израиль Түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып, «Түштүк Ливан армиясы» таркатылган. Израилдин көзөмөлүндөгү «Коопсуздук зонасы» Ливанга кошулган. 2005-ж. 26-апрелде Ливандан Сириянын акыркы аскер күчтөрү чыгарылган. 2006-ж. 14-августта БУУнун Коопсуздук Советинин резолюциясынан кийин конфликт жөнгө салынган. 2009-ж. 7- июндагы кезектеги парламенттик шайлоодо «Альянс» коалициясы жеңишке ээ болуп, С. аль-Харири өлкөнүн премьер-министрлигине шайланган.

Ливандын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. ИДПнин көлөмү 44,2 млрд доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 11,1 миң доллардан туура келет. 1975–90-жылдардагы жарандык согуштун натыйжасында өнөр жай объектилеринин басымдуу бөлүгү кыйраган, өндүрүштүк продукциялардын көлөмү 50%ке кыскарган. 1997-жылдан кийин чет өлкөлүк компаниялардын 900дөн ашык филиалы ачылган. 2002-жылдан энергетика, суу менен камсыз кылуу, транспорт, телекоммуникация компанияларынын объектилери менчиктештириле баштаган. 2006-жылкы куралдуу кагылышуу болор алдында өлкөнүн экономикасы өсүп жаткан. Куралдуу кагылыштан кийин Ливанга Сауд Арабиясы, Перс булуңунун жээгиндеги жана Европа союзуна кирген өлкөлөр экономикалык жардам берген. ИДПнин чыныгы өсүүсү 6,3%ти түзгөн (2008). ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 76,1%, өнөр жайыныкы 18,8%, айыл чарбасыныкы 5,1% (2008). ИДПнин 75%ке жакыны жеке менчик сектордо түзүлөт; чакан жана орто ишканалар негизинен экспорттук багытта иштейт. Өнөр жайынын негизги тармактары: электрэнергетикасы, минералдык сырьё өндүрүү, курулуш материалдар өндүрүшү, химия, жеңил, тамак-аш. 2007-ж. 9,0 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясын Сириядан (2007-ж. 972 млн кВт.с) алат. Нефть продуктуларына болгон муктаждыгын араб өлкөлөрүнүн нефтиси менен толуктайт. Бейрутта импорттук тетиктерден машина кураштыруу жана импорттук товарларды таңгактап, региондогу башка өлкөлөргө жөнөтүүчү ишканалар иштейт. Сал туз, акиташ теги, кум, гипс, шагыл аз өлчөмдө казылып алынат. Цемент экспорт үчүн да өндүрүлөт. Химия өнөр жай фосфор жер семирткичин, фосфор жана күкүрт к-таларын, кир кетирүүчү каражаттарды, пластмасса, косметика жана дары-дармектерди жана башкаларды чыгарат. Жыгаччылык, эмерек, зергерчилик, азем белек даярдоочу ишканалары бар. Жеңил өнөр жайынын эң маанилүү тармактары – текстиль жана тигүү ишканалары. Эзелтен шарап жасоо өнүккөн (негизинен экспортко чыгарат). Өлкөнүн жеринин 16%тен ашык аянты иштетилет. Күрдүү жерлери негизинен жээк тилкесинде жана Бекаа өрөөнүндө жайгашкан. Агрардык өндүрүштөрү ички муктаждыкты канааттандырат. Бекаа өрөөнүндө дан эгиндери (көбүнчө буудай, арпа), жашылча, картөшкө, мөмө-жемиш (апельсин, алма) жана тех. өсүмдүктөр (кант кызылча, тамеки), Ливандын түндүк бөлүгүндө зайтун, Жер Ортолук деңиздин жээгинде цитрус өсүмдүктөрү, банан, Жубайл шаарынын тегерегинде авокадо өстүрүлөт. Жүзүмзарлар негизинен Захла шаары тарапта. Эчки, кой, уй асыралат.

Банк секторунун жана туризмдин мааниси зор. Финансы жактан тейлөө банк-кредит секторун, камсыздандыруу бизнесин, биржаларды өзүнө камтыйт. 1950–70-жылдардын ортосунда Ливан региондогу ири финансы борбору болгон; жарандык согуш мезгилинде банк сектору экономиканын негизи бойдон калган. 1990-жылдары банк депозиттеринин тез өсүүсү байкалган (1992-ж. 6,5 млрд доллар, 1999-ж. 33,9 млрд доллар), Ливан банктары эл аралык рынокко чыккан. Финансы сектору Борбордук банкты (Ливан банкын), коммерциялык жана инвестициялык банктарды камтыйт. Туризмдин (маданий таанып билүү, экология, пляжда эс алуу) мааниси зор. Бейрут, Сайда, Тир, Триполи, Жуния, Захла, Баальбек жана башка шаарларда көптөгөн маданий мурастар жайгашкан. Туристтик инфраструктураларды калыбына келтирүү жана модернизациялоо ишке ашырылууда.
Автомобиль жолунун узундугу 7000 кмдей; негизги автомагистралдары: Жээк шоссеси, Бейрут – Дамаск (Сирия). Темир жолунун узундугу 401 км. Деңиз транспорту сырткы соода жүктөрүн ташыйт. Ливандын 33 соода кемеси бар; башка өлкөлөрдүн желеги менен 55 кемеси жүрөт (2008). Негизги деңиз порттору: Бейрут, Триполи. Жети аэропорту бар; Бейрут шаарындагысы эл аралык.

Экспортко зер буюмдарды, химия өнөр жай продукцияларын, цемент, текстиль, керектелүүчү түрдүү товарларды, мөмө-жемиш, жашылча жана башкаларды чыгарып, сырттан негизинен автомобиль, электр жабдууларын, химикат, дары-дармек, кагаз жана башкаларды алат. Экспорттук шериктери (2008): Сирия, Бириккен Араб Эмирликтери, Швейцария, Сауд Арабиясы; импорттук шериктери: Сирия, Франция, АКШ, Италия, Кытай, Германия, Сауд Арабиясы.

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону милдеттүү башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 89,6%ти түзөт (2012). ЖОЖдору, илимий мекемелери, музейлери, китепканаларынын көбү Бейрут шаарында жайгашкан.

Негизинен араб тилинде, 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында француз тилинде өнүгүүдө. Орто кылымдагы Ливан адабияты – араб-мусулман маданиятынын бир бөлүгү. 1700-жылдары Түндүк Сирияда «Жүрөктөр жыргалы» («Нузхат альХаватир») деген элдик аңгемелер жана анекдоттор жыйнагы түзүлгөн. 1732-ж. Эш-Шувейр монастырында биринчи араб басмаканасы негизделген. Ливан адабиятын өнүгүшүнө жаңы арабдардын кайра жаралуусу зор өбөлгө болгон. 18-кылымдагы биринчи түшүндүрмө сөздүктүн («Берметтүү үчилтик» («Аль-мусалласат ад-дуррийя», 1705))жана биринчи грамматиканын («Исследование запросов» («Бахс аль-маталиб»), 1707) автору Г. Фархаттын чыгармачылыгы, заманбап жаңы араб тилинин поэтикалык «Тезкире» (1720) жыйнагы Ливан адабиятынын өнүгүшү үчүн зор түрткү болгон. 19-кылымдын 2-жарымында араб драматургиясы (М. Наккаш, Н. Наккаш жана башка), 19–20-кылымдын чегинде араб тарыхый романы (С. аль-Бустани, Ж. Н. Мудаввар, Ф. Антун жана башка) калыптанган. 20-кылымдын адабиятында агартуучулук багыт кеңири тараган. Агартуу багытында Н. аль-Хаддад («Баары тагдыр», 1903; «Жаңы Ева», 1906), Л. Кямилдин («Тоо жомогу», 1946), М. Абудд («Кызыл эмир», 1947, ж. б.), Ж. Ханндын («Чиркөө жрецтери», 1952; «Күчтүү Убейд», 1955 ж. б.), Т. Ю. Аввад («Токоч нан», 1938; «Бейрут тегирмендери» 1972), прозасы жана драматургиясы Р. аль-Хуринин («Байдабдын революциясы», 1950), М. Дакруб, Х. Мурув, Ю. Аль-Ид, М. Савай, А. Сувейд адабий сында жана башка белгилүү. 19-кылымдын 2-жарымы – 20-кылымдын 2-жарымында Ливан прозасынын жарандык согуш окуяларына жана Израиль интервенциясына, согушка чейинки мезгилди барктоого көңүл бурулган: Г. асСаммандын сюрреалисттик прозасы («Бейрут 75» жана башка), И. Хуринин («Кичине тоо» жана башка), И. адДейринин романдары. «Жаңы толкун» прозасына (1970–80-жылдар) чыгыш жана абсурддук мотивдердин айкалышы мүнөздүү (Э. Насрулла, Н. Мусалане жана башка). Ш. Корм 20-кылымдын 1-жарымында французча жазган мыкты акын катары таанылган, 2-жарымында француз тилиндеги адабияттын салттарын акындар А. Шедид, Н. Саламе, Х. Хауи, Н. Тувейнц, жазуучулар В. Нури, А. Маалав жана башкалар уланткан.

Ливандын аймагында байыркы искусствонун көптөгөн эстеликтери, анын ичинде биздин заманга чейин мезгилдеги Баалат Гебал храмынын калдыктары сакталган. Рим мезгилиндеги искусстводо антикалык жана чыгыш салттары айкалышкан: Баальбектеги жана Библдеги (азыр Жубейль) храм комплекстери (биздин замандын 1–3 к.). 4–7-кылымда Л. Византиянын курамында турганда монастырлар, чиркөөлөр, Араб халифатына кирген мезгилде мусулман имараттары курулган. Кресттүүлөр жортуулдарынын учурунда деңиз жээктеринде замоктор (Сен-Жиль, Триполиде, Сайдада, 13-, 17–18-к.), монастырлар, чиркөөлөр салынган. Мамлюктар доорунда (13–16-к. башы) курулуштар роман жана орто кылымдагы араб зодчийлигинин айкалышуусу менен мүнөздөлөт. Осмон империясынын мезгилинде мусулман архитектурасынын имараттары түрк архитектурасынын таасиринде кумпалуу, мунаралуу курулуп, ички жасалгасы көркөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн. Ливан көз каранды эместикке ээ болгондон кийин архитектурада интернационалдык стиль алдыңкы орунга чыккан. 1960-жылдардын аягынан постмодернизм келсе, 1990–2000-жылдарда хай-тек стилиндеги имараттар курулууда. 19–20-кылымдын башынан диний жана тиричилик темасындагы монументтик жана станоктук живопись өнүккөн. Сүрөт искусствосуна салым кошкон живописчилер А. Закир, Н. Тарабулси, Н. Ю. Шукри, Н. Файяд жана башкалар 1930– 40-жылдарда реалисттик багыт үстөмдүк кылган. 1970–80-жылдарда, ошондой эле карикатура жана китеп жасалгалоо өнүккөн. Ливанда жасалга-колдонмо жана искусствонун түрлөп токуу, сайма саюу, чий согуу, килемчилик, жыгачка, металлга кооз сүрөт түшүрүү өнөрү сыяктуу салттык түрлөрү өнүгүүсүн улантууда.
Ливандын музыкалык маданияты ар түрдүү конфессиялык топтордун, айыл фольклорунун жана заманбап ар кандай музыканын салттарын бириктирип турат. Шаарларында батыштын үлгүсүндөгү музыкалык турмуш басымдуулук кылат. Негизин макам түзгөн классикалык араб музыкасы концерттерде угулат. Бейрутта 1910-ж. музыкалык мектеп (1925-жылдан улуттук музыка мектеби, 1929-жылдан Улуттук консерватория) ачылган.

Ливан да диний мазмундагы тазийе мистерриялары (Түштүк Ливанда) жана көлөкө куурчак театры өнүккөн. 1848-ж. Бейрутта М. Накаштын үйүндө биринчи араб театрынын европалык үлгүгө салынган спектакли көрсөтүлгөн. Ливандын профессионал театр труппалары 20-кылымдын 2- жарымынан пайда болгон. 1960-ж. режиссёр М. А. Дебс Бейрутта театр студиясысын ачкан. Ал жерде У. Шекспирдин, И. В. Гётенин жана башка драматургдардын пьесалары коюлган. Профессионал театрдын жаңы өрүшү 1990-жылдарда башталган. 21-кылымдын башында жаңы көчмө труппалар пайда болгон, эксперименттик режиссёрдук театр өнүккөн. 2000-жылдардагы эң белгилүү труппа – Н. аль-Ашгар жетектеген шаардык театр, Бейрутта «Аль-Мадина» (1994-жылдан), «Монно» (1997-ж.) жана башка театрлар иштейт. 1955-жылдан Баалбекте музыкалык-театр фестивалы, 1999-жылдан Бейрутта жер ортолук деңиз өлкөлөрүнүн эл аралык куурчак театр фестивалы өткөрүлөт.




#Article 140: Бейрут (132 words)


 
Бейрут ( Bayrūt) — Ливан Республикасынын борбор шаары. Жерортолук деңиздин чыгышындагы дөңсөөлүү жаңы аймагында жайгашкан. Калкы 1,2 млн (2005). Бейрет ири порт; темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту, текстиль, тамак-аш, булгаары, металл иштетүү өнөр жайы бар. Сыртка цитрус мөмөлөрүн, алма, зайтун майын, пилла, жүн чыгарат. Мамлекеттик, америкалык, француз жана араб университеттери, музейлер бар. Б. з. ч. 18-кылымданм(башка маалымат боюнча 15-кылымдан Берит, Берута деген ат менен) Финикиянын соода борбору жана порту, эллада рим доорунда ири соода, кол өнөрчүлүк борбору катары белгилүү. 7-кылымда Араб халифатынын курамына кирген. 14-15-кылымда египеттик мамлюктардын ээлиги болгон. 1516-1918-ж. Осмон падышалыгынын курамында. 1920-43-ж. Франциянын мандат менен башкаруусуна ээ. 1943-жылдан көз каранды эмес Ливандын борбор шаары. Өлкөнүн финансы чордону. Финикия, Рим, Византия курулмаларынын, мечиттердин (Жами аль-Омари, 13-кылым; «Дворцовая», 16-к.) калдыктары сакталган. 1982-ж. Израилдин агрессиясынын натыйжасында көп жери кыйроого учураган.




#Article 141: Манас Ордо (1000 words)


Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси

Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплекси (КУМОК) – Талас областы нын,  Ташарык айылында жайгашкан. 1996-жылга чейин «Манас» коругу болуп келген. 1996-жылы официалдуу (расмий) түрдө КУМОК деген статус берилген. 1995-жылы БУУнун жардамынын негизинде «Манас» эпосунун 1000 жылдык маарекеси дүйнөлүк масштабда өтүлгөн. Азыркы учурда 70 ке жакын жумушчу топ эмгектенип жатат.

Кыргыз эли учун Манас жана анын күмбөзү «Манас» эпосу жана аларга байланыштуу болгон ыйык жерлер: тоолор, эстеликтер, таштар (саймалуу жазуулар), үңкүрлөр, суулар, булактар, жер аттары ж.б. биз үчүн ыйык жана сыймыктуу жай болуп саналат.

Ошол себептен атуулдарыбыз, ата-бабаларыбыз Кыргызстандын төрт бурчунан ат арытып жол карытып издеп келишип, зыярат кылышып, ыйык тутуп, келип-кетип турушкан жана ал көрүнүш азыр да салтка айланып, уланууда. Ал гана эмес, бул ыйык жайга чет өлкөлөрдөн да келишип, изилдеп көрүшүп, элден сурамжылап, көргөн билгендерин кагазга түшүрүп, күмбөздүн сүрөттөрүн тартып алып, «Манас» эпосун билгендерден эпостун үзүндүлөрүн жазып алып кетишкен жана азда болсо кыска да болсо басма беттерге макалаларды, билдирүүлөрдү берип турушкан. Изилдөөчүлөр А.М.Беленицкий менен М.Е. Массон күмбөздүн бетиндеги жазууну окуп аны мындай деп чечмелешкен: «Бул күмбөз улуу урматтуу, кадыр барктуу, сый сыпаттуу, мартчылык менен боорукердиктин башаты, калем жана найза менен багындыруучу, эмирдин кең пейил, пакиза, оор басырык бактылуулардын үлгүсү, кудайга жагар таянычы, аялдан чыккан сырттан Кянизек хатундуку, Абука эмиридики. Алла алардын барган жайына бейиш айтсын, бул Рамазан айынын башында болду. Бул ай: Алланын тортунчу таянычынын ыйык берекелуу айы деген. Жазуунун аягы күмбөз 14- кылымдын кайсыл мезгилине таблица туура келери аныкталган эмес. Ал эми Манастын күмбөзү турган Ташарык айылында 1864-жылы туулган, «Манас» эпосунун айрым бөлүмдөрүн кагаз бетине түшүргөн, Манастын күмбөзүнүн бетиндеги жазууларды изилдеген инсан, Жусупбек уулу Токтогазы ал жазууларды мындайча чечмелеген: «Саал кадн Буркенчекли бул ишти жаңылоочусу, Алласы менен экөө бир бурка болду. Ага атасы ачуу кылардан пайдасына отмоду. Ушуну бүткөргөн кадн кайгылуу болду. Бу ой аяа эмес. Кадндыкы турк каднынан. Могер билги башек жоомарт кудай жоуй кадна кенешли тарабойлуу көп кишилер сан түсөп жан кылган. Баатыр жигиттерге башчысы болгон озунун оглудан эч адам намысын бербеген баатыр Манастын жайы». Жана башка көптөгөн окумуштуулар «Манас Ордонун» тарыхын изилдеп келүүдө.

Республиканын чегиндеги байыркы эстеликтеринин ичинен элге кеңири таанылган белгилүүсү бул Манас бабабыздын күмбөзү. Тилекке каршы илимий адабияттарда күмбөз жөнүндө маалыматтар кечирээк кездешет. «Манас» күмбөзү жөнүндөгү алгачкы кабар 1897-жылга В.В.Бартольддун «1893-1894-жылдарда илимий максат менен Орто Азияга баргандыгы жөнүндөгү билдирүү » - деген эмгеги жарыкка чыккан мезгилге туура келет. Эстелик Орто Азиянын ири изилдөөчүсү профессор М.Е.Массон айткандай 1907-жылы А.С.Колесникова тарабынан биринчи жолу фотосүрөтткө тартылып алынган. Бирок бул сүрөт жоголуп кеткен, ошондуктан жарык көргөн эмес. Ошондуктан Олуя-Аталык фотограф Ф.И.Белдермандын 1922-жылы тарткан фотосүрөтү «Күмбөздүн алгачкы фотосүрөтү»- деп аталып жүрөт. Ф.И. Белдерман 1937-жылы күмбөздү экинчи ирет сүрөткө тартып алган жана ал сүрөттөр бир нече жолу илимий эмгектерде иллюстрацияланган. Күмбөз жөнүндө түшүнүк жана эстеликтин сүрөтү 1939-жылы жарыкка чыккан «Советтик Кыргызстандын искусствосу» илимий макаласын жарыкка чыгарган. Төңкөрүшкө чейин көчмөн кыргыз элинин арасында «Манас» күмбөзү ыйык жай, мазар катарында бааланган. Жол жүрүп бара жаткан адам кыя өтпөй, зыярат кылып, куран окуп аттанган. Адамдар курмандыкка мал союшуп, түлөө өткөрүшүп, Манас Атанын арбагынан биримдүүлүк, ынтымактуулук, ыймандуулук, токчулук, тынччылык суранган. Баласыздар зарлап перзент сурашып, оорулуулар ден соолук сурашып түнөп кетишкен. 30-40-жылдардын экинчи жарымында «Манас» күмбөзүнө зор көңүл бурула баштады. Ал археологдор жана архитекторлор тарабынан изилденүүчү объект болуп калат. 1934-жылы басма сөздөрдө П.П. Ивановдун «Таластын баш жагынын тарыхы жөнүндөгү маселеге карата» деген макаласы жарыяланып, анда «Манас» күмбөзүнүн архитектурасы тууралуу айтылуу менен эстеликтин сүрөтү да басылган. Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советинин алдындагы илим комитети менен Кыргыз педогогикалык институтунун директору Б.М. Зиманын жетекчилиги менен уюштурулган археологиялык экспедициясы 1937-жылы күмбөздүн ички бөлүгүн казуу иштерин жүргүзгөн. Күмбөздүн чыгыш тарабындагы бөлүгүндө кийинчерээк коюлган эки табыт, ал эми борбордук бөлүгүндө адамдын ирээтсиз жаткан сөөктөрү табылган. Илимий экспедицияга катышкан кызматкерлер менен жергиликтүү калктын өкүлдөрү күмбөздүн алдында сүрөткө түшүшкөн, ал сүрөттү архивден музей-коруктун илимий кызматкерлери А.Жунушалиев жана М.Ибралиевдер табышып, музейдин фондусуна өткөрүп беришкен. 1938-жылы күмбөздү кыргыз илимдер академиясынын тарых институтунун Александр Натанович Бернштамдын жетекчилиги астында Жети-Суу археологиялык экспедициясы изилдей баштаган. Экспедиция күмбөздүн ичин эки ирээт казууга киришет. Күмбөздүн жер пайынын алдында 1937-жылы табылган сөөктөн тышкары дагы жыгач табыт табылган. Бул бейиттердин деңгээлинен төмөнүрөөк алгачкы эки өлүк жаткан. Чыгыш тарабындагы бейит менен катар 1937-жылы изилденген батыш тарабындагы бейит күмбөздүкүндөй 25 х 25 см чийки кирпич менен жабылган. Бейиттин жер тамында эркектин скелети жаткан, скелеттин негизинде ал кишинин бою эки метрден ашык болгондугу далилденген. Күмбөздүн бетиндеги арабча жазууну 1938-жылы А.М.Беленицкий толук окуган. Улуу архитектуралык эстелик катарында «Манас» күмбөзү Кыргыз Республикасында биринчи ирээтте реставрацияга коюлган. Күмбөздүн өзү гана изилденбестен айлана тегереги да изилденген. Күмбөзү  азыр   Таласта   сакталууда

Биздин ата-бабалар өзүнүн башкарган инсандарын ар дайым Хан өргөгө олтургузуп, атайын 12 канат боз үй көтөрүшкөн. Анын сынары, Манастын 1000 жылдык маарекесине карата, “Хан өргө” жасалган.”Хан өргөнүн бийиктиги 5 м. 70 см, диаметри 10 м, түндүгүнүн диаметри 150 см. “Хан өргө” демекчи атайын хандарга арналып колунан көөрү төгүлгөн усталардын, уздардын чеберчилиги менен жасалган. Бул боз үйдүн кереге жана ууктарын Талас районундагы Үчэмчек айылынын тургуну Табил Рыскулбеков жасаган. Ички-сырткы жасалгаларын уздар: Молдокулова К., Алапбаева У. ж.б уз чеберлер эмгектенишкен. Боз үй “Манас” эпосунун 1000 жылдык маарекесинде баш байгеге татыктуу болгон. Азыркы учурда бул зор боз үй бүлүнбөй Шайылдаева Жаңылбүбүнүн колунда сакталып турат.
Манасты   көп   адамдар    изилдеген.

Манасчы- бул легендарлуу “Манас” эпосун ыр түрүндө төгүп айткан адам. Бул жанр бир гана кыргыз элине гана тиешелүү. Ал эми Талас жеринен көптөгөн манасчылар чыккан. Маалымат боюнча эң жогорку денгээлдеги манасчылардын саны 19. Азыркы учурда ушул өнөр менен алектенгендер Жумалиев Асанкан (1947-ж), Сейдрахманов Назаркул (1951-ж), Жумалиев Анарбек (1958-ж).

КУМОКде азыркы учурда Манасчылар мектеби иштеп жатат. Бул мектеп UNESCO уюмунун жардамынын негизинде түзүлгөн, азыр Мамадалиев Камил аттуу манасчы иштеп жаткан учуру. Анын кол алдында 7 жаш муун үйрөнүп жатат. Алар: Замир уулу Бактыяр,Шайлообек у Адилет, Ыдырыс уулу, Чокоев У, Нурлан уулу, Накыпов К, Мамыров М, Тилек уулу. Бул жаш манасчылар көптөгөн Мамлекеттик денгээлдеги конкурстарга катышып келүүдө.

КУМОКдо көптөгөн объектилер курулган. Алар: администрациялык корпус, Манас таануу борбору, автоунаалар жайы, Манастын кырк чоросун чагылдырган көпүрө же арка, оң тарапта “Манас ата” гулзарбагы, гулзарбактын ичинде Манас жана анын кырк чоросунун айкели чагылдырылган, сол тарапта Манас айылы, 2 кабаттан турган “Манас” эпосунун музейи, Манастын күмбөзү, Манас кароол чокусу, элдик даарыгерлер борбору, түлөөкана, улуттук ат оюндары ойнолуучу “ат майданы” ж.б. кичи объектилер жайгашкан.

Жылдык отчет




#Article 142: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы (125 words)


Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы - Кыргыз Республикасынын борбордук банкынын ырасмий аталышы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статусу, милдеттери, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү мыйзамы тарабынан аныкталган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин башкы максаты болуп тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу улуттук акча бирдигинин (сомдун) туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу саналат. 

Банктын ишинин максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзгөн негизги милдет - улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөө системаларынын коопсуздугун жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу. (Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү мыйзамынын 3-статьясы). 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдына койгон милдеттерди аткаруу үчүн өз ишин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан көз карандысыз, өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. 




#Article 143: Палау (338 words)


Палау (Белау), Палау Республикасы – Тынч океандын, Филиппин деңизиндеги Каролина аралынын батыш бөлүгүндө жайгашкан арал-мамлекет. Аянты 459 км2. Калкы 20,9 миң (2010). Калкынын негизин палау (белау) түзөт. Ошондой эле кытайлар, тайвандыктар, вьетнамдар жана европалыктар да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 44 киши. Расмий тили – палау жана англис тилдери. Динге ишендеринин көбү – католиктер. Административдик борбору – Мелекеок (аты окшош аралда). Административдик-аймактык жактан 16 штатка бөлүнөт. Ири шаары – Корор (калкы 11 миң). Акча бирдиги – АКШ доллары.

Башкаруу формасы – президенттик республика. Конституциясы 1979-ж. кабыл алынган. Мамлекеттик башчысы – президент. Мыйзам чыгаруучу органы эки палаталуу парламент. Саясий партиясы жана куралдуу күчтөрү жок. Каролина аралынын батыш бөлүгүндөгү Палау аралдар тобун ээлейт. Ага 200дөн ашык аралдар кирет. Анын ичинен 8и гана салыштырмалуу чоң. Эн ириси – Бабелтаун аралы (аянты 367 км2). Эң бийик жери – Нгарчалчауус чокусу (242 м). Климаты экватордук. Айлык орточо температурасы 24-28°С. Жылдык жаан-чачынын саны 3000 мм. Дайыма жашыл тропик токою өсөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005)
Палауда эл мындан 4 миң жыл мурда эле отурукташа баштаган (чыгыш индонезиялыктар).

Алгач аралды 1543-ж. европалыктар тапкан. 1686-ж. Испания аралды өзүнүн менчиги деп жарыялаган, бирок ал 1886-ж. гана ишке ашкан. 1899-ж. Испания АКШ менен болгон согушта жеңилгенден кийин Германияга саткан. 1914-ж. 1-дүйнөлүк согушта Япония басып алып, 1920-ж. гана Улуттар Лигасы башкарууга мандат берген. Ал 1944-жылдын күзүндө АКШнын аскердик башкаруусуна өтүп, 1947-жылдан Микронезиянын курамындагы АКШнын камкордугуна алынган аймак. 1993-жылдын ноябрында өткөрүлгөн референдумдун натыйжасында өлкө «АКШдан эркин ассоциацияланган» деген статуска ээ. Палаунун көз каранды эместиги 1994-ж. жарыяланган.

Улуттук дүң кирешеси 2008-ж. 164 млн долларды түзгөн. Аны киши башына бөлгөндө 8,1миң доллардан туура келген. Ички дүң продукциясындагы (ИДП) тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 81,8, өнөр-жайдыкы 12, айыл-чарбасыныкы 6,2. Копра өндүрүлөт. Белек-бечкек даярдалат. Кийим тигүү өндүрүшү иштейт. Курулуш индустриясы өнүккөн. Палаунун экономикасынын негизин балыкчылык түзөт. Кокос пальмасы, батат жана касава өстүрүлөт. Бодо мал, чочко жана эчки асыралат. Автомобиль жолунун узундугу 60 км (анын 1/2и асфальтталган). Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Микронезиянын аралдары жана Сидней (Австралия) менен дениз, Гуам менен аба катнашы бар. Сыртка моллюска, балык, копра чыгарат. Туризм өнүккөн. Негизги соода шериктери: АКШ, Япония, Сингапур.




#Article 144: Анжыян (135 words)


Анжыян -Фергана өрөөнүндө орун алган Өзбекстандын карамагындагы шаар.
Анжыян — топоним. Фергана өрөөнүндө жайгашкан байыркы шаар. Манас эпосто кыргыздар мекендеген жер катары өтө арбын жолугат. Эпостогу «Алтайдан көчүп алсак дейм, Анжыян жакка барсак дейм», «Атамдан калган Анжыян Акыры издеп табам деп», «Башта ушул Анжыян Бабаң өскөн жер экен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 13, 147, 177) деген сыяктуу маалыматтар берилип, Анжыян Алооке чапканга чейин эле кыргыздардын мекени болот. Кыргыздардын Манас баштап Алтайдан Ала-Тоого көчүшү да Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Жакып элди чогултуп, Алтайдан Анжыянга көчөлү деп айтканы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 12) деген тема менен берилет. Андан нары эпосто Анжыянды кыргыз уруулары жердегени айтылып жүрүп отурат. Саякбай Каралаевдин варианты нда А. өтө көп кезигип, аны «айры сакал Сынчыбек» бийлеп, өзү Манаска баш ийип турат. Тарыхый маалыматтарда Анжыян шаары 1282—1306-ж. Тува-хан тарабынан курулгандыгы айтылат (Б. Г. Гафуров. Таджики. II том).




#Article 145: Азербайжан (3191 words)


Азербайжан (), расмий аты — Азербайжан Республикасы () — Закавказьенин чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Дагстан, түндүк-батышынан Грузия, түштүк-батышынан Армения жана Түркия, түштүгүнөн Иран менен чектешет. Чыгышын Каспий деңизи чулгайт. Аянты 86,6 миң км2. Калкы 9 590 159 (2013). Борбору - Бакы шаары. Акча бирдиги - манат. Курамында Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхый облусу, 66 район, 65 шаар, 122 шаарча бар.

Aзербайжан - унитардык мамлекет. Азербайжандын Конституциясы 12. 11. 1995-ж. кабыл алынган. Башкаруунун формасы - президенттик республика. Мамлекет башчысы - бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы - Милли межлис (бир палаталуу парламент; 5 жылдык мөөнөткө шайланып, 125 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин органы — премьер-министр жетектеген өкмөт (министрлер Кабинети). Премьер-министр Милли межлистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат. Азербайжанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Жаңы Азербайжан», Азербайжан элдик фронту (НФА), Неокоммунисттик партия, Азербайжан коммунисттик партиясы, Мусулман демократиялык партиясы (Мусават), Ислам союзу.

Азербайжандын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө Чоң Кавказ, түштүгүндө Кичи Кавказ тоолору, алардын аралыгында Кура-Аракс ойдуңу, түштүк-чыгышында Талыш тоолору (бийиктиги 2477 м) жана Ленкоран ойдуңу, түштүгүндө Орто Аракс ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) жана Зангезур тоо кыркалары курчап жатат. Ири жарымаралдары: Апшерон, Кура, Сара; ыңгайлуу бухталары: Кызылагач, Бакы; ири аралдары: Апшерон архипелагында - Жилой жана Артём (жээкке дамба аркылуу туташат). Бакы архипелагында майда аралдар бар. Апшерон жарым аралы, Апшерон, Бакы архипелагдары, Кура ойдуңу нефть жана газга бай; темир, алюминий (Дашкесан), полиметалл, алунит (Заглик), сымап, кобальт, коргошун, цинк, молибден, таштуз (Нахичеван), йод, бром кендери казылып алынат. Минералдуу суулар, дары баткак жана дарылык нефть (Нафталан) кендери бар. Өлкө негизинен субтропиктик алкакта жайгашып, мелүүндөн субтропикке өтмө климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо температурасы 14,5°Сден (түздүктөрдө) 0°Сге чейин (тоолордо) өзгөрөт. Январдын орточо темпрасы түздүктөрүндө 0°...-3°С; тоолуу аймактарында -3...-6°Сге, бийик тоолорунда -10°Сге чейин. Абсолюттук минимум -30°С (Нахичеван ойдуңунда, бийик тоолордо). Июлдун орточо температурасы ойдуңдарда 25-27°С, бийик тоолордо 5°Сден төмөн. Абсолюттук максимуму 40-43°Сге чейин. Жылдык жаанчачыны ойдуңдарда 200-300 мм, тоо этектери менен жапыз тоолордо 300-900 мм, Ленкоран ойдуңунда 1200-1400 ммге (кээде 1700-1800 ммге) жетет. Эң ири дарыялары - Кура (мында Мингечаур ГЭСи жана суусактагычы бар) жана Аракс. Ири көлдөрү: Гажикабул (аянты 15,5 км2), Беюкшор (10,3 км2). Кавказдагы эң кооз көл Гөйкөл. Түзөң бөлүгүндө негизинен боз топурак үстөмдүк кылат; тоо капталдарына коңур жана күрөң тоо-токой, тоо-шалбаа, Ленкоран ойдуңуна сары топурактар мүнөздүү. Кургак талаа, жарымчөл (шыбак, бетеге, эфемер, бийик тоолуу субальп, альп), шалбаа өсүмдүктөрү, тоолорунда жазы жалбырактуу токой (эмен, бук, граб ж. б.), Талыш тоолорунун этектеринде каштан эмени, курма, катраңкы өсөт. Азербайжандын аймагында 14 корук бар; алардын ирилери: Гөйкөл (1925-жылдан иштейт), Кызылагач (Кура дарыясынын чатында, куштар кыштап өтөт), Закатал (дагстан туру мекендейт), Ширван, Гиркан (Талыш тоолорунун реликт токою) ж.б. Өлкөнүн экологиялык абалы жылдан жылга оорлошууда. Айлана-чөйрөнү булгоочу негизги булак - нефть казып алуу жана ажыратуу, металлургия, химиялык өнөр жайы, тоокен комбинаты, ошондой эле кургакчылык (талаада), токой кыюу, Каспий деңиз суусунун деңгээлинин көтөрүлүшү жана нефть, нефть продуктулары менен булганышы жаратылышка терс таасирин тийгизүүдө. Кура жана Аракс дарыясында фенол менен оор темирдин концентрациясы өтө (ККЧ 1525 эсе) жогору.

Өлкөнүн негизги калкы азербайжандар (90%), ошондой эле дагстандыктар, орус, армян, авар, лезгин, курд, татар, грузин ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Көп улуттуу өлкө болгонуна карабастан кийинки кездери азербайжанармян кагылышуусунун натыйжасында кошуна Армениядан келген азербайжан-качкындарынын эсебинен азербайжандардын саны өстү. Көп улуттун өкүлдөрү (армян, орус) өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу башка жактарга көчүп кетишүүдө. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 90,7 киши. Шаар калкы - 53% . Ислам динин тутат (62% мусулман-шеиттер, 26% мусулман-сүнөттөр). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники - 69,5, аялдарыныкы - 75,1 жаш. Ири шаарлары: Баку, Гянжа, Сумгаит, Мингечаур, АлиБайрамлы, Нахичеван. Жергиликтүү калктын (азербайжандар) көпчүлүгү Иранда (30 млн), Түркияда да (3 млн) жашайт.

Азыркы Азербайжандын аймагында алгачкы адамдар палеолит доорунда жашашкан. Биздин заманга чейин 9-кылымда пайда болгон Ман мамлекетинде чарба жана маданияты бир кыйла дурус өнүгүп, узак убакыттарга дейре Ассириянын, Урартунун кол салууларына туруштук берип келген. Биздин заманга чейин 7-кылымда түзүлгөн Мидия мамлекети падыша Киаксардын тушунда Байыркы Чыгыштагы зор империялардын бирине айланат да, Ман анын курамына кирип, негизги маданий борборго айланган. Биздин заманга чейин 6-кылымдын ортосунда Мидияны Персия басып алып, бийлик Ахеменилер династиясынын колуна өтөт. Жергиликтүү калк аларга каршы бир нече жолу көтөрүлүш чыгарат. Ахеменилерди Македонскийдин аскерлери талкалагандан кийин (б. з. ч. 4-кылымдын аягы), Азербайжанда мамлекеттүүлүк калыбына келтирилет. Бул мамлекеттик түзүлүш Атропатена деп аталып, борбору Газак шаары болгон. Анда дыйканчылык, мал чарбасы жана кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Кийинчерээк Азербайжандын аймагында жана Түштүк Дагстанда Албания мамлекети пайда болгон. 3-9-кылымда өлкөгө Иран жана Араб халифаты бийлик жүргүзүп, ислам дини киргизилген. Басып алуучуларга каршы жергиликтүү эл көтөрүлүшкөн (мисалы, Бабектин көтөрүлүшү). Элдик кыймылдар Араб халифатынын бийлигинин начарлашына алып келип, Азербайжандын аймагында 9-16-кылымда Ширваншахтардын, Кара-Коюнлу, Ак-Коюнлу аттуу мамлекеттери пайда болгон. Түрк урууларынын тарыхый узак мезгилдер бою (7-11-к.) Азербайжанга келип отурукташып, ал жердеги калк менен аралашуусунун натыйжасында байыркы жергиликтүү тилдер колдонуудан чыгат да, түрк тили (11-13-к.) элдин тили болуп калат. Мына ушул убактарда Азербайжан эли да түзүлгөн. 11-14-кылымда өлкөнү Тимур, монгол-татарлар, түрк-селжуктары басып алып, бүлгүнгө учураткан. Азербайжандын тарыхында 16-кылымдын башында түзүлгөн Сефевилер мамлекети маанилүү роль ойноду. Азербайжандын Сефевилер мамлекетине биригиши өлкөнүн чарбасынын жана маданий турмушунун өнүгүшүнө шарт түзгөн, элдин чет жердик басып алуучуларга каршы күрөшүнө мүмкүнчүлүк берет. Бирок буга карабастан, Азербайжан үчүн Иран жана Түркиянын согушу токтогон эмес. 18-кылымдын орто ченинде Азербайжандын аймагында Иранга көз каранды 15 феодалдык мамлекет болгон. 1813-28-ж. орус-иран согушунун натыйжасында Түндүк Азербайжан Россияга кошулган. Февраль революциясынын кийин Бакуда кош бийлик түзүлөт: коомдук уюмдардын Аткаруу комитети (Убактылуу өкмөттүн жерг. органы) жана жумушчу депутаттардын Совети (большевиктердин көзөмөлүндөгү). Убактылуу өкмөт кулатылгандан кийин жумушчу депутаттардын Баку Совети Азербайжанда Совет бийлигинин орнотулгандыгын жарыялаган. Мусаватчылардын куралдуу көтөрүлүшү басылган соң Баку эл комиссарлар Совети (Бакы коммунасы) түзүлгөн. 31. 7. 1918-ж. Бакуда бийлик Борбордук Каспий өкмөтүнө өтөт. Сентябрда түрк жана азербайжан аскер бөлүктөрүнөн турган Кавказ ислам армиясы Борбордук Каспий өкмөтүн кулатып, 28. 5. 1918-ж. түрктөрдүн колдоосуна таянган мусаватчылар борбору Гянжа болгон Азербайжан Демократиялык Республикасын (АДР) жарыялашат. 1920-ж. Париж (Версаль) конференциясында АДРдын көз каранды эместиги жөнүндө де-факто таанылат. Бирок Советтик Россия АДРдин легитимдүүлүгүн тааныгандан баш тарткан. 1920-ж. апрелде англис аскерлери Азербайжандан чыгарылгандан кийин Бакуга Кызыл Армия кирген жана Н. Нариманов жетектеген Азербайжан ССРи түзүлгөн. 13. 12. 1922-ж. Азербайжан, Грузия жана Армения Закавказье Советтик Федерация Социалисттик Республикасына бириккен жана 30. 12. 1922-ж. СССРдин курамына кирген. 1936-91-ж. Азербайжан союздук республика катары СССРдин курамында болгон. 1991-ж. августта Азербайжан көз каранды эмес республика катары жарыяланган. Ошол эле жылы А. А. Муталибов Азербайжандын президенти болуп шайланган. 1992-ж. оппозиция тарабынан ал бийликтен четтетилип, анын ордуна А. Эльчибей шайлоодо жеңишке жетишкен. 1991-жылдан Тоолуу Карабахтагы армян-азербайжан ортосундагы чыр-чатактардын күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө биртоп татаал кырдаал түзүлүп, Эльчибейдин саясаты өлкөнү саясий жана экономикалык кризиске алып келген. 1993-ж. июнь айында ал Бакыдан качып кеткен жана мунун натыйжасында президент бийликтен четтетилген. 1993-ж. Г. Алиев президенттикке шайланган. Анын тушунда саясий жана экон. кырдаал биртоп жакшырып, Россия, Түркия ж-а батыш өлкөлөрү менен байланыштар чыңдалган. 2003-жылдан анын уулу И. Алиев өлкөнүн президенти.

Ички дүң продукциясында өнөр жайынын үлүшү 38% , айыл жана балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). 2003-ж. ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 879,7 доллардан (АКШ) туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы нефть казып алуу жана иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар - Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясы (ГНАКР) жана Эл аралык компания (АМОК). Негизинен Бакы шаарынын аймагынан, Каспий деңизинин жээгинен, деңиздин өзүнөн казып алынат. Кургактыкта 34, шельфте 17 кен иштетилет. 2003-ж. 15,4 млн о нефть казылып алынып, 9,1 млн осы экспорттолгон; 5,1 млрд м3 газ (ири кени Шах-Деңиз) өндүрүлгөн. Нефть Россиянын (мурдагы Бакы - Новороссийск нефть кууру реконструкцияланган) жана Грузиянын (Супса) аймагы аркылуу Түркияга (Жейхан) жеткирилмекчи. 2003-ж. 21,3 млрд кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 88% жылуулук станцияларына (мазут, газ менен иштейт; ири станциялары: Мингечаур, Али-Байрамлы) жана 13% ГЭСке (Шамхор, Мингечаур - Кура дарыясында) туура келет. Нефть жана газдын базасында химиялык өнөр жайы өнүккөн (полиэтилен, пропилен, спирт, каустикалык сода, полиэфир ж. б. чыгарат). Машина куруу өнөр жайы нефтьгаз жана нефть-химиялык тармактары (стационардык жана калкыма бургу платформалары) үчүн жабдууларды даярдоого адистешкен. Электр-техникалык, прибор (чакан трансформаторлор, кабель продукциялары, муздаткыч) жана кеме куруу ишканалары иштейт; ири борборлору: Бакы, Сумгаит, Мингечаур, Гянжа. Кара металлургиянын негизги ишканалары: Азербайжан тоокен комбинаты (Дашкесан), Даш-Салах ишканасы (бентонит), Бакы болот куюу жана болот арматурасын чыгаруучу заводдор; түстүү металлургиянын негизги тармагы - алюминий өнөр жайы (Гянжадагы глинозём, Сумгаиттеги алюминий ж. б.). Жеңил өнөр жайынын негизги тармактары пахта тазалоо (Агдаш, Барда, Сабирабад, Али-Байрамалы ж. б.), накта жибек (Шеки, Ордубад, Ханкенди), кебез-кездеме, килем токуу (Шуша, Шемаха, Казах ж. б.). Тамак-аш өнөр жайынан ун, май-сыр жана консерва даярдоочу тармактарынан сырткары мөмө-жемишти кайра иштетүү (Баку, Шамкир, Гянжа, Ханлар, Акстафа), шарап жасоо, балык (мекре икрасы), ошондой эле чай (Ленкоран, Астара, Масалды) жана тамеки өндүрүштөрү (Евлах, Белоканы) өнүккөн. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 80% ке жакыны Апшерон экономикалык районунда (Бакы, Сумгаитте) өндүрүлөт. Айыл чарба продуктусунун 97% и фермер жана жеке чарбаларда өндүрүлөт. Айыл чарбага жарактуу жери 4,8 млн га (өлкөнүн аймагынын 55% и), анын 1,8 млн гасы айдоо жер, 2,7 млн гадан ашыгы жайыт жана чабынды. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү), айрым жерлеринде шалы жана техникалык өсүмдүктөр (пахта - Кура-Аракс өрөөнүндө, тамеки - негизинен өлкөнүн түндүгүнөн, чай - Каспий деңизинин жээгинде жана Ленкоран ойдуңунда; күнкарама ж.б.), жашылча-жемиш, картөшкө айдалат. Куба-Хачмас районунда Апшерон жарым аралы, Ленкоран жана КураАракс ойдуңдарында багбанчылык (алма, алмурут, айва, өрүк, алча, шабдаалы, фундук, жаңгак ж.б.), жашылчачылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхыИ облусу субтропик өсүмдүктөрүн өстүрүүгө (анар, анжир, бадам, курма) адистештирилген. Тоолуу аИмактарында кой чарбасы, тоо этектеринде аары чарбасы, Кура-Аракс өрөөнүндө, Чоң Кавказда жибекчилик өнүккөн. 2004-ж. 2,2 млн уй, 17,5 млн үй кушу болгон. Буйвол, жылкы асыралат.

Транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун узундугу 23 миң км (асфальтталган), темир жолунуку 2,1 миң км (анын ичинде 1,3 миң км электрлештирилген; 2003). Негизги темир жол түйүндөрү: Бакы, Балажары, Алят, Гянжа, Нахичеван. Башкы порту - Бакы (жүктүн көбү Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстан менен Иранга жөнөтүлөт), темир жол парому аркылуу Каспий деңизинин чыгыш жээги (Түркмөнбашы, Актау, Бекдаш) менен байланышат. Кура дарыясында кеме жүрөт. Аба транспорту да жакшы өнүккөн. Эл аралык Бина (Бакудан 25 км) жана Нахичеван аэропорттору бар. Нефть куурунун узундугу 1415 км (Бакы-Батуми, Али - Байрамлы-Бакы), газ куурунуку 2896 км (Карадач - Сумгаит, Али-Байрамлы - Карадач). Курорттору: Истису, Нафталан, Апшерон курорттор тобу ж.б. Сыртка нефть жана нефть продукциясы, түстүү металл, пахта, азык-түлүк чыгарып, сырттан машина жана машина жабдууларын, өнөржай сырьёлорун ж.б. алат. Негизги сырткы соода шериктери: КМШ, Европа шериктеш өлкөлөрү, Түркия, Иран.

Азербайжанда алгачкы мектептер 5-кылымда пайда болгон. 7-кылымда араб мектептери, 10-11-кылымда медреселер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Азербайжандын билим берүү системасы 1992-жылкы билим берүү мыйзамы (1994, 95, 97, 99-ж. редакцияланган) боюнча жүзөгө ашууда. Республикада 1777 мектепке чейинки мекемелер (бала бакча), 4554 жалпы билим берүүчү мектептер, 110 кесиптик техникалык окуу жайлар жана лицейлер, 68 кесиптик орто окуу жайлар, 405 мектептен тышкары мекемелер жана 57 (анын ичинде 32 мамлекеттик, 24 министрликке караштуу) ЖОЖ бар (2004). Азербайжанда билим берүү акысыз жана контракт жолу менен жүргүзүлөт. Бардык билим берүү тармактарына бирдей мамлекеттик стандарт кабыл алынган. Өлкөнүн ири ЖОЖнун өзөгүн Бакы мамлекеттик университети (1919-ж. негизделген), Азербайжан медициналык университети (1930) ж. б., Бакы, Сумгаит, Ленкоран, Гянжа, Нахичеван шаарындагы университеттер, 10 академия түзөт. Мамлекеттик эмес ЖОЖ: «Азербайжан», «Азия», «Хазар», «Тефеккюр», «Одлар», «Юрду» жана Азербайжан эл аралык унти ж. б. М. Ф. Ахундов атындагы мамлекеттик китепкана (1923), АИАга борбордук китепканасы, АИА караштуу тарых, Р. Мустафаев атн. искусство жана Низами атындагы Азербайжан көркөм адабият музейлери бар.

Азербайжанда басма сөз 19-кылымдын 30-жылдарында башталган. Азыркы учурда 600дөй коомдук-саясий гезит, журналдар азербайжан («Республика», «Халг гезити», «Ачыг Сёз», «Шарг»), орус («Бакинский рабочий», «Эхо», «Зеркало», «Содружество») жана англис тилдеринде «Каспиан бизнес ньюс», «Азери таймс», «Баку сан» чыгат (2004). Ири маалымат агентчиликтери («Туран», «Тренд», «Медпа-пресс»), мамлекеттик телекөрсөтүү («Аз-ТиВи»), мамлекеттик радиоуктуруу («Республика», «Араз») жана көз каранды эмес телерадиокомпаниялар (ириси - АНС) иштейт.

Азербайжандын адабияты байыркы бай адабияттын бири. Анда миңдеген жылдар бою айтылып келе жаткан эмгек, өз ара мамилелер, үрп-адат жөнүндөгү ырлар, макал-лакаптар, сатиралык аңгемелер элдин ойтилектерин чагылдырат. Азербайжан элинин элдик оозеки поэтикалык чыгармаларынын үлгүлөрү түрк элдеринин байыркы ири адабий эстелиги Махмуд Кашгаринин «Диван-и-лугат-ат-түрк» деген сөздүгүндө кездешет. Жазма адабияты Жакынкы Чыгыштын таасиринде 7-11-кылымда араб тилинде, 10-13-кылымда фарсы тилинде өнүккөн. 10-11-кылымда араб тилинде жазган белгилүү Багдад акындары - Абу-ль-Ала Гянжеви (акындардын «паашасы» титулунун ээси), Хагани, Фелеки Ширванинин улуту азербайжан болгон. Алардын эң көрүнүктүүсү акын-гуманист Низами Гянжевинин чыгармалары менен Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштын акындары таасирленишкен. Азербайжанда улуттук тилде жазуу 13-14-кылымда пайда болуп, «Гасаноглы» казалы жана «Китаби Деде Коркуд» эпикалык чыгармасы азербайжан тилинде жазылган. Несиминин лирикасы Азербайжан тилиндеги чоң диван-жыйнактарына кирген. Ал эми поэзиянын өнүгүшү Физулинин ысымы менен байланыштуу. Анын казалдары жана лирика - эпикалык «Лейли-Межнун» поэмасы (1537) Азербайжандын адабий тилинин калыптанышында чоң роль ойногон. Азербайжан элинин баатырдык-романтикалык поэмалары менен дастандары («Көроглы», «Ашик Гариб», «Асли жана Керем» ж. б.) жарык көргөн. 18-кылымдын акындарынын чыгармаларында (Видади, Нишата Ширвани, Ага Масиха Ширвани, өзгөчө Карабах хандыгынын мамлекеттик ишмери жана акыны Вагиф) ырдын формасы жана тили жөнөкөйлөшүп, 19-кылымда классикалык поэзия өнүгө баштайт. Ага Азербайжан Бакихановдун прозасы, Закирдин социалдык сатирасы жол ачкан. Азербайжан драматургиясына негиз салуучу М. Ф. Ахундов биринчилерден болуп азербайжан адабиятын орус адабияты менен байланыштырган. Анын «Алданган жылдыздар» (1857) жана өз учурундагы коомдун кулк-мүнөзүн чагылдырган 6 пьесасы Азербайжан адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. 20-кылымдагы улуттук коомдук аң-сезимдин өсүшү адабиятта өзгөчө орунду ээледи. Улуттук тилде мектептер ачылып, гезит, журналдар («Шарки-Рус», «Хаят» гезиттери; «Молла Насреддпн», «Фиюзат» ж. б.) жарык көрө баштады. 1920-80-ж. Азербайжан адабияты көп кырдуулугу менен айырмаланат. Айрыкча Мюшфиканын, С. Вургунанын, Р. Рзанын, Б. Вагабзаденпн, Наби Хазринин (Бабаева) жана Мамед Аризанын поэзиясы жогорку чеберчиликте берилип, орус классикасынын котормолору Азербайжан тилинде жарык көргөн. 21-кылымдын башында Азербайжан элинин руханий байлыгы болгон адабияты толугу менен калыбына келтирилип, мурда жарык көрбөгөн акындардын, прозаиктердин Ахмед Жавад, И. Алмасзаде, Алибек Гусейнзаде, У. Банин жана башкалардын чыгармалары басылууда жана Азербайжан адабиятынын тарыхы кайрадан каралып чыгууда.

Азербайжандын аймагында көптөгөн байыркы архитектура жана сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган. Өлкөнүн аймагында байыркы тарыхый эстеликтердин өзөгүн биздин заманга чейин 8-5 миң жылдыкка таандык (Кобустан) аска бетиндеги сүрөттөрү, менгирлер (мегалит курулмалардын жөнөкөй түрлөрү), дольмендер (мегалит көрүстөндөрү), кромлехилер, зооморфтуу карапа идиштер, таштан, чоподон жасалган эстеликтер жана энеолит доорунун колодон жасалган жасалгалары түзөт. Кичи Кавказдын этегинде Нахичеван Автономия Республикасынын аймагында биздин заманга чейин 1 миң жылдыктын эбегейсиз зор курулмаларынын калдыктары сакталган. Биздин заманга чейин 5-4-кылымдагы Азербайжан тарыхый эстеликтери Ахеменид мамлекетинин маданиятына түспөлдөш болуп, биздин заманга чейин 4-кылымдын аягында Атропатен маданиятына баш баккан. Буга 5-7-кылымдагы тарыхый эстеликтер (Чирах-Кала сепили; Кум, Ленит, Мингечаурдагы христиан храмдары), скульптуралар күбө. Азербайжандын орто кылымдын башындагы маданияты Албаниянын, Армениянын жана Грузиянын маданиятына байланышы бар экендигин айгинелейт. Азербайжанда 7-8-кылымда ислам динин кабыл алышы менен ар түрдүү мусулман маданиятынын курулмалары (мечит, медресе, күмбөз ж. б.) жаралган. 9-кылымдын 2-жарымында 10-кылымдын башында араб халифатынын кулашы көптөгөн майда мамлекеттердин борборлорунда ислам архитектурасынын орнаментинин жана каллиграфиясынын жеке менчик мектептеринин (12-13-к.) пайда болушуна алып келген. Буга Бакыдагы Кыздар мунарасы (Кыз калаасы, 12-к.), Жугадагы жана Нахичеван күмбөздөрү, Мардакян, Нардаран, Пирсагат суусунун боюнда, Ханегидеги сепилдер (14-16-к.), мавзолейлер, монумент кескилеринин үлгүлөрү, Байлакандын жана Гянжинин керамика жазуулары ж. б. күбө. 19-кылымдын 1-жарымында Азербайжан маданияты орус жана батыш Европа мамлекетинин маданиятынан таасирленип, архитектурада классицизм, 19-20-кылымдан эклектика жана модерн стилдери үстөмдүк кылган. 1923-ж. 1-жолу Бакы шаарынын генпланы бекитилип, эски шаардын түзүлүшү өзгөрүүгө дуушарланган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин улуттук стилде үйлөрдү жасалгалоодо (арх. Л. В. Руднер, В. 0. Мунц ж. б.) жергиликтүү курулуш материалдарын колдонушкан. 1960-ж. индустриалдык курулуш күч алып, жаңы типтеги коомдук курулуштар (стадион, цирк, дүрдүйнө дүкөндөрү ж. б.) пайда болгон. Азербайжандын сүрөт өнөрү (М. К. Эривани, М. М. Навваб, У. Г. Карабаги, А. А. Азимзаде, Б. Ш. Кенгерли) реалдуу багытта өнүгө баштаган. 1920-30-ж. сүрөтчүлөр (С. А. Саламзаде, К. Ханларов, Г. А. Халыков, Ш. Мангасаров) француз сүрөтчүлөрүнөн үлгү алышкан. 1930-жылдын жарымынан сүрөт искусствосу социалдык-реализм багытында (М. Абдуллаев, Н. Касумов, П. В. Сабсай, Д. М. Карягды) өнүгө баштаган. 1970-ж. аягынан сүрөтчүлөр символ менен метафораларды кеңири колдонушкан. Азыркы учурда (20-21-к.) сүрөтчүлөр жеке көргөзмөлөрүн уюштуруп, сүрөт коомдорун (Бакыдагы искусство борб.; У. Ахвердиев, Э. Алимирзоев ж. б.) түзүүдө. Азербайжандын сүрөт искусствосуна А. Жафаров, Т. Нариманбеков, С. Бахлулзаде, А. Рзакулиев көрүнүктүү салымдарын кошкон.

Азербайжан элдик музыкасы эмгек, элдик салтанат, диний үрп-адат, каада-салт менен тыгыз байланыштуу. Байыркы музыкасы Кобулстандагы аска бетиндеги сүрөттөрдөн (музыканттар менен бийчилердин сүрөтүнөн) көрүнүп турат. Улуттук музыка формасы жана жанрынын ар түрдүүлүгү менен айырмаланган фольклордун негизинде өнүккөн. Музыкалык аспаптары - саз, канон, уд, кеманча, түтек, баламан, нагара, гоша-нагара, дэф ж. б. Азербайжандын оозеки профессионалдык искусствосун ашугдар негиздеген. Алар лирикалык ырларды жана дастандарды жаратышып, элге жайылтышкан. Ашугдардын (Гурбан, 16-к.; Гариб, Диварганлы Аббас, Валех, 17-18-к.; Алескер, Нажафкули, Аббас-кули, Молла-Жума, 19-к.) ырлары саз аспабы менен коштолсо, мугамдар (Г. Гуси, Саттар, Жаббар Карягды, Шекили Алескер, Сеид Шушинский, Бюль-Бюль, Зульфи Адигезалов, Хан Шушинский, А. Гасымов) вокалдык аспаптарда чеберчилик менен ойногон. 19-кылымдын аягында ансамбль түзүлүп, алгачкы концерттеринде ашуг менен мугамдардын ырчы, бийчилери өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ал улуттук операнын жаралышына өбөлгө түзгөн. Физулинин чыгармасы боюнча «Межнун Лейлинин бейит башында» аттуу алгачкы опера (1908) коюлган. 20-кылымдын башында композиторлор мектеби уюшулган. Улуттук музыканын башаты У. Гажибеков («Лейли жана Межнун», 1908, алгачкы мугам операсы) менен М. Магомаевден башталып, алар музыкалык окуу жайларын (Баку консерваториясы, 1921) ачылышына зор салым кошкон. Музыка дүйнөсүнө жаңы муундар - Л. Зейналлы, Ж. Гажиев, К. Караев, А. Бадалбейли, Ф. Амиров, С. Гажибеков, Р. Гажиев, Т. Кулиев, А. Меликов, А. Ализаде, Ниязи ж. б. келип кошулду. Өзгөчө ийгиликтерге музыканттар К. Караев, Р. Бейбутов, Л. Иманов, З. Ханларова, А. Аскеров (либретто жазган); М. Р. Беннер, Г. Г. Шароев, К. Сафар-Алиева, Р. Атакишиев, Э. Назирова, В. Мустафазаде (пианисттер) ж. б. жетишкен. Азербайжандын бий өнөрү байыркы улуттук диний үрп-адаттар менен (аңчылык, от, балык улоого ж. б.) байланыштуу. Өзгөчө белгилүү бийлери «таракема», «гытгылыда», «иннаби», «жейран-бала», У. Гаджибеков. «Аршин мал алан» . Азербайжан театры. «ялла». 1938-ж. бий коллективи уюшулган. 1940-ж. алгачкы улуттук балет «Кыздар мунарасы» (А. Бадалбейли) коюлган. 1923-ж. Бакуда балет студиясы уюшулуп, 1933-ж. балет мектеби, 1936-ж. Баку хореографиялык окуу жайы ачылган. 1982-жылдан Бакуда камералык балет иштөөдө. Балет өнөрүнө орчундуу салым кошкондор - Г. Алмасзаде, Л. Векилова, М. Мамедов, Р. Ахундова, Т. Ширалиева ж. б.

Азербайжандын театр искусствосу байыркы элдик бий, оюн-зооктордон башталып, «Саячы», «Юглама», «Коса-Коса», «Гаравелли» аттуу улуттук драмалар коюлган. «Шах Селим», «Мараг юну», «Каракөз», «Кечал пехлеван» элдик оюндардын негизинде куурчак театры жаралган. Орто кылымда диний театр («Шабих») таралган. Улуттук тилде спектаклдер Тифлисте (1873), Кубеде (1875), Шекиде (1879), Эриваниде (1882), Шушта (1883) жана Нахичеванда (1883) коюла баштаган. 20-кылымдын башында Азербайжанда мусулман артисттеринин «Гамийет» труппасы менен «Нижат» жана «Сафа» агартуу коомдорунун астында театр бөлүмдөрү ишгеген. 1923-47-ж. Бакуда М. Ф. Ахундов атындагы театр мектеби иштеп, 1945-ж. анын негизинде Азербайжан театр институту (учурда мамлекеттик искусство жана маданият институту) ачылган. 21-кылымдын башынан Бакуда музыкалуу комедия (орус жана Азербайжан труппалары) куурчак жана жаштар театры, пантомима театрлары, ошондой эле «Йуг» театры иштейт. Театр искусствосунун өнүгүшүнө Г. Араблинский, «Насими» фильми. Реж. Г. Сейдбейли (Насими — Р. Балаев). 1974. Ж. Зейналов, М. Мамедов, М. Алвенди, И. Исфаганлы, М. Аббасов ж. б. көрүнүктүү салым кошкон.

Азербайжанда алгачкы көркөм фильм 1916-ж. (Г. Араблинскийдин катышуусунда «Нефть жана миллиондор дүйнөсүндө»), андан соң 1917-ж. У. Гажибековдун «Аршин мал алан» опереттасынын негизинде улуттук алгачкы кинокомедия (Бакыда) тартылган. 1923-ж. фотокино башкармасы (учурда «Азербайжанфильм») уюшулуп, анда режиссёрлор менен актёрлор (Ж. Жабарлы, А. Кулиев, С. Марданов, С. Гажиева, А. Герайбейли, А. Мамедова, Кязим Зия ж. б.) даярдалган. Алгач үндүү фильм 1936-жылдан баштап тартыла баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кулиевдин «Мекендин уулу» (1941), «Бахтиар» (1942) аттуу фильмдери тартылган. 1945-54-ж. аралыгында киноөндүрүшү токтоп калган, 1947-ж. Е. Л. Жигандын «Фаталихан» фильми тартыла баштап, ал 1959-ж. бүткөн. 1950—60-жылдын 2-жарымында Азербайжан киносу жандана баштап, Г. Сеидзаде, Т. Тагизаде, Т. Сейдбейли, А. Ибрагимов ж. б. режиссёрлордун кинофильмдери тартылган. Акыркы мезгилде Г. Мехтиевдин «Бөтөн бирөөнүн убактысы» (1997), Р. Пуйинин «Кыйраган көпүрө» (1997), Я. Рзаевдин «Сары кийимчен колукту» (1999), Ожагованын «Отелдеги бөлмө» (1999), Р. Ибрагимбеков жана Р. Мирзоевдин «Үй-бүлө» аттуу фильмдери тартылды.

Цирк өнөрү алгач көчө майрамдарында коюлуп, аркан баскычтар, жылан арбагычтар, маскарапоздор, көзбоёочулар, палвандар өнөр көрсөтүшкөн. Цирк өнөрүн биртууган Никитиндер 1904-ж. негиздешкен. 1945-ж. цирк коллективи түзүлүп, Азербайжандын белгилүү композиторлору, акындары, балетмейстрлери кошо иш алып барышкан. 1967-ж. Бакуда цирк (Европадагы эң ири, 2400 орундуу) курулган.




#Article 146: Баку (411 words)


Баку () — Азербайжан Республикасынын борбор шаары. Апшерон жана анын түштук-батышында, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 2,1 млн (2014; шаар айланасы менен 2,8 млн). Ири транспорт түйүнү. Тоңбогон порт.
Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түркмөнстан), Актоо (Актау Казакстан) ш. менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1967-жылдан метрополитен иштейт.
Баку шаары жөнүндө 5-кылымдагыдагы жазмаларда, ошондой эле 9-

Баку бухтасынын жээктеринде ширваншах капкасынын калдыктары (1235), шаардын байыркы бөлүгүндө Ичери-шехер чеби (12-к.), чептин ички аймагында Мухаммед мечити жана Сынык-Кала минарети (1078-79), Кыз-Кала мунарасы (12-кылымда кайрадан курулган), ширваншах сарайлар ансамбли (15-к.), Жума мечити (14-к.), Диван-хан, Шемахин дарбазасы, Хажи-хаммали мончосу ж. б. сакталган. Чептен сырткары кербен-сарайлар, овдан (жер астындагы суусактагыч), турак үйлөр ж. б. курулган. 1810-жылдан чеггги айланта курулуштар башталган. 1920-кылымда эллектизм жана модерн стилиндеги курулуштар ургаалдуу өнүккөн. 1920-30-ж. шаардын эски райондору жаңыланып, бир топ аянт жана парктар пайда болгон. Шаардын азыркы көрүнүшүнө археология О. Дадашев менен М. Усейновдордун салымы чоң. С. Низами атындагы кинотеатр, Азербайжан политехникалык институту (1993-жылдан ), Өкмөт үйү (1952), республикалык стадион (1952), аэровокзал (1964), мейманканалар («Интурист», «Азербайжан», 1969; «Москва», 1978), «Гүлстан» кубаныч сарайы (1980), метрополитен иштейт. «Бакунун 26 комиссарын атып өлтүрүү» горельефи (1924-46, 1958-ж.) орнотулган.
Баку өлкөнүн илимий, маданий борбору. Азербайжан УИА (1945), 90дон ашык илимий мекемелер, (315 жалпы билим берүүчү мектеп, 36 ЖОЖ (филиалдары менен; анын ичинен 17си мамлекеттики), Баку (1919), Азербайжан пед. (1921), Азербайжан мед. (1930) университеттери, Азербайжан нефть (1920-жылдан), денетарбия жана спорт, авиация (1992), мамл. башкаруу (1999) академиялары, консерватория (1921,1991-жылдан У. Гажибеков атындагы Муз. академия), жогорку аскер окуу жайы ж. б. бар. М. Ф. Ахундов атындагы (1923), академиялык (1925) китепканалар, улуттук драма (1920-жылдан), орус драма (1923), М. Ф. Ахундов атндагы опера жана балет (1920), Ш. Курбанов атындагы музыкалык комедия (1938), куурчак (1931), «Йуг» (1993), «Пантомима» (2000) ж. б. театрлар, 26 музей (анын ичинде Азербайжандын көзкаранды эместиги, Р. Мустафаев атындагы искусство, Низами атындагы Азербайжан адабияты, Л. Керимов атындагы Азербайжан килеми жана элдик жасалга-колдонмо искусство, Азербайжандын музыкалык маданияты) иштейт. Ошондой эле П. БюльБюль оглы, М. Магомаев, У. Гажибеков, С. Вургундун үй-музейлери, сүрөт галериясы, филармония (анын курамында У. Гажибеков атындагы симфониялык, камералык, улуттук аспаптар, мамлекеттик эстрада оркестрлери, хор капелласы иштейт), киностудия («Азербайжанфильм», 1923), цирк, балдардын белгилүү шахмат мектеби (Г. Каспаров, Т. Ражабов ж. б. окуган) ж. б. бар. Баку Азербайжандын ири өнөржай (республикасынын өнөржай өндүрүшүнүн 60%тен ашыгын, чыгарылган продукциянын 60%тен ашыгын берет) борбору. Нефть, газ, нефть ажыратуу, нефтьхимиялык (шина, тиричилик химиясы), кара жана түстүү металлургия (болот, куюу, болот арматура өндүрүшү заводу), машина куруу (анын ичинде нефть өнөржайына керектүү жабдуулар), радиоэлектроника, жеңил (буткийим, пахта фабрикасы), электртехникалык, тамак-аш (шампан, шарап, эт комбинаттары) өнөржайлары бар.




#Article 147: Тайвань аралы (371 words)


Тайвань – Кытайдагы провинция. Азиянын түштүк-чыгыш жээгинен орун алган. Тайвань провинциясын материктен Тайвань кысыгы бөлөт. Тайвань аралы жана ага чектеш жаткан аралдар, Пенхумдао аралы да провинциянын курамына кирет. Аянты 36 мин км2. Калкы 23,1 млн (2010); калкынын 98%и кытайлар. Административдик борбору – Тайбэй шаары. Өзүнүн акча бирдиги (тайвань доллары) бар. Тайванды жээктей Юйшань кырка тоосу (бийиктиги 3950 м) созулуп жатса, батышы түздүктүү. Түндүгүндө өчкөн жанар тоолор тобу жайгашкан. Жаратылыш газы, таш көмүр, нефть, алтын кени бар. Климаты түндүгүндө субтропиктик, түштүгүндө тропиктик, муссондук. Январдын орточо температурасы 15–20°С, июлдуку 27–28°С. Жылдык жаан-чачыны 1500–5000 мм. Тезтез тайфундар болуп турат. Нымдуу тропик токою басымдуу. Дарыяларынын суусу мол. Кызыл күрөң токой топурагы мүнөздүү. 3300 м бийиктиктен жогору бадал жана шалбаа өсөт.

Тайвань 13-кылымдан Кытайдын курамында. 18-кылымдын аягында португалиялыктар Тайванга кирип, аралды Формоза (Татына) деп аташкан. 1924-жылы голландиялыктар ээлеп алган. Кийинчерээк аларды кытайлар аралдан кууп чыккан. 1895–1945-жылдары Япониянын бийлиги астында болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта (1945) Япония жеңилгенден кийин Кытайга кайтарылган. 1949-жылы КЭР түзүлгөндөн кийин Гоминдань бийлиги кулап, анын жактоочулары Тайванга качып келип отурукташкан. Тайбей Кытай Республикасынын убактылуу борбору болуп жарыяланып, өкмөт аппараты жайгашкан. 1949–71-жылы Тайвандын өкүлү БУУда Кытайдын атынан орун ээлеген. 1990-жылы Кытайдын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Тайвань менен Кытайдын биригиши жөнүндө каралган, бирок ал ишке ашкан эмес. Ошондой болсо да финансы-экономикалык жактан байланыштар күчөгөн.

Тайвань – экономикалык жактан жогору өнүккөн аймак. ИДПнин көлөмү 717,7 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 29,8 мин доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 69,2, өнөр жайдыкы 29,2, айыл чарбасыныкы 1,6. 2008-жылы 238,3 млрд кВт∙с электр энергиясы (3/4ү ЖЭСтен, 1/5и АЭСтен) өндүрүлгөн. Машина куруу (анын ичинде жогорку технологиялуу электроника), электр-техникалык (тиричилик муздаткычтары, кир жуугучтар ж. б.), автомобиль (анын ичинде мотоцикл, скутер), кеме куруу өнүккөн. Кара жана түстүү металлургия, химиялык (негизинен нефтьхимиялык), фармацевтика, жеңил (анын ичинде текстиль), тамак-аш – татымал өнөр жай иштейт. Шалы (негизги азык), бал камыш, чай өстүрүлөт. Гүл өстүрүүчүлүк (негизинен экспортко чыгарат), жашылча-жемишчилик өнүккөн. Чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармалып, деңиз азыктары даярдалат. Аква маданий өсүмдүктөрү (омурткасыздар, балырлар ж. б.) өстүрүлөт. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 40,8, темир жолунуку 1,6. Башкы деңиз порттору: Гаосюн, Цзилун (Тайбейдин аванпорту), Тайчжун. Экспортко электроника, тиричилик электр буюмдары, химикаттар, дары-дармектер, текстиль чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Кытай, Япония, АКШ, Түштүк Корея, Европа союзуна кирген өлкөлөр, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясы.




#Article 148: Карышкыр (156 words)


Карышкыр, бөрү () — сүт эмүүчү жырткыч жаныбар. Ит сымалдуулар тукумуна кирет.
азыркы мезгилде бул жырткыч жоголууда ошого карабастан озунун кучун жоготпой келет.Алардын дене тузулушунун узундугу (куйругун эсептебегенде)160см ге чейин жетет,куйругу 52см ге ал эм эсеп салмагы 86 кг га чейин жетет.Ал эми алар отурукташкан жерлер:
алар адам чарбачылыгына чон зыян алып келет. Ача туяктуулар жашаган баардык жерде байырлашат.

Эӊ биринчи карышкырлар мындан 1 800 000 жыл мурда пайда болгон. Алардын арасында Canis priscolatrans, кичинекей , азыркы кызыл карышкыргы окшош, Евразиядан берингияга чейин жашаган.

ДНК менен изилдегенде дүйнөдө карышкырлардын 4 түрү гана териси баалуу жана эӊ байыркы карышкырлар бар. Бул карышкырлардын мекени Африка болуп эсептелет. Калгандары болсо Индиялык субконентке тиешелүү. Алардын ичинен эӊ байыркылар Гималай тукумунан 800 000 жыл мурда, Гималайда чоӊ өзгөрүүлөр болуп жаткан кезде пайда болгон.
Индиялык карышкыр Гималайлык карышкырдан бөлүнгөнүнө 400 000 жылдын жүзү болду. Эӊ акыркы тукумдардан болуп Тибет карышкырлары, Кашмир карышкырларынын түпкү тукуму, 150 000 жыл мурда пайда болгон деп эсептелет.




#Article 149: Армения (3088 words)


 

Армения (,  Айастан), расмий аталышы — Армения Республикасы (, Айастаны Анрапетутюн) — Азиянын түштүк-батышындагы мамлекет. Закавказьенинтүштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Грузия, чыгышынан Азербайжан, түштүк-батышынан Иран жана Нахичеван Автономия Республикасы, батышынан Түркия менен чектешет. Аянты 29,74 миң км2. Калкы 2,98 млн (2005). Административдик-аймактык жактан 11 облуска (марз), 27 шаарга, 31 шаарчага бөлүнөт. Ереван шаары өзүнчө марз статусуна ээ. Борбору - Ереван шаары. Акча бирдиги драм.

Армения - БУУнун (1992), КМШ өлкөлөрүнүн (1991), ЕККУнун (1992), Эл аралык валюта фондунун (1992), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003) мүчөсү.
Армения Конституциясы 1995-ж. кабыл алынган.

Apмения - унитардык мамлекет, 11 облустан турат. Конституциясы 1995-жылы 5-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы аралаш (президенттик-парламенттик) республика. Мамлекет башчысы - президент (5 жылга бир гана жолу шайланат). Мыйзам чыгаруучу бийлигинин жогорку органы - Улуттук жыйналыш. Аткаруу бийлигинин органы - Министрлер Кеңеши. Саясий партиялары: Армян жалпы улуттук кыймылы, Улуттук биримдик, Армян революциялык Дашнакцутюн федерациясы, Армения коммунисттик партиясы, Армения жалпы элдик кыймылы.
 

Apмения - тоолуу өлкө. Армян тайпак тоосунун Кичи Кавказдын кырка тоолору менен чектешкен түндүк-чыгыш бөлүгүн ээлейт. Аймагынын 90%дан ашыгы деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте жайгашкан, орточо бийиктиги 1800 м, эң бийик жери Арагац чокусу 4090 м. Түштүк-батышында Арарат түздүгү жайгашкан. Субтропиктик клпматтык алкакта жайгашкан. Климаты негизинен контпненттик, кургакчыл, бирок өлкө тоолуу болгонуна байланыштуу климаттын ар түрдүү тиби кездешет. Түздүктөрдө январдын орточо температурасы -5°С, июлдуку 24-26°С, жылдык жаан-чачыны 200-400 мм; тоолуу аймагында январдыкы -4°Сден -6°Сге чейин, июлдуку 18-20°С, жылдык жаан-чачыны 500 ммге чейин. Дарыялары Каспий деңизинин алабына кпрет. Ири дарыялары: Аракс (чегара аркылуу агат), Кура. Дарыялары шар агып, босоголуу болгондуктан, кеме жүрүүгө ыңгайсыз, бирок гидроэнергия ресурсуна бай. Жермук, Арзни, Дилижан, Бжни, Анкаван минералдык суулары бар. Apменияда 100дөн ашык көл бар, алардын эң ириси - Севан көлү. Тоо капталдарында 2000 м бийиктикке чейин талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат. Аймагынын 1/5 бөлүгүнө жакынын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) жана бадалдар ээлейт; ксерофиттик сейрек токой да кеңири таралган. Андан жогору субальп жана альп өсүмдүктөрү мүнөздүү. Дилижан, Хосров жана башка коруктары, Севан улуттук паркы бар. Тоолуу талаа, шалбаалуу субальп жана альп алкактары жайкы жайыт.

Негизинен армяндар (93%), ошондой эле азербайжан, орус, курд, украин, грек, ассириялыктар (айсорлор) жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектердики - 69,9, аялдардыкы - 75,8 жаш. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 98,7 киши (2005); Арарат өрөөнүндө калк жыш (1 км2 200) отурукташкан. Христиан динин тутат. Шаар калкы 64,2% . Ири шаарлары: Ереван, Гюмри, Ванадзор.

Армян тайпактоолору - дүйнөлүк цивилизациянын эң байыркы борборлорунан. Археологиялык казмалардан табылган эмгек куралдары байыркы таш доорунда (палеолит) эле Apмениянын аймагында адамдардын жашаганын, металл иштетүү маданиятынын байыркы очокторунан экенин далилдейт. Биздин заманга чейинки 5-4 миң жылдыкта эле Армениянын аймагында жезди иштетүү кеңири өнүккөндүгү белгилүү. Биздин заманга чейинки 13-кылымда Армян тайпак тоосунда жашаган уруулар Ассириянын басып алуусуна каршы күрөштө бир нече союздарга (Уруатри, Наири, Дайани) бириккен. Аталган союздардын негизинде биздин заманга чейинки 9-кылымда Урарту мамлекети түзүлгөн. 1950-жылы Аринберд дөбөсүнөн, азыркы Ереван ш-нын аймагынан табылган шынаа сымал жазмада Менуа уулу Аргиштинин Эребуни чебин негиздегендиги (биздин заманга чейинки 782-жылы) тууралуу айтылат. Бул маалымат Ереван шаарынын дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардан экендигин айгинелейт. Урарту мамлекетинин борбору Тушпа болгон. Ассириялык шынаа сымал жазманын негизинде Урартунун өз жазуусу түзүлгөн. Урартулуктар мал чарбасы, дыйканчылык менен кесиптенишкен, жасалма сугат системасы жогору өнүккөн. Кол өнөрчүлүктөн өзгөчө металл иштетүү жогорку деңгээлге жеткен. Биздин заманга чейинки 7-6-кылымда жүзүм өстүрүү жана вино жасоо өнүккөн. Биздин заманга чейинки 1 миң жылдыктын 2-жарымында армян элинин калыптануусу аяктаган. Биздин заманга чейинки 6-кылымда ички биримдиктин жоктугу, ошондой эле скифтердин жана Мидиянын баскынчылык жортуулдары Урарту мамлекетинин кыйроосуна алып келген. Биздин заманга чейинки 6-кылымдын акыркы чейрегинде Армения Ахемениддер державасынын курамына кирген. Дарий Iнин Бехистун аскасындагы үч тилде жазылган жазмасында элам жана перси тилдеринде «Армения» өлкөсү, ал эми ассириялык тексте «Урарту» мамлекети тууралуу эскерилет. Дүйнөнүн Вавилон картасында (биздин заманга чейинки 5-кылым) «Армения» өлкөсү белгиленген. Геродоттун маалыматтарында Армения Дарий Iнин державасынын 13- жана 18-сатрапияларына киргизилген. Ксенофонт 13-сатрапияны Ахемениддерге туугандык байланыштагы Ервандун уруусунун өкүлдөрү башкарышкандыгын белгплейт. Ахемениддер державасы Александр Македонский тарабынан кыйратылгандан кийин, армян сатраптары Ерванд III жана Митраустес көз каранды эмес эки княздыкты негиздешкен. Ерванд алгач Александр Македонскийдин бийлигин тааныган, бирок диадохтордун күрөшүнүн учурунда өз алдынчалыкка жетишишкен. Биздин заманга чейинки 220-жылы Ервандиттер падышалыгын селевкид башкаруучусу Антпох III басып алып, 3-к-дын аягында Армениянын аймагы толук каратылган. Бул бириктирилген аймак Улуу Армения деп атала баштаган, аны жергиликтүү башкаруучу Арташес башкарган. Биздин заманга чейинки 189-жылы Улуу Армения жана Софена өз алдынча мамлекеттерге айланган. Арташес I (189-160-жылы башкарган) өзүн падыша деп жарыялап, Арташесиддер династиясын негпздейт. Улуу Армения мамлекети, анын небереси Тигран Шнүн тушунда күч-кубаттуу мамлекетке айланып, бардык армян жерлери бириктирилип, Софен, Сирия, Коммаген, Киликия, Месопотамия, Селевкиддер падышалыгы каратылат. Тпгран III Тигр дарыясынын боюна өлкөнүн жаңы борбору - Тигранакерт шаарын курдурган. Улуу Арменияда антикалык Грекиянын, эллиндик Сириянын жана Кичи Азиянын таасири менен маданият, архитектура, театр, адабият, поэзия өнүккөн. Биздин заманга чейинки 62-жылы Улуу Арменияда Аршакиддердин династиясы орнотулат. Биздин заманга чейинки 1-кылымдан баштап Армения Рим менен Парфия падышалыгынын ортосундагы күрөштүн майданына айланган, бул Улуу Арменияны начарлаткан. Биздин замандын 3-кылымынан Улуу Армения сасаниддик Иранга көз каранды мамлекетке айланган. 301-жылы христиан дини Улуу Армениянын мамлекеттик дини деп жарыяланган. 4-кылымдын аягында Месроп Маштоц армян алфавитин түзгөн. 387-жылы Арменияны Византия менен Иран өз ара бөлүп алышкан. Сасаниддер менен Византиянын Армения үчүн болгон күрөшү 20 жылдан ашык созулган. 7-кылымдын 2-жарымында Арменияны Араб халифаты басып алды. Узакка созулган күрөштүн натыйжасында арабдардын бийлиги кулатылып, 9-кылымдын аягында Арменияда Багратилердин падышалыгы түзүлөт. Бул учурда экономикалык жана маданий турмуш кайрадан жогорулап, шаарлар (Ани, Ван, Карс жана башка) кол өнөрчүлүк менен соода-сатыктын ири борборлоруна айланды. 11-кылымдын 1-жарымында Армения кайрадан Византияга көз каранды мамлекетке айланды. 11-кылымдын ортосунан Арменияга селжуктар басып кирген. 123-643-жылдарда бүткүл Закавказье монгол-татарлар тарабынан каратылган. Армения мамлекети жоюлуп, Хулагулар мамлекетинин курамына кошулган. Шаарлар талкаланып, калкынын бир кыйласы кырылган. Армяндардын чет өлкөлөргө ооп кетиши күчөп, алардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнө, Алтын Ордонун шаарларына, Крымга жана башка жерлерге көчө качты. Буковинада, Галицияда, Венгрияда армян колониялары пайда болгон. 14-кылымдын башында Токтомуштун, андан кийин Тимурдун жортуулдарынын учурунда Армения эбегейсиз талап тонолгон. 15-кылымдын башында Армения көчмөн түркмөн уруулары (КараКоюнлу, кийин Ак-Коюнлу) тарабынан каратылган. 16-18-кылымда А. Осмон империясы менен Сефевилер державасынын ортосунда талаш майданга айланып, 1639-жылы жарашуудан кийин, Чыгыш Армения Иран, Батыш Армения Түркиянын курамына кирген. Орус-иран согушунун (1826-28) жыйынтыгында түзүлгөн Түркмөнчай келишими боюнча Чыгыш Армения (Эриван, Нахичеван хандыктары) Россияга, калган бөлүгү Түркияга кирген. 1-дүйнөлүк согуш учурунда түрктөр 1,5 млн армяндарды жок кылып (1915-16), 600 миңге жакынын Месопотамияга зордоп көчүргөн. 1918-жылы 28-майда Армян республикасы түзүлүп, бийликке улуттук-буржуазиялык «Дашнакцутюн» партиясы келет. 1918-жылы Антанта менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн Мудросс жарашуусу боюнча Түркия Армениянын аймагынан аскерлерин чыгарып кеткен. 1920-жылы сентябрда түрктөр кайрадан Арменияга басып кирип, өлкөнүн үчтөн-эки бөлүгүн ээлейт. 1920-жылы 29-ноябрда Кызыл Армиянын күчтөрү дашнактар бийлигин кулатып, Арменияны Советтик Социалисттик Республика деп жарыялайт. 1922-жылы Армян ССРи Закавказье федерациясынын (ЗСФСР) курамында СССРге кирген. 1936-жылы өз алдынча Армян ССРи түзүлгөн. СССР кыйрагандан кийин, 1991-жылы 23-сентябрдан Армения көз каранды эмес республика.

Ички дүң продукциясында айыл чарбанын үлүшү 22,7%, өнөр жайы 20,5%, курулуш 15,7% , соода 9,8% , транспорт 5,3% ды түзөт. Өнөр жайынын негизин тамак-аш (36,6%; 2003), түстүү металлургия (21,7%), электр энергия (19,5%), машина куруу жана металл иштетүү (4,8%), химия (2,0%) тармактары түзөт. Армения дүйнөдөгү энергиясы таңкыс өлкөлөргө кирет. Жергиликтүү энергия ресурстарынын негизин гидроэнергия берет. Отундун басымдуу бөлүгүн сырттан (газды Россия менен Түркмөнстандан) алат. Армениянын экономикасында маанилүү орунду «Армросгазпром» биргелешкен (Россия, Армения) ишканасы ээлейт. Ал газ куурларын, газ сактоочу жер астындагы жайларды куруп, ремонттойт. 2004-жылы 4,9 млрд кВтШ электр энергиясын өндүргөн; анын 41% АЭСке, 30% ГЭСке, 29% жылуулук электр станцияларына таандык. Жез-молибден рудаларын, алтын казып алып иштетүүчү ишканалары бар. Машина куруу өнөр жайы электрондук, автомобиль жана станок куруу тармактары үчүн жабдуулар чыгарууга адистешкен; анын негизги борборлору: Ереван, Ванадзор, Армавирдик Электртехника жана электрондук өнөр жай ишканалары Ереванда (электр кыймылдаткычтарын жана башка чыгарат), Ванадзор (ченегич приборлор, светотехника жана башка), Гюмри (анализдик приборлор), Севан (электр механизмдерин) жана башка шаарларда жайгашкан. Химиялык өнөр жайы хлоропрен каучугун, резина буюмдарын, шина, жасалма була, целлофан, химиялык реактивдери, карбамид, меланин жана башка продукцияларды чыгарууга адистешкен. Зергерлик буюмдарды даярдоочу өнөр жайы өнүккөн; анын продукциясын экспорттоо боюнча 1-орунда турат. Зергерлик сырьёну (негизинен зергерлик жана техникалык алмазды, алтынды) Россиядан, Бельгиядан жана Нидерланддан алат. Ири ишканалары: Ереван зергерлик заводу, Армян алмаз компаниясы. Тамак-аш өнөр жайынын негизги продукциялары: коньяк жана шарап (20дан ашык заводу бар), мөмө-жемиш жана жашылча консервалары, суусундук, эт жана эт продуктулары, сүт продукциясы жана башка. Жогорку сорттогу тамеки чыгаруучу биргелешкен ири ишканалары бар. Курулуш материалдарынан цемент, асбоцемент жана шифер, имараттарды туфтан каптап жасалгалоочу материалдарды жана башкалар чыгарат. Еревандагы прибор куруу ишканасы үчүн таза темир (металлоломдон) даярдоочу тажрыйба-өнөр жай заводу, Туманян шаарында отко чыдамдуу материалдарды чыгаруучу завод иштейт. Айыл чарбага жарактуу жери 1,4 млн га (өлкөнүн 47% аянты), анын 0,5 млн гасы айдоо, 0,8 млн гасы жайыт жана чабынды. Айыл чарба продукциясынын 60%ке жакынын өсүмдүк өстүрүүчүлүк берет. 2003-жылы 244,1 миң о буудай, 444,1 миң о картошка, 573,3 миң о жашылча-бакча, ошондой эле техника (тамеки, казтаман), тоют өсүмдүктөрү жыйналган. Мөмө-жемиш бактарын (шабдаалы, өрүк) өстүрүү жана жүзүмчүлүк (2002-жылы 82,6 миң о жүзүм жыйналган) өнүккөн.2003-жылыАрменияда 493,9 миң баш бодо мал, 563,2 миң кой, эчки, 65 миң чочко болгон. Айыл чарба продукцияларынын 95,5%ке жакыны жеке менчик чарбаларда даярдалат. Рекреациялык ресурстарга бай; курорттору: Арзни, Жермук, Дилижан, Цахкадзор жана башка. Транспортунун негизги түрү - автомобиль жолу. Автомобиль жолунун узундугу 7,6 миң км (2003). Негизги автомобиль магистралдары: Ереван - Аштарак - Гюмри, Ереван - Севан Ижеван. Темир жолунун узундугу 711 км; негизги темир жол тоому - Ереван шаары. Грузия темир жол менен (Ереван - Ванадзор - Алаверди - Тбилиси) катнашы бар. Россиядан (Грузиянын аймагы аркылуу) газ кууру келет. Ири аэропорту - Звартноц (Еревандан 10 км аралыкта). Экспортко (2003-жылы 685,5 млн доллар) караганда импорт (1279,5 млн доллар) басымдуулук кылат. Экспортко негизинен асылташтарды, баалуу металлдарды, шарап, коньяк, түстүү металлдарды (алюминий, никель жез) жана алардан жасалган буюмдарды чыгарат; сырттан (импорт) отун (негизинен газ), иштетилбеген асылташтарды, жабдууларды, дан эгиндерин алат. Негизги соода шериктери: Россия, АКШ, Бельгия, Улуу Британия, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери.

Армян адабияты дүйнөдөгү байыркы адабияттардын бири. Биздин заманга чейинки эле армяндарда бутпарастык адабият болуп, ал армяндар христиан динине өткөн соң (301) жоголгон. Жазма адабияттын тарыхы 5-кылымдан - Месроп Маштоц армян жазмасын түзгөн мезгилден (406) башталат. Жазма адабий эстеликтерден М. Маштоцтун котормолору, ырлары, Агафангел, Павстос Бузанд, Егише, Лазар Парбенци жана Мовсес Хоренацинин (5-кылымдын тарыхчылары) эмгектери өзгөчө баалуу. Араб эзүүсүнүн тушунда жана Византия басып алган мезгилде (7-9-кылым) жарандык адабият (Давтак Кертог, тарыхчылар - Себеос, Овнан Мамиконян, Мовсес Каганкатваци, Гевонд), диний айтыш (кара сөздө) жана чиркөө поэзиясы (мисалы, «Щаракноц», Комитасо, Степаноса Сюнеци) өнүккөн. 9-кылымдын аягында А. көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин (886) адабиятта гуманисттик идеялар пайда болуп, Кайра жаралуу доору башталган.
 Григор Нарекацинин («Кайгылуу ырлар китеби») поэмасы, 10-кылымдын тарыхчылары Ованес Драсханакертци, Товма Арцруни, аты жок Арцрунинин чыгармаларында гуманисттик алдыңкы ой-пикирлер нукура элдик формада туюнтулган. 11-12-кылымдагы армениялык адабияттын элегия (Аристакес Ластивертци), лирика-эпикалык поэма (Григор Тга, Нерсес Ламбронаци), эпистолярдык (Григор Магистр), лирика (Нерсес Шнорали) жана поэтика (Ованес Имастасер) жанрында жазылган чыгармалар түзөт. Алгачкы тамсил Мхитар Гошко таандык жана 13-кылымдын башталышында Вардан Айгекци элдик тамашалуу мүнөздөгү тамсилдер жыйнагын («Куулуктун китеби») түзгөн. 13-кылымда Армения адабияты мекенди сагынуу, мамлекеттик түзүлүштүн адилетсиздигине каршы жана башка ой-пикирлерди камтыган Фриктин поэзиялары, Ованес Ерзнкаци жана Константин Ерзнкацинин лирикалары, 14-16-кылымда Ованес Тулкуранци, Мкртыч Нагаш, Григор Ахтамарци, Нерсес Мокаци, Кучак Наапет, Григор Церенц, Хачатур Кечареци, Аракел Сюнеци, Симеон Апаранци жана башка акындардын ырлары менен толукталат. 17-18-кылымда жазуу менен бирге ашугдардын оозеки чыгармачылыгы өнүккөн. Акын Саят-Нова (1712-1795) алгачкылардан болуп лирика поэзиясына чыйыр салган. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында армян адабитында классикалык поэзия салты күч алган. Ага ОШОНДОЙ Ванандеци, П. Минасян, А. Багратуни, Е. Томачян, Э. Гюрмюзян жана башкалар кирет. 1840-50-жылдарда жаңы армян адабиятына негиз салган акын Г. Алишан, демократ акын Х. Абовян («Армения муңу» тарыхый романы (1841; 1858-жылы басылган) адттагы прогрессчил романтизм менен реализмге жол ачкан. Х. Абовяндын чыгармачылыгындагы демократиялык багыттарды П. Прошян (1837-1907), Г. Агаян (1840-1911) өнүктүргөн. Атактуу жазуучу жана ойчул М. Налбандян (1829-1868) биринчилерден болуп материалдык эстетиканын принциптерин иштеп чыгып, социал. мазмунга каныккан реалисттик адабиятты ырааттуу түрдө жактаган. Улуттук идеяларды акын, филолог Г. Алишан (1820-1901) көтөрүп чыгат. 19-кылымдын 2-жарымында акындар Р. Патканян, М. Пешикташлян, П. Дурян жарандык ырлар менен поэмаларды жаратышкан. Улуттук публицист В. Арцруни, романчылар Цернцтин, Раффи тарыхый роман жазышкан (1880-90). Сын реализми сатирачы А.Пароняндын, драматург А. Ширванзаде чыгармаларында өнүккөн. Нар-Дос, Мурацан (Г. Тер-Ованисян), В. Папавян, А. Арпиарян, Г. Зохраб, Т. Камсаракан, А. Ширванзаде, И. Иоаннисян, А. Цатурян европалык жана орус акындарынын чыгармаларын которуу менен бирге реалисттик багыттагы чыгармаларды жаратышып, адабият казынасына зор салым кошушкан. Армян элдик классикалык чыгармачылыктын туу чокусу деп ОШОНДОЙ Туманян тарабынан элдик сюжеттердин негизинде иштелип чыккан «Солунци Давид» («Давид Сасунский») улуттук эпосун жана элдик жомокторду айтууга болот. 19-20-кылымдын көрүнүктүү акындары А. Исаакян, В. Тергьян, Сиаманто (А. Ярчанян), Д. Варужан, М. Мецаренц, Р. Севак, В. Текеян, Е, Чаренц, курч социалдык темаларга А. Акопян, Ш. Кургинян, Г. Сарьян, М. Арази жана башкалардын чыгармалары жаңы армян адабиятын дүйнөлүк адабияттын алдыңкы чегине жеткирди.

Армениянын архитектурасынын байыркы эстеликтери биздин заманга чейинки 3000-жылга таандык (Арагацтын жанындагы мегалиттик курулуштар жана башка). Архитектура биздин заманга чейинки 9-6-кылымда Урарту мамлекетинде өнүккөн (Тейшебанидеги турак-жайлар, биздин заманга чейинки 7-кылым; Эренбуниндеги Кудай Халд храмы, биздин заманга чейинки 8-кылым). Шаарларда эллин доорундагы сарайлар менен чептер өзгөчөлөнө баштаган (Тигранакерт, биздин заманга чейинки 1-кылым). 4-6-кылымда христиандык сыйынуу жайларда бир жана үч нефтүү базилика курула баштаган. Үй куруунун жаңы баскычы 11-18-кылымдагы көп сандаган эстеликтерден, өзгөчө Армениянын борбору Анидеги Багратидден көрсө болот. 19-кылымда, айрыкча Чыгыш Армения Россияга кошулгандан кийин, шаарларда (Ереван, Александрополь, Карс), турак-жайлардын жаңы типтери пайда болуп, ал социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн таасиринде калыптанган. Көп кабаттуу үйлөр Ереванда, Ленинаканда, Алавердиде курулган. Архитектор А. Таманян (Өкмөт үйү, опера театрынын имараты, 1-Ер ГЭСи) улуттук салт менен азыркы архитектураны айкалыштырган. 1960-70-жылдарда коомдук жайларды типтештирүү башталды. Мемориал эстеликтер салынган (1915-жылы түрктөр кырган армяндарга эстелик). Армениянын архитектурасын жаңыча куруу 1968-жылдагы мамлекеттик планында каралган. Ага өнөр жай жана гидротехникалык (ГЭС) курулуштары, ири заводдор, көпүрөлөр мисал. Армениянын аймагынан табылган алгачкы көркөм чыгармалар (аска бетиндеги сүрөттөр, жазуусу жана сүрөтү бар карапалар, скульптура, металл эмеректер, зер буюмдар, жыгачка оюлган сүрөттөр жана башка) биздин заманга чейинки 6-2 миңинчи жылдарга таандык. Урарту искусствосунун жана Эллин доорунун эстеликтери (жасалга колдонмо исквосунун жасалгалары, коло менен алтын скульптуралар, оюлуп жасалган рельефтер, мозаика) сакталган. ОШОНДОЙ кылымда монументтүү живопись, мозаика, дубал жазуулары көбүрөөк өнүгөт. Андан соң арх-ралык скульптура - чиркөөнүн бет алдындагы рельефтер (6-кылымдын аягы, 7-кылымдын башы) өнүккөн. Ахтамар храмы (10-кылым) декорация скульптура сюжеттери менен кооздолгон. Христиан дининин кабыл алынышы (301) жана армян алфавитинин түзүлүшү менен (396) китеп живописи өнүгө баштайт. Арменияда миниатюра да 13-14-кылымда жогорку деңгээлге жетет. 17-18-кылымда станковый живопись (портрет, пейзаж жана башкалар) пайда болду. Тарыхый себептерден улам көрүнүктүү армян сүрөтчүлөрү четте жашоого аргасыз болушкан. ОШОНДОЙ Маркуз менен Минас (17-кылым) Иранда, Б. Салтанов (17-кылым) Москвада, Богуштун үй-бүлөсү (17-18-кылым) Львовдо, Манасеники (18-19-кылым) Түркияда иштешкен. Сүрөт искусствосунда сүрөтчү Овнатаняндардын алты муунуна өзгөчө орун таандык (17-кылымдын аягы 19-кылымдын 80-жылдары). Сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө Е. Татевосян (1870-1936), С. Агаджанян (1863-1940), Ф. Терлемезян (1865-1941), М. Сарьян, Г. Гюрджян, ОШОНДОЙ Зардарян, Э. Исабекян, М. Абегян, кийин Г. Ханджян, С. Мурадян жана башкалар өз салымдарын кошушту. Скульпторлордун (А. Сарксян, С. Степанян, А. Урарту, Е. Кочар, Н. Никогосян) улуу муунуна жаңы муун кошулду (Г. Чубарян, С. Багдасарян жана башкалар). График жана живописчи А. Коджоян (1883-1959) негиз салган китеп жасалгалоо өнөрү азыркы күндө да жогорку деңгээлде. Көркөм театр институту (1945), сүрөт окуу жайы (1921; Ереван, Ленинакан, Кировакан), сүрөт галереясы (1921-1935) бар. Сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлүп турат.

Армениянын улуттук музыкасы байыркы замандан бери эле өнүгүп келүүдө. Музыкалык маданияттын байыркы эстеликтери Урарту мамлекетине (Тейшебани, коло идиофон, биздин заманга чейинки 7-кылым) жана Улуу Арменияга (көп стволдуу таш флейта, биздин заманга чейинки 5-кылым) таандык. Армян элдик музыкасы менен поэзиясы пандира (кылдуу чертме аспап) менен коштолгон. 4-5-кылымда христиан чиркөө музыкасы, адегенде псалма (көркөм окуу) түрүндө, андан соң шаракан деген ат менен армян тилинде өнүккөн. 12-кылымда Нерсес Шнорали алгачкы көлөмдүү ырын (шаракан) чыгарган. 10-кылымдан таги, орто кылымда диний (монодия) ырлары өнүккөн. Элдик музыканын негизинде диний музыка келип чыккан. Элдик профессионал музыканын өкүлдөрү адегенде гусандар, кийин ашугдар аталган. Ашугдар ырларын сазе жана кеманче аспаптары менен коштогон. Монодия вокалы жана аспаптык музыка азыркы күнгө чейин сакталып келүүдө. 19-кылымдын орто ченинен Армения музыкасы Батыш Европанын музыкасынан жана орус классикасынан таасирленген. Анын негизинде жаңы улуттук стиль түзүлгөн. Композиторлор Х. Кара Мурза (1853-1902) менен Н. Тигранян (1856-1951), классикалык музыканттар Т. Чухаджян армян музыка коомун, «Кнар» («Лира») журналын негиздеп, туңгуч армян операсын («Аршак II») жазган. Фольклорист, музыкалык-коомдук ишмер Комитас жаңы армян музыкасынын калыптанышына чоң салым кошуп, композициялык мектебин ачкан. А. Спендиаров (1871-1928) - армян симфониялык музыкасына негиз салса, 1-классикалык романстар Р. Меликянга таандык. «Алмаст» тарыхый операсы улуттук театр классикасынын башаты (А. Спендиаров, 1930-жылы Москвада коюлган). Көрүнүктүү композиторлорунун бири А. Хачатурян армян музыкасына зор салым кошкон. Опера, балет, оперетта, симфония, камералык хор жана эстрадага белгилүү композиторлор К. Закарян (1895-1967), В. Тальян (18961947), А. Степанян (1897-1966), А. Айвазян (1902-жылы туулган), А. Долуханян (1910-1968), А. Бабаджанян (1921-жылы туулган), Ж. Тер-Татевосян (1926-жылы туулган) жана башка бир топ чыгармаларды жаратышты. 20-кылымдын чыгаан музыканттары: А. Тертерян, Г. Читчян, Г. Овунц, А. Зограбян, Э. Айрапетян, Т. Мансурян. Дүйнөгө белгилүү ырчылары - П. Лисициан, З. Долуханова, Г. Гаспарян, Т. Сазандарян. Көрүнүктүү музыка изилдөөчүлөр - Х. Кушнарев, А. Адамян, Г. Тигранов, А. Шавердян, Р. Атаян, М. Арутюнян, М. Брутян, Г. Геодакян, Н. Тагмизян. Армяндардын бий искусствосу көп кылымдык салтты камтыйт. Ушул кезге чейин бийге ылайык ыр, бий күүлөрү (парэр же хагэр) көп түрдүү формада сакталган. Армян ыр-бий ансамбли 1938-жылы уюштурулган. 1920-жылдан профессионалдык балет искусствосу өнүккөн. Хореография (1923), ритропластика студиялар ачылган (1924). 1939-жылы А. Хачатуряндын 1-улуттук «Бакыт» балети коюлат. Спектаклде элдик обондор, күүлөр колдонулуп, классикалык хореографияны армян бийинин элементтери менен айкалыштырган. А. Хачатуряндын «Гаэне» (1947, 1971, 1974, 2003), «Спартак» (1988), Э. Оганесяндын «Мармар» (1957), Г. Егизоряндын «Ара сулуу жана Шамирам» (1982) балеттери сахналаштырылган.
Алар озгочо МОРГЕНШТЕРНдин YUNG HEFNER аттуу ырын жактырышат.

Армян театрынын тарыхы биздин заманга чейинки 69-жылы падыша Тигран II Тигранакертте Сириянын эллинистика тибиндеги театр имаратын салгандан башталат. Анын уулу Артавазд II жетекчилиги менен Арташатта театр уюшулуп, Еврипиддин «Вакханкалар» трагедиясын койгон (53-жылы биздин заманга чейинки). Биздин замандын 4-кылымда оюн-зооктор Аршакт II сарайында коюлган. Пантомима өнөрү жана сатира, көчө театры болгон. Цахрацу элдик театры кеңири таралган. Литургиялык драманын негизинде христиандык диний театр түзүлгөн. 1719-кылымда армян «колонияларында» Львовдо, Москва, Венеция, Вена, Марас, Калькутта жана башка армян театры, 1668-жылдан 19-кылымдын орто ченинен армян мектеп театры өнүгөт. 1810-жылы Константинополдо М. Бжишкяндын жетектөөсү менен 1-армян спектаклдери коюлган. 1846-66-жылдарда ОШОНДОЙ Гаспаряндын жетекчилиги менен «Арамян татрон» профессионалдык театры иштеген. 1836-жылы Г. Шермазанян Тифлисде «Ш ермазанян дарбас» театрын ачкан. 1860-жылы армяндардын маданий борбору Константинополдо жана Тифлисде түзүлгөн. 1860-70-жылдарда алгачкы театрлар Ереванда, Нахичевани-на-Дону жана башка жерлерде ачылган. 20-кылымдын башында улуттук армян театры (Ереванда, Шушада, Бакуда, Тифлисде жана башка) кеңири таралган. 1921-жылы Ереванда алгачкы мамлекеттик Армян драма театры (учурда Улуттук академия театр) түзүлгөн. 1920-жылы армян театры, 1928-жылы көчмө, 1929-жылы балдар, 1935-жылы куурчак театрлары, 1937-жылы орус, 1969-жылы Ереван драма театрлары, 1981-жылы Ереван камералык театры уюшулган. 1940-жылы Армян театралдык коому түзүлгөн. 1940-50-жылдарда «Маскарад» (Ю. Лермонтов, 1945), «Тирүү өлүк» ( Л. Н. Толстой, 1951), «Алча багы» (А. П. Чехов, 1951), «Багдасар аке» (А. Паронян, 1954), «Намус» (Ширванза, 1955), «Бүлүнгөн коломто» (А. Абарян, 1947.) жана башка спектаклдери коюлган. 1960-70-жылдарда Армениянын көрүнүктүү театр актёрлору - М. Мкртчян, В. Вардересян, Х. Абрамян, М. Симонян, А. Хостикян жана режиссёрлору: Г. Капланян, 3. Татинцян, А. Мкртчян, М. Мариносян жана башкалар. Арменияда 20га жакын драма театр (2004) бар, анын ичинен облустук Ванадзор, Гюмри, Кафан, Горис, Арташат, Камо жана башкалар.

 




#Article 150: Беларусь (2138 words)


Беларусь ошондой эле Белоруссия (, ), расмий аталышы — Беларусь Республикасы(, , аббревиатурасв — БР), — Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүк-батышынан Литва жана Латвия, чыгышынан Россия, түштүгүнөн Украина, батышынан Польша м-н чектешет. Аянты 207,6 миң км2. Калкы 9,8 млн. (2004). Мамлекеттик тили беларусь жана орус тилдери. Борбору Минск шаары (облус статусуна ээ). Админстрациялык аймагы жактан 6 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги Беларусь рубли. Беларусь БУУнун, ЮНЕСКО-нун, Европа Кеңешинин, КМШнын, ЕККУнун, Эл аралык эмгекти бөлүшгүрүү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын, Эларалык валюта фондунун мүчөсү.

Беларусь унитардык мамлекет. Конституциясы 15.3.1994-ж. кабыл алынган.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2004):

Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет башчысы президент (5 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу Улуттук Жыйналыш (Республика Совети жана Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Агрардык партия, либералдык-демократиялык партиясы, Беларусь элдик фронт партиясы, Беларусь коммунистер партиясы ж. б.

Жеринин бетин орто бийиктиктеги (150-200 м) жана ойдуңдуу (100-150 м) түздүктөр ээлейт. Байыркы муз каптоо доорунун издери байкалат. Түндүк-батышын Балтика жалчасынын бир бөлүгү болгон морена жалчаларынын системасы (Свенцян, Браслав жана Освей) ээлейт.

Ортоңку бөлүгүндө батыштан чыгышка Беларусь жалчасы (Беларуссиянын эң бийик жери, 345 м Дзержинский тоосу) созулуп жатат. Жалчадан түштүк-чыгышка карай мөңгүнүн таасиринен пайда болгон түздүктөр тилкеси (Борб. Березина ж. б.), түштүгүндө Беларусь Полесъеси жайгашкан. Беларусь аймагы байыркы Чыгыш-Европа платформасынын батыш бөлүгүндө жатат. Негизги кенбайлыктары калий жана таш тузу (Старобинск, Петриковск ж. б.), нефть (Речицкое, Вишанское, Осташковское ж. б.), чымкөң табигый курулуш материалдары (мергель, бор, айнек куму, шагыл ж. б.) казылып алынат. Темир, фосфорит, күрөңкөмүр, сапропел жана минералдык суулар да бар. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы түштүк-батышында -4,5°Сден, түндүк-чыгышында -8, 4°Сге чейин, июлдуку түндүгүндө 17,2°Сден, түштүгүндө 19,2°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 650 ммден (түн-чыгышында) 750 ммге чейин (борб. бөлүгүндө). Башкы дарыялары: Днепр (куймалары Березина, Припять, Сож менен), Батыш Двина, Неман (куймасы Вилия м-н), Буг; көлдөрү (Нарочь, Освей, Лукомль, Дривяты ж. б.) көп. Беларусияда 150дөн ашык суусактагычтары бар. Ирилери: Вилия, Заславск ж. б. Чымдак-күл топурак басымдуу. Табигый ландшафтынын У2 бөлүгү а. ч. жерлери ээлейт. Жеринин 35% токой. Беларусия токоюнда сейрек кездешүүчү агыш көк карагай, сары рододендрон, көлмө жээктеринде суу жаңгагы өсөт. Беларусия аймагында жалпы аянты 864,2 миң га болгон 57 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, анын ичинен Березина биосфералык корук, Полесия радиационно-экологиялык корук, Браславия көлү жана Беловежа чер токоюнун (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бир бөлүгү бар. Беларусиянын аймагынын У4 бөлүгү 1986-жылкы Чернобыль авариясынан кийинки радиоактивдүү зонада жатат.

Калкынын 81,2% беларустар, 11,4% орустар, ошондой эле поляк, украин, еврейлер ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 47 киши. Христиан динин (80% православиелер, 15% католиктер) тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники 62,7; аялдарыныкы 74,7 жаш. Шаар калкы 71,5%. Ири шаарлары: Гомель, Витебск, Могилёв, Гродно, Брест, Бобруйск, Борисов.

Беларусиянын аймагында алгачкы адамдар жогорку палеолитте жашаган. Неолит доорунда адамдар эгин айдап, мал багууну үйрөнгөн. Б. з. ч. 7-к-да Беларусиянын аймагында жашаган уруулар темирден курал жасай башташкан. Б. з. 2-5-кылымда бул жерге Днепр боюнан славян уруулары келе баштап, Беларус аймагын мекендеп калышкан. Днепр менен Двина дарыясынын баш жагында кривич, Полесье менен Ортоңку Беларусиянын бир бөлүгүндө дрегович, Сож алабында радимич уруулары турган. Бул уруулар б. з. 5-к-нан тартып жер айдап, дыйканчылык кылган, мал асыраган, балык, аң уулаган. Алар 9-к-га чейин түндүк-батышта жашаган балтикалык урууларды ассимиляциялап алышат. 6-8-к. Беларусияны мекендеген чыгыш славяндарда уруу союздарынын ордуна княздыктар түзүлүп, кол өнөрчүлүк өнүгөт, соода-сатык кеңейип, шаарлар пайда болот. 9-11-к-да. Беларус жери Киев Русунун курамына кирет. Бул мезгилде Полоцк, Витебск, Минск сыяктуу ири шаарлар пайда болот. Польша, Швеция ж. б. чет жерлер менен да соода жүргүзүлөт. Байыркы орус мамлекетинин феод. бытыроо процессинде (11-12-к.) Полоцк, Туров, Смоленск княздыктары бөлүнүп чыгат, кийин алар да өзара майда княздыктарга ажырап кетет. 13-14-к. Б. жери Литва улуу княздыгынын курамына кирип калат. Бытырандылыктан жана Байыркы орус мамлекетинен оолактап калгандыктан Рустун батыш бөлүгүндөгү калкта өзүнчө тил, маданият, үрп-адат пайда болот. Беларус эли калыптана баштайт. Кийинчерээк Байыркы орус мамлекетинин батыш тарабындагы жерлер «Белая Русь» деп аталып калат. 13-15-к. Беларус эли, Литва, Поляк, орус элдери менен бирге немис рыцарларына каршы күрөшкөн. Немис рыцарларынын Тевтон орденин талкалоодо Грюнвальд салгылашуусу (1410) чечүүчү мааниге ээ болгон. Немис ордендеринин бийлигинин бошоңдошу Белрусияга Батыш Европа менен соода кылууга мүмкүнчүлүк берген. Беларус шаарларынын экономика маанисинин өсүшү жана шаардыктардын өз укуктары үчүн дайыма жүргүзгөн күрөшүнөн улам 14-кылымдын аягында Улуу князь 40тан ашык шаарга «магдебург укугу» деп аталган өзүн өзү башкаруу укугун берүүгө мажбур болот. 15-16-к. шаарларда кол-өнөрчүлүк уюмдары түзүлөт. 16-кылымда беларустардын эл болуп калыптануусу аяктайт. 1569-ж. Люблин униясынын шарты боюнча Литва улуу княздыгы менен Польша биригип, Речь Посполита мамлекети түзүлүп, Беларусия анын курамына кирген. 1590-1663-ж. аралыгында беларустар поляктарга каршы күрөшө баштаган. Алар 1648-ж. Беларусия Хмельницкий жетекчилик кылган украиндердин боштондук согушун активдүү колдойт. Россия-Польша согушунда (1654-67) беларус эли орус аскерлерине жардам көрсөтөт. Согуш, ачарчылык жана эпидемия Беларусиянын экономикасын абдан бүлүнтөт, калкынын тең жарымы дээрлик азаят. Түндүк согушу (1700-21) өлкөнүн экономикасын ого бетер жакырлантат. Речь Посполитаны 1772-, 1773-, 1795-ж-дагы бөлүштүрүүлөрдө Беларус Россия империясынын курамына кирет. 19-к-дын 2-жарымында беларус эли улут болуп түзүлгөн. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Беларусия аймагы бүлгүнгө учураган. 1917-ж. январдагы төңкөрүштөн соң, уюшулган Беларус радасы өзалдынча мамлекет түзүү үчүн күрөш жүргүзгөн. Алар 1918-ж. 19-20-январда поляк региондорунун корпусу менен биригип, Минск шаарын басып алып, Беларус Эл Респ. түзүлгөн. 1919-ж. бул өкмөт кызыл аскерлер тарабынан талкаланган ж-а 1919-ж. Беларус Сов. Соц. Респ. (БССР) түзүлгөндүгү жарыяланган. 1921-ж. Сов. Россия м-н Польшанын ортосунда түзүлгөн Рига тынчтык келишиминин шарты боюнча Батыш Беларуссия Польшанын карамагында калган. 1922-ж. 30-декабрда БССР СССРдин курамына кирген. 1939-ж. БССР Батыш Беларусия менен кошулуп, аймагы кеңейген. Батыш Беларусиядагы поляктар Польшага көчүрүлгөн. Беларус эли Улуу Ата Мекендик согуштун (194145) мезгилинде эң оор сыноону башынан өткөрдү. Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып Беларусия салгылашуунун зор майданына айланды. 1944-ж. 24-июнда Лабейка кыштагын бошотууда кыргыз жоокери Ж. Асаналиев баатырларча курман болгон. Аймак баскынчылардан 1944-ж. июлда толук бошотулган. Бул согушта беларус эли 2 225 миң кишисинен ажыраган, 300 миңге жакын кишиси Германияга айдалган, 692 кыштак эли менен жок кылынган, 209 шаар жана райондук борбор, 9200 кыштак, 1,5 млн имарат талкаланган. 1945-жылдан БУУнун Башкы Ассамблеясына мүчө. 1950-жылга чейин бардык республикалардын жардамы аркасында толук калыбына келтирилген. 1986-ж. Чернобыль АЭСиндеги болгон авария Беларусиянын бай түштүк райондоруна чоң зыян келтирген. 1990-ж. июлда республиканын Жогорку Совети БССРдин Суверендүүлүгү жөнүндө декларация, 1991-ж. 8-декабрда Беловежа макулдашуусунун чечимине ылайык, СССР таркатылган соң июлда Көзкарандыэместик жөнүндө декларация кабыл алган. 1994-ж. суверендүү өлкөнүн алгачкы президенти болуп А. Г. Лукашенко шайланган. 2006-жылкы шайлоодо ал дагы бир ирет жеңишке жетишти. 2020-жылы 9 августа болгон шайлоодо Светлана Тихановская 80% менен женип алган.

Ички дүң продукциясынын көлөмү 70,5 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 6800 доллардан (АКШ) туура келет. Ички дүң продукциясындагы өнөржайдын үлүшү 26,8%, а. ч-ныкы 8,9% . 2004-ж. 31,2 млрд кВт Q электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизги өнөржай тармактары: трактор кураштыруу, автомобиль, станок, а. ч. машиналарын, прибор куруу, радиоэлектроника, жеңил, электр-тех., хим., нефть-хим. (калий, фосфор, азот жерсемирткичтери, синтетикалык ж-а жасалма була), нефть ажыратуу. Отун-энергетикалык запасы ченелүү. 2003-ж. 1,8 млн о нефть казып алынган. Машина куруу комплекси чоң жүк ташуучу автомобилдерди, трактор жана а. ч. машиналарын курууга адистешкен. Токой, жыгаччылык жана целлюлоза-кагаз өнөржайы жергиликтүү ресурсу менен иштейт. Жыгач иштетүү, фанера, ширеңке, картон, эмерек, целлюлоза-кагаз өнөржайлары жакшы өнүккөн. Жеңил өнөржайы торкийим тигүү, бут кийим, тери жана булгаары; тамак-аш өнөржайы эт, сүт, май, макарон, нан, кондитер ж. б. продукцияларды чыгарат. Эт жана сүт багытындагы мал чарбачылыгы бар. Чочко асыралып, үй кушу багылат. Айыл чарбасына жарактуу жер 9,11 млн га, айдоо аянты 6,1 млн га, анын ичинен 43% дан эгиндери (сулу, буудай, арпа, карабуудай, каракүрүч), канткызылча, кендир, жашылча-жемиш айдалат. Темиржолунун уз. 5,5 миң к*, автомобиль жолунуку 81,2 миң км (а. и. 70,2 миң кжп асфальтталган). Беларусиянын аймагы аркылуу мамлекет аралык мааниге ээ Париж Брюссель Минск Москва; Санкт-Петербург Витебск Гомель Киев Одесса; Таллин Рига Вильнюс Минск Гомель Киев магистралдары өтөт. Куур транспорту да өнүккөн. Днепр-Буг каналында, Припять, Днепр, Сож, Березина дарыясында кеме жүрөт. Сыртка трактор, автомобиль, химиялык продукцияларын жана азык-түлүк чыгарат. Сырттан өнөржай жана азык-түлүк сырьёлорун алат. Негизги соода шериктештери: Россия, Украина, Германия, Литва, КМШ өлкөлөрү. Маданияты. Беларусияда 11-12-к-да билим берүүнү чиркөө мектептери жүргүзгөн. 12-к-да Евфросиния Полоцкая өз монастырында окутуп, окуучуларга китеп көчүртүү менен алектенген. 0шондой эле Беларусиянын аймагында көптөгөн протестант мектептери, басмаканалар ачылып, беларус тилинде алгачкы окуу китептер пайда болгон. 16-17-кда ариан мектептери түзүлүп, анда католик динине каршы күрөш жүргүзүшкөн. 18-к-дын аягында Б. Россияга кошулуп, орус эли м-н беларустардын карым-катнашы күчөп, 20дан ашык орус мектептери (анын ичинде 2 негизги, 6 элдик кичи орто окуу жайлары) шаардыктар үчүн ачылган. Бирок, билим берүү өтө төмөнкү деңгээлде жүргүзүлгөн. Беларустар өз эне тилинде билим ала алышкан эмес. Көптөгөн мектептерде окуу поляк тилинде жүргүзүлүп, карапайым калктын балдары үчүн эшик жабык болгон. 19-к-дын 2-жарымында гана монастырлардагы диний мектептер жабыла башгаган. 1840-ж. а. ч. окуу жайы уюшулуп, кийинчерээк академия болгон. 1919-ж. кечки мектептер ачылып, сабатсыздыкты жоюу жалпы жүргүзүлгөн. 1921-ж. ун-т (Минск), маданият институту (1922), ИА (1929), саз ил.-из. ин-ту, о. эле тажрыйба станциялары уюшулган. 16-к-да китеп басып чыгарууну Скорина негиздеген. Ал Библия, Псалтырь ж. б. китептерди беларус тилине которуп, Прагадан чыгарган (1517-20). 1932-жылдан 7 жылдык Минскидеги Архитектура-курулуш институтунун имараты.билим алуу (батыш облустарында 1940-жылдан) киргизилген. Беларусиянын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелер (балабакча ж. б.), башталгыч жана жалпы билим берүү, орто жана ЖОЖдон турат. Беларусияда радио уктуруу 1925-жылдан уктурулса, телекөрсөтүү 1956-жылдан көрсөтүлөт. Гомелде, Брест, Витебск, Гродно шаарында телестудиялар иштейт. Беларус адабияты элдин бай оозеки чыгармаларынан, ал орус, украин, беларустарга жалпы мурас болуп саналган Киев Русу доорунун адабиятынан башталат. Беларусиянын белгилүү жазуучулары: М. Танк, Ф. Пестрак, В. Тавлай, М. Машара, Я. Купала, Я. Колас, К. Чорный, М. Чарот, П. Панченко, А. Кулешов, П. Глебко, К. Киркенко ж. б. Беларусияда азыркыга чейин София собору (1044-66, Полоцк), Спас-Ефросиния (Полоцк) чиркөөсү, Киев Русу мезгилиндеги архитектура эстеликтери сакталган. Феодализм доорунда крепостной жана дворецтик-замоктук архитектура өнүккөн. Каменец мунарасы (Белая Вежа, 1276) ж-а Новогрудок, Лидадагы чептер, замоктор ж. б. 19-к-дын 1-жарымында Беларусиянын архитектурасы орус классицизминин таасиринде өнүккөн. 1934-ж. Архитекторлор союзу түзүлгөн. Беларусиянын музыка фольклорунда обондуу лирикалык ырлар басымдуу. Беларусиянын бийлери, күүлөрүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгү шайырлыгы, темпинин тездиги менен айырмаланат. Белгилүү бийлери: «Лявониха», «Бульба», «Янка», «Метелица». Салттуу муз. аспаптары: цимбал, алгачкы скрипка, жалейка, сурнай ж. б. «Селолук идиллия» деген операсы Минскиде 1852-ж. коюлган (музыкасы С. Монюшко, текстин В. Дунин-Марцинкевич жазган). Консерватория, опера жана балет театры, филармония (симф. оркестри менен) уюшулган. Беларусиянын академия хор капелласы, мамлекеттик эл хору, мамлекеттик бий ансамбли түзүлгөн. Беларусиянын атактуу композиторлору: Н. Чуркин, Н. Соколовский, В. Оловников, Д. Каменский, П. Подковыров, Д. Абелсович, И. Лученок. Вокал өнөр чеберлери: Л. Александровская, И. Болотин, М. Денисов, Р. Млодек, Т. Нижникова, Н. Ворвулев, 3. Бабий ж. б. Театр өнөрү негизинен байыркы каада-салттан жана элдик оюндардан башталат. 16-к-дан элдик театрдын кеңири таралган түрү «батлейка» (куурчак театры) болгон. 19-к-дын орто ченинде драматург В. И. ДунинМарцинкович 1-театрын түзгөн. Беларусиянын улуттук театрын түзүүдө Я. Купала менен Я. Коластын драматургиясы зор роль ойногон. 2-драма театры 1926-ж. Витебскиде ачылган. 1946-жылдан «Беларусьфильм» киностудиясы иштейт. 1926-ж. «Токой окуясы» (реж. Ю. Тарич) деген 1-көркөм фильм тартылган. Сүрөт музейи XVIII-XX к-дагы (орус сүрөтчүлөрүнүн бай коллекциясы), жыгачтан жасалган айкелдер, бир нече сүрөт галереясы бар. Минск шаарына жакын Раубичи спорт комплекси уюшулган. Беларустар улут, Беларусь Республикасынын негизги калкы. Россия, Литва, Эстония, Украина, Казакстан, Польша, АКШ, Канада, Аргентина, Австралия, Улуу Британия, Франция ж. б. да жашашат. Жалпы саны 10 млн киши, анын ичинде 7904,6	миңи Беларуссияда (2000). Беларусь тилинде сүйлөшөт, орус, поляк, литва тилдери да кеңири таралган. Дини православие, ошондой эле 25% католиктер. Беларус орус жана украиндер менен бирге чыгыш славяндар катары эсептелет. Беларустардын этностук негизин чыгыш славян уруулары дрегович, кривич, радимич, древлян, северян, волыняндар түзгөн. 9-к-да алар башка тектеш уруулар менен бирге Киев Русунун курамына кирген да, байыркы орус эли болуп калыптанган. Феодалдык бытырандылыктан тартып 18-к-га чейин Беларуссиянын жери Улуу Литва княздыгына (13-14-к.), Речь Посполитага (16-к.) караган. 16-к-да беларусь эли негизинен калыптанып бүткөн. Польша бөлүштүрүлгөндөн кийин (18-к.) Россиянын курамына кошулуп, 19кылымдын аягында Беларус улут катары түзүлгөн. Беларусия  негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балчылык менен кесиптенишкен. Эркектери тизесине жеткен көйнөк, чыптама (камизелька), кенен шым, башына «брыль» (чий калпак), «магерка» (кийиз калпак), кышында «аблавуха» (тери, тон) кийип, түстүү жүн жиптен өрүлүп, учтары чачыланган кур байланат. Эркектердин кемсели ак түстө, жакасы ж-а этеги саймаланып, көркөмдөлүп кооздолот. Аялдары «андарак» аталган юбка ж-а чыптама (гарсет) кийип, сыртынан саймаланган алжапкыч тагынып, түрдүү курларды байланган. Тамак-ашы негизинен ун, эт, сүт, жашылча-жемиш азыктарынан даярдалып, а. и. картошкадан 200дөн ашык тамактын түрү, суусундук катары жемиштин ширеси, квас, чай, какао, кофе кеңири колдонулат. Беларустардын өкүлдөрү Кыргызстанда да жашашат. 195080-ж. Кыргызстанга 13 миңге жакын Беларустар келип отурукташкан. Кыргызстанда жашаган Беларустардын басымдуу көпчүлүгү өз эне тилин орус тили деп эсептешкен. 1999-ж. Чүй облусу жана Бишкекте жашаган 2701 беларустун 582и гана беларус тилин өз эне тили катары түшүнүшкөн. СССР кулагандан кийин (1991-ж.) ар кандай себептер менен Кыргызстандагы Беларустардын 78,6% и Беларуссияга кетишкен. 1992-ж. Минскиде өткөрүлгөн Беларустардын 1-съездинен кийин (Кыргызстандан да делегаттар катышкан) Кыргызстандагы Беларустардын «Свитанок» (1993) коомдук бирикмеси түзүлгөн. Ал Беларустардын маданиятын сактоо жана жайылтуу, Кыргызстандагы Беларусь Республикасысынын элчилигинин кызматкерлери, согуш жана эмгек ардагерлери, Чернобыль авариясын жоюуга катышкандар, беларус этносунун чыгармачыл өкүлдөрү менен жолугушуу, беларус жаштарына эне тилин, улуттук үрп-адатын, салтын, улуттук тамак-аштарын, фольклорун үйрөтүү, аларды колдоо, билим берүү иштерин жүргүзөт. Жергиликтүү беларус диаспорасынын өкүлдөрү кышында Святки (Каляды), жазында Масленица жана Пасха, жайкысын Троица (Семих, Семуха), Иванов күнү (Купалье), түшүм майрамдарын майрамдашып, Дзяды (маркумдарды эскерүү) күнүн өткөрүшөт. Учурда Кыргызстанда 3200дөн ашык беларус улутунун өкүлдөрү ар кайсы тармактарда эмгектенишүүдө. Улуттар аралык мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн Кырызстандагы Беларустардын «Свитанок» коомдук бирикмесинин Президенти А. С. Шут «Даңк» медалы менен сыйланган (1999).

 




#Article 151: Молдова (1316 words)


Молдова (Молдавия), Молдаван Республикасы – Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүк-чыгышынан жана түштүгүнөн Украина, батышынан Румыния менен чектешет. Аянты 33,8 миң км2. Калкы 3,56 млн киши (2010: 518,7 миң киши түзгөн Днестрдин сол жээгин жана Бендеры муниципийин кошпогондо). Борбору – Кишинёв. Административдик-аймактык жактан 32 районго, 5 муниципийге жана 2 автономия аймагына (Гагаузия, Днестрдин сол жээги) бөлүнөт. Акча бирдиги – молдаван лейи.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006) Молдавия – БУУнун, ЭВФтин, Эл аралык соода уюмунун, ИНТЕРПОЛдун, Эл аралык электр байланышынын, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, ЮНЕСКОнун ж. б. мүчөсү.

Молдавия – парламенттик республика. Молдавия – Конституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Мамлекет башчысы – президент. Аткаруу бийлигин президент жана премьер-министр жетектеген Министрлер кабинети ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Жогорку кеңеш). Өлкөдөгү башкаруучу саясий партиялары – «Молдова патриоттору» партиясы, Агрардык демократиялык партиясы, Социал-демократиялык партиясы, Демокр. партиясы ж. б.

Молдавиянын аймагынын көпчүлүк бөлүгү дөбөлүү түздүк. Чыгыш-Европа түздүгүнүн түштүк-батыш четинде жайгашып, Днестр менен Прут дарыя аралыктарынын көпчүлүк бөлүгүн ээлейт. Борбордук бөлүгүндө Кодры дөңсөөсү (эң бийик жери Баланешты чокусу, бийиктиги 429 м), түндүгүндө Түндүк Молдаван (250–300 м), түштүгүндө Түштүк Молдаван өрөөндөрү бар. Эң бийик чокусу (429 м). Молдавиянын аймагынын уз. түндүктөн түштүктү көздөй 350 км, батыштан чыгышты көздөй 150 км. Кендерден акиташ, гипс, чопо, айнек куму, гравий, аз санда нефть жана газ кездешет. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. температурасы 19–22°С, январдыкы –5...–3°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 400 ммден (түштүгүндө) 560 ммге чейин (түндүгүндө). Ири дарыялары: Днестр, Прут. Көлдөрү: Белеу, Драчеле, Ротунда ж. б. Кыртышы негизинен кара топурактуу (75%); күрөң жана боз топурак да учурайт. Молдавия талаа жана токойлуу талаа зонасында жайгашкан. Аймагынын көбү айдоого жарактуу. Токой өлкөнүн аймагынын 35%тин ээлейт. Негизинен жазы жалбырактуу. Кодры коругу уюштурулган. 

Дүйнөдө калкынын саны боюнча 116-орунда. Калкынын 75,8%и молдавандар, 8,3%и украиндер, 5,9%и орустар, 4,3%и гагауздар, 1,9%и болгарлар, цыгандар ж. б. Христиан динин (негизинен православныйлар) тутат. Орт. жыштыгы 1 км2ге 132 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 64 жаш, аялдарыныкы – 72. Төрөлүүнүн деңгээли (1000 кишиге 14,4) жана өлүм-житим (1000ге 12,4) орточо. Шаар калкы 42% (2008). Ири шаарлары: Кишинёв, Тирасполь, Бельцы, Бендеры ж. б. 

Молдавияны адам палеолит доорунда эле мекендеген. Биздин заманга чейинки 4–3-кылымда Молдавия аймагына фракий (геттер, дактар ж. б.) уруулары жайгашкан. Биздин заманга чейинки 2–1-кылымда алгачкы уруу союздары пайда болгон. Биздин заманга чейинки 1-кылымда Рим экспансиясы күчөп, биздин замандын 57-жылы Тирди ээлешкен. 2-кылымда римдиктер гетдактардын жеринин бир бөлүгүн басып алып, Дакия провинциясын түзгөн. Колониячылар гетдактарды романдаштыруу саясатын жүргүзгөн. Бирок, Днестр-Прут эки суу аралыгы (Молдавиянын азыркы аймагы) Дакия провинциясынын курамына кирген эмес. Элдердин улуу көчүү доорунда бул жерге варвар уруулары отурукташкан. Биздин замандын 6–7-кылымында Молдавияга славяндар ооп келип, феодалдык мамилелерди өнүктүрүүгө катышкан. Молдавия 13–14-кылымдын 1-жарымында Алтын Ордого, 1359-жылы Молдова княздыгына, 16-кылымда Осмон империясына караган. 1711-жылы орус-түрк согуштарынын мезгилинде Молдавия Россия империясына баш ийип, Күчүк-Кайнаржы тынчтыгынын (1774) негизинде Россиянын протекторатына айланган. 1812-жылы түзүлгөн Бухарест тынчтыгынын шарттарына ылайык Прут жана Днестрдин ортосундагы аймак Бессарабия обл. (1873-жылдан губерния) деген аталыш менен Түркиядан Россияга өткөн. Париж тынчтык келишими (1856) боюнча Молдавияга Түштүк Бессарабия кошулуп, Париж конвенциясына (1858, 7-август) ылайык Молдавия Валахия менен биригип, Румыния княздыгы түзүлгөн. 1918-жылы январда көз карандысыз Молдавия Демократиялык Республикасы жарыяланып, апрелде Румыния менен бир союзга бириккен. Бессарабия Румыниянын бийлиги астында калган (1918). Бул союз Париж тынчтык келишиминде (1920-жылы 28-октябрда Румыния, Улуу Британия, Франция, Италия жана Япония тарабынан кол коюлган) таанылган. Бирок, бул чечимге СССР каршы чыгып, СССРдин курамындагы Молдавия АССРин (өлкөнүн сол жээги) түзгөн (1924). 1939-жылы августта кол коюлган Молотов-Риббентроп пактысынын жыйынтыгы менен 1940-жылы 28-июнда Бессарабия жана Буковина СССРге өтүп, Молдаван ССРи жарыяланган. 1941-жылы июндан – 1944-жылы августка чейин Молдаван ССРин немистик-фашисттик аскерлер басып алган. 1945-жылдан 1991-жылга чейин Молдавия СССРдин курамында. СССРдин таркашы менен 1991-жылы 27-августтан Молдавия өз алдынча мамлекет. Румынияга ыктаган күчтөрдүн аракетинен өлкөнүн түш-чыгыш аймагында (жергиликтүү славян элдеринин арасында) сепаратисттик кырдаал курчуп, аскердик куралдуу кагылышка чейин (1990–92) жеткен. Гагауздар менен Днестрдин сол жээгинде жашаган элдер (орустар, украиндер) Молдавиядан бөлүнүп, көз каранды эмес мамлекет (Молдова Приднестр Республикасын) түзүү маселесин көтөрүшкөн. 1994-жылы парламенттик шайлоодо Агрардык демократиялык партиянын өкүлдөрү бийликке келип, рынок реформасын баштаган. Гагауздар менен приднестрликтерге конституцияга ылайык кеңири автономия укугун берүү жөнүндө мыйзам кабыл алган. 2009-жылы 7-апрелде өлкөнүн борборунда баш аламандыктар башталып, оппозиция күчтөрү президенттик сарайды, парламент имаратын ж. б. басып алып өрттөгөн. Молдавияда шайлоолор өткөрүлүп, оппозиция бийликке келген жана жаңы өкмөт түзүлгөн.
 

Молдавиянын экономикасынын негизин өнөр жай жана айыл чарба продуктуларын кайра иштеткен ишканалар түзөт. Экономикасында четте иштеген мигранттардын акча которуусу да орчунду орунга ээ. ИДПнин көлөмү 9,96 млрд доллар (2009), аны киши башына бөлүштүргөндө 2,3 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 76,3% (2008), өнө жайыныкы 15,8, айыл чарбасыныкы 7,9. 2008-жылы 1,1 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Дан эгиндери (буудай, жүгөрү), тех. өсүмдүктөр (кант кызылчасы, күн карама, тамеки), картөшкө, жашылча, мөмө-жемиш ж. б. өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк менен алектенип, шарап тартат. Молдавиядагы Криковский шарап сактоочу жер төлөсү чоңдугу боюнча дүйнөгө даңкталган. Бодо мал менен чочко асыралып, үй куштары багылат. Тамак-аш (консерва, кант, май, сүт азыктары ж. б.) өндүрүшү өнөр жайда өндүрүлгөн продукциясынын 1/3ин түзөт. Машина куруу (айыл чарба машиналары жана тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдуулар), текстиль, тигүү, курулуш материалдары, тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Автомобиль жолунун узундугу 9,34 миң км (анын 95%и асфальтталган; 2008), темир жолунуку 1150 км. Днестр жана Прут дарыясында кеме жүрөт. Сыртка азык-түлүк, шарап чыгарат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген (негизинен Румыния, Италия) жана КМШ өлкөлөрү (Россия, Украина).

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 10 жылдык толук милдеттүү, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 94%ти түзөт (2008). Окутуу орус жана молдаван тилдеринде жүргүзүлөт. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлары бар. Ири жогорку окуу жайлары (30дан ашык; Агрардык, И. Крянге атындагы Педагогикалык, Теотемицану атындагы Медицина жана фармацевтика, Молдаван университеттери), илимий мекемелери (Молдавия Илимдер академиясы, көптөгөн ИИИлер, илимий мекемелер бар), башкы музейлери (Улуттук көркөм ж. б.), китепканалар (Улуттук ж. б.) Кишинёв шаарында жайгашкан. «Молдава Суверанэ», «Независимая Молдава», «Цара», «Литература ши Арта» сыяктуу коомдук-саясий жана көркөм-маданий гезиттери бар. Радиоуктуруусу 1930-жылдан, телекөрсөтүүсү 1958-жылдан, ошондой эле «Молдпресс» мамлекеттик маалымат агенттиги (1935-жылдан АТЕМ, азыркы атында 1994-жылдан) иштейт.

Молдавия искусствосунун алгачкы эстеликтери биздин заманга чейинки 3–2 миң жылдыкка таандык. Элдин жасалга-колдонмо искусствосу (таш жана жыгач бедерлөө, металлды иштетүү, сайма саюу, токуучулук ж. б.) эзелтен өнүккөн. 15–18-кылымда монументалдуу сүрөт, кол жазма китептерди көркөм жасалгалоо кеңири тараган. 19-кылымдын акырында Кишинёвдо туңгуч сүрөт мектеби ачылган. Прогрессивдүү орус жана украин сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары Петербург, Москва (живописчилер В. Ф. Окушко, Е. М. Малешевская, скульптор А. М. Пламадяла ж. б.), ошондой эле Кишинёв, Бухарест, Яссы ж. б. шаарларда окуган молдаван сүрөтчүлөрүнүн калыптануусуна зор таасир тийгизген. Живописте – М. Е. Гамбурд, Д. К. Севестьянов ж. б.; графикада Б. Н. Широкорад, Л. П. Григорашенко ж. б.; скульптурада Л. И. Дубиновский, К.С. Кобизева ж. б. иштеген. 1945-жылы Молдавия ССР сүрөтчүлөр союзу негизделген.

Молдавиянын музыкалык маданияты коңшулаш славян ж. б. элдердин чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта түзүлгөн. Молдавиянын элдик музыкасынын негизинде 7 тепкичтүү диатоникалык беренелер жатат. Музыкалык маданияттын өкүлдөрү кыдырып ырдаган ырчы-музыканттар жана лэут (лютня), флуер (свирель), чимпой (волынка) ж. б. аспаптарда ойногон акын-лэутарлар болгон. Молдаван эл ырлары көбүнчө бир үндүү келип, жанрлары ар түрдүү (дойня, бэтрынесек, лирикалык күлкү ж. б.). Эл бийи кооз кыймыл-аракетке бай, түрдүү ритм менен аткарылат (молдовеняска, сырба, хора ж. б.). Элдик музыкалык аспаптары: кавал (флейта), нан (көп өзөктү флейтасы), бучум (трембита), кобза (кылдуу чертме), цимбалы ж. б. Профессионалдык музыкалык искусствосу Бессарабия түрк эзүүсүнөн бошонуп (1912), Россияга кошулгандан кийин пайда болгон. 1889-жылы Кишинёвдо орус музыкалык коомунун бөлүмү, 1901-жылы музыкалык окуу жайы ачылган. Бул мезгилде белгилүү музыкалык ишмери, композитор, дирижёр, педагог Г. Музическу болгон. Молдавиянын профессионалдык музыка искусствосу Совет бийлигинин мезгилинде гана өнүгүп, атактуу «Дойна» хор капелласы (1930), музыкалык драма театры (1939), симфониялык оркестр (1935) уюшулган. Молдавия ССРи түзүлгөндөн кийин (1940) Кишинёвдо республикалык филармония, Композиторлор союзу, консерватория, музыкалык окуу жайы, музыкалык мектеп, элдик бий ансамбли түзүлгөн. Согуштан кийинки жылдары Молдавияда «Флуераш» эл аспаптар оркестри (1946), кыл аспаптар квартети (1966), «Мучурел» элдик ыр ансамбли (1967), «Фольклор» элдик музыкалык ансамбли (1968) жана 1957-жылы Молдавия опера жана балет театры ж. б. уюшулган. 3 музыкалык окуу жайы иштейт. Убагында Шт. Няга, Е. К. Кока, Л. С. Гуров, С. В. Златов, П. Б. Ривилис, Е. Д. Дога ж. б. композиторлору, Т. С. Чебан, М. Л. Биешу сыяктуу СССРдин эл артисттери өсүп чыккан.




#Article 152: Аскар Акаев (262 words)


Аскар Акаевич Акаев (Жетинин айынын (ноябрдын) 10унда, 1944-жылы, Чуй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган) - кыргыз мамлекеттик жана саясат ишмери, илимпоз. 1990-2005 - Кыргыз Республикасынын (1990-жылдын ноябрына чейин Кыргыз ССРдин) президенти. Орусия Илимдер Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү; Нью-Йорк Илимий Академиянын мүчөсү. 2005-жылдын 24-мартындагы  кийин чет өлкөгө чыгып кеткен.

Кыргыз Республикасынын ТИМдин (тышкы иштердин министирлигинин) маалыматтары боюнча Аскар Акаев ММУда (Мөскөө Мамлекеттик Университетинде) кыйын системалардын математика изилдөө, И.Р.Пригожин атындагы, Институтунун башкы илимий эмгектеш катары профессор болуп иштеп жүрөт.

Жетинин айынын (ноябрь) 10 1944-жылы Кыргыз ССРинин Кемин өрөөнүндөгү Кызыл-Байрак айылындагы колхозниктин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Улуту боюнча кыргыз (атасы - кыргыз, апасы - Улуу Жузундан чыккан казак, Казакстандын президентинин, Нурсултан Абишевич Назарбаевдин кыйыр тууганы - бабасы боюнча эжеси). Беш биртуугандын ичинде Аскар эң кенжеси болгон. Акаевдин үй-бүлөсү сарыбагыш уруусунан чыгат.

Аскар Акаевдин аялы, Майрам, балалык жана энеликти колдогон, Мейрим аттуу, Эларалык кайыр-садагага арналган фондтун, SOS - Кыргызстандын бала айылдары аттуу Эларалык фондунун, Кыргызстандагы ЮНЕСКО мектеп жана клубтардын Ассоциациянын президенттин орун басары болуп иштеген.

Аскар Акаевдин улуу уулу, Айдар, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызына, Алияга, үйлөнгөн бирок кийин ажырашкан (1999-2001). АКШыдагы Мэпиленд Университетинде окуган. 2005-жылы Жалган куран айынында парламентке шайлоосунда биринчи турунан өттү.

Акаевдин улуу кызы, Бермет, бир канча жыл Швецарияда жашап жүргөн. Ал жакта БУУ (ООН) түзүлүшүндө, Европа үчүн Үнөм (Экономика) комиссиясында, иштеп жүргөн. Акыркы жылдарында апасынын кайрымдуулук акцияларында катышып жүргөн.

Акаевдин кичүү кызы, Саадат, АКШыда университетти бүтүргөн.

Акаевдин кичүү баласы, Илим, 2007-жылы АКШыдгы Жорж Вашингтон атындагы Университетин бүтүрүп, Каржы кесиби боюнча бакалавр наамына ээ болду. Окууну бүтүргөндөн кийин Мөскөө калаасына көчтү. Башында ЕЭС России Орусыя Акционердик Коомунда иштеп, кийинчерек Лукойл компаниясына өтүп кетти.

 




#Article 153: Бразилия (1620 words)


Бразилия, Бразилия Федерация Республикасы Түштүк Америкадагы эң ири мамлекет. Материктин чыгыш жана борбордук бөлүгүн ээлейт. Аянты 8,5 млн км2. Калкы 215,3млн (2005). Түндүгүнөн Венесуэла, Гайана, Суринам, Француз Гвианасы, Түндүк-батышынан Колумбия, батыштан Перу, Боливия, Парагвай, Аргентина, түштүгүнөн Уругвай менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгайт. Борбору Бразилиа шаары Расмий тили португал тили. Акча бирдиги – реал. Администрациялык-аймактык жактан 26 штатка жана 1 Федерациялык округга бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005):

Бразилия федерациялык мамлекет. Конституциясы 5-октябрда 1988-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы эки палаталуу парламент (Депутаттар палатасы жана Федерация сенаты). Саясий партиялары: Бразилия Социал-демократиялык партиясы, Бразилия Демократиялык кыймыл партиясы, Эмгекчилер партиясы, Либералдык фронт партиясы.

Аймагынын басымдуу бөлүгүн Бразилия бөксө тоолору (Бандейра чокусу, 2890 м) ээлейт, анын чыгыш четинде кууш тилке түрүндө Атлантика бою ойдуңу, батышында Пантанал саздуу ойдуңу жатат. Түндүгүндө Амазонка ойдуңу жана Гвиана бөксө тоосунун тармактары (Неблина чокусу, 3014 м) жайгашкан. Эң түштүгүн жана түштүк-батышын Ла-Плата ойдуңунун бир бөлүгү ээлейт. Климаты Түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай нымдуу экватордук климаттан мезгилдүү нымдуу субтропикке чейин өзгөрөт. Январдын орточо температурасы 23–29°С, июлдуку 16–24°С. Аймагынын басымдуу бөлүгүнө ысык климат мүнөздүү. Амазонка ойдуңунун батыш бөлүгү жана Гвиана бөксө тоосунун түштүк капталы экватордук нымдуу климат. Жылына 2400–3300 мм жаан жаайт. Амазонка ойдуңунун чыгыш бөлүгү жана Бразилия тоосу менен Гвиана бөксө тоосунун капталдары субэкватордук, жылына жаан 1200–2400 мм, жээктерде 3000 ммге чейин. Түндүк-чыгыш Бразилияда жаан 1100–400 ммге чейин азаят. Бразилиянын дарыялары көп. Аймагынын 56% Амазонка дарыясынын алабына кирет. Бразилия бөксө тоосунун чыгыш бөлүгү Сан-Франсиску дарыясынын алабына, Түндүк-чыгыш бөлүгү Атлантика океанына куюучу кыска дарыялардын алабына кирет, анын ичинде Парнаиба дарыясы да бар. Парана, Уругвай, Парагвай, Амазонканын көптөгөн куймалары жана башка дарыялар бар. Суу ресурстары боюнча Бразилия дүйнөдө биринчи орунда турат. Амазонка ойдуңун жана ага жакын жайгашкан бөксө тоонун капталдарын нымдуу экватор токою, саванналуу сейрек токой жана кургакчыл бадалдар ээлейт. Кургакчыл Түндүк-чыгышына жарым чөл сейрек токою (каатинга), Бразилия бөксө тоосунун түштүк-чыгышына жана Атлантика бою ойдуңуна тропиктик нымдуу токой, Бразилия бөксө тоосунун түштүгүнө дайыма жашыл кызыл карагайлуу жана аралаш токой мүнөздүү. Темир, калай, алюминий, уран, нефть, марганец, таш көмүр, жаратылыш газы жана башка кен байлыктар казылып алынат. Жеринин кыртышы көбүнчө кызыл түстүү латерит топурагы. Өсүмдүктөрдүн 4000ден ашык түрү кездешет. Жалпы аянты 52,6 млн га болгон 363 коргоого алынган табигый аймагы бар, анын ичинде 105 улуттук парк, аянты 14,2 млн га, ирилери Жау, Пику-да-Неблина. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген Борбордук Амазонка резерват комплекси, Пантанал коргоого алынган аймагы, Игуасу Шапада-дус-Веадейрус жана Эмас, Серрада-Капивара улуттук парктары.

Калкынын 97%тен көбү бразилиялыктар; орточо жыштыгы 1 км2 21,4 адам (2005). Алар Европадан жана Азиядан келген калктардын абориген-индейлер (тупигуарани же жана башка) жана 16–19-кылымда Африкадан алынып келинген негрлер (йоруба, банту, эве жана башка) менен аралашуусунан келип чыккан. Ошондой эле португалдар, италяндар, испандар, немис, украиндер, япондор да бар. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники 67,3, аялдарыныкы 74,9 жашаары Католик динин тутат. Калкынын 95%и деңиз жээгиндеги штаттарда жашайт. Шаар калкы 81,7% (2005). Ири шаарлары: Порту-Алегри, Белен, Манаус, Сан-Паулу, Рио-де-Жанейро, Сальвадор, Белу-Оризонти, Ресифи, Куритиба.

Бразилия жергесин адамдар неолит доорунан эле жердегендиги белгилүү. 16-кылымга чейин Бразилия аймагын индей уруулары (тупигуарани, тупинамбас, ботокуд, тамойос жана башка) мекендеп келишкен. 1500-ж. Бразилиянын жээгине португал деңиз саякатчысы Педру Кабралдын кемеси келип түшүп, жаңы ачылган жер Португалиянын ээлиги деп жарыяланган. Португалдыктар Бразилиядан баалуу кызыл жыгач «паубразил» (рауbrasil, өлкөнүн аталышы ушундан улам жаралган) ташышкан. 1549-ж. Бразилияда борбору Сальвадор шаары болгон генерал-губернаторлук негизделген. Бразилия үчүн Португалия Франция жана Голландия менен көп жылдар бою күрөш жүргүзүп келген. Колонияларда индейлердин жана негрлердин эмгеги пайдаланылып, негрлерди Африкадан алып келип турушкан. Бразилияда алтын, алмаз өндүрүү күч алып, Португалиянын эң бай колониясына айланат. Жолдор салынып, жаңы шаарлар курулган, өлкөнүн борбору Рио-де-Жанейрого көчүрүлгөн. 1807-ж. Португалияны Наполеондун аскерлери басып алганда, Португалиянын королу Жуан IV качып, Рио-де-Жанейрого барып орун алган соң, аймакта бир кыйла өзгөрүүлөр боло баштаган. Гезит-журналдар чыгарылып, Бразилия банкы, улуттук китепкана, музей жана башка негизделген. 1815-жана башка Португалия, Бразилия жана Алгарви бириккен королдугунун негизги бөлүгү катары эсептелип, королдук статусуна ээ болот. 1821-ж. Португалиядагы буржуазиялык революциядан кийин Бразилияда да көз каранды эместик үчүн кыймыл күч алып, король Жуан IV мекенине кайтууга аргасыз болуп, уулу Педро 1ни регент катары калтырган. 1822-ж. 7-сентябрда Педро I Бразилиянын көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул күн улуттук майрам катары бүгүнкү күндө да майрамдалат. Португалия Бразилиянын көз каранды эместигин 1825-ж. таанууга аргасыз болот. Бирок өлкөдөгү кулчулук 1888-ж. гана жоюлуп, монархия 1889-ж. ноябрда кулатылат. 1891-ж. февралда Бразилия федеративдүү республика Бразилия Кошмо Штаттары деп жарыяланып, конституция кабыл алынган. Биринчи дүйнөлүк согушта Улуу Британия жана АКШнын кысымы астында Антанта тарапта Германияга каршы согуш жарыялап, 1918-ж. Европага бир нече аскер бригадаларын жөнөткөн. 1930-ж. аскердик хунта бийликке келип, 1945-жылга чейин бийлик жүргүзүшкөн. 1945–64-ж. өлкөдө демократиялык кыймыл күч алып, саясий партиялар түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согушта АКШнын таасири күчөп, 1942-ж. Германия менен Италияга, 1945-ж. Японияга каршы согуш жарыялаган. 1944-ж. аскер корпусун (50 миң) Италияга жиберген. 1950–60-жылдары Бразилия агрардык өлкөдөн агрардык-индустриялык мамлекетке айланган. Өлкөдө агрардык, финансы жана билим берүү реформалары жүргүзүлгөн. 1960-ж. өлкөнүн борбору Бразилиа шаарына көчүрүлдү. 1964-ж. маршал У. Кастелу Бранку башында турган аскердик-саясий топ бийликти өз колдоруна алган. Жаңы өкмөт кабыл алынган декреттерди жокко чыгарып, саясий партиялардын иш-аракеттерине тыюу салган. Кийинки жылдары абал бир кыйла турукташып, инфляция төмөндөгөн. 1985-ж. 15-мартта 20 жылга созулган согуштук диктатуранын ордуна граждандык өкмөт бийликке келип, алгач Танкредо де Алмейда Невес президент болуп шайланган, бирок оорунун айынан ал кызматка киришпестен, анын ордуна көп узабай эле Жозе Сарней Коста келген. Өлкө демократиялык өнүгүү жолуна түшкөн жана демократиялык башкарууну бекемдеген жаңы конституция кабыл алынган. 1994-, 1998-ж. өткөрүлгөн шайлоодо президент болуп Ф. Э. Кардозу шайланган. Кардозунун тушунда алгач экономикада абал бир топ жакшырып (1997-жана башка ИДинин өндүрүлгөн көлөмү боюнча өнүккөн 10 өлкөнүн катарына кирген), бирок 1998-ж. кайрадан экономикалык кризис башталган. 2002-ж. шайлоодо бразилиялыктар өз добуштарын эмгекчилер партиясынын өкүлү Л. И. Лула да Силвага беришкен. Азыркы учурда тышкы карызы өтө көп (120 млрд доллар) болгондугу, калк турмушунун начардыгына карабастан, Бразилия бир топ ийгиликтерге жетишүүдө. Б. Латын Америка өлкөлөрүнүн арасында чечүүчү ролду ойноп келет.

Түштүк Америкадагы экономикалык потенциалы күчтүү индустриялык-агрардык өлкө. ИДПде өнөр жайдын үлүшү – 28,2% , айыл чарбаныкы – 10%, курулуш – 7,3%, электр, газ жана суу – 3,4% (2004). Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 3640 доллардан (АКШ) туура келет. Бразилия өнүккөн он өлкөнүн катарына кирет. Автомобиль, трактор, станок, ошондой эле компьютер, авиа-техника жана башка жогорку технологиялык продукцияларды чыгаруу боюнча 1-орунда. Бразилиянын аймагы 5 экономикалык районго бөлүнөт: Түштүк-Чыгыш (Минас-Жерайс, Рио-де-Жанейро, Сан-Паулу, Эспириту-Санту штаттары), Түштүк (Парана, Риу-Грандиду-Сул, Санта-Катарина), Түндүк-Чыгыш (Алагоас, Баия, Мараньян, Параиба, Пернамбуку, Пиауи, Риу-Грандиду-Норти, Сеара, Сержипи), Борбордук-Батыш (Гояс, Мату-Гросу, Мату-Гросу-ду-Сул, Федерация округу) жана Түндүк (Акри, Амазонас, Амапа, Пара, Рондония, Рорайма, Токантинс). Өнөр жайы экономикасындагы башкы тармак. Өнөр жайынын 65% жакыны Сан-Паулу штатында жайгашкан. Нефть өндүрүү боюнча Латын Америкасында 3-орунда турат. Нефтинин 80% Атлантика океанынын шельфинен казылып алынат. Негизги нефть иштетүүчү жана нефть-химия өнөр жайынын борборлору Дукиди-Кашиас, СанЖозе-дус-Кампус, Бетим, Паулиния, Матарипи жана башка Газ өндүрүү боюнча 5-орунда (Латын Америкасында). Негизинен Кампус жана Сантус бассейндеринен өндүрүлөт. 2003-ж. 305,9 млрд кВт∙П∙с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 80%и ГЭСтен алынат. Темир, марганец, түстүү металл (ниобий, бериллий, тантал), боксит, нефть, таш көмүр казылып алынат. Кара металлургия өнөр жайы толугу менен өзүнүн жогорку сапаттагы темирдин негизинде иштейт. Чоюн жана болот эритүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн ичине кирет. Машина куруу (анын ичинде автомобиль, авиация, кеме, айыл чарба машиналары) радиоэлектроника, нефть, химиялык, нефть-химиялык, цемент, целлюлоза-кагаз, текстиль (негизинен кебез кездеме), тамак-аш-татымал (кант, май, эт, тамеки) өнөр жайлары жана негизги товардык айыл чарба өсүмдүктөрү өнүккөн. Аймагынын 32% (2,8 млн км2) иштетилет. Кофе (дүйнөдө алдыңкы орунда, жылына 0,9 млн о өндүрөт), балкамыш (302 млн о), какао, банан, соя жана башка өстүрүлөт. Малы жайытта багылат. Бодо мал (152 млн), чочко, кой (эт, жүн багытында), жылкы асыралат. Үй куштары багылат. Деңизден жана дарыядан балык кармалат. Гевея ширеси, карнауб мому, бразилия жаңгагы чогултулат. Темир жолунун узундугу 29,4 миң км, автомобиль жолунуку 1,9 млн км, ички суу жолунун узундугу 31 миң км (1994). Деңиз соода флотунун тоннажы – 9,3млн тонна дедвейт (1994). Нефть куруунун узундугу 5,2 миң км. Сыртка транспорт жабдууларын, темир кенин жана концентраттарды, алюминий, темир, кофе, апельсин ширесин, эт (уй), кант, тамеки, текстиль буюмдарын, булгаары бут кийим чыгарат. Сырттан машина жана механикалык приборлорду, минерал, отун, химиялык өнөр жай продукцияларын, көмүр, жер семирткич, буудай, азык-түлүк алат. Айыл чарба продуктыларын экспорттоо боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт. Ири деңиз порттору: Форталеза, Сальвадор, Рио-де-Жанейро, Порту-Алегри, Парамарибо, Сантус, Риу-Гранди, Паранагуа, Турбаран, Сан-Себастьян. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Европа шериктештигиндеги өлкөлөр, Аргентина, Канада.

Алгачкы мектептерди 16-кылымдын ортосунда иезуиттер ачкан. Алар Бразилиядан куулгандан кийин бул мектептер жабылып, граждандык мектептер ачылган. ЖОЖдордун саны өскөн. Баардык ири шаарларында улуттук китепканалары, тарыхый-этнографиялык музейлери, ботаникалык бак, зоопарк, собор бар. Конакабана, Ипанема жана Лебнон океан пляждары менен даңазаланат. Алгачкы адабий жазуулары 16–17-кылымга таандык. Фольклору үч поэтикалык салттын биримдигинен турат. 17–18-кылымда улуттук адабият пайда болгон. 18-кылымдын 2-жарымынан адабиятында романтизм үстөмдүк кылган, бир нече илимий эмгек жарыкка чыгып, көптөгөн драмалар жазылган. Улуу Октябрь революциясынын жеңиши жана Бразилия компартиясынын түзүлүшү прогрессчил адабияттын өсүшүнө чоң таасир тийгизген. Б. элинин музыкасы португал, негр, индейлердин музыкасынын негизинде пайда болгон. Элдик ыр-бийлер кеңири өнүккөн. Музыкалык академия, улуттук опера-балет театры, консерватория, улуттук музыкалык институту, симфониялык оркестри бар. Бразилияда таш скульптуралар, геометриялык оймо-чиймелери бар карапа буюмдар жана таш бетине тартылган сүрөттөр сакталып калган. 16-кылымдын башында португалдар тарабынан Бразилиянын чет жакаларына Сальвадор, Ресифи, Рио-де-Жанейро сыяктуу шаарлар курулган. Бразилиянын архитектурасы 1920-жылдан баштап тез өскөн. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы чыгармалары 16–17-кылымда пайда болгон, улуттук реалисттик сүрөт өнөрү менен графика өнүгө баштаган. Театры 16-кылымда эле пайда болгон. Анда бразилиялык классицизмдин өкүлдөрүнүн пьесалары коюлган. 20-кылымдан баштап туруктуу драма труппалары уюштурула баштаган. 1950-жылдары Дулсиндер-Одилон, А. Гарриду, Ж. Коста жана башка көрүнүктүү актёрлордун жетекчилиги менен комедия театрынын труппасы түзүлгөн. 1960-жылдары «Театру ди арена», «Офисина», «Опиниан» театр труппалары иштеп, А. Саусун, Ж. Андради, А. Боаланын пьесалары менен бирге Шекспир, Мольер, Чехов, М. Горький жана башка авторлордун драмалык чыгармалары коюлган. Ал эми кино искусствосу 1903-ж. пайда болгон. 20-жылдары Кампинас жана Ресифиде кино өндүрүшү түзүлүп, негизинен чет өлкөлүк фильмдердин бразилиялык варианты чыгарылган. Биринчи тартылган фильмдерге көбүнчө атактуу ырчылар катышып, анда улуттук ыр, обондор пайдаланылган. Бразилияда алгачкы гезит 1809-ж. чыккан. Ал эми атайын информациялык «Аженсия Насионал» агентчилиги 1934-ж. негизделген. 1921-жылдан радиоуктуруусу, 1952-жылдан телекөрсөтүүсү башталган. Бир нече радио жана телестанциялары иштейт.




#Article 154: Кириллицаны латындаштыруу (327 words)


Мындай да: Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун делинет кыргызда. Кыргыз тилине келгенде чаласабаттар башчылык кылса тантырактар тойлошот, таңгөрү..
Мен негизинен алиги Кыргызпатенттин транслитерациясына макулмун. 
Бирок бу шумдуктар кыргыздын үч тамгасына келгенде айнып калышыптыр да, туш келди жерге апострофту колдоно беришиптир, капырай.
Эми-и, алиги Кыргызпатент шабашынан мен чыгып кеттим эле. Себеби Улан Мелисбек калыс баасын берип,  аябай сонун анализдеген Эмиль Асанов мырза аерде НЕГИЗГИ кыргыз болду да..

Бүгүнкү компьютердин күчү умлауттарды ийгиликтүү колдоно берүүгө мүмкүнчүлүк бергенден кийин, эмне үчүн биз аны пайдаланбашыбыз керек экен?! 

Nemis menen türk jazalgan tamgalardy biz özübüzdün tamgalarda paidalansak jarashpaiby?!

Биерде мен латын графикасы аркылуу кыргыздын тамгалары сопсонун түшө турганын айтып кетким келди.

Емейль жагынан деле кып_эле_кыргызча жазууга болот. 
Мисалы, *@gmail.com почтасы эң сонун кызматын аткарып берет.

Мынакей алиги [www.tamga.info/mediafiles/kyrgyztili/jobo.pdf жобо]сөрөйдөн алынган транслитерациялоо мисалдары:
(кашаанын ичинде менин оңдоолорум)

Жогоруда көрүнүп тургандай, Негизги латиницадагы кыргыз сөздөрүнүн сырткы көрүнүшү биротоло ашмалтайы чыгып жатканына ким күйөт, эй?!
Ушунчалык да кыргыз сөзүнүн душманы болууга бу шумдуктарга ким уруксат берди, капырай?!

Түшүндүрмө:
Кыргыз тилинде й тамгасы өзүнчө фонеманы түзалбайт. Ал сөзсүз түрдө үндүү тыбыш менен жанаша келет. Кирилл кыргыз алфавити орустардын тикелей киришүүсү менен жана орус орфография эрежелерине ылайыкталып жасалган. Бу тууралуу Кыргыз Википедиясында жакында бир макала жарыяладым, барып окуп көрсөңөр болот. Макаланын аты:
Кыргыз латын алфавитин кириллицага которуу.
Орустарда и_краткое, й тамгасы болгондуктан, кыргыз алфавитине күчтөп киргизилген.

Латынчада мындай өзүнчө турган фонема жок. Андыктан, 

Орустун Цц тамгалары катышкан сөздөрү кыргыз лексикасына күргүштөп эле кирди. Эми бу тамганы латынча бериш үчүн ts коштамгасын пайдаланууга таптакыр мүмкүн эмес, себеби кыргыз тилинде тс деген тамгалардын жанаша келиши кадимкидей көрүнүш - уңгусу т менен бүтүп, арсар келер чакты түзө турган сөздөрдүн баары тс жанаша тамгаларын камтыйт:

Андыктан латын_кыргыз алфавитине Цц тамгасын бериш үчүн сөзсүз түрдө атайын тамга киргизиш керек. Бу максатка латындын Сс тамгасы абдан ылайык.

Биерде биз түрктөрдүн алфавит курамын ээрчип, Сс тамгасын Жж деп берип койгондо, орустун Цц тамгасын камтыган кыргызчаланган сөздөрдү латын тамгасы менен туюнтуш кыйын болуп калат..

Айтор, кыргыз тилин латындаштырууда тантыроону азайтууга аракеттенгенибиз дурус болот эле.

Жанызак.




#Article 155: Хун (2424 words)


Хундар.    Тили    тектеш    калктарыбыздын     тарыхта    белгилүү    болгон     ордо     бабалары     хундар     эле.    Жалпы   түрк   элдеринин   алгачкы   тарыхый мамлекеттүүлүгүн хундар негиздеген. Хундарды азыркы айрым бир гана түрк элдеринин ата-теги деп көрсөтүүгө болбойт. Хун маданияты, салт-санаасы, саясий тажрыйбасы дээрлик бардык түрк урууларына таасирин тийгизген.

Хундардын алгачкы мекени. Борбордук Азияда көчмөндөр цивилизациясын негиздеген хундар б. з. ч. VI—V кк. тартып, байыркы Кытайдын Хуанхэ дарыясынын боюнда жайгашкан мамлекеттердин түндүк-батыш коңшулары болгон. Ал эми хундардын түндүк-батышында эң байыркы каргыздардын жана ага тектеш түрк урууларынын ата-теги жайгашкан. Алардын бардыгы тең б. з. ч. I миң жылдыктын ортосунда алгачкы жамааттык түзүлүштө жашашкан.
Хундардын чыгыш тарабындагы коңшулары дунху уруу жалпылыгына кирген уруулар эле. Алар монгол тилинде сүйлөөчү калктардын байыркы ата-теги болуп саналат. Хундардын батыш жагындагы коңшулары йүечжи уруулары эле. (Хун, дунху, йүечжи деген аталыштардын баары байыркы кытай тилиндеги этнонимдер. Бүгүнкү күндө бул уруулардын ошол доордогу аталыштарынын жандырмагы чечилбей, чоң табышмак бойдон калууда). Йүечжилер инди-европа тилдеринде сүйлөгөн эң чыгыштагы уруулар болуп саналат. Алардын тили азыркы тажик, иран, хинди тилдерине тектеш келет.

Хундар жана байыркы Кытай мамлекеттери. Б. з. ч. I миң жылдыктын алгачкы жарымында хундар менен байыркы кытайлыктардын ээликтеринин ортосунда башка да көчмөн уруулар жайгашкан. Ошондуктан кытайлыктар көбүнчө өздөрүнө жакын уруулар тууралу сөз кылышкан (маселен, «жун» деген ат менен белгилүү уруулар б. з. ч. IX—IV кк. Кытайды оор жоготууларга дуушар кылган согуштарды жүргүзүп турушкан).
Айрым учурларда хундар менен кытай аскерлери тиреше түшкөн жагдайлар түзүлгөн. 

Байыркы кытайлык «Ырлар китеби» деген жайнактагы ырлардын бири б. з. ч. 822-жылга таандык окуяны мындайча баяндайт:

Жадыраган жаз күнүнүн таңында,
Жоо жарагы, гүл азыгы артылган
Арабалар тизилишип каз катар,
Жүрүп жатты чоң казатка камылга... 
Ал анткени, күтүүсүздөн чачып каар, 
Басып кирди түндүк жактан хундар.
Падышадан буйрук келип шашылыш:
Баш калааны таштап душман колуна,
Кеттик чыгып жапырт андан баарыбыз.

... Жаткан кезде талап-тоноп хундар,
Каптап келип, капилеттен кол салып, 
Жоонун колун жексен кылып жер менен,
Ордобузду олжо менен кайра алдык!»
 
Ал эми б.з.ч. 3-кылымдын соңуна чейин согуш болбогон маалдардагы хундар жөнүндө кытайлык булактарда дээрлик эскертилген эмес. 

Улуу Кытай дубалы биздин күндөргө чейин архитектуралык курулуштун үлгүсү катары сакталып жеткен.Бул дубал Кытайдагы сулалелик алмашууга карабастан, б. з. ч. III—I кк. хундар (түрктөрдүн ата-теги) жана дунху уруулары (монголдордун ата-теги) тарабындагы Кытайдын туруктуу түндүк чеги катары кызмат кылган. Бул чептер системасы согуштук гана мааниге ээ болбостон, кытайлыктар менен түндүк коңшуларынын соодалык, чарбалык, маданий алакаларынын да күбөсү болгон.

Хундардын алгачкы падышасы — Тоу-Ман (Түмөн). Хундардын уруу бирикмесин түзгөн эзелки тарыхый инсандар белгисиз. Ал эми кытай тарыхый булактары бизге маалымдаган эң алгачкы хун падышасы кытай иероглифтери аркылуу Тоу-Ман  деп берилген. Анын падышалык титулу шанүй болгон.. Тарыхый адабиятыбызда Түмөн-Шанүй деп аталган бул адамдын тушунда хундар кубаттуу дунхулардын жана йүечжилердин ортосунда калган эле. Бул б. з. ч. III к. акыркы чейрегине таандык.
Түмөн-шанүй хундардын уруу бирикмесин жетектеп турганда б. з. ч. 215-ж. кытайлык кошуундан жеңилүүгө учурайт. Хундардын алсыраганынан кабардар болгон йүечжилердин падышасы Түмөн-шанүйдөн аманат  талап кылган. Батыштагы жоосун алаксытуу үчүн Түмөн-шанүй өзүнүн улуу аялынан төрөлгөн уулу Маодунду (Моде, Мете) аманат катары йүечжилерге берүүгө аргасыз болот.
Түмөн-шанүйдүн кенже уулу кичи аялынан болгон. Йүечжилер кокус Модэни өлтүрүп салышса, ушул кенже уулу мураскер катары тактыга отурмак. Арийне, уулу Модэ эркиндикти гана сүйбөстөн, бүткүл хун өлкөсүнүн күч кубатын түзө алган таланттуу мамлекет башчысы болоорун атасы боолголой алган эмес.

Модэнин козголоңу. Күндөрдүн биринде Түмөн-шанүй кол топтоп алып, йүечжилерге басып кирет. Хундардын кошууну жакындаганда сыйлуу туткун болуп жүргөн жаш Модэ жан адамга билдирбестен аргымактын бирин тандап минет да, кайрадан күчтөнгөн хундарды көздөй бет алып, аман-эсен качып кетет. Бул — өзүнчө эле эрдиктин үлгүсү болгон. Түмөн-шанүй уулуна өзүнүн колунан бир кошуунду бөлүп берет.
Модэ өз аскерлерин ышкырыктуу жебе менен таамай атууга машыктыра баштайт. Акырындап ал өз кошуунун берилген, буйрукту кыңк этпей аткарган жоокерлер менен толуктаган. Кытай булактары күбө болгондой, күндөрдүн биринде ал өзүнүн жебеси кайсы бутага атылса, дал ошондой кайталоого жигиттерине буйрук берет. Ошентип, өзүнүн сүйүктүү аргымагына ышкырыктуу жебесин багыттап атып калат. Колбашчысынын мыкты аргымагын атып салууга даабаган жигиттеринин башын алдырат.
Кийинчерээк Модэ өзүнүн сүйүктүү колуктусун көздөй ышкырыктуу жебесин мелжеп атат. Анын бул буйругуна түшүнө бербегендердин баарынын башы алдырылган. Каардуу колбашчы Модэ аң уулоо учурунда өзүнүн атасы минген атты жаасы менен атып калат. Мурдагы окуялардан катаал сабак алган жоокерлеринин бири калбай бул атты атып өлтүрүшөт.
Ушундай даярдык менен Модэ козголоң чыгарууга бел байлайт. Ал ышкырыктуу жебесин өз атасы Түмөн-шанүйдү карай мээлеп атканда, аскерлери да жебелерин кечикпей хун падышасын көздөй жиберүүгө ашыгышат. Бул окуя б. з. ч. 209-ж. болуп өткөн.
Мына ошентип, Модэнин бул козголоңу ийгиликтүү аяктаган. Кийинчерээк, бийликти тарттырып жибербес үчүн ал Түмөн-шанүйдүн кичи аялын жана анын баласын, атасына берилген адамдарды бүт өлтүрүп, өзүн хундардын шанүйү деп жарыялаган.

Ошол доордун жол-жобосуна ылайык Модэ-шанүй Аксакалдардын кеңешин чакырып, алады дунху бийлик эгесинин талабы менен тааныштырат. 
Илгерки заманда аксакалдардын көпчүлүгүнүн пикири согуш жана тынчтык маселелесин чечүүдө хун шанүйү үчүн милдеттүү болоор эле. Аксакалдардын көбү дунхулардын баскынчылыгынан чочулашып, алар менен араздашпай, сураган жерин берүүгө кеңеш беришет. Бирок бул такилип Модэ-шанүйдүн ачуусун гана келтирген. Кытай тарыхчысы Сыма Цянь жазып калтыргандай, Модэ-шанүй каардана: «Жер — мамлекеттин негизи да, аны кантип бөлүүгө болот!» — деп жооп кайырган. Андан соң ал дароо тескери кеңеш берген аксакалдардын башын алууну буюрган.  Бул, иш жүзүндө, хундардын аксакалдар кеңешинин өз алдынчалык маанисин жокко чыгаруу дегенди туюнтат. Ушул окуядан кийин шанүйгө кыңк этпей, анын оюндагыдай кеңеш берип, көңүлүн улоого тырышкан, айтканын эки кылбай аткарган адамдар гана кеңешке мүчө боло алган. Ошентип, шанүй жеке бийлик жүргүзүүчү бийлик эгесине — монархка жакындап калды.

Модэ-шанүйдүн жортуулдары. Ички саясий бийликтин эки тизгин бир чылбырын толугу менен өз колуна алган Модэ-шанүй эч токтолбой кол топтоого киришет. Чакырыгына кечигип келе тургандардын башын алууну буюрат. Анын катаалдыгын билишкен хун төбөлдөрү өз кошуундары менен тезирээк жетүүгө ашыгышат.
Модэ-шанүйдүн колу дунхулар жайгашкан аймакка капысынан кол салат. Дунхулар Түштүк Маньчжурия жана Чоң Хинган кырка тоолорунда көчүп-конуп жашаар эле. Модэ-шанүйдүн бул жортуулу ийгиликтүү аяктап, дунху аскерлери ойрон болгон. Алардын бийлик эгеси да колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн. Хундар бир далай туткундарды жана сандаган малды олжолоп кайтышат.
Бул жүрүшкө шерденген Модэ-шанүй өзүнүн колун түндүк-батышты карай баштап, жаңы баскынчылык согушка кирди. Улам күчтөнүп жаткан түндүктөгү коңшу өлкөнүн бул жоокерлик аракеттери кытайлык ордо тарыхчылары тарабынан иреттелип жазылып калган.
Модэ-шанүй чыгыштагы душманынын эсебин тапкан соң, ат тизгинин оболу батышка бурган. Ордостун батышындагы Хэси аттуу тарыхый аймактан чыгышка жылып, Түндүк Кытайдагы Алашань чөлүнө чейин жеткен йүечжилер кайрадан батышка сүрүлгөн.
Б. з. ч. 205—204-жж. Модэ-шанүй тангуттардын ата-теги болгон лэуфань жана баянь урууларын Ордос жергесинде өзүнө караткан да, Кытайды көздөй алгачкы жортуулун жасаган.
Б. з. ч. 203—201-жж. хундар түндүк жана түндүк-батыш аймакка жортуулдарын уланткан. Түрк урууларынын байыркы ата-тегинен болгон бир катар башка уруулар дал ушул жортуулдар тууралу баяндаган кытай булактарында кеп кылынган. Ошентип, Түндүк-батыш Монголия жана Саян-Алтай аймагында жашаган хуньюй, күйеше, динлиндер, Чыгыш Теңир-Тоонун түндүгүндө жана Жуңгария аймагында жашаган кыргыздарItalic text Модэ-шанүйдүн ири империясынын курамына каратылган.

Түмөн-шанүйдүн тушунда ( б. з. ч. III к. акыркы чейрегинен — б. з. ч. 209-ж. чейин) хундар көчмөн коомго таандык  эрте феодалдык мамлекетке ээ болгон. Хун коому бир эле учурда уруулук түзүлүштүн көптөгөн белгилерин сырткы көрүнүш, же трансформацияланган, жаңы коомдук деңгээлге ылайыкташкан ички мазмун катары мурастап калган. Ошол эле учурда бул саркындылар алгачкы жамааттык түзүлүштүн өзгөрүлбөгөн көчүрмөсү катары каралууга тийиш эмес.
Маселен, хундар ар кандай уруулардан турган. Алардын ичинде үч уруу саясий таасирдүүлүгү боюнча өзгөчө бөлүнүп турган төбөлдөр уруусу эле. Модэ-шанүйдүн тушундагы бул урууларды кытай булактары хойань, лань, сүйбу (сюйбу) деген аталыштар менен белгилейт. Ал эми шанүйдүн өзүн болсо кытай тарыхчылары Сыма Цянь менен Бань Гу лүаньди (люаньди) уруусунан чыккан деп жазышкан.

Хундардын саясий структурасы. Кытай булактары хундардын оң канат жана сол канат болуп жасалма саясий курамдарда ажырымдалаарын чагылдырышкан. Бардык оң канат бектер жана колбашчылар батыш тарапта — Шанцзюнь чөлкөмүнө (азыркы Ички Монголиянын аймагын жана Шаньси вилайетинин түндүгүн камтыйт) бет маңдай жана андан батышка жайгашып, йүэчжи, ди жана цянь элдери менен чектешип турган. Ал эми сол канаттагы бектер жана колбашчылар алардын чыгыш тарабында, Шангу чөлкөмүнө (Хэбэй вилайети, Ючжоу аймагында) бет маңдай жана андан чыгышыраакта жайгашап, Хуэйхэ жана Хаосянь менен чектеш эле.
Мындай дуалдык (кош) башкаруу системасы кийинчерээк орто кылымдардагы түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда да мурасталган. Хундардан калган жана дагы бир жөрөлгө — өлкөнүн 24 уруу башчылары жана аймак төбөлдөрү) тарабынан башкарылышы эле. Аткаруу бийлигинин бул 24 өкүлү оң жана сол канаттардын акылман ван, лули-ван, улуу колбашчы, улуу дувэй, улуу данху сыяктуу иерархиялык бийлик тепкичине ажырымдалган акимдеринен турган. Бул 24 акимдин түмөн башы деген мартабалары болгон жана алар өз кызматын мурастаганга акылуу болушкан (б. а. кезектеги шанүй аларды өз уруусунан дайындаган). Арийне, түмөн  башы делген менен айрымдарынын кошууну бир нече миң гана аскерден турган, күчтүүлөрү он миң атчан аскерге ээ болгон.
Түмөн башынын өз бийлигин мурастаганы анын башкаруучу уруунун өкүлү болгондугун дагы бир ирет ырастайт. 24 аким өздөрү ээлеген жеринин аймагы боюнча да айырмаланышкан. 
Кытай тарыхчысы Фань Е. жазып калтыргандай, өтө жогорку мартабалуу эсептелген 4 аким «төрт мүйүз» деп аталган. Алардын кадыр-барктуулугу төмөнкүдөй тепкичте болгон: эң мартабалуусу оң канат сянь-ван, андан соң  — оң канат лули-ван андан кийин — сол канат сянь ван, анан — сол канат лули ван (мындагы кытайлык «ван» сөзү кыргызча «бек маанисин берет).
Мындан чыгыш аймактарын (сол канат) ээлегендердин саясий таасири жогорураак эсептелгенин байкоого болот. Ал эми оң канат менен сол канаттын багытын аныктоодо хундар жүзү менен түндүктү эмес, түштүктү карап турганын билебиз.
Жогорку акимдер шанүйдүн кичүү туугандарынан жана уулдарынан дайындалып турган. Түмөн башылар өз кезегинде өзү бийлеген аймактарда миң башы, жүз башы, он башы сыяктуу башкаруучуларды өз алдынча дайындай алышкан. Ар бир эркек киши аскер катары саналган.

Хундар түзгөн аскердик-феодалдык башкаруу системасы Борбордук Азиядагы кийинки көчмөн мамлекеттер тарабынан  да өздөштүрүлгөн. Ал эми өлкөнү 24 акимдин башкаруусу орто кылымдардагы огуздар тарабынан да мурасталган.
Шанүй — көчмөндөр монархы. Модэ-шанүйдүн дооруна чейин хундардын уруу бирикмесинин башчысы шанүй титулун алган. Бул титул тек гана эң жогорку  уруу башчысы дегенди туюнткан. Сыма Цяндын жазганына караганда, «шанүй» сөзү «кеңирсиген», т.а. көк сыяктуу кеңирсиген деген манини берген.
Модэ-шанүйдүн учурунда бул титул тек гана уруу бирикмесинин өмүрү өткүчө бийлөөчү жолбашчысын туюнтпастан, ири мамлекеттин мурастан мураска өтүүчү жеке бийлөөчүсүн — монархты түшүндүрүп калган.
Албетте, хундардын эрте феодалдык мамлекетинин башчысы өзүнүн падышалык бийлигин баса көрсөтүү үчүн «шанүй» титулуна кошумча эпитетти да колдонууга умтулган. «Теңир куту» — «Теңир», т. а. «Көк ыроологон кут» деген кошумча титул дайыма шанүй титулунун алдында айтыла баштаган. Ал эми Модэ-шанүйдүн б. з. ч. 176-ж., анын уулу жана мураскери  Лаошань-шанүйдүн б. з. ч. 166-ж. кытай императоруна жиберген каттарында ушул титулдун мааниси кытайча которулуп берилген: «Көк дайындаган улуу хун шанүйү...» (Модэ), «Көк менен Жерден туулган, Күн менен Айдан дайындалган улуу хун шанүйү...» (Лаошань).
Мындан «Көк дайындаган» деген катайча сөз айкашы «теңир куту» деген терминдин сөзмө-сөз котормосу болуп эсептелет. Анткени түрктөрдө, алардын ичинде кыргыздарда, асманды «Көк» дешкен, анын ээсин «Теңир», «Теңри» деп аташкан. «Көк» менен «Теңир» синоним катары да пайдаланылган.
Хундардын «Теңир куту шанүй» деген падышалык титулу орто кылымдарда да орхон түрктөрү (монголиялык) тарабынан мурасталып, алар өз ханын «теңирде болмыш каган» деп аташкан. 
Модэ-шанүйдүн доорунан тартып күч-кубаттуу кезеңинде шанүй абсолюттук деңгээлге жакындаган жеке бийлик эгедери боло алган. Мындай учурда шанүй аксакалдар кеңешинин пикири менен эсептешпей коё алгандыгы Модэ-шанүйдүн дунхулардын ультиматумун талкууга алгандагы жоругу менен дурус айгинелейт. Ал эми шанүйдүн күчү алсыраган маалда жыйырма төрт түмөн башы ж. б. төбөлдөр курултайынын чечиминин бедели өскөн.
Шанүйлөр калыптандырган чектелген монархиялык мамлекет байыркы кыргыздар үчүн да саясий тажрыйба жана өрнөк болуп калган.

Жамаат. Хундардын коомунун негизги бөлүмү уруулардан жана аларды бириктирген уруктардан турган. Ал эми уруктар болсо өз кезегинде жайыттын ыңгайына жараша журттарга (чакан айылдарга) жиктелген. Хун журттары кытай булактарынын маалыматына караганда, було термини менен белгиленген (кыргызча бүлө, үй-бүлө жана монголчо ага маанилеш гер бүл сөзү менен салыштырууга болот).
Урук-уруусу боюнча тектеш хундар бири-бирине жакын журттарды ээлеп, жамаатташ жашашкан. Алардын насили (теги) гана эмес, салты, диний түшүнүктөрү, ырым-жырымдары, диалектикалык өзгөчөлүктөрү бирдей болгон. Хун мамлекетинин кеңири мейкиндикти ээлеп, улам жаңы элдерди баш ийдирип алып турган шартта жана саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу хун уруулары Түндүк Кытайдан тартып Теңир-Тоонун чордонуна чейин жайылган. Ушул заманда хун жамааты кандаш бир туугандардын жалпылыгы болгон уруулардан эмес, аймактык маанидеги жалпылыкты түзгөн уруулардан турган. 
Түмөн башылар төбөлдөрдүн уругунан чыккан. Бара-бара аларга баш ийген журттардын аймагы кеңейе берип, ар кыл уруу-уруктарды жана хундарга жуурулган башка элдерди да камтып калган. Жүз башы, түмөн башылар акырындык менен уруктун же уруунун жолбашчысы эмес, аймактык, акимдик жана аскердик башкаруучу болуп өзгөргөн.
Арийне, уруу-уруктук биримдиктин сырткы көрүнүшүн сактоого бийлөөчү төбөлдөр да, эски адатты сыйлоочу жөнөкөй көчмөндөр да умтулган.

Жерге (жайытка) болгон менчик. Хундардын ар бири «өзүнчө жер тилкесине ээ болуп, оттун жана суунун молдугуна ылайыктап бир орундан экинчисине журт которгон» делет тарыхый булакта. Арийне, жерге карата жеке менчик хун империясында жана кийинки түрк-монгол көчмөн мамлекеттеринде болгон эмес.
Жерге карата жамааттык (уруктук же уруулук) менчик Модэ-шанүйдүн тушунан тартып өзгөрүүгө учураган. Жер эми жалпы мамлекеттик менчикке айланган. Модэ-шанүйдүн «жер — мамлекеттин негизи» деген сөзү хундардын да, алардын тарыхый мураскери болгон борборазиялык көчмөн түрк элдеринин да жерге карата саясатынын символу болуп калган.
Мамлекет башчысы катары шанүй өз өлкөсүнүн ар кыл аймактарын уулдарына, бир туугандарына ж. б. ишенимдүү жакындарына, таасирдүү уруулардын төбөлдөрүнө ыйгарган. Алар өз кезегинде жердин чакан аймактарын кол астындагы төбөлдөргө бөлүп берген. Кийинкилери болсо өзүлөрүнөн төмөнкү тепкичтегилерге берген. Акыры карапайым көчмөндүн бүлөсүнө өзүнчө конуштар журт катары жайытты алмаштырып пайдалануу үчүн энчиленген. Экстенсивдүү мал чарбасынын бул жайыт пайдалануу системасы кылымдарды карытып сакталып келди. 

Хундар жана мыйзам. Байыркы хундардын коомдук жашоо эрежелери укум-тукумга өтүп эзелтен бери келаткан адатка негизделген. Кытайлыктар үчүн «алардын мыйзамдары жеңилдей көрүнүп, оңой эле аткарылчудай» сезилген. Чоң кылмыштарды жасагандар өлүм жазасына тартылган. Уурулугу ашкереленген адамдын үй-бүлөсү кошо жазаланып, мүлкү тартылып алынган. Сот жообуна тартылгандардын тагдыры он күндүн ичинде чечилген.
Шанүйдүн бийлиги күч алган доордо жалпы мамлекеттик кызыкчылык үчүн да жазалоо эрежелери пайда болгон. Маселен, аскердик тартипти бузгандар, аскердик милдетин өтөөдөн кечиккендер, хун мамлекетинин таламына каршы иш жасагандар өлүм жазасына тартылган.

Диний ишенимдери. Хундар башка байыркы түрк уруулары сыяктуу эле көк асманга сыйынышкан. Көктү туюнткан «теңир» сөзү хундар доорунан мурасталган (Эки Дарыя аралыгында байыркы шумерлер да б. з. ч. IV—III миң жылдыктарда көктү «диңгир» деп атаганы маалым). Теңир — бир эле учурда көктү да, анын рухун — ээсин да туюнткан. Теңир адамдын тагдырына гана эмес, жалпы эле мамлекеттин тагдырына кийлигише алат, кут да берет, жазалай да алат деп түшүнүшкөн. Кыргыз элиндеги «Теңир жалгасын» деген сөз ошол доордон келип жеткен.
Жалпысынан, хундар Теңирден кийинки орунда турган башка кудайларга — аалам чырагы болгон Күнгө, Айга, жылдыздарга, ошондой эле жашоо очогу болгон Жерге, молчулук булагы болгон Сууга, тоо-ташка, ата-бабаларынын арбактарына сыйынышкан. Хун төбөлдөрүнүн жалпы курултайы учурунда кудайларга курмандыктар чалынган. Шанүй да ар күн сайын Күнгө жана Айга табынып турган. Хундар тиги дүйнөнүн бар экендигине да ишенишкен.

Үй-бүлө мамилелери. Хундарда үй-бүлөнүн кожоюну — эркек болуп, үй-бүлө патриархалдык мүнөздө эле. Аялы үчүн күйөөнүн, балдары үчүн атанын сөзү милдет болгон. Түмөн-шанүйдүн мисалында бардар адамдар жана төбөлдөр эки (же андан көп) аял алганга акылуу болгондугун, Шанүйдүн мурасчысы катары адатта анын уулдарынын улуусу дайындалгандыгын тарыхый булактардан билебиз. Агасы өлсө, жесир калган жеңесин кайнисине никелөө салт болгон. Хун жигити өз уруусунан башка уруудагы кызга үйлөнгөн (экзогамия). Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири кылмыш кылганы аныкталса, башка бир туугандары да чогуу жазаланышкан.
Хун доорунун үй-бүлө мамилелери, коомдук турмуштун башка бир катар көрүнүштөрүндөй эле, кийинки түрк элдеринин коомдук тарыхына из калтырган. 




#Article 156: Өмүрбеков, Токторбек (435 words)


Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков (Өмүрбектегин) (27.3.1955 - 30.7.2019) -  кыргыз тарыхчысы, профессор (2010), тарых илимдеринин доктору (2004).  Кыргыз Тарых Коомунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2011).

Токторбек Өмүрбеков 1955-жылы 27-мартта Кыргызстандын Нарын областында, тактап айтканда, Теңир-Тоонун Ат-Башы районундагы Кара-Суу кыштагында (айтылуу Кошой-Коргон шаар чалдыбары жайгашкан айылда) туулган. Кыштак ушул тапта Кошой-Коргон айылы деп да аталат. 

Атасы Наматбек Өмүрбековдун теги -  кыргыздын азык уруусунан. Ал Ат-Башы районуна караштуу «Коммунизм» колхозунда бухгалтер, апасы Күлүмбүбү Орозобекова айылда   колхозчу болуп эмгектенген. 

Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин 1978-жылы ийгиликтүү аяктаган. 

Жакшы окуган бүтүрүүчү катары 1978-жылы университетке ишке алынган. 

Анын илимий жетекчиси жана нускоочусу - профессор, Кыргыз УИАсынын мүчө-кабарчысы Анварбек Хасанов болгон. 

КУУнун аспирантурасын сырттан окуган. 

	

Азыркы учурда КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору болуп, андан соң Жалпы тарых кафедрасынын профессору болуп иштеди.  Узакка созулган оорудан кийин, 64 жашында, 2019-жылы 30-июлда Бишкек шаарындагы Кантемир көчөсүндөгү үйүндө дүйнөдөн кайтты.   

Т.Н.Өмүрбеков 1986-жылы кандидаттык диссертациясын, 2004-жылы  докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 

Кыргызстандын  жана Борбордук Азиянын тарыхы боюнча 180ден ашуун илимий,  окуу-методикалык эмгектин, анын ичинде 6 монография, 15тен ашуун  окуу китептери менен окуу - методикалык  куралдарынын автору. 

Жалпы билим берүүчү орто мектептин 6,7,8 - класстары үчүн  Чоротегин Т. К. менен авторлошуп жазылган «Кыргызстандын тарыхы» окуу китеби кыргыз, орус, өзбек тилдеринде 1996-2010-жж. үч ирет басылып, Республикада негизги окуу китеби катары колдонулууда. 

Ошондой эле 6-класстын  «Байыркы дүйнө тарыхы» окуу китебинин дагы авторлорунун бири. 

Жогорку окуу жайлары үчүн да бир нече окуу китеби жана окуу-методикалык куралдары жарык көргөн. 

Айрым илимий макалалары кытай, орус, түрк, англис, немец тилдеринде жарыяланган. 

Кытайда, Россияда, Түркияда, Германияда, Казакстанда, Өзбекстанда өткөн Эл аралык илимий конгресстерге, симпозиумдарга катышкан (1994-2010-жж.).  

XVI-XX к. башындагы Кыргызстандын саясий тарыхы, чыгаан инсандары тууралу маселелерди изилдөө менен  алектенет.

Асыресе 19-кылымдагы кыргыздын тарыхый инсандары, 20-кылымдын башындагы улуттук боштондук кыймыл, Кыргызстандагы саны аз улуттардын коомдогу ролу жана жалпы эле Кыргызстан тарыхын орто мектептерде окутуу маселелери боюнча адис. 

Жубайы - тарыхчы мугалим Жаңыл Бакасова (1958-жылы 16-декабрда Нарында туулган).  

Эки уулу (1980-жылы туулган Анварбек, 1987-жылы туулган Элзар), бир кызы (1984-жылы туулган Асел) бар.
Неберелүү. 

Атасы Наматбек Өмүрбеков 1924-ж. туулуп 1992-ж. көз жумган. 

Наматбек ата Пржевальскидеги (азыркы Каракол ш.) айыл-чарба техникумунун сырттан окуу бөлүмүндө окуган (болжолу 1958-1962-жж.). 

Ал болжолу 1950-1959-жж. Кара-Суу айылдык кеңешинде катчы болуп иштеген. 

Наматбектин жубайы Орозобекова Күлүмбүбү апа колхозчу болуп эмгектенген. 
Учурда ардагер. 

Токторбектин ата-энеси 9 баланы: 4 уул, 5 кызды тарбиялап өстүрүшкөн. 

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.

Т.Өмүрбековго орто мектептин окуучуларына арналган Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (17 - 20-к. башы) аталыштагы автордошуп жазган китеби (Бишкек, 1995) үчүн Кыргызстан Тарыхчылар Жамаатынын Белек Солтоноев наамындагы сыйлыгы ыйгарылган (1996-жылдын 25-декабры). 

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2011). 

ISBN 5-89750-028-2




#Article 157: «Азаттык» үналгысы (176 words)


Ал өзүнүн туңгуч берүүсүн 1953-жылы 18-мартта Германиянын Мүнхен шаарында обого чыгарган. Кийинчерээк анын жолун Төлөмүш Жакып уулу уланткан. 

  

 
Мүнхенде “Азаттыкта” Азамат Алтай (1920-2006), Төлөмүш Жакып уулу, Маматиса Арал (“Эркин-тоолук”), Мамашарип Газы,  Аким Өзгөн, Майра Жакып келини (“Бактыгүл”) жана Аруун Барпы Өзгөн иштеген. Баян Жумагулова менен Нарынбек Идинов 1993-2007-жылдары Азаттыкта иштешти. 

Таанымал журналист Эсенбай Нурушев 1995-жылдын июнунан 2010-жылдын 31-декабрына чейин Азаттыктын Прагадагы башкеңсесинде иштеди.

Прагадагы башкеңседе ушул тапта Айнура Жекше кызы Асанкожоева, Венера Сагындык кызы Жуматаева, Амирбек Азам уулу Усманов, Жаңыл Жусубжан кызы Чытырбаева, Улан Алымкул уулу Эшматов, Төрөкул Дооров жана Гүлайым Ашакеева эмгектенип келет.

Ушул тапта “Азаттыктын” ар күнкү берүүсү - эртең мененки эки сааттык, түшкү жарым сааттык жана кечки бир нече сааттык дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктар менен окуяларга арналган программалары уктурулуп келет. 

Ошондой эле Кыргыз коомдук телерадио корпорациясы (КТРК, мурдагы УТРК, КТР) менен келишим түзүлүп, апталык сыналгы долбоорлору көрүүчүлөргө тартууланып жатат. 

Ал эми 2008-жылдан бери Facebook байланыш тармагында Азаттык+тун атайын баракчасы ачылган.  

Азаттык Плюcтүн интернет дареги — .

Кыргызстан – “Азаттыктын” берүүлөрүн 1992-жылдан бери жергиликтүү жыштыктарда ырааттуу түрдө уктуруп келе жаткан борбордук азиялык бирден-бир өлкө.




#Article 158: Азербайжан тили (145 words)


Азербайжан тили - Азербайжан Республикасынын мамлекеттик тили; жергиликтүү калктын жана Иран, Ирак, Афганистан, Грузия, Армения, Дагстан жана Орто Азия республикаларында жашаган азербайжандардын тили. Түрк тилдеринин түштүк батыш же огуз тобуна кирет. 7-11-кылымда түрк тилдүү уруулардын (огуз, селжук) Азербайжан жерине келиши менен жергиликтүү элдердин мурда колдонгон тилдери сүрүлүп, 11-13-кылымда жергиликтүү элдердин оозеки тили түрк тили болуп, ал азербайжан адабий тили катары калыптана баштаган. Азербайжан тилинде 4 диалектилик топ белгиленет: чыгыш тобу, түштүк тобу, батыш тобу, түндүк тобу. Азербайжан адабий тили шемахи жана бакы диалектилеринин негизинде 19-кылымда калыптанган. Азербайжан тили өзүнүн грамматикалык, лексикалык белгилери боюнча азыркы түрк, түркмөн, гагауз, башкача айтканда, огуз тобундагы тилдерге жакын. Кээ бир фонетикалык өзгөчөлүктөрү боюнча ногой, кумык, өзбек тилдери менен да жакындашат. Азербайжан тилинде 9 үндүү, 23 үнсүз тыбыш бар. 1929-ж. чейин араб графикасын колдонгон, ошол жылдан латын, э, ө, ү тамгаларын кошумчалап, 1940-ж. орус графикасына өткөн. Азыр кайрадан латын графикасын колдонот.




#Article 159: Орто Азия (194 words)


Орто Азия , , , , , ) — Азиянын бир бөлөгү, батыштагы Каспий деңизинен кийин, чыгыштагы Кытай ортосуна чейин, жана түштүк Орусиядан кийин, түндүк Пакистанга чейин. Кээде Борбордук Азия‎ же Ичиндеги Азия деп аталат, жана Евразия континенттин ичинде жайгашат. Терминдин көп белгилери бар, бирок бир маанисине баары кошулбайт. Четтерин белгилөөнүн кыйынчылыктары менен, кээ бир негизги мүнөздөмөлөрү бар. Мисалы, тарыхы көчмөн элдерине жана Жибек жолуна жакында байланышкан. Натыйжасында, Европа, Батыш Азия, Түштүк Азия, жана Чыгыш Азия арасында соода, адам кыймылдары, жана ойлор кыймылдары көп болчу.

Орто Азия — топоним . Эпосто кыргыздардын жана аларга жамаатташ элдердин мекени. Сагымбай жана башкалар илимий чөйрө менен тааныш манасчылардын варианттарында гана жолугат. Анткени бул аталыш Европалык окумуштуулардын эмгектеринде 19-кылымдын 1-жарымынан тартып гана колдонула баштаган. Мисалы, «Орто Азия жерибиз Орчун кыргыз элибиз» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 26-б.).

Географиялык реалияда Орто Азия Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменстандын бүт аймагын, Казакстандын түштүк, түштүк-чыгыш жана ортолук (Арал-Эргиш суу бөлгүчүнө чейин) бөлүктөрүн камтыган табигый аймак. Орто Азия түштүгү жана чыгышы Иран, Ооган жана Кытай мамлекеттери, батышы Каспий жээктери, Үстүрт жана Мүгалжар тоолору менен чектелет. Саясий-акимий жактан Орто Азия аталган 4 республика гана кирет, Казакстан кирбейт. Орто Азия 1924—25 жылдары чейин Түркстан деп аталган. 




#Article 160: Анадолу Түркчөсү (287 words)


Түркчө.
Түркиянын расмий тили. Стамбул Түркчөсү.
Грек тилинде ή άνατολή (anatole) күндүн чыгыш жери, Чыгыш маанисинде.

Diğer yaygın olarak konuşulan dillerle karşılaştırıldığında, daha az sayıda sözcük ve harf ile daha çok bilgi aktarmak olanaklıdır. Diğer pek çok dilde olmayan bir özelliğe göre, bir sözcük köküne ekler ekleyerek, tek sözcüklü tümceler oluşturulabilir.

Merhaba! / Salamatsızbı! (Саламатсызбы!)

Evet /Ooba (Ооба)

Yok /cok (Жок)

İyi günler!/ Kutmanduu tañıñız menen! (Кутмандуу таныныз менен!)

İyi akşamlar! / Kutmanduu keçiñiz menen! (Кутмандуу кечиниз менен!)

Ne var ne yok? / Emne cañılık? (Эмне жанылык?)

Ne var ne yok? / Emne boldu? (Эмне болду?)

Nasılsın?/ Kandaysiz? (Кандайсыз?)

İyi, teşekkürler, ya sen? /Cakşı, rahmat, özüñüz? (Жакшы, рахмат, өзүнүз?)

Güle güle! /Koş kalıñ! (Кош калын!)

Sonra görüşürüz!/ Körüşkönçö! (Көрүшкөнчө!)

Üzgünüm! /Keçirip koyuñuz! (Кечирип коюнуз!)

Açık/Kapalı / Açık/cabık (Ачык/жабык)

Çekme/itme / Tart/turt (Тарт/турт)

Küçük/ Büyük / Kiçine/çoñ (Кичине/чоң)

Kırgız Türkçesi konuşabiliyor musunuz? / Siz Kırgız Türkçösü süylöy alasızbı? (Сиз Кыргыз Түркчөсү сүйлөй аласызбы?)

Kırgızca konuşamıyorum./ Men Kırgızça süylöy albaym. (Мен Кыргызча сүйлөй албайм.)

Biraz Kırgızca konuşabiliyorum. / Men bir az Kırgızça süylöy alam. (Мен бир аз Кыргызсча сүйлөй алам.)

Anlıyorum. / Men tüşünöm. (Мен түшүнөм.)

Anlamıyorum. / Men tushunboym. (Мен түшүнбөйм.)

Teşekkürler! /Rahmat! (Рахмат!)

Çok teşekkürler! / Çoñ rahmat! (Чоң рахмат!)

Çok iyi, teşekkürler! /Ötö cakşı, rahmat! (өтө жакшы, рахмат!)

İyi. / Cakşı (Жакшы)

Lütfen /Suranıç (Сураныч)

Lütfen / Ötünüç (өтүнүч)

Bir şey değil! Eçteke emes! (Эчтеке эмес)

Özür dilerim! / Keçiresiz! (Кечиресиз!)

Bir az/ Bir az (Бир аз)

Bir az yavaş söyleyiniz lütfen? / Bir az cayıraak süylöñüzçü! (Бир аз жайыраак сүйлүнүзчү!)

Yazabilir misiniz? / Cazıp beresizbi? (Жазып бересизби?)

Ben çantamı/cüzdanımı/pasaportumu kaybettim. Men sumkamdı/kapçıgımdı/pasportumdu uurdatıp ciberdim (Мен сумкамды/капчыгымды/паспортумду уурдатып жибердим)

Bana doktoru çağırınız!/ Maga dogdurdu çakırgıla! (Мага догдурду чакыргыла!)

Polisi çağırınız!/ Militsiyaga konguroo kılıñızçı! (Милицияга конгуроо кылынызчы!)




#Article 161: Жусуп Баласагын (158 words)


Жусуп Баласагын — 1016ж, Караханиддер мамлекетинин борборунда Баласагун шаарында атактуу жана бай үй-бүлөдө туулган.Турмушу тууралуу башка маалыматтар аз сакталган. Философия, математика, дары-дармек, астрономия, астрология, көркөм өнөр, адабият, тил илими жана башка илимий тармактарынын өнүгүүсүнө зор салымын кошкон. Жусуп Баласагын  араб, фарс жана башка тилдерде окуган, жазгандарга үлгү кылып өз китебин жазып баштаган жана дүйнөлүк адабият, маданиятка Кутадгу билим (Кут алчу билим, же Куттуу билим) аркылуу таанылган. Жусуп Баласагын бул поэманы хиджра боюнча 462 жылы, (1070-жылы) жазып бүтүргөн. Дастан «Хандардын ханы» Карахан мамлекеттин негиздѳѳчүсү (942 - 1210) Сулайман Арслан-ханга (908 - 955) тартууланган. Ошол себептен Жусуп Баласагынга чыныгы хажиб - же чыныгы адис деген наам берилип, башкы кеӊешчи кызматына дайындалган. Дастандын бизге жеткен үч нускасы бар. Биринчиси Герат шаарында, 1439-жылы байыркы уйгур жазуучусу менен такталган (азыр Клостернойбург ройал китепканасында сакталуу), экинчи Катарда, 14-кылымдын 1-жарымында (Египет Keдиван китепканасында) көчүрүлгөн. Ал эми үчүнчү нуска 12-кылымда Наманган шаарында араб жазуучусу менен кагазга түшүрүлгѳн. Бул кол жазма Ташкентте Чыгыш таануу институтунда сакталып турат.




#Article 162: 14-декабрь (122 words)


Түркстан АССРинин билим берүү наркомунда сабатсыздыкты жою үчүн түзүлгөн Атайын комиссиянын программасына ылайык, Кыргызстанда да тийиштүү чаралар көрүлө баштаган. 1920-жылдын бул күнү Пишпек шаарында сабатсыздыкты жою үчүн уезддик атайын комиссия уюшулуп, аймактагы сабатсыз адамдарды мектеп партасына отургузуп, сабат жоюп, кат таануу иштери жүргүзүлгөн. 

Кыргызстандык өнөр жай жана транспорт кызматкерлери 1935-жылдын 14-декабрында I Бүткүл кыргыз стахановчулардын слетуна чогулушту. 

Согуш айынан Кыргызстанга эвакуацияланган геологдор менен палеонтологдор 1942-жылдын бул күнү Серафимовка кыштагынан илим үчүн маанилүү ачылыш жасагандыгын билдиришти. Башында академик Алексей Борисовский турган илимпоздор мындан үч салалуу жылкы-гиппариондун сөөгүн табышкан. Мындан тышкары байыркы доорго таандык деңиз жана кургак жандыктардын скелеттери чыгып, ал Кыргызстан аймагында биосферанын эволюциялык өнүгүшүн аныктаган. 

Бул күнү, 1825-жылы Петербургдун Сенат майданында декабристтердин көтөрүлүшү чыгып, 1911-жылы норвегиялык Роальд Амундсендин экспедициясы Түштүк уюлга жеткен.




#Article 163: Австрия (2219 words)


Австрия (Österreich), Австрия Республикасы (Republik Österreich) – Борбордук Европадагы мамлекет. Дунай дарыясынын алабында жайгашкан. Түндүгүнөн Германия, чыгышынан Венгрия, түштүгүнөн Словения жана Италия, батышынан Швейцария жана Лихтенштейн менен чектешет. Аянты 83,9 миң км2. Калкы 8,4 млн (2005). Борбору Вена шаары. Акча бирдиги евро (2002-ж. чейин Австрия шиллинги).

Австрия федерациялык республика. 9 административдик-аймактык бирдикке (жер) бөлүнөт (Вена шаары административдик-аймактык бирдик катары эсептелет). Мамлекеттик башчысы президент. 6 жылга шайланат (бир гана жолу кайра бийлигинин шайланууга акылуу). Мыйзам чыгаруу жогорку органы эки палаталуу (Улуттук Кеңештен 4 жылга шайланган 183 депутат жана Федералдык Кеңештен лантаг тарабынан шайланган 64 депутат) парламент. Аткаруу бийлигин канцлер, вице-канцлер жана министрлерден турган өкмөт ишке ашырат. Ар бир аймактын (жердин) өзүнүн конституциясы жана калк тарабынан шайланган өз парламенти ландтагы бар.

Аймагы тоолуу келип, анын 3/4 бөлүгүнө жакынын Чыгыш Альп тоолору (эң бийик жери Гросглокнер чокусу, 3797 м) жана анын этек тоолору ээлейт. Бири-бирине жарыш жаткан Түндүк Акиташтуу, Борбордук Кристаллдуу жана Түштүк Акиташтуу Альп тоолоруна бөлүнөт. Калган бөлүгүн Ортоңку Дунайдагы түздүк, ойдуңдар (Штирия-Бургенланд ойдуңу, Вена массиви), түндүгүнөн Чех массивинин түштүк бөлүгү кирип турат. Темир рудалары, нефть, газ, алюминий, күрөң көмүр, магнезит жана башка кендери бар. Климаты мелүүн континенттик, батышы нымдуу, кышы жумшак, жайы салкын. Январдын орточо температурасы -1 -4°С, июлдуку 15-18°С. Жылдык жаан-чачыны 500-900 мм, тоолорунда 15002000 мм. Түндүк-батыш айдарым капталдарында жаан-чачын арбын жаайт. Тоолуу аймагында бийиктик алкактуулук даана байкалат. Суу кар тез-тез жаайт; 7-8 ай кар жатат. Мөңгүнүн аянты 5 км2ден ашык. Суулары Дунай жана Рейн дарыясынын алабына кирет. Австриянын аймагында Дунай дарыясы 350 кмге созулуп агат. Куймалары: Инн, Энс, Лайта, Раб, Драва жана Морава. Тоо дарыялары тик түшүп, шар агып, энергия ресурска бай. Жайында ташкындап, кышында тартылат. Австрияда 580ге жакын көл бар, алар негизинен мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Ирилери: Боден (Австриянын Германия, Швейцария менен чегарасында), Нойзидлер-Зе (Венгрия менен чегарасында). Нойзидлерзе-Зевинкель, Карвендельбирге жана башка коруктары бар. Чымдак-күл, боз токой топурагы, түштүк-чыгышында күлдөшкөн кара топурак, тоолорунда күлдөшкөн боз тоо топурагы өөрчүгөн. Аймагынын 44%ин токой ээлейт, ал улуттук негизги байлыктарынын бири. 600-800 м бийиктикке чейин айдоо жерлер менен кошо жазы жалбырактуу (эмен, бук, акчечек) токой массивдери ээлейт. 1400-1800 м бийиктиктердеги ийне-жазы жалбырактуу токой, андан жогору тоо кызыл карагайы, жапалак балкарагай менен алмашат. 2000 мден жогору жыш өскөн альп шалбаасы, 2700-3000 мге чейин шалбаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат.жинди китеп башкадан изде.

Калкынын 90%и австриялыктар. Андан тышкары словен, хорват, чех, венгр, серб, цыгандар, ошондой эле немистер, италяндар жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Шаар калкы 77% (2005). Калкынын көбү христиандар (83%), анын ичинде католиктер 76%, протестанттар 5%ке жакын, православиелер 2%; мусулмандар 2,3%, иудейлер 0,1%. Мамлекеттик тили немис тили. Калктын табигый өсүү динамикасы төмөн. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники -73, аялдарыныкы -79 жаш. Калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 100 киши. Негизинен Дунай жана Рейн дарыясынын өрөөндөрүндө, Штрия менен Бургенланд түздүктөрүндө отурукташкан. Ири шаарлары: Вена, Грац, Линц, Зальцбург, Инсбрук.

Австриянын аймагын адамдар палеолит доорунда эле мекендешкендиги белгилүү (Штириядагы Миксний, төмөнкү Австриягы Виллендорф турак жайлары). Эрте темир дооруна таандык Гальштаур археологиялык маданиятынын эстеликтери кеңири изилденген. Кельттердин басып кирүүсү менен (биздин заманга чейин 500-400-ж.) жергиликтүү иллирия уруулары алардын курамына кирген. Биздин заманга чейин 2-кылымда Австриянын көпчүлүк аймагы жаңы түзүлгөн Норик королдугунун курамына кирген, түндүк облустарын римдиктер тарабынан Италиядан куулган бойа уруулары ээлешет. Көпчүлүк иллирия уруулары Чыгыш Альпыда өзүлөрүнүн маданий өзгөчөлүгүн узак убакытка сакташкан. Биздин заманга чейин 1-кылымдын ортосунда бойалардын уруулары талкалашкан, ал эми биздин заманга чейин 8-кылымда бул аймакты маркомандар ээлешкен. Биздин заманга чейин 16-9-кылымдын аралыгында Австриянын Дунайдан Түштүккө карай жайгашкан аймактары римдиктер тарабынан каратылып, кийинчерээк римдик Норик, Реция жана Паннония провинцияларынын курамына кирген. Элдердин Улуу көчүүсү мезгилинде Австриянын аймагына көптөгөн уруулар басып кирген. 6-кылымдын экинчи жарымында Батыш Австрияда герман уруулары (негизинен баварлар), борбордук жана Чыгыш бөлүгүндө славяндар (негизинен словендер) отурукташкан. 788-ж. Карл I Баварияны Франк королдугуна бириктирип, анын натыйжасында франктардын таасири славяндар жашаган Каринтияга да таралат. Франк мамлекети түш.чыгышта Паннониядагы, Авар каганаты менен чектешип, каганат кыйрагандан соң, 8-9-кылымдын башында чыгыш чегарасын бекемдөө үчүн Паннония же Чыгыш маркасы түзүлгөн. 843-ж. Карл I империясы бөлүнгөн соң Австрия Бавариянын курамында Чыгыш Франк (10-кылымдан Германия) королдугуна кошулган. 10-кылымдын 1-жарымында Чыгыш Австрияны венгрлер басып алат. 955-ж. герман королу Оттон I (962-жылдан император) Лех дарыясынын жээгинде көчмөн-венгрлерди талкалайт, Австриянын аймагында бавардык Чыгыш маркасы түзүлөт, кийин ал маркграфтык деп атала баштайт. 976жылдан мында Бабенбергдер динстиясынын бийлиги орнотулат. 1156-ж. Австрия маркграфтыгы өз алдынча графтык болуп түзүлүп, Бавариядан толук бөлүнөт. 996-ж. таандык жазма булактарда аймак алгачкы жолу Австрия (Ostarrichi, азыркы Österreich), башкача айткан Чыгыш облусу деп аталгандыгы белгилүү. Бабенбергдер династиясынын бийлиги токтогондон (1246) кийин, австриялык аймактар чех королу Приемысл II ээлигине өтөт. 1276-78-ж. герман королу Рудольф I Габсбург Австриянын аймагын ээлеп, 1282-ж. Австрияны жана Штирияны уулдары Альберт менен Рудольфко башкарууга берет. Австрияда ушундан тарта Габсбургдар династиясынын бийлиги орнойт (1918-ж. чейин). 16-кылымда Түштүк-Чыгыш Европага Осмон империясы (Түркиянын) чабуул коюп турган мезгилде Габсбургдар Чехияны, Силезияны, Венгриянын бир бөлүгүн (толугу менен 17-кылымдын аягында), түштүк славян жерлеринин бир бөлүгүн ээлеп алган. Габсбургдардын көп улуттуу империясы куралып, Австрия анын саясий борбору болуп калган. 18-кылымда Габсбургдар Түштүк Нидерландыны, Италиянын көп жерин жана Польша менен батыш Украинанын бир кыйла бөлүгүн басып алган. 18-кылымдын ортосунда Германияда үстөмдүк кылуу үчүн Австрия менен Пруссиянын ортосундагы тирешүү күчөйт. Австриялык мурас үчүн болгон согушта (1740-48) Мария Терезия жеңип чыккан. 1756-62-ж. Жети жылдык согуштун жүрүшүндө Габсбургдардын Пруссиядан Силезияны кайтарып алуу аракети ийгиликсиз аяктаган. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында Австрия наполеондук Франция менен болгон согуштарга катышып, бирок жеңилип калган. 1859-ж. Италия жана Франция, 1866-ж. Пруссия жана Италия менен болгон согуштарда Австрия Италиядагы ээлеген жерлеринен жана герман мамлекеттериндеги таасиринен ажырайт. Австрия империясында кризис күчөп, Австрия 1867-ж. дуалисттик, экилтик монархия Австрия-Венгрия деген аталыш менен кайра түзүлгөн. 1879-ж. Австрия, Венгрия, Германия м-н бирдикте Россияга жана Францияга каршы союз түзгөн. 1914-ж. 15 (28) июнда Сараеводо сербиялык улутчулдар тарабынан Австрия-Венгрия тактысынын мурасчысы Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшү Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына шылтоо болгон. Биринчи дүйнөлүк согушта (1914-18) Австрия-Венгрия Германиянын негизги союздашы катары катышкан. 1918-ж. октябрь-ноябрда Габсбургдар монархиясында буржуазиялык революциянын жеңип чыгышы менен Австрия-Венгрия империясы кулап, көз карандысыз, өз алдынча Австрия, Венгрия, Чехословакия мамлекеттери түзүлүп, 1918-ж. 12-ноябрда Австрия Республика болуп жарыяланган. 1919-ж. 10-сентябрда Австрия менен Антанта державаларынын ортосунда Сен-Жермен тынчтык келишимине кол коюлуп, мамлекеттин чегарасы такталган. Өлкө 7 округга бөлүнүп Австрия аталышы Чыгыш маркасы болуп өзгөртүлгөн. 1942-жылдан Альпы менен Дунай округдары деп аталып, Австрияда фашисттик оккупациялык режим орнотулган. Бардык саясий партияларга тыюу салынган. 1938-ж. мартта Германия Австрияны басып алып, 2-дүйнөлүк согушта ал Германия тарабында согушкан. 1945-ж. жазында Австрияга СССР, АКШ, Англия жана Франциянын аскерлери кирип, басып алынган өлкөнүн аймагы 4 зонага бөлүнгөн. 1955-ж. 15-майда СССРдин, АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын жана Австриянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен көз каранды эмес жана демократиялык Австрияны калыбына келтирүү жөнүндө Мамлекеттик келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык, басып алынган аскерлерди Австриядан чыгарып кетүү 1955-ж. 25-октябрда аяктаган. 1955-ж. 26-октябрда Австриянын парламенти өлкөнүн бейтараптагы, анын согуштук союздарга кошулбоосу жана анын аймакка чет өлкөлүк согуш базаларынын түзүлүшүнө жол берилбөөсү жөнүндө мыйзам кабыл алган. 1955-ж. декабрдан Австрия БУУнун, 1995-жылдан Европа Союзунун мүчөсү.

Австрия Европадагы экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн өлкө. Ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 22,1 миң доллардан (АКШ) туура келип, дүйнөдөгү эң бай 15 өлкөнүн катарына кирет. Экономиканын өнүгүшүндө чет элдик туристтерди (жылына 18,6 млндон ашык; 2003) тейлөөнүн мааниси чоң. Өнөр жай продукциясынын 20%тен ашыгын (металлургия, тоокен, энергетика) мамлекеттик сектор өндүрөт. Өнөр жайы оор индустриянын негизинде тез темп менен өнүгүүдө. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү боюнча Батыш Европадагы 10 өлкөнүн катарына кирет. Тоокен казуу өнөр жайы кен байлыктардын негизинде иштейт. Темир (Эйзенэрц), коргошун, цинк (Блейберг руднигинде), жез (3 альцбург), графит (Штирия), аш тузу (3 альцкаммергут, Бад-Ауесе, Бад-Ишль, Жогорку Альп аймагында), нефть (жылына 1 млрд м3), жаратылыш газы (1,5 млрд м3) казылып алынат. Көптөгөн өнөр жай фирмаларынын өндүргөн өндүрүмдөрү чет элдик керектөөлөрдү канааттандырат. Өнүккөн өнөр жай тармактары: машина куруу, кара металлургия (34 млн о чоюн, 4-5 млн о болот, 4 млн ога жакын прокат), күкүм металлургиясы (90%и экспортко кетет), түстүү металлургия, технологиялык жабдуулар, элекртехника, радиоэлектроника (аудио-видеотехника, телевизор, компакт-диск), машина куруу (Штайр, автокыймылдаткычтар «БМВ», «ВМ»; Асперн, «Опель-Аустриа»; мотоцикл, велосипед), нефть ажыратуу (Швехат, жылына 10 млн о), химия (Линц жерсемирткич, меламин, мочевина, полиэтилен), жыгаччылык, кагаз. Негизги өнөр жай борборлору: Вена (электровоз, локомотив, өзү жүрүүчү көтөргүч крандар), Грац (пассажир, товар вагондору), Енбах (тепловоз, дизель мотору, вагондор). Ошондой эле курал-жарак чыгаруучу (Штайр аскердик оор техникалар, ок атчу курал-жарак, Хиртенберг курал-жарак, ок-дары) өнөр жайы да өнүккөн. Гидроэнергия ресурстарына бай тоо дарыяларында көптөгөн ГЭСтер курулуп, алар өлкөнүн энергияга болгон керектөөсүн толугу менен канааттандырат. 2003-ж. 58,8 млрд кВт электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда (киши башына жылына 7 миң кВт) турат. Украинанын Чернобыль АЭСиндеги апааттан кийин (1986) атом энергиясын пайдаланууга тыюу салынган. Өлкөнүн аймагынын 40%ин айыл чарбага жарактуу жер ээлейт. Айыл чарбага жарактуу жердин 1,5 млн гасы айдоо аянты, бакчылык, жүзүмчүлүк, 1,9 млн гасы шалбаа жана жайыт, 22%ин альп шалбаасы. Айыл чарбасында сүт жана эт багытында мал чарбасы (айыл чарба азык-түлүгүнүн 2/3 си) өнүккөн. Бодо мал, чочко, кой асыралып, үй куштары багылат. Буудай, арпа, сулу, кант кызылча, жүгөрү, кара буудай, тоют өсүмдөктөрү айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн, жемиш бактары көп. Өлкөнүн жүк ташуусу негизинен куур жана деңиз транспорту аркылуу жүргүзүлөт. Башкы темир жол түйүндөрү: Вена, Линц, Грац, Филл. Темиржолунун узундугу 6 миң км (анын 3,5 миң кми электрлештирилген). Альпыда 10 тешкен тоо (ар биринин узундугу 1 кмден кем эмес; эң узуну Альберг 14 км) курулган. Автомобиль жолунун мааниси (узундугу 41 миң км) да чоң. Дунайда кеме жүрөт. Негизги порттору: Линц, Вена. Эл аралык 6 аэропорту (ириси Вена-Швехат), «Аустриан Эйрлайнз» ири авиакомпаниясы бар. Машина, машина жабдуулары, жеңил автомобилдер жана аларга тетиктер, химия продукциялары, текстиль, бут кийим, азык-түлүктөр, электртехника буюмдар, дарыя кемелери, целлюлоза, алюминий, азот жер семирткичи, жасалма була, магнезит, электр энергиясы экспорттолот. Негизги сырткы соода шериктери: Германия, Италия, Франция, АКШ, Швейцария, Венгрия, Россия.

Австриянын билим берүүсүнө Билим, илим жана маданият федерация министрлиги жетекчилик кылат. Австриянын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди, мектептер, кесиптик мектептерди жана ЖОЖду камтыйт. 1972-2001-ж. университеттер мамлекеттин эсебинде болуп, окутуу акысыз болгон. 2002-жылдан акы төлөп окутуу киргизилген жана учурда 28 университеттин алтоосу жеке менчик. Австрияда Вена, Грац, Зальцбург, Инсбург университеттери, ошондой эле Вена жана Грацдагы техникалык университет, Венадагы экономикалык университети, Австрия ИАсы, илимий коомдор, улуттук китепкана, көркөм-тарых музейи жана башкалар бар. Өлкөдө коомдук-саясий «Кляйне цайтунг», «Оберэстеррайхише нахрихтен», «Прессе», «Штандарт» жана башка гезиттер, «Ньюс», «Профиль» журналдары, ошондой эле «Эстеррайхишер рундфунк» аттуу эң ири коомдук-укуктук телерадиокомпаниясы белгилүү. Австрия аймагында пайда болгон «Христтин өмүрү», «Антихрист», «Кыямат кайым», «Өлүм тууралуу эскертүү» жана башка адабий эстеликтер 12-кылымга таандык. Ал эми ошол доордо өтө белгилүү болгон «Нибелунгдар жөнүндөгү ыр», «Нибелунгду жоктоо», «Кудрун» эпостук-баатырдык поэмалары 12-13-кылымдардын чегинде жаралган. Венада рыцардык маданияттын өнүгүшү менен миннезингерлердин (Рейнмар фон Хагенау, Вальтер фон дер Фогельвейде, Ульрих фон Лихтенштейн) чыгармачылыгы өркүндөгөн. 13-кылымда шаарлардын көбөйүшү менен бюргердик адабият, анын негизги жанры шванк (Штриккердин «Поп Амис» жыйнагы) өнүккөн. Кайра жаралуу доорунда 15-кылымдын 2-жарымында Вена университетинде Цельтистин жетекчилиги алдында уюшулган окумуштуулар менен акындардын ийрими австриялык гуманизмдин борбору болуп калган. 15-16-кылымда элдик комедия, 16-кылымдын аяк ченинде иезуиттик драма жанры пайда болот. Өлкөдө агартуу идеясы 18-кылымдын ортосунан тарай баштаган. Акын А. Блумауэр ишенич менен илимдин ортосундагы келишпестиктер тууралуу «Эней баатырдын жоруктары» поэмасын, «Эрвин фон Штейнгейм» драмасын жараткан. 1918-45-ж. адабияттагы көрүнүктүү орун публицист жана сатирик К. Крауска тиешелүү. Фашисттик Германия Австрияны басып алгандан кийин андагы маданияттын алдыңкы өкүлдөрү мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон. Эмиграцияда жүрүп, Й. Рот, Р. Музиль, С. Цвейг, Ф. Верфель, Й. Луитпольд фашизмге каршы публицистикалык чыгармаларын жазышкан. 1950-ж. Х. фон Додерер, Г. Фрич, Х. Цанданын романдарында согуштун залдары чагылдырылган. Х. Леберттин романдары, Ф. Хохвельдердин драмалары антифашисттик өңүттө жазылган. 1958-ж. адабият тармагында «Вена тобу» (Х. Нич, О. Мюль, К. Бремер жана башка), «Грацев тобу» (П. Хандке, Б. Фришмут, Э. Елинек) түзүлүп, жаш жазуучуларды бириктирген. Учурда Н. Гштрайн, Р. Кнапп, Д. Кельман, Э. Елинек (Нобель сыйлыгынын ээси) сыяктуу таланттуу жазуучулар өсүп чыкты. Австриянын аймагында байыркы Рим маданиятынын жана роман менен готика стилиндеги эстеликтер сакталып калган. Кайра жаралуу доорунун мадтына шаардык имараттар, аксарайлар, А. Пильграманын айкелдери, В. Хубердин живописи кирет. Австрия искусствосунун өнүгүшү Барокко доору менен (ошол мезгилде өзгөчө кооздолгон имараттар, чиркөө жана башка) байланыштуу. Мисалы, архитектор И. Б. Фишер фон Эрлах менен Й. Э. Фишер фон Эрлах Венадагы ыйык Карл Борромей чиркөөсүн, Л. Хильденбранд Бельведер аксарай ансамблин курушкан. 19-кылымдын 1-жарымында архитектурада классицизм стили, живописте романтика өкүм сүргөн. 19-20-кылымдын ортосунда «модерн стили» (архитекторлор Й. Ольбрих, 0. Вагнер, Й. Хофман, живописчи Б. Климт) пайда болот. Живопись менен графикада экспрессия менен фантастика (Э. Шиле, 0. Кокошка,
А. Кубин), скульптурада абстракционизм өнүгөт. Учурда австриялык көрүнүктүү архитекторлор Х. Холляйн, В. Хольцбауэр, Г. Пайхл тарабынан курулган имараттар Европанын көп өлкөлөрүнө белгилүү. Австрия музыкасына андагы калктын ар түрдүүлүгү, алардын маданияты менен каада-салттары, ошондой эле Германия жана Италиянын музыка өнөрү түздөн-түз таасирин тийгизген. 8-12-кылымда монастырлар музыкалык маданияттын борбору катары эсептелген. 15-кылымда Вена, Инсбрукта сарай капеллалары пайда болгон. 17-18-кылымдарда Венада чиркөө музыкасын, ораториялык чыгармаларды, операларды жараткан италиялык мектептин белгилүү композиторлору А. Чести, Н. Порпора, А. Сальери жашап, эмгектенген. 17-кылымдын ортосунда Венада опералык театр, 1741-ж. «Бургтеатр» курулуп, Вена опералык искусствонун борборунун бирине айланат. 18-кылымдын орто ченинде Г. Муффат, Г. К. Вагензейль, М. Монн жана башкалар негиздеген «эски» Вена мектеби, 18-кылымдын 2-жарымында немец композиторлору Й. Гайдн, В. Моцарт, Л. Бетховен негиздеген Вена классикалык мектеби түзүлгөн. 18-кылымдын 1-жарымында Австриялык музыкада романтизм багытынын баштоочусу Ф. Шуберт болгон. 19-кылымда Австрия вальс бийинин мекени аталган. Бул жанрдын негиздөөчүлөрү Й. Ланнер жана ата-бала Штраустар болгон. 19-кылымдын аяк ченинде вена опереттасы жаралган. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ф. Зуппе, И. Штраус, И. Кальман жана башкалар.

Австрияда алгачкы кинофильм «Баскычтан баскычка» (реж. Х. Ханус) 1908-ж. тартылган. 1920-25-ж. киноискусствосу бир топ жогорулап, «Принц жана кайырчы» (1920, реж. А. Корда), «Содом жана Гоморра» (1922, реж. М. Кертиц) жана башка 70тей фильм тартылган. 20-жылдардан кийин чет өлкөлүк фильмдерди алып келүүнүн көбөйүшү киноөндүрүшүнүн начарлашына, ал эми Австриянын фашисттик Германиянын курамына бириктирилиши менен биротоло токтоп, 1945жылдан соң гана калыбына келген. 1955-ж. Киноархив, 1964-ж. Киномузей түзүлгөн. Учурда П. Вессели, М. Андергаст, Т. Линген, Х. Мозер, Максимилиан жана Мария Шелл, Р. Шнайдер, К. М. Брандауэр, О. В. Фишер сыяктуу актерлору белгилүү.




#Article 164: Австралия (1934 words)


Австралия () расмий аты — Австралиялык Биримдик () – Австралия материгиндеги мамлекет. Материкке жакын жайгашкан Тасмания аралы да Австралиянын курамына кирет. Түндүгүн Тимор, Арафура деңиздери жана Торрес кысыгы, чыгышын Коралл жана Тасман деңиздери, түштүгүн Басс кысыгы жана Инди океаны чулгап жатат. Чет жакасындагы Флиндерс, Кинг, Кенгуру жана башка майда аралдарды, ошондой эле Картье, Эшмор, Рождество, Кокостуу (Киллинг), Херд, Макдональд, Норфолк аралы да Австралияга карайт. Аянты 7,7 млн км2. Калкы 23,2 млн (2004). Борбору Канберра шаары. Мамлекеттик тили англис тили. Акча бирдиги - Австралия доллары.

Австралия - Улуу Британия шериктештигинин курамына кирген федерациялык мамлекет. 6 штаттан, 2 аймактан (Түндүк жана Федерациялык Борбор) турат. Конституциясы 1900-ж. 9-июлда кабыл алынган, Башкаруу формасы конституциялык монархия. Мамлекеттик башчысы Британия монархы, өлкөнү анын өкүлү генерал-губернатор башкарат (аны Австралиянын премьер-министринин сунушу менен монарх 5 жылга дайындайт). Мыйзам чыгаруу бийлигинин Жогорку органы парламент, ал монархтан жана 2 палатадан Сенат жана Өкүлдөр палатасынан турат. Сенат (бардыгы 76 депутат; ар бир штаттан 12ден, 1974-жылдан ар бир аймактан 2ден депутат) пропорциялык өкүлдөр системасы боюнча 6 жылга шайланып, ар бир 3 жылда жарымы жаңыланып турат. Төмөнкү палата (148 депутат) мажоритардык система боюнча (альтернативдүү добуш берүү аркылуу) 3 жылга шайланат. Генерал-губернатор конституциялык органды Федерациялык аткаруу советин дайындайт. Айрым учурларда генерал-губернатор Өкүлдөр палатасын жана Сенатты таратууга укуктуу. Өкүлдөр палатасынын полномочиесинин бүтөөрүнө 6 ай калганда аларды тарата албайт. Ар бир штатка монарх тарабынан губернатор дайындалат. Бардык штат (Квинслендден башкасы) эки палаталуу (Мыйзам чыгаруу совети жана Мыйзам чыгаруу жыйыны же Жыйын палатасы) легислатурага ээ. Штат өкмөтүн премьер-министр жетектейт. Штаттар графтыкка, графтык муниципалитеттерге бөлүнөт. Союздук эки аймакты бир палаталуу легислатура жана өкмөт башкарат.

Калкы негизинен (73%и) англис-австралиялыктар (2000), буларга жакын жана Улуу Британия менен Ирландиядан көчүп келгендер 7%ти түзөт. Ал эми антропогендик курамы ар түрдүү. Жергиликтүү калкы австралиялык аборигендер 2%. Алардын англиялык колониялоо мезгилинде (18-кылымдын аягы) массалык кыргындан калгандары өлкөнүн ички аймактарында гана жашайт. Калгандары ар кыл антропогендик типтерге, көбүнчө европеоид расасына кирет. Австралия дүйнөдөгү калк эң сейрек отурукташкан өлкө. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 2,5 киши. Негизинен чыгыш жана түштүк-чыгыш жээктеринде отурукташкан. Христиандар (76%, 2005; анын ичинде протестанттар -46%, англичандар 21%, католиктер -26%), ислам, буддизм, иудаизм динин тутат. Калкынын жашынын узактыгы эркектериники 77,4, аялдарыныкы 82,6 жаш. Шаар калкы 85%. Ири шаарлары: Сидней, Мельбурн, Брисбен, Аделаида, Перт.

Австралиянын жергиликтүү калкынын ата-бабалары Түштүк Азиядан 50 миң жылдай илгери эле көчүп келишкен. Климаттын жылый башташы менен деңиз кысыктары Жаңы Гвинеяны (20 миң жыл мурда) жана Тасманияны (12 миң жыл илгери) Австралиядан бөлүп таштаган. Англия колониялаштыра баштаганга чейин (18-кылымдын аягы) болжол менен 250 300 тилде сүйлөгөн, 300-500 миңдей жергиликтүү калк (австралиялыктар) (500-700 уруулар) жашаган. Алар аң уулап, өсүмдүктөрдү, жер-жемиштерди чогултуп күн көрүшкөн.

Европалыктардан Австралиянын жээгине алгач 1606-ж. голландиялык капитан Виллем Янсзон, кийин Абел Тасман келген. 1770-ж. Австралиянын жээктерин Жеймс Кук изилдеп, бул жерлерди Британиянын ээлиги деп жарыялап, Түштүк Уэльс деп атаган. 1788-ж. англиялык кыштак (азыркы Сидней шаары) пайда болгон. 1868-ж. чейин Улуу Британия Австралияны сүргүнгө айдай турган жер катары пайдаланган. Колониялаштыруу жергиликтүү калкты кырып-жоюу менен кошо жүргүзүлгөн (18-кылымдын аягы 20-кылымдын ортосуна чейин алардын саны 5-6 эсеге азайган). Англия Австралияда негизинен кой чарбачылыгын өнүктүргөн. 19-кылымдын 2-жарымында жеңил, тамак-аш жана тоокен иштетүү өнөр жайы бир кыйла өнүккөн. 19-кылымдын орто ченинен тартып, алтын кендери табылгандан кийин иммиграция абдан өскөн (1900-ж. өлкөнүн калкы 3756 миңден ашкан). Узак убакыт күрөш жүргүзүү менен жер которуп келгендер 19-кылымдын 50-жылдарында ичара өзүн-өзү башкаруу укугун алышкан. 1901-ж. 1-январда Австралиянын түзүлүшү тууралуу салтанаттуу жарыяланган жана колониялар биригип, доминион укугуна жетишкен. Союздун (федерация өкмөтүнүн) жана штаттын укуктары белгиленип, королдук бийликтин өкүлү генерал-губернаторго коргоону иштерин уюштуруу жана эл аралык байланыштарды жүргүзүү милдети, ал эми ички иштерде жоопкерчилик толугу менен өкмөткө жана штаттардын парламентине берилген. 1906-ж. Улуу Британия Папуа колониясын Австралия Союзуна өткөрүп берет. 1911-ж. Союзга өз алдынча бирдик катары Түндүк Территория жана Жаңы Түштүк Уэльстин бир бөлүгү кошулган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Австралия Жаңы Гвинея аралынын түндүк бөлүгүн, Науру аралын башкарууга мандат алат. Экинчи дүйнөлүк согушта Улуу Британия тарапта болуп, антигитлердик коалициянын курамында Тынч океан, Батыш Европа, Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыштагы согуш аракеттерине (900 миңдей аскер) жана Вьетнам согушунда АКШ тарабында согушка катышат. Согуштан кийин Австралия АНЗЮС жана СЕАТО сыяктуу эл аралык уюмдардын толук кандуу мүчөсү болуп калган. 1967-ж. аборигендерге бардык граждандык укуктар берилип (1930-ж. аборигендерди резервациялоо иш чаралары уюштурулган), 1981-ж. Түштүк Австралиянын аборигендери эркин жер ээлөөчүлөр болуп калган. 1985-ж. Австралиянын өкмөтү Тынч океандын түштүк бөлүгүндө ядросуз зона жөнүндө келишимге кол коёт. 1986-ж. мамлекеттин Улуу Британиядан толугу менен бөлүнүшү тууралуу мыйзам кабыл алынат. Учурда өлкө дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер менен байланышын чыңдоодо.

Австралия жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 410,6 млрд доллар (2002, АКШ), киши башына бөлүштүргөндө 21,0 миң доллардан туура келет. ИДПнын 78%ин тейлөө чөйрөсү (финансы, соода, транспорт, байланыш, курулуш, саламаттыкты сактоо жана башка), 18,6%ин өнөр жай, 3,2%ин айыл чарба түзөт. Байланыш сектору тез темп менен өсүүдө. Экономикасы чет өлкөлүк (АКШ, Улуу Британия, Жапония) инвестицияга көз каранды. Эмгектин эларалык бөлүнүшүндө минералдык сырьёну жана айыл чарба азыктарын өндүрүү үлүшү тийген. Бул эки тармак экспорттун көп бөлүгүн түзөт. Ири корпорациялары: «Телстра» (телекоммуникация), «БроккенХилл пропрайетери компани» (энергетика), «Кока-Кола Аматил» (суусундук), «Рио-Тинто» (түстүү металлургия) жана башка. Ар түрдүү кендери көп. Негизги энергиялык отуну таш көмүр жана күрөң көмүр. Отун казып алуу боюнча индустриалык жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен 1-орунда. Нефть жана газ казып алуу өнүгүүдө. Нефть Квинсленд (Муни), Баррау аралында (Батыш Австралия штатында), Басс кысыгынын тайыз жерлеринде (Виктория штаты), газ Квинсленд, Түштүк Австралия, Батыш Австралия, Виктория штаттарында жана Түндүк аймагында өндүрүлөт. Темир, боксит, титандуу минералдар (ильменит, рутил), висмут кендерин казып алуу боюнча 1-орунда, коргошун казып алуу боюнча 2-орунда (АКШдан кийин) турат. Дүйнөдөгү уран рудасынын запасынын 24%и Австралияда. Олимпик-Дам жана Рейнджер кендери иштетилүүдө. Боксит, чопо, алюминий казып алуу боюнча дүйнөдө 5-, цинк боюнча 2-, никель боюнча 3 орунда (Орусия, Канададан кийин) туруп, никелден платина менен палладий алынат. Жер астынан казып алуу ыкмасы менен алтын, күмүш (6-орунда), асылташтар (опал, сапфир жана башка) казып алынат. Дүйнөдөгү казып алынган алмаздын (5-орунда) 30%и Австралияга туура келет. 2001-ж. 9,5 миң кВт электр энергиясы (негизинен жылуулук электр станциясынан, 85%) өндүрүлгөн. Кара жана түстүү металлургия (рафинацияланган цинк, жез, алюминий), нефть ажыратуу,
химия (күкүрт кислотасын өндүрүү, суперфосфат, жасалма каучук, пластмасса), машина куруу (автомобиль жана локоматив, станок куруу, электротехника, радиоэлектроника), металл иштетүү, тамак-аш (эт, ун, сүт консервалары, май жана башка), полиграфия өнөр жайлары өнүккөн. Өлкө айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүү жана сыртка чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Ири жер ээлөөчүлүк өнүккөн. Өлкөнүн жер фондунун 59%и айыл чарбасында пайдаланылат. Аймагынын 5%и айдоо аянты, 5%и жайыт жана чабынды. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизги үлүшү мал чарбасына туура келет. Койдун саны (2002-ж. 106 млн) жана жүн кыркуу боюнча (дүйнөдөгү өндүрүлгөн жүндүн 30%и) дүйнөдө 1-орунда. Буудай, балкамыш, пахта, шалы, тамеки, жүгөрү, акжүгөрү (сорго), май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк жана жемиш өстүрүү өнүккөн. Балык (136 миң о, 2001), рак (55 миң о), моллюска (38 миң о) кармалат. Ички жүктөрү негизинен темир жол менен ташылат; ошондой эле автомобиль (28%), деңиз транспорттору да өнүккөн. Темир жолунун узундугу 41,3 миң км (анын ичинде 2,5 миң км электрлештирилген), автомобиль жолунуку 913 миң км (анын ичинен 353 миң км асфальтталган). Ири улуттук жана эл аралык аэропорттору (Конгсфорд-Смит) бар. Нефть куурунун узундугу 2,5 миң км, газ куурунуку 5,6 миң км. Австралияда 70ке жакын деңиз порту иштейт. Ирилери: Сидней, Порт-Хедленд, Фримантл, Мельбурн, Ньюкасл, Брисбен. Деңиз-соода флотунун тоннажы 2324 миң о детвейт (1764 рег бр.-о). Сыртка айыл чарба продуктыларын (жүн, буудай, эт, май, сыр), минералдык сырьёлорду (түстүү металл, таш көмүр, темир, боксит) чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Улуу Британия, Жапония, Кытай.

Австралияда билим берүү системасы 19-кылымда Британия модели боюнча калыптанган. Өлкөнүн азыркы билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди, 12 жылдык жалпы билим берүүчү мектептерди (милдеттүү 10 жылдык жана 2 жылдык толук орто мектепти), кесиптик жана ЖОЖду камтыйт. Аларга (мамлекет, жеке) штаттардын билим берүү министрлиги жетекчилик кылып көзөмөлдөйт. Учурда Австралияда 41 университет (анын ичинде 3 жеке), Австралия ИА, Гуманитариялык академия, Технологиялык илимдер жана инженерия академиясы, Түштүк Уэльстин тарых илимдеринин королдук коому, көптөгөн колледждер жана башка илимий мекемелер бар. Өлкөдө негизинен Мельбурндан чыгуучу «Острейлиан» («The Australian») жана «Сидней морнинг геральд» («The Sidney Morning Herald») гезиттери белгилүү. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу ишгерин «Острейлиан бродкастинг корпорейшен» («Australian Broadcasting Corporation») корпорациясы жана коммерциялык компаниялар тейлейт. «Жетинчи канал» (Channel 7), «Тогузунчу канал» (Channel 9) жана «Онунчу канал» (Channel 10) деген ири коммерциялык телестанциялары, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарын тейлеген коммерциялык радиостанциялар бар.

Австралиянын адабияты 19-кылымдан англис тилинде өнүгө баштаган. Колониялык доордо (19-кылымдын аягына чейин) Улуу Британиянын адабий салттарынын таасиринде болгон. Алгач ирет Б. Филддин ыр жыйнагы 1819-ж., эң ири алгачкы прозалык чыгарма Г. Сейверинин «Квинтус Сервинтон» романы 1830-31-ж. жарык көргөн. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында гана австралиялык жазуучулардын чыгармаларында улуттук өзгөчөлүктөр пайда боло баштаган. Мисалы: Г. Лоусондун ыр жана аңгемелер жыйнагы, С. Радда менен Прайс Уорунгдун новеллалары, Эндрю Бартон Патерсондун балладасы жана башка. 1917-29-ж. Г. X. Ричардсондун «Ричард Маэнинин тагдыры» аттуу алгачкы роман-эпопеясы жарык көргөн. Жазуучулар Катарина Сусанна Причард, Алан Маршалл, В. Палмер, Димфна Кьюсактын чыгармалары дүйнөгө белгилүү боло баштаган. 20-кылымдын акырында драматург Д. Уильямсон, жазуучулар К. Маккалоу, Р. Уолес Крэб, Д. Малуф, акын Л. Ларринин, аборигендердин арасынан чыккан акын-жазуучулардын, анын ичинде акындар К. Уокер, Л. Фогорти, драматургдар Ж. Дейвис, Р. Меррит, С. Морган жана башкалардын Австралиянын адабиятын байытууда ролу зор. Абориген-жазуучулар көркөм чыгармаларда өз элинин турмушун чагылдырууда классикалык реализмди гана өздөштүрбөстөн, ошондой эле магиялык реализмдин стилистикасын колдонуп, элдик мифологияны пайдаланууда. Учурда австралиялык абориген жазуучуларынын ичинен А. Уэллер («Алтын булуттардын өлкөсү» философиялык антиутопиялык чыгарманын автору) кеңири белгилүү.
Австралиялыктардын көркөм өнөр башаты жергиликтүү австралиялык-аборигендердин үңкүрлөрдүн бетине, калкан, бумеранг жана башка магиялык мүнөздө тартылган сүрөттөрдөн башталат. 18-кылымдын аягынан европалыктардын келиши менен шаарлар көбөйүп, англиялык неоклассикалык, неоготикалык түрдөгү таштан курулган имараттар пайда болгон. Сүрөт искусствосунун башталышы 18-19-кылымдагы К. Мартенстин, С. Т. Гиллдин чыгармалары менен мүнөздөлөт. Кийин улуттук колорит менен коштолгон живопистик чыгармалар жарала баштаган (алардын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ч. Кондер, Т. Робертс, Ф. Маккаббин жана башка). 21-кылымдын башында Азиядан келген эммигранттардын таасири менен чыгыш маданиятына таандык белгилер байкалат.

Австралиянын элдеринин музыкасы жергиликтүү калктын, англ-австралиялыктар, европалык жана азиялык келгиндердин салттуу музыкалык маданияты менен мүнөздөлөт. Аборигендердин маданиятында музыка ырым-жырымдардын бир бөлүгү катары болгон. Түндүк Ада аборигендердин музыкасы Жаңы Гвинеянын, 14-15-кылымдарда азиялык келгиндердин (Малайя архипелагы жана башка) таасири менен өнүксө, 18-кылымдын аяк ченинде европалык мүнөздөгү маданият калыптана баштаган. 1833-ж. Сидней филармониялык коому, кийинчерээк алгачкы музыкалык окуу жайлары, жеке опералык компаниялар, 1906-ж. симфониялык оркестр түзүлгөн. 1847-ж. Сиднейде биринчи жолу А. Натандын «Дон Джон Австрийский» аттуу операсы коюлган. 1935-ж. Композиторлор гильдиясы, 1951-ж. Сиднейде улуттук опералык компания түзүлгөн. Ошол учурда композиторлор: А. Хилл, П. Грейнджер, К. Дуглас, Н. Мил, Л. Сицки, аткаруучулардын ичинен ырчы Ж. Сазерленд кеңири белгилүү болгон. Учурда өлкөдө «Сидней-Опера-Хаус» музыкалык-театр комплекси (опера жана балет театры менен бирге), Мельбурндагы мамлекеттик театр (1985), Аделаидадагы мамлекеттик операсы (1974), музыкалык борбор, консерваториялар жана башкалар бар.

Театрда алгачкы оюн көрсөтүүлөр келгиндердин демилгеси менен 1780-ж. ченде эле башталган. 1830-40-ж. Сидней, Хобарт, Мельбурнда театрлар ачылган. Аларда өздүк көркөм чыгармачыл жамааттар эмгектенип, негизинен австралиялык авторлордун, ошондой эле еврей жана америкалык классикалык чыгармаларды театрлаштырышкан. 1954-ж. Елизавета мамлекеттик театр трести уюшулуп, ал негизинен профессионалдык театрды өнүктүрүүнү көздөгөн. Улуттук драматургиянын өнүгүшүнө Р. Лоулер, П. Уайт, Д. Уильямсон жана башка омоктуу салым кошкон. 1960-жылдан аборигендердин театры биртоп өнүгө баштаган, 1987-ж. 1-жолу абориген-драматургдардын улуттук конференциясы өткөрүлүп, анда аборигендердин улуттук театр фонду түзүлгөн.

Кино өндүрүшү Австралияда 1900-жылдан башталат. 1906-14-ж. 90го жакын кино тартылса, кийин ал кескин кыскарып, кинодогу бул кризис 1960-ж. чейин созулган. Мындай узакка созулган кризистин башкы себеби америкалык жанаа англиялык прокат компаниялары тарабынан дүйнөлүк кинорыногун басып алышы болгон. 1970-80-ж. мамлекеттин колдоо көрсөтүүсү жана Австралия кинематографисттик комиссиянын түзүлүшү менен киноискусствосунда бир топ ийгиликтер башталган. Ошол мезгилде Д. Кромбинин «Кадди» (1976), Ф. Шепизинин «Жимми Блэксмиттин ыры» (1977), П. Феймандын «Крокодил аталган Данди» (1986) жана башка көркөм фильмдер дүйнөгө белгилүү болгон. Америкалык компаниялар Голливудга Австралиянын көрүнүктүү кинематографисттерин (анын ичинде Б. Браун, М. Гибсон, Д. Дэвис, Н. Кидман, Э. Морс, Ж. Раш) ишке тартып, чакыртышкан. Австралиянын Жаңы Зеландия жана Франция менен биргелешип тартышкан «Пианино» (1993, реж. Ж. Кэмпион) фильми 3 ирет «Оскар» сыйлыгына татыктуу болуп, акыркы он жылдыктын киношедеври катары таанылган. Жыл сайын Австралияда 10-15ке жакын кино тартылып турат. Адистер негизинен Австралия кино жана телекөрсөтүү мектеби тарабынан даярдалат.




#Article 165: Албания (1625 words)


Албания, Албан Республикасы Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Балкан жарым аралынын батыш бөлүгүндө Адрия жана Иония деңиздерин жээктей 340 кмге созулуп жатат. Отранто кысыгы аркылуу Италиядан бөлүнөт. Түндүгүнөн жана түндүк-батышынан Сербия, Черногория, чыгышынан Македония, түштүк-чыгышынан Грекия менен чектешет. Аянты 28,7 миң км2. Калкы 3,1 млн (2004). Борбору Тирана шаары. Акча бирдиги — лек. Административдик-аймагы жактан 26 ретиге (адм.-айм. бирдикке) бөлүнөт.

Албания - унитардык мамлекет. Албаниянын Конституциясы 21. 10. 1998-ж. кабыл алынган. Башкаруунун формасы - парламенттик республика. Мамлекеттик башчысы - президент, (жашы 40тан жогору, Албанияда төрөлгөн жана акыркы 10 жылда 6 жылдан кем эмес туруктуу жашаган жарандар шайланат). Президент кеминде 20 депутаттын сунушу менен парламент, тарабынан 5 жылдык мөөнөткө (дагы бир мөөнөткө кайра шайлануу укугу менен) шайланат. Президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы болуп эсептелет, өкмөт мүчөлөрүн дайындайт. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы - Чогулуш (Кувенд, бир палаталуу парламент). Ал 4 жылга шайланган 140 депутаттан турат (100ү бир мандаттуу округдардан, 40 мүчөсү партиялык тизме боюнча шайланат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы - премьер-министр жетектеген министрлер Совети. Албанияда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Албания Социалистик партиясы, Албания Демократиялык партиясы, Албания Республикалык партиясы, Албания Социал-Демократиялык партиясы.

Адрия деңизинин жээктери түзөң келип, булуңдары кургактыкка анчалык терең кирген эмес. Деңиз жээктей жазылыгы 15-40 км келген дөбөлүү ойдуң созулуп жатат. Калган бөлүгүн альп бүктөлүүсүнө кирген Түндүк Албан альп тоолору, Томори, Кораби тоо массивдери ээлейт. Түндүк четиндеги Түндүк Албан альп тоолору каньон сымал терең өрөөндөр менен тилмеленген. Климаты субтропиктик жерортолук деңиздик. Түздүктөрдө жайкысын ысык, кургакчыл; кышкысын жумшак, нымдуу. Январдын орточо температурасы 4-7°С, июлдуку 25-28°С. Жылдык жаан-чачыны 1000-1800 мм. Негизинен күзүндө жана кышында жаайт. Тоолору кыйла салкын, кышында абанын температурасы -20°Сге чейин төмөндөйт; жылдык жаан-чачыны 2500 мм. Дарыялары тоолордон кууш терең капчыгайлар аркылуу агып түшөт; ирилери: Дрин, Мати, Эрзени, Шкумбини, Семани. Шкодер, Охрид жана Преспа ж. б. көлдөрү бар. Жээк ойдуңдарын маквис, шибляк тибиндеги дайыма жашыл бадалдар, тоо этектерин жана капталдарын жазы жана ийне жалбырактуу токойлор (өлкөнүн аймагынын У2 бөлүгү токой), 2000 м бийиктиктен жогору альп шалбаасы ээлейт.

Калкынын 92%тен ашыгы албандар (түндүгүндө гегдер, түштүгүндө тосктор), ошондой эле грек, серб, болгар, цыган ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Мамлекеттик тили - албан тили (грек тилинде да сүйлөшөт). Калкынын 99%ке жакыны ислам динин (мусулман сүннөттөр), калгандары христиан динин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники - 69, аялдарыныкы - 75 жаш. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 107 киши (2004). Шаар калкы 37,3% (1995). Ири шаарлары: Тирана, Дуррес, Шкодер, Влёра, Корча, Фиери ж. б.

Албаниянын аймагында адам ортоңку палеолитте эле жашай баштаганы белгилүү. Б. з. ч. 7-3-кылымда гректер Албанияда бир катар колонияларды негиздеген. Б. з. ч. 4-кылымда иллириялык уруулардын адепки мамлекеттик бирикмелери түзүлө баштаган. Б. з. ч. 2-к-да азыркы Албаниянын аймагын (Далмация провинциясы ж-а Македония) Рим каратып алган. Рим империясы кыйраган кезде (5-к.) Албания Византия империясына караган.

(1405–1468)
File:Ismail Qemali.jpg|Исмаил Кемали,Албания эгемендүүлүгүнүн баатыры (1912–14) 
File:Kingzog.jpg|Президент (1924–28) жана падыша (1928–39) Ахмет Зогу 
File:HODŽA druhá míza.jpg|Энвер Ходжа (1944–1985) 

Албания - агрардык-индустриялык өлкө. Экономикасынын башкы тармагы - айыл чарбанын ички дүң продукциядагы (ИДП) үлүшү 47,6% (2003); өнөр жайынын ИДПдагы үлүшү 24,6%, туризм тейлөө чөйрөсү м-н кошо 27,8% ти түзөт. Өнөр жай өндүрүшүндө башкы орунду тоокен казып алуу ж-а сырьёну кайра иштеп чыгаруу тармактары ээлейт. 2001-ж. 30 млн м3 газ, 0,5 млн о нефть (өлкөнүн түн.-батышынан, Семани д-нын алабынан казылып алынат), 250 миң о хром (Булькиза), о. эле жез (Рубику, Курбенши), никель (Поградец), темир (Охрид көлүнүн аймагы), лигнит, жаратылыш битуму, минералдык сырьёлор казылып алынат. Жыгач жерг. керектөөлөр үчүн гана даярдалат. 2003-ж. 5,3 млрд кВтЫ электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефть ажыратуу (Фиери, Балши, Кучова, Церрик), нефть-химия ж-а химия (Влёра, Фиери, Лячи), түстүү (Рубики) ж-а кара металлургия (Эльбасан), металл иштетүү ж-а машина куруу (Тирана, Дуррес, Шкодер, Влёра), цемент, жыгаччылык, текстиль, тамеки (Шкодер), тамакаш (зайтун майы, кант, балык ж-а жемиш консервалары) өнөржайлары бар. А. ч. ички керектөөнү канааттандырбайт; буудай, азыктүлүктү сырттан алат. Дыйканчылык кургакчылыктан жабыр тартат; айдоо аянтынын 1/3 бөлүгү сугарылат. Аймагынын 21%и иштетилет, анын 1/2ин дан эгиндери ээлейт; жайыт 15%. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: буудай ж-а жүгөрү, о. эле арпа, кант кызылча, күнкарама, картөшкө, бакча өсүмдүктөрү, жашылча (буурчак, пияз, помидор, капуста, баклажан), тамеки, мөмө-жемиш (а. и. цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы), май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт; жүзүмчүлүк өнүккөн. Мал чарбасынын негизги тармагы кой чарбасы, ал жайытта багылат. 2002-ж. 1,4 млндон ашык кой, 900 миң эчки, 800 миң бодо мал, 4,1 млн үйкушу болгон. Жылкы, эшек асыралат. Кустардык өндүрүшү (албан ак сыры) өнүккөн. Адрия деңизинде балык кармалат. Негизинен автомобиль транспорту өнүккөн; автомобиль жолунун уз. 18 миң км (анын 30%и асфальтталган). Буна д-нда, Шкодер, Преспа, Охрид көлдөрүндө кеме жүрөт. Газ куурунун уз. 339 км, нефтиники 207 км (2004). Эларалык аэропорту (Тирана ш-нан 25 км) бар. Влёрада эларалык аэропорт курулууда. Сырттан азыктүлүк, тиричиликте пайдаланылуучу товарларды, машина ж-а станокторду, жерсемирткич ж. б. алат. Сыртка хром, жез, никель, битум, тамеки, шарап чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: Италия, Грекия, Түркия, Германия. Акча бирдиги - лек.

Албаниянын билим берүүсүнө илим ж-а билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүүнүн негизги регламенттик документи болуп, ЖОЖдогу билим берүү (1999), билим берүү системасы (1995), жеке менчик окуу жайлардагы билим берүү (1995) ж-а жалпы билим берүүчү мектептердин нормативдик документтери (1995) тууралуу мыйзам эсептелет. Албаниянын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (2002; 3400), жалпы билим берүүчү мектептерди (1500 башталгыч, 1700 орто ж-а 500дөй толук орто), кесиптик ж-а ЖОЖ камтыйт. Эмгек министрлигинин астында 9 кесиптик ж-а жеке менчик кесиптик орто окуу жайлары, о. эле 8 ун-т (2004) бар. Ирилери: Тирана ун-ти (1957-ж. негизделген), а. ч. (1971), политех. (1991); Шкодер (1957), Корча (1971), Гирокастра (1971), Эльбасан (1991), Влёра (1994). Албаниянын башкы ил. борбору - ИА 1957-ж. негизделген. Ири китепканалары: Улуттук (1922-ж. негизделген) ж-а Тирана ун-тинин китепканасы. Негизги музейлери Тиранада (археология, 1948; улуттук мад-т, 1979; улуттун тарыхы, 1981; тарыхый ж. б.), Гирокастрада (этногр., курал-жарак ж. б.), Бератта [Онуфрия музейи (иконанын сүрөтүн жаратуучунун урматынан аталган), 16-к., улуттук иск-во, 1827; этногр., тарыхый, археол., 1988, ж.б)], Корчада (А-нын орто к-дагы иск-восу, тарыхый, улуттук билими) жайгашкан. О. эле Влёрада эгемендүүлүк музейи, Дурресте тарых музейи, Бутринттеги (1950), Дурресте ж-а Аполонияда (1958) археол. музейлери бар.

Өлкөдө 92 гезит, 71 журнал (2004) басылып чыгат. 35 радио, 55 телевизиондук станция, 4 кабелдик канал иштейт. Күнүнө «Зери ж-а Популит», «Газета Шкиптарде», «Коха йоне», «Рилиндья демократике», «Спорти Шкиптар» гезиттери чыгат. Жалпы улуттук радиостанция «Тирана радиосу», «Топ Албания радиосу», телестанция - «Ти-ви-эс-эйч» (TVSH), «Ти-ви-клан» (TV klan), «Ти-ви-Арбериа» (TVArberia) ж-а А. телеграф агенттиги (АТА) бар.

А-нын элдик оозеки чыгармасы - баатырлар тууралуу эпикалык дастандарга, каада-салт, лирикалык ырларга, макал-лакапка, тарыхка бай фольклор. Бүгүнкү күнгө чейин жеткен албан тилиндеги жазма эстелик - «Чокундуруунун формуласы» (1462), А. тилиндеги алгачкы китеп («Мешари» диний мазмундагы котормо; Г. Бузуку) 1555-ж. чыккан. А. ад-ты 18-к-да жакынкы чыгыштын мад-тынан (бейтеджи - 4 сап сатиралык, моралдык ж. б. маанидеги ырлар) таасирленишип, араб жазмасын пайдаланышып, өнүккөн. 19-к-дын 2-жарымы 20-к-дын башында Түш. Италияда жашаган (16-к.) арберештердин ад-ты маанилүү орунду ээлеген. 1516-к. гуманисттер: П. Буди, Ф. Барде, П. Богдани, М. Барлетенин чыгармалары жарык көргөн. 19-к-дагы жазуучулардан: И. Рада, Г. Дара, З. Серембе, А. Сантори; фольклорчулар Т. Митко ж-а С. Дине; публицист С. Фрашери; акын В.	Шкордани (П. Васа) ж. б. белгилүү. Жаңы ад-тына негиз салуучулардын бири Н. Фрашери болгон. 20-к-дын көрүжүктүү реалист акындары: А. Чаюпи, Асдрени (A. С. Дренова), Ф. Широка, Л. Гуракучи, Р. Силичи; прозаиктери: М. Грамено, Ф. Постели, X. Стермили ж. б. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде боштондукка чыгуу идеясын чагылдырган партизан поэзиясы күчөгөн. Алардын ичинен Ш. Мусаринин «Балы, Комбетар эпопеясы» (1944) көрүнүктүү орунду ээлейт. Фашисттик оккупациядан кийин (1939-44-ж.), тоталитардык режим мезгилинде орус ж-а сов. ад-ттын (көптөгөн чыгармалар албан тилине которулган) таасири күчтүү болуп, А-нын ад-тында фашизмге каршы элдик күрөш тууралуу чыгармалар (Ф. Гьятынын «Партизан Бенко жөнүндө ыр» поэмасы, 1950; Д. Шутеричинин «Боштондукка чыгаруучу» романы, 1952-55) жарык көрөт. Ошол эле мезгилде социалдык багыттагы чыгармалар пайда болуп, 1960-жылдын аягында мемуар, повесть, романдар жазылган.

Албаниянын аймагында байыркы арх-ралык курулмалар б. з. ч. 7-к-дагы иллириялыктардын ташчептеринин калдыктары, о. эле колодон жасалган кооз буюмдары, байыркы гректердин (Аполлония, Бутринг) ж-а римдиктердин (Эльбасан) коргондору м-н тосулган турак үйлөр, мозаика түшүрүлгөн имараттары ж. б-дын калдыктары да сакталган. 13-14-к-да Византиялык типтеги чиркөө иск-восу (Ыйык Николай, Месопотамияда; Ыйык Проща, Лавдарда ж. б. соборлор) өнүккөн ж-а роман стилиндеги чиркөөлөр курулган; византиялык типтеги фрескалар 16-к-дан итал. Кайра жаралуу доорунун таасиринен өнүгөт. 17-к-дан шаарларда хансарай, мечит, үстү жабык базарлар салына баштайт. 19-к-дын 3-жарымында аристократтык мүнөздөгү портрет м-н пейзаж живописи пайда болсо, 20-к-дын 1-жарымында импрессионизм ж-а модерн элементтери м-н улуттук романтика тенденциясы басымдуулук кылган. Живопись м-н графиканы С. Дзега, С. Рота, бир тууган эже-сиңдилер С. ж-а А. Зенго, К. Илромени, С. О. Кацели, Н. Мартини, В. Т. Мио ж. б., скульптураны ж-а графика жанрлары өнүгө баштап, алгачкы улуттук театрлардын курулушу драматургиянын өнүгүшүнө шарт түзгөн.

Профессионалдык муз. мад-ты 2-дүйнөлүк согуштан кийин өнүгө баштаган. Муз. мектептер (1947-ж. Тиранада), Й. Мисья атн. көркөм лицей, мамл. филармония (1950), мамл. опера ж-а балет театры (1956), мамл. элдик ыр ж-а бий ансамбли (1957) уюшулуп, 1962-жылдан мамл. консерватория иштей баштаган. К. Кононун «Таң» опереттасы ж-а «Борова баатыры» деген вокалдык-симф. поэмасы, Д. Лекинин элдик темада жазган увертюрасы, К. Траконун ораториясы, Ч. Задеянын 1-симфониясы А-нын профессионалдык музыкасынын туңгуч чыгармаларынан. Г. В Перкуни классикалык балетти алгачкылардан болуп койгон. 1951-ж. Б. В. Асафьевдин «Бахчисарай фонтаны», 1953-ж. Ч. Пуньинин «Эсмеральда» классикалык балети, 1968-ж. Тиранада П. Якованын «Скандерберг» операсы коюлган. А-да 1-театр оюндарын Тесторат кыштагындагы театр ийрими койгон (1874).

Албаниянын элдик музыкасы айрым аймактарына мүнөздүү болгон стилдин ар түрдүүлүгү м-н айырмаланат.
Ыр-күүлөрү кылдуу, үйлөмө аспаптардын, скрипка, кларнет ж-а чоордун коштоосу м-н үч обонго салынып аткарылат ж-а чифтели, ляхута, гайда, зумара, фюэли, даулэ урма аспабы м-н коштолот. Биринчи кинофильми 1912-ж. Шкодерде, хроникалык тасма 1920-ж. Влёрада коюлуп, биринчи кинозал Тиранада 1926-ж. ачылган. Мурунку СССРдин жардамы м-н 1952-ж. «Жаңы Албания» киностудиясы ачылып, биргелешип «Албаниянын улуу жоокери Скандербег» фильми (1954, сценарийи М. Г. Паповдордуку, реж. С. И. Юткевич, оператор Е. Н. Андриканис), өзалдынча «Тана» кинофильми 1958-ж. реж. К. Дамо тарабынан, 90-ж. баатырдык, атуулдук ж-а аскерий мазмундагы кинофильмдер тартылган. 1976-жылдан Тиранада А. киносунун улуттук фестивалы (2-жылда 1 жолу). 1968-жылдан улуттук фольклор фестивалы (Гирокастрада, жыл сайын), 1998-жылдан И. Крои атн. вокалисттердин (Тиранада), 2000жылдан музыкант аткаруучулардын эларалык конкурстары өткөрүлүп турат. Салт болуп калган колөнөрчүлүгү - күмүш зергерчилиги, жыгачка оймо түшүрүү ж-а жүндөн килем токуу, сайма саюу, карапа жасоо алигүячө сакталып келүүдө.




#Article 166: Бангладеш (1278 words)


Бангладеш, Бангладеш Эл Республикасы (Гоно Прожатонтри Бангладеш) түштүк Азиядагы мамлекет. Батышынан, чыгышынан жана түндүгүнөн Индия, түштүк-чыгышынан Мьянма менен чектешет. Түштүгүн Инди океанынын Бенгал булуңу чулгап жатат. Аянты 142,7 миң км2 (ички акваторияларын кошкондо 144 миң км2дей). Калкы 134,8 млн (2005; айрым маалыматтарда 144,3 млн). Борбору Дакка шаары Расмий тили бенгал тили. Акча бирдиги така. Администрациялык-аймак жактан 6 облуска (64 округ кирет) бөлүнөт. 

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005):

Бангладеш БУУнун (1974), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташуу ассоциациясынын (СААРК; 1985-ж. Бангладештин демилгеси менен уюшулган), Ислам конференциясы (1974), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995) уюмдарынын, Эл аралык валюта фондунун (1972) мүчөсү.
 

Бангладеш унитардык мамлекет; Шериктештикке кирет. Конституциясы 1972-ж. 4-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент (5 жылга парламент тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигинин органы премьерминистр жетектеген өкмөт. Саясий партиялары жүздөн ашуун.

Аймагы Инд-Ганг түздүгүнүн чыгышын жана Гаиг, Брахмапутра, Мегхна дарыясынын жалпы дельтасын ээлейт. Түштүк-чыгышында Лушай Ганг, Брахмапутра жана Мехна дарыясынын дельтасы. Бөксө тоосу (бийиктиги 60-300 м) жайгашкан. Жээк сызыгы 550 км ге созулуп, көптөгөн дельталар жана айрыктар менен тилмеленген; дельта аралдары көп. Жээктери жапыз, бирок суунун ташкындап тартылышына байланыштуу өзгөрүп турат. Түштүк-чыгышында өлкөнүн эң бийик жери (Читтагонг чокусу, бийиктиги 915 м) жайгашкан. Жеринин 9/10 бөлүгүнө жакынын Бенгал түздүгү ээлейт. Басымдуу бийиктиги 1 м ден 250 мге чейин. Түштүк бөлүгү (жергиликтүү эл Сундарбан деп аташат) өтө саздак. Кен байлыктарга жарды. Патхария, Пятна, Силхот аймактарында нефть, Читтагонгдо таш көмүр, өлкөнүн чыгышында титан казылып алынат. 

Климаты субэкватордук, муссондук. Жайкы муссон жаан-чачындуу (май-октябрь), кышкы муссон (ноябрь-апрель) кургакчыл. Кышы жумшак, кургак, күнөстүү; январдын орт. температурасы 12-25°С. Жайы ысык, жаанчыл, апрелдики (эң ысык айы) 33°-36°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 2000-3000 ммдей, ал эми Читтагонгдо 5080 ммге жетет. Июлдан ноябрга чейин жылдык жаан-чачындын 80% жаайт. Суулары жыш. Дарыялары Ганг, Брахмапутра жана Мегхна дарыясынын алабына кирип, суусу мол, кеме жүрөт. Ганг жана Жамуна дарыясынын салааларынын туурасы 10 км ге жетип, Мегхна дарыясы менен кошулуп, чоң эстуарийди түзөт. Муссондук жаан-чачындын негизинде дарыялары жайында ташкындап, өлкөнүн кыйла бөлүгүн суу каптайт. Ошондуктан дельталарда үйлөр бийик саваяларга курулат. Эң ири көлү Хайлхаор. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн калың аллювий топурагы ээлейт. Түндүгүнө жана түштүк-чыгышына кызыл-сары ферралит, дельтанын жээк бөлүгүнө мангр саз топурактары мүнөздүү. Маданий ландшафт басымдуу. Акыркы жүз жыл ичинде токойлор өтө катуу деградацияга учураган. Түштүк-чыгышында тропиктик токой (гаржан, манго, тика, сало дарагы) сакталган. Ири токой массивдери түштүктө, түштүк-чыгышында, түндүк-чыгышында. Жаан-чачыны азыраак жааган аймактарда жалбырагы күбүлмө муссондук токой, дөңсөөлөрүндө бадалдуу саванна, Бенгал булуңунун жээктеринде сундра дарактуу мангр токойлору өсөт; бамбуктун Юго жакын түрү кезигет. Өлкөдө коргоого алынган 10 аймак (аянты 65,7 миң га, анын ичинде Сундарбан резерваты Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген) бар. Мангр токоюнда жана дельта аралдарында бенгал арстанынын ири популяциясы корголот. 

Улуттук парктары:Читтагонг, Мадхурпур. Калкы. Бангладеш калкы өтө жыш отурукташкан өлкө. Калктын жыштыгы боюнча (1 км2те 950 киши) дүйнөдө 1-орунда. 98% бенгалдар, ошондой эле индус, чакма, кхас ж. б. улуттар да жашайт. Ислам (мусулман сүнөттөр 87%), индуизм (12%), буддизм, христиан диндерин тутат. Калкынын табигый өсүүсү өтө жогору, өлүм-житимге (1000 кишиге 8,4 адам) караганда төрөлгөндөрдүн саны (1000 кишиге 30 бала) 3 эседен ашык. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 62,1, аялдарыныкы 62,0 жаш. Шаар калкы 26%. Ири шаарлары: Дакка, Читтагонг, Кхулна, Ражшахи. Тарыхы. Төмөнкү Гангдын аймагына бенгал уруулары болжол менен б. з. ч. 1000-жылдыкта отурукташып, б. з. ч. 7-6-кылымда Ванга мамлекетин түзгөн (мамлекеттин аталышы ушундан келип чыккан: Бангла бенгал, деш өлкө). Б. з. ч. 4-кылымдан б. з. 5-кылымына чейин Бангладештин аймагы байыркы индиялык бир катар империялардын курамына кирген. Бирдиктүү Бенгал мамлекети 8-кылымдан 13-ккылымдын башына чейин өкүм сүргөн.

Бенгал тилинде эң байыркы жазма эстеликтери сакталган. Орто жана жогорку билим берүүнү Агартуу министрлиги, ал эми башталгыч билимди муниципалдык башкаруу органы жүзөгө ашырат, ошондой эле Мадрас билим берүү башкармалыгы алдында ислам мектептери бар. Азыркы билим берүү системасы британиялык жана индиялык моделдин негизинде куралган жана 5 жылдык милдеттүү башталгыч билим берүү, толук эмес (6-10-кл.), толук (11- 12-класс) орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Калкынын (15 жаштан жогоркусунун) 57% и билимсиз (аялдар 68,2%; 2003). 11 мамлекеттик, 20 менчик окуу жайы бар. Ири университеттери: Дакка (1921), айыл чарба (1961, Майменсингх ш.), инженер-технология (1962, Дакка), Читтагонг (1966). Илимдер академиясы (1973), Борбордук калк китепканасы (1958), Улуттук китепкана (1958), ошондой эле Улуттук (1913, Дакка), искусство жана археология (1927) музейлери бар. Мезгилдүү басма сөзү өнүккөн. Бенгал жана англис тилинде китеп, гезит-журналдар чыгарылат. «Бангладеш Бетар» мамлекеттик радиосу 7 тилде уктурулат (Европа, Пакистан, Индия мамл. боюнча). Телекөрсөтүүсү «Бангладеш телевижен» мамлекеттик телекомпаниясы, ошондой эле менчик спутниктик жана кабелдик телеканалдары иштейт. Ал эми оозеки адабияты бенгал тилинде өнүгүп, мусулман маданияты менен тыгыз байланышта болгон. 16-17-кылымда лирика жанры өкүм сүргөн. Ошол кылымда (Моноши, Чонди) жөнүндө дастандар айтылган. 19-кылымдын башында диний-мифологиялык сюжетти философия поэзия сүрүп чыгарып, проза жанры пайда болгон. Роман, повесть, аңгеме, драмалар жазыла баштаган. 15-18-кылымында бенгалдык мусулмандар бенгал тилинде араб жана перс көркөм чыгармаларын айкалыштырган поэтикалык чыгармаларын жаратышкан жана көркөм чыгармаларында байыркы улуттук үлгүлөргө көбүрөөк көңүл бурулган. 19-кылымда бенгал мусулмандары индустардан айырмаланып, көркөм чыгармаларында эски улуттук салтын сактаган. 20-кылымдын 1 -жарымында алгачкы мусулман авторлордон Назрул Ислам чыккан. Ошондой эле Абдул Фазл, Малик Богдапаздхай, Жошим Уддин сыяктуу акын-жазуучулар чоң салым кошкон. Чыгыш бенгал фольклорун изилдөөчү Жасимуддин элдик ыр-күүлөрү менен таанымал, Суфия Камал аялдардан чыккан 1-акын, ал ырларын Р. Тагордун поэзиясына таасирленип жазган. 1940-ж. Пакистан мамлекетин түзүүгө катышкан кээ бир мусулман акындар (акын Фаррук Ахмад ж. б.) чыгармаларынын сюжеттик, стилдик өзгөчөлүктөрүнө басым жасашкан. 1947жылдан бенгал адабияты өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн.
Бангладеш аймагында 7-12-кылымга таандык искусство эстеликтери сакталган, алар Пуидранагара (Махаст-хаи) шаарынын чындоосунун калдыктары, Пахарпур, Майнаматидеги культтук сюжеттеги терракот рельефтүү, таш жана коло скульптуралуу будца монастырлары. 12-кылымдын аягында 13-кылымдын башында Бангладеште ислам дининин жайылтылышы, Бангладеш маданиятына ошондой эле Азия, Жакынкы Чыгыштын мусулмандык идеяларынын кириши сыйынуу жайларынын (мечит, мунара, медресе) курулушуна жана көркөм чыгармалардын жаралышына таасирин тийгизген. 16-17-кылымда негизинен могол миниатюрасы мектебинин таасири менен миниатюра жазуу искусствосу өнүккөн. Англиянын бийлиги мезгилинде салттуу курулуштар менен катар неоклассицизм стилиндеги курулуштар (темир жол вокзалдары, банк ж. б.) курулган. 20кылымдын 2-жарымында архитектуралык салттык өзгөчөлүктөрдү айкалыштырган көп кабаттуу туракүйлөр курула баштаган. Дакка монумент имараттарга бай маданий борборго айланган. Ошол эле мезгилде сүрөт өнөрү өнүгүү жсшуна түшкөн. 3. Абедин, А. Сафиуддин, К. Хасаи ж. б. живописчилер жана графиктер жөнөкөй адамдардын турмушун чагылдырган европалык реализм багытындагы чыгармаларын жараткан. Байыркы монументалдуу живописке жана моголдук миниатюраларга басым жасалган (Батыштын исквосу живописчилер М. Башира, М. Кибрияга жана график К. Чоудхуриге таасирин тийгизген). Көркөм-жасалга өнөрүндө негизинен жыгач, пилдин сөөгүн, карапаны көп колдонушат. Бангладештин музыкасы түндүк индиялык (негизинен Бенгалиянын) музыка салттык маданияты менен тарыхый байланыштуу. Бир нече кылымдар бою бангладеш индуизм жана буддизмден таасирленип өнүккөн. 7-13-кылымдарда Бангладеште ислам маданиятынын өсүшүнүн таасири астында классикалык вокалдык стилдер калыптанган. 13-кылымдан баштап Бангладеш музыкасы Түндүк Индия салтындагы хиндустан нугунда өөрчүй баштаган. 18-20-к. хиндустан маданиятындагы жеңил классикалык стили калыптанган. 20-кылымдын классик ырчыларынын бири Бегум Акхтар болгон. Кийин (англ. колония учурунда) европа музыка элементтеринен таасирленген. Бангладештин музыка маданиятынын өнүгүшүндө бир нече ырлардын автору, музыкант Бангладештин музыкасына ислам музыкасынын элементтерин киргизип, «назрулгити» стилин жараткан Назрула Ислам (1899-1976) зор салымын кошкон. 21-кылымдын башында белгилүү акын Р. Тагордун ыр мурасы таанылган. 1947-ж. патриоттук ырлар өнүгүп, элге кеңири таралган. 1960-жылдары киномузыка жаралса, ал эми 20-кылымдын аягында популярдуу музыка кеңири жайылган. Дакка шаарында Улуттук көркөм искусство академиясы жана «Шилпакала» маданият борбору, Назрула Ислам академиясы (1964) иштейт. 1947-жылдан музыкалык маданияттын исламдашуусу күчөгөн. 1970жылдары элдик музыкага өзгөчө мамиле жасалган. Бангладеш көз каранды эместигин алгандан кийин театр, кино тармагы өнүгүү жолуна түшкөн. 1994-ж. Дакка шаарында Азия борбор театры ачылган, кийин 1996-ж. репертуардык театр Бангладештеги 1-профессионалдык группа түзүлгөн. 1955-ж. Дакка киностудиясы негизделген. Негизинен мелодрама жанры басымдуу. «Сиражу Дола» (1968, реж. X. А. Рахман), «Турмуш чындыгы» (1972, реж. 3. Райхаи) аттуу фильмдер пакистандык бийликти сындаган. 1970-90-ж. кино социалдык маселелерге, ошондой эле эркиндик үчүн күрөшүүгө багытталган. «Дагы эле түн» (1972), «Жашоого кайрылуу» (1973, реж. X. Рахмаи) «Асман менен жер ортосунда» (1974, реж. С. Датта), «Чексиз жол» (1978), «Ачкачылык» (1986, реж. А. Хусейн); «Кырсык» (1985, реж. Ш. Ниамат) ж. б. белгилүү кинолору бар. «Топурактан жасалган таан» (2002, реж. Т. Масуд) фильми эл аралык атак алган.




#Article 167: Бельгия (2062 words)


Бельгия, Бельгия Королдугу (фр. Royaume de Belgique, фламандча Koninkrijk Belgi6) Батыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Нидерланд, чыгышынан Германия, түштүк чыгышынан Люксембург, түштүгүнөн жана түштүк батышынан Франция менен чектешет. Түндүк-батышын Түндүк деңизи чулгайт. Аянты 30,5 миң км2. Калкы 10,4 млн (2005). Борбору Брюссель шаары. Расмий тилдери: француз, нидерланд, немис тилдери. Бельгия-федерациялык мамлекет болгондуктан үч аймакка: Вавилон, Фламанд жана Брюссель админстративдик аймагы жактан Брюссель агломерациясына жана 10 провинцияга бөлүнөт. 
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005):

Акча бирдиги евро. Бельгия БУУнун (1945), Европалык экономикалык уюмунун (1957), Европа кеңешинин (1949), ЕККУнун (1975), Эл аралык валюта фондунун (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын мүчөсү.

Бельгия федерациялык мамлекет. [Конституциясы 1831-ж. 7-февралда кабыл алынган, 1994-ж. 17-февралда өзгөртүүлөр киргизилген)]. Башкаруу формасы конституциялык монархия. Мамлекет башчысы король. Аткаруу бийлигин король менен премьер министр жетектеген Министрлер кабинети ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы жана Сенат). Саясий партиялары: Либералдык реформалар партиясы (франкофондор), Соц. партия (франкофондор), Социал-христиан партиясы, Фламанд либералдар жана демократтар партиясы, Социал. партия (фламандыктар), Христиан Элдик партиясы, Фламанд блогу. Табияты. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн түздүк ээлейт; ал түндүк-батыштан, Түндүк деңиздин жээгинен түштүк-чыгышты карай бийиктейт. Эң бийик жери Арденна тоосу, 694 м (Ботранж чокусу). Жээк бойлой жайгашкан дюналар улам өрдөгөн сайын польдерлер (кургатылган саздак жерлер) тилкеси, Фландрия, Кампин жайпак түздүктөрү менен алмашат. Өлкөнүн борбордук  бөлүгүндө дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Климаты мелүүн деңиздик. Январдын орточо температурасы Арденнада -1°Сден деңиз жээгинде 3°Сге чейин, июлдуку 14°Сден 19°Сге чейин. Жылдык жаан чачыны түздүктөрдө 700-900 **, тоолордо (Арденна) 1500 ммге чейин. Негизги дарыялары Мёз (Маас), куймалары Урт. Самбра; Шельда, куймалары Лейе, Дандр. Кенбайлыктарынан көмүргө бай, ошондой эле темир, коргошун, цинк, жез, сурьма кендери, гранит, мрамор ж. б. курулуш материалдары бар. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн маданий ландшафттар ээлейт. Бокаж (токой тилкелери менен бөлүнгөн эгин талаалары жана шалбаа жерлер) мүнөздүү. Өлкөнүн аймагынын 24% ин жазы жалбырактуу токой бук, эмен, граб, кайың ж. б. ээлейт (негизинен Арденнада). Польдерлерде жана дарыя жайылмаларында шалбаа, дюналарда верещатниктер өсөт. Жалпы аянты 78,4 миң га болгон 4 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, анын ичинен От-Фань жаратылыш паркы бар.

Калкы негизинен фламанддар (56%), валлондор (32%), ошондой эле немистер менен француздар да жашайт. Динге ишенгендеринин 57% католиктер, 1,7% протестанттар, еврейлер, мусулмандар ж. б. Дүйнөдөгү калк эң жыш жайгашкан өлкөнүн бири. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 342 киши. (Европада 2-орунда; Нидерланддан кийин). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 75,4, аялдарыныкы 81,9 жаш. Шаар калкы 96,7%. Ири шаарлары: Антверпен, Гент, Шарлеруа, Льеж, Брюгге.

Байыркы замандан өлкөнүн аймагын белг уруулары мекендеген (өлкөнүн аты ушундан улам келип чыккан). Биздин заманга чейинки 57-ж. Цезарь тарабынан басып алынып, Рим империясынын курамына кошулган. Б. з. 3-5-кылымдарда Бельгиянын аймагына герман франк уруулары көчүп келишет. 5-9-кылымдарда Бельгия Франк мамлекетинин курамында болот. 10-12-кылымдарда аймакта шаар куруу, жүндөн кездеме токуу, металл иштетүү, соода өнүгөт. 12-кылымда Бельгия Европанын «өнөрканасына» жана эл аралык соода түйүнүнүн борборуна айланат. 14-15-кылымдардын акырында Бельгиянын аймагы (1384-ж. Фландрия, 1430-ж. Брабант) Бургундия мамлекетине кирет. Бургундия мамлекети кыйрагандан кийин, Бельгияда Габсбургдар династиясынын (1477, толугу менен 1482) бийлиги орнойт. 15-кылымдын башында Нидерланд деп аталган 17 провинциянын бир аймагы катары (Бельгиянын азыркы аймагы, Нидерланд, Люксембург жана Түндүк Франциянын бир бөлүгү) анын курамына кирген. Европадагы өлкөлөрдө капиталисттик мамилелер өнүгө баштаганда, Нидерланд алдыңкы орунга чыккан. 1576-жылдагы көтөрүлүш Бельгиянын провинцияларында испаниялык бийликти жок кылуу менен аяктаган, Нидерланддын түндүк провинциялары менен келишим түзгөн. Бирок Бельгиядагы феодалдык-католиктик реакция Испания менен союз түзүп, кыймылды баскан. Түдүк. Нидерланд (Голландия Респ.) жана Түштүк Нидерланд (Бельгиянын аймагы) саясий, экономикалык жактан эки түрдүү жол менен өнүккөн. Көзкаранды эмес Голландия Республикасынын экономикасы гүлдөп, Испаниянын колунда калган Түштүк Нидерланддын экономикасы төмөндөгөн, капитализмдин өнүгүшү токтогон. Испандык мурас үчүн болгон согуштардын натыйжасында Бельгия австриялык Габсбургдардын (1714-ж.) бийлигине карап калат. 1794-ж. Наполеон империясынын курамына кирип, ал кулаган соң, Вена конгрессинин чечими боюнча, Голландия менен Вильгельм I башкарган Нидерланд королдугуна биригет. Бул мезгилде өнөржайы бир кыйла өнүгүп, темиржолдор салынган, банктар ачылган. 1830-ж. Голландия үстөмдүгүнө каршы чыккан Бельгия реввлюциясы жеңишке жетишип, Улуттук конгресс тарабынан Бельгия королдугунун көзкаранды эместиги жарыяланган, ошол эле жылы беш улуу держава (Улуу Британия, Россия, Франция, Австрия жана Пруссия) Лондондо өткөн конференцияда Бельгиянын көзкаранды эместигин таанып, аны 1831-ж. түбөлүк бейтарап өлкө катары жарыялашкан. 1831-ж. Улуттук конргессте кабыл алынган конституция өлкөдө конституциялык монархиянын орногондугун белгиледи. Дүйнөлүк биринчи жана экинчи согуш мезгилинде Б.ельгия немис армиясы тарабынан оккупацияланган. Согуштан кийин өлкөнү кезек менен социалдык жана католиктик партиялар башкарган. 1960-ж. Конгого, 1962-ж. Руанда-Урундиге эгемендикти берген. Бельгия НАТОнун (Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун) мүчөсү. Брюсселде НАТО Кеңешинин жана Европадагы бириккен куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысынын штабквартирасы жайгашкан. 1958-ж. Нидерланд жана Люксембург менен союз түзүү жөнүндөгү келишимге (Бенилюкс) кол койгон. 20-кылымдын 60-70-жылдарында Бельгияда фламанддыктар (нидерланд тилинде сүйлөшкөндөр) менен валлондуктар (франк тилдүүлөр) ортосунда оор мамилелерден улам абал татаалдашып кеткен. Жаңжалдан улам 994-ж. өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, Бельгия федерациялык мамлекет катары, ал эми Фландрия менен Валлонияда өзалдынча өкмөттөр түзүлгөн. 2003-ж. өткөрүлгөн парламенттик шайлоолордон кийин Г. Верховстад жетектеген жаңы өкмөт шайланган. Экономикасы. Европадагы экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 316,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүшгүргөндө 30 600 доллардан (2004; АКШ) туура келет. Ички дүң продукциясында өнөржай менен курулуштун үлүшү 25,7%, айыл, токой жана балык чарбасыныкы 1,3% (2004). Өлкөнүн экономикалык структурасынын негизги өзгөчөлүгү банк капиталынын басымдуулугу. Бельгия минералдык сырьёлорго жарды. Көмүр казылып алынат (учурда токтотулган). 2002-ж. 76,6 млрд кВт EJ электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 58% АЭСке туура келет (Бельгия дүйнөдө 2-орунда, Франциядан кийин). Өлкөнүн түндүгүндө Мол шаарында эларалык ядро изилдөөчү ири борбор (тез нейтрондуу 3 реактору менен), ошондой эле Евратом атом изилдөө бюросу, ядро отунун кайра иштетүүчү (Батыш Европа өлкөлөрү үчүн) ишканасы жайгашкан. Болот өндүрүү боюнча Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен, алдыңкы катарда турат (2001-ж. 11,3 млн о). Өнөр жайынын негизги тармактары: тамак-аш, химия (пластмасса, жасалма була, каучук), кара металлургия, металл иштетүү жана машина куруу (анын ичинен автомобиль куроочу тармагы өнүккөн), текстиль, айнек (айнек менен күзгүнү экспортко чыгаруу боюнча дүйнөдө 1-орунда), кыймылдаткыч, жүк жүктөөчү транспорт жабдуулары, текстиль машиналарын куруу. Түстүү телевизор (көпчүлүгү экспорттолот), илгертен курал-жабдыктарды чыгаруу өнүккөн. Сода, жер семирткич жана пластмасса синтездөө үчүн органикалык сырьё, кинофотоматериалдар, медикаменттер чыгаруучу заводдору бар. Кебез-кездеме, кылторко, жасалма жибек өндүрүшү иштейт. Алмаз кырдалат (Антперпенде). Бриллиант соодалоонун борбору. Килем токуу, кийим тигүү, булгаары-буткийим, мебель өнөржай ишканалары иштейт. Айыл чарбасынын негизги тармагы эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы. Бельгиянын аймагынын 1/2нен ашыгы айыл чарбага жарактуу, анын 45% шалбаа жана чабынды, 55% ин дан эгиндери ээлейт. Айыл чарбасында калкынын 3% гана эмгектенгени менен, өлкө айыл чарба продуктусуна болгон ички керектөөсүн толугу менен камсыздайт. Канткызылчасы, жашылча-жемиш, дан -эгиндери өстүрүлөт. Бодо -мал, чочко асыралат. Бельгия сүт продукцияларын өндүрүү боюнча Европадагы эң ири мамлекеттерден болуп саналат. Темиржолунун узундугу 3,5 миң км (анын ичинен 2,6	миң кми электрлештирилген; анын жыштыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда). Автомобиль жолунуку 149,0 миң км. Дарыяларында (Шельда, Маас) кеме жүрөт. Деңиз соода флотунун тоннажы 1146,3 миң рег. бр.-о (2005). Башкы деңиз порту Антверпен, андан башка ири порттору Брюгге, Гент, Остенде, Брюссель. Сыртка автомобиль жана өнөржай жабдууларын, кара жана түстүү металлдар, химия, текстиль продуктуларын, зергерчиликке колдонулуучу алмаз чыгарат. Сырттан энергетикалык сырьёну, азык-түлүк, машина жана жабдууларды алат. Негизги соода шериктештери: Германия, Франция, Нидерланд, Улуу Британия, АКШ.

Бельгиядагы алгачкы чиркөө мектептери орто кылымда уюшулган. 18-кылымдын аягында менчик мектептер пайда болгон. 1914-жылдан негизги окуу жөнүндө (6-14 жаш) мыйзам кабыл алынган. Башталгыч жана орто мектептерде окуу фламанд жана француз тилдеринде жүргүзүлөт. Билим берүүнүн мамлекеттик секторун Билим берүү министрлиги, менчик мектептер католиктик окуунун секретариаты тарабынан көзөмөлдөнөт. Билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерден (3-6 жаш), башталгыч (6-жылдык) мектептерден турат. Билим берүүнүн негизги принциптери О. Декороли тарабынан иштелген. Орто мектепте 6 жылдык мөөнөт менен окулуп, 2 баскычка (3 жылдан) бөлүнөт. Биринчи баскычы 3 бөлүмдөн классикалык, азыркы жана орто билим алганга чейинки, 2-баскыч классикалык бөлүм латын-грек, латын-математика, латын-табигый, учурдагы окуу бөлүмү табигый-илимий, коммерциялык болуп бөлүнөт. Атайын билим берүү атайын жана техн. мектептерден туруп (6 жыл), башталгыч мектептин базасында иштейт. Тех. мектептерде 1-баскычты бүтүргөндөн окулуп, андан кийин жогорку тех. мектептерге жолдомо алышат. Бельгияда 21 ЖОЖ (анын ичинен 5 университет) бар. Ири китепканалары: Бельгия улуттук (1837), университеттик (1846). Музейлери: Король азем өнөр искусство (Антверпенде, 1890; анын ичинен байыркы жана заманбап искусство), Король азем өнөр жана тарых (1835), Тервюрендеги Борбордук Америкалык королдор (1897), Муниципалдык сүрөт галереясы (1930, Брюгге). 1924-жылдан радио уктуруу, 1953-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Учурда массалык маалымат каражаттары (33 күнүгө, 28 аптасына) француз, немис, нидерланд тилдеринде чыгат. Коомдук (3 теле, 5 радио каналы; француз тилинде), жана менчик (30дан ашык теле, 800 радиостанция) телерадио компаниялары иштейт. Бельгиянын француз тилиндеги алгачкы жазма  эстеликтери 12-кылымга таандык. Орто кылымдагы бельгиялык адабияттын негизги жанры тарыхый хроника жана крест жортуулу тууралуу эпикалык айтымдар. «Окассен жана Николет» аноним ыр-жомогу Фландрияда түзүлгөн. 13-14-кылымда куртуза адабияты (фабльо, повесть, ыр, рыцарь романдары) өнүккөн. Белгилүү менестрелдери (эшик ырчылары) Ж. де Конде, В. де Кувен. «Түлкүнү такка отургузуу» аттуу аноним романы 1280-ж. ченде жарык көрсө, 14-кылымга «Фландрия хроникасы» (Ж. Фруассара) таандык. 15-кылымдан новелла жанры («Жаңы 100 новелла», А. де. ла Саля) пайда болгон. Француз акындарынан таасирленип А. дю Эке, Л. де Мазюр ж. б. «Плеяданын» таасиринде жазышкан. 18-кылымдын ортосунан Бельгиянын адабиятында трактат пайда болгон. Жаңы агымдын борбору Льеж шаары болуп, Вольтердин чыгармалары, «Энциклопедиялык журнал» басылган жана адабиятт коомдору, ийримдер уюшулган. 19кылымдын башында романтика духундагы чыгармалар пайда болуп, бирок бельгиялык романтиктер Ж. Байронду, кийинчерээк В. Гюгону туурашкан. 20-кылымдын 20-30-жылдарында Ф. Элленс М. Горькийдин чыгармаларынан таасирленип, роман жараткан. Фламанд тилиндеги адабияты 18кылымдын башына чейин Нидерланд адабиятынын бир бөлүгү болгон. 16-кылымдын аягында нидерланддык маданият Бельгиянын түндүгүндө жайгашса да Нидерланд тилинде өнүккөн, бирок 17-кылымдан фламанд адабияты аталган. 19-кылымдын 2-жарымында сын реализмине жакын адабиятт өнүгөт. 20-кылымдын башында декадент чыгармалары жазыла баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин тынчтыкты, демократияны жактаган жазуучулар: М. Дейзе, П. ван Акен. Бельгиянын аймагында кельт жана байыркы Рим искусствосунун эстеликтери сакталган. Орто кылымда тез байып келаткан сода өнөржай шаарлары Бельгиянын феодалдык ээликтерине майдаланып бөлүнүп кетишине байланыштуу көркөм маданияттын роман (11-12-к.), готика стилиндегилери пайда болгон. 1566-1609-ж. Бельгиянын искусствосунда өзүнчө мектеп пайда болуп, ал 18-кылымдын акырына чейин фламанд искусствосу аталып, анда барокко стили эски салттуу Нидерланд маданияты менен бирдикте өнүккөн. 17-кылымдагы фламанд сүрөт өнөрүндө П. П. Рубенс көрүяүктүү орун ээлейт. Анын көптөгөн жолун жолдоочулардан А. ван Дейк, Я. Йорданс өзгөчөлөнүшкөн. Ф. Снейдерс ири көлөмдөгү натюрморт жаратса, Л. Ван Уден пейзаж тарткан. Италия сүрөтчүлөрүнөн таасирленишкендер: Караважо, А. Янсинс, Г. Сегерс, Т. Ромбаутс. Фламанд сүрөтүнүн көчүрмөлөрү жезге (гравюра), жыгачка, шпалерага түшүрүлгөн. Фландрия, Брабант колго токулган торлору менен даңталган. 19-кылымдын 80жылдарында архитектуранын модерн стили калыптанган. Кийинчерээк турак жана коомдук жайларды курууда учурдагы архитектуранын принциптери колдонулган.

Музыкасы улуттук каада-салттын негизинде түзүлгөн. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү фламанддар нидерланддык маданий салттары менен, түштүгүндөгү валлондор Франциянын маданиятынан таасирленишкен. Бул улуттук өзгөчөлүктөр фольклордо да, профессионал музыкалык искусстводо да байкалат. Бельгия музыкасы франко-фламанд Нидерланд мектебинен (15-16-к.), Кайра жаралуу доорунда пайда болгон полифония искусствосу Батыш Европанын композиторлор мектебинен таасирленген. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү: Я. Обрехт, А. Вилларт, Жоскен Депре, Орландо Лассо. 17-кылымда Б.ельгиянын музыкасынын авангарддык ролу төмөндөйт, анткени эң белгилүү композиторлору Францияга иштеп кеткен. Скрипка боюнча улуттук мектеп ачылган. Бельгиянын белгилүү музыка ишмерлери: Ж. Абсиль, Р. Дефоссе, Ф. Кине, А. Сури, М. Пот ж. б.; дирижёрлору: Ф. Андре, Д. Дефо; скрипачтары: А. Грюлью, К. ван Несто. Брюссель ири музыкалык борбор, анда «Де Ла Монне» театры, концерт коому, симфониялык оркестр ж. б. бар. Эларалык конкурстар: Брюсселде королева Елизавета атындагы музыкант-аткаруучулардын (1951-жылдан, дүйнөлүк атакка ээ), Гентте И. С. Бах атындагы органчылардын (1958жылдан), Льежде кылдуу аспапчылар квартеттеринин (1951-жылдан) конкурстары өткөрүлүп турат. Антверпенде (1893), Гентте (1900) опера театры иштейт. Бельгиянын театр маданияты француз жана фламанд тилинде өнүккөн. 13-15-кылымдарда литургиялык (латын тилинде), морамит жана мистерия (француз жана фламанд тилинде) драмалары коюлуп келген. 16-17-кылымдарда театр искусствосу диний куугунтуктоонун натыйжасында токтогон. 19-кылымдын аягы -20-кылымдын башында Бельгия театр искусствосунун өнүгүшүнө драматургдар М. Метерлинк, Ш. ван Лерберга, Ж. Роденбаха, М. Дютерм зор салым кошкон. Бельгиянын залкар драматургдары Ф. Краммелинк, М. Гельдерод, Х. Клоссон, Х. Трейлинг, Г. Мартенс. Сахна өнөрүвүн улуттук мектеби калыптана албады, анткени Бельгиянын көрүнүктүү актёрлору, режиссёрлору четке кетишкен. Эски театрлары менен катар жаңы театрлар пайда болуп, мамлекеттик труппалар түзүлгөн. Театр ишмерлерин Брюсселдеги королдук консерватория даярдайт. 1908-ж. Харревелде алгачкы киностудия уюшулуп, 1-фильми тартылган. 1919-ж. Бельгия кинокомпаниясы, 1922-ж. «Бельгия фильми» киностудиясы ачылган. 20-жылдардын аягынан кинорежиссёрлор Ш. Декёкелер, А. Строк, А. Ковен, кийинчерээк П. Хасартс этногр., искусство таануу ж. б. фильмдерди тартып, кинонун ушул жаатында ири жетишкендиктерге ээ болушкан. Брюсселде Бельгия синематикасы иштейт, анда 1962ж. музей ачылган. Бельгияда бир нече кинематография институттары бар. Брюссель менен Гент шаарында эларалык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.

Бельгияда көптөгөн карнавалдар өткөрүлөт. Белгилүүлөрү: Бинштегл карнавалы, Ыйык Канн (май, Брюгеде), Ыйык Николай күнү балдар карнавалы (6-декабрь). Король азем иск-во (Антверпен; П. П. Рубенстин ж. б. Фламанд сүрөтчүлөрүнүн белгилүү коллекциялары коюлган), валлон иск-во музейлери (Льежде), 13-к-га таандык базар аянты (бийикт. 108 м коңгуроолуу мунарасы м-н), Ыйык Сальватор собору (XIIIXIV к.), чиркөөлөр, ратуша (XIV к.), Ымыркай көтөргөн Мадоннанын капка, цитадель, готика стилиндеги Нотр-Дам собору (1211-ж.; Ван Дейктин сүрөттөрү сакталган), Ыйык Бавон собору (Х к-дын күмбөздөрү ж-а даңктуу «Гент алтары» м-н), бийикт. 121,9 м шпиль (шиш найза) сакталган. О. эле Льежде Ыйык Павел чиркөөсү (Х к.), сот сарайы (XVI к.), Брюссель готика стилиндеги борб. аянт (XV к.), королдор сарайы, Ыйык Михаил чиркөөсү (XIII к.) бар.




#Article 168: Болгария (3130 words)


Болгария (Болгария), Болгар Республикасы (Республика Болгария) Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Балкан жаңы аймагынын чыгышында жайгашкан. Түндүгүнөн Румыния, батышынан Сербия, Черногория жана Македония, түштүгүнөн Грекия жана Түркия менен чектешет. Чыгышынан Кара деңиз чулгайт. Аянты 111,0 миң км2. Калкы 7,5 млн (2005). Борбору София шаары Расмий тили болгар тили. Администрация аймак жактан 28 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги лев. Болгария БУУнун, Европа Советинин, Эл аралык валюта фондунун жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү.

Болгария унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 1991-ж. 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Элдик жыйналыш. Аткаруу бийлигинин жогорку органы премьер-министр жетектеген Министрлер Совети. Саясий партиялары: Болгария социалдык партиясы, Демокр. күчтөр союзу. Эркиндик жана укуктар үчүн кыймыл жана башкалар. Табияты. Түндүгүндө Дунайды бойлой созулуп жаткан Төмөнку Дунай туздугунун түштүк бөлүгү чыгышында Добруж платосуна өтөт. Түштүгүрөөк, бүт өлкөнү батыштан чыгышты карай Стара-Планина (Балкан) тоолору (бийиктиги 2376 м, Ботев чокусу) ээлеп, түштүк капталдары узатасынан созулган кууш ойдуңдарга (Казанлык, Карлова жана башка) тик түшөт. Түштүгүрөөктө анча бийик эмес Средна-Гора жапыз тоосу (1604 м, Богдан чокусу) жайгашкан. Өлкөнүн борбордук жана түштук-чыгыш аймактарын Жогорку Фракия түздүгү ээлейт. Түштүк жана түштүк-батышта Балкан жана андагы эң бийик Рила (Болгариянын эң бийик жери, 2925 м, Мусала чокусу), ошондой эле Пирин (бийиктиги 2914 м, Вихрен чокусу) жана Родопи (2191 м, Голям-Перелик чокусу ) тоолору жатат. Кара деңиз жээги көбүнчө жапыз, кумдуу пляждары кенен, айрым жерлери тик. Өлкөнүн эң четки түштүк-чыгышында Сакар тоо массиви (бийикт. 856 м), түндүгүндө Странжа (Истранжа) тоосунун түндүк тармактары жайгашкан. Карст процессинен пайда болгон көптөгөн үңкүрлөр бар, алар Стара Планина, Родопидеги Райчова-Дупка, Магура, Леденика жана башка үңкүрлөр туристтик жайга айландырылган.

Климаты түндүгүндө мелүүн континенттик, түштүгүндө жерортолук деңиздик. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүүү. Январдын орточо температурасы түздүктөрдө -2°Сден 2,5°Сге, тоолордо -10°С ге чейин, июлдуку түздүктөрдө 19-25°С, тоолордо 5-12°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 450550, тоолордо 850-1300 мм ге чейин. Болгариянын дарыялары Кара жана Эгей деңиздеринин алаптарына кирет. Алардын суубөлгүчү Стара-Планина, Странжа. Кара деңиздин алабына кирген негизги дарыялар: Дунай (кеме каттаган жалгыз дарыя; анын куймалары: Искыр, Янтра, Вит), Камчия жана башка Эгей деңизине Болгариядагы эң суусу мол дарыя Марица (куймалары: Тунжа, Арда), ошондой эле Места, Струма дарыялары таандык. Көлү аз; ири лиман көлдөрү: Бургас, Варнен. 500дөн ашык минералдык суу булактары бар, алардын базасында бальнеол. борборлор уюшулган. Аймагынын 30%ке жакынын (негизинен тоолор) токой ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) басымдуу; андан жогору ийне жалбырактуу токой (карагай, көк карагай, мырза карагай), 1700-1800 м ден жогору тоо шалбаасы, түштүгүндө жана түштүк-чыгышында бадал өсүмдүктөрү өсөт. Болгарияда табияты коргоого алынган 49 аймагынын жалпы аянты 491 миң га; анын ичинде улуттук парктары: Рила, Борбордук Балкан жана башка Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргендери: Сребырна биосфера резерваты жана Пирин улуттук паркы.

Калкынын негизин болгарлар (83,9%) түзөт (2001-жылкы эл каттоо боюнча), ошондой эле түрк (9,4%), цыган (4,7%), македониялыктар, орустар, армяндар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Христиан (85%), мусулман (12% сүнөттөр) жана башка диндерин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 67,4 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 68,4, аялдарыныкы -75,9 жаш. Шаар калкы 70%. Ири шаарлары: София, Пловдив, Варна, Русе, Бургас, Стара-Загора, Плевен.

Болгариянын аймагын адамдар палеолит доорунан бери мекендеген. Б. з. ч. 8-6-кылымдагы грек тарыхый булактарынын маалыматтарына караганда, бул жерлерге индевропалык уруулар (фракиялыктар) отурукташа баштаган. Б з. 1кылымына карата фракиялык жерлер Рим империясына каратылып, мында римдик Мезия жана Фракия провинциялары түзүлөт. Рим империясы кыйрагандан кийин, 395-ж. эки провинция Византиянын курамына кирген. 6-кылымдын аягында Болгариянын аймагына славян уруулары отурукташа баштаган. 7-кылымдын 70-жылдарында Аспарух хан баштаган булгарлар (түрк уруулары) Азов деңизинин жээги менен Түндүк Кавказдан жер которуп келип, 681-ж. Балкан тоолору менен Дунайдын төмөнкү агымында славян-булгар урууларынын мамлекетин I Болгар падышалыгын негиздейт. Князь Бористин убагында (852-889) христиан дини мамлекеттик дин катарында кабыл алынат. Мамлекетти славяндаштыруу процесси күчөп, акырында булгарлар менен славяндардын этностук айырмачылыгы жоюлуп, болгарлар деген эл түзүлөт. 894-ж. ага-ини Кирилл жана Мефодий славян жазмасын түзүшөт. 9-кылымда Сердиканы, Адрианополду кошуп алуунун натыйжасында мамлекеттин чегарасы кеңейет. 1014-ж. византиялык император Василий II Беласицанын алдында болгар аскерлерин талкалаган соң, 1018-ж. Болгария толук Византияга каратылат. 1185-87-ж. элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Византиянын бийлиги кулатылып, 2-Болгар падышалыгы түзүлөт (1186-1396). Падыша Иван Асен Пнин тушунда (1218-41) бир топ жогорулап, Кара, Эгей, Адрия деңиздеринин аралыгын ээлеп, Балкан жаңы аймагындагы күчтүү мамлекетке айланган. 13-кылымдын 2-жарымынан ич ара чыр-чатактардан улам Болгария мамлекети начарлай баштайт. Болгар падышалыгы алгач Батый ханга, 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башынан Ногой ордосуна салык төлөп турган. 14-кылымдын аягында бытыранды Болгария жерлерин Осмон империясы басып алып, болгарлар массалык түрдө мусулмандаштырылып, дээрлик 500 жыл бою башкарып турган. 19-кылымдын 2-жарымынан Болгарияда улуттук-боштондук үчүн кыймылдар күч алып, алар Болгарияга автономия берүүсүн талап кылышат. 1877-78-ж. орус-түрк согушунда болгарлар Россия тарабында салгылашып, орус армиясынын жеңип чыгышы жана Сан-Стефано тынчтык келишиминин шарты боюнча, өлкөнүн түндүгү өз алдынча Болгария княздыгы болуп түзүлүп, түштүгү Чыгыш Румелия Түркиянын автономиялуу провинциясы бойдон калган. 1885-ж. Пловдивдеги түрктөргө каршы көтөрүлүштүн натыйжасында өлкөнүн аймагы бириктирилип, 1908-ж. Болгария өзүнүн толук көзкаранды эместигин жарыялап, өз алдынча падышалык болуп жарыяланган. 1- Балкан согушунда (1912-13) Б. Түркияга каршы Балкан союзун түзүүгө демилгечи болуп, анын айрым аймактарын өзүнө каратканы менен, 2- Балкан согушунда (1913) мурдагы жерлеринен айрылган. Б. 1-дүйнөлүк согушта Германия менен Австрия-Венгрия тарапта салгылашты. 2-дүйнөлүк согушта Болгария алгач бейтараптык саясат жүргүзүүгө аракеттенгендиги менен, 1941-ж. Германия, Италия жана Япония ортосунда түзүлгөн Үчтүк Союз пактысына кол коюп, фашисттик блокко кошулган. 1944-ж. 9-сентябрда Болгарияга Кызыл Армиянын аскерлери кирип, өлкөдө болуп өткөн мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында бийлик алмашат. 1946-ж. 15-сентябрда монархиялык башкаруу жоюлуп, Болгария Элдик Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланат. 1946-89-ж. Болгария социалдык өнүгүү жолун тандаган мамлекеттердин катарында Экономикалык өзара жардамдашуу советине (1949), Варшава келишимине (1955) мүчө болгон. 1955-ж. Болгария БУУга мүчө болуп кабыл алынган. 80-жылдардын аягында өлкөдө башталган саясий-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, 1991-ж. чейин өкмөттү башкарып келген Болгария коммунисттик партиясы бийликтен кетет. 1991-ж. Болгариянын жаңы Конституциясы кабыл алынып, өлкө Болгария Республикасы деп аталат. 1996-ж. Демокр. күчтөр союзунун өкүлү П. Стоянов президент болуп шайланган.

Болгария экономикасы орточо өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. 1990-ж. СССР менен болгон байланыш солгундагандан баштап өлкөдө терең экономикалык кризис болгон. 1996-жылдын аягынан 1997-жылдын башынан экономикалык өнүгүү турукташа баштаган. Ички дүң продукциясынын көлөмү 61,6 млрд доллар (2004; АКШ, аны киши башына бөлүштүргөндө Европа кеңешине кирген өлкөлөрдүн орточо дегээлинин 1/3инен аз. Ички дүң продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,4% , өнөр жайыныкы 30,1% , айыл чарбаныкы 11,5%ти түзгөн. Өнөр жайынын башкы тармагы: азык-түлүк, ичимдик жана тамеки өндүрүшү. Болгариянын отун-энергетикасында нефть продукциялары 24,3% , жаратылыш газы 14,8% , ташкөмүр жана лигнит 38,1% , атом энергиясы 20,1% , гидроэнергия 2,7%ти түзөт. Энергия ресурстарынын (нефть, газ, ташкөмүр, ядро отуну) 70%ин сырттан, негизинен Россиядан алат. Күрөң көмүр жана лигнитти казып алуу 38 млн (1987) о дан 26,5 млн д га (2004) чейин кыскарган. Ошондой эле нефть (жылына 26,5 миң о, 2004), жаратылыш газы (333 млн м3, Кара деңиздин шельфинен) казылып алынат. 2004-ж. 42,6 млрд кВт[С электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 52%ке жакыны ЖЭСке, 40% АЭСке туура келет. Ири ЖЭСтери: «Марица-Чыгыш-2» (кубаттуулугу 1450 МВд), Варна (1260 МВт) жылуулук электр борборлору; АЭСтери: Козлодуй (3700 МВт), «Белене» (курулууда; долбоор боюнча кубаттуулугу 2000 МВт); Рила-Родопи тоо массивиндеги ГЭС каскадына, ошондой эле Белмекен-Чаир ГЭС-ГАЭС комплексине өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 8% туура келет. 2002-ж. 1,5 млн о болот прокаты, 70 миң о дай коргошун, 80 миң о дан ашык цинк, 41 миң о жез жана жез эритмеси өндүрүлгөн. Машина куруу өнөр жайынан кеме куруу заводдору (Варна, Бургас, Русе), станок жана инструмент өнөр жай өндүрүштөрү, байланыш, радио-телевизор, ЭЭМ (София), электртехника (Стара-Загора, Пловдив, Радомир), вагон куруу (Бургас), химия өнөр жайы үчүн жабдуу чыгаруучу ишканалары (Хасково) иштейт (2005). Балкан жаңы аймагындагы эң ири «ЛукойлНефтхим» химиялык комбинаты (жылына 10 млн о га жакын чийки нефть иштетилет), синтетикалык каучук (Пазаржик), минералдык жерсемирткичтер жана пестициддер (Димитровград, Стара-Загора, Плевен жана башка) өнөр жайлары бар. Парфюмерия-косметика, фармацевтика өнөр жайларынын продукциялары экспорттолот. Жыгачты Россиядан (Коми Республикасынан) алат. Текстиль өнөр жайында жылына 70-90 млн м кездеме токулат; борборлору: София, Пловдив, Габрово, Сливен, Варна, Панагюриште. Жылына 60-70 миң о жашылча-жемиш консервасын, 57,9 миң о өсүмдүк майын, 153 миң о кант, 83,6 млн л шарап, 23,7 миң о тамеки өндүрүлөт (Благоевград, София, Стара-Загора, Пловдивде шарап, тамеки, жашылча-жемиш), консервалары жана башка азык-түлүк товарлары даярдалат; көбү экспорттолот. Болгарияда 1990-ж. агро реформа жүргүзүлүп, жеринин көп бөлүгү мурунку жер ээлерине кайтарылып, айыл чарбага жарактуу жери майдаланып, бөлүнүп кеткен. Натыйжада жер пайдаланууда олуттуу проблема түзүлгөн. Айыл чарбасы 2002-ж. 1990-жылга салыштырмалуу 12%ке төмөндөгөн. Жер ээлеринин өндүрүштүк кооперативдери, фермер чарбалары түзүлүүдө. Айыл чарбага жарактуу жери 5,3 млн га (2003), же өлкөнүн аянтынын 48%тейи; анын ичинде 3,2 млн га сы иштетилет. Айдоо аянттарынын басымдуу бөлүгү Дунай түздүгүндө жана Жогорку Фракия ойдуңунда (50-70%) жайгашкан. Сугат жери 800 миң га. Бак-дарак өстүрүү жана жүзүмчүлүк Стара-Планина жана Родопи тоолорунун этектеринде, ошондой эле Кюстендиль ойдуңунда өнүккөн. Дан эгиндери (3,3 млн о буудай, 1,4 млн о жүгөрү, 1,0 млн о арпа), тоют өсүмдүктөрү (люцерна, жүгөрүнүн жашыл массасы), күнкарама (700 миң о), тамеки, канткызылча, пахта (түштүк райондорунда) айдалат. Карлови, Казанлык ойдуңдарында, Стара-Планинанын түштүк капталдарында эфир-май берүүчү өсүмдүктөрү (роза, жалбыз, лаванда) өстүрүлөт. Роза майын өндүрүп экспорттоо боюнча Болгария дүйнөдө алдыңкы орунда (2004, 1000 кг га жакын же дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3). Огородчулук өнүккөн. 2004-ж. 600 миң о картошка, 400 миң о помидор, 160 миң о калемпир, 130 миң о бадыраң, 120 миң о капуста, 80 миң о пияз, 210 миң о дарбыз жыйналган. Жемиш бактарын (алма, өрүк, алмурут, шабдалы ж. б.) өстүрүү жана жүзүмчүлүк (400 миң о; жүзүмдөн шарап жасалат, бир бөлүгү экспорттолот) өнүккөн. Мал чарбасында майда жандык басымдуу. Кой, эчки (2004-ж. 2,4 млн баш), чочко (945 миң), бодо мал (701 миң), үйкушу (21 млн) асыралат. Өлкө табигый климаттык, маданий-тарыхый жана башка рекреациялык ресурстарга бай. Кара деңиз жээгиндеги климаттык курорт зоналары Албена Алтын-Кум Варна жана Күнөстүү Жээк Несебыр Поморие Бургас. Тоо климаттык жана бальнеол. курортторго, түрдүү спорт оюндарын өткөрүүчү жайларга жана эсалуу борборлоруна (Витоша, Рила, Пирин, Родопи тоо массивдеринин капталдарында, Струма жана Места дарыясынын өрөөндөрүндө) бай. Көптөгөн тарыхый, архитектуралык эстеликтер бар. Жылына 4 млндон ашык турист келет. Болгариянын аймагынан эл аралык транспорт коридорлору темиржол тармагы, автомагистралдар (Белград София Пловдив Стамбул жана София Солоники Афины) өтөт. Бул жолдор тармагы Батыш жана Борбордук Европаны Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштырат. Автомобиль жолунун уз. 37,3 миң км (анын ичинде асфальтталганы 35,0 миң км), темиржолунуку 4294 км (анын ичинде 4049 кми европалык стандартка ээ, анын 2710 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 470 км. Дунайдагы негизги дарыя порттору: Русе, Лом. Деңиз соода флотунун тоннажы 758,0 миң рег.бр.-о же 1115,2 миң о дедвейт (2005). Башкы деңиз порту Бургас. Куур магистралынын узундугу 2920 км (анын ичинде газ кууру 2425 км, нефтиники 339 км, нефть продукциясын өткөрүүчү куурдуку 156 км). Өлкөдө 5 эл аралык аэропорт (София, Пловдив, Варна, Бургас, Горна-Оряховица) бар. Башкы авиакомпаниясы «Bulgaria Air». Сырттан машина жана анын жабдууларын, металл жана анын эритмесин, химикаттарды, пластика, отун жана башка алып, сыртка жеңил өнөр жайынын продукцияларын (кийим-кечек, кездеме, буткийим), металл, машина жана анын жабдууларын, нефть, нефть продукцияларын, химикаттарды, азыктүлүк товарларын жана суусундуктарды чыгарат. Сырткы соодасынын 50%тен ашыгы Европа Союзу өлкөлөрүнө туура келет; негизги соода шериктештери: Италия, Германия, Түркия, Бельгия, Грекия, АКШ, Франция (импорт); Германия, Италия, Россия, Грекия, Түркия, Франция, Австрия (экспорт).

Билим берүү жана агартуу сферасындагы мамлекеттик саясат Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан жана билим берүү жана илим комиссиясы өлкөнүн Улуттук чогулушу тарабынан көзөмөлдөнөт. Мектепке чейинки мекемелер, мектептеги окутуунун бардык түрү жергиликтүү бийлик менен регионалдык билим берүү инспекциясы жетектейт. Ал эми жогорку окуу жайларын ректорлор кеңеши башкарат. Негизги регламенттик документ болуп, 1991-ж. кабыл алынган билим берүү, 1995-жылкы жогорку билим, 1999-жылкы кесиптик билим жөнүндөгү мыйзамдар эсептелет. Болгарияда эл аралык билим берүүнүн стандарттык классификациясы ISCED97 кабыл алынган. Билим берүү системасы мектепке чейинки мекеме (3-7 жаш), негизги мектеп [башталгыч билим (1-4-класс), гимназиялык билимден (5-8-класс)] турат. Жаштар 16 жашка чейин акысыз жана милдеттүү түрдө билим алышат. Ошондой эле орто билим (9-12-класс) алуу да киргизилген. Орто адистештирилген окуу жайлары 6-8-класстын жана орто мектептин билим базасында жүргүзүлөт. Болгарияда 42 университет жана 9 коллеж бар. Ири университеттери: Климент Оридский атындагы (1888-ж. негизделген София), Паисия Хиландарский атындагы (1961, Пловдив), Ыйык Кирилл жана Мефодий атындагы (1971, Велико-Тырново), Аскер Академиясы, улуттук жана дүйнөлүк чарбалар университети, жогорку медициналык институт. БИА иштейт. Өлкөдө 400дөн ашык китепкана (анын ичинде 49 ири), 220дан ашык музей (анын ичинде «Шипка-Бузлужа» улуттук музейи, Несебыр, Копривштица, Арбанаси жана башка шаар-музейлер) бар. Массалык маалымат каражаттарыда жакшы өнүккөн. Негизи гезиттери: «24 саат», «Эмгек», «Дума», «Народна младеж», «Стандарт», «Монитор», «Демокрация». Радиоуктуруу 1929-жылдан (белгилүү каналдары: «Хоризонт», «Христо Ботев», «Радио Нэт», «Дарик Радио»), телекөрсөтүү 1959-жылдан жүргүзүлөт. 1999-жылдан менчик канал К 2, Б. телеграф агентчилиги (Болгарска телеграфна агенция БТА, 1898-ж. негизделген) иштейт. Болгариянын медиа рыногу чет элдик капиталга (Германия, Швейцария) көзкаранды. Болгариянын адабияты славян адабияттарынын ичинен эң байыркы адабият. Өлкө христианчылыкты кабыл алгандан кийин 9-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Алгачкы диний текстерди агартуучулар Кирилл жана Мефодий түзгөн. Байыркы адабияты Болгариянын 1-падышасы Б. Симеондун (893927) тушунда өсүп өнгөн. Бул мезгилде Климент Охридскийдин жыйнактары (сыйынуу, ыйыктардын панегириктери), Константин Преславскийдин (ыр менен жазылган сыйынуу), Иоанна Экзарханын, Черноризца Храбранын (трактаттары) жарык көргөн. 1018-1186-ж. (Византия бийлик кылган мезгилде) адабият өсүшүн токтоткон. 14-кылымда жаңы өсүш башталып, Евфимий жана анын окуучулары Григорий Цамблак жана Константин Костенеческийлер адабиятка чоң салым кошушкан. Адабияттын жаңы этабы улуттук кайра жаралуу менен байланыштуу. Поэзия ургалдуу өнүгүп, 1-болгар журналы «Любословие» (1844) чыккан. Болгариянын адабиятынын өнүгүшүнө орус адабияты чоң таасир тийгизген. 1917-23-жылдагы революция адабиятка чоң таасир эткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан коммунисттик режим кулаганга чейин (1989жылдын аягы) Болгария адабияты, социалдык талаптын басымы астында келген, бирок көптөгөн жазуучулар жасалма шаблонго каршы турушкан. Учурда адабиятынын негизги темасы улуттук каада-салт жана акыл-ой байлыгы болууда. 21-кылымдын башталышында адабияттагы кризисти жоюу тенденциясы байкалууда. Прозасында коррупцияга, кылмыштуулукка жана башкага анализ берүү колдонулууда. «Аялдар» адабияты активдүү өнүгүүдө. Өлкөнүн аймагындагы байыркы эстеликтер (карапа, кооз буюмдар жана башка) неолит дооруна (б. з. ч. 6-миң жылдык чен) таандык. Коло жана темир доорундагы курулуштар дольмендер тарабынан курулган. Фракия маданиятынын курулуштарынан өтө сейрек кездешүүчү эстеликтери (Казанлык аймагында) сакталган. Фракия мурасын Вылчитрына, Рогозена алтын, Панагюриштен казыналары (б. з. ч. 4-кылымдын аягы 3кылымдын башы) толуктайт. Казанлыктан анча алыс эмес жерден Одрис падышалыгынын борбору Севтополистин (б. з. ч. 4-3-кылым) калдыгы сакталган. Анда суу куурлары, цитадель сарайы менен табылган. Археологиялык табылгалар (карапа, монета, коло жана баалуу металлдардан жасалган буюмдар) Фракия менен Грекия тыгыз байланышта экенин күбөлөндүрөт. Коргонуу үчүн курулган курулуштардын калдыктары Софияда, Пловдивде, Варнада, Ивойловградка жакын жана башка жерлерде сакталган. Булар курулуш техникасынын жогорку деңгээлде өнүккөнүн далилдейт. Эрте византия доорунда христиан храмдары пайда болуп, живопись менен кооздолгон. Биринчи болгар падышалыгы (680-1018) пайда болгондон баштап Болгариянын искусствосу калыптана баштайт. Ал доордун алгачкы архитектура эстеликтери таш чептеринин калдыктары жана Плиска менен Преславдагы сарайлар (9-10-кылым). Экинчи болгар падышалыгы мезгилинде (1187-1396), Тырново көркөм искусствонун негизги борборуна айланган. Тырноводогу бул көркөм мектеп 9-10-кылымдагы архитектурага караганда курулуштардын чакандыгы жана декорациясы менен айырмаланат. 13-14-кылымда болгар живописи менен миниатюрасы гүлдөп өнүгөт. Осмон түрктөрү басып алгандан кийин мурдагы маданий мурастардын көпчүлүгү жок кылынган. 18-19-кылымда болгар улуттук искусствосу өнүгө баштаган. Ал доордо Риль монастырынын 3 корпусу (1816-19; Алекси Рилец), чиркөө, кербен сарайлар тургузулган. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы өкүлдөрү жергиликтүү көркөм мектептерден таасирленишип, икона тартышса, 19-кылымда диний сүрөт канондорунан бошоно башташкан. Белгилүү сүрөтчүсү Захарий Зограф замандаштарынын портретин тартып, реалдуу турмушту чагылдырган. Экинчи болгар падышачылыгы мезгилинде биротоло Византияга көз каранды эмес өз алдынча искусство калыптанат. Тырноводо (учурда Велико-Тырново) таштан падыша сарайы, көптөгөн храмдар, чиркөөлөр, «Баба Вида» (12-14-к; Видинда) капкасы салынган. Осмон түрктөрүнүн эзүүсүнөн бошонгондон (1878) кийин, искусствосуна, архитектурасына акырындап европалык көркөм сүрөт процесси кире баштаган. Өлкөнүн жаңы борбору Софиянын хан сарай, улуттук театр, Александр-Невскийдин храмэстелиги пайда болуп, аянттары жана парктары монументтер менен кооздолгон. Архитектурасында экллектизм, неоклассицизм, улуттук романтизм тенденциялары пайда болуп, функционализм өнүгөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин шаар куруу башталып, шаарлары реконструкцияланып, жаңы өнөр жайлуу шаарлар (Димитровград, Мадан жана башкалар) өсүп чыкты. 20-кылымдын 2-жарымынан искусство улуттук каада-салт жана жаңы тенденциялар менен коштолуп өнүгүүдө. 21-кылымдын көрүнүктүү живописчилери: Д. Казаков, И. Кирков, С. Русев, графикчилери: Р. Скорчев П. Чуклев, С. Стоилов, скульпторлор: Л. Далчев, В. Минеков, В. Старчев, Г. Чапкынов. Музыкасында улуттук музыка чоң роль ойнойт. 9-кылымдан чиркөө ырлары өнүгүп келген (Византиянын таасиринде). Ионна Кукузелянын аты менен чиркөө ыры өтө байланыштуу. 21-кылымдын башталышына чейин чиркөө-ыр мектеби сакталган. Учурдагы музыкасы 19-кылымдын 3-жарымынан өнүккөн. Алгач чет элдик музыканттардан (негизинен чехтер) таасирленишкен. 1880-ж. Софияда 1-өз алдынча оркестр (Гвардия) түзүлгөн. 1890-92-ж. опера труппаларын түзүүгө аракеттенишкени менен хор коллективдери пайда болгон. Улуттук композиторлор мектебин Э. Маналов (1-болгар «Кайырчы» операсынын автору), А. Букорештлиев, А. Морфов, П. Пипков, Н. Атанасов (1-болгар симфониясынын автору, 1912) негиздешкен. Д. Христов фольклор музыкасын негиздесе, Г. Атанасов операны («Гергана», «Ц вета») уюштурса, 1908-ж. труппа түзүлгөн. Болгар вокалдык мектеби дүйнөгө таанымал. Болгарияда опера театрлары (София улуттук, Стара-Загорадагы мамлекеттик, Пловдивде мамлекеттик), камералык опера (Благоевградда), опера театрлары (Бургас, Русе), музыкалык-драма театрлары (Велико-Тырново), Болгариянын радио жана телекөрсөтүүсүнүн симфониялык оркестри, С. Обретенов атындагы хор капелласы жана коллективдери иштейт. 1946-ж. болгар композиторлор, 1965-ж. болгар музыкалык ишмерлер союздары, 1921-ж. Болгария мамлекеттик музыкалык академиясы, 1948-ж. БИАнын астында музыка институту ачылган. Б. Христов атындагы жаш опера ырчылар, Г. Димитров атындагы май хор, «Алтын Орфей» эстрада ырчылар конкурстары, Варна жайы (1926), Руседеги март музыка күндөрү (1961), София музыкалык аптасы (жыл сайын, 1970) фестивалдары өткөрүлөт. Улуттук театр өнөрү 19-кылымдын ортосунан өнүгө баштаган. 1840-ж. улуттук мектептерде болгар тилинде драмалык диологдор коюлуп келген. 1856-ж. театрлаштырылган оюндар Ломе жана Шуменде көрсөтүлгөн. 1881-ж. алгачкы профессионалдык (Пловдивде), 1888-ж. «Основа» Болгар улуттук театры, 1892-ж. драма группалары (учурда «Иван Вазов» театры), Улуттук актёрлор мектеби жана драматургия түзүлгөн. 1897-1905-ж. көчүп жүрүүчү театрлар (Роза Попова жана башка) пайда болгон. Москва көркөм театрынын актёру Н. О. Массалитинов (Улуттук театрда 1925-61-ж. иштеп 1944-ж. чейин көркөм жетекчи, студия мектебин түзгөн), жазуучулар И. Йовков, С. Л. Костов, Р. Стояновдор менен бирдикте иштеп, болгария драматургиясынын өсүшүнө зор салым кошкон. 1945-ж. Софияда Улуттук жаштар театры, 1946-ж. коллективдүү куурчак театр, 1948-ж. мамлекеттик жогорку театр окуу жайы (учурда театр жана кино искусство улуттук академиясы), 1950-60-ж. бир нече театрлар («Болгар армиясы», «Апостол Карамитев», сатира театры жана башкалар) ачылган. Белгилүү актерлору: М. Дупаринова, А. Карамитева, И. Кондов, Т. Массалитинова, С. Славова жана башка «Сфумато» театр мектеби, «За каналом» шаардык кичи, «La Strada», «Ателье 313» театрлары (баары Софияда) иштейт. Режиссёрлору И. Добчев, М. Младенова, С. Камбарев, А. Морфов, С. Москов. Софияда, Пловдивде, Варна жана башка шаарларда театр фестивалдары өткөрүлөт. Алгачкы киносу эл алдында 1897-ж. эле көрсөтүлгөн. 1900-10-ж. даректүү картиналары жаралган. 1915-ж. театр актёру В. Гендов «Сыпайы болгарин» комедиясын тарткан. 1919-ж. «Лунафильм» АК, 1939-ж. 1-мамлекеттик кино ишканасы «Болгария иши» түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1950-ж. толук метраждуу фильмдер «Бүркүт Калин», «Тревога», «Сентябрь баатырлары», «Эзүү алдында» жана башка тартылган. 1972-ж. «Дөшү же балка» (СССР жана Германия менен бирдикте), 1979-ж. «Барьер» фильмдери Москвада өткөн кинофестивалда байгелүү орундарга жетишсе, «Сүйүү» фильми (1972) баш байгеге ээ болгон. 1990-ж. чет өлкөнүн жардамы менен И. Ничев («Иван жана Александра», «Бай Ганьо Европада жүрөт» жана башка), Л. Тодоров («Жүгүргөн иттер», «Бир шалпаң кулактын сүйүү жайы», «Эмилинин достору»), Дюлгеров («Кара чабалекей») кино жаратышкан. А. Кулев 2002-ж. «Госпожа Динозавр», К. Бонев «Кечээки тамакты ысытуу керек» (Македония менен бирдикте), 2003-ж. «Кудай бизди көрүш үчүн көктөн түштү» фильмдери (Франция менен бирдикте) тартылган. 1961-жылдан Варнада кинонун улуттук фестивалы, 1979-жылдан анимация киносунун эл аралык фестивалы жана башка өткөрүлөт. Софияда Улуттук кино борбор жана синематика иштейт. Байыртадан эле Болгарияда спорт мелдештери, ат үстүндө ойноо, оор нерсе көтөргөн, акробатиканы, аркан менен басканды, пантомима, куурчак оюндарын көрсөткөн труппалар болгон. Бул улуттук цирк өнөрүнүн пайда болушуна алып келди. 1886-ж. Софияга япон группасы келип, 1-жыгач циркти курган. 1910-ж. Панайотов цирк мектебин түзүп, анда Я. Георгиев, Е. жана А. Пырвановдор, П. жана Г. Пенчевдер, Т. Пиронков, А. Димитров билим алышып, кийинчерээк өз группаларын түзүшкөн. 1920-ж. Л. Добрич дүйнөлүк атакка «Өлүм трапециясы» номери менен жеткен. 1957-ж. цирктин туруктуу имараты курулуп, 1990-жылдан мамлекеттик цирк иштейт. Белгилүү цирк артисттери: клоун В. Козаров, жонглёр А. Божилов, гимнасттар Пановдор, акробаттар Пырвановдор, эквилибрист А. Балканский, иллюзианист X. Евстатнев. 1990-жылдан менчик цирк-шапито иштейт.




#Article 169: Германия (7083 words)


Германия (), Германия Федеративдик Республикасы (ГФР) — Борбордук Европадагы өлкөлөрдүн бири (). Түндүгүнөн Дания, түндүк-батышынан Нидерланд, батышынан Бельгия, Люксембург, Франция, түштүгүнөн Швейцария, түштүк-чыгышынан Австрия, чыгышынан Чехия, Польша менен чектешип, түндүгүнөн Түндүк жана Балтика деңиздери курчап турат. Аянты 357 021 миң км2. Калкы 80 219 695 млн. (2011). Мамлекеттик тили немис тили. Борбору - Берлин шаары. Административдик-аймактык жактан 16 жерди (административдик-аймактык бирдик) камтыган федерация (табл.).

Германия федеративдик мамлекет. Негизги мыйзамы (конституциясы) 1949-ж. 23-майда кабыл алынган. Ар бир аймак (Жер) өз конституциясына, парламентине жана өкмөтүнө ээ. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент (5 жылга атайын чакырылган Бундестаг жана Ландтагдардын (жергиликтүү. парламент мүчөлөрүнүн) бирдей санынан куралган Федералдык чогулуш тарабынан шайланат. 

Административдик округдарга бөлүнүшү:

Аткаруу бийлигин федералдык канцлер жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент (Бундестаг жана Бундесрат). Негизги саясий партиялары: Христиан-демократиялык союзу (ХДС), Христиан-социалдык союзу (ХСС), Эркин демократиялык партиясы, Германиянын социал-демократиялык партиясы (ГСДП), Жашылдар партиясы, Демократиялык-социал партиясы ж. б.

Германиянын аймагы кеңдик багытта созулуп жаткан 3 ири орографиялык объектиден турат, алар түндүк бөлүгүндөгү Түндүк Германия ойдуңу, борбордук бөлүгүндөгү Ортоңку Германия тоолору, түштүгүндөгү Альп тоолору жана Бавария бөксө тоосу. Германиянын аймагына Альп тоолорунун түндүк тармактары кирип турат. Анын батыш бөлүгүндө кумдук тоо тектеринен түзүлгөн жапыз кырка тоолор басымдуулук кылат. Бирок, Баварияда (Мюнхенден түштүктө) жайгашкан Акиташтуу Түндүк Альп тоолорунда Германиянын эң бийик жери — Цугшпитце чокусу (бийиктиги 2962 м) орун алган. Альп тоолорунан түндүктө тоонун талкаланды кум, чополуу тектерине толгон четки тектоникалык ийилүүдө түздүк (альп форланды) пайда болгон. Ал Альп тоолорунан түндүктү карай акырындап жантайып, Дунай өрөөнүнө кошулат. Түздүктө плейстоцендеги муз каптоодон калган кесек тоо тектер аяккы мореналар жапыз дөбө-дөңсөлүү жалдарды пайда кылган. Жалдар аралыгындагы ойдуңдарды саздар менен көлдөр ээлейт. Мореналардан түндүктө мөңгү суулары агызып келген шагыл-таштар Мюнхен түздүгүн жана дарыя тектирлерин пайда кылган.
Орто бийиктиктеги Орто Германия тоолору байыркы тоо тектерден түзүлүп, Альп тоолору көтөрүлө электе эле мында Европаны батыштан чыгышты кесип өткөн зор тоо системасынын бир бөлүгү болгон. Карбон мезгилинде алардын чет-жакаларында жана тоо аралык ойдуңдарында саздуу дельталар түзүлүп, Рур, Саар, Ахен көмүр бассейндери пайда болгон. Байыркы тoo массивин түзгөн чулу тоо тектер үбөлөнүүгө дуушарланган. Кийин ал массивдердин айрымдары көтөрүлүүгө дуушарланып, Рейн Сланецтүү тоолору, Шварцвальд, Гарц сыяктуу тоолор жаралган. Германиянын аймагына татаал түзүлүштөгү Чех Токоюнун бир аз бөлүгү да кирип турат. Анын түштүк-чыгышында Бавария Токою, түндүк-чыгышында Саксония Кендүү тоолору орун алган. Бул тоолордун жону плато сымал жайык, түздүктөрдөн тепкичтенип көтөрүлүп, бийиктиги 1000 м чейин жетет. Айрым чокулары, мисалы, Шварцвальд тоосундагы Фельдберг чокусу 1493 мге жетет. Кыр бөлүгү тик беттүү, токойлуу өрөөндөр менен терең тилмеленип, алар кээде too этектериндеги түздүктөргө чейин түшөт. Алардын ичинен эң өзгөчөлөнүп турганы Рейн грабени, ал Вогез жана Шварцвальд тоолорун 43 кесип өтөт. Рейндин тектирлерин жүзүмзар ээлейт. Чопо, кумдук, акиташ тектеринен түзүлгөн тоо аралык ойдуңдарында денудациянын таасиринен капталдары тик куэста жалдары пайда болгон. Эң ири Шваб Альб куэстасы Германиянын түштүгүндө Майн жана Неккар дарыяларынын алаптарында жайгашып, 1000 мден жогору көтөрүлөт. Түндүк Германия тоолорунун түндүк чет-жакасы боюнча кумдук, акиташ тектүү катмарлары чыгып, жал өрөөндөрдүн айкалышып жатышына шарт түзөт. Батышында бул ландшафтты Везер дарыясы кесип өтөт. Анын эң кууш жери Вестфалия Дарбазасында байыркы герман уруусунун башчысы Арминийдин статуясы орнотулган (ал б. з. 9-кылымнда римдиктердин 3 легионун талкалаган). Вестфалиянын (Рурдун көмүрлүү катмарларынын астында жаткан) жантайыңкы куэсталары менен Тюрингия бассейнинин куэста ландшафтынын окшоштугу байкалат. Айрым жерлерде альп тоо пайда болуу кыймылынын таасиринен жаралган терең ойдуңдарды деңиз жана көл алаптары ээлеп, алар чопо, кум, шагылташтарга толгон (мисалы, Жогорку Рейн, Кёльн ойдуңдары). Кёльндө күрөң көмүрдүн ири запасы бар. Ортоңку Германия тоолорундагы ургаалдуу жанар тоо процесстери жаракалардагы тектоникалык кыймылдарга байланыштуу болгон. Байыркы жанар тоолор (мисалы, Гессендеги Фогельсберг массиви, бийиктиги 774 м) эрозиядан өтө өзгөрүп кеткен, ал эми Айфел кратерлери жана күл конустары өзгөрүлбөй сакталып калган. Гермниянын аймагында алгачкы адамдар пайда болгондо бул жанар тоолор атылып турган. Байыркы жанар тоонун активдүүлүгүн мындагы көптөгөн минералдуу ысык булактар айгинелеп турат. Ортоңку Германия тоолорундагы ландшафттын өзгөчө тиби аны түзгөн тоо тектердин жана рельефтин формаларынын ар түрдүүлүгү менен байланыштуу. Ыңгайлуу өрөөндөрдө жыгач үйлөрү басымдуулук кылган кыштактар, чептер менен курчалган соода шаарлары жайгашкан. Тоо капталдарындагы бак-дарактар, жүзүмзарлар улам жогорулаган сайын тик беттерде чер токойлор менен алмашат; алардын арасында эски сепилдердин чалдыбарлары кездешет. Түндүк Германия ойдуңу өлкөнүн түндүк бөлүгүн бүт ээлейт; жазылыгы батыш бөлүгүндө 150 кмдей, батышты карай акырындап кеңейет. Бавариянын тoo этектериндеги түздүктөрүндөгүдөй эле мында да негизинен борпоң тектер шагыл-таш, кум, чопо кеңири таралып, арасында күрөң көмүрлүү катмарлары кездешет. Рельефинин формасы негизинен плейстоцендеги үч жолку муз каптоодон калыптанган эң кеңири таралган формалар: аяккы мореналардан пайда болгон жал, дөбө-дөңсөөлөр, морена түздүктөрү, көптөгөн булуңдар (фьёрддор), лагуналар (бодден), кумдуу жерлер (гесттер), ваттар, марштар. Өсүмдүк тамырлары менен бекемделген морена субстраты шамал эрозиясына дефляцияга дуушарланып, кум дөбөлөрүн дюналарды пайда кылат.

Мелүүн деңиздик климат өкүм сүрөт. Жалпысынан атмосферанын батыш циркуляциясы үстөмдүк кылат; түндүктөн муздак, түштүктөн жылуу аба согот. Кышында Түндүк Атлантиканын суусу кургактыкка караганда жылуу болгондуктан, Европага жылуу аба согуп турат. Абанын төмөнкү температурасы Сибирдин муздак аба массасынан келген антициклонго байланыштуу. Бул мезгилде Түндүк Германия ойдуңунда абанын температурасы 12°Сге чейин, кышында чыгышты карай төмөндөйт; январдын орточо 0°С изотермасы Любек Бонн сызыгы боюнча өтөт. Түштүктө температура бийиктикке байланыштуу төмөндөйт. Кар катмары түндүктө 20-25 күн, Түштүк Баварияда 40 күндөн ашык, Альп тоолорунда жана Шварцвальда 100 күндөн ашык жатат. Жайында тескерисинче, абанын температурасы түштүктү карай көтөрүлүп, эң жогорку температура Жогорку Рейн ойдуңунда катталган, анда июлдун орточо темпрасы 19°С. Түндүк Германия ойдуңунда жайкы температура чыгышты жана түштүк-чыгышты карай көтөрүлөт. Июлдун орточо температурасы Берлинде 18,5°С. Жылдык жаан-чачындын орточо өлчөмү Түндүк Германия ойдуңунда, Түндүк деңиз жээгинде 750 ммге жетип, чыгышты карай акырындап азаят. Түздүктөрдөн түштүктү карай рельефтин тоо-өрөөндүүлүгүнө жараша жаан-чачындын таралышы татаалдашат: тоолордо 1000 ммден ашык, кээде 2000 ммге чейин жаайт, ал эми айрым туюк ойдуңдарда 500 ммден ашпайт. Ошондой эле Ортоңку Германиянын жаан-чачындан ыктоо жаткан түндүк тилкесинде да аз түшөт. Германиянын дээрлик бардык жеринде жаан-чачындын максимуму жайга туура келет; жумшак климаттуу түндүк-батыш жээк бөлүгүндө гана жаан-чачындын басымдуу бөлүгү кышында жаайт. Топурак кыртышынын ар түрдүүлүгү негизинен түпкү тектерге жана кумдуктарга байланыштуу. Түндүк Германия ойдуңунун кумдуу субстраты, айрыкча вереск бадалдарынын жана кызылкарагайлуу токойдун астындагы өтө жуулма, кычкыл, күрсүз топурактары а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайсыз. Кычкыл саз топурактарынын ири ареалдары кездешет. Жээктердеги марш кыртышы мелиорациядан кийин күрдүү топуракка айланат. Ортоңку Германия тоо массивдеринин түпкү тектери серүүн нымдуу климаттуу шартта узак убакыт бою үбөлөнүүгө дуушарланып, токойдун жуулма кычкыл коңур топурагы пайда болгон. Алар жайыт же токой өстүрүү үчүн пайдаланылат. Эң күрдүү топурактар ойдуңдарда жана дарыя тектирлеринде, айрыкча лёсстуу жерлерде таралган кара топурак; ал Гарцтан чыгышта жана Тюрингия бассейнинде кездешип, бара-бара токойдун коңур топурагына өтөт. Мурда бул аймактар жазы жалбырактуу токой менен капталган; азыр алардын жарымына жакыны кыйылып, айдоо жерлерге айландырылган. Коңур топурактар (бурозём) тобуна кирген кыртыш Шлезвиг-Гольштейндин чыгышындагы морена түздүктөрүндө, Бавариянын тоо этектеги түздүктөрүндө таралган. Альп тоолорунун топурактары бийиктик алкатуулукка жана капталдардын тиктигине жараша өзгөрөт. Алар жука катмарлуу таштак топурактар. Германиянын калк жыш отурукташып, токою кыйылып, же бак-дарактар отургузулган жерлеринде табигый өсүмдүктөр дээрлик калган эмес. Өлкөнүн түндүгүндөгү жазы жалбырактуу эмен, кайың токойлору, жүздөгөн жылдар бою жайыт катары пайдаланылган вереск бадалдары курчаган аймактар айдоо жерлердин ареалына айландырылган. Азыр вересктер коруктарда гана калган. Күрсүз топурактуу жерлерге бак-дарак, айрыкча кызылкарагайдын тез жетилүүчү түрлөрү отургузулат. Ортоңку Германиянын жапыз тоолору кооз бук токою менен капталып, отургузулган карагай токоюнун ири массивдери менен айкалышып өсөт. Кумдак жерлерде кызыл карагайлуу массивдер бар. Ортоңку Германиянын бийик тоолорунда жана Альп тоолорунда бук токою бийиктеген сайын бук-көк карагайлуу, андан жогору карагайлуу токой менен алмашат. Эң бийик тоо массивдеринде, ошондой эле Альп тоолорунда 2200-2800 м бийиктиктен жогору чөп өсүмдүктөрү, эңилчектер жана мамык чөптөр өсөт. Гүл өсүмдүктөр өтө көп. Германиянын табиятты коргоо боюнча эзелтен эле өзгөчө салттары болгон; мамлекеттик жана жамааттык ири токой аянттарында аңчылык жана токой кыюу жөнгө салынган. Өлкөдө миңдеген коруктар, Батыш Германияда андан сырткары түрдүү ландшафттык аймактарда айрым улуттук парктар, анын ичинде Бавария Токоюна, Берхтесгаден Альп тоолорунда, Түндүк деңиздин ваттуу жээктеринде уюшулган. Кийинки мезгилде кислоталуу жамгырдан токой өтө жабыркап, Батыш Германияда атмосферага зыяндуу заттарды чыгарууну чектеген чаралар көрүлгөн. Мисалы, азыркы жылуулук станциялардын бардыгы чаң, күкүрт диоксидин жана азот оксиди таштандыларын чыгарбоо боюнча чараларды көрүп, автомобилдердин бардыгы алардан чыккан газдардагы зыяндуу заттарды тосуучу атайын курулмалар менен жабдылган. Мурдагы Германия Демократия Республикасысында (ГДР) жана ага чектеш Чехословакияда күрөңкөмүр көп жагылып, атмененын өнөр-жайлык булгануусун чектөө чаралар көрүлгөн эмес. Натыйжада токой, айрыкча ал өлкөлөрдүн чегарасындагы аймактарда өтө жапа чеккен. ГДР менен ГФР кошулгандан кийин күрөң көмүр шахталары жабылып, чыгыш германиялык маркадагы автомобилдерди чыгаруу токтотулган. Азыр Германияда атмосферага кетүүчү уулуу заттарды азайтуу жана көлмөлөрдү, агын сууларды тазалоо боюнча өтө кымбат экологиялык программаларды ишке ашыруу чаралары көрүлүүдө. Өлкөнүн аймагынын 31,7% коргоого алынган; мындай табигый аймактын саны 7,6 миңден ашык. Алар 14 биосфералык резерват (жалпы аянты 1559 миң га), эл аралык маанидеги 31 суулуу-саздак жер (829 миң га), 15 улуттук парк (130 миң га), 87 табият паркы, табиятты коргоочу миңдеген облустар (заказник режиминде), табият эстеликтери. Эоцендин флорасынын жана фаунасынын жералдынан табылган калдыктары бар жерлер, Мускер ландшафттык парк Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген.

Германиянын эң ири дарыясы – Рейн; анын куймаларынын көбү Альп тоолорунан башталып, Рейн Сланецтүү тоолорун кесип өтүп, Түндүк Германия түздүгү аркылуу Түндүк деңизине куят. Жайдын башталышында тоодогу кардын эришинен суусу кирет. Рейндин Түндүк Германия тоолорунан башталган куймаларынын режими башкача болуп, агымынын максимуму буулануу эң төмөн болгон кыш мезгилине туура келет. Бул эки режимдин айкалышынан Рейндин суусу дайыма мол жана агымы туруктуу болуп, кеме каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт. Германиянын башка дарыяларынын көбү Ортоңку Германия тоолорунан башталат. Алар негизинен Рейндин куймалары, ошондой эле Везер жана Эльба дарыялары (Түндүк деңизге куят). Одер жана анын негизги куймасы Нейсе. Өлкөнүн түштүгүнөн Шварцвальддан Дунай башталып, чыгышты карай агат. Анын суу режими Альп тоолорунан башталган оң куймаларынын таасиринен түзүлөт. Жайкы ташкын жана кышкы межень навигацияга терс таасирин тийгизет.

Калкынын 92 %ин немистер түзөт. Калгандары цыгандар, даниялыктар, лужицалык сербдер, фриздер, голландиялыктар улуттук азчылык статусуна ээ. Чет өлкөдөн келген калктын саны 6, 75, млн болуп, анын 1, 749 млну түрктөр .Мындан тышкары Европадан жана АКШдан келгендер (италяндар, сербдер, герман-швейцариялыктар, поляктар, орустар, гректер, испандар, хорваттар, ж. б. улуттар түзөт). Калкынын саны 1939-ж. 69,3 млнду, согуштан кийин 43 млнду, 2006-ж. 82,5 млнду түзгөн. 2008-жылга карата 1000 адамдан 8 бала төрөлсө, 10 киши өлгөн. Калкынын жылдык көбөйүшү ошол эле 2008-ж. 0,2 % көрсөткөн. Ал эми иммигранттарда төрөлүү жалпы өлкөнүн орточо көрсөткүчүнөн кыйла жогору. Өлкөдөгү демографиялык проблемалардын бири калктын картайуусу: улгайган курактагылар (65 жаштан жогору) 18,9%ти (европалык орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору), 14 жашка чейинки өспүрүмдөр 14,4%ти, эмгек курагындагылар (15тен 64 жашка чейинкилер) 66,7%ти түзөт. Орто эсеп менен 100 аялга 96 эркек туура келет. Өмүрдүн орточо узактыгы 78,8 жаш (эркектердики 75,8, аялдардыкы 82,0 жаш, аялдардын жашынын орточо узактыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт). Калкынын орточо жыштыгы боюнча (1 км2 жерге 229 адам) Еропада 4-орунда (Нидерланд, Бельгия, Улуу Британиядан кийин). Шаар калкы 87% (Европада алдыңкы орундардын бири). Ири шаарлары: Берлин Гамбург, Мюнхен. Германиянын, ошондой эле бүт Батыш Европанын калкы негизинен Рейнди бойлой жайгашкан.

Археологиялык маалыматтар боюнча Германиянын аймагында адам төмөнкү палеолитте, б. з. ч. 500-300 миң жыл мурун жашаган. Гейдельберг адамы (Мауэрде), неандерталдыктын (Неандерталь) калдыктары табылган. Б. з. ч. 3-2 миң жылдыкта Германияны жердеген уруулар мал чарбачылык жана жер иштетүүчүлүк менен кесиптенишкен. Германиянын аймагынын басымдуу бөлүгүн ээлеген байыркы герман уруулары б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягында Рим мамлекетинин кол салууларына дуушарланган. Тарыхый маалыматтарда герман уруулары тууралуу алгач Тациттин эмгегинде эскерилет (б. з. 98-ж.). Римдин Рейн дарыясынан чыгыш аймактарды каратып алууга жасаган бир нече жолку аракеттери ийгиликсиз аяктаган. 4-6-кылымда көптөгөн уруулардын жер которуусу жана алардын жергиликтүү уруулар менен өз ара аралашуусунун натыйжасында германдардын жаңы уруулук бирикмелери пайда болгон. Элдердин Улуу көчүүсү доорунда Германияда (Рейн, Эльба дарыясы менен Альпынын аралыгында) алеман, бавар, тюринг, сакс, фриз ж. б. уруулар отурукташкан. 6-8-кылымда бул уруу союздарын франктар багындырып, Франк мамлекетинин курамына кошкон, ушул эле мезгилде герман урууларынын арасында христиан дини таркай баштаган. Франк мамлекети кулаганда (843-ж., Верден келишими) герман уруулары жашаган аймак өзүнчө бөлүнүп, Германия Чыгыш-Франк королдугунун (Людовик Немецкийге тийген) курамына кирген. Анын негизинде 10-кылымда өз алдынча Германия королдугу түзүлгөн. 962-ж. германдар Түндүк жана Орто Италияны каратып, Оттон I Рим папасынан император титулун алып, Ыйык Рим империясы түзүлгөн; ал 1806-жылга чейин өкүм сүргөн. 10-15-кылымдарда славяндар жана Балтика боюндагы элдер мекендеген бир топ аймактар каратылган. 11-кылымдын аяк ченинен Германияда феодалдык мамилелер өөрчүп, шаарлар дүркүрөп өсө баштайт. Кээ бир шаарлар (Кёльн, Аугсбург, Майнц ж. б.) мурдагы рим сепилдеринен өсүп чыкса, кээ бирлери соода жана колөнөрчүлүк кыштактары катары пайда болгон. 11-кылымдын орто ченинде айрым феодалдар өз алдынча болууга умтулат. Ага немец феодалдарынын Чыгышка экспансиясы белгилүү даражада жардам берген. 12-кылымда Фридрих I Барбароссанын бир нече ийгиликтүү жортуулдарынын натыйжасында Ыйык Рим империясынын аймагы кеңейген. 13-кылымдан баштап ири княздар көз карандысыз боло баштайт. Алардын өтө кубаттуулары (курфюрсттар) иш жүзүндө жалпы мамлекеттик маанилүү иштерди чечишип, королду (императорду) шайлоого укуктуу болушкан. 16-кылымдын баш ченинде Германияда католик чиркөөсүнө каршы коомдук кыймыл – Реформация башталган. Бул мезгилде Дыйкандар согушу (1524-26) чыгып, Түштүк-батыш жана Борбордук Германияга жайылган. Княздар Реформацияны өз мүдөөсүнө пайдаланып, чиркөө жерлери менен чиркөөнү бүт бойдон баш ийдиришкен. 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында соода жолдорунун Жер ортолук деңизден Атлантикага которулуусу Германиянын экономикасына терс таасирин тийгизген. 1618-48-жылдардагы Отуз жылдык согуш Германиянын абалын андан ары начарлатат. Вестфалия тынчтыгы (1648) Германиянын бытыранды болушун юридикалык жактан бекемдеген. Анын аймагы 300гө жакын княздыкка бөлүнөт. 17-18-кылымда эли немец тилинде сүйлөгөн эки ири мамлекет Австрия менен Пруссия күч ала баштайт. Революциядан чочулаган немец феодалдары менен княздары биргелешип, революциячыл Францияга каршы чыгат. 1792-ж. апрелде Австрия Франция согушунун башталышы Австрия менен Пруссия биригүүсүнө алып келет. Бирок француз армиясы алардын күчүн талкалап, 1795-ж. Пруссия Франция менен сепараттык тынчтыкка кол коёт. 1803-04-жылдары Наполеон Iнин аракети менен Германиядагы майда мамлекеттер жоюлат да, ири княздыктар (Австрия менен Пруссияга каршы пайдалануу үчүн) түзүлөт. 1806-ж. Пруссия Франция менен кайра согушуп, дагы жеңилет. Ушул жылы Наполеондун протектораттыгы менен Рейн союзу (16 немец мамлекети кирген) түзүлөт. Наполеондун бийлиги кулагандан кийин, Вена конгрессинин (1814-15) чечими менен Австрия башчылык кылган Герман союзу (ага 39 немец мамлекети кирген) түзүлүп, анда Австрия башчылык кылган. Германияда 1848-49-жылдары буржуазиялык-демократиялык революция болуп өтөт. Бул революция өлкөнү бириктирүү максатын көздөгөн. Революциянын жеңилиши Германиянын «жогортон» зордук менен биригишин шарттайт. 1862-ж. помераниялык юнкерлердин бүлөсүнөн чыккан Отто фон Бисмарк канцлердикке дайындалып, Германияны «темир жана кан менен» (башкача айтканда курал колдонуп, кан төгүү менен; немецче «Blut und Eisen)» бириктирүү жолуна түшөт. Пруссиянын Дания (1864), Австрия (1866), Франция (1870-71) менен согуштары Германияны бириктирүүгө алып келет. 1871-ж. Германия империясы түзүлүп, Пруссиянын королу Вильгельм I император деп жарыяланган. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Германия экономикалык жактан тез өнүгүп, Европада биринчи орунга чыгып, Африкадагы бир нече өлкөлөрдү колониялап алат. Герман империализми башка империалисттик державалар бөлүп алган жер шарын кайра бөлүштүрүүгө умтулуп, анын агрессиячыл саясаты 1-дүйнөлүк согушка (1914-18) алып келген. Бул согушта Германия жана анын союздаштары (Үчтүктөр союзу) жеңилүүгө учурап, Версаль тынчтык келишиминин (1919) шарттары боюнча колонияларынан жана аймагынын бир бөлүгүнөн ажыраган. 1918-ж. ноябрда Германиядагы революциянын жыйынтыгында монархия кулатылып, 1919-ж. 31-июлда Веймар республикасынын түзүлүшү жарыяланган. Версаль тынчтык келишиминин оор шарттары, 1929-33-жылдагы дүйнөлүк кризистер Германиянын экономикалык абалын начарлаткан. 1933-ж. Германияда Гитлер фашисттик диктатураны орнотуп, милитаристтик саясатты баштаган. 1936-ж. Германия Япония менен «Антикоминтерндик пактыны» түзүүгө демилгечи болгон, 1937-ж. ага Италия кошулган. 1936-39-жылдары гитлердик Германия жана фашисттик Италия республикасы Испанияга каршы интервенция жасаган. 30-жылдары Германия коңшу мамлекеттерге каршы багытталган агрессия жолуна түшкөн. 1938-ж. мартта Австрияны (аншлюс), 1938-39-жылдары Чехословакияны басып алган. Гитлердик Германия 1939-ж. 1-сентябрда Польшага кол салып, 2-дүйнөлүк согуш башталган. 1940-ж. гитлерчилер Дания, Норвегия, Люксембург, Бельгия, Голландияны басып алып, Францияны багындырган. Алар 1941-жылдын башында Грекия менен Югославияны караткан. Ал эми 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салган. 1945-ж. 8-майда фашисттик Германия антигитлердик коалицияга кирген мамлекеттерге багынып берди. Натыйжада өлкө 4 зонага (советтик, америкалык, англиялык, франциялык) бөлүндү. Потсдам конференциясында (1945) 4 держава Германияда демилитаризациялоо, денацификация жана демократиялаштыруу жүргүзүүгө милдеттенишкен. 1946-ж. 2-декабрда АКШ менен Улуу Британия өздөрү оккупациялап турган зоналарын бириктирүү («Бизония») келишимине кол коюлуп, 1948-ж. Батыштагы державалар өз зоналарын бириктирүү жана батыш Германияда сепараттык мамлекет түзүү чечимин кабыл алышты. 1949-ж. өлкө эки бөлүккө бөлүнүп, батышта Германия Федерация Республикасы (ГФР, борбору Бонн шаары) жана чыгышта 1949-ж. 7-октябрда советтик аскерлер турган аймакта Германия Демократия Республикасы (ГДР, борбору Берлин шаары) түзүлгөн. Эки герман мамлекети бири-бирине каршы аскердик-саясий союздарга кирген жана эки башка өнүгүү жолуна түшкөн. АКШнын колдоосу менен ГФРдин экономикасы тез өнүккөн. 1949-63-жылдары ГФРдин тарыхында «Аденауэр доору» аталды. Бул мезгилде ГФР бир топ экономикалык ийгиликтерге жетишти. Германия алдыңкы өлкөлөрдүн катарына чыкты. В. Брандт (1969-74) жана Г. Коль (1982-99) жетектеген мезгилде ГФР Батыш Европа мамлекеттери менен саясий жана экономикалык интеграциялануу процессин жүзөгө ашырды. Ал эми социалисттик өнүгүү жолун тандаган ГДР коңшу мамлекеттен өнүгүү деңгээли боюнча бир топ артта калган. Анын жарандары ГФРге массалык түрдө өтө баштаган. 1961-ж. эки герман мамлекеттин ортосуна тосмо Берлин дубалы орнотулган.

Германия өнүккөн индустриялуу өлкө. Ички Дүң прдукциясынын (ИДП) көлөмү боюнча (2009-ж. 2 триллион 811 миллиард доллар) менен дүйнөдө 5чи (АКШ, Кытай, Япония, Индиядан кийин), Европада 1-орунда, аны киши башына бөлүштүргөндө (40 миң доллар чамасында) дүйнөдө 18-, Европада 13-орунду ээлеген. Саны боюнча кичи жана орто бизнестеги ишканалар басымдуулук кылып, анда ИДПнин 49% өндүрүлөт. Ал эми ИДПнын 51% өлкөгө жана чет элдик капиталга таандык ири компаниялар түзөт (2003). Өнөр-жайында жана курулушта Германиянын ИДПсинин 28,6%и түзүлөт. Германия индустриясы сатуу наркы (550 млрд доллар чамасында; 2004) боюнча дүйнөдө 3-орунду (АКШ, Япониядан кийин) ээлейт. Өнөр-жай өндүрүшүнүн структурасында иштеп чыгаруу индустриясынын тармактары үстөмдүк кылат. Башкы өнөр-жай тармактары машина куруу (айрыкча жалпы жана транспорттук, электротехникалык жана электроника өнөр-жайы, так механика жана оптика) жана химия (фармацевтика, резина-техникалык кошо); эски тармактардан тамак-аш (анын ичинде суусундук, тамеки ж. б.), целлюлоза-кагаз жана жыгач иштетүү, полиграфия өнөр-жайлары өзгөчөлөнөт. Өлкөнүн отун-энергетикалык структурасында нефть жана нефть продуктусу 39%ти, көмүр (таш жана күрөң көмүр) 25%ти, табигый газ 22%ти, ядро энергиясы 12%ти, гидроэнергия ж. б. калыбына келүүчү энергия (негизинен шамал энергиясы) 2% ти түзөт. Көптөгөн батыш өлкөлөрдөй эле Германияда импорттук энергияга өтө көз каранды. Энергияга болгон муктаждыктын 57, 5 %ин импорт камсыз кылат (2005). Өзүнөн нефть аз (жылдык өлчөмү 5 млн т ) казылып алынат. Газ казып алуу боюнча Европада Россия, Улуу Британия, Норвегия, Нидерланддан кийинки 5-орунду ээлейт; экономикасынын газга болгон муктаждыгынын 1/5 бөлүгүн гана камсыз кылат. Табигый газды негизинен Россиядан, Норвегиядан, Нидерланддан, Польшадан, ошондой эле Түндүк деңиздин британиялык жана даниялык секторлорунан алат. Газ жана нефть кендери Түндүк Германия ойдуңунда, Альп өндүрүндө жайгашкан. Германия 2005-ж. 112,2 млн т нефть сырттан сатып алган, анын 29% Россияга, 18% Норвегияга, 13% Улуу Британияга, 33% (Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмуна (ОПЕК) мүчө мамлекеттерге (анын ичинде 11% Ливияга) таандык. Таш көмүр өнөр-жайы мурда өлкөнүн экономикасында өтө маанилүү болсо, 1950-жылдардын ортосунан ал кризистик абалда. Көмүр казып алуу жылдан жылга төмөндөөдө (1955-ж. 72 млн т казып алынса, 2005-ж 25 млн ога гана жеткен). Көмүрдүн 93% Европадагы эң ири Рур (Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде), 7% Саар көмүр бассейндеринен казып алынат. Рур көмүр кенинин базасында континенттик Европадагы ири металлургия, машина куруу, электр-энергетика, химия индустриясы түзүлгөн, «RAG AG» компаниясы Рур бассейнинде өндүрүлгөн көмүрдүн 95%ин көзөмөлдөйт. Мурда ташкөмүрдү экспорттоочу өлкө азыр көмүрдү сырттан (Польша, Tүштүк Aфрика Республикасы, Австралия, АКШ, Колумбиядан, ошондой эле Россия, Кытайдан) сатып алууда (2005-ж. 37 млн т). Германиядагы күрөң көмүрдүн запасы болжол менен 43 млрд т деп болжолдонот. Ал негизинен электр-энергетика жана химия өнөр-жайларында пайдаланылат. Күрөң көмүрдүн негизги кендери Төмөнкү Рейн, Ортоңку Германия, Төмөнкү Лауз бассейндеринде. Кен ачык жол менен казылып алынат. Өлкөдө нефтини кайра иштеп чыгаруучу ондон ашык заводу бар; алардын кубаттуулугу боюнча (2005-ж. 125 млн т чийки нефтини иштеп чыгарган) Германия Европада 3(Россия, Италиядан кийин), дүйнөдө 7-орунду ээлейт. Мурда «Достук» кууру аркылуу ГДРди СССР нефть менен камсыз кылып турган. Нефтини кайра иштетүүнүн негизги борборлору: Гамбург, Ингольштадт, Карлсруэ, Гельзенкирхен жана Кёльндин чет-жакалары. 2013-жылга карата электр-энергиясынын пайдалануу 325,0 млн нефти эквивалентине барабар болуп, анын 34,5 %тин нефти, 25,0 %ин таш көмүр, 23,2 %ин жаартылыш газы, 6,8 %ин ядролук энергия, 1,4 %ин суу, калган 9,1 %ин ж. б. энергиялар түзгөн. АЭСтен электр энергия өндүрүү боюнча Германия дүйнөдө 4-орунду (АКШ, Франция, Япониядан кийин) ээлейт. Батыш жерлеринде 14 АЭС (кубаттуулугу 21 миң МВтдан ашкан 19 генератор) иштейт. Ядро отунун алуу үчүн Германия сырттан уран рудаларын (негизинен Канада, Австралия, Нигерден), уран концентратынын чала продуктусун (урандын гексафторидин Канададан, Франциядан, Улуу Британиядан) алат. Германиянын гидроэнергия ресурстары чамалуу гана, ыңгайлуулары пайдаланылууда. Эң ири ГЭС «Witzan», анын кубаттуулугу 200 МВт. ГЭСтери негизинен Альп тоолорундагы жана анын өндүрүндөгү дарыяларга курулган. Германия энергиянын альтернативалык булактарын пайдалануу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Түндүк деңиздин жээгинде Европадагы эң ири шамал электр курулмалар паркы бар; алардын кубаттуулугу боюнча (15 миң МВт; 2003) Германия дүйнөдө 1-орунду ээлейт.

Кара металлургия. Германия индустриясынын эски тармактарынын бири. Ал Рур, Саар бассейндериндеги коксталуучу көмүрдүн жана Лотарингия темир кен-ташынын базасында өнүккөн. 21-кылымдын башталышынан бул тармак импорттук сырьёлорду пайдаланууга өттү. Германия темирди негизинен Бразилия, Австралия, Либерия, Венесуэла, Канада, Кытайдан, өлкөнүн түндүгүндөгү заводдору Швециядан алат. Ошондой эле металл сыныктары да кеңири пайдаланылат. Чоюн (2004-ж. 29,4 млн т өндүрүлгөн; дээрлик өлкөнүн ички муктаждыгы үчүн пайдаланылат) жана болот (46,4 млн т) өндүрүү боюнча Германия Европада 2-, дүйнөдө 6-орунду (Кытай, Япония, АКШ, Россия, Түштүк Кореядан кийин) ээлейт. Өнөр-жай ишканаларынын көбү (болот эритүүнүн 70%ке жакыны) Рур индустриялуу районунда жайгашкан. Металлургиянын ири борборлору: Дуйсбург (толук циклде иштеген 3 комбинаты бар), Дортмунд, Бремен, Зальцгиттер, Оснабрюк, Чыгыш Германияда Айзенхюттенштадт. Германия болот экспорттоочу башкы мамлекет – ал дээрлик прокат жана труба түрүндө сыртка сатылат; ошол эле убакта кара металлургиянын продукциясынын көп түрү сырттан сатылып алынат. Түстүү металлургиясынан (негизинен сырттан алынган сырьё менен иштеген) алюминий өнөр-жайы өзгөчөлөнүп турат. Алгачкы алюминийди өндүрүү (2003-ж. 0,5 млн т чамасында) боюнча Батыш Европада Норвегиядан кийин 2-, дүйнөдө 8-орунду ээлейт. Ири ишканалары Рейн-Вестфалия районунда (өндүрүшүнүн 1/2 нен ашыгы); негизги борборлору: Эссен, Нойс, Ферде. Ошондой эле жез, коргошун (Батыш Европада 1-орунда), цинк өндүрүлөт.

Машина куруу – индустриянын негизги тармагы; ал металл иштетүү менен кошо өнөр-жай продукциясынын дээрлик 1/2 бөлүгүн берет. Сатуу көлөмү боюнча дүйнөдө АКШ, Япониядан кийинки 3-орунду ээлеп, өлкөнүн товардык экспортунун 1/2 бөлүгүнөн ашыгын камсыз кылат. Машина куруунун ири тармагы жалпы машина куруу (өнөр-жайында иштегендердин 15%; сатуу көлөмүнүн 11%ке жакыны). Бул тармакта негизинен чакан сериялуу өндүрүштү кесиптенген 4,5 миң фирма иштейт. Германия станок чыгаруу боюнча дүйнөдө 2-орунда туруп, анын 50%тен ашыгын сыртка сатат; алардын ичинен дүйнөлүк рынокто аспаптык жана текстиль станоктору, жыгач иштетүү жабдуулары, пластмасса өндүрүштөрү өтө жогору бааланат. Оор машина куруу өнөр-жайы оор машиналарды, крандарды, тоо-шахта жана энергетика жабдууларын, оор электр-техникасын, ошондой эле металлургия заводдору үчүн жабдууларды чыгарат. Ишканаларынын көбү Рур индустриялуу районунда.

Автомобиль өнөр-жайы – эл аралык германиялык машина курууга адистешкен негизги тармактардын бири. Жалпы автомобиль чыгаруу боюнча дүйнөдө (2014-ж. 5 908 миң, дүйнөлүк автомобилдин 30%) үчүнчү (АКШ, Япониядан кийин), жеңил автомобилдерди чыгаруу боюнча (5192 миң, 32%) Япониядан кийинки 2-орунду ээлейт. Ошондой эле 175 миң жүк ташуучу жеңил, 194 миң оор жүк ташуучу машина, 10 миң автобус чыгарат. Германиядан чыккан белгилүү жеңил автомобилдер: Volkswagen, BMW, Opel, Audi, Porshe, Mersedes - Benz. Машина куруу комбинаттарында кубаттуу локомотивдер менен кошо атайын максаттагы автомобилдер, дизель, машина куруу продукцияларын, брондолгон танк техникасын (НАТО үчүн «Леопард» танкасын) ж. б. чыгарат.

Авиация жана ракета-космостук өнөр-жайы граждандык жана аскердик самолётторду, вертолёт, ошондой эле ракета жана спутник, радар системаларын, авиация жана ракета кыймылдаткычтарын чыгарат. Кеме чыгаруу боюнча Түштүк Корея, Япония жана Кытайдан кыйла кийинки, ал эми Европада алдыңкы, орунду ээлейт (21-кылымдын башталышында жылына 0,8 млн рег-брутто т). Анын 60% экспортко чыгарылат. Электр-техникалык, электрондук жана прибор куруу өнөр-жайы, ошондой эле кеңсе машиналарын куруу, офис жабдууларын чыгаруучу тармактары тез темп менен өнүгүүдө. Германия электртехникалык жана электрондук жабдууларды экспортоочу негизги өлкөлөрдүн бири; анда робот-техникаларды, АЭС үчүн реакторлорду да чыгарат. Германия электрондук өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү жана өнүгүү деңгээли боюнча Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунду ээлейт, бирок АКШ менен Япониядан кыйла артта.

Химия өнөр-жайы (фармацевтика жана радиотехникалык кошо) Германиянын чарбалык адистешүүсүнүн маанилүү тармагы болуп саналат. Өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча Германия Европада 1-, дүйнөдө 3-орунду ээлейт; химикаттарды экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Токой жана жыгач иштетүү өнөр-жайы, курулуш материалдар жана айнек-карапа өндүрүү да өнүгүүдө. Жеңил өнөр-жайынын дүйнөлүк рыноктогу эрегиштиги өтө курч (кездеме, килем, трикотаж, спорттук кийимдер, булгаары бут кийим ж. б.). Полиграфия өнөр-жайы өнүккөн. Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен Германия пивосу жана тамеки продукциясы боюнча өзгөчөлөнөт. Пиво өндүрүшүнүн көлөмү боюнча (2004-ж. 108,3 млн, 4000ден ашык сорту бар) Германия Европада 1, дүйнөдө 3-орунду (Кытай, АКШдан кийин) ээлейт; 2 миңден ашык пиво заводу иштейт. Пиво өндүрүшүнүн 1/4 Бавариядан, 1/5 Түндүк Рейн-Вестифалияда. Шарап чыгаруу боюнча дүйнөдө 6-8-орундарды ээлейт. Эт өндүрүү өнөр-жайында (колбасанын түрлөрү ж. б.) чочко этин иштетүү (Европа шериктештигинде 1-орунда) өзгөчөлөнөт. Ошондой эле жууган май, маргарин, быштак, балык продуктуларын, консерва ж. б. продукцияларды да чыгарат. Шоколад чыгаруу боюнча Германия Швейцария, Нидерланд менен кошо Европада үч алдыңкы орунду ээлейт.

Айыл чарба өндүрүшүнө (токой жана балык чарбалары кошо) ИДПнин 1,1% жана иштегендердин 2,8% туура келет (2004). Агрардык сектордо иштегендердин жана дыйкан чарбаларынын саны жылдан жылга кыскарууда. Германиянын айыл- чарба өтө ургаалдуулугу менен өзгөчөлөнөт. Айыл-чарба продукциясын өндүрүүчү дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн ичине кирет (дүйнөлүк көлөмдүн 2,3%); Европада Франция, Италиядан кийин 3-орунда жана азык-түлүктүн көлөмү боюнча (2,0% , Франциядан кийин) 2-орунда. Агрардык продукциянын дүйнөлүк соодасында Германия алдыңкы орундардын бирин (экспорт боюнча АКШ, Франциядан, импорт боюнча АКШдан кийин) ээлейт. Германия азык-түлүккө болгон муктаждыктын 90%ин өзү камсыз кылат, ал эми жетишпеген айыл-чарба продукциясын (негизинен тропиктик жана субтропиктик мөмө-жемиштерди, жашылчанын айрым түрлөрүн, чай, кофе, какао ж. б.) импорттон толуктайт. Айыл-чарбага жарактуу жери (17,0 млн га; 2003) жер фондусунун 54,7%ин ээлейт, анын 68,3% айдоо жер, 30,4% шалбаа, жайыт, жаңы көчөттөр, 0,7% бак-дарак жана огород, 0,6% жүзүм ээлейт. 1990-2000-жылдары жер фондусунда айыл-чарбага жарактуу жердин үлүшү кыскарып, токой-паркы ээлеген жерлер кеңейип баратканы байкалган. Германиянын батыш жерлеринде фермер чарбалары басымдуу, чыгышында бир жактуу адистешкен мамлекеттик «элдик ишканалар» жана өндүрүштүк кооперативдер бар. Германияда айыл-чарба ишканаларынын орточо өлчөмү (2003-ж. 32 га) боюнча батыш (19 га) чыгыш жерлеринин (100 га) ортосунда айырма зор. Германия айыл-чарбасына техниканы колдонуу боюнча (1000 га айдоо жерге 80 трактор туура келет) дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Айыл-чарбасын химиялаштыруу деңгээли да жогору, бирок прогрессивдүү экологиялык таза технологияны киргизүүгө байланыштуу минералдык жерсемирткичтерди пайдалануу жылдан жылга кыскарууда (1990-ж. 3,4 млн т, 2003-ж. 2,6 млн т пайдаланылган). Айыл-чарбанын башкы тармагы мал чарбасы (айыл-чарба продукциясынын жалпы көлөмүнүн 70%). Анын негизи уй чарбасы (айыл-чарба өндүрүшүнүн 40%). Бодо малынын саны боюнча Европада Франциядан гана кийин турат. Сүт жана сүт-эт багытындагы мал чарбасынын мааниси зор. Сүт өндүрүү (27,8 млн т; орто эсеп менен бир уйдан жылына 6 т дай сүт саап алынат) боюнча Европада 1, дүйнөдө 4-орунду ээлейт; сүт продукциясынын бир бөлүгүн экспортко чыгарат. Чочконун саны (26,3 млн) боюнча Европада 1-, дүйнөдө Кытай, АКШ, Бразилиядан кийин 4-орунда. Куш жана кой (2,7 млн) чарбалары да өнүккөн. Германия эт өндүрүү боюнча Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ичинен 1-орунда турат (6,6 млн т; анын ичинде чочко эти 4,2 млн т, уй жана музоо эти 1,2 млн т; куш эти 1,0 млн т ж. б.). Өсүмдүк өстүрүүчүлүк (агрардык продукциянын 33% ке жакыны) көбүнчө мал чарбасынын муктаждыгына байланыштуу; тоют жана чөп өсүмдүктөрү себилген аянт азык-түлүк өсүмдүктөрүнөн кыйла кенен; алар дан жана дан-буурчак, картошка, тамыры тоют жана чөп (беде, люцерн ж. б.) өсүмдүктөрү, техникалык өсүмдүктөр (рапс, кант кызылча ж. б.); ошондой эле жашылча, мөмө-жемиш, жүзүм ж. б. өстүрүлөт. Дан эгининин дүң жыйымы (2003-ж. 43,4 млн т) боюнча Германия Европада Франциядан кийинки 2-, дүйнөдө 7-орунду ээлейт. Дан эгининин орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 65,5 ц (2003); Германия азыктык дан менен өзүн толук камсыз кылат; ал эми тоюттук дандын кыйла бөлүгүн сырттан сатып алат. Негизги дан эгини буудай (жыйымы боюнча Европада Россия менен Франциядан кийинки 3-орунда; андан сырткары арпа (11,0 млн т; Россиядан кийин 2-орунда; айрым сорттору пиво жасоого пайдаланылат), кара буудай (3,7 млн т); ошондой эле жүгөрү (3,7 млн т; жашыл тоют жана силос үчүн), сулу (1,0 млн т; дүйнөдө 7-орунда). Кулмак (хмель) жыйноо боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт.

Токой чарбасында жыгач даярдоо эмес, токойду калыбына келтирүү, өлкөнүн токой фондусун сактоо, токойдун сапаттык курамын жакшыртуу маанилүү болуп саналат. Балык чарбасы ички муктаждыкты канааттандыра албайт. 2003-ж. 184 миң т деңиз балыгы (негизин треска, сельдь), анын ичинде 16 миң т рак сымалдар, 8 миң т молюска; тузсуз суулардан 66 миң т балык кармалган.

Тейлөө чөйрөсү өлкөнүн ири экономикалык сектору; анын ИДПдеги үлүшү (1995-ж. 66,6%; 2004-ж. 7,3%) жана анда иштегендердин саны тынымсыз өсүүдө. Тейлөөнүн жалпы көлөмү (1,3 трлн доллар; АКШ жана Япониядан кийин) жана аны экспорттоо (100 млрд доллар, АКШ жана Улуу Британиядан кийин) боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт. Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары: ишкердик жана кесиптик жактан тейлөө (2004-ж. ИДПнин 24,9%ин түзгөн), финансылык тейлөө (5,2%), транспорт жана байланыш (6,7%), дүң жана чекене соода (9,6%), мейманкана бизнеси жана туризм инфраструктурасы (2,3%), илим-билим жана саламаттыкты сактоо (11,7%) ж. б. тейлөө түрлөрү (9,9%). Германия дүйнөдөгү эң жыш ички транспорттук коммуникациясы бар өлкө. Жүк жана жүргүнчү ташууда автомобиль транспортунун мааниси зор. Ички жүктүн 66% автотранспорт, 17% темир жол, 13% ички суу жолу, 3,5% куур транспорту, 0,5% деңиз каботажы менен ташылат. Жүргүнчүлөрдүн 90% автотранспорт, 6% темир жол, 4% транспорттун башка түрлөрү (авиация, ички суу жолу, деңиз ж. б.) менен ташылат. Автомобиль жолунун уз. 231,6 миң км (2004). Германияда 50 млн автомобиль бар, анын 44,9 млну жеңил машина (Европада 1-орунда; 2003). Калкынын жеңил машина менен камсыз болушу (1000 адамга 544 жеңил машина туура келет) боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Темир жолунун уз. 47,2 миң км (2005), анын 19,7 миң кми электрлештирилген (2005); темир жолунун жыштыгы боюнча Европада Бельгия, Люксембургдан кийин 3-орунда. Жогорку ылдамдык үчүн автомобиль жана темир жолдору бар. Германиянын деңиз порттору аркылуу жылына 250 млн т га жакын жүк ташылат; каботаждык жүк ташуусу 5-8 млн ошондой Өлкөнүн деңиз соода флотунун негизин 396 чоң кеме түзөт; алардын ар биринин суу сыйымдуулугу 1000 рег-брутто т. Алар жүргүнчүдөн сырткары контейнер, химикат, нефть, суюлтулган газ (танкерлер менен) ж. б. ташыйт Ошондой эле Германиянын кеме ээлерине жалпы суу сыйымдуулугу 2,5 млн рег-брутто т болгон 2300 кеме таандык; алар негизинен Либерия, Панама, Кипр ж. б. өлкөлөрдүн желеги менен жүрөт. Германия флотунун курамында 13 паром да бар; алар негизинен Скандинавия өлкөлөрү менен байланыштырат. Эң ири деңиз порту: Гамбург (жүк ташуусу боюнча Европада Роттердамдан кийин 2-, дүйнөдө 8-орунда турат); башка маанилүү порттору Бремен-Бремерхафен (порт түйүнү), Росток, Эмден, Любек, Киль; Германиянын нефть порту Вильгельмсхафен. Ички суу жолунун өлкөнүн экономикасында мааниси зор (анын уз. 7467 км; 2005). Дарыялар, каналдар жана көлдөр аркылуу жыл сайын 270 млн ога чейин жүк ташылат (анын 2/3 синен ашыгы мамлекеттер аралык жүктөр). Жүктүн 65%тейи Европанын дарыя транспортунун артериясы болгон Рейн аркылуу ташылат. Дарыя каналдар системасы да өнүккөн; алар: Майн Дунай (жалпы европалык мааниде; Түндүк деңизди Кара деңиз менен байланыштырат); Орто Германия каналы (Түндүк деңизге куйган ири дарыялардын, анын ичинде Рейн, Эльбанын алаптарын бириктирет); Рур каналдары (Рурдун индустриялуу борборлорун Рейн менен байланыштырат), Дортмунд Эмс, Эльба каналдары (Төмөнкү Саксониянын өнөр-жайлуу борборлорун Гамбург менен түз байланыштырат). Киль каналы (Түндүк жана Балтика деңиздерин туташтырат) аркылуу дарыя жана деңиз кемелери жүрөт. Авиатранспортунун эл аралык, айрыкча жүргүнчү ташууда мааниси өтө зор. Авиапаркында 1,4 миң самолёт бар, анын 377си жүргүнчүлөрдү ташуучу лайнер (2003). Өлкөдө 552 аэропорт жана аэродром, 33 вертолёт аэродрому бар (2005), 16 аэропорт эл аралык статуска ээ. Эл аралык эң ири аэропорттору: ФранкФурт-на-Майне (Европада жүк ташуусу боюнча 1-, жүргүнчү ташуусу боюнча Лондондон кийин 2-орунда; жылына 40 млндон ашык авиа жүргүнчү ташылат), Мюнхен, Гамбург, Кёльн-Бонн, Дюссельдорф, Берлин ж. б. Нефть куурунун жалпы узундугу 3540 км, нефть-продукт трубасы 3827 км, газ трубасы 25293 км (2004). Негизги нефть трубалары: Трансальм Лавера (Марсель) Карлсруэ Ингольштадт, Генуя Ингольштадт жана Триест Ингольштадт, Роттердам Рейн (Кёльнга чейин), Вильгельмсхафен Кёльн. «Достук» нефть кууру аркылуу Россиядан нефть, ири газ трубалары аркылуу Россиядан (Польша, Чехиянын аймактары аркылуу), Нидерланддан, Түндүк деңиз жээгинен газ алат. Түндүк Европадан газ трубасы (Выборг Грайфсвальд; Балтика деңизинин түбү менен) курула баштады (2005). Германия сырткы соодасынын көлөмү боюнча дүйнөдө 2-орунда: 21-кылымдын башында дүйнөлүк товардык экспорттогу үлүшү 10 11%ти, импорттогусу 9 -10%ти түздү. Сырткы соода сальдосу адатта оң мааниде: товардык экспорттун наркы 1016 млрд доллар, импорттуку 801 млрд доллар (2005). Экспортунун жана импортунун товардык структурасында даяр продукциялар үстөмдүк кылат. Экспортунда даяр продукциялардын үлүшү 86% , анын 60%ин товардык 5 топ берет: автомобиль куруу, химиялык индустрия, жалпы машина куруу, электр-техникалык жана электроника, так механика жана оптика өнөр-жай продукциялары; ошондой эле азык-түлүк, полуфабрикаттар, отун, сырьё. Транспорттук машина куруу продукцияларынан жеңил жана жүк ташуучу автомобилдер, авиация техникалары, автомобиль жана авиация кыймылдаткычтары, ошондой эле темиржолдун кыймылдуу бөлүктөрү, деңиз кемелеринин айрым түрлөрү сыртка сатылат. Германия азык-түлүк, тамеки, жеңил өнөр-жай продукцияларын (кийимди экспорттоо боюнча дүйнөдө Кытай жана Италиядан кийинки 3-орунда) экспорттоочу негизги өлкө болуп саналат. Импортунун структурасында 71%ти даяр продукциялар (транспорт каражаттары, машина жана жабдуулар, химикаттар, металлдар, текстиль), 9%ти азык-түлүк, 8%ти полуфабрикаттар, 8%ти отун, 4%ти сырьё түзөт. Сырткы соодасынын 70%тен ашыгы европалык өлкөлөргө таандык. Негизги соода шериктештери: Франция, АКШ, Улуу Британия, Италия, Нидерланд, Бельгия, Австрия, Швейцария, Испания, ошондой эле Япония, Кытай, Россия. Германия дүйнөгө товарларды гана экспорттобостон, ошондой эле капиталды жана түрдүү (транспорттук, ишкердик, финансы, камсыздандыруу, соода-далдалчылык, информ., рекреациялык) тейлөөлөрдү да экспорттоочу негизги өлкө болуп саналат.

Билим берүү системасы акысыз, борборлошпогон. Окуу 6 жаштан 18 жашка чейин милдеттүү. Орто мектептер негизги, реалдык, гимназия, бириккен болуп бөлүнөт. Жогорку окуу жайларына өтпөй калган орто мектепти бүткөндөр үчүн (18 жашка чейинкилер) милдеттүү кесиптик билим берүү көптөгөн кесиптик окуу жайларында ишке ашырылат. 2003-ж. 9,5 миң кесиптик окуу жайынан 2,7 млн окуучу билим алышкан. Жогорку окуу жайларына университетттер, медициналык, философиялык, спорттук коллеждер кирет. Эски жогорку окуу жайлары: Берлиндеги Гумбольдт университети, Гейдельберг университети, Кёльн университети, Лейпциг университети, Мюнхен университети, Гёттинген университети, Тюбинген университети (1477), Мюнстер университети (1780), Бонн университети (1818). техникалык университеттер: Брауншвайга (1745), Берлин (1946), Дрезден (1828) ж. б. Ири илимий мекемелери: Берлин институту,Бранденбург илимдер академиясы, «Леопольдина» академиясы, искусство академиясы (1696), Берлин социалдык илимий-изилдөө борбору ж. б. Германияда 12 миң элдик жана 1 миң илимий китепкана иштейт. Дойче Пресс Агентур ири маалымат агентчилиги (1949-ж. негизделген) бар. Биринчи гезит 1609-ж. чыккан. 2004-ж. 355 гезит (анын 135 күн сайын), 780 жакын журнал басылып чыккан. Радио уктуруусу 1923-жылдан, теле көрсөтүүсү 1935-жылдан иштейт. Байыркы герман фольклорунан бизге жеткени «Хильдебрант жөнүндө ыр» (810-ж.), «Мерзебург өрөөндөрү» (10-к.) сыяктуу адабий эстеликтер. Элдик өнөрпоздор деп аталышкан шпильмандар 12-13-кылымда байыркы германдардын баатырдык эпосторун жаратышкан жана элдик оозеки поэзиянын салттарын улантышкан. «Нибелунгдар тууралуу ыр» (1200-ж. чыккан) аттуу эпосу Европанын фольклор тарыхында көркөмдүгү, мазмундуулугу менен өзгөчөлөнгөн. Эпос байыркы «Аттила» («Едил») дастанынын негизинде жазылган. Вольфрам фон Эшенбахтын «Парцифаль» (1198-1210-ж. чен) жана Готфрид Страсбургдун «Тристан жана Изольда» (1210-ж. ченде) деген романдары жаралган. 14-кылымдан Германия жазма адабияты пайда болуп, драмалык чыгармалар жазыла баштаган. Ф. Хеммерлин (1398-1460), М. Лютер (1483-1546), Ганс Сакстын (1494-1576) чыгармалары немец адабиятындагы гуманизм доорунун эстеликтери. Кайра жаралуу доорунда (16-кылым) өнүккөн гуманисттик адабият динге каршы багыттагы чыгармаларды (У. фон Гуттен ж. б. гуманисттер бирге жазган «Түркөй адамдардын каттары», 1515-17; Эразм Роттердамский, «Акмакты мактоо», 1509) жаратты. 17-кылымдын адабияты диний кризистин башталыш учурунда өнүккөн. Акын М. Опиц (1597-1639) классицизм принцибин жактаган («Немец поэзиясы жөнүндө китеп», 1624). 17-кылымдагы немец адабиятынын туу чокусу X. Я. Гриммельсхаузендин «Симплициссимус» (1669) чыгармасы барокко адабияты кеңири тараган учурда жазылган. М. Опиц (1597-1639), Г. Векерлин (1584-1653) улуттук адабиятта классицизмди өнүктүрсө, X. Гриммельсхаузен (1621-76), И. К. Готшед (1700-66) ж. б. агартуучулук багытында болушту. Лессинг (1729-81) драмалык чыгармалары менен, «Лаокоон» (1766), «Гамбург драматургиясы» (1767-69) сыяктуу теориялык эмгектери менен адабиятта өз ордун тапты. Улуу ойчул И. В. Гётенин «Фауст» трагедиясы дүйнөлүк адабиятта татыктуу орун ээледи. И. Ф. Шиллер «Каракчылар» (1781), «Зулумдук жана махаббат» (1784) сыяктуу чыгармалары менен, Г. Гейне саясий лирикасы менен немец адабиятын бийикке көтөргөн. 19-кылымдын аянында Г. Манндын чыгармачылыгы башталган. Т. Манндын «Будденброктор» (1901) романы реалисттик салтты уланткан. Германияда фашисттик үстөмдүк өкүм сүргөн мезгилде Б. Брехттин «Кураж эне жана анын балдары» (1935)ж. б. драмалары, А. Зегерстин «Жетинчи крест» (1939), «Транзит» (1943) романдары жазылган. Ал А. Цвейгдин «Тынчтык», Э. Ремарктын «Өмүр менен өлүмдүн мөөнөтү» ж. б. чыгармалар немец адабиятынын 20-кылымдагы жетишкендиктери. Немец адабияты 1949-ж. мамлекет экиге бөлүнгөндөн кийин шарттуу түрдө ГФР адабияты болуп калган. ГДР адабияты социалисттик идеологиянын багытында өнүктү. 1950-80-жылдарда А. Зегерс («Чечим»), К. Вольф («Бөлүнгөн асман»), Э. Штритматтер («Тинко», «Оле Бинкоп») ж. б. чыгармалары немец элинин кыйын кезеңдеги тарыхын баяндаган. Б. Апиц, Р. Вернер, Э. Аренд, П. Винс, X. Лоберлер фашизмге каршы багыттагы чыгармаларды жаратышты. Г. Маурер, Ю. Брезан, Ф. Браун, X. Мюллер, X. Байерль, К. Хаммел сыяктуу сүрөтчүлөр аалам маселелерин көтөрдү. 1950-80-жылдардагы ГФР адабиятынын ири өкүлдөрү: Э. М. Ремарк, Б. Белл, В. Кеппен, С. Андрес, П. Шаллюк, X. Кипхард, Р. Хоххуте, П. Вайс ж. б. Айрым акын-жазуучулардын чыгармалары кыргыз тилине да которулган.

Германиянын аймагында байыртан эле герман, кельт, славян уруулары жана римдиктер колдонмо искусство чыгармачыларын (там-таш, чеп, эмерек, сайма ж. б.) өнүктүрүп келген. Орто кылымда чептери, ратуша, цех, кампа, дүкөн имараттары бар шаарлар өсүп чыгып, архитектура менен скульптуранын роман (10-13-кылым, Шпайер, Майнц, Вормс шаарындагы соборлор) жана готика (13-15-к., Кёльн, Фрейбург, Ульма шаарындагы соборлор) стилиндеги шедеврлери жаралат. 16-кылымда немец Кайра жаралуусунун реалисттик искусствосу өсүп-өнүгөт (живописчилер А. Дюрер, X. Xольбейн, М. Грюневальд, Л. Кранах; скульпторлор Ф. Штос, А. Крафт, П. Фишер). 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында санжыргалуу жана пафостуу барокко стили (архитектор Б. Нёйман, А. Шлютер, М. Пёппельман, сүрөтчүлөр ага-ини Азамовдор) күч алат да, 18-кылымдын ортосунан ал классицизм (архитектор Г. В. Кнобельсдорф, К. Г. Лангханс, скульпторлор И. Г. Шадов, К. Д. Раух) жана реализм (график Д. Н. Xодовецкий) менен алмашат. 20-кылымда немец функционализминин архитектурасы дүйнөлүк мааниге ээ болуп (П. Беренс, В. Гропиус, Э. Мендельзон, Л. Мис ван дер Роэ), пролетардык жана согушка каршы кыймыл менен байланышкан реалисттик жекече өнөрү өнүгөт (Ф. Марк, К. Хофер). 1920-ж. «Баухауз» агымы пайда болгон. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү В. Гропиус (1883-1969) жана Людвиг Мис ван дер Роэ (1886-1969). 1945-жылдан кийин талкаланган шаарларды калыбына келтирүү, миллиондогон адамдарга турак-жай керек болгон. Архитектура экинчи планга калган. Баалуу, байыркы курулуш фонддору талкаланган. Согуштан кийин Германия архитектурасы өнөр-жай курулушуна байланыштуу өсүп өнүктү. Өнөр-жай, транспорт, инженердик курулуштар, фирмалар жана мекеме имараттарын курууда немец функционализми кеңири колдонулганы менен бир жактуулук үстөмдүк кылган. Немец архитекторлорунун архитектуралык долбоорлору чет өлкөлөргө да таанымал болгон. Хельмут Ян Чикаго шаарындагы бийик имараттарды, Европадагы эң бийик офистик имарат Франкфурт-на Майнеде 256 м бийиктиктеги ярмарка мунарасын долбоорлогон. Архитектурадагы геометриялык дизайн колдонулган. Асма конструкциялуу курулуштар көп салынган. 50-жылдардын 2-жарымынан «органикалык архитектура» агымы өнүгүп, ийри сызыктуу татаал формаларга кызыгуу арткан. Немец архитекторлору дүйнөгө белгилүү боло баштады. Нью-Йорктогу бийик каркастуу айнектелген Сигрэм-Билдинг (арх. Мис ван дер Роэ) имараты мисал боло алат. Ушул сыяктуу төрт дискалуу бийик имарат Дюссельдорфтогу Тиссендин имараты (архитектор Хельмут Хентрих, 1960), Гамбург электр заводду (архитектор Арне Якобсен жана Отто Вайтлинг, 1969) жана өзгөчө динамикалык курулуштарга БМВ автомобиль фирмасынын Мюнхендеги цилиндр формасындагы башкы административдик имараты (архитектор Карл Шванцер, 1972) ж. б. бар. Маданий мекемелерден көрүнүктүү имараттар Берлиндеги (1964), Мюнстердеги шаардык театр, Штутгарттагы ырдоо залы, Мангейм Герцогенридпарктагы чогулуштар үчүн ыңгайлуу үлгүдөгү имараттар кирет. Мёнхенгладбахта (1982) жана Кёльнде (1986) жаңы музей имараттары, Штутгарттагы Жаңы мамлекеттик галеерясы (1983), Франкфурт-на Майнеде көркөм кол өнөрчүлүк музейинин (1985) жаңы имараттары долбоорлонуп, ишке киргизилген. Бүгүнкү күндөгү белгилүү немец архитекторлорунун тобуна Йозеф Пауль Кляйхус, Готфрид Бем, Гюнтер Бениш жана Освальд Матиас Унгерс ж. б. кирет.

Немец калкынын театр өнөрү элдик салт оюн-зооктордон келип чыккан. Орто кылымда кыдырма актёрлордун (шпильмандар) өнөрү өөрчүгөн. Театр жанрынын негизги түрлөрү христиан динине байланышкан литургиялык драма, мистерия, миракль, фарс болгон. Диний окуу жайларда мектеп театрлары жаралган. 18-кылымдын 2-жарымында элдпк өнөргө байланышкан музыкалык драмалык жанр зингшпиль пайда болгон. Театр өнөрүнүн өнүгүшүнө Г. Э. Лессингдин эмгектери чоң таасир берген. Реалисттик немец театрын өөрчүгүүдө жазуучу К. Л. Иммермандын ролу зор. Мангейм улуттук театры (1777) А. В. Иффланд, А. Коцебдин консервативдик, мещандык пьесаларын койгон. Башында И. В. Гёте жана Ф. Шиллер турган Веймар театры (1791) веймардык классицизм деп аталган монументтүү театр түзүүгө аракет жасаган. 19-кылымда Берлин, Дрезден, Гамбург ж.б. шаарларда ири театр борборлору болгон.1860-90-жылдарда Мейнинген театры иштеп, оюн көрсөтүү маданиятын бир кыйла өйдөлөткөн. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Л. Кронек, А. Матковский, Э. Поссарт, Л. Барнай, Й. Кайнц өңдүү театр ишмерлери чыккан. Берлин, Мюнхен жана Гамбург шаарында театр өнөрүнө өтө зор баа беришкен. 17-18-кылымда жер ээлеген ар бир княздын өзүнүн жеке театры болгон. Берлинде гана 150 театр (анын ичинде «Немец театры» жана «Каммершпиле»,«Комише опер» ж. б.) бар. Драматург жана режиссёр Б. Брехт жана актёр Е. Вейгель «Берлинер ансамбль» (1949) театрын түзгөн. Немец театрында көбүнчө классикалык чыгармаларды коюшкан. Хайнер Мюллер тарыхый катастрофаларды изилдеп жазган, Бото Штраус орто сословиедеги турмушту сүрөттөсө, Клаус Полдун репертуары курч детективдүү пьесалардан турган. Франц Ксавер Крётц автор, режиссёр жана артист. Брехттен кийинки эле белгилүү немец драматургу, 40ка жакын пьесасы көптөгөн тилде которулган. Фашисттик диктатура убагында театр нацисттик идеяларды жайылтуучу жайга айланат. Прогрессчил театр ишмерлери куугунтук жеп, көбү чет элге кетет. 1944-ж. театрлардын баары жабылат. Согуштан кийин немец театры кыйынчылык менен кайра түзүлө баштаган. Ал эми 1949-жылдан тартып немец театры ГДРде жана ГФРде эки башка шартта жана айырмалуу багытта өнүккөн. Германияда «Каммершпиле», «Фольксбюне», «Берлин ансамбль», «Немец театры» (баары Берлинде), Улуттук немец театры (Веймар), «Резиденц театер» (Мюнхен), «Талия театер» (Гамбург) ж. б. театрлары иштейт.

Немец эл ырларын ваганттар менен шпильмандар (ырчылар) өнүктүрүп келген. 13-кылымда миннезингерлер (Вальтер фон дер Фогельвейде, Вольфрам фон Эшенбах, Готфрид Страсбургский) мектеби пайда болот. 11-13-кылымда бюргер, 14-кылымдан мейстерзингер (Г. Сакс, 16-к.) музыкасы өнүгөт. 15-16-кылымда вокалдык жана вокалдык-аспаптык, кийинчерээк аспаптык, көбүнчө орган музыкасы басымдуулук кылган. Элдик обон-ырлардын (протестант хоралынын) өнүгүшүнө Дыйкандар согушу жана Реформация түрткү берген. 17-кылымда Г. Шюц, Д. Букстехуде өңдүү музыканттардын чыгармалары эл арасына кеңири тарайт. Аспаптардын коштоосу менен жеке аткарылуучу граждандык ырлар, клавирдик жана оркестрдик сюиталар өнүккөн. Туңгуч улуттук опера театрынын пайда болушу (Гамбург, 1678-1738) Р. Кайзер, Г. Ф. Телемандын ысымдары менен байланыштуу. Немец музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө И. С. Бах, Г. Ф. Гендель зор салым кошкон. 18-кылымдын 2-жарымында шаар калкынын маданий турмушуна романс кире баштайт. Германия музыкасында адабияттагы «Бороон жана чабуул» агымына окшош Мангейм мектеби түзүлүп, «эски Вена мектебине» кошулуп, Вена классикалык мектебинин жаралышын шарттаган. Немец жана дүйнөлүк маданияттын өнүгүшүнө өтө зор эмгек сиңирген К. В. Глюк, Й. Гайдн, В. А. Моцарт жана Л. Бетховен да ушул Вена классикалык мектебинен чыккан. 19-кылымдын 1-жарымындагы демократиялык романтизм агымынын өкүлү К. М. Вебер. Революциянын алдындагы мезгилде Ф. Мендельсон-Бартольди, Р. Шуман, Р. Вагнер сыяктуу ири музыканттар чыккан. Немец музыкалык маданиятында 1848-жылдан көбүнчө Германияда жашаган венгр композитору, дирижёр жана пианист Ф. Листтин чыгармачылыгынын мааниси да зор. Й. Брамс (1862 -жылдан Венада жашаган) классикалык салттардын мурасчысы жана аны улантуучу катары белгилүү болсо, Р. Штраустун чыгармалары фантазияга байлыгы менен айырмаланган. Фашисттик диктатуранын учурунда немец музыкалык маданияты өтө төмөндөп, улуттук музыканын алдыңкы салттары бурмаланды. Прогрессчил мыкты музыканттар эмиграцияга кетти, бир тобу концлагерлерде курман болду. Экинчи дүйнөлүк согуштан соң Германияда музыканын кайтадан өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Гамбургда 1678-ж. курулган опера театры бар. Кымбат сахналык техника менен жабдылган эң жаңы опера театры, Кёльнде жана Франкфурт на-Майнеде, Берлинде гана үч опера театры бар. Мюнхендеги Улуттук театр жана Дрездендеги Земпердин Опера театры италиялык Ренессанс доорундагы архитектуралык баалуу эстеликтерден. Берлин филармониясынын оркестри, дүйнөгө атагы чыккан Мюнхен филармониясынын оркестри, Бамберг симф. оркестри, Лейпцигдеги «Гевандхауз» оркестри, Дрезден мамлекеттик капелласы жана радионун симфониялык оркестрлери ж. б. белгилүү музыкалык коллективдер бар. Көпчүлүк концерттерде жана опера спектаклдерде башка өлкөлөрдөн келген, дүйнөгө атагы чыккан артисттер катышат. Мисалы, Берлин филармониясынын оркестрин италиялык Клаудио Аббадо жетектейт. Немец артисттери көптөгөн өлкөлөрдө иштешет. Мисалы, Курт Мазур Нью-Йорк филармониясында, Кристоф фон Донани Кливленд оркестринде башкы дирижёр. Дүйнөгө атагы чыккан немец музыканттары скрипкачы Анна-Софи Муттер, трубач Людвиг Гюттлер, ырчылар Хильдегард Беренс, Дитрих Фишер-Дискау, Петер Гофман, Рене Колло ж. б. Улуу муундагы музыканттардын ичинде О. Герстер, Р. Вагнер-Регени, М. Буттинг сыяктуу көрүнүктүү композиторлор бар. Өлкөдө музыка боюнча эларалык жана улуттук конкурстар, фестивалдар өткөрүлүп турат. Дирижёрлор Г. Абендрот, К. Зандерлингдин, ырчылар Э. Буш, Г. Май ж. б. ысымдары дүйнөгө белгилүү. Германияда улуу классиктер Л. В. Бетховен, Г. Гендель, Р. Вагнердин чыгармалары аткарылат. Моцарттын «Сыйкырдуу чоор» жана Штраустун «Жарганат» опералары көп коюлат. 1961-73-ж. Жон Кранко Штутгарт балет труппасына чыгармачылык менен эмгек сиңирген жана прима-балерина Мария Хайде жетекчилик кылган (1973-95). Азыркы күндө Пина-Бауш жетектеген Вуппертальдагы бий театры эларалык колдоого ээ болгон. «Эстрада музыкасына», варьете музыкалык театрга Берлиндеги «Фридрихштадтпаласт» театры өзүнүн чыгармачылыгын арнаган. Гамбургдагы «Кэтс» мьюзикли көп жылдардан бери белгилүү. Концерттерде модерн классикасы маанилүү роль ойнойт: Пауль Хиндемит, Игорь Стравинский, Арнольд Шёнберг, Бела Барток, Борис Блахер, Вольфганг Фортнер, Вернер Эгк, Карл Орф өздөрүнүн музыкалык аспаптары менен дүйнөгө белгилүү «Музыка мектеби» балдарды музыканы сүйүүгө тарбиялашат. Немец жаз музыкасынын 50-60-жылдардагы курч шлягерлери азыркы мезгилде сахнадан кетти. Дүйнөгө белгилүү тромбонист Альберт Мангельсдорф жаз-фри сферасында, Клаус Дольдингер өзүнүн «Паспорт» тобу жаз менен рок музыкасында белгилүү. Бий жана эстрада оркестри Берта Кемпферт, Жеймс Ласт, Макс Грегер жана Паул Куна Германиядан тышкары башка өлкөлөрдүн музыка сүйүүчүлөрүнө таанымал. Белгилүү рок ырчылары: Петер Маффай жана Мариус Мюллер-Вестернхаген, Нена. Жаш таланттарды өстүрүүдө конкурстар өткөрүлөт. Германиянын батышында эле 700дөн ашык музыкалык коомдук мектеп жана 15 000 хор мектептери бар. Германияда музыкалык аспаптарды чыгаруу салт болуп калган. Миттенвальдда дүйнөгө белгилүү скрипкалар жасалат. Ар бир экинчи киши флейтада жана гитарада ойнойт. Германияда музыка тармагы гүлдөп өнүгүүдө, 200 млндон ашык ата мекендик жана чет өлкөлүк грампластинка, кассета жана компакт диск сатылат.

 




#Article 170: Индонезия (2797 words)


Индонезия, Индонезия Републикасы – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Малайя архипелагында (Чоң жана Кичи Зонд аралдары, Молукка аралы) жана Жаңы Гвинея аралынын батыш бөлүгүндө (Батыш Ириан) жайгашкан. Аралдары түндүгүнөн жана борбордук бөлүгүнөн Тынч океан жана анын деңиздери (Бали, Банда, Молукка, Саву, Серам, Сулавеси, Флорес, Түштүк Кытай, Ява), түндүк-батышынан, батышынан жана түштүгүнөн Инди океаны жана анын деңиздери (Андаман, Арафура, Тимор) менен чулганат. Кургактык аркылуу Малайзия (Калимантан аралында), Папуа-Жаңы Гвинея (Жаңы Гвинея аралында) жана Чыгыш Тимор (Тимор аралында) өлкөлөрү менен чектешет. Аянты 1,9 млн км2. Батыштан чыгышты карай (экваторду бойлой) 5,1 миң кмге (3 саат алкагы), түндүктөн түштүктү карай 1,8 миң кмге созулат. Калкы 224,9 млн (2007). Борбору Жакарта шаары (Ява аралында). Расмий тили индонезия тили (бахаса индонесиа). Акча бирдиги Индонезия рупийи. Административдик-аймактык жактан 31 провинцияга (2 автономия кошо) жана 2 өзгөчө административдик округга (Чоң Жакарта борбордук округуна жана Жокьякарта округуна) бөлүнөт (к. таблицаны). Индонезия БУУнун (1950), ЭВФтин (1954), Эл-аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1954), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1962), АСЕАНдын (1967), Ислам конф-я уюмунун (1969), Азия-Тынч океан регионунун коопсуздугу боюнча кызматташуу кеңешинин (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Админисграциялык-аймакгык бөлүнүшү (2007)

Индонезия – унитардык республика. Азыркы конституциясы 1945-ж. кабыл алынган. Мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы – президент, ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн да башкы командачысы. Мыйзам чыгаруу бийлиги Элдик кеңеш конгрессине таандык. Ал эки палатадан Эл өкүлдөр кеңешинен жана Аймактык өкүлдөр кеңешинен турат. Саясий партиялары: Голкар, Индонезия Демократиялык партиясы, Бириккен өнүгүү партиясы, Улуттук ойгонуу партиясы жана башкалар 50гө жакын партия катталган.

Индонезия экватордук кеңдиктерде, атмосферанын муссондук циркуляция зонасында жайгашкан. Экватор аймагында жана аралдарда жайгашкандыгы дайыма жылуу режимдин түзүлүшүнө шарт түзөт. Чулгаган деңиздерге суусунун жылуулугу (27°Сден жогору), агымынын сезон боюнча өзгөрүлмөлүүлүгү жана деңиз жаныбарларынын көптүгү мүнөздүү. Индонезия 3 миңден ашык аралда жайгашкан (ирилери Ява, Суматра, Калимантан менен Сулавесинин басымдуу бөлүгү, Жаңы Гвинеянын батыш бөлүгү). Түздүктөр менен тоолор (бийиктиги 5029 мге чейин, Жая чокусу; Жаңы Гвинея аралында) болжол менен бирдей аянтты ээлейт; жанартоолор көп (400дөй жанартоо бар, анын аракеттегиси 100дөн ашык). Аракеттеги ири жанартоолору: Керинчи (бийиктиги 3800 м, Суматра аралында), Ринжани (3726 м, Ломбок аралында), Семеру (3676 м, Явада) жана башкалар Индонезия нын басымдуу бөлүгү кайнозой тектогенезине, Суматранын түндүк-чыгышы жана Калимантандын түштүкбатышы мезозой, Жаңы Гвинеянын түштүк бөлүгү жана Ару аралдары мезозойго чейинки бүктөлүштөргө кирет. Ургаалдуу вулканизм, өтө сейсмдүүлүк жана оордук күчүнүн ири аномалиясы аймактын тектоникалык активдүүлүгүн тастыктайт. Индонезия кен байлыктарга бай; алардын ирилери: нефть, газ, жез, алтын, күмүш, калай, никель, темир, алюминий (боксит), күкүрт, көмүр жана башкалар Климаты экватордук жана субэкватордук, түздүктөрдө абанын температурасы жыл бою 26-28°С, тоолордо салкыныраак. Жылдык жаан-чачыны 2000-4000 мм (өлкөнүн көп бөлүгүндө текши жаайт). Жаанчачын эң көп жааган (6000 ммге чейин) жери Суматра аралынын батышындагы тоолор. Субэкватор алкагында жайгашкан аймактарында (Яванын басымдуу бөлүгү, Кичи Зонд аралы) климаттын сезондуулугу байкалат: декабрь-март жаанчыл, июнь-сентябрь кургакчыл болот; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 2000 ммге, өлкөнүн четки түштүк-чыгышында 600-700 ммге чейин азаят. Дарыяларынын суусу мол жана жыш, негизинен кыска; эң узун дарыясы Капуас (узундугу 1000 кмден ашык), Калимантан аралында. Көлдөрү көп, алар негизинен тектон. кыймылдан жана жанар тоодон пайда болгон. Индонезия жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстарынын зор запасына (2838 км3) ээ. Чарбада агын суунун 3%и гана пайдаланылат, анын 90%и айыл чарбанда, 8%и коммуналык-тиричиликте, 1%и өнөр жайында керектелет. Дарыяларынын гидроэнергиялык потенциалы өтө зор (15,5 млн кВт), бирок ал аз гана өздөштүрүрүлгөн. Негизинен кызыл-сары ферралит топурактары басымдуу; орто бийик тоолордун капталдарында күрөң тоо топурактары жана тоо-шалбаа, жанартоолуу аралдарга күрдүү жанартоо (андосолдор), түздүктөргө тропиктик аллювий жана саз топурактары мүнөздүү. Кылымдар бою шалы өстүрүлгөн түздүктөрдө жана тектирленген тоо боорлорунда өзгөчө «күрүч» топурагы пайда болгон. Жапыз жээктерде өтө кычкыл мангр топурагы өөрчүгөн. Флорасы өтө ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт, анда татаал өсүмдүктөрдүн 27,5 миңден ашык (андан ичкери дарактардын 17,5 миң) түрү бар. Токой өлкөнүн аймагынын 60%ин, саванна менен бадал 8%ин ээлейт. Түздүктөрүндө жана тоо капталдарында1300-1500 м бийиктикке чейин нымдуу дайыма жашыл экватордук токой (гилея) басымдуулук кылат; андагы негизги дарак түрлөрү: диптереокарпустар, фикустар, расамала, панданустар, нан дарагы, ошондой эле пальмалар, дарак сымал папоротниктер, бамбуктар. Лиандар, эпифиттер көп. Тоо капталдарын андан жогору дайыма жашыл жана аралаш токой, жазы жалбырактуу (эмен, каштан, бук) жана ийне жалбырактуу токой (подокарпус), ийри-буйру өскөн өсүмдүктөр токою, бадалдар жана шалбаа ээлейт. Өлкөнүн түштүк-чыгышына жалбырагын күбүүчү токой (тик, зараң, казуарина), саванна (бийик өскөн аланг-аланг, жапайы бал камыш) таралган. Жапыз жээктерге жана дарыя чаттарына мангр токою мүнөздүү. Токой аянты жыгач иштетүүдөн, өрттөн, айдоо аянттарын кеңейтүүдөн, кен байлыктарын казып алуудан өтө азайган (1990-2000-ж. токойдун 14%и жок кылынган). Сүт эмүүчүлөр менен куштардын жарымына жакыны Индонезиянын эндемиктери. Индонезиянын батыш бөлүгүнүн фаунасына орангутан (Калимантан, Суматра), гиббон, кындыгый маймыл, ява жана суматра кериги, индия пили, бантенг бодосу, тапир (Суматра), малайя аюусу (Калимантан, Суматра), суматра жолборсу жана башкалар мүнөздүү. Орнитофаунага бай; сойлоочулардан крокодилдер (андан ичкери таракчан крокодилдердин узундугу 9 мге чейин жетет), чаар питон; Комодо аралында эң ири комодо эчки эмээри корголот. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүнө баштыкчандар (кускустар, даракчыл бөрсө мүнөздүү. Индонезияны чулгаган деңиздер биологиялык ресурстарга өтө бай: суу астындагы шалбаа, ихтиофауна; чыгышында кораллдар, коралл рифи. Деңиздин ири айбанаттарынан кашалот, дюгонь, дельфин, деңиз таш бакасы, акула жана көөкөрчөк кездешет; жыландар көп; балыкка бай. Индонезиянын биологиялык көп түрдүү бөтөнчө экосистемасын коргоо максатында жалпы аянты 23,7 млн га коргоого алынган 956 аймак, ошондой эле аянты 13,5 млн га коргоого алынган 122 деңиз акваториясы уюшулган. Гунуне-Геде-Пангранго (Ява аралында), Гунунг-Лесер (Суматра), Лоре-Линду, Танжунг-Путинг (Сулавеси), Комодо, Сиберут (аты окшош аралдарда) улуттук парктары биосфералык резерват статусуна ээ. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине Комодо, Ужунг-Кулон (Ява аралында), Лоренц улуттук парктары (Жаңы Гвинея аралында), ошондой эле Суматрадагы тропикалык жамгыр токою кирген. Дүйнөдөгү эң ири ботан. бактардын бири Богор шаарында (Ява аралында) жайгашкан. Ява аралындагы «Жанар тоо парктары» дүйнөгө белгилүү; Калимантан аралында корук жана орангутандарды изилдөө борбору бар.

Индонезия калкынын саны боюнча дүйнөдө 4орунда (Кытай, Индия, АКШдан кийин). Калкынын 96%и индонезиялыктар, тили, маданияты жана турмуш-тиричилиги окшош 150дөн ашык эл жана этностук топ (явалыктар, сундан, мадура, батак, малайя, балиликтер жана башкалар), ошондой эле кытай, араб, Түштүк Азиядан келгендер, голланддар да жашайт. Төрөлүү 1000 адамга 19,7 бала, өлүм-житим 6,25 (2007). Өлкөнүн калкынын 28,7%ин 15 жашка чейинки балдар, 65,6%ин эмгек курагындагылар (15-64 жаштагылар), 5,7%ин улгайгандар (65 жана андан өткөндөр) түзөт. Калктын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы 70,2 (эркектер 67,7; аялдар 72,8). Көбү ислам динин (87%), калгандары христиан, индуизм, буддизм, конфуцийчилик, жергиликтүү диндерди тутат. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 120 адам (2007). Индонезиянын калкынын 60%и Ява, Мадура жана Бали аралында жашайт. Шаар калкы 48,5% (2006). Ири шаарлары: Жакарта (18,3 млн), Бандунг (6,0 млн), Медан (4,1 млн), Сурабая (4 млн), Палембан (2,1 млн), Макасар (1,7 млн), Чиребон (1,6 млн), Жокъякарта (1,6 млн), Семаранг (1,5 млн), Бандар-Лампунг (1,4 млн) жана башкалар Экономикалык активдүү калкы 106,3 млн; анын 44%и айыл чарбасында жана балык уулоодо, 38%и тейлөө чөйрөсүндө, 13%и өнөр жайында, 5%и курулушта иштейт.

Индонезиянын аймагы азыркы типтеги адам (питекантроп, явантроп, кийин вадьяк) пайда болгон борборлордун бири. Анда төмөнкү палеолиттин эстеликтери (патжитан индустриясы) табылган. Жогорку палеолитте жана мезолитте Индонезиянын басымдуу бөлүгүндө континенттик бакшон-хоабинь маданияты нын түштүк варианты тараган. Биздин замандын башталышында Ява, Суматра жана Калимантан аралында класстык коом түзүлө баштаган; ал болсо Индиядан эмигранттардын массалык киришине туура келип, алар менен кошо брахманизм дини жайылган. Индонезияда пайда болгон алгачкы мамлекеттер: Ява аралында Тарума жана Калинга; Чыгыш Калимантанда Мулавармажа, Суматрада Малойю, Шривижайя. Индонезия жеринде 6-кылымдан брахманизмден сырткары, индуизм жана буддизм диндери жайыла баштаган. 7-кылымдын аяк ченинде Суматранын чыгышын, Яванын батышын, Батыш Калимантанды, ошондой эле Малакканы камтыган Шривижайя мамлекети пайда болгон. Борбордук Явада 8-кылымдарда Матарам мамлекети түзүлгөн. Бул эки мамлекеттин ортосундагы бийлик үчүн тынымсыз күрөш алардын алсырашына жана кыйроосуна алып келген. 13-кылымдын аяк ченинде Яванын чыгышында Индонезия тарыхында маанилүү роль ойногон Мажапахит мамлекети пайда болгон. 1112-кылымдарда мусулман соодагерлери жана миссионерлери келе баштап, 300 жыл ичинде ислам дини аймакка тараган. 14-кылымдарда Мажапахит империясы гүлдөп өскөн. Бирок, бул мезгил узакка созулбастан, 15-кылымдын аяк ченинде өлкөнүн абалы начарлап, Ява, Суматра жана башкалар аймактарда бир катар мусулман шаар-мамлекеттеринин пайда болушуна алып келген. 1509-ж. Индонезия жээктерине келе баштаган португалиялыктар соода жолдорун колго алууга аракеттенип, 1511-ж. Малакканы, 1512-ж. Молукка жарым аралынан ээлеп алган. 1596-жылдан Индонезияга нидерланддар келе баштаган. 1602-ж. Нидерланддын Ост-Индия компаниясы негизделип, португалиялыктардын жана 17-кылымдын башында бул жерлерде бекемделүүгө аракеттенген англистердин ордуна алардын үстөмдүгү орногон. Аймак Нидерланддык Ост-Индия деп аталып, борбору Батавия шаары (азыркы Жакарта) болгон. 1800-ж. компаниянын жоюлушу менен колония Нидерланддын карамагына өтөт. 1926-27-ж. Ява жана Суматра аралында көтөрүлүштөр чыгат. Сукарно жана интеллигенция өкүлдөрү тарабынан 1927-ж. Индонезия улуттук партиясы түзүлгөн. 1942-45-ж. Индонезияны япон аскерлери басып алган. 1945-ж. Япония капитуляцияланган соң, Индонезиянын көз каранды эместиги жарыяланып, Сукарно өлкөнүн президенти болуп калган. Голланддардын 1947-ж. кайрадан бийлигин калыбына келтирүү аракети ийгиликсиз аяктап, Нидерланд 1949-ж. Индонезиянын көз каранды эместигин таанууга аргасыз болот. 1950-ж. август айында Индонезия унитардык республика болуп жарыяланган. Өлкө ичиндеги оң жана сол күчтөрдүн тирешүүсү «1965жыл 30-сентябрдагы окуяларга», башкача айтканда терең кризиске алып келген. Анын жүрүшүндө мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болуп, натыйжада партиянын мүчөлөрүн жана жактоочуларын куугунтуктоо башталган. 1967-ж. Сукарно бийликтен четтетилип, генерал Сухарто президенттин милдетин аткаруучу, 1968-жылдан президент болуп калат. Өлкөдө авторитардык режим орногон. Саясий кризистин натыйжасында, 1998-ж. Сухарто отставкага кетүүгө аргасыз болуп, президенттик кызматты мурдагы вице-президент Б. Ю. Хабиби ээлеп калат. 1999-ж. өлкөнүн президенти болуп, көрүнүктүү мусулман ишмери Вахид Абдрахман, вице-президенттикке Сукарнонун кызы Сукарнопутри Мегавати шайланат (2001-жылдан президент). 2004-жылдан өлкөнү жалпы элдик добуш берүү менен шайланган президент Юдхойоно Сусило Бамбанг башкарат.

Индонезия көп тармактуу жана көп укладдуу чарбасы бар, өнүгүп жаткан ири өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү (сатып алуу мүмкүнчүлүгү боюнча 935 млрд доллар) боюнча дүйнөдөгү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ичинен (Кытай, Индия, Бразилия жана Мексикадан кийин) 5-орунду, Түштүк-Чыгыш Азияда 1-орунду ээлейт. ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Көз карандысыздыкка жеткенден кийин колониялык калдыктарды жоюу, чет өлкөлүк капиталга күнкорлуктан арылуу багытындагы чаралар (голл. жеке менчик объектилерин мамлекеттештирүү, мамлекеттик секторду түзүү жана ушундай сыяктуу) ишке ашырылган. Бирок мамлекеттештирилген же мамлекеттин көзөмөлүнө алынган ишканалар менен плантациялар 1965-жылдан кийин мурдагы ээлерине кайтарылып берилип, Индонезиянын чет өлкөлүк (негизинен АКШ) капиталга болгон көз карандылыгы кайра артып, чарбанын өнүгүшүндө диспропорция күчөгөн. Ошондой болсо да Индонезиянын экономикасы 1997-ж. чейин бир кыйла өнүгүп, Индонезия агрардык-индустриялуу өлкөлөрдүн деңгээлине жакындаган. 1997-жылдын 2-жарымында Азия өлкөлөрүнүн көбү дуушарланган финансылык кризис Индонезияга өтө оор таасирин тийгизген. 1998-ж. ИДП 15-20%ке кыскарган; рупийдин курсу кескин (6 эсе) төмөндөп, инфляция процесси күчөгөн (100%ке чейин); Жакарта фонд биржасында баалуу кагаздын курсу кыйла төмөндөгөн; чакан жана орто ишканалар банкрот болгон; жакырчылык чегинен төмөн жашаган адамдардын саны 40%ке жеткен (ал 1997-жылдын башталышында 6% гана болгон); алтын-валюта запасы (1997-жылдын аягында 18 млрд доллардан 1998-ж. мартта 16,3 млрд долларга чейин) азайган. Азыркы учурда көпкө созулган стагнацияны (узакка созулган экономикалык депрессия) жеңип, акырындык менен негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү көтөрүлө баштады. Индонезия запасы мол отун (нефть, табигый газ, суббитуминоз көмүрү) жана кенташ (жез-никель, калай, боксит, алтын жана башкалар) сырьёлоруна бай болгондуктан, 21-кылымдын башында суюлтулган табигый газды, калай, көмүр, жез жана алтынды экспортко чыгаруу боюнча дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири болуп калды. Индонезия тропиктик айыл чарба продукциясын (накта каучук, какаонун мөмөсүн, кофе, пальма майын, копра жана башкалар), ошондой эле текстиль буюмдарын тигүү, кийимди дүйнөлүк рынокко чыгаруу боюнча башкы өлкөлөрдүн бирине айланды. Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизин сырьёлук ресурстарга байлыгы, жумушчу күчүнүн арзандыгы жана толук пайдаланылбаган ички рыногунун зор потенциалы түзөт. ИДПнин структурасынын 45%ин өнөр жай жана курулуш, 42%ин тейлөө чөйрөсү, 13%ин айыл чарба жана балыкчылык, 11%ин нефть-газ сектору (мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешенин 24% ин) түзөт (2005). Чарбанын стратегиялык маанилүү тармактарын (нефть ажыратуу өнөр жай, электр-энергетика, күрүч сатуу жана башкалар) негизин мамлекеттик сектордун ишканалары түзүп, улуттук жеке менчик капиталынын мааниси өсүүдө.

Өлкөнүн өнөр жайына ИДПнин көлөмүнүн 39%и туура келет. Өнөр жайынын негизги тармактары: кен байлык казып алуу (нефть жана табигый газ кошо), машина куруу жана металл иштетүү, нефть жана газ иштетүү, тамак-аш жана тамеки, жеңил (негизинен текстиль жана кийим тигүү), химия жана химия-фармацевтика, жыгач иштетүү жана целлюлоза, түстүү металлургия. Отун-энергетикалык баланстын структурасында нефть жана нефть продуктуларга 37% , негизинен калк даярдаган жана тиричиликте пайдаланылуучу, калыбына келүүчү энергия ресурстарына (жыгач отун, биомасса жана башкалар) 27%, табигый газга 19%, көмүргө 13%, жана башкалар калыбына келүүчү энергия булактарына (гидроэнергия, геотермия энергиясы жана башкалар) 4% туура келет. 2005-ж. 55 млн т нефть (дүйнөлүк нефтинин 1,4%и; Калимантан, Суматра, Ява жана башкалар а-да казылып алынат), 77 млрд м3 табигый газ (2,7%и; Чыгыш Калимантан, Ачех, Чыгыш жана Батыш Ява провинцияларында), 135 млн т көмүр (2,8%и; дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда; Суматрада, Чыгыш жана Түштүк Калимантан провинцияларында ачык жол менен) казылып алынган. 123 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлүп, анын 86%и ЖЭСке, 8%и ГЭСке, 6%и геотермия электр станцияларына таандык. Кара металлургия өнөр жай ички рыноктун муктаждыгын канааттандырууга багытталган. Темир, марганец, хромит жана башкалар кенташтарды казып алып, чоюн, болот жана башкалар өндүрөт. Түстүү металлургия экономиканын маанилүү экспорттук тармагы болуп саналат; анын продукциясынын негизги бөлүгү Сингапур, Япония, АКШ жана Кытайга чыгарылат. Калай (казып алуу боюнча Кытайдан кийинки 2-орунда), боксит, жез, алтын, күмүш, никель (дүйнөдө 4-орунда), коргошун-цинк жана башкалар кенташтар казылып алынат. Машина куруу өнөр жайынын продукциясынын 1/2инен ашыгы транспорттук машина курууга туура келет; анда автомобиль, кеме, ошондой эле велосипед, мотоцикл жана моторикша чыгарылат. Прибор куруу, электроника, темир жол машиналарын куруу, авиация, аскердик машина куруу өнөр жай да өнүккөн. Химия өнөр жайында азот жана фосфор жер семирткичтери, накта каучук, химиялык була, синтездик чайыр, пластмасса, бензол, этилен, полиэтилен, полипропилен, метанол, кир кетирүүчү каражаттар, автомобиль шинасы, резина-техникалык буюмдар даярдалат. Индонезия кебез кездеме чыгаруу жана андан кийим тигүү боюнча дүйнөдө Кытай, Индиядан кийинки 3-орунда турат. Чакан кол өнөрчүлүк ишканаларында белек буюм жасоо маанилүү (батик, күмүшкө чегүү, оймо-чийме түтүрүү, карапа буюм, жыгачтан жана таштан жонуп буюм жасоо). Токой, жыгач иштетүү жана целлюлоза-кагаз өнөр жай да алдыңкы орундандан ичкери материалдарды жана тропик дарактарынан (казуарина, камфора, эбен, тик дарактары, сейба жана башкалар) тилинген тактай жана фанера экспорттоочу дүйнөдөгү ири мамлекет. Тамак-аш өнөр жайынын маанилүү тармактары пальма майын (дүйнөдө Малайзиядан кийинки 2-орунда), консерваланган мөмө-жемиш жана кант чыгаруу. Тамеки менен чеге гүлдүн уругун аралаштырып жасаган «кретек» сигаретин чыгаруу салтка айланган. Курулуш материалдары өнөр жайынын маанилүү тармагы цемент өндүрүшү; ошондой эле гранит, мрамор, акташ теги, гипс, доломит, табигый битум, айрым жерлеринен асыл таштар, алмаз (30 миң кар) казып алынат. Айыл чарбасында эмгекке жарамдуу калктын 45%ке жакыны иштейт. Анын ИДПдеги үлүшү 11% (2004). Айыл чарбанда ири жеке жана мамлекеттик плантация чарбалары менен катар чакан дыйкан чарбалары да басымдуу. «Жашыл революциянын» натыйжасында, 1980-жылдардын ортосунан Индонезия азыктүлүккө болгон муктаждыгын өзү камсыз кылат. 21-кылымдан баштап тропиктик дыйканчылык продукцияларын экспорттоочу дүйнөдөгү ири өлкөгө айланды. Жылына 2 жолу түшүм алынат. Дыйкандардын 1/3инен ашыгы жерди ижарага алат. 30,7 млн га жер айдалып, анын 7,7 млн гасы сугарылат. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (8 млн гадан ашык жерге эгилет; бүткүл сугат жеринин 4/5үн ээлейт; 2005-ж. 54,0 млн т акталбаган күрүч жыйналган, бул боюнча дүйнөдө Кытай, Индиядан кийинки 3-орунда), жүгөрү (12 млн т), маниок же кассава (19,5 млн т, Нигерия, Бразилиядан кийинки 3-орунда), батат, жер жаңгак, соя, ямс жана башкалар. Экспорттолуучу негизги өсүмдүк продукциялары: накта каучук (дүйнөдө Таиланддан кийинки 2-орунда), кокос пальмасы (бардык жеринде, көбүнчө дыйкан чарбаларында; дүйнөдө 2-орунда), май пальмасы (негизинен Түндүк Суматранын плантацияларында), чай, кофе (Ява, Суматра), тамеки, какао, калемпир, сейба (капок), агава (сизаль), мускат жаңгагы, чеге гүл, хина дарагынын кабыгы (дүйнөдө даярдалган хина кабыгынын негизги бөлүгүн Индонезия берет), пахта жана балкамышаары 2005-ж. 11 500 миң бодо мал (уй), 2428 миң буйвол (негизинен унаа катары пайдаланылат), 405,5 миң жылкы, 13 182 миң эчки, 8307 миң кой, 6267 миң чочко, 1300 млн үй кушу болгон. Балык, ошондой эле краб, креветка, крокодил кармалат, бермет алынат. Тейлөө чөйрөсү өлкөнүн экономикасынын маанилүү сектору. Анда дүң жана чекене соода, финансылык тейлөө жана камсыздандыруу, мамлекеттик башкарууну тейлөө, жеке кызмат көрсөтүүлөр жана транспорттук тейлөө, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу, байланыш, электр энергетикасы, суу жана газ менен жалпы камсыз кылуу өзгөчөлөнөт. Банк-кредит системасына Индонезия банкы, мамлекеттик жана жеке менчик 170 банк кирет. Жакарта фонд биржасы (1977-жылдан иштейт) соода жүргүзүү боюнча Түштүк-Чыгыш Азияда Сингапурдан кийинки 2-орунду ээлейт. 2005-ж. Индонезияга 5,5 млндон ашык турист келген; туризмдин негизги түрлөрү: дарылоо-ден соолук чыңдоо (аралдардагы кумдуу пляждар), спорткөңүл ачуу (дайвинг, виндсёрфинг), экологиялык, тарыхый-маданий эстеликтер, элдердин жашоосу, кол өнөрү фольклору менен таанышуу. Башкы туристтик району Бали аралы; туризмдин маанилүү борборлору Ява аралынын шаарлары: Жакарта, Богор, Жокъякарта, Суракарта, Бандунг, Пангандаран. Транспортунун негизги түрү – деңиз жолу. Жалпы деңиз портторунун жүк айлануусу 524,0 млн т (2005). Деңиз портторунун жана гавандардын жалпы саны 3650. Ири универсал порттору: Танжунг-Приок (Джакартада), Танжунг-Перак (Сурабаяда), Палембанг (Түштүк Суматра провинциясында), Белаван (Медандын аванпорту), Банжармасин (Түштүк Калимантан), Макасар (Түштүк Сулавеси), Батам (Кепулауан-Риау), Телукбаюр (Батыш Суматра) жана башкалар 824 деңиз соода кемеси бар. Темир жолунун жалпы узундугу 6,5 миң км, автомобиль жолунуку 362 миң км. Магистралдык куур өткөргүчтөрүнүн жалпы узундугу 19 394 км, анын 9175 кми газ куурунуку, 7684 кми нефть куурунуку, 1367 кми нефть продукция өткөргүчүнүкү жана башкалар (2006). Маанилүү газ куурлары: Арун-Думай (Суматра а.), Бонтанг-Баликпапан (Калимантан а.); Трансява нефть кууру иштейт. Индонезияда 662 аэропорт бар (2006); эл аралык ири аэропорттору: Сукарно-Хатта (Жакарта), Нгурах-Рай (Денпасар, Бали аралында), Полония (Медан), Жуанда (Сурабая), Адисучинто (Жокьякарта), Ханг-Надим (Батам аралы). Хасануддин (Макасар). Өлкөнүн экономикасында чет өлкөлүк капитал салымынын мааниси зор. 2004-ж. сырткы сооданын өлчөмү 93 млрд доллардан ашкан, анын 64 млрд долларын экспорт, 32 млрд долларын импорт түзгөн. Индонезиянын сырткы карызы 2005-ж. 134,9 млрд доллар (дүйнөдө Бразилия, Мексикадан кийинки 3-орунда); анын 77 млрды мамлекеттик, калганы жеке менчик секторуна таандык. Экспортко табигый газ, нефть, электроника өнөр жайынын продукцияларын, жыгач, тактай жана кагаз, текстиль жана тигүү өнөр жай продукцияларын, пальма майын, көмүр, жез жана жез концентраттарын, накта каучук, балык жана деңиз продукцияларын, никель, калай жана башкалар чыгарат. Сырттан нефть жана нефть продуктуларын, автомобиль транспорт каражаттарын, станок жана өнөр жай жабдууларын, болот прокат жана трубаларды, орг. химия продукцияларын алат. Негизги соода шериктери: Япония, АСЕНга кирген мамлекеттер, Европа союзуна кирген өлкөлөр, АКШ, Сингапур, Түштүк Корея, Кытай, Таиланд, Сауд Арабиясы, Австралия.




#Article 171: Канада (5752 words)


Канада ( ;  ) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Материктин Түндүк бөлүгүн жана ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды – Ванкувер, Шарлотта канышасы (батышында), Канадалык Арктика архипелагы (түндүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (Түштүк-чыгышында) камтыйт. Түштүк-батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түндүк Муз океан жана анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны жана анын деңиздери – Баффин, Лабрадор, ошондой эле Гудзон булуңу менен чулганат. Жээк сызыгынын узундугу 243 миң км (аралдардын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө жана түндүк-батышында кургактык аркылуу АКШ менен чектешет (чек арасынын узундугу 8,9 миң км, анын ичинде Аляска менен 2,5 миң км).

Аянты 9984,7 миң км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 891,2 миң км2); аянты боюнча дүйнөдө Россиядан кийинки 2-орунда. Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава шаары Расмий тилдери – англис жана француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. Канада – 10 провинциядан жана федерацияга баш ийген 3 аймактан турган федерация 
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008):
Канада – Бириккен Улуттар уюмуна (1945), Эл аралык Валюта Фондуна (1945), Эл аралык peконструкция жана өнүгүү банкына (1945), 1949-жылдан Түндүк Атлантика Келишим Уюмуна (НАТО), 1973-жылдан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ), Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтыгына (1989), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.

Канада – федеративдик мамлекет. Негизги документи Британдык Түндүк Америка жөнүндө акт (1867. 1871. 1886. 1907. 1915), Конституцициялык акт (1982) жана Вестминстер статуту (1931) эсептелет. Бaшкapуу формасы – кoнституциялык монархия. Мамлекеттин расмий башчысы – британдык монарх (1952-жылдан Елизавета II Канада королевасы титулунa да ээ). Анын милдетин Англия кopoлу Канада премьер-министринин кеңеши менен дайындаган генерал-губepнaтop аткарат. Мыйзам чыгapуу бийлиги монархка жана эки пaлaтaлуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар палатасы. Общиналар палатасынын дeпутaттapы жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку палата – Сенат. Ceнaтopлopду премьер-министрдин кеңеши боюнча гeнepaл-губepнaтop региондордон дайындайт. Аткapуу бийлиги монархка таандык бoлгoну менен өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Ал Общиналар палатасындагы көпчүлүк opунду ээлеген партиянын лидерин дайындайт. Өкмөт Общиналар палатасынын алдында жооптуу. Провинцияларды бaшкapуу лeйтeнaнт-губepнaтopлop тарабынан ишке ашырылат. Аларды провинциялык өкмөттүн сунушу боюнча генерал-губepнaтop дайындайт. Провинцияларда бир пaлaтaлуу мыйзам чыгapуу жыйыны иштейт. Жергиликтүү өз алдынча бaшкapуу органдарына графтык жана oкpугдук кеңештер, муниципaлитeттep кирет. Канадада негизинен көп пapтиялуу система opун алган. Саясий партиялары – Либералдар партиясы. Консерваторлор партиясы. Квебек партиясы. Жаңы демократиялык партия. 

Жээктери Түндүк жана түндүк-чыгышында түздүктүү жана бир аз тилмеленген (айрыкча Гудзoн булуңунун жээктери). чыгышында тик, негизинен фьорддуу (Баффин жарым аралы, Лабрадор жарым аралы, Ньюфаундленд аралы), батышында тоолуу, булуңдар – фьорддор менен терең тилмеленген. Канаданын аймагынын басымдуу бөлүгү түздүктүү рельефи менен өзгөчөлөнөт; батышында жазылыгы 1000 кмге жеткен Канада Кордильерасы тоолуу тилкеси (Түндүк Америка Кордильерасынын бир бөлүгү) созулуп жатат. Бардык жеринде антропогендик муз каптоонун издери кеңири таралган. Азыркы көп жылдык тоң тоо тектери өлкөнүн жарымына жакын аймагын ээлейт. Түндүгүндөгү көп жылдык тоң текши каптаган зонадагы анын калыңдыгы 400 мге жетет. Өлкөнүн Түндүк четинде жайгашкан Канадалык Арктика архипелагынын көптөгөн аралдары кысыктардын татаал системасы менен бөлүнүп, негизинен дөбө-түздүктүү рельеф (Банкс, Виктория жана башка аралдарга) мүнөздүү. Архипелагдын чыгыш бөлүгүнүн аралдары негизинен тоолуу (бийиктиги Элсмир аралында 2926 мге жетет) жана мөңгүлүү (Элсмир, Баффин Жери, Девон, АксельХейберг жана башка). Материктин зор бөлүгүн, Лабрадор жарым аралын кошо Лаврентий дөңсөөсү ээлейт; ага дөбөлүү рельеф (Орточо бийиктиги 200–500 м), арасында бийиктиги 900–1000 мге жеткен калдык дөңсөөлөр кездешет. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары (кой маңдай таштар, друмлиндер жана башка), ошондой эле көлдөр жана саздар кеңири таралган. Лаврентий дөңсөөсүнүн батыш жана чыгыш чет-жакаларында ири көлдөр – Чоң Аюулуу көл, Чоң Эрксиз көл, Атабаска көлү, Виннипег, Жогорку көл, Гурон жана башка жайгашкан; алар негизинен мөңгү-тектоникалык жана мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр. Гудзон булуңунун түштүк-батыш жээгинде жазылыгы 500 кмге жеткен өтө саздуу, тегиз түздүк жайгашкан. Канада Кордильерасынын чыгыш этеги менен Лаврентий дөңсөөсүнүн аралыгында Канаданын Ички түздүктөрүнүн тилкеси (Улуу түздүктөрдүн Түндүк бөлүгү) созулуп, батыштан чыгышты карай 1000 мден 200 мге чейин жапыздайт. Катмарлуу түздүктөр, куэста жалдары, дөбөдөңсөөлөр кеңири таралган; Канада Кордильерасынын этек тоолоруна эрозиялык тилмеленүүгө өтө дуушарланган бийик түздүктөр, айрым жерлерине бедленддер мүнөздүү. Өлкөнүн түштүк-чыгышын ээлеген Түндүк Аппалачи тоолорунун (бийиктиги 1268 мге чейин, Нотр-Дам чокусу) жана Ньюфаундленд аралынын рельефинде денудациялык түздүктөр, дөңсөөлөр жа бөксө тоолор (бийиктиги 500–800 м) басымдуулук кылат. Эң түштүгүндө Онтарио жарым аралынын куэста түзүлүштөгү түздүктөрү жайгашкан. Канада Кордильерасы тоолуу алкагына эрозиялык терең тилмеленүү, реликт жана азыркы тоо-мөңгү рельефинин формалары мүнөздүү. Канада Кордильерасынын орографиясына негизинен узатасынан созулган 3 зона мүнөздүү: батыш зонасы – Ыйык Илья тоолору (бийиктиги 5951 мге чейин, Логан чокусу Канаданын эң бийик жери), Жээк кырка тоолору (3994 м, Уоддингтон чокусу); Канада Кордильерасынын Ички платолорун – денудациялык Юкон, лавалуу Фрейзер жана Нечако платолорун камтыйт; чыгыш зонасын — Маккензи жана Аскалуу тоолору түзөт (3954 м, Робсон тоосу).

Канаданын басымдуу бөлүгүнүн аймагын байыркы Түндүк Америка платформасынын Түндүк бөлүгү ээлейт. Платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти анын Борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө жер бетине чыгып, Канада калканын түзөт. Ал чыгышынан Каледон (Түндүк Аппалачи), түндүгүнөн Иннуит бүктөлүү структуралары (Канадалык Арктика архипелагынын Түндүк аралдары) менен чектешет. Өлкөнүн батышындагы Канада Кордильерасы мезозой-кайнозой тектоникалык структурасына таандык. Канада түрдүү кен байлыктарга бай: цинк (жалпы запасы боюнча дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда), вольфрам (Кытайдан кийинки 2-орунда), уран (Австралия, Казакстандан кийинки 3-орунда), коргошун (Австралия, АКШ, Казакстандан кийинки 4-орунда), нефть (Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), газ, никель, жез, темир, алтын, калий тузу, молибден, алмаз ж. б.
Канаданын аймагынын басымдуу бөлүгү субарктика жана мелүүн климаттык алкактарда, түндүк чети гана арктика алкагында жайгашкан. Климаттын сезондуулугу даана байкалат, батыштан соккон аба массасы үстөмдүк кылат, аба ырайы кескин өзгөрүп турган циклондук аракет мүнөздүү. Арктика аба массасы чыгыштагы түздүктүү аймактарга зор таасир тийгизет, ага ошондой эле кургактыкка терең (50–51о түндүк кеңдикке чейин) булуңу да өбөлгө түзөт. Январдын орточо температурасы Канадалык Арктика архипелагынын түндүгүндө –35оСден Атлантиканын жээктеринде –7... –12оСге, Тынч океандын жээктеринде 0–4оСге чейин; июлдун орточо температурасы жогорку тартипте 4оС, 18–21оС, 13–16оС. Аскалуу тоонун этектеринде (Маккензи өрөөнүндө) жайкы температура ошол эле кеңдиктердеги чыгыш аймактардан 2–6оСге жогору. Канада Кордильерасынын түштүк бөлүгүндөгү деңиз таасиринен алыс жайгашкан тоо аралык өрөөндөрдө жа этек тоолордо сутка ичиндеги орточо температура 32оСден жогору болушу мүмкүн. Жаан-чачын мол жааган жерлери – Тынч океандын жээги (2500 мм) жана Атлантика жээгиндеги аймактар (1000–1200 мм), калган жерлеринде 500 мм, арктика аралдарында 150 ммден аз. Кар катмары өлкөнүн бардык аймагында байкалат, калыңдыгы 150 см жана андан ашат (Лабрадор жарым аралында). Канаданын 70%ке жакын аймагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бышып жетилүү чегинен түндүк тарапта жайгашкан; бирок түштүк аймактарында арктика абасы киргенде үшүк жүрүшү, ошондой эле түштүк-чыгышындагы түздүктөрдө кургакчылык болушу да мүмкүн. Азыркы муздуктарынын жалпы аянты 195 миң км2, анын 146,5 км2и Канадалык Арктика архипелагында. Тоо мөңгүлөрү Ыйык Илья, Жээк жана Аскалуу тоолордо жайгашкан. Дарыя тармактары жыш. Алар негизинен кар-жамгыр сууларынан куралат, түздүктөрүндө суусу жазында кирип, Кордильерада жайында ташкындайт. Дарыяларын түштүгүндө 2,5–3 ай, түндүгүндө 8–9 ай муз каптайт. Канаданын жеринин 2/3 син түзгөн түздүктүү аймагы Атлантика жа Түндүк Муз океандарынын алаптарына кирет. Мында татаал көл-дарыя системасы түзүлүп, зор аймакта агымды пайда кылат. Алардын ирилери: Ыйык Лаврентий дарыясы. Улуу көлдөр менен кошо (Канадага анын акваториясынын 1/3и гана таандык), жалпы узундугу 3 миң кмден ашык; Финли – Пис-Ривер – Эрксиз – Макензи дарыясы Кичи Эрксиз, Атабаска, Чоң Эрксиз көлдөрү менен кошо; Боу – Саскачеван – Нельсон дарыялары Боу, Сидар, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба, Кросс көлдөрү менен кошо. Тынч океандын алабына кирген тоолуу батыштын дарыялары адатта кыска, өрөөндөрү кууш жана терең; ирилери – Фрейзер жана жогорку агымдары Канадага таандык – Юкон, Колумбия дарыялары. Канаданын тоо жана түздүк дарыялары кеме каттоого негизинен ыңгайсыз, бирок суу энергиясына бай. Өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 50–65 млн кВт чамасында, анын 25 млн кВттан ашыгы пайдаланылат. Бардык дарыяларынын жылдык агымынын көлөмү 1207 км3. Көлдөрдүн көптүгүнөн дарыя агымдары жакшы жөнгө салынган. 200дөн ашык ири көлү бар. Түздүктөгү көлдөр негизинен реликт, мөңгүнүн аракетинен же мөңгү тектоникалык, тоо көлдөрү – тектоникалык жана мөңгү-тектоникалык кыймылдардан пайда болгон.

Өлкөнүн Түндүк четин (Канадалык Арктика архипелагынын Түндүк аралдарын) ээлеген арктикалык чөл зонасында сейрек эңилчек жана айрым чөп өсүмдүктөрү өсөт. Ал түштүгүрөөктө мамык чөп-эңилчектүү жана мамык чөп-бадалчалуу тундра зонасы менен алмашат. Тундра зонасы Канадалык Арктика архипелагынын Түштүк аралдарын жана материктик жээкти ээлейт. Андан түштүктө Кордильеранын этегинен Атлантиканын жээгине чейин тоң-тайга, көбүнчө таштак топурактуу токойлуу тундра жана сейрек токой зонасы созулуп жатат. Токойлуу тундра түштүктө күл, айрым жерлеринде саз топурактуу, ак жана кара карагай, америка кара карагайы (лиственница), Банкс кызыл карагайы, бальзам көк карагайы басымдуулук кылган тайга зонасы менен алмашат. Борбордук аймагынын түштүгүн токойлуу талаа жана талаа зоналары ээлейт; алардын түндүгүнө парк сымал таралган байтеректүү токой мүнөздүү, түштүгүндө кургак талаа өсүмдүктөрү (ак кылкан, грам чөбү) басымдуу. Бул аймактагы күрдүү токойдун боз, шалбаанын кара, кара жана каштан топурактары айыл чарбасында кеңири пайдаланылат. Талаа зонасынын жарымынан ашыгы айдалат. Өлкөнүн түштүк-чыгыш чет-жакасында, тайгадан түштүгүрөөк күл жана токойдун коңур топурактары мүнөздүү ийне-жазы жалбырактуу токой зонасы жатат. Мында токой салыштырмалуу жетүүгө татаал жерлерде (Аппалачи дөңсөөлөрүндө) сакталган, ал эми күрдүү топурактуу түзөң аймактары (Ыйык Лаврентий дарыясынын түздүктүү өрөөнү жана Онтарио жарым аралы) айыл чарбасында пайдаланылат же курулуш текши ээлейт. Кордильера тоолоруна топурак, өсүмдүктөрдүн бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. Түндүгүндө өрөөндөрдүн тоо-тайга токою тоо капталдарында тоо-тайга сейрек токою менен алмашып, андан жогору тоо тундрасына өтөт. Түштүктө, ички тоолуу аймактарда өрөөндөр тоо талаасы менен капталган, ал өйдө карай тоонун токойлуу талаасы (парк токойлору), тоонун ийне жалбырактуу токою, субальп ийне жалбырактуу токою жана альп шалбаасы зоналары менен алмашат. Кордильера тоолорунун Тынч океанды караган капталдары этегинен кырларына чейин бийик өскөн жээк токойлору (бийик туя, батыш гемлогу, дугласия көк карагайы, ситхин карагайы, бийик көк карагай жана башка өтө продуктулуу түрлөрү) менен капталган. Токой өлкөнүн жалпы аянтынын 1/3 бөлүгүнөн ашыгын, ал эми өнөр-жайлык мааниси бар баалуу токой 1/4 ин ээлейт. Канадалык Арктика архипелагын жана материктин тундра зонасын карибу бугусу, мускус бодосу, ак аюу, көгүш түлкү, лемминг, арктика коёну, тундра чили, уюл үкүсү, тайганы, ошондой эле токойлуу тундраны багыш, токой бугусу, бизон, кызыл тыйын чычкан, абырган, чүткөр, коён, суусар, аюу, сүлөөсүн, кызыл түлкү, карышкыр, куну, өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү ийне-жазы жалбырактуу токойду виргиния бугусу, уапити бугусу, суур, коён, жанат, боз тыйын чычкан, кызыл сүлөөсүн, түштүктөгү токойсуз аймактарды бугу, айры мүйүз антилопа, тыйын чычкандар, кандек чычкан, ач күсөн, талаа түлкүсү, кашкулак, койот мекендейт. Кордильера тоолорунда айбанаттардын бийик тоолордо жашаган түрлөрү басымдуу: тоо теке, тоо эчки, гризли аюусу, пума. Дарыялары, көлдөрү, ошондой эле жээк суулары балыкка бай.

Канаданын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү ландшафттын антропогендик өзгөрүүсүнөн кыйла жапа чеккен (айрыкча өлкөнүн түштүгү). 21-кылымдын башталышында өлкөнүн 25%ке жакын аймагынын табияты өзгөрүүгө дуушарланган. Экологиялык эң татаал кырдаал Онтарио жарым аралынын түздүктөрүндө жана Ыйык Лаврентий дарыясынын өрөөнүндө түзүлгөн, анткени ал жерлерде Канаданын калкынын 1/2и жашап, эң ири шаарлары жана негизги өнөр-жай борборлору орун алган. Мындагы табигый жазы жалбырактуу токою айыл чарба өсүмдүктөрү жана курулуш менен алмашкан. Эң актуалдуу проблема – атмосферанын, суунун жана топурак кыртышынын булганышы; ага кислоталуу жаан-чачын да кошулат, анын жарымы АКШнын чыгыш аймактарынан келет. Көл суусунун булгануусу, балыкты ашыкча кармоо жана анын урук таштоо жайынын бузулушу, жырткыч миноганын каналдар системасы аркылуу таралып, баалуу промыселдик балыктарды (жилингир, сига) жеп салышы Улуу көлдөрдүн ихтиофаунасынын жалпы деградациясына алып келди. Натыйжада суу жээктеринде жашаган жаныбарлар популяциясы (кундуз, америка суу суусары) кыскарып, куштардын көп түрлөрү жоголуп кетти. Атлантиканын жээк сууларынын булганышы деңиз балыкчылыгынын өнүгүүсүнүн негизин түзгөн – тресканын азайышына өбөлгө түздү. Урбанизациянын күчөшүнөн калкты ичүүгө жарамдуу таза суу менен камсыз кылуу проблемасы пайда болду. Тайгадагы негизги экологиялык проблема – жыгач даярдоого жана кислоталуу жаан-чачынга байланыштуу токой массивдеринин деградациясы. Кордильера тоолорундагы бийик өскөн дарактардан жыгач көп даярдалгандыктан, токой аянты кескин кыскарууда. Өлкөдө жылына 100 млн м3 жыгач даярдалат. Тоо этегиндеги талааларда ландшафттын антропогендик өзгөрүүлөрү басымдуулук кылат. Мында айдоо жердин 60%и, жайыттын 80%и жайгашкан, кен казылып алынат, ири шаарлар жайгашкан, көптөгөн транспорттук коммуникациялар жана куурлар өтөт. Кургакчыл климаттын жана антропогендик жогорку басымдын шартында топурак кыртышынын эрозиясы, курулуш жана коммуникация үчүн тартып алынган күрдүү жерлерди жоготуу экологиялык жактан өтө коркунучтуу. Канадалык Арктикада жергиликтүү элдердин салттуу промысели (балык кармоо, деңиз промысели жана бугу чарбасы) үчүн экологиялык коркунучту атмнын жалпы циркуляциясынын натыйжасында жааган радийактивдүү заттар, ошондой эле тирүү организмдердин ткандарында топтолгон органикалык туруктуу булгагычтар түзөт. 1970-жылы кабыл алынган Арктика сууларын коргоо законуна ылайык нефть-газ кендерин казып алуу токтотулгандыгына жана Канадалык-Арктика архипелагынын кысыктары аркылуу нефть менен газды ташууга тыюу салынгандыгына карабастан, али да болсо деңиз сууларынын нефть продуктулары менен булгануу коркунучу бар; анын үстүнө Маккензи дарыясынын өрөөнүндө да нефть кендери өздөштүрүлүп жатат. Канаданын коргоого алынган табигый аймагы кургактыктын 98,3 млн гасын, жээкке жакын деңиз акваториясынын 3,8 млн гасын ээлейт (2005); анын ичинде өлкөнүн аянтынын 7%и улуттук жана провинциялык парктарга таандык. Коргоого алынган ири аймактардын көбү Түндүк тарапта жайгашкан; аларга Баффин жериндеги Вуд-Баффало (дүйнөдөгү ири парктардын бири), Ауюиттук (аянты 2 млн гадан ашык), Түндүк Юкон (1 млн га), Аскалуу тоолордун Тынч океандык капталындагы Йохо улуттук парктары кирет. Аянты эң чоң – Райдинг-Маунтин (1,332 млн га), Саутвест-Нова (1,546 млн га), ошондой эле 2000-жылдарда уюшулган Гурон көлүнүн жээгиндеги Жоржия бухтасы, өлкөнүн атлантикалык бөлүгүндөгү Фанди жана МакуаганУабишка резерваттары ЮНЕСКОнун 15 биосфералык коругуна кирет. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Вуд-Баффало, Наханни, Мигуаша, Грос-Морн улуттук парктары, Дайносор провинциялык паркы, Канада Аскалуу тоолорунун парктары, ошондой эле АКШнын аймагында жайгашкан – Клуэйн, Врангель тоолору, Ыйык Илья тоолору, Глейшер-Бей парктары жана резерваттары, Уотертон-Глейшер эл аралык тынчтык паркы кирген. Канада экологиялык коопсуздук, токой ресурстарын пайдалануу жана башкаруу боюнча эл аралык эрежени түзүү, деңиз чөйрөсүн жана жээк зоналарын коргоо боюнча маселелерди эл аралык деңгээлде курч коюуда.

Канада аймагына адамдар мындан 12 миң жыл мурда отурукташа баштаган. Анын байыркы калкы эскимостор жана индейлер деп эсептелет. Палеоиндей мезгилине (11,5–8 миң жыл мурда) таандык Олд-Кроу, Блуфиш-Кейв жана башка байыркы археологиялык эстеликтер жана Гудзон булуңунун Түндүк жана түндүк-батыш жээгинде (мисалы, Дорсет маданияты), Улуу көлдөрдүн айланасында, Ыйык Лаврентий дарыясынын алабында жаңы эранын чегинде архаика (8–2 миң жыл мурда) мезгилиндеги археологиялык маданияттар, анын ичинде Вудленд мадтынын түрлөрү пайда болуп, жергиликтүү эл негизинен жер иштетип, балык кармап, карапачылык менен кесиптенишкен. 10–11 -кылымдарда Лабрадор жана Нью-фаундленд аралынын жээктерине келип, Ньюфаундлендге соода колониясын негиздөөгө аракет жасаган. Бирок жергиликтүү калктын каршылыгынан улам викингдердин бул максаты ишке ашкан эмес. Улуу географиялык ачылыштар доорунда европалык державалардын Түндүк Американы колониялаштыруусу башталган. 1497-жылы англиялык королго кызмат кылган итальян Жон Кабот Ньюфаундленд аралынын жээгине жетип, бул жерди Англия ээлиги деп жарыялаган. 1524-жылы флоренциялык Ж. Верраццано жетектеген француз экспедициясы Жаңы Шотландия жана Ньюфаундленд анын жээктерине келген. 17-кылымдын башында англичандар Гудзон жана Жеймс булуңдарынын жээктеринен орун-очок алып, континенттин түштүк-чыгышын өздөштүрө баштаган. 1534-жылы француздук деңиз саякатчысы Жак Картье Гаспе жарым аралына келип, Франция королунун жана католик чиркөөсүнүн бийлигин билдирген крест тургузуп, бул жерлер Францияга тиешелүү деп жарыялаган. 1541–42-жылы француздар индейлердин Стадакона кыштагына жакын жерге чакан колония негиздешкен. 1б05-жылы Канадада алгачкы француздук Пор-Руаяль (азыркы Жаңы Шотландия), 1608-жылы Квебек кыштагы (саякатчы, картограф жана изилдөөчү С. де Шамплейндин демилгеси менен) пайда болуп, кийин француздук колониянын (Жаңы Франция) борборуна айланган. 1608–63-жылдары француздук колонияларда Франциянын ар кайсы шаарынан келген соодагерлер жеке соода компаниялары менен биригип, колониялык саясат жүргүзүшкөн. 1627– 63-жылдары кардинал Ришелье түзгөн жеке коммерциялык Жүз акционерлер компаниясы Жаңы Францияны башкарган. Бирок колониячылардын санынын аздыгынан (3 миң кишидей) басып алган жерлер иштетилбей, ошондой эле жергиликтүү калктын, англичандар менен француздардын тирешүүлөрү француз колониячыларына киреше алып келген эмес. 1663-жылы Канадада калктын санын көбөйтүү жана француздардын таасирин күчөтүү максатында Франциянын королу Людовик XIV Жаңы Францияны королдун провинциясы деп жарыялап, колониялык администрацияга чексиз бийлик берилген. Колонияны коргоого жана тышкы иштерине губернатор, ал эми жарандык, сот акыйкаты жана каржы иштерине интендант жооптуу болгон. Жогорку Кеңеш королдун жарлыктарын таратып, колониялык соттук аппеляциялык инстанция кызматын аткарган. Жаңы Франциянын өнүгүшүнө анын биринчи губернатору Л. де Фронтенак, интендант Ж. Талон жана епископ Ф. Лаваль чоң салым кошушкан. 16-кылымдын 80-жылдарында Ньюфаундленд а. англиялык ээлик деп жарыяланып, 17-кылымдын 20-жылдарында Канадада англиялык биринчи колония (Жаңы Шотландия) пайда болгон. 17–18-кылымдарда Англия менен Франциянын Канада үчүн согуштары узакка созулган. Жети жылдык согушта (1756–63) жеңилген Франция Улуу Британияга 70 миң калкы менен Канаданы берүүгө аргасыз болуп, Квебек провинциясына айландырылган. Квебекте британдык колониялык администрация түзүлүп, француз калкы англичандарга баш ийген абалда калып, француз-католиктер бийликтен четтетилген. Түндүк Америкада көз каранды эместик үчүн болгон согуш (1775–83) башталар алдында революциялык идеялардан «коргоо» максатында англис администрациясы француз калкынын жана чиркөө өкүлдөрүнүн укуктарын кеңейткен. Бирок америкалык аскерлердин Квебектеги согуштук компаниясы (1775–76) ишке ашкан эмес. АКШ түзүлгөндөн кийин революциядан чочулаган 40 миңдей лоялист Квебек жана Жаңы Шотландия аймактарына качып барган, кийин алардын урпактары англис канадалык улуттун негизин түзгөн. 1784-жылы алар жашаган жерде өзүнчө Нью-Брансуик провинциясы пайда болгон.

Канада дүйнөдө экономикасы өнүккөн башкы өлкөлөрдүн тобуна кирет. Ички дүң продукциясынын (ИДП) жалпы көлөмү (1266 млрд АКШ доллары) боюнча Канада дүйнөдө 13-орунда; ИДПнин көлөмүн киши башына бөлүштүргөндө (38,4 миң доллар) Канада ири мамлекеттердин ичинен АКШдан кийинки орунду ээлейт. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,961 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 4-орунда). 1990-жылдардын ортосунан дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн бири. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 69%, өнөр-жайыныкы жана курулуштуку 29%, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 2% (2006). ИДПнин өсүүсү 2,5% (2007). Канаданын чарбалык системасына таасирин тийгизген негизги факторлор: АКШ менен чектеш жайгашып, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык интеграциянын туруктуу өнүгүүсү; аймагынын чоңдугу жана калкынын салыштырмалуу аздыгы; табигый ресурстарга байлыгы; капитал импортунун жана иммиграциянын маанилүүлүгү. Түндүк Америкада дүйнөдөгү эң ири аймактык чарбалык комплекс Канада менен АКШнын ортосундагы Эркин соода макулдашуусу күчүнө киргенден (1989) тез өнүгө баштады. 1994-жылдан АКШ, Канада жана Мексиканын катышуусу менен Эркин соода жөнүндө Түндүк Америка келишими (НАФТА) иштеп, Канаданын экономикасында АКШнын таасири күчөй баштады.

Өнөр-жайынын эң өнүккөн тармактары: казып алуу, энергетика, түстүү металлургия, машина куруу (негизинен транспорттук), химиялык жана нефть-химиялык, токой, жыгач иштетүү жана кебез-кездеме өнөр-жайы. Казып алуу өнөр-жай – өлкөнүн негизги тармактарынын бири, негизинен экспортко багытталган (казып алынган сырьёнун 80%и сыртка сатылат) минералдык сырьёнун 60ка жакын түрүн чыгарат. Канада энергия ресурстарына болгон ички муктаждыгын толук камсыз кылат. Энергия пайдалануу структурасында нефтинин үлүшү 30,6%, табигый газдыкы 27,0%, гидроэнергияныкы 24,6%, таш көмүрдүкү 10,8%, атом энергиясыныкы 7,0% (2006). 2006-жылы 151,3 млн т нефть (дүйнөдө 8-орунда), 190 млрд м3 газ казылып алынган (дүйнөдө Россия, АКШдан кийинки 3-орунда). Нефть менен газ казып алынуучу негизги региону – Альберта провинциясы. 2006-жылы 62,9 млн т таш көмүр казылып алынган; казылып алынуучу негизги аймактары: Альберта (50%и), Британия Колумбиясы (30%и), Саскачеван (15%и) провинциялары. Канада уран рудасын казып алуу (12,6 миң т ) жана анын концентратын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Дүйнөлүк урандын 30%ке жакыны Саскачеван провинциясынан казылып алынат; башка ири кендери: Мак-Артур-Ривер, Раббит-Лейк, Мак-Клин-Лейк, Сигар-Лейк (запасы боюнча дүйнөдөгү ири кендердин бири).
Электр энергиясын өндүрүү боюнча (616 млрд кВт.с; 2006) Канада дүйнөлүк алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Электр энергиясынын 62%и ГЭСтен, 20%и ЖЭСтен, 15,6%и АЭСтен, калган бөлүгү башка энергия булактарынан өндүрүлөт.
Канада – электр энергияны ГЭСтен өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер (ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 67 млн кВттан ашык). Дүйнөдөгү эң ири гидрокурулуш – 8 ГЭСтен турган каскад (кубаттуулугу 16 миң МВттан ашык) Ла-Гранд дарыясында жана анын куймаларында (Квебек провинциясында) курулган. Ири ЖЭСтер жайгашкан шаарлар: Нантикок (кубаттуулугу 4000 мВттан ашык; Түндүк Америкадагы эң ири ЖЭС, көмүрдө иштейт; Онтарио провинциясында), Ламбтон (2000 МВт чамасында; көмүрдө иштейт; Квебек провинциясында), Леннокс (2140 МВт; газда иштейт; Онтарио провинциясында). Атомдук энергетика өлкөнүн өзүнүн сырьёсунда иштейт. Эң ири АЭСтери Онтарио провинциясында жайгашкан.

Металлургия — иштеп чыгуучу өнөр-жайынын негизги тармактарынын бири; жергиликтүү сырьёлордо иштеп, продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. Темир кен таштары (17,9 млн т металл) Кэрол-Лейк (Ньюфаундленд, Лабрадор провинцияларында) жана Маунт-Райт (Квебек провинциясында) кендеринен казылып алынат; темир концентраты, окатыш, чоюн, болот, феррокуйма, прокат өндүрүлөт. Түстүү металлдардан кобальттуу жезникель, полиметалл, жез-молибден кен таштары казылып алынат. Түстүү металлдардан цинк (дүйнөдө Кытай, Австралия, Перудан кийинки 4орунда), жез, никель (Россия, Австралиядан кийинки 3-орунда), коргошун, молибден, кобальт, күмүш, селен казылып алынат. Алгачкы алюминийди өндүрүү (2,9 млн т ; Бразилия жана Австралия сырьёлорунда иштейт) маанилүү орунда; негизинен Квебек провинциясынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, ошондой эле Китмат шаарында өндүрүлөт. Калий тузун казып алуу (10,6 млн т ) боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт; жалпысынан 10 ири кени бар; алардын негизгилери Саскачеван жана Нью-Брансуик провинцияларында. 2005-жылы 243 млн т асбест казылып алынган (Россия, Кытай жана Казакстандан кийинки 4-орунда); кендери негизинен Квебек провинциясынын Түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Алмаз казып алуу (12,3 млн т ; 2005) боюнча дүйнөдө Ботсвана, Россия жана Австралиядан кийинки 4орунда; негизги кендери: Дайавик, Экати, Жерико, Снап-Лейк.

Машина куруу өнөр-жай (иштеп чыгаруучу өнөр-жай продукциясынын наркынын 1/4 ин түзөт) негизинен транспорт каражаттарын, авиакосмос техникасын, электрондук продукцияларды, телекоммуникация жабдууларын чыгарууга адистешкен. Автомобиль куруу ишканалары (өнөр-жай продукциясынын 12,5%и) негизинен Онтарио провинциясынын Түштүк бөлүгүндө топтолгон. 2005-жылы 2,5 млн жеңил автомобиль чыгарган (продукциясынын наркы 65 млрд доллардан ашык). Жүк ташуучу оор автомобиль, шасси жана автобустар (продукциясынын наркы 3,7 млрд доллардан ашык) 35 ишканада чыгарылат. Канада авиакосмос техникаларын (аэробус, самолёт, самолёт-амфибия), ылдам жүрүүчү поезд жана темир жол кыймылдуу курамын (ылдам жүрүүчү экспресс жана анын локомотивдерин, метрополитен үчүн кыймылдуу курам) чыгарат. Электрондук өнөр-жай да тез өнүгүүдө: телекоммуникация жабдууларын, компьютер жана башка офис техникаларын чыгарат, ошондой эле кеме куруу жана кеме ремонттоо да өнүккөн. Машина куруу ишканалары, ошондой эле электр-энергетика, казып алуучу тармактар, токой өнөр-жай ишканалары үчүн жабдууларды чыгарат. Химиялык жана нефть-химия өнөр-жай өзүнүн сырьёсу менен иштейт. Органикалык синтездин (этилен, пропилен, түрдүү полимерлер, синтетикалык була, пластмасса жана башка) жана негизги химиянын түрдүү продукцияларын, минералдык жер семирткич жана башка чыгарат. Канада минералдык жер семирткич чыгарган дүйнөдөгү башкы өлкө болуп саналат; ишканаларынын 80%тен ашыгы Альберта провинциясында жайгашкан. Минералдык жер семирткичтин жарымынан көбү (86%и АКШга) экспорттолот. Токой, жыгач иштетүү жана целлюлоза-кагаз өнөр-жай үчүн токой ресурстары арбын. Токой негизинен мамлекеттик менчикте; 21-кылымдын башында 190 миң м3ге жакын жыгач, анын ичинде 150 миң м3 таарынды жана бекемдөөчү материалдар, 30 миң мЗден ашык целлюлоза үчүн жыгач даярдалган. Целлюлоза-кагаз өнөр-жай ишканалары (бардыгы 155тен ашык, көбү ири ишканалар) кагаз менен картондун түрлөрүн чыгарат (продукциясынын наркы 25 млрд доллардан ашык). Ишканаларынын 2/3 си өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө (ири ГЭСтерге жакын), ошондой эле Канаданын Түштүк-батышында (Британия Колумбиясынын аймагында) топтолгон. Тармактын продукциясынын негизги кардары –кийим, булгаары буюмдар жана бут кийим өндүрүштөрү Монреалда (50%тен ашыгы), ошондой эле Торонто, Ванкувер, Виннипег шаарында топтолгон.

Тамак-аш өнөр-жай негизинен өзүнүн айыл чарба сырьёлорун (эт, сүт, дан) иштетүүгө багытталган. Ошондой эле пиво, этил спиртин жана спирт ичимдиктерин (виски, ром, жин, ликёр) чыгарат. Балык иштетүүчү көптөгөн ишканалары өлкөнүн чыгыш жана түштүк-батыш жээк аймактарында жайгашкан. Канада – айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири; азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички муктаждыкты толук камсыз кылат. Агрардык продукцияны экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт (айыл чарба продукциясынын 1/2и экспорттолот). Канаданын агрардык секторуна – адистешүүнүн жогорку деңгээли, өндүрүшүнүн топтолушу (иштетилүүчү жердин 75%ке жакыны түштүктөгү Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларындагы талааларга туура келет), механикалаштыруу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулугу мүнөздүү. Айыл чарбага жарактуу жеринин аянты 68 млн га (Канаданын аймагынын 7,4%и), анын 53%и айдоо, 47%и шалбаа жана жайыт. Фермер чарбалары басымдуу (алардын саны 2006-жылы 229 миңден ашык болгон); фермерлердин 95%тен ашыгынын жеке менчик жерлери бар, калгандары жерди ижарага алып иштетет. Айыл чарба продукцияларын негизги өндүрүүчүлөр – адистешкен ири чарбалар; ферма жеринин орточо өлчөмү 300 га. Азыркы айыл чарба техникалары кеңири пайдаланылат, бирок фермалардын жеринин өтө чоңдугуна байланыштуу 1000 га жерге туура келген трактордун саны боюнча (1000 га жерге 16 трактор) жогорку өнүккөн өлкөлөрдөн өтө артта калган.
Башкы тармагы – мал чарбасы (айыл чарба продукциясынын наркынын 60%тен ашыгы); анда эт жана сүт багытындагы мал, чочко, үй кушу жана кой асыралат. 2007-жылы 15,9 млн бодо мал (сааны 1,5 млн), 14,5 млн чочко, 0,6 млн кой, 660 млндон ашык үй кушу болгон. Мал чарбасы өндүргөн продукциялардын негизги түрлөрү: 7,6 млрд л сүт (каймагы менен кошо), 32,6 млн т уй эти, 1,5 млн т торпок эти, 50 млн т чочко эти, 2,2 млн т кой эти, 58 млн т дан ашык куш эти, 6,9 млрд даана жумуртка даярдалган.
Териси баалуу айбанат чарбасы (продукциясынын наркы 90,2 млн доллар; 2006) жана тери промысели (31,4 млн доллар) да өнүккөн. Айбанат асыроочу фермалары негизинен суу суусарын өстүрүүгө адистешкен (негизинен суу суусарынын, ошондой эле түлкүнүн терилерин даярдайт). Ошондой эле териси үчүн калтар чычкан, куну, суусар, тыйын чычкан, койотко аңчылык кылынат.

Фермалардын көбү Канаданын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Канада буудай жыйноо боюнча (2007-жылы 26,8 млн т ) 5–6-орунду ээлейт. Жыйналган буудайдын 80%ке жакыны экспорттолот. Ошондой эле арпа, канола, жүгөрү, соя, нокот, жашылча, кара күрүч, күн карама, кара буудай жана башка да эгилет. Өлкөнүн түштүгүндөгү айрым жерлерде алма, алмурут, шабдалы, өрүк, алча, гилас өстүрүлөт; жүзүмчүлүк да өнүккөн. Накта канадалык продукт – ак чечек ширеси (2006-жылы 30 млн л өндүрүлгөн; дүйнөлүк өндүрүштүн 80%ке жакыны); ширенин 70%ке жакыны Квебек провинциясында өндүрүлөт. Айыл чарба өндүрүшүнүн башкы аймагы – Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларынын Түштүк бөлүктөрү; негизги адистешүүсү – дан эгиндерин өстүрүү (буудайдын 50%тен ашыгы Саскачеван провинциясынан жыйналат); жайытта багылган эт багытындагы мал жана эт-жүн багытындагы кой чарбалары. Экинчи маанилүү аймагы — Квебек, Онтарио провинцияларынын түштүгү, анда саан уй басымдуулук кылган мал чарбасы, жашылчачылык жана бакчылык (негизинен Ниагара жарым аралында) өнүккөн. Адистешкен айыл чарба бар башка аймактар – Эдуард канзада аралы жана Нью-Брансуик провинциясы (картөшкө), Жаңы Шотландия провинциясы (Аннаполис дарыясынын өрөөнүндө канада алмасынын түшүмүнүн 10%и жыйналат), Британия Колумбиясы провинциясынын түштүгү (Оканоган дарыясынын өрөөнүндө – бакчылык жана жүзүмчүлүк, саан уй), Британия Колумбиясынын Борбордук бөлүгү (негизинен эт багытындагы мал чарбасы).
Балыкчылыктын да мааниси зор. 2004-жылы 600 миң т дан ашык деңиз балыгы (негизинен треска, сельд, лосос, палтус) жана 530 миң т чамасында деңиз продуктулары (краб, омар, устрица) кармалган. Балыкчылык чыгыш провинцияларында жана батышында (кармалган балыктын 1/3 и Британия Колумбиясы провинциясына туура келет) өнүккөн. Канада – тоңдурулган балыкты экспорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири.
Өлкөнүн экономикасынын ири сектору – тейлөө чөйрөсү. Эң маанилүүлөрү – финансы жана ишкердик жактан тейлөөлөр. Финансылык тейлөөлөрдү банк-кредит сектору, камсыздандыруу бизнеси, биржалар жүргүзөт. Ишкер сектору – бухгалтер-аудитор, маалымат-кеңеш берүү, инженер-техникалык, компьютердик, юридикалык жана башка боюнча тейлөөнү камтыйт. Рекреациялык тейлөөнүн жана аны менен байланыштуу мейманкана, ресторан бизнестеринин мааниси зор. 2005-жылы Канадага келген 36 млн туристтин 14,4 млну АКШлыктар; Кытайдан келген туристтердин саны тез өсүүдө. Туризмден түшкөн киреше 14 млрд долларды түзөт. Туризмдин негизги борборлору: Квебек, Монреаль, Торонто, Ванкувер. Туристтерди, ошондой эле табигый объектилер кызыктырат: Ниагара шаркыратмасы (Канаданын аймагындагы – Така сымал шаркыратманын жазылыгы 800 м, бийиктиги 48 м чамасында), Аскалуу тоолордогу Колумбия мөңгүсү, көл ландшафттары. Альберта, Британия Колумбиясы провинцияларында жайгашкан улуттук парктардагы жана коруктардагы экологиялык туризм тез өнүгүүдө.
Канаданын транспорт системасынын өзгөчөлүктөрүн анын чарбасынын жана калкынын аймак боюнча жайгашуу структурасынын бөтөнчөлүгү түзөт: аянты чоң башка өлкөлөргө салыштырмалуу Канадада жүк ташуу чыгымы кыйла жогору, ал эми жүргүнчүлөрдүн каттоосунун Орточо узактыгы төмөн. Өлкөнүн түштүгүндө негизги транспорттук коридор-тилке (Атлантика менен Тынч океанынын жээктериндеги портторду байланыштырган жана жарыш жаткан бир нече темир жана автомобиль жол магистралдары) түзүлгөн. Ошол коридорду жээктей көптөгөн ири транспорт түйүндөрү жайгашып, негизги транспорт агымдары өтөт.

Автомобиль жолунун узундугу 1408,8 миң км (2006); анын 7,3%и – ылдам жүрүү үчүн автомагистралдар жана улуттук шосселер. Өлкөнүн түштүгүндөгү автомобиль жол тармактарынын негизги өзөгү – Трансканада шоссеси (Виктория, Ванкувер аралы/ паромдук катнаш – Ванкувер – Калгари – Режайна – Виннипег – Тандер-Бей – Су-Сент-Мари – Садбери – Оттава – Монреаль – Квебек – Фредериктон – Сидни Майнс / Ньюфаундленд аралына паромдук байланыш) – Чаннел-Порт-о-Баск – Сент-Жонс жана анын Торонто, Галифакс, Эдуард канзада аралына (узундугу 13 км көпүрө аркылуу) кеткен тармактары. Өлкөнүн түндүгүнө меридиан багытында: Руэн – Форт-Жорж (Квебек провинциясы); Виннипег – Гранд-Рапидс – Томпсон – Кинусао (Манитобо провинциясынын түндүгү); Саскатун – Принс-Альберт – Саутенд; Саскатун – Баффало-Нарроус (Саскачеван провинциясынын түндүгү); Эдмонтон – Форт-Мак-Марри — Битьюмаунт (Альберта провинциясынын түндүк-чыгышы) автомагистралдары кетет. Дагы башка маанилүү автомагистралдары арбын.
Деңиз транспорту аркылуу сырткы сооданын кыйла бөлүгү өтөт (экспорттун 64%и, импорттун 42%и). Темир жолунун узундугу 74,6 км (2006). Темир жол тармагы трансканадалык 3 магистралдан турат: Галифакс – Квебек – Кокран – Виннипег – Саскатун – Эдмонтон – Принс-Жорж – Принс-Руперт; Квебек-Монреаль – Торонто – Садбери – Тандер-Бей – Виннипег – Режайна – Калгари – Камлупс – Ванкувер; Квебек – Монреаль – Каприол – Виннипег – Эдмонтон – Ванкувер. Торонто менен Монреалда метрополитен иштейт. Түтүк транспортунун жалпы узундугу 360 миң кмден ашык, анын 316,8 миң кми газ, 45,7 миң кми нефть жана нефть продукту өткөргүч труба. Кеме каттоо Ыйык Лаврентий жана Улуу көлдөр аркылуу өтүп (узундугу 3,8 км), Атлантика океанынын портторун деңиз кемелери Улуу көлдөрдүн порттору менен байланыштырат. Паромдук байланыштар да арбын. 1300дөн ашык аэропорту бар. Ири аэропорттору: Торонто, Ванкувер, Монреаль, Калгари, Эдмонтон.
Канада товарды экспорттоо (дүйнөлүк экспорттун 3,2%и; 2006) жана импорттоо (дүйнөлүк экспорттун 2,9%и) боюнча дүйнөдө 9-орунда. Экспорт наркынын 2/ синен ашыгы (55,6%) иштеп чыгуучу өнөр-жай тармагынын продукциясына туура келет. Экспортко негизинен нефть, газ, көмүр (19,7%), автомобиль куруу өнөр-жайынын продукциялары (16,7%), металлдар жана куймалар (8,1%), токой, жыгач иштетүү жана целлюлоза-кагаз өнөр-жай продукциялары (6,3%), жалпы машина куруу продукциялары (4,9%), авиакуруу продукциялары (4,5%) чыгарылат. Импортунда иштеп чыгаруу өнөр-жай продукциялары басымдуу (78,2%; 2006); анын маанилүүлөрү: автомобиль куруу өнөр-жай продукциялары (19,2%), керектөө товарлары (13,2%), нефть (8,8%), жалпы машина куруу продукциялары (7,6%), химия жана нефтьхимия өнөр-жай продукциялары (7,3%), металлургия өнөр-жай продукциялары (6,9%), айыл чарба жана балык чарба продукциялары (6,1%). Канаданын негизги соода шериги – АКШ (ага экспорттун 79%и, импорттун 54,2%и туура келет; 2007). Башка маанилүү соода шериктери: Кытай (экспорттун 9,4%и, импорттун 2,1%и), Мексика (ирети менен 4,2% жана 1,1%), Япония (3,8% жана 2,1%), Улуу Британия (2,8% жана 2,9%), Норвегия (1,3 жана 0,8%).
Канаданын сырткы соода тейлөөсүнүн экспорттук наркы 57,8 млрд доллар, импорттук наркы 71,7 млрд доллар (2006). Эң маанилүүлөрү – туристтик (экспорттун 25,4%и, импорттун 28,6%и) жана транспорттук (ирети менен 18,5 жа 23,6%) тейлөөлөр.

Канаданын билим берүү системасы бирдей эмес, башталгыч жана орто билим берүү маселеси провинция бийлигинин карамагында. Ар бир провинция өзүнүн билим берүү мыйзамдарына жана башкаруу органдарына (министрликке) ээ. Алардын ишин 1960-жылдан Канада билим берүү министрлер комитети (1967-жылдан билим берүү министрлер кеңеши) башкарат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 4–5 жаштан тарбияланат. Толук орто билим берүү көпчүлүк провинцияларда 12, Манитобе жана Онтариодо 13, Квебекте 11 жылга созулат да, үч баскычтан турат: башталгыч мектеп – 6 жыл (Манитобеде, Онтариодо – 8 жыл), жалпы орто мектеп – 3 жыл, толук орто мектеп – 3 жыл. Окутуу өлкөнүн расмий эки тилинин биринде (англис же француз) жүргүзүлөт. Өлкөдө мамлекеттик жана конфессиялык (католиктик) мектептер бар. Канадада 175ке жакын мамлекеттик жана менчик коллежде 300 миңдей окуучу окуйт. Коллеждер, коомдук, техникалык, жалпы жана кесиптик билим берүү системаларына бөлүнөт. 100гө жакын Жогорку окуу жайлары (университет, университеттик коллеждер) 1,5 млндой студент билим алат. Белгилүү окуу жайлары: Фредериктон шаарындагы Нью-Брансуик провинциясынын университети (эң эски Жогорку окуу жайы, 1785), Торонто (1827), Оттава (1848), Лаваль (1852), Виннипег (1871), Монреаль (187б) жана башка, ошондой эле консерваториялар: Торонто (1886), Монреаль (1942), Квебек (1944) жана башка Ири китепканалары: Виннипегдеги Манитоба юридикалык (1877), Оттавадагы Канада айыл чарба (1910), элдик, академиялык, университеттик, коллеждик жана башка Архивдери: Викториядагы Британдык Колумбия (1893), Виннипегдеги Манитоба (1884), Квебектеги Квебек (1920), Галифакседеги Жаңы Шотландия (1929), Эдмонтондогу Альберта (1963), Фредериктондогу Нью-Брансуик (1968) провинциялары жана башка Канадада 2 миңден ашуун музей жана тарыхый парктар бар. Музейлери: Оттавадагы Улуттук галерея, Монреалдагы Асем өнөр музейи, Торонто көркөм галереясы, Ванкувер, Виктория, Виннипег, Квебек, Калгари, Галифакс музейлери жана башка Канаданын байыркы илимий мекемеси – Оттавадагы Канада королдук коому (1882). Анын курамына Адабият жана гуманитардык илимдер, Социалдык жана гуманитардык илимдер академия илимий-изилдөө мекемелери иштейт.

Канадада күн сайын 100дөн ашык гезиттер чыгат (2006), анын ичинде француздук 11, калгандары англис тилинде. Канаданын эң биринчи гезити 1752-жылы Жаңы Шотландияда чыккан. Ири гезиттери: англиялык «The Toronto Star» (1892-жылдан), улуттук гезиттери: англиялык «Globe and Mail» (1844), «National Post» жана башка Алгачкы журналы «The Nova Scotia Magazine and Comprehensive Review of Literature, Politics and News» (1789–92), англисче жана французча көптөгөн журналдар чыгат. Улуттук башкы кабарлар агентчилиги – Canadian Press (1917-жылы түзүлгөн). Радио уктуруу 1930-жылдардан, телекөрсөтүү 1950-жылдардан Жалпы улуттук маалыматтык радио жана теле берүүнү «Canadian Broadcasting Corporation» корпорациясы ишке ашырат.

Канада адабияты англис жана француз тилдеринде өнүгүүдө. Канадада байыртадан индейлер менен эскимостордун фольклордук салты болгон. 18-кылымдын 2-жарымынан журналистика өнүгө баштап, классикалык духтагы чыгармалар жарык көргөн. 19-кылымдын ортосунда романтизм кеңири жайылып, лирикалык поэзия (Ф. К. Гарно, Н. Обен, О. Ж. Кремази, П. Леме, А. Пуассон жана башка) өнүккөн. Прозада Ж. Мармет, Э. Руссо, Н. Бурасс, Л. Конан жана башка эмгектенген. Адабий монреаль мектебинин түзүлүшү (Ж. Шарбонно, Э. Неллиган) адабиятты жандандырган. 20-кылымдын 20–30-жылдарында Канада адабиятында реализмдин өнүгүшүнө Л. Эмондун «Мария Шанделен» романы нук салган, 20-кылымдын 2-жарымында роман жана повесть, ошондой эле драма өнүккөн. 

Канаданын көркөм маданиятында жергиликтүү элдердин (индейлер менен эскимостордун), Европа жана АКШдан келген келгиндердин искусствосунун салттары сакталган. Тынч океан жээгиндеги индейлер жыгач үйлөрдү курушуп, оймо, сүрөт түшүрүп, чегүү, саймалуу кездеме токуу, жыгач жана самандан бет кеп жасоо, бугу жа багыштын жүнүнөн саймалап өрүү жана башка менен алектенишкен. Европалыктардын келиши менен Канадага Англия менен Франциянын искусствосу жайылган. 17-кылымдан француздук типтеги турак үйлөр, коомдук имараттар (госпиталдар, семинарийлер жана башка) таштан курула баштаган. 17-кылымдын ортосунда Квебекке епископ Лавалдын келиши менен Канадада чиркөөлөр (Орлеан аралында Сен-Лоран 1695; Сен-Пьер 1716; Сан-Фамий 1743—46, жана башка) салынган. 19-кылымдарда Канадада Ж. Демер, Т. Байарже жана башка архитекторлор иштеген. Англис тибиндеги имараттар 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында Дублин, Кингстон, Олд-Ирокуой шаарында таштан салына баштаган. Канаданын сүрөт өнөрүндө алгачкы ийгиликтер француздук кол өнөрчүлөрдүн ишмердиги менен байланышкан. 18-кылымдын аягында Канадада реалисттик пейзаж чеберлери (Ф. Бокур, А. Пламондон Т. Дэйвис, П. Кейн, X. Уотсон, X. Уокер, М. О. де Фуа Сюзор-Коте, М. Каллен жана башка) иштеген. 19-кылымдын 2-жарымынан анча бийик эмес үйлөрү бар түз көчөлүү жаңы шаарлар, аларда америкалык типтеги асман тиреген үйлөр пайда боло баштаган. Өнөр-жай 19-кылымдын 2-жарымы – 20-кылымдын башындагы коомдук жана ишкер комплекстерге неоклассика жана неоготика мүнөздүү. 20-кылымдын 2-жарымында интернационалдык стиль кеңири жайылган [Торонтодогу Доминион-сентер (1964–71, архитектор Л. Мис ван дер Роэ) ишкана комплекси; Оттавадагы улуттук сүрөт борбору (1964–69)]. 20-кылымдын 70-жылдарынан көп функциялуу заманбап имараттар курулууда. 20-кылымда көркөм өнөрүндө шаар жана айыл пейзажы, элдик мотивге каныккан (Ж. У. Моррис, К. Ганьон), скульптура (Ф. Лоринг), графика (Э. Сетон-Томпсон), живопись (Д. Милна), пейзаж (Э. Карр), дизайн жана элдик чыгармачылык өнүгүүдө.

Музыка жергиликтүү калк менен келгиндердин салттык музыкасынын негизинде өнүккөн. Англисканадалыктар менен француз-канадалыктардын музыкасы бири-бирине көз каранды болбой өз алдынча өнүгүүдө. 18-кылымдан чиркөө музыкасы басымдуулук кылса, 19-кылымдан опера оюндары коюла баштаган. 19-кылымдын 2-жарымынан ири шаарларда музыка өнөрү жанданып, ышкыбоздор коому түзүлүп, натыйжада улуттук музыка калыптанган. Канадада алгачкы симфониялык оркестр «Квебек гармоникалык коому» (1819), Торонто (1845–94) жана Монреалда (1875–99) филармониялык коом пайда болгон. Өлкөдө хор маданиятынын өнүгүшүнө Монреалдын Мендельсон хору (1864–94) маанилүү роль ойногон. 19-кылымдын аягында АКШ жана Европадан билим алып, ошол жакта иштеген канадалык профессионал комп-лор, музыкантаткаруучулар (Э. Альбани, Э. Готье жана башка) дүйнөгө таанымал болгон. 19-кылымда К. Лавалле, А. Контан, Г. Кутюр жана башка, 20-кылымдын 1-жарымында «Деирдра» операсын жаратуучу – X. Уиллан, 20-кылымдын 2-жарымында профессионал композиторлор Ж. Бекуит, Н. Бикфорт, Б. Матер, К. Вивье жана башка, пианисттер: Г. Гульд, О. Питерсон жана башка, ырчылар Т. Стратас, Н. Аржента, Й. Виккерс, П. Барца, жана башка пианист жана композитор М. А. Амлен, дирижёр жана виолончелист Ш. Удре, музыка изилдөөчү И. Шартье, Т. Бейли, Т. Макжи жана башка үзүрлүү эмгектенишкен. 20-кылымдын 2-жарымында Канаданын көп шаарларында консерваториялар, симфониялык оркестрлер жана опералык театрлар ачылган. Алгачкы канадалык профессионал хор коллективи «Фестивал Сингерс» (1954). «Тафельмузик» ансамбли (1979, Торонто) дүйнөгө таанылган. Канадада көптөгөн музыкалык эл аралык конкурстар жана фестивалдар өткөрүлүп турат. 1930-жылдардын башында алгачкы балет коллективдери пайда болгон. 1951-жылы Торонтодо С. Франка Канада улуттук балетти негиздеп, кийин ири балет тобуна айланган. 1957-жылы Монреалда ири канадалык балет «Людмила Ширяеванын балети» труппасынын негизинде Канада чоң балети түзүлгөн. 1959-жылы Канада улуттук балет алдында балет мектеби ачылган. Ошондой эле «Виннипег заманбап бийчилери» (1964), Торонто бий театры (1968) жана башка бий труппалары бар. 1985-жылдан Монреалда жаңы бийлердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат.

Канада театр өнөрү 17-кылымдан өнүгө баштаган. 1б06-жылы Пор-Руаяль кышаарындагы «Нептун» театрында М. Лескарбонун ыр түрүндөгү «Деңиз маскасы» пьесасы коюлган. 1788-жылы Галифакс гарнизонунда өткөрүлгөн Р. Шеридандын «Ушакчылар мектеби» спектаклинде офицерлер аялдардын ролун аткарышкан. 1789-жылы Галифакста, 1820-жылы Торонтодо, 1825-ж. Монреалда, Квебекте, 1862-жылы Виктория жана Гамильтон шаарында театр курулган. Театр труппаларынын репертуарына канадалык драматургдардын (Ж. Кенель, Ч. Хевисиж, Ч. Мейр) чыгармалары кирген. 1-дүйнөлүк согушка чейин өлкөдө профессионал театрлардын көчүп жүрмө системасы кеңири тараган. 1940-жылдардын аягында ири шаарларда (Монреаль, Торонто, Оттава) профессионал театрлар иштей баштаган. Театр фестивалдары өткөрүлүп турат.

Канада аймагында алгачкы фильмди 1898-жылы Т. А. Эдисондун кесиптештери тарткан. 1900-жылдары өлкөгө иммигранттарды кызыктыруу максаты менен документалдуу фильмдер тартыла баштаган. 1906-жылы Монреалда алгачкы кинотеатр ачылган. И. П. Салливен жана У. Х. Кованонун биринчи тарткан оюн фильми – «Эванжелина» (1914). 1922-жылы америкалык Р. Флаэрти эскимостордун жашоо-турмушу жөнүндө «Түндүктөгү Нанук» фильмин тарткан. 1931-жылы Канадада алгачкы «Викинг» үндүү фильми тартылган. Улуттук киноматографиянын өнүгүшүнө 1939–46-жылы Канадада иштеген англис режиссёру Ж. Грирсон чоң салым кошкон. 1943-жылы Улуттук кино кеңешинде анимация (мультипликация) секциясы негизделген. 1967-жылы кино өнүктүрүү боюнча Канада корпорациясы түзүлгөн соң, кино өндүрүшү жогорулаган. Монреал, Торонто, Ванкувер жана башка шаарында жылына Эл аралык кино фестивалдар өтөт.




#Article 172: Израиль (2880 words)


Израиль, Израиль Мамлекети (Мединат Исраэль) — Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Египет менен чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км2; ал эми 1948-49-жылдардагы араб-израиль согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км2; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын батыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) менен 21,6 миң км2 (Тивериад көлүнүн акваториясын жана Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км2). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору Тель-Авив шаары. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Иерусалим шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи еврейлер, 160 миңи арабдар. Расмий тили иврит (байыркы еврей) жана араб тилдери. Акча бирдиги шекель. Административдик аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 округга (мехоз; анын курамына Израиль басып алган жерлер Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү жана Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт.

Округдары жана райондору (2006):

Сириянын Израил оккупациялап алган аймагы Израиль БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Израиль унитардык мамлекет. Башкаруу формасы парламенттик республика. Атайын конституциясы жок, өлкөдөгү иш-чаралар көз каранды эместик декларациясынын (1948) жана 11 негизги мыйзам актылары менен жөнгө салынат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы кнессет (4 жылга шайланган 120 депутаттан турган бир палаталуу парламент). Мамлекет башчысы кнессет тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Президенттин ыйгарым укуктары өкүлчүлүк мүнөздө (2000-жылдан М. Кацава). Аткаруу бийлиги өкмөткө таандык. Аны премьер-министр башкарат (2006-жылдан Э. Ольмерт). 2006-ж. түзүлгөн коалициялык өкмөттүн курамына «Кадима», «Ликуд», «Авода» партияларынын өкүлдөрү кирет. Саясий партиялары: «Авода» (Израиль эмгек партиясы), «Ликуд», «Кадима», «Сефарддар Тораны сактоочулар», («Шас»), «Биздин үй Израил», «МАФДАЛ» («Улуттук диний партия»), «Гиль», Израиль социал-демократиялык солчул либералдык укук коргоо партиясы («Мерец») ж. б.

Жер Ортолук деңизди жээктей күрдүү топурактуу, дөбө-дөңсөөлүү кууш (жазылыгы 40 кмге чейин) түздүк жатып, ал чыгышта дүйнөдөгү эң терең Гхор (Эль-Гор) тектоникалык ойдуңуна тепкичтенип тик түшкөн (1000 м жана андан да терең), бир аз күдүрлүү платого (орточо бийиктиги 500-1000 м, өлкөнүн эң бийик жери 1208 м, Мерон чокусу) өтөт. Платонун бети негизинен акиташ теги (мында карст процесси өөрчүгөн), кумдук, базальт тектеринен түзүлгөн. Ойдуң аркылуу Иордан дарыясы агат; анда ачуу туздуу Жансыз деңиз (деңиз деңгээлинен 418 м төмөн) жайгашкан. Жансыз деңиздеги таш туз, бромдуу калий, натрий туздарынан сырткары фосфорит, кварцтуу кум, чопо, мрамор, жез, темир, чым көң, Негев чөлүндө нефть менен газдын чакан кендери бар.

Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик; түндүгүндө салыштырмалуу нымдуу, түштүгүндө жана ойдуңдарында жарым чөлдүү жана чөлдүү. Жайы ысык (июль, августта 24-28°С, Гхордо 36°Сге чейин), кышы жылуу (январда 6-15°С, Жансыз деңиздин түштүк-батышында 18°Сге чейин). Абанын абсолюттук максималдык температурасы 47°С (1998-ж. Иордан өрөөнүндө катталган). Кышкы минимум температурасы түндүгүндөгү тоолордо 0°Сге чейин төмөндөйт. Жылына Жансыз деңиздин жээгинде, Гхор ойдуңунда, Негев чөлүндө 100200 мм, айрым жерлеринде 100 ммден аз, платолордо 600-800 мм, Жер Ортолук деңиз жээгиндеги түздүктөрдө 400-800 мм жаан-чачын (негизинен кышында) жаайт. Израилдин аймагы агын сууларга жарды. Түндүк-чыгышында, Гхор ойдуңунда Иордан дарыясынын жогорку бөлүгү агат. Ойдуңда Жансыз деңизден сырткары тузсуз суунун өлкөдөгү эң ири булагы болгон Тивериади көлү (бети деңиз деңгээлинен 209-213 м төмөн) жайгашкан. Дарыяларынын көбү жайында соолуп калат же агымы кескин азаят. Түштүгүндө (Негев чөлүндө) вадилер (кургак сайлар) кездешет. Булак, кудук суулары пайдаланылат; Эйлат шаарында деңиз суусун тузсуздандыруучу станция иштейт. Пайдалануучу суунун 60%тен ашыгы сугатка кетет.

Күрөң, тоонун бозомук-күрөң, боз, түштүгүнө чөлдүн боз-коңур топурактары мүнөздүү. Деңиз жээктериндеги түздүктөрдү негизинен айдоо жерлер (дан эгиндери, жашылча, бакча), цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары, жүзүмзар ж. б. ээлейт. Платолордо жана жапыз тоолордо субтропиктик сейрек токой (палестина эмени, мүйүз дарак, мисте, европа ак чечеги ж. б.), экинчилик дарак-бадал өсүмдүктөрү (маквис, гаррига) кездешет. Токой өлкөнүн аймагынын 6%ин ээлейт; анда отургузулган ийне жалбырактуу токой (алеппо, калабрия, итальян мырза карагайлары; кедр, кипарис), түштүгүндө эвкалипт басымдуу. Түштүгүн Негев, Халуца чөлдөрү жана жарым чөлдөр (таштак чөлдөр, баялыш жамаатташтыгы, галофит шалбаасы ж. б.) ээлейт. Коргоого алынган табигый аймактын аянты 397 миң га. Хайфа шаарынын чет-жакасында ири улуттук парк Хар-Кармель биосфера резерваты жайгашкан. Неот-Кедумим коругунда библия мезгилине мүнөздүү өсүмдүктөр калыбына келтирилген.

Калкынын 76%тен ашыгын еврейлер, 20%тен ашыгын арабдар түзөт. Башка этностук жана этноконфессиялык топтор 3,7%, аларга друздар, армяндар, адигелер («черкестер») ж. б. кирет. 21-кылымдын башынан еврей калкынын кыскаруу (2000-05-ж. 1,8 %ке), ал эми арабдардын көбөйүү (1,1%ке) тенденциясы байкалууданын ичинде мамлекет катары жарыялангандан 2007-ж. чейин калкы 8,5 эседен ашык көбөйгөн. 19482005-ж-да калктын көбөйүүсүндөгү табигый өсүүнүн үлүшү 60,7% мигранттардын үлүшү 39,3% болгон. 2005-ж. Россия жана КМШ өлкөлөрүнөн келген еврейлер 1175,4 миңди (Израилдин калкынын 17%тен ашыгы) түзгөн. Ошол эле учурда сыртка көчүп кеткен еврейлердин саны да арбын (1948-83-ж. Израильден 700 миңден ашуун еврей АКШга кеткен). Жыштыгы 1 км2 жерге 330дай адам. Курактык курамы: 15 жашка чейинкилер 21,1%, 14-65 жаштагылар 64,15%, 65 жаштан өткөндөр 9,75% (2007). Еврейлер иудаизм, арабдар ислам, армяндар христиан динин тутат. Шаар калкы 93,6% (2006). Ири шаарлары (2007): Тель-Авив (калкы агломерациясы менен 3,2 млн), Хайфа (1,2 млн), Иерусалим (1,3 млн), Ашдод (204,4 миң), Беэр-Шева (185,8 миң), Нетанья (174,0 миң), Ашкелон (107,9 миң).

Палестинаны араб жана еврей мамлекеттерине бөлүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы жарыялангандан (1947-ж. 29-ноябрь) кийин Палестинада согуш аракеттери башталган. Эмигрант еврей жамааттарынын ишув аталган куралдуу бөлүктөрү араб мамлекетинин курамына кире турган жерлерге да өз көзөмөлүн орноткон. Палестина аймагынын бир бөлүгүндө 1948-ж. 14-майда Израиль мамлекетинин көз каранды эместигинин декларациясы жарыяланган. Араб өлкөлөрү бул чечимге каршы чыгып, Израильге каршы согуштук аракеттерди баштаган. 1948-49-ж. согуштун жүрүшүндө Израиль БУУнун чечими менен Араб мамлекетине берилүүчү аймактын бөлүгүн жана Иерусалимдин батышын кошуп алган. Палестинада араб мамлекетин түзүү жана Иерусалимге өзгөчө статус берүү чечими үзгүлтүккө учураган. 1956-ж. Израиль Улуу Британия жана Франция менен Египетке каршы агрессияга катышкан.

Араб-израиль согушунун жыйынтыгында Израиль 1967-ж. июнь айында Иордан дарыясынын сол жээгин жана Чыгыш Иерусалимди, ошондой эле Голан дөңсөөсүн жана Синай жарым аралын басып алган. 1982-ж. июнда Израиль аскерлери Ливанга кирип, Бейруттагы Палестинаны бошотуу уюмунун куралдуу күчтөрүн жана штабквартирасын чыгарып жиберүүгө жетишкен. 20-кылымдын 70-жылдарынын орто ченинде арабизраиль чыр-чатактарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп, 1977-ж. алгачкы жолу израиль-араб мамилелеринин тарыхында Египеттин президенти А. Садат Израильге келет. 1978-ж. АКШнын кийлигишүүсү менен Израиль жана Египеттин ортосунда Кэмп-Девид макулдашуусу түзүлүп, 1979-ж. алардын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлат. 1982-ж. И. Египетке Синай ж. а-н кайтарып берген. 1992-ж. башында И. Рабин турган Израиль «Эмгек партиясынын» («Авода») бийликке келиши менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси бир топ жөнгө салынган. 1993-ж. Вашингтонгдо Израилдик-палестиналык декларацияга, 1994-ж. Газа жана Иерохон боюнча макулдашууга кол коюлган. 1994-ж. Израиль менен Иорданиянын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Сирия жана Ливан сүйлөшүүлөрү да бир кыйла ийгиликтүү жүргүзүлөт. Бирок, 1995-ж. премьер-министр И. Рабиндин өлтүрүлүшүнөн кийин, бийликке Б. Нетаньяхунун келиши менен тынчтык процесси кайрадан кризиске учурайт. Израиль палестиналыктар келишимдин шарттарын аткарбай жатат деген кине коюп, сүйлөшүүлөрдү токтотот. 1999-ж. Эмгек партиясынын лидери Э. Барактын бийликке келиши менен тынчтык сүйлөшүүлөр кайрадан жанданган. 2000-ж. Израиль Түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок бул иш-чаралар аймактагы абалды турукташтыра алган жок. Ошол эле жылы Э. Барак отставкага кетерин жарыялайт. Израиль менен Палестинанын ортосунда чыр-чатак күч алып, палестиналык экстремисттердин аракеттери күч алат. Аларга каршы израилдиктер катуу чараларды көрүп, натыйжада көп адам курман болот. Израилдин премьер-министри А. Шарон менен Я. Арафаттын ордуна бийликке келген М. Аббас согушту токтотуу жана аймактагы абалды турукташтырууга багытталган келишимге (2005) кол коюшкан. Израиль үчүн АКШ менен бир катар макулдашуулар жана меморандумдар менен бекемделген «стратегиялык союз» түзүшү маанилүү ролду ойнойт. Израиль АКШдан жыл сайын 3 млрд долларга жакын жардам алып турат, анын ири бөлүгү аскердик керектөөлөргө жумшалат. Мындан тышкары, Израиль Европа өлкөлөрү, ошондой эле Түркия, Индия, Кытай, Россия, араб-мусулман өлкөлөрүнөн Египет, Иордания жана Мавритания менен кызматташтыгы өнүгүүдө.

Израиль өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДПси 2006-ж. 170,3 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 26,8 миң доллардан туура келет. Израиль дүйнөдө алдыңкы технологиясы, компьютердик программаларды түзүү, байланыш системасы, агрардык индустриясы, алмазга кыр чыгаруу боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошондой эле метталл иштетүү, машина куруу (авиа жана кеме куруу кошо, анын ичинде аскердик), электр-техника, химия өнөр жай тармактары, айыл чарба өнүккөн. Өлкөдө өнүккөн илимий-техникалык комплекс түзүлгөн; экономикада иштеген 10 миң адамдын 135и илимпоз жана инженер (бул көрсөткүч АКШда 70, Германияда 50). Израиль технологиялык даярдыгынын көрсөткүчү боюнча дүйнөдө (Швеция, Сингапурдан кийин) 3-, чыгармачыл потенциалынын экономикалык индексинин мааниси боюнча (АКШ, Финландия, Сингапурдан кийин) 4-орунду ээлейт. ИДПнин 75%и тейлөө чөйрөсүнө, 23%и өнөр жайына жана курулушка, 2%и айыл жана токой чарбаларына, балык уулоого таандык. Израилдин экономикасында коргоо өнөр жай комплексинин мааниси зор; анда 60 миңге жакын адам иштейт, өлкөнүн товардык экспорт баасынын 20%тен ашыгын аскердик курал түзөт. 

Өлкөнүн ИДПсинде өнөр жайынын үлүшү 18%ти түзөт. Азыркы өнөр жайынын негизин илим сыйымдуу машина куруу (авиаракета, электрондук жана электр-техникалык, оптикалык аспаптар өндүрүшү ж. б.) жана химия (так химия, фармацевтика ж. б.) өнөр жай тармактары түзөт. Башка тармактарынын ичинен энергетика, тоо-кен, алмазга кыр чыгаруу, тамак-аш, жеңил өнөр жай өзгөчөлөнөт. Израилдин отун-энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын импорт түзөт. 2005-ж. импорттолгон 13 млн т нефть жана нефть продуктуларынын 11 млн тсы чийки нефть. Таш көмүргө болгон муктаждыгын (13,8 млн т) импорт толук камсыз кылат, аны негизинен ТАР, Колумбия, АКШ, Австралиядан сатып алат. Газ Жер Ортолук деңизден өндүрүлөт (2005-ж. 1655 млн м3). Димондогу Атом илимий-изилдөө борборунда ядролук реакторго эксперимент жүргүзүлөт. Энергиянын альтернативалык булактарын, айрыкча күн энергиясын пайдаланууга аракет жасалууда (энергетиканын 2%ин түзмөкчү). Израилдеги турак жайлардын көбү күн бойлери менен жарык кылынат. Негев чөлүндө Күн энергиясын өнөр жайлык пайдалануу үчүн атайын курулмалар иштейт. Бир нече эксперименттик толкун электр станциясы шамал энергиясы курулмасы бар. 2005-ж. 48,4 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Металлургия өнөр жай ишканалары Италия, Түркия, Россия, Украинадан алган сырьёнун негизинде иштейт. Болот, тазаланган (рафинацияланган) коргошун жана жез эритүү ишканалары бар. Металл констр. өндүрүшү коргоо өнөр жай комплексине жана курулуш индустриясына багытталган. Жалпы жана транспорттук машина куруу өнөр жай согуш куралдарын жана аскер техникаларын (танк, чабуул коюу үчүн курал, сооттолгон бульдозер, артиллерия жана атылма куралдар, анын ичинде «Узи» автоматы, «Галил» мылтыгы ж. б.), токардык станок, кран, бетон аралаштыргыч, экскаватор, газ турбинасын жана компрессорун, түрдүү тетиктерди ж. б. чыгарат; автобус жана жүк автомашиналарын жыйноочу, аскер жип автомашиналарын даярдоочу ишканалары бар. Авиаракета өнөр жай коргоо өнөр жай комплексинин маанилүү тармактарынын бири (учкучсуз учуучу аппарат, оперативдүү-тактикалык жана тактикалык ракеталар); кеме куруу, анын ичинде аскер кемелерин куруу (башкарылма ракета куралы бар корвет, ракеталуу жана патруль катерлерди ж. б. чыгаруу) өнүккөн. Электрондук жана электр-техникалык өнөр жай илимди көп талап кылган жана адистештирилген тармак болуп саналат. Бул тармактын ишканалары аскер ишине пайдаланылуучу электрондук, электрондук коопсуздук жана сапатты көзөмөлдөө системаларын даярдоого адистешкен. Оптикалык приборлор (анын ичинде электрондук оптика, лазердик техника) өнүгүүдө. Израиль булаоптикалык байланыш линиясын, басма платасынын сапатын көзөмөлдөөчү электр-оптика системасын, түнкү көрсөтүүчү приборлорду, роботтоштурулган өндүрүштүк линияларды чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Медициналык лазердик техника, радиол. диагностикалык жабдууларды, оптикалык электроника приборлорун чыгаруу тез темп менен өнүгүүдө. Сырткы рынокко компьютердик томографиялык сканерлер, магнитрезонанстык графикалык система, ультраүн сканерлери, медициналык ядролук камера ж. б. чыгарылат. Химия жана нефть ажыратуу өнөр жай өлкөдөгү ири тармак. Анын негизги продукциясы: күйүүчү-майлоочу материалдар, поташ, бром, металл түрүндөгү магний, каустикалык сода, кайнатма туз, минералдык жер семирткич, жасалма тоют, пластмасса, дары-дармек ж. б. Химия өнөр жайынын маанилүү борборлору: Хайфа, Беэр-Шева ж. б. Алмазга кыр чыгаруу өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлейт. 21-кылымдын башында дүйнөлүк рынокко чыккан жылмаланган чакан таштардын, негизинен бриллианттын 80% ке жакыны Израилге таандык. Тамак-аш өнөр жайынын негизин мөмө-жемиш жана жашылча иштетүүчү, ошондой эле эт, сүт продукцияларын чыгаруучу ишканалар түзөт. Жеңил өнөр жайынын дүйнөлүк рынокко ийрилген жип, кездеме, булгаарынын ордуна жогорку сапаттагы модалуу тигилүү жана булгаары кийимдерди чыгарат; ошондой эле аскер кийимдерин тигет.

Айыл чарбасында 455 миң гадан ашык жери иштетилет, анын 50%и сугат жер. Негизинен жаңы технологияны жана агротехниканы ургаалдуу пайдалануудан агрардык продукциянын өлчөмү 8 эседен ашкан. Израилде 20-кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мөмө дарактарын тамчылатып сугаруу технологиясы иштелип чыккан. Кышында плёнка жаап жашылча өстүрүүнүн натыйжасында жылына эки жолу түшүм алынат. Ошондуктан Израилдин ар бир фермери 52 адамды бага алат. Эң маанилүү айыл чарба өсүмдүктөрү: пахта, жер жаңгак, күн карама, буудай. Мөмө дарактарынын эң көбүн алма, киви, манго, авокадо, банан, шабдаалы, курма пальмасы, алмурут, өрүк, жүзүм, жаңгак-пекан, бадам түзөт. Негизги жашылча өсүмдүктөрү: картошка, помидор, бадыраң, калемпир, пияз. Цитрус өсүмдүктөрү (апельсин, грейпфрут, лимон), чеге гүл, атыр гүл, гладиолус өстүрүлөт. Бодо мал, кой жана эчки, ошондой эле үй куштары асыралат. Сүт саап алуу боюнча дүйнөдө (Нидерланд менен кошо) алдыңкы орунда (жылына бир уйдан 11 миң кгга чейин сүт саап алынган). Жер Ортолук деңизден балык (сардина ж. б.) кармалып, көлмөлөрдө аны көбөйтөт. 2001-03-ж. Израиль экономикасы Палестина менен куралдуу тирешүүгө, ошондой эле жогорку технология рыногундагы жагымсыз конъюнктурага байланыштуу кризиске дуушарланган. Экономикалык кризистен чыгаруу программасынын натыйжасында 2003-жылдын аягынан өлкөнүн чарбалык секторунда жандануу байкалган. Өнүгүү темпи боюнча Израиль батыш өлкөлөрүнүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунга чыккан. Азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын өзү камсыз кылат. Айыл чарбага жарактуу жери 297 миң га (2004; өлкөнүн аянтынын 14,3%и), анын 222 миң гасы айдоо жер, 71 миң гасы цитрус өсүмдүктөрүяүн, мөмө-жемиш бактарынын, гүл плантациялары, жүзүмзар ж. б. Сугат жери 194 миң га (2003); 1980-жылдардын ортосунан сууну үнөмдөп (тамчылатып) сугаруу технологиясы кеңири пайдаланылууда. Мал чарбасынын негизги тармактары: куш, сүт жана эт багытындагы мал асыроо. 2006-ж. ар бир уйдан орто эсеп менен 10,5 т сүт саап алынган.

Тейлөө чөйрөсү өлкөнүн экономикасынын ири сектору. Анын ичинде финансылык тейлөө (банккредиттик система), камсыздандыруу бизнеси, ишкердик жана адистик жактан тейлөө (маркетинг, лизинг, инженердик-консультациялык, башкаруу жаатында жана компьютердик кызмат көрсөтүү), кыймылсыз мүлк менен операция жасоо, мамлекеттик тейлөө тез темп менен өнүгүүдө; тейлөө чөйрөсүндө чет элдик туризмден түшкөн киреше маанилүү орунда. Рекреациялык жактан тейлөө жана туризм секторунда ИДПнин 3%ке жакыны түзүлөт. Чет элдик туризмден түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзөт. 2005-ж. өлкөгө 1,9 млн чет элдик турист келген. Туризмдин башкы борборлору: Иерусалим, Вифлеем, Назарет, Хайфа, Тель-Авив, Эйлат, Жансыз деңиздин жээги. Израилде социалдык камсыздандыруунун жана саламаттыкты сактоонун өнүккөн системасы түзүлгөн. Калктын жашоо деңгээли (керектөөнү киши башына бөлүштүргөндө) 2004-ж. мурдагы эки жылга салыштырмалуу 3,5%ке өскөн. Орточо айлык акы 1539 долларды түзгөн. Балдардын өлүмү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн (жаңы төрөлгөн 1000 балага 5,4 бала). Адам өмүрүнүн орточо узактыгы: аялдардыкы 80,9, эркектердики 76,7 жаш.

Автомобиль жолунун узундугу 17,6 миң км (2005). Магистралдык шоссе жолдору деңиз бойлой түндүктөн түштүктү карай созулат; маанилүү автомагистралдары: Иерусалим Тель-Авив, Ашдод Ришон-Ле-Цион Тель-Авив Нетанья Хайфа. Темир жол тармагы (жалпы узундугу 853 км; 2005) Негев, Газа жана Иерусалимди Тель-Авив, Хайфа жана өлкөнүн түндүгү менен байланыштырат. Негизги деңиз порттору: Хайфа, Ашдод, Эйлат, Хадера. Ашкелон. Деңиз паромдору аркылуу эл аралык катнашы да бар, алар: Хайфа Родос Пирей (Грекия), Хайфа Лимасол (Кипр). Эл аралык аэропорттору: Бен-Гурион атындагы (Лода), Овда (Эйлат); Тель-Авив менен Иерусалимдеги чакан аэропорттор ички рейстерди тейлейт. Магистралдык куур транспортунун узундугу 896 км (2006), анын 442 кми нефть, 261 кми нефть продуктусу жана 193 кми газ куурлары.

Билим берүү еврей коомчулугунда маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын сабаттуулук деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Израиль мамлекети кабыл алган алгачкы мыйзамдарында эле 6-13 жаштагы бардык балдарга акысыз билим берүү жөнүндө жарыяланган. Негизинен 5-6 жаштагы балдар үчүн бала бакчалар акысыз. Билим берүү системасында мамлекеттик, мамлекеттик-диний жана диний мектептер бар жана балдардын 80%и мектепке чейинки мекемелерге барат (2004). Мамлекеттик-диний мектептерде иудаизмди окутууга жана еврей салттарын сактоого айрыкча көңүл бурулат. Мамлекеттик мектептерде кыздар жана балдар чогуу билим алса, диний мектептерде бөлөк окушат. Араб тарыхын жана маданиятын окутууга көп көңүл бурулган. Израилде эл аралык кадыр-барктуу жогорку окуу жайлар бар. Мисалы, Иерусалимдеги Еврей университети (1925-ж. негизделген), Технион технологиялык институту (1924), Тель-Авив университети (1956-ж. 3 институттун базасында уюштурулган). Вейцман атындагы химия, математика, физика жана табигый илимдер илимий изилдөө борбору Реховото шаарында 1949-ж. негизделген. 2006-ж. 20 ЖОЖдо 75 миң студент окуган. Израилде 500дөн ашык китепкана бар. Израилде 150гө жакын музей бар, эң ириси Иерусалимдеги Израил музейи (1965-ж. негизделген), белгилүүлөрү: Тель-Авив көркөм сүрөт музейи (1932), Хайф антикалык искусство музейи (1949) ж. б. Иврит тилиндеги алгачкы мезгилдүү басылмалар 1863-ж. Иерусалимде чыккан, 1869жылдан Иерусалимде басма сөз үзгүлтүксүз чыгып турган. 2006-ж. Израилде 40ка жакын күнүгө жана 1000ден ашык апта жана ай сайын чыгуучу гезит-журналдар болгон. «Гаарец» (иврит, англис тилдеринде, 75-95 миң нуска), «Едиот ахронот» (1939-жылдан иврит, англис тилдеринде, 300-750 миң нуска), «Джерузалем пост» (англис тилинде, 25-90 миң нуска) ж. б. Радио уктуруусу 1936-жылдан, телекөрсөтүү 1965-жылдан иштейт. Бир нече мамлекеттик жана коммерциялык телекөрсөтүү жана радиоканалдар иштейт. Израиль Интернет-байланыш кызматы боюнча дүйнөдө 7-орунда турат. Алгачкы иммигрант еврейлер өздөрү жашаган өлкөлөрдүн маданиятынын элементтерин ала келген. Ошондуктан Израилде Борбордук жана Чыгыш Европанын маданий салттары, кийинчерээк батыш жана америкалык маданияттын таасири байкалат. Израиль адабияты негизинен иврит тилинде өнүгүүдө. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Нобель сыйлыгынын лауреаты Ш. Агнон (1888-1970), А. Бараша (1889-1957) жана акындар А. Шлёнский (1900-73), Л. Гольдберг (1911-70) ж. б. 1980-жылдарда айрыкча A. Б. Иехошуанын «Мырза Мани» (1990) романы, А. Оздун өлкөдөгү ар кыл маданий-этностук топтордун ичиндеги карама-каршылыктарды чагылдырган «Кара ящик» (1987) романы белгилүү болгон. Коомдогу диний маселелер X. Беер, X. Бат-Шахар, X. Эстердин чыгармаларында, араб кыштагынын турмушу иврит тилинде араб христиан акыны А. Шаммастын «Арабески» романында чагылдырылган. Израилде араб (Э. Хабиби), идиш (Т. Фейзельбаум, B. Чернин) жана орус тилиндериндеги ( И. Губерман, Д. Рубина, А. Горенко ж. б.) адабият өнүгүүдө.

Өлкөнүн аймагында ар кыл мезгилдерге таандык архитектура жана искусство эстеликтери сакталып калган. Алсак, Галилеядагы жертөлөлөр (б. з. ч. 10-8-миң жылдыктар), эрте неолит доорунун таш курулуштары, Бейсандагы энеолиттик шаар калдыктары, Израиль жана Иудей падышалыктарынын мезгилине, Ашкелон, Бейсан, Иерусалим, Кесариядагы Рим дооруна мүнөздүү эстеликтер (б. з. ч. 1-к. б. з. ч. 4-к.). Ошондой эле, байыркы синагог алардын калдыктары, эрте христиан жана византия мезгилине таандык Вифлеемдеги Рождество храмы, Иерусалимдеги Кудайдын табыты храмы ошондой эле, Бет-Альфа, Табгадагы эстеликтер белгилүү. Арабдар басып алган мезгилге таандык Хирбет аль-Мафджар ак сарайы (8-к.), кресттүүлөр доорундагы (11-13-к.) эстеликтер ж. б. сакталып калган. 19-кылымдын аяк ченинде эммиграциянын күчөшү менен Европа жана Америка өлкөлөрүнүн таасири архитектура, маданият жаатында таасын байкалат. Тель-Авив шаары (1909-ж. негизделген) шотландиялык арх. П. Геддестин планы менен курулган. 20-кылымдагы христиан храмдары италиялык архитектор А. Барлуцци (Фавор тоосундагы Преображения храмы), германиялык Ж. Муцио (Назареттеги чиркөө) ж. б. архитекторлор тарабынан тургузулган. 20-кылымдын 2-жарымында Тель-Авивде Ф. Манндын Концерттик залы (3. жана Я. Рехтер, Д. Карми, М. Зархи), «Бейлинсон госпиталы (А. Шарон, Б. Идельсон), 36 кабаттуу «Шалом» соода имараты (И. Яшар, Эйтан) ж. б. курулган. 




#Article 173: Перу (1113 words)


Перу, Перу Республикасы – Түштүк Американын батышындагы мамлекет. Түндүк-батышынан Эквадор, түндүк-чыгышынан Колумбия, чыгышынан Бразилия, түштүк-чыгышынан Боливия, түштүгүнөн Чили менен чектешет. Батышы менен түштүк-батышын Тынч океан чулгайт. Аянты (жээк аралдары менен) 1285,2 миң км2. Калкы 30,3 млн (2012). Борбору – Лима шаары Административдик-аймактык жактан борбордук провинция (Ла-Метрополитан) жана 25 регионго бөлүнөт. Акча бирдиги – жаңы соль.

Бириккен Улуттар Уюмунун (1945), Америка өлкөлөрү уюмунун (1948), Эл аралык валюта фондунун (1945), Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын (1961), Эл аралык финансы корпорациясынын (1956), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1945) ж. б. мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) 

Перу унитардык мамлекет. Конституциясы 1993-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы, ошондой эле жогорку башкы командачысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу парламентке (Улуттук конгресс) таандык. Аткаруу бийлигин президент жана өкмөт (Министрлер кеңеши) ишке ашырат. Перуда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Перу – улуттук партиясы, Улуттук биримдик, Борбордук фронт ж. б.

Табигый шарттарынын өзгөчөлүгүнө жараша Перунун аймагы жазылыгы 80-180 км болгон батыш жээк тилкеге – Костага (өлкөнүн аймагынын 12% ин түзөт), борбордук тоолуу районго – Сьеррага (эң бийик жери 6768 м аймагынын 27% и) жана чыгышындагы нымдуу токойлуу тоо этектери менен түздүктөргө – Сельвага (аймактын 61% и) бөлүнөт. Костанын түндүк бөлүгүн Сечура чөлү ээлейт. Батышында, Тынч океандын жээгин бойлой чөлдүү түздүк жайгашкан. Борборун Анд тоо системасы, чыгышын Амазонка ойдуңу жана тоо этегиндеги түздүк ээлейт. Батыш Кордильерада (бийиктиги 6 миң м ден жогору) жанар тоолор көп кездешет. Алар: аракеттеги – Солиман (6117 м), Мисти (5821 м) ж. б.; өчкөндөрү – Уаскаран (6768 м), Коропуна (6425 м), Аусангате (6384 м) ж. б. Too аралык Альтиплано ойдуңу, бийик тоолуу Титикака көлү (Перуга көлдүн батыш бөлүгү таандык) менен өзгөчөлөнөт. Костанын түндүк бөлүгүндө майда дарыялар көп. Ири дарыялары: Амазонка, Мараньон (Амазонканын негизги куймасы), Укаяли. Климаты субэкватордук, тропиктик; жылдык жаан-чачыны 700-1000 мм. Айлык орточо темпра 15-20°С (Коста аймагында жана Анд тоолорунун батыш капталында). Костанын жана Анд тоолорунун батыш капталдарынын топурактары күрсүз. Тоолуу облустун түндүгүндө жана чыгышында тоо-шалбаа, түштүк-чыгышында жарым чөл топурактары мүнөздүү. Өсүмдүктөрүнөн бадалдар, кактус (Анд тоолорунун батыш капталында), түштүк-чыгышында жарым чөл, Анд тоолорунун чыгыш капталында жана Амазонка ойдуңунда дайыма жашыл токой өсөт. Улуттук парктары: Манту, Серрос-де-Амонате ж. б.

Калкынын негизин индейлер (45%), метистер (37%), европалыктар (15%) түзөт, ошондой эле башка улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Негизинен христиан (католиктер 81,3%, евангелисттер 12,5% ж. б.) жана салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Расмий тили - испан жана кечуа тилдери, ошондой эле аймар ж. б. жергиликтүү диалекте сүйлөгөндөр да бар. Орточо жыштыгы 1 км2ге 23 киши. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 24,88; өлүм-житим төмөн, 1000ге 6,84; жаш балдардын өлүмү өтө жогору, 1000ге 52,1). Калктын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 69, аялдарыныкы – 73. Шаар калкы 71% (2008). Ири шаарлары; Лима, Трухильо, Ape-Kuna, Чиклайо ж. б.

Перу аймагын индейлер б. з. ч. 10 миң жыл мурда мекендеген. Б. з. 12-кылымында инктердин Тауантинсуйу (1438) мамлекети түзүлүп, ири империяга айланган. 16-кылымдын башында Ф. Писарро ж. б. баштаган конкистадорлор индейлердин катуу каршылыктарына карабастан Перуну каратып, Перу вице-королдугун түзгөн (1544). Катаал эзүүгө дуушар болгон жергиликтүү эл көз каранды эмеетиги үчүн испан колониячыларына каршы күрөшкөн. 1821-ж. Перу көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланган. 1855-ж. кулчулук жоюлган. 19-кылымдын ортосунда америкалык жана англ. капитал кире баштаган. Тынч океан согуштарынын (1864–65- жана 1879–83-жылдары) мезгилинде Перу селитрага бай жерлеринен ажырап, зайым берип турган Улуу Британияга экономикалык жактан көз каранды болгон. 1918–19-жылдары Перуда тоо-кен, жеңил өнөр-жай жана порт жумушчуларынын иш таштоолору чыгып, өкмөт аскерлери менен куралдуу кагылышка жеткен. 1927-ж. X. К. Мариатеги жетектеген солчул күчтөрдүн кыймылы күчөп, 1928-ж. Перукомпартиясы (1930-ж. чейин Социалисттик партия) түзүлгөн. Өлкөдө жалпы эмгекчилер конфедерациясы уюшулган, бирок 1968-ж. чейин АКШ капиталынын коштондусунда калган. 1968-ж. Перуда аскер төңкөрүшү болуп, башында X. В. Альфарада турган солчул офицерлер бийликке келип, өлкөдө кеңири социалдык экономикалык реформа жүргүзүү аракеттери ишке ашкан эмес. 1980-2000-жылдары Перуда бир нече жолу аскер төңкөрүштөрү болгон. 

Перу – агрардык-индустриялуу өлкө. Экономикасынын негизин тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр-жайы түзөт. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 269,14 млрд долларды (АКШ, 2010) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 9,1 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 67, өнөр-жайыныкы 25, айыл-чарбаныкы 8. Жез, күмүш, алтын, нефть, цинк, таш көмүр ж. б. казып алынат. 2009-ж. 31,8 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Тоо-кен өнөр-жайы өнүккөн. Түстүү металлургия (жез, коргошун, цинк, күмүш ж. б.), тамак-аш, жыгаччылык, женил өнөр-жай ишканалары иштейт. Негизги айыл-чарба өсүмдүктөрү – пахта, бал камыш, кофе, какао. Негизги азыгы – картөшкө, жүгөрү, күрүч, тропик өсүмдүктөрү ж. б. Кой, бодо мал, чочко, лама, альпак асыралат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 137,3 (2007), темир жолунуку 1,906 (2010). Сыртка жез, алтын, цинк, чийки нефть, кофе, картөшкө ж. б. чыгарылат. Сырттан нефть продуктуларын, пластмасса, автомобиль, кагаз, машина жабдууларын ж. б. алат. Негизги соода шериктери: АКШ, Япония, Германия, Бразилия, Кытай, Аргентина ж. б.

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу испан тилинде жүргүзүлөт. 15 жаштан жогорку калктын еабаттуулугу 77% ти түзөт (2012). Трухильо улуттук (1821), Рикардо Пальма (1969), Сан-Маркос (1551), Сесара Вальехо (1991) университеттери, ошондой эле ири китепканалары, музейлери, илимий мекемелери бар. Испан тилинде «Экспрессо», «Охо», «Пренса» ж. б. гезит-журналдар чыгат. Радиоуктуруу 1969-жылдан, телекөрсөтүү 1970-жылдан иштейт.

Перунун адабияты көбүнчө испан тилинде өнүккөн. Кечуа жана аймара элдеринин фольклорунун үлгүлөрү бар. Кечуа тилиндеги «Ольянтай» (1853-ж. жарык көргөн) элдик драмасы, Гарсиласо де ла Бегининин «Инктердин королдук түшүндүрмөсү» сыяктуу адабий мурастары сакталган. 19-кылымда испан колониячыларына каршы патриоттук тема өкүм сүрүп (М. Мельгар, X. X. де Маррива, Р. Пальма), 19-кылымдын аягынан реалисттик чыгармалар жарала баштаган (К. Матто де Турнердин «Уясыз чымчыктар» романы ж. б.). 20-кылымда Г. Праданын коомдук түзүлүштү сындаган («Эркин ырлар», «Перу балладалары», «Күрөш сааты») ыр жыйнактары чыгып, Г. Кальдерон, Ф. Ромеро, Р. Арсиньега, С. Алергия («Чон да, бөтөн да чөйрөдө»), М. Аргедастар («Терең суулар», «Бардык расалардын каны») сын реализмин өнүктүргөн.

Байыркы инк дооруна чейинки мезгилден кооз карапалар жана оюм-чийимдер сакталган. 15–16-кылымдарда кездемени көрктөп токуу, металл буюмдарды жасоо өнөрү да өнүккөн. Алгачкы коом маданиятын алмаштырган инк мамлекетинин маданияты өрүш алган (Кускодогу күн храмы, сепилдер ж. б.), испан маданиятынын таасири менен рельефтүү оюм-чийимдүү имараттар курулган. Лимада Санто Доминго монастыры (16-кылым), Сан- Педро чиркөөсү (1623–38), Сан-Франсиско монастыры (1653–57), Мерсед, Сан-Агустин жана Санта-Тереса (17-кылым) монастырлары, маркиз Торре Тарленин (18-кылым) сарайы бар. 19-кылымда архитектурада француз классицизмин тууроо басымдуулук кылса, 20-кылымдын орто ченинен азыркы архитектуралык принциптеги административдик бийик имараттар, мейманканалар, турак үйлөр (архитектор М. Бьянко, С. Агурто Кальво, Э. Сейоане Рос ж. б.) тургузулуп, айрым шаарлар кайра курулган. 20-кылымдын 1-жарымынан Перу сүрөтчүлөрү европалык жана америкалык ар кандай агымдар (академизм, модернизм) менен күрөшүп, элдик турмушту жана салттарды чагылдырууга аракеттенишкен (X. Сабоголь ж. б.).

Музыкасы пентатоникага негизделген, диний (хальи), тарыхый (таки), элегия мүнөздө (уанка) жана лирикалык (арави) ырлар, бийлер (уайно, кашуа, каруйо) өнүккөн. Эл аспаптары: урма (уанкар, тинья – барабандары), үйлөмө – Пан флейтасы (сику же антара), узунча флейта (кена, пинкольо, тарка, аната), гитара ж. б. Республикасынын музыкалык борбору - Лима. Анда Улуттук консерватория, Муниципалдык театр, Улуттук симфониялык оркестр жана хор бар.




#Total Article count: 172
#Total Word count: 198960